www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аналитика
0 1288

Коррупция менен күрөштө эл президентибиз Сооронбай Жээнбековду колдойт

12-апрель 2018, 18:49 Перизат Кутманалиева

Атамбаев менимче келесоо эмес, бирок Кремлдеги кожоюндарынын айткандарын кыңк этпестен аткара берип элдин каргышына калып отурат. Анын азыркы абалын терекке чыгып, бутакка отуруп, бутактын түбүнөн аралап салган апендиге окшоштурууга болот. Бул бир Кыргызстанга сайып койгон куурайга окшоп функциясын аткарды орустар үчүн. Кыргызстан үчүн пайда алып келчү бир да долбоорду ишке ашырган жок. Баары ойрон болду. Алынган гранты болобу, кредити болобу ...

0 1592

Жумабеков "жумуртка бышты, бышкан жок" дедиби

24-январь 2018, 11:19 Перизат Кутманалиева

Эбак чечилил калган маселени элдин алдына ачык айтпай, бүдөмүктөнтүү саясатчылардын анык иши эмеспи. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков “парламент тарайт-тарабайт” деген сөздөр тууралуу пикирин билдирип мунун артында азыркы депутаттарды атайын жаман көрсөтүү кызыкчылыгын көздөгөн саясатчылар турушу мүмкүн деп эсептерин айтты. Журналисттер менен жолугушууда ал азыркы парламентти таркатууга себеп жоктугун, эгер кайра шайлоо болсо курулай гана чыгымга алып келерин, парламентти таратуу керекпи же жокпу, мыйзам ...

1 1618

Давоско президент барышы керек эле го? Эмнеге Сапар Исаков барды?...

24-январь 2018, 10:32 Перизат Кутманалиева

Өкмөт башчысы Сапар Исаков Швейцариянын Давос шаарында өтүүчү Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумга жөнөп кетти. Бул форум дүйнөдөгү эң маанилүү иш чаралардын катарына кирет. Бул жылы ага 60тан ашык өлкөнүн президекттери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Экономикалык форум өлкө башчыларынын орчундуу маселелерди – экономикалык жааттагы көйгөйлөрдү көзмө көз отуруп чечишип алууга мүмкүнчүлүк берет. 23-26-январга чейин өтө турган форум­га Кыргызстандын делегациясын өкмөт ...

0 1755

Калыкбек Султанов "мэр болсом"- деп кыялданып

Таалайдын тайкүлүк аргымагы алтын така менен так маңдайга тепкен чиновниктерибиз арбын. Качан көрсөң, май-көл, сүт-көлдүн үстүндө жүрөт. Алсак өкмөт башчынын кеңешчиси Калыкбек Султанов жакынкы күндөрү Бишкек шаарына мэр болуп келет деген сөздөр желдей тарап, кызуу талкууланууда. Бирок, баштагы акылы менен эмес, капчыгынын калыңдыгы аркылуу бийликке аралашкан бул жигит транспорт жана жолдор министри болуп иштеген маалда кыйраткан эмес. Демек, ал жүрүшү менен калаа башына ...

0 1340

Айтмаматка эмнеге асылып жатышат?

18-январь 2018, 10:37 Перизат Кутманалиева

Кыргыз өлкөсүнүн экинчи борбору болгон Оштун өзгөчө стратегиялык мааниси бар. Ошондуктан кимиси бийликти мыкчып хан болуп келер замат түштүктүн борборуна көзү түшөт. Анткени элдин басымдуу бөлүгүн ээлеген аймактын ролу зор экенин акылы тунук киши илгиртпей билет. Бул шаардын мэринин кадыр-баркы канчалык болорун илгери Мелис Мырзакматов тастыктап кеткен. Керек болсо аял президентти тоотпой койгонун, өзүм каалаганымды аткарам деп оолукканын эмдигиче кеп ...

0 1988

Чалчыкта калган Төрөбаев

16-январь 2018, 13:59 Перизат Кутманалиева

«Өнүгүү-Прогресс» партиясынын жетекчиси Бакыт Төрөбаев президенттик шайлоодон кийин катуу сынды. Азыркыга дейре өзүнө келе албай жүрөт. Ишенген «президенти» Өмүрбек Бабанов кара башын калкалап, саясаттан кеткенин айтып, куйрук түйүп чыга берди. Чалчыкта Төрөбаев калды. Учурда ишен­ген адамдарынан кол жууп, асман чапчыган амбициясы быркыранып, алапайын таппай турат. Кийинки парламенттик шайлоодо «Өнүгүү- Прогресс» партиясы Жогорку Кеңештин босогосун аттабай турганы анык болгондон кийин, тегерегиндеги акчалуу, дымактуу, ...

16-январь 2018, 13:59 | 1988
0 1823

Индира Жолдубаева кытайлар менен кызматташкандан сообу?

16-январь 2018, 12:36 Перизат Кутманалиева

Миңге жакын Кытай жаранына Кыргызстанда иштөөгө мыйзамсыз уруксат берилген. Ар бир уруксат кагазынын баасы 5 миң доллар турганы Жогорку Кеңештеги кор­рупция боюнча жыйында белгилүү болду. Анда депутат Кенжебек Бокоев: «2016-жылы кызматтык жасалмалуулук боюнча кылмыш иши козголду эле. Анда Кыргызстандагы 996 Кытай жаранына өлкөдө жүрүүгө уруксат берген мыйзамсыз документтер аныкталган. Ыкчам маалыматтар боюнча ар бир чет элдик жаран мына ошондой документ алуу ...

0 1046

Этиканы билбеген алкы бузук Айтмамат Кадырбаев

16-январь 2018, 09:54 Перизат Кутманалиева

"Ормон опузаны" жакшы көргөн, бирок кыйратып иш кылбаган Ош шаарынын мери Айтмамат Кадырбаев деген бар. Ырысы тоодой экен, экинчи борбор саналган эң маанилүү шаардын мери болуп олтурат. Жакында эле Каракол шаарынын мери баш болгон делегация тажрыйба алмашуу деген жүйөө менен Ошко барышты. Кайран Айтмамат кол алдындагы кызматкерлерди тосуп алгандай тосуп алды. Болбосо статусу бир. Экөө тең мер. Өзү кабинетинин төрүнө олтуруп алып, Караколдон ...

0 1599

Чубактын кунундай чубалган токулма жалаалардын артында турган киши эмнеден коркот ?

28-декабрь 2017, 18:14 Перизат Кутманалиева

  Жогорку Кеңештин депутаты, экс баш прокурор Аида Салянованын атасынын иниси Калыйбек Саляновго коюлган жөнү жок дооматтын атайын токулган жалаа экендиги юрист эмес жөнөкөй адамга деле көрүнүп турат. Бар болгону эки жолу жүз көрүшкөн экен Камила аттуу кыз менен, андан кийин 7-8 жолу телефон чалыптыр ал кыз. Муну табуляграмма менен иштешип да башка жоолукканын аныктай алышкан жок. Ал эми саунанын ээси ...

0 889

Мамлекеттин мүлкүнөн ажыраган Казаков

25-декабрь 2017, 14:49 Перизат Кутманалиева

Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Болсунбек Казаков жылдын аягына жетпей кызматынан кол жууду. Ал буга чейин Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигин да башкаргандыгын баса белгилеп кетмекчибиз. Дегеле кайсы кызматка барса да бул аткаминер өзүн мыкты жетекчи катары көрсөтө алган жок. Азыр Казаковго иш козголот деген маалымат көп айтылып жатат. Булак: "Жаңы Ордо"

0 1089

5 млн сомдук өкүмдөр бир күндө чыкканы табышмак болууда

25-декабрь 2017, 12:31 Перизат Кутманалиева

Узап бараткан жылдын акыркы айы окуяларга бай болду. Айрыкча саясатта жүргөн адамдар аралашкан иштер менен. Тапандай болуп такылдаган Шыкмаматов кєптєрдїн шаштысын кетирип жатты эле. Анын да үнүн басуу үчүн эптеп илинчек таап, кылмыш ишин токуй коюп, сотко жеткизип алып, кандай чечимди чыгарууну билбей, баштары катып атты эле, акыры ага 5 млн сом айып пулду мамлекеттин казынасына төлөп коюп, эркин жүрө бер дегендей кылышты. Карганбек ...

0 2328

Карганбектен ким өч алды?

22-декабрь 2017, 20:19 Перизат Кутманалиева

Карганбек Самаков он жылга эркинен ажыратылды. Мунапыстын негизинде жети жылга кыскарып, абакта үч жылга кыскарып, абакта үч жыл жатмай болду. Ал эми уулу Кубанычбек Самаков үй-мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылга эркинен ажыратылды. Карганбек Самаковго “Аламүдүн районун караштуу Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединов айыл аймактарынан 262 гектар жерди мыйзамсыз трансформациялап алган” деген айып менен 2015-жылдын 14 майында кылмыш иши козголгон. Баарынан да Самаковдун ким ...

22-декабрь 2017, 20:19 | 2328
0 2403

Аркарларды аткан прокурор кайрадан кызматка келди

22-декабрь 2017, 19:46 Перизат Кутманалиева

Аркарларды аткан прокурор кайрадан кызматка келди 2015-жылы Кадамжай районунун прокурорунун орун басары Алтынбек Акимбаев жана прокуратура кызматкерлери атркарды атып, сүрөткө түшүп, ал сүрөттөр социалдык түйүндөрдө кызуу талкууга алынып, коомчулукту дурбөткөн эле. Алтынбек Акимбаев кызыл китепке кирген аркарларды, тоо-текелерин атып, көңүл ачкан. Коомчулуктун ызы-чуусунан кийинаталган кызматкер кызматтан төмөндөтүлуп, Кызыл-Кыянын прокруатурасына кеткенин укканбыз. Кылган окуясы унуткарылды дегенби же кожосу күчтүүбү, айтор, Акимбаев кайрадан ...

0 1254

Жээнбековдун өзүнчө партия түзгүсү келип жатканы эмнени каңкуулайт

22-декабрь 2017, 17:36 Перизат Кутманалиева

Сооронбай Жээнбековдун бир тууганы Асылбек Жээнбеков өз алдынча партия түптөгүсү келип жатканын бир топ массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты. “Жел болбосо чөптун башы кыймылдабайт” демекч, Асылбек мырзанын көз карандысыз болгусу келип жатканын себебин айтпаса да түшүнүктүү болуп турат. Сооронбайга караганда Асылбеги тирикараак эмеспи, саясый оюнду эмитеден баштаганы жатыптыр. Тынч болгой эле. Булак: "Ачык саясат"  

0 655

Улуттук банк Абдыгуловго, Бажы Кулматовго менчикке берилеби?

22-декабрь 2017, 17:01 Перизат Кутманалиева

Толкунбек Абдыгулов кайрадан Улуттук банктын төрагасы болуп дайындалды. Мындан улам Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков, “Улуттук банкты Абдыгуловго, Бажы кызматын Кулматовго 49 жылга менчикке берели. Кулматов экөөңөр бийликтин эрке баласы болдуңар. Силерден башка киши калбай калгансып, айланып эле бироөң банкка, бирөөң бажыга келип каласыңар”, - деп нараазы болду. Толкунбек Абдыгулов Улуттук банкка торага болуп иштеп жатып, вице-премьерликке барган. Эми кайрадан Улттук банкка ...

0 661

Исаковдун командасы ишти тарта албай калды

22-декабрь 2017, 16:25 Перизат Кутманалиева

Премьер – министр Сапар Исаковдун англисче сүйлөгөн, планшет кармаган командасы ишти тарта албай жатышат. Планшетти ар бир жаран кармай албайт. Мейли байлардын шарты бар., ал эми карапайым катмарда планшет эмне экенин билбегендер бар. Ошол себептүү дароо эле Американы курам дебей, кичине элдин маселесин чечүүдөн баштаса жакшы болот беле. Өзү деле асмандан түшкөн эмес да, Нарындын сары баласы. Элге азыр көмүр керек, ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 896

Президент коррупцияга каршы күрөштү качан баштайт

22-декабрь 2017, 16:13 Перизат Кутманалиева

Сооронбай Жээнбеков “президент болуп келээрим менен 35 коррупционерди камайм” деди эле. Президент болгонун бир айдын жүзу болду. Азырынча бир дагы коррупционерди камакка ала элек. Чечкиндүү кадамдар дагы баштала элек. Коомчулук болсо андан үмүт артып отурат. Жыйынтык болсо экен эми. Булак: "Ачык саясат"  

0 608

Зилалиевге жаңы жылда жаңы кызмат берилеби?

22-декабрь 2017, 11:51 Перизат Кутманалиева

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев кызматынан кетти. Анын милдетин орун басары Бакыт Мураталиев убактылуу аткарып турат. Эми Зилалиев дагы кайсыл кызматка дайындалат болду экен. Жаңы жылда жаңы кызмат алат го бул жигит. Бийлик Дүйшөндү бош койчу эмес эле. Улам бир нерсенин ичинен чыга калып жатып бир топ эле таанылып калды кайран бала. Бийликке жакканына караганда тетик көрүнөт. Булак: “Ачык саясат”

0 1285

Сапар Исаковдун өкмөтү гүлдөбөй эле куурап баштады…

21-декабрь 2017, 16:32 Перизат Кутманалиева

Сапар Исаковдун «технократпыз» деген өкмөтү дайындалып атканда, «буларың декабрда эле таркатылат, президент ким болуп шайланбасын, Атамбаевдин балапандарын кетирет» деген кеп тарады эле. Эми карабайсыздарбы, ошол сөздүн анык мааниси чыкканын… Биринчи, шайлоо иштери менен Таласка жөнөгөн вице-премьер Темир Жумакадыров жолдо каза болду. Жумакадыров шайлоо штабына жетекчи болуп, Дүйшөнбек Зилалиевдин ордуна дайындалганын кантип айтпайбыз? Зилалиев Баткендеги жыйында ачыктан ачык Сооронбай Жээнбековго үндөгөнүн «Азаттыктын» ...

0 565

Кимдин сакасы айкүр конду?

21-декабрь 2017, 12:20 Перизат Кутманалиева

Ыргыткан сакасы айкүр конгондордун ичинде азыркы өкмөт башчы Сапар Исаков турганы кадиксиз. Анын биринчи орун басары Аскарбек Шадиевдин сакасы текеникиндей эңкей экен. Тарыхта биринчи жолу бир буту өкмөттөгү, экинчи буту парламенттеги кызматкерди жолуктуруп жатабыз. Антсе да маянаны өкмөттүн казынасынан аларын билдик. Дагы бир орун басар Даир Кенекеев болсо шайлоонун эпкини аркылуу келип өпкөсүн басты. Анткени анын чырылдап айткан калыс кеби ...

21-декабрь 2017, 12:20 | 565
0 1214

Атамбаевдин ыры популярдуу болуп баратат

21-декабрь 2017, 11:31 Перизат Кутманалиева

Кезинде көп кырдуу инсан экендигин Владимир Путин деле жашырган эмес. Кантсе да Алмазбек Атамбаевдин саясаттан тышкаркы аракеттерине ичи жылыган окшобойбу. Өткөндө өзбектердин жылдызы Фарух Закиров болсо экс-ажонун “Кыргызстаным” деген ырын кыраатына келтире аткарганын угуп, кыйла таң калган жайыбыз бар. Бул ирет болсо ошол ырды Азербайжандын композитору, ырчысы Озан Араз Элсес аткарыптыр. Ырдын коңур үн менен аткарылышы ого бетер ажаатын ачыптыр. Ал ...

0 825

Мурашев эсеп билеби?

21-декабрь 2017, 09:21 Перизат Кутманалиева

Саясат Айыл чарба, тамак аш жана  меллиорация министри Нурбек Мурашев сабатсыздыгын дале далилдеп келет. Кече жакында парламент алдында депутаттын суроосуна жооп берип жатып, «Министрдин айдоочусунун айлыгы 45 миң сомдун тегерегинде » деп айтты. Мурашевдин кагаз калем алып эсептегенге мээси жетпесе министирликтеги эсепчилерди чогултуп алып, эсептеттирсе болмок. Министрликтин айдоочусу 14 миң сом айлык алаарын, күнүмдүк бөлүнгөн  бензинди акчага айлантса айына ошол сумма ...

21-декабрь 2017, 09:21 | 825
0 2353

Кыргызстанды сызга отургузган Иван Грозныйдын “кайра тирилиши” кандай кабыл алынат?

20-декабрь 2017, 16:42 Перизат Кутманалиева

Бийликтан даамы ушунчалык таттуу болобу же кечээки ордун башкалар ээлеп калгандыгына кызганып жатабы, кыскасы экс-президент А.Атамбаевдин саясатка кайра кайтып келери тууралуу билдирүүсү көпчүлүгүбүздү таң калтырууда. Анын бул ат жүрүшү алгач өзүнүн КСДП партиясын жетектөөдөн башталары белгилүү болду. Бийлик партиясы жаңы жылдын алгачкы айынын соңунда кезектеги курултайга чогулуп, партияга төрага шайлашат экен. Азырынча партиянын жетектөөгө бир гана талапкер – экс-президент А.Атамбаев каралып ...

0 1185

“Жакшы баланын” Башкы прокуратурага кайрылып жатышын актануу аракети деп гана түшүнүүгө болот…

20-декабрь 2017, 14:55 Перизат Кутманалиева

Экс-президент Курманбек Бакиев жана анын бир туугандарынын түгөнбөгөн дүнүйө-мүлкү дале болсо бөлүштүрүлүп бүтө элек. Баарынан кызыгы, 2010- жылы бийликти колго алган Убактылуу өкмөт тарабынан “Бакиевдердин байлыгы улутташтырылсын” деген декларация иш жүзүндө күчүн жоготуп, “ууруну каракчы тоногондой”, азыркы бийликтегилер тарабынан итбекер менчиктештирилип же са­тып алынууда. Өткөндө Бишкектин Скрябин көчөсүндөгү 1 га. жакын участокту “мурдагы ээсине бергиле” деген буйрук бере коём деп, Мамле­кеттик каттоо ...

0 1370

Элге жек көрүндү Сариева экинчи кызматга келбесин

20-декабрь 2017, 11:58 Перизат Кутманалиева

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Эльвира Сариева дегенди кайдан-жайдандыр таап алып, Аны акыркы 4-5 жыл аралыгында ар кайсы кызматга дайындап жакшы эле эркелетти. Жэ ал үмүттү актап тыңыраак иштеп берсечи. Тажрыйбасы нөл болсо да Билим берүү министри, вице-премьер, президенттик аппаратта бөлүм башчы, акырында президенттин аппараттын башчысынын орун басары да кылды. Бул жылдары Сариева эл тарабынан бир да жакшы сөз укпады. Катуу сынга кабылып, элге ...

0 787

“Реформа планшеттен башталат”

19-декабрь 2017, 16:56 Перизат Кутманалиева

Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин ар бирине бирден планшет берилет. Бул тууралуу бүгүн, премьер-министр Сапар Исаков жол коопсуздугун сактоо боюнча тузүлгөн комиссиянын жыйынында айтты. Бул тууралуу: «Бүгүнкү күнү тартип бузган айдоочуларга протокол кагаз жүзүндө толтурулуп келет. Эми планшет аркылуу системалык негизде толтурууга өтөт. Каражат бюджеттин эсебинен бөлүнөт. Бул система эрежени бузган айдоочунун идентификациялык номурун сактап калат. Мында акча берип соодалашууга дагы болбойт. ...

0 4881

Жунусовдун "Эламаны" Раиммиллионду жоктоп,зарлап...

19-декабрь 2017, 16:25 Перизат Кутманалиева

Экс президент Атамбаевдин колтугуна кирип кетип өз бактысын ошол жактан тапкан чала ырчы Ибрагим Жунусов деген элге "Эламан" деген ыры менен таанылган. Чынында ал ырдын багын өзү эмес Динара Акулова ачканы ырас. Ырдап жүрүп саясатка секирди. Бакиевдер менен катуу ынак болуп "Ак-жолдон" депутат болуп , "Каркыраны" казактарга карматты. Анан элдин баарын уялтып Эл артисти наамын алды. Атамбаев тушунда деңгээли жетпесе да вице,анан ...

0 528

Бажы кызматы бир ажыдардан кутулуп, дагы бир ажыдарга тутулду

19-декабрь 2017, 15:48 Перизат Кутманалиева

Деги эле, Кыргызстандын Бажы кызматынын багы ачылбай койду. Башынан бери эле коррупцияга кокусунан малынганы бешиктеги балага да бештен белгилүү. Акаев,Бакиев тушунда деле бул тармактын жетекчилик кызматындагылар жогорку бийликтин бийик жеринде олтургандарга "кошелок" болуп келишкен. Атамбаевдин убагында деле андай вазийпаны аткаргандар болду. Бакиевдин тушунда Кубанычбек Кулматов Бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, кеңешчи кызматтарын аркалаган. 2010-жылы Атамбаев аны төрага кылып, ревалюциянын деми, ...

0 497

Фарид Ниязов эми президенттин саясый салмагын арттырып берсин

19-декабрь 2017, 14:52 Перизат Кутманалиева

Эки күн мурун президент Сооронбай Жээнбеков бир катар кадрдык өзгөрүүлөрдү жүргүздү. Президенттин аппарат башчылыгына мындан бир ай мурун өзүнө кеңешчи кылып даярдаган Фарид Ниязовду дайындады. Бул адам иштин көзүн билет. Тажрыйбалуу.Баары менен тил да табыша алат.Анын аппарат башчы болоору күтүлүп эле жаткан. Фарид мырза эми Сооронбай Жээнбековго эң негизгиси арка-бел болуп берип,анын саясый салмагын эл аралык жана өзүбүздүн өлкө ичинде артырууга күч ...

0 4169

Сооронбай Жээнбековдун колунда «көзүр карталар» турат

18-ноябрь 2017, 14:49 Гүлжан Шерипбаева

2017-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын президентин шайлоолор өттү. Бийликтин партиясынан талапкер Сооронбай Жээнбеков биринчи турда эле ынанымдуу жеңишке жетишти, антсе дагы, көптөгөн серепчилер эки тур өтөөрүн болжолдоп жатышкан. Көпчүлүк адамдар чоң акчалар жана административдик ресурстун ортосунда күрөш жүрөт деген ишеничте болгон. Ошол эле серепчилер административдик ресурс жеңди, ал эми акча экинчи позицияда калды деп эсептешүүдө, эми акча ээсине каршы кылмыш иши ...

0 3054

Кумтөр жана мөңгүлөр тууралуу орус эксперти эмне дейт?

11-ноябрь 2017, 17:28 Айнура Абдиназарова

Кыргыз жериндеги мөңгү, суу маселеси боюнча Евразия континентиндеги Табигый байлыктарды коргоо агенттигинин ага эксперти Виктор Козловдун пикирин силер менен бөлүшүүнү туура көрдүк. Айтмакчы, бул кепти балким биздин депутаттар деле, балким кайсы бир эксперттер деле айткан болушу мүмкүн. Болгону «Кыргызга орус айтмайын ишенбейт» деген кеп бар эмеспи. Ошондон улам, теги орус улутунан чыккан эксперттин атынан да чагылдырып койолу деп чечтик. 1993-жылдан бери ...

0 982

Зилалиев Алдар көсөөнүн баштыгына салынды... Карганын көзүн карга чукумак беле...

28-сентябрь 2017, 09:55 Перизат Кутманалиева

Шайлоонун шайтан оюндары күн санап күч алууда. Канча какшап, “Мыйзамды сыйлайлы” деген менен мыйзамды уруп ойнобогондор четтен чыгып атат. 21-сентябрда активист Адил Турдукулов жана Эрик Ирискулбеков президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековду колдоого үгүттөгөн вице-премьер- министр Дүйшөнбек Зилалиевдин кайрылуусу боюнча укуктук баа берүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына эки арыз жазышкан. Эске салсак, 19-сентябрда вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев Баткен облусунун активи менен жолугушуп, КСДПнын ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1309

Ичкиликти жакшы көргөндөр элчи болуп АКШга Кыргызстанды уят кылышты

26-сентябрь 2017, 12:34 Перизат Кутманалиева

Ар бир мамлекеттин тышкы саясатын, жүзүн элчилер көрсөтөт эмеспи. Ошондуктан тигил же бул өлкөгө элчилерди дайындоодо алардын чет тилин билгендиги, билими менен интеллектуалдыгы эмес, жүрүш- турушу, кала берсе өң-келбетине да көңүл бурулат. Бирок эмнегедир дайыма өзүнүн шоопур, жансакчы, пол жуугучтарын мамлекеттик чоң кызматтарга дайындаган президентибиз АКШга ал кездеги пресс-катчысы Кадыр Токтогуловду ылайык көргөн. Дипломатиялык билими мындай турсун, жүзүндө жылдызы байкалбаган бул ...

0 1173

Бекназаровго карата “бет тырмаарлык” башталды…

06-сентябрь 2017, 19:26 Перизат Кутманалиева

“Кайда баратабыз?”-деп кыйкыргың келет. Бирок, уга турган бирөө жок. Угат деген ажоң жок, угат деген кожоң жок. Ажоң менен кожоң биригип алып, «билгенин» кылып атканда кимге кайрылаарды да билбейсиң… Саясый күрөш абдан балиттик менен башталып атат. 2-сентябрда президентикке талапкер катары 7-болуп расмий катталган коомдук ишмер Азимбек Бекназаров “Текебаевдин соттук ишинде жалган көрсөтмө берген”- деп шектелип, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук ...

0 1915

Регионалдык баланс сакталбай калды. Чыке спикерликтен кетиши зарыл

31-август 2017, 12:45 Перизат Кутманалиева

Ошентип, Сапар Исаков премьер-министр болуп шайланды. Кандай гана кара пиарлар орун албасын, ал баарын жиреп өтүп, мамлекеттин жогорку кызматынан орун алды. Коомчулук жаш кадрдан үмүт кылып турганы байкалууда. Сапар мырза кочкорлук болот. Спикер Чыныбай Турсунбеков нарындык. Ошондо эң жогорку эки креслону Теңир-Тоонун кулундары ээлеп алышы кандай ыя? Башка региондогу элибиз нааразы болбойбу? Андыктан, Турсунбеков кызматын өткөрүп берип, жөн эле депутат болуп жүрүшү ...

0 1193

Шайлообек Атазов, коомдук активист: “Жомок жана популизм”

31-август 2017, 01:23 Перизат Кутманалиева

Сапар Исаковдун “Жаңы доор- кырк кадам” программасы реалдуу турмушка ишке ашчудайбы же элди алагды кылыш үчүн жазылган программабы? -Сапар Исаковдун программасы депутат Каныбек Иманалиевдин берген суроолорундай эле окшойт. Чындыкты эске алсак, анда бул кадам эмес, көз боёмоочулук! Бул элди алдоо! Жомок жана популизм! Анда “Лиглас”, “Кумтөр”, тышкы карызыбыз, Дача-суу, таможныйдагы коррупциялык системалар, жумушсуздукту чечүү боюнча кадамдары жокко эсе. Булак: "Майдан кж"

0 826

Каректе 15 октябрь: бул жолу тиреш 2 же 3 талапкердин ортосунда кырчылдашчудай

21-август 2017, 14:26 Перизат Кутманалиева

Эми минтип ушул жыл­дын 15-октябрында Кы­ргызстан кайрадан прези­денттик шайлоонун алдын­да турат. Бирок, бул шай­лоо буга чейинки айтылган шайлоолордон айырмала­нып, өткөн шайлоолордой кайсы бир талапкерге ык койбочудай. Анткенге азы­ркы бийлик өзү да себепкер болуп берди окшойт. Анткени биздин бир себеби укуругу узундарыбыз алты жыл аралыгында улуттук бир лидер­ди даярдап чыгара албаганында бол­ду. Анан калса 2010-жылдагы “… өтөн зордук” менен кабыл алынган Консти­туция ...

0 962

Чыныбай барга топук кылыш керек болчу

03-август 2017, 13:24 Перизат Кутманалиева

Саясаттын арканын тартам дегендердин көбү тайрайып мурду менен жер сүзүп жатып каларын көрүп эле келатабыз. Кимдер гана бутунан эмес, тилинен аксабады дейсиң? “Мен кыйынмын!”—деп өпкөсүн каккандарды каккан казыктай саясат жерден чыккыс кылып кагып жиберди го? Эмген сайын бир боорсок боло бербей турбайбы, бул турмушта туугандар. Ошондой окуянын бири тууралуу анда эмесе кеп таштайлы. Чыныбай Акунович тууралуу мурда анчалык деле кеп токулчу эмес. ...

0 1218

Ташиевдин кадыры арта баштадыбы?

02-август 2017, 12:00 Перизат Кутманалиева

Президенттикке “Ата-Журт” партиясынан талапкер катары учуп чыккан Камчыбек Ташиевдин тегерегине мурда-кийин бийликте чечүүчү кызматта олтургандар топтоло баштаганы, алар: “Камчыке, биз сени колдойбуз, аягына чейин барсаң жеңип чыгабыз”,- деп дем-күч болуп турганы чынбы? Коомчулукта буга чейин: “Камчыбек Ташиев до конца бара албайт, акчасы да, духу да жетпейт, анын максаты соодалашуу”- деген кеп тараган болчу. Биздин кабарчы Ташиведин штабына барып келди. Бир да ...

1 2356

“Каралар” шайлоого карата активдешүүдөбү?

02-август 2017, 09:20 Перизат Кутманалиева

Баякы эле эски салт кайра өз нугунда. Дегеним, Кылмыш дүйнөсүндө “Карышкыр” деген каймана ат менен белгилүү кыргыз жараны Мурсалим Өмүрзаковду Россия ИИМи тарабынан депортациялоо боюнча чечим кабыл алган видео интернетке тарады.  Анда Орусиянын Ички иштер министрлиги 17-июлда кабыл алган чечим боюнча жазасын жаңы өтөп бүткөн Өмүрзаков ал өлкөнүн аймагынан чыгып кетүүсү керектиги, эгер ал аткарылбаса, анда ал Россияга өмүр бою кирүү ...

0 24546

ВИДЕО - Ырчы Бахтияр Токторовду уурдап кетишиптир...

04-август 2017, 19:31 Гүлжан Шерипбаева

Бахтияр Токторовду уурдап кетишиптир. Бул тууралуу Мырза Добутов өзүнүн Фейсбук баракчасына каткырган “быйтыкчалар” менен жазып чыкты. Лейлектиктер издөө салып атышат.”Бахтиярды уурдагандар эмгек сиңирген артист наамын албай калган ырчылар болушу мүмкүн”, -  деген шек бар деп айтышууда.Бүгүн аны менен жолуга турган болгон Адылбек Акматов Өтмөктө күтүп атканын билдирсе, дагы бир ФБ колдонуучу “Бахтияр Токторовду 6-август күнү ...

1 2295

Чынында Атамбаев Чыныбай Турсунбековду колдойбу?

Президенттик шайлоо биздин өлкөдө бул жолу татаал өтө турганы байкалып калды Анын негизги себепкери Атабаевдин өзү болуп жатканы өкүнүчтүү. Ал өз партиясынан С.Жээнбековду талапкер катары атаганы менен, ошол эле учурда өз партиясынан Ч.Турсунбековдун да өз алдынча шайлоого катышуусуна каршы эместигин элге ачык жарыялап салды. Мындай эки ача тандоо бийликти оппозицияга алдырып жибербештин айынан келип чыкты. Ошонун айынан бүгүн Атамбаев “түштүк шайлоочуларынын ...

0 1759

“Чабал өрдөк эрте учат” деген чын белем…

Учурда президенттик шайлоого чыгам дегендердин арасынан Темир Сариев гана ары-бери чапкылап жаны тынбай эле. муну менен өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүүгө, эл үчүн баарына даяр экенин далилдөөгө далалат жасап жатат. Акыркы жумада эле Нарын, Ысык-Көл, Таласты чарк айланып үлгүрдү. Коомчулук болсо “чабал өрдөк эрте учат” дегенушул, үгүт иштерин расмий башталганча эле шайы ооп калат го мындай текирең-таскак менен дешүүдө. Ал ортодо Сокулукта күнүнө ...

0 1072

“Балакай катуу кетиптир!”

Кыргызстанда атам-замандан бери калган, мамлекеттин ичиндеги дагы бир өзүнчө мамлекет болгон профсоюздар федерациясы деген уюм бар. Ал уюм өзү менен өзү, көмүскөдөн чыкпай эле чоң-чоң иштерди кылат экен. Ал иштердин көпчүлүгү алып-сатмай, жеп-ичмей жана кызмат талашмай. Сыртынан карапайым өңдүү көрүнгөнү менен Федерациянын ичине кирсең оозуң ачылат. Ар бир профсоюздук босстун астында колтойгон кычыраган жол тандабастар, болгондо дагы эски-уску эмес, алар ...

08-июль 2017, 10:35 | 1072
0 1354

“Чабал өрдөк” Темир Сариевдин кирпич заводу Сокулуктун экологиясын талкалап жатыптыр

Учурда президенттик шайлоого чыгам дегендердин арасынан Темир Сариев гана ары-бери чапкылап жаны тынбай эле. Муну менен өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүүгө, эл үчүн баарына даяр экенин далилдөөгө далалат жасап жатат. Акыркы жумада эле Нарын, Ысык-Көл, Таласты чарк айланып үлгүрдү. Коомчулук болсо «чабал өрдөк эрте учат» деген ушул, үгүт иштери расмий башталганча эле шайы ооп калат го мындай текирең-таскак менен дешүүдө. Ал ортодо Сокулукта ...

0 3611

Аалы мырза Жээнбековдордун кланына каршы иштейби?

КСДП депутаттарынын ичинен таасирдүү персона катары Аалы Карашевдин өзүнчө орду бар. Буга чейинки шайлоолордо Ош аймагында жемиштүү иштеп, партия үчүн чоң салымдарын кошуп келген. Азыр болсо Аалы мырза чайналып, чын жүрөгүнөн КСДПнын талапкерин ачык сүрөп чыгууга даабай атыптыр. Себеби, Жээнбековдордун кланы менен Карашев башынан каршылашып келгени, тар чөйрөдө тирешүүсү боюнча да маалыматтар бар. Эми кантет? Аныгында, Алмазбек Атамбаевдин айтканынан ары кете ...

0 796

Өмүрзак Төлөбеков «Президенттин жылдызы» деген тасма тартабы?

Буга чейин «Президент жана БОМЖ» тасмасы менен Борбор Азия өлкөлөрүндө таанымал болгон Өмүрзак Төлөбековду кыргыз элине тааныштыруунун кажети жок. Бул инсан бир канча кинолордун автору. Жакында эле саясый ишмерлер боюнча даректүү тасма тартууга да белсенгенин укканбыз… Кызыгы, кечээ бизге жеткен маалыматтар боюнча, президент Алмазбек Атамбаев тууралуу тасма тартууга Өмүрзак Төлөбековго сунуш түшкөнүн эшиттик. Профессионал киношник катары Өмүрзак мырза буга чейин маданият ...

1 1229

Чыныбай Турсунбековдун сөзүнө ким ишенип, шайлоодо колдойт?

КСДПнын саясий кеңешинде көп жылдан бери жүрүп, партиянын кадыр- баркынын “артышына” кол кабыш жасап, олигарх башы менен каржылап келатып, президенттик шайлоо жакындаганда бийликтин “рупор” саясий уюму тарабынан талапкер статусун ала албаганы аз келгенсип, андан “тебилип” кеткен Чыныбай Турсунбековдун “ич күптүсүн” түшүнсөк болот. КСДП өз курултайын 15-июлга белгилегенин билебиз. Бирок, анын чынында качан өтөрү тууралуу талаш-тартыштар токтобой келатат. Бийлик партиясы Сооронбай Жээнбековго гана ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1317

Кир суу менен таза сууну кошсо суу тазарабы?

Президенттикке талапкер катары аттанган Темир Сариев өзүнүн шайлоо штабын башкарууга Эсептөө палатасынын мурдагы башчысы Элмира Ибраимованы дайындаганы белгилүү болду. Албетте, Темир Сариевдин жанында Элмира айым акактай таза ишмер экени белгилүү. Өзү да кыргыз элинин чыгаан уулдарынын бири болгон Султан Ибраимовдун кызы. Чыныгы мекенчил, патриот адамдын кызы. Анан ошондой айымдын тендер чырынан улам кызматтан ыргыган, ага чейин 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин 1 млн. ...

0 1071

Канат Исаев Бабановго ыктай баштады

«Саясатта достук болбойт, кызыкчылык гана болот» деп айтылат эмеспи. Президенттик шайлоо жакындаган сайын кастар дос болуп, достор душманга айлана баштады. Мына кечээ эле Бабановду сатып кеткен Канат Исаев, учурда кайрадан Өмүрбек мырзаны шынаарлап жанынан чыкпай калды. Сыягы, президент болуп калса деп арканды алыс ыргытып, бир кездеги кемчилигин оңдоонун аракетин көрүп, ар-намысын жыйыштырып койгондой. Бабанов болсо бир кезде тескери бурулуп кеткен Исаевди шайлоодо кереги ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83