www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аналитика
0 6795

“Бербестин ашы бышпас” болуп, эки жылдан бери казактар бербей келаткан 100 млн доллар жардам бериле турган болду

Казак мажилиси Кыргызстанга бериле турган 100 миллион доллар боюнча келишимди колдоду. Бул тууралуу «Уласть» порталы маалымдайт. Эскерте кетсек, бул акчаны Казакстан Кыргызстанга Евразия экономикалык биримдигине кошулгандыгы үчүн техникалык жардам катары берет. Казакстандын финансы министри Бахыт Султановдун айтымында, жардам акчалай, жабдуу, товар жана кызмат түрүндө болот. Акчанын ар бир бөлүгүн которууда, өзүнчө келишим түзүлөт. Каражат ЕАЭБдин жол картасын ишке ашыруу жаатындагы чараларга гана ...

0 1972

Акылдан айныткан акылдуу эсептегичтер

Акыркы жылдары коомчулукта «Акылдуу эсептегич» боюнча нааразычылыктар аябай көбөйдү. Айбек Калиев башында турган «Энерго холдингдин» жетекчилери бул жагдайды жөн гана техникалык түшүнбөстүк катары карашып, элдин үнүнө кулак төшөгүлөрү келген жок. Тиешелүү укук коргоо органдары, жогорку бийлик жетекчилиги бул коррупция жыттанган схеманын түп-тамырын аңдап, талдоо жүргүзүп чара көрөлү дегенге жарашпады. Натыйжада, «Улуттук энергетикалык холдингдин» жетекчилиги «Акылдуу эсептегичтерди» Туркия, Кытайдан кылып ар кайсы өлкөдөн ар ...

0 1277

Өкмөттөгүлөр адам өлгөндө иштейби?

Биринчи май районуна караштуу Ак Босого жаңы конушунун Чүй 39 көчөсүндөгү электр зымдары адамдардын коопсуздугуна коркунуч жаратууда. Электр зымдары карагайда эмес, чириген таяктарда илинип турганына он жылдын жүзү болуптур. Жергиликтүү тургундар арызданса эле өзүңөр акча чогултуп, карагай алгыла дешет экен. Бул эмне деген шумдук? Светке 50 сом карыз болсоң өпкөңдү үзүп туруп алышат. Эмне үчүн электр карагайларын орнотуп беришпейт? Сөзсүз эле кырсык басып ...

0 2263

Батыралиев космосто жашап жатабы?

Саламаттыкты сактоо министрлиги төрөт үйлөрүндө паракорлук жок дейт. Министрлик мыйзамга ылайык, боюнда бар, төрөй турган жана жаңы төрөгөн аялдарга бекер жардам берилээрин жар салып: «Медициналык кызматкерлер төрөтканага түшкөн аялдарга акчасына карата мамиле кыла албайт. Анткени дарыгердин башкы максаты — сапаттуу жардам көрсөтүү», – деп элдин оозун ачырды. Министр Талантбек Батыралиев Кыргызстанда жашабай эле космосто жүргөн го. Көчөгө чыгып келиндерден бир ооз төрөтканалар ...

0 7755

Такшала албаган Таалайбек Сарыбашев

Кечээ жакында Өкмөт башчы Ош областында иш сапары менен болуп жаңы ишке берилген сүт заводун ачылыш аземине катышып, дагы бир топ социалдык имараттар менен таанышты го. Ошол жерде Өкмөттүн Ош областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун артынан болбурап ээрчип жүрдү. Өкмөт башчынын аймак боюнча, абал боюнча суроолоруна какап-чакап жооп бере албай, абдан жүдөгөнүнө өз көзүбүз менен күбө ...

0 9027

Жолдубаева кызматтан кетеби?

Башкы прокурор Индира Жолдубаева жакын арада кызматынан кетет деген божомолдор айтылууда. Анын ордуна Канат Керезбеков келиши мүмкүн экен. Индира Жолдубаева коомчулукка ашыкча эле чыга берген жок. Иш менен гана алек болуп жатканы болбосо, манчыркап мансап күткөнү байкалган жок. Жетекчи катары такшала электиги гана болбосо баралы келгенде мыкты юрист болчудай. Булак: “Ачык саясат

0 2057

СДПК партиясынын ички атмосферасы анчейин эмес, учурда Сокеңдин абалы начар

СДПК партиясы президенттик жарышка Сооронбай Жээнбековду көрсөткөндөн бери башкасын мындай эле коелу, сдпкчылар өздөрү көралбай жаман болуп жатышат. Бетине келип күлгөнү менен, көчүккө сууну куюшуп, айтор учурда Сокеңдин абалы начар. Чыкең да капталган чыгып, президенттикке чыгууну көздөп жатканын элдин баарысы билип турат. Өзүнүн командасы аркылуу Сокенин короосуна таш ыргыттырып жатканы маалым. Кыскасы СДПК партиясынын ички атмосферасы анчейин эмес. Атамбаевдин деле башы айланып бүттү ...

0 2522

Койсун апчебизди коргой албаган Болот Шер

«Ата-Мекенге» болгон күчүн жумшап кызмат кылып, анан талаада калган дагы бир айым бар. Ал таластык Койсун Курманалиева апчебиз болот. Учурда ал кызматы жок жүрөт. Кыргыз тилдүү гезиттердин бирине берген маегинде жеке иштери менен алек экен. Койсун деген ким эле? Таласта «Ата-Мекен» үчүн кызмат кылган жалгыз аял болчу. Таластын көкүрөк каккан дардаңбай эркектерин ооз ачтырбай беш жыл башкарган губернатор болгон. Анан ошол Койсун ...

0 1339

Атамбаевдин душмандары баштан ашты. Күрөш курчуйт…

Эсиңерде болсо, 2011-жылы Алмазбек Атамбаев аламан жарышка аттанганда, анын президент болуп шайлануусу алдын ала эле белгилүү болчу. Себеби, революциянын деми, элдин колдоосу жана бийлик талапкери катары күчтүү эле. А учурдагы кырдаал таптакыр башка. Кайсы бир саясатчынын күздөгү шайлоодо утуп чыгуусуна кепилдик жок. Атамбаевдин каалоосуна жараша КСДПнын саясый кеңеши Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин жактырышты. Бирок, бул эл көзүңдөгү гана картина. Ал эми ичкериге ...

0 706

Пирматовдун кылмыш иши унутулса Чудиновдуку “чудого” айланабы?

Бизде коррупция менен күрөшуү түшүнүксүз жагдайларда уланып келет. Бийликке жакпаган кээ бир саясатчыларга илинчээк табылса дароо камалат да, айрымдары тергөө шылтоосу менен эркиндикте эле жүрө берет. Көпчүлүгү жең ичинен «жым- жым» болгондой… Мисалы, беш жыл мурун ЖКдепутаты (учурдагы «бирболчу») Исхак Пирматовго коррупция беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, мамлекеттин эсебинен 24 миллион долларды уурдоого шектелгенине не дейсиңер? Бул суроо азыр да жоопсуз ...

0 2510

Атамбаев – кедей Кыргызстандын бай президенти

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев “Мен мурда эле бай болчумун, байлыгымды маңдай терим менен топтогом” деген сөздөрдү көп айтат. Анын “мен мультимиллионер болгондо Салымбеков бизнесин эми баштап жаткан, Бабанов болсо студент болчу”, “Акаев “Вольводо” жүргөндө мен биринчилерден болуп “Мерседес” тээп жүрчүмүн” деген мактаныч сөздөрү эл аралап жүрөт. Бирок Атамбаевдин байлыгынын таза жолдор менен топтолгонуна шек санагандар Кыргызстанда өзүнчө бир массаны түзөт. Алсак, экс-президент ...

0 1470

Жегиле,жегиле дагы жегиле...

Борборубузда жүргүнчүлөрдү тейлеген эки чоң автобекет бар. Батыш автобекети жана Чыгыш автобекети. Кечээ Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин жыйынында эл өкүлү Бактыбек Райымкулов Мүлк фондунун жетекчисинен Чыгыш автобекети жылына канча каражат мамлекеттин казынасына салаарына кызыкты. Чыгыш автобекети жылына 35 миң сом пайда алып келет экен. Бул тууралуу Болсунбек Казаков билдирди. Тегереги соода павильондоруна толгон, ичинде жүргүнчү ташуучу маршруттук такси тизилип ...

0 1444

Соттор да ыйлашат тура....

Белгилүү журналист Шейшекан Жээналиева интернеттеги өзүнүн Фейсбук баракчасына мындай деп жазган экен: “Байлар да ыйлайт” дегендей, соттор да ыйлайт тура. Тобоо. Жогорку Соттун төрайымынын кеңешчиси Каныбек Акыевге “тиштери” өтпөгөн соттордун ыйына “боорум ооруду”. Азыр дээрлик бардык системада коррупциянын арааны жүрүп турган чакта адилеттүүлүктү, калыстыкты туу туткан соттордун ыйы шоона эшпейт. Соттор да калыссыздык, адилетсиздик деген эмне экенин жон терилери менен сезишсин!» ...

10-июнь 2017, 11:50 | 1444
0 1085

Фарид мырза күндүр-түндүр схема чийип иштеп баштадыбы

Президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси болуп келген Фарид Ниязов өткөн жумада кызматынан кетип, коомдук башталгычтагы кеңешчи болгону бегилүү болгон. Көрсө, Атамбаевдин ишенимдүү кишилеринин катарын толуктаган Ниязов президенттик шайлоого даярданыш үчүн кызматын тапшырган экен, Учурда КСДПнын штабын жетектеп баштады. Демек, КСДПдан ажолукка ат салышчу талапкерди шайлоодо жеңишке жеткирип, такка отургузуунун схемасын чийип чыгууга тийиш. Ошентип саясий технолог катары Фарид мырза ар бир аймак боюнча ...

0 1836

Айланайын айдоочулар, абайлагылачы!

Мамлекетибизде жол кырсыктары чоң көйгөйгө айланып, калдайган журтубузду мүңкүрөтүп турган чагы. Аз күн мурун эрежени так сактап, жол чийинден өтүп бараткан окуучуларды көпкөн айдоочулардын бири уруп, из жашырып кеткен эле. Кырсыкка кабылган эки баланын бири ушул күнгө чейин дурус эсине келе электиги айтылууда. Андан соң ошол эле жол тилкесинде дагы бир окуучу кызды сүзүп, изин жашырган окуя катталып, элдин кабыргасын кайыштырган. ...

0 4140

Улан Исраилов интригадан колу бошобой

Бирде көлдүк, бирде чүйлүк боло калып жүргөн ИИМ министри Улан Исраиловго учурда көлдүктөр нааразы болушууда. Анткени анын Эркин Мамбеталиевге карата жасап жаткан куугунтуктоосу жигиттикке, ал гана эмес адамкерчиликке да жатпаарын эскертишет. Эркин Мамбеталиевдин башынан кандай гана кыйынчылыктар өтпөдү, Бакиевдер аны өмүр бою түрмөгө кестирип, ошол жерден өлтүрүп коюуну көздөшкөн. Мына ушундай кыйынчылыктар менен актыкка жетип, өзүнүн ак экенин далилдеп чыккан мезгилде, ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1078

Батыралиев ишти кайсыл жагынан баштаарын билбей башы маң

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев жетекчилик сапатын көрсөтө албай койду. Өз каалоосу менен кызматын тапшырып берип кетип калса, жалпы кыргыз элинин сообуна калаар эле. Медицина тармагында болуп жаткан үрөй учурган фактылар катталууда. Муну менен Батыралиевдин түнкү уйкусу кантип тынч болуп жатат белгисиз. Мына кечээ жакындан бери Балыкчы шаардык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө акушер-врач толготуп келген келинди төрөтөм деп ымыркайдын башын жулуп алгандыгы ...

0 663

Кыргызстан дагы очойгон карызга батабы

Мамлекеттик деңгээлдеги жүрөк өйүткөн орчундуу маселелер болсо калктын назарына салыңыз деген максатта «Бир собол» рубрикасын сунуштайбыз. Бул ирет Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов көтөргөн өтө олуттуу маселени таразага салып, өкмөттүн кенебестигинин аркасында олчойгон суммадагы карызга батканы турганыбыз боюнча коңгуроо кагабыз. Анда депутаттын айткан сөзүн төмөндө өзгөртүүсүз беребиз. 2016-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан CASA-1000 долбоору боюнча келишимди ратификация кылып бергенбиз. Аталган келишим боюнча ...

3 44804

Алтынбек Сулаймановдун “Лексус 570” автоунаасын чийип жазып кетиптир...

04-август 2017, 19:34 Гүлжан Шерипбаева

Алтынбек Сулаймановдун “Лексус 570” автоунаасына кимдир бирөөлөр, “Бул Нива” деп чийип жазып кетет. Депутат жинденип эртеси өчүртүп койсо дагы -“Мен сага айтып атам го, бул Нива” деп жазып кетет. Жини келген Сулайманов өчүртүп туруп, кооздоттуруп “жок, бул “Лексус” деп жаздырып коет ордуна. Эр­теси келип караса “жо-ок, бул Нива” деп кай­ра чийип жазып кетиптир. Жини келген Сулайманов эртеси малярга барып тазалатып, кооздотуп “макул,бул ...

0 2139

Бул бийлик кимге ишенип башы айланып жүрөт?

20-апрель 2017, 00:26 Чынайым Кутманалиева

Биздин азыркы бийлик мындан 100 жыл илгерки орус саясатын айныбай жүргүзүп келе жатат. Ал кезде элди таптарга бөлсө, азыр региондорго, партияларга бөлүп алып өз үстөмдүгүн орнотуп атат. Кыргыз элитасын калпып камакка алуу, кесипкөй адистерге жумуш бербей, же ал жакшы билген тармактан алыстатуу менен бийлик бутактарына буйрукту гана аткара турган эчкандай жеке ою жок , патриоттук сезими жок, жөндөмсүз адамдарды коюп ...

0 3321

Орустар ишенген Кытай башкаларга караганда олуттуу оппонент экен

Кремлдин былгытмаларынын дүйнөгө салган башаламандыгы чамасы бүткөнү калды бейм. Россиянын кылыктарына жана ага карата болгон Европа менен Американын реакциясына унчукпай көз салып турган Кытай ошолорчоук эле утушка ээ болду.Кытай менен АКШ аскердик кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшту. Андан сырткары АКШ буйрутма кылган 8 танкердин алгачкысын сатып алды Кытайдан, аны Европага суюлтулган газды жеткирүү эле. Мурдараак Кытайдын Москвадагы мамкеңешчиси Забайкальедеги ири масштабдагы жерге ...

1 12625

Жан дүйнө кыйкырыгы же Кыргызстанды таштап кеткен 350 000 миң кыргыз жараны...

17-апрель 2017, 16:03 Чынайым Кутманалиева

Асманды кара булут каптап, теребел суз тартып турат. Бул көрүнүшкө куйрук улаш көңүлдү эзген шүүшүн кайгы көөдөндөн үшкүрүк менен кошо чыгып жатат. Жер кара. Дарактар эми гана бүчүр байлап баштады. Жаздын күнкү суук шамал сөөктөн өтө согуп, убайым өңдүү жанды кейитет. Ал билинээр билинбес кайгы биздин кичинекей мамлекеттин эртеңки тагдыры да албетте. Кантип кайгырбайсың, эгерде мамлекеттин карызы 4 миллиарддан ашып ички ...

0 5478

Бизди Атамбаев кайда алып баратат ?

16-апрель 2017, 22:36 Чынайым Кутманалиева

Жакында Жогорку сотубуз Окружной суд деп аталып, Кыргыз Республикасы Край аталып орустардын түбөлүк курамына кирип кете турган окшоп калдык. Ишенбесеңер карап көрсөңөр, Коргоо министри жок кайдагы бир генштаб деген пайда болду, эми биздин армияны бир начальник башкарат. Ой эмне эле кылып атат Атамбаев бизди! Орустардын көрсөтмөсү боюнча бул иштер жүрүп жатканын ким билбей жатат айткылачы. Саясий элитаны талкалап, баарын коррупцияга ...

0 1117

Татыктуулар келсин кыйырды сактоого

15-апрель 2017, 23:40 Чынайым Кутманалиева

Азыркы Конституцияны идеалдуу деп айткан эч ким жок, бирок ошол коогалаңдуу учурда ушул конституция өкмөттү тең салмактуулукта сактап кала алды. Муну эч ким тана албайт, ушул конституция гана бир мөөнөт аягына чейин иштеди. Саясий стабилдүүлүк ушул конституциянын аркасы менен ишке ашты. Жакынкы чыгыштагы саясий көрүнүштөр, Сириянын эли каалабаган Башар Асаддын өкмөтү, андагы Орусиянын авиациясынын бомбалоосунан каза болгон жүз миңдеген адамдар ...

0 1546

Улуу Кыргыз державасынын макети

07-апрель 2017, 19:31 Чынайым Кутманалиева

 Көк мелжиген улуу тоолор, көк майсан жашыл талаалар, чалкыган көлдөр, дарыялар баары биздики болду. Түрдүү элдер, өлкөлөр биздин эрдигибизге, акылыбызга баш ийди, ээлигибиз чоңоюп, эл атын көтөргөндүн баарынан алым алып турган экен жапжакынкы эле убактарда биздин ата бабаларыбыз. Ордо куруп, шаарларга ээ болуп, көчмөн маданиятын түзүппүз. Илим билим өнүгүп, биздин жерлерге туш тараптан качкындар, тентимиш уурулар, түрдүү адамдар агыла баштайт. ...

0 979

Кээнерсиген бейкапарчылыктын арты улам өкүнүч болуп жатат

06-апрель 2017, 18:52 Чынайым Кутманалиева

Кыш өтүп,жадыраган жаздын мезгили келсе да нээгедир жаздан кабар жок. Дарактын бариктери бөртпөй, чөп да чыкпай, жер да карарып, күн бүркөлүп, убайым өңдүү зыркаар шамал согуп, жүрөккө шүүшүн кайгы толот. Анын сыңарындай Биздин өлкөдө да саясий маселелер бышып жетилип, кишилерди ар түрдүү арсар ойлорго салып турат. Күн өткөн сайын президенттик шайлоо жакындап,  тактыга чыгуу кыялы башын эңги деңги кылып, бийлик ...

0 3201

Садыр Жапаров коррупциянын символу болгон "Кумтөргө" асылып алды беле ?

02-апрель 2017, 23:06 Чынайым Кутманалиева

Жогорку Кеңештин экс депутаты Садыр Жапаров чет мамлекетте үч жыл жүргөн соң, кыргыз-казак чек арасынан өткөн кезде кармалып УКМКга жеткирилди. Садырды жакшы билген, жакындарынын, туугандарынын пикирине таянсак , ал өз алдынча, эркин, бирөөнүн тапшырмасын аткарбаган адам. Демек анын Кыргызстанга келишинде эч кандай "Барбаросстун" планы деле жок болчу. Бийликтин анын келишинен чочуп шашып чекара бекетинен кармап кетүүсүнө менимче негиз жок эле. ...

0 1803

Маалыматты бурмалоонун максаты эмне ?

02-апрель 2017, 17:44 Чынайым Кутманалиева

Кыргыздын уурусу күчтүү болсо, ээси доого жыгылат деген макалы күнү бүгүнкүдөй маанисин жоготпой келет. Бул макалды эстөөгө аргасыз болдум. Себеби, буга чейин фейсбуктагы “Элита Сатирасы” деген баракчада Сокулуктук Нурлан Абыкылов деген адам Аида Салянованын күйөөсүн сотко бергени жатыптыр. Анын туугандары 60 га жерин тартып алыптыр.  Эми болсо, Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровго Сокулуктун тургуну Нурлан Абыкулов аттуу жаран  арыз бергени ...

0 2037

Бийлик мыйзамга жамынам деп убара тартпасын

Ошол 25-марттын таңында көпчүлүк эл катары, окуянын күбөсү болуу үчүн  “Акжол” чегара бекетин көздөй жол тарттым. Ал жерде бир саатпы же эки саатпы айтор убакыт өткөн соң, саат 12:32 чамасында Садыр Жапаровду кармап кетишти деп эл толкуй түштү. Менин болжолумда тосуп алууга барган элдин саны 1000 ге чукул болчу. Мустарап боло түшкөн эл Горький багынан жоолугушабыз дешип артка кайра тартышты. ...

0 2942

Кылмышка шектүү КСДПчы депутат Музафар Исаковду эмне мынча коргошот ?

  Бүгүн кеп кыла турган адамыбыз КСДП партиясынын мүчөсү Жогорку Кеңештин депутаты Музафар Исаков тууралуу болмокчу. Укук коргоочу Качкын Булатовдун иликтөөсүнө таянсак, Музаффар Исаков Сузак районун Таш Булак айыл өкмөтүндөгү жерлерди мыйзамсыз сатып, ошол акчанын аркасы менен КСДПдан депутаттыкка аттанган экен. Бул иш тууралуу тергөө ишин жүргүзүүнү суранган Анарбай Орозовду ар кандай мыйзамсыз жолдор менен оозун жап кылышкан. Бийлик анчалык ...

0 9908

Акыйкаттык үчүн чыгып , эркиндик талашып сабалган жаш жигиттер, кордолгон элдер

Бүгүн 25 — март күнү Акжол чегара бекетинен башталган окуя аягы кайгылуу аяктады десем жаңылбайм. Котологон эл Садыр Жапаровду тосуп алуу үчүн чегарага барган эле, бирок тилекке каршы ал жерден баш кесер , канкорду кармагансып  экс депутат Садыр Жапаровду элге жеткизбей кара джиптерге салып топтолгон элди как жара ызгытып айдашып, УКМКнын абагына алып кетишти. Ал жердеги эл ошону менен калбай ...

0 3094

Аида Салянованын күйөөсүн кантип каралашкан

Кыргызстанда коррупция менен күрөшүү деген бир жакшы саамалыктын башталганына көп болуп калды, бирок ал өнөктүктүн айтылган багытта эмес саясый куугунтуктоо жолуна түшкөндүгү жалпы элге жашыруун деле эмес. Мындай курмандыктардын бири катары коррупцияга шектелип, кылмыш иши козголуп, бир эмес эки жолу соттук инстанцияда иши каралган Бакыт Абдыкапаровду айтсак болот. Ага карата козголгон кылмыш ишинин маңызы көлөкөдө калып,  Аида Салянованын күйөөсү экендигине өзгөчө ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1608

Тарыхы жок саясат да, экономика да жемишсиз

11-февраль 2017, 01:10 Чынайым Кутманалиева

Тарыхсыз саясат башаты жок саркынды суу сыяктуу эртеби кечпи соолуйт да, кургап жок болот.  Кылымдар өткөн соң тарых кайталанып турат экен.    Ага батыштын же чыгыштын тарыхын, маданиятын, илимин мисал келтирип окумуштуу көрүнбөй эле өзүбүздүн өткөнүбүздү эске салсак даяр далилдер толтура турбайбы. Мисалга  Төлөгөн Касымбековдун “ Сынган кылыч “ романын алалы, кыргыздар ошол кезде буржуазиялык демократиялык төңкөрүш жасап, монархиялык бийликти ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83