www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Миграция
0 5778

АУДИО - Екатеринбургда Кыргызстандын тургунун өлтүрүүгө шектелгендер кавказ түспөлүндөгү

Аудиофайл 05-июль 2019, 10:30 Кызгалдак Жакыпова

2019-жылдын 2-июль күнү россиялык жана кыргызстандык жалпыга маалымдоо каражаттары Екатеринбург шаарында Кыргызстандын жаранын өлтүрүү фактысы боюнча коомдук резонанс жараткан материалды жарыялашкан. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү 2019-жылдын 2-июль күнү саат 16:20 чамасында Свердлов облусунун Екатеринбург шаарынын Калинин көчөсүндөгү үйдүн жанынан эки белгисиз адам ири өлчөмдөгү акча каражатын ээлөө максатында 1965-жылы туулган ишкер К. Каримовго карата тапанчадан ок чыгарышкан.

0 381

ВИДЕО: Кыргыз таксист 1 миллион рубльди ээсине кайтарып берди

23-февраль 2019, 15:35 Кызгалдак Жакыпова

Россиянын Москва шаарында таксист болуп эмгектенген 27 жаштагы кыргыз жараны кардары унутуп калган 1 миллион рублин кайтарып берди. Бул тууралуу видео интернет тармагына жарыяланды. Видеодого Дагестандык аял мекендешибиздин апасына ыраазычылык билдирип, Дагестанга чакырган. Жүргүнчүнүн 1 миллион акчасын кайтарып берген жаран Жалал-Абад облусунун кулуну. Булак: NazarNews.kg

0 379

Мигранттар болбосо эмне кылмак элек?

13-февраль 2019, 21:55 Кызгалдак Жакыпова

Өткөн жылы россиядагы мигранттардан эле өлкөбүзгө 21 миллиард акча которулганы жөнүндө маалымат тарады. Айтканга оңой болгону менен бул абдан чоң акча. Эгер россияга барып жарандарыбыз иштебеген болсо, анда элибиз кайсы акчага жашамак эле. Дагы да болсо Россия бизди багып жаткандай элес берет. Союз убагында канчалаган завод –фабрикаларды салып беришкен. Эми да минтип жарандарыбызга эшигин кенен ачып, иш менен камсыз кылганына ...

0 218

Кыргызстанга жасалма виза менен келе жатеан Нигериялыктар кармалды

11-февраль 2019, 11:36 Айдар Нуралиев

Улуттук Коопсуздук кызматы Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөн Нигериялыктарды кармады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет. 6-февраль күнү «Манас» аэропортунун көзөмөл өткөрүү пунктуна Нигериялык Икене Анайо жана Карим Ахмед Оламилекан аттуу жарандар келген . Алар Кыргызстандын аймагын жасалма виза аркылуу мыйзамсыз өтүүгө аракет кылышкан. Колдорунда электрондук жасалма виза болгон. Документти бирдиктүү система тааныган эмес. Текшерүүгө алганда анын жасалма экендиги аныкталган. Булак: NazarNewsk.kg

0 862

Дагы бир кыргыз жетекчиси тарбынан Москвада кордолду

04-февраль 2019, 13:03 Кызгалдак Жакыпова

Чоңдор сол чөнтөктүн камын ойлоп жүргөндө, жашоонун айынан кары-жаш дебей чет элге агылган жарандарыбыздын аягы али токтой элек. Бирок, ал жакта эле жыргап жатышса анда сөз башка эле. Жакында он тогуз жаштагы биздин мекендешибиз Москва шаарынды иштеп жүрүп, жетекчисинен катуу токмок жеп, оор абалда ооруканга жетирилгени тууралуу кабар тарады. Эх, укканда жүрөк канайт. Көз алдыбызга элестетип көрөлүчү, мекендешибиздин токмок жеп жатканын. Эгер ...

0 400

Алмаз Асангазиев: "Кыргыз мигранттары которгон каражат 2,5 млрд сомдон ашат"

21-январь 2019, 18:28 Жазгүл Урманбетова

Консулдук кызмат департаментинин директору Алмаз Имангазиев: «Статистика боюнча 750 миң мекендештерибиз башка өлкөлөрдө иштешет, алардын 630 миңи Россиянын аймагында. Кыргыз мигранттар которгон каражат 2,5 млрд сомдон ашат»- дейт. “Жыл сайын өлкө казынасына 2,5 млрд сомдон ашуун акча которушат. Бул экономиканы колдоого болгон чоң салым”, – дейт Имангазиев. Чет жерде мигрант болуп жүргөн мекендештерибиз көз жумганда сөөктү Кыргызстанга алып келүүгө кыргыз диаспоралары чоң ...

0 1043

Митинг: 300дөй адам мыйзамсыз жүргөн кытайлык мигранттардын каршы чыгышты

07-январь 2019, 16:24 Жазгүл Урманбетова

Бишкектин борбордук аянтына 300дөй киши Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытайлык мигранттарды өлкөдөн чыгарууну талап кылып митингге чыкты. Алар ошондой эле жаңы кабыл алынган эреже бузуу боюнча айыппулдарга да нааразы экенин айтышууда. Аянтка чыккан катышуучулар эч кандай уюштуруучулары жок өз ыктыяры менен келгенин айтышты. Катышуучулар митингге Кара-Балтадан жана Бишкектин айланасындагы жаңы конуштардан келишкен. Өткөн жылдын декабрь айында "Кыргыз чоролору" коомдук бирикмеси Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин алдында ...

0 357

Орусияда кыргыз жараны каза болду

25-декабрь 2018, 10:32 Жазгүл Урманбетова

Орусияда курулушта каза болгон кыргызстандыктын сөөгүн мекенине жөнөтүү аракети көрүлүп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, окуя 21-декабрда Санкт-Петербург шаарында болгон. Курулуш иштери жүрүп жаткан жерде кырсык болуп, үч жумушчу уранды астында калган. Алардын экөө ошол жерден жан берген. Мерт кеткендердин бири 28 жаштагы кыргызстандык экени аныкталды. Орусияда эмгек мигранты болуп жүргөн кыргыз жарандарынын саны 600 миңден ашканы расмий айтылган. ...

0 400

“France Presse” агенттигинин кабарчысы Крис Риклтон кыргыз коомчулугуна кайрылды

18-декабрь 2018, 16:14 Кызгалдак Жакыпова

Өлкөдөн бир жыл мурда депортацияланган “France Presse” агенттигинин кабарчысы Крис Риклтон кыргыз коомчулугуна кайрылды. Ал өзү кабылган жагдайга көңүл бурууну өтүнгөн, бийликке суранычын айткан кайрылууну 18-декабрда "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Соңку жети жылдан бери Кыргызстанда жашап, иштеп келген Риклтон 2017-жылдын 9-декабрында дубайга депортацияланган. Аны Дубай аркылуу Коломбодон келген учурда Бишкектеги "Манас" аэропортунда күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери өлкөгө киргизбей коюшкан. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети ...

0 322

2018-жылы өлкөгө 35 миң 215 Кытай жараны кирсе, кайра 34 миңи чыгып кеткен

18-декабрь 2018, 11:59 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз өкмөтү Кыргызстандын аймагында жүргөн Кытай Эл Республикасынын жарандары тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда таркаган маалыматтарга байланыштуу билдирүү таратты. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, 2018-жылы Кыргызстанга 35 миң 215 (2017-жылы 41 миң 307) Кытай жараны кирди. Ошол эле мезгилде бул аралыкта 34 миң 436 (2017-жылы 40 миң 690) кытай жараны чыгып кеткен. Өкмөт аппараты Тышкы иштер министрлигине таянып билдиргендей, ...

0 5202

Мага күйөө болгусу келген "аби" кайнатам болду...

25-октябрь 2018, 14:56 Кызгалдак Жакыпова

Ошентип жатаканага келдик. Акчамды төлөп, майда-чүйдөгө деп 300 доллар таштап кетти. Кечинде чалып акыбалымды сурады, рахматымды айттым. Болгон окуя такыр эсимден кетпей койду. Бир туруп сүйүнсөм, кайра ыйлагым келет. Ошентип уктап калдым. Эртеси өзүм телефон чалдым, "Аби, жардамыңыз үчүн сиздин мал союучу жайыңызга бекер иштеп берейин" десем макул болду. Түштө келип алып кетти. Барсам Сириядан качып келген үй-бүлө 3 баласы менен ...

0 1040

Түрткүнчүк болгон "жээндер"

23-октябрь 2018, 08:54 Кызгалдак Жакыпова

Ушул күндөрү Москвада эки келин балдары менен Кыргызстанга кете албай жүрүшөт. Балдардын аталары башка өлкөнүн жарандары болгондуктан наристелерди Кыргызстанга алып кетүүгө консулдуктан жарандыкты аныктоо боюнча эрежеде көрсөтүлбөгөн кошумча документтерди талап кылышкан. Айзада Москвадагы кыргыз элчилигине кайрылып, баласынын жарандыгын аныктаган кошумча баракча ала албай жатат. Колундагы үч айлык баласынын атасы чет өлкөнүн жараны. Баласын Кыргызстанга алып кете албай жаткан келин консулдук улам бир ...

23-октябрь 2018, 08:54 | 1040
0 2042

Түркия, мигрант кыздын арманы: "Келсең бизден жакшылык күтпө" дешкен

20-октябрь 2018, 14:52 Кызгалдак Жакыпова

Жамалдын Түркияга келип иштеп жүргөнүнө 10 жыл болду. Бутка турам деген ниетин ишке ашыра албай жүргөнүнө кейийт. Өз башынан өткөн окуясын баяндап берди. --Саламатсызбы! Түркияга кантип келип калдыңыз? --Атам менен апам кичинемде эле ажырашып кеткен. Ар кимдин колунда жүрүп чоңойдум. 18ге чыгайын деп калганда Түркияга кетип калдым. Бир четинен иштеп бутка тургум келди, экинчиден саякаттайм деген максатым бар болчу. --Азыркы учурда оор абалда ...

0 779

Москвада мекендешинен бычак жеп, каза тапкан кыргызстандык баланын сөөгү алып келинет

16-октябрь 2018, 18:03 Кызгалдак Жакыпова

Окуя 13-октябрь түнкү саат 00:00 чамасында болгон. 1999-жылы туулган Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун тургуну Абдурасулов Жума топ балдар менен мушташа кеткен. Балдар аны бычактап салышып, жабырлануучу ооруканага жеткирилген. 14-октябрь күнү таңкы саат 07:30да алган жаратынан улам ооруканада каза болгон. Маркумдун сөөгүн үйүнө жөнөтүүгө документтер даярдалып бүттү. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады. Окуя боюнча Москванын Кузьмин район аралык прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, адам өлүмүнө шектүү ...

0 964

ВИДЕО: Түркиядан мекенине келе албай жаткан кыргыздар. «Фиеста сервис» компаниясы эмне дейт?

16-октябрь 2018, 15:21 Кызгалдак Жакыпова

Түркияга иштегени барып, кайра Кыргызстанга кайтып келе албай жаткан жарандардын туугандары жардам сурап April.kg порталына кайрылышты. Алардын айтымында, «Фиеста сервис» компаниясы аркылуу түрк отелине жумушка орношкон 46 адам 6 ай иштегенден кийин кетүүгө акчасы же билети жок отуруп калышкан. «Антальянын Кемер шаарындагы Авангард резорт отелине жумушка орноштурган «Фиеста сервис» компаниясы буларды алдап кетти. Элчиликке кайрылышса, көңүл да бурушпаптыр. Биздин жарандар жардамга муктаж», -деп жазышат ...

0 1755

Чыңгыз Анарбек уулу бошотулду

12-октябрь 2018, 09:54 Кызгалдак Жакыпова

Чыңгыз Анарбек уулу сот залынан бошотулду. Россия федерациясынын кылмыш жаза кодексинин 264-беренесинин 1-бөлүмү ( Жол эрежесин бузуу жана байкабастан транспорт каражаты менен адамдын саламаттыгына оор зыян келтирүү) менен иш козголуп, Москва шаарынын Тверск соту 1 жыл 6 айга кара жумушка кесүү менен,айлык маянасынан 15% кармалып, 3 жылга чейин авто унаа айдоо укугунан ажыратты. Эске сала кетсек, Чыңгыз Анарбек уулу 16-июнда кырсыкка кабылып ...

12-октябрь 2018, 09:54 | 1755
Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1693

Мейманканада кыргыз аял зордуктоого аракет кылган зөөкүрдөн качып кетти

08-октябрь 2018, 13:16 Кызгалдак Жакыпова

Москва шаарында 32 жаштагы адам кыргызстандык аялды зордуктоого аракет жасаган. Бул тууралуу россиялык ЖМК жазып чыгышты. Учурда укук коргоо органдары окуянын бардык жагдайларын аныктап, кылмыш ишин козгоо маселесин чечип жатат. Маалыматтарга караганда 32 жаштагы эркек адам Москванын мейманканаларынан бөлмө тазалап жүргөн Кыргызстандык аялга тийишип жыныстык катнашка баруу үчүн акча сунуштаган. Зордуктоого аракет кылган зөөкүрдөн аял качып, ал бөлмөдөн чыгып кеткен. Булак: NazarNews.kg  

0 971

Орусияда алты айда 132 миңдей кыргызстандык ишке расмий орношту

05-октябрь 2018, 16:40 Кызгалдак Жакыпова

Орусиянын ИИМинин Миграция башкармалыгына январь-июнь айларында 132 миңден ашуун кыргызстандык Орусиянын аймагында расмий ишке орношкону тууралуу маалымдама жөнөтүлгөн. Ошол эле маалда 161 миңдей жаран чек арада Орусияга келишинин максатын "иш" деп белгилеген. Бул тууралуу Москвадагы кыргыз элчилигинин биринчи катчысы Алмаш Алтымышева билдирди. Орусиянын миграциялык мыйзамдарынын талаптары боюнча эмгек мигранттары жумушка орношкон соң жумуш берүүчү же жеке өзү Миграция башкармалыгынын бөлүмдөрүнө түзүлгөн ...

0 2372

Тоюңар тойгозду миңдеген мигранттарды...

05-октябрь 2018, 12:38 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстанга жылына миллиондогон акча тышкы мигранттардан келип түшөт.  Тилекке каршы, ал акчалар сарамжалдуу пайдаланылбай, бир тобу кредитке төлөнсө, калганы тойлорго короп жатат. Төмөндө дагы бир мигрант жашоосунан алынган окуяны Ысманов Чынгыз аттуу колдонуучу фейсбук баракчасына жазып чыккан: Той! Квартирада бир жаш үй бүлө менен кошо турабыз. Кече кечинде үйдө тополоң болуп жатыптыр түнү саат бирлер чамасында үйгө кирсем. Чынында жиндендим кыйды-пычак уруш талашты көрүп, биринчиден менин кичинекей ...

0 7146

«Кыргыз сутенёрдон түрк кардарым куткарды»

04-октябрь 2018, 18:23 Перизат Кутманалиева

Түркиянын чыгышында жайгашкан Ыгдыр аймагында кулчулуктан качып чыккан үч кыргызстандык кыз учурда жергиликтүү элдин үйлөрүндө баш калкалап жүрөт. Алар «ресторанда официант болуп иштейсиңер» деген куру сөзгө ишенип келип сойкулукка сатылып кетишкен. Маектешим менен сөз баштаганда эле өз атын өзгөртүүмдү өтүндү. Андыктан аны Чынара деп атап коёлу. Бир канча жолу телефон менен сүйлөшкөндөн кийин гана маек берүүгө макул болду. - Москвада ашпозчу болуп бир жыл ...

0 1286

Түркияда кыргыз жараны уурулукка шектелип кармалды

26-сентябрь 2018, 19:47 Кызгалдак Жакыпова

Түркияда кыргызстандык жаран уурулукка шектелип, камакка алынды. Бул тууралуу жергиликтүү "Ihlas" кабар агенттиги 26-сентябрда кабарлады. Маалыматка караганда, Кыргызстандын үч жараны Анталия шаарынын Манавгат районунда жайгашкан соода борборундагы дүкөндөн кийим уурдап бараткан жеринен колго түшкөн. "Кыргызстандык Э.К, Д.Д жана А.К дүкөндө сатылып жаткан кийимдердин коопсуздук магниттерин кесип, баштыктарына салып баратканда дүкөндүн кызматкерлерине кармалганы" деп айтылат кабарда. Анталия шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөөсүнөн кийин А.К ...

0 682

Түркияда эмгек мигранттарына байланыштуу жаңы мыйзам кабыл алынды

19-сентябрь 2018, 14:38 Кызгалдак Жакыпова

Түрк бийлиги үй кызматында иштеген чет өлкөлүк мигранттардын социалдык камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча жаңы мыйзам кабыл алды. Жаңы эрежеге ылайык, иш берүүчү түрк үй-бүлө жергиликтүү социалдык камсыздандыруу мекемесине арыз менен кайрылышы шарт деп "Азаттыкка" билдирди. Түркиянын Социалдык фондунун чечими менен үй кызматтарында иштеген чет өлкөлүк мигранттардын ар ай сайын 700 лира (110 доллар) социалдык камсыздандыруу төлөмү өкмөт тарабынан төлөнөт. Мыйзамга ылайык чет өлкөлүк ...

0 838

Полициячыга кол салууга айыпталып эки кыргызстандык кармалды

18-сентябрь 2018, 17:54 Перизат Кутманалиева

Орусиянын Калуга облусунун Тергөө комитети Малоярославец шаарында эки кыргыз жараны полиция кызматкерине кол салууга айыпталып камакка алынганын "Азаттык" маалымдады. Расмий кабарга ылайык, экөө Малоярославецтеги кафеде ашпозчу болуп иштешкен. Алар 16-сентябрь түнү унаанын жарыгын күйгүзбөй айдап баратканда тартип сакчысы токтоткон. Документтери жанында болбогондуктан, жашаган батирине чейин коштоп барган полиция кызматкерине подъезде кол салышканы баяндалат билдирүүдө. Суракта бирөө мындай жол менен административдик жоопкерчиликтен качып ...

0 13033

Түркияда кыргыз сойку кыздары кармалды

17-сентябрь 2018, 16:20 Кызгалдак Жакыпова

Түркияда сойкулук үчүн көмүскө жай уюштурган деген шек менен 14 адам кармалды. Алар кыргызстандык жана өзбекстандык кыздарды сойкулук менен алектенүүгө мажбурлашканын Haberler басылмасы жазып чыкты. Полиция кызматкерлери Анталия жана Манавгат шаарларында шектүүлөрдү кармоо операциясын жарыялаган. Анталияда 9 шектүү — 3 аял киши жана 6 эркек адам кармалды. Ал эми экинчи шаарда азербейжандык З.Севкозиева жана Г.Мамажанова мейманканалардын биринин ээси менен ...

0 3298

Калыйнур Калмурза: Кыргыз кыздары бузулду дейсиңер, кайра ошол кыздарды алдап колдонуп жаткан силерсиңер!

11-сентябрь 2018, 14:57 Кызгалдак Жакыпова

Россияда иштеп жүргөн мигрант жаштарга журналист Калыйнур Калмурзанын кайрылуусу: -Россияда иштеп жүргөн кыргыз жаштары. Силердин жүрүм-турумуңар тууралуу айтчу менин бир катар факторлорум бар. Бүгүн Москвада кафенин жанында болгон кырсык жаштардын чектен чыгып баратканын тастыктап берди. Мындай олуттуу мыйзам бузуулар жалпы кыргыз мигранттарынын атын булгоодо. Кырсыктагандарга жана жакындарына жараткан сабыр берсин. Айылдагы ата-энелердин шору, көз жашы көл болду. Эмне пайда таптыңар жосунсуз ...

0 13225

Москвадагы кырсыкка шектүүнүн атасы: "Уулум ачууга алдырды. Окуяга чейин аны 10 бала шылдыңдаган"

10-сентябрь 2018, 20:54 Кызгалдак Жакыпова

Орусиянын Москва шаарында Кыргыз жарандарын сүзүп кеткен окуяга күнөөлөнүп жаткан жарандын бир кулагы такыр укпайт, II топтогу майып. Ал дайыма угуучу аппарат тагынып жүрөрүн шектүүнүн атасы Иса Жүжүбаев айтып берди. "Менин 2 уул, 3 кызым бар. Бекжан үйдүн улуусу. Уулум 2 айында менингит менен ооруп, Өзгөн шаарындагы ооруканадан жүлүнүнөн суу алдырганбыз. Ошондо кулагына доо кетип жакшы укпай калыптыр. Аны дайыма медициналык кароодон ...

0 2036

Москвадагы кырсык: айдоочунун карындашы чатак эмнеден чыкканын айтып берди

10-сентябрь 2018, 10:47 Кызгалдак Жакыпова

Телеканалдын маалыматына караганда, ал түнү 21 жаштагы жигит достору менен карындашынын 18 жашка чыкканын майрамдаган. Москванын Марьино районунда кыргызстандыктарды унаа менен тебелетип салды деп шектелип жаткан айдоочунун карындашы чатак эмнеден чыкканын РЕН ТВканалына айтып берди. Эске салсак, Москванын Новочеркасский бульварында рулда отурган адам кыргызстандык ...

0 1007

ВИДЕО: Москва: Тогуз киши жабыркап бирөөсү каза болду

10-сентябрь 2018, 09:20 Перизат Кутманалиева

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кыргызстандык айдоочу катышкан окуянын чоо-жайын иликтей баштады. Элчиликтин өкүлү Гүлбарчын Байымбетованын “Азаттык” радиосуна билдиришинче, окуяда бир жаран каза болду. Тогуз киши жабыркап, алардын бешөө ооруканада. Алардын баары Кыргызстандын жарандары. Абалдары боюнча маалымат азырынча айтыла элек. Элчиликтин жана Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери окуя болгон жерге барып, иликтөө-териштирүү иштерин жүргүзүүдө. - Кызматкерлер учурда ооруканада жана окуя болгон жерде ...

0 2312

ВИДЕО: Россияда полиция кызматкери өлтүрүлдү. Шектүү Кыргызстандан барышы мүмкүн

03-сентябрь 2018, 19:39 Перизат Кутманалиева

Россиянын Москва шаарында полиция кызматкеринин өлүмүнө шектелген адам камакка алынды. Айрым маалыматтар боюнча, ал Кыргызстанда төрөлүшү мүмкүн. Ал эми Россиянын «Лента.ру» басылмасынын маалыматы боюнча, камактагы шектүү — М.Нурлан, ал Оренбургдан. Окуя бүгүн, 3-сентябрга караган түнү болгон. «Шектүүнү метронун кызматкери тааныды. Ал (аял киши) кызматтык бөлмөдөн дабыш угуп, текшерүү үчүн барганда алдынан бейтааныш эркек киши жолуккан. Ал эми бөлмөнүн ичине киргенде полиция кызматкери ...

0 3798

Санкт-Петербургда 47 жаштагы кыргызстандык аялды зордуктап кетишти

28-август 2018, 11:31 Перизат Кутманалиева

Санкт-Петербург шаарынын Киров районунда кыргызстандык аялды зордуктап кетишти. Окуя 24-август күнү кечинде болгонун россиялык жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыкты. Басылмалардын маалыматына караганда, 47 жаштагы аял жумушка кирүү үчүн маектешүүгө келген. Ал «Нарвская» метросунан чыгып, 9-январь атындагы сейил бакка чейин жөө барган. Сейил бакка Химический жарым көчөсү тараптан кирип, адашып, чыгуучу жолду таппай калган. Жабырлануучу белгисиз эркек адамдан сейил ...

0 1381

Сахалинде урандынын астында калган эки кыргызстандыктын сөөгү табылды

20-август 2018, 18:25 Перизат Кутманалиева

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери кулап кеткен имараттын алдында калгандарды куткаруу иштерин жүргүзүп жаткан учуру. Орусиянын Сахалин облусунун Поронайcк шаарында чатыры урап түшкөн имараттын алдында калган эки кыргызстандыктын сөөгү табылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Сахалиндеги кыргыз диаспорасынын башчысы Эшимбет Төлбаев билдирди. Анын айтымында, Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери сөөктөрдү жергиликтүү өлүкканага жеткиришти. Маркумдардын тек-жайы аныкталса, сөөктөрдү Кыргызстанга жөнөтүү маселеси чечилет. 19-августта Поронайcк шаарында мурдагы ...

0 1056

Сахалинде кырсыктан каза болгон адам тажикстандык экени такталды

20-август 2018, 13:10 Перизат Кутманалиева

Орусиянын Сахалин облусунун Поронайcк шаарында кулап кеткен имараттын алдында калып каза болгон адам Тажикстандын жараны экени такталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Сахалиндеги кыргыз диаспорасынын башчысы Эшимбет Төлбаев билдирди. Анын айтымында, калдыктардын астында калган жарандарды куткаруу иштери жүрүп жатат. - Каза болгон адам Тажикстандын жараны экен. Ал эми урандынын астында жаткан эки бала - кыргыз жараны. Алар боюнча куткаруу иштери аяктагандан кийин гана толук маалымат бере алам. ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 668

Сахалинде кыргыздар иштеген заводдун чатыры түшүп кетти

20-август 2018, 09:06 Перизат Кутманалиева

Сахалин облусунун Поронайcк шаарында мурдагы кагаз чыгарган заводдун чатыры түшүп кетип, бир адам каза болду. Кырсык болгон учурда имаратта 10 кыргыз мигрант иштеп жаткан. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, урандынын алдынан сегиз адам чыгарылып, беш адам ооруканага жаткырылды. Бир адам каза болуп, сөөгү өлүкканага жеткирилди. Учурда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери бул окуя боюнча маалымат алууга аракеттенип жатышат. Каза болгон жана жаракат алгандардын аты-жөнү ...

0 2394

Москвадагы таксист Чынгыз Анарбек уулунун камак мөөнөтүн узартышты

15-август 2018, 11:03 Перизат Кутманалиева

Москванын борборунда жөө жүрүүчүлөрдү коюп кеткен Чынгыз Анарбек уулунун камак мөөнөтү дагы эки айга, 16-октябрга чейин узартылды. Мындай маалыматты Тверь соту кабарлады. Окуя 16-июнда москванын Ильинка көчөсүндө болгон. Анда кырсыкка Мексиканын 2, Украинанын 1 жараны жана дагы 5 жергиликтүү тургундары кабылышкан. Чынгыздын айтымында, кырсык болгонго чейин ал эки күн уктабагандыктан, уйку-соодо адашып тормоздун ордуна газды тээп алган. Кылмыш иши жол кыймылынын ...

0 2297

Россияда сууга чөгүп бараткан кызды куткарып калган кыргызстандык жигит каза болду

Россиянын Сахалинск облусунун Корсаков районунда кыргызстандык жигит сууга чөгүп каза болду. Окуя кечээ, 29-июлда саат 16:25 чамасында болгонун россиялык жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыкты. Басылмалардын маалыматына караганда, окуя болгон жерди кароо учурунда облустун борборунда жашап жаткан Кыргызстандын 17 жаштагы жараны достору менен көлгө барганы белгилүү болгон. Эс алуу учурунда алардын арасындагы кыз сууга түшүп жатканда чөгүп баштаган. Аны куткарып ...

0 4322

КР жарандарын Анталияга жумушка орноткон компаниянын үстүнөн арызданышууда

Кыргызстандыктарды чет өлкөгө жумушка орноштурган компания эки жума мурда Анталияга 12 адамды жиберген. Бирок алар келишимдеги маяна жана шарттары жок жатаканага, жумушчу визасы колуна тийбей, мыйзамсыз жүргөнүнө нааразылык билдиришти. 50гө чукул улан-кызды Түркиянын Анталия шаарына жумушка орноштурам деп акчасын алып, бирок убадасынан тайды делген "Езекия" компаниясынын үстүнөн дагы арыздануулар түштү. Ага ылайык, бул компания мындан эки жума мурда 12 кыргызстандыкты Түркиянын Кемер районунун Бельдиби ...

0 2048

Москвада Кыргызстандык кылмышкерлер балдарды барымтага алышкан

Москвада эки кылмышкер уурулукка кирип, бир үй-бүлөнү барымтага алышкан. Үчүнчү кабатта жайгашкан батирге каракчылар талап-тоноо максатында кирген. Ичинде аял эки баласы менен болгон. Бирок, апасы качып чыкканга үлгүрүп, жардам чакырган. Наркотикалык мас абалында болгон кылмышкерлер полициянын колго түшүп берүү талабынан баш тартып, эки баланы барымтада алып алган. Барымтадагылар бошотулуп, кылмышкерлер кармалганы айтылууда. Орус маалымат булактарында каракчылар кыргызстандыктар экени айтылат. Булак: NazarNews.kg

0 528

Испанияда кармалган орусиялык кримтөбөлдөн кыргыз паспорту табылды

Испанияда кармалган орусиялык кримтөбөл Кыргызстандан мыйзамсыз түрдө паспорт алган. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады деп билдирет Азаттык. Маалыматка ылайык, быйыл январда издөөдө жүргөн Орусиядагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Борис Матузный Испанияда кармалган. Анын жанынан Кыргызстандын эки паспорту табылган. Бул иш боюнча Кыргызстандын ички иштер органдары иликтөө иштерин жүргүзүп, натыйжада ал паспортторду мыйзамсыз түрдө 2016-жылы Сузак райондук калкты каттоо жана паспорттоштуруу ...

0 729

Кыргызстанды миграция таанытат

Кыргызстан – ЕАЭБдин ичинде эмгек миграциясынын өсүүсү токтобой уланып жаткан жалгыз өлкө. Мындай көрсөткүч Экономикалык саясат институтунун иликтөөсүндө аныкталган. Эксперттердин ырасташынча, Орусияга агылган мигранттарынын саны боюнча Кыргызстан Өзбекстан, Белоруссия, Украина жана Молдовадан кийинки 4-орунда, ЕАЭБдин өлкөлөрүнүн сап башында турат. Ал эми ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын балдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Марат Сапаевдин малыматында, кылмыш кылган балдардын 80% мигранттардын балдары. Анын айтымында, ...

0 8423

Москвадагы балдар аянтчасында кыргызстандык келиндин асынып турган өлүгү табылды

Россиянын Москва шаарында балдар аянтчасында 24 жаштагы кыргызстандык келин асынып турган абалда табылды. Бул тууралуу Москва шаарындагы Кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов билдирди. Анын айтымында, 9-июль күнү таң эрте социалдык тармактар аркылуу Москвадагы балдар ойноочу аянтта асынып турган келиндин сүрөтү интернетке тарап кеткен. Андан кийин каза болгон келин кыргызстандык 24 жаштагы А.Айгерим экени аныкталган. Окуя Пожарный көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин ...

0 2395

Москвада кыргыздар жапырт камакка алынып жатабы?

10-июль 2018, 20:09 Кызгалдак Жакыпова

10-июлда Москванын Таганский районунда кыргызстандык мигранттар камакка алынып жатканын укук коргоочу Валентина Чупик маалымдаган. «Терезеси жок, тар бөлмөгө камакка алышууда. Жетимиштей адамды кармап, көбү 5-10 миң рубль пара берип чыгып жатышат. Азыр ал жакта отуздай адам бар, баары кыргыздар. Алар таңкы алтыдан бери камакта. Тамак-аш, суу берилбейт, даараткана жок. Адамдарга эч нерсе түшүндүрүшкөн жок, котормочу жок, консулдар менен байланыштырышпайт» деп жазган "Фейсбук" социалдык түйүнүндө ...

0 705

Орусияга кыргыздарды кулчулукка Эркинаалы деген аттуу жаран алып барган

19-март 2018, 14:05 Жазгүл Урманбетова

Орусиянын Рязань облусунда Кыргызстандын 13 жараны кулчулукта жүргөндүгүн ИИМ тастыктады.  Эмгек мигранттарынан келип түшкөн арыз боюнча Мамлекеттик миграция кызматы тиешелүү министрликтер менен бирге аталган облуска барып иштин чоо-жайын аныкташкан. Окуя ушул жылдын март айында болуп, аталган аймакта  чындыгында жумуш берүүчүлөр кыргыз жарандарынын паспортун тартып алып, мыйзамсыз иштетип, аны менен катар аларга айлык акыларын бербей жатышкандыгы тастыкталган.   ААК «Февраль» коому тигүү цехин ачып, анда 100 адам эмгектенип, ...

0 2451

АКШда кыргыз жараны кардарларынан оралдык секс талап кылганы үчүн кармалды

Кыргызстандандык жаран Чикаго шаарында мыйзамсыз адамды кармап турганы үчүн кармалган.  Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыккан. 27 жаштагы Мурасбек Э Чикагодо таксист болуп иштейт. Тергөөнүн маалыматы боюнча ал 24 жаштагы мас кардарын бир сааттан ашыгыраак мыйзамсыз кармап турган. Ал убакта кыздан оралдык сексти талап кылган. Кардарынын телефонун алып калган  Мурасбек Э телефонго туташкан сигналдан улам кармалган. Булак: NazarNews.kg

0 3474

Түркияда кайниси муунтуп өлтүргөн кыргызстандыктын өлүгү мекенине жөнөтүлдү

Түркияда кайниси муунтуп өлтүргөн кыргызстандыктын өлүгү мекенине жөнөтүлдү. Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, кыздын өлүгүн атайын фирманын өкүлдөрү алып кетишкен. Эске сала кетсек, Мехмет Четин Катеринди күйөөсүнүн көзүнө чөп салып жүрөт деп шекшип жүргөн. Мына ушул күмөн ойлор менен аны муунтуп өлтүрүп койгон. Окуя болгон соң ал полицияга өзү барган жана кылмышын моюнга алган. Полиция Мехмет Четиндин үйүнө барып маркум аялдын сөөгүн табышкан. Маркумдун ...

0 1172

19 жаштагы мекендешибиз Орусияда зордукталды

Россияда дагы бир кыргыз кызы кордолду. Бул тууралуу Россиянын ЖМКлар жазышууда. Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, Эч нерсе оюнда жок кыз тааныш баласынын унаасына отурган. Кыз унаага отургандан кийин, кыздын каршылыгына карабастан белгисиз жакка айдап кетишкен.  Кызды белгисиз батирлердин бирине алып барышып зордуктаган. Кыз болгону 19 жашта болгон.  Шектүүлөрдүн өздүгү такталып, учурда иликтөө иштери жүрүүдө. Булак: NazarNews.kg

0 884

Күйөө бала: "Салмондун апасы менин жашоомо көп киришчү, андан өч алуу үчүн уулун өлтүргөм"

01-март 2018, 15:44 Жазгүл Урманбетова

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында киши колдуу болуп каза болгон 11 жаштагы Салмон Мадумаровдун апасы убактылуу кармоочу жайдан чыгарылды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты. "16-февраль күнү тергөөчүлөр маркум Салмон Мадумаровдун апасынын кылмышка тиешеси жоктугун аныктап, аны бошотушкан. 26-январда футбол ойногону чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгон Салмондун өлүмүнө апасынын тиешеси бар деп полиция кызматкерлери кармашкан. Анткени апасы уулун диний билим алууга Түркия мамлекетине жиберүүнү көздөп ...

0 733

Кыргызстанга Түштүк Кореядан 116 адамга эмгек келишими келди

01-март 2018, 11:27 Жазгүл Урманбетова

Миграция кызматынан Корея багыты боюнча иштеген өкүлү Нагима Ашымбекованын “Азаттык” радиосуна билдиришинче, жыл башынан бери Кыргызстанга Түштүк Кореядан 116 адамга эмгек келишими келди. Бул өткөн жылдарга салыштырмалуу 30-40 келишимге көп. Ушу тапта Кореяга жумушка кетчүлөрдөн тилди билүү деңгээлин аныктаган тест алына баштады. Кыргыз жарандарын Түштүк Кореяда жумушка орноштуруу боюнча атайын программа мындан туура он жылдай мурун башталган. Анын негизинде жыл сайын Түштүк ...

0 765

Санкт-Петербургда өлтүрүлгөн 11 жаштагы кыргызстандык баланын өлүмүнүн чоо жайы аныкталды

28-февраль 2018, 19:01 Перизат Кутманалиева

Россиянын Санкт-Петербург шаарында өлтүрүлгөн 11 жаштагы Салмон Мадумаровдун апасы камактан бошотулду. Бул тууралуу россиялык жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыкты. Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, 5-февралда каза болгон баланын апасы — 39 жаштагы Н.Мунавар адам өлтүрүү беренесинин негизинде козголгон кылмыш иштин алкагында камакка алынган. 16-февраль күнү тергөөчүлөр аны камактан бошотуу боюнча сотко өтүнүч кат жолдошту. «Полиция кызматкерлери анын 26-январь күнү ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1125

Түркияда кыргызстандык аял 25 жылга кесилди... Кордукка чыдабаган мекендешибиз күйөөсүн жоолук менен муунтуп качып кеткен

28-февраль 2018, 12:31 Перизат Кутманалиева

Түркияда кыргызстандык аял чогуу жашаган коньялык эркекти өлтүрүүгө айыпталып 25 жылга эркинен ажырады. Бул тууралуу өлкөнүн жергиликтүү басылмасы Haberler жазып чыкты. Окуя 2016-жылдын август айында болгон. 24 жаштагы эркектин сөөгү өзүнүн батиринен табылган. Кийин негизги шектүү катары аны менен чогуу жашаган 23 жаштагы кыргызстандык аял кармалган. Ошондой ...

0 646

Мигранттын сөөгүн алып келүү канча турат?

23-февраль 2018, 08:49 Перизат Кутманалиева

Учурда чет жерде каза болгон эмгек мигранттын сөөгүн мекенине алып келиш үчүн мамлекет мыйзам боюнча 30 миң сомго чейин акча-каражат бөлөт. Бирок бул акчаны алыш өзүнчө эле бир азап. Биринчиден, эмгек мигранты экенин тастыкташ керек. Экинчиден, Мамлекеттик миграциялык кызматка шартка байланыштуу 16га чейин документтерди тапшырыш керек. Бюрократиялык талаптардын бардыгын аткарганга бардыгынын эле чыдамы жете бербейт. Ошондуктан көбү жакындарынын сөөгүн үйгө ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83