www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Миграция
0 4301

Түркиядагы кыргызстандык студенттер жана эмгек мигранттары Чубак ажы Жалиловго: “Сиздин жеке амбицияңыз жна кызыкчылыгыңыздын айынан ыңгайсыз абалда калдык…”

Түркияда окуп жаткан студенттер жана анда иштеп жатышкан эмгек мигранттары Чубак ажы Жалиловго анын АКШда Фетхуллах Гүлен менен жолугушуусуна тынчсызданып кайрылуу жасашты. Аны оңдобой беребиз: “Урматтуу Чубак Жалилов. Биз Түркия мамлекетинде билим алып жаткан жүздөгөгн студенттер жана миңдеген мигранттар сизге кайрылабыз. Учурда Түркия мамлекетинде акысыз билим алуу программаларынын алкагында келген миңдеген бакалавр, магистратура жана докторантура даражасындагы студенттер билим алышат. Андан тышкары, эмгек мигранттары болуп ...

0 1688

Орусиянын Думасы Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүн тааныган мыйзамды кабыл алышты

14-июль 2017, 18:47 Камчыбек Бостон

Орусиянын Мамлекеттик Думасы Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүн таануу боюнча мыйзам долбоорду үчүнчү окууда жактырды. Бул тууралуу орус маалымат каражаттары жазып чыкты. Маалыматка ылайык, тиешелүү мыйзамды жыйынга катышкан 363 орус депутаты бир добуштан колдогон. Анын алкагында кыргыз жарандарына Орусиянын аймагында Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү менен автоунаа башкарууга уруксат берилет. Орусияда 1-июндан баштап башка өлкөлөрдүн айдоочулук күбөлүгүнө тыюу салган эреже кирген. Ага бул өлкөдө эмгектенген ...

0 562

Мамдума Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүн тааныган мыйзамды колдоду

Мамлекеттик дума Кыргызстан жарандарынын Орусия аймагында улуттук айдоочулук күбөлүктөр менен иштөөсүнө уруксат бере турган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. Өзгөртүүлөр «Жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндөгү» мыйзамга жана Административдик укук бузуулар тууралуу кодекске киргизилди. 1-июндан тарта чет өлкөлүк жарандардын Орусияда улуттук (орусиялык эмес) айдоочулук күбөлүктөрү менен иштөөсүнө тыюу салган мыйзам долбоору күчүнө кирген. 5-июлда Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөдө Кыргызстандын улуттук айдоочулук күбөлүктөрүн ...

0 807

Эл аралык издөөдө жүргөн чет өлкөлүк жаран кармалды

Жакында Кыргыз Республикасынын Интерполдун улуттук коопсуздук бюросу ИИМдин Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жана Чүй облусунун ИИББси менен бирдикте ыкчам-иликтөө иш чарасынын натыйжасында Интерполдо эл арлык издөөсүндө жүргөн жаран кармалды. Издөө сунушун Казакстан Республикасынын Астанадагы Интерполдун улуттук борбордук бюросу киргизген. 2017-жылдын 9-июлунда Бишкек шаарынын аймагында жүргүзүлгөн атайын рейд учурунда Казахстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 394-берененин 3-бөлүгүнө (мыйзамсыз мигранттардын уюм) ылайык кылмыш ...

0 45488

Россияда ыйлаган баласын сабап өлтүргөн кыргыз жараны кармалды

Россияда катуу ыйлаганы үчүн 2 жаштагы баласын сабаган Кыргыз жараны соттолду. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазышты. Маалыматка караганда, сот Кыргыз жаранын 7 жылга эркинен ажыраткан. Эми ал жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөйт. Айта кетсек, окуя 2017-жылдын февраль айында Тюмень шаарында болгон. Анда 25 жаштагы Кыргыз жараны 2015-жылы туулган баласын катуу сабап салган. Качан баланын абалы оорлоп баштаганда "Тез жардам" чакырышкан. ...

0 1969

Россияда кардарына бычак такаган кыргызстандык кассир кармалды

Россиянын Москва шаарынын түндүк-чыгышында жайгашкан ресторандын кассири жашы жете элек өспүрүмгө бычак менен кол салды. Бул тууралуу «Москва» шаардык жаңылыктар агенттиги билдирди. Маалым болгондой, соода борборунун биринде иштеген кароолчу полицияга кайрылып, ресторандын кызматкери менен кардардын ортосунда чыр чыккандыгын билдирген. Анын айтымында, кызматкердин колунда ашкана бычагы болгон. Окуя болгон жерге келген полиция кызматкерлери кардар менен кассирдин ортосундагы жанжалдын себептерин такташкан. Алдын ала маалыматтарга караганда, ...

0 1376

Орусияда Кыргыз жарандары улуттук айдоочулук күбөлүктөрү менен иштеп калышы мүмкүн

04-июль 2017, 09:39 Камчыбек Бостон

Депутаттар Кыргыз жергесинде орус тили расмий тил болгондуктан, Кыргыз жарандарына улуттук айдоочулук күбөлүктөрү менен иштөөгө уруксат берүү тууралуу кайрылуусун даярдашканын Риа Новости басылмасы жазып чыкты. КМШ өлкөлөрүнүн иштери боюнча Мамлекеттик думанын комитети Орусиянын президенти Владимир Путинге Кыргыз жарандарына улуттук айдоочулук күбөлүктөрүнүн негизинде жеке ишкерлик менен алектенүү укугун берүү маселесин карап чыгуу тууралуу кайрылууну даярдап, аны кароого төмөнкү ...

0 1940

Мигранттардын саны миллионго жетти

Чет өлкөлөрдө мигрант болуп иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны 740 миңден ашуун экенин мамлекеттик миграция кызматынын статс-катчысы Нурлан Шерипов билдирди. Анын айтымында, Орусияда жүргөндөрдүн саны 600 миңге, Казакстанда 29 миңге жакын, 15 миңдейи Түркияда жана Түштүк Кореяда 5 миңге чукул кыргыз жараны бар. Орусиянын миграциялык кызматынын «кара тизмесине» киргендердин саны 2015-жылдын январь айына карата 180 миң адам болсо, былтыр бул сан 106 миң болуп ...

0 1861

Ыманбек Суранчиев: “Чет жакта мекендештер ынтымактуу болушубуз шарт”

29-июнь 2017, 12:37 Гүлжан Шерипбаева

Бүгүнкү күндө чет жакта жүрүп бир гана өз ишин алып барбастан мекендештерге ар тараптан колдоо көрсөтүп жардам берип келе жаткан жаштарыбыз, инсандарыбыз көп. Алардын бири Москва шаарында жеке ишкердүүлүктү аркалап келе жаткан Суранчиев Ыманбек Эсенбаевич аттуу кыргыздын мекенчил мырзасы. Бүгүнкү маек ушул инсан тууралуу болмокчу. - Ыман мырза, айтсаңыз канча жылдан бери Орусияда иш алып барып келесиз? - Бул жакта ...

0 778

Орусияда кыргыз мигранттары 30 млн рубль айлыгын ала албай жүрөт

28-июнь 2017, 08:58 Камчыбек Бостон

Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттардын айлык маянасын өз убагында ала албай калышы негизги көйгөйлөрдүн бири. Бул тууралуу кечээ парламентте миграция маселелери талкууланганда маалымат берип жатып Мамлекеттик миграция кызматынын статс-катчысы Нурлан Шерипов билдирди. Анын айтымында, Орусияда жумуш берүүчүлөрдүн топтолгон карызынын эсеби 46 миллион рублге жеткен болсо, азыр анын 16 миллиону гана өндүрүлгөн. Жогорку Кеңеш депутаты Каныбек Иманалиев талкуу учурунда 1 миллион мигрант 25 жыл ...

0 675

Памир кыргыздарынын биринчи тобу Кыргызстанга күзүндө келет

Памир кыргыздарынын паспорттору даяр болбой, Кыргызстанга келүүсү кечеңдеп жатат. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Мамлекеттик миграция кызматынын кайрылгандар боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Жыпара Мамбетова билдирди. Памирде 2010-жылы 3600 кыргыз жашаса, 2016-жылы Чоң Памирде 825, Кичине Памирде 1050 калган. Жыпара Мамбетованын айтымында, Памир кыргыздарынын көпчүлүгүндө паспорту жок. Андыктан жазында келе алышпаган. Күзүндө биометриялык маалыматтарын тапшырганда кыргыз келиши мүмкүн. Анын отузу алты жаштан 16 жашка ...

1 3258

Москвада каза тапкан эки кыргызстандыктын өздүгү такталды

Москвада кудукка түшүп кетип, эки кыргызстандык жаран каза таап, алардын өздүгү такталды. Бул тууралуу бүгүн 23-июнда Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, Россиянын ӨКМнын маалыматы боюнча Москва шаарындагы Кунцево районундагы Боженко көчөсүндөгү агынды суулар топтолгон кудукта иштеп жатып, 5 киши каза тапкан. Алардын экөө Кыргызстандын жарандары болуп чыккан. Алар Ош облусунун: М.С. 1978-жылы туулган, М.А. 1967-жыл туулган. Бүгүнкү күндө ...

1 15123

Россиядагы кафеден кыргыз кыз мыкаачылык менен бычакталды

Москва шаарынын борборундагы кафелердин биринен жаш кызды бычактап өлтүрүүгө шектүү эркек киши кармалды. Россиялык жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдирүүсү боюнча, каза болгон кыз официант болуп эмгектенип жүргөн. Окуя кечээ, 22-июнда күндүз кафенин ичинде болуп, жабырлануучуга бир нече жолу бычак сайылган. Айрым маалыматтар боюнча, оор жаракаттан ошол жерде көз жумган 30 жаштар чамасындагы кыз Кыргызстандан барган. Аны менен шектүү социалдык тармак аркылуу таанышканына ...

0 2321

Атамбаев: "Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү боюнча Медведев менен сүйлөштүм"

23-июнь 2017, 00:28 Камчыбек Бостон

Мамлекет башчы кыргызстандыктардын айдоочулук күбөлүгү боюнча маселени Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев менен жолугушууда козгогон. Натыйжада орус өкмөт башчысы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн айдоочулук күбөлүктөрүнүн Орусияда таанылышы боюнча тапшырма бергенин президент Алмазбек Атамбаев 21-июнда Москвада мигранттар менен жолугушууда билдирди: - Мен бүгүн бул суроону Дмитрий Анатольевичке бердим. Беларустарга бул маселени чечип берип, бизге эмнеге чечилбей жатышканын сурадым. Ал ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн айдоочулук ...

0 545

“Интерпол” издөө салган кытай жараны Кыргызстанда жашырынып жүргөн

Кыргызстандын ИИМинин 10-башкы башкармалыгы өз өлкөсүндө издөөдө жүргөн Кытай Эл Республикасынын жараны Кыргызстандын аймагында экени туурасында маалымат алган. Бул туурасында ИИМдин басма-сөз кызматы билдирет. Текшерүү учурунда кытайлык 1971-жылы туулган Х.В. КЭРдин Шандунь провинциясынын укук коргоо органдары тарабынан издөөдө экени аныкталган. Ал экономикалык мүнөздөгү кылмышка шектүү. Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө чет элдик кармалып, Кытайдын коомдук коопсуздук министрлигинин өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди. Булак: "5news.kg"

0 912

ИИМдин Орусиядагы өкүлү алмашып Аскат Алиевдин ордуна Раим Салимов болду

19-июнь 2017, 17:40 Камчыбек Бостон

Милициянын полковниги Раим Салимов Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Буга чейин Салимов ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары болуп иштеп келген. “Салимовго эки өлкөнүн министрликтеринин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө жаатында гана эмес, укук бузууларды алдын алуу боюнча дагы активдүү иш алып баруу жоопкерчилиги жүктөлдү” , - деп жазылат мекеме тараткан маалыматта.

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
4 35573

СҮРӨТ - Экс-президент Курманбек Бакиев Москвадагы кыргыздарга ооз ачар өткөрдү

18-июнь 2017, 04:01 Гүлжан Шерипбаева

Бүгүн, Москва шаарында Кыргыз Республикасынын мурдагы Президенти Курманбек Бакиев айлардын ыйыгы болгон Орозо айында Кыргызстандык момун мусулмандарга ооз ачар өткөрүп берди. Келген коноктордун саны 500 дөн ашып, ооз ачарга Москвадагы эмгек мигранттары катышты. Андан сырткары бул жерде орозо айындагы фитр садакасы тууралуу да сөз болуп келген момун мусулмандар жарандардан түшкөн фитр садакасын Москвадагы муфтийдин өкүлчүлүгүнө тапшырышты. Келген конокторго уюштуруучулар Курманбек Бакиевге терең ыраазычылык ...

0 499

Москвада сууга түшүп кеткен кыргыз кызы куткарылды

15-июнь 2017, 14:36 Камчыбек Бостон

Москвада дарыядагы суу тосмого түшүп кеткен Кыргыз жаранынын өмүрүн күзөтчүлөр сактап калышты. Бул тууралуу Москва шаарынын Жарандык коргонуу департаменти маалымдайт. Кечээ, 14-июнда таңкы саат 6.40та шаардын түндүк-батышында «Строгино» станциясынын күзөтчүлөрү кийими менен суу тосмого түшүп кеткен аялга жардам беришкен. Ал 1984-жылы туулган Кыргыз өлкөсүнүн жараны экендиги аныкталып, "Тез жардам" кызматы шаардык ооруканага жеткирген Камчыбек Бостон "Nazarnews.kg"

0 1607

Бишкекте Сириядан келген террорист кармалды

Бишкек шаарынан эл аралык террористтик уюмдун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинен кабарлашты. Кармалган жаран Я.У. атуу кыргыз жараны. 2014-жылдан тартып диверсиялык-террористтик окуулардан өтүп, Сириядагы согушкерлердин катарында согушка активдүү катышып жүргөн. “Я.У. террористтик уюмдун башчыларынан көрсөтмө алып, Кыргызстанда “Куралчан жихад” уюштуруу үчүн уяча түзүү тапшырмасы менен келгени аныкталды. Ошондой эле ал Кыргызстандын аймагында террористтик акт уюштурууну көздөгөн”,-деп айтылат маалыматта. Ал УКМКнын ...

0 1813

Нарындагы жаңжалга байланыштуу чет элдик 2 студент депорт кылынат

Нарындагы жаңжалга байланыштуу чет элдик 2 студент депорт кылынат. Бул туурасында нарындык жаштардын БАУнун мугалимдеринен кечирим сурап барышканда белгилүү болгон. Бүгүн, ак калпак кийгизип, “Манас” китебин берип Нарын шаарынын жаштары Борбордук Азия университетинин мугалимдеринен кечирим сурашты Нарындагы Борбордук Азия университетине келген жаштар аталган окуу жайдын эки мугалиминен кечирим  сурашып, эмоцияга алдырышканын билдиришти. “Биз бүгүн атайын БАУнун окутуучуларынан кечирим сураганы келип, бири-бирибизди кечириштик. Ал ...

0 1309

Учурдун көйгөйү: Мигранттар тагдырдын өгөй балдарыбы?

08-июнь 2017, 02:43 Гүлжан Шерипбаева

Азыркы күндө орусиядагы мекендештерибиз кыйла оор абалда турган чагы. Коомдук транспорттордо жана жеке такси кызматын өтөп жашоосун кечирип келе жаткан биздин бир боорлорубузга жаңы мыйзамдын ишке кирет дегени хаоско алып келди. Ансыз деле оор шартта күн кечирип, үй-бүлөсүн багып, жаркын келечекке шарт түзүп алалы деген кыргызстандыктардын учурдагы абалына кыргыз өкмөтү кайдыгер карамак тургай, бул маселеге "дың" деп да койбогону чындыгында ...

0 851

“Фергана.ру” сайты Кыргызстанда жабылабы

Журналист Улукбек Бабакуловдун “Фергана.ру” сайтына жарыялаган макаласы коомчулукта катуу талкууну жаратты. Аны кыргыз-өзбек улуттарынын ортосундагы мамилеге “чагым таштады” дегендер көбүрөөк болду. Макалада автор “Фейсбук” социалдык тармагынын колдонуучулары тарабынан жазылган пикирлерге орун берген. Ал жакта улуттар аралык кастыкты козуткан пикирлер айтылат. Айрымдар журналист Бабакуловду “эл душманы” атап, “Фергана.ру” сайтын Кыргызстанда жаап салууга чакырышты. 2010-жылдагы кандуу июнь окуясынын 7 жылдыгынын алдында бул макала жарыяланып, ...

0 1815

Москвада каза болгон кыргызстандыктардын дене мүчөлөрүн таштандыга ыргыткан тергөөчү аныкталды

06-июнь 2017, 19:40 Гүлжан Шерипбаева

Москвада каза болгон кыргызстандыктардын дене мүчөлөрүн таштандыга ыргыткан тергөөчү сөгүш алды. Бул тууралуу «Московский комсомолец» билдирди. Маалыматка караганда, Москва шаардык тергөө башкармалыгынын 9-бөлүмүнүн тергөөчүсү дене мүчөлөрдү Царицынск өлүк сактоочу жайына жакын жерге таштаган. Адамдын дене мүчөлөрү (терилер, чачтар, сөөктөр) салынган баштыкты таштанды челектен таштанды ташуучу унаанын айдоочусу таап алган. Баштыктын жанында атайын тактама кагаз кошо ыргытылгандыктан аны ким таштагандыгы дароо аныкталган. ...

1 1200

Орусия Кыргызстандын жашылча-жемишин артка кайтарды

06-июнь 2017, 12:57 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстандан барган 140 тонна жашылча-жемишти Орусия артка кайтарган. Анын себебин «Товарда маркировка жок жана фитосанитардык талаптарга жооп бербейт, ошондон улам артка кайтарылган» деп Орусиянын айыл-чарба көзөмөл башкармалыгы түшүндүргөн. Алардын маалыматында, Кыргызсандан18,5 тонна гилас, 20 тонна өрүк, 23,8 тонна сабиз, 20 тонна пияз, 14 тонна картошка, 1,5 тонна кызылча Новосибирск облусуна келген. Булак: NazarNews.kg

0 1097

Москвада бир нече кызды зордуктоого шектелип кыргыз жараны кармалды

06-июнь 2017, 12:10 Гүлжан Шерипбаева

Москва облусунда кармалган сексуалдык маньяк кыргыз жараны экени айтылууда. Бул тууралуу Орусиянын маалымат каражаттары жазып чыгышты. Алардын айтымында, бир нече күндөн бери Медведков жана Мытищи аймагынын жашоочулары маньяк тууралуу сөздөрдү угуп кооптоно башташкан. "Полиция төрт кызды зордуктаган кишиге издөө жарыялап, жыйынтыгында шектүү адамды кармаган. Тергөөнүн билдирүүсүндө, кылмышка шектүү адам төрт кызга тең бир жерде Мытищи районундагы “Ашан” дүкөнүнүн алдында кол салып, ...

0 1069

Орусияда ишкананын директору пикир келишпестиктен улам кыргыз мигрантына ок чыгарды

05-июнь 2017, 22:56 Гүлжан Шерипбаева

Орусияда ишкананын директору пикир келишпестиктен улам кыргыз мигрантына ок чыгарды. Бул тууралуу Орус басылмалары жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, кечээ, 4-июнда Челябинск облусуна караштуу Магнитогорск шаарында “КАУР” ишканасынын директору менен 30 жаштагы кыргыз жаранынын ортосунда пикир келишпестик пайда болгон. Натыйжада мергенчилик мылтыктан мигрантка эки ок атылып, бири балтырына, экинчиси таманына тийген. Ошондой эле директордун үйүнөн мергенчилик 3 мылтык жана ок дары табылган. Учурда ...

0 963

Москвада белгисиз адам Кыргыз жаранын сабап, колун тиштеп алды

05-июнь 2017, 12:58 Гүлжан Шерипбаева

Москвада белгисиз адам Кыргыз жаранын сабап андан соң тиштеп алган. Мындай маалыматты Орусиянын жалпыга маалымдоо каражаттары жергиликтүү полицияга шилтеме берип жазып чыгышты. Маалыматта жабыркаган адамды Кыргыз жараны дешүүдө. Жабыркаган жаран ага белгисиз адам 4-июнь күнү эртең менен Москва шаарынын борбордук бөлүгүндө кол салганын полицияга билдирген. Ошондой эле аталган маалыматта, белгисиз адам 33 жаштагы мекендешибиздин колун тиштеп жана денесине бир нече майда ...

0 2668

ВИДЕО – Иш издеп дайынсыз жоголгондордун ата-энесинин көз жашы

05-июнь 2017, 04:10 Гүлжан Шерипбаева

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургуну 1976-жылы туулган Эрмекбаев Салмоорбек Насирович жана 1978-жылы туулган Абдылдаев Жанарбек Жаанбаевичти жакындары издөө салды видео тасма аркылуу балдарына кайрылуу жасады. Абдылдаев Жанарбек Алматы шаарына 2005-жылы соода кылып жүрүп дайынсыз жоголуп кеткен. Жанарбектин 3 уулу бар. Учурда ата-энеси, бир туугандары зарыгып күтүшүүдө. Эрмекбаев Салмоорбек Насирович, 2015-жылы Екатеринбург шаарында иштеп жүрүп, жанындагыларга “Москвага кеттим” деген боюнча дайынсыз. Салмоорбекти көрүп билгендер ...

0 1019

Лондон шаарындагы окуя учурунда жабыркагандардын жана каза болгондордун арасында кыргыздардын бар же жок экени такталууда

05-июнь 2017, 01:16 Гүлжан Шерипбаева

Лондон шаарындагы окуя учурунда жабыркагандардын жана каза болгондордун арасында кыргыздардын бар же жок экени такталууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Белгилей кетсек, бүгүн, 4-июнга караган түнү Лондон шаарындагы көпүрөдө турган адамдарды кичи автобус сүзүп баштаган. Унаа токтогон соң ичинен 3 адам чыгып, элдерди бычак менен сая башташкан. Окуянын күбөлөрү кырсыктан көптөгөн адамдар каза болуп, жаракат алышканын, бир ...

1 2391

Орусияда кыргыз жарандарына айдоочулукка чектөө киргизилеби?

04-июнь 2017, 01:30 Гүлжан Шерипбаева

Учурда Москва шаарында эмгектенип жаткан таксист мекендештерибизге кыйла оор болуп жаткан учур. Эптеп ооокат кылып, күн көрүп, келечек түзүп алалы деп жанталашып иштеп жаткан миңдеген мекендештерибиз ишсиз калды. Өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып Кыргызстандын элчилиги тарабынан эч кандай "реакция" дагы боло элек.  Орусиядагы Кыргыз жарандарын кезектеги документтик кыйынчылык каптады. 2017-жылдын 1-июнунан тарта Орусияда ишкерлик кылуу үчүн башка өлкөлөрдүн айдоочулук күбөлүктөрү менен автоунаа ...

0 1151

Орусияда кыргыз милициясынын өкүлчүлүгү ачылат

03-июнь 2017, 14:12 Кызгалдак Жакыпова

Бул тууралуу ИИМдин орун басары Данияр Абдыкаров «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын жыйынында айтты. Анын айтымында, Орусиядагы Кемеров же Новосибирск шаарында ачылат. Булак: NazarNews.kg

0 562

Чет өлкөдө 710 миӊден ашуун мигрант бар

03-июнь 2017, 13:49 Кызгалдак Жакыпова

Бул тууралуу “Өнүгүү-Прогресс” фракциясында тышкы миграция абалы талкууланып жаткан жыйында айтылды. Өкмөт алдындагы мамлекеттик миграция кызматынын орун басары Алмазбек Асанбаевдин маалыматына караганда, азыркы учурда болжол менен 710 миӊден ашуун эмгек мигранты чет өлкөлөрдө жүрөт. Мисалы, Орусияда 616 миӊ, Казакстанда 30 миӊ, Кореяда 14 миӊ, Түркияда 30 миӊ, дагы башка алыскы өлкөлөрдө 20 миӊ эмгек мигранты катталган. Ошону менен катар А.Асанбаев Орусиядагы ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 3014

Москва шаарында бир жума мурун дарыяга чөгүп кеткен 26 жашар кыргыз жигитинин жансыз денеси табылды

03-июнь 2017, 13:10 Гүлжан Шерипбаева

2017-жылдын 24-майында Москванын Хорошёво-Мнёвники районундагы дарыяга 1991-жылы туулган Кыргыз өлкөсүнүн жараны чөгүп кетип, аны издөө иштери жүргөн. Кийинчерээк анын жансыз денеси табылган. Бул кабарды Кыргыздын Орусия Федерациясындагы элчилигинен кабарлашты. "Сууга чөккөн адамды издөөгө Кыргыз элчилигинин расмий билдирүүсүнүн негизинде Москва шаарынын Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан суучулдар келишти. 31-майда дарыянын Шелепихин жээгинен изделип жаткан адамдын жансыз денеси табылды. Ал Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун 26 ...

0 1638

Учурда болжол менен 700 миӊден ашуун Кыргыздын эмгек мигранттары чет өлкөлөрдө жүрөт

04-июнь 2017, 15:05 Гүлжан Шерипбаева

Учурда болжол менен 700 миӊден ашуун Кыргыздын эмгек мигранттары чет өлкөлөрдө жүрөт. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жыйынында мамлекеттик миграция кызматынын орун басары Алмазбек Асанбаев билдирди. Ал билдиргендей, Орусияда 616 миӊ, Казакстанда 30 миӊ, Кореяда 14 миӊ, Түркияда 30 миӊ дагы башка алыскы өлкөлөрдө 20 миӊ эмгек мигранты катталган. Ошондой эле ал Орусиядагы эмгек мигранттарынын көйгөйү болгон “кара тизмеге” кирген ...

0 1722

Москвадагы кыргыз мигранттары Балдарды коргоо күнүнө карата майрамдык кече уюштурду

03-июнь 2017, 00:50 Гүлжан Шерипбаева

Москвадагы Кыргыз мадания борборунун жамааты жана “KIDS CLUB” ббалдар бакчасынан Нургуль Эндешова баш болгон жамааты кечээ 1-июнь, Балдарды коргоо күнүнө арналган, “Азия” кайрымдуулук фондунун президенти Урмат Байматова, КРЖС жана Москва кайрыктарынын мүчөсү Адашкан Пирматов, Чынара Юсупова, Маиза Бердибкова, Гүлмира Жусупалиеванын колдоосу менен майрамдык кече болуп өттү. Бул тууралуу маалыматты жеринен Айсулуу Тургумбаева билдирди. Кечеде мигранттардан түзулгөн 3 бала-бакчанын балдарынын ортосунда уюшулган ...

0 1008

Орусиядагы мекендештерге түз байланыш ачылды

02-июнь 2017, 09:40 Кызгалдак Жакыпова

Орусиядагы Кыргызстандын элчилиги мекендештерге түз байланыш ачты. Бул тууралуу Тышкы Иштер министрлигинен билдирди. Урматтуу мекендештер, төмөнкү телефондорго чалып, ар бир маселе боюнча кайрылыңыздар болот! Москва. КРнын РФдагы элчилиги - тел.: +7 (925) 864-49-60, +7 (925) 864-51-25; Орусиядагы Өкмөттүк мамлекеттик миграция кызматы — тел.: +7 (925) 291-72-72, +7 (495) 780-74-10); КР РФ ИИМ — тел: +7 (929) 657-19-97; Санкт-Петербург. КР РФдагы элчилигинин канцеляриясы — тел.: +7 ...

0 1747

Кайрат Ашуров: "Мигрант ыры"

01-июнь 2017, 20:04 Гүлжан Шерипбаева

 Эх Россия Москваңдан тажадым, Ишсиз жүрүп иш издедим тападым. Жаңы чыкан патентиңи алалбай, ФМС сиңе күндө катап чарчадым.   Араң жүрөм иштеп акча табалбай, Ишсиз жүрөм үйгө акча салалбай. Эски ошол патентиңде жүрөмүн, Жаңы чыккан патентиңди алалбай.   Анда санда чыгып турат халтура, Жеп ичкенге азыр акча бар туура. Москва рекаңа барсам жаныңа, Көзүмө көрүнөт Оштогу ак буура.   Азыртан хозаяин акча талап кылат, Ай акыры төлөш керек квартплат. Ишсиз жүрөм иш издеп тапастан, Аны ойлоп эт жүрөгүм ...

0 1813

Элчилик Кыргыз жарандарына Орусиянын айрым шаарларына 1-июндан 12-июлга чейин келбей турууну сунуштоодо

Элчилик Кыргыз жарандарына Орусиянын айрым шаарларына 1-июндан 12-июлга чейин келбей турууну сунуштоодо (тизме) Кыргыз Республикасынын Орусиядагы Элчилиги Кыргыз жарандарына 2017-жылдын 1-июнунан тартып 12-июлуна чейин Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан мыйзамсыз кармоолордун алдын алуу үчүн аталган шаарларга келбей турууну сунуштады. Маалыматка ылайык, аталган мезгилде Орусияда ФИФА конфедерациясынын Кубогунун өткөрүлүшүндө Казань, Москва, Санкт-Петербург жана Сочи шаарларында коопсуздук чараларын күчөтүлөт. Буга байланыштуу Кыргыз жарандарына ...

0 586

Элчилик: "Москвада катуу шамалдан каза тапкандардын арасында Кыргыз жарандары жок"

Орусиянын Москва шаарында болгон катуу шамалдын кесепетинен каза болгондордун катарында Кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти. "Катуу шамалдан жабыр тарткандардын арасында Кыргыз жарандарынын бар же жок экендиги элчилик тарабынан такталууда. Орусиялык расмий кызматтардын берген алдын ала маалыматтары боюнча жалпы тизме бар. Бирок азырынча паспорт боюнча жарандыктары тактала элек", - деп билдирди басма ...

0 7047

Орусияда каза болгон кыргыз мигрантынын чөнтөгүнөн кат табылды

Орусиянын Ленинград облусунун Сертолов шаарында кыргыз мигрантынын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, 52 жаштагы адамдын өлүгү Молодцов жана Выборг көчөлөрүнүн ортосундагы токойдон, асылып турган жеринен табылган. Анын чөнтөгүнөн табылган катта "Хасан, Рустам жана Мухтар" деген кишилер анын өлүмүнө күнөөлүү деп жазылган. "Мигрант дөңгөлөк алмаштыруучу жайда иштеп, кесиптештери тарабынан кордук көргөнү айтылат маалыматта. ...

0 2895

Ага-ини Азимовдорго метродогу теракт иши боюнча айып тагылды

Орусиялык тергөөчүлөр Кыргызстанда туулган ага-ини Аброр жана Акрам Азимовдорго терроризм жана курал сактоо боюнча акыркы айыбын угузду. Тергөө буга чейин Акрамды 15 адамдын өмүрүн алган Санкт-Петербург метросундагы жардыруунун уюштуруучусу деп атаган. Акрам Азимов күнөөнү моюнга алган эмес. Алардын энеси дагы балдарынын терактка тиешеси жок экенин, укук коргоо органдары анын уулу Акрамды ооруканадан уурдап кетишкенин билдирген. Тергөөнүн версиясы боюнча Аброр Азимов ыктымал жанкечти ...

1 3775

Камчыбек Бостон: "1-июндан тарта Орусияда кыргыздар такси кызматында улуттук күбөлүк менен иштей албайт"

2017-жылдын 1-июнунан тарта 2013-жылы 7-майда кабыл алынган Орусиянын "Жол коопсуздугу жөнүндө" федералдык мыйзамына жана Орусия Федерациясынын администртивдик укук бузуулар Кодексине киргизилчү өзгөртүүлөр тууралуу" нормасы күчүнө кирет. Ага ылайык, чет элдик айдоочуулук күбөлүктүн негизинде транспорттук каражатты башкаруу менен байланышкан ишмердүүлүктү жүргүзүүгө тыюу салынган. Бул туурлауу Москвадагы жергиликтүү кабарчыбыз Камчыбек Бостон билдирди.  "Чет элдик айдоочулук күбөлүктүн негизинде жеке ишмердүүлүк менен алектенген айдоочуларга 5 миңден 15 ...

0 2513

Иркутск шаарында 22 жаштагы Айзирек дайынсыз жоголду

Иркутск шаарында 22 жаштагы Айзирек дайынсыз жоголду. Полиция аны издөөгө алды. Бул тууралуу Нургазы Аматовдун маалыматына шилтеме менен жергиликтүү кабарчыбыз Камчыбек Бостон билдирди. Орусиянын Иркутск шаарында 1995-жылы туулган Кыргыз жараны Рахман Кызы Айзирек изделүүдө. Бул тууралуу Орусиянын ИИМинин Иркутск облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 19-май күнү жергиликтүү полиция бөлүмүнө Рахман Кызы Айзиректин дайынсыз жоголгону тууралуу арыз түшкөн. Кыз ...

0 1020

Орусияда өспүрүмдүн огунан жарадар болгон Кыргыз жараны ооруканадан чыгарылды

Орусиянын Хабаровск шаарында өспүрүмдүн огунан жарадар болгон 37 жаштагы Кыргыз жараны Талант Жумаев ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты. Белгилей кетсек, 21-апрель күнү кечинде Орусиянын Хабаровск шаарында өспүрүм Федералдык коопсуздук кызматынын аймактык бөлүмүнүн имаратына кол салып, 2 адам каза тапкан. Бири аталган мекеменин кызматкери, экинчиси ал жерде жумуштары менен жүргөн катардагы жаран болгон. Ал эми ал жерге котормочу катары чакырылган ...

0 781

Дүйнө жүзүндө иштеген төрт кишиден бирөө африкалык болот

Бириккен Улуттар Уюму Африкадагы калктын санынын өсүшүнөн улам 2050-жылы дүйнө жүзүндө иштеген төрт кишиден бирөө африкалык боло турганын божомолдоду. БУУ тарабынан уюштурулган эки күн улана турган Туруктуу өнүгүү боюнча Африка аймактык форуму, көп сандаган африкалык министр жана адистердин катышуусу менен Эфиопиянын борбор шаары Аддис-Абебада башталды. Форумда туруктуу өнүгүү максаттарында материкте келип жеткен акыркы чекит жана ташталышы керек болгон кадамдар талкууланууда. БУУнун Африкадагы экономика комиссиясынын баш ...

0 805

Алматыда 1944-жылкы депортациянын курмандыктары эскерилди

Алматыда крымдык татарлардын «Ватандаш» деп аталган маданий борборунун жаштар канаты 1944-жылдын майындагы депортация курмандыктарын эскеришти. Эскерүү иш-чарасы депортациянын курмандыктарына багыштап куран окуу менен башталды. Андан соң катышуучулар 1944-жылкы окуяларга арналган ырларды окуп, окуяга күбө болгон адамдардын эскерүүлөрү менен бөлүшүштү. Иш-чаранын соңунда шам жагылып, Борбордук сейил бактагы депортацияланган элдердин аллеясына коюлду. Күн мурун «Ватандаш» маданий борборунун жаштар канаты крымдык татарлардын жергиликтүү диаспорасынын ак ...

0 1077

Өлгөн кызды жашырган кылмышкер кармалды

Жайыл районунун “Тепши” капчыгайында 8-май күнү саат 12:30 чамасында табылган кыздын өздүгү такталды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиришти. Маалыматка караганда, маркум 1991-жылы туулган С.М. экени аныкталды. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам изилдөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 25 жаштагы А.У. кармалган. Маркум кылмышка шектүү менен жакшы тааныш болгон. Алар өткөн ...

0 588

Орусия Беларустан келген жүргүнчүлөр үчүн чек ара көзөмөлүн киргизди

Орусияда 15-майдан бери Беларустан келген же кеткен үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарына карата чек ара көзөмөлү күчүнө кирди. Эки мамлекет ортосундагы аба каттамдар аэропорттун эл аралык секторуна өткөрүлдү. РИА Новостинин кабарлашынча, талондорун сактаган орусиялык жана беларусиялык жүргүнчүлөргө жаңы тартиптин тиешеси жок. Минск Беларус менен Орусиянын ортосундагы ички каттамдар үчүн чек ара көзөмөлү болбой турганын билдирди. 1-февралда ФСБ башчысы Александр Бортников Орусия менен Беларустун ортосунда ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 48769

ВИДЕО - ЧУКУЛ КАБАР: Москвада 20га жакын кыргыз кыздарга “Мекенчилдер” жардам берди

Ушул тапта Москва шаарынын Шарапова көчөсүндө 1-үйдөгү Почта Россия бөлүмүндө 170 ге жакын кыргыз мекендештерибизди, бир топ айдан бери айлыгын албай, белгисиз адамдын колунда кармалып турганын Москвадагы кабарчыбыз Илимбек Исраилов билдирди. "Аталган имаратта толтура кыргыздар бар. Такталбаган маалыматтарга таянсак аталган имаратта 170 ге жакын кыргыздар бар. Бул боюнча кайрадан окурмандарга маалымат беребиз. Бул албетте так эмес маалымат", - деди жергиликтүү кабарчыбыз Илимбек Исраилов. Булак: ...

0 1263

Көп аялдуулук...

Көпчүлүк кыргыз кыздары өз теңин таба албай, жаштыгы менен өмүрү өтүп, айрымдары кытай, түрк, индустарга чыгып кетип жатышы да эркектердин аздыгына барып такалууда. Бирок турмуш менен табият өз өкүмүн жүргүзүп, жашыруун үйлөнүп алган байларыбыз деле жок эмес. Ошондуктан көп никелүүлүккө уруксат берүү маселесин К. Бакиевдин тушунда бир министр көтөрүп, бирок ал төө бастыга кабылган болчу. Эми бул көйгөйдү кыргыз кыздар өздөрү көтөрүшүүдө. ...

10-май 2017, 15:39 | 1263
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83