www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Илим
0 841

Сыдыков сапатты көтөрөт деп ишенели...

Туӊгуч окуу жайыбыз болгон Кыргыз Улуттук Университетинде акыркы жылдары ректорлук жаатындагы чыр-чатактар, кайра шайлоо, окутуучулук курамдын жаатташуусу өӊдүү “сериалдардын” аягы тыйылбай келген. Мындай башкаруучулук интриганын “ити чөп жей” баштагандыгынан улам аталган окуу жайдын да рейтинги өз салмагын жоготуп, билим берүү сапаты да аксаган эле. Айтор бул окуу жайды ар ким өз билгениндей башкаргысы келишкен. Айрымдары ар кандай жомок айтышса, айрымдары алкымдарын араандай ...

0 1374

Экономика жана финансы институту ата-энеси жок, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жардам көрсөтөт

Экономика жана финансы институту ата-энеси жок, аз камсыз болгон уй-булөлөрдүн балдарына жардам көрсөтөт. Институттун чет өлкөлүк өнөктөшү 10 балага аталган окуу жайда акысыз билим алууга жардам берет. Эгер томолой жетим калып, же балаңызды жогорку окуу жайларда окутууга шартыңыз жок болсо, Экономика жана финансы институтуна кайрылыңыздар. Ал учун бутуруучу жалпы республикалык тестирлоодо 110 баллдан кем болбошу керек. Институтта түзүлгөн атайы комиссия ...

0 1149

Акча кантип пайда болгон?

17-июнь 2017, 00:51 Камчыбек Бостон

Англис философу Томас Гоббс  мамлекетти тирүү организм,  акчаны болсо анын каны деп атаган. Акча кантип пайда болгон? Алгачкы тыйындар биздин заманга чейинки доордо учурдагы Түркиянын азиялык бөлүгүндө пайда болгон. Аны менен катар эле Байыркы Кытайда да алтындан тыйындарды жасап, пайдалана башташкан. Бул эки өлкөдөн тыйындар менен соода жүргүзүү, аларды жасоо Грецияга өтүп, анын ар бир шаары тыйындарга өздөрүнүн колдоочусу болуп саналган ...

17-июнь 2017, 00:51 | 1149
0 1624

Канттагы окуу жай “ажаатканасына” акча төлөтөт

16-июнь 2017, 18:27 Гүлжан Шерипбаева

Кант шаарында жайгашкан С.Тентишев атындагы Азиалык Медициналык окуу жайында бүгүнкү күнгө чейин чыр болуп келет. Окуу жайдын ректораты өзүнчө мыйзам менен билим беришет. Ал мыйзамдар КРнын мыйзамына ылайык эмес. Студенттердин башка окуу жайга которулабыз дегенин алар кабыл алышпайт. Ошол жерден окуудан айдап кетиришет. Студенттердин документтерин зачеттук китепчесин дагы беришпейт. Кээде жоготуп дагы салышат. Бир күн келбей же болбосо дааратканга суранып чыгып ...

0 7466

Көңүл буруңуз: Простатиттен таза айыгуунун жолу бар

Күлүйпа Жумабекова, кыл тамырчы: Простатит да эркектердин кендирин кескен, азапка салган дарт. Медицинада аны антибиотик жана массаж менен сакайтат. Бул дартты убагында дарылабаса, медицинада өтүшүп кеткенде операция  жолу менен сакайтууга аракет кылат. Менин дарыгерлик тажрыйбамда простатитти дары чөптөрдүн тундурмасы жана массаж аркылуу сакайтып, калпыс айыктырам. Анткени, простатит маани бербей коё турган дарт эмес. Ал эркектердин азабын колуна берип, жашы өткөндө ...

0 2281

Ар бир миң даана таштанды чөнтөк телефондон 1 кг алтын өндүрүлүп алынууда

Экология жана шаар пландоо министрлиги, алтын, күмүш сыяктуу баалуу металлдарды камтыган жана колдонуу мөөнөтү бүтүп чогултулган ар бир миң даана таштанды чөнтөк телефондон 1 кг алтын өндүрүлүп алынганын маалымдады. Айлана чөйрөнү башкаруу башкы директорлугунун жооптуу кызматкерлеринен алынган маалыматка караганда Министрликтин экология жана адам укугунун корголушу максаты менен муздаткычтардан чөнтөк телефондоруна чейин, майда үй эмеректеринен тартып оюнчук жана медициналык шаймандарга чейин кеңири ...

0 2853

Мамбет Мамакеев, академик: "Институтка келгенде "да", "нет" деген сөздү билчү эмесмин"

07-июнь 2017, 03:13 Гүлжан Шерипбаева

"Институтка келгенде "да", "нет" деген сөздү билчү эмесмин. Алыскы кыргыз айылында чоңойдум, бир орус көргөн жокпуз. Орус тил мугалими да болгон эмес. Шаарга жылаңайлак, жылаңбаш болуп келдим. Китеп, карандаш деген жок. Эптеп эле кат таанып келгенбиз. Институтта эки ай отуруп, эч нерсе түшүнгөн жокпуз. Эки айда жүз элүү бала чогулса, кайра эки ай өткөндө жүзү жоголуп, качып кетти. ...

0 1841

Кош, сиреним...

Той болду тойдун эртеси да болду... Той менен алышып жүрүп сенин ооруп жатканыңды да унутуп калыптырмын... Көрсө, жөтөлүң кайра күчөгөн экен. Кайрадан ооруканага барсак, “Бул жолкусунда кечигип калыпсыздар” деген жоопту уктук. Доктурдун,  "Жубайыңыз кургак учук дартына кабылган ,аз гана өмүрү калды" дегенин угуу мен үчүн канчалык кыйын болгонун билесиңби? Бул тууралуу эч кимге айта албадым, бир чети жан дүйнөмдөгү абалды ...

06-июнь 2017, 17:07 | 1841
0 674

Эверест аска-тоосунда wi-fi

06-июнь 2017, 11:54 Кызгалдак Жакыпова

Эверест аска-тоосунда wi-fi га жеткен чекит пайда болду. Бул тууралуу Venture Beat билдирет. Бул жерде интернетке жетүү турмуштук чоң мааниге ээ, анткени планетанын эң бийик чекитинде канча ирет кырсыктар болуп келбеди. Интернетке жетүү чекитин Everest Link компаниясы орнотту, эми ал регион боюнча башка 200 wi-fi чекиттерин камсыз кылат. 2000-жылга чейин жападан жалгыз байланыш кызматы болуп кат эсептелип, аны вертолет менен ...

06-июнь 2017, 11:54 | 674
0 649

Бишкекте менталдык арифметика боюнча эларалык сынак өттү

Бишкекте менталдык арифметика боюнча эл аралык сынак өттү. 4 жаштан 16 жашка чейинки балдар арасындагы олимпиадага 200дөн ашык окуучулар катышты. Алар Кыргызстандын бардык аймактарынан жана Өзбекстандан келген окуучулар. Сынактын жыйынтыгында 5 жеңүүчү Түркияда өтө турган эл аралык менталдык арифметика сынагына жолдомо алышты. Жашына жараша болуп отургузулган сынактын катышуучулары алгач эки турдан өтүштү. Анда берилген эсепти картадан кыска убакытта чыгарышты. Финалга чыккандар ...

1 14233

Айнура: «Күйөөм бизди денесин сатып бакчу экен»

Жалгыз кыз болгондуктан ата-энем мени эч нерседен кем кылбай чоңойтушту. Бакчадагы курагымдан баштап ийрим аттуунун баарына барып олтуруп акырында спортко жеттим. Мектепти аяктар жылы кызыгуу менен машыгуу залына каттап калдым. Канча бир айдан бери үзгүлтүксүз барып жүргөн машыгуу залы оңдоп-түзөлө турган болуп убактылуу ал залдын башка жердеги бөлүмүнө бара турган болдук. Бул мага ыңгайсыздык жаратканы менен жашоомо чоң бурулуш кылды. ...

0 3246

Мухаммед пайгамбардын аялдары

Хадижа Мухаммедге жолукканча биринчи күйөөсүнөн бир уул, бир кыз, экинчи жолдошунан дагы бир уул, бир кыздын энеси болгон. Курайшит уруусунан чыккан бай айымдардын катарын толуктап, бир топ араб эркектеринин кызыгуусун жараткан. Мухаммедди Сирияга соода кылууга ири өлчөмдөгү акча берип жиберет. Хадижанын ага кошулуп кеткен малайы жолдо болгон касиеттүү окуяларды айтып бергенде жана берген акчасы эки эселеп кайтып келгенде Мухаммедди жактырып калат. ...

0 1559

Сабыр Жумабеков жардамга муктаж Гүлмира айымды бекер даарылайт…

Дүйнөгө таанымал болгон мекендешибиз, Академик, врач-ортопед Сабырбек Жумабеков, социалдык тармактарга чыккан  Гульмира аттуу айымдын оор акыбалын көрүп, аны өзү акысыз текшерип, даарылоону чечти. Бул маалыматты соцтармакка чыккан видеороликке Сабырбек Артисбекович өзү комментарий катары жазып билдирди: -Мен Венада Конгрессте жүрүп видеону көрдүм. Жүрөктү оорутат. Менин бейтапканама алып барсаңар, жаткызып, текшерип даарылап беребиз. Бүт баары бекер болот. Орун басарым Кубатбеков Алмаз күтүп алат. Мен ...

0 667

Окумуштуулар жасалма интеллектти текшерет

03-июнь 2017, 09:55 Кызгалдак Жакыпова

Британдык жана америкалык окумуштуулар качан жасалма интеллект адам акыл-эсинин мүмкүнчүлүктөрүнөн ашып кете турган мөөнөтүнө баа беришти. Бул изилдөө тууралуу New Scientist маалымдады. Ошентип окумуштуулардын пикири боюнча, жасалма интеллект адамдын мүмкүнчүлүктөрүн - котормо боюнча - 2024-жылга чейин, мектепти аяктагандан кийин эссе жазууда – 2026-жылга чейин, жүк ташыган машинелердин айдоочуларын алмаштырганы – 2027-жылга чейин ашып кетет экен. Дүкөнчүлөр кесиби 2031-жылы жоюлат, хирургдар ...

0 2872

Академик Сабыр Жумабеков Венада Европа федерациясынын Ортопеддеринин Конгрессине катышууда

02-июнь 2017, 00:41 Гүлжан Шерипбаева

Академик-ортопед Сабыр Жумабеков Австрия мамлекетинин борбору болгон Вена шаарында Европа федерациясынын Ортопеддери арасында өтүп жаткан Конгресске катышууда. Бул Конгресске Сабыр Жумабеков өзүнүн илимий иштерин ала келгенин кабарлады. Сабыр Артисбекович дүйнөнүн төрт бурчунан келген белгилүү Академик-ортопеддер менен пикир алмашып, жакшы жыйынтыктарга жетишүүдө. Европадагы сапары тууралуу Сабыр мырза төмөндөгүчө билдирди: -Мен 30-майдан 3-июнга чейин Европада, Австриянын Вена шаарында Европа федерациясынын травматолог-ортопедтердин Конгрессине катышып ...

0 595

Бул жылы мугалимдердин пансионаты пайда болот

“Бул жылы мыгалимдердин Ысык-Көлдүн жээгиндеги “Асыл” пансионатында  жеке эс алуу жайы пайда болот”,- деп билдирди Кыргыз Республикасынын өкмөт башчысы  Сооронбай Жээнбеков бүгүн 1-июнда Ысык-Көл областындагы “Асыл” ден соолукту чыңдоо комплексине болгон иш сапарында билдирди. Өкмөт башчы белгилегендей бүгүнкү күндө эс алуу жайды оңдоп түзөө иштери жүргүзүлөт. Ошондой эле аталган жайдын айланасына беш кабаттуу, жаңы 400 орундуу ден соолукту чыңдоо борбору мугалимдер ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 885

Жалал-Абад: Эл Улугбек Бабакуловду жазага тартылышын талап кылышууда

Жалал-Абаддын жарандары улуттар аралык мамилеге карата терс макала жазган  журналистке нааразы экендиктерин  билдиришүүдө.  Тагыраак айтканда, журналист Улугбек Бабакуловдун  “Люди как звери. В киргизском сегменте соцсетей звучат призывы к расправе над «сартами»”деген макаласына кыжырданышканын айткан улуу муундун өкүлдөрү атайын маалымат жыйынын өткөрүштү. “Интернет айдыңына жарыяланган Бабакуловдун макаласы эки элдин тең жинин келтирүүдө”,- дейт Жалал-Абад шаарынын тургуну Махамаджан Дыйканов. “Кыргыздар Өзбек улутун басмырлап, сарт ...

0 715

Күндө борбордук мечиттин алдында 1500 кишиге ылайык ооз ачыруу иштери уюштурулат

"Орозонун аякталышына чейин борбордук мечитте бир жарым миң кишиге ылайык ооз ачыруу иштери уюштурулат.  Бул тууралуу маалыматты Barometr.kg сайтына Кыргызстандын дин башкармалыгынын маалымат-катчысы Максат Атабаев билдирди. Ал белгилегендей орозо башталганга чейин, көпчүлүк жараандар өз каалоолору менен ооз ачырууну мечетте өткөрүнү сунушташкан. Булак: "barometr"

0 744

Египеттиктер Африкага кайнаса каны кошулбайт

01-июнь 2017, 09:26 Кызгалдак Жакыпова

Египеттик мумиялардын ДНКлары анализ кылынды. Маалыматтарга ылайык, байыркы египеттиктер өлкөнүн азыркы калкы менен, ошондой эле Африканын борбордук жана түштүк бөлүгүндө жашагандар менен кайнаса каны кошулбайт экендиги билинди. Nature Communications журналына жарыяланган немис археологу Йоханнес Краузенин доклады көрсөткөндөй, изилдөөнүн максаты байыркы жана азыркы египеттиктердин тууганчыл деңгээли канчалык экенин ырастоо эле. Натыйжада, окумуштуулар Байыркы Египеттин жашоочулары Жакынкы Чыгыштын – азыркы Сириянын, Ирактын, Түркиянын, ...

0 858

Сууга түшүп кеткен телефонду бузбай сактап калуу

1. Телефондун аккумуляторун, SIM-картасын жана флэшкасын телефонду өчүрбөй туруп алуу керек. 2. Колдон келишинче телефонду силкүү менен ага кирип кеткен суюктуктардын баарын чыгаруу керек. Суунун акыркы тамчылары да сарыккандан кийин ичин кургак кездеме менен аяр кургактоо зарыл. 3. Мындан кийин кулак тазалагычка же тиш чукугучка жибек кездемени ороп спиртке малып, телефондун ичиндеги металл бөлүкчөлөрдүн баарын кылдат сүртүп чыгуу зарыл. Телефонду мындай ыкма ...

0 1026

Россияда "АЛЛА"деген жазуусу бар жумуртка табылды

Татарстандын Дрожжановск районунда араб тилиндеги "Алла"деген жазуусу бар жумуртка табылган. Үй ээси жумуртканы көрөөр замат араб тамгаларына таянып жумуртканы мечитге алып барган деп жазат "Родной край" басылмасы. Имамдар жумуртканы көрүп "Алла"деген сөз жазылганын ырастады. Адамдарды суктандырган жазуусу бар жумуртка мечитке коюлган. Каалаган адам жумуртканы көрсө болот. Ыйык Рамазан айында бул жакшы жышаан деп имамдар кубанып турган кез. Булак: NazarNews.kg

0 6288

Арсен Ибрахим Байзаков, теолог: “Жиндин 60-70 пайызы аялдарга кирет”

- Адамдардагы жинди айдоого сизге эмне түрткү болду? – Жин чыгарууну Египетте окуп жүрүп үйрөнгөм. 2008-жылдан бери адамдарга дем салып дарылап жүрөм. Жин оорусу менен ооругандарга жардам берүү үчүн ушул ишти тандадым. – “Аялдарга эркек жиндер ашык болуп киришет” деген туурабы? – Жиндин 60-70 пайызы аялдарга кирет. Ашыктык менен кирген жин кадимкидей зордуктайт, тагыраагы, түшүндө алар менен жыныстык катнашта болот. Мындан эки жыл ...

1 34556

Жин адамга кандай учурларда кирет

Жин – бул оттон жаралып, жаныбардын, адамдын образына кире алган, атайын туруктуу формасы жок көзгө көрүнбөгөн кайып. Жиндер адамдарга өз алдынча зыян кылбайт, байкабастык менен ага тийишип алганда өч алыш үчүн адамдардын ичине кирип алышат. Жин кирген адамдагы белгилер 1.  Кулагына азан айтылганда же куран окулганда жин кирген адам титирейт, кыйкырат, ыйлайт, жыгылат, же асманды, жан жагын карайт. Ошондой эле ичи ысып, жүрөгү сыгылып, ...

0 1117

Канат Садыков шайлоону утуп алды

Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин ректорун шайлоо 27-майда өттү. Каттоого алынган 1344 шайлоочунун 1216сы катышты. Жети талапкер ат салышып, добуш берүүнүн жыйынтыгында ректордун милдетин аткаруучу, мурдагы билим берүү жана илим министри Канат Садыков 776, проректор Таалайбек Каракеев 264 добуш, Туратбек Суранаев 66 добуш топтоп, алдыңкы үч орунду ээлешти. Баарына каршы 27 адам добуш берген. Эми алдыңкы үч орунду алган бул талапкерлердин ысымдары ...

0 9413

Сүрөт: Арсайган азуулары менен аяр тиштеп жаңы төрөлгөн ымыркайды куткарып калган ит эсиңиздердеби?

Арсайган азуулары менен аяр тиштеп келип, жаңы төрөлгөн ымыркайды куткарып калган ит эсиңиздердеби? Ошол наристе бугун чоң киши болуп чоңойуп калган сүрөттөрү интернетге тарады. Эскерте кетсек, Бразилияда адамдар таң эрте таң калыштуу көрүнүшкө күбө болушкан. Үйү жок ит таштанды салчу урнадан тирүү ымыркайды таап алган. Арсайган азууларында тирүү ымыркайды аяр тиштеп адамдарга алып келип берген. Баланын апасында жок мээрим итке кирип ымыркайды адамдардын колуна ...

0 1533

Орозону эмне бузат?

Орозону эмне бузат? • Атайылап бир нерсе жеш же ичиш • Эрди катын жыныстык мамиле кылышы • Атайын кусуу • Аялдардын этек кири (хайз) келиши • Аялдардын төрөттөн кийинки каны (нифас) келиши • Атайылап урук суюктугун чыгаруу – истинмаа (мастурбация,) Аллах Таала айтты: “…Мына эми, аялдарыңар менен (түндө) кошула бергиле жана Аллах силерге жазган нерсени ниет кылгыла. Жана тээ таң мезгили келип, ак жип кара жиптен ажыраганы ...

29-май 2017, 17:23 | 1533
0 5009

Эмне үчүн учактар ак түстө

Учакка коркунуч алып келиши мүмкүн болгон ар кандай жаракалар жана агып калган май же башка белгилер көзгө оңой чалдыккандыгы үчүн учактарды ак түскө боеп-сырдашат. Асманда да дароо көзгө урунат. Ак түс оңуп кетпейт. Дагы бир себеби, ак түс ысыкты өзүнө сиңирбейт жана учакты салкын кармайт. Башка түстөргө караганда ак жарыкты чагылтканы үчүн учактын бүт тулку-боюн ак түстө кармоого арекет кылышат. Ак боёк ...

1 7412

Сыйкырдан жабыркаган Андрей молдо издейт

Сыйкырдан жабыркаган 30 жаштагы жигит өзүндөгү кара күчтөрдөн арыла албай келет. Ал бул окуя туурасында нур.кз сайтына маек берип төмөнкүлөрдү айткан.  Андрейдин айтуусунда бир казак молдосу көзүнүн тирүүсүндө эркек жана аял жиндерди жибергенди жакшы өздөштүрүп алган. Молдо тирүү кезинде Андрейге дуба окуп койгон.  Жиберилген дуба менен келген "жин " аял болгондуктан кыздардан,жумуштан жолу жок болуп абдан жабыр тартып жүргөнүн айтат. Молдонун ачуусу келе тургандай кандай жорук ...

0 777

Кытай менен Орусия биргелешип учак чыгарат

Кытай менен Орусия, Боинг жана Эйрбаска атаандаш боло турчу чоң борттуу учак чыгаруу үчүн билгелешип ишкана курду. «Шанхай Дэйли» гезитинин маалыматына караганда, Кытайдын мамлекеттик ишканасы Commercial Aircraft Co. (COMAC) менен Орусиянын United Aircraft Corp. компаниясы «China-Russia Commercial Aircraft Corporation Ltd.» деген аталышта бирикти. Эки өлкө жарым-жарымдан өнөктөш болгон ишкана 280 орундуу, 12 миң километр аралыкка уча ала турган чоң борттуу учак чыгарат. Долбоорго 13-20 миллиард доллар сарптала турганы баса ...

0 1216

1-сентябрдан тартып бир китеп үчүн 25 сом төлөнөбү

Өткөн жумада Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев чет мамлекеттерде билим алуу үчүн Кыргызстанга берилген квоталар ачык бөлүнбөй жатканын айткан. Буга Венгрияга окууга сынак тапшырган балдардын документтери жиберилбей, тизмеге чиновник, депутаттардын уул-кыздары кирип калганын мисал катары келтирген. Мындай жагдай коомчулукта чоң талкуу жаратты. Мындан улам Билим берүү министрлиги: «Грантка катышкандар кимдин балдары экенинин бизге кызыгы жок. Бизге баланын билим деңгээли, анын жарандык ...

0 6368

Эмчек рагынын башталгыч этаптарын кантип байкаса болот

Эмчек рагынын башталгыч этаптарын мына бул белгилерден улам байкаса болот: Эмчек ооруй баштайт. Эмчектин көлөмү бири чоң, бири кичине болуп, эмчекке бүртүкчөлөр пайда болот. Эгерде эмчек бездери ооруп, кыжаалат кыла  баштаса, врачтарга көрүнүш керек.  Ошондой эле  айызы келгенде  ыссык парга түшпөй сактанышы керек. Анткени, күндүн нуру да, ысык пар да рактын күчөшүнө шарт түзөт дейт элдик дарыгер Кулипа Жумабекова. Булак: "NazarNews"

0 2093

Туура тандалбаган бюсгалтер эмчек рагын чакырабы

Эмчектин рагынын күч алышына  туура тандалбаган бюсгалтердин да таасири бар. Азыр көкүрөгөн чоң көрсөткүсү келгендер  паралон, губкасы бар бюсгалтерлерди кийишет. Синтетика абаны өткөрбөгөндүктөн, денеде жогорку температурдагы ыссык ар кандай жаман оорулардын пайда болушуна шарт түзөт. Ал эми губкасы жок бюсгалтер тагынгандар хб эмес,  синтетика тагынгандыктан, алар да жаман дарттардын күчөшүнө шарт түзөп жатат. Ошон үчүн эмчек рагы менен трумушка чыга элек кыздар ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1075

Ботокс куйгандан кийин мончого түшпөш керек

Бет булчуңдарына жана көздүн капталындагы точкалар аркылуу  ботокс куйгандан кийин мончого түшпөш керек. Анткени, булчуңдардын баары парга киргенде  бошогондо  ботокс бат эле тарап кетет. Ар бир адамдын имуниети, жашоо образы жана организминдеги өзгөрүүлөр ар башка болгондуктан ботокстун узакка чейин сакталышы же эрте тарап кетишине мына ушул факторлор да байланыштуу болот. Маселен, кээ бирөөнүкү беш айга жетсе, бирөөнүкү сегиз, тогуз айга жетет. Ботоксты ...

0 1475

Акыркы коңгуроодо акча чогулткандар жоопко тартылат

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова бүгүн балдардын жайкы каникулун уюштуруу жана 25-майдагы «Акыркы коңгуроо» өткөрүү боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. «25-майда өткөрүлө турган «Акыркы коңгуроо» салтанаты боюнча Чолпон Султанбекова бүгүнкү күндөн баштап, профилактикалык иштерди жүргүзүү керектигин, коопсуздук, бүтүрүүчүлөрдүн башаламандыгы жана мыйзамсыз акча чогултууларды көзөмөлдөө зарылдыгын белгиледи. «Эгерде ушундай ...

0 969

Көңүл буруңуздар: «Акын - агартуучулардын философиясы»

  Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Гуманитардык жана экономикалык билимдер бөлүмүнүн Философия жана саясий-укуктук изилдөөлөр институту жана Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россиялык Славян университети тарабынан «Акын - агартуучулардын философиясы» аттуу окуу-усулдук куралы жарык көрдү. Бул тууралуу КР УИА басма сөз кызматы билдирди. Китепте XIX-XX кылымдагы кыргыз философиясынын тарыхындагы акын агартуучулар – Молдо Нияз, Нур Молдо, Жеңижок, Ниязалы Молдо Эсенгул уулу, Алдаш Молдо, Ысак Шайбековдордун чыгармачылыгына ...

0 726

160 миллион китепти ичине батырган компьютер  

Hewlett Packard Enterprise компаниясы 160 терабайт – рекорддук көлөмдүү эстутуму бар компьютердин прототибин көрсөттү. Компания оперативдүү жана дайыма болчу мүнөзүн айкалыштырган эстутум жөнүндө экенин белгилешти. Мындай компьютер бир эле маалда 160 миллион китепке тең келген маалыматты анализ кыла алат. HP Enterprise бул компьютерди ойлоп тапкан изилдөө долбоору кийин “чексиз” эстутуму бар компьютердин пайда болушуна өбөлгө болорун белгиледи. “Машиненин” үстүнөн иштөө беш жыл ...

0 819

Асанкадыр Жунушев Кореянын помидоруна таңгалып келди

Бул тууралуу Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын басма сөз кызматы билдирди. Биотехнология институтунун директору Асанкадыр Жунушев Түштүк Корея мамлекетине иш сапары менен барып, УИА жана аталган мамлекеттин илимий-изилдөө мекемелеринин ортосундагы Меморандумга кол коюп келди. Анда эки тараптуу макулдашуунун негизинде айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү жана мал асыроо тармагын инновациялоо боюнча илимий-изилдөө борбору ачылаары белгилүү болду. Директордун айтуусунда, буга чейин мындай келишимдер өнүккөн өлкөлөрдүн ...

0 597

Байыркы мумия табылды

Египеттик археологдор Каирдин түштүк жагынан 250 километрдей жайгашкан Эль-Минья аймагындагы катакомбалардан жакшы сакталып калган 17 мумияны таап алышканын The Guardianco басылмасы билдирген. Байыркы мумиялар “абдан жакшы абалда экен” деп белигилейт басылма. Ачылыш Туна-эль-Габал кыштагында жасалган. Бул аймакта миңдеген мумияланган жаныбарлардын некрополу жайгашкан. “Бул жерден табылган адамдар некрополунун биринчиси”, - деди журналисттерге Байыркынын министри Халед аль-Анани. Мумиялар жакшы катылган экен, балким, ...

17-май 2017, 14:03 | 597
0 624

Улуттук илимдер академиясынын президентин шайлоо

Жогорку Кеӊеште Улуттук илимдер академиясынын ишин жакшыртууга багытталган “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбоору республиканын ресурстук мүмкүнчүлүктөрүнө жана заманбап талаптарга жооп берген академиялык илим системасын өнүктүрүү, өлкөнүн илимий техникалык потенциалын калыптандыруу максатында иштелип чыкты. Ошондон улам, анын иш-милдеттери жана милдеттери беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси сунушталууда. Мисалы, мыйзам ...

0 689

Эненин сүтү рак илдетин айыктырабы

Швецияда жүргүзүлгөн изилдөө, эненин сүтүнүн ичинде болгон «Хамлет» деп аталган заттын рак клеткаларын жок кылганын ортого салды. Лунд университетинен иммундаштыруу боюнча адис Катарина Сванборг, антибиотиктердин үстүндө иштеп жатканда бул изилдөөнү аныктаганын билдирди. Изилдөөгө караганда «Хамлет» менен эмделген оорулуулардын рак клеткаларынын бир канча күндүн ичинде жок болгонун көрсөтүүдө. Сванборг: «Хамлеттин дараметинин сыйкырдуу болгону сыяктуу. Эненин сүтү «альфа-лактальбуминди» камтыган белок, рак илдетине каршы күрөшүүгө жардам ...

0 635

Өпкөнүн өзгөчөлүктөрүн толук аткарган органоиддер

Америкалык илипоздор адамдын өзөктүк клеткаларынан өпкөнүн өзгөчөлүктөрүн толук аткарган органоиддерди ойлоп тапты. Илимпоздор аты аталган органоиддерди лаборатория чөйрөсүндө адамдардын өпкө ооруларынын үлгүлөрүн жаратуу үчүн колдонду. Бул изилдөө, дем алуу жолдорунун ооруларынын дагы да жакшы билинишин камсыздашы мүмкүн. Колумбия университетинин медицина борбору тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктары «Nature Cell Biology» журналында жарыяланды. Булак: "trt.net.tr"

0 607

АКШ Сирия бийлигин түрмөдөгү массалык кыргынга жана сөөктөрдү өрттөөгө айыптады

Президент Дональд Трамптын администрациясы Сирия президенти Башар Асаддын өкмөтүн түрмөдөн миңдеген адамдарды массалык түрдө өлтүрүп, алардын сөөктөрүн борбор Дамасктын сыртындагы чоң крематорийде өрттөгөнү үчүн айыптады. АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча башкы дипломаттарынын бири Стюарт Жонстун айтымында, Вашингтон ишенимдүү гуманитардык уюмдардан жана өлкөнүн чалгын жамаатынан алган маалыматтар Дамасктан 45 мүнөттүк жолдо жайгашкан Саедная аскерий түрмөсүндө күн сайын 50дөй адам дарга асылып турганын ишара ...

0 799

Пхеньян рекатанын жаңы түрүн сыноодон өткөрдү.

Түндүк Корея орто жана алыс аралыкка учуучу ракетанын жаңы түрүн ийгиликтүү сыноодон өткөргөнүн билдирип, ал АКШга чейин жете турганын эскертти. Түндүк Кореянын KCNA расмий маалымат агенттиги сыноо ракетанын ири өзөктүк сокку урууга дардыгын текшерүүгө багытталганын жазды. Билдирүүгө ылайык, ракетанын учурулушун Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын жеке өзү көзөмөлдөп, Пхеньяндын аскердик дараметтерин эске албай коюу мүмкүн эмес экенин билдирген. Пхеньяндын 14-майдагы сыноосу ...

1 5679

Күнүнө аспириндин төрттөн бир бөлүгүн ичип туруунун пайдасын билесизби?...

Кан кою болуп кетпеш үчүн 40 жаштан кийин ар бир адам аспириндин төрттөн бир бөлүгүн ичип турушу керек. Кээ бирөөлөр "менин каным көп, донормун венамдан кан берип келдим. Жаман кандарым жок" деп келишет. Чынында венадан алган кан менен далынын үстүнөн алган кандын асман менен жердей айырмасы бар. Дегеним, венадан таза кан чыкса, далыдан, желкеден дээрлик жаман кандар чыгат деп билдирди элдик ...

0 2799

Кош бойлуу учурда эмне себептен бетке сепкил түшөт?..

Аялзатынын кош бойлуу учурунда этек кири келбей калат. Ошол учурда организмдеги жаман кандар бетке чыгып, бетти кара так же сепкил басып кетет. Айымдар жаман кандар бетке чыгып кеткенин билбей көпчүлүк айымдар мындай учурду боюмда болгондо сепкил түшүп кетти деп коюшат дейт элдик даарыгер Кабылжан Юлдашев.  Булак: "NazarNews"

0 895

Тажик студенттери Сауд Арабияга окууга бара албай жатышат...

Сауд Арабиянын светтик окуу жайдарында билим алууга квота берилген 50 тажик студенти окууларына бара албай жатышат. Окуу жылынын аяктап калганына карабастан маселенин качан чечилери дагы деле белгисиз бойдон калууда. Студенттердин бири 2016-жылдын августунда Тажикстандын Билим берүү министрлигинин сынагынан өткөнүн жана ушул жылдын январында Эр-Риядга учуп кетиши керек болгонун билдирди. Айтымында, андан бери беш ай өткөнүнө карабастан ал дагы деле Дүйшөмбүдө калууга ...

0 749

Токио станциясында мечит курулат

Японияда JR East (East Japan Railway Company /Чыгыш аймагынын Япония темир жол фирмасы)Токио станциясында мечит  ачылаарын билдирди. JR Eastтин бул чечимине Түштүк Чыгыш Азия башта болуу менен Японияны зыярат кылган мусулман турист санындагы өсүү себеп болду. JR Eastтын башкы директору Тетсуро Томита өткөргөн пресс – жыйынында : «Японияга көп сандаган мусулман келип жатат. Станцияда да ыбадаттарын кыла ала турган бир жер болушу керек»,- деди. ...

0 1284

Сүлүктүдө 7 метр тереңдиктеги чуңкур пайда болду.

Деги эмне эле болуп жатат өзү? Көчкүсү бир жагынан кыйнаса, бир жагынан суу ташкындары азапты берип айлабызды алты кетирип жатканда эми жер чөгүп кетти. Атап айтканда, кечээ 12-майда, Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын Шахтерская көчөсүндө жер жарылып, кыртышы төмөн карай чөгүп кетиптир. Туурасы 3 метр келген чуңкурдун тереңдиги 7 метрге жетерин ӨКМ кабарлады. Чаламандын чак түшүндө болгон табият кубулушунан зыян тарткандар жок. ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1397

Океандын түбүндө 3 миллиард жылдык табылга

Океандын түбүндө материк табылды. Илимпоздор чыгыш Африкадагы арал өлкө Маврикий жайгашкан жерде үч миллиард жыл мурда материк болгонун белгилешти. Изилдөөчүлөр вулкандык лава ичиндеги кристаллдар аркылуу деңиздин түбүндө сакталган материкке байланыштуу далилдерди аныкташты. Изилдөөнүн алкагында Маврикийде 2,5-3 миллиард жыл мурдагысынан калган кристалл циркон бөлүктөрү табылды. Вулкандык арал болгон Маврикийдин астына жашырынган материкке байланыштуу дагы да көп далилдердин табылаары сөз кылынды. Норвегия, Түштүк Африка, Германия жана ...

0 570

Адам роботтор жасалат

Англиялык илимпоздор адам сымал роботторду коомдук кызматтарда колдонууга боло турган долбоордун үстүндө иштеп жатат. ББСде орун алган маалыматка караганда Middlesex жана Berfordshire университеттеринен академиктер, оорулууларды кароо жөндөмдүүлүгүнө ээ болгон адам сымал роботтордун карыларга камкордук көрсөтүү маселесин чече турганына ишенгендерин сөз кылышты. Адам сымал роботтордун жасалышы үчүн эл аралык топ 2,5 миллион доллардык долбоордун үстүндө иштеп жатат. Сөз жана кыймылдары менен байланыш кура алган ...

12-май 2017, 18:54 | 570
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83