www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Илим
0 1601

Инфаркты алдын алган дары сыноодон өттү

20-март 2017, 19:29 Айдар Нуралиев

Окумуштуулар инфаркты жана инсультту алдын алган инновациялык каражат ийгиликтүү сыноодон өткөнүн айтууда. Дарыны сынаган эл аралык тажрыйбага 27 миң киши катышып, тыянагында бул каражат организмдеги зыяндуу холестеринди азайтарын көрсөткөн. Мындай ийгиликтүү иликтөөдөн кийин ал каражат миллондогон кишилер үчүн колдонууга чыгарылат деп айтылууда. British Heart Foundation деп аталган медициналык кайрымдуулук уюму бул тыянактарды жүрөк ооруларынын клиникалык формасы менен күрөшүүдөгү жетишкендик катары баалаган. Дүйнө жүзүндө жыл ...

0 972

WhatsApp жана Telegram'ды бир сүрөт менен чабуул кылса болору болжолдонууда

17-март 2017, 20:22 Бекболот Тажибаев

Нидерландыдагы Check Point программдык камсыздоо компаниясынын блогунда жарыяланган маалымат боюнча WhatsApp, Telegram жана дагы башка шифр коюлган тиркемелерге бир сүрөт менен чабуул кылуу мүмкүн. Компаниянын иликтөөчүлөрү колдонуучу сүрөттү кабыл алып, аны басканда жиберген адам анын телефон китепчесиндеги номерлерин көрүүгө мүмкүнчүлүк алып, аларга да бул сүрөттү жибере аларын аныкташкан. "Аталган тиркемелердин чыгаруучулары чара көрүшсө да, колдонуучуларга тааныбагандардан келген сүрөттү ачпоо сунушталат. Колдонуучу ...

0 2412

Чагылган менен кездешүү тууралуу кызыктуу маалыматтар

15-март 2017, 01:00 Гүлжан Шерипбаева

Чагылгандын «каардуу» мүнөзүнөн башка табышмактуу сырлары көп. Алсак, кандайдыр бир адамга болгон ашыкча «арзуусу» менен да таң калтырып келет. 1950-жылы «Фейд» журналында төмөндөгүдөй баян жарык көргөн. Бир адам 1899-жылы Торонто шаарында (Италия) өз короосунан чагылган тийип өлөт. Туура 30 жыл өткөндөн кийин так эле ошол жерден ал адамдын баласы чагылгандын курманы болот. А 1949-жылдын 8-октябрында чагылгандык кезектеги сапары ...

0 2185

Сүрөт - Марс планетасында жашоо бар...

14-март 2017, 23:25 Гүлжан Шерипбаева

Марс планетасына барып жашагыңыз келеби анда даярдана бериңиз. Тилекке каршы ал жакта жалгыз жашоого туура келет. Албетте бул тамаша деңизчи. Дегенибиз менен ал жакта өсүмдүк бар экени белгилүү. Бирок көпчүлүк илимпоздорго, адамдар, “Ал жакта өсүмдүк  өстүрүүгө болобу?” деген суроолорду берип келишет. Бул тууралуу Nationalgeographic.kz басылымы кеңири маалымат берди. Нидерландиянын экологдору Марс бетиндеги топурак ...

0 1093

 Кыяс Молдокасымов, тарыхчы, мамлекеттик «Манас» орденинин 2-даражадагы сыйлыгынын ээси: "Атамбайдын атасы Шама тууралуу да маалымат ошол документтин арасынан эле чыгып калды"

11-март 2017, 23:56 Айдар Нуралиев

-Кыяс агай, сыйлыгыңыз кут болсун, “Манас” ордени менен сыйлануу ар кимдин эле бактысына буйруй бербесе керек -Рахмат, ошондой бактыга мен туш болуп отурам. Бул менин тарыхчылык кесибинде эмгектенген 30 жылдык аракетимдин жыйынтыгы деп билем. Тарыхчылык мени такшалтты, элге таанылтты. Такшалтты дегеним, тээ союз учурунда айлап, жылдап Москва, Ленинград, Ташкент, Алматы архивдеринде отуруп, көптөгөн жаңы материалдарга туш болдум. Аларды жазып элге жеткирем ...

0 652

Илон Маск 2018-жылы эки турист Айга учарын жарыялады

02-март 2017, 06:52 Гүлжан Шерипбаева

Америкадагы жеке менчик SpaceX космикалык компаниясы эки кишини Айга алып барып келүү планын жарыялады. Компаниянын негиздөөчүсү жана жетекчиси Илон Маск космикалык кеменин бул жолку жүргүнчүлөрү кесипкөй астронавттар эмес, космоско учууну каалаган туристтер экенин белгиледи. Алар бул үчүн каражат төлөшкөн. SpaceX жетекчиси бул кишилердин ысымдарын атаган жок. Бири-бири менен жакын тааныш кишилер, бирок "Голливуд жылдыздарынан эмес" деди ал. Бул жылы алар медициналык текшерүүдөн ...

0 770

Айдоочусуз башкарылган унаалар чыкты

23-февраль 2017, 13:13 Айдар Нуралиев

Соңку жылдарда айдоочусуз башкарылган унаа чыгаруу өндүрүшү күтүлбөгөндөй прогресс жаратты. Автоунаа каалаган жерибизге өзү эле алып барып, биз болсо өз ишибиз менен алек болобуз деген эми жомок болбой калды окшойт. Албетте, автоунаалар өз алдынча болуп калганы менен транспорт каражатын толук автоматташтырууга али жете элекпиз. Азырынча айдоочунун катыштыгы баары бир зарыл болуп жатат. Бирок бул жакында өзгөрөбү? Bloomberg маалыматына караганда Ford компаниясы айдоочусуз башкарылган ...

0 959

НАСА Жерге окшош жети планета табылганын билдирди

23-февраль 2017, 11:23 Гүлжан Шерипбаева

Космикалык мейкиндикти иликтеген НАСА көлөмү Жерге окшош болгон Күн системасынан 40 жарык жылдык аралыкта турган жети жаңы планета табылганын кабарлады. Байкалган планеталардын баары TRAPPIST-1 деп аталган жылдыз менен бир орбитада жайгашып, аларда суюуктук түрүндө суу болушу мүмкүн. Ал эми үч планета TRAPPIST-1 айланасындагы теориялык жактан жашоо болушу мүмкүн делген тегеректи айланып жүрөт. "Жердин экинчисин табуу бул маселе эмес, маселе качан дегенде»,-деди Вашингтондо өткөн ...

0 917

Окумуштуулар Нансендин жолу менен түндүк уюлга сапар алышат

21-февраль 2017, 01:41 Гүлжан Шерипбаева

Германия өз тарыхында эң ири арктикалык экспедицияны ишке ашыруу планын жарыялады. 2019-жылы 120 метрлик "Поларстерн" кемеси Түндүк уюлдун муз тиштеген аймагына сапарга чыгат. Экспедициянын негизги максаты климаттык өзгөрүүлөрдү иликтөө. Жер шарындагы баарынан тез өзгөрүүгө учурап жаткан климат Арктикага мүнөздүү. Ѳткөн айда Арктикада көп жылдык иликтөөлөрдөн кийинки эң жука муздар тоңду. MOSAiC деген аталыш менен даярдалып жаткан германиялык долбоорду профессор Маркус Рекс жетектейт. ...

0 4602

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиевага кудай бердиби?

18-февраль 2017, 01:26 Гүлжан Шерипбаева

«Казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса» деген кеп бар эмеспи. Муну айрымдар туура эмес түшүнүп алышат окшойт. Маселен, 6-февраль күнү Жогорку Кеӊештин комитет жыйынынан Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева мектеп директорлору менен бала бакча жетекчилерин сынактан өткөрөөрүн айтты. Башкача айтканда, аттестациялоодон өткөрөт экен. Ачык айрым, калыс өтсө го жакшы эле болмок. Бирок мурункудай «аттестацияны» шылтоолоп, кой-козу, тай-торпок, доллар, «коробка» ...

0 3001

Cүрөт - Дастан Разак уулу, Измирдеги Докуз Ейлул университетинин докторанты: “Кыргыздар ооз комуз жана комуз черткенде баары телефондорун көтөрүп чыгып тартып...”

12-февраль 2017, 03:12 Гүлжан Шерипбаева

11-февралда Измир эл аралык студенттер уюмунда Кыргызстан таанытуу программасы болуп өттү. Ар кайсы өлкөдөн келген студенттер Кыргызстан тууралуу жасалган керемет ачылыштарды жана видео тасмаларды көрүп, Кыргызстанга кызыгуу артышты, -деп билдирди, бүгүн, 12-февралда NazarNews.kg маалымат агенттигине Измирде билим алып жаткан Дастан Раззак уулу. Кыргыз жигиттери катыра айткан Манастан баары таасирленип, бүткөндө кайра-кайра суроо беришти. Алар, «Манас деген чоң эпос экендигине таң калышып, кыргыздар ...

0 1136

Адам сымал роботтордун жасалышы үчүн 2,5 миллион доллар сарпталат

11-февраль 2017, 20:13 Гүлжан Шерипбаева

Англиялык илимпоздор адам сымал роботторду коомдук кызматтарда колдонууга боло турган долбоордун үстүндө иштеп жатат. ББСде орун алган маалыматка караганда Middlesex жана Berfordshire университеттеринен академиктер, оорулууларды кароо жөндөмдүүлүгүнө ээ болгон адам сымал роботтордун карыларга камкордук көрсөтүү маселесин чече турганына ишенгендерин сөз кылышты. Адам сымал роботтордун жасалышы үчүн эл аралык топ 2,5 миллион доллардык долбоордун үстүндө иштеп жатат. Сөз жана кыймылдары менен байланыш кура ...

0 1062

Сүрөт - "КУУда шайлоо таза жана ачык айкын өттү" дейт...

25-январь 2017, 16:10 Гүлжан Шерипбаева

24-январь күнү Жусуп Баласагын атындагы КУУда болуп өткөн факультет декандарын шайлоо таза жана ачык айкын, мыйзам чегинде өткөнүн шайлоого катышып добуш берген мугалимдер, ошондой эле шайлоого байкоочу катары көз салган жарандар айтышууда. Бул тууралуу аталган университеттин басма-сөз кызматы билдирди.  Чынында шайлоо таза өткөнү байкалат, анткени шайланган декандардын тизмесине көз жүгүртсөк, көбү буга чейин ректор Чынара Адамкулованын жасаган реформасына каршы чыгып, ректорду ...

0 1147

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде 20 факультеттин деканы алмашты

25-январь 2017, 12:17 Гүлжан Шерипбаева

Бүгүн, КУУда декандарды шайлоо болуп, 20 факультетке 43 талапкер ат салышты. Добуш берүүгө Улуттук университеттин 1154 окутуучусу катышты. Бул тууралуу Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин басма - сөз катчысы билдирди. КУУнун ректору Чынара Адамкулова ар бир талапкерди чын дилинен колдой тургандыгын, алардын ишине ийгиликтерди каалай тургандыгын жана бир гана коллектив тандаган киши декан болоорун айтып, эч кандай кийлигишүү болбой тургандыгын айтты. Булак: ...

0 5128

Учактагы “кара ящик” деген эмне?

20-январь 2017, 14:54 Бекболот Тажибаев

Чүй облусунун Сокулук районунун Дача- Суу айылында кыйраган «Боинг-747» учагынын «кара ящиктери» бүгүн, 19-январда, Орусиянын Москва шаарына чечмелөө үчүн жөнөтүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.Эл аралык авиациялык комитеттин (ЭАК) адистери авиациялык кырсыктын себептерин аныктоо үчүн учактын кутучаларынын маалыматтарын тийиштүү иликтөөдөн өткөрүшөт.Биз болсо “кара ящик” деген эмне экени жана анда кандай маалыматтар сакталары тууралуу маалымат берүүнү чечтик.“Кара ящик” деген ...

0 1251

Дэвид Мид, америкалык илимпоз: «Жер жүзү 2017-жылы октябрда Марс менен кагылышып, толугу менен жок болот»

04-январь 2017, 21:59 Гүлжан Шерипбаева

Дүйнөгө белгилүү Дэвид Мид аттуу белгилүү аалым: «Жер 2017-жылы октябрда Марс менен кагылышып, толугу менен жок болот», деп айтты. Бул тууралуу «Камшы» порталы vladtime.ru сайтына шилтеме жасап маалымдады.Ал мындай маалыматын, былтыр сентябрь айында изилдеп чыккан эмгектерине байланыштырып айткан. Айтымында, “жер жабыр тартып, жок болуп кетүүнүн белгилери көрүнүп жатат, бирок, коомчулук аны байкабай калат”, - деген. Илимпоз Дэвид Миддин эсеби боюнча, боло ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83