www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ден-соолук
0 399

САТИРА: “Боло берет турмушта. Особенно кыргызда”

20-июль 2019, 13:33 Айдар Нуралиев

“Мамлекет үй-бүлөдөн башталат” - деген таасын сөз бекеринен айтылбаса керек. Дегеним, буга чейин келинчегим (бул экинчиси) экөөбүздүн чакан мамлекетибизде стабилдүүлүк бекем эле сакталып келген болчу. Балээнин баары  элге белгилүү куудулдар Абдылда Иманкулов менен Тынар Курбаналиевдин  МАИге байланышкан сатирасынан башталды. Ушул сатираны көргөндөн кийин эле  “Ажо биз тараптан болот” дегенсип келинчегим мени кадимкидей теӊине албай басынта баштады. Анын минтип өзгөргөнүнө ...

0 2615

Сабырбек Жумабеков: «Өмүрбек Текебаевдин омурткасына операция жасайбыз»

17-июль 2019, 13:46 Кызгалдак Жакыпова

«Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев операцияга даярдалып жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков билдирди: — Мурда белинен операция болгон экен. Ал жерде дагы эки грыжа чыгып, омурткалары да бошоп калган. Операция жасайлы десек жүрөгүндө да маселе бар экен. Азыр кардиологдор карап жатат. Ошондон кийин омурткасына операция жасайбыз.

0 259

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын бейтапканасы ачылды

16-июль 2019, 12:35 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын бейтапкана/госпиталынын ачылыш салтанатына катышты. Өкмөт башчы өз сөзүндө жазаларды аткаруу кызматынын бардык кызматкерлерин жана ардагерлерин, ошондой эле медициналык кызматкерлерди госпиталдын ачылышы менен куттуктап, жаңы бейтапканада сапаттуу медициналык кызматтар көрсөтүлөрүнө ишеним билдирди. «Бүгүн укук коргоо органдарында, анын ичинде жазык-аткаруу тутумунда оңдуу өзгөрүүлөр байкалууда. Биз репрессиялык мамиледен ...

0 167

Индиянын тажырыйбалуу адистери Кыргызстанга келип, оорулуу бейтаптарды кабыл алат

14-июль 2019, 12:45 Кызгалдак Жакыпова

Индиянын Артемис клиникасынын алдыңкы тажырыйбалуу адистери Кыргызстанга келип, оорулуу бейтаптарды кабыл алат: Доктор Гирирадж Бора – транспантолог, ичеги-карын хирургиясы боюнча хирург, гастроэнтеролог – Боор циррозу – Гепатит (сарык) – Боордун залалдуу шишиги – Боор эхинококкозу – Кекиртектин залалдуу шишиги – Кекиртек оорулары – Ашказандын залалдуу шишиги – Өттүн залалдуу шишиги Доктор Адитья Гупта – кибер-бычак, гамма-бычак менен даарылоо. Артемис ...

0 2606

Академик Сабырбек Жумабеков дагы бир ийгиликти багындырды...

12-июль 2019, 12:27 Кызгалдак Жакыпова

Ушул жылдын 28-29 июнь күндөрү Москва шаарында 80 мамлекеттен 5000 киши катышкан чоң масштабдуу “Евразиялык Ортопеддер Форуму” болуп өттү. Аталган форумга Кыргызстандын атынан Академик, бүткүл дүйнөгө белгилүү ортопед Сабырбек Жумабеков катышты. Бул форумдун жүрүшүндө дүйнөлүк ортопеддер менен биргеликте операциялык жабдууларды, протездерди чыгарган жылдык бюджети 60-62 миллиард долларды камтыган “DePuy Synthes” жана “ZIMMER BIOMET” миллиардер компаниялары Академик Сабырбек Жумабековду медицинанын ...

0 199

Зыяндуу беш азык

29-июнь 2019, 12:23 Кызгалдак Жакыпова

40 жаштан өткөндөн кийин адамдын организмде карылыкка байланыштуу өзгөрүүлөр башталары баарына маалым болсо керек. Ошондуктан диетологдор биринчи кезекте эрте улгайтуучу беш азыкты тамактын рационунан чийип салуу керектигин билдирип чыгышты . Эң биринчи - курамында кумшекер бар азыктар, экинчи - ак ун (кесме, ак нан) . Үчүнчү - эрте бырыш түшүүгө түрткү берген алкоголдук ичимдиктер, төртүнчү - маргарин, эң акыркысы - ...

29-июнь 2019, 12:23 | 199
0 143

Камола Мирзалиева: "Биз кымындай наристенин жүрөгүнө операция кылабыз"

28-июнь 2019, 09:31 Кызгалдак Жакыпова

Көп профилдүү «АКFА Medline» медициналык борбордун башкы директору, Камола Мирзалиева: "Биз кымындай наристенин жүрөгүнө операция кылабыз" деп, АЗИЯnews гезитине маек курду. Өзбекстандык Камола Мирзалиева айым менен бизде жаңы ачылып аткан көп профилдүү медициналык борбордун ишмердүүлүгү тууралуу чакан маек курдук. Өзү тууралуу сурадым. Атайын медицина жаатта билими болбосо да мыкты менеджер, мыкты ишкер айым экенине ынандым. -- Камола айым, Ташкент шаарында көп профилдүү «АКFА Medline» медициналык борборун ...

0 144

Дардаңдап, даамы жок, уу дарбыздарды жебей тургула

26-июнь 2019, 10:48 Кызгалдак Жакыпова

Ош шаарында коңшу мамлекеттен алынып келген делген дарбыздын ичи кан сыяктуу кыпкызыл түстө, жегенде даамсыз болуп жаткандыгы шаардын тургундарын тынчсыздандырып жаткандыгы тууралуу маалымат белгилүү болду. Андай дарбызды тасмага тарытып, интернетке чыгарышты. Тажикстандан алынып келген дарбыздар желим сыяктуу болуп, суусу болсо боёкко окшоп буюмдун бетине жугат экен. Элдин үрөйүн учурган мындай көрүнүш тууралуу Ош шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Сүйүн ...

0 565

Нарынга эмнеге коменданттык саат киргизилет?

Билдирүүгө ылайык, бүгүн Кыргызстанда «Коопсуздук-2019» биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык окуу-машыгуу башталат. Ал Нарын шаарында жана Ат-Башы районунда аскердик окутуулар менен өтүп, коменданттык саат жарыяланат. Машыгуунун негизги максаты мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин Кыргызстандын аскердик коопсуздугун камсыздоо даярдыгын текшерип, өз  ара аракеттенүүнү өркүндөтүү, чукул жана аскердик кырдаал киргизилген учурда режимди камсыздоодогу даярдыктарды күчөтүү. ИИМ, УКМК, ӨКМ өкүлдөрүнүн катышууусу ...

0 236

Кыргызстанга алынып келинген дарбыз, коондордон кооптуу нитраттар табылды

25-июнь 2019, 11:57 Айдар Нуралиев

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясы Өзбекстандан жана Тажикстандан алынып келип жаткан дарбыз, коондорго көзөмөлдү күчөтүүнү суранууда. Бул тууралуу инспекциянын башчысы Калыс Жумакановдун Айыл-чарба министрлигине жазган расмий катында айтылат. Маалыматка ылайык, базарларды кыдырганда алынып келинген дарбыз менен коондордо нитрат нормасынан алда канча жогору экени ырасталган. Бул ден соолукка өтө кооптуу. Мурда билдиргендей, Ош облусунун базарларында коңшу өлкөдөн келген дарбыз, коондорду ...

0 2498

Кыргызстанда 2020-жылы 70 миңден ашык адам каза болуп калышы мүмкүн

24-июнь 2019, 15:25 Айдар Нуралиев

Кыргызстанда 2020-жылы 70 миңден ашык адам каза болуп калышы мүмкүн. Мындай  болжолдуу сан бүгүн, 24-июндагы “Өнөктөштүк байланыш” ассоциациясынын башчысы Айбар Султангазиев тарабынан басма – сөз жыйынында  айтылды. Анын айтымында, Иш жүзүнө келгенде, кыргызстандыктардын бир катар жашоого керектүү негизги муктаждыктары каржыланбай келет. Мамлекет өзүнүн чыгашаларынын 11%ын гана  саламаттык сактоо тармагына бөлөт, эң жок дегенде 13% бөлүү керек эле. "Жетишпестик 2 ...

0 331

Улуттук госпиталдын “Көз микрохирургиясынын” жамааты жетекчиси Иманбаеванын чалчактаганынан чаалыкты

20-июнь 2019, 15:12 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 19-июнда Улуттук Госпиталдын алдындагы №1 “Көз микрохирургиясы” бөлүмүнүн жамааты жетекчиси Салтанат Иманбаевага каршы Ак үйдүн алдында нааразычылык акциясына чыкты. Алар "бир нече мыйзам бузууларга барган" деп жетекчисинин атына нааразычылыгын билдирди. Алардын айткандарын төмөндө төкпөй-чачпай беребиз. “Улуттук госпиталдын №1 “Көз микрохирургиясы” бөлүмүнүн башчысы Салтанат Иманбаева 19 жылдан бери бөлүм башчылык кызматты аркалап келе жатат. Ошондон бери ал тарабынан көптөгөн ...

0 462

Индияда 50 градус ысыкта 70тен ашуун адам көз жумду

18-июнь 2019, 16:40 Кызгалдак Жакыпова

Индиянын түндүк-чыгышындагы Бихар штатында бир айдан бери болуп жаткан ысык аптап 70тен ашык адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу Синьхуа маалымат агенттиги жазды. Маалыматка ылайык, айрым аймактарда абанын температурасы 50,8 градуска жетип, Индиянын тарыхында рекорддук көрсөткүчкө жакындаган. Буга чейин Индиядагы аптаптан 36 киши каза тапканы айтылган болчу. Ошондой эле бүгүн, Индиянын медициналык уюму дарыгерлердин коопсуздугун талап кылып, 24 сааттык нааразычылык ...

0 381

Аида Салянова Улуттук кардиология борборуна жаткырылды

15-июнь 2019, 17:12 Айдар Нуралиев

Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экс-башкы прокурор Аида Салянова 15-июнда Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология борборуна жаткырылды. Мындай маалыматты Салянованын жакындары "Азаттыкка" билдиришти. Аны Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова да ырастап, Салянова дарыгерлердин жана Сааламаттык сактоо министрлигинин "дарыланууга муктаж" деген бүтүмүнөн кийин бейтапканада калганын айтты. Ишембиде Аида Салянова Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология борборуна ...

0 233

Окумуштуулар кант диабетин пайда кылган үч себепти атады

13-июнь 2019, 20:37 Айдар Нуралиев

Үч ири иликтөөнүн жыйынтыгы туура эмес тамактануу диабеттин өрчүшүнө чоң таасир этерин көрсөткөн. Рациондогу B12 витамининин көптүгү, жашылча-жемишти аз колдонуу, негизи эле туура эмес тамактануу кант диабетин пайда кылат. Бул тууралуу Medicalxpress АКШ окумуштууларына таянып жазды. Үч ири иликтөөнүн жыйынтыгы туура эмес тамактануу диабеттин өрчүшүнө чоң таасир этерин көрсөткөн. "Жашылча-жемишти, сүт жана эт азыктарын аз жеген адам кант диабетине чалдыгышы мүмкүн. Ошол эле ...

0 286

Саламаттык сактоодогу кадрдык башаламандык же Сагынбаева мамлекеттин эркесине айланганда

13-июнь 2019, 12:04 Айдар Нуралиев

ЖК депутаты Аида Исмаилова Космосбек Чолпонбаев башында турган Саламаттык сактоо министрлигинин кадрдык саясатын кескин сынга алды. Анын айтымында, Кыргыз мамлекеттик кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институнун ректору болуп Рустам Курманов дайындалган. Анын чуулу коррупциялык иштерге тийешеси бар. “2016-жылы Башкы прокуратуранын жүргүзгөн текшерүүсүнөн улам, 12 кылмыш иши козголгон.  Жыйынтыгында, дары-дармек менен камсыздоо тармагындагы аткаминерлердин шалаакылыгынан мамлекет ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 875

Бишкектин үч ири базарында иштегендердин бешөө ВИЧ болуп чыкты

Бишкектин Аламедин, Ош жана Орто-Сай үч чоң базарында ВИЧке карата адамдар өз каалоолору менен текшерүүдөн өттү. Бул тууралуу “Өнөктөштүк байланыш” ассоциациясынын директору Айбар Султангазиев билдирди. Ал белгилегендей, мындай акция “СПИД” республикалык борборунун демилгеси менен жүргүзүлүптүр. “Базарда атайын унаада, каалоочулар бекер жана анонимно шилекейин тапшырат. Ал текшерүү – 99 пайыз чын чыгат. 4 сааттын ...

0 139

Түркия кыргызстандыктардын бекер дарылануу квотасын көбөйттү

Түркия кыргызстандык бейтаптардын бекер дарылануусуна квотаны көбөйттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди. Маалыматка ылайык, кошумча квота бөлүү боюнча келишимине 72- Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо ассамблеясынын келишиминдеги жолугушунун жүрүшүндө эки өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлери Космосбек Чолпонбаев жана Фахреддин Коджа кол койгон. Министрлер андан тышкары, саламаттыкты сактоо жаатында бир катар иштерди талкуулап, кыргыз-түрк достугу ооруканасын ...

0 464

40 жаштагы актриса Юри Эбихаранын сулуулук сырлары...

40 жаштагы актриса «адамдын сулуулугу өз колунда. Аны сактоо да, бузуу да адамдан көз каранды. Беттин бир жагы экинчи жагына караганда бат карыйт. Аны билүү үчүн оозду жаап, эриндин бурчтарын өйдө каратып жылмайып көрүңүз. Беттин кайсы тарабында бырыш көп болсо, ошол тарабы бат карыйт. Ошондуктан уктарда бырыш көп жагы менен жатып, ошол жактагы тиштер менен тамакты чайноо керек» деп ...

0 435

Духинин башкы коркунучу эмнеде?

Парфюмериялык каражаттар адамдын организминде шакый менен аллергияны жаратышы мүмкүн. Бул тууралуу австралиялық Кейт Гринвелл Case Against Fragrance деген жаңы китебинде толугураак жазган, деп кабарлайт The Independent. Гринвелдин изилдөөсүндө ар бир үчүнчү адам атыр жытынан кийин башы ооруп, астма пайда боло баштаганын сезет экен. Бразилиядагы Пернамбуку университетинин окумуштуулары да 25 мүнөт атыр жытын жыттаган адамдардын 70 пайызы баш ооруга чалдыга турганын аныкташкан. Окумуштуулардын айтуусу ...

0 204

СҮРӨТ - Тарыхый кинодогу күлкүлүү кадрлар: кагаздан жасалган кофе идиши...

HBO телеканалы 2019-жылы “Тактынын оюндары” сериалынын жаңы промо-ролиги чыккандыгын  жазып чыккан эле. Сериал 2019-жылдын апрель айынан башталса, 2020-жылдын 31-майында аяктай тургандыгын кабарлаган. Башкы ролду ойногон Эмилия Кларк аталган тасма көрүүчүлөрдүн купулуна толот деп айткан. Учурда көрүүчүлөрдүн кызуу талкуусундагы аталган тасма өзбек тилине которулуп, көгүлтүр экрандан коюла баштаган. Эң кызыгы аталган тарыхый кино сериалда күлкү келтире турган заттар түшуп калган. Алсак, тасмада заманбап кагаздан ...

0 207

Саламаттык сактоо уюму Кыргызстанга акысыз 2 тоннага жакын дары-дармек берди

03-май 2019, 13:41 Айдар Нуралиев

Саламаттык сактоо боюнча дүйнөлүк уюм Кыргызстанга акысыз 2 тоннага жакын дары-дармек берди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, дары дармектер Дары-дармек жана медициналык техникалар менен камсыздоо боюнча департаментине өткөрүлүп берилген. Дарылар Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарындагы жана Бишкек шаарындагы дарылоо-профилактикалык мекемелерге жиберилет. Жалпы салмагы 1951 килограммды түзгөн дарылар, чукул кырдаал болгондо таратылат. Булак NazarNews.kg

0 779

Медицина тарыхында ВИЧ-инфекциялуу экинчи адам бул оорудан айыгышы мүмкүн

05-март 2019, 17:22 Кызгалдак Жакыпова

Лондондун ВИЧ менен ооруган тургуну дүйнөлүк медицина тарыхында СПИДден айыккан экинчи адам болуп калышы мүмкүн. «Nature» журналына жарыяланган иликтөөнүн жыйынтыктарына ылайык, бир нече жыл мурда СПИД менен ооруган жарандын денесине иммундук жетишсиздик вирусуна туруштук бере турган иммунитети бар адамдын клеткасы жайгаштырылган. Акыркы текшерүүнүн жыйынтыгында анын организминде вирус табылган эмес. Эгер кийинки текшерүүлөрдө дагы анын организминде инфекция табылбаса, анда СПИДди ...

0 399

Динара Койлуева: “Эмдөөдөн баш тарткандар жугуштуу ооруларга чалдыгышат”

Учурда өлкөдө кызамык оорусу күч алып, ага каршы балдарды эмдөө жүргүзүлүп жатат. Бирок, акыркы учурларда балдарды эмдетүү боюнча кайчы пикирлер жаралып, айрым ата-энелер эмдөөдөн баш тартышууда. Өспүрүм балдарды жугуштуу оорулардан сактоо үчүн эмдөө зарыл экенин дарыгерлер ар дайым эскертип келишет. Бул туурасында кенен маалымат алуу үчүн биринчи категориядагы врач-иммунолог Динара Койлуева менен маектештик. -- Акыркы кездерде ата-энелер балдарын эмдетүүдөн баш тартышууда, ...

0 1555

Жалгыздык адамды тез карытат

Жалгыздык сезимин ар бир айым башынан өткөрөт. Кээ бири чындап эле жалгыз калса, кай бирлери үй-бүлө, достору менен бирге болгон учурда дагы жалгыздык сезими менен жашап келишет. Бул сезим бир жылдан ашык созулган учурда ден соолукка терс таасирин берери изилденген. Жалгыздыктын түрлөрү Ар бир адамдын башына келген жалгыздык сезими анын бактылуу болушуна тоскоол болуп келет.Бул сезимдин эки түрү болот жана буга коомдун ...

0 598

Акылбек Усупбаев: “Бизде 27 жылдан бери “сексуалдуу революция” болуп жатат”

28-февраль 2019, 09:33 Кызгалдак Жакыпова

-Азыркы учурда урологиялык оорулардын ичинен эркектин алсыздыгы жана тукумсуздук сыяктуу көптөгөн оорулар кездешүүдө. Мындай оорулардын көбөйүшүнө эмнелер себеп болуп жатат? —Кыргызстанда мындай урологиялык оорулардын ичинен тукумсуздук тууралуу айта турган болсок өзүнчө эле чоң маселе. Мурунку учурларда балалуу болбой калган үй-бүлөлөрдө 100% аялдар күнөөлүү болоор эле. Азыркы кезде болсо 40% эркектер күнөөлүү болуп жатат. Себеби жаш кезинде эле эркектердин жыныс органдары сезгенет ...

0 208

Үй – бүлөлүк дарыгерлер тобунун иштөө тартиби натыйжалуу

25-февраль 2019, 11:06 Перизат Кутманалиева

КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Нургүл Ибраеванын бүгүн, 21 – февралда "Парламент" радиосуна маалымдашынча,  үй – бүлөлүк дарыгерлер тобунун иштөө тартиби дүйнөлүк деңгээлде натыйжалуу, - деп табылган. Ошондуктан, бул ыкманы жергебизде жолго койгон 20 жылдын аралыгында бир топ жакшы иштер жасалды.  Айталы, 2015 – жылдан бери Ысык – Көл областында жүргүзүлгөн саламаттык сактоо ...

0 1137

Чолпонбай Турдалиев: “Какырынып түкүрүү кургак учук оорусун пайда кылат”

22-февраль 2019, 16:57 Айдар Нуралиев

Адистердин айтымында, Кыргызстан кургак учуктун оор түрү катталган 27 өлкөнүн катарына кирет. Бул дарттын көбөйүшүнүн бирден-бир себеби, миграция жана элдин экономикасы. Ал эми экинчи себеби, ден соолукка кайдыгер карап, өздүк гигиенаны сактабагандык. Коомдук жайларда какырынып түкүрүү да аталган оорунун пайда болушуна себеп болот. Кургак учук оорусу туурасында маалымат алуу үчүн №15 үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгери Чолпонбай Турдалиев  менен маектештик. -- Бүгүнкү ...

0 322

Нуржан Жамгырчиева, офтальмолог: “Алты жашка чейинки балдарга телефон көрүүгө тыюу салынат"

22-февраль 2019, 18:17 Перизат Кутманалиева

«Жүздүн көркү- көз болот» дегендей, көрүү органы адамдын жашоосунда эң негизги ролдо турат. Бирок, көз адам баласынын күзгүсү болгону менен ага туура кам көрүп, сактоо эрежелерин баарыбыз эле биле бербейбиз. Азыр техниканын өнүгүү заманында телевизор, компьютер, телефондордун зыянын билсек да, колдонууга мажбурбуз. Андыктан, көз оорулары жана көздү туура сактоо эрежелери боюнча саламаттык сактоонун отличниги, жогорку категориядагы врач офтальмолог Нуржан Жамгырчиеванын ...

1 1403

Миң дартка шыпаа кара зире

14-февраль 2019, 09:35 Кызгалдак Жакыпова

Кара зире (сейдана) – иммунитетти көтөрүүчү эң пайдалуу өсүмдүк болуп эсептелет. Ал холин (В4), токоферол (Е), РР, К, С витаминдери жана фолий кычкылы (В9), бета-каротин, филлохинон, карвон, марганец, калий сыяктуу адамдын организмине керек болгон элементтерге бай. Мекени Египет болгону менен Араб өлкөлөрүндө күнүмдүк тамак-аш, дары-дармекте өтө көп колдонулат. Пайдалуу касиеттерин санай кетсек: —Кара зиренин жанчылган уругун балгааралаштьшып колдонуу аркылуу өттөгү жана бөйрөктөгү ...

14-февраль 2019, 09:35 | 1403
0 273

Светлана Молдалиева: “Эмчек дартын эрте аныктоо – эң мыкты коргоо каражаты”

13-февраль 2019, 12:10 Айдар Нуралиев

№15 үй-бүлөлүк медицина борборунун ден соолукту чыңдоо кабинетинин дарыгери, саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери Светлана Молдалиева сүт безинин (эмчектин) рагы туурасында маалымат бермекчи. -- Сүт безинин рагы эмнеден улам пайда болот? -- Рактын бул түрүнүн пайда болушун жыныс гормону эстроген шарттайт. Кеч төрөгөн аял бул ооруга чалдыгышы мүмкүн. Мисалы, 18-20 жашында төрөгөндөргө караганда, 28-30 жашында төрөгөндөрдө бул оору көп кездешет. Себеби, курсактагы түйүлдүк ...

0 1887

Азамат Байматовдун апасы: "Атасынын сөзүнө уулум экөөбүз кучакташып алып ыйлаганбыз..."

08-февраль 2019, 18:44 Перизат Кутманалиева

Дасыккан футболчу, кыргыздын желегин желбиретип, намысын коргоп келген Азамат Байматовдун жараткан ийгиликтерине күбө болуп келебиз.Бирок мындай ийгиликтин артында кандай мээнет, кыйынчылык жатканын ар бирибиз эле жакындан билбесек керек.Футболчунун кандай үй-бүлөдө, чөйрөдө чоңойгонун, анын футболго болгон сүйүүсүн ким ойготконун апасынын оозунан уктук. -Канча жашынан тартып өз алдынча акча тапканды үйрөндү? - 10-классында “Алай” клубунда ойноп 3000 сомдон айлык алчу.Акчасын алган сайын атасы экөөбүзгө ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 758

Мимоза Жапаралиева, врач-гинеколог: “Инфекциялык оорулар менен жабыркаган аялдар арбыды”

04-февраль 2019, 16:26 Кызгалдак Жакыпова

Аялзаты табияттан назик, бирок чыдамкай болот эмеспи. Бала-бакыра, үй тиричилик, тууган-урукту биринчи орунга коюп, анча-мынча ооруга маани бербей келишет. Мындай көрүнүш акырындык менен курчуп отуруп, жан чыдагыс ооруга алып келет. Андыктан, ар бир аял өз ден соолугуна кам көрүп, алты айда бир дарыгердин кароосунан өтүп туруусу зарыл. -- Аялдар бүгүнкү күндө кандай оорулар менен көп кайрылып жатышат? -- Медицина тармагында он ...

0 2318

Ай-күнүмө жетип калганда күйөөм рактан бүк түшүп жатат

31-январь 2019, 11:05 Кызгалдак Жакыпова

Ысык-Көлдүн Григорьевка айылынын тургуну Айсулуу Сейдеева жолдошу өпкөнүн рак оорусуна кабылганын айтып, редакцияга жардам сурап кайрылды. Анын айтымында, жолдошу Курманбек Жанузаков акыркы беш айдан бери ден соолугу начарлап, төшөккө жатып калды. Чет жерден дарылануу үчүн ири суммадагы акча керек. Айсулуу эки чиедей баласы менен иштей албайт, 8 айлык боюнда да бар. Күйөөмдүн оорусу нес кылды Курманбектин ден соолугундагы өзгөрүүлөр быйыл февралдан тарта башталды. Желкеси ...

0 778

Жыргалбек Мамасали уулу: “Бир күндө 12 операция жасасак, анын алтоо өттөгү таш илдети менен жабыркагандар”

28-январь 2019, 10:56 Кызгалдак Жакыпова

Туура эмес тамактануу, аз кыймыл аракетте болуу ар кандай ооруларга алып келери маалым. Бирок, буга баарыбыз эле анчейин маани бере бербейбиз. Убакыттын өтүшү менен мындай кайдыгерлик өнөкөт ооруларына илештирет. Өт баштыкчасынын өнөкөт оорулары туурасында Бишкек шаардык №1 клиникалык ооруканасынын хирургиялык бөлүмүнүн жогорку даражадагы врач-хирургу, саламаттык сактоонун мыктысы жана медицина илимдеринин кандидаты Жыргалбек МАМАСАЛИ уулу кененирээк айтып бермекчи. -- Медицина тармагында канча ...

0 493

Ихвол Узакова: “Ит, мышыктан жуккан илдет өлүмгө чейин алып барат”

13-февраль 2019, 12:05 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстанда малдын саны арбыганы менен ветеринардык көзөмөлдүн жетишсиздигинен боордун мите курт (эхинококкоз) оорулары жылдан жылга көбөйүүдө. Аталган оорунун негизги себептерин №15 үй-бүлөлүк медицина борборунун дарылоо жана кеңеш берүү бөлүмүнүн башчысы, саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери Ихвол УЗАКОВА айтып бермекчи. -- Эхинококкоз оорусу деген эмне? -- Эхинококкоз – бул боордун мите курт оорусу. Эхинококкоз менен ооруган адамдын боорунда, өпкөсүндө, мээсинде ыйлакчага окшош эхинококктун  личинка ...

0 2874

Салтанат Иманбаева кол астында иштегендерди айланып туруп тебеби?

26-январь 2019, 00:22 Кызгалдак Жакыпова

Өлкөбүздүн көзгө басаар Улуттук госпиталынын башкы дарыгери болуп, Д.Сагинбаева дайындалган кундөн тарта, тополоң эмес тартип орнотууга баардык дараметин жумшап келе жатат. Тилекке каршы мындай тартипке көнбөгөн, өзү билип өтүгүн төргө илген Салтанат Иманбаева, Д.Сагинбаеваны болушунча каралап, өзүнүн иш бузуулары жөнүндө, жамаат менен иштеше албаганын жашырып, Сагинабаеванын кадр маселесине шылтоолоп, дагы эле суудан кургак чыгууну көздөп келе жатат. 2017-жылдын аягында бейтап Р.Умралиева, Салтанат ...

0 266

Ош: Эмдөө иштери боюнча түшүндүрүү иштери жүрөт

18-январь 2019, 10:00 Жазгүл Урманбетова

Ошто бүгүн өтө турган талкууда ар кыл конфессиялардын өкүлдөрү, Саламаттык сактоо министрлиги жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын кызматкерлери эмдөөдөн баш тартуунун себептери жана кесепеттери тууралуу талкуулашат. Белгилей кетсек, динге катуу берилип кеткен адамдар жаңы төрөлгөн балдарына ийне сайдырбагандан баш тарткандардын балдары кызамыкка жана башка бир топ ооруларга чалдыккан. Эске салсак, Ош облусунун Кара-Суу районунда кызылча (корь) жуктурган балдардын көпчүлүгү эмдөөдөн өтпөгөнү белгилүү ...

0 6696

Cалтанат Иманбаева президенттин кайсы жакынына таянат...

04-январь 2019, 15:00 Кызгалдак Жакыпова

Улуттук госпиталдын №1 Көз микрохирургия бөлүмүнүн дарыгерлер жамааты буга чейин президент Сооронбай Жээнбековдон баштап, бийликтин баардык бутактарына чейин аталган оорукананын бөлум башчысы Салтанат Иманбаеванын атынан Кайрылуу жазган. Бизге жеткен маалыматтарга таянсак аталган оорукананын “көзүрү” Салтанат Иманбаева учурдагы президенттин жакындары колдогонун айтып, өзүн “царица” сезип келет. Өз билгенин кылып өтүгүн төргө илген бөлүм башчы кызматын аркалаган Салтанат Иманбаева кол астында иштеген дарыгерлерди ...

0 531

Орусия аймагында уктатуучу апийимдин сортторун өстүрүүгө жана апийимдин сабактарын кайра иштетүүгө уруксат берүү каралган

29-декабрь 2018, 12:09 Жазгүл Урманбетова

Орусия өкмөтү өлкө аймагында маңзат өсүмдүктөрүн өстүрүүгө уруксат берген мыйзам долбоорун кабыл алды. Документ санкция шартында импорттолгон наркотикалык дарыдармектердин ордун басууга багытталган. Бул тууралуу РБК Өнөр жай жана соода министрлигинин башчысы Денис Мантуровго шилтеме берүү менен билдирди. РБК белгилегендей, учурда Орусияда 13 апийим препараты каттоодон өткөн, алардын тогузу — жашоо үчүн өтө маанилүү делген дары-дармектердин тизмесинде. Бирок бул өлкөдө алардын бирөө дагы ...

0 287

Сауд Аравия Кыргызстандын саламаттыгына 3 миллион 797 миң доллар грант бөлөт

28-декабрь 2018, 12:13 Жазгүл Урманбетова

Сауд Аравия Кыргызстандын  жекеле саламаттык сактоо эле эмес башка да тармактарына каражат бөлүп келгендиги жашыруун эмес. Ал эми медицина тармагын жакшыртууга 3 миллион 797 миң доллар грант бөлөт. Бул жардам «Медициналык борборлор үчүн жабдууларды берүү жана карантиндик зона куруу жана жабдуу» долбоорун аткарууга берилет. Президент Сооронбай Жээнбеков ушул жылдын 3-апрелинде Тунис шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Сауд Аравиянын ортосундагы бул гранттык ...

0 930

Эркекти төшөктө алсыздандырган илдет

25-декабрь 2018, 14:46 Кызгалдак Жакыпова

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, учурда эркектердин ден соолугу абдан начар. Кайсы гана адистиктеги дарыгер болбосун оорулууну кабыл алып жатканда анын түнкү заара ушатуусу боюнча маалымат алып, зарыл болгон учурда урологго кайрылууну сунушташы зарыл. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Европалык урологдор ассоциациясынын мүчөсү, медицина илимдеринин кандидаты Зуфар Хакимходжаев билдирди. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, учурда эркектердин ден соолугу абдан начар. "Ушул ...

0 720

Гинеколог кардарга: "Мен Кудай эмесмин да!"

24-декабрь 2018, 15:51 Жазгүл Урманбетова

Бишкектеги ооруканалардын биринде уул төрөп алайын деп календардык саноого келген айым гинекологго кайрылат. Дарыгер кардарга эмне кылуу керектигин айтып, санап берип жиберет. Арадан убакыт өткөндөн баягы эркек төрөйм деп жүргөн келин "кыз"төрөп калып, баягы дарыгерге келип, "Сиз эркек болот деп убада бербедиңиз беле? Эмнеге кыз болуп калды, эми кызды өзүңүз алыңыз" - дейт. Гинеколог эже эмне кылаарын билбей маң болуп калат. ...

0 400

Өлкөбүздө экинчи ирет адамдын бөйрөгү алмаштырылды

24-декабрь 2018, 15:19 Жазгүл Урманбетова

Эне-баланы коргоонун улуттук борборунда ноябрь айында бөйрөк алмаштыруу боюнча экинчи операция ийгиликтүү ишке ашты. Бул тууралуу “Азаттыкка” борбордун директору Камчыбек Узакбаев билдирди. - Мындан үч жума мурда биз бөйрөгүн алмаштырган дагы бир бейтап үйүнө жакшы болуп чыкты. Ага ноябрь айында операция жасаганбыз. Азыр ал иммуносупрестордук дарыларды ичүүдө. Кыргызстанда мындай дарыларды алып келүү маселеси да акырындап чечиле баштады, - деди Узакбаев. 2018-жылдын май айында да ...

0 366

Жараны 3 күндө айыктырчу бинт ойлоп табылды

21-декабрь 2018, 14:53 Жазгүл Урманбетова

Америкалык химия коому жаракаттардын тез айыгып кетүүсү үчүн электр бинт ойлоп тапты. Химия коомунун мүчөсү Вейбо Сайдын айтуусу боюнча, Шудонг Ванг жана анын кесиптештери ойлоп тапкан бинт электр тааласын түзүп, чычкандардын терисиндеги жараны тез айыктырган. Окумуштуулар политейрафторэтилен, жез жана полиэтилентерефталатын жардамы менен наногенераторду жасашып, бул бинтти даярдашты. Бул бинт чычкандарга жасалган тажрыйбада көрсөтүлгөндөй жараны 3 күндө айыктырат. Булак: NazarNews.kg

0 273

Респиратордук вирустук инфекция январь-февралда башталат

19-декабрь 2018, 11:09 Жазгүл Урманбетова

Кыргызстанда курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекция менен жабыркагандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, 10-декабрдан 16сына чейин мурунку жумага салыштырмалуу бейтаптардын саны 16 пайызды түздү. Баардыгы болуп 9 миң 77 учур катталды. Аталган оору менен жабыркагандардын санынын өсүшү декабрда башталып, январь-февралда күчөйт. Булак: NazarNews.kg

0 326

Cаламаттык сактоо "сатып алуулардан" акча табабы?

18-декабрь 2018, 18:57 Жазгүл Урманбетова

КРнын Башкы прокуратурасы Саламаттыкты сактоо министрлигине карата “Мамлекеттик сатып алууларда” мыйзам бузуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу күч органдарынын координациялык жыйынында КРнын Башкы прокуратуранын өкүлү Гульнура Акимбаева билдирди. Маалыматка ылайык, кылмыш иши “Кызматтык ордунан кыянаттык менен колдонгон”, “Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын көздөбөгөн келишим түзгөндүгү” боюнча козголуп УКМК өткөрүлүп берилди. “2014-жылы Саламаттыкты сактоо министрлиги бөйрөгү ооруп, гемодиализ алган балдарга жардам берүү максатында ...

0 660

Эмдөөдөн наристелер кыйналышууда

17-декабрь 2018, 18:05 Жазгүл Урманбетова

Кыргызстанда кургак учукка каршы эмдөөдөн кийин ымыркайлардын оорусу кабылдап кеткен учурлар катталды. Бишкектик Камила Судольская ​кургак учукка каршы эмдөөдөн кийин ымыркайынын колтугундагы без чоңоюп кеткенин социалдык тармакка жазып чыккан. "Азаттык" аны менен байланышканда буларды айтып берди: - Мен шаардагы 5-төрөт үйүндө көз жаргам. Баламды эртеси күнү эле эмдешти. Бизден жазуу түрүндө макулдук алышкан эмес. Вакцина сайгандан кийин гана бир кагазга кол койдурушкан. "Кургак учукка ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 482

Мээнин ар бир кишини кайталангыс кылчу бөлүгү табылды

17-декабрь 2018, 11:39 Жазгүл Урманбетова

Нейробиологдор кишинин мээсин “Ааламдын белгилүү бөлүгүндөгү эң татаал объект” деп мүнөздөшөт. Буга чейин жүргүзүлгөн эсепсиз изилдөөлөргө, түзүлгөн атлас жана карталарга карабай, окумуштуулар мээнин түрдүү функцияларга жооп берген жаңы бөлүкчөлөрүн издеп жүрөт. Австралиялык окумуштуу Жордж Паксинос (George Paxinos, Neuroscience Research Australia-NeuRA, Sydney) жана анын кесиптештеринин ырасташынча, мээнин жаңы табылган бөлүгү ар бир кишини уникалдуу кылат. Проф. Паксинос түзгөн мээнин карталары жана атластарын ...

0 461

Cасык тумоодон адам каза болду

12-декабрь 2018, 16:23 Жазгүл Урманбетова

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда сасык тумоо оорусу күчөп кетип, 26 жаштагы жигит каза болду. Бул тууралуу Тоң райондук аймактык ооруканасынан билдиришти. Маалыматка караганда, 1992-жылы туулган А.У. ушул жылдын 27-ноябрында Тоң районунун ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Ага эки тараптуу пневмония (өпкөнүн сезгенип ооруганы), дем алуу системасынын жабыркашы, кычкылтектин жетишсиздиги (гипоксия) диагнозу коюлган. Тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабай, бейтап 29-ноябрда ...

12-декабрь 2018, 16:23 | 461
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83