www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ден-соолук
0 2729

Баланын гемоглобининин төмөн болушу же аз кандуулук

27-август 2017, 22:37 Айдар Нуралиев

Балаңыз шалдырап, тамак жебей, уйкусурап жатабы? Анда дарыгерге кайрылып, баланын гемоглобинин текшертиңиз. Баланын гемоглобининин төмөн болушу - бүгүнкү күндүн көйгөйү. Ал эмнеден түшөт жана кандай чара көрүү керектигин төмөнкү макалада баяндайбыз. Гемоглобин - гемма жана глобина компоненттеринен турган, курамында темир камтылган татаал белок. Ал кызыл пигменттерден тургандыктан, канга кызыл түстү берген зат. Адамдын ден соолугу үчүн анын мааниси чоң. Анткени гемоглобин ...

0 3184

Түйүлдүктүн жумалык өнүгүүсү

27-август 2017, 00:26 Айдар Нуралиев

Кош бойлуулук – аялдын керемет сезимдерге курчалган эң бактылуу учуру. Бирок ал бакыт ар дайым чочулоо, кызыгуу, күтүү деген тынчтык бербеген сезимдер менен коштолот. Түйүлдүктүн курсактагы жашоосу кандай өтөрүн ар бир эне билгиси келет. Эмесе, түйүлдүктүн төрөлгөнгө чейинки жашоосун баян кылабыз. Сиздин балаңыз папайя жемишиндей көлөмдө Түйүлдүктүн абалы Жатын алгачкы көлөмүнөн жыйырма эсеге чоңоюп, анын ичиндеги бала дагы да болсо өсүүдө. Бала кычкылтекти ...

27-август 2017, 00:26 | 3184
0 1839

Жалгыз калган адам ыйлагысы келет экен

26-август 2017, 17:36 Жазгүл Урманбетова

Адатта эркектерге караганда аялдар көп ыйлайт деп келебиз. Жакшылап ыйлап алсаң стресстен арылууга жардам берет деген пикирлер үстөмдү кылат эмеспи. Ал эми илимий жактан алганда чыны менен ушундайбы же башкача түшүндүрмөсү барбы? Абалтан бери карай эле көз жаштын пайда зыяны боюнча окумуштуулар менен жазуучулардын айткандары кайчы келип калган мисалдар арбын. Шекспир өзүнүн "Генрих VI" пьесасында: "Ыйлоо кайгы капаны бөксөртөт» деп жазса, америкалык ...

0 476

Сапар Исаков ЮНИСЕФ өкүлдөрү менен жолугушту

25-август 2017, 15:42 Жазгүл Урманбетова

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков КРдагы ЮНИСЕФ өкүлү Юкие Мокуо жана ЮНИСЕФтин инновациялар боюнча департаментинин башчысы Крис Фабиан менен жолугушту. Сапар Исаков Кыргызстан уюмдун ишмердигин жогору баалап, өлкөдө ишке ашырылып жаткан буга окшогон долбоорлор балдардын укуктарын коргоо тармагына жакшы таасир берип жатканын билдирди. “Кыргызстанда балдар укуктарын коргоо боюнча биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруудагы жемиштүү кызматташууга баа беребиз. Эне ...

0 748

“Катар” кайрымдуулук уюму Кыргызстанга ФАПтарды курууда

22-август 2017, 17:18 Перизат Кутманалиева

Сузак районундагы Жашасын-Эки айылына жаңы фельдшердик акушердик пункттар курулуп ишке берилди. Имаратын ачылуу аземине “Qatar Charity” уюмунун директору Халид Вакил жана КР ЖКнин депутаттары Т. Икрамов, Т. Зулпукаров, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү К. Сатыбалдиев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышышты. Жаңы курулган клиника 150 чарчы метрди ээлеп 7 эмканадан турат. Туберкулез үчүн, терапевт, педиатр, гинеколог, эмдөөкааналары менен ошондой эле сан узел, тамбурлары менен ...

0 2433

Кан тобу боюнча түгөй тандаңыз

21-август 2017, 03:34 Айдар Нуралиев

Кандын тобу адамдын мүнөзүнүн күзгүсү болуп эсептелет. Ар бир адам өзүнүн кан тобун билип коюшу ашыктык кылбайт. Анткени дал ошол топ боюнча өзүнүн өмүрлүк жарын тапса болот. Мырзалар I топтогу мырзалар Чыдамкай жана өз күчүнө ишенген адам. Бул топтогу мырзалар бой көтөрүп жүрүшөт. Алдыга койгон максатына жетиш үчүн бардыгына даяр болот. Өз кемчиликтерин сезишпейт жана кечирим суроодон алыс болушат. Бир калыпта жүрүп, ар ...

0 1444

Эркектер гана ооруй турган 5 дарт

19-август 2017, 19:09 Перизат Кутманалиева

Эркектер табиятынан чыдамкай, физикалык жактан күчтүү деп айтылат. Бирок медицинада айрым ооруларды бир гана эркектер көтөрүп, аялдар алып жүрүүчү гана болуп саналат экен. Журналист Гүлдана Талантбекова дарыгерлердин жардамы менен бир гана эркектер ооруй турган илдеттерди билип көрдү. 1. Гемофилия Гемофилия — тукум кууй турчу кан оорусу. Гемофилияда кандын уюшу кыйынга тургандыктан токтобой ага берип, ден соолукка олуттуу коркунуч жаратат. Генди аялдар алып жүрөт, бирок ...

0 503

Перинаталдык борбордун курулушу жакында башталат

19-август 2017, 18:31 Жазгүл Урманбетова

Бишкектеги "Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун" алдындагы перинаталдык борбордун курулушу августтун аягында же сентябрдын башында башталат. Жаңы перинаталдык борбордун курулушу жана жабдылышы тууралуу Германия менен Кыргызстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы келишимге 2011-жылдын октябрында кол коюлган. Келишимге ылайык, немис тарап долбоорду ишке ашырууга 10,5 млн еврону кайтарымсыз негизде берет. Каражаттарды которуу келишимине 2017-жылдын 19-июлунда кол коюлган. Булак: NazarNews.kg

0 993

Алоэнин табигый дарылык сырлары!

19-август 2017, 17:56 Жазгүл Урманбетова

Алоэ вера биздин организм үчүн эң пайдалуу өсүмдүктөрдүн бири болуп саналат. Алоэнин 400дөй сорту бар. Ошолордун арасынан "Барбаденсис Миллери" деген сортун тандап алышкан дагы Америка мамлекетинде остуро башташкан! Торт жылдай убакытта Алоэ гулун ачат. Даяр бышылып жетилген алоэден витамин сок чайларын жасашат. Эмнеге пайдалуу? Беттеги безеткилерди жана экземаны кетирет; Исиркектер, жара жана башка тери ооруларына пайдалуу; Күйүккө жардам берет; Дүүлүгүүнү жана кычышууну басат; Бырыштарды азайтат; ...

0 448

Өлкөдө СПИДди жуктуруп алгандар 10 пайызга өсүүдө

19-август 2017, 16:30 Жазгүл Урманбетова

Кыргызстанда жылына ВИЧ-инфекциясын жуктургандардын саны болжол менен 10% өсүп жатканын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 2017-жылдын 1-июнуна карата 7 миң 427 ВИЧке чалдыккандар катталган. Алардын 7 миң 38и кыргызстандын жарандары, 595и балдар, СПИД менен ооругандар - 902. “ВИЧти жыныстык жолу менен жуктурган учурлардын саны өсүп, 2011-жылы 31% , 2016-жылы 51%га чейин жеткен. Өзгөчө аталган ооруну аялдар жуктурган учурлар басымдуулук кылат ...

0 723

Дүйнөдөгү адамдары эң көп жашаган өлкөлөрдүн үчөөсү менен таанышып алыңыз

17-август 2017, 15:21 Жазгүл Урманбетова

ЯПОНИЯ. Орточо алганда япондордун жашоо узактыгы 83 жаш. Япония көптөн бери эле жашоо узактыгы боюнча жогорку көрсөткүчтөгү өлкөлөрдүн бири. Адатта «өлбөстөрдүн жери» деп тамаша чыны аралаш айтылган Окинава аралында узак жашоонун феномени боюнча эл аралык иликтөө жүрүүдө. Бул жерде азыр 400гө чукул кишинин жашы 100гө таяды. Окумушутуулар муну негизинен жергиликтүүлөрдүн тамактануу маданияты менен байланыштырат. Ошондой эле, улгайган кишилердин социалдык активдүүлүгү жана коомдук дух, стресси ...

0 711

Бут шишигенде кандай чара колдонсо болот?

16-август 2017, 16:53 Перизат Кутманалиева

Эгерде туруп иштөөчү иште болсоңуз, балтырды эластикалык бинт менен байлап алган жакшы. Жумуштан кийин үйгө кайтканда бутту өйдө көтөрүп, 15-20 мүнөт жатып эс алуу керек. Ал эми вена түйүндөрү пайда болуп кеткен адамдарга бутун 30-45 мүнөткө чейин эс алдырганы оң. Ошондой эле бутунун кан тамыры кеңейип кеткен адамдар врачтын уруксааты менен төмөнкүдөй ванна жасаса болот. 100 грамм ромашканы 5 литр кайнак сууга ...

0 554

Петербургда чарчап калган наристенин ата-энеси Европа сотуна кайрылмакчы болду

16-август 2017, 10:42 Жазгүл Урманбетова

Петербургдун полиция бөлүмүндө чарчап калган беш айлык Умарали Назаровдун ата-энеси Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрылууга даярданып жатат. Бул тууралуу адвокат Ольга Цейтлина билдирди. Күн мурун Санкт-Петербург соту баланын өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тарткан тергөө бөлүмүнүн чечимин «мыйзамдуу» деп тапкан. 2015-жылы 13-октябрда Питердеги ооруканалардын биринде тажикстандык мигранттардын беш айлык ымыркайы Умарали Назаров белгисиз жагдайда чарчап калган. Анын алдында полиция ...

0 696

Чайды шекерсиз ичүүнүн пайдасы

16-август 2017, 09:55 Перизат Кутманалиева

Сиздер үчүн чайды шекерсиз ичүүнү 5 түрдүү пайдасын сунуштайбыз: 1. Күч-кубатыңызды арттырат. 2. Салмагыңыз туруктуу болуп калыбына келе баштайт. 3. Ичеги-карындын иштөөсү 2 эсе жакшырат. 4. Таттуу тамактардан баш тартасыз. Эгер чай менен кофени шекерсиз иче турган болсоңуз, печенье, вафли, булочка сыяктуу азыктарды аз жеп баштаганыңызды байкайсыз. 5. Териңиз жакшырат. Безетки менен кара тактардан арыласыз. Эсиңизде болсун: жаңы тамактануу тартибине үйрөнүү үчүн 3 жума убакыт керектелет. Булак: ...

0 949

Эркектер ден соолугун унутпаса

15-август 2017, 14:43 Перизат Кутманалиева

Дарыгерлер Кыргызстанда тукумсуздукка чалдыккан эркектердин саны көбөйүп жатканын белгилешет. Жашы жыйырмадан жаңы өткөн Акылбек Бишкектеги Улуттук госпиталдын андрология бөлүмүндө дарыланып жатат. Ал бул жерге келгенинин себебин мындайча түшүндүрдү: - Ат минип жүргөм. Ал мөңкүп кеткенде жыгылып түшкөм. Ошондон бери эле ооруп жатам. Ооруканага кечээ келдим. Дароо эле жаткырып, дарылай башташты. Чыдабай калдым эле бүгүн кичине жакшымын. "Психологияны өзгөртүү керек" Уролог-андролог Жолдошбек Оморовдун айтымында, кыргыз коомунда репродуктивдик (тукум улоочу) курактагы эркектер ...

0 4156

Богок тууралуу билип ал!

15-август 2017, 10:41 Жазгүл Урманбетова

Богоктон көздүн формасы өзгөрөт "Биринчи байлык - ден-соолук" дегендей, эң оболу ден-соолукту караш керек. Богоктун башы кайда? Богок оорусу өз алдынча эки түргө бөлүнөт. Богоктун эки түрү бар. Биринчиси "хасимото богогу"- темир безинин тубаса жетишсиздигинен улам пайда болот. Экинчи түрү - "диффузиялык богок" деп аталат. Диффузия деген термин латын тилинен которгондо бир калыпта кармоо дегенди түшүндүрөт. Адамдын организиминде темир бези көп өлчөмдө болсо богоктун ...

15-август 2017, 10:41 | 4156
Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 804

Уникалдуу гуаша укалоосу – адамдын ден соолугун чыңдап, ысык-суугун теңдейт

14-август 2017, 17:45 Перизат Кутманалиева

Уникалдуу гуаша укалоосу – адамдын ден соолугун чыңдап, ысык-суугун теңдейт     Гуаша массажы (укалоо) абдан уникалдуу. Байыркы кытай эли ойлоп тапканына 5000 жылдын жүзү болду. Салттуу медицинасында ар кыл илдетке каршы жана илдеттен айыктырууда шыпаа табуусуна колдонуп келишет. Ордо калаабызда гуаша укалоо курсун толук окуп, анын сырларын тереңден билген жалгыз адис Динара АКМАТОВА айым. Кытай медицинасы башка элдин (Чыгыш, Батыш) медицинасынан ...

0 815

Идиш жуугуч зыяндуубу?

14-август 2017, 15:36 Перизат Кутманалиева

Немис окумуштуулары идиш жууганга арналган соргучта көптөгөн патогендүү бактериялар болоорун аныкташкан. Алардын кээ бири менингит менен сепсисти пайда кылышы мүмкүн. Бул тууралуу “Scientific Reports” журналы жарыялады. Биологдор ашканада турган 40 соргучту алып, андагы биополимерлердин түзүлүшүн изилдешкен. Анын натыйжасында, идиш жуучу соргучта микробдор көп болоору аныкталган. Ошондой эле, соргучта инфекцияны козгоочу “Chryseobacterium hominis” жана “Moraxella osloensis” бактериялары жыйналат экен. Эксперттердин айтуусу боюнча, соргучтар кайра-кайра ...

14-август 2017, 15:36 | 815
0 1629

Сөөл - жугуштуу оору

13-август 2017, 05:20 Айдар Нуралиев

Сөөл- денедеги тыгыз жана кургак келген бүдүрлөр. Түзүлүшү боюнча бир же бир нече бүдүрлөрдөн туруп, дененин ар кайсы жеринен орун алышы мүмкүн. Ал эми көлөмү боюнча бир нече миллиметрден башталып 1-2 сантиметрге чейин жетет. Сөөл негизинен ак, сары, кээ бир учурда күрөң түстө да болот. Көп учурда сөөл зыянсыз деп белгиленгени менен, кээ бир учурларда коркунучтуу шишикке да айланып кетиши ...

13-август 2017, 05:20 | 1629
0 800

Коркунучтуу вирус адамдарга чиркейлер аркылуу жугууда

11-август 2017, 21:46 Айдар Нуралиев

Вьетнамда денге безгеги вирусунан эки жуманын ичинде дагы 6 киши каза болуп, ушул жылы көз жумгандардын саны жалпы 23кө жетти. Саламаттык сактоо министрлиги, быйыл катталган 82 миң оорулуунун 5 миңинин борбор шаар Ханойдо жашаганы билдирилди. Денге безгек вирусу, адамдарга чиркейлер аркылуу жугат. Өрчүү мезгилинен кийин дененин температурасынын бираз көтөрүлүшүнө алып келген бул оору, айрым бейтаптарда өлтүрүүчү болушу мүмкүн. Илимпоздор күндүн аябай ысышы жана көпкө ...

0 807

Гүлайда Жумабекова, Сабыр Жумабековдун апасы:«Сабыкемдин апасы болуу мен үчүн сыймык…»

11-август 2017, 18:47 Перизат Кутманалиева

Алла-Таала жер менен асманды жаратканда 100 ырайымды кошо  жаратыптыр. Алардын бирөөсү гана жерге түшөт. Ал эненин балага болгон ырайымы.  Хадис. Сүйүүлөрдүн туу чокусунда жападан жалгыз гана сүйүү бул эненин балага болгон сүйүүсү. Энени кантип сүйбөйсүӊ?! Ал сени тогуз ай курсагында, кадам койгонуӊча кучагында, өмүр бою жүрөгүндө көтөрүп жатса. Сенин өмүрүӊдө апаӊ бирөө гана. Башкалар сага жакын болушу мүмкүн бирок ким апа ордун ...

0 473

Беш жаштагы кыз белгисиз затка ууланып чарчап калды...

11-август 2017, 12:06 Жазгүл Урманбетова

Бүгүн, 11-августта "Эне жана баланы коргоо" улуттук борборунда белгисиз затка уулануудан улам акыбалы начарлаган 5 жаштагы Дана Лущенко каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка караганда, соттук экспертизадан кыздын уулангандыгы такталды. Анын 2 бөйрөгү иштебей калган. Бир катар органдарында өзгөрүүлөр да пайда болгон. «Эч кандай себеп балдардын өлүмүн актай албайт. Балдардын өлүмү дүйнөдөгү эң чоң акыйкатсыздык», ...

1 2499

Дүйнөдөгү эң коркунучтуу азык кайсыл экени белгилүү болдк

10-август 2017, 02:04 Камчыбек Бостон

Адамдын ден соолугуна эң коркунучтуу азык болуп “0% sugar” деген эскертүүсү бар диетикалык газдалган сууну америка окумуштуулары айтып чыкты, деп жазат elle. Белгилей кетчү нерсе, бул суусундуктар дүйнө жүзүндө аябай популярдуу, кээ бир өлкөлөрдө аны ден соолукка пайда деп да айтышат.  Америкалык окумуштуулардын айтымында, күнүнө ичилген бир банка диетикалык газдалган суу мээге таасир берип, инсультка алып барат. Америка жүрөк асоциациясынын журналына басылган маалыматка ...

0 2436

Простатит – эркектердин биринчи душманы

08-август 2017, 14:02 Перизат Кутманалиева

Простатит – бул эркектердин жумуртка безинин сезгенүүсү, андагы шишик. Көп кездешүүчү урологиялык бул оору 20-50 жаштагы эркектерде болот. Ошентсе да 50 жаштан өткөн эркектердин арасында простатиттен жабыр тарткандар көп кездешет. Оорунун өнүгүшүнүн жана курчушунун күнөөкөрлөрү ар кандай факторлор болушу мүмкүн. Мисалы: Инфекция. Простатиттин өнүгүшүнүн негизги себеби - инфекциялык оорулар. Мисалы, гонорея, хламидиоз, микоплазма жана башка ушул сыяктуу. Организмдин өтө муздап кетүүсү. Үшүү да простатиттин ...

0 1646

Сакалдын пайдасы теринин рагын алдын алат

08-август 2017, 12:20 Перизат Кутманалиева

Сакал - кайсы бир деңгээлде учурдагы актуалдуу темалардын бири. Аны жактыргандар да, жактырбагандар да бар. Эмесе, анын мааниси, орду жана сакалды күтө билүүнүн айрым ыкмалары тууралуу маалымат беребиз. Сакалдын пайдасы 1. Теринин рагын алдын алат. Сакал терини күндүн зыяндуу таасиринен сактап, зыяндуу ультрафиолет нурлардын 95 пайызын өткөрбөөнү жөнгө салат. 2. Аллергияга жол бербейт. Мурундагы түктөр мурунду бактерия, аллергендерден коргогон сыяктуу, сакал да бетти ооруну пайда кылуучу ...

0 506

Британиялык медиктер алтындын чаңы менен ракты дарылоону үйрөнүштү

08-август 2017, 09:29 Перизат Кутманалиева

​​Мындай пикирге алар алтындан башка металлдардын атомдорунун адамдын денесине түшкөндөгү пайда-зыянын изилдөө алкагында жасалган эмгектерден соң келишкен. Британиялык биологдор алтындын атомдору же нанобөлүкчөлөрүнүн жардамы менен жасалган коопсуз химиотерапияны ойлоп чыкты. Бул туурасында РИА Новости Angewandte Chemie журналына шилтеме берип жазды. "Алтындын мурда билбеген химиялык касиетин ачтык. Тажрыйба бул металлды химиотерапия менен залалдуу ...

0 860

Шашылыш билдирүү: 11-13-августка чейин туруктуу эмес аба ырайы күтүлөт

08-август 2017, 03:23 Гүлжан Шерипбаева

2017-жылдын 11-13-август күндөрү өлкө боюнча туруксуз аба ырайы күтүлүүдө. Бул туурасында ӨКМ маалымдады. Маалыматка ылайык, мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Булак: NazarNews.kg

0 984

Кантип донор боло алабыз?

07-август 2017, 16:41 Перизат Кутманалиева

Бир адамдын тапшырган каны үч адамдын өмүрүн сактап каларын билдиңиз беле? Эмесе, кимдир бирөөгө жакшылык кылгыңыз келип, эмнеден баштарыңызды билбесеңиз кан тапшыруунун шарттарын баяндайбыз. Кимдер кан тапшыра алышат? Кыргызстандын ар бир он сегиз жаштан алтымыш жашка чейинки дени сак жараны донор болууга укуктуу. Донор боло турган адамдын салмагы элүү килограммдан аз эмес болушу шарт. Ошондой эле ден соолугу чың болушу керек. Кимдер кан ...

07-август 2017, 16:41 | 984
0 633

Эркектер жугуштуу дарттардан көбүрөөк жабыркайт

06-август 2017, 17:39 Айдар Нуралиев

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстамдн 2016-жылы аялдар жана эркектер арасында көп катталган оорунун түрлөрүн аныктады. Мекеменин маалыматына ылайык, 2016-жылы ар түрдүү оору менен өлкөдө 1 млн. 579 миң 361 аял, 987 миң, 441 эркек катталган. Алардын арасында дем алуу органдары менен кан айлануу органдарынын оорусуна кабылгандар көп экен. Ошондой эле аялдар заара кылуу системасынын, тамак сиңирүү органдарынын илдетинен жабыркап, көз ооруларына көп ...

0 1481

Сода - рак илдетин алдын алып, фурункулду кетирет!

05-август 2017, 16:27 Перизат Кутманалиева

Сода аталышындагы натрий туздарынын бир канча түрлөрү бар. Алар: натрий корбонаты, натрий гидроксиди, натрий карбонатынын декагидраты. Ал эми ашкана содасы – натрий бикарбонаты. Анын  пайдалуу жактары эчак эле белгилүү болгону менен көпчүлүк туура колдоно бербесе керек. Сода рак илдетинин өөрчүп кетүүсүн алдын алат. Андан башка да көп нерсеге пайдасы бар экенин төмөнкү макала аркылуу билсеңиз болот! Ракты айыктыруу үчүн – сода кошулган ...

0 1228

Хиджаб кийген айым кеч картаят

05-август 2017, 12:52 Перизат Кутманалиева

Жылдан-жылга элдин динден түшүнүгү кеңейип, хиджаб кийген айымдардын саны арбып барат. Бирок аларды түшүнгөндөр да, түшүнбөй туура эмес көз карашта карагандар да арбын. Эмесе, Алланын буйругу болгон хиджаб тууралуу сөз кылалы. Хиджаб деген эмне? Хиджаб – бул мусулман аялынын кийиминин аты. Аны мусулман аялдарынын кийүүсү талап кылынган, ислам дининдеги парздардын бири. Хиджаб араб тилинен которгондо «парда», «бөлүм» же «бөлүү», «калкалоо» деген маанини ...

0 4577

Кыздык чел ар кимде ар кандай

04-август 2017, 19:14 Жазгүл Урманбетова

Көпчүлүк адамдар кыздык белги биринчи жолку жыныстык катнаштан түшөт деп эсептешет. Бирок, бардык учурда андай эмес, анткени кыздык чел ар кимде ар кандай, айрымдарында төрөлгөндө эле жок болушу мүмкүн. Айрым аялдардын кыздык чели өтө калың келип, оңой менен жыртылбайт жана биринчи жыныстык катнашта катуу оорутууга чейин алып келет. Ал эми кээ бир учурларда кыздык чел кагаздай өтө жука болот жана ...

04-август 2017, 19:14 | 4577
Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 599

Сулуулук салонуна болгон сапарыбыз эмнелер менен коштолушу мүмкүн?

03-август 2017, 19:01 Жазгүл Урманбетова

       Сулуулук салону кубаныч, канааттануу, сулуу болуу оң сезимдер менен байланышкан жер болуп саналат. Бирок, сулуулук салонуна жана чач тарачка болгон сапарыңыз ар дайым зыянсыз эмес. Сулуулук салонуна жана жана чач тарачка болгон сапарыныз ар дайым ийгиликтүү болсун десеңиз төмөнкүлөрдү билишиңиз зарыл!   Бүгүнкү жашоодо ден соолукка коркунуч таасири бар, 100дөн ашуун патогендик бактериялар бар. Анын ичинде сулуулук салонунда ...

0 6271

Колтуктун тердөөсү менен жытынан арылуунун жолдору

03-август 2017, 17:18 Перизат Кутманалиева

Келбетиңиз кандай гана сулуу жана келишимдүү болуп турбасын, эгер колтугуңуз тердеп, жыттанып кийимиңизге нымдуу так калтырса, анда ал сөзсүз маанайды бузат. Мындай жагымсыз жагдайдан арылуу үчүн эң биринчи эле дезодоранттарды колдонууга шашылабыз. Бирок, дезодорантты көп колдонуу аялзатынын ден- соолугуна зыянын тийгизет. Андыктан элдик ыкманы колдонуп колтуктун тердөөсүнөн жана жагымсыз жытынан биротоло арылыңыз. 2 литр кайнак сууга 60 грамм ромашка салып, ага ...

0 1379

Жайдын ысык аптабында чиркейлерден кантип сактанса болот?

03-август 2017, 11:44 Жазгүл Урманбетова

Чиркей чакканда абдан жаман ситуацияга кабылып, көңүл чөгүп, оңтойтус абалга кабылып, чаккан жер кычыша баштайт. Кимдерди чиркей биринчи чагат? Адатта чиркей  жаш балдарды жана териси жука ак жуумал адамдарды чагат экен.Ошондой эле, иммунитети начар адамдарды чиркейлер жакшы көрөт. Кан ичкичтер чаккандан кийин узундугу 0,5 см болгон тактар калат. Ал эми кичинекейлерди чакканда алар абдан жаман абалга калып, ыйлашат, чиркей  чаккан жерлер чоңоюп ...

0 1338

Аялдар үчүн эң кооптуу суусундук

Жакында эле бир топ окумуштуулар аялдын ден соолугу үчүн эң кооптуу суусундук сыра экенинин аныкташты. Ооба, сыра эркектер үчүн да аялдар үчүн да зыяндуу. Бирок, алкогольдуу суусундук эң көп таасири назик жандар коомуна тийет Сыраны көп ичкен аялдардын сулуулугун гана бузуп койбой, гормоналдык абалдын өзгөрүүсүнө алып келет. Сыранын курамындагы фитоэстроген кыз баланынын ден соолугуну үчүн зыяндуу болуп саналат экен. Аталган зат организмге түшөрү ...

0 595

Батыралиев мырза соопчулук үчүн көңүл буруп койсо

Батыралиев Чолпон-Атанын ооруканасына көңүл буруп койсо жакшы болот эле. Ысык-Көл райондук ооруканасынын кызматкерлери өз иштерине кайдыгер мамиле жасашат. Шалаакы врачтардын айынан адам өлүмү менен коштолгон фактылар толтура кездешет. Айрыкча жайкы сезондо эс алуучуларга көрсөтүлгөн медициналык жардамга көңүл тойбойт. Кокусунан кечинде жардам сурап барып калсаң шоруңдун катканы. Уйкусураган медсестра менен врачтын кебетесин көрүп жийиркенесиң. Тез жардам машинеси короодо токтоп турат, бирок чакырууларга эзели ...

0 1640

Курсагындагы наристе кыз болгону үчүн төрт жолу аборт жасаткан аял көз жумду

Бул окуя Кытайда болду. Кытай калкынын санынын көптүгүнө байланыштуу 1979-жылдан бери “Бир үй-бүлөгө – бир бала” саясатын сактап келет. Азыркы учурда бир үй-бүлөгө эки балалуу болууга уруксат берилген. Каза болгон келиндин бир кызы бар эле. Күйөөсү уулдуу болууну каалагандыктан, ал бир жылдын ичинде курсагындагы 4 кызын алдырткан. Төртүнчү жолу боюнан алдыргандан кийин күйөөсү аялын таштап кеткен. Бейтаптын өмүрү үчүн күрөшкөн дарыгерлердин да аракети ...

0 1470

Тишке туура кам көрүү

“Тишиң барда таш чайна, тишиң жокто аш кайда?” демекчи, тиш биздин ден соолугубуз менен сулуулугубузга эң биринчилерден болуп кам көрөт. Анда кеп анын аткарган милдети тууралуу эмес, а ага туура кам көрүү тууралуу болсун. Карылык менен күрөшүүдөгү негизги эреже “Сүйүү тиш оорудан башкасынын баарын жеңет” деген жакшы сөз бар. Терең маанисине үңүлө турган болсок, чындап эле ошондой. Сүйүү сулуулукту сүйөт. Ал эми сулуулукту ...

25-июль 2017, 19:09 | 1470
0 581

Африкада ВИЧ дартын жеңген кыз табылды

Ал сегиз жыл бою антивирустук дарыларды ичпей оору менен күрөшүп, жыйынтыгы жакшы болгон. Жонс Хопкинс атындагы балдар борборунун вирусологу Ави Виолари Африкада бир кыз ВИЧ илдетинен толугу менен айыкканы тууралуу Lancet журналы жазып чыкты. Атайын программанын алкагында энеси ВИЧ менен ооруган бир айлык балдардын атайын тобу илдетке каршы дарыларды 40 жумага чейин алышкан. Андан кийин окумуштуулар дарылоону токтотуп, илдет кайра чыгышы ...

0 3270

Эмне үчүн эркектер жыныстык катнаштан кийин дароо уктап калышат?

Дээрлик ар бир аял качандыр бир кезде, эмне үчүн анын өнөгү жыныстык катнаштан кийин дароо катуу уйкуга кетерин, ал эми өзү уйкусуздук менен көпкө күрөшөрү жөнүндө ойлонсо керек. Кантип эле алар (эркектер) эч кандай сезимдерсиз жана өзүнүн өнөктөшүнө кичине көңүл буруп койгулары келбейт? Кое туруңуз... чынында бул жерде көп нерсе эркектин сезиминен көз каранды эмес, анткени гормондордун өзгөчө топтому уктатуучу ...

0 4537

Өт оорулары

Туура эмес тамактануунун негизинде адам баласы өзүнө “бир букет” ооруну камсыз кылат. Алардын бири - өт оорулары. Биздин өлкөдө бул дартка жылына эки миңден ашык жаран кабылса, алардын көбүн аялдар түзөрү белгилүү болду. Мына ушул өт оорулары тууралуу кенен маалымат алып, бул органыңызды сактап жүрүңүз. Өт эмне кызмат аткарат? Өт - боордун астында жайгашкан кичинекей мүшөкчө түрүндөгү орган. Боор иштеп чыккан өт ...

24-июль 2017, 17:53 | 4537
0 935

Байыртан кыргыз эли колдонгон табигый 10 дары

Сиздин назарыңызга кыргыз эли илгертен колдонуп келген табигый дарылар сунушталат. Бирок аларды колдонуунун алдында сөзсүз дарыгер менен кеңешип алуу алуу кажет экенин эскертебиз. Эңгилчек Бул тоолуу аймактарда ташта жабышып өскөн өсүмдүк. Өтө бийик эмес, жалпак, алар ар түркүн түстө болот (кызыл, сары, көк ж.б.). Бул өсүмдүктүн эки түрү бар, т.а. ургаачысы, эркеги. Ургаачысы — майда быржыгы көп болот, ал эми эркеги — чоң-чоң ...

0 3599

Төшөктөгү тыюу салынган 8 адат

Хюррем Султандын кеңештерине да кезек келип жетти. “Түнкү оюн” эки адамга тең тиешелүү болгондуктан, эки жактын тең суранычын канааттандырууга аракет жасаш керек. Бүгүн эркектердин көзү менен төшөктөгү тыюу салынган 8 адаттын тизмесин сунуштайбыз. Анда эмесе окуп олтуруп, өзүңүздү салыштырып көрүңүз! 1. Сүйүктүүңүздүн денесин эркелетип жатканда жагымсыз угула турган аттарды колдонбоңуз! Мисалы “кирпим”, “маймылым” деген сыяктуу сөздөрдүн такыр кереги жок. 2. Төшөктө акча ...

0 640

Тоңдурулган жашылча-жемиштердин витаминдүүлүгү ошол бойдон сакталат

Жай - түркүн жер-жемиштер, мөмөлөр менен организмди витаминдерге байытуучу мезгил. Берекелүү бул ай тез эле өтүп кетип, кыштата сагынабыз. Ал эми жашылча-жемиштерди, мөмөлөрдү туура тоңдуруу менен жайдын кереметинен бир үзүм болсо да кышка сарамжалдап алса болот. Кайсы жемиштерди тоңдурууга болот? 1. Өрүк жана кара өрүк Өрүктү жууп-тазалап данегинен ажыратып алган соң желим баштыкка же желим идишке салып сактаңыз. 2. Алма, бий алма, алмурут Жууп, данегинен ...

0 3807

СҮРӨТ- Боорун алмаштырууга муктаж болуп жаткан бейтап: "Үч баламдын мага эркелегин көрүп ыйлап алам"

22-июль 2017, 17:27 Камчыбек Бостон

Ичи шишип, бир жылга жакын төшөктө жаткан Майрамбек Качкынов боорун алмаштыруу зарыл экендигин айтып берди. "Буга чейин ден соолугум аябай жакшы болчу. 2008-жылдан тартып ооруп баштадым. Дарыгерлер гепатит-Б дарты деп аныкташты. Акыркы бир жыл аралыгында төшөккө жатып калдым. 7 ай мурда ичим шишип баштады. Дарыгерлер боорду алмаштырууну сунуш кылышты. Бирок ал үчүн 41 миң доллар керектелет экен. Операция Индияда жасалат ...

0 607

Энелердин өлүмү кыскарды

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлдөрү менен Бишкекте жолуккан учурда Кыргызстанда төрөттөн каза болгон энелердин саны кыскарганын билдирди. Соңку расмий маалыматтарга караганда, 2016-жылы бул көрсөткүч 100 миң төрөлгөн балага 30,3 учурду түзгөн. Энелердин өлүмү 2015-жылга караганда 21,3% төмөндөгөн. Өлкөнүн башкы акушер-гинекологу Раиса Асылбашеванын “Азаттык” радиосуна айтымында, 2016-жылы 48 эне өлүмү катталса, быйыл алты айда 22 эне төрөт ...

21-июль 2017, 11:56 | 607
0 4916

Климакс – оору эмес, жашоонун жаңы этабы

Климакс – 40-50 жаш курагында ар бир аялда кездешүүчү табигый процесс. Климакс учурунда организмде өзгөрүүлөр болот: жыныс бездеринин кызматы басаңдап, аял бала төрөөгө жөндөмсүз болуп калат. Бул процессти көпчүлүк аялдар картаюунун белгиси катары кабыл алышып, аябай оор көтөрүшөт, депрессия болгонго чейин барышат. Климакс жаш куракка карабайт Климакстын башталышынын орточо жаш курагы – 51 жаш. Бирок анын так көрсөткүчү жок. Көпчүлүк аялдар бул ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 2595

Организмге кайсы витамин жетишсиз экенин кантип билсе болот?

Чың-ден соолук бул – адамдын жаркылдаган жүзү. Эгерде келбетиңиз келишимдүү болуп турса, мунун өзү чоң жетишкендик. Бул жетишкендиктерге жетүү үчүн организмди керектүү 1. Теринин кургашы Эгерде териңиз кургап, түлөп жатса, анда сиздин организмиңизде E витамини жетишсиз. Мындайда кадимки жаңгак, майлуу балык жана өсүмдүк майы кошулган тамактар жардамга келет. 2. Чач жана тырмактын морттугу (сынып калуусу) Организмдеги В витамини жана кальцийдин жетишсиздиги чач менен тырмакты морт кылат. Тырмак ...

0 1344

Доула: кош бойлууну коштоп жүрчү кесип

Кыргызстанда соңку бир жылдан бери кош бойлуу аялдарды эки кат болгондон баштап төрөгөндөн кийинки убакка чейин кам көрүүчү доула кызматы иштей баштады. Кыргыз коомчулугуна жаңыдан кирип жаткан доула деген эмне, кандай кызматтарды аткарат? Кыргыздарда илгертен бери эле эмчи-домчу аялдар кош бойлуу келиндин ичиндеги баласын жеңил көтөрүүсүнө, төрөтү оңой болуусуна жардам берип келишкен. Демек, доула кызматынын өзөгү илгери эле калыптанган. Болгону азыркы ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83