www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ден-соолук
0 4436

Күлүйпа Жумабекова,кыл тамырчы:Ичеги жабыркаса көздүн көрүүсү начарлап, геморрой  күч алат

“Сезгенүү, чоочуу, коркуу  адамдын организминдеги түрдүү дарттардын күчөшүнө шарт түзөт” “Дарыгердин ченеми-чеңгелинде, эрдиги-энтиккен ооруну жеңгенинде”  дегендей Күлүйпа эже  бир канча жылдан бери адамдарды не бир шумдук дарттардан арылтып,  Кудайга үнү жетип, жашоодон үмүтү өчкөндөргө өмүр тартуулап, алкышка татып, медицина дарысын таба элек рактан жабыркагандарга  жардам берип, сакайтып  келет.  Күлүйпа эженин дарыгерлик касиети күчтүү болгон үчүн  канчалаган дарттарды эч бир аппаратсыз, тамыр кармап аныктап, негизги ...

0 1092

Рак илдетин жеңүүнүн сырлары

Атактуу америкалык дарыгер Лоуренс Ле Шан эң коркунучтуу деп эсептелген рак оорусунан айыгууга болот деген пикирде. Отуз жылдык иш практикасы дарыгерди ушундай жыйынтыкка алып келген. «Адам жакын арада өлөрүн билгенде гана кыймылдай баштайт» дейт ал. Чындыгында эле көпчүлүк кинотасмалардан деле көрүп жүргөндөй, айыккыс дартка чалдыгып, өмүрүнүн акыркы айларын жашап жаткан адам «башкача» жашай баштайт. Көзүм түрүүдө жетишип калайын деп көптөн ...

0 7496

Көңүл буруңуз: Простатиттен таза айыгуунун жолу бар

Күлүйпа Жумабекова, кыл тамырчы: Простатит да эркектердин кендирин кескен, азапка салган дарт. Медицинада аны антибиотик жана массаж менен сакайтат. Бул дартты убагында дарылабаса, медицинада өтүшүп кеткенде операция  жолу менен сакайтууга аракет кылат. Менин дарыгерлик тажрыйбамда простатитти дары чөптөрдүн тундурмасы жана массаж аркылуу сакайтып, калпыс айыктырам. Анткени, простатит маани бербей коё турган дарт эмес. Ал эркектердин азабын колуна берип, жашы өткөндө ...

0 1124

Ашыкча кофе ичкен студенттер бир өлүмдөн калышты

Британиядагы Нортумбрия университети 400 миң фунтка (0, 5 млн доллар) айыпка жыгылды. Буга, эксперимент учурунда, аталган окуу жайдын 2 студентине, кофеиндин дозасын ашыкча берип алышканы себеп болгон. Алар - адам физикалык кыймылда болгон учурда, кофеиндин канчалык деңгээлде таасири тийээрин аныктап жатышкан. Туура эмес жасалган эксперименттен улам, студенттерге 300 чөйчөк кофеге тең болгон дозадагы кофеинди беришип, күткөн натыйжадан 100 эсе жогору жыйынтык алышкан. Мындай ...

0 1296

Мээ жөнүндө 10 факт

Мээ аркылуу бийиктикке көтөрүлүп, болуп көрбөгөндөй ийгиликтерге жетишсе  болот. Бирок, ал үчүн мээнин иштөө принциптерин билүү керек. Cиздерге мээнин иштөө факторлору жөнүндө жазып, анын үстүнөн бүгүнтөн баштап иштөө керек экендигин сунуштайт. Мээ ар бир ойлогон ойго таасирленгени менен, кайсыл жакта чындык жана кайсыл жакта фантазия жатканын түшүнө бербейт. Ошон үчүн жашоодо «түстүү көз айнекчен» адамдар башкаларга караганда  өздөрүн көбүрөөк бактылуу сезишет. Мээнин ...

08-июнь 2017, 15:55 | 1296
0 6269

Тестиер кызды азапка салган айыз

Таң эртең дааратканага барган тестиер кыздын эси чыгып кетти. Алаасы бүт кан, кадимки кыпкызыл кан. Кыздын бүткөн бою титиреп, жан айласын таба албай алдастап калды. Бул эмнеси? Кан кийимдеринен өтүп төшөнчүлөрдү да булгаган. Эч жери деле ооругандай болбоду. Апасына билдирбей бир сыйра кийимдерин которуп кийди. Анан үйдүн артына акырын өтүп арыктагы кол салса үшүткөн муздак сууга ичиркенсе да жуунду. Жаны ...

1 11710

Кыздарды сүннөткө олтургузуу 100 миллиондон ашты

Аялдардын сүннөтгө олтургузуусу бул Африканын көп өлкөлөрүндө салт катары сакталып калган. Африка элдеринде кыздар жаш кезинен сүнөткө олтуруп, турмушка таза чыгуусуна шарт түзүп берет деген ишеним жашайт. Сүнөткө олтурган аялдардын саны бүгүнкү күндө 100 миллиондон ашкан. Кичинекей кыздарды эч кандай ооруну басуучу дарысыз "жыныс кынын" кесип салат. Ооруну басуучу дары катары деңиздин суусун жана эчкинин сүтүн колдонушат. Көп кыздар кан көп кеткендиктен алсырап ар ...

0 4933

28 жыл бою шекер жебеген 70 жаштагы аял

70 жашар австралиялык Каролин Хартц 3 баланын энеси, татынакай көрүнөт. Ал 28 жыл мурда шекерге абдан көз каранды болгондугун мойнуна алат.“Көбүнчө аялдар 50 жаштан кийин, фигура менен салмакты сактоого мүмкүн эмес дешет. Кээ бир 40 жаштан өткөн балалуу аялдар дагы фигурасын мурунку калыбына келбейт деп эсептешет”. Каролиндин айтымында, мунун баары мүмкүн, болгону көп аракет кылып, анан чындап эле каалоо керек. Чындыгында ...

0 5914

Раиса Атамбаева кызыл көйнөк кийип көчөгө чыкты

03-июнь 2017, 16:23 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн Тарых музейинин алдында “Кызыл көйнөк” аттуу долбоор алкагында аялдардын саламаттыгына арналган акция өттү. Аялдарга арналган иш-чараны Президенттин иш башкармалыгына караштуу клиникалык ооруканасы уюштурган. Аталган акцияга ажонун жубайы Раиса Атамбаева да катышты. Бул иш чарага катышуучулардын баары кызыл көйнөк кийип келди. Ал жерде келген аялдардын денсоолугу акысыз текшерилди. 200дөн ашуун айымдар йога, гимнастикалык көнүгүүлөрдү жасады. Айымдардын саламаттыгына арналган акция 2002-жылы Америкада башталган. ...

0 1572

Сабыр Жумабеков жардамга муктаж Гүлмира айымды бекер даарылайт…

Дүйнөгө таанымал болгон мекендешибиз, Академик, врач-ортопед Сабырбек Жумабеков, социалдык тармактарга чыккан  Гульмира аттуу айымдын оор акыбалын көрүп, аны өзү акысыз текшерип, даарылоону чечти. Бул маалыматты соцтармакка чыккан видеороликке Сабырбек Артисбекович өзү комментарий катары жазып билдирди: -Мен Венада Конгрессте жүрүп видеону көрдүм. Жүрөктү оорутат. Менин бейтапканама алып барсаңар, жаткызып, текшерип даарылап беребиз. Бүт баары бекер болот. Орун басарым Кубатбеков Алмаз күтүп алат. Мен ...

0 2480

Жай айындагы пайдалуу жемиштер

Кыш жана жаз айларында организмден азайган витаминдерди калыбына келтирүү үчүн эң сонун учур келди. Учурда базарларда дээрлик бардык эле жашылча- жер- жемиштерди табууга болот. Андыктан организмди витамин менен камсыздап, ден- соолугуңузду чыңдаңыз жана төмөндөгү азыктарды сөзсүз тамак- ашыңызга колдонуп жеңиз. Спаржа. Спаржа пайдалуу жана даамдуу жашылча, айрыкча салаттын даамын арттырат. Диеталык азыкка кирет. Курамында 4 ккал бар жана фолиевой, калий заттарына бай ...

0 1078

Батыралиев ишти кайсыл жагынан баштаарын билбей башы маң

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев жетекчилик сапатын көрсөтө албай койду. Өз каалоосу менен кызматын тапшырып берип кетип калса, жалпы кыргыз элинин сообуна калаар эле. Медицина тармагында болуп жаткан үрөй учурган фактылар катталууда. Муну менен Батыралиевдин түнкү уйкусу кантип тынч болуп жатат белгисиз. Мына кечээ жакындан бери Балыкчы шаардык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө акушер-врач толготуп келген келинди төрөтөм деп ымыркайдын башын жулуп алгандыгы ...

0 762

Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук онкология борборунун балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнүн пациенттерин көрдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 1-июнда, Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология борборунун балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө барды. Мамлекет башчысы балдар бөлүмүнүн палаталарына кирип, бөбөктөр менен сүйлөштү, аларды балдарды коргоонун эл аралык Күнү менен куттуктап, белектерди берди. Президент ошондой эле балдардын ата-энелери жана мекеменин жамааты менен маектешип,  оор кеселге чалдыккан балдарды дарылоо шарттарын ...

0 827

Кытайда куш тумоосу күч алууда

Кытайдын түндүк батышындагы Шанши аймагынын Юлин шаарында канаттуулар фермасында иштеген бир кишиде куш тумоосунун бар экендиги белгиленди. Юлин саламаттык жана үй  - бүлө пландоо бюросунан берилген маалыматта жогорку дене табы жана жөтөл белгилери менен ооруканага жаткырылган кишиде H7N9 вирусу табылды. Бул киши менен байланышкан кишилер да текшерүү максатында байкоого алынды. Ошол эле учурда шаарда 20 миңден ашуун канаттуу куш тумоосунан улам ...

0 12833

Боюнда бар аялдар эмнеге шишийт?

Бала күтүп жаткан учурда болочок эненин организминде көптөгөн өзгөрүүлөр болот эмеспи. Алардын бири – кош бойлуулукту коштогон шишик. Башка учурда жүрөк-кан тамыр же бөйрөк ооруларынан белги берип турган шишик кош бойлуулук учурунда канчалык деңгээлде коркунучтуу?.. Шишик эмне үчүн пайда болот? Кош бойлуулуктагы шишиктин негизги себебин көпчүлүк дарыгерлер сууну көп пайдалануудан деп түшүндүрүшөт. Бирок, шишиктин негизги себеби суу эмес. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, шишик ...

0 1820

Аялдын кулагына жөргөмүш кирип жашап алган

Лондондун жашоочусунун кулагына жөргөмүш жашап алган бул тууралуу  Daily News жазып чыккан. Маалыматтар боюнча аял врачга кулагы ооруп жатканын айтып кайрылган. Кабылдамада олтурганда аял кулагыны кычышуусуна жана оруганына  чыдай албай араң олтурган. Биринчи жана экинчи текшергенде байкалган эмес. Аялдын кулагы шишип оруусу күч алганда гана врач өзү көзөмөлдөп жөргөмүчтү таап чыккан. Чакырылбаган конок кайдан кирип жашап алганы аялды да абдан таңгалдырган. Булак: NazarNews.kg

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 612

Бахила бизнеси

Биз баарыбыз эле самолет менен учканда текшерүүдөн өтүп жатканда бутубузга кийүү үчүн бахила бекер берилет. Бирок Бишкектин медициналык мекемелерине, Улуттук госпиталдын урология бөлүмүнө кирип калсаныз, ал жерде эшик тосуп турган аял “Бахила сатып алыңыз” деп тоту куштай сайрап турат. Анысы 5 сом. Бахила сатып алууга мажбурлоо менен медициналык мекемелер 100 минге чукул каражат табарын көпчүлүк этибарга албаса керек. А бирок, ооруканаларга баш ...

31-май 2017, 11:14 | 612
0 1550

Орозону эмне бузат?

Орозону эмне бузат? • Атайылап бир нерсе жеш же ичиш • Эрди катын жыныстык мамиле кылышы • Атайын кусуу • Аялдардын этек кири (хайз) келиши • Аялдардын төрөттөн кийинки каны (нифас) келиши • Атайылап урук суюктугун чыгаруу – истинмаа (мастурбация,) Аллах Таала айтты: “…Мына эми, аялдарыңар менен (түндө) кошула бергиле жана Аллах силерге жазган нерсени ниет кылгыла. Жана тээ таң мезгили келип, ак жип кара жиптен ажыраганы ...

29-май 2017, 17:23 | 1550
0 3735

Адам эмне үчүн эстейт?

    Эстөөнүн себептери 1. Мээнин кызып кетиши. Муну аныктоо үчүн америкалык окумуштуулар байкоо жүргүзүшкөн. Бир нече адамдарды эки топко бөлүп, биринчи топтогу адамдардын маңдайына муздак компресс, ал эми экинчи топтогу адамдардын маңдайына жылуу компресс коюшкан. Жыйынтыгында муздак компресс коюлган адамдар экинчи топтогу адамдарга караганда аз эстешкен. 2. Эмгекке болгон жөндөмдүүлүктүн азайышы. Адам активдүүлүгүн жоготкондо бардык органдар, системалар да жай иштеп баштайт. Натыйжада канда ...

29-май 2017, 11:02 | 3735
0 1811

Табигый азыктар сулуулукта канчалык пайдалуу

Айран Айран чачты бекем кылат жана жалтыратат. Беттин терисин азыктандырып, нымдаштырат жана бырыштар менен активдүү күрөшөт. Айранды Германияда азыктандыруучу бет майлардын курамына кошушат. Жумасына бир жолу чачты шампунь менен жуурдан мурда бир стакан айран сүйкөсөңүз, чачыңыз көп түшпөй, кургап кетпейт. Бетке да жумасына бир жолу 50 мл айран менен 1 жумуртканын сарысын аралаштырып сүйкөп, 10-15 мүнөттөн кийин муздак суу менен жууп ...

0 661

Түркиянын боор трансплантациялоо боюнча ийгилиги дүйнөнү суктандырууда

Түркия жандуудан боор трансплантациялоо боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. Чехиянын борбор шаары Прагада өткөрүлгөн Дүйнөлүк Боор трансплантациялоо конгрессинде бөлүшүлгөн көрсөткүчтөргө караганда Түркияда өткөн жылы 1391 трансплантация жасалды жана мунун 1003ү жандуудан жасалды. Эл аралык Боор трансплантациялоо коомунун башкаруу кеңешинин мүчөсү, проф.Яман Токат, «Анадолу» агенттигине берген маалыматында конгрессте АКШ,Италия,Испания, Франция, Мексика, Индия, Кытай, Германия жана Түштүк Корея сыяктуу көп сандаган өлкөнүн адистери орун ...

4 19769

Сүрөт: Жаш кыз "рактан" өлөөрүн укандан кийин, кыялындагы үлпөт көйнөгүн кийип фотосессия жасады

Тайваньдын жашоочусу кичинекей кезинен тарта жомоктогудай үйлөнүү үлпөт тойун кыялданган. Бирок 27 жашында ал айыкпас дарттан көз жумаарын уккан. Өлүм алдында ал кыялданган үлпөт көйнөгүн кийип сүрөтгө түшүүнү каалаган. Кью Мэй Чен 27 жашында "эмчек рагынан" өлөөрүн билип көздүн жоосун алган пейзаждардын жанында үйлөнүү үлпөт фотосессиясын жасады. Кью Мэй Чен өзүнүн  facebook баракчасында төмөндөгүлөдү жазган: 24 жашымда мага "эмчек рагы" деп диагноз коюшту. 26 жашымда ...

0 5753

Жылан менен жыныстык катнашка барууну көздөгөн эркек

Жылан менен жыныстык катнашка барууну көздөгөн америкалык эркек киши оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түштү. Чет элдик басылмалар маалымдагандай, мас абалдагы эркек киши токойго сейилдөөгө чыккан. Ал жолдон сойлоп бара жаткан жыланды көрүп, аны менен жыныстык катнашка барууну каалаган. Бирок, жылан мас кишини катуу чагып алган. Анын кесепетинен жабырлануучу эс-учун жоготуп, ооруканага түштү. Дарыгерлер аны аман сактап калышкан. Бирок, жыландын уусу денеге тарап ...

0 11940

Видео: Жыланга окшош адамдан элдер айланып качып жатат

Филиппиндин тургуну Антонио Релой "ихтиоз" аттуу дартка чалдыккан.  Ал дарттын өзгөчөлүгү адамдын өңү чопонун түсүндөй болуп териси кургап картайып кетет.Бул тууралу Вести.ру сайты кабарлайт. Антонио Релойдун териси дарттан аябай азап тарткан. Жакындары аны тирүү жыланга окшотуп, каргыш тийген деп ойлойт. Бул дарттын айынан апасы 12жашында таштап кеткен.Ал убакта апасы 26 жашта болгон, атасы болсо ал төрөлө элек кезде каза болуп калган.  Антонио өзүн желмогуз санагандардан ушунчалык ...

0 11768

Сүрөт:Арыктайм деп тирүү мумияга айланган актриса

Актрисалык кесибине байланыштуу жумушунан айрылып калган Рефчел Фаррох бир нече килограмм салмак таштамакчы болуп, анарексия дартына чалдыгып калган. Каттуу  ойлонуп деппресияга түшүп кеткен актриса азыр 18 килограмм болуп калганын Fishki.net сайты кабарлайт. Жумушсуз калган актриса Рейчел Фаррохтун азыр териси менен сөөгү гана калган. Мындан он жыл мурун актриса аябай сымбаттуу,сулуу болгон. Ашыкча салмак менен күрөшүп баштаган мезгилин азыр эстегиси да келбеген актриса, мурунку калыбына келүүнү ар бир аткан ...

0 1584

Түркмөнстан өкмөтүнүн төрага орун басары өз жанын кыйды

Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Батыр Эрешов өз жанын кыйды. Өлкөнүн расмий ММКларынын билдиришинче, ал 3-майда, уулу ири суммадагы акча менен кармалгандан бир нече күн өткөндөн кийин асынып алган. Түркмөн бийлигиндеги булактын маалыматы боюнча аткаминердин уулу камакка алынган кийин Эрешовдун артынан андуулар башталган. «Анын уулу ири суммадагы акча менен кармалган. Андан соң аңдуулар башталып, ага ар тараптан камала тургандыгы эскертиле баштаган. ...

0 930

Кытайда куш тумоосу

Кытайдын түштүк батышындагы Сычуань аймагында бир кишиде H7N9 вирусу табылды.2 Синьхуа агенттигинин берген кабарына караганда аймактын Зыгонп шаарында бакма канаттуу сатуучусу Ванг аттуу бир оорулууда куш тумоосунун вирусу бар экендиги билдирилди. Жергиликтүү бир ооруканада дарыланып жаткан Вангдын абалынын олуттуу экендиги белгиленди. Шаарда бакма канаттуулар жана продукциялар сатылган бардык базарлар бир айлык мөөнөт менен жабылды. Адистер вирустун адамдан адамга жугуу өзгөчөлүгүнүн жок экендигин ...

23-май 2017, 10:22 | 930
0 6420

Эмчек рагынын башталгыч этаптарын кантип байкаса болот

Эмчек рагынын башталгыч этаптарын мына бул белгилерден улам байкаса болот: Эмчек ооруй баштайт. Эмчектин көлөмү бири чоң, бири кичине болуп, эмчекке бүртүкчөлөр пайда болот. Эгерде эмчек бездери ооруп, кыжаалат кыла  баштаса, врачтарга көрүнүш керек.  Ошондой эле  айызы келгенде  ыссык парга түшпөй сактанышы керек. Анткени, күндүн нуру да, ысык пар да рактын күчөшүнө шарт түзөт дейт элдик дарыгер Кулипа Жумабекова. Булак: "NazarNews"

0 2150

Туура тандалбаган бюсгалтер эмчек рагын чакырабы

Эмчектин рагынын күч алышына  туура тандалбаган бюсгалтердин да таасири бар. Азыр көкүрөгөн чоң көрсөткүсү келгендер  паралон, губкасы бар бюсгалтерлерди кийишет. Синтетика абаны өткөрбөгөндүктөн, денеде жогорку температурдагы ыссык ар кандай жаман оорулардын пайда болушуна шарт түзөт. Ал эми губкасы жок бюсгалтер тагынгандар хб эмес,  синтетика тагынгандыктан, алар да жаман дарттардын күчөшүнө шарт түзөп жатат. Ошон үчүн эмчек рагы менен трумушка чыга элек кыздар ...

0 1089

Ботокс куйгандан кийин мончого түшпөш керек

Бет булчуңдарына жана көздүн капталындагы точкалар аркылуу  ботокс куйгандан кийин мончого түшпөш керек. Анткени, булчуңдардын баары парга киргенде  бошогондо  ботокс бат эле тарап кетет. Ар бир адамдын имуниети, жашоо образы жана организминдеги өзгөрүүлөр ар башка болгондуктан ботокстун узакка чейин сакталышы же эрте тарап кетишине мына ушул факторлор да байланыштуу болот. Маселен, кээ бирөөнүкү беш айга жетсе, бирөөнүкү сегиз, тогуз айга жетет. Ботоксты ...

0 5673

Маймылдын башы алмаштырылды

Бул тууралуу «РИА новости» сайты жазып чыкты. Бүгүн Кытайда маймылдын башын алмаштыруу боюнча операция жасалды. Операцияны италиялык хирург Серджио Канаверо менен кытайлык кесиптеши Жэнь Сяотин жасаган. Операция ийгиликтүү аяктап, маймыл операциядан кийин 20 саат жашаган. Андан соң, маймылды уколдун жардамы менен уктатып коюшкан. Булак: «NazarNews.kg»

0 3315

29 жылда шал баласын бутунан тургузган эне

Кытай кызы Цзоу Хонгиан (Zou Hongyan) 1988-жылы төрөгөн. Тилекке каршы, зарлап жүрүп төрөгөн баласы шал болуп жарыкка келет. Аны көргөн врачтар, күйөөсү баладан баш тартууну айтышат. Баласынан баш тартпаган эне күйөөсү менен ажырашат. Баласын мындай дарттан айыктыруу үчүн бардык күчүн жумшап, бир эле маалда үч жумушта иштейт. Тамакты палочка менен жегенди үйрөтөт. Энесинин сүйүүсү, мээрими менен баласы Динг Динг 29 ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 842

Өзбекстанда медициналык билими жок табыптарга кескин чаралар көрүлүүдө

Өзбекстанда медициналык билими жок жана атайын уруксатсыз адамдарды дарылоо менен алектенип жаткандарга карата кескин чаралар көрүлүүдө. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Мекеме кызматкерлеринин биринин айтымында, өлкөдө адам өмүрүнө коркунуч жараткан элдик дарыгер аталган табыптардын ишмердүүлүгү тыкыр көзөмөлдө. Жакында эле Фергана облусунун Маргилан шаарында бир жигит адамдарды мыйзамсыз дарылоо менен алектенген табып Эрали Шералиевдин дарылануу курсунан өткөн. «Ҳуқуқ» («Укук») гезитинин маалыматына ...

0 5709

Ооздон чыккан жагымсыз жытка ПАРАЗИТТЕР себеп болушат. Башкы инфекционист Кыргызстандыктарга өзүлөрүн жана үй-бүлөөлөрүн кантип сактоону айтып берди.

Басылмадан:Дарыгерлер ооздон жагымсыз жыт пайда болуунун жаңы себебин аныкташкан: паразиттер. Жакында бир изилдөө натыйжасында паразиттер жашаган азыктар уулуу жана алар аш-казанда жабышкак бактериялардын өнүгүсүү үчүн жакшы шарттарды түзөөрү маалымдалган. Так ушул себептен улам, паразиттер менен жабыркаган адамдар ооздорунан чыккан бул жытка байкоо жүргүзө алат. —Бүгүн биз паразитология институтунун жетекчиси Ашимов Аскaрбек менен бул тууралуу маек курабыз. —Аскарбек ...

0 659

Йеменде холера

Оору борбор шаар Сана менен 14 аймакта эң көп жайылган. Йеменде холера эпидемиясынан каза болгондордун саны 186га жетти. Йеменде ушул күнгө чейин 4 миң 64 холера оорулуусу аныкталды. Оору борбор шаар Сана менен 14 аймакта эң көп жайылган. БУУнун Балдарга жардам фонду UNICEF Йеменде эки миллион 200 миң баланын азык – түлүк кыйынчылыгын тартып жаткандыгына көңүлдөрдү бурду. UNICEF холера эпидемиясынын жайылышынын балдарда ...

18-май 2017, 12:01 | 659
0 1600

Күнүнө курт кумурска менен тамактанган Кремена Деспинова

28 жаштагы Болгариялык Кремена Деспинова туура тамактануу жолунда жүргөн. Капысынан табигый таза белокторду издеп жүрүп бир жолу курт-кумурскалардан жазалган тамак жеп көрүп абдан жактырып калат. Андан көп өтпөй эле өзү дагы жалаң курт-кумурскадан жазалган тамак ашты өзүнүн күнүмдүк рационуна кошуп алган. Ошондон кийин Кремена Деспинованын ашканасында курт-кумурскалар баш багып баргандан коркушат экен. Булак: "NazarNews"

0 1363

«SEAR Psychology» Эл аралык психологиялык-педагогикалык борбору конференция өткөрөт

«SEAR Psychology» Эл аралык психологиялык-педагогикалык борбору Бишкек шаарында «Заманбап дүйнөдөгү ийгиликтүү ата-энелер» темасында конференция өткөрөт. 2017-жылдын 19-майында Бишкек шаарында «Заманбап дүйнөдөгү ийгиликтүү ата-энелер» темасында конференция өткөрүлөт. Ата-энелерге арналган мындай конференция Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлүүдө. Бул иш-чаранын сессияларында актуалдуу маселелер каралат: Күн өткөн сайын баламды түшүнүү кыйын болуп баратат! Анын агрессиясы кайдан-жайдан пайда болууда? Бала туура өсүп чоңоюшу үчүн ата-эне эмне кылыш керек? Жай келатат, баланы эмне ...

0 708

Эненин сүтү рак илдетин айыктырабы

Швецияда жүргүзүлгөн изилдөө, эненин сүтүнүн ичинде болгон «Хамлет» деп аталган заттын рак клеткаларын жок кылганын ортого салды. Лунд университетинен иммундаштыруу боюнча адис Катарина Сванборг, антибиотиктердин үстүндө иштеп жатканда бул изилдөөнү аныктаганын билдирди. Изилдөөгө караганда «Хамлет» менен эмделген оорулуулардын рак клеткаларынын бир канча күндүн ичинде жок болгонун көрсөтүүдө. Сванборг: «Хамлеттин дараметинин сыйкырдуу болгону сыяктуу. Эненин сүтү «альфа-лактальбуминди» камтыган белок, рак илдетине каршы күрөшүүгө жардам ...

0 654

Өпкөнүн өзгөчөлүктөрүн толук аткарган органоиддер

Америкалык илипоздор адамдын өзөктүк клеткаларынан өпкөнүн өзгөчөлүктөрүн толук аткарган органоиддерди ойлоп тапты. Илимпоздор аты аталган органоиддерди лаборатория чөйрөсүндө адамдардын өпкө ооруларынын үлгүлөрүн жаратуу үчүн колдонду. Бул изилдөө, дем алуу жолдорунун ооруларынын дагы да жакшы билинишин камсыздашы мүмкүн. Колумбия университетинин медицина борбору тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктары «Nature Cell Biology» журналында жарыяланды. Булак: "trt.net.tr"

0 1834

Өз майыңды сордуруп колдон

Өз майын сордуруп алып кайра өзүнө колдонуу ыкмасы биздин косметикалык борбордо колдонулат. Бул ыкманын ботоксчалык коркунучу жок. Анткени,  өз майыңды куйгандын эч кандай зыяны жок. Болгону, аны жакшы хирург жасашы керек. Анткени, май бүртүкчө болот. Аны кылдаттык менен жазыш керек.  Бул ыкманын кызмат акысы  кымбат болгону менен ар бир адамдын оргнаизмине жараша  1 жарым жылдан тарта  2 жылга чейин жетет дейт “Фа-Эстетик” сулуулук салонунун ...

0 1230

Ботокс организимге тийгизген терс таасирлерин билесизби?..

Ботокс таксин башкача айтканда уу болгондуктан ал жабыркап турган  органга таасир этип, кээ бирөөнү приступ да кылышы мүмкүн. Ошондой эле  кайсыл бир органда  жаныңды кыйнаган дартың болсо, аны өрчүтүп жибериши да мүмкүн. Кээ бирөөлөр эмнегедир улгайуудан качышат. Чынында улгайгыбыз келбей,   пластикалык  хирургиянын кызматын канчалык көп көрсөк да,  табияттын мыйзамынан эч  жакка качып кутула албайбыз. Картайуу менен канчалык күрөшкөнүбүзгө карабай убакыт  өзүнүкүн алат. Ага болбой ...

0 6557

Климакс башталганда аялдар ачуулу болуп калабы?

Кан алып, адам өмүрүнө коркунуч келтирген илдеттерден алдын алса болот. Мисалы, аялзаты 40-45-50-55 жаштарда климакс болот. Ошол учурда жана андан кийин жок дегенде жылына бир жолу кан алдырып турушу керек. Антпесе этек кири токтоп калгандан кийин айына эки-үч күн этек кири келчү маалда аялдар буулугуп, ачууланып, өзүнө батпай, каардуу болуп калышат. Ошол учурда кан алдырса жеңилденип организм тазаланып, баягыдай каардуулуктун ...

1 5691

Күнүнө аспириндин төрттөн бир бөлүгүн ичип туруунун пайдасын билесизби?...

Кан кою болуп кетпеш үчүн 40 жаштан кийин ар бир адам аспириндин төрттөн бир бөлүгүн ичип турушу керек. Кээ бирөөлөр "менин каным көп, донормун венамдан кан берип келдим. Жаман кандарым жок" деп келишет. Чынында венадан алган кан менен далынын үстүнөн алган кандын асман менен жердей айырмасы бар. Дегеним, венадан таза кан чыкса, далыдан, желкеден дээрлик жаман кандар чыгат деп билдирди элдик ...

0 2748

Инсульттун дарысы табылды...

Кээ бирөөлөр мен кант диабети, аккан менен ооруйм. Менден кан алууга болбойт. Кескен жер бүтпөй, ырбап кетиши мүмкүн деп коркушат. Кант диабети, ак канды, ал түгүл көздүн карегин эт, чел басып, тунарып көрбөй калуусун дагы кан алуу менен жакшыртса болот. Анткени, кан коюланып кеткенде көздүн майда кан тамырларына кан жетпей калып, көздүн көрүүсү начарлайт. Кан алганда канга кошо туман болуп жаткан ...

0 2816

Кош бойлуу учурда эмне себептен бетке сепкил түшөт?..

Аялзатынын кош бойлуу учурунда этек кири келбей калат. Ошол учурда организмдеги жаман кандар бетке чыгып, бетти кара так же сепкил басып кетет. Айымдар жаман кандар бетке чыгып кеткенин билбей көпчүлүк айымдар мындай учурду боюмда болгондо сепкил түшүп кетти деп коюшат дейт элдик даарыгер Кабылжан Юлдашев.  Булак: "NazarNews"

0 1968

Ысык-Көл: Кургак учукту алдын алуу өзүбүздүн колдо

"Кай жериң ооруса, жаның ошол жерде" - деген кеп бекеринен айтылбаса керек. Бирок, баардык илдетти алдын алууга неге болбосун. Дарыгер дарылайт деп эмес, өзүбүз алдын ала сактаналы. Соңку учурларда Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, ар бир секунд сайын дүйнөдө бир адам кургак учук оорусун жуктуруп алат. Ал эми, ар бир 20 секундда жер жүзүндө кургак учуктан бир адам ...

0 1670

Бишкекке жаңы маршруттук автобустар алынып келинди

  Бул жүргүнчүлөрдү ташуучу техника газ менен жүрүп, экологияга зыян алып келбейт Борбор калаанын көчөлөрүндө эртеңден тартып, Кытайдан алынып келинген 12 жаңы маршруттук автобустар чыга баштайт. Бүгүн, мэриянын имаратынын алдында жаңы каттамга кире турган автобустардын ачылышы болду.  Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов катышты.  Автобустар 2017-жылы өндүрүштөн чыгып, жүргүнчүлөрдү мыкты сапатта тейлөөгө ыңгайлашкан. Бул жүргүнчүлөрдү ташуучу техника газ менен жүрүп, экологияга зыян алып келбейт.  Ошондой ...

0 679

Бразилияда чукул абал жоюлду

  Бразилияда зика вирусунан улам 18 ай мурда жарыяланган чукул абал жоюлду. Саламаттык сактоо министрлигинен бир жетекчи Аделсон Кавалсанте зика вирусуна жол ачкан чиркейлерге каршы жүргүзүлгөн эмгектердин жардамы менен январь айынан апрель айынын ортосуна чейинки процессте мурунку бир жылдын ушул эле мезгилине караганда зика оорулууранын 95 пайызга азайгандыгын билдирди. Вирустан улам 2015 -  жылы ноябрь айында жарыяланган чукул абалдын жоюлгандыгын белгилеген Кавалсанте : ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 599

Чиркей вакцинасы үчүн ыктыярдуулар изделип жатат.

Вакцинаны сыноо эки баскычтан турат АКШнын Улуттук саламаттык сактоо институттары, англиялык эки компания тарабынан иштелип чыккан жана чиркейдин шилекейи аркылуу жуккан бардык ооруларга каршы таасир берүүчү экени айтылган жаңы вакцинанын сыналышы үчүн 60 ыктыярдууну издеп жатат. Улуттук саламаттык сактоо институттарынын Аллергия жана жугуштуу оорулар боюнча иститутунун изилдөөчүлөрү тарабынан ыктыярдууларда өткөрүлө турган сыноонун эки баскычтан тураары белгиленди. Анда жаңы жасалган вакцина менен эмделген ыктыярдуулар ...

0 622

Түштүк-Казакстанда аутист балдардын саны өсүүдө...

Түштүк-Казакстан облусунда 121 бала аутизм менен каттоодо турат. Облустук психоневрологиялык диспансерден кабарлашкандай, жыл өткөн сайын аутизм менен жабыркагандардын саны өсүүдө. 2000-жылы болгону 10 аутист бала каттоодо турган. “Аутизмди жеңебиз” долбоорунун өкүлү Толкын Турапбекованын айтымында, Казакстанда аутист балдарды колдоо үчүн жетиштүү мүмкүнчүлүктөр жок. Бирок Түштүк-Казакстан облусунун билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Галия Жанаева аутист балдарга билим берүү жана коомчулукка аралаштыруу боюнча бардык шарттар түзүлгөнүн ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83