www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Спорт
0 1430

«Спецназдар» ок чыгарышты: Путинди кайтарып жүргөндөр Бишкекке эмнеге келишти?

Бишкек шаарындагы ИИМге караштуу «Динамо» спорт комплексинде 16-май күнү КМШ өлкөлөрүнөн келген «спецназдар» арасында курал атуу боюнча эл аралык мелдеш болуп өттү. Аталган мелдеш кызматтык милдетин аткарууда көз жумган «Альфа» бөлүмүнүн кызматкерлеринин элесине арналып, Улуттук коопсуздук кызматынын генералы, «Альфанын» алгачкы командири Артур Медетбеков башында турган «Альфа-антитеррор» коомдук бирикмеси тарабынан өткөрүлдү. Уюштуруу комитетинин төрагалыгына Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Бакчиев дайындалып, ...

0 1173

Сахабадагы күрөштө баш байгени Өзбекстандык балбан алды

Улуу Жеңиштин урматына бир топ жылдан бери Ноокат районундагы Сахаба сейил багында 9-май күнү 20-30 миңдей адамдардын катышуусу менен алыш күрөшү өткөрүлүп келет. Күрөштү эл аралык чоң деңгээлге чыгарган ыраматылык Баяман Эркинбаевдин эмгеги зор болгон. Кийин ЖКнын депутаты Алтынбек Сулайманов да 11 жыл күрөштү өткөрүп, элге майрам тартуулап, балбандарды колдоп келген. Ал эми быйылкы күрөштү КРнын алыш белбоо күрөш ...

0 205

Валентина Шевченко алгач  ирет чемпиондук  титулун коргоого даярданууда

09-май 2019, 14:30 Айдар Нуралиев

Кыргызстандан чыккан спортчу Валентина Шевченко алгач  ирет  UFC чемпиондук титулун коргоого даярданууда. Аталган мушташ жеңил салмактуулар дивизионунда UFC 238 турнири 8 нен 9-июнга караган түнү Чикагодо өтөт. Шевченконун  атандашы  американын  жеңил салмактагылар арасындагы №1 спортчусу Джесика Ай болмокчу. Азыр Шевченко Лас-Вегаста UFC  Performance  Institute  залында машыгууда. Валентинага машыгууга башкы машыктыруучусу Павел Федотов, ...

0 163

 “Көк бөрү” командаларынын оюнчулары мушташты

08-май 2019, 11:31 Айдар Нуралиев

7-майда Жеңиш күнүнө карата Көкбөрү федерациясы уюштурган көкбөрү оюнунун республикалык турнирде  улакчылар арасында уруш чыкты. “Достук” командасынын оюнчусу Манас Ниязов менен “Сары-Өзөндүн” улакчысы Нурбек Юсупов мушташа кеткен. Экөө аттын үстүнөн жөөлөшүп, кийин жерге түшүп мушташа кеткен. Урушка башка оюнчулар да ат үстүнөн аралашып, бири-бирин жөөлөшүп, кийин эки улакчыны ажыратып калышты. Оштун «Достук» командасы ...

0 393

Раатбек Санатбаев тирүү болгондо бүгүн 50 жашка толмок

07-май 2019, 14:28 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 7-майда атактуу балбан, грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер, Кыргызстандагы XX кылымдын эң мыкты балбаны аталган,  дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси, Азиянын эки жолку чемпиону, Азия оюндарынын эки жолку күмүш байге уткан Раатбек Санатбаев көзү тирүү болгондо 50 жашка чыкмак. Атактуу балбанды жакындан жакшы билген спорт журналисти  Кабыл Макешов ал тууралуу эскерет. Каман алптын урпагы Белгилүү балбан Раатбек Санатбаев 1969-жылы ...

0 207

Роналдунун апасы сыймыктанган билдирүү таратты

07-май 2019, 10:55 Айдар Нуралиев

Португалиянын курама командасынын жана италиялык  “Ювентустун” чабуулчусу Криштиану Роналдунун 64 жаштагы апасы Долореш Авейру уулунун жарата элек ийгилктерине сыймыктанып, Твиттерге билдирүү калтырды. Апасы, Ювентус Роналду келгиче 20 жыл эч кандай ийгиликке жете алган эмес, Роналду келиши менен команда кризистен чыгып, кайрадан чемпион аталгандыгын жазган. Менин уулум, менин сыймыгым – деп сыймыктанарын билдирди. Белгилей ...

0 294

Хиджабы жок рингге чыккан Ирандык боксер кыз соттолот

03-май 2019, 16:20 Айдар Нуралиев

Ирандык боксер кыз Садаф Хадем рингге хиджабы жок чыкканы үчүн соттолуп кетиши мүмкүн экендигин Eurosport агенттиги билдирет. Маалыматка ылайык, Садаф Хадемдин машыктыруучусу  эркек адам болгондугу үчүн да күнөөлөнүдө. Хадем – эларалык деңгээлдеги беттештерди жеңген алгачкы Ирандык кыз болуп эсептелинет. Учурда спортчу жана машыктыруучусу Францияда калууда жана аталган өлкөдөн башпаанек суроодо. Булак:NazarNews.kg

0 3519

ФОТОРЕПОРТАЖ - Райымбек Матраимовдордун үйүнө “аткаминерлер” батпай калды

Бүгүн, Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда “Матраимов Исмаил” атындагы фонду уюштурган жыл сайын өтүүчү волейбол жана футбол оюндары боюнча мелдеш өттү.   Аталган мелдешке аттуу-баштуулар калбай барды. Эми атактуу Матраимовдор уюштурган турнирге барган конокторду көз жүгүртүп кынап, сүрөттөрдү сүйлөтүп баштайлы. Алгач айтылуу даңкы далайга кеткен, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин оозунан күнү–түнү түшпөгөн Райымбек ...

0 639

ВИДЕО - Шайлообек Атазов, “ЕРЕМ” спорт клубунун вице-президенти: “Миллиондогон калкы бар мамлекеттердин арасында Кыргызстандын аты аталды”

Кыргызстанда спортко кызыккан жаштарды дүйнөгө таанытууда болгон күч-аракетин жушмап келе жаткан “ЕРЕМ” спорт клубунун вице-президенти, спорттун эки түрүнүн чебери, Бокс боюнча дүйнөлүк чемпион, спорттун отличниги Шайлообек Атазовдун жакындагы ийгилиги тууралуу кепке тартык. --Саламатсызбы Шайлообек мырза, алдыңызда тоодой бийик максаттар менен атаандаштарын желкеден көтөрүп жерге жабыштара чаап, далысын жерге тийгизе турган эр азаматтарды тарбиялап баштаптырсыз. Алдыдагы максаттарды албетте Кудайдан башка ...

0 459

Бакытбек Атаханов, "ЭРЕМ" спорт клубунун кик бокс боюнча тренери: "Келекчек муундарды спортко шыктандырыш керек"

27-апрель 2019, 15:30 Кызгалдак Жакыпова

Бакытбек Атаханов, "ЭРЕМ" спорт клубунун кик бокс боюнча тренери. Учурда 60ка жакын балдарды спорт менен машыктырып келет.  --Учурда канча баланы машыктырып жатасыз? --Азыр бизде 60 га жакын бала К-1, кик-бокс менен тай-бокска машыгып жатат. Машыктырууда алардын эпчилдигине карап тандап алабыз. Кээ бири бир ай же бир жылда даяр болуп калат. Дайыма машыгып жүргөн балдар күнүнө эки маал машыгуу кылышат. ...

0 162

Боотаева жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионатынан күмүш тагынды 

21-апрель 2019, 19:13 Айдар Нуралиев

Кыргызстандык балбан Малика Боотаева жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионатында күмүш байгеге ээ болду. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине спортчу өзү кабарлады. Дүйнө чемпионатында Боотаева 62 килограмм салмакта күч сынашып, натыйжада экинчи орунга татыган. Алтын медалды украиналык спортчу алса, коло байгени колумбиялык балбан алды. Анын айтымында, мелдеш  20-апрелде, Абу-Даби шаарында башталды, эми 27-апрелде жыйынталмакчы.  34 жаштагы Малика Боотаева былтыр дагы дүйнө биринчилигинен күмүш ...

0 268

Кирешелүү мушкерлердин сап башында кимдер турат?

17-апрель 2019, 15:29 Айдар Нуралиев

1.ФЛОЙТ МЭЙУЭЗЕР – $1 200 000 000 Бул легендарлуу мушкердин каймана аты “Мистер акча” деп коюшат. Ал рингдеги 50 мелдешке катышып, баарын жеңип алган. Бир гана мисалы, Мэнни Пакьяо менен болгон таймаштан 180 000 000 $ алган. 2. ЖОРДЖ ФОРМАН – $230 000 000 Мурдагы профессионал боксчу Жордж Форман бардык кирешелерин рингден тапкан. Андан кийин ишкерлик кылып, китеп да жазган. 3. МЭННИ ПАКЬЯО – ...

0 264

Ясемин Адар 4-жолу Европа чемпиону болду

14-апрель 2019, 15:14 Айдар Нуралиев

Күрөш боюнча Европа чемпионатында кыздар арасында 76 килогарммда мелдешке чыккан улуттук спортчу Ясемин Адар, алтын медалга ээ болду. Румыниянын баш калаасы Бухарестте өткөрүлгөн Европа чемпионатында кыздар арасында 76 килограмм финалда австриялык Мартина Куентти 6-1 эсебинде жеңген улуттук спортчу Ясемин Адар алтын медалга жетишти. Ясемин Адар Европа чемпионатында удаама-удаа 4-жолу алтын медалга ээ болду. Булак: NazarNews.kg    

0 227

Валентина Шевченко UFC уюму менен жаңы келишимге кол койду

01-апрель 2019, 17:35 Айдар Нуралиев

Макулдашууга ылайык, Шевченко UFC турниринин алкагында бир нече беттеш өткөрөт. Аралаш эр уруш боюнча кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко UFC уюму менен жаңы келишимге кол койду. Бул тууралуу ESPN порталы жазды. Жаңы келишимге ылайык, Шевченко UFC турниринин алкагында бир нече беттеш өткөрөт.  "Биз Валентина үчүн пайдалуу болгон келишимге кол койдук. UFC менен болгон мамиле жакшырып баратат", — деди спортчунун менеджери Роджер Аллен. Жакында ...

0 249

Кыргыз жөө күлүктөрү Малайзияда беш алтын байге алды

01-апрель 2019, 15:13 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстандык жеңил атлеттер Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында өткөн эл аралык жарышта беш алтын, бир күмүш байгеге ээ болушту. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдиргендей, мелдеш 30-31-март күндөрү өттү. Кыргызстандын намысын бул мелдеште төрт жөө күлүк коргоду. Гүлшанай Саттарова 800 метрге жана 1500 метрге чуркап, эки алтын медаль тагынды. Мусулман Жоламанов 800 метрге чуркоодо 2-орунду, 1500 ...

0 8696

Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев Лондондо өткөн джиу-джитсу боюнча турнирде алтын медаль жеңип алды

29-март 2019, 21:38 Кызгалдак Жакыпова

Социалдык тармактарда КР мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин джиу-джитсу мелдешинде жүргөнү жарыяланган. Маалыматтарга таянсак, Максим Бакиев (Max Bakaev) деген ат менен турнирге  катышып, Carlson Gracie Surrey залынын атынан 88,3 кг салмакта күч сынашкан. Көпчүлүк сүрөттөгү Максим Бакиев эмес экендигин айтса, Factcheck сайты Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев экенин тастыкташкан. Аскат Тейиттин айтымында Максим Бакиев, Лондондо ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 106

Кыргызстандык суучулдар Словакиядагы Гран-приде ийгиликтүү күч сынашты

05-март 2019, 16:43 Кызгалдак Жакыпова

Маалыматтарга караганда, эл аралык мелдештин үчүнчү күнүндө Кыргызстандын курама командасы үч медаль утту. Елизавета Рогожникова эркин стилде 200 метрге сүзүүдө күмүш медаль тагынып, Кыргызстандагы рекордду 2.06.89 убакыт менен жаңылады. Владислав Шулико баттерфляй ыкмасында 100 метрге сүзүп, алтын медаль алды. Денис Петрашов брасс ыкмасы менен сүзүүдө 50 метр аралыкта биринчи орунду камсыздады. Словакиядагы Гран-при – Олимпиада-2020 үчүн лицензиялык мелдеш. Булак: NazarNews.kg

0 359

Депутаттардын көк бөрүсү уланууда

23-февраль 2019, 15:19 Айдар Нуралиев

23-февраль Ата Мекенди коргоо күнүнө карата Бишкектин "Ак-Кула" ат майданында көкбөрү оюну өтүп жатат. Оюнду парламенттин төрагасы Дастан Жумабеков ачты. Бул ирет өкмөт мүчөлөрү менен депутаттардан куралган командалар улак тартып жатышат. Жалпысынан төрт команда катышкан оюнда журналисттерден, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен да түзүлгөн командалар катышууда. Учурда өкмөт өкүлдөрү менен спорт агенттигинен куралган командалар беттешип жатат. Азырынча эсеп 2:2. Мелдешти өткөрүү демилгесин ...

0 452

Сенсация жараткан кыргыздар...

22-январь 2019, 16:59 Жазгүл Урманбетова

Футбол боюнча Азия кубогундагы беттештердин алкагында финалдын 1/8 бөлүгүндө Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) футболчуларынын оюну плей-оффко чыккандыгы эле биз үчүн чоң жеңиш.  Оюнду 3:2 эсеби менен Бириккен Араб Эмираттары утту. Беттешке Кытайлык калыс Фу Минг кызмат көргөзгөн. Оюндун жүрүшүндө, оюндун калысы Бириккен Араб Эмираттарына көз көрүнө эле тартып койгону көрүнүп турду. ФИФА калысы Бахадыр Кочкоровдун айтымында, БАЭ командасынын кийирген биринчи ...

0 660

Мелдешке катышканы үчүн эле ар бири 200 жүз миң сом алат

22-январь 2019, 15:50 Жазгүл Урманбетова

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасына мелдешке катышкандыгы үчүн 200 миң доллар сыйлык тапшырылат. Бул тууралуу Азия футбол конфедерациясынан билдирди. Футбол тааласында 22 миллионер топ тээп жүргөнү баарына маалым. Бирок, медалдын жакшы дагы, жаман да жагы бар эмеспи. Футболчулардын да карьерасы 30-35 жашка барганда эле токтоп калат.  Маалыматка ылайык, ар бир барган команда сыйлыкка ээ болот. Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg

0 442

Калыстык калыстыгын кылбай койду, желегибиз дагы бир башкача көрүндү

22-январь 2019, 12:03 Жазгүл Урманбетова

Кыргызстандын улуттук курама командасы Бириккен Араб Эмираттарына каршы оюн өткөргөн. "Ак шумкарлар" 3:2 эсеби менен БАЭдан утулуп калды. Матч Абу-Даби шаарынын “Зайед Спорт Сити” спорт стадионунда өткөн. Букмекерлердин БАЭнын эсебине болгон төлгөсүнө карабастан оюн абдан кызыктуу жана оор болду. “Ак шумкарлар” атаандаштарына өздөрүн ким экендигин көрсөттү. Кураманын устаты Александр Крестинин оюнчуларды абдан жакшы даярдап, Азия Кубогуна алып келип, плей-оффко өткөргөн. Кыргыз футболчуларынын оюну ...

0 369

Азия Кубогу: 21-январда "Ак шумкар" Бириккен Араб Эмираттары менен ойнойт

21-январь 2019, 10:45 Жазгүл Урманбетова

20-январда кечинде Азия кубогундагы финалдын 1/8 бөлүгүнүн оюндары башталды. Буга чейин Кыргызстан менен бир тайпада ойногон кытай футболчулары жекшембиде Таиланд менен кездешип, 2:1 эсебинде утуп, 1/4 финалдык бөлүккө жолдомо алды. Иран командасы Оманды 2:0 эсебинде ишеничтүү жеңип, кийинки финалдык бөлүккө өттү. Ал эми Иордания оюнга чейин Вьетнамдан күчтүү болгону менен кечээ негизги убакытты 1:1 эсебинде жыйынтыктап, пенальтиден 4:2 эсебинде утулуп, чемпионат менен ...

0 202

Сооронбай Жээнбеков: "Улуттук команда Азия Кубогунда өлкөбүздү жакшы көрсөтүп жатат»

16-январь 2019, 14:41 Жазгүл Урманбетова

Мамлекет башчысы бүгүн өтө турган Кыргызстан-Филиппин беттешинин алдында ийгиликтерди каалап, Кыргызстандын футбол боюнча курамасынын Азия Кубогуна катышып жатканы быйылкы жылдагы эң чоң спорттук окуялардын бири экенин белгиледи. «Биздин футболдук команда биринчи жолу ушундай абройлуу чемпионатка катышып жатат. Командага айтып коюңуз, ар бир кыргызстандык сыяктуу мен да биздин команданын күйөрманымын жана сиздердин жеңишиңиздерди каалайм. Футбол боюнча биздин улуттук команда Азия Кубогунда өлкөбүздү жакшы ...

0 1835

Жыргалбек Саматов көк бөрүнү тайказан менен ойнойбу же тайказансыз...

12-январь 2019, 12:52 Кызгалдак Жакыпова

Жакынкы аралыкта Өзбекстандын борбору Ташкентте Эл аралык көк бөрү федерациясынын конгресси өтүп, ага Кыргызстандан саясаттан ик-жиксиз жоголуп кеткен Болот Шер менен Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов катышып келди. Конгресске Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Россиянын субъектилери, Монголия, Афганистан, АКШ жана Түркия мамлекеттеринен өкүлдөр катышкан. Отурумда атайын көк бөрү оюнунун эрежелери такталып, көк бөрүнү тайказан менен же тайказансыз ойноо боюнча маселе каралып, ...

0 284

Футбол: Кыргызстан-Корея беттешет

11-январь 2019, 11:28 Жазгүл Урманбетова

Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан Футбол боюнча Азиянын Кубогуна арналган беттештердин бүгүн, 11-январдагы тайпалык раундунун 2-турунда 3 матч белгиленген. Бүгүнкү оюнду Дубай шаарында Палестина менен Австралиянын курама командалары башташат. Бишкек убактысы боюнча саат 19:30да Абу-Даби шаарында Кытай жана Филиппин курама командалары оюн талаасына чыгышат. Бишкек убактысы бонча саат 22:00дө Аль-Айн шаарындагы стадиондо Кыргызстандын футболчулары Азия Кубогундагы экинчи беттешти Кореянын командасына ...

0 1755

"Түкүрүк революциясы" "жаңы" толкундун башталышыбы же коомго жаңы бурулуш алып келеби?

07-январь 2019, 11:51 Кызгалдак Жакыпова

Социалдык тармактарда “Түкүрүк” боюнча кабыл алынган  мыйзам кызуу талкууга алынып, бийликке болгон нараазычылык күчөдү. Аттуу-баштуулар  жогорку маселеге токтолуп, саясатчы Эмилбек Каптагаев бул мыйзамдын жыйынтыгынан “жакшылыктын” жышаанын көрбөгөндүгүн жазган. --Тиги 2010-жылкы "Араб жазы" деп аталган революциялык толкундун башында Кыргыз Эли турду деп айтылып жатты эле, эми "ТҮКҮРҮК революциясы" дегендей "жаңы" толкундун башында да туруп калабызбы деген кооптонуу жаралды...кечетен берки ФБдагы кабарларды окуп ...

0 328

2018-жылы кыргыз спортчулары жалпысынан 415 медалга ээ болушту

25-декабрь 2018, 15:26 Жазгүл Урманбетова

Кыргызстандык спортчулар өтүп бараткан жылы эл аралык спорттук-массалык иш-чараларда 415 медаль алып келди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жылдык жыйынтыгында маалымдалды. Жалпы медалдардын ичинен 103ү алтын, 114ү күмүш жана 198и коло медалдар. Ал эми ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын арасындагы курама команданын мүчөлөрү мелдештерде 6 медалга, анын ичинен 5 күмүш жана 1 коло медалга ээ ...

0 228

Cпорт комитети жылды жыйынтыктады

19-декабрь 2018, 16:47 Жазгүл Урманбетова

Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети жыл ичинде өзгөчөлөнгөн спортчуларга, машыктыруучуларга, спорт ардагерлерине, баш калаадагы спорттук мектептерге “Жылдын мыктысы” наамдарын, ардак грамоталарды жана акчалай сыйлыктарды тапшырды. Бишкек шаардык спорт комитетинин тандоосу менен бильярдчы Дастан Лепшаков, жеңил атлет Дарья Маслова, оор атлет Ызат Артыков, балбан Жоламан Шаршенбеков, дзюдочу Эрлан Шеров, паралимпиадачы Жыргал Оросбаев, сууда сүзүүчү Владислав Шулико, шахматчы Шаадат Момуналиева “жылдын ...

0 238

Лионель Месси 5-жолу "Алтын бутсанын" ээси болду

19-декабрь 2018, 10:17 Жазгүл Урманбетова

Испаниянын "Барселона" клубунун чабуулчусу Лионель Месси 5-ирет "Алтын бутсанын" ээси болду. Аталган сыйлык Мессиге тапшырылганы "Барселонанын" расмий сайтына жарыяланды. Футболчу Испания чемпиондугунун 2017-2018-жылдагы 36 оюнунда 34 гол киргизип, байгени жеңген. Месси үчүн бул байге карьерасындагы бешинчи "Алтын бутса". Ал буга чейин 2010, 2012, 2013 жана 2017-жылдары жеңген. Анын башкы атаандашы Криштиану Роналду бул байгени 4 ирет алган. Булак: NazarNews.kg

0 1100

ФОТОРЕПОРТАЖ - Шайлообек Атазов алтын кубок утту

14-декабрь 2018, 22:29 Кызгалдак Жакыпова

Түштүк Кореянын Инчон шаарында өтүп жаткан Эл аралык достук машыгуу сбору жыйынтыкталды. Бул тууралуу маалыматты Түштүк Кореядан атактуу чемпион Шайлообек Атазов бүгүн, 14-декабрда NazarNews.kg маалымат агенттигине билдирди. --"Бүгүн, Түштүк Кореянын Инчон шаарында өтүп жаткан Эл аралык достук машыгуу сборунда биздин спортсмендер мелдеште 1 алтын 2 күмүш медаль утушуп, кубанычыбыз койнубузга батпай турабыз. Бул жакта мелдеш гана эмес 15 күндүк машыгуу болуп ...

0 514

Муз тепкен бийчи кыз башы менен кулап түштү

10-декабрь 2018, 12:08 Жазгүл Урманбетова

Америкалык спортчу көркөм муз тебүүдө өнөктөш кызын башы менен жерге кулатып алды. Бул кокустук Канаданын Ванкувер шаарындагы көркөм муз тебүү боюнча Гран-при мелдешинде болду. Көркөм муз бетүү учурунда АКШлык спортчулар Тимоти Ледук жана Эшли Кейн эки жолу жыгылышты. Экинчисинде Ледук кызды кармай албай Эшли Кейн башы менен музду сүзгөн. Бирок, эч нерсеге карабай жуптар өнөрүн акырына чейин тарттулап беришти. Булак: NazarNews.kg

0 412

Роналду жана Мессини артка калтырган футболчу

04-декабрь 2018, 08:54 Кызгалдак Жакыпова

Хорватиялык футболчу Лука Модрич Европанын футбол ассоциациясы тарабынан берилүүчү “жылдын мыкты футболчусу” наамын алып, “алтын топ” менен сыйланды. Натыйжада, Модрич он жылдан бери бул сыйлыкты эч кимге бербей келе жаткан Криштиану Роналду жана Лионель Мессини артка калтырды. 180ден ашык өлкөнүн журналисттеринин добуш берүүсүнүн жыйынтыгында Лука Модрич 759 упай топтоду. Экинчи орунду 476 балл менен португалиялык Криштиану Роналду ээледи. Ал эми франциялык ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 911

Өмүркулов КСДПны Атамбаевден ажыратуу тараптагыларга өткөнү чындык экен

26-октябрь 2018, 14:12 Кызгалдак Жакыпова

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери, партия лидери Атамбаевдин жакын досу Иса Өмүркулов дагы досунан биротоло ажыроо чечимин чыгарса керек. Ал “Атамбаевсиз КСДП” урааны менен чыгып, партиядан экс-президентти кууп чыгууну көздөгөн Сагынбек Абдрахманов баштаган топ менен жолугушканда ичтеги кайнап жаткан бугунун четин чыгарыптыр. Иса Өмүркулов демилгечилерге “Силер эч кимден коркпой чыктыңар. Көздөгөн максатыңар, көтөргөн идеяңар, жасап жаткан ишиңер туура. Партияны ууру-кескилерден, КСДПны ...

0 1528

ВИДЕО: Хабибтин “зыңк” күйөрманы элдин “пачагын” чыгарууда...

18-октябрь 2018, 09:39 Кызгалдак Жакыпова

Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегордун ортосундагы беттеш 6-октябрда Лас-Вегас шаарында өткөндүгү менен анын кызыгы дагы деле тарай элек. Учурда Хабиге күйөрмандык кылган адамдын мушкерге өзгөчө жан тарткандыгы интернет айдыңында өтө популярдуу болуп, көргөндөрдүн боорун эзип, жылмаюу тартуулоолдо... Булак: NazarNews.kg

0 596

Кыргызстандык Шахман Сулейманов — кол күрөш боюнча дүйнө чемпиону

16-октябрь 2018, 12:00 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстандык спортчу Шахман Сулейманов Түркиядагы турнирде кол күрөш (армрестлинг) боюнча дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Аталган турнир кечээ, 15-октябрь күнү Анталия шаарында башталган. Мелдештин биринчи күнүндө 18-21 жаштагы спортчулар сол колду күрөштүрүү боюнча күч сынашты. Ал эми Ш.Сулейманов 60 кг чейинки салмактагы 14 спортчунун арасында таймашты. Ал атаандаштарынын ...

0 356

СҮРӨТ: Жогорку Кеңештин депутаттары жана Өкмөт мүчөлөрү кичи футбол боюнча мелдешишти

15-октябрь 2018, 08:57 Кызгалдак Жакыпова

Мелдешке тараптардан экиден команда катышты. Таймаштын ар бир бөлүгү 20 мүнөттөн турду. Оюндун соңунда, Өкмөт мүчөлөрүнөн куралган  биринчи команда 1-орунду багындырып алтын медаль жана кубок менен сыйланса, эл өкүлдөрүнун командалары  2­ - 3-орунду ээлеп, күмүш жана коло байгенин ээси болушту. Ал эми төртүнчү орунду ээлеген министрлер кабинетинин экинчи комондасынын оюнчулары атайын сертификат менен сыйланышты. Булак: NazarNews.kg

0 1003

Макгрегордун дагы беттештен кийин алчу 3 млн. долларлык сый акысы тоңдурулат

09-октябрь 2018, 15:16 Кызгалдак Жакыпова

Комиссия ирландиялык спортчунун россиялык команданын өкүлү Зубайра Тухугов менен мушташканын да иликтейт. Невада штатынын Атлетикалык комиссиясы (NSAC) Хабиб Нурмагомедовдон тышкары Конор Макгрегорго да каршы арыз жазат. Бул тууралуу комиссиянын төрагасы Энтони Марнелл ESPN телеканалына интервью берип жатып билдирди.  Анын айтымына караганда, комиссия Макгрегордун спарринг-өнөктөшү Дилон Дэнис менен болгон Нурмагомедовдун мушташын гана эмес, ирландиялык спортчунун россиялык команданын өкүлү Зубайра Тухугов менен мушташканын да иликтейт. Марнелл NSAC видеожазылмага анализ жасап, мушташтын катышуучуларына ...

0 1761

ВИДЕО: Хабиб менен Конордун беттеши, Асел менен Нурландын тоюндай эле болду го бүтпөгөн..

08-октябрь 2018, 19:37 Кызгалдак Жакыпова

Коомчулук көптөн күткөн Хабиб Нурмагамедов менен Конор Макгрегордун беттешинде Хабиб чемпиондук курун сактап кала алды.  Мындан да кызыгы Хабибдин тарапташтары аны канчалык колдоого алып сый көрсөтөөрүн билдирүү үчүн, ар кандай ойго келбеген кылык жоруктары менен элдин эсинде калууда. Алардын бири саясатчы Камчыбек Ташиевдин жазганы элди кыраан күлкүгө салды. Саясатчы өз сөзүндө “Хабиб өзүбүздөн экен го, тосмодон ашып түшүптүр”- деген сөзү менен күндүн жылдызы ...

0 3904

ВИДЕО: Хабибдин беттешинен кийин Камчыбек Ташиев күндүн жылдызы болду

08-октябрь 2018, 11:35 Кызгалдак Жакыпова

Коомчулук көптөн күткөн Хабиб Нурмагамедов менен Конор Макгрегордун беттешинде Хабиб чемпиондук курун сактап кала алды. Буга чейин Конордун тарапташтары Хабибдин командасына жана жеке өзүнө кемсинтүүлөрдү айтып келишкен. Кемсинтүүлөргө кабылган Хабиб атасына ,динине, улутуна шек келтирген Конордун тарапташтарына кулак салбай келген кечээ Лас-Вегаста өткөн UFC 229 турниринин алкагында Нурмагомедов Макгрегорду муунтуу ыкмасы менен жеңип, наамын коргоп калган. Беттештен кийин Нурмагомедов ачуусу менен буга ...

0 813

Хабиб – Конор: акыркы он саат

06-октябрь 2018, 17:58 Кызгалдак Жакыпова

Эки мушкер бүгүн таңда таразага түшкөн соң, көптөн күткөн мушташ өтө турганы анык болду. Мына ошентип Хабиб менен Конордун мушташына саналуу сааттар калды. Азыр спорт сүйүүчүлөр "ким жеңет?" деген суроонун тегерегинде талашып-тартышып жаткан кези. Эки дөөнүн мушташын кимдир бирөө Интернетке чыгарса, UFC катуу чара көрө турганын эскертти. Андыктан бүйүр кызыткан таймашты лицензия алган телеканалдардан гана көрүүгө болот. Алардын катарында КТРК-Спорт каналы да бар. Мушташка ...

06-октябрь 2018, 17:58 | 813
0 424

Азаматсың, Нуртемир!

28-сентябрь 2018, 16:02 Перизат Кутманалиева

Жакшы кабар уктук. Кыргызстандык 9 жашар хоккейчи, «Алга» (Бишкек) курама командасынын оюнчусу Нуртемир Сулайманов Нью-Йорк шаарындагы «Aviator» хоккей клубунун негизги курамында ойной баштаптыр. Окурмандардын деле эсинде болсо ке­рек, былтыр хоккей боюнча Кыргызстан­дын өспүрүмдөр командасы АКШда өткөн Barrington Ice Arena эл аралык кубогун жеңип алышканы. Ошондо чечүүчү жеңиш шайба­сын ушу Нуртемир киргизгени айтылган. Ушундан уламбы, ал быйыл жайында «Нью-Йорк Рейнджерс» хоккей ...

28-сентябрь 2018, 16:02 | 424
0 612

Чемпион Төрөкан Багынбай уулун жакындары Ош шаарынан тосуп алды

22-сентябрь 2018, 14:52 Перизат Кутманалиева

Индонезияда өткөн Жайкы Азия оюндарында жиу-житсу боюнча алтын байгенин ээси болгон Төрөкан Багынбай уулун Ош Эл Аралык аэропортунан тосуп алышты. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, спортчунун ата-энеси, жакындары, шаар жаштары жана спорт сүйүүчүлөр спортчуну аскердик оркестрдин коштоосунда салтанаттуу тосуп алышты деп билдирет Азаттык. ​- Өлкөбүздүн, сүйүктүү шаарыбыздын намысын чет өлкөдө коргоо мен үчүн сыймык. Бизди ушундай мелдештерге жиберип, жетишкендиктерде колдогон, ата-энелерибизге, Ош шаарынын ...

0 640

МакГрегор Нурмагомедовду оңой эле утарына ишенет

21-сентябрь 2018, 17:51 Кызгалдак Жакыпова

Конор МакГрегор атаандашы  Хабиб Нурмагомедовду оңой эле жеңип, UFC чемпиондук наамын кайтарып аларын билдирди. 20-сентябрдагы “тиктешүү” салтанаты учурунда экөө кайым айтыша да кетишти. Залга бир бөтөлкө виски көтөрө кирген МакГрегор апрелдеги окуяны улам эске салып жатты. Анда мушкер бир топ шериктери менен Нурмагомедов отурган автобуска кол салып, терезесин талкалаган. Орусиялык мушкер атаандашына караганда өзүн токтоо кармап отурду. - Бул акыркы тогуз айдагы үчүнчү ...

0 493

Өзбекстанда көк-бөрү боюнча биринчи дүйнөлүк чемпионат өтөт

10-сентябрь 2018, 11:15 Кызгалдак Жакыпова

2019-жылы Өзбекстанда тарыхта биринчи болуп көк-бөрү боюнча дүйнөлүк чемпионат өтөт. Мындай маалыматты Кыргызстандын Көк-бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов таратты. Бул боюнча 8-сентябрда Ысык-Көлдө Өзбекстандын Көк-бөрү федерациясынын жетекчилиги жана Өзбекстан спорт министрлигинин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр болду. “Азырынча дүйнө чемпионаты кайсы шаарда жана кайсы күндөрү өтөөрү белгисиз, бирок чечим кабыл алынды. Турнир көк-бөрүнүн эрежелери боюнча тайказан менен өтөт”, - деп билдирди Ж.Саматов. Жолугушууда Дүйнөлүк көчмөндөр ...

0 1467

Көк бөрүдөн көк «пар» чыгаргысы келген баурдастар ай!

08-сентябрь 2018, 15:22 Кызгалдак Жакыпова

Көк бөрү. Бул оюн кыргыз элинин ата-бабалардан бери­келе жаткан, жедеп каныбызга сиңген улуттук оюндарыбыз­дын бирден-бири. Ушу тапта Ысык-Көлдөөтүп жаткан Көч­мөндөр оюнунун бүйүр кы­зыткан бул оюнуна азыркы тапта бүт кыргыз эли назарын салып турат. Ал арада так ушу көк бөрү боюнча казак баур­дастар адатынча тейтеңдеп чыгышты, кайдагы ойдо жок талаптарды коюп. Буга баа­рыбыз күбө болдук. Биринчи­ден алар Көчмөндөр оюнунун эрежесинде көрсөтүлгөн ...

0 12414

ВИДЕО: Казак көкпарчыларынын мококтугу өз элинде да катуу сынга кабылды

08-сентябрь 2018, 12:15 Кызгалдак Жакыпова

Былтыр Казакстанда өткөн ЭКСПО-2017 жарманкесинин алкагында Көк-бөрү боюнча дүйнөлүк чемпионат болгон. Ага катышкан кыргыз көк-бөрүчүлөрүн финалда казак көкпарчылары камчылап, таяктап жүрүп жеңишти эптеп эңип кетишкен болчу.Алардын кыргыз жигиттерин аёосуз камчылап жатышканы видеотасмаларда даана көрүнүп турат. Ага чейин болуп жүргөн көк-бөрү мелдештеринде кыргыздардын үстөмдүк менен ойноп келиши, өзгөчө 2016-жылдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында казак оюнчуларынын кыргыздарга 15:3 эсеби менен жеңилиши чыныгы лидердин ...

0 3492

ВИДЕО: Акматбек Келдибеков: Иззат Артыков чыныгы спортчу экенин далилдей алды

08-сентябрь 2018, 14:27 Кызгалдак Жакыпова

Быйыл Индонезияда өткөн XVIII Жайкы Азия оюндарында Кыргызстандын курама командасы чоң ийгиликтерге жетишти. Медалдардын саны боюнча 22-орунду ээледи: 3 алтын, 6 күмүш, 12 коло медаль алдык. Кыргызстандан 100 ашуун спортчу спорттун 26 түрү боюнча ат салышты. Жеңүүчүлөрдүн арасында оор атлетчи Иззат Артыков да бар, ал 69 кг салмак категориясында ат салышып, 18 аттандаштын арасынан 3-орунду алып келди. Иззат Артыков бул ...

0 13913

ВИДЕО: Көк-бөрүчү Талас Бегалиев казак көкпарчыларын катуу сындады

07-сентябрь 2018, 10:24 Кызгалдак Жакыпова

Көк-бөрү федерациясынын мурдагы өкүлү Талас Бегалиев казак командасы өзбектерге атайын утулуп калды деп сындады. Ал финалда казак көк-бөрүчүлөрү атайын кыргыздарга чыккысы келбей, оюнду берип коюшканына ичи ачышып, казак жигиттерине ачуу сөздөрүн жаадырды. Бегалиев казак оюнчулары отурган кичи автобуска барып, алардын намысына катуу бүлүк салып чыкты. -Эркекче кылбай койдуңар бул жагын, эркекче ойносоңор болмок. Былтыр жакшынакай барып, силерди сыйлап ойноп бергенбиз, бүт ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 528

Айсулуу Тыныбекова Азия оюндарынын алтын медалын алышы мүмкүн

06-сентябрь 2018, 11:35 Перизат Кутманалиева

Орхон Пуревдорж жана Айсулуу Тыныбекованын алтын үчүн күрөшү. 20-август, 2018-жыл. Индонезия. Индонезияда өткөн Азия оюндарында кыз-келиндер арасындагы күрөштө 62 килограммга чейинки салмакта биринчи орунду алган монголиялык балбан кыз Орхон Пуревдорж "кызытма колдонгон" деген негизде алтын медалдан ажыратылды. Азия Олимпиада кеңеши анын анализинде "станозолол" препараты табылганын кабарлады. Эрежеге ылайык, эми алтын медаль бул беттеште экинчи орунду алган кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбековага берилиши керек. Азия оюндары ...

0 1390

Он жылдан кийин адам баласы жоголуу коркунучуна кептелет

05-сентябрь 2018, 20:05 Кызгалдак Жакыпова

Он жылдан кийин адам баласы жоголуу коркунучуна кептелет. Бул билдирүүнү кытай окумуштуулары Гоби чөлүн изилдеп жатып, көптөгөн вирус менен бактерияны аныктагандан кийин айтып чыгышты. Адистердин сөзүнө ылайык, какыраган чөлдө кылымдар бою өмүргө коркунуч туудурган микроорганизмдер жашап келген, бирок акыркы жылдары алардын активдүүлүгү күчөөдө. Жыл өткөн сайын аба ырайынын өзгөрүшү жана шамалдын таасири менен вирустар атмосферанын катмарына сиңип, кайра жаан аркылуу жерге ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83