www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Спорт
0 452

2017-жылдын мыкты беттеши - кыргыздын балбаны катышкан мелдеш!

03-январь 2018, 13:47 Жазгүл Урманбетова

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызcтандын 2 балбаны катышкан мелдеш 2017-жылдагы дүйнөнүн мыкты беттеши деп саналды. Бул тууралуу бириккен дүйнөлүк күрөштүн маалымат кызматы билдирет. Анда, Кыргыз балбаны Акжол Махмудов менен АКШлык Камал Амир Баинин жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугундагы беттеши дүйнө рейтингинде 2-орунду ээледи. Эске салсак, Акжол Махмудов 74 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, жарым финалдык беттеште жаракат алганы менен, финалдык беттешке чыккан. Ал америкалык балбанга туш келип ...

0 426

Роналду 4 - жолу жылдын футболчусу

30-декабрь 2017, 09:52 Перизат Кутманалиева

2017  дүйнөлүк футбол сыйлыктары аземинде жылдын футболчусу сыйлыгын Реал Мадриддин португалиялык футболчусу Криштиану Роналду алды. Дубай спорт кеңеши, Европа Клубдар Биримдиги жана Европа футболдук менеджерлер биримдиги 2010 -  жылдан бери уюштуруп келген Дүйнөлүк футбол сыйлыктары Бириккен Араб Эмирликтеринин Дубай шаарында өткөрүлгөн азем менен ээлерине тапшырылды. 2017 – жылы Испания клубу Реал Мадриддин формасы менен УЕФА чемпиондор лигасы, УЕФА супер кубогу, Испания биринчи ...

0 971

ВИДЕО - Унаа жуучу жайда иштеген жигит кикбокс боюнча дүйнө чемпиону болду

16-декабрь 2017, 18:34 Айдар Нуралиев

Унаа жуучу жайда иштеген өзбекстандык жигит кикбокс боюнча дүйнө чемпиону болду деп жазат өзбекстандык сайттар. Алардын берген маалыматында, Шер Мамазулунов аттуу Өзбекстандын жараны буга чейин шаардагы унаа жуучу жайлардын биринде иштеп, машыгуулардын көбүн иш жеринде өткөргөн. Спортчунун айтымында, унаа жууп иштеп да чемпион болсо болот.  "Менин чемпион болушума жумушумдун зыяны эмес, тескерисинче пайдасы чоң" деп билдирген. Булак: NazarNews.kg  

0 571

Кыргызстандык дзюдочулар Кытайда алтын медаль утушту

06-декабрь 2017, 13:55 Гүлжан Шерипбаева

Кыргызстандык дзюдочулар Иса Жумабеков жана Илимбек Курманбеков Кытайда өткөн дзюдо боюнча мелдеште жеңүүчүү болушту. Бул тууралуу Марал радиосу билдирди. Кытай мамлекетинин Гуанчжоу шаарында 2-декабрда өткөн ачык чемпионатта Иса Жумабеков 81 кг чейинки салмактык категория боюнча төрт жолу таймашка чыгып, алдын медаль утту. Андан сырткары, 66 кг чейинки салмак боюнча чыккан Илимбек Курманбеков да алтын медаль тагынды. Ачык чемпионатка Кытайдын аймактарынан Кыргызстан, Казакстан, Орусия ошондой ...

0 762

Бишкектин жаш хоккейчилери АКШда алтын медал тагынышты

05-декабрь 2017, 10:48 Гүлжан Шерипбаева

Бишкек шаарынын хоккей боюнча тогуз жашка чейинки жеткинчектерден куралган командасы АКШнын Чикаго шаарында өткөн Barrington Ice Arena 2017 кубогунда жеңүүчү аталып, алтын медал алышты. Маалыматтарга караганда, бүгүн, 5-декабрда эртең менен бишкектик хоккейчилер финалдык мелдешке катышты. Анда алар Ice Dogs  командасы менен беттешип, мелдеш 5:5 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Ал эми дарбазага шайба чабуу боюнча буллиттер сериясында Бишкек курамасы 7:8 эсебинде утуп ...

0 630

Канат Бегалиев "Спорттун отличниги" наамын алды

29-ноябрь 2017, 13:13 Гүлжан Шерипбаева

Канат Бегалиев "Спорттун отличниги" наамын алды. Ага күбөлүк менен төш белги бүгүн, 29-ноябрда тапшырылды. Бул тууралуу Марал Радиосу билдирди. Канатбек Бегалиев 2008-жылы Пекинде өткөн Олимпиадада күмүш байгеге ээ болгон. 2012-2017-жылдары Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу болгон. Бүгүн, 29-ноябрда ал Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучулук кызматынан өз арызы менен бошотулду. Булак: NazarNews.kg

0 965

СҮРӨТ - ВИДЕО - Атазовдордон дагы бир балбан чыкты!

09-ноябрь 2017, 15:02 Айнура Абдиназарова

Спорттун “кикбоксинг” түрү боюнча дүйнөнүн бир нече чемпиону, Ош шаарынын экс-депутаты Шайлообек Атазовдун 16 жаштагы иниси Рамазан Атазов “Дзюдо” боюнча өспүрүмдөр ортосунда болуп өткөн Россия биринчилигинде коло медаль тагынды. Ал, Россияда иштеп жашаган Шайлообек Атазовдун бир тууган агасынын уулу. Буга чейин дагы шаардык деӊгээлдеги мелдештерде, өспүрүмдөр ортосундагы биринчиликтерде ийгилик жаратып, көптөгөн медалдардын ээси болгон. Спортчулардын арасында Рамзан “Атазов младший” деген ысым ...

0 1530

Рамазан Атазов: "Күрөшүп жатканда көз алдымда атаандашым эмес Кыргызстан турат"

05-апрель 2018, 21:00 Гүлжан Шерипбаева

-Спорт тармагында жаш болсо дагы чыдамкайлык менен күрөштү ойлогон Кыргызстандын белгилүү чемпиону Шайлообек Атазовдун иниси Рамазан Атазовдун патриоттук сезимин козгоп, сөзгө тарттык... -Рамазан, биздин баамыбызга караганда өтө эле патриот көрүнөсүң. Дегеле Кыргызстан, кыргыз элим деп күйүп-жанып турганыңда эмне кеп бар? Дегеним Кыргызстанда деле жашабайт экенсиң?... - Өзүм 2001-жылы төрөлгөнмүн. Атактуу чемпион Шайлообек Атазовдун иниси боломун. Аны менен сыймыктанып, агамдын жолун жолдоп келе ...

0 637

Сүрөт - Жалал-Абадда спортчуларга сыйлыктар тапшырылды

19-октябрь 2017, 13:09 Гүлжан Шерипбаева

Жалал-Абад шаарындагы Токтосун Тыныбеков атындагы областтык филармонияда областын мыкты спортчуларын сыйлоо иш-чарасы болуп өттү. Ага Жалал-Абад шаарынын 1-вице-мэри Турдалы Темирбаев жана өкмөттүн  областтагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевдер катышты. Жалал-Абад облусунун спортчулары быйылкы жылы Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөрүлгөн  “Манас оюндарында” жана Түркмөнстан мамлекетинин Ашхабад шаарындагы V Азия оюндарында мыкты көрсөткүчтөрдү камсыз кылышкан спортчуларга сый-урмат көрсөтүлүп, акчалай сыйлыктар тапшырылды. Жалал-Абад ...

0 513

Айдана Оторбаева Россиянын Красноярск шаарынан 1 жумалык кароодон өтүп келди

12-октябрь 2017, 22:36 Гүлжан Шерипбаева

Кыргызстан курама командасынын оюнчусу Айдана Оторбаева Россиянын Красноярск шаарынан 1 жумалык кароодон өтүп келди. 2018-жылдын башынан тарта футболчу кызыбыз Россиянын жогорку лигасында "Енисей" айымдар футбол клубунда оюн жүргүзө баштайт. Португалия курама командасынын жана "Реал" клубунун чабуулчусу Криштиано Роналдону кумир туткан Айдана өзү да 7 номер кийип чабуулда ойнойт. Эске сала кетсек, Айдана Оторбаева чет өлкөлүк клубдун намысын коргой баштаган биринчи кыргыз легионер ...

0 461

Сузак районунда спорттун бир нече түрү боюнча мелдештер өткөрүлдү

29-сентябрь 2017, 11:15 Перизат Кутманалиева

Кечээ, 28-сентябрь күнү Сузак районунун борборунда 500дөн ашык спортсмендердин катышуусунда спорттук иш-чара болуп өттү. Бул туурасында жеке ишкер Алаяр Бостонов билдирди. Анын берген маалыматына караганда, аталган иш-чарага райондун бардык аймактарынан, Жалал-Абад облусунун район-шаарларынан жана Бактенден, Тажикстандан келген спортсмендер катышты. Спорттун алыш, самбо, волейбол, баскетбол, футбол түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлдү. Футбол боюнча 67 команда катышса, алыш күрөшүнө Баткен облусунан, Тажикстандан келген балбандар күч ...

0 399

Өлкөбүздө рекорд коюуу үчүн 5 миң адам бир учурда турникке тартынат

27-сентябрь 2017, 10:47 Жазгүл Урманбетова

Дүйнөлүк рекорд коюу үчүн беш миң адам бир эле учурда турникке тартынышы керек. Бишкек шаарында эң узун турник тургузулуп, ага бир эле убакта беш миң адамдын тартынуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу Street Workout Kyrgyzstan федерациясы билдирди. Маалыматка ылайык, демилге ишке ашса анда дүйнөлүк рекорд коюлат. "Иш-чара Улуттук олимпиада комитетинин, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин, ошондой эле Street Workout Kyrgyzstan федерациясынын демилгеси ...

0 635

Беш мүнөт баскан ден соолукка пайдалуу

26-сентябрь 2017, 18:11 Жазгүл Урманбетова

Азыр стол кучактап күн өткөргөн адамдардын саны көбөйдү. Бирөөлөр жумушуна байланыштуу күн бою стол кучактап отурса, жаш муун көп убактысын интернет дүйнөсүндө өткөрөт. Ушул адамдар ар саат сайын беш мүнөт ары-бери басып, денесин жана буту колун жазып алса, мээси сергип, көңүлү көтөрүлүп, концентрациясы калыбына келип, курсагым ача баштады деген сезими мокойт. Муну АКШнын Колорадо университетинин Аншьюз медициналык кампусу (The University of ...

0 589

Азия оюндарында кыргыз спортчулары дагы алты медалга ээ болушту

26-сентябрь 2017, 03:24 Айдар Нуралиев

Ашхабадда өтүп жаткан жабык имараттагы V Азия оюндарында кыргыз спортчулары алыш бел боо күрөшүнөн дагы алты медаль алышты. Анын үчөө алтын, экөө күмүш, бирөө коло. Бул туурасында мелдештин расмий сайтында маалымдалат. Ошондо Кыргызстандын курама командасынын байге куржунунда 41 медаль болду. Анын алтоосу алтын, 13ү күмүш, 22и коло. Ал эми жалпы командалык эсепте 33 өлкөнүн ичинен 10-сапка көтөрүлдү.  23-сентябрда алыш бел боо ...

0 11348

Кыңыр иш кырк жылда эмес, кырк күндө эле аныкталабы?

24-сентябрь 2017, 03:00 Айдар Нуралиев

Жакында эле Астанада өткөн Көк пар оюну боюнча Дїүйнөлүк мелдеште өз тайпасындагылардын тарпын чыгарып, аларды ири эсеп менен утуп, анан эле Казахстандын курама командасы менен болгон финалдык оюнда эмнегедир баштагы ыкчамдыктарын көрсөтө алышпай биздин көк бөрүчүлөр бушайман болгонун баарыбыз эле көрбөдүкпү. Анан мындай көрүнүштү “көк пардагы” жаңы эрежелерден көрүп жатып калдык го. Баарынан кызыгы дал ошол финалдык беттешүү болорго бир күн ...

0 627

Майлуу-Суудагы 10 класcттын окуучулары кик боксинг менен машыгып эл аралык мелдештерде жеңиштерди багындырып келет

21-сентябрь 2017, 14:54 Перизат Кутманалиева

Майлуу-Суу шаарынын №5-орто мектебинин 10 классынын окуучулары Калматов Алишер жана Урматбек уулу Улукбек спорттун кикбоксинг түрү менен машыгып эл аралык мелдештерде жеңиштерди багындырып келет. Бул тууралуу аларды талыкпай машыктырып жаткан, машыктыруучусу  Майлуу-Суу шаарынын тургуну 27 жаштагы Жаныбеков Бекназар айтып берди. Мен 2001-жылдан бери спорттун кикбоксинг түрү менен машыгып көптөгөн мамлекеттерге барып ийгилик жаратып келгем. Азыркы учурда 2012-жылдан бери Майлуу-Суу шаарында фитнес клубдун биринде инструктор ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 690

Чолпонаталык Боровиктер унаа жарышын өткөрүп жатышат

16-сентябрь 2017, 18:27 Жазгүл Урманбетова

Чолпон-Ата шаарындагы бир туугандар Максим жана Алексей Боровиктер өз демилгеси менен унаа жарыш өткөрүп жатышат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Максим Боровик маалымдады. Анын айтымында, жарышка 40 адам өз унаалары менен катышып жатат. Ал мындай жарыштарга Москва шаарында иштеп жүргөндө көп жолу катышып, өз жеринде да жарыш уюштурууну кыялданчу. Кыялын бир тууганы экөө ишкер ашырып жатат. Булак:.turmush.kg

0 582

Валентина Шевченко UFC рейтингинде биринчиликти сактап калды

16-сентябрь 2017, 16:19 Жазгүл Урманбетова

Кыргызстандык Валентина Шевченко UFC рейтингинде биринчиликти сактап калды. Бул тууралуу ufc.com сайтында маалымдалат. Рейтингдин жаңыланган тизмеси 13-сентябрда жарыяланган. Экинчи орунда Холли Холм, үчүнчүдө Джулианна Пенья, төртүнчүдө Джулианна Пенья. Ал эми бешинчи орунга Ронда Роуз илинген. Аманда Нуньес болсо абсолюттук чемпион. Ал рейтингден сырткары. Белгилей кетсек, Шевченко менен Нуньестин беттеши 9-сентябрда UFC 215 турниринин алкагында Канаданын Эдмонтон шаарында өткөн. Мелдеш Нуньестин жеңиши менен аяктаган. Булак: Кабар

0 637

Азия оюндарына катыша турган жүздөн ашуун индиялык спортчу аэропорттон өткөрүлгөн жок

15-сентябрь 2017, 03:09 Айдар Нуралиев

Ашхабаддагы V Азия оюндарына катышуу үчүн жол алган жүздөн ашуун индиялык спортчу Дели эл аралык аэропортунан өткөрүлгөн жок. Маалыматтарга караганда, алар мелдешке катышуу үчүн Индиянын Спорт министрлигинен атайын уруксат алышкан эмес. Аэропорттон өткөрүлбөгөн спортчулар күрөш, самбо, жиу-житсу, спорттук бийлер, салттуу күрөш, бел күрөш боюнча мелдешке катышышмак. Спорттук оюндардын бул түрлөрү Индия Олимпиада Ассоциациясы тарабынан таанылган эмес. Бейшембиде спортчуларга уруксат берүү боюнча процедуралар башталганы ...

0 819

Фудбол боюнча 5 -сентябрда Бишкекте боло турган Кыргызстан-Мьянма беттеши токтотулду

04-сентябрь 2017, 12:37 Камчыбек Бостон

2019-жылдагы Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында 5-сентябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүүчү Кыргыз-Мьянма беттеши токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда футбол боюнча Кыргыз өлкөсү-Мьянма беттешинин алкагында маалымат жыйында белгилүү болду. Мындай чечимди Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сапар Исаков кабыл алган. Беттештин токтотулганынын себебин оюн учурунда террордук акт уюштурулушу мүмкүн деген кооптонуу менен түшүндүрүштү. Ал эми оюнду көрүү үчүн билет сатып алган ...

0 909

Москвада Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнө карата кыргыз күрөш өтөт

30-август 2017, 02:08 Айдар Нуралиев

Урматтуу Мекендештер! Урматтуу спорт сүйүүчүлөр! Баарыңыздарды 31-август күнү, Кыргыз Республикабыздын Эгемендүүлүгүнө карата Москвада өтө турган чоң Кыргыз Күрөшүнө чакырабыз! Күрөш Москва шаарында өтөт. Бул тууралуу маалыматты Москва шаарындагы кабарчыбыз Илимбек Исраилов билдирди. Дареги: Метро Юго-Западная. Шолохова үй номуру 1. Күрөшкө келип, көрүп эс алып кетиңиздер! Сурап билүү телефону: +79653870612 Илимбек Исраилов, NazarNews.kg Москва шаары

0 495

Мария Шарапова экинчи "ракетканы" утуп алды

29-август 2017, 13:20 Жазгүл Урманбетова

 US Openдин ачылышында Мария Шарапова экинчи "ракеткасын" утуп алды. Румыниянын теннисчиси Симона Халепти АКШнын ачык чемпионатында утту. Байгенин жалпы утушу - 50,4 $ млнду түздү жана ал Нью-Йоркто өттү. 30-жаштагы россиялык теннисчи айым атаандашын 6:4, 4:6, 6:3 менен жеңди.US Open өткөргөн бардык мелдештеринде Теннис ассоциациясынын Аялдардын арасында 146-орунда турган Мария биринчи раунддан утулган эмес.Ал эми экинчи раундда аталган теннисчи Венгриянын теннисчиси -Тима Бабош менен беттешет.  Эске салсак, Шарапова 15 айлык спорттон допинг ...

0 491

Будапештте өлкөбүздөн барган дзюдо боюнча мелдеште улуттук курама катышууда

29-август 2017, 12:40 Жазгүл Урманбетова

Кыргызстандын дзюдо боюнча Улуттук курамасы Будапештте (Венгрия) өтүп жаткан дзюдо боюнча дүйнөлүк мелдеште катышууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КРнын дзюдо боюнча улуттук федерациясынын вице-президенти Абай Молдокан билдирди. Дүйнөлүк чемпионат 28-августтан 3-сентябрга чейин уланат. Анда 130 өлкөдөн 800 спортчу катышууда. Дзюдо боюнча дүйнөлү чемпионат 1956-жылдан бери өткөрүлүп келет.  Булак: Кабар  

0 472

Виктория Полюдина жеңил атлетикадан жеңип, 13 миң АКШ долларын алды!

29-август 2017, 11:02 Жазгүл Урманбетова

Жакында Астана (Казакстан) шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) эл аралык марафону болуп өттү. Анда Кыргызстандык спортчу жеңил атлетика боюнча Виктория Полюдина Астанада өтуп жаткан марафондон жеңишке жетишти. Ал 42 чакырым 195 метрди 02:37:45 секунд аралыгында чуркап өткөн. Анда, 50гө жакын спортчу катышып, жарышка 5 миңге жакын адам катышкан. Алар, 42 жана 10 чакырым жана 2017 метр аралыкка жарышка чыгышкан. Баш байге 13 миң АКШ ...

0 550

Спортчуларга чапан менен калпактын эмне кереги бар?

28-август 2017, 20:18 Жазгүл Урманбетова

Кыргызстандын спортчуларына сандыкта катылып калган калпак менен белекке беришет. ал бергендери да чак эмес, -деп бир катар мекенибиздин желегин желбиретип келген азаматтардын ата-энелери арызданышууда. Жакында эле, атын айткысы келбеген спортчунун ата-энеси Бишкекке чейин аларды чакырып, берген белектери ушундай болсо, албетте эч кандай жыйынтык чыкпайт дешет алар. Жок дегенде жолуна тыйын берип коюшса болмок деп нааразы болушат. "Андан көрө витамин берип коюшса, бир ...

0 1447

Талас Бегалиев Бабановдун көк бөрүчүлөр менен жолугушуусу боюнча пикирин билдирди

28-август 2017, 18:55 Перизат Кутманалиева

Улуттук курама команданын жетекчиси Талас Бегалиев Астанада өткөн Көк пар оюну боюнча дүйнөлүк мелдештин жыйынтыгы туурасында бүрсүгүнү пресс-конференция өткөрүшөрүн билдирди. Талас Бегалиев Өмүрбек Бабановдун көк бөрүчүлөр менен жолугушуусун төмөндөгүчө билдирди. Өмүрбек Бабанов Кыргызстандын көк бөрүчүлөрү менен 5 мүнөттөй гана сүйлөштү. Эч кандай жашыруун жолугушуу болгон эмес, баары ачык-айкын эле өттү. Келип балдарыбыздын колун кармап, дем-күч берип, колдой турганын билдирип кетти. Ал жолугушууга ...

0 1113

Мейвезер: Мен “бийлеп жүрүш” үчүн өзүмө ылайыктуу атаандашты тандадым”

28-август 2017, 16:33 Перизат Кутманалиева

“Америкалык мушкер Флойд Мейвезер кечээки жеңишинен кийин рингдеги карьерасынын аяктаганын маалымдады”,-деп кабарлайт “Lenta.ru”. «Бүгүнкү бокс кечи менин акыркы жекеме-жеке чыкканым. Мен “бийлеп жүрүш” үчүн өзүмө ылайыктуу атаандашты тандадым”,-деди Мейвезер. Айта кетсек, америкалык мушкер буга чейин эки жолу-2007 жана 2015-жылдары карьерасын аяктаганын маалымдаган эле. Эскерте кетсек, кечээ Мейвезер АКШынын Лас-Вегас шаарында ММА боюнча ирланд Конор Макгрегорго каршы мушташып, 10-раунда техникалык нокаут менен жеңди. Бул мушташ ...

0 1956

ВИДЕО - Икрамжан Илмиянов: «Урматтуу көкбөрүчүлөр! Эч нерсе ойлонбогула, болгону чебер ойноп койгула. Баары сүйлөшүлгөн, баары чечилген!»

28-август 2017, 15:39 Гүлжан Шерипбаева

Кыргызстандын көкбөрүчүлөрү  Казакстандын курамасына дүйнө чемпиондугун 1:4 эсебинде алдырып коюшту.  Учурда бул тема соцтармактарда кызуу талкууга түшүп, спорт күйөрмандары тарабынан ар кайсы кандай пикирлер айтылууда. Ал тургай Көкбөрү федерациясынын президенти Икрамжан Илмияновдун Астанага барып кыргыз көкбөрүчүлөрү менен кезигишүү маалында аларга берген кеп-кеңешинин видеосу жарыяланып, чоң талкуу жаратты. Тасмада Икрам мырза, «Урматтуу көкбөрүчүлөр! Эч нерсе ойлонбогула, болгону чебер ойноп койгула. Баары сүйлөшүлгөн, баары чечилген!» деп айткан. Демек, Икрам мырзанын "көкбөрүчүлөрдүн ...

0 764

Икрам Илмиянов: "Көкпардан жеңилгенибизге өкүнбөйбүз"

28-август 2017, 15:10 Камчыбек Бостон

Астанада көкпар боюнча өткөн дүйнө чемпионатында Кыргызстандын көк бөрү боюнча курамасы экинчи орунду алып калышы өкүнүчтүү эмес. Мындай пикирин өлкөнүн Көк бөрү федерациясынын президенти Икрам Илмиянов "Азаттык" радиосунун казак кызматына комментарий берип жатып айтты: - Утулбай жүргөн команда же спортчу аз. Казактардын көкпар оюнунун эрежелери биздин көк бөрүдөн башкача болгонуна карабай, бул дүйнөлүк чемпионатта кыргызстандыктар чеберчилигин көрсөтүштү. Максат орун алууда эмес, ...

0 603

Казакстан көкпар мелдештинде биринчи орунду алды

27-август 2017, 23:27 Айдар Нуралиев

Астанадагы көк бөрүнүн казакча түрү - көкпар боюнча алгачкы дүйнө чемпиондугунда биринчи орун үчүн Казакстан менен Кыргызстан беттеши казак оюнчуларынын жеңиши менен аяктады. Казак оюнчулары Кыргызстандын курама командасын 4:1 эсебинде жеңип алды. Натыйжада Казакстан командасы көкпар боюнча биринчи дүйнө чемпиондугунда жеңүүчү болду. Кыргызстан экинчи орунду алып, күмүш медалга ээ болду. Үчүнчү орунга Кытайдын командасын 2:1 эсебинде жеңген тажик оюнчулары чыкты. Мелдештин жыйынтыгы ...

0 1753

Көк бөрү: Кыргыз- Казак көк-бөрүчүлөрүнүн финалдык беттешүүсү аяктады. Эсеп 4-1

27-август 2017, 18:23 Камчыбек Бостон

Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Көк бөрү боюнча дүйнө чемпионатында Кыргыз өлкөсү менен Казакстандын курама командаларынын финалдык беттешүүсү аяктады. Оюнга токтоло кетсек.  Оюндун 4-мүнөтүндө Казакстандын көк бөрүчүсү Темирхан Айтпаев эсепти ачты. Оюндун 7-жана 10-мүнөттөрүндө Казакстан тарап 2 упай алып, эсепти 3:0.кылды.  Кыргыз тараптан 19-мүнөттө Рустам Тыналиев эсепти ачты. "Казанат" ат оюндары талаасында өтүп жаткан көк бөрү оюнунда 10 мүнөттүк алгачкы ...

0 830

Мушкер Флойд Мэйвезер Конор Макгрегорду нокауд менен жеңип алды

27-август 2017, 11:18 Камчыбек Бостон

Мушкер флойд Мэйвезер UFC уюмунда эки салмак категориясындагы чемпиону Конор Макгрегор менен беттешип жеңүүчү аталды. 10-раунда Мэйвезер атаандашын нокауд абаалына кетирип чемпиндук курун тагынды. Булак: NazarNews.kg

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 511

Көк бөрү: Кыргызстан жана АКШ курамаларынын беттеши аяктады, эсеп 11:6

25-август 2017, 16:43 Камчыбек Бостон

Астана шаарындагы "Казанат" ат майданында көк бөрү боюнча өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз улакчылары АКШ курамасы менен беттеши орун алды. Беттеште биздин жигиттер алдыга чыгып оюнду 11:6 эсебинде аякташты. Булак: NazarNews.kg

0 501

Айсулуу Парижде өткөн чемпионатта коло медаль алды

24-август 2017, 12:37 Жазгүл Урманбетова

Кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова Парижде өткөн дүйнө чемпионатында коло медаль алды. Ал 58 кг чейинки салмак категориясында Кытай спортчусу Нининг Ронгду 6:5 эсебинде жеңген. Бүгүн Мээрим Жуманазарова 69 кг салмагындагылар арасында беттешет. Кыргызстандын башка спортчулары – Айпери Медет (75 кг чейин) жана Назира Марсбек кызы (55 кг чейин) – жакшы натыйжа көрсөтө алышкан жок. Эми эркин күрөш боюнча балбандардын мелдеши күтүлүүдө. Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курамасы ...

0 657

Айсулуу Тыныбекова менен Айпери Медет кызы таймашка чыгат

23-август 2017, 11:00 Жазгүл Урманбетова

Францияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын үчүнчү күнүндө айымдар арасында таймаш башталды.  23-августта 55 кг, 58 кг, 63 кг жана 75 кг салмакка чейинки салмак даража боюнча балбан кыздар күч сынашат. Бүгүн килем үстүнө Кыргызстандын спортчулары — Азиянын чоңдор арасында эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова, жаштар арасында дүйнө чемпиону Айпери Медетбек кызы жана Назира Марсбек кызы чыгат. Таймаш Бишкек убактысы боюнча ...

0 704

Кыргызстандык көк бөрүчүлөр Өзбекстанды 11:2 эсебинде утту

22-август 2017, 13:41 Перизат Кутманалиева

Казакстанда өтүп жаткан көк бөрүнүн казакча түрү - көкпар боюнча дүйнө чемпиондугунун экинчи турунда Кыргызстан менен Өзбекстандын командалары беттешип, 11:2 эсебинде кыргыз көк бөрүчүлөрү жеңишке жетти. Оюндун биринчи таймында 4:0 эсебинде Кыргызстандын командасы алдыга чыкты, ал эми экинчи таймда жети гол кыргыз тараптын, экөө өзбек тараптын пайдасына жазылды. Буга чейин Кыргызстандын командасы мелдештин 1-турунда Монголия курама командасын 4:0 эсебинде жеңип алган. Эртең ...

0 570

Көк бөрү боюнча мелдеш бүгүн өтөт

22-август 2017, 11:01 Жазгүл Урманбетова

Көк бөрү боюнча дүйнөлүк биринчиликте Кыргызстандын курама командасы бүгүн, 22-августта, Өзбекстандын курама командасы менен беттешет. КРнын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирет. Эске сала кетсек, Кыргызстан Монголиянын курама командасын 4:0 эсебинде жеңди. Белгилей кетсек, дүйнөлүк биринчиликте бардыгы болуп 12 өлкө катышууда. Өзбекстан, АКШ, Түркия, Тажикстан, Монголия, Азербайжан, Россия, Венгрия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан жана Ооганстан. Булак: NazarNews.kg

0 1045

Көк бөрү: Кыргызстан менен Монголия командаларынын беттеши. Учурда эмне болуп жатат

21-август 2017, 19:10 Перизат Кутманалиева

Дүйнө биринчилиги "ЭКСПО-2017" эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында уюштурулган Ушу тапта Астананын "Казанат" стадионунда Кыргызстан менен Монголиянын көк бөрүчүлөрү күч сынашып жатат. 18:59 Таймаштын экинчи бөлүгү башталды Таймаштын экинчи бөлүгү башталды. Оюндун жүрүшүндө кыргызстандык улакчылардын үстөмдүк кылып жатканын байкоого болот. 18:56 Стадиондун трибунасында кыргызстандык улакчыларды колдогон сүрөөндөр угулууда. Кыргызстандын желеги желбиреп жатканын көрүүгө болот. 18:53 Ушу тапта улакчылар эс алып жатышат. 18:52 Кыргызстан — Монголия. 2:0 Оюндун биринчи таймы кыргызстандыктардын пайдасына 2:0 ...

0 646

Кыргызстандын көк бөрү боюнча курамасы дүйнө чемпионатына катышуудан баш тартып, келе жатышат

21-август 2017, 17:45 Перизат Кутманалиева

Көк бөрү боюнча Кыргызстандын курама командасы 21-августта Казакстандын Астана шаарында башталган дүйнө чемпионатына катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Turmush.kg маалымдайт.  Маалымат порталынын маалыматы боюнча, Чемпионаттын уюштуруучулары кыргызстандык командадан күлүктөрүнүн арткы буттарындагы такаларын алып салууну талап кылган. Кыргызстандык көк бөрүчүлөр буга макул болбой (регламентте мындай шарт жок болчу), 1-турда Моңголиянын командасына каршы оюнга чыккан жок. Уюштуруучулар Кыргызстандын көк бөрүчүлөрү 0:7 эсебинде утулду деп бүтүм ...

0 1547

Кыргыз Тайсону жеңишке жетишти!

21-август 2017, 17:14 Гүлжан Шерипбаева

Чолпон-Ата шаарында өткөн эрежесиз эр уруш эл аралык мелдешинде кыргыздын таанымал мушкери, Тайсон деген каймана ат менен белгилүү Канат Келдибеков жеңишке жетишти. Ал Россиянын Дагестан Республикасынан келген таанымал спортчу, дүйнөнүн чемпиону Ахмед Мустафаев менен бет келген. Канаттын рингге чыгуусун эл чыдамсыздык менен күтүп турду. Канат менен Ахмеддин беттеши эң акырында болгондуктан, мушкерлер түнкү 12 ден өтүп, рингге чыкты. Кыргыз мушкери 6 сааттай күткөн ...

0 483

Улуттук курамабыз - Грециядагы боло турган чемпионатка катышат

19-август 2017, 19:25 Жазгүл Урманбетова

 Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курамасы Грецияда кадеттер арасындагы дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Чемпионат 2-7-сентябрда Афинада өтөт. Кыргызстандан 17 жаштагы беш балбан катышат. Алар спорт чеберине талапкерлер болуп саналышат. Кураманын курамы: 1. Мурат уулу Улан 2000-ж.., 42 кг чейин 2. Каныбек уулу Эрмек 2000-ж., 50 кг чейин 3. Куттубек уулу Акылбек 2000-ж., ...

0 549

Усейн Болт - дүйнөлүк мыкты жөө күлүк!

17-август 2017, 17:49 Жазгүл Урманбетова

Усэйн Болт тарыхтагы эң мыкты жөө күлүк деп аталат. Ямайкалык атлет Лондондо өтүп жаткан Дүйнөлүк чемпионаттан кийин спорттон кетем деп билдирди. Спортчу "легендардуу" спортчу катары аты чыккан. Болт тарыхтагы эң күлүк атлет болуп эсептелинет. Ал 100 метр аралыкта үч жолу рекордду жаңыртты. Спортчу биринчи жолу тогуз жыл мурун жаңы рекорд койгон. Болт жердеши Асафа Пауэллдин (9,74 секунд) дүйнөлүк рекордун 2008-жылы жаңырткан. Болт 100 метр ...

0 507

Айсулуу дүйнөдө 4-орунда

14-август 2017, 11:25 Жазгүл Урманбетова

 Аялдар күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын бир нече жолку чемпиону, эл аралык класстагы спорт чебери. 1992-ж. 4-майда Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында төрөлгөн. Нарын облусундагы Кочкор районунун Теңдик айылында өсүп чоңойгон. 2010-ж. аялдар күрөшү боюнча Азия чемпионатында коло медалды уткан жана жаштар арасында Азиянын чемпиону болуп калган.2012-ж. Лондон Олимпиадасынын катышуучусу. Эл аралык турнирлерде бир нече жолу утушка жетишкен. 2013-ж. Азия чемпионатынын коло медалынын женген. ...

14-август 2017, 11:25 | 507
0 390

Кори Картер дүйнө чемпиону болду

12-август 2017, 09:13 Перизат Кутманалиева

16-Дүйнөлүк атлетика чемпионатында кыздар арасында 400 метрге толкоолдуктуу аралыктан чуркап өтүүдө америкалык Кори Картер алтын медалга ээ болду. Англиянын борбор шаары Лондондо өтүп жаткан чемпионаттын 7чи күнүдө кыздар арасында 400 метрге толкоолдуктуу аралыктан чуркап өтүү жарышынын финалы болду. Кори Картер 53.07лик даражасы менен дүйнө чемпиондугуна жетишти. АКШлык Далила Мухаммад 53.50 менен күмүш, ямайкалык Ристанана Трейси болсо 53.74 менен коло медаль такты. Булак: "trt.net.tr"

0 497

Өкмөт спортчуларды колдойт

11-август 2017, 11:16 Жазгүл Урманбетова

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү атамекендик спортту өнүктүрүүнү жана спортчуларды колдоону күчөтөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-августта, 2017-жылы спорттук мыкты жыйынтыктарды көрсөткөн спортчулар менен болгон жолугушуусунда билдирди. «2017-жыл атамекендик спорт үчүн ийгиликтүү болду. Спортчуларыбыз түрдүү деңгээлдеги эл аралык мелдештерде жеңишке жетишип, бизди кубантуусун улантып жатышат. Массалык спортту өнүктүрүү максатында жакынкы беш жылда ар бир мектепте заманбап спорттук залдар пайда ...

11-август 2017, 11:16 | 497
0 487

Мына сага!

07-август 2017, 22:50 Жазгүл Урманбетова

Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы күрөш боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиону болду. Финалдык беттеш Финляндияда өтүп жаткан чемпионаттын алкагында бүгүн, 4-августта өттү. Айпери Медет кызы 72 кг чейинкилер арасында алгачкы турнирде 2015-жылы жаштар арасында Европанын жана дүйнөнүн чемпиону болгон Денис Сабина Макота Строй (Швеция) менен беттешип, жеңишке жетишкен. Чейрек финалда  италиялык Елена Пьоллай менен килем үстүнө чыгып, 1 мүнөт ...

07-август 2017, 22:50 | 487
0 464

Күч сынап, күмүш утту

07-август 2017, 19:27 Жазгүл Урманбетова

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков өспүрүмдөр арасында Финляндияда өткөн чемпионатта күмүш байге утту. Ал 55 кг чейинкилер арасында күч сынашты. Кыргыз балбаны финалдык беттешке чейин Венгрия, Италия, Россия, Армениянын балбандарын жеңген. Өкүнүчтүүсү, алтын медаль үчүн таймашта түркиялык Керем Камальдан утулуп калды. Булак: NazarNews.kg  

07-август 2017, 19:27 | 464
0 550

Динге катуу берилген Неймар

07-август 2017, 09:57 Перизат Кутманалиева

Кечээ "Барсага" баш-оту менен берилген таанышымды көрүп калдым. Неймардын "ПСЖга" өткөнүнө кейип-кепчип алыптыр. Аялым таштап кеткендей эле болду, түнү менен түшүмө кирип чыкты дейт. Эх, "Барсачылар", кайгырбагыла! Жашоо улана берет. Футбол жаатындагы кызыктар али алдыда. Андыктан, ичиңерди ачыштырбай, белгилүү футбол жылдызы тууралуу кызыктуу фактыларды окуп, ага ийгилик каалагыла. 1. Дүйнөнү дүңгүрөтүп жаткан бразилиялык футболчуну күйөрмандары Неймар деген ат менен тааныйт. Бирок анын толук ысымы — ...

07-август 2017, 09:57 | 550
Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 921

СҮРӨТ - Кореяга эл аралык фестивалга кеткен спортсмендер алтын медалдын ээси болушууда

04-август 2017, 21:28 Гүлжан Шерипбаева

Кореядагы Эл аралык таэквон – до боюнча Азия чемпионаты – 2017 фестивалында Кыргызстандык спорстмендер чоң ийгиликтерге жетишүүдө. Бул тууралуу Кореядан Максат Нарынбай уулу билдирди. -“Мен бир спарринг боюнча алтын, бир коло медаль утуп алдым. Ушул тапта Кыргызстандан келген спортсмендер  2 алтын, эки күмүш, 6 коло медаль утуп алдык. Эртең дагы кыргызстандыктар жарышка чыгат.  Нарынбай уулу Максатбек бир алтын, бир коло, Теңиз ...

0 1559

Кыргызстандан 16 спортсмен Кореяга өз каражаттары менен жөнөп кетишти

30-июль 2017, 22:49 Айдар Нуралиев

Спорттун бардык түрүнө ар жыл сайын каражат бөлгөнү менен жер жутуп кетеби, же ар кандай себептер менен бөлүнбөй калабы кыскасы, таэквандонун ITF түрүнөн дүйнө чемпионаттарына барууга өкмөт каражат бербей өгөйлөп келе жатат. Алсак аталган таэквондонун ITF федерациясынын президенти Эдуард Хегай. Ары-бери чуркап жүрүп айласы кеткенде Кореяга спортсмендери өз каражаттарына алып кеткен. Кореяга аттанган 22 жаштагы Максат Нарынбай уулу, “Баарыбыз биригип 16 спортсмен ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83