www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Спорт
0 2271

Майк Тайсон зомбулукка дуушар болгон

Америкалык мушкер Майк Тайсон бала кезинде сексуалдык мүнөздөгү зордук-зомбулукка дуушар болгон. Бул тууралуу оор салмактагы абсолюттук дүйнө чемпиону, мушкер "ESPN" телеканалына берген маегинди билдирди. “Буга чейин мен бул жөнүндө эч кимге айткан эмесмин. Ал окуя менин жашоомо анчалык деле чоң таасир эткен жок. Мени кайраттуу да кылган жок”,-деди ал. Мушкерди кылмышкерлер күч колдонуп бир ээн үйгө алып кирип, зордук-зомбулук көрсөтүшкөн. Ошол окуядан ...

0 2842

Айсулуу Тыныбекова 45 миӊ сом стипендия алат

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришинче Кыргызстанда алдыңкы спортчулар үчүн 45 миң сом өлчөмүндөгү стипендияны 8 спортчу алат. Эң жогорку стипендия алгандар Элеман Догдурбек уулу (эркин күрөш), Изат Артыков (оор атлетика), Ильгиз Каналбек уулу (дзюдо), Арсен Эралиев (грек-рим күрөшү), Эсен Калиев (паралимпиадачы, пауэрлифтинг), Жыргал Орозбаев (паралимпиеадачы, пауэрлифтинг),  Каныбек Жолчубеков (грек-рим күрөшү) жана жалгыз кызыбыз Айсулуу Тыныбекова (аялдар күрөшү). Спортчуларды социалдык жактан ...

0 933

Бардыгыбыз күткөн Валентина Шевченко менен Аманда Нуньестин беттеши болбой турган болду. Буга Аманда Нуньестин ооруп калганы себеп болгону айтылууда

09-июль 2017, 11:21 Камчыбек Бостон

Бүгүн 9-июлда АКШнын Лас-Вегас шаарында UFC уюмунун алдында Валентина Шевченко менен Аманда Нуньестин беттеши болмок. Чемпиондук кур үчүн машыгууларды өткөрүп жүргөн Кыргыз жеринен чыккан спортчу Валентина Шевченко беттеш Нуньестин ден соолугуна байланыштуу болбой калганын жазды. "Бүгүнкү мелдешке 100 пайыз даяр элем. 3 ай аралыгында мелдешке мыкты формада катышуу үчүн болгон аракетимди жасадым. Нуньес тез арада салмак кошуу аракетин көрүп ооруканага ...

0 2484

Валентина Шевченко менен Аманда Нуньестин таймашы бүгүн 8-июлда болот

08-июль 2017, 09:20 Камчыбек Бостон

Кыргызстандык Валентина Шевченко менен бразилиялык Аманда Нуньестин таймашы Лас Вегас шаарында бүгүн 8-июлда өтөт. Бул тууралуу “MMA Fighting” маалымдады. Белгилүү болгондой, Аманда Нуньес жеңил салмактар арасындагы чемпиондук титулун сактап калууга беттешет. Алардын беттеши “UFC 213” турниринин башкы таймашы болот. Эки балбан “UFC 196” турниринин алкагында өткөн жылдын март айында беттешип, анда жеңишти Нуньес камсыз кылган. Эскерте кетсек, Шевченко UFC рейтингиндеги экинчи турган Джулиана ...

0 1320

Футболчу Лионель Мессинин үйлөнүү үлпөт тою болду

Дүйнөлүк футбол жылдызы Лионель Мессинин кечээ, 30-июнда жума күнү үйлөнүү үлпөт тою өттү. Анын тою Аргентинанын Росарио шаарында 200 гө жакын коноктордун катышуусунда болду. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. Месси 30 жаштагы Месси-Антонелла Рокуццо колуктусу менен 2000-жылдан тартып жолугуп, алардын мамилеси алгач достуктан башталып, кийин сүйүүгө айланган. Азыр алардын эки уулу бар. Үйлөнүү тою коопсуздук камсыздалган, кымбат баалуу мейманканада өткөрүлдү. Салтанатка 150 жакын журналисттер каттоодон өтүп, мындан ...

0 1236

Криштиану Роналду эгиз кыздуу болду

30-июнь 2017, 09:31 Камчыбек Бостон

"Реалдын" футболчусу Криштиану Роналду жаӊы төрөлгөн эгиз балдарынын сүрөтүн жарыялады. "Жашоомдогу жаӊы эки сүйүүмдү кармап турганыма бактылуумун", - деп жазган футболчу интернеттеги өздүк баракчасына кызы менен уулун кармап түшкөн сүрөтүн жүктөгөн. Белгилей кетсек, кечээ, 29-июнда Орусияда өтүп жаткан Конфедерациялар Кубогунун 3-орунга болгон беттешинде Португалия курамы Криштиану Роналдусуз ойноору белгилүү болгон. Буга себеп эгиздерине учуп кеткендигине байланыштуу экендиги айтылган. Булак: "NazarNews.kg"

0 781

Роналду "Манчестер Юнайтедге" кайткысы келет 

"Реалдын" чабуулчусу Криштиану Роналду "Манчестер Юнайтедге" кайткууну кааларын билдирген. Спорттук басылмалардын  маалыматына караганда 32 жашар Португалиялык оюнчу агентине кайрылып, каттоо жерин жон терисинен чыкса да алмаштыруусун тапшырма кылган. Мындан мурун Роналду азыркы клубунан Испан прокуратурасынын шегинен улам кетээри тууралуу айтылган эле. Испан терөөчүлөрү дүйнө жылдызы кирешесин жашырып, салыктан качканын кабарлаган.  "Криштиге" Англиядан тышкары Кытайлык жана Франциялык клубдар да көз артууда. "ПСЖ" Роналдуга жылына 30 ...

0 936

Конфедерациялар Кубогу: Португалия менен Мексика тең чыгышты

19-июнь 2017, 03:22 Камчыбек Бостон

Орусияда өтүп жаткан Конфедерациялар Кубогунда "А" тайпасында экинчи оюн Казань шаарында орун алды. Анда Европа чемпиону Португалия Мексика менен 18-июнда кез келди. Роналду баштаган курама команда "чү" дегенде эле чабуулга өттү. 21-мүнөттө Пепе кошумча сокку узатып, эсепти ачкандай болгон. Бирок, калыстарга жардамчы иретинде пайдаланыла баштаган видеокайталоо бул учурда офсайд катталганын билдирди. 35-мүнөттө Роналдунун пасынан Куарежма эсепти ачты. Мексикалыктар чабуулун ...

0 567

Конфедерациялар Кубогунун алгачкы оюнунда Орусия Жаңы Зеландияны утуп алды

18-июнь 2017, 09:59 Камчыбек Бостон

17-июнда футбол боюнча Конфедерациялар Кубогу Орусияда старт алды. Салтка айлангандай, аталган мелдеш Дүйнө чемпиондугуна бир жыл калганда өткөрүлөт. Алгачкы оюнда Санкт-Петербург шаарында Орусия Жаңы Зеландия менен ойноду. Бул оюнга өлкө президенти Владимир Путин да стадиондон күбө болду. Оюндун жүрүшүндө үй ээлеринин аракети күчтүү болуп, 31-мүнөттө эсеп ачышты. Коноктордун коргоочусу өз дарбазасына киргизип алды. Экинчи таймда Федор Смолов оюнга чекит ...

0 739

Бүгүн Орусияда футбол боюнча Конфедерациялар Кубогу старт алат

18-июнь 2017, 01:36 Камчыбек Бостон

Бүгүн, 17-июнда Орусияда футбол боюнча Конфедерациялар Кубогу башталат. Анда ар бир континенттин чемпион аталган өлкөлөрү күч сынашат. Бул мелдешке жалпы 8 команда катышат: үй ээси Орусия, Дүйнө чемпиону Германия, Европа чемпиону Португалия, Азия чемпиону Австралия, Түштүк Америка чемпиону Чили, Түндүк Америка чемпиону Мексика, Океания чемпиону Жаңы Зеландия жана Африка чемпиону Камерун. Конфедерациялар Кубогу бир жылдан кийин өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна ...

0 581

Кыргыз балбаны Акжол Махмудов жаштар арасында Азия чемпиону болду

16-июнь 2017, 09:51 Камчыбек Бостон

Тайбэйдеги Тайчунг шаарында күрөш боюнча жаштар арасында өтүп жаткан Азия чемпиондугунда Кыргыз балбаны Акжол Махмудов алтын медаль тагынды. 74 килограмм салмакта килемге чыккан балбаныбыз алгач үй ээсинин спортчусун, жарым финалда кытайлык балбанды жеңген. Финалда өзбек балбаны менен кез келип, атаандашына бир да мүмкүнчүлүк бербей утуп алды. Бул жеңиш менен ал Азия чемпиону аталды. Белгилей кетсек, Акжол Махмудов буга чейин ...

0 491

Кыргызстан-Индия беттешинде фудболчу Антон Землянухин кабыргасын сындырып алды

16-июнь 2017, 06:56 Камчыбек Бостон

13-июнда Азия Кубогунун финалдык баскычына чыгуу үчүн Кыргыз футболчулары Индиянын футболчулары менен беттеш өткөргөн. Оюндун алгачкы мүнөттөрүндө Кыргыз курама командасынын жарым коргоочусу Антон Землянухин Индиянын дарбазачысы менен кагылышканда жаракат алган. Ал оюнду уланта албай, анын ордуна футбол талаасына Эдгар Бернхард чыккан. Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы Антон Землянухинди дарыгерлер оюн талаасынан көтөрүп чыгып кетишкенден кийин ооруканага жеткиришкенин кабарлаган. Футболчу Антон ...

0 720

Флойд Мейвезер менен Конор Макгрегордун беттеши 26-августа өтөт

15-июнь 2017, 14:53 Камчыбек Бостон

Америкалык боксчу Флойд Мейвезер эрежесиз уруш боюнча UFC уюмунун чемпиону Конор Макгрегор менен ушул жылдын 26-августунда Лас-Вегаста беттешет. Беттеш бокстун эрежелери менен өтөт. Бул тууралуу боксчу өзүнүн социалдык баракчасына жарыялады. Мейвезер спорттук карьерасын 2015-жылы токтоткон. Ал жалпы 49 беттеш өткөрүп, баарында жеңишке жетишүү менен рекорд койгон. Буга катар ал 5 салмак категориясында чемпиондукту камсыздаган. Эми ал Конор Макгрегор менен ...

0 505

Криштиану Роналду 5 жылга камалышы мүмкүн

14-июнь 2017, 20:26 Камчыбек Бостон

  “Реалдын” футболчусу Криштиану Роналдунунун үстүнөн Испаниянын прокуратурасы сотко арыз берди. Буга анын 2011- жана 2014-жылдардын аралыгында түшкөн кирешесинен 14,7 миллион евро салык төлөбөй койгону себеп болгонун чет элдик ЖМКлар жазууда. Айрым маалыматтарга караганда, аталган өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, Роналду бул аракети үчүн 15 айдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Эгерде ошол эле учурда футболчу тергөөгө активдүү катышса, сот айып ...

0 434

Кыргызстанда Эл аралык дзюдо ачылганы турат

14-июнь 2017, 11:09 Кызгалдак Жакыпова

Тагырагы, Кыргызстанда Эл аралык дзюдо федерациясынын академиясынын өкүлчүлүгү ачылганы турат. КРнын Улуттук дзюдо ферерациясынын маалыматы боюнча, мындай келишим федерациянын президенти Жолдошбек Көлбаев жумушчу сапары менен Түркияга барганда түзүлдү. Эми Кыргызстандан чыккан машыктыруучулар менен калыстар дзюдонун дүйнөлүк академиясынан билим ала алышат. “Эл аралык дзюдо федерациясы машыктыруучулар менен калыстарды үйрөткөн үч этаптан турган окуу программасын баштап турган кези. Биринчисинде өз өлкөңдө онлайн режими ...

0 1319

ВИДЕО-Брюс Линин жекеме-жеке салгылашкан жалгыз видеосу интернетке тарады

Белгилүү актёр жана режиссер Брюс Линин кунг-фу менен жекеме-жеке салгышакан жалгыз видеосу YouTube пайда болду. Джит Кун-До стилинин негиздөөчүсү Калифорнияда жашап турган кезинде, өзүнүн окуучулары спаррингке чыккан. Жекеме-жеке аралаш стилдеги (ММА) кармашта атактуу актер тартылып калган. “Актёрдун каршылашы Тэд Вонг Брюс Линин мыкты шакирттеринин бири болгон. Спортчулар атайын экипировка кийимин кийишкен. Ошол кезде эреже боюнча рингке ал кийимсиз чыгууга тыюу салынган. Эгер ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 2021

Cауд арабияда "Барселона" футбол клубунун формасын кийген адамга 135 миң евро айып пул салынып, 15 жылга чейин эркинен ажыратылат

11-июнь 2017, 13:15 Гүлжан Шерипбаева

Катар өлкөсү менен бардык мамилени үзгөн Сауд арабия бийлиги жарандарына Qatar Airways деген жазуусу бар "Барселона" футбол клубунун футболкасын кийүүгө тыюу салды. Аталган компания каталондук "Барселонанын" демөөрчүсү болуп келип, футболкасында логотиби жайгашкан. Чет элдик маалымат булактары жазгандай, Сауд арабияда бул футболканы кийген адам 135 миң евро айып төлөп, 15 жылга чейин эркинен ажыратылуусу мүмкүн. Мындай тыюу салуу Бириккен Араб Эмираттары, ...

0 1077

Рак илдетин жеңүүнүн сырлары

Атактуу америкалык дарыгер Лоуренс Ле Шан эң коркунучтуу деп эсептелген рак оорусунан айыгууга болот деген пикирде. Отуз жылдык иш практикасы дарыгерди ушундай жыйынтыкка алып келген. «Адам жакын арада өлөрүн билгенде гана кыймылдай баштайт» дейт ал. Чындыгында эле көпчүлүк кинотасмалардан деле көрүп жүргөндөй, айыккыс дартка чалдыгып, өмүрүнүн акыркы айларын жашап жаткан адам «башкача» жашай баштайт. Көзүм түрүүдө жетишип калайын деп көптөн ...

0 1216

13 жаштагы бала 33 жаштагы словакты жеңип алды

06-июнь 2017, 11:45 Кызгалдак Жакыпова

13 жаштагы жапон бала Томокадзу Харимото үстөл тенниси боюнча дүйнөлүк чемпионаттын чейрек финалына чыккан тарыхтагы эң жаш оюнчусу болгонун  Championat.com. билдирди Дюссельдорфдо өтүп жаткан турнирде 1/8 финалда Харимото 33 жаштагы словак Любомир Пистейди 4:1 эсебинде утуп алды. Андан мурун 13 жашар жапон бала Рио-де-Жанейродогу Олимпиадалык оюндардын коло медалдын ээси 27 жаштагы жапон Дзюн Мидзутанини жеңип алган эле. Жарым финалга чыгуу үчүн Харимото ...

0 605

Семетей жеңүүчү болду

06-июнь 2017, 10:57 Кызгалдак Жакыпова

Челябинск шаарындагы Васенко эл аралык шахматтык фестивалда Семетей Төлөгөнтегин жеңүүчү болду. Челябинск шахмат мектеби маалымдагыдай, 10 эл аралык чебер менен гроссмейстерлердин арасында кыргызстандык Семетей Төлөгөнтегин ойногон. Семетей 9 оюн ойноп, 4 жеңиш, 5 5 оюнду тең чыгып, 6,5 упай менен турнирде 1-орунду ээледи. Серб гроссмейстери Мирослав Тошич да 6,5 упай алып, 2-орунга татыды, ал кыргызстандыкка кошумча көрсөткүчтөр боюнча уттуруп койгон. Булак: NazarNews.kg

06-июнь 2017, 10:57 | 605
0 1418

Айсулуу Азия чемпионатына машыктыруучу катары барат

06-июнь 2017, 10:42 Кызгалдак Жакыпова

15-18-июнда Жаштардын Азия чемпионаты Тайчунг шаарында болот. Кыргызстан аялдар курамасында турнирге беш кызыбыз улуттук курамдын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабековдун жетекчилигинде катышат. Ошондой эле машыктыруучу катары Айсулуу Тыныбекова да кирген. Тагырагы, Кыргызстандын күрөш боюнча улуттук аялдар курамынын лидери Айсулуу Тыныбекова жан улан-кыздар арасындагы Азия чемпионатына машыктыруучу катары барат. Булак: NazarNews.kg

0 1239

Мушкер Дастан Шаршеев Таиландда өткөргөн беттешинде жеңишке жетишти

06-июнь 2017, 04:19 Гүлжан Шерипбаева

Кыргыз мушкери Дастан Шаршеев Таиландда өткөн беттеште жеңишке жетишти. "4-июнда Таиланддагы "Интернационал" стадионунда Дүйнөлүк мелдеш болуп өттү. Анда мен тай мушкери Сомчай Пхакпхум менен беттештим. Жеңиш үчүн күрөш оңой болгон жок. 3-раундда нокаут менен каршылашымды багындыра алдым", - дейт мушкер. Ошондой эле ал 27-июнда Татарстанда Антон Калинин менен реванштык беттеши орун аларын, андыктан оюнга кызуу даярданып жатканын билдирди. Эскерте кетсек, Дастан Шаршеев ...

0 560

Бишкекте бий олимпиадасы башталды

03-июнь 2017, 09:22 Кызгалдак Жакыпова

Бишкекте Борбор Азиянын III эл аралык бий олимпиадасы башталды. Мелдеште бийдин бардык түрлөрү: элдик, классикалык, эстрадалык, чыгыш бийлери, модерн, болливуд жана башка түрлөрү боюнча өтөт. Олимпиадага Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын бийчилери катышат. Катышуучуларды калыстык боюнча семинарлардан өтүп, чет өлкөлүк бий жана спорт багыттары боюнча экзамен тапшырган IDO эл аралык калыстардан, КРнын белдүү калыстарынан турган эл аралык калыстар тобу баа ...

0 603

Эмма Нургазиева күмүш медаль тагынды

03-июнь 2017, 08:30 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстандын спортчусу Эмма Нургазиева Бишкекте өтүп жаткан жаштар арасындагы теннис боюнча эл аралык турнирде күмүш медалды багындырды. Эмма Нургазиева кошмо мелдеште Өзбекстандык Милана Масленкова менен биргеликте чыгып, финалга чейин жетишкен. Финалда Нургазиева менен Масленкова орусиялык кош-оюнчу Бондаренко-Петровскаяга утулуп калышып, күмүш медалга татышты. Жалгыз чыкканда Нургазиева үч жолу Орусиянын өкүлдөрүн жеңип, жарым финалда Милана Масленковадан күчтүүлүк кылып (2:1), финалга жолдомо алган эле. ...

0 766

Хоккей Атагы Залынын белгилүү мүчөсү Кен Драйден Нарынга барды

03-июнь 2017, 08:20 Кызгалдак Жакыпова

Канаданын спорт боюнча экс-министри жана Хоккей Атагы Залынын белгилүү мүчөсү Кен Драйден Нарын шаарындагы Борбордук Азия Университетинин башкы имаратында лекция окуду. Аны Нарындын жетекчилиги, студенттер жана мугалимдер, ошондой эле шаардын коомчулугу укту. Драйден өз лекциясында Канада менен Кыргызстандын окшоштугун баса белгилеп, “топографиянын, климаттын жана калк жыштыгынын окшоштук чегинен чыгып кетти”,- деди. Ал эки өлкөнү бириктирген жип Улуу Жибек жолу боюнча ...

0 666

Илим менен Ильгиз Билимовдор күмүш медалды жеңип алышты

02-июнь 2017, 08:55 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстандын спортчулары бир туугандар Илим менен Ильгиз Билимовдор эл аралык көл жээгиндеги күрөш боюнча күмүш медалды жеңип алышты. Мелдеш Италиянын Сассари шаарында болуп өттү. Биздин балбандар 80 кг жага 90 кгдан жогорку салмакта чыгышты. Турнирге 29 өлкөдөн 400дөй спортчу катышты. Эл аралык деңгээлдеги мелдешке биринчи жолу чыгып жатып, Билимовдор күмүш медалга ээ болушуп, жакшы жыйынтык көрсөтүштү. “Биз пляж күрөшү өнүгүшүн каалайбыз, ...

0 1438

Тумара: “Күйөөмө жакшы аял издейм”

Кырк беш жаш. Бала кезимде, жаштыгымда кырктан ашкандарды карып калгандай көрчүмүн. Эми өзүм ошол курактамын. Кайдагы карылык, жаштыктын ширеси агып, маңызы чыгып турган учурундай сезилет. Мени менен жашташтар ошондой эле жашап жатышат. Тилекке каршы, ушу керемет куракта жашоомо кара көлөкө түшүп, айланамды аяз каптады. Мени айыкпас дарт ажалга жетелеп баратат… У-уф, карьера. Баарына ушул күнөөлүү. Карьера деп жүрүп жашоонун чыныгы жыргалын ...

0 552

Снукер Кыргызстанда

Кыргыз Снукер Федерациясынын башкы катчысы Шаирбек Маматокторовдун билдирүүсүнө караганда, Снукер боюнча Азия биринчилиги Кыргызстанда 5-июлга чейин болот. Мындай чоң чемпионат Кыргызстанда эле эмес, Орто Азия жана КМШ өлкөлөрүндө биринчи жолу өтүүдө. 25тен ашуун өлкө чакырдылды жана алардын 18и бүгүнкү күндө катталды. «Биздин федерация мына 5 жылдан бери жасаган эмгегибиздин жакшы жыйынтыгы десек да болот. Азия биринчилигин Кыргызстанда өткөрүү боюнча ...

31-май 2017, 12:24 | 552
0 857

Стамбулда чет өлкөлүк футболисттер менен биздин боз балдар беттешет

Футбол боюнча Бишкектин боз балдар боюнча курамы Түркиядагы Istanbul Cup 2017 эл аралык турнирине катышмакчы. Делегациянын жетекчиси Мейирхан Аманбековдун билдиргенине караганда, турнир Стамбул шаарында 1-4-июнь күндөрү өтөт. Ага Болгариядан, Македониядан, Казакстандан, Кыргызстандан жана Түркиядан 8 команда катышат. “Кыргызстандан машыктыруучу Келкел Анарбековдун жетечилиги астында Бишкек шаарынын курама командасы барат. Командада СДЮШОРСИнин, «Дордойдун» оюнчулары жана Мектеп лигасынын катышуучулары бар”, - дейт М.Аманбеков. Булак: NazarNews.kg

0 758

Футбол сулуусу - Надира Исакова

Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы билдиргендей, «Футбол сулуусу - 2017» наамын Надира Исакова жеңип алды. Жарым финалга чыккан 9 кыздын 5 катышуучусу финалга өткөн. Конкурстун акыркы туруна катышуу үчүн финалга чыккандар федерацияга “Эмнеге мен футболду жакшы көрөм?” деген темада видеотасма жөнөтүшү керек. Конкурстун жеңичүүсү КР футбол федерациясынын атынан бардык эл аралык иш-чараларда чыга алат, ошондой эле фототартууларга жана видеолорго түшө алат. Надира ...

0 931

ЖК депутаты Жыргалбек Турускуловдун мелдеши

Адатта сергек жашоого жаштар чакырык алышат. Рамазан айынын башталышы менен, Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов, Нарын районундагы кырк жаштан өткөндөр арасында жана мугалимдер ортосунда волейбол боюнча мелдеш уюштуруп кайтты. Ага жалпысынан Нарын району жана Нарын шаарындагы 18 орто мектептин мугалимдери жана 40 жаштан өткөндөрдүн он курама командасы катышты. Жеңишке билим берүүчүлөр жана курама команда болуп 6 команда жетишти. Өз кезегинде, эл өкүлүнө ...

0 791

Эң мыкты оюнчу Леброн Жеймс

NBA командаларынан Клевеланд Кавалиерстин жылдызы Леброн Жеймс NBA тарыхынын эң мыкты оюнчулар тизмесинде эң жогорку орундукка чыкты. Акыркы чемпион Клевеланд Кавалиерс Чыгыш конференциясынын финалында Бостон Селтикс менен ойногон  5 -  оюнду 135 – 102 упай менен жеңди жана финалга атын жаздырган жылдыз Леброн Жеймс NBA тархынын эң мыкты оюнчусу болду. NBAда 1 -  июнда баштала турган финал жарыштары Клевеланд Кавалиерс менен ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1666

ЖМК: "Криштиану Роналду салык төлөбөгөнү үчүн 8 миллион евро айып төлөп же 12 айга кесилиши мүмкүн"

Мадриддик "Реалдын" чабуулчусу Криштиану Роналдуга 8 миллион евро айып салынып же 12 айга камакка алынышы мүмкүн. Бул тууралуу Еlespanol басылмасы жазып чыкты. Салык органдарынын ою боюнча, Роналду имидждик укуктар боюнча 8 миллион еврого барабар салыкты 2011-2013-жылдары төлөбөй койгондугу тастыкталды. Азырынча салык инспекторлору арасында футболчуну бул иш боюнча кылмыш же административдик жазасына тартуу боюнча маселе чечиле элеги маалымдалат. Бул маселени Мадриддин экономикалык ...

0 784

Кожобек Рыспаев: “Улуттук күрөш улам майдаланып баратат, “кыргыз-күрөшүнө” бириктирүү керек”

Бүгүн Жогорку Кеӊеште кыргыз элинин унутулуп бараткан улуттук спорт оюндары менен салттуу оюндарын өнүктүрүүгө багытталган мыйзам долбоору каралып, талкуу болду. Талкуунун жүрүшүндө депутат Кожобек Рыспаев өтө көп чыгымдарды талап кылгандыктан, “көк бөрү” оюнун өнүктүрүү милдетин мамлекет өзүнө алышы керектигин баса белгиледи. Андан тышкары, «улуттук күрөш оюну “Баткен-күрөш”, “Лейлек-күрөш”, “Талас-күрөш”, “Алыш-күрөш” аталуу менен улам майдаланып барат. Аларды жалпы бир “кыргыз-күрөшүнө бириктирүү зарыл”, ...

0 1023

Равшан Жээнбеков кызматка барды

Америкалык футболдун эл аралык федерациясы Кыргызстанда америкалык футболду өркүндөтүүгө ынтызар. Бир гана чоңдордун командалары түзүлбөстөн, аялдардын жана жаш балдардын да курамалары түзүлөт. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйынында Америкалык футболдун эл аралык федерациясынын президенти Томи Викинг билдирди. Кыргызстандагы америкалык футбол федерациясынын төрагасы болуп Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков дайындалды. Анын айтуусу боюнча, спорттун бул түрүндө жаш курагына чектөө жок, бардыгы ойносо болот. ...

0 650

Швеция хоккей боюнча дүйнө чемпиону болду

22-май 2017, 21:44 Айдар Нуралиев

Швециянын курама командасы хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык оюнунда Канада курамасын утуп алды. Мелдеш 21-майда Көлн шаарында өттү. Оюндун негизги убактысында командалардын эч кимиси утушка ээ болгон эмес. Овертаймда дагы дарбазага топ кирген жок. Буллит сериясында гана ийгилик шведдерге жылмайып, 2:1 эсебинде жеңишке жетишишти. Натыйжада Швециянын курама командасы хоккей боюнча дүйнө чемпионатында 10-жолу алтын медаль тагынды. Ушул эле күнү Орусия коло медаль үчүн ...

0 1640

Айсулуу Тыныбекова Ислам тилектештик оюндарында алтын медалга ээ болду

21-майда Ислам тилектештик оюндарында кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча мелдештер жыйынтыкталды. Анда 58 килограммга чейинки чен бирдикте Кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова финалда үй ээсинин спортчусу менен кез келип, аны 5:2 эсебинде утуп алды. Тыныбекова бул жеңиши менен Кыргыз өлкөсүнүн капчыгына төртүнчү алтын медалды алып келди. Азыркы тапта Кыргыз өлкөсүнүн капчыгында 4 алтын, 4 күмүш, 7 коло медаль бар. Эске салсак, Айсулуу Тыныбекова 13-май ...

0 1027

Сүйүнчү: Кыргызстан 10-катарда баратат

Азербайжан мамлекетинин Баку шаарында өтүп жаткан IV Ислам шериктештиги оюндары 12-майда башталган. Ал 22-майда бүтөт. Ага 54 мамлекеттен 3000ге жакын спортчу катышууда. Кыргызстандан 68 спортчу кеткен. Кечээ чемпион болгон балбан Муслим Евлаевдин байгесин кошкондо биздин спортчуларда азырынча 3 алтын, 3 күмүш, 7 коло медаль бар. 54 мамлекеттин ичинен Кыргызстан 10-катарда бара жатат. Булак: «NazarNews.kg»

0 611

Шарапова «Ролан Гаррос» мелдешине чакыруу алган жок

Франциядагы «Ролан Гаррос» теннис мелдешинин уюштуруучулары орусиялык спортчу Мария Шараповага чакыруу жолдонбогонун билдиришти. 30 жаштагы орусиялык теннисчи спортко 15 айлык тыюудан кийин кайтып келген. Былтыр анын канынан мельдоний заты табылып, допинг текшерүүдөн өтпөй калган. Дүйнөлүк рейтингде Шарапованын учурдагы 211-оруну ага мелдешке автоматтык түрдө катышуу укугун бербейт. Буга байланыштуу ал Франциянын теннис федерациясы мелдештин өзүнө болбосо да тандап алуу оюндарына атайын чакыруу берет ...

0 699

Сүрөт - ОшМЮИда областтык спартакиада жыйынтыкталды

15-май 2017, 13:59 Айдар Нуралиев

Ош мамлекеттик юридикалык институтунун спорттук комплексинде уюштурулган билим, илим кызматкерлеринин  Ош областтык спартакиадасы жыйынтыкталды. Мында  шаар, райондордон келген жогорку  жана орто окуу жайлардын, орто мектептердин курама командалары спорттун  волейбол, баскетбол, стол тенниси, шахмат, шашка, тогуз коргоол, ордо түрлөрү  боюнча күч сынашты. Бул тууралуу маалыматты МЮИнин басма сөз катчысы Сабыр Буркашев билдирди. Өзгөчө даярдыктар менен  катышкан спортчулар атаандаштарын жеңип, алдыңкы орундарды камсыз ...

0 932

Сүрөт - ОшМЮИда областтык спартакиада

12-май 2017, 21:50 Айдар Нуралиев

Ош мамлекеттик юридикалык институтунун спорттук комплексинде билим, илим кызматкерлеринин областтык спартакиадасы башталды. Спорттук иш чаранын ачылышы өзгөчө салтанат менен  коштолду. Райондордогу, шаарлардагы  билим берүү, илим тармактарынан келген  курама командаларды алгач ОшМЮИнин ректору юридика илимдеринин кандидаты Эгемберди Токторов, профсоюздун Ош областтык комитетинин төрагасы Сабыр Тойгонбаев жана башкалар кызуу куттукташып, мелдештерде аларга ийгиликтерди кааларын билдиришти. Бул тууралуу маалыматты ОшМЮИнин басма сөз катчысы Сабыр Буркашев ...

0 597

"Манчестер Юнайтед" менен "Аякс" Европа Лигасынын финалына чыкты

Европа футбол Лигасынын жооптук жарым финалы өттү. Анын жыйынтыктары УЕФА сайтына жарыяланды. "Манчестер Юнайтед" өз талаасында "Сельта" менен ойноп 1:1 эсебинде теңме-тең аяктады. Алгачкы оюнда "Юнайтед" 1:0 эсеби менен утуп чыккан, эки оюндун жыйынтыгы аркылуу ал финалга чыкты. "Аякс" жарым финалда “Лион” менен ойноп,1:3 эсебинде утулуп калган. Биринчи оюнда "Аякс" 4:1 эсебинде уткандыктан, 2:0 менен турнирдин финалына жолдомо алды. Европа Лигасынын финалдык беттеши ...

0 550

Нурлан Кобашев коло медалды жеңип алды

Кыргыз мушкери Нурлан Кобашев Ташкентте өткөн Азия чемпионатында коло медалды жеңип алды. Мелдешке Бокстун Азиялык конфедерациясынын мүчөсү болгон 30 өдкөдөн 200дөй спортчу катышты. Кыргызстандан чемпионатка 9 мушкер барган эле, бир гана Нурлан Кобашев жарым финалга чыгып олтурат. Ал 64 кг салмакта чыгып, жарым финалда монгол мушкери менен беттешти. Ага чейин чейрек финалда жапон мушкери Хикару Окишиманы жана кытай мушкери Ганг ...

0 902

Биздин акробаттар Стамбулдагы сынакка кетти

Этноспорт фестивалы Түркияда экинчи жолу уюштурулуп, ал бүгүн Стамбулда башталды. 15-майда аяктайт. Фестивалда көчмөндөрдүн улуттук оюндары боюнча таймаштар болмокчу: күрөш, көкбөрү, жаа атуу, тогуз коргоол, ат үстүнөн найза ыргытуу. Биздин мамлекеттен ат үстүндөгү акробаттар тобу кеткен. Ал эми кол өнөрчүлөр сынагына Кыргызстандан бир боз үй катышууда. Булак: «NazarNews.kg»

0 553

Чемпиондор лигасында биринчи финалист Ювентус болду

Ювентустун финалдагы атаандашы бүгүн белгилүү болот. Чемпиондор лигасында биринчи финалист Ювентус болду. Италиянын командасы, атаандаштын талаасында 2-0 эсебинде жеңген Монакого өз талаасында да мүмкүнчүлүк берген жок. Ал эми Франциянын өкүлүн 2-1 эсебинде жеңген Түркиянын Фенербахче командасы, Кардиффдеги финалга жолдомо алды. Чемпиондор лигасында Ювентустун финалдагы атаандашы бүгүн белгилүү болот. Реал Мадрид бүгүн Атлетико Мадридге конок болот. Эки испан командасын беттештире турган мелдешти ФИФАнын калыстарынан Жүнейт Чакыр башкарат. Футболдук ...

0 3032

Депутат Алтынбек Сулайманов Сахабада онунчу жолу кыргыз күрөш боюнча эл аралык мелдеш өткөрдү

Ноокат районунун Сахаба эс алуу багында 9-май күнү Жогорку Кенештин депутаты, “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиш майрамынын урматына онунчу жолу кыргыз күрөшү боюнча ири мелдеш өткөрдү. Жыйырма миңден ашуун эл балбандардын күрөшүнө күбө болуу менен Жеңиш күнүн ойдогудай майрамдашканы жүздөрүндөгү кубанычтан байкалып турду. Алтынбек Сулайманов чогулган элди 9-май – Улуу Жеңиш күнү менен куттуктап, ...

0 766

Нурлан Кобашев коло медалды жеңип алды

Өзбекстандын Ташкент шаарында, ушул тапта өтүп жаткан бокс боюнча Азия чемпионаты 7-майда аяктайт. Чемпионатка 29 мамлекеттен 200гө жакын спортчу катышууда. Бул мелдешке Кыргызстандан 9 боксчу кеткен. Алардын арасынан Нурлан Кобашев гана жарым финалга чыгып, 3-орунду алды. Кобашевге коло медаль 7-май күнү тапшырылмакчы. Булак: «NazarNews.kg»

0 759

9-майда “Ак Кулада” көк бөрү болот

Бишкек шаардык “Ак-Кула” ат майданында кечээ Жеңиш Күнүнө карата көк бөрү боюнча мелдеши болуп өттү. Жарым финалга “Арашан” командасы чыкты. Эки турдан кийин жарым финалда «Достук», «Ынтымак», «Биримдик Аю» жана “Арашан” ойномой болушту, анда “Достук” менен “Ынтымак”, Биримдик Аю” менен “Арашан” ойномокчу. 9-май күнү финалдык оюн жана 3-орун үчүн беттеш болот. Булак: «NazarNews.kg»

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 890

Кичинекей шахматчы Чынгыз чет өлкөгө барат

Кыргызстандын Шахмат федерациясы алты жашар шахматчыбыз Султай Чынгыз үчүн чет элдик машыктыруучу чакырыла тургандыгын федерациянын президенти Мирлан Турпанов билдирди. Султай Румынияда 9 беттеш өткөрүп, 7 жеңишке жетишкен. “Баарынан кытай шахматчы кызды утканы өзүнө аябай жакты” дейт бала шахматчынын атасы жана машыктыруучусу Чынгыз Абылкасымов. Булак: «NazarNews.kg»

0 705

Чемпиондор лигасынын жарым финалында «Ювентус» «Монакону» жеңди

Италиялык «Ювентус» жана франциялык «Монако» командалары Европанын чемпиондор лигасынын алкагында алгачкы жарым финалдык беттешин өткөрүштү. Анын жыйынтыгы УЕФАнын расмий сайтында жарыяланды. «Монакого» конокко барган «Ювентус» 2:0 эсеби менен жеңишке жетти. Эки голду тең аргентиналык чабуулчу Гонсало Игуаин киргизди. Эми жооптук беттеш 9-майда өтөт. Шаршембиде ошондой эле Европа лигасынын алгачкы жарым финалдык оюну дагы болду. Анда Амстердамдын "Аякс" командасы өз талаасында франциялык "Лионду" 4:1 эсебинде ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83