www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Спорт
0 782

Нурлан Кобашев коло медалды жеңип алды

Өзбекстандын Ташкент шаарында, ушул тапта өтүп жаткан бокс боюнча Азия чемпионаты 7-майда аяктайт. Чемпионатка 29 мамлекеттен 200гө жакын спортчу катышууда. Бул мелдешке Кыргызстандан 9 боксчу кеткен. Алардын арасынан Нурлан Кобашев гана жарым финалга чыгып, 3-орунду алды. Кобашевге коло медаль 7-май күнү тапшырылмакчы. Булак: «NazarNews.kg»

0 771

9-майда “Ак Кулада” көк бөрү болот

Бишкек шаардык “Ак-Кула” ат майданында кечээ Жеңиш Күнүнө карата көк бөрү боюнча мелдеши болуп өттү. Жарым финалга “Арашан” командасы чыкты. Эки турдан кийин жарым финалда «Достук», «Ынтымак», «Биримдик Аю» жана “Арашан” ойномой болушту, анда “Достук” менен “Ынтымак”, Биримдик Аю” менен “Арашан” ойномокчу. 9-май күнү финалдык оюн жана 3-орун үчүн беттеш болот. Булак: «NazarNews.kg»

0 903

Кичинекей шахматчы Чынгыз чет өлкөгө барат

Кыргызстандын Шахмат федерациясы алты жашар шахматчыбыз Султай Чынгыз үчүн чет элдик машыктыруучу чакырыла тургандыгын федерациянын президенти Мирлан Турпанов билдирди. Султай Румынияда 9 беттеш өткөрүп, 7 жеңишке жетишкен. “Баарынан кытай шахматчы кызды утканы өзүнө аябай жакты” дейт бала шахматчынын атасы жана машыктыруучусу Чынгыз Абылкасымов. Булак: «NazarNews.kg»

0 723

Чемпиондор лигасынын жарым финалында «Ювентус» «Монакону» жеңди

Италиялык «Ювентус» жана франциялык «Монако» командалары Европанын чемпиондор лигасынын алкагында алгачкы жарым финалдык беттешин өткөрүштү. Анын жыйынтыгы УЕФАнын расмий сайтында жарыяланды. «Монакого» конокко барган «Ювентус» 2:0 эсеби менен жеңишке жетти. Эки голду тең аргентиналык чабуулчу Гонсало Игуаин киргизди. Эми жооптук беттеш 9-майда өтөт. Шаршембиде ошондой эле Европа лигасынын алгачкы жарым финалдык оюну дагы болду. Анда Амстердамдын "Аякс" командасы өз талаасында франциялык "Лионду" 4:1 эсебинде ...

0 590

Каракол мэри шайтан араба минет

03-май 2017, 22:28 Гүлжан Шерипбаева

Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиев кызматтык унаасын шайтан арабага алмаштырды. Бул жөнүндө 1-майда өткөн веложүрүштө билдирди. Мэр буларды айтты: «Шаардыктардын демилгеси» долбоорунун негизинде шаардын ичинеде шайтан араба коюучу 10 жай уюштурулат. Долбоордун максаты – шаардыктарды спортко үндөп, сергек жашоону күнүмдүк турмушка айландыруу. Бара-бара шаардыктардын көпчүлүгү шайтан араба тээп башка шаарларга жакшы мисал болуп берет деп ишенем». Данияр Арпачиев наркы-беркини дурус түшүнгөн, ...

0 1511

Каабаева кимдин жүрөгүн элжиретти

Гимнастка Алина Каабаева Москвада болуп өткөн “Алина” балдар фестивальында келген конокторду өзүнүн келбети менен арбап алды. Фестивалда Каабаеванын арыктап калганын баары байкаган. Анан да кичинекей гимнасткаларга болгон жылуу мамилеси баарынын жүрөгүн элжиретти. Баардык катышуучулар менен эринбей селфи жасап жайдары жүрдү, деп билдирүү жасады фестивалдын катышуучусунун апасы. Булак: "kp.gk"

0 962

"Реал" Европа Лигасынын биринчи жарым финалында "Атлетикону" жеңди

Футбол чемпиондор лигасынын биринчи жарым финалы өттү. Анын жыйынтыктары УЕФАнын расмий сайтында жарыяланды. “Реал” өз талаасында “Атлетикону” 3:0 эсебинде утту. Үч топту тең атаандаштардын дарбазасына Криштиану Роналду киргизди. Эки тайпа ортосундагы кийинки оюн 10-майда өтөт. Бүгүн, 3-майда "Монако" – "Ювентус” экинчи жарым финалда кездешмекчи.

0 715

Ырысбек Мааткабылов: “Чоң спортсмендин фундаменти бизден башталат”

28-апрель 2017, 03:54 Гүлжан Шерипбаева

Учурда Бишкек шаарынын мэриясына караштуу дене тарбия жана спорт башкармалыгы өспүрүмдөр арасында мелдештерди уюштуруп, жакшы иш кылып келет. Аталган мекеменин жетекчиси Ырысбек Шаршенбаевичке барып, спорт, таалим-тарбия, ыйман жөнүндө маектештик.   --Ырысбек мырза, башкармалыктын башкы максаты эмне? -- Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башкы максаты: өсүп келаткан жаш муундарды туура жолго тарбиялап, спортко тартуу; Олимпиадалык жана Азиялык чемпионаттарга даярдоо. Жөнөкөй тил ...

0 6569

Казань шаарында "Tatneft" чемпиондор кубогyндагы "карасанатайлык"

Видео 23-апрель 2017, 09:48 Гүлжан Шерипбаева

22-апрелде Казань шаарында "Tatneft" чемпиондор кубогу өткөрүлдү. Ар кайсы континенттен мыкты мушкерлер катышып, Кыргызстандын атынан Дастан Шаршеев катышкан. Ал биринчи жана экинчи-үчүнчү раундда дагы утушка ээ болгон. Бирок калыстар тобу ал жеңишти жокко чыгарып салышкан. Ал рингге Оруссиянын мушкери Антон Калинин менен мушташкан. Учурда туура эмес чыккан жыйынтыкка биздин мушкер нааразы болуп аппелацияга берүүнү талап кылууда. Учурда жогорудагы көрүнүш боюнча кызуу социалдык тармактарды ...

0 1731

Кыргыз мушкери Мыктыбек Мамасалиев "Ак аюу"

  Мыктыбек "Ак аюу" Мамасалиев: атаандаштарды эки мүнөттө нокаутка жөнөтөм! 27 жаштагы Мыктыбек Мамасалиев спорт сүйүүчүлөрүнүн арасында "Ак аюу" каймана аты менен белгилүү. Ал атаандаштарын көпкө кармабай нокаутка кетирген сапаты менен эсте калат. Спортчу алгач бокс боюнча Кыргызстандын үч жолку чемпиону, Евразия мелдешинин башкы жеңүүчүсү аталган. 2015-жылы ММА спортуна өтүп, ошол эле жылы дүйнө чемпионун багындырган. Учурда "Жаш күч" спорт клубунун ...

0 622

Жалал-Абадда жеңил атлетика боюнча мектеп окуучуларынын арасында мелдеш өтүп жатат

17-март 2017, 22:44 Айдар Нуралиев

Жалал-Абад шаарындагы борбордук “Курманбек” стадионунда шаардагы мектеп окуучуларынын  арасында жеңил атлетика боюнча мелдеш өткөрүлүүдө. Бул тууралуу шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Адыл Бакиров билдирди. Анын айтымында, өткөрүлүп жаткан мелдеш “Нооруз” майрамына карата Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмү менен биргеликте шаардагы мектептерден түзүлгөн командалардын катышуусунда өткөрүлүп жатат. Агар ар бир мектептен он алтындан окуучу катышууда.

0 768

“Ушу” спорту менен машыккандар 5 алтын медаль менен кайтышты

12-март 2017, 02:26 Айдар Нуралиев

“Сейтек” балдардын маданий борборунун “ушу” спорту менен машыккан спортчулары Москвадан чоң жеңиш менен кайтып келишти. Россиянын Москва шаарында өткөн “Москва жылдыздары 2017”-деп аталган  мелдеште биздин спортчулар 5 алтын, 1 коло медалды утуп алышкан. Жалпысынан “ушу” спортунун 9 түрүнөн барган спортчуларыбыздын алтоо жеңиш менен кайтышкан. Балдарды белгилүү машыктыруучу Нещерет Натали  даярдап  мелдешке алып барган. Булак: "Жаңы Ордо"

0 728

Антонина Шевченко өзүнүн чемпиондук наамын коргоп калды

12-март 2017, 02:10 Айдар Нуралиев

Спортчу Антонина Шевченко 3-мартта Америкада "Lion Fight" версиясы боюнча Дүйнө чемпиондугун коргоо үчүн кезектеги беттешке чыгып өзүнүн чемпиондук курун жана наамын сактап калды. Анда тай бокс боюнча 61,2 килограмм салмакта беттеш өтүп, мушкер кызыбыздын атаандашы катары Голландиялык Алиди Лавант жаракатынан улам бул беттешке чыга албай калгандыгына байланыштуу ордуна Франциянын спортчусу Магали Форони чыгып  утулуп берди. Булак: "Жаңы Ордо"

0 666

Кыргызстандык спорчтулар коло медалга татышты

12-март 2017, 01:59 Айдар Нуралиев

Казакстандын Алматы шаарында өткөн V-гимнастика федерациясынын президентинин ачык кубогу болуп өттү. Бул мелдешке жалпысынан 150 спортчу катышып намыс талашышты.  Кыргызстандын атынан   белгилүү спортчу Роман Пак катышып коло байгени жеңип алды.  Ал узундукка секирүүдө 12,000 балл топтосо, тегеренип секирүүдө 10,7 балл топтогон. Бул иш чара негизинен Таиландда  гимнастика боюнча өтө турган мелдешке тандоо үчүн дагы өткөрүлдү. Ошол жактан байгелүү орунга жетишкен спортчулар Таиландга  барууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Булак: "Жаңы Ордо"

0 743

Мурат Жакыпов, КРнын хоккей боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу: "Чынын айтканда азыркы мезгилде мамлекет тарабынан каржы берилбесе өзүбүзгө кыйын болуп калган"

12-март 2017, 01:50 Айдар Нуралиев

Өткөн жумада  Япониянын  Саппарро шаарында  Азиянын  кышкы оюндары болуп өттү. Ошол жактан эң мыкты көрсөткүчтү биздин курама командасы ойноп, жакшы жетишкендиктерге жетишти. Алтын медалга бир кадам калганда кандайча тарттырып жиберишти, деги эле хоккей тууралуу  КРнын хоккей боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу  Мурат Жакыповду кепке тарттык. -Мурат мырза, Япониянын Саппарро  шаарындагы мелдеш боюнча айтып берсеңиз. Кандай барып келдиңиздер, алтын медалга бир кадам ...

0 557

Стамбулдагы мелдешке балбандар жөнөп кетти

06-март 2017, 22:17 Гүлжан Шерипбаева

Турциянын Стамбул шаарында  8-мартка чейин эркин күрөш боюнча чоң мелдеш өтөт. Түрктөрдүн «Яшар Догу» деп аталган мелдешине жалпысынан 1 миллион 254 миң сом акча коротулду. Муну  Дене-Тарбия жана спорт агенттиги көрөдү. Мындан сырткары спортчуларыбыз  ошол эле Стамбулдагы 10-12-мартта өтө турган Эл аралык мелдешке дагы катышышат.  Кыргызстандын курама командасы: Улук Жолдошбеков – МСМК (51 кг) Бекжан Жамбулов – МС (70 ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1217

Семетей Төлөгөнтегин, шахмат боюнча Азиянын 4 жолку чемпиону: "Ким мага добуш берсе баардыгына чоң рахмат, абдан ыраазымын"

06-март 2017, 18:44 Гүлжан Шерипбаева

-Семетей, жакында эле казактардын баарын каратып туруп алтынды алып келе бертиптирсиң. Кепти ошол мелдештен баштайлы... -Иш чара абдан чоң Эл аралык даражада өттү. Казакстандын  Павлодар шаарында шахмат боюнча чеберлердин арасында өткөрүштү.  Чынында абдан жакшы өткөрүштү, казактар ката кетиришпейт билесиздер да. -Гроссмайтер болууга  дагы деле аракет кылып жатасыңбы? -Дагы бир аз рейтингим көтөрүлсө ал кыялыма детем. 3 упай топтосом эле жетмекмин. Ал упайды Ирандагы ...

0 832

"Арсенал" машыктыруучусу Венгердин доораны аяктап баратабы?

17-февраль 2017, 21:12 Айдар Нуралиев

Мюнхенде Чемпиондор лигасынын 1/16 финалында "Арсенал" ири эсеп менен утулгандан кийин, алардын европалык турнирде алдыга карай жылуу үмүтү өчкөндөй болду. Клубдун машыктыруучусу Арсен Венгердин тагдыры дагы таразага түшүп, ушул сезондун аягында чечилмек болуп жатат. Команданы 1996-жылдан бери жетектеп келе жаткан 67 жаштагы франциялык Арсен Венгерге сезондун башталышында эле жаңы келишим сунушталган экен. Эксперттер акыркы чечим клуб менен машыктыруучунун өз ара макулдашуусунан кийин ...

0 1390

Сүрөт - Орусиядагы мекендешибиз Жохар Боронбаев эрежесиз эр күрөштө жеңишке жетти

17-февраль 2017, 20:50 Гүлжан Шерипбаева

Россия Федерациясына караштуу Ростов на Дону шаарында 71 кг салмактагы эл аралык эрежесиз күрөш болуп өттү. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине жеринен билдирди. 71 кг салмактагы эл аралык эрежесиз күрөштө мекендешибиз 19 жаштагы Жохар Боронбаев, өзүнүн атаандаштарын далысын жерге тийгизип, жеңишке жетип биринчи орунга ээ болду. Бул көрүншкө чексиз кубанычта болуп турабыз. Ростов на Донуда жашаган мекендештерибиз, Жаныбек Боронбаевге жакшы каалоо тилектерибизди айтып, ...

0 1280

Айсулуу Тыныбекова дүйнөдөгү мыкты спортчу аялдардын катарына кирди

10-февраль 2017, 11:08 Айдар Нуралиев

Эл аралык биргелешкен күрөш дүйнөсүнүн тандоосу боюнча кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова дүйнөдөгү эң күчтүү күрөшчү 5 аялдын бири болуп калды. Аталган уюмдун мындай корутундусу Орусия, Франция, АКШ жана Австрияда өткөн эл аралык турнирлердин натыйжасында чыгарылган. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтында жазылган. Айсулуу Тыныбекова январдын аягында Орусиядагы «Иван Ярыгин-2017» эл аралык турнирине катышып, 58 кг чейинки салмакта алтын медалды жеңип алган. Булак: Азаттык

0 2417

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков хоккей боюнча улуттук курама команданы VIII кышкы Азия оюндарына узатты

03-февраль 2017, 11:57 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 3-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Бишкек шаардык муз аянтына барып, ушул жылдын февраль айында Жапониянын Саппоро шаарында өтө турган VIII кышкы Азия оюндарына аттанып жаткан Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы менен жолугушту. Бул тууралуу КР ЖК Басма сөз кызматы билдирди. «Спортсмендер менен маданият өкүлдөрү Кыргызстаныбызды дүйнөгө даӊазалап жатканы – жакшы жышаан» деген Төрага Чыныбай Турсунбеков: "Кыргызстаныбыздын атынан ...

0 2778

Кыргызстанда Джиу – Джитсу федерациясынын кезектеги күрөш боюнча мелдеши башталат

04-январь 2017, 16:59 Гүлжан Шерипбаева

Кыштын кыраан ызгаарына карабай спортто жүрсөң ар дайым сергек жашоо өкүм сүрөт. Джиу – Джитсу федерациясынын кезектеги күрөш боюнча мелдеши 2017-жылдын 11-12-февралына белгиленип, Беш Сары спорт комплексинде өтмөкчү. Кызыл килемге чыга турган төмөнкү салмактагылар жаш курагына карата кызуу даярдык көрө баштаса болот.1.     2008-2007-жылкы 27 кг салмактагыларга 2000 сом2.     2006-2005-жылкы 30-40 кг салмактагыларга 3000 сом3.     2004-2003-жылкы 40-50 кг салмактагыларга 3000 сом4.     ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83