www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саясат
0 28

Адвокат: “ ЖЭБди  модернизациялоодо  эмнеге парламенттин жоопкерчилиги каралбайт”

Свердлов райондук сотунда ЖЭБди (ТЭЦ)  модернизациялоо боюнча кылмыш ишин караган соттук отурум өтүүдө. Соттук отурум Инара Гилязетдинованын судиялыгы алдында өтүүдө. Мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов, ЖЭБди модернизациялоодо жабырлануучулар эмнеге парламентти күнөөлөбөйт деген маселени көтөрдү.  “Парламенттин макулдугусуз TBEA менен келишим түзүлбөйт болчу да”, - деп айтты Токтакунов.   Жабырлануучу тараптын  өкүлү Урмат Камбаров, бул маселени  ...

0 49

Сооронбай Жээнбеков Индиялык Сушма Сварадж айымды кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-майда Индиянын тышкы иштер министри Сушма Свараджды кабыл алды. Эки тараптуу кызматташуунун келечеги тууралуу пикир алмашуу болуп, мамлекеттер аралык соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык алакаларды өнүктүрүү маселелери жана Кыргыз-Индия өнүгүү фондун түзүү мүмкүнчүлүгү талкууланды. Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын апрель айындагы парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин Кыргызстанга расмий визит менен келиши күтүлүп жатканын белгиледи. ...

0 408

Кармалган Шамиль Атаханов укук коргоочуларга милициянын үстүнөн арызданды

Кыйноолорду алдына-алуу Улуттук борборунун кызматкерлери экс-вице-премьер-министр Шамиль Атахановдун жактоочусунун келип жолугууларын суранган кайрылуусуна көңүл бурушту. Анын айтымында, борбордун кызматкерлери тезинен ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына келип Ш. Атахановго жолугушкан. “Атахановдун арызында  кармоо тууралуу токтомду 21-майда кечки 20:00 де алган. Андан кийин аны  эч кандай медициналык кароосуз, убактылуу кармоочу жайга алып келген. Себеби, Атаханов буга чейин эки инфаркт алган адам катары ...

0 184

Премьер-министр Дастан Догоевди жаңы кызматка сунуштоодо

Премьер – министр Мухаммедкалый Абылгазиев Сооронбай Жээнбековго Мамлекеттик маалымат технологиялар жана байланыш комитетине төрагасы кызматына Дастан Догоевдин талапкерлигин сунуштады. Кечээ Абылгазиев Мамлекеттик байланыш комитетинин башчысы Бакыт Шаршембиевди кызматынан бошоткон. Догоев президенттин кеңешчисинен тышкары, биометрикалык паспорт боюнча тендердеги коррупциялык иштин фигуранты болчу. Эске салсак, Дастан Догоевдин коррупциялашкан  биометрикалык паспорт боюнча өткөн тендерге тийешеси бардыгы тергөө иштеринде айтылган. Аны УКМКга суракка да ...

0 113

Генерал Мирзаматов башкаларга жалган күбөлүктөрдү да жасап берген

2017-жылы өкмөт башчынын токтому менен мекемелер аралык комисия тузүлгөн. Ал комиссия "мен союз мезгилинде ооган согушуна катышкам" ~ деп, өкмөттөн айына 6 миң сом пенсия алган ардагерлерди текшерүүгө ала баштаган. Натыйжада 200ге жакын адам ал согушка катышпай эле, 7 жылдан бери, тааныш-билиш аркылуу "ооган согушунун ардагери" деген жалган күбөлүк жасатып алышканы ачыкка чыккан. Алардын ана башында генерал Рысбек Мирзаматов ...

0 251

Кел-кели келдиби?

Өмүрбек Субаналиев Акаев, Бакиевдин башкаруу заманында чоң кызматтарды ээлеп, өзүн көрсөтүүгө аракет кылды. Бирок Атамбаев заманында четке сүрүлүп, бош жүрдү. Эми Жээнбеков заманында багы кайрадан ачылып, кызматка келген. Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болгонуна деле көп боло электе, УКМКнын башчысы Идирис Кадыркулов кызматтан кетти. Анын кызматтан кетиши, Субаналиевге оомат алып келчүдөй болуп тургансыйт. Көпчүлүк, бул кызматка аны татыктуу кадр ...

22-май 2019, 13:58 | 251
0 1630

Жанар Акаев жетекчи болуп шайланды

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин чечими менен депутат Жанарбек Акаев Жогорку Кеӊештин Армения Республикасы жана Грузия Республикасы менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди. Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин Армения Республикасы жана Грузия Республикасы менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун 2019-жылдын 16-майында өткөн жыйынында достук тобунун башчылыгына депутат Жанарбек ...

0 252

Башка аялдын документи менен көз жарган эне кармалды

Бүгүн, 22 – майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин алдында түзүлгөн жумушчу топтун Баткен областындагы жыйыны улаантылды. Иш чаранын максаты Эмгек, миграция жаатындагы мыйзамдардын аткарылышын талдап, аларды ишке ашыруунун механизмдерин өркүндөтүү болуп саналат. Баткен ОИИБнин криминалдык милиция кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча өкүлү Улукбек Мамытовдун белгилешинче, төрөтканада дагы адам ...

0 421

ТЭЦти ТЭОсу жок модернизациялаган Айбек Калиев кылмыш ишинде бир катар документтер жок дегиси келеби?

Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо 386 миллион доллардын 111 миллиондон ашууну «изин суутуп» кеткени тергөөдө аныкталган. Тактап айтсак, модернизациялоо ишинде жабдуулардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы 2-3 эселеп көбөйтүлүп көрсөтүлүп, эптеп эле 386 миллион доллар деген сумманы чыгаруу аракети жасалган экен. Ошентип бул коррупция ишине айыпталып бир нече экс-чиновниктер камакка алынып, алардын үстүнөн соттук териштирүүлөр жүрүп атканы белгилүү, деп жазат Беспредел KG-КР. Мына ...

0 139

АУДИО - Кол тийбестикти алуу мыйзамына кол койду

Аудиофайл 22-май 2019, 12:15 Кызгалдак Жакыпова

Президент Сооронбай Жээнбеков экс-президенттерди кол тийбестигинен ажыратуу мыйзамына кол койду. Бул мыйзам долбоорунун авторлору депутаттар Масалиев менен Зулушев. Аталган мыйзам долбоорун 111 депутат колдоп, 3 депутат каршы добуш берген. Экс-президенттин кол тийбестигин алуу маселеси ишке ашканы менен, бул маселе бир топ оор процедуралар менен коштоло турган болуп калды. Ушул себептен улам, мыйзам долбоорлорунун авторлорунун бири Масалиев өзүнүн жазган мыйзам ...

0 837

АУДИО - Кармалды, кармалган жок – сүйөт же “сүйбөйт”

Аудиофайл 22-май 2019, 12:08 Кызгалдак Жакыпова

Улуттук госпиталдын көз хирургия бөлүмүнүн башчысы Салтанат Иманбаева операция үчүн 30 миң сом пара алгандыгы үчүн УКМК тарабынан кармалганы, бирок көп өтпөй үй камагына чыгарылганы ЖМКларда кабарланган. Анын адвокаты Иманбаевага эч ким кармабаганын, операция боло турган адамга керектелүүчү дары-дармекке кеткен каражаттар Салтанат айымдын чөнтөгүнөн төлөнгөнүн, оорукчан адам бекер операция болгонун айтты. Айтор, бул жагы да анчалык чындыкка кошпой тургансыйт. ...

0 214

Депутаттар: “КТ Мобайлдын” коррупциясын ачкан Акылбек Жамангуловго куугунтуктоолор болууда

«КТ Мобайлдын» тегерегинде чыккан чуудан кийин «Альфа Телекомдун» директору Акылбек Жамангуловго басым болуп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги жыйында бир катар депутаттар билдирди.  А.Жамангулов мурда “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты болчу. Анын жакындарына текшерүүлөр барып, анын мурунку бизнестерин текшерип жатышат. Комиссиядан ушул жагына да көңүл бурушун сурайт элем”, - деп айтты депутат Зиядин Жамалдинов. “Жамангулов коррупциялык системаны ачып, ...

0 914

Райымбек Матраимов менен түз сүйлөшкүңүз келеби? - Анда анын төрүнө кош келиңиз...

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кыргыз элине "кайта-кайта" айта берип таанылткан ылакап аты "Райым миллион" Фейсбук социалдык тармагына  Райымбек Матраимов өзүнүн жеке баракчасын ачты.  --Урматтуу фейсбук колдонуучулары! Буга чейин соцтармактарда катталган эмес элем. Бирок, көпчүлүк мекендештеримдин суроолору боюнча фейсбук баракчамды ачтым. Мындан ары жакындан баарлашып турабыз деп ойлойм, - деп пикир жазып калтырган. Андан сырткары Матраимов өздүк баракчасына өзүнүн жана ...

0 281

Алтынбек Сулайманов менен Мурашевдин кадырына «Кара көлөч» антисыйлыгы ыйгарылды

Кыргызстандын Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министри Нурбек Мурашевге Бизнес жана базарлар ассоциациясы «Кара көлөч» аттуу антисыйлык ыйгарышканы белгилүү болду. Бул тууралуу Тикенек жазып чыкты.  Мындай сыйлык өлкөбүздүн ишкерлеринин арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун натыйжасында ыйгарылган.  Демек, аталган министр өзүнүн ишин жөндөй албай, жөн гана креслого күч келтирип отурганын түшүнүүгө болот. Чындыгында эле Айыл чарба министрлигинин иштей албай жатканынан улам дыйкандар ...

0 218

Жамшитбек Калилов качкан эмес Кыргызстанда эле...

Тендердин айынан чыр чыгып, кызматынан кеткен КР транспорт министри Жамшитбек Калиловду айрым жергиликтүү басылмалар Кыргызстандан "кычык-пычыктан" көрүнбөй калды же “жылт” койду деп жазып чыккан эле. Бактыга жараша мурдагы  министр ушул тапта Кыргызстанда. Учурда сот иштери менен алек болуп жаткандыгын ишенимдүү булактар билдирди. Баса, мурдагы транспорт министри Калиловдун орун басары 50 миң АКШ долларын сол чөнтөккө ...

0 52

Сооронбай Жээнбеков Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-майда, Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешчиси, тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды. Айыл чарба, транспорт, коммуникация тармактарында, кичи жана орто ишкерликти колдоо жана ошондой эле Кытайдын тажрыйбасын эске алуу менен санариптештирүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Муну менен бирге эл аралык уюмдардын жана «Бир алкак — бир жол» платформасынын алкагында эки тараптуу кызматташуу талкууланды. Сооронбай Жээнбеков КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 130

Бакыт Шаршембиев кызматынан бошотулду

Бакыт Шаршембиев КР Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду Кыргыз Републикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, бүгүн, 21-майда, Шаршембиев Бакыт Нурджановичтин отставкасы кабыл алынды жана Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду. Булак:NazarNews.kg

0 100

Шамильбек Асымбеков КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси — министринин кызматынан бошотулду

Кыргыз Републикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, бүгүн, 21-майда, Асымбеков Шамильбек Уметовичтин отставкасы кабыл алынды жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси — министринин кызматынан бошотулду. Булак:NazarNews.kg

0 132

Азиз Батукаевдин иши боюнча мурунку вице-премьер-министр Шамил Атаханов кармалды

21-май 2019, 23:30 Айдар Нуралиев

Баракелде -  Бүгүн, 21-майда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов ИИМдин тергөө кызматына жеткирилип, сурак берди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Ал Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренеси боюнча кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. -------------------------------------------- Буга чейин мурунку саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаеванын камакка алынышы боюнча ИИМдин басма сөз кызматы расмий маалымат тараткан. Д.Сагинбаева «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда ...

0 1668

Азимбек Бекназаров, президент Сооронбай Жээнбеков менен жолукканда айткан сөзүн ачыкка чыгарды

Саясатчы Азимбек Бекназаров, президент Сооронбай Жээнбеков менен жолукканда айткан сөзүн ачыкка чыгарып, «Жаңы ОРДО» гезитине берген маегинде айткан. Аппаратыңдагылар сага баш ийбейт, башка күчтөргө баш ийет деп катуу айтканыңыз чындыкпы?  —Ошентип эле катуу айттым. Фактылап далилдеп да айтып берсем, ошондойбу деп калды. Кошоматчыларды эмес, күчтүү адамдарды жаныңа топто дедим. Биринчи жолукканда эле дипломатиялык этиканы кармап сүйлөшөлүбү же илгеркидей Соке, Азике болуп ...

0 138

Депутат Бокоев өз мыйзамын артка кайтарып алды

ЖКнын депутаты Кенжебек Бокоев «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республика-сынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзам долбоорун артка чакыртып алды. Ал мыйзам долбоорунун негизин, кандай кылмыш болсо да, бир эле жылга соттолгон жаран соттуулугу жоюлуп же алынып салынган күндө да, жөнөкөй участкалык милиционер, МАИ кызматына орношо албайт, биздин прокуратура, УКМК сыяктуу укук ...

0 1336

АУДИО - Жамшитбек “жылт” бериптир дейби?

Аудиофайл 21-май 2019, 15:31 Кызгалдак Жакыпова

“Тендер – теңин бер, жол салуу – кол салуу” сөздөрү уялаган транспорт министрлигинин “колу туткак” орун басарынын иши кечээ каралып башталды. Бул тууралуу "Факты.kg" гезити жазып чыкты. Белгилүү болгондой ошол кездеги министр Калиловдун ою жаман орун басары ири суммадагы пара алып жатканда кармалган. Бул иш боюнча белгилүү болгондой, аталган кылмышка байланыштуу тергөө аяктап, 2-майда соттук териштирүү башталмак. Бирок, күбөлөрдүн ...

21-май 2019, 15:31 | 1336 | Аудиофайл
0 88

АУДИО - Президент Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабиясынын Кыргызстандагы Элчиси Абдурахман бин Саид бин Мухаммад Аль-Жуманы кабыл алды

Аудиофайл 21-май 2019, 14:01 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-майда Сауд Арабия Королдугунун Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Абдурахман бин Саид бин Мухаммад Аль-Жуманы кабыл алды. Элет жерин таза суу менен камсыз кылуу, жаңы ооруканаларды, мектептерди жана бала бакчаларды куруу иштери боюнча долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Элчи Абдурахман бин Саид бин Мухаммад Аль-Жума ушул жылдын 31-майында Мекке ...

0 147

АУДИО - Иманкадыр Рысалиев кызматтан кетүү боюнча арыз жазды

Аудиофайл 21-май 2019, 14:27 Кызгалдак Жакыпова

«Ачык Өкмөт» долбоорунун катчылыгынын жетекчиси Иманкадыр Рысалиев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазгандыгын 18-майда расмий билдирди. Иманкадыр Рысалиевдин мындай кадамга «КТМобайл» компаниясынын айланасындагы окуяларга байланыштуу барган. Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттарынан түзүлгөн комиссиянын 17-майдагы жыйынында «Альфа Телеком» (Мегаком) ишканасынын башкы директору Акылбек Жаманкулов Иманкадыр Рысалиев тарабынан коркутуу болгонун ачыктап, «үй бүлөңдү ойло, каматам, түбүңө жетем» деген СМС билдирүүлөр бар экенин айткан ...

0 475

АУДИО - Батукаевдин артынан, Акун, Рысалиев, Атаханов камалабы?

Аудиофайл 21-май 2019, 14:18 Кызгалдак Жакыпова

Далай кыргызды азапка салып, кулагын кескен кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши кайрадан тергелип жатышы коомчулуктун алкоосуна арзууда. Кыңыр иш кырк өтсө да казылып, күнөөкөрлөр өз жазасын алсын деген талап жаңырып жаткан чагы. Анткени, мамлекетте мыйзамдуулук орноп, тартип өкүм сүрмөйүн өнүгүү болбойт. Буга чейинки тергөөнүн алкагында төрт дарыгер кармалган эле, ушул жумада мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева суракка чакырылып, андан кийин ...

0 149

Ибраимов менен Кулматов абакта калды

Кечээ Бишкек шаардык соту мурдагы мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун ишин карады. Айта кетсек, 2-май күнү Бишкектин Ленин райондук соту айыпталуучулардын тергөө абактагы мөөнөтүн эки айга узарткан. Ага макул болбогон жактоочулар шаардык сотко даттанып, экөөсүнүн бөгөт чарасын өзгөртүүнү, үй камагына чыгарууну жана кылмыш иштерин бөлүп кароону өтүндү. Сот бул өтүнүчтөрдүн барын четке кагып, экөөнү тең абакта калтырды. Эске ...

0 122

Өкмөттүн аппарат жетекчиси кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн аппарат жетекчиси Шамил Асымбековду берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө президент Сооронбай Жээнбековго сунуштама киргизди. Мындай маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Премьердин сунуштамасына эмне себеп болгону айтылган жок. Ага президенттен кандай жооп болгону азырынча белгисиз. Буга чейин Абылгазиев өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары Мурат Мукамбетовду иштен алган. Бул чечим "КТ Мобайл" жоопкерчилиги чектелген коому, улуттук уюлдук байланыш операторунун ...

0 335

Өкмөт башчы Абылгазиевдин балдары кайда окушат, эмне менен алек?

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев төрт баласын тарбиялоодо. Алардын үчөө студент. Өкмөттүн басма-сөз кызматынан билдиргендей, улуу кызы Ажар Борбор Азиядагы Америка университетинде, экинчи кызы Саадат “Ала-Тоо” эларалык университетинде окуйт. Уулу Абир да “Ала-Тоо” университетинде билим алууда. Ал эми кичүү уулу Кайрат бала-бакчага барат. Булак:NazarNews.kg

0 135

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн Аппарат Жетекчиси Шамил Асымбековду кызматынан бошотуу жөнүндө сунуштама киргизди

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси Шамил Асымбековду берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө сунуштама киргизди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.     

0 112

Мурат Мукамбетов Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин орун басары кызматынан бошотулду

Мурат Мукамбетов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары кызматынан берген арызына ылайык бошотулду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.  Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул кадрдык чечим «КТ Мобайл» ЖЧКсынын жана улуттук уюлдук байланыш  операторун түзүүнүн, Ачык Өкмөт Улуттук форумунун Катчылыгынын жетекчилигинин ишмердүүлүгүнүн айланасындагы акыркы окуяларды эске алуу менен кабыл алынды.  

0 343

Алмазбек Атамбаев доого жыккан юристтер соттон утуп алды. Ошондо Дача СУга кулаган жүк Атамбаевдикиби?

Жогорку Сот өткөн жумада экс-президент Алмазбек Атамбаев жана юристтер Канатбек Азиз менен Таалайгүл Токтакунованын ишине чекит койду. «Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтирди», — деп айыпка жыгылган юристтердин иши каралып, алар сот доочуга өндүрүп берүүчү 10 миллион сом айып пулду төлөбөй турган болушту. Бул чечим дароо күчүнө кирет жана даттанууга жатпайт. Эске сала кетсек, буга чейин 2017-жылдын 1-март күнү Өмүрбек ...

0 878

АУДИО - Азимбек Бекназаров: “Матраимовдун маселе чечкендей, кызматта жок”

Аудиофайл 21-май 2019, 10:42 Кызгалдак Жакыпова

Белгилүү саясатчы Азимбек Бекназаров, жергиликтүү “Жаңы ОРДО” гезитине эл арасында кызуу талкууга алынган Райымбек Матраимов тууралуу пикирин билдирди. --Атамбаевдин учурунда маселени шопур чечип калган болчу. Азыр Матраимовду ошондой абалга жеткирип, коркунуч жаратчу фигура катары көрсөтүп жаткан жокпу? —Шопур кандай маселе болбосун ачык чечкен. Матраимовдун маселе чечип жатканын билбейм. Ал азыр кызматта жок. Атамбаев ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 719

АУДИО - Эки депутаттын эрөөлү

Аудиофайл 21-май 2019, 10:48 Кызгалдак Жакыпова

Акыйнек айтышуу шаар кеңешине да жетиптир. Эми депутат болгон элдин талабын айтып, талашып тартышса эмнеге болбосун. Бирок, бул эки депутаттын тиреши башкада. Эки депутаттын этикага сыйбаган кайым айтышы социалдык тармактарда талкууга түштү. Бул депутаттардын жүрүм-туруму сынга кабылган алгачкы учур эмес. Көчөдөгүдөй эле кер-мур айтышкан Бишкек шаардык кеңешиндеги депутаттар Жумабек Салымбеков менен Канатбек Музуралиев калаадагы маанилүү маселенин деле талашып жатышкан жок.

21-май 2019, 10:48 | 719 | Аудиофайл
0 160

АУДИО - Адалсынган "бажанын" оозунан, 950 евро чыгыптыр

Аудиофайл 21-май 2019, 10:38 Кызгалдак Жакыпова

Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюму каржылаган эл аралык "Ачык өкмөт" уюмунун катчылыгынын башчысы Иманкадыр Рысалиевдин айланасындагы азыркы ызы-чуу, анын өкмөт башы Абылгазиевдин бажасы экени менен эле токтоп калган жок. Улам түрдүү жагдайлар орун алып жатат. Буга чейин Мегаком менен келишим түзүп 345 млн.сом төлөтмөкчү болгон "КТ Мобайл" чатагы менен башталган чыр, акыры аларды жумуштан ажыратып, аягы өкмөт башынын өлөсөлө ...

0 168

Топчубек Тургуналиев: “Мамлекеттик идеология деген бар, улуттук идеология жок”

Президент Сооронбай Жээнбеков Манас жана Айтматов академиясын түзүү чечимин былтыр 12-декабрда, Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу жыйында билдирип арадан көп өтпөй  Манас жана Чыңгыз Айтматов академиясын түзүү тууралуу жарлыкка кол койгону жалпыбызга маалым. Академиянын максаты «Манас» эпосун, кыргыздардын эпикалык маданиятын, Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк мааниге ээ көркөм, гуманисттик, философиялык-этикалык мурасын сактоо жана жайылтуу.

0 1347

Бишкек мэринин кеңешчиси, ачык көйнөк кийбөөгө чакырган депутатка "пошла на*уй" деди

Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова «Твиттерде» «ачык» үлпөт кийим кийбөөгө чакырган парламенттин депутаты Махабат Мавляновага жооп ирээтинде «пошла нахуй» деп жазды. Гуля Алмамбетова@GulyaAlmambet пошла нахуй Kaktus Media@ Депутат Махабат Мавлянова призвала кыргызстанок не выбирать обтягивающие свадебные платья  370 17:42 - 20 мая 2019 г.   Эске сала кетсек, буга чейин кытай менен кыргыздын арасына ...

0 110

Бюджеттик мыйзамдар чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  «Бюджеттик мыйзамдар чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамга кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 10-апрелинде кабыл алынган. Аталган Мыйзамдын максаты — Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын айрым ченемдерин Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексине шайкеш келтирүү. Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын 2 кодексине жана 8 мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Атап айтканда: Токой кодексине, Салык кодексине ...

0 2589

Мухамедкалый Абылгазиев күйө баласын "Кыргыз Почтасына" биринчи орун басар кылган

Өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиевдин күйө баласы Урматбек Жакыпбековду «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасына биринчи орун басар кылып дайындаган. Өкмөт башчынын кан досу Саламаттыкты сактоо министирлигин башкарса, Абылгазиевдин бир тууган иниси досу жетектеген министирликте баңги заттар башкармалыгын көзөмөлдөйт деп депутат Ырыскелди Момбеков айтып чыккан. Буга чейин Иманкадыр Рысалиев «Ачык өкмөт» проектисинде жогорку кызматта иштей тургандыгы, ал премьер-министрдин бажасы экендиги ачыкка чыккан. ...

0 822

​Кубат Оторбаевдин атасы Табылды Оторбаев кайтыш болду

Кыргызстандын педагогика тармагы орду толгус жоготууга учурады. 2019-жылдын 18-майында көп жылдар өмүрүн жаш муундарды тарбиялоого жумшаган кадырлуу педагог, эл агартуунун отличниги Табылды Оторбаев 75 жаш курагында каза болду. (Сүрөттө:солдо). Табылды Оторбаев 1944-жылы 18-августта Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган. Атасы Абдырашит II Дүйнөлүк согушка аттанып, окко учкандан кийин Табылды Оторбаев таякелеринин колунда өскөн. Ат-Башы дарыясынын жээгиндеги Кызыл көпүрөгө жакын жердеги ...

0 3467

Мурдагы экс-президент Курманбек Бакиев салтка айланып калган ооз ачаар кечесин өткөрдү

Мурдагы экс-президент Курманбек Бакиев салтка айланып калган ооз ачаар кечеси Россия Федерациясына караштуу Санкт-Петербург шаарында өткөрдү. Аталган кечеге катышкан Россиядагы кыргызстандык мекендештерге мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындары куттуктоосун окуп берди. Урматтуу Россия Федерациясындагы мекендештер!  Сиздерди Кыргыз Республикасынын мурдагы президенти Курманбек Салиевичтин атынан ыйык Рамазан айы менен куттуктаймын. Ушул Улуу Рамазан айында жалпыңыздарга жакшылык каалайбыз! Ар бириңиздердин үй-бүлөңүздөрдө ...

0 67

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын тышкы иштер министри Бейбут Атамкуловду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-майда Казакстандын тышкы иштер министри Бейбут Атамкуловду кабыл алды. Жолугушууда учурдагы абал жана эки өлкөнүн кызматташтыгынын келечеги тууралуу маселелер талкууланды. Мамлекет башчысы Кыргызстандын тышкы саясатында Казакстан негизги өнөктөштөрдүн бири экенин жана Кыргызстан мындан ары да ар тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экендигин белгиледи. «Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда эки тараптуу гана эмес, көп тараптуу кызматташтык ...

0 69

Төрага Дастанбек Жумабеков Сербия Элдик Скупщинасынын Төрагасынын орун басары Веролюб Арсич менен жолугушту

Бүгүн, 20-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Бишкекте өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблея Кеңешинин (ЖККУ ПА) көчмө жыйынына байкоочу катары катышкан Сербия Республикасынын Элдик Скупщинасынын Төрагасынын орун басары Веролюб Арсич менен жолугушту. Жолугушууда эки өлкөнүн саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарынын учурдагы абалы талкууга алынып, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу сөз болду. Парламенттик-демократиялык өнүгүү жолун тандап алган Кыргызстан ...

0 1206

Өкмөт башчынын бажасынын Ачык Өкмөттөгү айлыгы 5000 евро болгон

Премьер-министрдин бажасы Иманкадыр Рысалиевдин айлыгы 5000 евро болгон, бул тууралы Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева билдирди. Иманкадыр Рысалиев Аскар Акаевдин пресс-катчысы болгон, кийин министрликке чейин жеткен. Курманбек Бакиевдин учурунда дагы чоң кызматтарда иштеген. Рысалиевдин уулу "КТ мобайл" компаниясында директордун орун басары болчу. Ишке кире элек компанияда Иманкадыр уулу Эрназар 300миңден ашык айлык алып жүргөн деп айтылат. Өкмөт башчынын бажасы ...

0 40

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков менен Тажикстан Жогорку Жыйынынын Өкүлдөр палатасынын Төрагасы Шукуржон Зухуров жолугушту

Бүгүн, 20-майда Бишкекте өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблея Кеңешинин (ЖККУ ПА) көчмө жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков менен Тажикстан Республикасынын Жогорку Жыйынынын Өкүлдөр палатасынын Төрагасы Шукуржон Зухуров жолугушту. Жолугушууда эки коңшу өлкөнүн саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштары талкууга алынып, парламенттер аралык кызматташтык маселеси көтөрүлдү. Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Кыргызстан Тажикстан менен болгон алакаларды арттырууга ...

0 243

Жан сакчыны эми эл сактайт

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин азыркы жан сакчысы, УКМКнын 9-башкармалыгынын мурдагы башчысы Дамир Мусакеевди укук коргоо органдары дембе-дем коркутуп-үркүтүп, мыйзамсыз жол менен 20 млн сомдон ашуун мүлк топтогонсуң деп жатышы карапайым калк арасында да нааразылыкты жаратып баштады. Жан сакчынын киндик каны тамган Тоң районундагы Бөкөнбаев айылынын жашоочулары тынчтык митингге чыгышты. Анда чыгып сүйлөгөн КСДП партиясынын мүчөлөрү, айылдаштары менен жоро-жолдоштору, туугандары плакат-лозунгдарды ...

0 160

Коомчулук Президенттен "Өлкөнү санариптештирүү" боюнча жумушчу топтун курамынан Иманкадыр Рысалиевди четтетүүнү суранат

"Мекенчил" партиясынын теңтөрагасы, коомдук активист Мелис Аспеков фейсбуктагы баракчасы аркылуу Президентке кайрылуу жолдоду. Кайрылууда төмөндөгү маани камтылган; "Урматтуу Президент "Өлкөнү санариптештирүү" боюнча жумушчу топтун курамынан Иманкадыр Рысалиевди четтетүүнү суранабыз. Өкмөт башчынын бажасы сиздин идеяларыңыздын тазалыгына шек келтирди. Муну менен катар Өкмөт башчы туугандык байланышты күчөтүп, быйылкы жылы сиз приоритеттүү деп эсептеген сиздин "Өлкөнү санариптештирүү" боюнча жакшы оюңузга көлөкө түшүрүп, ...

0 35

Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Мамлекеттик думасынын Төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-майда  ЖККУ Парламенттик Ассамблеясы Кеңешинин көчмө жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келген Россия Федерациясынын Федералдык  жыйынынын Мамлекеттик думасынын Төрагасы  Вячеслав Володин менен жолугушту. «Биз союздаш жана стратегиялык өнөктөш болгондуктан, Россия менен кызматташуу биз үчүн өзгөчө мааниге ээ. Россиялык достор менен болгон ар бир жолугушуу биздин өлкөлөр ортосундагы өз ара пайдалуу өнөктөштүктү тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө кошулган салым ...

0 120

Паспорт чыры: ким кимди жеңет?

УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркуловдун паспорт чыры боюнча иштен өз ыктыяры менен кетиши бул иш коррупциялык макулдашуу ыкмасы менен ишке ашырыла баштаганбы же өлкөнүн башкы чекисти пайда көрүү үчүн аралашканбы деген суроого жакын арада жооп алабыз. Көп нерсени тергөө менен кызматташууга макул болгон "Инфоком" ишканасынын төрагасы Т.Абдуллаев айтып берет деп жатышат. Ал ортодо Кыргыз өкмөтү литвалык "Гарсу Пасаулис" компаниясы менен ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 793

Алмазбек Атамбаев Сапар Исаковду кантип мыйзамсыз кадамга түрткөн?

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов менен өкмөттүн ортосундагы талаш-тартыш маселени Жогорку сот Р. Матраимовдун пайдасына чечкенин коомчулук түрдүү реакцияда кабыл алды. Жогорку сот ага чейин райондук жана шаардык соттун чечимдерин күчүндө калтырды. Демек, ага ылайык Р. Матраимовдун 2017-жылы ноябрь айында кызматынан алынганы мыйзамсыз болуп чыкты. Айрымдар муну албетте жакшы кабыл алышкан жок, ошол эле убакта ...

0 51

Сооронбай Жээнбеков ЖККУ Парламенттик Ассамблеясынын Кеңешинин көчмө жыйынына катышуучулар менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-майда  ЖККУ Парламенттик Ассамблеясынын Кеңешинин көчмө жыйынына катышуучулар менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан билдирди. «Дүйнөдө жана региондо кырдаал бардык деңгээлдерде тыгызыраак кызматташууну талап кылууда. Сиздердин эл аралык жана аскерий-саясий өз ара аракеттешүүнүн абалын жана болочогун туруктуу түрдө талкуулап жатканыңар кубандырат. Азыркы чакырыктар жана коркунучтар менен күрөшүү принциби биздин өлкөлөрдүн мыйзамдарын жакындаштырууну талап кылат. ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83