www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саясат
0 2

Айтымчы Света Тойгонбаева, мурдагы эки президент Кыргызстанга кайтышы жөнүндө айтты

22-август 2019, 13:23 Кызгалдак Жакыпова

--Света айым акыркы учурларда Курманбек Бакиев менен Аскар Акаев Кыргызстанга келиши керекпи?,-деген талкуу күчөдү. Албетте пикир ар кандай? Сиздин көз карашыңыз кандай? --Сиз бул сурооону ойдо жок жерден берип калдыңыз. Эми түшкөн аян боюнча айтсам, эки президентке дагы жол ба. Баардык нерсе өз жолуна түшөт. Биз тирешпей эки президентти деле алып келсек, өлкөбүзгө иштеп берсе жакшы болот. Бирок бир нерсени ...

0 29

Света Тойгонбаева, айтымчы: "Азырынча саясатчылардан камактан эч ким чыкпайт"

22-август 2019, 13:12 Кызгалдак Жакыпова

Орусиялык жарандан пара алды деген негизде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи, экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун иши жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу соттун чечими менен кайра кароого жөнөтүлдү. Эми сотту Биринчи май райондук соту карайт. Төлгөсү төп келген, көп нерсени алдын-ала билген Света Тойгонбаева NazarNews.kg маалымат агенттигине "азырынча, жакынкы аралыкта саясатчыларда эч ...

0 48

Жанар Акаев: "Эл менен такыр иштебеген депуттарды шайлоодон жыгыла тургандай кылсак"

22-август 2019, 13:10 Кызгалдак Жакыпова

Интернеттеги Жогорку Кеңешке болгон сын негиздүү деп айтат элем. Анткени, азыркы парламент бир топ маселеде мококтук кылып, эл ишеничинен кеткенин тана албайбыз. Элдин купулуна толбогон себеби, баардык принципиалдуу маселелерде Жогорку Кеңеш президентгик аппараттын, керек болсо өкмөттүн каалоосу менен макул болуп, аларга кызмат кылган учурлар көп болду. Мисалы,мөңгүлөрдү талкалоого макул болгула» десе макул болот, «саясый камоолорго унчукпагыла» десе ЖК ага ...

0 103

Атамбаевдин камалышы - Текебаевдин эркиндикке чыгуусуна жол ачтыбы?

22-август 2019, 12:44 Кызгалдак Жакыпова

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи, экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун иши жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароого жөнөтүлдү. Иш Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кайра каралмай болду. «Буга чейинки соттордун өкүмдөрү жокко чыгарылды. Эми жаңы ачылган жагдайлар, жаңы далилдер менен каралат. Мурда айта албаган, билдире албаган адамдар «айтып берибиз» деп бизге кайрылып жатышат. Эми Биринчи Май райондук сотунда ...

0 82

Кезек Индира Жолдубаевага жетти

22-август 2019, 12:36 Кызгалдак Жакыпова

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча 2019-жылдын 20-августунда мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаевага кылмышка шектүү катары айып тагылды. ИИМдин маалымат кызматынын билдиришинче, экс-башкы прокурорго коррупция беренеси менен айыпталууда. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту экс-башкы прокурор Индира Жолдубаеванын баш коргоо чарасын карап, аны үй камагында калтырды. Булак: "NazarNews.kg"

0 301

Сабыр Муканбетов, коомдук ишмер: “Эй алкаш, кызматыңды өткөрүп бергенден кийин Эркиндик булварында ээн эркин баскандай бол!”

22-август 2019, 12:21 Кызгалдак Жакыпова

-Сабыр байке, учурда коомчулук ичинде кызуу талкуу жаратып, элдин биримдигин ыдырата турган маселе регионализм, трайбализм темасы болуп жатат. Бул тема Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары тарабынан соцтармактарда, айрым ЖМКларда катуу көтөрүлүп, мамлекетибиздеги биримдикке шек келтирүүчү жагдай жаратып, коомчулуктун тынчын алууда. Ушул регионализм илдети кайдан чыгып атат, канчалык кооптуу, кантип арылабыз (?) деген суроолор үстүндө ой жүгүртсөк. Кандай дейсиз? -Кандай демек элем. ...

0 140

Садыр Жапаров сентябрь айында кыргыз элине сенсациялуу кайрылуу жолдойт

22-август 2019, 11:05 Кызгалдак Жакыпова

9-августта абактагы Садыр Жапаровдун соту болуп, камактан чыккан жок. Карапайым калк арасында, соцтармактарда ага карата колдоолор ого бетер күчөгөнү байкалды. Элибиздин табияты ушундай, жабыркап турган уулуна жан тартат эмеспи. Анын камалышы саясый буйруктун негизинде токулганы белгилуү болчу. Баарына түшүнүктүү. Кандай болгон күндө да каарманыбыз түрмөдө жөн жатпай, саясаттан артта калбай, эл менен иштөөнүн үлгүсүн көрсөтүп келатат. Мындай жигердүүлүктү, тапкычтыкты ар ...

0 179

Текебаев күнөөсүз экенин далилдей турганын айтты

22-август 2019, 09:48 Кызгалдак Жакыпова

“Ата Мекен” партиясынын абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев Жогорку соттун ишти кайра тергөөгө жөнөткөн чечими боюнча оюн билдирди. Ал өзүнүн актыгын далилдей турганын Жогорку Кеңештин депутаттары, жактоочулары жана партия мүчөлөрү менен сүйлөшкөн учурда билдирген. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди. - Депутаттар, адвокаттар барып жолуктук. Маанайы жакшы. Мыйзам боюнча ...

0 413

Рыскелди Момбеков: "Бийликке эки Өмүрбектин кереги жок"

22-август 2019, 09:28 Кызгалдак Жакыпова

Жогорку сот «Ата-Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаевдин жана экс-элчи, мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароого жөнөткөнүн сот акыйкаттыгы деп айтууга болбойт. «Азаттыкка» комментарий берип жатып Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков ушундай пикирин билдирди. Эл өкүлү муну соңку саясий кырдаалга байланыштуу бийликтин элди алаксытуу кадамы деп эсептей турганын айтты. -Биринчи май райондук соту деле ...

0 214

«Апрель» телеканалы жарыкка чыгабы?

21-август 2019, 19:38 Кызгалдак Жакыпова

Өлкөдөгү соңку саясий окуялардан, тагыраагы Кой-Таш окуясынан кийин кыска аралыкта көз карандысыз көрсөтүүлөрү менен өз аудиториясын тапкан, оппозициялык багытта иш алып барып келген «Апрель» телеканалынын журналисттери алар жайгашкан «Медиа-Форум» имаратын бийлик күч менен жаап, телеканалдын журналисттерин көчөгө чыгарып салгандан кийин ишсиз калышкан эле. Бирок, алар өлкөдөгү цензурага чөгөлөп калбай иштерин көчөдө болсо да жүргүзүп жатышкан. Бийликтин басма сөзгө болгон ...

0 357

Койчубаковдун досу 3000 доллар пара менен кармалды. Өзү болсо суралып…

21-август 2019, 18:17 Кызгалдак Жакыпова

Бишкек мэриясына караштуу Жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча ишканасынын жетекчиси Нурлан Койчубаковдун жан досу Ашырматов Кубанычбек 31-июль  күнү 3000 доллар пара менен кармалды. Ал Койчубаковдун көрсөтмөсү жана тапшырмасы менен “Шыдыр Жол Кей Джи” компаниясынан 7000 доллар пара талап кылгандыгы айтылууда. Себеби, аталган компания жакында эле Бишкектин Көлмө жаӊы конушунан Асанбай кичи районуна чейин жүрө турган №5-каттамга Кытайдан алынып келген жаӊы 18 ...

0 125

Ренат Түлөбердиев «Улуттук башкаруучу компаниянын» төрагасы болуп дайындалды

21-август 2019, 17:50 Кызгалдак Жакыпова

Түлөбердиев Ренат Темирбекович «Улуттук башкаруучу компания» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы кызматына дайындалды. Бул маалымат тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. Тийиштүү чечимди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду – «Улуттук башкаруучу компания» ААКнын бирден-бир негиздөөчүсү кабыл алды. Булак: NazarNews.kg

0 4215

Света Тойгонбаева, айтымчы: “Асылбек Жээнбековдун душмандары...”

21-август 2019, 17:46 Кызгалдак Жакыпова

Төлгөсү төп келген, көп нерсени алдын-ала билген Света Тойгонбаева NazarNews.kg маалымат агенттигине КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси, ЖК депутаты Асылбек Жээнбеков тууралуу айтты. --Президенттин иниси Асылбек Жээнбеков тууралуу айта аласызбы? --Асылбек Жээнбеков тууралуу эч кандай аян көрбөй жатам. Ал киши өзүнүн жумуштары менен алек. “Бийликтин экинчи бутагы” деген сөздөр айтылып жатат, бирок андай эмес. Артынан кара ...

0 474

Шайырбек Эркин уулу, “Азаттыктын” мурдагы кызматкери: “Азаттык” Атамбаев бийлигинин айтканын жасап, кээ бир материалдарды сайтынан өчүрткөн”

21-август 2019, 17:33 Кызгалдак Жакыпова

Акыркы күндөрү “Азаттыктын” тегерегинде кеп-сөз күчөшү мени да ойго салды. “Азаттыкта” баш-аягы 17 жылдай иштептирмин, кырчындай жаштыгым калды. Региондук кабарчылыктан тарта Бишкекте, кийин Прагадагы баш кеңсесине чейин ар кандай тепкичтерди басып өттүм. Анын ичинен 7-8 жылдай “Азаттык” сайтынын башкы редактору болдум, күндөп-түндөп иштеген учурлар болду. Азыркы мульти-медиалык сайт ошол учурда башталып, миллиондук деңгээлге чыгышына салым коштук.  Эми ошол мен ...

0 335

АША жеп-ичкендерин жашырыш үчүн миллиардер экенин айтып жүргөнбү?

21-август 2019, 17:28 Кызгалдак Жакыпова

Мурдагы президент республикада гана эмес, тышкы чоң өлкөлөргө иш сапар менен барганда да өзүнүн бай экендигин, Кыргызстанда биринчилерден болуп “Мерседестүү” болгондугун, эки революция жасагандыгын, керек болсо, үчүнчүсүн жасай тургандыгын айтып ызырынып алчу. Бул жерде революциялар жөнүндө сөз кылбайлы, чын эле анын оюнда үчүнчү төңкөрүш жасап, бийликти кайра алуу планында бар экен, анысы ишке ашпады. Илгери бир адам дөөгүрсүгөн баласына, ...

0 225

Атамбаев жер төлөнү кантип менчиктештирип алган?

21-август 2019, 17:14 Кызгалдак Жакыпова

Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр" деген ушул... Мурдагы президент Атамбаев ар качан уулдары, кыздары мамлекетти башкаруу иштерине аралашпаганын, коррупциялык керүнүштөрдөн алыс экенин айткандан жадачу эмес. Бирок Атамбаев камакка алынгандан бери анык жакындарынын да "былыктары", мыйзамсыз иш-аракеттери ачыкка чыга баштады. Аз күн мурда улуу баласы Сейит Атамбаевдин кайын атасынын үйүнөн Кой-Таштагы элге таратылган акчалардын эсеби, келген элдин тизмеси жазылган ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1963

Атамбаев Ө. Бабановго «Сен президент болосуң, Сапар премьер-министр болуп чогуу иштейсиңер» деген убада кылат

21-август 2019, 17:05 Кызгалдак Жакыпова

2017-жылдагы президенттик шайлоодо ал кездеги мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев ооз жүзүндө Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдогону менен, тымызын Өмүрбек Бабановду колдоого командасын иштеткен экен. Ошол эле С. Жээнбековдун штабын жетектеп жаткандай болгон Фарид Ниязов да Бабановго иштептир. Атайын кызмат дагы, айтор мамлекеттик машина Өмүрбек Токтогуловичтин кызыкчылыгына иштеген тура. А. Атамбаев Ө. Бабановго «Сен президент болосуң, Сапар премьер-министр болуп чогуу иштейсиңер» ...

0 2970

Света Тойгонбаева, айтымчы: “Карамушкина менен Кодуранова экөөнүн тең...”

21-август 2019, 17:16 Кызгалдак Жакыпова

Төлгөсү төп келген, көп нерсени алдын-ала билген Света Тойгонбаева NazarNews.kg маалымат агенттигине Атамбаевдин тарапташтыр ЖК депутаты Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранова тууралуу кепке тарттык. --Атамбаевдин тарапташтары Ирина Карамушкина менен Кодуранованы алдыда эмне күтүп турат? --Депутат Карамушкинанын келечеги тууралу аян келген жок. Туңгуюк. Кодуранова менен Карамушкина экөө тең саясаттан кетет. Эч нерсе жок, караңгы. Айтымчы Света Тойгонбаева менен маектин уландысы ...

0 590

Табылды Акеров: "Атамбаевдин убагында Шакини өтө көп айтышты!"

21-август 2019, 16:58 Кызгалдак Жакыпова

Атамбаевдин балдары, бир туугандары азыр мыйзамсыздык болуп көрбөгөндөй күч алып жатканын айтышууда. Азыркы бийлик түпкүлүгүндө чоң катачылыкка жол берип жаткан жокпу? -Көпчүлүк Атамбаевдин балдары жыргап жашады деп жатышат. Туура. Атасынын колтугунда алар жыргап эле жашашты. Бул чындык. Бизнестерин да жасап жатышты. Бирок, алар өлкөдөгү бүгүнкү реалдуулукту туура түшүнүп, аны туура кабыл ала билиштери керек. Өлкөдө саясий абал өзгөрдү, коррупция менен ...

0 110

Кой-Таштагы башаламандыктан улам келтирилген зыян 8 млн. сомдон ашты

21-август 2019, 16:42 Кызгалдак Жакыпова

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Кой - Ташка жакын жердеги Беш-Күнгөй айылында милиция бөлүмүн жана машиналарды өрттөөдөн улам келтирилген зыяндын суммасы 2,1 млн. сомду түзгөнүн билдирди. Ошондой эле тартипсиздиктердин учурунда Бишкекте 34 видеокамера жабыркаган, алардын ичинен жетөөсү “Коопсуз шаардын” камералары. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинен кабарлашкандай, залал келтирилген камералардын алдын-ала суммасы 4 млн. сомдон ашкан. Бишкек мэриясынын маалыматына ...

0 4072

Света Тойгонбаева, айтымчы:“Эгерде Өмүрбек Бабанов бийликке карап секирсе, түз эле Атамбаевдин жанына кирип барат”

21-август 2019, 16:31 Кызгалдак Жакыпова

Төлгөсү төп келген, көп нерсени алдын-ала билген Света Тойгонбаева NazarNews.kg маалымат агенттигине саясатчы Өмүрбек Бабанов тууралуу айтып берди. --Света айым, саясатчы Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келди. Бирок көпчүлүк аны “камалат” десе айрымдары “бийликке келет” дейт. Бабановдун абалы кандай болот? --Бабановго азырынча козголгон кылмыш иши жана тергөө иштери менен алек болот. Эгерде өзүнө бекем жана так болуп турса алдыда жакшы ...

0 469

Мелис Мырзакматов элди токтотпогондо, АШАнын бийлигин ошондо эле быт-чытын чыгармак!

21-август 2019, 16:27 Кызгалдак Жакыпова

Мындай кыянаттык кылган кылмыштары үчүн эч кимиси жоопко тартылган жок. Кыргыз элинин уучу куру эмес экен, Мелис Мырзакматов мэр болуп турган учурда күлгө айланган Ош шаарын гүлгө бөлөп, өсүп-өнүктүрдү. Дүйнө жүзүндөгү эң кооз шаарлардын бирине айлантып, оңдоп-түздөп, экономикасын көтөрүп, элин тың багып жаткан мэрди алжыган ажо Атамбаев көрө албастык кылып кыянаттык менен кызматынан кетиргенде касиеттүү кыргыз эли эки саатта эч кимдин ...

0 182

Раиса Атамбаева камакка алынуусу зарылбы?

21-август 2019, 16:15 Кызгалдак Жакыпова

Мурдагы биринчи айым Раиса Атамбаевага кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ал өзү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдында, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасы каралып жаткан учурда билдирди. Ал кылмыш иши президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаевдин ишине байланыштуу экенин айтты. Бул маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы да ырастап, бирок кайсы берене боюнча ...

0 1037

Эмилбек Каптагаев, Аскар Акаевдин Курманбек Бакиев тууралуу айткан сөзүнүн "бетин" ачты...

21-август 2019, 15:55 Кызгалдак Жакыпова

Акаевдин маегин угуп калдым... Бул жерде бар экен... Көбүңөр эле уксаңар керек... Ошон үчүн Аксы окуясы боюнча жагдайга силердин көңүлүңөрдү бургум келет... Мындай пикирин белгилүү саясатчы Эмилбек Каптагаев өзүнүн соцтармактагы баракчасына жазып чыкты.  "Акаев айтып жатпайбы 2002-жылы 17-мартта Аксыда элди өздөрү атайын эле атып салышып, анан мага жалаа жабышты деп. Ким атты? - деген суроого, "Бакиев атайын аттырган, анын ...

0 225

Абжалиевдин баласы аппак бойдон калдыбы?

21-август 2019, 15:51 Кызгалдак Жакыпова

Бир ай мурун Чолпон-Ата шаарындагы түн ортосунда катталган жол кырсыгынан 4 жаш баланын өмүрү кыйылган. Ал жол кырсыгына ЖК депутаты, президенттин кан кудасы Алиярбек Абжалиевдин уулу катышкандыгы көп ирет айтылып, көп жазылды. Бирок Абжалиевдин Бишкек шаардык кеңешиндеги депутат баласын ак халатчандар баштап, айтор бүтүндөй бир мамлекеттик машина коргоого алып, аны жол кырсыгына тиешеси жок кылып актоого аракет кылды. Бирок ...

1 1472

Нарын Айып: "Кой-Ташта күнүгө 400 адамга акча таратылып турган"

21-август 2019, 15:38 Кызгалдак Жакыпова

Атамбаевдин уулу Сейит Атамбаевдин кайын атасынын үйүнөн табылган тизме-ведомость толук эмес экендиги талашсыз, анткени, Кой-Таштагы акцияларды ал жалгыз уюштурган жок да. Бирок ошол тизме менен эле эсептей турган болсок, 318 000 долларды сомго айландырганда 22 млн. 260 миң сом болот, ага 2 млн. 225 миң сомду кошсок 25 млн. сомго жакын сумма болот экен. Эгерде күнүнө 2000 сомдон төлөшкөн болсо, анда 12 ...

0 607

Мадумаров менен Эшимкановду сактап калган Мисир Ашыркулов

21-август 2019, 15:23 Кызгалдак Жакыпова

Мисир Ашыркулов - Акаев бийлиги убагында КР Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы, КР Коопсуздук кенешинин катчысы, президенттик администрация башчысы кызматтарын аркалаган белгилүү ишмер Акаев менен Ленинградда институтта бирге окуп, жакын мамиле күткөн. Бирок, бийлик учурунда Майрам Акаеванын коррупциялык схемаларына келишпей, аягында грана ыргытылып, катуу жаракат алган. Ошондон кийин акаевдик бийликке каршы туруп, 2005-жылкы революция алдында парламенттик шайлоону утурлай Бакиев, Отунбаева ...

0 4702

Света Тойгонбаева, айтымчы: “Райым Матраимовду эки нерсе күтүп турат”

22-август 2019, 08:01 Кызгалдак Жакыпова

Төлгөсү төп келген, көп нерсени алдын ала айткан Света Тойгонбаева NazarNews.kg маалымат агенттигине коомчулукта кызуу талкууга алынган Райым Матраимов тууралуу айтты. --Света айым, коомчулукта Райым Матраимов тууралуу талкуу өтө кызуу болду. Талкууга мурдагы президент Атамбаев “жем” таштап кетти. Дегеле Райым Матраимовду алдыда кандай күндөр күтүп жатат? --Матраимовдун бешенеси ачык. Кылмыш иши козголбойт. Бул кишинин "мамлекет үчүн иштеп, казынаны толтуруп берем" деген ...

0 139

Ишенбай Кадырбеков: “Экс-президентти жоопкерчиликке тартуу көрүнүшүн калыптоо менен Жээнбеков таза президент болуу дымагын билдирди”

21-август 2019, 15:06 Кызгалдак Жакыпова

И. Кадырбеков: Биздин өлкөнүн трагедиясы – мамлекет башчылыгына көбүнчө лидердик сапаттары менен айырмаланган адам эмес, кырдаалдын агымына карата капысынан башка бирөөнүн шайланып калганы болууда. -Мурдагы президент Атамбаевдин иммунитети дагы деле бар, укук коргоо кызматтары аны суракка чакырууга укуксуз дегенди анын жактоочусу Сергей Слесарев маалымат каражаттарына билдирүүдө. Анын бул айтканы канчалык деңгээлде чындык? -КР Конституциясынын 69-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, экс-президенттик макам мыйзам аркылуу бекемделет. ...

0 141

Кадыр Атамбаев КСДПнын катарына өттү

21-август 2019, 14:44 Кызгалдак Жакыпова

Ушул жуманын башында КСДП партиясынын аткаруу комитетине экс-президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев аталган партиянын мүчөсү болууга арызын жазып, ал арыз кабыл алынды. Андан мурдараак К.Атамбаев бийлик тарабынан анын атасына карата жасалган иштердин баары тең карасанатайлык менен жасалганын жана акыркы убактарда күч органдары тарабынанА.Атамбаевдин дарегине карата айтылып жаткан дооматтардын баары негизсиз экенин, ошондой эле экс-президент убагында уулдарынын саясатка аралашуусуна ...

0 101

Башкаларга болот, эмне үчүн Садырга болбойт?

21-август 2019, 14:38 Кызгалдак Жакыпова

19-августта Чүй облустук соту учурда№1 түзөтүү абагында олтурган ЖКнын экс-депутаты, саясатчы Садыр Жапаров боюнча Аламүдүн райондук сотунун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды. Тактап айтканда 2014-жылдын 27-январында чыккан мунапыс жөнүндө мыйзамды колдонуудан баш тартты. Садыр Жапаровдун адвокаттарынын айтымында үстүбүздөгү жылдын башынан тартып күчүнө кирип иштей баштаган жаңы кодекстер боюнчаС.Жапаров соттолгон берене «өзгөчө оордон»«оор кылмыштарга»алмашкан. Бул деген областтык фемида отказ кылган  мунапыс жөнүндөгү ...

0 818

Турдакун Усубалиев Соң-Көлдү өзбектерден кантип сактап калды эле?

21-август 2019, 14:33 Кызгалдак Жакыпова

Усубалиевдин учурунда Соң-Көлдүн суусу соолуп кала жаздап, аз жерден калган дейт? -Ш.Рашидов ал убакта саясый бюрого кандидат, Кунаев мүчө болчу. Рашидов саясый бюродо: “суу жок, пахта өлүп жатат не кылабыз? Соң-Көлдөн суу бурдуралы”, - деген маселе көтөрүп чыгат. Секретариаттан: “биз толук чече албайбыз, Брежнев гана билет” - деп, алар: “Соң-Көлдү Нарынга кошуп, ошонун эсебинен 3 куб метр суу алынат” ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 7889

Света Тойгонбаева, айтымчы:“Президент сак болбосо, абалы Атамбаевден жаман болот”

21-август 2019, 13:38 Кызгалдак Жакыпова

Төлгөсү төп келген, көп нерсени алдын-ала билген, бир нече жолу Кой-Таштагы окуяны жана Атамбаев камала тургандыгын айткан айтымчы Света Тойгонбаева NazarNews.kg маалымат агенттигине байланышка чыгып, КР Президенти Сооронбай Жээнбековго кайрылды. --Урматтуу КР Президенти Сооронбай Шарипович, Кудай колдоп такка келип олтурдуңуз, кыргызга кызмат кылам деген инсансыз. Мындан кийин дагы элдин ишенимин актап, ички сезимдериңизге кылдаттык менен мамиле кылып туруп, кыргыз элине пайда алып келишиңизди ...

0 521

Атамбаевдин кудасын да кууратып жатышат

21-август 2019, 12:50 Кызгалдак Жакыпова

Ички иштер министрлиги Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаевдин кайнатасынын Бишкектеги үйүн тинтүүдө Сейитбек Атамбаевге тиешелүү ири суммадагы каражат табылганын билдирди. 17-августта мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуяларга байланыштуу сотко чейинки өндүрүш ишинде 9-августка караган түнү соттун чечими менен Сейитбек Атамбаевдин кайнатасынын үйү тинтүүгө алынганы айтылган. Маалыматта: Атамбаев 8-августта таштап кеткен сумкадан 170 миң сом жана адамдардын ...

0 628

Бабанов "Кыргызстан" банкын кайра Садыбакасовага кайтарып береби?

21-август 2019, 12:45 Кызгалдак Жакыпова

9-августта "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматта беш сааттай сурак берип чыкты. Ал "Кыргызстан" коммерциялык банкы тууралуу сурак бергенин айтып, тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн башка жагдайларды ачыктай албасын билдирди. Бабанов суракта тергөөчүлөрдүн сылык-сыпаа мамилесин белгиледи. Быйыл апрелде "Кыргызстан" коммерциялык банкына байланыштуу кылмыш иштерин териштирүү жанданганы белгилүү болгон. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат ...

0 1036

Батукаевдин адвокаты сайрап баштады

21-август 2019, 11:18 Кызгалдак Жакыпова

Түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, Кыргызстандан чыгып кеткен кримтөбөл Азиз Батукаевдин ошол кездеги адвокаты Али Касымов тергөө менен кызматташууга макул болду. Шектүү Касымов 16-август күнү кызматташуу жөнүндө процесстик келишимге келүү тууралуу кат менен кайрылган. Учурда анын бөгөт чарасын өзгөртүү маселеси каралып жатат. ИИМ тараткан маалыматта Али Касымов Батукаевди бошотуу ишинде ортомчу катары кызмат кылганы белгиленет, Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Азиз Батукаевди мыйзамсыз ...

0 218

Урматтуу Өкмөт башчы, Сиз үстүндө турган көпүрөгө "канча каражат сарпталды?"- деп акимден сурадыңызбы? 

21-август 2019, 11:10 Кызгалдак Жакыпова

Өкмөт башчыга кайрылуу!  Урматтуу премьер-министр!  Сиз үстүндө турган көпүрөгө "канча каражат сарпталды?" - деп акимден сурадыңызбы?  Албетте, К.Эшалиев эч качан сизге чындыкты айтпайт! Ошон үчүн мени угуп коюңуз.  2013- жылы К.Эшалиев "Беш-Арал" мамлекеттик жаратылыш коругунда деректир болуп иштеп, кореялык "Тоо-Кен" ишканасына дагы аткаруучу деректир (ортомчу) болуп, Чандалаш үчастогундагы чачыранды алтынга инвестиция тартат.  Эл инвестордон Сиз үстүндө турган көпүрөнү куруп ...

0 444

Жээнбеков барымта менен эмес, коррупция менен камалсын

21-август 2019, 10:53 Кызгалдак Жакыпова

Атамбаевдин тушунда аны катуу сындап келген, кийин ал президенттиктен кеткенден кийин ага кошомат кылып, анын камчысын чаап калган, Кыргызстандагы №1 «коррупционер» деген атка конгон Равшан Жээнбеков Кой-Ташта Атамбаевди кармоо операциясы учурунда аскерлердин барымтага алынышына байланыштуу камала турганын кыйкырып айтып чыкканы менен камалган жок. Чынында Жээнбековду Акаевдин тушунда Кыргызстандын завод-фабрика баштаган ырыстуу мекемелерди «оптом» ит бекерге саткан чыккынчылыгы менен камаса жарашат... ...

0 529

Канышай Мамыркулова иликтейт: Үй-жайынан ажыраган 2100 үй-бүлөнүн убалы кимге?

21-август 2019, 10:46 Кызгалдак Жакыпова

Белгилүү журналист Канышай Мамыркулованын МКА-TV каналына кредитке үй-жайын коюп, алдырып жиберген 2100 адамдан арыз түшкөн. Аталган адамдар Президентти баш кылып, кайрыла берип чарчашкан. Бул көрүнүштөн кийин Канышай Мамыркулова аталган жарандардын маселесин иликтеп, Коопсуздук Кеңешке кат жөнөткөн. "Ошондой эле ар биринин маселесине өзүнчө токтолууну туура таптык. Коррупция менен кайдыгерлик аралашкан бул иштер социалдык чыңалууга алып келбейт деген кепилдик жок", - деп кошумчалады Канышай ...

0 124

Саламаттыкты сактоо министри айдан түшкөнбү?

21-август 2019, 09:45 Кызгалдак Жакыпова

Былтыр 13-августа Саламаттыкты сактоо министрлигинин Үй-бүлөлүк медициналык борборлорду оптимизациялоо боюнча буйругу чыккан. Бул буйрукка ылайык, атайын адистеги врачтарды профилин өзгөртүп, кайрадан 4 ай окутушмак. Муну деген гинеколог 4 айдан кийин педиатр болот, педиатр 4 айдан кийин терапевт болот, терапевт 4 айдан кийин гинеколог жана педиатр болот деп түшүнсөк болот. “Укмуштуунун төөсү жорго” деген ушул. Даарылоо ишинде бир күн иштебеген ...

0 3049

Азимбек Бекназаров Кой-Таштагы окуя боюнча 3 саат сурак берип чыкты

20-август 2019, 19:23 Кызгалдак Жакыпова

ИИМдин тергөө бөлүмүнө революциянын атаманы Азимбек Бекназаров Кой-Таштагы окуя боюнча 3 саат суракка алынды. Бул тууралуу ишенимдүү булактар билдирди. Азимбек Бекназаров эмне максат менен суракка чакырылганы азырынча белгисиз. Эске сала кетсек, 7-8 августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын 100дөн ашуун адам жарадар болгон. Жыйынтыгында 8-августта күч түзүмдөрүнүн атайын операциясынын экинчи күнүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалып, камакка алынган.  Тилекке каршы, Атамбаевди кармаганы барган ...

0 335

Тазабек Икрамов: "Депутат болуу үчүн акча керек"

20-август 2019, 17:55 Кызгалдак Жакыпова

Депутат болуу үчүн акча керек. Канча сумма эмнеге жумшаларын айта албайм, бирок мен парламентке келүү үчүн каражат сарптагам. Бул тууралуу Тазабек Икрамов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди. Анын айтымында, эл өкүлү үгүт иштерине жана шайлоочулардын социалдык маселелерин чечүүдө койгон талаптарын аткаруу үчүн акча жумшаган. «Албетте, парламентке депутат болуп келүү үчүн каражат керектелет. Ким кандай багытта ...

0 160

Зилалиев Атамбаев менен кошо жемкорлук кылган деп шек саналууда

20-август 2019, 17:10 Кызгалдак Жакыпова

Мурдагы вице-премьер-министр, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Дүйшөнбек Зилалиев дагы бир кылмыш ишине байланыштуу шек саналууда. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Зилалиев коррупцияга аралашканы жөнүндө иш иликтене баштаганын 20-августта маалымдалды. Бул кабарды анын адвокаты Таалайгүл Токтакунова «Азаттык» радиосуна бышыктады. Иштин чоо-жайы 2015-жылы сурма казган «Хуасинь» компаниясына лицензия берүүдөгү жемкорлукка байланыштуу болуп жатат. Бул инвестициялык компанияга кыргызстандык Субихи Пархати ...

0 216

Чодуевде “чоң чыр” жаткан тура...

20-август 2019, 16:33 Айдар Нуралиев

Айыл чарба министри Эркинбек Чодуевге карата Жалал-Абаддагы “Коттон Оушен” компаниясы бир кезде “Лиматекс” ишканасын жетектеп турганда пахта даярдоого 1 миллион доллар алып, ушул күнгө чейин карызын кайтарып бербей жүргөнү тууралуу даттанды. Аталган компаниянын жетекчиси Замира Ибрагимованын айтымында ал иштер өлкөдөгү таасирдүү адамдардын аралашуусу менен ага карата козголгон кылмыш иштери соттук териштирүү аягына чыкпай келе жатат. «Бул киши ошол кезде ...

0 148

Венгрия: Эл аралык “Бабалар күнү” маданий иш-чарасы болуп өттү

20-август 2019, 15:55 Кызгалдак Жакыпова

2019-жылдын 17-августунда Венгриянын Бугац шаарынын жанында жайгашкан Кишкуншаг Улуттук коругунун аймагында каада-салтты сактоо максатында ѳткѳрүлгѳн “Бабалар күнү” аттуу эл аралык маданий иш-чарага Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бакыт Жусупов катышты. Иш-чарада Азербайжандын, Болгариянын, Казакстандын, Кытайдын (Уйгур), Монголиянын, Молдавиянын (Гагаузия), Ѳзбекстандын, Оруссиянын (Башкирия жана Татарстан), Турциянын жана Түркмѳнстандын делегаттары да болду. Бул маалымат тууралуу Кыргыз Республикасынын тышкы ...

0 264

"Коопсуз шаар": Тендердин катышуучусу Үсөнов менен байланышы жоктугун айтты

20-август 2019, 15:39 Айдар Нуралиев

Даниил Урицкий - Данияр Үсөнов (ортодо) “Беларус улуттук биотехнология корпорациясындагы” (БНБК) салтанаттуу жыйында. Сүрөт булагы: “TUT.BY” интернет басылмасы. 27.7.2018. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди. Орусиялык БИС компаниясы Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысы Данияр Үсөнов менен байланышы тууралуу маалыматты төгүндөдү. Ишкананын расмий өкүлү Юрий Катютин 20-августта «Азаттык» радиосунун суроолоруна жооп берип жатып бул тууралуу интернетте тараган кабарды фейк деп атады: - Бул фейк маалымат. Сынакка ...

0 311

Мамлекеттин ичиндеги мамлекет

20-август 2019, 13:29 Кызгалдак Жакыпова

Акыркы кездердеги камоолордон кийин кадимки эле Улуттук Мамлекеттик Коопсуздук кызматы мамлекеттин ичиндеги эле мамлекет болуп калды. Дегенибиз убактылуу кармоочу жайында тоюс "мамлекетинде" жаңы шайланган-кармалган президенти Алмазбек Атамбаев, бир эмес эки премьер-министри Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиев, эки мэр Кулматов менен Ибраимов, энергетика министри Артыкбаев, убактылуу кармоочу жайдын холдингинин башчысы Калиев жан жөөкөрлөрү менен. Башкача айтканда баары бар. Кыскасы буларга УКМК менен ...

0 1226

Өктөм Мамаева: "Атамбаев тараптагылар уулума “тынчтык жолу менен сүйлөшөбүз, башчыңар кирсин” деген. Куралын тапшырып, колун көтөрүп киргенде колтук тушка атышыптыр"

20-август 2019, 12:20 Кызгалдак Жакыпова

УКМКнын “Альфа” атайын даярдыктагы бөлүгүнүн жетекчисинин орун басары Үсөнбек Ниязбеков 7-августта Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө басып кирүү учурунда көкүрөк тушка ок жеп каза болгон. Кесиптештердин айтымында, 47 жаштагы жоокер өлкөдөгү бирден бир мыкты көзгө атар болчу. Мекениме кызмат кылам деген патриоттук сезим аны алып тынды. Анын артында үй-бүлөсү, алты баласы калды. Кайгыдан көз кашы кургабаган эне уулун төмөнкүдөй эскерип ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 233

Эсиңе бекем тут кыргыз, "чимкирик" депутаттардын эми кереги жок!

20-август 2019, 11:56 Кызгалдак Жакыпова

Акыркы мезгилдеги Кыргызстандагы саясий окуялар, саясий «элитанын» абалы, деңгээли, келе жаткан парламенттик шайлоонун кандай болорун айгинелеп турат.  Дегенибиз, мен-мен деген партиялар ыдырап, партия ичиндеги ыйкы-тыйкылар, бөлүнүп-жарылуулар орун алды. Шайлоо жакындаган сайын партиялардын экс-лидерлери менен эмки лидерлеринин ортосунда таасир талашуулар башталды. Бул бир жагы. Экинчи жагы буга чейинки шайлоолордо регионалдык чен 5 пайыз болсо, алдыдагы шайлоолордо 9 пайыз болот. Бул деген буга ...

0 194

Кубанычбек Исабековдун "Кумтөрдөгү "Алтын" МАФИЯ" китебиндеги коррупциялык ишмердүүлүктүн мамлекетке зыян келтирген далилдери...

20-август 2019, 11:45 Кызгалдак Жакыпова

Мамлекеттик кызматтын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген экономисти, юридика илимдеринин кандидаты, айыл чарбасынын отличниги. КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын “Шериктештик” ордени, СССРдин, Россия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын 17 орден-медалдары менен сыйланган Кубанычбек Исабековдун калемине таандык "Кумтөрдөгү "Алтын" МАФИЯ" китебиндеги коррупциялык ишмердүүлүктүн мамлекетке зыян келтирген далилдерин окурмандарга тынымсыз жарыя кылып турабыз. БЕКЕР БЕРИЛГЕН ЖАЙЫТТАР 1993-жылы Өкмөттүн токтому менен ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83