www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саясат
0 116

Кыргызстанга Беларусь Президенти Александр Лукашенко келди

13-июнь 2019, 18:54 Кызгалдак Жакыпова

Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко бүгүн, 13-июнда, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди. «Манас» эл аралык аэропортунан Беларусь Президентин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.

0 337

Иса Өмүркулов, КСДП фракциясынын лидери: “Прокуратура оозуна талкан салып отурат”

13-июнь 2019, 18:19 Кызгалдак Жакыпова

– Иса Шейшенкулович, Алмазбек Атамбаевдин 8-июнда өткөн митингде сүйлөгөн сөзүнө кандай баа бересиз? – Биринчиден, бул кырдаалдын туруксуздашуусуна алып барат. Жанагындай чакырыктар, кордоп басынткан сөздөр кечээ эле өлкөнү башкарган саясый ишмерге жарашпаган жорук. Аны көргөн, уккан кошуна өлкөлөр эмне деп ойлошот? – Кесиптешиңиз Алмамбет Шыкмаматов сиздин дарегиңизге «бир кезде Атамбаевди колдоп жүрүп, эми позициясын 180 градуска өзгөрттү» деген мааниде ...

0 114

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту

13-июнь 2019, 18:16 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13- июнда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келген Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту. Эки тараптуу, анын ичинде ЕАЭБ, ЖККУ жана ШКУ алкагында мамилелердин мындан аркы өнүгүүсүнүн азыркы абалы жана келечеги талкууланды. Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевди президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады жана анын мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди ...

0 350

Канат Исаев, ЖК депутаты: "Атамбаевдин айткандары 100 пайыз жалган"

13-июнь 2019, 18:12 Кызгалдак Жакыпова

Атамбаев президент болуп турганда эле Канатбек Исаев ачык сөзүн айтып, сындап келген. Ошонун айынан болбогон жалаалар менен камалып кеткен болчу. АШАнын кылып аткан иштерине өз учурунда каршы чыгып, курч маанидеги оппозициялык көз карашта эле. Бул факт. Аныгында, моралдык жагынан Канат мырзанын Атамбаевди сындаганга укугу бар. Ал эми парламенттеги башка кошоматчылар, убагында экс-президентке бүжүңдөп жүргөн «чимкириктер» шүк эле отурушса болот. ...

0 251

Марс Сариев, саясый серепчи: “Кокон хандыгы тууралуу түндүк-түштүккө бөлгөн чагымчыл сөздөрдү айтпайлы”

13-июнь 2019, 18:27 Кызгалдак Жакыпова

– Марс мырза, Атамбаевдин бийликке жасаган атакасына кандай көз карашыңызды билдиресиз? – Экс-президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн акыркы жыйындагы сөзүндө учурдагы президент Сооронбай Жээнбековго ачуу сындарын айтты. Бул Батукаев боюнча козголуп, улам казылып териштирилип жаткан иштерден улам болсо керек. Бул абалга биринчи болуп атаканы баштоону Атамбаев чечип, ал чечиминин арты менен өз пикирин айтып чыкты. Кандайдыр бир деңгээлде бул көрүнүш ...

0 1360

Текебаевге каяша айткан Ташиев коомчулуктан сокку жеди

14-июнь 2019, 13:19 Кызгалдак Жакыпова

Камчыбек мырза, сиздин Текебаевдин Салянова тууралуу маегине карата берген интервьюларыңыз, жазган постторуңузду окуп, мен да сизге жооп жазуума туура келди. Камчыбек Кыдыршаевич, Өмүрбек Чиркешович сизди жакшы көрүп, ар дайым «үкам» деп мактап, жакшы сөздөрдү айтып жүрөт. Сиз «убагында бизди колдогон жок» деп айтып жатасыз. Бирок, Текебаев сизди «камалсын» деп дагы айткан эмес. Сиз Чынгызханды туурап, колдоочуларыңыз менен Акүйдүн тосмосунан ...

0 131

Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиеев менен жолугушту

13-июнь 2019, 18:01 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13- июнда, Кыргызстанга Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келген Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеев менен жолугушту. Эки мамлекет башчылары Кыргызстан жана Өзбекстан ортосундагы эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты. Соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана чек ара боюнча кызматташтыкты арттыруу боюнча чаралар талкууланды. Президент Сооронбай Жээнбеков жана Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиеев ...

0 246

Алтынбек Сулайманов, “Бир Бол” фракциясынын лидери: “Биз эркибизди көрсөтө албай келебиз”

13-июнь 2019, 17:41 Кызгалдак Жакыпова

– Алтынбек Турдубаевич, кандай деп ойлойсуз, эгер экс-президент Алмазбек Атамбаев камалып калса, бул өлкөдөгү туруксуздашууга алы келиши мүмкүнбү? – Биз негизинен экономика, чарба иштери менен алек болушубуз керек эле. Бирок, энергиябызды башка жактарга жумшап жатабыз. Экс-президент «мамлекет алдыга жылбасын» дегендей аракеттерди кылууда. Көнгөн адаты боюнча митинг өткөрүп, чакырыктарды таштап… Бул такыр туура эмес. Башка экс-президенттерди көрүп атпайбызбы. Мисалы, Роза ...

0 128

Кыргызстан-Кытай: бир катар маанилүү документтерге кол коюлду

13-июнь 2019, 17:38 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин бүгүн, 13-июнда Кыргызстан менен Кытай ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди тереңдетүү тууралуу Биргелешкен декларацияга кол коюшту. Ошондой эле КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга мамлекеттик визитинин алкагында өткөн эки мамлекеттердин башчыларынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча бир катар документтерге кол коюлду: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринария жана ...

0 255

Турат Мадылбеков, коомдук ишмер: “Батукаевди качыргандар – Атамбаев, Салянова, Усманова, Атаханов, Сагынбаева, Рысалиев, Нарымбаев, Табалдиев, Акун ж.б”

13-июнь 2019, 17:31 Кызгалдак Жакыпова

Акыркы кезде Кыргызстанда бир топ орчундуу окуялар болуп, ал окуяларды коомчулук катуу талкуулап жатат. Мисалга алсак, «бажагейттен» баштап «Батукаевгейтге» чейин. «Аягы эмне болот, кимге барып такалат, чечен бандитинин аркасы менен бир кездеги өлкөнү башкарып тургандардын баары камалабы?» деген ар кыл суроолор жаралууда. Биз бул боюнча коомдук ишмер Турат Мадылбековдун пикирин угуп көрдүк. – Турат мырза, бүгүнкү күндө Батукаевдин айланасында ...

0 151

Пакистандын жана Индиянын премьер-министрлери Кыргызстанга келди

13-июнь 2019, 17:23 Айдар Нуралиев

Индиянын өкмөт башчысы Нанендра Моди жана Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Имран Хан бүгүн, 13-июнда, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлайт. «Манас» эл аралык аэропортунан эки өлкөнүн  Премьер-министрлерин Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров тосуп алды. Имран Хан жана  Нанендра Моди сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков ...

0 1009

Кундуз Жолдубаева: “Атамбаевди камаганга бийликтин духу жетпейт”

13-июнь 2019, 16:49 Кызгалдак Жакыпова

– Кундуз айым, 8-июнда «Форумда» өткөн митингде Алмазбек Атамбаев бийликке карата бир топ айыптоолорун айтып, элди ойгонууга чакырды. Өлкөдө абал оң жагына өзгөрбөсө, «Сооронбай, кет!» деп чыга турганын билдирди. Мага бул көрүнүш 2010-жылга чейинки Бакиев бийлигине каршы аттангандагыдай, төңкөрүшкө даярдангандай сезилип атат… Кандай дейсиз, тарых кайталанабы? – Аслан мырза, ошол 2009-жылдагы кырдаалды, ошондогу элдин маанайын сиз жакшы билсеңиз керек, ...

0 155

Айбек Мырза, жарандык активист: «Азыркы парламент «кул мүнөзгө» айланды»

13-июнь 2019, 16:19 Кызгалдак Жакыпова

Депутаттар бүгүнкү жыйында экс-президентке жооп кайтарышты. Үн катышты. Бирок, ошол эле депутаттардын эки жүздүүлүгү, дагы башка сапаттары көпчүлүктү нааразычылыкка түрттү. - Айбек мырза, азыркы парламентти «кул мүнөз» деп өзүнчө мүнөздөмө берип чыктың... - «Кул мүнөз парламент» боюнча айла жок айтып, кыйкыргың келет экен. Азыркы парламентке «кул мүнөз» деп мүнөздөмө берсек туура болчудай. Кулдун биринчиден өз кожоюну болот. Экинчиден, өзүнчө ...

0 165

КЭР Төрагасы Си Цзиньпин: Кыргызстанда чоң, позитивдүү өзгөрүүлөр болду

13-июнь 2019, 16:19 Айдар Нуралиев

«Кыргызстанда чоң, позитивдүү өзгөрүүлөр болду», — деп баса белгиледи Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин бүгүн, 13-июнда Кыргызстанга мамлекеттик визитинин алкагында өткөн Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен кеңири курамдагы жолугушууда. КЭР Төрагасы мамлекеттик визит менен меймандос жана дос Кыргызстанга дагы бир жолу келгенине кубанычта экенин өзгөчө баса белгиледи. Си Цзиньпин кытай элинин атынан боордош кыргыз элине салам жана жакшы ...

0 193

Аида Исмаилова, ЖК депутаты: "Сагинбаеванын үстүнөн прокуратурага арыздандым, эми АКСке кайрылам"

13-июнь 2019, 16:14 Кызгалдак Жакыпова

- Аида Жекшенбаевна, кабарыңыз барбы, улуттук госпиталда эмне болуп жатат? - Динара Сагинбаева үй камагына чыгарылгандан кийин жумушка чыгып, өзү жетектеген улуттук госпиталда реорганизация жасоодо. Бул туура эмес. Реорганизация жүргүзүү үчүн экономикалык ар кандай анализдер керек. Ошондон кийин реорганизациябы, же башка реформабы, жургүзсө болот. Бирок, бул улутгук госпиталь. Бүт Кыргызстан боюнча бейтаптарды кабыл алат. Башкалар аны кеңейтип, кошумча каражат ...

0 188

Эмне үчүн “Комиссар Каттаниге” УКМК төрагасы буюрбай турат?

13-июнь 2019, 16:09 Кызгалдак Жакыпова

Мына, ШОС да башталды. Тилекке каршы, УКМК төрагасы эмнеге дайындалбай атат? Ушунчалык эле чекисттерге муктажбызбы? Жокпу? Буга чейин коомчулук генерал Суваналиевдин талапкерлигин колдошуп, ал келсе коопсуздук, мамлекеттин бекемдиги камсыздалары боюнча үмүт артышкан. Чын эле ушу кезде Өмүрбек мырзадай таза, принципиалдуу, мыйзамдын так аткарылышын талап кылган кадрлар аз. А эмне үчүн “Комиссар Каттаниге” УКМК төрагасы буюрбай турат? Мындай адам токтоосуз ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 154

Чуу менен президент болгон Токаевдин ийгилик жаратары күмөн

13-июнь 2019, 16:08 Кызгалдак Жакыпова

Казакстандын президенти болуп Касым-Жомарт Токаев шайланды. Бирок, казак эли жүүнү бош, аял сымал сыланган бул адамга нааразы болушуп, митингдерге чыгышты. Коомчулугу кабыл албаганы ачык байкалды. “Шал, кет!” деген кыйкырыктар жаңырып атты. Кантсе да казактар төңкөрүш жасаганга духтары жетпеди, мындайда кыргыздардан үлгү алышса жакшы болмок. Айтор, президенттике шайланганы чуу менен башталган Токаевдин ийгилик жаратары күмөн. Башында эли нааразы болгондон кийин ...

0 225

Атамбаевдин кол тийбестигин алууну парламенттин жарымы колдоду

13-июнь 2019, 15:46 Айдар Нуралиев

Кыргызстандын саясат айдыңында Алмазбек Атамбаевге каршы багыт алган цунамиге айлануу коркунучу бар  жаңы толкун кам урду. Кечээ экс-президенттин кол тийбестигин алуу боюнча комиссия түзүүнү 40 депутат колдоп чыккан. Бүгүн, Атамбаевдин кол тийбестигин алуу сунушуна 60 депутат кол койгон. Депутаттардын мындай чурулдашына Атамбаевдин «чимкирик» деп атоосу себеп болуп, Канатбек Исаев парламентте Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу ...

0 245

Курсан Асанов, Ички иштер министринин орун басары: «Орокто абал биротоло басыла элек»

13-июнь 2019, 13:38 Кызгалдак Жакыпова

- Курсан Сатарович, бир жума мурун Сокулуктун Орок айылында чатак чыгып, ал бир нече күн кайталанды. Азыр ал жерде абал кандай болуп жатат? -Абал биротоло басылган жок. Туруктуу дегенден алысмын. Азыр деле укук коргоо кызматкерлери көзөмөлдөп турушат. Эки тараптагы тең камалган балдардын баары чыгарылган. - Талкаланган үйлөр, өрттөлгөн сарай калыбына келтирилдиби? - Жок, азырынча ал иштер токтоп турат. Эки ...

0 351

Исхак Масалиев, ЖК депутаты: “Мен “чимкирик” эмес, 10 депутаттын катарында турам”

13-июнь 2019, 13:35 Кызгалдак Жакыпова

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча сунушту Жогорку Кеңеште 40тан ашуун депутат колдоду. Жалпы жыйында эртең менен депутаттар Канатбек Исаев, Талант Мамытов жана төрага Дастанбек Жумабеков Атамбаевдин ишмердүүлүгүн жана соңку билдирүүлөрүн кескин сындап, ага тиешелүү баа берүүгө үндөшкөн.Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган. 8-июнда ал митинг өткөрүп, өзүн актап, азыркы бийликти, депутаттарды“чимкириксиңер” деп сындаган.Ушул сөзү үчүн депутаттардын Атамбаевди кол тийбестиктен ...

0 149

Президент жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү таратты

13-июнь 2019, 13:33 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-июнда Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен анын мамлекеттик визитинин алкагында болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасады. Мамлекет башчысынын билдирүүсүнүн тексти:  “Урматтуу Төрага мырза! Сизге меймандос кыргыз жергесинде дагы бир жолу салам айтам. Бүгүн Кытай Эл Республикасынан келген досторубуз менен жолугушуу биз үчүн чоң канааттануу тартуулайт. Биздин өлкөбүзгө ...

0 146

Чимкирик "илита"

13-июнь 2019, 13:23 Кызгалдак Жакыпова

Айттан кийин аймактарды кыдырып, шайлоочулары менен жолугушуп келген депутаттар жалпы жыйынды “чү” дегенде эле экс-президент Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу маселесинен башташты. Катуу даярданып келишиптир, 5-10 мүнөттөн убакыт алып, борбордук трибунадан сөз башташты. Негизинен, билдирүүлөрү аларды “чимкирик” деп атаганы үчүн эмес, Атамбаевдин президентке өтө катуу сөздөрдү айтканы үчүн болгонун бардык эл түшүнүп турду. “Биз чимкирик эмеспиз, биз элитабыз”. Экс-президент Алмазбек ...

13-июнь 2019, 13:23 | 146
0 136

Нурдин Сулайманов, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору: «Салянова камерада жалгыз эмес, өмүрүнө коркунуч туулганын айткан жок»

13-июнь 2019, 13:15 Кызгалдак Жакыпова

Батукаевдин иши боюнча камакка алынып, 1-СИЗОго камалган экс-ген.прокурор Аида Саляновага коркутуу, басым болуп, өмүрүнө коркунуч туулуп жатканын анын адвокаттары, партиялаштары айтып тынчсызданышууда. Мындан улам алар Салянованын бөгөт чарасын өзгөртүүнү талап кылып жатышат. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өздүк коопсуздук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Ишенбек Мусаев дагы камакта отурган мурунку башкы прокурор Аида Саляновага кылмышкерлер аркылуу басым болушу толук мүмкүн деп эсептейт. ...

0 318

Шайлоонун шарапаты Тазабек Икрамовду туура сүйлөттү эй

13-июнь 2019, 13:22 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 13-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов өкмөттөн Бишкек жана Ош шаарларындагы таштанды иштетүүчү заводдун курулушу боюнча сүйлөшүүлөр эмне болгондугун сурады. Анын айтымында, Кыргызстандын жаратылышы абдан кооз, бирок, шаарлардагы таштанды маселеси чечилбей, санитардык коопсуздукту эч ким мойнуна алгысы келбейт. Таштанды таштоочу жайды жасоо жана заводдун курулушу боюнча маселеде эч нерсе белгисиз. “Азыркы таштанды ...

0 143

Президент Сооронбай Жээнбеков КЭР Төрагасы Си Цзиньпинге биринчи даражадагы “Манас” орденин тапшырды

13-июнь 2019, 13:11 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-июнда Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге биринчи даражадагы “Манас” орденин тапшырды. Си Цзиньпин бул мамлекеттик сыйлык менен Кыргызстан жана Кытай ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө кошкон көрүнүктүү салымы үчүн сыйланды. Президент Сооронбай Жээнбеков ал үчүн КЭР Төрагасына Кыргыз Республикасынын эң жогорку сыйлыгын тапшыруу сыймык экенин белгиледи. «Манас» ордени жашоо символдорун – ...

0 767

Бөдөш Мамырова: “Атамбаев, Райымбек Матраимовду жок кылуу планын жаңылышып өзү айтып алды”

13-июнь 2019, 13:40 Кызгалдак Жакыпова

Кечээ, 12-июнда Жогорку Кеңеш катуу бир силкинди. Дегенбиз мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин 8-июндагы айткан сөздөрүнө каяша айтып кайраттуу сүйлөдү. Алардын кадамы коомчулукту мыйыгынан бир жылмайтса, төрага Дастан Жумабеков Атамбаевдин айткан сөздөрүнө жакасын кармаганын ачыктады. Кыскасын айтканда, Жогорку Кеңеш акыркы алты жылда бир кайраттанып, Атамбаевге терс карап кашын сермеди. Кечээги Жогорку Кеңештин кадамы кандай болду, мурдагы депутат жана саясатчы Бөдөш ...

0 191

АШАнын чимкиригин чыгарганы калышты

13-июнь 2019, 12:49 Кызгалдак Жакыпова

Кудайдан жөө качканын унутканы менен ошол кудайдын мөөрү басылган тылактай кагазын кудум кудай өзү берди дегенсип АША кечээки митингисинде оюна келгенде "өлө" оттоп, чимкиригин чимкирикке, колхозун колхозго, каапырын каапырга "сложный" шыбап, ааламды Гүлүстанга айлантты да койду. Оозум менчиктелген буюм деди сыягы,тынбастан агы-карасы аралаш чыгып, "бу сөз, кийин аны кантип кармап алам" деп ойлонуп койбогондугу таңдантты. Сокку жоопту албетте алары ...

0 380

Кадырбеков бир мечитке молдо болсо, элге пайдасы тиймек

13-июнь 2019, 12:46 Кызгалдак Жакыпова

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин орун басарлыгына барган Нуржигит Кадырбековдун ишинин дайыны жок. Ал тек гана соцтармактарда уйкаштырып ыр жазып, эл-жерге суктанымыш болуп, анан да чугандай акылдуу сүйлөмдөрдү чүргөй салганы, айтор, жеңил пиар менен алектенип, урдум-соктумда жургөн кези. Кана, эл үчүн реалдуу жасаган иши барбы? Же тапанданып эле «алдаркөсөлүк» амалдарга өтүп алып, жан багып жүрөбү? Маданиятыбыздын «итке мингени», туризмдин өнүкпөй атканы, деги ...

0 210

Сооронбай Жээнбеков: Бүгүн биз тарыхый чечим кабыл алабыз

13-июнь 2019, 12:32 Айдар Нуралиев

«Бүгүн биз тарыхый чечим кабыл алабыз – биздин мамилелерди сапаттык жаңы деңгээлге – ар тараптуу стратегиялык кызматташтыкты тереңдетүү баскычына көтөрөбүз», –  деп баса белгиледи  Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-июнда Кытай Эл Республикасынын Төрагасы  Си Цзиньпин менен анын Кыргызстанга мамлекеттик визитинин алкагында өткөн кеңири курамдагы жолугушууда.  Мамлекет башчысы Кытайдын Төрагасы менен болгон быйылкы жылдагы үчүнчү жолугушуу өлкөлөр ортосундагы стратегиялык кызматташтыктын ...

0 235

Саламаттык сактоодогу кадрдык башаламандык же Сагынбаева мамлекеттин эркесине айланганда

13-июнь 2019, 12:04 Айдар Нуралиев

ЖК депутаты Аида Исмаилова Космосбек Чолпонбаев башында турган Саламаттык сактоо министрлигинин кадрдык саясатын кескин сынга алды. Анын айтымында, Кыргыз мамлекеттик кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институнун ректору болуп Рустам Курманов дайындалган. Анын чуулу коррупциялык иштерге тийешеси бар. “2016-жылы Башкы прокуратуранын жүргүзгөн текшерүүсүнөн улам, 12 кылмыш иши козголгон.  Жыйынтыгында, дары-дармек менен камсыздоо тармагындагы аткаминерлердин шалаакылыгынан мамлекет ...

0 170

Жоор эшекке учкашкандар кимди жаарытмак эле?

13-июнь 2019, 11:14 Кызгалдак Жакыпова

Учурда кайсыл кыйын чыкмалар бийликтин эркелерине айланышты? И‑ии билбесең кулагыңа күмүш сыргаларды тагып коелу. 2005-жылдан кийин кимдер “кара жерди” муз кылып жылгаяк тепти эле? Албетте, бакийдин этегине жармашып оокатын кылгандар жыргабады беле? Тимеле айдан түшкөн хандай сезишип чартаңбай тээп, жаркөптөй кайнаганын эч ким унуткан жок, туурабы? Кийин башка бийлик келип сегиз жыл “акыр” аңдыгандардын учурда чечекейи чеч болуп калды. ...

0 1553

Салянова абакта кыйноого кабылды же эски телефон менен отурган келинди ким коргойт?

13-июнь 2019, 11:30 Айдар Нуралиев

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча, СИЗО – 1 абагына киргизилген экс- башкы прокурор Аида Салянованын туугандары ага карата кыйноо болгондугун айтып чыгышты. Аида Салянованын эжеси Чынара Турдалиеванын жергиликтүү ММКларга берген маалыматына караганда, Салянова азыр өтө начар акыбалда. Ал тез арада ооруканага жатып дарыланууга муктаж. СИЗО – 1 мекемесинин медициналык бөлүмүндө керектүү жабдыктар жана дары-дармектер жетишсиз болгондуктан, башкы ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 168

Жыргалбек Турускулов, ЖК депутаты: «Тарых музейине Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгарып, анын өмүр жолуна арналган бурч уюштурулса жакшы болмок»

13-июнь 2019, 11:04 Кызгалдак Жакыпова

Быйыл белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык маарекеси белгиленгени турат. Мен буга чейин ордо калаадагы Тарых музейине анын ысымын ыйгаруу жөнүндө маселе көтөргөн элем. Жаӊыдан оӊдоп-түзөлгөн Тарых музейи ушул кезге чейин ачылбай турат, эмне үчүн? Аны тезинен ачыш керек. Бул тууралуу депутат Жыргалбек Турускулов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди. «Мага Түркиядан телефон чалып, музейдин тезинен ачылышын суранып ...

0 271

Анвар Артыковдун акылына Жогорку Кеңеш “зарбы?”

13-июнь 2019, 10:47 Кызгалдак Жакыпова

“Кечээги жыйындан кийин, кечээги айтылган сөздөрдү “разборка” кылдыңар. Мен айтат элем убакыт баарын өзү таразалайт. Алмазбек Атамбаев 6 жыл иштеди, Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу саясый туруктуулук болду. Атамбаев өзү катачылыктарын кетиргенин айтып жатат. Адашканын мойнуна алды”, деди бүгүн, 13-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Анвар Артыков. Ага кошумча, Кыргызстандагы уурулуктун баарын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге илип койбош керектигин айтып, өзүн ...

0 113

Президент Сооронбай Жээнбековдун КЭР Төрагасы Си Цзиньпин менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү

13-июнь 2019, 10:37 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн, 13-июнда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келген Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Чет элдик мамлекеттердин башчыларынын жана делегацияларынын салтанаттуу жолугушуусун өткөрүү үчүн «Ак-Кеме» салтанат жайында Кыргызстандын жана Кытайдын мамлекеттик желектери илинип, Ардактуу кароол тизилген. Сооронбай Жээнбеков жана Си Цзиньпин Ардактуу кароолду кыдырып чыгышты жана ...

0 336

Олигархтар өлкөгө коркунуч жаратабы?

13-июнь 2019, 10:12 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстанда акчаны самандай сапырып, бирок, аябай сараң олигархтар саналуу эле. Алардын катарына кошулам деп чебелектеп жүргөндөр деле жок эмес, бар. Ток этерин айтсак эки жүзгө чукул чыныгы капчыгы калыңдар жүрөт өпкөсүн казанбактай кылып. Так ушулар акыркы жыйырма жылда бийликке шатысы жок жетип, ого бетер байлык жыйноого жол ачып алышты. Мамлекеттик майлуу кызматтарды чеңгелдешкендиктен элдин ырыскысын чак түштө тартып алууга ...

0 1884

Атамбаев жакында камалат...

13-июнь 2019, 09:42 Кызгалдак Жакыпова

Шанхай кызматташтык уюмунан кийин саясый оюндар күч алышы мүмкүн. Айрым маалыматтарга таянсак крим төбөл Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгарылып кетишине буюртманы берген мурдагы президент Алмазбек Атамбаев экендигин, учурда камакта жаткан Аида Салянова көрсөтмө берген. Эске сала кетсек буга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин убагында саясый куугунтукка алынгандар жана депутаттар “бийликти узурпация кылып алган” деген айыптап, “Атамбаев камакка алынышы ...

13-июнь 2019, 09:42 | 1884
0 132

Теңчиликти эл күтүүдө. Маселе чече албаган парламенттин кереги барбы?

13-июнь 2019, 09:36 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз мамлекетинде көйгөйлөр былгып кетти. Мындан байлар жүдөгөн жок, байкуш карапайым жарандар жадады. Бир эле маселени козгоону туура таптык. Маселен гектарлап жерди өзүнө имерип алган ак жакалуулар азыр каерде дардаңдап отурушат. Албетте, ак үйдө, өкмөттө, парламентте, министрликтерде, областтык, райондук кеңселерде чапанын желбегей жамынып, кембагалдарга чамынып, шайлоого камынып отурган кези. Аттиң, төрт сотых жерге зар болуп, же болбосо он жыл ...

0 895

Илмияновдун камакта экени чынбы?

13-июнь 2019, 09:04 Айдар Нуралиев

Ың-жыңы жок болгон Икрамжан Илмияновдун камакта жатканына ишенбегендер да чыга баштаганы ырас. Анткени былтыр күздөн бери жалгыз камералык “люкста” жаткан кишиден түк кабар жок. Жактоочусу ким экенин деле билбейбиз. Чамасы ага жактоочулук милдетти бийликтеги “көмүскө генералдар” аткарып жатса керек. Себеби “шопур” деген каймана атка конгон бул мырзанын ичинде сактаган далай урунттуу сырлары бар. Анткени анын аракетисиз үлкөн “операциялар” жүзөгө ашырылмак ...

0 128

Чыңгыз Айдарбеков Евробиримдиктин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен жолукту

13-июнь 2019, 08:52 Айдар Нуралиев

КР тышкы иштер министр Чыңгыз Айдарбеков Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен жолукту. КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Европа биримдигинин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле Кыргызстандын аймагында жайгашкан уран калдык сактагычтарын калыбына келтирүү маселелерин талкуулашты. Булак: NazarNews.kg

0 1501

АУДИО - Урматбек Акунов: “Атамбаев, Райым Матраимовдун каны менен колун боёгонго даярдана баштады"

Аудиофайл 12-июнь 2019, 22:47 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн, 12-июнда Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков Жогорку Кеңешти «чимкирик» деп атаган экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 8-июнда айткан сөзүнө жооп катары бир нече мисалдарды келтирип, ачуу сын-пикирлерди ортого таштады. Бүгүнкү айтылган Жогорку Кеңеште мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жана Атамбаевдин оозунан түшпөй айтылып келе жаткан айтылуу Райымбек Матраимов тууралуу коомчулуктун пикирин угууну туура көрдүк. Анда кеп кезеги Нарын облусунун тургуну, активист ...

0 109

Фоторепортаж — Президент Сооронбай Жээнбековдун Монголия Президенти Халтмаагийн Баттулга менен жолугушуусу

12-июнь 2019, 19:14 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн, 12-июнда Монголия Президенти Халтмаагийн Баттулганын Кыргыз Республикасына расмий визит менен келди. «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Монголия Президенти Халтмаагийн Баттулганын кеңири курамдагы жолугушуусу болду, анын жыйынтыгы боюнча эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлду. Мамлекеттер башчылары өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөөгө жана эки тараптуу мамилелердин дараметин арттырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти. Жолугушуу соңунда Сооронбай Жээнбеков жана Халтмаагийн Баттулга жалпыга ...

0 109

Жапониянын өкмөт башчысы Иранга баратат

12-июнь 2019, 18:46 Кызгалдак Жакыпова

Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэнин Ирандагы расмий сапары башталууда. Мындай жогорку даражадагы жапон аткаминери Тегеранга 1978-жылдан бери бара элек болчу. Тегеранда жапон өкмөт башчысы Абэ аятолла Али Хаменеи жана президент Хасан Роухани менен жолугушат. Жолго чыгаардын алдында Синдзо Абэ Жакынкы Чыгыштагы чыңалган абалга тынчсызданып турганын айткан эле. - Бул чөлкөмдөгү тынчтыкка жана туруктуулукка күчүм жетишинче салым кошкум келет, - деди ал. Сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы ...

0 134

ФОТОРЕПОРТАЖ - Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулга «Ата-Бейит» тарыхый-мемориалдык комплексине барышты

12-июнь 2019, 18:19 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана өлкөгө расмий сапары менен келген Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулга «Ата-Бейит» тарыхый-мемориалдык комплексине барышты. Монголиянын Президенти Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин коштоосунда 1916-жылдагы каргашалуу окуялар учурунда курман болгондорду эскерип гүлчамбар койду.

0 209

Нурланбек Шакиев, коомдук ишмер: “Атамбаев кысчу жерин кысып отурсун!”

12-июнь 2019, 18:12 Кызгалдак Жакыпова

– Чүй облусунун губернатору Туйгуналы Абдраимов кызматтан алынды. Аны журналистке жасаган кылыгы үчүн эле алыштыбы? – Премьер-министр Туйгуналы Абдраимовдун кылыгына өзүнүн баасын бербедиби, “аткаруу бийлигинин абройуна көлөкө түшүрдү”, – деп айтты. Мындан артык дагы кандай баа болот? Абдраимовду дароо, токтоосуз түрдө кызматтан алып, анан ушул билдирүүсүн жарыя кылса болмок. Бирок, бир аз кечиксе да, акыйкат чечим кабыл алды. Туйгуналы ...

0 248

Темирбек Асанбеков, “Мекен Ынтымагы” партиясынын лидери: “Бийлик менен тил табышуу үмүтү иш жүзүндө аткарылбасына көзү жетти”

12-июнь 2019, 18:24 Кызгалдак Жакыпова

Алмазбек Атамбаев 8-июнда өткөн КСДПнын митингинде “саясий куугунтук токтобосо, президент Сооронбай Жээнбековду бийликтен кетүүгө чакырык таштаарын” ачык жарыялады. Анын бул аракети өзүнө болчу чабуулду алдын алуубу же президенттин айласын кетирүүнун аракетиби? – Алмаз Шаршенович бийликтин философиясын жана ички эрежесин өтө жакшы билет. Ошондуктан, алдын ала өзүнүн саясый коопсуздук камын көрүү иш аракетин жүргүзө баштады. Анткени, бийлик менен тил табышуу ...

0 162

“Кадамжай” коому Канатбек Мурзахалиловду акимдикке көрсөтүүдө

12-июнь 2019, 17:54 Кызгалдак Жакыпова

“Кадамжай” коому Кадамжай районунун акиминин кызмат ордуна талапкер катары Канатбек Мурзахалиловду сунуштап, өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиевге жана Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаровго кайрылуу жолдошту. Кайрылууда талапкердин районго, элге кылган эмгектери зор экендиги белгиленген. Ошондой эле, көптөгөн жылдар бою коомдук уюмдарда кызмат кылып, сырткы мигранттар менен тыгыз байланышта иш алып барып жаткандыгына токтолушкан. Мындан сырткары, инвестиция, райондун ...

0 671

Жээнбековдун башкаруу иштеринде 40 жылдык тажрыйбасы бар же Атамбаевдин жөнөкөй чындыкты түшүнбөй жатканы тууралуу

12-июнь 2019, 17:01 Кызгалдак Жакыпова

АША кайсыл монологунда болбосун аракеттеги президентти да өзүнүн И.Илмиянов, Б.Сүйүнбаев, А.Ибраимов, З.Сариева, С.Исаков сыяктуу досторундай көчөдөн эле мамлекеттеги эң чоң бийликке келип калгандай көрсөтүүгө аракеттенет. Ал АШАнын кудайга да жакпаган көп калптарынын бири 8-июнда “Форумдун” алдындагы сөзүндө да ошондой калпын дагы бир ирет кайталады. Чындыгында Сооронбай Жээнбеков чарбалык, башкаруу иштеринде 40 жылдык тажрыйбасы бар, колхоздук иштерден мамлекеттик эң чоң ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 240

«Чимкириктердин атаманы» чимкиригин Атамбаевге сүйкөдү

12-июнь 2019, 20:08 Кызгалдак Жакыпова

Жогорку Кеңештин төрагасы бар, Жумабеков Дастан деген, өзүнүн кадыр-баркы бир колхоздун бригадиринен төмөн. Бирок Иса Өмүркуловдун «Журт атасы» Алмазбек Шаршенович бул шордууну мурдунан жетелеп келип, парламентке төрага кылган. Мурун Асылбек Жээнбеков менен Чыныбай Турсунбековдор төрага болушкан. Ары карап ыйлап, бери карап күлүп жатышып булар өз функциясын аткарышкан. Бирок, акеси Сабыр Жумабековдун «биссимилдасы» менен депутат болуп келген жүдөмүш Жумабеков Дастан ...

0 160

Халтмаагийн Баттулга Сооронбай Жээнбековду Монголияга расмий визит менен келүүгө чакырды

12-июнь 2019, 16:52 Айдар Нуралиев

Монголия Президенти Халтмаагийн Баттулга бүгүн, 12-июнда, кеңири курамдагы эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Монголияга расмий визит менен келүүгө чакырды. Монголия Президенти белгилегендей, бүгүнкү күндө өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлде өнүктүрүү боюнча активдүү чаралар көрүлүүдө. Халтмаагийн Баттулга жолугушуулардын активдешкенин жана Кыргызстан менен Монголия ортосундагы сүйлөшүүлөр жогорку деңгээлге чыкканын канааттануу менен баса белгиледи. «Саясий мамилелердин өнүгүүсү башка чөйрөдөгү өнүгүүгө ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83