www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саясат
0 608

Замирбек Аскаров: "Аймактарды өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд сом туура колдонулушу керек"

18-август 2019, 12:20 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон 2019-жыл Аймактарды  өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндөгү Жарлыкты ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аймактарды өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд сом негиздүү пайдаланылышы керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров инвестициялык бизнес долбоорлорду, инфраструктуралык жана өнүгүү программаларын тандоо боюнча  сынак комиссиясынын биринчи жыйынында билдирди. Сынак комиссиясынын катчылыгы катары ...

0 2714

"Алкомагнат" Шакинин үстүнө кара булут айланып, чагылган чартылдайбы?

17-август 2019, 18:30 Кызгалдак Жакыпова

"Алкомагнат" Шакинин үстүнө кара булут айлана баштагандай", - деген пикирин белгилүү журналист Семетей Талас уулу өзүнүн социалдык баракчасына жазып чыкты. "Көмүскө спирт бизнеси, акциздик маркалар боюнча. 7-кабаттан "Бизге, сениң кир акчаңдын кереги жок!" деген жооп келсе, катуу чабылчудай. Себеби андай болгон күнү өтө ири суммадагы көмүскө акчалардын дайыны чыгат. Анан дагы ичкенде тилден жаңылбай ичиш керек эле", деп кошумчалаган Семетей ...

0 769

Карамушкина: "КСДП «Форумдагы» кеңсесинде иштеп жатат"

17-август 2019, 17:44 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, КСДП Кыргызстандын «Саясий партиялар жөнүндө» мыйзамына ылайык иш жүргүзөрүн жана «Медиа Форум» ишканасында жайгашкан кеңсесинде иштей турганын "Азаттыка" билдирген. «КСДП «Медиа Форум» ишканасынан кеңсени ижарага алып иштейт. «Форум» камакка коюлуп, Алмазбек Атамбаевге карата иликтөө иштери жүрүп жатканы менен партиянын кеңсесин камакка коё алышпайт. Ошондуктан биз кечээ «Форумга» бардык жана бизге кеңсе беришти. ...

0 1815

Космосбек Чолпонбаев бекер берилүүчү «бахилаңызды» беш сомдон алып атабыз...

17-август 2019, 15:21 Кызгалдак Жакыпова

Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге "Де-факто" гезити суроо салды.  --Кызмат абалыңыздан кыянаттык менен пайдаланган чайкоочулугуңуз качан токтойт? --Космосбек Чолпонбаев деген шүдүңгүт министрликти мингенден бери карай саламаттыкты сактоо тармагы сазга батты. «Чү» дегенде реформа баштагандай таасир жаратып, ал аракетинин арты митинг-пикеттер менен коштолгон маалды кан буугандай токтотту. Андан ары калк айтса калп айтпайт дегендей, бул шумпай эмне максат менен ...

0 1187

Сейит Атамбаевдин кайын атасынын үйүнөн чоң суммадагы акча табылды

22-август 2019, 17:57 Кызгалдак Жакыпова

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Сейит Атамбаевдин кайын атасы Ж.М. аттуу жарандын Бишкек шаарындагы үйүндө тинтүү болуп, чоң суммадагы акча табылган. С.Атамбаев 8-августта баштык менен таштап кеткен. Баштыктын ичинде 170 миң сом менен кошо адамдардын тизмеси, алардын жашаган жери, телефон номурлары жазылган барактар болгон. Андан сырткары, 2 млн 225 миң сом жана 318 миң доллар сарпталганы тууралуу маалыматтар ...

0 150

Өкмөт Балдарды документтештирүү боюнча Улуттук кампанияны өткөрүүнү пландаштырууда

17-август 2019, 14:36 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Калкты документтештирүү боюнча улуттук кампанияны өткөрүүнү пландаштырууда. Анын алкагында 2019-жылдын 31-декабрына чейин жарандар балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала алышат. Бул кампанияны ишке ашыруу деталдары Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова тарабынан өткөрүлгөн жыйында талкууланды. Ал эске салгандай, учурда 1200дөй баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок. Анын айтымында, Өкмөт тарабынан БУУ Балдар фонду менен биргеликте пландаштырылган бул кампаниянын максаты ...

0 1006

Кой-Таштагы окуяга катышкан депутаттар партиядан “Бай-Бай» болушабы?

17-август 2019, 14:32 Кызгалдак Жакыпова

Сагынбек Абдрахманов Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкинаны, Асел Кодуранованы, Карамат Орозованы, Мурадыл Мадеминовду жана Анвар Артыковду Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу КСДПнын катарынан чыгаруу демилгесин көтөрүп жатканын “Азаттыка” билдирди. Анын «Азаттыкка» берген маалыматына караганда, мындай сунуштар Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) жер-жерлердеги баштапкы уюмдун мүчөлөрүнөн келүүдө. «Төңкөрүш кылабыз» деп киши өлтүрүүгө аракет кылып, Кой-Таштааскерлерди барымтага алып ...

0 2391

АУДИО - Алмазбек Атамбаев, Гүлжигит Сатыбековдун калемине таандык “Насаат” ырына породия жазды

Аудиофайл 17-август 2019, 12:50 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстанда куудулдардын арасында алдыңкы катмарда эл арасында сүңгүп кирип келе жаткан “Беш тапан” куудулдар тобу бар. Бул топтун негиздөөчүсү КР маданиятына Эмгек сиңирген ишмер Рахман Раззыков түптөгөн. Аталган топтун курамында 8 ден ашуун мыкты куудулдар бар. Сахнада алар көбүн эсе саясатка басым жасайт. NazarNews.kg маалымат агенттигине конокто “Беш тапандын” бири Баатыр Кыдырмышов болду. --Саламатсызбы Баатыр мырза, күндүн саратан аптабында ...

0 1884

Кубанычбек Исабеков Кыргыз элине Кайрылуу жасады..."Жакшы кыргыз калбай баратат, Урматтуу кыргыз элим?!"

17-август 2019, 11:10 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин үчүнчү-төртүнчү чакырылышынын депутаты, вице-спикери Кубанычбек Исабеков Кыргыз элине Кайрылуу жасады.  Кайрылуунун тексти төмөндө толугу менен: Кыргыз элиме кайрылуу! Урматтуу кыргыз элим! Мен кыргыз атуулу, патриоту катары жүрөгүм элим, журтум деп согот. Кыргыз болуп төрөлүп Ысык-Көл кылаасында чоңойгонума өзүмдү бактылуу деп сеземин. Кичинемден ачуу-таттууну татып, ысыка күйүп, суука тоңуп, кара нандын баркын билип чоңойдук. Эмгегибиз менен ...

0 192

"Урал авиалинияларынын" учкучтарына "Баатыр" наамы берилди

16-август 2019, 20:33 Кызгалдак Жакыпова

Орусиянын президенти Владимир Путин авариялык жагдайга кабылган учакты Подмосковьеде жүгөрү талаасына кондурууга аргасыз болгон "Урал авиалинияларын" компаниясынын учкучтарына "Орусиянын Баатыры" деген наам ыйгарды. Борт коштоочулар болсо "Кайраттуулук" ордени менен сыйланышты. Бул тууралуу "Интерфакс" маалымат агенттиги кабарлады. «Урал авиалиниялары» компаниясына таандык Москва-Симферополь каттамындагы «Airbus A321» үлгүсүндөгү учак 15-августта авариялык жагдайга кабылган. Анын ичинде экипаждын мүчөлөрүн кошо эсептегенде 234 адам болгон. ...

0 515

Исаковдун абалы начарлап ооруканага которулду

16-август 2019, 19:00 Кызгалдак Жакыпова

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин  Тергөө абагында отурган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков ооруканага которулду. УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Бүгүн Исаковдун абалы начарлаган. Учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө. Эске сала кетсек, Сапар Исаков 2018-жылы Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу жана Улуттук тарых музейин оңдоп-түзөөдөгү жемкорлукка тиешеси бар делип камакка алынган.  Булак:NazarNews.kg

0 183

Абылгазиевге эл кайыр сурап калыш керекпи?

16-август 2019, 18:32 Кызгалдак Жакыпова

Өлкөдө саясий да, экономикалык да абал жакшы эмес. Саясий кырдаал курчуп, бийликке нааразы болгондор арбып жатат. Экономикада жылыш жок. Мамлекеттеги мындай тескери жагдайга карабастан, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев "Өкмөт отставкага кетүүгө даяр эмес, себеби ага негиз жок" - деп оозу-мурду кыйшайбай балп этти. Коомчулукта болсо эл кайыр сурап калганга чейин негиз жок деп, шалаакы өкмөт мурдун балта кеспей отура ...

0 148

Кытайлар Ара - Белде алтын казып жатышабы?

16-август 2019, 18:25 Кызгалдак Жакыпова

Азыркы кезде Солтон - Сары жайлоосундагы алтын кенин иштеткен кытайлык компания жергиликтүү элдин каршылыгынан улам ишин убактылуу токтотту. Жергиликтүү калк экология, аба, суу, жер кыртышы бузулуп уулангандан улам мал кырылып, адамдардын денесине жара чыгып жатканын жүйө келтирип, кенди жабуу талабын коюшту. Кенди иштеткен кытайлар жергиликтүү жашоочуларды ур-токмокко алган соң, жаалданган эл Нарын облусу боюнча кендерге мораторий киргизилсин деген талабын ...

0 167

Бакчиевдин кылы кыйшаябы?

16-август 2019, 18:15 Кызгалдак Жакыпова

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку стат-катчысы Данияр Бакчиевге паспорт маселеси боюнча тендер өткөрүү ишинде коррупциялык ишке жол берген иштин алкагында кылмыш иши козголуп камакка алынып, үй камагына чыккан эле. Кызыгы ошол адам бүгүнкү күндө Кадр кызматында жооптуу кызматта иштеп жатканы маалымат булактарында айтылууда. Мамлекетке кыянаттык кылганы айтылып, кылмыш ишине шектүү адам кантип кайрадан жооптуу кызматта иштеп жатат деп баш катыргандар ...

16-август 2019, 18:15 | 167
0 201

Эмнеге Калилов камалбайт?

16-август 2019, 18:09 Кызгалдак Жакыпова

Баарыбызга маалым болгондой былтыр, тактап айтканда 2018-жылдын 6-декабрь күнү транспорт министринин орун басары Азимкан Жусубалиев тендерден уткан чет өлкөлүк компаниянын кызыкчылыгын коргоо үчүн ири өлчөмдө, 520 миң доллар пара алууга шектелип кармалган. Бул иште министрдин катышы бар деген негизде Жамшитбек Калилов дагы иштен алынган. Мына 30-июль күнү Жусубалиев 14 жылга эркинен ажырады. Ал эми экс-министр Калилов сүттөн таза, суудан ...

16-август 2019, 18:09 | 201
0 2638

Урмат Акунов: “Курсан Асанов элди коргобой эле Атамбаевди колдогону таң калтырды, мындай саткын аткаминерлер жакында четтен чыга баштайт”

16-август 2019, 18:03 Кызгалдак Жакыпова

--Урмат мырза, эл арасмында соңку кабарлар кандай болуп жатат? --Эл буга чейин коррупция менен Сооронбай Жээнбековду күрөшө албайт, колунан эч нерсе келбейт деп мыйыгынан күлгөн адамдар көп болгон. Калганы айтпаса да түшүнүктүү болуп калды да... --Ошондо көпчүлүк Атамбаевге ишеним артканбы? --Көпчүлүктүн көбү мурунку аткаминерлер ошондой эле Атамбаев менен бирге бийликке келип, бүгүнкү бийликке дагы ымыла түзүп жүргөн адамдар ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 697

Идрис Айтбаевден айрым ачуу чындыктар

16-август 2019, 16:19 Кызгалдак Жакыпова

ЧЫГАШАЛУУ ТОЙЛОР жана ЧЫДАТПАГАН ОЙЛОР 1. Кечинде саат 5ке деп чакырылган тойдун коногу жакыны 3 саат, алысы 3 күн мурда жолго чыгат... 2. Кечинде саат 5те деген той кеминде 2 саат, болбосо 3 саат кечигип башталат... 3. Жок дегенде 3, болбосо 5 түр тамак, 2-3 түр салат, мөмө-жемиш, борсок-нан, кант-курс... баарынын башына ооз тийилип, калганынын көбү таштандыга ташталганы трагедия. 4. Ата-эненин сөзү угулуп, калганына ...

0 933

Алмазбек Атамбаевдин камакка алынган мүлктөрүнүн тизмеси

16-август 2019, 16:17 Кызгалдак Жакыпова

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге козголгон кылмыш ишти тергөө иштеринин алкагында анын мүлктөрү, баалуу кагаздары, акциялары жана эсептери камакка алынды. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 16-августта камакка алынган мүлктөрдүн тизмесин жарыялады. Төмөнкү банктардагы эсептер: 1. «Кыргызкоммерцбанк» ААК; 2. «Коммерциялык банк Кыргызстан» ААК; 3. «Оптима Банк» ААК; 4. «Кыргыз-Швейцария банкы» ЖАК; 5. «Капитал Банк» ААК; 6. «Аманбанк» ААК; 7. «Толубай» ЖАК;

0 1148

Жолдубаева баягы кызыл баштык боюнча ачыгын айтты...

16-август 2019, 16:04 Кызгалдак Жакыпова

УКМКнын имаратында болгон Атамбаевдин бүгүнкү сотуна барган үй-бүлөсү, тарапташтары, журналисттер киргизилген жок. Журналисттер жөн турабы, Кундуз Жолдубаевадан баягы кызыл баштык боюнча сурашты. Ага: “Экс-президент Алмазбек Шаршенович ал пакетти адвокат Сергей Слесаревге тапшырып койгула деп аманат катары тапшырган. Анын ичинде документтер гана бар болчу. Ошонун айынан менин үйүмдү да тинтишти. Анын ичинде акча, бриллиант болгон деген нерсе логикага жатпайт. Эгер ...

0 1855

Асыран Айдаралиев: "Раиса айым Атамбаева ошондо ушундай күнгө туш болуп, жалдырап жардам сурап, жалгыз калаарын эстеди бекен?"

16-август 2019, 15:58 Кызгалдак Жакыпова

Атаңдын гөрү! Анакей, арадан аз гана убакыт өттү. Кечээ эле Алмазбек Атамбаевдин аты, анын ашынган заар бийлиги ай чапчып турду эле го. Анын "Ааламды мыкчыдым, эми колумдан чыгарбайм" - деп ойлогон орошон ойлору, бактылуу күндөрү минтип алеки саатта көздөн кайым болуп, өзү, үй-бүлөсү, айлана чөйрөсүндөгү адам экенин тааныбай калган чөөлөрү эмне болуп кеткенине түк түшүнбөй, акылдары (ушул нерсе жетишпегендиктин ...

0 2725

Мырзакматов Бабановдон эмнем кем дедиби?

16-август 2019, 14:08 Кызгалдак Жакыпова

Экс-президент Алмазбек Атамбаев камалган соң курч кырдаалдан пайдаланып, кылмыш иши козголуп сыртта качып жүргөн Өмүрбек Бабановдун өлкөгө жылмаңдап кирип келиши жана ага карата тиешелүү органдардын чара көрбөгөнү көптөрдү ойго салып койду. Өзгөчө кылмыш иши козголуп качып жүргөндөр дароо Кыргызстанга кайтып келип, соодалашуу жүргүзүүгө кызыкдар экенин байкатты. Буга Ош шаарынын мурдагы мэри, учурда өлкө сыртында жүргөн Мелис Мырзакматовдун Кыргызстанга кайтууга ниеттенип ...

0 459

Атамбаев камакта калды

16-август 2019, 12:53 Кызгалдак Жакыпова

Бишкек шаардык соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды. Бул тууралуу адвокат Сергей Слесарев билдирди. Эске сала кетсек, Алмазбек Атамбаев 8-августта УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.   Бишкек шаардык соту Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын УКМКнын имаратында карады. Сотко журналисттер жана Атамбаевдин тарапташтары киргизилген жок.  Булак: NazarNews.kg

16-август 2019, 12:53 | 459
0 593

ИИМ: "Август Баатыры" болгусу келген Равшан Жээнбеков коркокпу же жалганчыбы?

16-август 2019, 12:43 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн, 15-август күнү Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков жалпыга маалымдоо каражаттарына, мени ИИМге төртүнчү ирет суракка чакырып жатышат деп билдирген. Ошондой эле, Р. Жээнбеков, өзүн мыйзамды уккан саясатчы экендиги жана укук коргоо органдарынын иш-аракетин “бийликтин өлкөдөгү оппозицияны толук жок кылуу аракети” катары баалай тургандыгын белгилеген. Ушуга байланыштуу, ички иштер министрлиги маалымдайт, бүгүнкү күнү сотко чейинки өндүрүштүн алкагында барымтага ...

0 4658

Талант Анарбаев Рахман Разыковду сотко бере турган болду

16-август 2019, 12:13 Кызгалдак Жакыпова

Белгилүү куудул Талан Анарбаев депутаттарды такмазага салып, Рахман Разыковду сотко бермей болду.  --Мен сатирик Рахман Разыковду сотко берем, Жогорку кеңешти "120 кой" деп жазган сатирасына жооп берсин. Койлор эт, жүн берет, тойго кошумча кылып кошосун! Депутатты бир пайдалуу нерсеге жумшай албайсын, эмнеге койлордун "аптеритетин", баркын түшүрүп депутаттарга теңейт. Койлор жөн кана чөп жейт жана пайдалуу, аа булар канча нерсе жеп эч бир ...

0 887

Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаевага кылмыш иши козголду

16-август 2019, 11:55 Кызгалдак Жакыпова

Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева ага карата Манас Арапбаевдин иши боюнча кылмыш иш козголгонун билдирди. Ал бүгүн, 16-августта УКМКнын алдында: «Мен эч качан соттордун ишине кийлигишкен эмесмин. Саясат кир иш экенин билип, ага аралашпоого аракет жасачумун», - деди. Эске сала кетсек, Президенттик аппараттын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурунку башчысы Манас Арапбаев Раиса Атамбаевага карата көрсөтмө бергени айтылган.  Так ушул таптарды УКМКда Алмазбек Атамбаевдин баш ...

0 505

Алмазбек Акматалиев, коомдук ишмер:«Атамбаевдин планы боюнча, коргоочуларынын бири-экөө каза болушу керек эле»

16-август 2019, 11:46 Кызгалдак Жакыпова

Профессор жана коомдук ишмер Алмазбек Акматалиев Атамбаевдин планын жазып чыкты.  Атамбаев баардыгын дыкат пландаштырган экен: 7-августтагы атаканы, аны коргоп жаткан адамдардын жаракат алаарын, эртеси барып Ак үйдү алууну! Бирок, менимче, Атамбаев 2 жерден жаңылды: 1.Биринчи күнкү атакада спецназдын жигити каза болоорун кұткөн эмес. Тескерисинче, Атамбаевдин планы боюнча, анын коргоочуларынын бири-экөө каза болушу керек эле! Ошолордун тегерегинде анан эл топтолуп, ...

0 910

Сталбек Молдолиев Кыргызстанда болгон контробанданы, Илимяновду алдыга, Кулматовду артка салып алып байыган

16-август 2019, 11:34 Кызгалдак Жакыпова

Атамбаевдин  Өкүл баласы кимдин койнуна кире качты?   Эсиңиздерде болсо, КСДП партиясында  Сталбек Молдалиев деген Атамбаевдин өкүл баласы бар. Атакеси тактыга отургандан баштап, ити чөп жей баштаган. Бир кезде Бишкектин Уметалиева көчөсүндө үч бөлмөлүү батирде жашачы, анан эле өкүл атасы бийликке келгенде  «Нице» деген  VIP шаарчасынан заңгыраган үч кабаттуу сайрай салды. АША президент болуп турганда Орозбек Молдалиев саясатчыларын баш кылып, ...

0 375

Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын караган сотко жакындары кире алган жок

16-август 2019, 10:52 Кызгалдак Жакыпова

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын караган сотко адвокаттардан башка жакындары кире албай турат. Сот Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратында өтүп жатат. Учурда сот башталганы кабарланууда, бирок мекеменин басма сөз кызматы муну ырастаган жок. Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, КСДПнын мүчөсү Кундуз Жолдубаева, журналисттер жана тарапташтарынан эч ким киргизилген жок. Бул тууралу маалыматты "Азаттык" жазып чыкты. Алмазбек ...

0 1076

Алмазбек Акматалиев, профессор: “Раим Матраимов Атамбаевдин мээсине «именно» 23-ноябрь 2017-жылы "дыңк" этип келе калыптырбы?”

16-август 2019, 10:40 Кызгалдак Жакыпова

Учурда камакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин урааны Райым Матраимов тууралуу, акыркы таптарда ачуу чындыгын айтып жүргөн профессор Алмазбек Акматалиевдин учкай пикирин алдык. --Алмазбек мырза, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Раим Матраимовго карата “урунуп-берине” бергенин кандайча түшүнсөк болот?   --Раим аркылуу жаңы шайланган Президентке таасирин күчөтөлү деген эле стратегия болгон! Алдын-ала, орусча айтмакчы "на ...

0 193

Батукаевдин иши боюнча 18 адамга айып тагылды

16-август 2019, 10:23 Кызгалдак Жакыпова

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш иши быйыл жыл башында кайрадан жанданып, тергөө башталган. Анын негизинде 18 адамга айып коюлду. Лөктөрүн санай кетсек, мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева, ошол кездеги ЖАМКтын төрагасы, депутат Зарылбек Рысалиев, Нарын облусунун прокурорунун экс-орун басары Майрамбек Акматалисв, экс-башкы прокурор Аида Салянова, ошол учурдагы вице-премьср Шамил Атаханов, Нарын облусунун шаардык сотунун төрагасы ...

0 1047

Салянова Баш прокурор болуп турганда бир нече кыргыздын чыгаан жигиттерин темир тор артына тыккан

16-август 2019, 10:19 Кызгалдак Жакыпова

Мурдагы башкы прокурор, экс-депутат Аида Салянова “Фейсбуктагы” баракчасында, “Мен 73 күн камакта Алмазбек Атамбаевди коргоп, ага жан тарткан үчүн отурган жокмун. Ал ага татыксыз. Менин камакта болгонумдун бир эле себеби бар - мен эч качан коррупцияга аралашкан эмесмин. Азыр мага коюлган күнөөгө да тиешем жок”,- деп билдирүү калтырып, үй камагына чыкканын айтып, тергөө кызматы менен түзүлгөн келишим жөнүндө маалымат ...

0 334

Чодоңдогон Чодуевдин былыктары чубалууда

16-август 2019, 10:18 Кызгалдак Жакыпова

«Көңүлдөшүн» Кытайга жөнөтө коем деп кылтакка илинген Айыл чарба министри Эркинбек Чодуевдин кыңыр иштери бир чекеден чууруп чыгууда. Ал бөлүм башчынын министрдин орун басары рангында деп берген тастыктама каты мыйзам бузуу катары аныкталганын тиешелүү органдар билдирди. Анысы «бас-бас» боло электе, эки күн мурун аялы менен бир тууганы ээлик кылган «Ак-Теке» компаниясына кирешени бурганы айтылса, кечээ күнү Жалал-Абаддагы «Коттон Оушен» фирмасынын ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1019

Алмаз Баатырбеков "уйкучу" инисин Нарынга губернатор кыла албай убара

16-август 2019, 10:08 Кызгалдак Жакыпова

Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынын лидери Алмаз Баатырбеков 2020-жылдагы шайлоого чейин ички тылды бекемдеп алайын деген го. Өз кишилерин жетекчилик кызматтарга дайындоо менен алек. Маселен, өзүнүн кичи мекени Нарын областынын Ат-Башы району болгону менен берки Ак-Талаа районунун акимдигине Нурбек Молдокадыровду алып келгенин билебиз. Мунун менен Ак-Талаага акимдикке өз кишисин коюп, шайлоодо тиешелүү добуш алууну максат кылганын аңдабай түшүнсөк болот. Эми ага алымсынбай ...

0 5914

Искендер Матраимов: “Райым Матраимовду Кыргызстандагы эң бай адам (!) дешсе, биздин миллиардерлер күлүшсө керек”

16-август 2019, 09:58 Кызгалдак Жакыпова

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов азыркы саясый кардаал боюнча, Жээнбеков, Атамбаев менен мамилеси, Райым Матраимов кантип байыганы жөнүндө жана жеке ой толгоосу тууралуу «Азия Ньюс» гезитине кеңири маек берди. --Искендер Исмаилович, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы өткөндө сиздердин мүлктөрүңүз боюнча текшерүүнү жыйынтыктап, «24 миллион сом салык төлөнгөн эмес» деп жарыялады. Бул сумма Кыргызстан үчүн чоң сумма. Эмне үчүн салык ...

0 131

Робин Орд-Смит Кыргыз Республикасынын Бизнес-акыйкатчысы болуп дайындалды

16-август 2019, 09:36 Кызгалдак Жакыпова

Робин Орд-Смит Кыргыз Республикасынын ишкердик иштин субъекттеринин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу адам (Бизнес-акыйкатчы) болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.  Бул тууралуу маалыматты Өкмөттүн маалыматты камсыздоо бөлүмү билдирди. Белгиленгендей, буйрукка Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 647 токтому менен бекитилген Ишкердик иштин субъекттеринин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ...

0 200

Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусундагы эки мектептин абалы менен таанышты

15-август 2019, 18:40 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусуна жасаган жумуш сапарынын алкагында аймактагы эки мектептин абалын көрдү. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн басма-сөз кызматы билдирди.  Өкмөт башчыга Аксы районунун Өлөң-Булак айылындагы М. Шатманов атындагы №28 мектеп 1964-жылы курулганы тууралуу маалыматтар берилди. Мекеме 150 окуучуга ылайыкталган, бирок учурда мектепте 400дөн ашык бала окууда, аларга 28 мугалим билим берип жатат. 1990-жылдары жер көчкүнүн ...

0 319

Мухаммедкалый Абылгазиев Ала-Бука районундагы мал союучу цехтин иши менен таанышты

15-август 2019, 18:37 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусуна жумуш сапары учурунда мал союу менен алектенген ишкананын иши менен таанышып чыкты. Ала-Бука районунун Ала-Бука айылында жайгашкан ишкананы ишке берүү үчүн «Айыл чарбасын каржылоо» программасынын алкагында жылдык 6% үстөгү менен  7 млн сом өлчөмүндө насыя алынган. Эл аралык стандарттарга жооп берген, россиялык өндүрүштүк технология орнотулган. Цехтин өндүрүштүк кубаттуулугу 200 башка чейин майда малды ...

0 434

Кыргыз тилин артка тартып жаткан Билим берүү министрлиги бул маселени сүйлөбөй эле койсунчу!

15-август 2019, 18:25 Кызгалдак Жакыпова

Быйыл «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын кабыл алганыбызга 30 жыл болуптур. Мындай датаны белгилейбиз деп бел байлап жатышканын Кыргыз өкмөтүнүн билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы Жанна Саралаева бүгүн басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, иш-чараны өткөрүү үчүн уюштуруу комитети түзүлгөн. Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбековдун айтымында, 1-сентябрда акындардын айтышы, 23-сентябрда гала-концерт өтөт. Ал эми ...

0 7500

Салима Шарипова: “Сооронбай Шарипович, чөмүчтө сунган суумду ичпей койду”

15-август 2019, 16:18 Кызгалдак Жакыпова

Профессор Салима Шарипова, КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун бала-чагы тууралуу учкай пикирин социалдык тармакка жазып чыкты. --Сооронбай Шарипович, Өзгөн шаарына кичинеңерде Жусуп, менин иним Мамытбек менен жолукканы келгенде Сизди жетелеп келген. "Суу ичким келди"- дегенде мен чөмүчтө суу берсем, "Мен жыгач кеседе суу ичем", - дегенсиз. Атам апам экөө аябай каткырып күлүп, ...

0 560

Топчубек Тургуналиев: "Атамбаев улуулук жолдон, акыл-эстен тайды, айныды, аны чындап Кудай урду!"

15-август 2019, 16:03 Кызгалдак Жакыпова

-Топчуке, ушул жылдын 7-8-августундагы окуяларга бааңыз, көз карашыңыз кандай? -8-августтагы окуяны - өлкөбүздүн саясый майданындагы чыныгы мекенчил элибизге тынчтыкты, калыстыкты, адилеттикти сүйгөн күчтөрдүн чоң жеңиши катары баалаймын. Буга чейин бизде гана эмес, айрым чет өлкөлөрдө деле Кыргызстандын ичиндеги саясый абалды эки адамдын тиреши катарында жазып келишпедиби. Бирок, ал жөнүндө Сооронбай мырза парламентте сүйлөгөн сөзүндө: “бул эки саясатчынын тирешүүсү эмес, ...

0 565

Британ ханышасынын "обу жок" келини Меган Маркл аристократтар менен эми чай ичпейт

15-август 2019, 14:03 Кызгалдак Жакыпова

Ханзаада Гарринин достору анын жубайы Меган Марклды үйлөрүнө конокко чакыруудан баш тартышты. Бул тууралуу маалыматты Sputnik Белоруссияга таянып, Sputnik Кыргызстан жазып чыкты. Нагыз британиялыктар, айрыкча аристократтар салт санаага өзгөчө маани берип, этикет эрежелерин бекем сактап келишет. Британиялыктардын кеңири жайылган үрп-адаттарынын бири — кечки тамакка конок катары чакырылган жубайларды өз-өзүнчө отургузуу. Бул нерсе аристократтарга башка адамдар менен кеп ...

0 2166

Мискенбаев дагы камалат, анын эркиндик менен коштошконго саналуу күндөрү калды

15-август 2019, 13:31 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн, 15-августта Равшан Жээнбековду ИИМдин Тергөө башкармалыгына жактоочусу менен келүүсүн маалымдады. Жээнбеков бүгүн камакка алына тургандыгын өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды. Ага кошумча ал, өзүнүн жактоочусу Азимбек Бекназаров экенин жар салды.  Эми мындан аркы темир тордун кезеги Мээрбек Мискенбаевде. Мискенбаев мурда 2010-жылдын шарапаты менен депутат боло калып, көп өтпөй мандатын тапшырган. Мээрбек Мискенбаевдин буга чейинки кадамдарына укук коргоо органдары ...

0 602

Равшан Жээнбеков бүгүн камалат

15-август 2019, 13:00 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн, 15-августта Равшан Жээнбековду ИИМдин Тергөө башкармалыгына жактоочусу менен келүүсүн маалымдады. Жээнбеков бүгүн камакка алына тургандыгын өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды. --“ИИМдин тергөө башкармалыгынан бүгүн жактоочум менен келүүнү айтышты. Себеби мени 224-беренеси (“барымтага алуу”) менен камакка алышат экен. Менин укуктарымды жактоочум Азимбек Бекназаров коргойт. Мени колдогондорго ыраазычылык билдирем. Мыйзам алдында тазамын, муну ошол күнү ЖМКларда чагылдырылган материалдар далилдейт”, – дейт Жээнбеков. Эске сала кетсек, ...

0 1916

УКМК тизгиндеш керекпи? Депутат Рыскелди Момбеков эмнеге таза сууга “чапкыртты”

15-август 2019, 12:49 Кызгалдак Жакыпова

Экономика көтөрүлбөсө эл көтөрүлөт, айлык көтөрүлбөсө айылдык көтөрүлөт, -деген пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков айтты. Депутат элди көтөргүсү келип жатабы?   Момбеков: - Өткөндө Ысык-Көлдө эс алып жүрсөм, пенсионерлер менен врачтар жолугуп айтышты. --Сиз ачык айткан депутатсыз айтсаңыз, сентябрь, октябрда айлык көтөрүлөт экенго -деп. --Ким айтты? - десем, “өкмөт башчы айтты” дешти. --Силер ишендиңерби? - десем, ...

0 1215

Төртүнчү жолу суракка чакырылган Жээнбеков Бекназаровду адвокат кылып алды

15-август 2019, 12:31 Кызгалдак Жакыпова

Экс-депутат Равшан Жээнбеков учурда суралып жаткан иши боюнча өзүнө Азимбек Бекназаровду адвокат кылып алды. Бул тууралуу өзү социалдык тармактардагы баракчасына жазып чыкты. Анын айтымында, ИИМдин башкы тергөө кызматы ага айыбын угузуп, адвокат чакыртууну талап кылган. Эскерте кетсек, Жээнбеков Кой-Ташта түзүлгөн “Элдик штабда” жүрүп, Атамбаевдин тарапташтарына дарс (лекция) окуп, КСДПка уюштурган митингдерде бийликти сындап келген. 7-8-августтагы Кой-Таштагы окуя да ошол ...

0 858

Шарабидин Токтосунов: “Садыр Жапаров 19-августта эркиндикке чыгышы керек!”

15-август 2019, 12:16 Кызгалдак Жакыпова

Жалган жалаа менен абакта отурган Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов алдыда боло турган сот тууралуу билдирүү таратты. Анын айтымында, экс-депутаттын кезектеги сот отуруму (19-августта, саат 11:30да) Чүй облусттук сотунда уланат. “19-августта, сот ишти мыйзам чегинде карап, туура чечим кабыл алса, анда Садыр Жапаров ошол күнү чыгышы керек. Сотко келсеңиздер, Кыргызстанда бир эле мыйзам ар бир соттолуучуга ар башкача иштеп ...

0 533

Кадыр Кошалиев: “Эл жакшылары ЧЕЧ ДӨБӨГӨ чогулуп, ийри олтуруп, түз кеңешип, элдин маселесин чеч турган күн такталды”

15-август 2019, 11:55 Кызгалдак Жакыпова

--Кадыр мырза, сиздер Ат Башы районуна караштуу, Кошой-Коргон-Чеч Дөбөдө иш-чара өткөрүп жатабыз дегендей болдуңуз, иш-чаранын максаты эмне? --Ооба, убакыттан пайдаланып жалпы мекендештерди, эл тагдыры-өлкө тагдырына байланышкан маселелерди талкуулоо үчүн элдик демилге менен ата салтына ылайык уюштурулуп жаткан, “Улуттук биримдик: Чеч Дөбө кеңеши” аталышындагы руханий иш-чарага чакырабыз! Өтө турган жери: Ат Башы району, Кошой-Коргон-Чеч Дөбөдө. Аталган ...

0 2556

ВИДЕО - Курсан Асанов жоготкон “кызыл баштык” Абдылда Иманкуловдун колуна тийип, Тынарга бербей качып кетти

15-август 2019, 11:23 Кызгалдак Жакыпова

7-8-август мурдагы Алмазбек Атамбаев менен ИИМдин орун басары үчүн эстен кеткис күн болду. Атамбаев өзүнүн башына өзү “мүшкүл” жаратса Курсан Асанов “кызыл баштыктын” артынан кызматынан тебилди. Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун адвокаты Икрамидин Айткулов министр Кашкар Жунушалиевди тергөө бүткүчө кызматтан четтетип турууну талап кылды. Мындай өтүнүч менен ал президент Сооронбай Жээнбековго жана ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 151

Росгвардия кызматкери эки жаштагы кызды өлтүрүүгө айыпталууда

15-август 2019, 10:45 Кызгалдак Жакыпова

Кемеровдо Росгвардиянын мурдагы кызматкери Андрей Кобылин эки жаштагы өгөй кызын өлтүрүүгө айыпталууда. "Город Nовостей" маалымат агенттигинин билдиришинче, трагедияга кыздын тынбай ыйлашы себеп болгон. Кемерово соту киши өлтүрүү боюнча кылмыш ишин кароону баштады. Бул тууралуу маалыматты Борборду Азия жаңылыктары билдирди.  Тергөөнүн маалыматы боюнча 2018-жылы сентябрда Росгвардиянын кызматкери, 23 жаштагы Кобылин үйдө өгөй кызы менен жалгыз калган. Наристе чыргоолонуп ыйлагандыктан, айыпталуучу ...

0 8499

ВИДЕО - Тынар Курбаналиевдин колу күйүп ооруканага түштү, тили жайында...

15-август 2019, 10:29 Кызгалдак Жакыпова

Белгилүү куудул Тынар Курбаналиевдин колу күйүп учурда ооруканда. Кандай болгон күндө дагы саясаттан 120 койду түптөгөн Тынар мырза, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин камакка алынышы боюнча кайрадан саясый сатира менен саясатка баш баш бакты. Тынар Курбаналиевдин такмазасын төмөнкү тасмадан көрө аласыздар. Булак: NazarNews.kg

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83