www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саясат
0 851

ИИМ: Үсөнбек Ниязбеков өзүнүн ок атуучу куралы-автоматынан атылды деген маалымат чындыкка жатпайт

15-август 2019, 09:43 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө 7-8-августтагы окуялардын дагы бир активдүү катышуучусу 1990-жылы туулган жаран К.Р. кармалды. Ар кайсы маалымат агенттиктериндеги таратылып жаткан УКМКнын ыкчам отрядынын кызматкери Үсөнбек Ниязбеков өзүнүн ок атуучу куралы-автоматынан атылды деген маалымат чындыкка жатпайт. Бул тууралу маалыматты ИИМдин басма-сөз кызматы билдирди. Окуялардын жүрүшүндө алынган курал жарактардын бардыгына трассологиялык жана баллисстикалык экспертизалар дайындалды. Экспертизаныны ...

0 1248

Сейтек Атамбаев атасынын жана өзүнүн абалы боюнча үн катты

15-август 2019, 09:00 Кызгалдак Жакыпова

Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейтек Атамбаев атасынын жана өзүнүн абалы боюнча үн катты. Акыркы күндөрү мага карата жазылган билдирүүлөрдү карасам: «Эмнеге атаң жөнүндө үн катпайсың? Кырдаал тууралуу оюң кандай? Эми эмне болот?» - деген суроолор көп болууда. Кечирип койгула мени, мен эми кичинекей макимди алып алып ак үйгө барып сез көрсөтүшүм керекпи, же эмне ортого 84 жаштагы таяэнебизди салып жамандайлыбы тиги ...

0 265

Мирлан Дүйшөнбаев: "Мурдагы президент Атамбаев акыры чектен чыгып, "саясий өлүккө" айланды..."

14-август 2019, 19:39 Кызгалдак Жакыпова

Атамбаевдин шайлоо системасынын жаңы моделин киргизип, мөөнөтү аяктаганда кызматка тырмышпай өз каалоосу менен кетип, мамлекетибизде, региондо буга чейин боло элек прецедент түзүп берип, өлкөбүздөгү демократиянын абалын жаңы дэңгээлге чыгарып, Кыргызстандын "демократиянын аралчасы" аталышын дагы бир ирет бекемдегенине чындап кубанып, ыраазы болуп, ал жөнүндө гезитке жаздым эле. Бирок тилекке каршы, Атамбаев бийликтен кеткенден кийин минтип "чычып" коет деп такыр ойлогон ...

0 291

Улукбек Маматаев: "Атамбаев өз мамлекетине кыянатчылык кандай болоорун көрсөтүп койду"

14-август 2019, 18:41 Кызгалдак Жакыпова

--Атамбаевдин тагдырына өтө эле көңүл буруп, драмага айландыра бериштин кереги жок, "тайное становится явным" дегендей, бул киши да өзүнүн жүзүн акыры көрсөттү. Убагында Атамбаевге көп адамдар ишенген, тилекке каршы, аягында кадимки эле экстремист, террорист, адам өлтүргүчтөрдүн катарын толуктаганы турат. Мени Атамбаевдин мындан аркы тагдыры кызыктырбайт, мени мындан аркы Кыргызстандын келечеги кызыктырат, биз суверендүү мамлекет боло алабызбы же биздин тагдырыбызды башкалар ...

0 2424

Атамбаевдин оң колунун «бармагы», Жогорку Кеңештин депутаты Мурадыл Мадеминов «аканы» ким көрдү?

14-август 2019, 18:25 Кызгалдак Жакыпова

«Кой-Таш Эл Респубилкасынын» негиздөөчүсү, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары хансарайын канга булгап, 100дөн ашуун адам жаракат алып, бири каза таап, экинчиси оор абалда Москва шаарында дарыланууда. Алды камакка алынса, арты камакка алынышы керек деп соцтармактагылар үн кошуп жатышат. Баса, учурда Атамбаев жылмайса кошо жылмайган, жыртайса кошо жыртайган, аны менен кошо ырдаган, Атамбаевдин оң колунун «бармагы»  ...

0 448

Атамбаев Азиз Батукаевдин катарына кошулду

14-август 2019, 18:07 Кызгалдак Жакыпова

Алмаз Атамбаев снайпердик винтовкасы менен алты жолу атып, "Альфанын" командиринин орун басары Үсөнбек Ниязбековду өлтүрүп, беш адамды жарадар кылуу менен мыйзамдуулуктун гана эмес, адеп ахлактын, нравалуулуктун талаасынан биротоло чыгып, өзү коё бердирген Азиз Батукаевдин катарына кошулду. Эми аны экс эмес, рецидивист деп атаган туура болот. Ал бардык диндерде, мыйзамдарда эң оор күнөө катарында эсептелген кылмышка барды, аң сезимдүү түрдө ...

0 345

Нурдин Сулайманов Алмазбек Атамбаевге жолугуп чыкты

14-август 2019, 17:41 Кызгалдак Жакыпова

Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жолугуп чыкты. Сулайманов «Азаттыкка» мурдагы президент эки кишилик камерада жалгыз отурганын, УКМКнын кызматкерлерине эч кандай дооматы жок экенин айтканын билдирди: -«Кармоо шарттары, тергөөчүлөрдүн мамилеси жакшы. Дары-дармектер бар» дейт. Дарыгерлер күн сайын үч жолу кан басымын текшерип чыгышат ...

0 553

Айбек Бусурманкулов: "Атамбаевдин өмүрүнүн баары камакта өтүп калышы мүмкүн"

14-август 2019, 17:32 Кызгалдак Жакыпова

Коомдук активист, Айбек Бусурманкулов, "Атамбаевдин өмүрүнүн баары камакта өтүп калышы мүмкүн", деп "Багыт.kg" гезитине маек курган. Парламент койгон айыптар боюнча иштер тергелет. Андан тышкары, аны кармоо учурунда каза болгондор жана барымтага алынган спецназдар боюнча да кылмыш иши козголот. Ошонун баарын кошкондо Атамбаев бир топ жылга кесилет. Башкача айтканда, калган өмүрүнүн баары камакта өтүп калышы мүмкүн. Бирок, бийлик дагы бир тараптуулукка ...

0 393

Россиялык эксперт: "Атамбаев өзүн өтө коркунучтуу кылмышкер катары көрсөттү"

14-август 2019, 16:49 Кызгалдак Жакыпова

Россиялык эксперт Дмитрий Верхотуров REGNUM маалымат агенттигине Кыргызстандын мурдагы преэиденти Алмазбек Атамбаевдин кармалышына байланышкан кырдаал боюнча пикирин билдирип, Атамбаевдин абакта узак мөөнөткө отуруп калышы ыктымалдыгын айтты. --Москвадан Кыргызстандагы окуялар кандай көрүнүп атты? --Алмазбек Атамбаевдин төңкөрүш жасоого болгон аракети катары кабылдадык. Формалдуу түрдө сөз Атамбаевди күчтөп суракка алып келүү жөнүндө болуп жатты, бирок иш жүзүндө Атамбаев өзүн мыйзамдан жогору койду, ...

0 149

27 млн. доллар менен өкмөттүн жыртык тешиги бүтөлөбү?

14-август 2019, 15:17 Кызгалдак Жакыпова

Өкмөт Кумтөр алтын кенин иштеткен «Centerra Gold» компаниясы менен Стратегиялык келишимдин күчүнө кирүү шарттары боюнча мунаса тапканын жарыялады. Маалыматта: буга чейинки каралган шарттардан тышкары "Центерра Голд" кыргыз тарапка кошумча төлөмдөрдү төлөөгө макул болгону айтылат. Анын ичинде компания тарабынан жаңы түзүлгөн. Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондуна 5 млн. доллар өлчөмүндө бир жолку төлөм, 12 айдын ичинде дагы 5 млн. ...

0 8311

Айтымчы Света Тойгонбаева 7-августта Курсан Асановдун кызматтан кете тургандыгын айткан

14-август 2019, 14:47 Кызгалдак Жакыпова

Төлгөсү төп келген, көп нерсени алдын ала айткан Света Тойгонбаева 7-августта NazarNews.kg маалымат агенттиген байланышка чыгып, "ИИМдин орун басары Курсан Асанов жана эки үлкөн аткаминер кызматтан кетет", деп билдирген эле. Света Тойгонбаев буга чейин Кой-Ташта мурдагы Атамбаевдин үйүндө мылтыктардын үнү жана адамдын каны көрүнүп жаткандыгын эскертип, ызы-чуунун артынан ИИМдин орун басары Курсан Асанов жана эки үлкөн аткаминер кызматтан кете тургандыгын билдирген. Тойгонбаеванын ...

0 5331

АУДИО - Надира Нарматова: "Курсан Асановго ич күйдүлүк кылгандардын өз башына бир күн келет. Кайтаар дүнүйө"

Аудиофайл 14-август 2019, 14:11 Кызгалдак Жакыпова

Курсан Асановдун кайрылуусун окугандан кийин, жекече оюмду билдиргим келди, деген пикирин билдирди Жогорку Кеңештин V-чакырылышынын депутаты жана вице-спикер, коомдук саясый ишмер, “Мээримбек” кайрымдуулук фондунун президенти Надира Нарматова учурдагы саясый кырдаал боюнча NazarNews.кg маалымат агенттигине. Өз ишинин кесипкөйү, элдин алкоосуна, ишеничине татыган милициянын генерал майору Курсан Асановдун, 7-8- августа өлкө тынчтыгы коркунучта турган мезгилде кесипкөйлүгүн көрсөтүп, жасаган эмгегин бүткүл кыргыз ...

0 297

Атамбаевдин 120 мүлкү мамлекетке өтөбү же бийликтеги айрым шылуундар өздөрү майкандайбы?

14-август 2019, 13:36 Кызгалдак Жакыпова

Кечээ "Кабар» мамлекеттик агенттигинде Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев, Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев үчөө 7-8 август күндөрүндөгү окуя жана Алмазбек Атамбаевдин кармалышы тууралуу журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүштү. Башкы прокурор Жамшитов бүгүнкү күндө Атамбаевдин 120 мүлкү камакка алынганын кабарлады. Албетте, 120 мүлктү азырынча тизмелеп, ачыкташа элек. Маалым болгондой Бакиевдердин мүлкүнүн бир тобу мамлекетке өтпөй, бийликтеги айрым ...

0 4439

Бөдөш Мамырова: «Курсанга көрөлбастык кылды… Атамбаевди Курсан Асанов алып чыкканы бул факт!»

14-август 2019, 13:19 Кызгалдак Жакыпова

--Саламатсызбы, учурда Курсан Асановго тергөө иштери башталды. Бул кадам туура элеби? --Курсан Асановго коюлган күнөөгө мен макул болгум келбей турат. Анткени көп анын ичинде (2010) жылдагы окуяларды көз алдымдан өткөрүп анан ушундай бүтүмгө келдим. Албетте эгерде күнөөсү тиешелүү далилдер менен такталса юридкалык баасын алаар, бирок чү дегенде эле жашыруун сырды ачыктады деп, күнөө койгону бир аз аброй ...

0 325

Кылмышка шектүү Данияр Бакчиев "майлуу" кызматта иштеп жатат

14-август 2019, 12:38 Кызгалдак Жакыпова

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку стат - катчысы Данияр Бакчиевге, Кыргызстандан качып кеткен Алина Шаиковага паспорт маселеси боюнча тендер өткөрүү ишинде коррупциялык ишке жол бергендиктери боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Бирок Бакчиев тез эле үй камагына чыгып кеткен. Мамалекетке миллиондогон зыян алып келүү кылмыш ишине шектүү адам бүгүнкү күндө Кадр кызматында жооптуу кызматта иштеп жатканы ачыкталды. Белгилей кетсек, аталган кызматтын мурунку ...

0 338

Рыскелди Момбеков: "Атамбаевдин ишинде парламент чыгымчылдык кылды"

14-август 2019, 12:19 Кызгалдак Жакыпова

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков «Азаттыкка» Атамбаевдин кол тийбестиги боюнча маселеге мындай пикирин билдирди:  "Конституциянын 69-беренесинде «Кыргыз Республикасынын президентинин мөөнөтү бүткөндө экс-президент деген наам берилет» деп жазылып турат. Ал эми наамды Жогорку Кеңеш ала албайт да. Аны сот алат. Бул киши (ред: Ишенбай Кадырбеков) «Атамбаевдин күнөөсү - чагымчылдык кылып тергөөгө барбай койду деп атат. Чын-чынына келгенде чагымчыл биз (ред: ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 644

Курсан Асанов сурак бере баштады

14-август 2019, 12:08 Кызгалдак Жакыпова

Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановго карата Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, генерал-майор учурда сурак бере баштады. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Ал эми "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички иликтөөлөр кызматы 7-8-августтагы окуялардын жүрүшүндө массалык башаламандыктардын алдын алууда, коомдук коопсуздукту сактоодо, А.Атамбаевди кармап алып келүүгө багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун ишмердүүлүгү боюнча кызматтык ...

0 1245

Эмилбек Каптагаев, коомдук ишмер: «Президентти саткын дегендер өздөрү саткын болуп, элди, өлкөнү сатууну колдоп жатышканын түшүнүшпөйбү?»

14-август 2019, 11:38 Кызгалдак Жакыпова

Таң калам... "Соке досун сатты, достукка кыянаттык кылды...саткын..." - деп жазып да, айтып да жаткандар дилинде, ички ниетинде өздөрү саткын болуп, өздөрү элди, өлкөнү сатууну колдоп, ошондой саткындыкты башкалардан да талап кылып жатышканын түшүнүшпөйбү...дейт Эмилбек Каптагаев. --Ал көрпенделердин ою боюнча Президент Жээнбеков мамлекетти курмандыкка чалып, Атамбаевдин "жиндичилигине" чыдап, анын айдагында болуп, өлкөнү, аны менен кошо ар бирибиздин тагдырыбызды бир кишинин ...

0 1101

Жолдубаева да жоопко тартылат

14-август 2019, 10:59 Кызгалдак Жакыпова

Мурунку прокурор Индира Жолдубаева да Батукаев маселеси боюнча жоопко тартылат өңдөнүп калды. Себеби, ага карата да Батукаев боюнча суралып, камалып жаткандардын бири көрсөтмө бергени маалым болду. Бул тууралуу айрым ЖМКлар күч органдарындагы ишенимдүү булактарына таянуу менен жазып чыгышты. Белгилей кетсек, Жолдубаева ал кезде президенттик аппаратта соттук реформа жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмдү жетектеп, соттордун ишин көзөмөлгө алып турган. Ушундан улам, ...

14-август 2019, 10:59 | 1101
0 1577

Бөдөш Мамырова: "Кырчындай жоокер акылынан адашкан "акмактын" айынан ажал тапты!"

14-август 2019, 10:49 Кызгалдак Жакыпова

Мурдагы депутат Бөдөш Мамыров 7-8-августтагы болуп өткөн окуяга капачылыгын айтып, кесиптештерине ачуу сын-пикирин билдирди. --Бөдөш айым, айтсаңыз 7-8-августтагы болуп өткөн окуяга ким күнөөлүү? Атамбаев камалышы керек беле? --Атамбаев оор берене «адам өлтүрүү мыйзамсыз курал колдонуу баш аламандыкты уюштуруу» дагы бир топ оор беренелер менен кылмыш иши козголушу керек. Ошондой жагдайга түздөн-түз катыштыгы ...

0 4795

ВИДЕО - Курсан Асановду кызматтан алган "кызыл баштык" табылды

14-август 2019, 10:24 Кызгалдак Жакыпова

ИИМдин орун басары Курсан Асанов кызматтан алынышы тууралуу расмий билдирүү таратып, жеке кызыкчылыкты көздөбөгөнүн, кызматтык милдетин аткаргандыгын айтып, «кызыл баштыктын» кесепетинен ИИМден баардык оокаттарын  жыйнап кызматтан кетти. Асанов, 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын сатканын айтып, 13-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен ИИМдин орун басары Курсан Асанов кызматынан тебилген. Бирок, ...

0 781

Курсан Асанов: «Мен үчүн мундирдин урматы жана генералдын сөзү жөн сөз эмес»

14-август 2019, 09:39 Кызгалдак Жакыпова

ИИМдин орун басары Курсан Асанов кызматтан алынышы тууралуу расмий билдирүү таратып, жеке кызыкчылыкты көздөбөгөнүн жарыялады.  “Мен өзүмдүн кызматтык милдетимди аткардым деп эсептейм. Жеке кызыкчылыкты мамлекеттик кызыкчылыктан жогору койгон жокмун. Мен үчүн мундирдин урматы жана генералдын сөзү жөн сөз эмес. Мен кызмат учурунда мамлекет коркунучка кептелген бир топ учурга кабылганымды белгилеп коеюн. Мындай кырдаалда мен мамлекеттин туруктуулугун камсыздоо ...

0 204

Абдил Сегизбаев ИИМге сурак берип чыкты

13-август 2019, 18:45 Кызгалдак Жакыпова

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев бүгүн, 13-августта Ички иштер министрлигине (ИИМ) сурак берип чыкты. Ал 7-8-август күндөрү Кой-Таш айылында болгон окуялар боюнча суракка алынганын, тергөөнүн ага карата дагы суроолору болсо келип көрсөтмө берүүгө даяр экенин айтты, деп "Азаттык" жазып чыкты. Эскерте кетсек, А.Сегизбаев 7-августта Кой-Таштагы кагылышта ок тийип, ооруканага жеткирилгени айтылган. Бирок, бүгүн 13-августта ...

0 712

Памирбек Асанов Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары болуп дайындалды

13-август 2019, 18:38 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Асанов Памирбек Джумалиевич Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары болуп дайындалды. Бул маалымат тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. Андан сырткары, ИИМдин Басма сөз кызматы: "Кыргыз Республикасынын ИИМдин буйругу менен Чүй ОИИББдин башчысынын милдетин аткаруучу болуп, Асаналиев Сапарбек Тилекович дайындалды. Ал мурда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук ...

0 3821

Дастан Сарыгулов: ”Атамбаевдин тагдыры – башталышы гана…аягы эмес… ”

13-август 2019, 18:06 Кызгалдак Жакыпова

Коомдук ишмер, мурунку Мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов менен өлкөдөгү акыркы окуялардын тегерегинде пикир алышып, Кой-Таштагы окуяга ким күнөөлүү, окуяны болтурбоого болот беле? - деген суроолорго жооп издедик.   --Дастан Исламович, өлкөнү 6 жыл башкарган Атамбаев бир аскерди атып өлтүрүп, алтоосун жарадар кылып, 98 киши жабыркап, борбор калаабызга ызы-чуу салып, бүгүн камалып олтурат. Дүйнө жүзүнө кыргыз элин, мамлекетин жер каратып, шерменде ...

0 546

Абдил Сегизбаев: "Опумбаевдин бир да сөзүнө ишенбейм"

13-август 2019, 15:56 Кызгалдак Жакыпова

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев УКМКнын жетекчиси Орозбек Опумбаевдин басма сөз жыйынында айткан сөздөрүнө ишенбей турганын айтты. Ал бул тууралуу журналисттерге Ички иштер министрлигине суракка кирип баратып билдирди. «УКМКнын төрагасынын басма сөз жыйынын көрүп, бул адамдын бир да сөзүнө ишенүүгө болбосун түшүндүм. Мен ошол күнү (7-август) айылда болчумун. Ок атуу башталып, үн чыгаруучу гранаталар ...

0 129

VI чакырылыштагы Жогорку Кеӊештин 7 - сессиясынын ишин чагылдыруу үчүн журналисттерди аккредиттөө улантылууда

13-август 2019, 15:39 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн аккредиттөө боюнча комиссиясы VI чакырылыштагы Жогорку Кеӊештин 7 - сессиясынын ишин чагылдыруу үчүн журналисттерди аккредиттөөнү баштады. Аккредиттөөгө арыз Жогорку Кеңештин Аппаратынын Жетекчисине түп нускасында берилет, ал жетекчинин кол тамгасы коюлган уюмдун расмий бланкасында жол-жоболоштурулат. Бул маалымат тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди. Аккредиттөө арызында төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлөт: жалпыга маалымдоо каражаттарынын ...

0 1765

Роза Отунбаева: "Атамбаев «курал менде эле болчу, мен аттым» деп күнөөнү мойнуна алды"

13-август 2019, 13:43 Кызгалдак Жакыпова

Роза Отунбаева, экс-президент, "Атамбаев «курал менде эле болчу, мен аттым" деп күнөөнү мойнуна алды", деп "Факты.kg" гезитине маек курган. -Алмазбек Атамбаев «курал менде эле болчу, мен аттым» деп күнөөнү мойнуна алды. Эл аралык басылмалардын баары эле «Атамбаев өзүнө-өзү өмүрүнүн акырына чейинки өкүм чыгарды» деп жазып жатат. Эл бир нерсеге канааттанбаса, анын баары ушундай учурда чыгат экен. Бизде экономика жагынан жылыш болбогондуктан ...

0 525

Исанын ити үрбөйт го

13-август 2019, 12:08 Кызгалдак Жакыпова

Акыркы болуп жаткан окуялар боюнча бир кездери Журт атасы деп коюн колтук алышып, бири-биринин үйүнө чейин барышып, кычкылдан чогу алышкан Иса Өмүркуловдун үнү чыкпайт да. Cаясат саясаты менен бирок адамдык касиет баарынан бийик турат да. Экөөнүн башынан далай кыйын күндөр өткөн эле. Артына бир кылчайып карап койсо болмок. Бишкек шаарынын мэри болуп турганда иш козголуп камалып кетээринде ошол кездеги ...

13-август 2019, 12:08 | 525
0 257

Кой-Таштагы окуя боюнча кылмыш иштерди президент көзөмөлдөйт

13-август 2019, 11:46 Кызгалдак Жакыпова

Бул тууралуу Бишкектеги басма сөз жыйынында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди. Анын айтымында, президент Сооронбай Жээнбеков 7-8-августтагы Кой-Таш айылындагы окуялар жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айланасында козголгон бардык кылмыш иштери боюнча мыйзам чегинде чечим кабыл алууну талап кылды. “Президент бул иштер боюнча бирөөнүн кызыкчылыгы же кылмыштуу куугунтукка жол бербөөнү катуу талап кылды”, - деди Жамшитов Бүгүн күч органдарынын башчылары ...

0 9771

Атамбаевдин бели ката элек баласы Ысык-Көлдөгү канча жерди ээлеп алган?

13-август 2019, 10:53 Кызгалдак Жакыпова

“Бели ката элек” Кадыр Атамбаев Ысык-Көлдөгү жерлерге кантип ээлик кылып алган?” деген аталыштагы бул маалымат социалдык тармактарга тарап, коомчулукта кызуу талкуу башталды. Кандай жазылса ошондой беребиз. “Камактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев эң жогорку мамлекеттик кызматта туруп деле жеке компанияларды түзүү, өзүнүн жеке финансылык кызыкчылыктарын жүзөгө ашыруу сыяктуу иштерге башын салып келгени буга чейин далай айтылып келген. Айлантып отурбай, ток ...

0 257

Ак үйдүн атын сатып Кодурановага чалган кылмышкер аныкталды

13-август 2019, 09:52 Кызгалдак Жакыпова

Түрмөдө отуруп алып президенттик аппараттын атынан Жогорку Кеңештин депутаттарына, КСДПнын басма сөз катчысына жана министрликтерге, мамлекеттик органдарга телефон чалган кылмышкерди ИИМ бат эле аныктады. Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды. ИИМдин тараткан маалыматына караганда, алдамчылык үчүн соттолуп, №1 түрмөдө жазасын өтөп жаткан Темир Калмырзаев өзү менен кошо түрмөдө отурган Талгат Игисиновдун телефону менен ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 328

Кой-Таштагы окуяда ок жеген Сегизбаев суракка чакырылды

13-август 2019, 09:40 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн, 13-августта, Атамбаевдин эң жакын адамы, УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев ИИМге суракка барат. Эскерте кетсек, А.Сегизбаев 7-августта Кой-Таштагы кагылышта ок тийип, ооруканага жеткирилгени айтылган. Анын шефи Атамбаев 26-августка чейин камакта калган. Андан тышкары, 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуялар боюнча Фарид Ниязов, КСДПнын мүчөлөрү Алга Кылычов, Кыяз Исмаилов, Амантур Жамгырчиев 8-октябрга чейин камакка алынып, бир топ адамдар суракка алынууда. Булак: ...

0 870

Карамушкина Атамбаевге коюлган айыптарды четке кагууда

13-август 2019, 09:16 Кызгалдак Жакыпова

Кой-Таштагы окуя боюнча суракта жүргөн депутат Ирина Карамушкина Алмазбек Атамбаев коюлган айыптарды четке кагып келүүдө. Анын айтымында, экс-президенттин укуктары бузулган, ал боюнча кайрылуу даярдап жатышыптыр. Ошондой эле ал Атамбаев өзүн таштабай, жакшы алып жүргөнүн маалымат булактарга айтыптыр. Буга чейин да Атамбаевдин адвокаты С.Слесарев анын абалы жакшы, жаткан жери канааттандыраарлык экенин айтып чыккан. Эскерте кетсек, 7-августта Атамбаевди кармоо операциясы башталып, ...

0 717

Рита Борбукеева сурак бергени УКМКга кирип кетти

12-август 2019, 19:40 Кызгалдак Жакыпова

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Рита Борбукеева сурак бергени УКМКга кирип кеткен. Бул маалымат  тууралуу бүгүн, 12-августта  анын партиялашы Адил Турдукулов маалымат булактарга билдирген.  Эске салсак, 12-августта КСДПнын мүчөсү Рита Борбукеева сурак берээрин "Азаттык" жазып чыккан. Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, КСДПнын саясий мүчөлөрү Алга Кылычов, Кыяз Исмаилов жана тарапкер Амантур Жамгырчиев соттун чечими менен 8-октябрга чейин камакка алынган. Ал ...

0 150

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна бир жумада 2773 кайрылуу келип түшкөн

12-август 2019, 18:33 Кызгалдак Жакыпова

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2019 – жылдын 1- авгусунан 7- авгусуна чейин 2773 телефондон кайрылуу, же бир суткада 396 чалуу түшкөн. Бул маалымат тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирген. Анын ичинен 20 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 2 же 10 % жаш балдардан, ал эми 18 ...

0 307

«Ачык саясат» гезитинин журналисти суракка чакыртылды

12-август 2019, 14:51 Айдар Нуралиев

«Ачык саясат» гезитинин журналисти Нуркыз Бакасова бүгүн, 12-августка Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка чакырылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» журналист өзү билдирди. Атайын кызматтан ал 7-8-август күндөрү Кой-Таш айылында болгон окуялар боюнча күбө катары маалымат берерин айтышкан. -Мен Кой-Ташта журналисттик ишимди аткарып жүргөм. Бирок мени эмне үчүн суракка чакырып жатканы түшүнүксүз болуп жатат, - деди ал. УКМК журналист Нуркыз ...

0 949

АЛИ МАСтын кутуму, “бовой...” калды утугу...!

12-август 2019, 11:57 Кызгалдак Жакыпова

АЛ МАСтын алгачкы кадамдарынан, балптарынан калптарын учурганынан улам тымызын төңкөрүштү даярдап жатканын баамдоого болор эле. Кой-Ташта элдик штабдын ачылышы, курал-жарагым бар деп ачык жар салышы, акчага азгырылгандардын суудай агылышы, кайсыл бир тантыктардын ага кошулушу...бир күнү чыракка май тамызгандай дүрт этип, анан башталмак... АЛ МАС кудум ушинтип ойлогон. Ал деген жердеги чыныгы турмуштан кабары жок,өзүн пайгамбардын катарына кошуп алгандыгына назар ...

0 719

Кой-Таштагы окуядан кийин кармалгандар №1 тергөө абагына которулат

12-август 2019, 10:43 Айдар Нуралиев

Кыйноонун алдын алуу борборунун өкүлдөрү Кой-Таштагы окуяга байланыштуу кармалгандардан кабар алышты. Борбордун башчысы Нурдин Сулаймановдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча, учурда Бишкек шаардык милициясынын тергөө абагында кармалып турган тогуз киши бүгүн, 12-августта Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына караштуу №1 тергөө абагына которулат. Алардын алтоо Кой-Таштагы, үчөө аянттагы ызы-чууда кармалган. Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү КСДПнын мүчөлөрү Фарид Ниязов, Алга Кылычов ...

0 2748

Үсөн Ниязбековду ким атты?

12-август 2019, 10:24 Кызгалдак Жакыпова

АЛ МАС ырасмий түрдө, дегеле “айкөлдүгүн” көрсөткөн сыпатта , оозу-мурду кыйшайбай “Альфанын” офицерин мен атып өлтүрдүм деди. Айтты койду, ишенсең койсоң өзүң бил... Бирок ар бир акыл-эси жайында, башын тоголотуп акыл калчаган мындай сөзгө эки дүйнө ишенбейт. Жанагы бардык күнөөнү мен мойнума алайын, деген эле балээ. Али  алты атайын кызматтын аскерлери колунда туткунда турганда, али АЛ МАС ай-ааламды чапчып Ак Үйдү ...

12-август 2019, 10:24 | 2748
0 5276

Бейшенбек Бекешов: “Ар кайсы сөздөр менен шыбалган Жээнбеков, Атамбаевди түрмөгө тыгуу менен эрдик жасады”

12-август 2019, 10:11 Кызгалдак Жакыпова

“Өз башы менен иштебейт, жетелеме”, “мажирөө, шалтурук”, “оюн орусча тургай, кыргызча да айта албайт” деп шыбалып жаткан Сооронбай Жээнбеков Атамбаевди түрмөгө тыгуу менен өлкөнү тушап-матап турган кишендин ачкычына ээ болуп, биз эле эмес, дүйнө эли суктанаар эрдик жасады. Ошону менен кыргыздын Ли Куань Юсу же Мухаммад Махаткири болуу мүмкүнчүлүгүн алды. Болоюн десе жардам берели. Башыбызга көтөрөлү. Болбоюн десе, ал ...

0 2161

Жолдубаева тергөөчүлөрдүн үстүнөн арыз жазып, сотко кайрылат

12-август 2019, 09:57 Кызгалдак Жакыпова

КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Алмазбек Атамбаев кармалган күнү (8-августта) ИИМге жеткирилип, Кой-Таштагы окуялар боюнча сурак берип кое берилген. Ошондон бери күбөсү катары маал-маалы менен суралып келет. Сурак учурунда анын укугу бузулганын ал «Фейсбуктагы» баракчасына жазып чыкты. Анын айтымында, 10-августта ИИМдин Тергөө башкармалыгында ал 15 сааттан ашык суракка алгандан кийин, анын соткасын тергөөчүлөр күч менен тартып алган. Ошого байланыштуу ...

0 867

Кыргызча кыйланып сүйлөгөн Суракматов премьер-министр болбостугун айтты

12-август 2019, 09:55 Кызгалдак Жакыпова

Мэр болгондон бери сынга кабылып келаткан Азиз Суракматовду «премьер-министр болот экен» да имиштер кеткен. Ал премьер-министр болуу ниетинде жок экендигин «Спутник» радиосунда маек берип жатып билдирди. Орусча ой жүгүртүп, кыргызча кыйналып сүйлөгөн мэр журналисттин суроосуна: "Жок. Өкмөт башчы болбойм", — деп жооп берген. Булак: NazarNews.kg

1 708

УКМКнын мурунку төрагасы Сегизбаев суракка чакырылды

11-август 2019, 18:54 Кызгалдак Жакыпова

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев 13-августта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматына суракка чакырылды. Бул тууралуу анын жакындары «Азаттыкка» кабарлашты. Алардын айтымында, Сегизбаев учурда Бишкек шаарында. Буга чейин айрым маалымат каражаттары Сегизбаевдин Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу камакка алынганын жазып чыгышкан эле. Бирок УКМКнын мурдагы төрагасынын жакындары бул маалыматты четке кагып, милиция кызматкерлери ИИМге чакыруу тапшыруу ...

0 1716

Назира Айтбекова: "Ажоолукка аял келсе, эркекче башкармак! Тобоо, алмашып баратабыз"

11-август 2019, 11:58 Кызгалдак Жакыпова

Алып баруучу, блогер Назира Айтбекова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына парламенттеги айымдар тууралуу пикирин жарыялады. ЖКнын айымдары - эркек! Ажоолукка аял келсе, эркекче башкармак! Тобоо, алмашып баратабыз. Интрига, ушакты биз - аялдар кылбай калдык! ЖК нын сатпаган, сатылбаган, позициясынан тайбаган аялдарын көрүп суктанам! Тайраңдап, сауналаган, акчаны көргөндө аркага сальто аттап кеткен агашкалардын ордуна ушундай стальной жумурткалары бар эжешкалар келсе, кандай ...

0 128

Өкмөт «Centerra Gold Inc.» компаниясы менен Стратегиялык келишимдин күчүнө кирүү шарттары боюнча түшүнүшүүгө жетишти

10-август 2019, 18:08 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Centerra Gold Inc.» компаниясы менен Стратегиялык келишимдин күчүнө кирүү шарттары боюнча түшүнүшүүгө жетишти. Бул маалымат тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билидирди. Стратегиялык келишимдин шарттарын аткаруу жана анын күчүнө кирүү процедураларын аяктоо «Kumtor Gold Company» компаниясына Стратегиялык келишимде каралган, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жаратылышты өнүктүрүү фондуна жана Онкологияга колдоо көрсөтүү фондуна төлөмдөрдү жүргүзүүгө шарт ...

0 1107

Кѳлбаев атындагы (Тѳѳ Ашуу) туннели убактылуу жабылып турат

10-август 2019, 16:01 Кызгалдак Жакыпова

2019-жылдын 8-августунан 05-сентябрына чейин Бишкек-Ош автожолундагы К. Кѳлбаев атындагы туннелинде (Тѳѳ Ашуу) желдетүү системасын оңдоо боюнча профилактикалык иштер жүрүп жаткандыгына байланыштуу транспорт каражаттарынын туннель аркылуу ѳтүшү атайын графикке ылайык жүргүзүлѳт. Бул маалымат тууралуу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги билдирди. Желдетүү системасын ремонттоо жыл сайын пландуу түрдѳ жылдын ушул мезгилинде ѳткѳрүлѳт. Транспорт каражаттарынын ѳтүү Г Р А Ф И Г И 1.08:00-09:30 с. –оңдоо иштери (жабык) 2.9:30-14:00 ...

0 1984

Атамбаевдин тарапташы Кундуз Ажибекованы жана башкаларын УКМК алып кетти

10-август 2019, 14:53 Кызгалдак Жакыпова

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин агасынын уулу Нурбек Шаршенов жана тарапкери Кундуз Ажыбекова Улуттук коопсуздук комитетинин Чүй облустук башкармалыгына жеткирилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди. Анын айтымында, аларды УКМКнын кызматкерлери Кой-Таштагы мурдагы президенттин үйүнөн алып кетишкен. Жолдубаева бүгүн ИИМге сурак берип чыкканын, азыр төртүнчү жолу чакырылып, кайра баратканын жарыялады.  Булак: NazarNews.kg

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 3257

Эрнис Кыязов "Апрель" телеканалындагы кесиптештерине көңүл айтып, кызматташууга жана калыс болууга чакырды

10-август 2019, 14:40 Кызгалдак Жакыпова

Белгилүү тележурналист Эрнис Кыязов "Апрель" телеканалындагы кесиптештерине көңүл айтып, кызматташууга жана калыс болуууга чакырды.  -...учурда кан тамырын саясат же саясатчылар аралап өтпөгөн бир да масс медиа жок. Саясаттагы "ким туура, ким туура эмес" маселесин го тарых өз нугуна коер, бирок кайсы гана тармакта болбосун: саясатта, экономикада, маданиятта, пикир билдирүүдө, журналистикада ж.б. АТААНДАШТЫК болушу кажет. Атаандаштар акпы, көкпү, кызылбы, башкабы,.. ...

1 1043

Сагынбек Абдрахманов КСДП партиясынын мүчөлөрүнө Кайрылуу жасады

10-август 2019, 14:23 Кызгалдак Жакыпова

Сагынбек Абдрахмановдун Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын мүчөлөрүнө жана жергиликтүү баштапкы уюмдарга Кайрылуу жасады.  Төмөндө текст толугу менен:  Урматтуу Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын мүчөлөрү жана жергиликтүү баштапкы уюмдун жетекчилери. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой ушул жылдын 3-апрелинде “КСДП тазалануу жана жаңылануу жолунда” деген ураан менен өткөн, КСДПнын кезектеги XVIII-сьездинде бир добуштан мени КСДПнын төрагалык кызматына шайлагансыздар. Кезектеги XVIII-сьездде кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу максатында көптөгөн иш ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83