www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саясат
0 547

Чыпалак Баатыр: “Байкап тургула озгочо фокус кун кэлэтда жакн арада”

Буга чейин NazarNews.kg маалымат агенттиги элге Чыпалак Баатыр деген ылакап аты менен элге таанылган Зарылбек Аликеновдун жакынкы аралыкта үйлөнө тургандыгын кабарлаган элек. Тилекке каршы, Зарылбек мырзага азырынча оюндагыдай кыз жолуга электигин айтып социалдык тармагына пикирин жазды. Пикирин толугу менен өзгөртүүсүз окурмандарга сунуштайбыз: --Оо Кандайсыңар жалпы жакщ коргон озгочо куйорман суйормандрм фантастика ...

0 149

Жамин Акималиев, академик, айыл чарба илимдеринин доктору: "Айыл чарбаны пландаштырууга өтүүсүн сунуштайт элем"

Жамин Акималиевди кимдер билбейт. Кыргызстандын айыл чарбасы дегенде ичкен ашын жерге коё чуркагандардын бири. Кечээ парламент жаңы айыл чарба министрине буга чейин министрдин орун басары болуп иштеп келген Эркинбек Чодуевди бекитип берди. Мурунку министрди көп сынга алган адис адамды кепке тартып, жаңы министрге алдыда эмнеге көңүл бурса болорун сурап, жообун алдык. - Жамин ага, мурунку айыл чарба министринин ишине ...

0 342

Ак үй ШЫБЫРТ: Абулгазиевдин бажасынын баласы КТ-Мобайлдан» 3 ай ичинде 1 млн.сомго жакын акча алган

«КТ-Мобайл» компаниясындагы 200-300 миң сом айлык алгандар мамлекеттин акчасын ордуна койсун!» деген пикирин маалымат жыйынында эксперт Расул Умбеталиев айтты. Анын пикиринде, иштеп, киреше алып келе электе мындай көп суммадагы айлык чегерип алуу мыйзамсыз. «Мен ошол алган акчаларды ордуна кайтарышын талап кылам. Кызмсткерлерге айлык берүү бонустук система менен өлчөнүп, ким киреше алып келсе ошого жараша пайыз ...

0 180

Эмил Токтошев, ЖК депутаты: “Экономика министри болуп келген Санжар Муканбетовго ичим чыкпай калды”

– Эмил мырза, премьер-министр Абылгазиевдин отставкасын депутаттар да көтөрүп чыкты эле. Бирок, жагдай өзгөргөнсүп калды… – Премьер-министрдин өзү боюнча сындар айтылды. Палатадан да отставкага кетиши керектиги тууралуу маселе көтөрүп келгенбиз. Жакындары, туугандары, бажалары кадрдык маселелерди чечип калгандыгына байланыштуу чуу чыкты. «КТ Мобайл» боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, иштеп жатат. Жыйынтыгы 15-20 күндө чыгат. Ошого жараша Жогорку Кеңеш бир чечимге келет. ...

0 2274

Атамбаев 700 млн. долларды өлкөдөн кантип чыгарып кеткен?

«Азаттык» радиосунун журналисти Али Токтакунов Райымбек Матраимовдун сыртка чыгарып кеткен миллиондору тууралуу кызык фактылар камтылган журналисттик иликтөөсүн жарыя кылды. Бул тууралуу Трибуна жазып чыкты.  Эгерде ошондогу айтылган фактыларга таяна турган болсок, анда которулган акчаларды чет мамлекеттерден экс-президент А. Атамбаевдин «Форум» фирмасындагы жаңы өнөктөштөрү алып турган болуп чыгууда. Биз сөзүбүз кургак болбосун үчүн «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган фактылар менен өткөн ...

0 1370

Талант Мамытов, ЖК депутаты: "Прокуратура барып-барып кадрдык таңкыстыкка тушугушу мүмкүн"

- Талант мырза, прокуратура тармагында реформалар канчалык деңгээлде ишке ашыл жатат деп ойлойсуз? - Прокуратурада албетте, биринчи кезекте жаңы кабыл алынган мыйзамдардын негизинде бир топ иш-аракеттер жүрүшү керек. Прокуратуранын негизги функциясы - мыйзамдардын өз убагында так аткарылышын көзөмөлдөө, Андай болгон соң прокуратуранын өзүндө гана эмес, башка системаларда да реформалардын жүргүзүлүшү прокуратурадан көз караңды. Ошондуктан, бул багытта ага чоң милдеттер жүктөлгөн.

0 84

Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасын ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүү ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков “2018-жылдын 1-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасын ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын медицина жана медициналык адистиктер чөйрөсүндө Түркия Республикасында билим алуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамга кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 18-апрелинде кабыл алынган. Аталган ...

0 252

Жылдыз Мусабекова, ЖК депутаты: "Өкмөт отставкасы тууралуу талап дале күчүндө"

- Жылдыз айым, жакында Баткенге барып келгениңизди, жергиликтүү элдин бир топ көйгөйлөрү бар экенин айттыңыз. Эмне көйгөйлөр экен алар? - Бир жума мурун Баткен жергесинде болуп келдим. Чек арага чектеш жашаган эл менен жолугуштум. Элдин чынында эле бир топ көйгөйлөрү бар экен. Протоколдун негизинде Тажикстан тарапка өтүп кеткен Самаркандектеги 275 сотых жердин тагдыры кандай чечилет, же биротоло берилип кеттиби ...

0 112

Санжар Муканбетов, экономика министри: "ЕАЭБдин алкагындагы мүмкүнчүлүгүбүздү толук кандуу пайдалана албай жатабыз"

-- Санжар Турдукожоевич, сиз аябай оор, жооптуу тармакка келдиңиз, Ишти эмнеден баштайын деп турасыз? -- Азыркы ички жана тышкы шарттарды карап жатабыз. Экономикалык жаңы саясат керек. Инвестицияларга болгон көз караш, анын ичинде ички инвесторлорду өнүктүрүү саясаты. ЕАЭБдин алкагында биз өзүбүздүн мүмкүнчүлүгүбүздү толук кандуу пайдалана албай жатабыз. Биз сыртка чыгарып жаткан продукция негизинен чийки заттар катары чыгып, кошумча наркы жок болуп ...

0 739

АУДИО - Генерал Абдыкаров жигиттик кылды!

Аудиофайл 30-май 2019, 16:05 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызда «Эр чекишпей бекишпейт» деген жакшы сөз бар. Анын сыңарындай, генерал Данияр Абдыкаров жөнүндө бир топ материал биздин «Азия Ньюс» гезитинде жарык көргөн. Генерал көпкө чейин сабырдуулук менен мамиле кылып, унчукпай көтөрдү. Өз демилгеси болдубу же шыкакчылар түрткү бердиби, айтор, Октябрь райондук сотуна арыз менен кайрылып, «Азия Ньюс» менен соттошуп баштаган. Ортого эл кадырлаган, зоболосу бийик агаларыбыз түшүп, тил ...

30-май 2019, 16:05 | 739 | Аудиофайл
0 161

Экмат Байбакпаев, ЖК депутаты: "Контрабанданы тыймайын экономика оңолбойт"

-- Экмат ага, "Бажы биримдигине киргенден кийин контрабанда көбөйдү" деген лйду айтып жатасыз. Маселени ЕАЭБдин алкагында чечкенге болбойбу?  -- Бажы биримдигине киргенден алты айдан кийин эле контрабанда көбөйө баштады. Ун болобу, кантпы, күйүүчү май болобу, баары контрабанда жолу менен кирүүдө. «Газпром» күйүүчү майга болгон бааны көтөргөңдөн кийин анын баары кымбаттады. Биздеги ун мекемелер токтоп калды. Ишкерлер Россияга кетти. Беш ...

0 343

Депутат Асел Кодуранова Алмазбек Атамбаевдин көзүн байкабай чукуп алды

Кечээ, жакында КСДП фракциясынын депутаты жана экс-президент Алмазбек Атамбаевдин эӊ жакын санаалашы Асел Кодуранова “Азаттыкка” маек берип жатып, Алмазбек Атамбаев баш кесер Азиз Батукаевге алданып калып катуу өкүнгөнүн айтты. Ал, Алмазбек Атамбаевдин күнөөсүн азайтам деген максатта: “Алмазбек Шаршенович Азиз Батукаевди кайтарып алуу боюнча РФ президенти В.Путинге бир нече жолу кат менен кайрылып, жолукканда дагы Батукаевди кайтарып бериӊиз, биз ага ...

0 67

АУДИО - КМШ мүчө-мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн кызыкчылыктарында геомейкиндиктик маалыматтарды алмашуу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Аудиофайл 30-май 2019, 13:17 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 6-июнунда Кызыл шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн кызыкчылыктарында геомейкиндиктик маалыматтарды алмашуу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамга кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 18-апрелинде кабыл алынган. Аталган Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши ...

0 187

АУДИО - Кытайга болгон карыздын коркунучу

Аудиофайл 30-май 2019, 13:11 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстандын тышкы карызы 4,5 млрд. долларга жакын. Анын ичинде бир эле Кытай мамлекетине 1,7 млрд. доллар карызыбыз бар. 1992-жылдан 2018-жылдын декабрына чейин Кыргызстан башка мамлекеттерден жалпысынан 10 млрд 99 миллион доллар алган. Анын ичинен 2 миллион 854 миллиону грант болсо, ал эми 7 миллиард 244 миллиону насыя. Анын айтымыңда, учурда республиканын тышкы карызынын жалпы суммасы 4 миллиард доллардын тегерегинде. Ошолордун ...

30-май 2019, 13:11 | 187 | Аудиофайл
0 1729

АУДИО - Депутат: Премьер-министрдин кайын эжеси министрликти көмүскө тейлөөдө

Аудиофайл 30-май 2019, 12:29 Нурайым Рысмамбетова

Азиз Батукаевдин иши боюнча камалган дарыгерлерди коргоо митингинин артында Мухаммедкалый Абылгазиевдин кайын эжеси “Эргене” фондунун башчысы Таалайгүл Сабырбекова турат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Евгения Строкова билдирди. Анын айтымында, саламаттык сактоо министрлигиндеги оптималдаштыруу системасына каршы дарыгерлердин митингинде, ошол убакта башка митингчилер камалган бирок, соттоло элек дарыгерлерди колдоп чыгышкан. “Аталган акциялардын уюштуруучуларынын бири – “Эргене” фондунун ...

0 229

Турсунбек Акун, экс-акыйкатчы: “Эгер мен күнөлүү болсом мага тийиштүү чечим чыгарышсын”

- Турсунбек мырза, Атамбаев экс-президенттердин кол тийбестигии аныктаган мыйзам өзгөргөн үчүн КСДП төрагалыгынан да, партиянын курамынан да кеттиби? - Ал шьштоо. Атамбаев мыйзамды уккандай таасир калтырууга аракет кылганы менен ал бул кадамга аргасы жок, айласы жок барды. Анткени, партиясынын кадыр-баркы, ынтымагы да кетип, тарпы чыкты. Ал аз келгенсип Адил Турдукулов менен Алга Кылычов чабышып, «тиги кетсин, бу кетсин» деп ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 220

АУДИО - Кашкар Джунушалиев Ташкентке учуп кетти

Аудиофайл 30-май 2019, 11:54 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн, 2019-жылдын 30-майында КМШ өлкөлөрүнүн  ички иштер министрлеринин кеңешинин катардагы отурумуна катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Джунушалиев Ташкент шаарына барды. Бул тууралуу ИИМдин Басма-сөз кызматы билдирди. Ташкентте өтө турган кеңешмеге  Азербейжандын, Армениянын, Беларусиянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын, Тажикистандын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын ИИМдин делегациялары, андан сырткары КМШ мамлекеттер-катышуучуларынын аймагындагыуюшкан кылмыштуулук жана кылмыштардын коркунучтуу түрлөрү менен  күрөшүүнү координациялоо боюнча бюросунун ...

0 190

АУДИО - Президент Сооронбай Жээнбеков Премьер-министр Нарендра Модинин инаугурация аземине катышуу үчүн Индияга учуп кетти

Аудиофайл 30-май 2019, 11:21 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-майда, Индия Республикасынын Нью-Дели шаарына Индиянын Премьер-министри Нарендра Модинин чакыруусу менен анын инаугурация аземине катышуу үчүн учуп кетти. 31-майда, Мамлекет башчысы Эки Ыйык мечиттин көзөмөлдөөчүсү, Сауд Арабия Королу Салман бин Абдель Азиз Аль Сауддун чакыруусу менен Сауд Арабияга учат жана Мекке шаарында өтө турган Ислам Кызматташтык Уюмунун 14-Саммитине катышат.  Ислам кызматташтык Саммитинин кезектеги ...

0 712

АУДИО - Алмазбек Атамбаев Башкы прокуратурага арыз менен кайрылды

Аудиофайл 30-май 2019, 11:27 Нурайым Рысмамбетова

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тыңшоочу аппарат тууралуу маалыматы Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы билдирди. Маалыматка ылайык, Аскер прокуратурасы аталган маалыматты КРнын ККне “Жеке адамдын кол тийбестигин бузуу”, “ Жазышуунун сыры” жана “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”  беренелери менен каттаган. Сотко чейинки өндүрүш иши башталып, болуп өткөн окуянын ...

0 267

Мирлан Жээнчороев: “КТ Мобайлдын айланасында дагы көп нерсе ачыкталат”

-Мирлан мырза, өкмөткө келген жаңы министрлердин айрымдарына ичи чыкпагандар болуп жатат. Мисалы, айыл-чарба министри беш жыл орун басар болуп отурган киши, картошка чырына анын да тиешеси бар да. Башка адамдарды алып келсе болбойт беле, же кадрдык дефицит барбы бизде? -Кадрдык дефицит болгондугун жана туруктуулук жоктугун акыркы бир жылдагы өкмөт курамындагы тынымсыз алмашуулар далилдейт. 2018-жылдын апрелинен бери өкмөттүн 11 мүчөсү ...

0 986

Бейшенбек Бекешов КТРКнын ички абалын көрүп көзүнө жаш алып, “көрбөгөндүн көргөнү курусун”...

Атактуу теле журналист Бейшенбек Бекешов КТРКнын ички абалын көрүп ачуу пикирин жазды. Төмөндө толугу менен: --Кыргыз поэзиясынын алтын казынасын толтурган таланттарыбыздын бири Бердибек Жамгырчиевдин чыгармачылыгы тууралуу көрсөтүүгө чакырылып, жан дилим менен барып катышып, төгүлүп сүйлөп бердим. Бирок менин азыркы сөзүм Бердибек тууралуу эмес. Бүгүнкү сөз Бердибек сыяктуу чыгаандардын, жалпы эле өнөр адамдарынын элге ...

0 993

АУДИО - Райымбек Матраимовго кылмыш иши козголгон эмес...

Аудиофайл 30-май 2019, 10:09 Кызгалдак Жакыпова

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго “мыйзамсыз баюу” беренеси менен сотко чейинки териштирүү иштери башталды деген маалымат тараган. Говори ТВ маалымат агенттигине КР Башкы прокуратурасы “Райымбек Матраимовго эч кандай жаңы сотко чейинки териштирүү иштери башталган жок. Жогоруда чыккан маалымат чындыкка дал келбейт, буга чейин Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине февралда катталып, каржы полициясы текшерүү жүргүзүп жатат”,-деп жооп ...

0 198

АУДИО - Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн жаңы курамына кол койду

Аудиофайл 30-май 2019, 11:00 Нурайым Рысмамбетова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Муканбетов Санжар Турдукожоевич Кыргыз Республикасынын экономика министри, Кылжыев Самат Аскербекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси-министри, Чодуев Эркинбек Урайымович Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри, Догоев Дастан Давлетович Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды. Булак:NazarNews.kg

0 209

Абдывахап Нурбаев: «Абылгазиевдин отставкасы дагы деле күн тартибинде»

- Абдывахаб мырза, жаш ишкер Токтогазиевге эл ишеними арбып, анын министр болуп келишин каалап жатышкан. Бирок, Абылгазиев аны эмес, Чодуевди алып келди, сиздер колдоп бердиңиздер. Бул жерде кандай саясат жүрдү деп ойлойсуз? - Ооба, аргасыз иш болуп калды. Мен комитетте Абылгазиевге «Токтогазиев деген жаш бала чыгып, коомчулуктун назарына түшүп жатат, эл андан жаңы нерсени күтүп жатат» десем, «ал бала ...

0 82

ФОТОРЕПОРТАЖ — Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин мааракелик жыйыны

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын 28-29-майында эки күндүк иш сапары менен Казакстан Республикасынын Нур-Султан шаарында болду. 28-майда Мамлекет башчысы Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев жана Казакстан Республикасынын тунгуч Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуп, жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелер боюнча маселелердин бардык багыттарын талкуулашты. Казакстандын тунгуч Президенти Нурсултан Назарбаев Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө Келишимге кол коюунун 5 жылдыгына карата жана ошондой эле ...

0 1406

Турсунбек Акун, экс-акыйкатчы: Табалдиев Батукаев боюнча мага телефон чалып, "10 мүнөттөн кийин..." ...."

-Турсунбек мырза, 6 жыл мурун эркиндикке чыккан Батукаевдин маселеси кайра жанданып, ошол кездеги Саламаттыкты сактоо министрлиги камалып,  ошол кездеги күч түзүмдөрүн тескеген Шамил Атаханов да  камалды. Бул саясаттын аягы сизди да темир тор артына каматып койбойбу? -Акыйкатчы айтат, дейт, бирок айткан сөзүнө жооп бербейт. Анткени, Акыйкатчы чечим чыгара турган орган эмес. Акыйкатчынын кылмыш жоопкерчилигине тартылганга мыйзам жол бербейт. Ошон ...

0 201

АУДИО - Санжар Мукамбетовдон башка кадр жокпу?

Аудиофайл 29-май 2019, 18:11 Кызгалдак Жакыпова

Мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети Санжар Мукамбетовду экономика министри кызматына жана Эркинбек Чодуевди айыл чарба, тамак өндүрүшү жана мелиорация министри кызматына сунуштады. Бул сунуштарды премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев киргизген. Чодуев азыр айыл чарба министринин орун басары. Көрсө ал киши Президенттин кудасы, Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин кудасы тура. Эми мамлекеттик кызматка кудалардын кудасы келе баштадыбы ...

0 2285

АУДИО - Раим миллион Генерал Данияр Абдыкаров менен Аслан Сартбаевди жараштырды

Аудиофайл 29-май 2019, 18:07 Нурайым Рысмамбетова

ИИМдин мурунку орун басары генерал Данияр Абдыкаров “Азия Ньюс” гезитинин редактору Аслан Сартбаевден 10 миллион сом талап кылган соттук арызын кайтарып алды. Сартбаевдин айтымында, эки тараптын элдешүүсүнө Мамлекеттик бажы кызматынын мурунку жетекчиси Райымбек Матраимовдун эмгеги чоң. “Генерал Данияр Абдыкаров намысыма жана беделиме доо кетти деген арыз менен 10 миллион сом талап кылган. Бирок ...

0 230

Турсунбек Акун, экс-акыйкатчы: “Атамбаевдин тагдыры түрмө менен байланышта болоору билинип калды”

– Турсунбек мырза, Атамбаев экс-президенттердин кол тийбестигин аныктаган мыйзамы өзгөргөн үчүн КСДПнын төрагалыгынан да, партиянын курамынан да кеттиби? – Ал шылтоо. Атамбаев мыйзамды уккандай таасир калтырууга жакшы эле аракет жасады. Бирок, ал бул кадамга аргасы жок, айласы жок барды. Анткени, партиясынын кадыр-баркы, ынтымагы да кетип, тарпы чыкты. Ал аз келгенсип Адил Турдукулов менен Алга Кылычов чабышып, “тиги кетсин, бу ...

0 484

АУДИО - КСДП ЖЭБ (ТЭЦ) боюнча камалгандарды колдоп митингге чыгат

Аудиофайл 29-май 2019, 17:39 Нурайым Рысмамбетова

КСДП болжол менен 7-8-июнда митинг өткөрүүнү пландоодо. Бул тууралуу партиянын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева билдирди. “Биздин саясый туткундарыбызды колдоо иретинде тынчтык жыйналышын өткөрөбүз. Мен Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов жана башка жасалма жол менен күнөөлөр тагылгандарды айтып жатам. Бул тизмеде албетте УКМКнын 9-кызматынын мурунку башчысы Дамир Мусакеев да бар. Саясый туткундардын камалгандарына бир ...

0 66

ФОТО - Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин мааракелик жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин мааракелик жыйынынын жыйынтыгы боюнча бүгүн, 29-майда, Казакстан Республикасынын Нур-Султан шаарында бир катар документтерге кол коюлду. Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин мүчөлөрү эл аралык ишмердүүлүк, санариптик күн тартиби, жалпы электрэнергетикалык рынокту түзүү жана ЕАЭБдин алкагында мындан аркы интеграцияга тиешелүү төмөнкү документтерге кол коюшту: «Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин ардактуу төрагасы жөнүндө» Чечим; «Евразиялык экономикалык биримдик жана Кытай Эл Республикасынын бажылык чек аралары аркылуу өткөн ...

0 1663

Ахматбек Келдибеков, “Ата-Журт” саясий партиясынын тең-төрагасы: “Атамбаев элдин сурагына даярданышы керек!”

Коомдун бардык тармактары шайкеш өнүгүп жатпагандан кийин, эл күнөөлүүлөрдү издейт, сындайт. Сын саясатчыларды чыйралтат, түзөлтөт деп айтып келишет. Бирок коомчулукта акыркы кезде сын эмес, “далилсиз айыптоолор арбын” деген көз караш пайда болду. Биз Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын төрагасы Ахматбек Келдибеков менен саясий элитанын азыркы абалы, Атамбаевдин айыптоолорун, Райымбек Матраимов кайрылуусун, анан ортодон чыга калып “Матраимовдун Кыргызстанды бийлешине жол бербейбиз” ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 615

Бегалы Наргозуев, коомдук ишмер: “Батукаев көптөгөн кыргыз жарандарын өлтүрүп, кулактарын кескен. АШАчылар аны чыгарып, элибизди тебелетти!”

– Бегалы мырза, Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча ошол кездеги вице-премьер-министрлик кызматты аркалаган Шамил Атаханов жана Саламаттыкты сактоо министри камакка алынды. Бул маселенин алкагында дагы кимдер камакка алынышы мүмкүн? – Негизи Батукаевдин иши боюнча Шамил Атахановдун камалганы туура эле болду. Анткени, ал буйрукту аткаруучулардын бири болгон. Бирок, ал азырынча ким буйрук бергенин айтпай жатса керек. Батукаевдин мыйзамсыз чыгарылганы боюнча иш ...

0 91

Оор турмуштук кырдаалга кабылган балдардын электрондук базасы түзүлдү

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдында оор турмуштык кырдаалга кабылган балдардын электрондук базасы түзүлдү. Демилге Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекованын тапшырмасы менен ишке ашырылды. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү Маалыматтар базасы Кыргыз Республикасындагы БУУ Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) техникалык колдоосу менен иштелип чыкты. Балдарды коргоо багытында жүргүзүлүп жаткан чараларга карабастан, балдарга карата жасалган кылмыштардын санынын өсүү тенденциясы сакталууда жана балдар ...

0 55

ФОТОРЕПОРТАЖ - Президент Сооронбай Жээнбеков: ЕАЭБдин натыйжалуулугу анын мүчөлөрүнүн ортосунда дагы, үчүнчү өлкөлөр менен дагы бирдей атаандаштык шарттарды түзүү жөндөмдүүлүгүнөн көз каранды

«ЕАЭБдин натыйжалуулугу анын мүчөлөрүнүн ортосунда дагы, үчүнчү өлкөлөр менен дагы бирдей атаандаштык шарттарды түзүү жөндөмдүүлүгүнөн көз каранды», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-майда, Казакстан Республикасынын Нур-Султан шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кеңири курамдагы мааракелик жыйынында. Мамлекет башчысы жыйындын катышуучуларын евразиялык интеграциянын беш жылдык мааракеси менен куттуктап, Биримдиктин толук кандуу иштешине салым кошуп жаткандардын баарына ...

0 344

АУДИО - ВИДЕО: Аида Салянова: “Батукаев боюнча мен жооп берем!”

Аудиофайл 29-май 2019, 15:19 Кызгалдак Жакыпова

Азиз Батукаевди өлкөдөн качырып жибергенден кийин Жогорку Кеңеште кызуу талкуу болуп, ишенген аткаминерлери кримтөбөл Батукаевди жактап олтуруп алганда кыргыз эли баарынын бетине түкүргөн эле. Убакыттын өтүшү менен кылмыш иши кайра ачылып, элиталар темир тор артына катар-катары менен кетип бара жатат. Алсак, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева шектүү катары кармалып 22-майда үй камагына бошотулса, андан кийин мурдагы вице-премьер-министр Шамил ...

0 130

АУДИО - Өкмөттүн курамы жаңы төрт министрге толукталды

Аудиофайл 29-май 2019, 15:00 Нурайым Рысмамбетова

Бүгүн, 28-майда Кыргызстандын экономика министрлигине Мамлекеттик каржы көзөмөлдүн башчысы Санжар Муканбетовдун талапкерлигин Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик курулуш комитети бекитти. Андан тышкары, Самат Кылжыев – Аппараттын жетекчи кызматына, Эркинбек Чодуев — Айыл-чарба министри кызматына, Дастан Догоев – Мамлекеттик маалымат технологиясы жана маалымат комитетинин төрагалыгына коюлган талапкерлиги депутаттар тарабынан бир добуштан колдоого алынды.

0 1196

АУДИО - Рыскелди Момбеков Атамбаевди “пошел” дедиби?

Аудиофайл 29-май 2019, 14:48 Кызгалдак Жакыпова

Момбековдун акыркы кадамдары ушундай ойду пайда кылды. Неси болсо да, Рыскелди Момбеков табиятынан акыйкатчылдыгы бар, айрымдардай хамелеондук сапаты жоктордон эмеспи. Мына ошондой сапатынан улам КСДП экиге бөлүнгөндө Рыскелди мырза АША менен бирге болорун билдирген эле. Ал үчүн Атамбаевге КСДПнын курамынан Фарид Ниязовду чыгартуу шартын койгон. Ал шарт аткарылып, Ниязов партиядан четтетилгенде Момбеков АШАга орун басар болгон эле. Анткени, Рыскелди ...

0 277

АУДИО - Айыл-чарба министрине талапкер, министрдин орун басары 3-курстун студенти

Аудиофайл 29-май 2019, 14:52 Нурайым Рысмамбетова

Айыл-чарба министринин орун басары, аталган министрликке өкмөт башчы тарабынан көрсөтүлгөн Эркинбек Чодуев К.И. Скрябина атындагы Кыргыз Улуттук Агрардык университетинин 3-курсунун студенти экендиги белгилүү болду. Бул тууралуу парламенттин отурумунда депутат Абдыбек Дюшалиев билдирди. Абдыбек Дюшалиевдин айтымында, Чодуев министрдин орун басары болуп турганда бул тармакта эффективдүү иш алып бара албасын көрсөттү. Ал премьер-министр көрсөткөн талапкерин дагы бир ...

0 216

Айтмаматка эмне сюрприз даярдалып жатат?

Аудиофайл 29-май 2019, 14:33 Кызгалдак Жакыпова

Жакында Жогорку Кеңештин депутаты Айтмамат Назаров Улуттук энергохолдингдин (мындан ары – УЗ) жетекчиси болуп дайындалды. Жашырганда эмне, акыркы кезде УЗ коомчулук тарабынан дамамат сынга алынып келатат. Анын эмне максатта түзүлгөнү, өлкөгө кандай пайдасы бар экени жетекчиликтин илең-салаң ишинен улам билинбей деле калды. А дегинкиси, аны түзөрдө асыл максаттар коюлган болчу, энергетика тармагын бир муштумга бириктирип, өнүктүрүп кетүү идеясы турган. ...

29-май 2019, 14:33 | 216 | Аудиофайл
0 406

АУДИО - Депутаттар Мухаммедкалый Абылгазиевдин кызматтан кетүүсүн сурады

Аудиофайл 29-май 2019, 14:03 Нурайым Рысмамбетова

Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев жана Максат Сабиров, Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт башчы кызматында турууга акысы жок экендигин айтышты. “Сиздин бажаңыз жана туугандарыңыз жөнүндө ушундай маалыматтар тарап жаткан убакта, сиз ушул кызмат ордуңузда турууга акыңыз барбы?”, - деп сурады Максат Сабиров. Мухаммедкалый Абылгазиев бул суроого так жооп берген жок. Исхак Масалиев, премьер-министр ...

0 214

Кеңешбек Дүйшөбаев, коомдук ишмер: “Эт менен челдин ортосунда жүргөн, өз көлөкөсүнөн корккон кадрлардан арылышыбыз керек!”

– Кеңешбек мырза, “КТ мобайл” чырына байланыштуу премьер-министрдин отставкасын талап кылгандар четтен чыга баштады. Коомчулук иренжий баштаган премьер-министрди президент дагы канчага чейин калкалашы мүмкүн? – Мен аны “президент калкалап жатат”- деген ойдон алысмын. Анткени, президент өкмөттү алмаштыра бербей, узак убакытка иштешине мүмкүнчүлүк бериш керек деген ой менен иш кылууда. Президенттин оюу, койгон талаптары туура болгону менен өкмөт аны аткара ...

0 161

Назарбаевди асманга чыгаруу уланууда

Аудиофайл 29-май 2019, 15:00 Кызгалдак Жакыпова

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевге Түрк кеңешинин түбөлүк президенти деген статус ыйгарылды. Мындай демилгени Түркиянын президенти Реджеп Эрдоган көтөргөн. Анын айтымында Назарбаев 1990-жылдан баштап Түрк дүйнөсүн бири-бири менен жакындашууга чоң эмгек сиңирген. Булак: "Багыт.kg"   

29-май 2019, 15:00 | 161 | Аудиофайл
0 111

АУДИО - Сооронбай Жээнбеков Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин чакан курамындагы жыйынына катышууда

Аудиофайл 29-май 2019, 13:29 Нурайым Рысмамбетова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-майда, Казакстан Республикасынын Нур-Султан шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) мааракелик жыйынына катышууда. Учурашуу жана сүрөткө түшүү аземдеринен кийин ЖЕЭК Жогорку кеңешинин мүчөлөрү чакан курамда жолугушууга кетишти, анын жүрүшүндө ЖЕЭК алкагында интеграцияны мындан ары тереңдетүү боюнча чараларды талкуулоо пландалууда. Андан соң мамлекет башчылары Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына кеңири курамда катышышат. Булак:NazarNews.kg

0 132

АУДИО - Атамбаев партиясын Кодурановага өткөздү

Аудиофайл 29-май 2019, 13:45 Кызгалдак Жакыпова

Экс-президент Алмазбек Атамбаев КСДПнын төрагалык кызматынан кетти. Анын ордуна мурунку төрага орун басары Асел Кодуранова шайланды. "Президенттин кепилдиги жөнүндөгү" мыйзам кечээтен баштап ишке кирди. Аталган мыйзам боюнча экс-президенттер саясий кызматтарды жана башка кызматтарды ээлей албайт. Азыр Атамбаев өзүнө карата кылмыш козголгонго шылтоо таптырбайт. Атамбаев партиядан кеткени менен партияда анча өзгөрүү болбойт. Азыр анын партиялаштарынан өтө берилгендер эле калды. Жакында эле ...

0 2078

Д.Мусакеев кимдерге мыйзамсыз батир берген? ТИЗМЕ

Соттун чечими менен беш жылга эркинен ажыратылган УКМКнын 9-башкармалыгынын мурдагы башчысы, экс-президент А. Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеевдин кызмат абалынан кантип кыянаттык менен пайдалангандыгын Башкы прокуратура баяндап берди. Көрсө, ал аталган башкармалыкты жетектеп турган 2016-2017-жылдар аралыгында өзүнүн санаалаштарынын кызыкчылыгын көздөп, кызмат абалы менен кыянаттык пайдаланып, КРнын Турак-жай кодексин одоно бузуу менен, жалпы кезекти эске албай, кызматтык турак-жай алуу үчүн көптөн ...

0 197

АУДИО - "Чиновниктерге" бюджеттин эсебинен автоунаа жана эмерек сатып алууга тыюу салынат

Аудиофайл 29-май 2019, 11:14 Нурайым Рысмамбетова

Кыргызстандын аткаминерлерине мамлекеттик бюджеттен эмеректерди жана автоунаа сатып алууга тыюу салынат. Аталган токтомго толуктоолор Жогорку Кеңештин отурумунда талкууланууда. ЖК депутаты Кенжебек Бокоев белгилегендей, аткаминерлер мамлекеттин эсебинен автоунаа сатып алуу менен айдоочуларына айлык төлөтпөшү керек. Бирок, бул чектөө тез жардам унааларына тийешеси жок. Алгач депутаттар жогорудагы тизмеге оргтехникаларды да кошуп, кийин кайра мындай пункту алып салышты. Унаага ...

0 347

АША коррупцияга каршы жайылган тор кысып келатканын, камаларын сезе баштадыбы?

- Экс-президент Алмазбек Атамбаев өзүн колдогон КСДПчыларга төрагалык кылуудан баш тартып, муну жаштарга орун бошотуп берүү ишараты жана “Президенттин ишмердүулүгүнүн кепилдиктери жөнүндө” мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр менен түшүндүрдү. Бирок, карапайым калк ичинде АШАнын саясаттагы жолу бүткөнү, элде жийиркенүүдөн башка сезим жаратпай калганын түшүнүп, айла жоктон саясаттан оолактагысы келгени тууралуу пикир басымдуулук кылат. Мурунку президенттин партия төрагалыгынан кеткенин дагы кандайча жоромолдосо ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 153

Дмитрий Медведев келет

Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев 2019-жылдын август айында Кыргызсанга келет. Ал эми Мамдуманын төрагасы Володин 18-20-майда Бишкекте болду жана ОДКБын Парламентинин 54-ассамблеясынын чогулушуна катышты. Булак: "Багыт.kg"  

29-май 2019, 10:05 | 153
0 662

Мурат Жетимишбаев, коомдук ишмер: “Биз азыр АШАны жаны ачыган жаралуу жырткычка салыштырсак да болот!”

- Экс-президент Алмазбек Атамбаев өзүн колдогон КСДПчыларга төрагалык кылуудан баш тартып, муну жаштарга орун бошотуп берүү ишараты жана “Президенттин ишмердүулүгүнүн кепилдиктери жөнүндө” мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр менен түшүндүрдү. Бирок, карапайым калк ичинде АШАнын саясаттагы жолу бүткөнү, элде жийиркенүүдөн башка сезим жаратпай калганын түшүнүп, айла жоктон саясаттан оолактагысы келгени тууралуу пикир басымдуулук кылат. Мурунку президенттин партия төрагалыгынан кеткенин дагы кандайча жоромолдосо ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83