www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саясат
0 1209

Кубанычбек Исабеков кыргыз элине, президент Жээнбековго жана Атамбаевге Кайрылуу жасады

08-август 2019, 18:03 Кызгалдак Жакыпова

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы,"Ак жол" партиясынын депутаты Кубанычбек Исабеков азыркы жана мурдагы президенттерге Кайрылуу жасады.  Урматтуу Кыргыз элим, Урматтуу Сооронбай Шарипович, Алмазбек Шаршенович! Жаңылыктарды окуп зээним кейиди. Тезинен бул тирешүүнү токтотууга азыркы президент Сооронбай Шарипович менен экс-президент Алмазбек Шаршеновичти чакырам! Тилекке каршы, курмандык болду, дагы ондон ашык жарандарыбыз жаракат алышты. Жап жаш уулубуздан айрылдык. Анткени Кой Ташта жүргөндөр дагы, күч органдарынын ...

0 433

Кой-Таштагы окуяда жабыркагандардын саны 80 кишиге жетти

08-август 2019, 17:57 Кызгалдак Жакыпова

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда жабыркаган жарандардын саны 80ге жетти. Бул тууралуу «Азаттыкка» Саламаттык сактоо минситрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди. Анын айтымында, 7-августта Кой-Таш айылында жабыркап, «Тез жардам» линиясы менен ооруканага түшкөндөрдүн саны 53. Дарыгерлер 21 кишиге жеринде жардам көрсөтүшкөн. Мунун алдында барымтадагы атайын кызматтын алты аскери коё берилген. Алардын саламаттыгын дарыгерлер текшерип жатат. Ушул ...

0 458

Балбак Түлөбаев шаардыктарга Билдирүү жасады

08-август 2019, 17:54 Кызгалдак Жакыпова

Бишкек шаарынын вице-мэри Балбак Түлөбаев шаардыктарга Кайрылуу жасады. Урматтуу шаардыктар! Достор! Шаарыбыз ушул убакта тынч, эч бир жерде митинг жок. Миңдеген элдик кошуунчулар менен шаардын ар кайсы жактарында көзөмөл салып турабыз. Коркпогула! Баары жакшы болот. Ынтымак, биримдик керек. Башка коомдук уюумдар менен да байланыштабыз. Калаа башчыбыз Азиз Суракматов менен баардык шаар бийликтери, кызматтары саат сайын байланыштабыз, деп билдирди.  Булак: NazarNews.kg

0 2500

Атамбаев бүгүн камакка алынат

08-август 2019, 17:37 Кызгалдак Жакыпова

Милиция мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн толугу менен курчоого алып, тарапташтарын үйдүн сыртына сүрүп чыгарды. «Азаттыктын» кабарчысы окуя болгон жерден кабарлап, үйдүн короосунда дээрлик киши калбаганын билдирүүдө. Айланасында топтошкон адамдар жок. Милиция короону көзөмөлгө алууда жана ал жакта дарыгерлер жүрөт. Үйдүн дарбазасын чопкутталган машине сүзүп кирди. Үй тараптан айрымдардын кыйкырган үнү угулууда. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы ...

08-август 2019, 17:37 | 2500
0 373

Президент Сооронбай Жээнбеков: Кырчындай болгон жигитибиздин өмүрү – бийликтен да, байлыктан да, ар кандай саясий дымактан да кымбат эле

08-август 2019, 17:27 Кызгалдак Жакыпова

«7-августта Кой-Таш айылында, тилекке каршы, бир канча адам жаракат алып, укук коргоо органдарынын бир кызматкери атылган октон каза болду. Кырчындай болгон жигитибиздин өмүрү — бийликтен да, байлыктан да, ар кандай саясий дымактан да кымбат эле», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-августта, Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында. Ал маркумдун ата-энесине, балдарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты. «Энеси — Өктөм Мамаева менен ...

0 795

ВИДЕО - Атайын жоокерлер Кой-Ташка барчу жолду бууду

08-август 2019, 17:26 Кызгалдак Жакыпова

Спецназдын жоокерлери Кой-Ташка барчу жолду бууду. Окуянын видеосу YouTube каналына чыкты. Тасмадан форма кийген кишилерди көрүүгө болот. Автордун айтымында, милиция жол боюндагы мечиттин жанында турат. Эске сала кетсек Атамбаев бүгүн, 8-августта, саат 16:30дар чамасында Ак үйгө аттана тургандыгы кабарлаган эле.   Учурда Кой-Ташта Укук коргоо органдары көздөн жаш агызуучу газды жана катуу үн чыгаруучу граната колдонууда. Ал эми Атамбаевдин тарапташтары милиционерлер тарапка таш жана бензин ...

0 1412

Бөдөш Мамырова: “Атамбаев адам атканын мойнуна алды. Каза болгон баланын убалы уктатпасын”

08-август 2019, 17:10 Кызгалдак Жакыпова

ММКга чыккан маалыматка караганда бул УКМКнын атайын операциясы эмес эле багынып берүү болуп калгандай. Анткени атайын даярдыктагы УКМКнын иш-чарасы мындай калпыс чалажан болбош керек болчу. Менин билишимче спец операция болгон жерде натыйжа (результат) сөзсүз түрдө болуу керек жөн эле короого кирип анан чыга албай калуу эмес. Бүтүндөй дүйнө коомчулугунун астында өтө осол иш болду. Анткени күч түзүмдөрүнүн анын ичинде ...

0 287

Кой-Ташта телефон жана интернет байланышы үзгүлтүккө учуроодо

08-август 2019, 17:11 Айдар Нуралиев

Кой-Ташта бүгүн мобилдик интернет байланышы дээрлик жок болуп жатат. Саат кечки төрттөн кийин телефон байланышы да үзгүлтүккө учуроодо. Бир аз мурдараак "Азаттыктын" кабарчылары Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө күч түзүмдөрү кулак тундуруучу жана көздөн жаш агызуучу каражаттарды колдоно баштаганын, чогулуп тургандар аларга каршылык көрсөтүп жатканын маалымдашкан. Андан бери алар менен байланышуу мүмкүн болбой жатат, деп Азатттык жазып чыкты. Ага ылайык, ...

0 2258

Кой-Ташта Атамбаев менен милиционерлердин ортосунда кагылышуу башталды

08-август 2019, 16:48 Кызгалдак Жакыпова

Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары менен милициянын ортосунда кайтадан кагылышуу башталды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди. Ага ылайык, учурда Кой-Таш айылы жакта 200дөй милиция кызматкери чогулуп турат. Атамбаевдин жактоочуларынын саны да 400гө чамалайт. Милиция тарапка таш жана бөтөлкөгө куюлган бензин ыргытылууда. 7-августта кечинде УКМК мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармоо боюнча атайын операция жүргүзгөн. Бирок андан майнап чыккан эмес. Акыркы маалыматтар ...

0 203

Талант Мамытов: "Кырдаалга Атамбаев түздөн-түз күнөөлүү"

08-август 2019, 16:43 Кызгалдак Жакыпова

Кой-Таштагы башаламандыкка жол берген бардык тараптар жооп бериши керек. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясында билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.  Ал эми депутат Алмамбет Шыкмаматов тиешелүү күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери кызматынан кетиши керектигине токтолуп: “Мындай кырдаалга жол бербешиңиздер керек болчу. Атайын операция башаламан жүргүзүлгөнү анык көрүндү. Натыйжада бейкүнөө кызматкер каза таап, карапайым эл жабыркады”, – ...

0 666

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Токон Мамытовдун Кой-Ташта болгон кырдаал боюнча билдирүүсү

08-август 2019, 16:31 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасы укуктук мамлекет деп жарыяланган. Укуктук мамлекет -деп социалдык, саясий, идеологиялык, диний ж.б. ынанымдарына жана абалына карабастан бардык адамдар мыйзам алдында бирдей болгон мамлекетти айтабыз. Укуктук мамлекет сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө болушу үчүн биз мыйзамды сыйлап ага баш ийишибиз керек. Кой-Таш айылындагы кечээги окуянын хроникасы көрсөткөндөй, тынч мезгилде адамдар жабыр тартты, тилекке каршы бир аскер адамы курман ...

0 1072

ВИДЕО - Бишкекте дүкөндөр жабыла баштады

08-август 2019, 16:28 Кызгалдак Жакыпова

Бишкекте  көрүнүктүү дүкөндөр эрте жабылып, ичинен буюм-тайымдарды алып чыгып кетүүдө.  Ак үй тосмолорунун ич жагына бетон койду.  Эске сала кетсек, бүгүн эртең менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 8-августта 16:30да Ак үйгө карай аттана тургандыгын кабарлаган эле.  Булак: NazarNews.kg

0 995

Президент Сооронбай Жээнбековдун Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзү

08-август 2019, 16:15 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-августта Жогорку Кеңештин жыйынында сөз сүйлөдү. Төмөндө Мамлекет башчысынын сөзү: Урматтуу мекендештерим! Урматтуу депутаттар! Кечээ, 7-августта, Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында А.Атамбаев Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын өтө одоно бузду. Ок атуучу курал колдонуу менен мыйзамга каршылык көрсөттү.  Сиздерге белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Башкы прокуратуранын корутундусунун негизинде А.Атамбаевди экс-президент статусунан ажыраткан. А.Атамбаевге коюлган ...

0 773

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште Кой-Таштан жабыркап каза болгон кызматкердин үй-бүлөсүнө көңүл айтты

08-август 2019, 15:51 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңешке келди. Эл өкүлдөрүнүн алдында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарынын талаптарын одоно түрдө четке какты. Ошондой эле Кой-Ташта курман болгон атайын кызматтын кызматкеринин үй-бүлөсүнө көңүл айтты. Ошондой эле КР Президенти Сооронбай Жээнбеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди оор кылмышкы шектүү катары тергөө иштерине чакыра тургандыгын билдирди. Андан сырткары чагымчылдык кылгандарга ...

0 950

Курман болгон кызматкердин артында төрт баласы калды

08-август 2019, 15:12 Кызгалдак Жакыпова

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында алган жараатынан улам ооруканада каза болгон атайын бөлүктүн 47 жаштагы кызматкери Үсөнбек Ниязбековдун артында жубайы жана төрт баласы калды. Бул тууралуу УКМК жетекчиси Орозбек Опумбаев Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясында билдирди.  Опумбаев учурда бир кызматкердин абалы оор, бешөөнө ок тийген. Алты кызматкер Атамбаевдин барымтасында деди.  Атайын операция учурунда 40 курал, 15 тапанча, эки миңдей ок-дары ...

0 873

Премьер-министрликке дагы бир "белгисиз фигура" тапталууда

08-август 2019, 14:40 Кызгалдак Жакыпова

Бир айдан соң премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиевдин кете турганы, ордуна Темир Сариев, Азиз Суракматов же Канатбек Исаевдин келери болжонгону коомчулукта бир топ талкууларды жаратты. Азырынча үчөөнүн аты аталууда. Айрым маалыматтар боюнча, күтүүсүздөн дагы бир талапкер чыгары, аны азырынча эч ким этибар албай атканы ыраспы? Жакынкы күндөрү ошол «белгисиз фигура» сыноодон өтсө, аты коомчулукка жарыяланат. Эмесе, ким экенин ачыктабай, күтө туралы, ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1078

УКМК: Атамбаевдин тарапташтары барымтага алган жоокерлер каттуу сабалган

08-август 2019, 14:35 Кызгалдак Жакыпова

УКМК КСДПнын төрагасынын орун басары Фарид Ниязовдун айткандарына жооп берди. «Атайын кызматтын аскерлери Атамбаевдин үйү тарабынан атылган аскер огунан жарадар, алган жараатынан бир аскер ооруканада каза болду. Барымтага алынган аскерлер катуу сабалган. Атамбаевдин тарапташтары тирүү тосмо катары аялдар менен балдарды пайдаланышкан», - деп билдирди УКМК. Белгилей кетсек УКМК бир нече жолу УКМК  Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда желим октор менен атайын каражаттар ...

0 516

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезексиз сессиясы башталды

08-август 2019, 14:19 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн, 8-августта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезексиз сессиясы башталды. Бул тууралуу ЖК Басма-сөз кызматы билдирди.  Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы КР Конституциясынын 77-беренесинин 3-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамдын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна жана 34-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Жогорку Кеңешти кезексиз сессияга чакырган. Аны менен бирге эле "Бир Бол" парламенттик фракциясы Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш ...

0 10492

Света Тойгонбаева, айтымчы: “Үч күндө бийлик менен эки тарап ымалага келбесе, Кыргызстан кооптуу абалга кептелет”

14-август 2019, 14:35 Кызгалдак Жакыпова

Төлгөсү төп келген, көп нерсени алдын ала айткан буга чейин Кой-Ташта мылтыктын үнү угулуп жатканы тууралуу маек берген эле. Так ушул таптарда Света Тойгонбаева NazarNews.kg маалымат агенттиген байланышка чыкты.    --Окуя курчуп кетти. Мен буга чейин Кой-Ташта мылтыктын үнү угулуп жатканын айткан элем. Бийлик 3 күндүн ичинде ыкчам чечим чыгарышы керек. Эгерде тез чечим чыгарбаса ортодо кара күчтөр аркылуу ...

0 208

Сындан башы чыкпаган Жеңиш Разаковго элдин тагдырын тапшыруу өтө кооптуу

08-август 2019, 13:18 Кызгалдак Жакыпова

Күч түзүмдөрүн тейлеген вице-премьер-министр Жеңиш Разаков маселе чечип жүргөнсүп, Кытай элчиси менен жолугушуу кылганын өкмөттөн жарыялашкан. Көп өтпөй Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги Солтон-Сары кениндеги окуя боюнча билдирүү таратышты. Анда кытайлык компаниянын кызматкерлерине олуттуу залал келгени, экономикалык жактан арбын жоготууларга учураганы, о.э. жаңжалды кылдат иликтөөнү, күнөөлүүлөрдүн катаал жазага тартылышын талап кылышкан. Алардын версиясы боюнча, чогулган жергиликтүүлөр комнанияга мыйзамсыз түрдө кирип келишип, ...

0 670

Бегалы Наргозуев: «Атамбаев жарандык согушту баштоонун алдында турат»

08-август 2019, 13:03 Кызгалдак Жакыпова

«Атамбаев, мыйзамды бузду. Бул мамлекеттүүлүгүбүзгө шек келтирди. Мыйзам чегинде жооп бериши керек. Ал жарандык согушту баштоонун алдында турат. Атамбаев кайрадан бийликке келгенче Жээнбеков өзү бийликте турганы жакшы», - деди мурдагы депутат Бегалы Наргозуев, «5-каналга» берген маегинде. Атамбаев өзүнүн жасаган иштерин бирөөгө тжалаа-жаап көнүп алган. Ушуга биздин элита менен эл жол берип келе жатат.  Эске сала кетсек, кечээ 7-августта Кой-Таштагы ...

0 511

Сооронбай Жээнбеков: "Алмазбек Атамбаев мыйзамды одоно түрдө бузду"

08-август 2019, 12:40 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-августта Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү. Мамлекет башчысы «Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарынын талаптарын одоно түрдө четке кагып, тергөө иштерин мыйзам алкагында аткарууга катуу куралдуу каршылык көрсөттү» деп билдирди. Мамлекет башчысы Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө кайрылып, «тез арада чара көрүү зарылдыгына байланыштуу мыйзамдуулукту, өлкөдөгү тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча бардык иш-чараларды аткаруу» керек экенин ...

0 396

УКМК: Социалдык түйүндөрдөгү чакырыктарга эскертүү берди

08-август 2019, 12:31 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстанда Интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу мыйзам бузууга чакырыктар ташталууда. Кырдаалды курчутууга кызыкчылыгы бар айрым адамдардын чагымы уланууда. Эгер алар аныкталса расмий эскертүү берилет. Бул тууралуу маалыматты УКМК басма сөз кызматы билдирди.  Эске сала кетсек, кечээ 7-августта  мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармап кетүү операциясы ишке ашпай, жыйынтыгына бир жоокер каза болду жана 40 тан ашуун адам жаракат алып, милиция ...

0 934

Солтон - Сарыда Аскар Салымбеков менен Аманбай Кайыповдун үлүштөрү барбы?

08-август 2019, 12:27 Кызгалдак Жакыпова

Солтон-Сары кениндеги «Zhong Ji Company» Кыгай тоо-кен компаниясынын ишмердүүлүгү токтоду. Кайсы убакытка чейин экени азырынча маалым эмес. Жүзү кургурдуку десе, азыр бу компаниянын ишмердүүлүгү тууралуу, анын аки - чүкүсүн ар тараптан изилдөөлөр башталып турган кези. Кытайга олчойгон карызыбыз бар. Бу жагынан алып караганда, кыргыз бийлиги күнкарама болуп турган чагы. Бийликтин алты айласы кетип турат. «Өйдө тартса өгүз өлөт, ылдый ...

0 4600

Атамбаев: "Алар үчүнчү кабатка кирип келгенде ок чыгардым"

08-август 2019, 12:19 Кызгалдак Жакыпова

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн тарапташтары менен 16:30 да «Форумга» келет. «Элдин жарымы Ак үйгө, калгандары «Форумга» келет. Алгач биз  «Форумга», андан кийин Ак үйгө барабыз», -деп айтты Алмазбек Атамбаев өзүнүн тарапташтары менен жолугушуусунда. Ага кошумча Атамбаев 8-августта өзүнүн хансарайынын короосунда тарапташтары менен жолугушуп жатып: «Мен бир нече айдан бери куралым бар, ок атам деп айтып келе жатам. Бул ...

0 1234

Мурат Жетимишбаев: «Курман болгон жигиттин убалы баарын уктатпасын»

08-август 2019, 11:51 Кызгалдак Жакыпова

--АШАнын кандай коргонуп жатканы жалпы элге маалым эле. Ошондуктан спецназ мындай кадамга барбаш керек болчу. Бул бийликтин алсыздыгын көрсөткүсү келген АШАчыл командирлердин провокациялык кылган атайын аракети болду. Ушул операцияны уюштургандар накта АШАга жан тарткандар. Негизи биздин спецназ бир айылдын тентектерине каршы тура албай бүт дүйнөгө уят болду. Курман болгон жигиттин убалы баарын уктатпасын. АША дагы кеч боло электе ойлонушу ...

0 1242

Президент Жээнбеков кадр саясатына чоң өзгөрүүлөрдү жасайбы?

08-август 2019, 11:38 Кызгалдак Жакыпова

Сооронбай Жээнбеков эмгек өргүүсүн токтотуп, кечээ Ысык-Көлдөн кайтканын кабарлашты, Солтон-Сарыда чатак башталып, андан соң Кой-Ташта да күч органдары менен Атамбаевдин тарапташтары кагылышты. Тилекке каршы, кадр саясатындагы чабалдыктын айынан жагымсыз көрүнүшкө туш болдук. Бизге жеткен маалыматка караганда, президент Жээнбеков кадр саясатына өзгөчө көңүл бура турганын, бир топ жогорку чиновниктерди алмаштыра турганын эшиттик. Ооба, чечкиндүү кадамдарга барып, жаңылануу багытына түшпөсө абал кыйын ...

0 586

Самат Курманкуловдун абалы оор боюнча

08-август 2019, 11:49 Кызгалдак Жакыпова

Чүй облустук ИИББдин жетекчиси Самат Курманкуловдун башына операция жасалып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган эле. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянсак учурда Самат Курманкуловдун абалы оор боюнча, өзүнө келе элек.  Белгилей кетсек, Курманкуловдун мээси чайкалып, оор жаракат алган. Ага Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда баш сөөктү тешүү (трепанация) жолу менен операция жасалып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.   Белгилей кетсек, 7-августта кечинде Кой-Таш айылында ...

0 3933

Фарид Ниязов: "Бийлик биздин талаптарды аткарган жок, демек, биз, бул жактагы аскерлерди бербейбиз"

08-август 2019, 11:02 Кызгалдак Жакыпова

Учурда Кой-Ташта колго түшкөн күч кызматкерлери бар. «Бийлик биздин талаптарды аткарган жок, демек, биз, бул жактагы аскерлерди бербейбиз. Аларды кое бериш керекпи же керек эмеспи, аны эл чечет. Алардын абалы жакшы», - деди Фарид Ниязов айтты. Эске сала кетсек, Башкы прокуратура 7-августта Кой-Ташта болгон окуя боюнча сотко чейинки тергөө амалдарын баштады. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. Эске сала кетсек кечээ, 7-августта УКМКнын ...

0 664

Кой-Таштагы окуя боюнча кылмыш иши козголду

08-август 2019, 10:49 Кызгалдак Жакыпова

Башкы прокуратура 7-августта Кой-Ташта болгон окуя боюнча сотко чейинки тергөө амалдарын баштады. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. Эске сала кетсек кечээ, 7-августта УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча операция жүрүп жыйынтыгында 40 тан ашуун жаран жаракат алып, бир адам каза таап, милиция кызматкери оор абалда. УКМК ага чейин Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция ...

0 1881

Cаясатчылар Атамбаевдин камалышын талап кылууда

08-август 2019, 10:29 Кызгалдак Жакыпова

Саясатчылар Бекболот Талгарбеков, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Дастан Сарыгулов, Эрнест Карыбеков экс-президент Алмазбек Атамбаевди камакка алууну талап кылышты. Алар ачык кат менен президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышты. «Азыркы президент экс-президенттин кызыкчылыгын коргоп жатат» деп божомолдоп жатабыз. Эмне үчүн Атамбаевге депутаттык комиссия таккан алты айыптын эң башкы күнөөлөрү алынып калган? Бул Атамбаевдин жоопкерчилигин элдин алдында жеңилдетүү максатында президент тарабынан аны жашыруун ...

0 560

Атамбаев жоопко тартылабы же ... баягы эле «Альфачыларбы?»

08-август 2019, 10:07 Кызгалдак Жакыпова

Алмазбек Атамбаевдин жасап жаткан жоруктары эч кандай мыйзамдын алкагына сыйбай калды. Ал ИИМдин суракка үч ирет чакыруусунан баш тартып, 7-августта үйүнө алып кетүү үчүн келген «Альфанын» кызматкерлерине каршы короосуна төгүлгөн таш менен чабуул жасатып, аягында ок чыгарды. Натыйжада бир спецназ окко учуп, «Альфанын» командиринин орун басары Үсөн Ниязбеков да алган жараатынан улам каза тапты. Чүй облустук милициясынын башчысы Самат ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 334

Чүй милициясынын жетекчисинин башына операция жасалды, абалы оор

08-август 2019, 09:54 Кызгалдак Жакыпова

Чүй облустук ИИББдин жетекчиси Самат Курманкуловдун башына операция жасалып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Бул тууралуу Спутник агенттиги жазып чыкты.  Маалыматка ылайык, Курманкулов мээси чайкалып, оор жаракат алган. Ага Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда баш сөөктү тешүү (трепанация) жолу менен операция жасалып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Анын абалы оор экендиги айтылат.

0 511

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүдө

08-август 2019, 09:44 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн, 8-августта, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында КР Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп жатат. Прессанын катышуусуз өтүп жаткан жыйындын күн тартибинде «2019-жылдын 7-августунда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу коопсуздукту жана тартипти камсыздоо» маселеси каралып жатат. Булак: NazarNews.kg

0 1706

Илим Карыпбеков: ‪”Бүт дүйнө жүзүнө шерменде болдук!”

08-август 2019, 02:13 Кызгалдак Жакыпова

Учурда Кой-Таштагы Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн жанындагы жолду торолгон. Укук коргоо органдарынан эл басымдуулук кылат. Тилекке каршы атайын бөлүктүн аскери октон каза тапса, дагы 40 дан ашуун киши жарадар болгон. Илим Карыпбеков, «‪Бүт дүйнө жүзүнө шерменде болдук!» деген пикирин Фейсбук баракчасына жазып калтырды. Чын эле алакандай кыргыз эли тытышып дүйнө жүзүнө шерменде болдук.   Учурда түз эфирден Атамбаевдин короосундагы адамдардан курал ...

0 3078

ИИМдин орун басары Курсан Асанов Кой-Ташка барды

08-август 2019, 01:40 Кызгалдак Жакыпова

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармоо операциясы жүрүп жаткан жерге Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов барды. Курсан Асановдун Равшан Жээнбековго, «Равшан, сен өзүң айтып жүргөнсүңбаары мыйзам чегинде болуш керек» деп айтты.   Учурда Кой-Таштагы Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн жанындагы жолду торолгон. Укук коргоо органдарынан эл басымдуулук кылат. Тилекке каршы атайын бөлүктүн аскери октон каза тапса, дагы 36 ...

0 499

Бишкек шаардык мээриясы шаардык тургундарга чукул кайрылуу жасады

08-август 2019, 01:24 Кызгалдак Жакыпова

Урматтуу шаардыктар! Баш калаабызда абал тынч жана туруктуу. Учурда муниципалитетте мэр А.Суракматовдун жетекчилиги алдында борбор калаабыздагы коомдук-саясий абал боюнча вице-мэрлер, район акимдери менен чогулуш болуп өттү. Район жетекчилери укук коргоо органдары менен биргеликте иш ордунда болуп, өз аймагындагы абалга көзөмөл салууда. Өтүнүч, провакацияга алдырбай, тынчтыкты сактап, кооптуу учурларга күбө болсоңуздар. Бишкек шаарынын ички Иштер Башкармалыгынын ...

0 3210

ЧУКУЛ КАБАР: Президент Сооронбай Жээнбеков 8-августта Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт

08-август 2019, 00:55 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 7-августта өзүнүн кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн токтотуп, Бишкек шаарына жөнөп кеткен. Мамлекет башчысы азыр Бишкек шаарында. 8-августта, эртең менен Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт. Булак: NazarNews.kg

0 1089

Кой-Ташта укук коргоо органынын башына таш тийип жарадар болду

08-август 2019, 00:48 Кызгалдак Жакыпова

Кой-Ташта кырдаал курчуду. Укук коргоо кызматкерлери аз санда. Элдин саны укук коргоо органдарынан басымдуулук кылат.  Түз эфирди алып бара жаткан Мелис Аспеков милиция кызматкеринин башына таш тийип жарадар болгону көрсөттү. Ага кошумча укук коргоо органдары элдер менен карама-каршылыкка барбоого аракет кылып жаткандыгын маалымдады. Тасмадан элдердин кызуу кандуулукка алдырып жаткандыгын көрүүгө болот.   Белгилей кетсек УКМК мурдагы президент Алмазбек ...

0 1870

Бектур Асанов: "Бийлик бүгүн түнү менен Атамбаевди кармап, камашы керек"

08-август 2019, 00:27 Кызгалдак Жакыпова

Саясатчы Бектур Асанов Кой-Таштагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо Атамбаевдин тарапташтырынын колуна өтүп кетишине жол бербеш керек экендигин билдирди. --Учурда социалдык тармактарда элдер атайын кызматтардын куралын эл тартып алды деп тарады. Мындай болбошу керек. Саясый кырдаалды токтотуш зарыл. Албетте бүгүн түнү менен Алмазбек Атамбаевди кармап, камашы керек. Болбосо бийликтин кадыры өтө төмөн түшүп кетет. Болбосо таң атпай чоң өзгөрүүлөр ...

0 309

УКМК: Элге атайын ок атылган жок

08-август 2019, 00:17 Кызгалдак Жакыпова

УКМК мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында атайын күч кызматкерлери жай тургундарга ок атышканы тууралуу сөздөр Андан сырткары чагымчыл, жалган маалыматтарды тараткандар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылаарын эскертти. Ага кошумча атайын даярдыктагы күч кызматкерлери желим ок колдонгонун, ал эми үй жактан аскердик ок атылганын кайрадан билдирди. УКМК мындан бир нече саат мурун дагы УКМК ...

0 3258

Кылычбек Султан Кой-Таштагы катардагы жарандар куралданганын тастыктады

07-август 2019, 23:52 Кызгалдак Жакыпова

Так ушул таптарда Кылычбек Султан “Апрель” телеканалына маек берип, Кылычбек Султан Кой-Таштагы катардагы жарандар куралданганын тастыктады. --Бийлик эл менен диологго барып ызы-чууну токтотуш керек. Кан төгүлдү. Кой-Таштагы элдер дагы куралданган, деп билдирди. УКМК Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатканын ырастады. УКМКнын атайын дайындалган күчтөрү тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча ...

0 1416

Кой-Таштагы катардагы жарандар дагы куралданган

07-август 2019, 23:42 Кызгалдак Жакыпова

Учурда Кой-Ташта интернет түйүнү начар болуп жаткандыгына байланыштуу маалымат алуу начарлады. Караңгыда эмне өрттөнүп жатканы экени белгисиз, короонун ичинде өрт жанданды. УКМК Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатканын ырастады. УКМКнын атайын дайындалган күчтөрү тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатат. Операция маалында атайын багыттагы аскерлер тарабынан согуштук курал колдонулган ...

0 987

Абдил Сегизбаев атайын операция учурунда жаракат алды

07-август 2019, 23:33 Кызгалдак Жакыпова

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев Кой-Таштагы атайын операция учурунда жаракат алды. Бул маалыматты анын жанында жүргөндөр "Азаттык" радиосуна ырастады. - Ооруканадан биринчи жардам көрсөтүлүп, рентгенден өткөнү жатат. Алгачкы жардамды алды. Өзү чурайына желим ок тийгенин айтып жатат, - деди анын жанындагы адам. Эске сала кетсек, ИИМ Атамбаевди 8-июлдан бери Азиз Батукаевдин 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн ...

0 723

Алмамбет Шыкмаматов: “Парламент эртең чукул жыйынга чогулушу керек”

07-август 2019, 23:16 Кызгалдак Жакыпова

Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов: - Мүнөт сайын абал курчуп баратат. Парламент эртең чукул жыйынга чогулушу керек. Солтон-Сарыдагы абалды, Кой-Таштагы жарадар болгон жарандардын абалын талкуулаш керек. Төрагага кайрылып, эртең чогулуш керек. Керек болсо, президент, өкмөт чогулуш керек, - деди «Азаттыкка» Ушул тапта эки тарап кагылышууда. Электр жарыктары жана интернет өчүрүлдү.     УКМК Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп ...

0 830

Мурдагы президенттин кызы Алия Шагиева атасы Кой-Ташта экенин ырастады

07-август 2019, 22:41 Кызгалдак Жакыпова

Алмазбек Атамбаев учурда Кой-Ташта. Бул тууралуу мурдагы президенттин кызы Алия Шагиева “Апрель” телеканалына билдирди. Журналист Мирбек Айтикеев: «Атамбаев кармалган жок, ушакка ишенбегиле» деп «Фейсбук» барагына жазды.   УКМК Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатканын ырастады. «УКМКнын атайын дайындалган күчтөрү тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатат. Операция маалында атайын ...

0 1434

Президент Сооронбай Жээнбеков кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн токтотуп, Бишкекке жөнөдү

07-август 2019, 22:21 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-августта, бир жумалык кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн токтотуп, Бишкекке жөнөдү. Эске салсак, Мамлекет башчысы эмгек өргүүсүнө 5-августта чыккан. Булак: NazarNews.kg

0 402

Атамбаевдин үйүндө Кой-Ташта өрт башталды

07-август 2019, 22:19 Кызгалдак Жакыпова

Кой-Ташта боз үйгө атайын аскерлер кирип барды. Бул тууралуу “Апрель” телеканалына жергиликтүлөр кабарлаган. Учурда интернет түйүнү начар болуп жаткандыгына байланыштуу маалымат алуу начарлады. Караңгыда эмне өрттөнүп жатканы экени белгисиз, короонун ичинде өрт жанданды. Саламаттык сактоо министрлигинен саат 21:20га алынган маалымат боюнча Чүй облустук ооруканасына Кой-Таш айылынан төшүнө желим ок тийген эки адам жаткырылганын “Азаттыкка” кабарлаган.

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1162

Кой-Ташта электр жарыгы өчүрүлдү

07-август 2019, 22:01 Кызгалдак Жакыпова

Саламаттык сактоо министрлигинен саат 21:20га алынган маалымат боюнча Чүй облустук ооруканасына Кой-Таш айылынан төшүнө желим ок тийген эки адам жаткырылды. Министрлик алардын абалын анча оор эмес деп баалады. Учурда аларга медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. "Азаттыктын" кабарчысынын айтымында, төрт "Тез жардам" кызматынын автоунаасы келип, бирок жолдон өтө албай турат. Бул тууралуу “Азаттык” жазып чыкты.

0 517

УКМК: Жоокерлер желим октор менен гана жабдылган...

07-август 2019, 21:39 Кызгалдак Жакыпова

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатканын ырастады. “УКМКнын атайын дайындалган күчтөрү тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатат. Операция маалында атайын багыттагы аскерлер тарабынан согуштук курал колдонулган жок. Жоокерлер желим октор менен гана жабдылган. Учурда операция уланып жатат”, - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83