www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саясат
0 1586

Фарид Ниязов: "Атышуудан 4 адам жараат алды"

07-август 2019, 21:22 Кызгалдак Жакыпова

Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСПД) төрагасынын орун басары Фарид Ниязов билдирди. Анын айтымында, Атамбаев өзү үйүнүн ичинде, атайын даярдыктагы күч кызматкерлери ал жакка кирүүгө аракет кылууда. Атамбаевдин 200дөн ашык тарапкерлери чогулуп турушат жана алар бушайман. «Атышуудан 4 адам жараат алган жана аларга «Тез жардам» киргизилбей, ооруканага жеткирүүгө уруксат берилди» деди Ниязов "Азаттыка". Учурда, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ...

0 11969

Кой-Таштан Атамбаевди алып кетишти

07-август 2019, 21:07 Кызгалдак Жакыпова

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйү жайгашкан Чүйдөгү Кой-Таш айылында атайын бөлүктүн аскерлери киргенде бир канча адам жарадар болду.  Дмитрий Ложниковдун айтымында “Атамбаевдин үйүндө турам. Элдер кыйкырып жатат. Короодо 400-500гө жакын киши бар. Элдердин колунда таштар бар. Атамбаевдин тарапташтарына желим ок атылып жатат. Азырынча канча киши жарадар белгисиз”, деди. Андан сырткары “Азаттыктын” журналисти бир нече адамдар жарадар болгонун ...

0 2591

Кой-Ташта Атамбаевдин үйүндө Мискенбаев жараланды

07-август 2019, 20:40 Кызгалдак Жакыпова

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйү жайгашкан Чүйдөгү Кой-Таш айылында атайын бөлүктүн аскерлери киргенде бир канча адам жарадар болду. Мирбек Айтикеев «Фейсбукта» түз эфирде көрсөттүп жатат. Партиянын юристи, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нурбек Касымбеков аскерлердин тепкисинде калганын айтты. Ал бети-башы шишиген абалда түз эфирде сүйлөдү. Экс-депутат Мээрбек Мискенбаев да жараат алды. Дагы бир адам колунан, бири ...

0 73

Шаикова Шадиевдин жолун жолдодубу?

07-август 2019, 20:04 Кызгалдак Жакыпова

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку башчысы Алина Шаикованын ишинде мандем бар экендигин анын жүрүм - турумун жакшы билгендер бул кызматка дайындалганда эле эскертишкен болчу. Анткени ал айым экс-президенттин амири менен аталган кызматты кыска аралыкта жетектеп, жомоктогудай байып кеткен. Бирок коомчулукта ызы-чуу чыкканда ал хансарайларынын баардыгын ата-энеси, туугандарына тиешелүү деп документ тууралап, суудан кургак чыгып кутулган. Анан жаңы бийлик деле Кыргызстанда ...

0 216

Зилалиев жетекчи болуп турганда 1 542 лицензия берилген

07-август 2019, 19:26 Кызгалдак Жакыпова

Дүйшөнбек Зилалиев 2013-жылдын 25-июлунан 2017-жылдын 25-августуна чейин Геология агенттигин, кийин кайтадан түзүлгөн Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетин жетектеген. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин сайтындагы маалымат боюнча Зилалиев жетекчи болуп турганда жалпысынан 1542 лицензия берилген. Алардын ичинен: Кенди иштетүүгө — 678; Чалгындоого — 678; Кен байлыктарды издөөгө — 183; Жыйноого — 10 (минералдык, коммерциялык ...

0 1338

Улукбек Маматаев: “Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өлкөнү “окко” дагы “бокко” дагы чылап кетти”

07-август 2019, 19:21 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстандагы саясый кырдаал туруктуу эмес. Эки үлкөндүн тиреши деп айтылганы менен “Кой-Таш Эл Республикасынын негиздөөчүсү”, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ойду-тоону сүйлөгөнү токтобой кошуна мамлекеттерге шылдың болдук да калдык. Тилекке каршы кечээги Солтон-Сарыда болуп өткөн окуя дагы эл аралык мамилеге кедергисин тийгизип койду.  Ал тургай буга чейин тепсе термелбеген Кытай, бийликке коңгуроо кагып, бийлик тарапка күнөөлүүлөрдү жазалоо керек экендигин айтты. ...

0 259

Чолпонбек Абыкеев, коомдук ишмер: “Солтон-Сары боюнча Атамбаев менен Зилалиевди аеосуз таш бараңга алыш керек”

07-август 2019, 19:00 Кызгалдак Жакыпова

Маселени терең ойлонолучу. Мисалга кыргыздар да көптөгөн чет өлкөлөрдө мигрант болуп иштеп жүрүшөт. Арасында ар кандай ишкана ачып, түрлүү курулуш куруп иштеткендери да бар. Анан эле бир күнү ошол аймактагы жергиликтүү эл чогулуп келишип аларды ташка алып кууп жиберишсе, баштаган иштери калып, техникалары бүт талкаланса, канча чыгымга батып банкрот болушуп күйүшсө жакшы болобу? Ошол кыргыздар эмне дейт эле? Абалдары кандай ...

0 182

УКМК менен ИИМ “фейктерди” качан көзөмөлгө алат?

07-август 2019, 18:43 Кызгалдак Жакыпова

Учурда Кыргызстанда маалыматтык майдан согушу жана фейктердин күрөшү күч алды. Алсак, айрыкча Фейсбук тармагында баатырлардын атына жамынып же болбосо ар кандай сүрөттөрдү коюп атын өзгөрткөн жарандар түндүк-түштүк маселесин көтөрүп чыгууда. Алсак, Руслан Жусубалиев аттуу жаран жашыруун ат менен “Саткын Сооронбай Жээнбеков “Кытай требует” деп, эле Нарын элин куугунтуктап кирет. Спецназ жиберип аттырат элди. Нарын элим, атчандар көп ...

0 87

"Коопсуз шаар" долбооруна 6 миллиардга жакын акча кетет

07-август 2019, 18:23 Кызгалдак Жакыпова

Мамлекеттик байланыш комитети "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу үчүн 23-августка чейин сынак жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча департаментте бул долбоорду ишке ашырууга 5 млрд. 791 млн. 764 миң 960 сом каралганы айтылат. Тендерге азырынча 4 компания ат салышары айтылган. Алардын бири бул долбоордун 1-этабын ишке ашырган орусиялык "Вега" компаниясы, - дейт Багыт.kg гезити. Булак: NazarNews.kg

0 138

Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик жана гранттык макулдашуулар ратификацияланды

07-август 2019, 17:50 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 31-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктарга суу ресурстарынын туруктуулугун күчөтүү“ долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктарга суу ресурстарынын туруктуулугун күчөтүү" долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Мыйзамга кол койду. Мыйзам Кыргыз ...

0 113

Алтынай Өмүрбекова: "Мамлекет аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн жеке бала бакчалардын жарым баасын төлөп берет"

07-август 2019, 17:49 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүбекова Мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө мамлекеттик социалдык буйрутма программасын, ошондой эле Бала бакчаларды куруу жаатында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрдү. Бул маалымат тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. «Бүгүнкү күнү балдардын 40% гана мектепке чейинки билим берүү менен камтылган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасына ылайык 2023-жылга карата бул көрсөткүч 80%ды ...

0 699

БАКИЕВдин тасмасына сарасеп: УКМК Конституцияга каршы иш кылса, АШАчылар аша чаап кетишти

07-август 2019, 17:26 Кызгалдак Жакыпова

7-апрель төңкөрүшү менен бийликтен оодарылган Курманбек Бакиевдин 70 жылдык юбилейине карата даярдалган видеотасманы эфирден көрсөткөн “NEW TV” жана “NUR TV” аттуу телеканалдарга асылгандар көп болуп, УКМК эки телеканалга расмий эскертүү берди.  Атайын кызмат “NEW TV” телеканалынын директору Нурланбек Шакиев менен “NUR TV” телеканалынын директору Бекболот Келдибековду чакырып, чагымчылдык мүнөздөгү видеоматериалдарды таратууда этият болууну эскерткен.  Мен ушул эки каналдан көрсөтүлгөн ...

0 137

Нарын облусунда абал туруктуу, эч кандай жол жабуу болгон жок

07-август 2019, 17:21 Кызгалдак Жакыпова

Солтон-Сары кениндеги «Zhong Ji Mining Company» тоо-кен компаниясынын ишин токтотуу талабы менен чогулган элдин жүйөлөрүн угуп, бул маселени жеринде чечүү үчүн биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жана тиешелүү кызматтын өкүлдөрү аталган аймакка барышкан. Бул маалымат тууралуу  Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. Эки тараптуу сүйлөшүүдөн соң, талаптар угулуп, компания бир ай ...

0 1053

НОТА: Бакиевди куттуктаганы үчүн ТИМ Беларусь элчисин чакырып урушту?

07-август 2019, 16:40 Кызгалдак Жакыпова

КРдин Тышкы иштер министрлигине Беларусь Республикасынын Элчилигинин Ыйгарым укуктуу элчиси кызматын убактылуу аткарып жаткан С.Иванов чакыртылып, нота тапшырылды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Ивановдун ТИМге чакыртылышына Беларусь президенти Лукашенко КРнын мурдагы президенти Курманбек Бакиевди 70 жашка чыгышы менен куттуктап, белек бергендиги себеп болгон. Жолугушууда ТИМ тарабынан нота тапшырылып, КРде кылмыш иши козголгон Бакиевди ...

0 449

Премьерге аңчылык жанданды

07-август 2019, 15:31 Кызгалдак Жакыпова

Мухаммедкалый Абылгазиевдин позициясына айлана - чөйрөнү коргоо Агенттигинин башчысы Абдыкалык Рустамовдун камакка алынышы олуттуу сокку урду. Бул аткаминер эчактан эле бирди көргөнү калган эле, ага коомчулуктун да, укук коргоо органдарынын да бере турган суроолору көбөйүп кеткен. Бирок дайыма суудан кургак чыгып кетип жүрдү дегендей. Аны колдогон башкы кожосу так ушу өкмөт башы Абылгазиев болчу, Абылгазиев аны тээ Сооронбай Жээнбековдун өкмөтүндө ...

07-август 2019, 15:31 | 449
0 146

"Кыргыз темир жолунун" темпи катуулай баштадыбы?

07-август 2019, 15:10 Кызгалдак Жакыпова

Буга чейин коррупциялашып кеткен "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы акырындык менен жанданып жаткандай. Өнүгүүгө, өсүүгө карай багытталган кадамдар байкала баштады. Береги маалымат да мына ошол маселеге багытталып турат. Мамлекеттик сатып алуу порталындагы маалыматка ылайык, «Кыргыз темир жолу» ишканасы тепловоздорго тетиктерди сатып алуу үчүн тендер жарыялаганы маалым болду.Тендердин шартына ылайык, тетиктер 7 млн. 150 миң сомго сатып алынышы керек. Тендерге ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 316

Мыйзамды оюнчук көрүп, чатак чыгарылары келип жатышабы?

07-август 2019, 14:15 Кызгалдак Жакыпова

АШАнын адвокаты Сергей Слесарев акыркы билдирүүсүндө Жогорку Кенештин ушул жылдын 15-майындагы "Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамына өзгөрүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамы, парламенттин ушул жылдын 27 - июнундагы экс-президент А.Атамбаевден кол тийбестикти алуу жөнүндө чечими "легитимсиз" болгондуктан, "АШАны суракка чакырган мыйзамсыз, демек ал ИИМдин тергөө башкармалыгынын сурагына барбайт, кат жүзүндөгү суроолорго кат жүзүндө гана жооп бериши мүмкүн" - деп билдирди. АШАнын ...

0 224

Кой-Таштагы балбал таштар боюнча да Атамбаевдин жоопкерчилиги каралсын!

07-август 2019, 13:26 Кызгалдак Жакыпова

Тарыхтын кайсы бир мезгилинен, кыргыз элинин жашоо-турмушунан маалымат берип, тарыхый эстеликтер катары эсептелген балбал таш – таш айкелдердин тарых үчүн мааниси чоң. Өлкөбүздүн аймагынан ар кайсы учурларда табылган балбал таштар тарыхый баалуулук катары тарыхыбыздын, басып өткөн жолубуздун кемтиктерин толуктап, тарых барактарын байытууда зор булак болуп келет. Тилекке каршы, бул жаатта акыркы жылдары чоң көйгөй жаралды. Жакында тарыхчы-археолог Кубатбек Табалдыев ...

0 244

Эмилбек Каптагаев: "Солтон - Сарыдагы чыр да АШАга барып такалат!"

07-август 2019, 14:11 Кызгалдак Жакыпова

Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев Солтон-Сарыдагы чатак тууралуу пикирин билдирип, ал жерден экс-президент А.Атамбаевдин байланышын таап чыкты. "Бизде "мамлекеттик менчик" деген "ээси жок мүлк" дегенди эле билдирип калганын, Атамбаевдин бийлиги учурунда Зилалиев сыяктуу "мыкчыгерди" дайындап коюп кен байлыктарга лицензия берүү иши ири коррупцияга айланып кеткенин маюнга алуусу керек өкмөт, ошондон тыянак чыгаруу да талап кылынат. Акаев-Бакиев заманындагы башаламандыкты ...

0 334

ЖЭБ боюнча сотко суракка барган Иманалиев Исаковду күнөөлөдү

07-август 2019, 12:26 Кызгалдак Жакыпова

Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) чырына көп болду. Ага кылмыш иши быйыл кышында (18-февралда) башталып, күнөөлүүлөрдүн иши сотто карала баштаган. ЖЭБди модернизациялоого байланыштуу козголгон иш Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралып жатат. Жогорку кызматтагы эң көп адам камакка алынып, 386 миллион долларлык ири насыянын айланасында сөз болууда. Бүгүн да сот отуруму болуп, буга чейин аты аталып келген депутат Каныбек ...

0 97

"Электр станцияларындагы" тууганчыл саясат

07-август 2019, 12:20 Кызгалдак Жакыпова

"Электрдик станциялар" ААКсында башкы директордун милдетин убактылуу аткарып жаткан Аскаралы Кайбалиев кызматка 13 тууганын алганын, анын арасында жубайы жана уулу да бар экенин коомдук ишмер Расул Умбеталиев айтып чыкты. Расул Умбеталиев президент Жээнбекова билдирүүлөрүндө үй - бүлөлү - кландык башкаруу менен күрөшө турганын бир нече жолу белгилегенин эске салып, Кыргызстандын энергетикалык тармагында "кылмыш - мафиялык - аймактык - үй ...

0 144

УКМК "уйкусунан" ойгонуп, Шаикованы издеп баштады

07-август 2019, 11:51 Кызгалдак Жакыпова

Мындан бир жума мурун Мамлекеттик катоо кызматынын мурунку төрайымы Алина Шаикованын Кыргызстандан качып кеткенин ишенимдүү булактарга таянуу менен жазып чыкканбыз. УКМК болсо Шаикова 5-августка чейин суракка келбесе, издөө жарыялар турганын эки-үч кун мурун билдирген. Кыскасы, Шаикова шапар тээп, Шадиевдин, Табалдиевдин ыкмасы менен эчак зуу койгондон кийин издеп, сыйпалап таппай калмай, «өнөрүн» көрсөтүп олтурат. Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку төрайымы ушул жылдын апрель ...

0 191

Нарындын губернатору Кайыпов кызматынан кетеби?

07-август 2019, 11:08 Кызгалдак Жакыпова

Бул тууралуу айрым булактар өздөрүнүн ишенимдүү адамына таянып жазып чыгышты. Алардын айтымында, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповдун Солтон-Сарыдагы чырга байланыштуу кызматтан кетишин калк талап кыла баштаган. Анткени ал элдин таламын талашпай, Өкмөттү ыктап, калктын ден соолугунан да алтынды тандап жатканына калктын кыжыры келүүдө. Аманбай Кайыпов 2013-жылы декабрь айында Нарынга өкүл болуп дайындалган. Эскерте кетсек, 3-августта Солтон-Сарыда ...

0 1124

Ким кимди саткан, же Атамбаевдин сан жеткис саткынчылыгы...Атамбаевдин "ыйлаак" элитасы

07-август 2019, 11:17 Кызгалдак Жакыпова

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун дарегине «Мени сатып кетти» деп айтып келет. Анын маалыматчылары да «С. Жээнбеков досу А. Атамбаевди сатып кетти, досун саткан адамдан эмнени күтсө болот?» деген маанайдагы маалыматтык чабуул жасап келе жатышканы белгилүү.  Мына ушундан улам чындыгында ким кимди сатып кеткенин анализдеп көргөнүбүз туура болот. Буга чейин АША өткөргөн митингдердин биринде «Манасты кыргыздар ...

0 114

Бийлик салык чогултууга басым жасамай болду

07-август 2019, 11:01 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстанда быйылкы жылдын биринчи жарымында салык пландан аз чогулганы маалым болду. Быйыл алгачкы алты айда 38 миллиард 238 миллион сом салык жана төлөм чогултулган. План 96,2 пайызга аткарылып, салык пландалгандан 1 млрд. 517,4 млн. сомго аз жыйналган. Бирок бул көрсөткүч былтыркы жылдын биринчи жарымына салыштырганда 725 миллион сомго көп. Салыкты талапка ылайык чогулта албаган шаар жана аймактар: Бишкек шаары ...

0 206

УКМК: Латвиянын укук коргоо органдары тарабынан Д.Зилалиевдин жубайына жана балдарына карата акчанын изин жашыруу фактысы боюнча кылмыш-иши козголду

07-август 2019, 11:07 Кызгалдак Жакыпова

Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча Д.Зилалиевге карата козголгон кылмыш-иштин алкагында Латвия укук коргоо органдары тарабынан Д.Зилалиевдин жубайына жана балдарына карата Латвия Кылмыш-жаза кодексинин 195-беренеси, акчанын изин жашыруу боюнча кылмыш-иши козголгондугу тууралуу маалым болду. Бул тууралуу  маалыматты УКМКнын басма-сөз кызматы билдирди.  Бул кылмыш-иши Латвия Каржылык чалгандоо кызматынан алынган маалыматтардын негизинде козголгон. Рига шаарынын Интерпол Улуттук борбордук бюросунун маалыматына ылайык, Д.Зилалиевдин жубайы ...

0 1221

”Койташ элдик республикасынын президенти” баары-бир камалат...

07-август 2019, 10:37 Кызгалдак Жакыпова

Ички иштер министрлиги Дача-СУ конушуна кулаган учактан уюлдук телефондорду алып алышкан деп Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине кылмыш ишин козголупа, шектүү катары саналган ӨКМдин алты кызматкерине өлкөдөн чыгууга тыюу салынды. Айрым такталбаган маалыматтарга таяна турган болсок жакынкы Да-СУдагы болуп өткөн кырсыкка кылмыш ишинин биринчи кадамынын ачылышы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен аякташы мүмкүн. Андыктан Атамбаев өзү айткандай ”Койташ элдик республикасынын ...

0 108

Өкмөт эми кафе, ресторандарга өкүртө салык төлөтөбү?

07-август 2019, 10:38 Кызгалдак Жакыпова

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик салык кызматында өткөн жыйында ресторан, кафе сыяктуу тейлөө жайларына карата салык саясатын өзгөртүүнү сунуш кылды. Өкмөт башчы өз сөзүндө буларды айтты: "Өлкөдө 247 миң салык төлөөчү бар. Ошонун 2145и чоң бизнестегилер. 2323ү орто бизнес. Ал эми 242 кичи бизнес. Алар - тейлөө, соода түйүндөрү, ресторан, кафе жана ушул багытта иштегендер. Карап көрсөк 2145 ири бизнес ...

0 223

Чолпон Жакыпова: "Атамбаев эмнеге күбө катары сурак берүүдөн коркуп атат?"

07-август 2019, 10:17 Кызгалдак Жакыпова

-Алмаз Шаршенович өзү бир канча жолу мыйзамдарды бузган. Ошондуктан анын бүгүн мыйзамдарга баш ийбей жатканына тан калган деле жокмун. Мыйзамдардагы карама-каршылыктар турмушта негативдерге, саясий кесепеттерге, жакшы нерселерге алып бара турганына күбө болуп келатабыз. Балким, Атамбаев акыры жигитчилик кылып мыйзамдардын талаптарына баш ийип, күч органдарына барып сурак берер. Бүгүнкү системаны түптөгөн өзү эмеспи, дайыма, биз укуктук мамлекетпиз, мыйзамдарга баш ийишибиз керек деп кайталап келген да ...

0 541

Министр Эркинбек Чодуев менен Анаранын кандай мамилеси бар?

07-август 2019, 10:03 Кызгалдак Жакыпова

Айыл чарба министрлигинде эл аралык жанжал чыкканы турат. Бул туурасында социалдык тармак колдонуучулары жазып чыгышты. Aidana Asanovna аттуу колдонуучунун айтымында, Кытай тарап жакында өтө турчу эл аралык жармаңкеге Айыл-чарба министрлигинен бир өкүл чакырып, анын чыгымдарын төлөп бермек болот. Болгону - бара турган адам министрдин орун басары рангынан ылдыйкы кызматта турбаш керек. "Дал ушул жерде Чодуев "өз кишисин" жөнөтүү аракетин кылды. ...

0 1546

Алмазбек Акматалиев: «Солтон-Сары молдокелер айткан 3 жолу талак менен эле чечилбейт, 7 өлчөп, 1 кесиш керек»

06-август 2019, 20:10 Кызгалдак Жакыпова

Нарындагы Солтон-Сарыдагы ызы-чуудан кийин социалдык тармакта пикир жазбаган инсан калган жок. Ошол эле учурда бийликке ыктаган саясатчылардын пикирин аңдыгандарда болбой койгон жок. Саясатчылардын катарын толуктаган Алмазбек Акматалиевдин короосуна дагы таш ыргытылып, ыргытылган ташты Алмазбек Акматалиев тосуп алып, жооп берди. --Фейсбуктагы көп достор жана анча дос эместер да Солтон-Сары боюнча менин пикириме кызыгып жатышат. Мен тоо кен тармагы боюнча адис ...

0 517

Жерди пайдалануу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

06-август 2019, 17:51 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Жерди пайдалануу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 20-июнунда кабыл алынган. Мыйзамдын максаты байланыш курулмаларын жайгаштыруу үчүн жер участокторун алуу жана аны жөнөкөйлөтүү тартиби менен байланышкан учурдагы көйгөйлөрдү чечүү болуп саналат. Бүгүнкү күндө маалыматташтыруу чөйрөсүндөгү жана электр байланыш тармагындагы башка ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 201

Абылгазиев Солтон-Сары кениндеги кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү

06-август 2019, 17:17 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусунда жайгашкан Солтон-Сары кениндеги кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү. Бул маалымат тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин Солтон-Сары кенине жакын жерде болгон окуя жана коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматы угулду. Өкмөт башчы окуянын бардык жагдайларын тыкыр тактап, ...

0 3067

Бейшенбек Бекешов: "АШАнын аёсуз жазаланышы үчүн өлбөгөн жерде калам"

06-август 2019, 16:49 Кызгалдак Жакыпова

АША ар бирибиз үчүн сыноо Жер ээн болсо доңуз төбөгө чыгат дейт кыргыз. АШАны колдоп, коргоп жаткандардын АШАнын өзүндөй эле улам күчөп, азынап баратканы акыл-эси жайында деген элдин башы чатына кирип унчукпай жатканынан гана болууда. Ошентсе да унчукпоонун башкы себеби бул иштин баарын бийлик жөнгө салууга тийиш деген илгери үмүттө. Бийлик принципсиздигин көрсөтсө гана элдин үнү чындап ...

0 1973

Медербек Шерметалиев: "20 кытай ооруканага түшүптүр. Келген инвестордун башы көзүн талкалап качыра берсек, бизге ким келет"

06-август 2019, 15:59 Кызгалдак Жакыпова

--20 кытай ооруканага түшүптүр. Келген инвестордун башы көзүн талкалап качыра берсек, бизге ким келет дейм да. Анан эле инвестор издегенибиз бир укмуш. Чындыгын айтканда Солтон-Сарыдагы чырда Кытайларды күнөөлөп болбойт. Себеби алар бизди бастырып кирип алтын казып жаткан жери жок. Лицензия алып, мыйзамдагы баардык жол жоболордон өтүп анан өндүрүшкө өтүп иш баштаган кадимки эле компания. Эл болсо жайытын талашып жан ...

0 928

Чолпон-Ата шаарынын тургундары президент Сооронбай Жээнбеков менен Мухаммедкалый Абулгазиевге Кайрылуу жасашты

06-август 2019, 16:00 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков 2019-жылы 11-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында мекендештерине жана депутаттарга кайрылып жатып минтип баса белгилеп айткан: "Мамлекеттик органдардын бизнеске мамилеси оңолмоюнча элдин бийликке болгон ишеними болбойт. Ошондуктан мен дагы бир жолу кайталап айтам, бизнести негизсиз текшерүү жана алардын ишине кийлигишүү токтош керек." Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ЖИА бизнес-ассоциациясынын мүчөлөрү менен жолугушуп жатканда "Мамлекет бизнестен көз каранды экенин ...

0 1872

Камчыбек Ташиев: "Бийликте олтургандарга айта берип тил тешилди"

06-август 2019, 14:59 Кызгалдак Жакыпова

Саясатчы Камчыбек Ташиев Солтон-Сарыдагы окуя тууралуу пикирин жарыя кылды. Төмөндө Камчыбек ташиевдин пикири толугу менен: Урматтуу эл-журт! Солтон-Сарыда болгон окуяга унчукпай, билмексен болуп кайдыгер карап олтуруу мүмкүн эмес. Өзүмдүн жеке ой-пикиримди төмөндөгү пункттар менен жарыя кыламын; 1.Мамлекетибиздин территориясында иштеген инвесторлордун жасаган жумуштары мамлекеттин мыйзамдарына же элдин кызыкчылыгына төп келиш керек, андай болбосо биздин өлкөдө иштөөгө тыюу салынат! 2.Кыргызстандагы көптөгөн ...

0 1307

Кыргызстандын тагдырын оорулуу адамга тапшырып берген УӨ мүчөлөрүнүн баары «жиндиби?»

06-август 2019, 14:17 Кызгалдак Жакыпова

«Мен республикада бирден-бир 92 жаштагы аксакал катары өз оюмду айтайын. Мен Сооронбай экөөнү көп жылдардан бери билем. Алмаз Атамбаевден баштайын. Алмазды көп жылдардан бери билем, чогуу депутат болгондон тартып. Экөөбүз сен-мен деп көрүшкөн эмеспиз. Бири-бирибизге мамилебиз түзүк эле. Мени Мамбет ава деп, мен Алмазчик деген сөздөн башка сөз жок эле», деген пикирин жергиликтүү «Билип ал» сайтына берген. Ага кошумча, ...

0 252

Солтон Сары: Лицензия Атамбаевдин убагында, Зилалиевдин колу менен берилген

06-август 2019, 12:29 Кызгалдак Жакыпова

Нарын облусунун Солтон-Сары кенинен анча алыс эмес жайгашкан үч айылдын тургундары кой-козунун жапырт кырылып жатканын билдиришип, алтын кенин иштеткен кытайлык «Zhong Ji Mining Company» кытай-кыргыз ишканасы ишин токтотсун» деген талап коюп жатышат. Мындай абал адаттагыдай эле интернеттеги социалдык-байланыш тармактарында кызуу талкууланып жатат. Өлгөн койлорду жергиликтүү эл кытайлык ишкананын ишмердүүлүгүнө байланыштырууда. Иштин чоо-жайын аныктоо үчүн атайын комиссия дагы түзүлгөн. Ага ...

0 474

Жазгүл Исмаилова: «Бийликтегилер эсиңерге келгиле, Атамбаев эмнеге камалбай өз алдынча мамлекет түзүп олтурат?»

06-август 2019, 12:22 Кызгалдак Жакыпова

Ата-бабалардан калган Кыргызстандын бүгүнкү күндө ушундай акыбалда калышы ата-бабалардын астында кечирилгис күнөө. Эл ишенген ажоолорубуз эл алдында алым сабак айтышып турса элдин эми бийликке болгон ишеними таптакыр жоголду го десек болот. Илгери эл арасында элди башкарган хандардын ыркы кетип жатканын байкаган коңшулаш элдер ошондон пайдаланып өз ээликтерин кеңейтиш үчүн ыркы кеткен элди жерлерин басып алышкан. Ушул жылы тажик-кыргыз чек ...

0 1122

Надира Нарматова: «Бакиев менен иш албай, «Кой-Таш элдик республикасы» деген эл бузарларга көңүл бурсаңар жакшы болмок»

06-август 2019, 10:57 Кызгалдак Жакыпова

Жогорку Кеңештин V-чакырылышынын депутаты жана вице-спикер, коомдук саясый ишмер, “Мээримбек” кайрымдуулук фондунун президенти Надира Нарматова учурдагы саясый кырдаал боюнча NazarNews.кg маалымат агенттигине мурдагы президен Курманбек Бакиев тууралуу ачуу чындыгын айтты. Туура келсе, келбесе деле бирин бирине чаптап, божомолдоп көзү ачыктык кылып, Президент Жээнбековду баш кылып, калгандарын жармаштырып алып, каралаган, жалаа жапкан, курулай күнөөлөгөн оюндарды токтотпойсуңарбы?! Бакиевдин тасмасында эч кандай ...

0 309

Элнура Кулуева:«Чабал команда чалгы чаба албай жатышат. Чымын чаап олтура бербей иштеш керек»

06-август 2019, 10:38 Кызгалдак Жакыпова

Белгилүү журналист Элнура Кулуева учурдагы Ак үй тараптагы кадр саясатына карата пикирин билдирди. Кадр саясаты аксамак тургай чолок болуп калды окшойт. Өлкөдө кадрдык кризис бар экенин өлкө башчысы моюнга алыш керек. Чынында чабал команда чалгы чаба албай жатышат. Чымын чаап олтура бербей иштеш керек го... Жарактуу дегендердин баарынын эле жараксыз деген справкалары бар экени ..... минтип четинен чыга баштады. ...

0 2710

Эмилбек Каптагаев: “Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаровдордун тагдырына Атамбаев күнөөлүү?

06-август 2019, 10:15 Кызгалдак Жакыпова

Белгилүү саясатчы Эмилбек Каптагаев, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бир нече “жүзү” бар экенин жазып, аны “саткын” деп жазып чыкты. Атамбаев маселесине байланыштуу "сатып кетти, саткын" - деген тема абдан учурлаш болуп калды... Анткени Атамбаев жана анын командасы ушул темда кызылкулактык кылышып, Президент Жээнбековга  "саткын" деген жарлыкты жабыштыруунун аракетин аябай эле катуу кылып жатышат... Ошол себептен улам бул маселе боюнча ...

0 398

Каныбек Осмоналиев, “Айта берип тажадым! Эч ким укпайт. Бул элдин шору!”

06-август 2019, 10:07 Кызгалдак Жакыпова

Профессор, Каныбек Осмоналиев, “Айта берип тажадым! Эч ким укпайт. Бул элдин шору!”, деп "Майдан.kg" гезитине маек курган. -Каныбек агай, башка маселебиз аз келгенсип, чек арада дагы чыр чыгып, ок атылды. Чек арага чектеш жашаган жарандарыбыз коопсуз жайга көчүрүлдү. Мындай кырдаалда бийлик кандай аракеттерди жасашы керек жана президент бул ишке кийлигиши керекпи? -Кыргыз расмий бийлиги чек ара коопсуздугун кошуна өлкөлөрдүн расмий ...

0 227

Атамбаевдин фантазиялары жана дымактары

06-август 2019, 09:51 Кызгалдак Жакыпова

Эксперт не дейт? Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаев сөзүнө турган киши тура. Москвадан 25-июль күнү саат 19га келем деп убада кылды эле, анысын аткарды! Анан кайда бармак эле, мекениндеги кылмыштары боюнча козголгон иштеринен Москвада жашынып калууга ким уруксат бермек эле? Кремлде Владимир Путин менен жолугушкандан кийин Кыргызстандын төртүнчү президенти кудай өзү сактасын, кокус катуу ооруп калса гана ал берген ...

0 140

2019–2023-жылдарга киберкоопсуздук стратегиясы бекитилди

05-август 2019, 17:46 Кызгалдак Жакыпова

2019–2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздук стратегиясы бекитилди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул маалымат туурулуу Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. Токтомдун максаты жарандардын, бизнестин жана мамлекеттин коопсуздук деңгээлин камсыздоо үчүн, алардын кибермейкиндиктеги маанилүү кызыкчылыктарын коргогон жана Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык туруктуу өнүгүүсүн камсыздаган, улуттук экономиканы санариптик трансформациялоону камтыган киберкоопсуздук улуттук стратегиясын түзүү болуп саналат. Кыргыз ...

0 265

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы кызматына Торутаев Алтынбек дайындалды

05-август 2019, 16:26 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри  М.Абылгазиевдин буйругуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп Торутаев Алтынбек Элимович дайындалды.   Кыргыз Республикасынын Премьер-министри  М.Абылгазиев 2019-жылдын 5-августунда А.Торутаевди бажы кызматынын жамаатына тааныштырды. КРӨгө караштуу МБКнын жаңы төрагасы Торутаев Алтынбек Элимовичтин эмгек ишмердиги.   05.08.2019 -ж.                        – КРӨгө караштуу Мамлекеттик ...

0 214

Депутаттар ораторлукту өркүндөтүү максатта билим алышты

05-август 2019, 15:09 Кызгалдак Жакыпова

"Демократиянын улуттук борбору" эл аралык фондунун “Тынчтык демилгелерде, радикализм жана эктремизмди алдын алууда. Баткен облусунун жаштарынын ролун күчөтүү” долбоорунун алкагында “Тынчтык демилгелери” коомдук бирикмеси иш-чара өткөрдү. Алардын айтымында, мындай иш-чара оратордук жана лидердик сапаттарды өркүндөтүү максатында уюштурулган. Ага Баткендеги жаш мамлекеттик кызматкерлер менен депутаттар катышып, кошумча билим алышкан. Булак: NazarNews.kg

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1233

ВИДЕО - Атамбаев баласынын үйүн сатып, элге бир эле кой союптур...

05-август 2019, 14:48 Кызгалдак Жакыпова

Кой-Таштагы үйүнө тарапташтарын чогултуп алып, күндө бир сөзү менен элге шылдың болуп жаткан Атамбаев дагы балп деп калп айтты. Аны тегеректеп, анын мээнет-секетин алган аялдар да балп деп күлкүнү келтирди. Алар: “Буйруса, свет өчүп, тезек теребиз. Биз дайыма Ютубда отурабыз, жумушубуз ушул”, - деп тантыраса, Атамбаев, таластыктарды бутунан тургузуп койгон сөздү айтып, акча керек болуп баласынын үйүн сатканын, элге ...

0 309

Төрт эмдин ата-энеси үйлүү болду

05-август 2019, 13:58 Кызгалдак Жакыпова

Төрт эм менен батирде жашап жүргөн үй-бүлө (Нурайым менен Азамат Сманов) үйлүү болушту. Арууке, Акбермет, Айчолпон жана Сооронбай аттуу төрт эмдин ата-энесин куттуктап президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев менен Октябрь районунун акими Максим Ситников барды. Мэриянын басма сөз кызматынан билдирүүсүнө караганда, төрт эм акысыз сүт азыктарын жана акчалай жөлөк пул алып турушат. Бишкек шаардык кеңешинин токтомуна ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83