www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экономика
0 612

Ысык-Көлдүк дыйкандар: «4 сом болсо да өткөрбөсөк жүздөгөн тонна картошкабыз бөөдө күйүп кеткени жатпайбы»

21-январь 2019, 16:54 Жазгүл Урманбетова

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Осмоналиев жумушчу сапары менен Түп районундагы Талды-Суу айыл өкмөтүнө барды. Өкүл Талды-Суу айыл өкмөтүнө бара жатканда Түп айылындагы №2 лицейге кирип, абалы менен таанышып чыккан. Ичке-Суу айылындагы 2015-жылы башталып, ушул кезде пайдубалы гана бүткөрүлгөн жаңы имарат менен таанышып, тиешелүү адамдарга мектептин курулушун колго алууну тапшырды. Ал эми Талды-Суу айылында жеке ишкер Т.Бекбоевдин күнөсканасына барып, бадыраңдын ...

0 952

Алоолонуп күйгөн миллион доллар

18-январь 2019, 18:46 Айдар Нуралиев

«Senna» деп аталган спорткар автомобили болгон «McLaren» маркасындагы темир тулпар «Формула-1» авто жарышы боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону Айртон Сенндин ысымына ата­лып, 2017-жылдан баштап чыгарыла баштаган. Аталган авто тууралуу маалыматтарга үңүлсөк чынында эле кыйын темир тулпар экен. 8 цилиндирлүү, моторунун күчү болсо 800 аттын күчүнө барабар, 7 скоростуу коробкасы, 2, 8 секунддун ичинде эле, көз ачып жумганча дейличи, саатына 100 ...

0 234

«Северэлектро» ААКы Бишкек шаары боюнча 4100 турмуш тиричилик абонентин аралыктан өчүрүүнү пландоодо

18-январь 2019, 14:26 Айдар Нуралиев

21-январь дүйшөнбү күнү “Северэлектро” ААКнын электр энергияны коммерциялык эсепке алуу жана маалыматтык-ченөө автоматташтырылган системасы Бишкек шаарындагы төлөмдөрдү өз маалында жүргүзбөгөн 4100 турмуш-тиричилик абоненттердин электр камсыздоосун дистанциондук түрдө өчүрөт. Керектөөчүлөрдүн карыздарынын жалпы суммасы 7,1 млн. сомду түзөт. Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн акционердик коом абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат. “Северэлектро” ААК төлөмдөрдү учур чак менен кабыл алат. ...

0 597

Кытайда бензин бекер болсо, Кыргызстанда эң кымбат болууда

15-январь 2019, 17:24 Жазгүл Урманбетова

Борбор Азиядагы мамлекеттердин ичинде бензин эң кымбат сатылган өлкө - Кыргызстан болуп саналат. Америкалык "Global Petrol Prices" аналитикалык басылмасы күйүүчү майдын баасы төмөн өлкөлөрдүн рейтингин 14-январда жарыялады. Өлкөбүздө бензиндин орточо баасы 65 цент деп айтылат. Коңшу Өзбекстанда 54, Казакстанда 48, Түркмөнстанда 43 цент экендиги белгилүү болду. Эн кызыктуусу Тажикстан бул рейтингге кирген эмес. Тажикстандыктардын айтымында, аларда бензиндин баасы 73-77 центтин тегерегинде. Ал эми ...

0 213

Жалал-Абадда социалдык төлөмдөр артып барат

15-январь 2019, 17:30 Айдар Нуралиев

Жалал-Абад шаарында өткөн жыл ичи социалдык төлөмдөрдү жыйноо планга карата ашыгы менен аткарылып, социалдык фондго болгон карыздар 5 миллион сомго азайды. Бул тууралуу шаар мэриясынын жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнөн билдиришти. Алынган маалыматка караганда, 2017-жылы шаар боюнча жыйналган социалдык төлөмдөр көлөмү 785,3 миллион сом болсо, ал эми өткөн жылы бул көрсөткүч 790,4 миллион сомду түздү. Демек, мурдагы жылга салыштырмалуу 5,1 миллион сом ...

0 1925

Унааларды милдеттүү түрдө камсыздандыруунун орточо суммасы 2 миң 210 сомду түзөт

14-январь 2019, 17:45 Жазгүл Урманбетова

Кыргызстанда 7-февралдан тартып автоунааларды милдеттүү түрдө камсыздандыруу башталат. Тийиштүү мыйзам 2019-жылдын 7-февралында күчүнө кирет. Жарандарга унаасын камсыздандыруу үчүн 2,5 айга жакын убакыт берилет. Ал эми камсыздандыруу жасабаган жарандар айып пул төлөшөт. Камсыздандыруу полисинин наркы ар бир автоунаа үчүн түрүнө, кыймылдаткычынын көлөмүнө карап эсептелет. Камсыздандыруунун орточо суммасы 2 миң 210 сомду түзөт, ал эми максималдуу тарифи – 6 миң 500 сомду түзөт. Буга чейин базалык полистин ...

0 675

Россия Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам көрсөттү

14-январь 2019, 17:38 Жазгүл Урманбетова

15-январда Бишкекте Россиядан келген аскердик-техникалык жардамдары тапшыруу аземи өтөт. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди. Россия менен Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында техникалык жардам көрсөтүү боюнча 2015-жылы макулдашууга кол коюшкан. 2018-жылы 15-декабрда чек арадагы бажы бекеттерин техникалык жактан жабдуу боюнча жардамдын биринчи партиясы жеткирилген. Ал жалпысынан 123 автомобилдик жана инженердик техникадан турат. Алардын арасында тоо шартында жүрчү 108 автоунаа, 2 ...

0 332

Ооганстанга жети өлкө колдоо көрсөттү

14-январь 2019, 08:58 Айдар Нуралиев

Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн Өзбекстан, Индия, Тажикстан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Казакстан жана Ооганстандын Тышкы иштер министрлери катышкан Индия-Орто Азия-Ооганстан диалогу жыйналышынан кийин аймактык коопсуздук, транспорт, жүк ташуу, энергетика жана инвестиция жаатындагы кызматташтык маселелери менен Ооганстанга колдоо көрсөтүү темаларын камтыган орток билдирүү жарыяланды. Билдирүүдө маданий, соода-сатык жана башка тармактарда байланыштары болгон Индия жана Орто Азия өлкөлөрүнүн бул достук карым-катнаштарын эки тараптуу жана көп ...

0 426

КР УКМК: Мамлекеттик тарых музейин капиталдык оңдоп түзөө боюнча Сапар Исаковго айып тагылды

10-январь 2019, 11:02 Айдар Нуралиев

2018-жылдын 31-декабрында КР УКМК Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан С.Исаковго КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүмү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып тагылды. Тергөө иштеринин жүрүшүндө, 2016-жылы КР өкмөтү Түркия Республикасынын Премьер-министринин Аппараты алдындагы Кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча Түркия башкармалагы (ТИКА) менен мамлекеттик тарых музейин толук реконструкциялоо боюнча келишимге кол коюлганы аныкталды. Келишим боюнча Түркия үч жылдын ичинде 15 млн. АКШ доллар эсебинде ...

0 210

Экономика министрлиги сооданы тартипке келтирүү боюнча токтомду коомдук талкууга алып чыкты

08-январь 2019, 12:00 Жазгүл Урманбетова

Кыргызстан салык төлөөдөн качуу үчүн, базарларда сооданын эрежелерин өзгөртүүнү сунуштайт. Экономика министрлиги токтом долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. Сооданы тартипке келтирүү боюнча токтом- базарларда жана соода башкармалыгынын милдеттерин аткаруу менен өзүнчө бөлүмдү кошуу сунушталат. Базарлардын жана ири соода түйүндөрүнүн дирекциялары имараттарды жана соода аянттарын документтери бар ишкерлерге соода же продукцияларды сактоо үчүн гана ижарага берүүгө милдеттүү. Базарлардын дирекциясы мезгилдик жана майрам алдында айыл-чарба азыктарынын ...

0 372

"Мегакомду "базарга" айланткан Базаркулов"

08-январь 2019, 11:09 Айдар Нуралиев

Биз мурдакы саныбызда мегакомдун деректиринин "арманын" жаздык эле. Ага улай ал ишкананы башкарып турганда болуп көрбөгөндөй байыганын да кошумчалаганбыз. Тагыраагы 400миң доллардык батир алып, аны карындашына каттатып койгонун кабарлаганбыз.  Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков "мамлекеттин укуругу узун" деп айтканын билебиз. Мамлекет менен өз чөнтөгүн алмаштырып алгандар эртели кеч жооп берээрин унутпашы керек. "Өлкөдөн бийик дөөлөт жок" деп, ажобуз алты жылын элине арнап, ...

0 328

Cалыкчылардын санын азайтуу сунушталууда

21-декабрь 2018, 12:24 Жазгүл Урманбетова

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлеринин айлыгын 2019-жылы салык базасын көбөйтүүнүн эсебинен көтөрүүгө ниеттенип жатышат. Бул тууралуу кечээ каржы Министрлиги билдирди. Каржы Министрлигинин бюджеттик саясат башкармалыгынын начальниги маалымат жыйынында белгилегендей, бул үчүн жылына 369 миллион сом кетет. Мамлекет эмне үчүн билим берүү тармагында айлыкты көтөрбөй, салыкчылардын айлыгын көтөрүп жатат деген суроого, билим берүү секторуна 5-6 миллиард сом талап кылынат, ал эми салыкчыларга ...

0 1952

Картошкабыздын багы ачылды

20-декабрь 2018, 15:50 Жазгүл Урманбетова

Айыл чарба министри Нурбек Мурашев Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш облустарынын жетекчилеринин кеңешинин Ош шаарында өткөн жыйынында талкууланган айрым соода-экономикалык маселелер тууралуу айтып берди. «Бизде Өзбекстанга картошка экспорттоодо көйгөйлөр болгон. Биз бул маселени талкуулап, чечтик. Өзбек тарап бизге 45 ишкананын тизмесин берди, кийинчерээк алардын саны 70ке чейин жетиши мүмкүн. Эми Өзбекстанга картошка сатууда эч кандай маселе болбойт», — деди Мурашев. Өзбекстандын Анжиян ...

20-декабрь 2018, 15:50 | 1952
0 367

2016-жылдагы үлгүдөгү 20 жана 5000 сом номиналындагы өзгөртүлгөн банкноттору жүгүртүүгө чыгарылат

20-декабрь 2018, 10:48 Жазгүл Урманбетова

Бүгүн, 20-декабрдан тарта өлкө аймагында улуттук валютанын IV сериясындагы 2016-жылдагы үлгүдөгү 20 жана 5000 сом номиналындагы өзгөртүлгөн банкноттору жүгүртүүгө чыгарылат. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди. 2016-жылдагы үлгүдөгү 20 жана 5000 сом номиналындагы банкноттор улуттук валютанын IV сериясындагы өркүндөтүлгөн банкноттордун пландуу жаңыртуусун аяктайт. IV сериясындагы 2016-жылдагы үлгүдөгү 20 жана 5000 сом номиналындагы өзгөртүлгөн банкноттор төмөнкүлөрдү камтыйт:

0 307

Искендер Асылкулов: "Салык декларациясын кеч тапшыргандарга жалпысынан 1 миллион 112 миң сомго айып салынган"

17-декабрь 2018, 15:08 Жазгүл Урманбетова

Салык декларациясын белгиленген убактысынан кеч өткөргөндүгү үчүн аткаминерлер жалпы 1 миллион 112 миң сомго айып салынган. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Искендер Асылкулов билдирди. Анын айтымына караганда, декларациясын кечигүү менен 2 миң 354 адам берген. Аныкталгандан кийин 800 адам тизмеден чыгарылган. Бүгүнкү күндө кечигип тапшыргандардын тизмедеги 1 миң 354 адамдын тизмесин чыгардык, дейт орун басар.  Булак: ...

0 223

Мэрия: Кытай компаниясы 90 күндүн ичинде 60 автобус алып келет

15-декабрь 2018, 12:57 Жазгүл Урманбетова

Кытайлык ZHENGZHOU YUTONGBUS CO., LTD компаниясы газ менен жүрө турган 60 автобусту сатып алуу боюнча тендерди утуп алды. Бишкек шаарынын мэриясы кабарлагандай, компания 301,2 миллион сомдук сумманы сунуштаган. Тендердин шартына ылайык автобустардын бааларынын жалпы суммасы 382 миллион сомдон ашпашы керек болгон. Yutong ZK 6108 HGH үлгүсүндөгү автобустар метан газы менен иштейт. Мэрия мындай автобустарды киргизүү шаардын экологиясына оң таасирин тийгизет деген ойдо. Автобустар ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 757

Бишкекте пандустардын сапаты талкууланат

13-декабрь 2018, 10:03 Айдар Нуралиев

Бүгүн Бишкекте майыптардын маселесин талкуулаган жыйын өтөт. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна иш-чаранын демилгечиси, активист Аскар Турдугулов билдирди. Жыйындын темасы – “Коомдук жайларда инклюзивдикти камсыз кылуу”. Турдугуловдун айтымында, майып адамдар үчүн пандустар орнотула баштаганы менен алардын көбү ыңгайсыз болууда жана стандарттарга жооп бербейт. Бүгүнкү талкууну өткөрүүгө Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги кеңсеси жардам берүүдө. Ага шаар башкармалыгынын, архитектура жана курулуш мекемесинин, “Тазалык” ...

0 351

Сурамжылоо: Жарандарга күйүмдүү делген 5 депутат

12-декабрь 2018, 13:01 Кызгалдак Жакыпова

Жогорку Кеңештин депутаттарынын ишмердүүлүгү боюнча сурамжылоонун жыйынтыгы жарыяланды. Ага жалпысынан 1600 адам катышкан болсо, алардын 25 пайызы парламенттин ишине кызыкпай тургандыгын билдирген. Ал эми катышкандардын 21% депутаттарга ишенбей тургандыгын айтып, мыйзам чыгаруу бийлигин пайдасыз орган деп эсептеген. Парламенттин ишине канаттанбагандар 47 пайызды түзсө, “жакшы” дегендер 28,4%, ал эми ар бир алтынчы катышуучу депутаттардын иши тууралуу маалыматы жоктугун айткан. Ал эми ысымы көбүрөөк аталып, ...

0 239

Айрым конуштарда электр жарыгы өчүрүлөт

12-декабрь 2018, 10:25 Жазгүл Урманбетова

Бүгүн, 12-декабрда Бишкек шаарынын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасы маалымдады. Электр жарыгын берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар: —  9:00— 18:00— Рухий-Мурас конушундагы 7-8-көчөлөрүндө; —  9:30— 18:00— Дордой конушунда; —  9:30— 18:00—  Чолпон-Ата көчөсүндөгү №2, 3, 7, 9 үйлөрүндө, Горький көчөсүндөгү №69, 75 үйлөрүндө; —  9:30— 17:00—  Шота Руставели көчөсүндөгү №69, 75 үйлөрүндө; —  9:30— 18:00—  Кызыл-Алма, Көкчө-Тоо, Түлөбердиев, Жеңиштин 50 жылдыгы көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Манас проспектиси, Караван туюк ...

0 394

"РусГидро" Кыргызстандан "Жогорку Нарын ГЭСтеринин" үлүшүн сатып алуусун талап кылды

11-декабрь 2018, 17:43 Айдар Нуралиев

Россиялык компаниядан "Жогорку Нарын ГЭС" долбоорунун курулушуна жумшалган каражат боюнча компенсация алуудан баш тартпай тургандыктарын айтышты. "РусГидро" акционердик коому кыргызстандык "Электр станциялары" ишканасынан жабык түрдөгү "Жогорку Нарын ГЭСтери" ишканасынын акцияларын сатып алууну талап кылат. Бул туурасында аталган компаниянын сайтында жазылып турат. Эске салсак, аталган ишкана Жогорку-Нарын каскадынын курулушу үчүн түзүлгөн. Россиянын "РусГидро" жана Кыргызстандын "Электр ...

0 301

Кыргызстандын ички дүң өнүмү быйылкы жылдын 11 айында 474,5 миллиард сомду түздү

11-декабрь 2018, 16:21 Жазгүл Урманбетова

Тактап айтканда, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,1 пайызга көбөйдү. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча «Кумтөр» кениндеги өндүрүштү эсепке албаганда 2018-жылдын январь-ноябрь айларында ИДӨнүн көлөмү 428,8 миллиард сомду түздү. Өнөр жай өндүрүмүнүн көлөмү 221,1 миллиард сомго чыгып, айыл чарбасында 2,4 пайыз, курулушта 8,4 пайыз, дүң жана чекене соодада 5,1 пайыз өсүш болду. Өлкөнүн тышкы соода жүгүртүүсү 5,4 млрд. долларды түзүп, 2017-жылдын тиешелүү мезгилине ...

0 333

Айтмамат Назаров: “Институтту мындай акылбалга жеткиргендердин жоопкерчилиги каралышы керек”

10-декабрь 2018, 15:35 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн, 10-декабрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети «К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине караштуу Кыргыз дыйканчылык илим изилдөө институтунда көчмө жыйын өткөрүп, бул илимий мекеменин бүгүнкү күндөгү абалы менен келечегин талкууга алышты. Кыргыз дыйканчылык илим изилдөө институтунун директору Нурудин Карабаев кызматкерлеринин эмгек акысынын төмөндүгүн (6-7 миң сом), борбор калаанын түштүгүндөгү Селекция айылындагы №2 лабораториялык корпустун капиталдык ...

0 214

Бюджеттин кирешесинин көлөмү 170 млрд. 459,8 млн. сом же ИДПга карата 28,2%га өсөрү болжолдонууда

08-декабрь 2018, 12:47 Жазгүл Урманбетова

2019-жылга карата мамлекеттик бюджеттин кирешесинин көлөмү мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эсепке алганда 170 млрд. 459,8 млн. сом же ИДПга карата 28,2%га өсөрү болжолдонууда. Бул тууралуу КРнын Каржы министринин орун басары Алмазбек Азимов билдирди. Анын айтымында, 2018-жылга каралган бюджетке караганда болжолдонуп жаткан кирешелер салык кирешелеринин 0,1%га жана расмий которуулардын 0,8%га түшүүсүнөн улам 0,9%га аз болот. 2018-жылга бекитилген бюджетке салыштырмалуу кирешелердин көлөмү номиналдык туюнтмасында 9%га ...

0 245

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду Кажы-Сай жолуна 30 млн. сом жумшады

07-декабрь 2018, 15:16 Жазгүл Урманбетова

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду айыл жергесинин инфраструктурасын жакшыртуу демилгесин кеңири колдоп, жылына ири суммадагы акча каражаттарын жумшап келет. Мисалы, аталган фонддун каржылоосу менен Тоң районунун Кажы-Сай айыл аймагынын борбордук көчөсүнө толугу менен асфальт төшөлүп, жол кеңейтилди. Ошондой эле, жолдун четиндеги суу өткөрүүчү лотоктор жарактан чыгып калгандыктан толугу менен жаңыртылды. Союз мезгилинен бери Кажы-Сай айылында жолдорду оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлбөгөндүктөн чириген бак-дарактар жол кыймылына ...

0 194

Кыргызстандын карызы төрт айда 16 млн. долларга көбөйдү

07-декабрь 2018, 13:45 Кызгалдак Жакыпова

Ноябрь айында Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызынын өлчөмү 4 млрд. 427,11 млн. АКШ долларын түздү. Бул июнь айындагы көрсөткүчтөн 16 млн. долларга көп. Анын басымдуу бөлүгүн тышкы карыз түзөт. Финансы министрлиги 7-декабарда тараткан маалыматка караганда, Кыргызстандын эл аралык уюмдарга жана чет мамлекеттерге карызы 3 млрд. 860 млн. доллардан ашат. Мамлекеттик ички карыз 620,21 млн. доллар деп көрсөтүлгөн. Маалыматка караганда, төрт айда ...

0 525

Кенжебек Бокоев, ЖК депутаты: «Мыйзамсыз иштеп жаткан мигранттардан эле бир жылда 600 млн. сом акча жыйнаса болот»

06-декабрь 2018, 14:10 Кызгалдак Жакыпова

- Кенжебек Сатымкулович, сиз чет элден келген эмгек мигранттар үчүн патент системасын киргизүүнү сунуштадыңыз. Эмне үчүн мындай чара керек деп ойлойсуз? - Менин маалыматым боюнча, биздин миллионго жакын мекендештерибиз сыртта мигрант болуп жүрүшөт. Алар ал жакка барганда жумушка кириш үчүн патент алып, орус тилин билүү боюнча экзамен беришет. А бизге келген мигранттар экзамен да бербейт, патент да албайт. Өкмөттүн максаты биринчи ...

0 268

Кыргызстан - акча жасаган шылуундар үчүн май-талкан өлкө!

04-декабрь 2018, 13:04 Кызгалдак Жакыпова

Эмнесин айталы, 27 жылдан бери жергиликтүү жана эл аралык аферисттер мамлекетибизди тоноп келе жатышат. Ушуларга түткөн Кыргызстан жана кайдыгер кыргыз эли кыйын экен. Алп экен, экөөбү тең. Бир кыбыр этип, бир чымыр этип койбойт го, чиркин. Ананле шайлоодогу 500, 1000 сом үчүн канча жаат болуп бөлүнүшүп, кырылышып, ит жебеген бокту жешип... Койчу, койчу. Бери жакта миллиондорду жеп атышат. А элге ...

0 237

2018-жылга карата Соцфонддун бюджетинин профицити 724 млн 578 миң сом көлөмүндө болжолдонууда

03-декабрь 2018, 12:19 Кызгалдак Жакыпова

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Соцфонддун 2018-жылга бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүн тактоо максатында сунушталган «КР Социалдык фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун үч окууда жактырды. Соцфонддун төрагасы Медет Ирсалиев 2018-жылга такталган бюджет кирешелер боюнча 51 млрд 151 млн 590 миң сом көлөмүндө же бекитилген бюджеттен 64 млн 702 миң сомго көп түзүлгөнүн ...

0 804

ВИДЕО- Атамбаев менен Темир Сариев берген убадалардын баары калп болуп... Журналисттик иликтөө

03-декабрь 2018, 10:19 Кызгалдак Жакыпова

Алтынбек Сулайманов менен Темир Сариевди айтыштырган  Евразиялык экономикалык биримдик коомчулукта ар кандай талкууланып келет. Талкуу жараткан келишим боюнча Адил Турдукулов менен Булат Сатаркулов Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден бери 4 жылда эмне тапты жана эмне жоготту деген журналисттик иликтөөсүнүн биринчи бөлүгүн аяктап, элдин назарына койду. Кененирээк төмөндөгү видеодон көрө аласыздар. Булак: NazarNews.kg

0 327

Мухаммедкалый Абылгазиев «Бишкексүт» ААК ишканасындагы жаңы технологиялык линияны ишке киргизди

01-декабрь 2018, 08:57 Айдар Нуралиев

Өкмөт башчы заводдун өндүрүштүк аянттарын көрүп чыгып, ишкана жетекчилиги жана эмгек жамааты менен маектешүүнүн жүрүшүндө фермердик чарбалар тарабынан өз-ара пайдалуу шарттарда сырье менен камсыздоонун жаңы формаларын киргизүү маселесин талкуулады деп билдирет өкмөттүн маалымат катысы. Андан соң Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баскыч аркылуу ишканадагы жаңы технологиялык линияны ишке киргизди жана Өкмөттүн атынан «Бишкексүт» ААК жана «PepsiCo» компаниясынын эмгек жамаатын бул окуя менен куттуктады. «Бүгүн ...

0 370

Аскар Мамбетжанов, “Алайку Органикс” компаниясынын башкы директору: “Бизден 100% натуралдык продукциялар чыгат”

30-ноябрь 2018, 11:11 Кызгалдак Жакыпова

Илгертен ата-бабаларыбыз ичип келген эзме курут, талкан чалынган таттуу суусундуктарды азыр көп жасап ичпей калганбыз. Заманбап газдалган суусундуктарга караганда биз сөз кылчу “Алайку Органикс”  компаниясынын суусундуктарын ичип эле жүрсөңүз керек. Экологиялык жактан таза, ар кандай химикаттарсыз жогорку сапатка ээ мындай продукцияны базарга чыгаруу көп убакытты талап кылаары белгилїї эмеспи. Изги тилек ишке ашып, азыр той-топурларда экологиялык таза суусундуктар суроо-талапка ээ ...

0 349

ВИДЕО: Кыжалат кылган тышкы карыз

29-ноябрь 2018, 18:46 Айдар Нуралиев

Азыр өлкөнүн ички жана тышкы карызы 4 миллиард 357 миллион долларды түзөт. Анын 3 миллиард 958 миллиону 90,8 пайыз — тышкы, 399 миллион 9,2 пайыз доллары — ички бересе. Бул мурдакы жылга салыштырмалуу 6 пайызга өскөн. Кыргызстандын жылдан жылга өскөн карызы, мамлекеттин эң биринчи көйгөйү болуп саналат. Карыздын мындай көрсөткүчү жыл сайын өсө берсе, Кыргызстандын алдыдагы каржылык маселеси төлөгөнгө мүмкүнчүлүгү жетеби? Толугураак кийинки ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 385

Кыргызстандын “Центеррага” койгон талабы

29-ноябрь 2018, 16:56 Айдар Нуралиев

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев стратегиялык келишим боюнча "Centerra Gold Inc." компаниясы менен болгон сүйлөшүү тууралуу депутат Жанарбек Акаевдин суроосуна жооп берди. Өкмөт башчынын айтымында, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков кол койгон келишим “Кыргызстандын кызыкчылыгын толук коргобойт”. - Келишим күчүнө кириши үчүн биздин да бир канча шарттар бар, - деди премьер-министр. - Ал келишимде биздин кызыкчылыгыбыз жакшы корголгон эмес. Күчөтүшүбүз керек, ачыгын айтканда экологиялык, социалдык өнөктөштүк ...

0 299

Кыргызстан коррупциялашкан 30 өлкөнүн катарына кошулду

29-ноябрь 2018, 15:19 Айдар Нуралиев

Дүйнөлүк экономикалык форум глобалдык атаандаштык индекси боюнча коррупциялашкан өлкөлөрдүн жылдык рейтингин чыгарды. Анда паракорчулукту кабылдоо индекси ыкмасы менен 140 өлкөдөгү коррупциянын деңгээлине 1ден 100гө чейинки упай менен баа берилген. 100 упай "өлкөдө коррупция жок" дегенди билдирет. Кыргызстан 29 упай алган. Ошол эле учурда Орусия 22, Тажикстан 21 упай алган. Мындан сырткары паракорчулук күчөгөн өлкөлөрдүн катарында Парагвай, Мексика, Лаос, Доминикан Республикасы жана Гондурас ...

0 299

Кыргызстан менен Түркия өз аймактарында расмий түрдө иштеген эмгек мигранттарынын эмгек стажысын эки тараптуу тааный баштайт

28-ноябрь 2018, 16:56 Кызгалдак Жакыпова

Жогорку Кеӊеште КР Өкмөтү менен Түркия Өкмөтүнүн ортосундагы Социалдык камсыздоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү деп билдирет Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы. Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиевдин айтымында, келишимге ылайык, эки өлкө өз аймактарында расмий түрдө иштеген эмгек мигранттарынын эмгек стажысын таанып, пенсия төлөй баштайт. «Мисалы, кыргыз жараны Түркияда 15 жыл иштесе, курагы жеткенде пенсия ала ...

0 261

Мамлекет кайрадан 12 млн доллар кредит алып жатат

26-ноябрь 2018, 14:26 Перизат Кутманалиева

Бул тууралуу каржы министри Адылбек Касымалиев Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кезектеги жыйынынын жүрүшүндө билдирди. Анын айтымында, Эл аралык өнөктүрүү ассоциациясы бөлө турган 24 млн доллар каражаттын 12 млн доллары грант, ал эми калган бөлүгү жеӊилдетилген насыя болуп саналат. насыя 38 жылдык мөөнөт жана 0,75 үстөк пайызы менен берилүүдө. Тармактык комитеттин мүчөлөрү “2018-жылдын 14-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз ...

0 369

“Северэлектро” ААК абоненттери электр энергияга болгон карызын 293 млн.сомго төмөндөтүштү

22-ноябрь 2018, 17:51 Кызгалдак Жакыпова

“Северэлектро” ААКнын абоненттеринин электр энергияга болгон карызы  биринчи ноябрга 493 млн. сомду түздү. Он айдын ичинде керектөөчүлөрдүн электр энергияга болгон дебитордук карызы 293,2 млн. сомго же 37,3 % төмөндөдү. Бул тууралуу маалыматты NazarNews.kgге «Северэлектро» ААК басма сөз кызматы билдирди. Карыздын 270,4 млн.сомго же 46 % төмөндөшү “калк” категориясында катталган. Бюджеттик уюмдар карыздарын - 11,4 млн.сомго же 17%; Айыл-чарба керектөөчүлөрү - 748,9 миң сомго же ...

0 261

2018-жылдынон айынын ичинде “Северэлектро” бөлүштүрүүчү компания тарабынан 6 млрд. 335 млн. сом чогултулду...

21-ноябрь 2018, 08:32 Айдар Нуралиев

Он айдын ичинде “Северэлектро” ААКнын бөлүштүрүү тармагына 4 млрд. 715 млн. кВт.саат электр энергия келип түштү, бул 2017-жылдын ушул эле мезгилине  салыштырмалуу 142,5 млн. кВт.саатка көбүрөөк. Бөлүштүрүүчү компаниянын өткөн мезгилге болгон товардык продукциясы 6 млрд. 54 млн. сомду түзүп, анын 6 млрд. 335 млн.сому (104,7 %) чогултулган. Өткөн мезгилде көрсөтүлгөн сумманын эсебинен төлөм чогултуу калк арасында 110 %, бюджеттик уюмдар – 100,9 %, башка ...

0 3307

Арзан алып, кымбат сатканды мыкты өздөштүргөн Атамбаевдин уулу

20-ноябрь 2018, 17:14 Кызгалдак Жакыпова

Минюст сайтында көрсөтүлгөн маалымат боюча ээси Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеитбек Атамбаев болгон «Автомаш-Энерго» энергетикалык компаниясы 1 кВтчты 36 тыйынга сатып алып, аны 700 кВтчка чейинки колдонгондорго 77 тыйындан сатышууда. 700 кВтчтан ашыкча колдонсо - 2 сом 16 тыйындан болууда. Мындай маалымат менен chyndyk.kg маалымат агенттиги бөлүшкөн. Басылмадан билдиргендей, компания жылына  402 млн. кВтчты 144 млн 720 миң сомго сатып алганда, орто эсеп менен 164 млн 820 миң сом пайда көрөт экен.  Булак: NazarNews.kg

0 444

Пенсияны көбөйтүүгө 659 млн 209 миң сом көлөмүндө каражат каралды

19-ноябрь 2018, 13:50 Кызгалдак Жакыпова

Социалдык фонддун аймактарда иштеген кызматкерлеринин эмгек акысы орто эсеп менен 9 миӊ сомду түзөт. Келерки жылы аны 15-20 пайызга көбөйтүү үчүн бюджетте 19 млн сом каралууда. Ал эми башчысынын маянасы 23 миӊ сом. Бул тууралуу Соцфонддун төрагасы Медет Ирсалиев Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде «КР Социалдык фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө» мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр каралып жатканда билдирди. ...

0 335

Өкмөт: Кыргызстанда болгону 914 миң киши салык төлөйт

15-ноябрь 2018, 16:54 Кызгалдак Жакыпова

Жалпы Кыргызстан боюнча 914 миң гана киши салык төлөй турганын премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Учурда депутаттар 2017-жылдын бюджетинин аткарылышы, 2018-жылдын бюджети жана 2019-2020-2021-жылдарга карата божомол боюнча мыйзам долбоорун карап жатышат. Абылгазиев бүгүнкү күндө өлкө боюнча 647,2 миң пенсионер бар экенин белгилеп, аларды каржылоого Социалдык фонддон 50,3 миллиард сом жумшаларын айтты. Андан сырткары, 372,6 миң жаран 10 миллиард сомдун тегерегинде ...

0 1616

Бишкекте үйлөрүн ижарага бергендерге салык төлөтүлөт

15-ноябрь 2018, 15:01 Кызгалдак Жакыпова

Борбор калаадагы көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлерин жана жер тамдарын ижарага бергендердин баарын салык төлөтүү аракети көрүлүп жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Учурда шаардын райондорунда батирлерин ижарага бергендерди каттоо жана алардын жалпы маалыматтар базасын түзүү иштери жүрүп жатат. Райондук администрациялардын кызматкерлери Мамлекеттик салык кызматынын инспекторлору менен кошо батир жана үй ээлерин аныктап, эскертүү берип жатышат. Бир эле Свердов районунун ...

0 275

Бишкекте «АгроТехЭкспо-2018» көргөзмөсү ачылды

15-ноябрь 2018, 08:34 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов «АгроТехЭкспо-2018» айыл чарба техникаларынын көргөзмөсүнүн ачылышына катышты. «Айыл чарбасынын потенциалын күчөтүү атамекендик агрардык тармакты өнүктүрүүнүн маанилүү маселелеринин бири болуп саналат. Евразиялык экономикалык бирлигине киргенден кийин дыйкан-фермерлерибиз үчүн кеңири базардын ачылышы менен кошо катуу атаандаштык да пайда  болду. Буга байланыштуу биздин дыйкандардын жана кайра иштетүүчүлөрдүн жаңы технологияларды колдонуусу заман талабы болуп саналат. Биз өндүрүлгөн айыл чарба ...

0 284

Дүйнөлүк банк “«Digital CASA» - Кыргыз Республикасы” долбоорун каржылоо үчүн 50 млн доллар өлчөмүндө насыялык жана гранттык каражат бөлөт

14-ноябрь 2018, 09:44 Кызгалдак Жакыпова

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы «Digital CASA» - Кыргыз Республикасы” долбоорун каржылоо тууралуу макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин берген маалыматына караганда, Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүктүрүү ассоциясы «Digital CASA» долбоорун каржылоо үчүн 50 млн доллар өлчөмүндө каражат бөлүүгө даяр, анын 50 ...

0 319

Дүйнөлүк банк “«Digital CASA» - Кыргыз Республикасы” долбоорун каржылоо үчүн 50 млн доллар өлчөмүндө насыялык жана гранттык каражат бөлөт

13-ноябрь 2018, 14:07 Кызгалдак Жакыпова

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы «Digital CASA» - Кыргыз Республикасы” долбоорун каржылоо тууралуу макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.  Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин берген маалыматына караганда, Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүктүрүү ассоциясы «Digital CASA» долбоорун каржылоо үчүн 50 млн доллар өлчөмүндө каражат бөлүүгө даяр, анын 50 ...

0 441

Улуттук банк 13 млн. долларга жакын акчаны сатыкка чыгарды

13-ноябрь 2018, 11:21 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстандын Улуттук банкы 12 миллион 900 миң долларды сатыкка чыгарды. Бул тууралуу банктын расмий сайтында кабарланды. Бул тууралуу Азаттык билдирди. Муну менен өлкөнүн башкы каржы көзөмөлдөөчү мекемеси ноябрь айын эсепке алганда экинчи жолу, жыл башынан бери сегизинчи жолу интервенция жасады. Алты жолу доллар сатса (74,2 млн. доллар), эки жолу долларды сатып алган (20 млн. 550 миң доллар). Акыркы жолу, 5-ноябрда 10 ...

0 619

Кыргызстан Өзбекстанга картөшкө экспорттой баштады

02-ноябрь 2018, 14:33 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстан Өзбекстанга картөшкө жеткирүү боюнча макулдашты. Айыл чарба министрлиги кабарлагандай, октябрдын ортосунда эки тараптуу сүйлөшүүлөр өтүп, Өзбекстан картөшкө импорттой ала турган 17 компаниянын атын атаган. Маселен, Ысык-Көл облусунун ишкерлери менен «Наманган Универсал Савдо Инвест» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда келишимге кол коюлган. Ага ылайык, Ысык-Көл облусунан Өзбекстанга 66 тонна жашылча жөнөтүлгөн. Фитосанитардык сертификация өзбек тараптын талаптарына ылайык жүргүзүлгөн. Ал ортодо 2-нобярда Кыргызстандын Ташкенттеги элчилигинде ...

0 474

Равшан Жээнбеков: Президент да, премьер-министр да "Кумтөр" менен конфликке баргандан качат

02-ноябрь 2018, 14:14 Кызгалдак Жакыпова

NazarNews.kg маалымат агенттиги кандай маселе болсо да өз көз карашын ачык айткан экс-депутат Равшан Жээнбеков менен баарлашып, кытайларга сатылганы жаткан “Кумтөр” маселесинин айланасында ой бөлүштү. Равшан мырза, “Кумтөрдү” иштеткен “Центерра гольд” компаниясы кытайларга сатканы жатыптыр деп коомчулук чуру-чуу түшүп жатат. Кыргызстан кендин ээси катары саттырбай коё алабы? -Кыргызстан Центерранын кумтөрдөгү акциясын саттырбай койгонго акысы жок. Анткени, ал акция жеке менчик болуп эсептелет. Анын ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 401

Азизбек Келдибеков, журналист: “Кытайга аягы чукулдап бараткан “Кумтөрдүн” кереги деле жок”

02-ноябрь 2018, 13:29 Кызгалдак Жакыпова

www.nazarnews.kg маалымат агенттиги  айрым окурмандарга Кытайларга сатылганы жатат деген “Кумтөр” кенин Кыргызстан не кылсак, “Центерра гольд” компаниясына каршы чыгып, саттырбай  коё алабыз деген суроо салды? -“Кумтөр” кени Кыргызстанда болгондуктан бийлик "Кыргызалтын" жана кандай бир жолдор менен таасир эте алат. Бирок бийликтин саттырбоого кызыкчылыгы деле жок. “Кумтөрдө” "Кыргызалтындын" үлүшү бар. Центерра бул жерден алчусун алды эми аман-эсен чыгып кетиши керек. Кытайга ...

0 533

Тимур Саралаев: “Кумтөрдү” калыс чечпесе чыр жаралат, эл кытайларга берүүгө каршы чыгат”

02-ноябрь 2018, 13:06 Кызгалдак Жакыпова

www.nazarnews.kg маалымат агенттиги  айрым окурмандарга Кытайларга сатылганы жатат деген “Кумтөр” кенин Кыргызстан не кылсак, “Центерра гольд” компаниясына каршы чыгып, саттырбай  коё алабыз деген суроо салды? Тимур Саралаев, Эл аралык өнүгүү жана саясат агенттигинин директору: -“Кумтөрдү” сатттырбай каршы чыгыш үчүн биринчи кезекте саясый эрк,  чечкиндүүлүк жана  элдин ынтымагы керек. Инвесторлор элдин кен байлыктарын алып кете беришет.  Элдер кен иштеткенден калган ууга чыланып ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83