www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экономика
0 482

Пенсияны көбөйтүүгө 659 млн 209 миң сом көлөмүндө каражат каралды

19-ноябрь 2018, 13:50 Кызгалдак Жакыпова

Социалдык фонддун аймактарда иштеген кызматкерлеринин эмгек акысы орто эсеп менен 9 миӊ сомду түзөт. Келерки жылы аны 15-20 пайызга көбөйтүү үчүн бюджетте 19 млн сом каралууда. Ал эми башчысынын маянасы 23 миӊ сом. Бул тууралуу Соцфонддун төрагасы Медет Ирсалиев Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде «КР Социалдык фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө» мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр каралып жатканда билдирди. ...

0 379

Өкмөт: Кыргызстанда болгону 914 миң киши салык төлөйт

15-ноябрь 2018, 16:54 Кызгалдак Жакыпова

Жалпы Кыргызстан боюнча 914 миң гана киши салык төлөй турганын премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Учурда депутаттар 2017-жылдын бюджетинин аткарылышы, 2018-жылдын бюджети жана 2019-2020-2021-жылдарга карата божомол боюнча мыйзам долбоорун карап жатышат. Абылгазиев бүгүнкү күндө өлкө боюнча 647,2 миң пенсионер бар экенин белгилеп, аларды каржылоого Социалдык фонддон 50,3 миллиард сом жумшаларын айтты. Андан сырткары, 372,6 миң жаран 10 миллиард сомдун тегерегинде ...

0 1667

Бишкекте үйлөрүн ижарага бергендерге салык төлөтүлөт

15-ноябрь 2018, 15:01 Кызгалдак Жакыпова

Борбор калаадагы көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлерин жана жер тамдарын ижарага бергендердин баарын салык төлөтүү аракети көрүлүп жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Учурда шаардын райондорунда батирлерин ижарага бергендерди каттоо жана алардын жалпы маалыматтар базасын түзүү иштери жүрүп жатат. Райондук администрациялардын кызматкерлери Мамлекеттик салык кызматынын инспекторлору менен кошо батир жана үй ээлерин аныктап, эскертүү берип жатышат. Бир эле Свердов районунун ...

0 317

Бишкекте «АгроТехЭкспо-2018» көргөзмөсү ачылды

15-ноябрь 2018, 08:34 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов «АгроТехЭкспо-2018» айыл чарба техникаларынын көргөзмөсүнүн ачылышына катышты. «Айыл чарбасынын потенциалын күчөтүү атамекендик агрардык тармакты өнүктүрүүнүн маанилүү маселелеринин бири болуп саналат. Евразиялык экономикалык бирлигине киргенден кийин дыйкан-фермерлерибиз үчүн кеңири базардын ачылышы менен кошо катуу атаандаштык да пайда  болду. Буга байланыштуу биздин дыйкандардын жана кайра иштетүүчүлөрдүн жаңы технологияларды колдонуусу заман талабы болуп саналат. Биз өндүрүлгөн айыл чарба ...

0 326

Дүйнөлүк банк “«Digital CASA» - Кыргыз Республикасы” долбоорун каржылоо үчүн 50 млн доллар өлчөмүндө насыялык жана гранттык каражат бөлөт

14-ноябрь 2018, 09:44 Кызгалдак Жакыпова

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы «Digital CASA» - Кыргыз Республикасы” долбоорун каржылоо тууралуу макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин берген маалыматына караганда, Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүктүрүү ассоциясы «Digital CASA» долбоорун каржылоо үчүн 50 млн доллар өлчөмүндө каражат бөлүүгө даяр, анын 50 ...

0 375

Дүйнөлүк банк “«Digital CASA» - Кыргыз Республикасы” долбоорун каржылоо үчүн 50 млн доллар өлчөмүндө насыялык жана гранттык каражат бөлөт

13-ноябрь 2018, 14:07 Кызгалдак Жакыпова

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы «Digital CASA» - Кыргыз Республикасы” долбоорун каржылоо тууралуу макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.  Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин берген маалыматына караганда, Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүктүрүү ассоциясы «Digital CASA» долбоорун каржылоо үчүн 50 млн доллар өлчөмүндө каражат бөлүүгө даяр, анын 50 ...

0 489

Улуттук банк 13 млн. долларга жакын акчаны сатыкка чыгарды

13-ноябрь 2018, 11:21 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстандын Улуттук банкы 12 миллион 900 миң долларды сатыкка чыгарды. Бул тууралуу банктын расмий сайтында кабарланды. Бул тууралуу Азаттык билдирди. Муну менен өлкөнүн башкы каржы көзөмөлдөөчү мекемеси ноябрь айын эсепке алганда экинчи жолу, жыл башынан бери сегизинчи жолу интервенция жасады. Алты жолу доллар сатса (74,2 млн. доллар), эки жолу долларды сатып алган (20 млн. 550 миң доллар). Акыркы жолу, 5-ноябрда 10 ...

0 658

Кыргызстан Өзбекстанга картөшкө экспорттой баштады

02-ноябрь 2018, 14:33 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстан Өзбекстанга картөшкө жеткирүү боюнча макулдашты. Айыл чарба министрлиги кабарлагандай, октябрдын ортосунда эки тараптуу сүйлөшүүлөр өтүп, Өзбекстан картөшкө импорттой ала турган 17 компаниянын атын атаган. Маселен, Ысык-Көл облусунун ишкерлери менен «Наманган Универсал Савдо Инвест» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда келишимге кол коюлган. Ага ылайык, Ысык-Көл облусунан Өзбекстанга 66 тонна жашылча жөнөтүлгөн. Фитосанитардык сертификация өзбек тараптын талаптарына ылайык жүргүзүлгөн. Ал ортодо 2-нобярда Кыргызстандын Ташкенттеги элчилигинде ...

0 503

Равшан Жээнбеков: Президент да, премьер-министр да "Кумтөр" менен конфликке баргандан качат

02-ноябрь 2018, 14:14 Кызгалдак Жакыпова

NazarNews.kg маалымат агенттиги кандай маселе болсо да өз көз карашын ачык айткан экс-депутат Равшан Жээнбеков менен баарлашып, кытайларга сатылганы жаткан “Кумтөр” маселесинин айланасында ой бөлүштү. Равшан мырза, “Кумтөрдү” иштеткен “Центерра гольд” компаниясы кытайларга сатканы жатыптыр деп коомчулук чуру-чуу түшүп жатат. Кыргызстан кендин ээси катары саттырбай коё алабы? -Кыргызстан Центерранын кумтөрдөгү акциясын саттырбай койгонго акысы жок. Анткени, ал акция жеке менчик болуп эсептелет. Анын ...

0 441

Азизбек Келдибеков, журналист: “Кытайга аягы чукулдап бараткан “Кумтөрдүн” кереги деле жок”

02-ноябрь 2018, 13:29 Кызгалдак Жакыпова

www.nazarnews.kg маалымат агенттиги  айрым окурмандарга Кытайларга сатылганы жатат деген “Кумтөр” кенин Кыргызстан не кылсак, “Центерра гольд” компаниясына каршы чыгып, саттырбай  коё алабыз деген суроо салды? -“Кумтөр” кени Кыргызстанда болгондуктан бийлик "Кыргызалтын" жана кандай бир жолдор менен таасир эте алат. Бирок бийликтин саттырбоого кызыкчылыгы деле жок. “Кумтөрдө” "Кыргызалтындын" үлүшү бар. Центерра бул жерден алчусун алды эми аман-эсен чыгып кетиши керек. Кытайга ...

0 572

Тимур Саралаев: “Кумтөрдү” калыс чечпесе чыр жаралат, эл кытайларга берүүгө каршы чыгат”

02-ноябрь 2018, 13:06 Кызгалдак Жакыпова

www.nazarnews.kg маалымат агенттиги  айрым окурмандарга Кытайларга сатылганы жатат деген “Кумтөр” кенин Кыргызстан не кылсак, “Центерра гольд” компаниясына каршы чыгып, саттырбай  коё алабыз деген суроо салды? Тимур Саралаев, Эл аралык өнүгүү жана саясат агенттигинин директору: -“Кумтөрдү” сатттырбай каршы чыгыш үчүн биринчи кезекте саясый эрк,  чечкиндүүлүк жана  элдин ынтымагы керек. Инвесторлор элдин кен байлыктарын алып кете беришет.  Элдер кен иштеткенден калган ууга чыланып ...

0 687

«Чыңгыз Айтматов - 90 жыл» коллекциялык монетасы жүгүртүүгө чыкты

29-октябрь 2018, 10:28 Кызгалдак Жакыпова

Улуттук Банк бүгүн «Чыңгыз Айтматов - 90 жыл» коллекциялык монетасы жүгүртүүгө чыгарды. Монета кыргызча жана англис тилде жазылган. Монетанын оң бетинде Чыңгыз Айматовдун сүрөтү түшүрүлсө, сол бетинде Кыргызстандын герби түшүрүлгөн жана Ысык-Көл, Ак кеме, Бугу эненин сүрөттөрү чагылдырылып монетанын чыккан жылы жазылган.  Булак: NazarNews.kg      

0 469

Ош-Москва аба каттамы ачылды

29-октябрь 2018, 08:45 Кызгалдак Жакыпова

Москва-Ош каттамы боюнча Орусиянын “Аэрофлот” компаниясынын учактары уча баштады. Бул тууралуу “Манас” аэропортунан кабарлашты. Маалыматка ылайык, каттам боюнча алгачкы учак кече Ош аэропортуна конду.120 адамды камтыган "Boeing 737" үлгүсүндөгү учак учуп келген. Учакка Чыңгыз Айтматовдун ысымы берилген. Кыргызстандын Жарандык авиациясы жана Россиянын жарандык авиация тармагындагы мамлекеттик саясат департаментинин ортосунда бир жыл мурда келишим түзүлгөн. Булак: NazarNews.kg

29-октябрь 2018, 08:45 | 469
0 810

Кыргызстанда ири дарыканаларга кимдер ээлик кылып, канча салык төлөйт?

26-октябрь 2018, 15:10 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстанда жалпысынан 2500дөн ашуун дарыкана пункту бар. Бир аз мурда саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Жогорку Кеңеште депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, дары-дармек жаатында чакан бизнеси бар экенин айткан.Министрдин билдиргенине караганда, ал анча чоң эмес, үч дарыканага ээлик кылат. Бирок кийин аларды ишенимдүү башкарууга өткөрүп берген. Дарыкана бизнесинде дагы кандай аткаминерлердин "үлүшү" бар экенин билүү үчүн борбор калаада эң ири делип, эл оозуна ...

0 1189

ВИДЕО: Дастан Жумабековдун кыжырын кайнаткан аткаминер

25-октябрь 2018, 10:05 Кызгалдак Жакыпова

Айыл-чарба министрлигинин чабал иш алып баргандыгынан улам быйыл өлкө дыйкандары чоң чыгымга учурап отурушат. Мындай пикирин базарларда дүңүнөн айыл-чарба продукциясы менен соода кылгандар билдиришүүдө. Ал учурда парламентте аталган министрликтин орун-басары депутаттардан тил угуп, эл өкулдөрү министрликке канааттанбай тургандыктарын айтышууда. Түзүлгөн жагдай менен таанышууну эп көргөн президент кече айыл-чарба министри Нурбек Мурашевди кабыл алып, маселени чечүү боюнча бир ...

0 868

Аткаминерлер чет өлкөгө иш сапарга чыгуусу үчүн 622 миллион коротулат

22-октябрь 2018, 16:52 Кызгалдак Жакыпова

Парламентте аткаминерлер жылына канча каражатга чет өлкөгө иш сапарга чыгып келээри айтылды. Депутат Аида Касымалиева "мамлекеттен канча сумма аткаминерлердин иш сапарларына бюджеттен бөлүнөт же болбосо чет өлкөгө иш сапарларды төлөй турган каржы булактары тарабынан канча акча коротулаарына кызыкты. Министирликтерден бир гана тармактарды өнүктүрүү министирлери эмес. Ден-соолук, маданият жана билим министирликтери да иш сапарга канча каражат коротоорун тактап бергиле" деп суроо салды.  Мындан сырткары депутат диппаспорттор ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 470

ВИДЕО: Заманбап BMW Х7 автоунаасынын акыркы түрү чыкты

22-октябрь 2018, 09:56 Кызгалдак Жакыпова

Мюнхенде автомобиль чыгаруучу заводунан BMW автоунаасынын жаңы акыркы түрү BMW Х7 чыкты. Аталган унаа Range Rover менен Mercedes GLS унааларынан ашып түшкөндүгүн дүйнөлүк серепчилер айтып чыккан. BMW Х7 унаасы бирден бир унаа экендиги айтып, заманбап стилде чыгарылган.  Жол тандабаган BMW Х7 унаасына мурда чыгарылган Х5-тин кыймылдаткычы коюлган. Унаа чыгарган компания 16-октябрь күнү YouTube каналынын видеохостингине жарнамалык тасмасын койгон. Жарнама ...

0 406

Акыйкатчы менен “Сезим” кризистик борбору кызматташат

21-октябрь 2018, 14:46 Кызгалдак Жакыпова

Акыйкатчы институту менен “Сезим” кризистик борбору кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту. Макулдашуу документинин мөөнөтү беш жыл деп белгиленди. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди. Маалыматка ылайык, 18-октябрда акыйкатчы Токон Мамытов аялдардын жана балдардын укугун коргоо жаатында иш алып барган кызматкерлер менен биргеликте “Сезим” кризистик борборуна барып, уюмдун өкүлдөрү менен жолугушкан. Анда эки тараптуу кызматташуу ...

0 1232

Тоок жегенден корколу

16-октябрь 2018, 12:53 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстан Казакстандын тоок этин өлкө аймагына киргизбей койду эле, казак тарап бир жума өтпөй Кыргызстандын маддарынан ар кандай оорулар чыгып жатат деген шылтоо менен мал этин Казакстанга кийирүүгө тыюу салып салды. Өткөн алтынчы, дем алыш күндөрү Токмоктогу мал базарда малдын баасы түшуп, сатуучулар кыйналганы да маалым болду. Абалды оорлотуудан корккон кыргыз өкмөтү Казакстандын тоок этине болгон тоскоолдукту дароо алып салып, ...

16-октябрь 2018, 12:53 | 1232
0 755

Таласта атайын завод ачылганына карабай дыйкандар төө буурчактарын сата албай жатышат

15-октябрь 2018, 13:56 Кызгалдак Жакыпова

Талас облусундагы дыйкандар төө буурчактын быйыл көп өстүрүгөн лопатка деген сорту (ак түстө) сатылбай жаткандыгына нааразы болуп жатышат. Бакай-аталык дыйкан Алмазбек Жапаркуловдун айтымында, аталган сорттогу төө буурчагын 3 күндөн бери сата албай жатат. «Азыр тойлордун убагы. Тойго кошумча үчүн деп түшүмдүн четинен сатып жатабыз. Мына 3-4 күндөн бери Талас шаарындагы төө буурчак алуучу жайларга лопатка сортундагы төө буурчакты ...

0 433

Кыргызстан менен ЕАЭБ ортосундагы сооданын көлөмү азайды

15-октябрь 2018, 09:03 Кызгалдак Жакыпова

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2018-жылдын январь-август айларында Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттер менен соодасы 1,5 миллиард долларды түздү. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,5 пайызга төмөн. Ошол эле маалда экспорт 5,2 пайызга өсүп, импорт 6,2 пайызга азайган. ЕАЭБ курамындагы өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан менен өз ара соода-сатыктагы эң көп үлүш Орусияга (66,5%) тиешелүү. Андан кийин 31,8 пайыз менен ...

0 879

ВИДЕО: Султан Жумагуловдун ишке ашпай калган пландары

13-октябрь 2018, 11:46 Кызгалдак Жакыпова

Төртүнчү жолу узак убакытка созулган дарылануусунан кайтып келгенден кийин, жума күнү учуп келип көп өтпөй кайрадан жумушка чыгып кетти. Эртең мененки жыйынга кирбей эле коюуну туура көрүп кабинетине кирген жокмун. Себеби суроолорду берип кыйнагым келген жок. “Жийде кана?” –деп издеткен экен, чакырып алды. Кирип келсем “Жийде, автоматтык түрдө кабинетке киришиң керек да, эмнеге кирген жоксун?” –деп айтты.  Ошентип эки күн катары ...

0 431

Дүйнөлүк банк соода тирешинин күчөшүнө даярданууда

12-октябрь 2018, 09:01 Кызгалдак Жакыпова

Дүйнөлүк банк учурда глобалдык экономикага таасир этип жаткан соода тирешине “абдан кабатырланып” турганын билдирди. "Соода тиреши" дегенде ириде АКШ менен Кытай бири-биринин товарларына тарифти көтөрүп жатышканы тууралуу кеп болуп жатат. Планетадагы экономикасы эң ири эки мамлекеттин соода согушу башка өлкөлөргө терс таасир этери буга чейин да айтылган. Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) мунун айынан быйылкы дүйнөлүк жалпы өсүш мурда болжолдонгондой 3,9% ...

0 658

«Кыргызстан Кремлдин жардамына таянат» дейт

11-октябрь 2018, 16:07 Кызгалдак Жакыпова

«Кыргызстан Орусиянын жардамына жана колдоосуна таянат» деп билдирди Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков. «Биздин Орусиясыз бир нерсе кылышыбыз кыйын, экономикабыз да аларга байланган. Биз аны дайыма сезип турабыз. Биз муну ачык эле айтабыз» деди Жумабеков кечээ Анталиядагы жолугушууда. Ал жерде Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володин да бар эле. «Биз бири-бирибизге колдоо көрсөтүшүбүз керек» деп кошумчалады ал. Булак: "Азия ньюс"

0 503

Статистикадан чыккан, жөн эле суроо...

11-октябрь 2018, 12:11 Кызгалдак Жакыпова

Максим Бакиев 2009-жылы Кытайга барганда “Датка” жана “Кемин” подстанцияларын, “Датка-Кемин” электр өткөрүүчү линияны куруу үчүн протокол түзүп, 190 млн долларга курууну макулдашкан жана Келишимге кол коюшуп келген эле. Атамбаев бийликке келгенде, АШАнын кан жуткурлары «Датка” жана “Кемин” подстанцияларын, “Датка-Кемин” электр өткөрүүчү линиянын куруусуна чыгымды 389 млн. долларга көтөрүп, бир аз чаларак бүтүргөнсүп коюшту. Ошол эле жылы, Бишкек жылуулук берүүчү борборунун ...

0 469

Жакырчылык желкеден басканда...

09-октябрь 2018, 10:08 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстанда кедей жашаган адамдардын саны көбөйгөнүн Улуттук статистикалык комитети билдирди. Аталган комитет 2017-жылы жакыр адамдардын саны 1 миллион 600 миңден ашканын, булардын ичинен көбү, башкача айтканда 72%ы айылда жашагандар экенин маалым кылды. Жалпы өлкө боюнча алганда жа-кырчылыктын деңгээли 25,6%ды түзгөн. Бул дегендик, 2016-жылга салыштырганда 0,2%га көп. Минтип өлкө экономикасы өспөй, калктын турмушу жылдан-жылга төмөндөп, жакырчылык белчеден басып жатканда, биздин жетекчилер чет ...

09-октябрь 2018, 10:08 | 469
0 639

ВИДЕО: Күн өткөн сайын жогорулаган базар баасы элди нааразы кылууда

08-октябрь 2018, 18:46 Кызгалдак Жакыпова

Базарлардагы  азык-түлүктүн  наркы өткөн жылга салыштырмалуу өзгөргөн жок. Бирок, өлкөнүн социалдык-экономикалык жагдайын эске алганда, базар баасы баары бир катардагы жөнөкөй кардарлардын капчыгына оң келе бербейт.  Жарандарыбыздын айтуусунда маянанын  өлчөмү  көбөйбөй эле азык-түлүктүн наркынын жогору болушу дисбаланстын сакталбай жатканын айгинелейт. Ага ылайык  Кыргызтандагы азык-түлүктүн баасы, тургундарды канчалык канаатандырат экенин билиш үчүн сурамжылоо жүргүздүк. Күнүмдүк тиричиликте суроо-талапка ээ азык-түлүктүн бүгүнкү баалары боюнча кененирээк төмөнкү видео материалдан тааныштырабыз. Булак: NazarNews.kg  

0 489

Бюджет жана финансы комитети Өкмөт тарабынан алынган кредиттердин жана гранттардын пайдаланылышы жана аларды кайтаруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат укту

08-октябрь 2018, 16:10 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн, Бюджет жана финансы комитети Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан алынган кредиттердин жана гранттардын пайдаланылышы жана аларды кайтаруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу Өкмөттүн маалыматын укту. Финансы министри Адылбек  Касымалиевдин ырасташынча 1992-жылдан бери Кыргызстан сырттан 10млдр. долларга чукул насыя - грант алган.  Анын 72%насыя, 22%, же  2 млрд 777 млн доллары грант.  Негизги кредиторлор Кытай, Азия өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банк, Оруссия. Каражаттын басымдуу ...

0 433

“Вега” компаниясы комиссиянын чечими боюнча жооп берди

05-октябрь 2018, 20:04 Кызгалдак Жакыпова

“Вега” компаниясы арыздарды караган комиссиянын чечимине макул эмес экенин, мыйзам чегинде чечимге каршы даттанаарын “Азаттыкка” маалымдады. “Вега” компаниясынын башкы директорунун орун басары Сергей Калмыковдун атынан таратылган кайрылууда "“Маалыматтык системалардын коопсуздугу” ишканасы берген арызда негизсиз маалыматтар камтылган жана чечим “Вега” компаниясынын өкүлдөрүн чакырбай туруп, бир жактуу чыгарылганы туура эмес болгон” деп жазылат. 5-октябрда Мамлекеттик сатып алуу департаментинде даттануулар боюнча түзүлгөн комиссия “Коопсуз шаарды” ...

0 1111

Жалал-Абад облусуна ири инвестициялар тартылууда

04-октябрь 2018, 17:45 Перизат Кутманалиева

Бүгүн, Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасында күйүк бөлүмүнүн салтанаттуу ачылуу аземи болуп, кызыл тасмасы кесилди. Аземге КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Музаффар Исаков, КРнын Азирети муфтийи Максат ажы Токтомушев, Кувейт өлкөсүндөгү "Ассалам" фондунун төрагасы Абдулла Матук ал Матук, фонддун президенти Жасим Алаун, фонддун директору Набил Хамид Алаун, фонддун мүчөлөрү, медицина кызматкерлери, областтын тургундары жана ...

0 306

«Северэлектро» ААК керектөөчүлөрдү электр энергияга болгон карыздарын төлөөгө чакырат

03-октябрь 2018, 16:29 Кызгалдак Жакыпова

Бейшемби күнү, 4-октябрда,  “Северэлектро” ААК Бишкек шаарындагы төлөмдөрдү өз маалында жүргүзбөгөн 13 миң 211 турмуш-тириичлик абоненттердин электр камсыздоосун дистанциондук түрдө өчүрүүнү мерчемдөөдө. Алардын карыздары 8 млн. сомдон ашуун каржыны түзгөн. Күз-кыш мезгилинде ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн акционердик коом абоненттерди эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүү менен, төлөө тартибин сактоону сунуштайт. “Северэлектро” ААК төлөмдөрдү учур чак менен кабыл алат. «Мобильник», «QIWI», «Quickpay», «UMAI» ...

0 5630

ЭКСКЛЮЗИВ – жашыруун тасма: ТЭЦтин кышка даярдыгы жок...

02-октябрь 2018, 20:18 Кызгалдак Жакыпова

Бишкек Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) химиялык цехтин курулушу долбоорлоо документтери жок эле башталган болчу.  Өкмөт цехтин курулушун 1-октябрга чейин бүтүрүүнү тапшырган. Тилекке каршы бул тууралуу Өкмөт тараптан үн-сөз жок болгондуктан NazarNews маалымат агенттиги жашыруун тасмага алдык. Мына сага, кышкыга толугу менен даярдык жок десек болчудай. Алсак жашыруун алынган тасмада химиялык цехтин кабельдери суу астында калкып жатканын көрүүгө болот. ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 411

1700 сом пенсия алып жаткандар - токой чарбасынын чегинде жашагандар

02-октябрь 2018, 08:26 Кызгалдак Жакыпова

Токой чарбасынын коругунда жашаган адамдардын пенсиясы жарытымсыз. Анткени, алар жерге болгон салыкты жана милдетүү камсыздандырууну  төлөбөй келишет. Бул алардын аз өлчөмдөгү пенсия алуусуна алып келет. Ошондуктан, бул чукул чараларды көрө турган, ойлоно турган маселе. Буга өкмөт тийиштүү чараларды көрүүсү зарыл, - дейт Жогорку Кеңештин вице  - спикери Мирлан Бакиров бүгүн, 1 – октябрдагы “Парламент” радиосуна курган маегинде. Бүгүнкү күндө республика боюнча  ...

0 2061

Пенсия көтөрүлдү эми саякаттап чет өлкөгө чыкса болот

01-октябрь 2018, 17:47 Кызгалдак Жакыпова

2018-жылдын 1-октябрынан тарта пенсиянын көлөмү жогорулатылат. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, пенсияларды индексациялоо жыл сайын Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинде каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт. Пенсионерлердин жашоо деңгээлин мындан ары карай колдоого алуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «2018-жылдын 1-октябрынан тарта өткөн жыл үчүн жалпы көлөмү пенсионердин жашоо минимуму көлөмүнөн төмөн ...

0 527

Tөө буурчак - “Кыргызстанда жасалган” деген белги милдеттүү түрдө коюлуучу азыктардын бири

22-сентябрь 2018, 12:48 Кызгалдак Жакыпова

Төө буурчакты “Кыргызстанда жасалган” деген белгини милдеттүү түрдө коюп, органикалык продукт катары таанытуу зарылчылыгы “Ата - Мекен” фракциясынын бүгүн, 22 – сентябрдагы Талас областында өтүп жаткан көчмө жыйынында айтылды.   Жыйынга катышкан КР Каржы министринин орун басары Улукбек Кармышаковдун маалымдашынча, экспортко багытталган иштерге деп быйылкы жылга өлкө бюджетинен 100 млн. сом каралган. 2026 – жылга чейин ирригация системасын жакшыртуу багытына деп да ...

0 259

"Түндүк электр" ААК Жайыл районундагы тургундардын электр камсыздоосунун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чара көрүүдө...

21-сентябрь 2018, 15:00 Кызгалдак Жакыпова

Күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында "Түндүк электр" ААК Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Ставрополовка, Степное, Кара-Суу айылдарында 0,4 кВ аба электр чубалгыларын өзү кармалып туруучу изоляцияланган зымдарды колдонуу менен реконструкциялоодо. Бул тууралуу маалыматты NazarNews.kg маалымат агенттигине "Түндүк электр" ААК басма сөз кызматы билдирди.  Өзү кармалып туруучу изоляцияланган зымдар кичине салмакта болот жана  кардын жабышып, тоңуп калуусуна туруктуу, катуу шамалдын тирөөчкө болгон таасирин ...

0 1820

Мирлан Эсенгулов, Талас шаардык кеңештин төрагасы: “Мэрди кетирүүнүн аракетин көрүп жатабыз”

18-сентябрь 2018, 16:44 Перизат Кутманалиева

--Мирлан Ишенбекович, шаардын мэри Айдар Жусупбековду кызматтан ала албай 3 жолу тең кворум жок, чогулта албай убара болуп жатканыңыз боюнча сөз тарады. Мэрди кетирип өз кишиңизди коеюн деп атасызбы? --«3 жолу кворум болгон жок»-деген сөз жалган маалымат. А мэрди кетирүү аракети болуп жатканы чындык. Бирок, Республика Ата Журт фракциясы мэрдин маселесин чечүүгө каршы болуп, жыйынга келбей жатышат, анткени мэр ошолордун квотасы ...

0 543

Депутаттар учурда таза суунун тарифи өтө төмөн болуп жатканын айтышып, аны бара-бара 100 пайызга чейин көтөрүү зарылдыгын белгилешти

17-сентябрь 2018, 12:58 Кызгалдак Жакыпова

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Жалал-Абад шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо” долбоору боюнча Гранттык жана Кредиттик макулдашуулардын долбоорлорун жактырды. Белгилей кетсек, аталган долбоор 2011-жылдан тарта иштей баштап, азыркы учурда ал толугу менен бүткөрүлдү. Ошондон улам, азыр анын экинчи фазасын баштоо зарыл. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы бул ...

0 663

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын кызматкерлерине эки кылмыш иши козголду

13-сентябрь 2018, 15:18 Перизат Кутманалиева

Кыргызстандын Транспорт прокуратурасы "Кыргызтемиржолу" ишканасынын кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 221 ("Коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктардан аша чабуусу"), 173-берене ("Алдоо жана ишенимге кирүү менен мүлккө зыян келтирүү") менен кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Азаттык билдирди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 13-сентябрда кабарлады. Маалыматка караганда, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн иликтөөдө 2018-жылдын 1-январынан 30-апрелине чейин "Бишкек-Москва-Бишкек", "Бишкек-Новокузнецк-Бишкек", ...

0 474

ФОТО - «Северэлектро» ААК кошумча трансформатордук көмөкчордондорду орнотууда...

12-сентябрь 2018, 12:52 Кызгалдак Жакыпова

Берилген электр энергиянын сапатын жакшырлатуу жана ашыкча жүктөм менен иштеген трансформатордук көмөкчордондордун жүктөмүн азайтуу максатында«Северэлектро» ААК Бишкек шаарына жана Чүй, Талас облустарына кошумча трансформатордук көмөкчордондорду орнотууда. Бул жумада Бишкек шаарынын Элебесов/Васильев көчөлөрүнүн кесилишине ар бири 630 кВА кубаттуулуктагы эки трансформаторлуу шаардык типтеги кошумча трансформатордук көмөкчордон орнотушту. “Эски бетон корпусундагы трансформатордук көмөкчордон 1952-жылдан баштап иштеп келген жана Васильев, Элебесов, Маяковский, Фирсов көчөлөрү ...

0 654

Кытай насыясынын кыстоосу алдыда

01-сентябрь 2018, 11:30 Кызгалдак Жакыпова

Британиялык "The Sun" басылмасы Кытай кичине, жарды өлкөлөргө насыя берүү менен жылма экспансия саясатын жүргүзүп жатканын жазып чыкты. Кытай жакыр жана чакан өлкөлөргө өтө көп суммада насыя берип, үстөмдүгүн орнотуп жатканын британиялык "The Sun" басылмасы өткөн жумалардагы санында жазып чыкты. Анда Бээжинге көз карандылыгы күчөп бараткан Пакистандан тартып Африкадагы Жибути, Мавритания сыяктуу өлкөлөр да аталган. Басылма алардын катарына 1.5 миллиард доллар карызы ...

0 351

Тышкы карыз тыбырчылата баштады...

31-август 2018, 10:05 Кызгалдак Жакыпова

«Эгемендүүлүгүбүзгө 27 жыл толду» деп ооз толтурганыбыз менен кийинки жылдан тарта мамлекеттик карызга кетчү каражаттын суммасы кескин өсө башташы мүмкүн. Мындай жыйынтыкка республикалык бюджеттин 2019-жылга карата долбоору жана 2020-2021-жылдарга божомолу менен таанышып жатып келүүгө болот. Документке ылайык, быйыл бул максаттар үчүн 20 миллиард 56 миллион сом каралган. Кийинки жылы карызга 28,3 миллиард сом бөлүү пландаштырылууда. 2020-жылы 29,4 Миллиард болсо, 2021-жылы 36,5 миллиард сом ...

0 373

Кумтөрдүн келишим шартын кароо кечеңдеди

28-август 2018, 10:08 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстандын өкмөтү канадалык "Центерра" компаниясы менен былтыр кабыл алынган экологиялык стратегиялык келишимдин шарттарын кайра кароонун мөөнөтүн эки айга, тагыраагы 2-ноябрга чейин узартты. "Центерра" компаниясы расмий сайтында аталган макулдашууну аткаруу мөөнөтү узартылганын жарыялады. Буга чейин өкмөт макулдашууну аткаруу мөөнөтүн 24-августка чейин токтотуп туруу чечимин кабыл алган. Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасы боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчилиги макулдашуунун шарттарын кайра кароо эмнеге кечеңдеп жатканы ...

0 1206

Сокулукта жол куруудан ири сумма мыйзамсыз иштетилгени кабарланды

24-август 2018, 13:28 Кызгалдак Жакыпова

Чүй облусунун Сокулук айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары жол салууга бөлүнгөн каражаттан 1 миллион 729 миң сомду өөнөп, мамлекеттик бюджетке зыян келтиришкени аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) кабарлады. Анда айтылгандай, аталган айыл өкмөт асфальтбетондук жана кум-шагыл аралашмасы менен жолдордун үстүн жаап, оңдоо боюнча кызмат көрсөтүү иштерине 2017-жылы тендер өткөргөн. Анын натыйжасында “К.К.” фирмасы менен 6 миллион ...

0 3973

Сайкалдын жеке жашоосу көпчүлүктү күйгүлтүккө салууда

24-август 2018, 12:04 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз эстрадасынын жаркыраган жылдызы Сайкал Садыбакасованын жеке жашоосу учурда интернет айдыңында өт кызуу талкуу жаратууда. Кимдин эмне менен алек болуп жатканы, кимдин депрессияда жүргөнү, кимдин эмне тамак жегенине чейин социалдык тармактар аркылуу гана диагноз коюп калган заманда, Сайкал жана жолдошу Максаттын жеке баракчаларындагы бирге түшкөн сүрөттөрү жок экендигине карап күйөрмандары алардын ажырашып кетишкен деген жыйынтык чыгарышууда. Бул тууралуу түгөйлөр маалымат азырынча эч ...

0 878

Түндүк-Түштүк жолун куру долбоорунда 1 кг цемент 75 сомдон сатылып жаткандыгы тууралуу маалымат тура эмес

23-август 2018, 11:41 Перизат Кутманалиева

Nazarnews.kg сайтына "Түндүк-Түштүк жолундагы жемкордук: 1 кг цементти 75 сомдон сатып алышкан" деген темадагы макала жарык көргөн. Nazarnews.kg сайтындагы жана башка жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылган Түндүк-Түштүк жолун куру долбоорунда 1 кг цемент 75 сомдон сатылып жаткандыгы тууралуу маалымат тура эмес. Келишимдин алкагында цемент боюнча өзүнчө баа каралган эмес. Цементтин наркы даяр бетон конструкциясынын жана буюмдарынын  1м3 көлөм баасына кирет. Бул ...

0 433

Каржы полициясы: коррупция менен күрөштөн дагы 7 млн. сом түштү

23-август 2018, 11:11 Перизат Кутманалиева

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (Каржы полициясы) Бирдиктүү депозиттик эсепке дагы 7 410 504 сом которду. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат бөлүмү Азаттыка кабарлады. Ушуну менен жемкорлордон өндүрүлгөн акча үчүн ачылган эсепке бул кызмат которгон сумма жалпы 150 787 732 сомду түздү. Финансы министрлигинин 16-августтагы маалыматына ылайык, коррупция менен күрөштөн өндүрүлгөн каражаттар топтолчу бирдиктүү эсепке 345 млн. 63,5 миң сом ...

0 788

ЕАЭБ: Орусия Кыргызстанга азык-түлүктөрдү кайра кайтарууда

16-август 2018, 12:20 Перизат Кутманалиева

Орусия жыл башынан бери Кыргызстандан барган 300 тоннадай жашылча менен мөмө-жемишти артка кайтарды. Буга чейин Казакстан да 47 жолу азык-түлүктү Бишкекке кайра жөнөткөн. Буга товарлардын фитосанитардык сертификаттары жараксыз жана талапка жооп бербегени себеп болгон. Тийиштүү органдар Евразия Экономикалык Биримдигинин талаптары тууралуу ишкерлер эскертилип жатканын билдиришүүдө. Соңку эки күн ичинде эле Орусияга дагы 43 тонна жашылча жана жемиш (жүзүм, кулпунай, жаңгак ж.б.) киргизилген ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 697

Кыргызстанда доллардын сомго карата курсу 1,6% өстү

16-август 2018, 10:03 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстанда 10-августтан бери доллардын сомго карата курсу 1,6 пайызга өстү. Ошол эле учурда доллардын орус рублине карата курсу 6% көтөрүлгөн. Бул тууралуу "Азаттыкка" Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди. Апта башында орус рублинин долларга карата куну мурдагыдан да түшүп, Москва биржасында бир доллардын баасы 68 рублдан ашкан. Бул соңку эки жыл ичиндеги эң жогорку көрсөткүч. Рубль менен бирге Түркиянын улуттук ...

0 836

«Альянс Алтын» АИФ жана таштанды калдыктарды калктуу пункттардын жанына курабы?

15-август 2018, 16:02 Перизат Кутманалиева

Эколог: Норманын бузулушу айыл чарба продукцияларынын жабыркашына алып келет Экология - өтө аялуу нерсе жана бул маселе дайыма курч бойдон келе жаткан маселе. Айрыкча кен байлыктарды иштетүүгө келгенде бул маселеге кайрылууга аргасыз болушат. Ошондуктан алтын иштетүүчү фабрика сыяктуу обьекттердин курулушунда бардык стандарттарды сактоо зарыл. Айрыкча анын колдонуу технологиясына жана анын кесепеттерине көңүл бурууну талап кылат. Мисалы, «Альянс Алтын» компаниясы ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83