www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экономика
0 3759

КТРКнын радиотелецентри 120 миң сомго даарат кагазын сатып алат

15-август 2018, 14:50 Перизат Кутманалиева

КТРКга караган “Республикалык радиотелецентр” мамлекеттик ишканасы 120 миң сомго даарат кагазын сатып алат. Бул боюнча ишкана жөнөкөйлөтүлгөн ыкма менен сатып алууга тендер жарыялаган, документтер КТРКнын дарегинде Жаш Гвардия бульвары, 59 дарегинде кабыл алынат. Бул акчага базар баасында 1200дөн 2000 пачкага (ар бир пачкада 10 даанадан) чейин даарат кагазы келет. Бирок, КТРКда иштеген кызматкерлер менен кирип-чыккан адамдар анын дааратканаларында эч качан ...

0 812

Шымыңдын арты жыртык болсо да, эл аралык деңгээлде мактануу, куру намыс баарынан жогору тура

15-август 2018, 11:38 Кызгалдак Жакыпова

Жаңы бийлик менен өкмөт эл менен мамлекеттин ырыскысын жеп куруткан коррупционерлерге каршы аёсуз күрөш жүргүзгөндүгү колдоого аларлык көрүнүш. Бирок өлкөбүздүн ички жана сырткы карызы ачыган камырдай күндөн-күнгө көбөйүп, Кыргызстан дефолт абалына жакындап калды. Каржы министрлигинин быйылкы жылдын июнь айына карата берген маалыматы боюнча, Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызынын өлчөмү 4 млрд. 411,03 млн. АКШ долларын түзгөн. Мунун ичинен тышкы карыз 3 ...

0 694

Улуттук банк: доллардын курсуна байланыштуу дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок

14-август 2018, 13:21 Перизат Кутманалиева

Кыргызстанда доллардын курсунун жогорулашына байланыштуу дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок. Бул тууралуу Улуттук банктын өкүлү Аида Карабаева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, акыркы күндөрү доллардын курсунун жогорулашына АКШнын Орусияга карата экономикалык санкцияларды киргизгени жана дүйнөлүк базардагы мунай баасынын төмөндөшү себеп болууда. - Дал ушул факторлор сомдун курсуна таасирин тийгизүүдө. Бирок бул убактылуу нерсе. Кыргызстанда суроо-талап менен сунуш тең салмакталган. Биз абалды талдап жатабыз. Биздин ...

0 676

Сүрөт - “Северэлектро” ААКнын тармактарына мыйзамсыз кошулган курулуштардын электр энергиясы өчүрүлдү...

14-август 2018, 12:51 Кызгалдак Жакыпова

10-августта, “Северэлектро” ААКнын Бишкек шаары боюнча электр энергия сатуу кызматынын адистери Чыгыш райондук электр тармактарынын электр куроочулары менен биргеликте Маевка айылындагы Теңдик конушу тараптагы 60 чукул үй курулуштардын электр энергиясын өчүрүштү. Аталган тургундардын электр камсыздоого тиешелүү документтери жок болгондуктан, электр энергия тартыла элек болчу. Бирок, бул жердин жашоочулары бул маселени башкача чечишкен: алар мыйзамсыз түрдө “Северэлектро” ААКнын тармактарына кошулуп, ...

0 596

Күнболот Момоконов: Биз эмнеге ишенебиз? Мигранттаргабы? Же жер байлыктары кайра өсүп чыгат депби?

13-август 2018, 11:28 Перизат Кутманалиева

Кыргызстандын сыртта жүргөн мигранттары өлкөгө бир жылда 1 млрд.долларга жакын акча киргизди. Ал эми Жер үй кени 100 млн.доллар берип, майда-чүйдө акчалар менен кыргыз өкмөтүн үмүтт эттирип жатат. Текейден арзанга кеткен Жерүй кени экологиялык маселеси жагынан алып караганда, кенди таптакыр иштетүүгө мүмкүн эмес. Көп маселени чечүү керек. Кечээ КТР дүйнөдөгү экологиянын азыркы абалы боюнча документалдуу фильм көрсө. Ал ...

0 568

Сүрөт - «Северэлектро» ААКда 110 кВ кабель убалгысын тартуу боюнча иштер соңуна чыгып калды…

09-август 2018, 17:05 Кызгалдак Жакыпова

«Северэлектро» ААКда 110/35/6 (10) кВ чыңалуусундагы «Бишкек» көмөкчордонуна «ТЭЦ-Бишкектен» чыңалуу бериш үчүн 110 кВ кабель чубалгысын тартуу боюнча иштер соңуна чыгууда. Эске салсак, «Бишкек» көмөкчордонунун ишке киргизилиши менен 40 МВт чейинки жалпы кубаттуулукту түзгөн кайра киргизилип жаткан объектилер электр тармактарга кошула алат. 110 кВ кабель чубалгысынын курулушу 90-жылдардын аягында каралган. Ошондо эле Кыргызстандын борбор калаасында электр энергиянын дефицити божомолдонгон Курулуп жаткан кабель ...

0 676

«Пьяный Мастер» кличка аталган Казаковго участканын башчысы болуу аздык кылды

09-август 2018, 14:09 Кызгалдак Жакыпова

Болгону мурунку Өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлк фондусу камалып жаткан Б. Казаков убагында кызмат абалынан пайдаланып бир тууган иниси Талант Казаковду өндүрүштү башкаруга, кыргызалтын биринчи орун басары кылып алган. Көрсө, Талант Казаков өзү жер курутуп, мурун эле атагы чыгып «Пьяный Мастер» кличка аталган экен. «Макмалалтын» комбинатта мас болуп ишке барып бир далай жумушка залакасы тыйгизген үчүн мурунку макмалдын деректору Нурлан Исаковдон ...

0 389

Эл аралык компания Кыргызстандагы көмүскө экономиканы изилдейт

09-август 2018, 08:59 Перизат Кутманалиева

Экономика министрлиги Европанын реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын колдоосунда Кыргызстандагы көмүскө экономиканын масштабын иликтейт. Министрлик кабарлагандай, изилдөө жүргүзүү укугу тендерде утуп чыккан эл аралык "Pricewaterhause Coopers LLP" компаниясына тийди. Эксперттер көмүскө экономиканын негизги себептерин иликтеп, аны азайтуунун жолдорун сунуш кылышат. Анын жыйынтыгы менен Экономика министрлиги 2019-2020-жылдарга карата иш мерчемин түзүп чыгат. Министрлик көмүскө экономиканын көлөмү дагы эле чоң экенин белгилейт. Статистика комитетинин маалыматы боюнча ...

0 555

Катуу тартип, жоопкерчилик болбосо ал өлкөдө “сормо саз” пайда болот

02-август 2018, 18:49 Перизат Кутманалиева

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын күнөстүү жергебизде өткөрүлүшү боюнча не деген тасмалар тартылган жок да, не деген сонун пикирлер жаадырылбады дейсиң? Чынына келсек эки ирет кыргызстандын кооз табигатына жарашкан көчмөндөр оюндарынан алган таасирлеринен улам бөтөн элдин агымы мындан ары калыңдаарына күмөн саноого болбойт деп кесе айтууга негиз бар. Улуттук дөөлөттөрдүн, нарк-насилдин, көөнөрбөс буюм-тайымдардын, конок тосуунун, ачык пейилдин тартуу кылынганы улуу жеңиштердин башаты ...

0 506

Мөлтүлдөйт кыргыз сымабы

02-август 2018, 10:49 Перизат Кутманалиева

Кыргызстандын Түштүгүндөгү Кадамжай сурма жана Айдаркен сымап комбинаттары Союздун учурунда Ош областынын бюджетинин 70 пайызын толтуруп даңкы далайга кеткен түстүү металлургия тармагынын ири ишканаларынан эле. Эки ишкана тең Эмгек Кызыл туу ордени менен сыйланып, республикалык, союздук мелдештерде алдыңкы орунга чыгышып, Ардак такталарга жазылып келишкен. Улуу Союз ураган соң менин жеке баамымда биздин ушундай алдыңкы ишканаларга чет элдик ниети кара адамдар суук ...

02-август 2018, 10:49 | 506
0 676

Chaarat Gold Кумтөрдү сатып алгысы келет

20-июль 2018, 16:45 Кызгалдак Жакыпова

Chaarat Gold компаниясы Кумтөрдү сатып алгысы келет. Компаниянын жаңы дайындалган жетекчиси Артем Волынц Кыргызстандагы эң ири алтын кенди Канаданын Centerra Gold Ink компаниясынан сатып алып, аны өзүнүн бизнес-структурасына бириктирүүнү көздөйт. Кумтөр үчүн ал “Центеррага” 800 млн доллар сунуштаган. Бирок, канадалыктардан азырынча оң жооп ала элек, тескерисинче алар бул сунушту “спекуляция” деп атоодо. Ага карабай Волынц өз максатынан кайтпашын айтат. Волынцтын ...

0 389

Коррупциялык кылмыштардан кайтарылган каражаттар үчүн ачылган эсепке 168,5 млн сом которулду

Буга чейин президент С. Жээнбековдун демилгеси менен коррупцияга каршы күрөштөн кайтарылган каражаттарды которуу үчүн финансы министрлиги өзүнчө депозиттик эсеп ачканы. Мына ушул эсепке бүгүнкү күнгө чейин УКМК менен Башкы прокуратура 168,5 млн сом которушканы белгилүү болду. 18-июль күнү Башкы прокуратура кезектеги 20 млн 324 миң сом акча каражатын атайын эсепке которду. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди. Буга чейин 11-июлда ...

0 502

Тышкы карыздын көлөмү ички дүң өнүмгө карата 53,9% жетти

12-июль 2018, 15:40 Айдар Нуралиев

Кыргызстандын тышкы карызынын жалпы көлөмү 2017-жылдын соңуна карата 4 миллиард 80 миллион долларды түздү. Бул тууралуу бүгүн Эсеп палатасынын басма сөз кызматы билдирди. Бул тууралуу Азаттык маалымдады. Мекеме тараткан маалыматта бул сан ички дүң өнүмгө карата 53,9% түзөрү, карыздар өз убагында төлөнүп жатканы айтылат. Көп тараптуу насыялардын 89% Дүйнөлүк банкка, Азия өнүктүрүү банкына жана Эл аралык валюта фондуна туура келет. Ал эми эки ...

0 821

Балыкчы-Корумду жолунун курулушу боюнча кылмыш иши козголду

04-июль 2018, 16:11 Айдар Нуралиев

Балыкчы-Корумду автоунаа жолунун курулушуна байланыштуу кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. Мекеме тараткан маалыматта атайын кызмат менен бирге жүргүзүлгөн териштирүүнүн натыйжасында Жол чарба департаментинде Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата – Корумду автоунаа жолун реконструкциялаш үчүн консультанттарды тартууда бюджеттик каражатты мыйзамсыз пайдалануу схемасы аныкталганы айтылат. Тагыраагы – 2015-жылдын 17-декабрында аталган департамент консалтинг кызматын көрсөтүүчү компаниялардын бири ...

0 645

Түндүк-түштүк жолу да коррупция жыттанат

04-июль 2018, 10:44 Айдар Нуралиев

Бийлик алмашкандан бери экс-президент А.Атамбаевдин доорундагы ири курулуштардан жеп-ичкен фактылар аныкталып, чет өлкөлөргө качууга үлгүрбөгөн чиновниктер камалып жатышпайбы. Андыктан Бишкек ЖЭБинен кийинки эле ири коррупциялык схема альтернативалуу түндүк-түштүк жолу болору айтылууда. Ал тургай жалпы баасы 800 млн. долларды чапчып, Кытайдан алынган кредиттин 600 млн. доллары “олжолонуп” кеткендиги тууралуу айтылып кетти. Эл оозундагы бул имиштер Парламенттин депутаттарына да жетип, ЖК Транспорт, ...

0 607

РусГидро кыргыз өкмөтүн Гаага сотуна берээрин айтып коңгуроо какты

02-июль 2018, 16:39 Кызгалдак Жакыпова

Бул боюнча «РИА Новости» агенттиги "Русгидро" Кыргыз Өкмөтүн Гаага сотуна берээрин эскерткенин, компаниянын башчысы Николай Шульгиновго шилтеме кылуу менен жазып чыкты. Анда белгилүү болгондой, "Русгидро" жакында Кыргызстандагы Жогорку-Нарын ГЭСтеринин курулушу боюнча келишимдин токтотулушу боюнча эл аралык арбитраждык сотко кайрылганы жатыптыр. Бул боюнча Шульгинов: «Кыргыз тараптын чакыруусу менен эртең-бүрсүгүнү биздин делегация сүйлөшүүнү улантууга барат. Албетте, биз жакшы жыйынтыкты күтүп жатабыз. Бирок, ошол ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 868

Автоунааны жеңилдетилген шартта кайра каттоо мөөнөтү бүгүн аяктоодо

02-июль 2018, 11:42 Айдар Нуралиев

Кыргызстанда ишеним кат менен айдап жүргөн автоунааларды жеңилдетилген шартта кайра каттоо мөөнөтү бүгүн аяктоодо. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов билдирди. Анын айтымында, бүгүн каттоо бекеттери кечки саат 10го чейин иштейт. Бул тууралуу Азаттык маалымдады. Үч айлык жеңилдетилген мөөнөт апрелде башталган. Өнөктүк учурунда автоунаанын техпаспортуна акы алынбай турганы, мурунку мамлекеттик номери калтырылары, мамлекеттик төлөм 1%дан 0,1% төмөндөру ...

0 564

“Северэлектро” ААК 0,4 кВ чыңалуусундагы аба электр чубалгыларын өзүн өзү изоляциялаган зымдарды колдонуу менен реконструкциялоону улантууда...

27-июнь 2018, 20:38 Айдар Нуралиев

“Северэлектро” ААК 2018-жылдын оңдоо иш-чараларынын чегинде Бишкек жана Талас шаарларындагы, Чүй облусунун көйгөйлүү участокторундагы 0,4 кВ аба электр чубалгыларын өзүн өзү изоляциялаган зымдарды колдонуу менен реконструкциялоодо. “Северэлектро” ААК боюнча 2018-жылдын 1-июнуна 23, 6 чакырым аба электр чубалгылары өзүн өзү изоляциялаган зымдарга алмаштырылды. Жалпысынан, быйылкы жылы акционердик коом боюнча 437,4 чакырым чубалгыларынын алмаштырылышы мерчемделген, анын ичинен: Бишкек шаарында-180 чакырым, Чүй облусунда ...

0 424

Салыктык эмес кирешелер боюнча укук актыларын бир кодекске топтоштуруу демилгеси сунушталууда

26-июнь 2018, 15:41 Айдар Нуралиев

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети өлкөнүн каржы саясатын заман талабына ылайык келтирүү максатында жаңыдан иштелип чыккан Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекстин долбоорун жактырды. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди. Каржы министрлигинин маалыматына караганда, салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзам азыркы учурдун талабына жооп бербей калган, ошондон улам салыктык эмес кирешелерге байланыштуу мыйзамдарды бир кодекске топтоо зарылдыгы келип ...

0 656

Иштамбердидеги алтын уурдоо боюнча кылмыш иши кайра жанданды

26-июнь 2018, 14:05 Айдар Нуралиев

Ала-Бука районундагы Иштамберди кенинде мыйзамсыз алтын казуу фактысы боюнча быйыл февраль айында козголгон кылмыш иши кайра жанданды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов билдирди. Бул тууралуу Азаттык билдирди. Маалыматка ылайык, кенди иштеткен кытайылык “Фулд Голд Майнинг” ишканасы быйыл 20-февраль түнү Чаткалдын Кызыл-Токой айылынын элүүдөй тургуну келип, өзүм билемдик менен кен казып кеткени жөнүндө милицияга арыз жазган. Бул ...

0 738

Эки облус талашкан цемент заводу

25-июнь 2018, 16:21 Айдар Нуралиев

Ош жана Баткен облустарынын ортосунда "Түштүк-кыргыз цемент" заводунан түшчү салыктын айынан андагы жер аянтына ээлик кылуу маселеси кайрадан талашка түштү. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди. Парламентте цемент заводу турган жерди Ош облусуна өткөрүү боюнча токтом Баткендин кызыкчылыгын басмырлап, аймактык ажырымга алып келүүчү аракет катары сынга алынды. Буга байланыштуу өкмөт ал токтомду чакыртып алды. Ошол эле учурда Ноокат районунун коомчулук өкүлдөрү цемент заводу ...

0 804

Сүрөт - Жер өтмөгүнө капсула салынды

21-июнь 2018, 17:13 Айдар Нуралиев

Жалал-Абад шаарынын тарыхында биринчи жолу башталган жер асты өтмөгүнүн жертөлөсү даяр болуп, анын корпусунун курулушу расмий башталды. Бүгүн КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев, шаардык кеңештин төрагасы Айбек Жолдошев баш болгон жетекчилер, депутаттар, коомчулук өкүлдөрү курулушка капсула салуу иш-чарасына катышышты. Бул иш-чара учурунда облустун жетекчиси жер асты өтмөгүнүн курулушу облус борбору эсептелген Жалал-Абад ...

0 604

“Кумтөргө” эч кимдин алы жетпейби?

21-июнь 2018, 13:28 Айдар Нуралиев

Кимдер гана айтылуу “Кумтөрдүн” тегерегинде сөз кылган жок дейсиң? Бири элге зыянынан башка пайдасы жок десе, кай бир окумуштуулар, коомдук ишмермин деп өпкөсүн каккандар бул кендин бизге тийгизген финансылык таасири чоң деп көзкөрүнө кетменин жерге ныгыра чаап келди. Азыр деле “Кумтөр” боюнча эки жаат болмойлор улантылып келет. Ал эми алтындын “даамы” тургай чылгый өңүн көрө элек жай турмуштагы тургундар өзүнүн ...

0 611

2018-жылдын май айында “Северэлектро” ААК абоненттери электр энергияга болгон карызын 114,7 млн.сомго төмөндөттүү

“Северэлектро” ААКнын абоненттеринин электр энергияга болгон карызы  биринчи июнь айына 572,7 млн. сомду түздү. Май айында керектөөчүлөр электр энергияга болгон  дебитордук карызын 114,7 млн. сомго же 20 % төмөндөтүштү. Бул тууралуу маалыматты “Түндүкэлектр” ААК Басма сөз кызматы билдирди.  Анын ичинен энергетиктер алдындагы карызын калк категориясы 78,6 млн.сомго же 23%; башка керектөөчүлөр  - 15,9 млн. сомго же 18,1 % бюджеттик уюмдар – 13,9 млн.сомго же 15,6 ...

0 4221

Жолдошбаев атайын эсепке 1 млн. сом которо турганын айтты

19-июнь 2018, 15:01 Айдар Нуралиев

Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев мамлекетке жардам бергиси келгендер үчүн атайын эсеп ачылса, 1 млн. сом которот. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” билдирди. Депутат демилгени башка депутаттар да колдоп жатышканын кошумчалады. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди. Өткөн аптада премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламент жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Жылдыз Мусабекованын суроосуна жооп берип жатып атайын эсеп ачыла турганын билдирген. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек ...

0 668

Иштамберди кенин иштетүүгө каршы жыйын өтүп жатат

18-июнь 2018, 14:25 Айдар Нуралиев

Ала-Бука районундагы Кызыл-Токой айылында Иштамберди кенин иштетүүгө каршы жыйын өтүп жатат. 100дөн ашуун киши катышкан жыйында цианид колдонбоо, жумушчуларга шарт түзүп берүү тууралуу талаптар айтылууда. Мындан сырткары митингдегилер маселе көтөрүп чыккан балдарды бийлик коркутуп койгонун айтып жатышат. Ага Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев катышууда. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди. Буга чейин Экотехинспекциянын Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондору боюнча башкармалыгынын өкүлү Абасбек Мизамбеков ...

0 626

ВИДЕО - "Мегакомдун" жетекчилери 10-20 миң доллардан айлык алат

14-июнь 2018, 12:32 Айдар Нуралиев

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов "Мегаком" мамлекеттик ишканасынын жетекчилерине эмненин негизинде жогорку айлык коюлганына кызыкты. Бул тууралуу Азаттык билдирди. - "Мегакомдо" иштеген 1500 кишинин орточо айлыгы 66 миң сом экен. Ал эми жетекчилеринин айлыгы 20 миң долларга чейин экен. Кандай көрсөткүчтүн негизинде мындай айлык коюлган? Ишкананын демөөрчүлүк чыгымдары бир жылда 40 млн. сомго жакын экен. Мендеги маалымат боюнча бул акчаны өз ...

0 717

Иштамберди кенин жабууну талап кылган митинг өттү

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука-Чаткал жолундагы Иштамберди кенин иштетүүгө каршы жергиликтүү тургундар митингге чыгышты. Бул маалыматты Ала-Бука районунун акими Эмилбек Абдыкадыров “Азаттыкка” ырастады. Анын айтымында, митингге чыккандар менен өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев жолукту. Жергиликтүү тургун Бекжан Станбековдун билдиришинче, митингге чыккан 200-300дөй адам ишкана мыйзамсыз иштеп жатканын белгилеп, экологиялык зыяндарын текшерүүнү жана элге компенсация төлөп берүүнү, зыяндуу заттарды колдонууга тыюу салууну жана калдыктарды башка ...

0 932

Финпол: Аткезчилик менен кирген кымбат баалуу автоунаа кармалды

12-июнь 2018, 10:47 Айдар Нуралиев

«Lexus GX470» үлгүсүндөгү автоунаа мурда ашкереленген коррупциялык схемалар боюнча аткезчилик менен Кыргызстанга киргизилгени аныкталды. Бул тууралуу өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирди. Маалыматка караганда, «Lexus GX470» машинеси жасалма документтер менен 2017-жылы кирип, Каракол шаарында каттоодон өткөн. Кылмышты жаап-жашыруу максатында мамлекетик тиешелүү органдарда бир нече жолу кайра каттоодон өткөрүлгөн. 2007-жылы чыккан машине 1-июнда Бишкектен кармалган. Аны алып кирүүдөн мамлекеттик бюджетке ...

0 601

ТИКА тарых музейиндин сырткы бөлүгүн кайра оңдоп жатат

11-июнь 2018, 18:24 Айдар Нуралиев

Түркиянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (ТИКА) Бишкектеги Кыргыз улуттук тарых музейинин сырткы тарабын кайрадан оңдоп жатат. Бул тууралуу президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысы Мира Карыбаева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, азыркы учурда музейге суу агып, түрк тарап аны оңдоого кайрадан конкурс жарыялады. Бул тууралуу Азаттык билдирди. Буга байланыштуу Карыбаева музейдин расмий ачылышы качан болору белгисиз экенин кошумчалады. Жогорку ...

0 644

Улуттук банктын резервинде 6,9 тонна алтын бар

11-июнь 2018, 11:39 Айдар Нуралиев

Улуттук банктын алтын-валюта резервинде 6,9 тонна алтын сакталып турат. Бул тууралуу аталган банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов парламенттин бюджет боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, алтын резервине Кыргызстандан өндүрүлгөн алтын сатып алынат. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди. Абдыгулов 2015-жылы төрт тоннадан ашык алтын болсо, акыркы эки жылда резервдеги алтындын көлөмү көбөйгөнүн маалымдады. Ошондой эле Абдыгулов банк былтыр каржылык интервенциялардын эсебинен 2 миллиард сом ...

0 688

Финпол 53 млн сомдук салык жашырган компанияны аныктады

11-июнь 2018, 11:06 Жазгүл Урманбетова

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Бишкектеги компаниялардын бири салык жашырып жүргөнүн аныктады. Бул тууралуу аталаган кызмат Азаттыка кабарлады. Маалыматта айтылгандай, кызмат салык мыйзамдарын аткаруу боюнча текшерүү жүргүзгөн. Анын алкагында, «А.К.» деп аталган жоопкерчилиги чектелген коомдун 53 миллион сомдон ашык салыкты жашырып жүргөнү аныкталган. Бул боюнча Кылмыш кодексинин “Чарба жүргүзүүчү субъекттердин кызмат адамдарынын ири өлчөмдө салыктарды төлөөдөн ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 491

Сүрөт - Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын кызматкерлери күз-кыш айларына болгон камылгаларды көрүп жатат

11-июнь 2018, 09:58 Айдар Нуралиев

Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын кызматкерлери эки бригадага бөлүнүшүп 110/35-6-10 кВ “Жалал-Абад” көмөк чордонунан чыккан Пионерский 2 фидеринде иш жүргүзүшүүдө.  Жалал-Абад шаарындагы Чехов көчөсүндөгү 6 кВ чыңалуудагыэлектр аба чубалгыларына тоскоолдук жараткан бак-дарактарды бутап жатышат, ал эми экинчи топ ушул эле көчөдөгү электр мамычалардагы эскирген изоляторлорду жаңы изоляторлорго алмаштырышууда. Пландын негизиндеги утурумдук оңдоп-түзөө жумуштары да кошо жасалууда. Мындай иш-аракеттер аталган шаардын ...

0 1326

Абылкайыр Узакбаев “ээри жок атка минип калгандай” болгон акимдер тууралуу

09-июнь 2018, 16:02 Жазгүл Урманбетова

“Аймагында базарлары бар айылдардын бюджети 10 эсеге чейин жогорулаган фактылар бар”, - дейт депутат Абылкайыр Узакбаев “Өнүгүү - Прогресс” фракциясынын  Ош шаарында өтүп жаткан көчмө жыйынында. Аталган иш чарада аймактарда жумуш орундарын түзүү суроосу талкууланып жатат. Депутат ошондой эле “ээри жок атка минип калгандай эле” кызматка кокустан келип калган акимдердин иштөө ыкмасына токтолду. Алардын ыңгыранган ыкшоолугун жоюу үчүн акимдердин ишмердүүлүгүн ...

0 759

Кыргызстан-Кытай темир жолу боюнча эксперттер Бишкекте жолугат

09-июнь 2018, 13:02 Айдар Нуралиев

Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча жумушчу топ жай айларында Бишкекте чогулат. Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиевдин “Азаттык” радиосуна билдиришинче, учурда темир жолдун багыты менен өтмө базаны тактоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди. Кыргызстан Торугарт - Ат-Башы - Ак-Талаа, Тогуз-Торо - Жалал-Абадды аралап өтө турган багытты сунуштады. Жолдун жалпы узундугу 433 чакырым. Үгүткө өтмө база куруу пландалган. Кыргызстанды Кытай ...

0 1015

Жол оңдоо тармагы боюнча 33 кылмыш иши козголду

09-июнь 2018, 11:21 Жазгүл Урманбетова

Башкы прокуратура тарабынан автоунаа жолдорун куруу, оңдоо иштери боюнча жалпы 33 кылмыш иши козголуп, андан мамлекеттик казына 222 млн. сомго зыян тарткан. Бул маалымат 8-июнда Башкы прокуратура өткөргөн координациялык кеңеште белгилүү болгонун мекеменин басма сөз кызматы  Азаттыкка билдирди. Анда баш прокурор Өткүрбек Жамшитов коррупциялык кылмыш иштеринде дыкат иликтөө керек экенин белгилеп өттү. Кыргызстанда эки-үч ...

0 652

"KAZ Minerals Bozymchak" менен Финполдун тиреши

08-июнь 2018, 12:35 Айдар Нуралиев

Экономикалык кылмышка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат Ала-Букада алтын кен иштетип жаткан "KAZ Minerals Bozymchak" компаниясында тинтүү жүргүздү. Буга чейин ишканага салыкты жашыруу боюнча кылмыш иши козголгон. Ага байланыштуу компаниянын жетекчиси кармалып, кайра бошотулган. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финполиция) тергөөчүлөрү "KAZ Minerals Bozymchak" компаниясын 6-7-июнда бир сыйра тинтип чыгышты. Тергөөчүлөр "жашырылды" деген 55 млн. ...

0 840

Депутат Акылбек Жамангулов: «Мамлекеттик эс алуу жайларынын жетекчилерин алмаштырыш керек же ижарага бериш керек, андан башка жол жок»

07-июнь 2018, 15:19 Жазгүл Урманбетова

Ысык-Көлдөгү бир катар мамлекеттик пансионаттар өз маалында өлкө аймагындагы эс алуу жайларынын көч башында келген эле, акыркы жылдары алардын иши өтө солгундап кетти. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду ушул багытта иштиктүү чараларды көрүп, абалды оӊдошу зарыл. Бул тууралуу депутат Акылбек Жамангулов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди. «Взморья», «Аврора» сындуу ири эс алуу жайларынын жылдык кирешеси 500-600 миӊ сомдун тегерегинде экен. Ушул дагы ...

0 614

Зиядин Жамалдинов: Кыргызстан өндүргөн айыл чарба продукциялары Россиянын чек арасынан өтпөй жатат

07-июнь 2018, 11:25 Жазгүл Урманбетова

Кыргызстан өндүргөн айыл чарба продукцияларын Россиянын чек арасы өткөрбөй жатат. Мындай түшүнүксүз жагдайдан Кыргызстандын ишкерлери зыян тартууда. Биз Евразия экономикалык биримдигине киргенибиз менен ушул күнгө чейин товарларыбыз эркин өтө албай  кайра артка кайтарылып келет. Алсак, биздин дыйкандар өндүргөн күрүч, фасоль, капуста жана башка кургатылган жемиштерибиз артка кайтарылган учурлар болууда. Мунун себебин ким билет? Экономика министрлиги неге ишкерлерге жардам берип, чек ...

0 543

Акчаны эмес, өлкөнүн келечегин ойлонолу…

08-июнь 2018, 15:09 Айдар Нуралиев

Көчмөндөр оюндары – улуттук идеологиянын башаты. Чейрек кылымдан бери карай биз улуттук идеологиясы жок жашообузду өткөрүп келатабыз. Ал эми ошол маанилүү иштин чордонунда турган илимпоздор болсо акча төлөнбөгөн нерсеге баш оорутууну каалашпайт турганын ачык эле шардана кылышкан. Анын үстүнө падышалык тактыга отурган төбөлдөр элдин эмес өзүнүн айлана-тегерегиндегилердин камын көрүүгө дараметин чегеришти. Ошонун айынан кыргыз жергесинде эки жолу төңкөрүш жүз берип талкаланып, ...

0 376

«Северэлектро» ААК керектөөчүлөрдү электр энергияга болгон карыздарын төлөөгө чакырат

06-июнь 2018, 14:14 Айдар Нуралиев

Быйылкы жылдын биринчи июнуна Бишкек шаарындагы “калк” категориясынын керектелген электр энергияга болгон дебитордук карызы 67,8 млн.сомду түздү. Электр энергиянын аралыктан өчүрүүлүшүнө кабылбаш үчүн акционердик коом дебиторлорго тез арада карыздарын төлөөнү сунуштайт. “Северэлектро” ААК төлөмдөрдү учур чак менен кабыл алат. Келе жаткан жайкы өргүү мезгилдерине байланыштуу бардык төлөм терминалдарынан электр энергияга алдын ала төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн пайдаланууга чакырабыз, бул сиз эс алууга ...

0 487

Жыл башынан бери карай күйүүчү-майлоочу материалдардын чекене баасы орточо алганда 5,8 % га жогорулады

05-июнь 2018, 18:31 Жазгүл Урманбетова

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров күйүүчү-майлоочу материалдар (КММ) рыногундагы абал боюнча кеңешме өткөрдү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын башынан бери карай республикада КММ карата чекене баа орточо алганда 5,8 % га жогорулады. Россиялык мунайды кайра иштетүүчү заводдордун кое берилген дүң баасынын жогорулашынын натыйжасында баа көтөрүүлүүдө. ...

0 464

Эл өкүлү “Эл аралык “Манас” аэропортунун” кирешеси көбөйүп жатканына ишенбейт

05-июнь 2018, 14:55 Жазгүл Урманбетова

Эл өкүлү “Эл аралык “Манас” аэропортунун” кирешеси көбөйүп жатканына ишенбейт. Бул тууралуу Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин отурумунда депутат Махабат Мавлянова айтты. Анын айтмында, “каттамдар 40 пайызга көбөйгөнү менен кирешелер жогорулабай жатат.    «Отчётторунда аэропорт так маалымат бербей бизди адаштырууда. Эл аралык каттамдардан $ 15га барабар кошумча чогултуулар да анын киреше бөлүгүн толтурууда. “2013-жылы, бул токтомду кабыл алганыбызда аэропорттун кирешеси 684 миллион ...

0 476

Бажы төлөмдөрүн чогултуу 128% өстү

05-июнь 2018, 10:48 Айдар Нуралиев

Мамлекеттик Бажы кызматы 2018-жылдын май айына бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн 3 млрд. 608,7 млн. сомго камсыз кылды. Бул тууралуу аталган кызматтан кабарлашты. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди. Бул сумма 2017-жылкы ушул аралыкта топтолгон бажы төлөмдөрүнө салыштырганда 128,2% көп. Былтыр жылдын алгачкы беш айында 2 млрд. 800 млн. сом топтолгон. Ал эми 2016-жылы январдан май айына чейин 2 млрд. 300 млн. сом бажы төлөмү ...

0 526

Коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшүндө түшкөн акча каражаттары үчүн атайын эсепти ачуу чечиминин долбоору жакынкы күндөрү Өкмөткө киргизилет

04-июнь 2018, 11:43 Жазгүл Урманбетова

Коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшүндө түшкөн акча каражаттары үчүн атайын эсепти ачуу чечиминин долбоору жакынкы күндөрү Өкмөткө киргизилет. Мындай маалыматты Өкмөттүн аппаратынын маалымат менен камсыздоо бөлүмү таратты. «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишмердигинин натыйжасында келтирилген зыянды калыбына келтирүүдөн түшкөн каражаттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору жакынкы күндөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизилет. Белгилей кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасынын Президенти ...

0 510

“Электр станциялары” өткөргөн сынакка байланыштуу иш козголду

04-июнь 2018, 11:16 Айдар Нуралиев

Башкы прокуратура “Электр станциялары” ишканасына байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу бүгүн башкы көзөмөл мекемесинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта 2016-жылы ишкана Күрпсай ГЭСинин жабдыктарын оңдоп-жаңылоого сынак жарыялаганы, анын натыйжасында мамлекетке 1 миллион 775 миң сомдук зыян келтирген чечим кабыл алынганы айтылат. Бул үчүн “Электр станцияларынын” жетекчисинин ошол кездеги биринчи орун басары Бердибек Боркоев шектелүүдө. Кылмыш кодексинин “Ачык соода-сатык, аукцион же тендер ...

0 1248

Кыргызстан Кытайдан 70 миллион доллар грант алат

04-июнь 2018, 10:28 Айдар Нуралиев

Экономика министрлиги билдиргендей, Кыргызстан менен Кытай өкмөттөрү эки келишимге кол коюшту. Анын алкагында Бээжин Бишкекке 450 миллион юань (70 миллиондон ашык доллар) кайтарымсыз грант бермей болду. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди. Анын 350 миллион юанына Бишкек шаарындагы жолдор оңдолот. Кум-Дөбө (Кочкор Башы), Мына келди жана Бурана (Баласагын) шаарчаларындагы археологиялык иштер үчүн 100 миллион юань сарпталат. Мекеме Бишкектеги жолдор үч фаза менен оңдолорун, ...

0 797

Жаманды коногу бийлейт дечү беле?.. Алтынды жезге айландырган “KAZ Minerals Bozymchakтын” дагы кандай сырлары бар?

02-июнь 2018, 14:47 Гүлжан Шерипбаева

Кыргызстандагы коррупция, жеп-ичмейлерге каршы күрөштүн алкагында болдубу же башка жагдайы барбы, айтор өткөн жумада алгачкы ирет салыкты жашыргандыгы үчүн деген жүйө менен чет элдик компаниянын, Ала-Бука районундагы Бозумчак алтын, жез кенин иштеткен казакстандык "KAZ Minerals Bozymchaктын" жетекчиси Ильяс Тулекеевдин кармалышы чоң сенсация болду. Бирок анын эки күндөн кийин эле Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан коё берилиши ого бетер табышмактуу ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 492

“Орус–кыргыз өнүктүрүү фондун” текшертүү керек

01-июнь 2018, 13:13 Айдар Нуралиев

Жогорку Кеңештин “Республика - Ата- Журт” фракциясынын депутаты Акылбек Жамангулов Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүн текшерип чыгуу зарылдыгын парламентте айтып чыкты. Эл өкүлү аталган фонддон насыя алуу бюрократияга айланганын белгилеп, кимге, эмне максатта канча каражат бөлүнгөнүн карап чыгуу керек экенин белгиледи. Белгилей кетсек, аталган фонд 2014-жылы Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсүнүн алгачкы этабындагы интеграция процесстерине көмөк көрсөтүү максатында Орусиянын жардамы менен түзүлгөн. Булак: ...

0 650

Өлкөбүздө мунай баасы кымбаттайбы?

Жакынкы айларда мунай продуктуларынын баасы 5-10 пайызга кымбаттары күтүлүүдө. Мындай маалыматты Кыргызстандын  нефтетрейдерлер Ассоциациясы таратты. Алардан алынган маалыматтар боюнча жыл башынан бери өлкөбүзгө 325,8 тонна мунай продуктулары импорттолгон.  Тактап айтканда,  160,6 тонна мунай жана 165,2 тонна дизел отуну импорттолгон. Алсак орточо эсеп менен Кыргызстанда мунай 0,75 сомго (1,9 пайызга), дизел отуну 2 сомго (5 пайызга ) кымбаттаган. Мунай продуктулары Россия рыногунда январ айында ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83