www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экономика
0 600

Айла кеткендеги сөз… Байлыктын да азабы болоруна көзүбүз жеттиби?

30-май 2018, 17:36 Айдар Нуралиев

Негизи жегичтер майлуу орунга келсе алты жылда эмес бир айда берекелүү жердин ит акмагын чыгарып салат. Алыска барбай эле ырыскылуу делген бажы тармагына келели. Күнү-түнү республикадагы бажыканалардан нечендеген унаалар өтөт, көмүскө товарлар кирет же чыгат, туурабы? Ушул кыймыл-аракеттин баары акча аркылуу “ырымдаларын” кимибиз билбейбиз? Ошол үчүн ушул тармаккка жок дегенде кароолчу болууга жан талашып жүрүшпөйбү? Салаалардан куюлуп эле акча түшүп ...

0 394

2017-жылдагы мамлекетке болгон чыгым айтылды

2017-жылы экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү органдары тарабынан 1 млн 382 миӊ сом көлөмүндө зыян келтирилгени аныкталып, анын ичинен 1 млн 382 миӊ сом өлчөмүндө каражат ордуна коюлган. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеӊеште өлкөдөгү мыйзамдуулуктун абалы жана аны чыӊдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу маалымат угулуп жатканда билдирди. Бул маалымат тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди. Отчеттук ...

0 1051

Бажынын бир “лөгү” кармалды

Темир жол бажысынын «Түндүк» башкармалыгынын мурунку жетекчиси Нурбек Айбашев кармалды. Маалыматка ылайык, 25-майда анын үйүндө тинтүү жүргөн. Тинтүү учурунда миллиондогон каражат карыз болгон тараптардын тизмеси, ар бири 50 миң долларлык 25 алтын саат табылган. Айбашев Темир жол бажысынын «Түндүк» башкармалыгынын жетекчилиги кызматьшан 2016-жылдын 21-апрелинде алынган болчу. Булак: "Фабула"

0 832

Ильяс Тулекеев камакка алынып, үй камагына чыкты

«Бозымчак» кенин иштеткен компаниянын директору үй камагына чыгарылды. «КАZ Minerals Bozymchak» компаниясынын башкы дирек­тору Ильяс Тулекеев 27-майда тергөө абагынан бошотулду. Мындай чечим Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан кабыл алынды. Тулекеевдин буга чейин соттолбогондугу эске алынып, ал «КАZ Minerals Bozymchak» компаниясынын 55 миллион сом салык кызматына төлөп берүү боюнча кепилдик каттын негизинде бошотулду. Ишти тергеөнүн калган бөлүгүн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү ...

0 524

"KAZ Minerals Bozymchak" эки жылдык салыкты төлөп берди

28-май 2018, 19:59 Айдар Нуралиев

"KAZ Minerals Bozymchak" компаниясынын башкы директору Ильяс Тулекеев кармалып, бошотулганы, тергөө уланып жатканы расмий бышыкталды. Ишкана 2014-2016-жылга карата 55 миллион сомдон ашуун салыкты төлөп берди. Бул тууралуу Азаттык билдирди. Учурда Тулекеев Кыргызстанда экенин "KAZ Minerals Bozymchak" ишканасынын басма сөз катчысы Елена Трегубова билдирген. Тулекеев 26-майда "Манас" эл аралык аэропортунда кармалып, тергөө абагына камалган. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы кабарлагандай, ал "салыкты жаап-жашырган" ...

0 1309

ВИДЕО - Борбордук бажы бөлүмүнүн мурдагы башчысы Нурбек Айбашев камакка алынды

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук бажы бөлүмүнүн мурдагы башчысы Нурбек Айбашевдин бөгөт чарасын карап, тергөө бүткүчө камакка алды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы билдирди. Нурбек Айбашев 25-майда ушул кызмат тарабынан кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча айып тагылган. Тергөө учурунда Борбордук ...

0 598

"KAZ Minerals Bozymchak" компаниясынын жетекчиси камактан бошотулду

28-май 2018, 12:56 Айдар Нуралиев

"KAZ Minerals Bozymchak" компаниясынын башкы директору Ильяс Тулекеев камактан бошотулду. Бул тууралуу ишкананын коомчулук менен байланыш адиси Елена Трегубова “Азаттыкка” ырастады. Анын айтымында, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы кармаган Тулекеевдин бөгөт чарасын Бишкектин Биринчи май райондук соту карап, сот залынан бошоткон. Учурда Ильяс Тулекеев Кыргызстанда экенин Трегубова кошумчалады. "KAZ Minerals Bozymchak" компаниясынын башкы директору Ильяс Тулекеев 26-майда "Манас" эл аралык аэропортунда кармалып, ...

0 1414

9 миң сомдук көчөттөр боюнча кылмыш иши козголду

28-май 2018, 12:05 Айдар Нуралиев

Бишкек шаарында отургузулган көчөттөрдү сатып алуу боюнча “Жашылдандыруу чарбасы” (“Зеленхоз”) мекемесинин кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинин ("Коммерциялык жана башка ишкана кызматкерлеринин кызмат абалынан пайдалануусу"), 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 306-беренеси ("Мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы контракт түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу") боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Бул тууралуу Азаттык билдирди. Тергөөдө аныкталгандай Бишкек шаардык ...

0 1243

Бажыны Оңолбеков оңдобой эле, тоногону келгенби?

Кечээ жакында эле Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы болуп дайындалган Оңолбеков бул кызматка келээри менен эл өкүлдөрүнүн сынына кабылды. ЖКнын кечээ өткөн жалпы жыйынында депутат Жанар Акаев Бажы кызматындагы кадрдык башаламандыкка коомчулуктун көңүлүн бурду. Анда кызматка келгенине бир ай болбой жатып кадрларды оңду-солду калчап, жакпагандарды кызматынан төмөндөтүп, андан ары иштен алып, системанын аброюн төмөңдөтүп жатканын айтты. Ал кадр маселелер өзүнчө, ал эми ...

0 1578

Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаты: "Кытайдан алынган  эбегейсиз чоң акчанын башкача айтканда, 500 млн долларды депутаттардын төлөө мүмкүнчүлүгү жок десем боло"

25-май 2018, 12:43 Айдар Нуралиев

-Акылбек мырза, Камчыбек Жолдошбаев “Кытайдан алынган кредитти депутаттар эле төлөп койбойлубу” деген оюн айтты го. Анын демилгесин колдоого алган депутаттар бар деп ишенсек болобу? -Оюу жакшы. Бирок, муну турмушка ашырыш чынын менен кыйын. Анткени, 2006-2007 жылдары дүйнө жүзүндө биздей мамлекеттер өнүккөн жолго түшсө,  кредиттерин кечет деген программалар болгон. Алар биздин  энергетика тармагындагы жоготуу  42 пайызды түзөт дегенибизге ишенбесин айтып, аны 20 ...

0 755

Жерүй кенин иштете турган компанияга салынган айыппул жоюлушу мүмкүн

23-май 2018, 10:10 Айдар Нуралиев

Жерүй кенин иштетүү укугун алган “Алтын Альянс” ишканасына салынган 500 миң доллар айыппулду Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет кайра карап чыгат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу комитетинин Таласта өткөн көчмө жыйынында аталган комитеттин төрагасы Уланбек Рыскулов билдирди. Бул тууралуу маалыматты Азаттык маалымдады. Маалым болгондой, буга чейин мамлекеттик экотехинспекция Жерүйдө алтын иргөөчү фабриканын ...

0 1051

Жерүй кенин ишке киргизүү белгиленген мөөнөттөн созулушу мүмкүн

Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин алтын кен жайгашкан аймакта өткөргөн көчмө жыйынында белгилүү болду. Таластын Бекмолдо айыл аймагында жайгашкан Жерүй алтын кениндеги аткарылып жаткан иштерди өз көзү менен көргөн эл өкүлү Кожобек Рыспаев «Альянс Алтын» ишканасы өзүнө жүктөлгөн милдеттерди белгиленген убакыттан кеч аткарып жатканын айтты: Бул тууралуу Азаттык билдирди. - "Жумуш кызуу жүрүп ...

0 584

Дүйнөлүк банк Өзбекстанга 940 миллион доллардык насыя бөлөт

21-май 2018, 15:17 Айдар Нуралиев

Дүйнөлүк банктын Өзбекстан боюнча өкүлчүлүгүнүн жазуу түрүндөгү жарыясына караганда, президент Шавкат Мирзиеевдин бул аптада АКШга жасаган расмий сапарынын алкагында Дүйнөлүк банктын төрагасы Жим Йонг Ким менен болгон жолугушуудан кийин банктын Өзбекстанга 940 миллион доллардык насыя бөлгөндүгү боюнча келишимге кол коюлду. Маалыматка караганда аты аталган насыя өлкөдөгү өнөр жай өндүрүшүндө энергиянын түшүмдүүлүгүн арттыруу, өлкөдө мөмө-жемиш жана жашылчанын өндүрүлүшүн жакшыртуу, тез жардам медициналык ...

0 1502

"Манас" эл аралык аэропортундагы “былыктар жана чылыктар”...

Кыргызстанда авиакомпаниялардын ички каттамдарына тейлөөсүнө нааразылык  оголе көп. Бирок ал көйгөй көбүнчө ачыкка чыга бербейт. Канткен күндө дагы АВИА каттамдар ат көтөргүс кызмат кылбаса дагы, аба жүргүнчүлөрүн тейлеп келе жатышат, ал турган кеп. Эми расмий маалыматтарга таянсак,  Кыргызстанда жалпы 22 авиакомпания каттоодон өткөн. Айрымдары тийиштүү эрежелерге дал келбей, токтотулган. Ички каттамдар болсо көз тийбесин, кырсыктан оолак кылсын, өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатса, тышкы ...

0 902

Депутат Садык Шер-Нияз: «Бишкек ЖЭБдеги эски жабдууларды чечүүгө эле 18 млн доллар бөлүнүптүр, ага мынчалык чоӊ каражаттын каралганы өтө таӊгалычтуу»

17-май 2018, 13:39 Айдар Нуралиев

Бул тууралуу депутат Садык Шер-Нияз Жогорку Кеӊеш жыйынында Бишкек Жылуулук-электр борборунда болгон авариянын себептерин жана анын кесепеттерин жоюу чараларынын жүрүшүн, Бишкек ЖЭБди реконструкциялоо үчүн алынган 386 млн доллар өлчөмүндөгү насыя каражатынын натыйжалуу пайдаланышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу талкууланып жатканда билдирди. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди. «Бишкек ЖЭБдеги эски жабдууларды чечүүгө эле 18 млн доллар бөлүнүптүр, ага ...

0 434

Апрель айында “Северэлектро” бөлүштүрүүчү компания тарабынан 678,2 млн. сом чогултулду...

17-май 2018, 11:15 Айдар Нуралиев

Апрель  айында  “Северэлектро” бөлүштүрүү тармактарына 426,5 млн. кВт.саат электр энергиясы келип түштү. “Северэлектро” бөлүштүрүүчү компаниянын өткөн айга болгон товардык продукциясы 529,6 сомду түзүп, анын 678,2 млн. сому (128 %) чогултулган. Февраль айында көргөзүлгөн сумманын эсебинен төлөм чогултуу калк арасында –151,9 %  бюджеттик уюмдардан – 149,2 %  өндүрүштүк объектилерден- 101,3 % айыл чарба объектилеринен – 100 % жана башка керектөөчүлөрдөн – 99,2%  аткарылды. Бөлүштүрүү компания тейлеген  аймактардан төлөм ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 3139

Аскар Бешимов, ТИМдин мурдагы орун басары: “ТЭЦ боюнча келишим ким менен макулдашылганы белгисиз”

17-май 2018, 10:56 Айдар Нуралиев

-Аскар мырза, ТЭЦти модернизациялаган TBЕA менен келишим түзүлөрдө, аны карап, изилдеп чыгуу үчүн ТИМге үч эле күн мөөнөт берилгенин, андыктан келишимге сиз терс пикир менен жооп бергениңиз белгилүү болду. Негизи чет өлкөлүк ком­пания, фирмалар менен келишимди карап чыгууга канча убакыт берилиш керек эле? -Ар бир иште чет өлкөлүк компания, фирмалар президент менен сүйлөшсө да, келишим түзүлөрдө сөзсүз түрдө өкмөт ТИМге тапшырма ...

0 3025

Маманов 18 миллион доллар жер кенин сатып байыган. Акыры азабын тартып баштадыбы?

16-май 2018, 15:22 Айдар Нуралиев

Өткөн жумада коомчулукка миллионер ишкер жана ЖКга депутат Маманов менен машыктыруучу Александр Войновдун бир тууганы Рустам Воинов экөө кармалып, УКМКнын абагына киргизилген. Экөө курулуш жаатында бизнес кылышып, Кытай жаранына жер сатышып, акыры аны миллиондогон долларга алдашканы айтылды. Эми буларга кандай жаза берилет, аны убакыт көрсөтөөр. Негизи, Маманов кыргыздын темирин Кытайга ташып байыган. Депутат болуп турган кезде да бизнесин кыйла өркүндөттү, 2010-жылдан ...

0 543

386 миллионду уурдагандар камалабы?

16-май 2018, 13:43 Айдар Нуралиев

Жогорку Кеңеш бүгүн ЖЭБди жаңылоого жумшалган 386 миллион доллар боюнча коррупциялык схемага катыштыгы бар делген мурунку өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев, экс-министр Осмонбек Артыкбаев баштаган адамдардын маселесин карайт. Эмне жыйынтык чыгат. Элибиз болсо чыдамсыздык менен кутуп жатат. Деги ЖЭБде уурдалган миллиондор боюнча күнөөлуу адамдар камалабы? Же жең ичинен соодалашып, “жабылуу аяк, жабылуу бойдон калабы?” ЖЭБдеги коррупциялык схема ушунча ызы-чуу болгон соң, жоопко ...

0 554

Өкмөт бир көпүрө салганга жарабайбы?

16-май 2018, 12:23 Айдар Нуралиев

Алыскы Ак-Талаа элине кыйын эле болду. Ушул күндөрү аталган айылдын бир эмес, үч бирдей айылы көпүрөсүз калды. Өкмөт ал көпүрөнү салып баштаганына кеп болду. Ортодо жолго бөлүнгөн акча да желип кеткени да айтылган. Аз күн мурун бул көпүрөнү суу алып кетти. Ошондон улам үч айылдын эли эч жакка чыга албай, карайлап эле калды. Өкмөт болсо, анна-мына деп олтурат. Андай шылтоону коюп, ...

0 787

Дары-дармек департаменти дайынын таппай калдыбы?

15-май 2018, 20:40 Айдар Нуралиев

Дары-дармек департаменти десе эле май талканды элестетишеби, айтор бул жерге жетекчи болуп келүү үчүн медицинага тиешеси бары деле, жогу деле буту үзүлгүчө чуркашат. Айрыкча акыркы дайындоо адистердин оозун аңырдай эле ачырып салды. Медициналык билими, бул жаатта тажрыйбасы дээрлик жокко эсе болгон Гүлмира Шакированын департаменттин ээрине олтурушу кадр саясатынын кадыры кеткендиги катары сыпатталып, бир катар уюмдар катуу сын-пикирлер менен чыгышкан. “Таанышың болсо танкасың”. ...

0 561

Бийлик Кулматовдон кутулду...

15-май 2018, 11:40 Айдар Нуралиев

Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы Кубанычбек Кулматов иштен кетти. Мындай күтүлбөстүк Кулматов 11-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке Бишкек мэри болуп иштеп турган кезде ТВЕА компаниясы метеп курулушу үчүн берген гранттык каражатты кымырууга байланыштуу сурак  берип чыккандан кийин алды. Эске сала кетсек, 2014-жылы ТЭЦти модернизациялоого 386млн. доллар жумшаган кытайлык ТВЕА компаниясы 2 млн. доллар грантка Калыс-Ордо конушуна 1200 орундуу мектеп жана бала ...

0 656

ЖЭБдеги күмөндүү жагдайды иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусу даяр

08-май 2018, 14:18 Айдар Нуралиев

Кечээ 7-майда Улан Примовдун төрагалык кылган депутаттык комиссиянын жыйыны ММК өкүлдөрүн киргизбей жабык өттү. Анда:"Депутаттык комиссиянын корутундусу даяр, би­рок айрым мүчө депутаттар "сунуштар бар" дегенинен алардын сунушун угуп, талкууладык. Жыйынтыгында корутундуга алардын да су­нушун киргизе турган болдук. Депутаттык комиссия экиге бөлүнүп кетиптир деген жаңылыштык, андай болгон жок, баарыбыздын пикирибиз бир. Бүгүн толуктоолорду киргизип, эртең депутаттык комиссия­нын 12 мүчөсүнүн бардыгы кол коюп, ...

0 876

Өкмөт өлкөнү итке мингизеби?

08-май 2018, 13:19 Айдар Нуралиев

Кыргызстандын бюджета жылына бери дегенде 20 миллиард сом таңсыктык менен кабыл алынат. Бюджеттин жыртыган жамаш үчүн эл аралык финансы институттардан, ар кандай донордук уюмдардан тилемчидей болуп кайыр сурап, алардын ар түрдүү талап-шарттарын аткарабыз деп акча алмай. Бул көрүнүш кадимкидей эле «оору» болуп калды. Өкунүчтүүсү, өзүбүз кайырчыдай карыз сурап жүрүп, өлкөбүздөгү эң кирешелүү, күргүштөп пайда тапкан бийликтеги кайсы бир таасирдүү адамдардын ...

0 3604

Мэрдин 10 миң сомдук көчөттөрү куурап жатат

08-май 2018, 12:48 Айдар Нуралиев

Бишкек мэри Албек Ибраимовдун 10 миң сомдук көчөттөрү өнбөй эле четинен куурап, өлүп жатканы белгилүү болду. Кайран гана кумга сиңген миллиондогон каражат. Чоңдордун кулкунуна куюлуп кетти. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абулгазиев Албек Ибраимовду кабыл алганда кымбат көчөттөрдүн отургузулушу, жабылган көчөлөр боюнча маселеге көңул буруп жатты эле. Мынча болгон соң, ошол көчөттөрдөн кабар алып бир сыйра текшерип чикса, 500 сомдук көчөттү 10 миң ...

0 760

Жалал-Абад аэропортунун жаңы комплекси иштей баштады

07-май 2018, 13:46 Айдар Нуралиев

Жалал-Абад аэропортунун жаңы аэробекеттик комплекси иштей баштады. 7-майда анын ачылышы болуп, ага өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев катышты. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди. Жалал-Абад аэропорту 1975-жылы салынып, андан бери имараттары капиталдык түрдө оңдолгон эмес. 2017-жылдын декабрь айында башталган курулуш иштерине "Манас" эл аралык аэропорту 13 млн. сомдон ашык каражат жумшаганы айтылды. Учурда Бишкек-Жалал-Абад-Бишкек багытында жумасына үч жолу учак каттайт. "Жалал-Абаддын аба майданы талапка ...

0 782

Мукар Чолпонбаев, коомдук ишмер, адвокат: “Революциядан кийин банк кутучасынан табылган векселдерди өздөрүнө алгысы келип, көз кызарткандар көп!"

07-май 2018, 12:29 Айдар Нуралиев

2010-жылдагы революциядан кийин коомчулукта банк кутучаларынан чыккан векселдер тууралуу маалымат тарап, ага байланыштуу түрдүү имиштер күч алган. Бири “Салянова бир пайызын алып, Казакстанга чыгарып берген” десе, экинчиси “векселдердин пайдасын ошол кездеги бийлик башындагылар көрүптүр”- дешет. Кыскасы, бул маселенин чын-бышыгы коомчулукка ачык жарыялана элек болгон үчүн тирдүү имиштерге жем таштады. Биз бу сапар ошол векселдер тууралуу кеп кылып, алгач “вексель деген ...

0 777

160 миллион долларды ким уурдаган?

07-май 2018, 10:09 Айдар Нуралиев

«Ата Мекен» фракциясында жаңы башкы прокурордун талапкерлиги талкууланып жатканда депутат Каныбек Иманалиев болочоктогу башкы прокурор Өткүрбек Асилбековичтен кылымдын дагы бир аферасы - «Датка-Кемин» электр чубалгылары линиясын куруу боюнча афераны ачууга эрдигиңиз, принципиалдуулугуңуз жетеби?» деп сурады. Каныбек Иманалиев жөн гана суроо бербестен, конкреттүү факгыларды да келтирди. Энергетик-эксперттердин маалыматы боюнча, 1 чакырым электр линияларынын өздүк наркы 180 миң доллардан 220 миң долларга чейин ...

0 803

Дагы бир чуу, химиялык цехтин курулушу токтоду

05-май 2018, 16:44 Айдар Нуралиев

Кытайлык ТВЕА компаниясынын эсебинен 5,5 миллион дол­лар каражатка курулуп жаткан Бишкек ТЭЦиндеги буу казандарга сууну тазалап берүүчү химиялык цехтин курулушун Мамлекеттик экотехинспекдия токготту. Буга химиялык цехти куруу боюнча мамлекеттик курулуш агенттигинен курулуш иштерине уруксат кагаздары, курулуштун долбоору жоктугу себеп болгон. Албетте, Экотехинспекциясынын башчысы Канат Муратбеков алешемдиктерди көрүп-билген үчүн курулушту токтоттурса керек. Болбосо, зарыл болгон цехтин курулушун өзүм билемдик кылып токтотпойт ...

0 1921

ТЭЦтен Шыкмаматовдун дагы кулагы чыкты...

04-май 2018, 09:35 Айдар Нуралиев

“Ата Мекен” фракциясыньш лидери Алмамбет Шыкмаматовдун ТЭЦти модернизация кылуу иштери боюнча илинчеги бар экенин айрым маалымат булактары жазып чыгышты. Көрсө, Алмамбет Шыкмаматов юстиция министри болуп турган кезинде: “ТЭЦти модернизациядан өткөрө турган компа­ния эч кандай шеек жаратпайт. Ошондой эле калыс өткөрүлгөн тендерден таза жеңишке жетишти. Мындай компанияга ишеним артышыбыз керек” деп кол коюп берген экен. Бу­га байланыштуу Шыкмаматов дагы жоопкерчиликтен сырткары калбаш ...

0 708

Көзүрлөр качан жооп берет?

02-май 2018, 17:29 Айдар Нуралиев

ТЭЦке кеткен 386 миллион доллардын кандай сарпталганы коомго белгилүү болуп бүттү. Дээрлик жарымы желип кеткени айдан ачык болуп калды. Эми болгону жеп-ичкенге аралашкан аткаминерлерди кустуруп, түрмөгө отургузуш керек. Асты отуруп, сурак берип жатат. Бирок эң негизги көзүрлөр дале болсо кылтакка илинбей, суудан кургак чыгуунун амалын көрүшүүдө. Акыйкаттык болсун десек, ТЭЦти модернизациялоого түздөн-түз тиешеси бардыгы айтылып келе жаткан ошол кездеги финансы министри ...

0 1072

Мамлекеттик мүлктү башкаруу Фондундагы өзүм билемдик

02-май 2018, 15:10 Айдар Нуралиев

Өлкө президенти Сооронбай Шарипович мамлекеттин өнүгүү процессин алга жылдыруу максатында ири реформаларды жүргүзүү аракетин көрүп баштады десек жаңылбайбыз. Коррупцияга каршы күрөш жана аны алдын алуу боюнча кадамдар болуп жатат, кадр саясатында аздыр-көптүр жылыштар бар. Бирок, «кой аксагы менен миң» дегендей, мамлекеттик деңгээлдеги тиешелүү иш-аракеттерге карабастан, коомчулуктун ишенимине доо кетирген айрым бир аткаминерлер же болбосо, «случайный чиновниктер” жеке кызыкчылыгын көздөп, көмүскөдө ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 739

“Чаарат Голд” Кумтөрдү сатып алуу ниетин ырастады

02-май 2018, 14:41 Айдар Нуралиев

Лондондо катталган “Чаарат Голд” компаниясы ("Chaarat Gold Holdings Limited") Кумтөр алтын кенин сатып алуу ниетин ырастады Компаниянын сайтында 1-майда жарыяланган маалыматта "Чаарат Голд" акцияларды 800 миллион долларга баалап жатканы айтылган. “Чаарат Голд” компаниясы Кыргызстандагы Кумтөр алтын кенин сатып алуу жөнүндө сунушун алгач апрелдин ортосунда билдирген. Андан кийин 25-апрелде "Centerra Gold Ink." компаниясы бул сунушту кабыл албай, Кумтөрдү сатпай турганын жарыялаган. “Чаарат Голд” компаниясынын ...

0 1096

Абылгазиев: "Кыргызстандын бюджетинен 316 млн сом жумшалары 17-апрелде парламентте айтылган"

02-май 2018, 12:13 Айдар Нуралиев

Кыргызстандын саясий турмушундагы окуялар III Көчмөндөр оюндарын өткөрүү сапатына таасирин тийгизбеши керек. Мындай талап бүгүн өкмөттө өткөн жыйында коюлду. Бул тууралуу Азаттык билдирди. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул иш-чарага даярдык көрүү боюнча кеңешме өткөрдү. Ал ар бир мамлекеттик орган жана жергиликтүү бийлик оюндарды “уюштуруунун эң жогорку деңгээлинде” өткөрүүгө салымын кошуусу зарыл экенин белгилди. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстандын бюджетинен 316 млн сом жумшалары ...

0 1100

Жыландын башын кылтыйтты…

02-май 2018, 12:01 Айдар Нуралиев

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов 28-апрелде премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиевге энергетикалык тармактагы жабдуунун эскириши дээрлик 70-80% түзөөрүн айтып, энергетикалык объектилерди модернизациялоо зарылдыгын белгиледи. Албетге жаңылоо зарыл. Бирок ар бир энерге­тика тармагына келген жетекчи жаңылоону шылтоо кылып тыштан миллиардаган доллар карыз алып, мамлекеттин мойнуна илип, алынган насыяны натыйжалуу пайдаланбай, теңинен көбүн жеп кеткенди өнөргө айлантышты. Демек, ...

0 925

ЖЭБдеги жагдайды иликтеген депутаттык комиссиянын тыянагы даяр

01-май 2018, 15:10 Айдар Нуралиев

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоону жана андагы авариялык кырдаалды иликтеген Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясынын корутундусу толук даяр болду. Бул тууралуу комиссиянын жетекчиси Улан Примов “Азаттыкка” билдирди.  Анын айтымында, жыйынтыктоочу документке комиссиянын 12 мүчөсү, депутаттардын баары кол коюп берди. Корутунду май майрамдарынан кийин Жогорку Кеңештин отурумдарында жарыяланат. - Биз баарын сезип, көрүп, билип турабыз. Бирок бир нерсени туура түшүнүшүбүз керек. Депутаттык комиссия ...

0 673

Датка-Кеминге кеткен 600 млн.долларды иликтөө зарыл

30-апрель 2018, 13:13 Айдар Нуралиев

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангуловдун айтымында, «Датка-Кемин» подстанциясына жалпы 600 млн. доллар акча сарпталган. Ага кеткен жолдогу 10 км аба чубалгысынын бир километри 864 миң доллардан айланган. Ошондуктан депутат бул маселе терең иликтенип чыгышы керек деген пикирде. Анүчүн депутаттык комиссия түзүүнү да демилгелеп жатат. Буга кошумча, эл өкүлү Бишкек ЖЭБ сыяктуу ири долбоорлордун ишин эл аралык аудиттик компанияларга берүү зарыл экенин ...

0 1379

Боронов “ишкерлерге” шарт түзөбүз деп көп нерсе колдон чыгыптыр” деп өкүндү

30-апрель 2018, 11:07 Айдар Нуралиев

«Ишкерлерге жеңилдик берели деп жатып, көп нерсени колдон чыгарып коюптурбуз. Стратегиялык объектилерди Экономика министрлигинин уруксаты менен жылына бир гана жолу текшерүүгө мүмкүн. Текшерүү жүргүзүү үчүн Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция 10 күн мурун кабар берет. Кабар берилгенден кийин ишкерлер даярдык көрүп алышат. Албетте, аларга жагымдуу шарттарды түзүп берүү зарыл, бирок ал чеги менен болушу керек» деп вице-премьер-министр Кубатбек Боронов ...

0 527

Кумтор ишканасы сууга 14 млрд. сом төлөшү керек

30-апрель 2018, 10:11 Айдар Нуралиев

«Кумтөр» ишканасы Кыргызстанда сууну бекер колдонуп келет. Бул компания бир жылда эле 5 миллиард метр кубдан ашык суу пайдаланарын эске алганда, жылына бюджетке 14 миллиард сом төлөнүшү керек. Бирок 2009-жылы түзүлгөн келишимди бетке кармап, бул каражатты төлөөдөн баш тарткан. Бул тууралуу парламенттеги тармактык комитетдин жыйынында Суу кодекси жана «Суу жөнүндө» мыйзамдары талкууланып жатканда айтылды. Айыл чарба жана мелиорация министрлиги бул мыйзамдарга ...

0 474

Бийликти чүлүктөгөн Кумтөр качанкыга дейре чалчаңдайт?

28-апрель 2018, 18:24 Айдар Нуралиев

Алтын казып жыргап атабыз дегенди айрым чиновниктер ара солодо айтып калышат. Бирокк, анын жыргалын эл жана мамлекет көрө элек. Айрым бир гана чиновниктер көрүп жатпаса. Дегеле, кайсыл бийлик келбесин «Кумтөр» маселеси курч бойдон калып келет. Бир эмес, бир нече премьер-министрлерди, бүтүндөй Өкмөт курамдарын «критке» чапканы жалган эмес. Арийне, бул жерден кыргыздар жетиштүү пайда көрө албай келгени боюнча бийлик башындагылардын айткысы келбейт. ...

0 1943

Сапар Исаков Эдуард Кубатов аркылуу пара катары ири суммадагы акча каражатын алган

28-апрель 2018, 11:37 Айдар Нуралиев

Коомчулукка аты анча белгилүү болбосо да, тар чөйрөдө «өтө шылуун» деп таанылган Эдуард Кубатов аттуу кыргыз бар. Аты немисче болгону менен өзү кыргыз. Жогорку билимдүү. КГБнын запастагы подполковниги. “Центерра Голддун” директорлор кеңешинин мүчөсү, “Кыргыз-Орус Экономикалык Кеңеши” Ассоциациясынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары, «Robust Resources Limitedдин» Кыргызстандагы филиалынын директору, Кыргыз Республикасынын Индонезия Республикасындагы ардактуу консулу.  Э.Кубатов мурдагы премьер-министр С.Исаков менен жакын мамиледе экенин ...

0 538

Сүрөт - Чыгармачыл адамдар жана ойлоп табуучулар Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Интеллектуалдык менчиктин эл аралык күнүнө карата эл аралык сыйлыктар жана өкмөттүк сыйлыктар менен сыйланышты

27-апрель 2018, 15:04 Айдар Нуралиев

2018-жылдын 27-апрелинде Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова чыгармачыл эмгеги жаңычылдык, ойлоп табуучулук, адабият жана искусство менен байланышкан чыгармачыл адамдарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент)эмгек жамаатын Интеллектуалдык менчиктин эл аралык жана улуттук күнү жана Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик системасынын түзүлүшүнүн 25 жылдыгы менен куттуктады. Алтынай Өмүрбекова өзүнүн куттуктоосунда белгилегендей, интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо системасынын ...

0 1714

ЖЭБ чыры: Авазовдун ачык каты

27-апрель 2018, 14:02 Айдар Нуралиев

Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында камакка алынган "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазовдун ачык каты жарыяланды. Бул тууралуу Азаттык билдидри. Анда Авазов күнөөсүз жерден камакка алынганы жана ага байланыштуу коомчулукка бурмаланган маалыматтар таркап жатканы айтылган. Анын адвокаты Салайдин Авазов кол койгон келишим мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келбегенин жана модернизациялоо долбоору өлкөнүн саясий жетекчилигинин көзөмөлүндө болгонун айтты. Ал эми ...

27-апрель 2018, 14:02 | 1714
0 359

“Жалал Абатэлектро” ААК “Үч-Терек-Өзгөрүш” аба чубалгысын жаңылап жатат

27-апрель 2018, 10:47 Айдар Нуралиев

Токтогул районуна караштуу 22 чакырым “Үч-Терек-Өзгөрүш” аба чубалгысы жогорку өткөрүмдүүлүктөгү аба чубалгыга алмаштырылып жатат. АС 50 кубаттуулуктагы аба чубалгылар АС 90 кубаттуулуктагы аба чубалгыларга алмаштырылууда. Аталган аба чубалгы 1969-жылы курулгандыктан эскилиги жетип, күз-кыш айларында авариялык абалды жаратчу. Үч-Терек, Кызыл-Ураан, Жетиген, Өзгөрүш айылдарын аралап өтөт, бул айылдарда  4474 абонент бар. Жалпы 4 бригада Токтогул, Исбаскент, Ала-Бука район электр тармактарынын жана “Жалал Абатэлектро” ...

0 590

Депутаттык комиссия ЖЭБ боюнча мурдагы премьер-министрлерге баа берет

27-апрель 2018, 10:05 Айдар Нуралиев

Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо жана андагы авариялык кырдаалды иликтеген Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясы экс премьер-министрлердин бул иштерге тиешеси бар-жогун карап, баа берет. Бул тууралуу аталган комиссиянын мүчөсү, депутат Исхак Масалиев “Азаттыкка” билдирди. Бул маалыматты Азаттык жарыялады. Анын айтымында, ЖЭБди модернизациялоо боюнча сүйлөшүүлөр Алмазбек Атамбаев премьер-министр кезинде башталган. Кийин өкмөт башына Өмүрбек Бабанов келгенде уланып, Жантөрө Сатыбалдиев өкмөт башчы болгондо келишим ...

0 479

Жамангулов 80 гектардан ашык жердин ижарага берилишин иликтөөгө чакырды

26-апрель 2018, 15:36 Айдар Нуралиев

Парламенттеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаты Акылбек Жамангулов бүгүнкү сессияда Бишкек шаарынын аймагында 86 гектар жердин ижарага берилишин иликтеп чыгууну өкмөттөн сурады. Бул тууралуу Азаттык билдирди. - Өзүӊөр жакшы билесиӊер, Канат Исаев Токмок шаарынын мэри болуп турган учурда 30 сотых жерди мыйзамсыз ижарага берип койгон деген айып менен 12 жылга соттолду. Ал эми Бишкек шаарында мындай көрүнүштөр кадам сайын кездешет. Мисалы, Бишкетин ...

0 453

Бишкек шаарындагы жана Чүй, Талас облустарындагы катуу шамал электр энергиянын өчүрүлүшүнө алып келди...

25-апрель 2018, 12:05 Айдар Нуралиев

Шейшеби күнү, 24-апрелде, катуу шамал жана жаан-чачын Бишкек шаарындагы жана Чүй, Талас облустарындагы керектөөчүлөрдүн электр энергиясын үзгүлтүкө учуратты. Борбор калаада Аламүдүн-1 кичирайону; Дордой, Бакай-Ата, Арча-Бешик,  Ак-Ордо, Киргизия-1 конуштарынын бир бөлүктөрү; Газгородок, Рабочий городок жана Кудайберген базары тараптар кыска мөөнөттөгү өчүрүүлөргө  учурашты. Чүй облусунда шамалдын кесепетинен Москва районуна караштуу Александровка, Беш-Терек айылдарында; Сокулук районуна караштуу Сокулук, Гавриловка айылдарында жана Шопоков шаарында; Аламудун ...

0 386

Мегаком сатылбай калышы мүмкүн

25-апрель 2018, 09:41 Айдар Нуралиев

Экономика Жогорку Кеңеште жаңыдан түзүлө турган Өкмөттүн программасы, анын түзүмү менен курамын бекитүү жөнүндө маселе каралып жатканда, депутат Зиядин Жамалдинов акциясынын үлүшү толугу менен мамлекетке таандык Альфа Телеком» (“MegaCom”) компаниясынын келечегине кызыкты. Премьер-министрликке талапкер Мухаммедкалый Абулгазиев азыр эл арасында аны сатуу жана сатпоо тууралуу эки пикир бар экенин эске салып, ошондон сатуу менен сатпоонун пайдалуу жактарын иликтеп чыгуу зарылдыгын белгиледи. Бул ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 965

Кытайлык компания алтын фабрикасын өрттөгөндөрдөн 5 миллион доллар компенсация талап кылууда!

24-апрель 2018, 13:03 Айдар Нуралиев

Үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде Тогуз-Торо районуна караштуу Казарман айылынын тургундары Макмал алтын кениндеги алтын ылгоочу фабриканын курулушуна ачык эле каршылык көрсөтүшүп, а түгүл кытайлык “Джи Эл Макмал Девелопинг” компаниясынын имаратын жана жаңыдан курулуп жаткан кен ылгоо фабрикасын дагы каратып туруп өрттөп жиберишти. Ушул тапта аталган чет өлкөлүк ишкана тарткан зыянын 5 миллион доллардан ашык акчага баалап жаткан чагы. Айтмакчы,Тогуз-Торо районундагы Казарман ...

0 348

Жалал-Абадда радиациялык кырсыктардын курмандыктары эскерилет

24-апрель 2018, 11:53 Айдар Нуралиев

Жалал-Абад шаарындагы “Жеңиш” паркында Радияциялык кырсыктардын жана апааттардын курмандыктарын эскерүүнүн эл аралык күнүнө жана Чернобыль атомдук электр станциясындагы кыйроонун 32 жылдыгына арналган иш-чара 26-апрелде болуп өтөт. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти. Мэрия тарабынан атайын чыгарылган буйрук аркылуу иш-чараны уюштуруу комитети түзүлүп, зарыл даярдык иштерин аткаруучулар белгиленген. Ал эми шаар мэриясы тарабынан жалпы иш-чарага 26 миң сомго жакын каражат бөлүнүп, Чернобыль апаатынын ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83