www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маек
0 3512

ВИДЕО - “Жора” деген ысым менен белгилүү болгон актёр Аскат Эрбаев ырчылык өнөргѳ бет алды

Анын бул кадамын жактыргандар да, жактырбагандар да бар. Бул боюнча Аскаттын ѳз оюн билип, башка жаңылыктары менен да таанышыңыз. Аскат мырза, чыгармачылыктан алыстап кеткен маалда эмне менен алек болуп жүрдүңүз? Буга чейин жеке жашоо менен эле алышып жүрдүм. Турмушту эрте баштайсыңбы, кеч баштайсыңбы, баары бир биринчи тепкичтен баштап басуу керек экен. Мен 33 жашымда турмуш курдум. Үй-бүлөнү камсыздоону бир калыпка салууга бир ...

0 6506

Акматбек Келдибеков: “Атамбаев сен кимсиң элдин атынан сүйлөгөндөй”

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын төрагасы, мурдагы депутат, саясатчы, коомдук ишмер Акматбек Келдибеков менен аксы окуясы жана Атамбаевдин сүйлөгөн сөздөрү тууралуу ой бөлүштүк. --Ахматбек мырза, каргашалуу Аксы окуясына 17-жыл болуптур.  Акыркы мезгилде  Аксы окуясын саясатташтырып жиберишкен жокпу? --Мен антип айтпас элем. Анткени, ал каргашалуу окуяны унутууга, эстен чыгарууга мүмкүн эмес. Анткени, ал окуяны 17 жыл ...

0 359

Табылды Акеров, Саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты: "КСДП ажырашып экиге болунуп кетсе, Атамбаев утулат!"

-Табылды мырза, КСДПда ажырашуу күч алды. Ал партиянын мүчөлөрү Атамбаев менен калса утабы же ага каршы тарапка өтсө ийгиликке жетишеби? -КСДПнын ар бир мүчөсү партияны Атамбаев менен эле байланшытырбай өзү жана коом үчүн туура чечим кабыл алуулары керек. Атамбаев КСДПны парламенттик шайлоого чейин жетектеп барат. Ал эми анын тизмеси жаш, коррупцияга малынбаган жаңы жүздөрдөн болот деген сөзгө ишенүү кыйын. Себеби, Атамбаев ...

0 696

Азимбек Бекназаров, коомдук ишмер: "Эгер шайлоого эски система менен бара турган болсок, мунун аягы үчүнчү жолку кандуу революция менен аяктайт"

Кандай маселе болбосун өз көз карашын ачык айткан, шайлоо системасын өзгөртпөсөк элдин шору дагы 10 жыл кайнап, аягы кан төккөн революция менен акташы мүмкүн деген Азимбек Бекназаров менен кыргыз сяасатындагы айрым жагдайлар боюнча ой бөлүштүк. -Азимбек Анаркулович, Атамбаевди жана Апрель телеканалын сотко берген үч саясатчыга райондук сот экс-президент 100 миңден төлөп берсин деген чечим чыгарыптыр. Соттун чечимине канааттандыңыздарбы? -Бул маселе боюнча азыр ...

0 470

Алга Кылычов, коомдук ишмер: “Шайлоодон бери  мен жетектеген ишкана 7 жолу текшерилди”

23-январь 2019, 18:11 Кызгалдак Жакыпова

Коомдук ишмер Алга Кылычов менен баарлашып, Атамбаевчил болгону үчүн кодуланып, ал жетектеген ишкана текшерүүдөн өйдө болбой жатканы жана аны каралоо күндөн-күнгө күч алып баратканы тууралуу сүйлөштүк. - Алга мырза, 2010- жылдан бери сизди мамлекетибизде талап тоноону, улут аралык жаңжалдарды басууда элдик кошундардын башында турган,  тынчтыкты туруктуулукту туу туткан инсан катары билебиз. Президенттик шайлоодо да элди тынччылыкка  чакырып, күнү-түнү күч түзүмдөрү менен ...

0 844

Рита Карасартова: “Эреже бузбай айып пул төлөбөйлү деп өзүбүздү тарбиялагандын ордуна айып пулдун көптүгүн айтып капа болуп жатабыз”

23-январь 2019, 17:21 Кызгалдак Жакыпова

Качан болсо калыс пикирин айткан, мыйзамсыздыкка каршы турган,  ар бир мыйзамдын артыкчылыгын, кемчилигин көрө билген Рита Карасартова менен баарлашып, жаңы жылдан кийин күчүнө кирген кодекстердин күңгөй-тескейи тууралуу ой бөлүштүк. -Рита эже, жаңы жылдан кийин күчүнө кирген кодекстер коомчулуктун чоң талкуусуна кабылды. Элдин нааразычылыгын жараткан  кодекстердин  колдоого аларлык жактарын көрө алдыңызбы? -Албетте, жакшы жагы да бар. Жаңы кодекс күчүнө киргенде  баш коргоо ...

0 1560

Каныбек Осмоналиев: “Президент коррупцияга каршы күрөштү күчөткөн сайын, анын министрлери кутура баштагандай таасир калтырат”

14-декабрь 2018, 16:41 Жазгүл Урманбетова

NazarNews.kg маалымат агенттиги, экс- президенттин кол тийбестигин алуу маселеси жана Транспорт министринин жыйындан чыгарылышы, Бабанов менен Атамбаев тууралуу экс-депутат, профессор Каныбек Осмоналиев менен баарлаштык. -Каныбек мырза, парламентте экс-президенттин кол тийбестигинен ажыратуу маселеси  колдоо тапты. Эми аталган мыйзам кызматтан кеткен президентти каралап, куугунтукка алып, мурдагы иштери үчүн өч алууга кызмат кылып калбайбы? -Мен өзү табиятыман эле  кандайдыр бир адамдардын жалпы эле артыкчылыктарга ээ ...

0 360

Уран Рыскулов: “Саясат бокс оюнундай каршылашың сени урдубу, ыйлабашың керек”

14-декабрь 2018, 16:14 Жазгүл Урманбетова

NazarNews.kg маалымат агенттиги  патриот, мекенчил иштердин сап башында турган Уран Рыскулов менен айрым саясий жагдайлар боюнча баарлаштык. -Уран мырза, экс-президенттин кол тийбестигинен ажыратуу мыйзам долбоору парламентте колдоо тапты. Ал мыйзам ишке кирсе, мындан ары  кызматтан кеткен президенттерди куугунтуктоо, өч алуу максатында кызмат кылып калбайбы? -Бүткүл өнүккөн мамлекеттерде кол тийбестик деген жок. Коррупциянын башы ошол кол тийбестикке катылып жатат. Конституцияга ылайык баардык атуулдардын укугу ...

0 278

Эмилбек Каптагаев: ”Үмүттөрдү үзүп, тилектерди тебелеп салганы үчүн Атамбаевге коом нааразы”

28-ноябрь 2018, 13:05 Кызгалдак Жакыпова

-Эмилбек мырза, курултай максатына жеттиби? -Жетти деп ойлойм, анткени биринчи жолу ушундай форматта талкуу аянтын түзүүгө жетиштик. Абдан көп пикир айтылды, ар түрдүү максаттагы умюдар катышкандыктан  ар башка ойлор айтылып, ар кандай сунуштар берилип жаты. Бирок, жыйынтыгында негизги маселелер боюнча чечимдер дээрлик бир добуштан болду. -Бул курултайды Атамбаевге таарынчы чоңдор чогулуп алып, экс-президенттен өч алуу максатында уюштурду деп жатышкандар да чыга баштады ...

0 377

Табылды Акеров: Атамбаев кандай лидер экендигин көпчүлүк жакшы билишет

28-ноябрь 2018, 12:22 Кызгалдак Жакыпова

Саясат таануучу Табылды Акеров менен Атамбаевдин менчик каналындагы маеги,  мекенчил күчтөр менен саясий уюмдар уюштурган курултай, курултай кабыл алган резолюция тууралуу баарлаштык. -Табылды мырза, Атамбаевдин бир жарым саатка созулган менчик телеканалындагы маегин угуп, кандай кабыл алдыңыз? Ал актандыбы же өз чындыгын айттыбы?  -Кай бири актануу үчүн маек берген го дешсе, кай бири камалып кетпейин деп коркуп жаткан го деп жатышат. Менимче, ...

0 319

Мар Байжиев: Жаштарыбыз туура эмес нукка түшүп баратат

27-ноябрь 2018, 17:40 Кызгалдак Жакыпова

Жазуучу, драматург Мар Байжиев менен кыска маек:  - Учурда эмне менен алексиз? Чыгармачылык боюнча эмнелер кылып жатасыз? - Чыгармачылык эми өттү кетти да. Азыркы жаштар мурункудай китеп окубайт, баары телефон, телевизор деген немелер менен алек. Мени өкүндүргөнү ошол. Жазган китептерим үйдө турат топтолуп. - Коомдогу сизди түйшөлткөн көйгөйлөр? - Өлкөбүз башкаларга таланып баратат. ООН сыяктуулар жөндөн-жөн көз артпайт. Жаштарыбыз да алардын нугуна түшүп баратат. Анын ...

0 510

Кусейин Исаев: Курултайда элдин мүдөөсүн көтөрчү көп нерсе айтылбай калды

26-ноябрь 2018, 16:37 Кызгалдак Жакыпова

Коомдук, саясий жана мекенчил күчтөрдүн уюштуруусунда, 24-ноябрь күнү “Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең” деген аталыштагы курултай болуп өттү. Иш-чаранын максаты, жыйынтыгы тууралуу философия илимдеринин доктору, мударис, Кыргыз эл мугалими Кусейин Исаев менен маек курдук: - Кечээки курултайга сиз да делегат катары катыштыңыз, мурунку өткөн жыйындардан эмнеси менен айырмаланды? - Бизде буга чейин көп эле ушундай иш-чаралар уюштурулган. Кечээ күнү болуп өткөн курултай алардан өзүнүн жаңылыгы менен айырмаланды. ...

0 467

Каныбек Осмоналиев: “Мындай баскынчылыкты катуу жазалоо керек”

23-ноябрь 2018, 13:48 Майрамбек Каримов

NazarNews.kg маалымат агенттиги экс-депутат, профессор Каныбек Осмоналиевди кепке тартып, айрым суроолорго жооп алды. -Каныбек мырза, экс-президент Атамбаевдин китеп сатып байыганына ишенбегендер четтен чыгат.  Кыргызстанда китеп сатып байыса болобу? -Китеп сатып байыгам десе да, эмне деп актанса да анын кантип байып кеткени баарыбызга белгилүү эле болуп калбадыбы. Анын ордуна байлыгын айтып мактанганын токтотсо жакшы болот эле. Элдин жакырчылык фонунда байлыкты сөз кылуунун өзү ...

0 3292

Иса Өмүркулов: "Атамбаевге каршы кишилерди кабыл алуумду Асылбек Жээнбеков уюштуруп берген эмес"

01-ноябрь 2018, 13:24 Кызгалдак Жакыпова

- Иса Шейшенкулович, партиядан чыгарылышыңыздын себебин эмнеден көрдүңүз? -Не үчүн чыгарышканы мага чыны менен түшүнүксүз болуп жатат. Алар маалымдагандай мен эч качан партияга, уставга каршы иш кылып, партиянын тартибин бузган эмесмин. Башкача айтканда, мени партиядан чыгара турган орчундуу деле себеп жок болчу. Алар айткандай мен саткынчы эмесмин. Эч качан партиянын кызыкчылыгын, башканы да саткан эмесмин. Менин амбициямдан мамлекеттин, коомчулуктун, партиянын кызыкчылыгы ...

0 638

Курманбек Бакиев: "Кадрдык дайындоолор боюнча кетирген эң жогорку деңгээлдеги олуттуу жаңылыштыгым, 2007-жылы Алмазбек Атамбаевди Кыргыз Республикасынын премьер-министри кылып дайындоо болду..."

27-октябрь 2018, 09:24 Кызгалдак Жакыпова

Бекен Назаралиев: "Атамбаев тынч жатпай, дагы бир төңкөрүш жасайм десе элдин каргышына калат" -Бекен байке, сизди экс-президент Алмазбек Атамбаевди, анын бийлигин кескин сындап келген журналист катары билебиз. Ал эми учурдагы президент Сооронбай Жээнбековду ажолукка ат салышкан күндөн баштап, басма сөздө колдоп келе жатасыз. Атамбаевди катуу сындап, ал эми президент Жээнбеков менен болгон жакын мамилеңизден аны колдоп келатасыз деп түшүнсөк болобу? — Мен жалгыз ...

0 1924

Түркия, мигрант кыздын арманы: "Келсең бизден жакшылык күтпө" дешкен

20-октябрь 2018, 14:52 Кызгалдак Жакыпова

Жамалдын Түркияга келип иштеп жүргөнүнө 10 жыл болду. Бутка турам деген ниетин ишке ашыра албай жүргөнүнө кейийт. Өз башынан өткөн окуясын баяндап берди. --Саламатсызбы! Түркияга кантип келип калдыңыз? --Атам менен апам кичинемде эле ажырашып кеткен. Ар кимдин колунда жүрүп чоңойдум. 18ге чыгайын деп калганда Түркияга кетип калдым. Бир четинен иштеп бутка тургум келди, экинчиден саякаттайм деген максатым бар болчу. --Азыркы учурда оор абалда ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 968

Бактыбек Райымкулов, депутат: Бабанов менен футбол ойноп таанышкам

16-октябрь 2018, 15:53 Кызгалдак Жакыпова

– Бактыбек мырза, экс-депутат, экс-министр Замирбек Эсенамановдун жардамчысы болуп жүргөнүңүз белгилүү, кантип депутат болгонсуз? – Замирбек Эсенамановго жардамчы болгонго чейин мен Панфилов районунда райондук суу чарба башкармалыгынын орун басары болуп иштечүмүн. Замирбек ага Жогорку Кеңешке депутат болгондо “Жардамчым болуп иштеп бер” – дегенинен жардамчы болгом. Кийин өзү иштеген “эт консерва” заводуна директор кылып дайындады. Аталган заводдо үч жыл директор болдум. 2010-жылы ...

0 1116

Базарбай Мамбетов: Ачуу чындык ушундай

06-октябрь 2018, 14:24 Кызгалдак Жакыпова

«Максим Бакиев 2009-жылы Кытайга барганда “Датка”, “Кемин” подстанциялары, “Датка-Кемин” электр өткөрүүчү линияны курууга 190 млн долларга сүйлөшсө, Атамбаев 389 млн доллар кылып баалады» — Базарбай Эстебесович, сиз аткаруу бийлигинде көп жыл иштеп калдыңыз. Айрыкча суу ресурсу, энергетика, тоо-кен тармагын мыкты билесиз. Азыр сууну коңшу өлкөлөргө сатуу керек деген маселе жаралууда. Бул мезгилдин талабы ошондой болуп жатабы? — Дүйнөлүк практикада агып жаткан сууну сатуу деген ...

0 2361

Майыптыгымды билген курбум батиримди тартып алган

29-сентябрь 2018, 17:45 Перизат Кутманалиева

Роза Бегалиева Канттын карапайым кызы. Мектепти аяктаган кезден тарта өз турмушу үчүн жан үрөп соода менен алектенген, иши жүрүшүп Казаксанда байып, дос тааныш күткөн. Бирок 27 жашында тагдырдын оор сыноосуна кабылып, унаа коюп кеткенден кийин буту баспай коляскага отуруп калган. Учурда Бегалиева жиптен буюм-тайым, кийимдерди токуп, бул боюнча сабак берүүнү пландап жаткан учуру. Мындан сырткары, визиттик карточкаларды даярдап, видео монтаж жасап, ...

0 977

Клара Сооронкулова: “Атамбаев жарандык коомду өзүнө тартууну көздөөдө”

28-сентябрь 2018, 12:46 Кызгалдак Жакыпова

Экс-сот Клара Сооронкулова фейсбукта Жогорку Кеңештеги Акыйкатчыны шайлоодогу саясий оюндар тууралуу пикирин айткан. “Атамбаевдик чөйрө тактикасын өзгөрттү. Азгырылбагыла. Эми аларга жарандык коомдун колдоосу керек болуп калыптыр. Алар өздөрүн эң куу деп эсептешет”, - дейт Клара Сооронкулова. Анын бул айткандарын толугураак чечмелеп берүүсүн сурап өзүнө кайрылдык. - Сиз Атамбаевдин чөйрөсү тактикасын өзгөрткөнүн, алар жарандык коомду өзүнө тартуу аракетин көрүп жатканын айттыңыз. Сизди ...

0 738

Бакыт Төрөбаев: «Айыл өкмөттөрү сүт бербей калды...»

27-сентябрь 2018, 11:58 Кызгалдак Жакыпова

- Бакыт Эргешович, 2017-жылдын бюджетинин аткарылышы тууралуу өкмөттүн отчету талкууланып жатканда сиз ага каршы добуш берериңизди билдирдиңиз. Эмне себептен? - Өзү негизи бир жылдын ичинде бюджетке эки жолу өзгөртүү, толуктоо киргизип, өкмөт өздөрүнө ылайык кылып алып келишкен. Ошондо экинчи жолу өзгөртүп жатышканда биз сураганбыз «ушуну менен бүттүбү, аткарасыңарбы?» десек, «аткарабыз» дешкен. Мына аягына келип, аткара албай калышты. Салык кызматы планды 96, ...

0 2047

Зарылбек Аликенов (Чыпалак баатыр): “Мага тийишкен кыздардын баары эле ойсоке, жеңил ойлуу кыздар”

21-сентябрь 2018, 16:10 Кызгалдак Жакыпова

- Зарылбек мырза, эл көзүнө көрүнүп, аздыр-көптүр таанылып калдың. Чыпалак баатырмын деп журөсүң. Күч топтоп, кол күчүңдү чыңдап жатасыңбы? - Ооба, жаңы "трюктарды" өздөштүрүп жатам. Күн сайын изденүүдөмүн. Элге мынча таанылып алгандан кийин жок болуп, көрүнбөй кеткеним болбойт да, туурабы? Жакында элге сонун жаңылыктарды тартуулайын деп жатам. Элди буюрса дагы таң калтырам. Кудай буюрса, Кыргызстандан чыккан XXI кылымдын Брюс Лиси мен ...

0 3976

Мелис Аспеков, жаш саясатчы: "Атамбаев элди аянтка арам акчасына алып чыгып эле көрсүн, өзүм жыга чабам"

21-сентябрь 2018, 11:06 Перизат Кутманалиева

-Саламатсызбы Мелис мырза, президент Жээнбеков менен Атамбаевдин тирешүүсү күндөн күнгө өсүүдө, азыркы саясий учурдагы сиздин көз карашыңыз кандай? -Саламатчылык. Атамбаев өлкө башчы болуп турганда, анын ишмердүүлүгүнө бир ууч адамдар эле сын айта алчу, азыр сындагандар (күлүп) кыйла арбын болуп кетиптир... Ошол кездеги биз айткан кылыктары азыркы тапта ачыкка чыгып, Атамбаев көптөгөн коррупциялык иштердин башында турганы билинип калды. Негизи Атамбаев башынан эле ...

0 2450

Эдил Байсалов, коомдук ишмер: “Атамбаев "Путин - менин жеке досум, Кремль менен түз байланышым бар. Эртең эле Жээнбековду оордуна коюп, мени менен тил табышканга мажбурлайт" дейт экен.”

18-сентябрь 2018, 18:19 Кызгалдак Жакыпова

Качан болсо ачуу чындыкты бетке айткан Эдил Байсалов менен байланышып, мамлекетибизде орун алып жаткан айрым маселелер тууралуу ой бөлүштүк. - Эдил мырза, экс-президент Алмазбек Атамбаев макала жазып, “баркымды билбей жатасыңар” дегендей ой айтыптыр. Ал элге таарынып жатабы же аны таштай качып, Сооронбай Жээнбековго өтө качкан кадрларына капа болуп жатабы? - Мурдагы президент өзү кетип баратканда айткан сөзү бар: “мен чоң-чоң ишканаларды ача ...

0 1721

Мирлан Эсенгулов, Талас шаардык кеңештин төрагасы: “Мэрди кетирүүнүн аракетин көрүп жатабыз”

18-сентябрь 2018, 16:44 Перизат Кутманалиева

--Мирлан Ишенбекович, шаардын мэри Айдар Жусупбековду кызматтан ала албай 3 жолу тең кворум жок, чогулта албай убара болуп жатканыңыз боюнча сөз тарады. Мэрди кетирип өз кишиңизди коеюн деп атасызбы? --«3 жолу кворум болгон жок»-деген сөз жалган маалымат. А мэрди кетирүү аракети болуп жатканы чындык. Бирок, Республика Ата Журт фракциясы мэрдин маселесин чечүүгө каршы болуп, жыйынга келбей жатышат, анткени мэр ошолордун квотасы ...

0 2608

Адил Турдукулов, жарандык активист: «Сооронбай Жээнбековдун башка өлкөлөр үчүн да кадыры чоң экен»

15-сентябрь 2018, 12:14 Кызгалдак Жакыпова

--Адил, жаңы келген бийлик тышкы саясатты кандай жүргүзүп жатат? --Тышкы саясаттын көп кыры бар, аны дароо аныктоо кыйын, убакыт гана таразалайт. Аяк салышы жакшы, бирок Өзбекстан жана Тажикстан менен болгон чегара маселеси чечиле элек. Бул көйгөй чечилип, делимитация жана демаркация жүрмөйүнчө алака катыштын бир нукка түшүшү кыйын, тагырак айтканда саясий жана экономикалык карым-катышты тыңгылыктуу жүргүзө албайбыз. Албетте, азыр муз ордунан жылып, ...

0 1532

Бегалы Наргозуев, экс-депутат: “Атамбаевдин Жээнбековду сындаганга моралдык укугу жок, өзү мактап-жактап бийликке алып келип алып эми кайсы бети менен сындайт?”

12-сентябрь 2018, 11:25 Кызгалдак Жакыпова

-Алмаз Атамбаевдин азыркы бийликти сындаган билдирүүлөрү орундуу элеби? - Бийликти эл сындаса да ушул Атамбаев сындабай эле койсо болмок. Анткени бул бийликти Атамбаев өзү мактап-жактап, колдоп алып келбеди беле? Эми кайсы бети менен сындайт? Бирок анда Атамбаевдин “котур ташы койнунда” болчу. Ал ойлогондой кийинки президент анын айдактамасы менен жүрбөй өз алдынча, көз карандысыз саясат жүргүзө баштаса эле жамандап киргени уят ...

0 1548

Айжамал Осмонова: “Мени сүзгөндөр күнөөлөрүн моюнуна албай жатышат”

10-сентябрь 2018, 19:14 Кызгалдак Жакыпова

Белгилүү модель, “Азия сулуусу – 2016” сынагынын жеңүүчүсү, теле алып баруучу Айжамал Осмонова 31-августта кырсыкка кабылып ооруканага түштү. Моделдин ал-жайын сурап Айжамалга байланышканыбызда ал бир өлүмдөн аман калганын айтты. - Салам, Айжамал, амансыңбы? Майрам күнү кырсыктап калыпсың, ден соолугуң жайындабы? - Саламатсыздарбы, рахмат. Учурда ооруканадамын. Баш мээм чайкалып, омуртка сөөктөрүм жабыр тартканын дарыгерлер айтышты. Буюрса, ден соолугум калыбына келет деген ойдомун. - Кырсык ...

0 2710

Максат Молдалиев, жактоочу: “Болсунбек Казаков президенттин гана акыйкаттыгын күтөт”

07-сентябрь 2018, 12:29 Кызгалдак Жакыпова

Президент Сооронбай Жээнбеков ушул жылдын февраль айында коопсуздук кеңештин жыйынында сүйлөп жатып абактарда күнөөсү далилденбегендер дагы акыйкатсыз соттордун айынан олтургандыгын баса белгилеген. Дал ушул президент айткандай күнөөсү далилденбей абакта олтургандардын бири мурдагы мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Болсунбек Казаков деп койсок болот. Болсунбек Күмүшбекович саясаттын жана кимдир бирөөнүн кызыкчылыгынын курмандыгы болбош керек. Себеби ал эгемен мамлекеттин ичинде өзү жаш туруп бир ...

0 409

Ишенбай Кадырбеков: "Бүгүнкү "кошелок парламент" өлкө саясаты үчүн коркунучтуу"

06-сентябрь 2018, 12:03 Кызгалдак Жакыпова

- Ишенбай Дүйшембиевич, эки айлык тыныгуудан кийин Жогорку Кеңеш кайрадан ишин баштады. Көз ачып жумганча үч жыл өтүп, парламенттин эки жылдык ишмердик мөөнөтү калды. Дегеле, бул чакырылыштагы парламентке кандай баа бересиз? - Азыркы парламенттин чоң катасы - өзүнүн ыйгарым укуктарын билбегендиги. Кыргызстан - парламенттик өлкө. Конституция боюнча парламентке чоң ыйгарым укук берилген. Президенттен дагы, өкмөттөн дагы ыйгарым укугу чоң. Бирок, иш ...

0 3530

Кожобек Рыспаев, Жогорку Кеңештин депутаты: “Японияда мен эмес, Алимбеков, Эшимовдор сигарет чегип, Нургазы Айдаров 700 доллар айып төлөгөн”

25-сентябрь 2018, 09:46 Перизат Кутманалиева

КСДП фракциясынан кечээ жакында эле чыгарылып, эркин депутаттардын катарын толуктаган Кожобек Рыспаев менен баарлашып, эмне үчүн фракциядан чыкканынын себебин билүүгө аракет кылдык. -Кожобек мырза, КСДПнын катарынан тентегиңиз үчүн чыгарылдыңызбы же партиядан чыгышыңыздын  эл билбеген  себеби барбы? -Мен тентек болсом жашоомдо тентектирмин. Бирок,  жумушка  эч качан тентектик менен мамиле кылган жан эмесмин. Кандай иш менен алек болсом да, жумушка олуттуу мамиле кылам. Ошон ...

0 554

Жапондон эмне үйрөнүшүбүз керек? Же Жапонияга барып келген мекендешибиз жапондор жана биз тууралуу ой бөлүшөт.

04-сентябрь 2018, 14:33 Кызгалдак Жакыпова

-Мураталы мырза, сиз жакында эле Жапония өлкөсүндө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча 2 жылдык магистрдик программаны аяктап келдиңиз. Сизге бул билим саякатыңыз кандай таасир калтырды?  -Эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн макулдашуусу аркылуу JDS долбоору башталганына 10 жылдын жүзү болуп, биздин топ 10 юбилейлик тайпа болуп калды. Азыркы президентибиз Сооронбай Шариповичтин 2016-жылы премьер-министр катары бизди жакшы тилектер, сунуштар менен узатканы, ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1435

Камила Талиева: Эл саясый оюндардан болуп көрбөгөндөй  тажап бүттү

01-сентябрь 2018, 16:06 Перизат Кутманалиева

-Камила эже, мамлекеттик кызматтарга аралашкан адамсыз. Кайсыл президент эгемендүүлүктү сактоого жана көз карандысыздыгыбызды коргоого көбүрөөк салым кошту? - Эгемендүүлүк алган мезгилде президенттик так Аскар Акаевге буюруптур. Ал мамлекеттин түзүлүшүн калыптандыра турган бардык нерселерди жасады. Башкача айтканда мамлекет үчүн зарыл делген символикаларды кабыл алды. Улуттук валютабызды киргизди. Кудайга шүгүр, сом азырга чейин күчүн жогото элек. Бирок, эгемендүүлүктү сактоого, көз карандысыздыкты коргоого аракет ...

0 3114

Самара Каримова : "Шекшигендер шекший берсин, башкысы миллион деген жыйынтык көрсөттүм"

31-август 2018, 12:03 Кызгалдак Жакыпова

Инстаграм баракчасындагы окурмандарынын саны миллионго жеткен ырчы Самара Каримова бул ийгилигин Ошто, эртеси Бишкекте курбу-теңтуштарынын коштоосунда белгиледи. Кыргызстан боюнча алгачкы жолу миллион окурман топтогон ырчыдан маек алдык. - Салам, Самара миллион окурманың кут болсун! Учурда сени кандай сезимдер чулгап жатат? - Чоң рахмат. Сезимдер сонун, абдан толкунданып турам. Кыргызстандын жети дубанынан, чет өлкөдө жашаган мекендештер смс каттарын жазып, чалып куттуктап жатышат. Андан ...

0 1823

Эдил Байсалов: “Эгемендикке эң көп зыян келтирген президент Алмазбек Атамбаев болду”

31-август 2018, 09:18 Перизат Кутманалиева

Коомдук ишмер Эдил Байсалов менен Кыргызстандын эгемендик майрамын утурлай баарлаштык. -Эдил мырза, кыргыз эли эгемендиктин баасын-баркын биле алдыкпы? -Эгемендигибиз - эң чоң байлыгыбыз. Ата бабалар күрөшүп, кан төгүп, жанын аябай, энелерибиздин "сансыз кылым" тилеги 1991-жылы аткарылып, ошону жакшы баалай албай, баягыдай эле жылуу-жумшак, ток кулчулукту азыр деле эңсегендер бар. Эски кожоюн жаңылышып, биз эркин желегибизди желбиретип алганыбыз менен, тилекке каршы, толук кандуу ...

0 549

Булдуров Курманалы: Пациент 40–50 пайызы "аномалия рефракции" деген диагноз менен келишет

30-август 2018, 10:35 Перизат Кутманалиева

Каалайбызбы каалабайбызбы, мезгил, учур өзүнүкүн алат. Айыл-чарба, жеңил өнөр-жай дээрлик менчиктештирилип жеке ишкерлердин колуна өттү. Коомдук өнүгүүнүн өзгөрүшү менен билим берүү, саламаттыкты сактоо багытында да жеке менчик мектептер жана медборборлордун болушу кадыресе көрүнүш же болбосо талапка ылайык нерсе болуп калды. Мындай көрүнүш сандан-сапатка карай өнүгүүнү талап кылган учурда өзүнөн-өзү табигый түрдө болуучу нерсе. Бүгүн биз Кочкор-Ата шаарчасында жайгашкан жеке менчик көз ...

0 2953

Айжан: «Сүрөткө жылаңач тартылып, акча табам»

29-август 2018, 17:38 Кызгалдак Жакыпова

Биз кайсы бир жерлерден көрүп, суктанып турган картинкадагы каармандын  чыныгы прототиби  бар экендигин айтуу  менен бирге алардын жумушу тууралуу өздөрү менен баарлаштык. Албетте алардын  купуялуулугун сактоо этикага ылайык. -Асель татына кыз экенсиң, ата-энең  кантип акча таап жүргөнүңдү билишеби? -Биринчиден комплементиңизге рахмат, экинчиден ата-энемдер билишпейт. Алар мени  кафеде иштейт деп жүрүшөт. -Башка да ишиң барбы? -Жок, башка жерде иштебейм. Жогорку окуу жайлардын биринде окуйм. Бул ...

0 4250

Гүлжайна Атаканова: "Он жыл мурун бир гана Жайна бар болчу, азыр көп нерсеге жетиштим"

28-август 2018, 19:11 Перизат Кутманалиева

«Салам Кыргызстан» берүүсүнүн алып баруучулары Гүлжайна Атаканова менен Назира Жетигенованы мактагандар да, сындагандар да арбын. Алып баруучулар сынга кабылышып, эфирден көптөн бери көрүнбөй кетишкен эле, жакында кайрадан мурдагыдай эле эфирге чыга башташты. Андан улам кызыгуу пайда болуп, алып баруучуну кепке тарттык.  - «Салам Кыргызстан» телеберүүсү аркылуу сиздерди кайрадан көгүлтүр экрандан көрүп калдык. Бир жолку чыгарылыштан кийин элдин тепкисине кабылдыңыздар эле. - ...

0 5154

“Мени бычактаган депутат менен пикир келишпестигибиз болгон эмес”, - жабырлануучу

28-август 2018, 14:43 Кызгалдак Жакыпова

Жекшемби күнү эрте менен Токмок шаарындагы мал базарда жергиликтүү кеңештин депутаты (КСДП партиясынан) бирөөнү бычактаганы кабарланды. Окуянын чоо-жайын жабырлануучу Талантбек Жамангуловдун өзүнөн тактап сурадык. - Окуя кандайча болуп кетти? - 26-август, жекшемби күнү Токмоктогу мал базарга кой сатып алайын деп баргам. Тынай күтүүсүздөн эле келип бычак сайып кирди. Эмне болгонун өзүм да түшүнбөй калдым. - Аны менен мурда аласа-бересеңиз же кандайдыр бир пикир ...

0 420

«Айдаркен сымап комбинатынын жетекчисине экологиянын кереги жокпу?»

28-август 2018, 12:48 Кызгалдак Жакыпова

Мурат Калыков, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин бөлүм башчысы: --Мурат мырза, Айдаркендеги сымап комбинатынын азыркы экологиялык абалы кандай? --Барына маалым болгондой сымап өндүргөн аймакта сөзсүз экология бузулат, адамдардын ден соолугу начарлайт. Союз убагында жалаң план берилип, экологияны эч ким караган эмес, жылына 15-17 тонна ртуть абага чачылып турган, бул газеталарга жарыяланган. Ртуть бул өтө зыян зат. Изилдөөлөргө ...

0 320

Нурболот Мирзахмедов: “Таластагы өрт Казакстандын аймагынан Кыргызстанга өткөн”

28-август 2018, 12:13 Кызгалдак Жакыпова

Нурболот Мирзахмедов, Өзгөчө Кырдаалдар министри: --Нурболот Сабиржанович, Таластагы өрт толугу менен өчїрїлдїбї? Казакстандан учак чакыртып анан өчүрүлдү деген маалыматтар тарады? --Өрт болгон жерге барып жеринен таанышып кайттым. Таластагы өрт 28-июлда чыгып, 4-августта катуу күчөп кеткен. Ага чейин биздин кызматкерлер менен жергиликтүү тургундар эки жолу өчүрүшкөн. Мен ошол күнү байланышсам жергиликтүү бийлик “өзүбүздүн күчүбүз жетет” дешкен болчу, ишенбей 80 куткаруучуну Бишкек шаарынан, ...

0 5101

Дамира Ниязалиева: “Асылбек Жээнбеков менен үй-бүлөлүк жакын мамилебиз бар”

23-август 2018, 16:12 Кызгалдак Жакыпова

Социалдык сферадан түшүнүгү кең! Бул айымдан өлкөбүздүн бул жааттагы_ абалынан кеп сурап кайрылдык. Эмесе, экс-министрдин анализине кызыксаңар төмөндөн аңдап алсаңар болот. - Дамира айым, учурда өкмөттүн сууга, уюлдук телефондорго карата кошумча төлөмдөрдү көтөрүү планы айрымдар тарабынан сынга алынууда. Социалдык сферадан түшүнүгүңүз кеңири го, өкмөттүн бул кадамын кандай баалайсыз? Балким алар түпкү идеясын элибизге туура түшүндүрө албай жаткан жокпу? - Өкмөтгүн «быссымылда» эле ...

0 345

Турсунбек Акун: "Суракматовдо эле эмес, бардык ишкерлердин карызы бар... Аны төлөш үчүн мэр болгон жок да!"

15-август 2018, 16:06 Перизат Кутманалиева

Экс-Акыйкатчы Турсунбек Акун менен мекендештер форуму, көчмөндөр оюну жана 47-колония тууралуу ой бөлүштүк. -Турсунбек мырза, “кереметтүү Ысык-Көлдө” туулган жердин топурагы алтын деген темада мекендештердин 4- форумуна президент Сооронбай Шариповичтин катышкандыгын кубаттагандар көп болуп жатат. Бул нерсе экс-президент менен азыркы президенттин бири-биринин ишин колдоого алгандан кабар береби? -Ошондой десек да болот. Анткени, мекендештер форумун  Роза Отунбаеванын “Демилге” фонду 4-ирет өткөрүп жатыптыр. Бирок, бир ...

0 996

ИИМ өспүрүмдөргө коркунуч жараткан оюндун тарап жаткандыгы боюнча алдын алуу иштери жүрүп жатат

15-август 2018, 10:50 Перизат Кутманалиева

Борбор Азиядагы коңшу өлкөлөрдүн укук коргоо органдары менен жалпыга маалымдоо каражаттары өспүрүмдөр үчүн коркунучтуу болгон “Көк кит” оюнуна окшош “Момо” жаңы оюну социалдык тармактарда тарап жаткандыгы боюнча эскертүүчү маалыматты таратышкан. Момо оюну WhatsАpp мессенджери аркылуу аркылуу жайылууда. МОМО каймана аттуу колдонуучунун башкы сүрөтүндө 2016-жылы ужастар тууралуу галереясында коюлган япон скульпторунун ишинин сүрөтү жайгаштырылган. Оюндун башчылары өспүрүмдөргө зомбулук боюнча сүрөттөрдүн топтомдорун, ...

0 1861

Ахматбек Келдибеков: "Атамбаев менен эч кандай мамилем жок жана болушу да мүмкүн эмес"

14-август 2018, 21:25 Майрамбек Каримов

Ахматбек Келдибекович, сизге төмөндөгү суроону бергибиз келип турат. Аргумент.кг аттуу сайт сизге таандык Нур телеканалы Атамбаевке иштеп баштады деп кыйытыптыр. Андан сырткары, каналдын кеңсеси Ош шаарында жайгашып, ал имарат Азамат Арапбаевке таандык, демек анын да бул нерселерге тийешеси бар болсо керек деп божомол пикирди чагылдырыптыр. Ушулардын баары канчалык деңгээлде негиздүү? Деги эле Атамбаев менен кандай мамиледесиз? Көз карашыңыз кандай? Саламатчылык. Атына заты ...

0 4014

Бактыбек Калмаматов, экс-депутат: Гүлендин саясатынын эң гүлдөп турган очогу бизде, Атамбаевге күзүндө гүленчилер жардам бериши мүмкүн

14-август 2018, 13:14 Перизат Кутманалиева

—Бактыбек Орозбекович, учурда «Сапат» билим берүү мекемеси боюнча маселе абдан чыңалып турат. Эрдоган биздин ажо менен жолукканда дагы бул маселеден кыйгап өткөн жок. Бул эмнени билдирет? —Башка мамлекеттердин биздин ички саясатыбызга аралашканга акысы жок. Бирок дос катары өз пикирин алдын ала эскертип коюу милдети деп эсептссек туура болот. Учурда биздин өлкөдө гүленчилердин иши ушунчалык гүлдөп жатат. Алар акылдуу, билимдүү зирек балдарыбызды ...

0 900

Бектурсун Байсабаев,Ж.Баласагы атындагы КУУнун профессору: «Ичи тарыгандар Азиз Суракматовго каршы чыгышты»

09-август 2018, 12:07 Кызгалдак Жакыпова

-  Агай, ЖМКларда «Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер Азиз Суракматов тил сынагы учурунда жазуудан бир топ ката кетирди, шар окуу жагынан да аксайт экен. Бирок, тил боюнча комиссия анын каталарына көз жумуп коюшту» деген дооматтар айтылууда. Ошол комиссиянын төрагасы катары сиз буга эмне дейсиз? -  Жумурткадан кыр издебеш керек да. Сайттын балдары тартып отурушту. Эч кимге жолтоо кылган жокпуз. «Шаар» деген сөз ...

0 1597

Бактыбек Алайчиев, Өзгөн районунун акими: "Жантөрө Сатыбалдиевди колдогон жердештерин дегеле көргөн жокмун!!"

01-август 2018, 11:54 Кызгалдак Жакыпова

Жаңы эрөжеге ылайык Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев Өзгөн районунун акимдигине Бактыбек Шичевди дайындады. Жаңыдан бекилген 54 жаштагы район жетекчиси аймактар өнүксө, мамлекетибиз жакын арада кудуреттүү өлкөгө айланат дөген терең ишеничте. - Бактыбек мырза, жемкорлукка айыпталып камалган мурдагы өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиевдин өзгөндук жердештери аны катуу колдошуп, абакка киргизилишине абдан нааразы дешти эле. Мындай жышаан Өзгөндө дегеле байкалбайт ко? - Мен деле ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 865

Бакыт Шаршембиев: “Карапайым адамдар мобилдик каражаттарды катоо үчүн бир тыйын да төлөбөйт!”

01-август 2018, 11:24 Кызгалдак Жакыпова

Бакыт Шаршембиев, КР Маалыматтыктехнологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы: Соңку кезде коомчулукта өкмөт тарабынан сунушталган мобилдик каражапарды каттоо боюнча эрежеси кызуу талкууга алыныл жатат. Адатынча, мурдунун учунан алысты кврө албаган айрым эксперттер контрабандачыл топтордун шыкактоосу менен: "Максимднн доору кайтып келет, ал ар бир сүйлөшүү үчүн 60 сомдон алып элди жудөтсө - жаңы бийлик телефон сатып алган адамдын чөнтөгүн 100 сомго ...

0 2727

Адиль Турдукулов: "Аз күндө Сегизбаев менен Жолдубаева камалат"

-Адил мырза, сиз бир учурда Эркин Мамбеталивдин канча адам өлтүрүүлөргө катышканын жазып да, айтып да жүрдүңүз эле. Бакиев доорунда Мамбеталиев оор айыптар менен камалып, 2010 жылын 7-апрелинен кийин бошонуп чыккан. Ушул жагынан азыркы пикириңиз өзгөргөн жокпу? – Мен бул жөнүндө ал чексиз бийликке ээ болгон учурда айтып чыккам. «Мамбеталиевге сегиз адамдын – Чыныбек Алиев менен Жыргалбек Сурабалдиевден сырткары Азиз Батукаевдин күйөө баласы ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83