www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маек
0 182

Каныбек Осмоналиев, экс-депутат: “Атамбаев ылгабай сүйлөй берген “талантын” жоготпоптур”

11-июнь 2019, 15:39 Кызгалдак Жакыпова

—Каныбек агай, Атамбаевдин митингдеги сүйлөгөн сөзүнөн эмнени байкадыңыз? —Экс-президент катуу сүйлөдү. Расмий бийликтин ишмердүүлүгүнө болгон көз карашын, жеке таарынычын өзгөчө эмоция менен билдирди. Атайын даярданып келгени көрүнүп турат. Анын үстүнө бул инсандын сүйлөө стили башкача эмеспи, тартынбай, ылгабай, айта берет, ошол «талантын» жоготпоптур. Мурда Президент. С.Жээнбеков боюнча «сыйапаттап» айтып жүрсө, бул сапар ачык эле анын жеке аброюна шек келтире ...

0 395

Жамалбек Ырсалиев, Бишкек шаардык кеңешинин экс-депутаты: “Кайтаар дүйнө. Адамга жакшылык кылсак да, жамандык кылсак да, кайра башыбызга тийет”

11-июнь 2019, 12:57 Кызгалдак Жакыпова

Ж. Ырсалиев:  Менин жеке оюмда эки киши бар. -“Азаттыктын” айтылуу Райымбек Матраимов боюнча иликтөөсү коомчулукта жарылган бомбадай эффект берди. Мунун артында ким турушу мүмкүн? Журналист кимдин заказын аткарды? - Азаттыктын артында ким тураары белгилүү эле да. Иликтөөнү далилдеп берсе, анда президентке жана укук коргоо органдарына коррупцияга каршы күрөшүүгө сонун шарт түзүп берген болот. Бирок, далилдей албай калса, “Азаттык” гана эмес, артында ...

0 1226

Өмүрбек Текебаев, “Ата Мекен” партиясынын лидери: “Аида Салянованы камоо Конституцияга каршы келет”

10-июнь 2019, 13:47 Кызгалдак Жакыпова

- Өмүрбек Чиркешович, Аида Салянованы камакка алуу Конституциянын нормаларына туура келеби? - Конституцияда кээ бир кызмат адамдарына иммунитет каралган. Иммунитет кызмат адамдарынын өз милдетин, өз функциясын көз каранды болбостон аткарыш үчүн кепилдик берген институт. Биздин Конституцияда төмөндөгү кызмат адамдарына иммунитеттер каралган: Президент, Жогорку Кеңештин депутаттары, судьялар жана Генералдык прокурор. Президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын, Ген.прокурорду кылмыш жообуна тартууга Жогорку Кеңеш ...

0 284

Расул Үмбөталиев, эксперт: “Сооронбай Жээнбеков инаугурацияда берген убадасына туруп, коррупция менен күрөштү жандантты”

07-июнь 2019, 11:55 Кызгалдак Жакыпова

-Расул мырза, экс-президент Алмазбек Атамбаев коррупцияга каршы митингге чыгары айтыла баштады. Бүгүн чындап эле мыйзамсыз баюу, коррупция менен күрөш деген беренелердин курмандыгы Атамбаевдин тарапташтары жана оппозициялык көз караштагы адамдар болуп жатабы? – Атамбаев президенттик кызматка киришип жатканда, инагурацияда “коррупция менен күрөшөм”- деп убада берген. Бирок, иш жүзүндө коррупциянын эң башында, коррупцияны гүлдөткөндөрдүн катарында Атамбаев турду. Ал кызматтан кетээр менен ...

0 274

Эдил Байсалов, коомдук ишмер: “Манас Арабаевдин жүздөгөн киши өлтүргөнгө тете айыбы бар”

07-июнь 2019, 10:52 Кызгалдак Жакыпова

«Келме кезек» деп ушуну айтат. Таба эмес, тобоо. Бирок, Атамбаевдин бийлигинин тушунда сот тармагын мыкчып, каалаганча калчаган, айрыкча саясатчыларга, оппозиция лидерлерине карата сот өкүмдөрүн чыгарууда түздөн-түз көрсөтмө берген, кийлигишкен «серый кардинал» президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаев деген бар эле. Мына ушул адамдын өзүнүн тагдыры бүгүн соттордун колуна түшүп отурат. 2-июнда «коррупция» боюнча кармалган, ...

0 208

Данияр Тербишалиев, "Кыял" кол өнөрчүлүк бирикмесинин директору: "Элди эмес өзүн, жеке кызыкчылыгын ойлогон саясый күчтөр көп"

- Данияр мырза, мурда Жогорку Кеңештин депутаты болуп турган учурда саясаттагы курч жаштарыбыздын бири элең. Азыр неге саясаттан алыстап кеттиң? - Саясаттан алыстаган жокмун, аралашып жүрөм. Орчундуу маселелерге өз оюмду билдирип, позициямды айтып турам. Илгеркидей калыстык принциптерге туруп, эч кандай жаман иштерге аралашпай, коомдук иштер менен алектендим. - Азыр эмне иш кыласың? - Жакында «Кыял» мамлекеттик ишканасына директор болуп ...

0 227

Жамин Акималиев, академик, айыл чарба илимдеринин доктору: "Айыл чарбаны пландаштырууга өтүүсүн сунуштайт элем"

Жамин Акималиевди кимдер билбейт. Кыргызстандын айыл чарбасы дегенде ичкен ашын жерге коё чуркагандардын бири. Кечээ парламент жаңы айыл чарба министрине буга чейин министрдин орун басары болуп иштеп келген Эркинбек Чодуевди бекитип берди. Мурунку министрди көп сынга алган адис адамды кепке тартып, жаңы министрге алдыда эмнеге көңүл бурса болорун сурап, жообун алдык. - Жамин ага, мурунку айыл чарба министринин ишине ...

0 242

Эмил Токтошев, ЖК депутаты: “Экономика министри болуп келген Санжар Муканбетовго ичим чыкпай калды”

– Эмил мырза, премьер-министр Абылгазиевдин отставкасын депутаттар да көтөрүп чыкты эле. Бирок, жагдай өзгөргөнсүп калды… – Премьер-министрдин өзү боюнча сындар айтылды. Палатадан да отставкага кетиши керектиги тууралуу маселе көтөрүп келгенбиз. Жакындары, туугандары, бажалары кадрдык маселелерди чечип калгандыгына байланыштуу чуу чыкты. «КТ Мобайл» боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, иштеп жатат. Жыйынтыгы 15-20 күндө чыгат. Ошого жараша Жогорку Кеңеш бир чечимге келет. ...

0 1469

Талант Мамытов, ЖК депутаты: "Прокуратура барып-барып кадрдык таңкыстыкка тушугушу мүмкүн"

- Талант мырза, прокуратура тармагында реформалар канчалык деңгээлде ишке ашыл жатат деп ойлойсуз? - Прокуратурада албетте, биринчи кезекте жаңы кабыл алынган мыйзамдардын негизинде бир топ иш-аракеттер жүрүшү керек. Прокуратуранын негизги функциясы - мыйзамдардын өз убагында так аткарылышын көзөмөлдөө, Андай болгон соң прокуратуранын өзүндө гана эмес, башка системаларда да реформалардын жүргүзүлүшү прокуратурадан көз караңды. Ошондуктан, бул багытта ага чоң милдеттер жүктөлгөн.

0 311

Жылдыз Мусабекова, ЖК депутаты: "Өкмөт отставкасы тууралуу талап дале күчүндө"

- Жылдыз айым, жакында Баткенге барып келгениңизди, жергиликтүү элдин бир топ көйгөйлөрү бар экенин айттыңыз. Эмне көйгөйлөр экен алар? - Бир жума мурун Баткен жергесинде болуп келдим. Чек арага чектеш жашаган эл менен жолугуштум. Элдин чынында эле бир топ көйгөйлөрү бар экен. Протоколдун негизинде Тажикстан тарапка өтүп кеткен Самаркандектеги 275 сотых жердин тагдыры кандай чечилет, же биротоло берилип кеттиби ...

0 169

Санжар Муканбетов, экономика министри: "ЕАЭБдин алкагындагы мүмкүнчүлүгүбүздү толук кандуу пайдалана албай жатабыз"

-- Санжар Турдукожоевич, сиз аябай оор, жооптуу тармакка келдиңиз, Ишти эмнеден баштайын деп турасыз? -- Азыркы ички жана тышкы шарттарды карап жатабыз. Экономикалык жаңы саясат керек. Инвестицияларга болгон көз караш, анын ичинде ички инвесторлорду өнүктүрүү саясаты. ЕАЭБдин алкагында биз өзүбүздүн мүмкүнчүлүгүбүздү толук кандуу пайдалана албай жатабыз. Биз сыртка чыгарып жаткан продукция негизинен чийки заттар катары чыгып, кошумча наркы жок болуп ...

0 214

Экмат Байбакпаев, ЖК депутаты: "Контрабанданы тыймайын экономика оңолбойт"

-- Экмат ага, "Бажы биримдигине киргенден кийин контрабанда көбөйдү" деген лйду айтып жатасыз. Маселени ЕАЭБдин алкагында чечкенге болбойбу?  -- Бажы биримдигине киргенден алты айдан кийин эле контрабанда көбөйө баштады. Ун болобу, кантпы, күйүүчү май болобу, баары контрабанда жолу менен кирүүдө. «Газпром» күйүүчү майга болгон бааны көтөргөңдөн кийин анын баары кымбаттады. Биздеги ун мекемелер токтоп калды. Ишкерлер Россияга кетти. Беш ...

0 282

Турсунбек Акун, экс-акыйкатчы: “Атамбаевдин тагдыры түрмө менен байланышта болоору билинип калды”

– Турсунбек мырза, Атамбаев экс-президенттердин кол тийбестигин аныктаган мыйзамы өзгөргөн үчүн КСДПнын төрагалыгынан да, партиянын курамынан да кеттиби? – Ал шылтоо. Атамбаев мыйзамды уккандай таасир калтырууга жакшы эле аракет жасады. Бирок, ал бул кадамга аргасы жок, айласы жок барды. Анткени, партиясынын кадыр-баркы, ынтымагы да кетип, тарпы чыкты. Ал аз келгенсип Адил Турдукулов менен Алга Кылычов чабышып, “тиги кетсин, бу ...

0 1737

Ахматбек Келдибеков, “Ата-Журт” саясий партиясынын тең-төрагасы: “Атамбаев элдин сурагына даярданышы керек!”

Коомдун бардык тармактары шайкеш өнүгүп жатпагандан кийин, эл күнөөлүүлөрдү издейт, сындайт. Сын саясатчыларды чыйралтат, түзөлтөт деп айтып келишет. Бирок коомчулукта акыркы кезде сын эмес, “далилсиз айыптоолор арбын” деген көз караш пайда болду. Биз Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын төрагасы Ахматбек Келдибеков менен саясий элитанын азыркы абалы, Атамбаевдин айыптоолорун, Райымбек Матраимов кайрылуусун, анан ортодон чыга калып “Матраимовдун Кыргызстанды бийлешине жол бербейбиз” ...

0 689

Бегалы Наргозуев, коомдук ишмер: “Батукаев көптөгөн кыргыз жарандарын өлтүрүп, кулактарын кескен. АШАчылар аны чыгарып, элибизди тебелетти!”

– Бегалы мырза, Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча ошол кездеги вице-премьер-министрлик кызматты аркалаган Шамил Атаханов жана Саламаттыкты сактоо министри камакка алынды. Бул маселенин алкагында дагы кимдер камакка алынышы мүмкүн? – Негизи Батукаевдин иши боюнча Шамил Атахановдун камалганы туура эле болду. Анткени, ал буйрукту аткаруучулардын бири болгон. Бирок, ал азырынча ким буйрук бергенин айтпай жатса керек. Батукаевдин мыйзамсыз чыгарылганы боюнча иш ...

0 271

Кеңешбек Дүйшөбаев, коомдук ишмер: “Эт менен челдин ортосунда жүргөн, өз көлөкөсүнөн корккон кадрлардан арылышыбыз керек!”

– Кеңешбек мырза, “КТ мобайл” чырына байланыштуу премьер-министрдин отставкасын талап кылгандар четтен чыга баштады. Коомчулук иренжий баштаган премьер-министрди президент дагы канчага чейин калкалашы мүмкүн? – Мен аны “президент калкалап жатат”- деген ойдон алысмын. Анткени, президент өкмөттү алмаштыра бербей, узак убакытка иштешине мүмкүнчүлүк бериш керек деген ой менен иш кылууда. Президенттин оюу, койгон талаптары туура болгону менен өкмөт аны аткара ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 422

АША коррупцияга каршы жайылган тор кысып келатканын, камаларын сезе баштадыбы?

- Экс-президент Алмазбек Атамбаев өзүн колдогон КСДПчыларга төрагалык кылуудан баш тартып, муну жаштарга орун бошотуп берүү ишараты жана “Президенттин ишмердүулүгүнүн кепилдиктери жөнүндө” мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр менен түшүндүрдү. Бирок, карапайым калк ичинде АШАнын саясаттагы жолу бүткөнү, элде жийиркенүүдөн башка сезим жаратпай калганын түшүнүп, айла жоктон саясаттан оолактагысы келгени тууралуу пикир басымдуулук кылат. Мурунку президенттин партия төрагалыгынан кеткенин дагы кандайча жоромолдосо ...

0 735

Мурат Жетимишбаев, коомдук ишмер: “Биз азыр АШАны жаны ачыган жаралуу жырткычка салыштырсак да болот!”

- Экс-президент Алмазбек Атамбаев өзүн колдогон КСДПчыларга төрагалык кылуудан баш тартып, муну жаштарга орун бошотуп берүү ишараты жана “Президенттин ишмердүулүгүнүн кепилдиктери жөнүндө” мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр менен түшүндүрдү. Бирок, карапайым калк ичинде АШАнын саясаттагы жолу бүткөнү, элде жийиркенүүдөн башка сезим жаратпай калганын түшүнүп, айла жоктон саясаттан оолактагысы келгени тууралуу пикир басымдуулук кылат. Мурунку президенттин партия төрагалыгынан кеткенин дагы кандайча жоромолдосо ...

0 427

Каныбек Осмоналиев, экс-депутат: “Ал ушул кадамга ары карап ыйлап, бери карап күлүп барууга аргасыз болду”

К.Осмоналиев: Атамбаевде башка арга калбады. Кетпей койсо, өмүр бою кепилдик берилген жыргал жашоосунан айрылмак!  - Экс-президент Алмазбек Атамбаев өзүн колдогон КСДПчыларга төрагалык кылуудан баш тартып, муну жаштарга орун бошотуп берүү ишараты жана “Президенттин ишмердүулүгүнүн кепилдиктери жөнүндө” мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр менен түшүндүрдү. Бирок, карапайым калк ичинде АШАнын саясаттагы жолу бүткөнү, элде жийиркенүүдөн башка сезим жаратпай калганын түшүнүп, айла жоктон саясаттан оолактагысы ...

0 797

Кеңешбек Дүйшөбаев, УКМКнын мурдагы төрагасы: “Атамбаев коомчулукту алагды кылуу максатында тыңшоочу аппаратты ойлоп тапты

Эки-үч күн мурун КСДПнын саясий кеңеши маалымат жыйын өткөрүп, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин бөлмөсүнөн тыңшоочу аппарат табылганын айтышып, ал тургай аны көрсөтүп да беришти. Алар: «Бул аппараттар УКМКнын кызматкерлери тарабынан атайын жасалган», — дешет. Ал эми атайын кызмат маалыматты төгүндөп, «бул — КСДПнын кезектеги пиары», — деп баалады. Экс-президент Атамбаевдин бөлмөсүнө тыңшоочу аппарат коюлганы чын болсо, анда ал эмнеге багытталган? ...

0 670

Каныбек Осмоналиев: "Куда-сөөк, бажа-мажа дегендер өзүлөрү саясий башчылыкта турган туугандарын эмнеге мыйзам бузуучулуктарга түртүп жатышат?"

-- Каныбек агай, 6 жылдан кийин жаңданган Батукаевдин иши боюнча мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева камакка алынды. Аял кишини качып кетет деп кооптонуштубу же чындап эле Батукаевдин чыгышына медиктердин күнөөсү чоңбу? -- Өтө коркунучтуу күнөөкөр Батукаев Кыргызстандын сот, прокуратура органдарынын абийирлерин айрандай төгүп кетгт! 2013-жылы эле бул шерменде иш ачылганда көпчүлүк жарандар, бул иш чектен чыккан наадандык, бийликтин ...

0 228

Сайдолимжон Жураев, ЖК депутаты: "Сагынбек Абдрахмановдун бул кылганы туура эмес"

-- Сайдолимжон мырза, 16-майда Сооронбай Жээнбеков экс-президенттин абсолюттук кол тийбестигин алуу мыйзамына кол койду. Бул мыйзамды колдойсузбу? -- Ачыгын айтканда, бул маселе талкууда каралып жатканда жыйынга катышкан эмесмин. Добуш да берген эмесмин. Ошентсе да, бул туура кабыл алынган мыйзам. Ушул эле мыйзам Жогорку Кеңештин депутаттарына да иштеши керек. Анткени, ар бир депутат, чиновник өзүнүн жоопкерчилигин сезиши керек. Жөнөкөй эле ...

0 253

Мирлан Жээнчороев, ЖК депутаты: "Бул мыйзамдын кемчилиги, макамдын шайкештигинде болуп жатат"

-- Мирлан мырза кече жакында президент Сооронбай Жээнбеков экс-президенттин кол тийбестигин алуу мыйзамына кол койду. Юрист катары сиздин пикириниз? -- Биринчиден, бул персоналдуу мыйзам эмес. Мыйзам толугу менен экс-президент макамына ээ болгондорго жайылтылат. Экинчиден, конституциялык палатанын чечимине ылайык, мыйзамга көп өзгөртүүлөр кирген. Бүгүнкү күндө экс-президенттин кылмыш иштери боюнча жоопко тартуу процедуралары киргизилип жатат. Ага ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарынын добушу ...

0 341

Тазабек Икрамов, ЖК депутаты: "Сооронбай Шариповичти намаз окуган, ыймандуу жана таза инсан катары абдан сыйлайм"

Тазабек Икрамович менен иш бөлмөсүндө жолугуп, баарлаштык. Адатта башка саясатчыларга барганда ар дайым үн алгыдан Жогорку Кеңеште өтүп жаткан жыйындын жүрүшү угулуп турчу. Ал эми Тазабек Икрамовичтин бөлмөсүнөн кулакка жагымдуу Куран уктум. Бул мен үчүн жагымдуу көрүнүш болду. – Тазабек Икрамович, ызы-чуусу көп саясатка аралашкандан бери балалык күндөрүңүздү эстеп, сагынган учурларыңыз болсо керек? – Бала кезде мен өтө тентек, ...

0 298

Эльвира Сурабалдиева, ЖК депутаты: "МАИ кызматкерлери элди тономойго өттү"

—Эльвира айым, жол эрежесин бузган айдоочуларга салынган айыппулдардын баасы өтө жогору экенин айтып канкакшап жатышат. Бул элдин тоноонун маданияттуу формасы эмеспи? —Элдин нааразылыгы туура. Биз Европага теңелип айып салганыбыз акылга сыйбай турат. Аларды туураган соң ошолордой шарттарды түзүп беришибиз керек эле. Мисалы, биздин көчөлөрүбүз тар, кээ бурулуштарда тыгын эки, үч көчөгө батпай калды. Ушул сындуу көйгөйдү жоюп, толук шарт ...

0 132

Жамшитбек Калилов, экс-министр: "Эмнеге качышым керек? качканга себеп жок..."

— Жамшитбек мырза, министрликтен кеткенден бери эл көзүнөн оолак кеттиңиз эмне иштер менен алексиз? — Атайын байланышка чыгып ал-ахвал сураганыныздарга ыраазы-ылык билдирем. Эмне кылайын, жеке иштер менен алекмин. Аны менен бирге ден соолукка кам көрүп жүрөм. — ММКларда сизди Кыргызстандан чыгып кетиптир деген сөздөр тарады. Чет өлкөгө барып келдиңизби? — Кыргызстанда эле жүрөм. «Калилов качып кетиптир» деген жаңылыкты окуп алып ...

0 181

Аскат Сулайманов, актёр: “Кудайдын көзү түз болсо биз деле сыйлыкка жетээрбиз…”

Т.Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актеру , кино жана театр жылдызы Аскат Сулайманов бизде мейманда. — Аскат байке, орозоңуз кабыл болсун, роль жаратканда кыйналган жоксузбу? — Быйыл биринчи жолу орозо кармадым. Кадимкидей эле иштеп журөм , кыйналган деле жокмун. Мурда карма деп көп тааныштарым айтышчу, эмнегедир кармачу эмесмин . Быйыл эч кимди кыйнатпай, өзум эле кармайын деп ...

0 2124

Руслан Казакбаев, ЖК депутаты: "Раимды сүттөн ак десең эл ишенбейт, коррупционер дейин десең факты жок"

-- Раим Матраимов өкмөттү сотко берип, Жогорку сот Матраимов тарапка чечип берди. Бул боюнча сиздин пикириңиз? -- Раим Матраимов өкмөттү Жогорку сотгон утуп чыгышы боюнча баа берүү өтө кыйын. Анткени, Жогорку сот Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раим Матраимовду "иштен мыйзамсыз алынган" деген чечим чыгарды. Эгер өкмөт мыйзам чегинде Раим Матраимовду кызматтан алган болсо, анда өкмөт бул иштин аягына чейин ...

0 2356

АУДИО - Урмат Акунов: “Атамбаев – эркек экен баарын каматты”

Аудиофайл 25-май 2019, 16:30 Кызгалдак Жакыпова

--Урмат мырза, учурдагы саясат тууралуу кеп кылалы... Бүгүн, мурдагы президент Атамбаев КСДПнын “лидерлик” кызматынан кетти. Бул саясый жүрүшкө кандай карайсыз? --Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев эркек экен, “мен президенттик кызматтан кеткенде баарын артымдан ала кетемин”, деген. Ала кетмек түгүл, бир тобун каматканга да жетишти. Алдыда ал кишини кандай күндөр күтүп турат, аны бир гана Кудай билет бирок ...

0 476

Кримтөбөл Азиз Батукаев менен Куловдун кандай байланышы бар?

– Феликс Шаршенбаевич, мыйзамдагы ууру А. Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетиши боюнча козголгон кылмыш иш кайрадан жанданып, бир канча чиновник камакка алынды. Бул иште саясий өңүт барбы же мыйзамдын чегинде каралып жатабы? – Чындыгында бул иште саясий өңүт бар деп көпчүлүк айтып жатат. Бирок, Суталиновдун ишин карап көрсөңүз, анда төртүнчү стадиядагы рак оорусу менен ооруганына карабай, сот жылдап бошоткон жок. ...

0 386

Бегалы Наргозуев, экс-депутат: “Өкмөт алмашууга, ал тургай жазаланууга тийиш”

Премьер-министрдин тегерегиндеги ызы-чуу, отставкасын талап кылган маселе боюнча саясатчы, экс-депутат Бегалы Наргозуевди кепке тарттык. – Бегалы агай, “КТ Мобайл” боюнча түзүлгөн комиссия адилеттүү чечим чыгарабы же жогору жакка жан тартып коёбу? – Парламенттин маанайына, депутаттык комиссиянын курамына караганда адилеттүү, калыс чечим чыгара тургандай сезилип жатат. Ошондуктан адилеттүү чечим чыгарат деп үмүт кылып турсак болот. Бирок алар чыгарган корутундуну жалпы ...

0 217

"Айып пулду көбөйтүү - калктын чөнтөгүн кагып, канын сорууга тете иш"

Айып пул өлчөмү боюнча мыйзам күчүнө киргенден бери карапайым калктын ырыскысы кесилип, бир топ акчалар төлөндү. Ошону менен бирге айып пул өлчөмү жогору, бирок жол белгилери, чиймелери оңдолбой, жаңыртылбай турганы кейиштүү. 23-май күнү жол кыймылына каршы айып пулдардын өлчөмүн азайтуу талабын коюшуп, айдоочулар атайын акцияга чыкканы турушат. Бул акциянын уюштуруучусу «Элет көйгөйү» коомдук уюмунун өкүлдөрү. Акция Чүй-Ауэзов көчөлөрүнөн башталып,Фучик көчөсүнөн ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1354

Турсунбек Акун Экс-акыйкатчы: “Батукаевдин иши боюнча мен камалбайм”

- Турсунбек агай, Батукаев боюнча Рысалиев сурак берип чыккандан кийин, Шамиль Атаханов кармалып, камакка алынганы айтылууда. Сиз да бир нече жолу суракка кирип чыктыңыз, тергөө кандай болуп жатат? - Баягы күнү“Жлбырак” каналына сурак боюнча бир топ бакылдап жибериптирмин. Сурактын да жашыруун сырлары бар экен. Мага эскертүү беришип, кол койдуруп алышты. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчун айтылбайт тура. - Канча жолу суракка ...

0 402

Рыскелди Момбеков ЖК депутаты: “Батукаевди учурган учак Атахановдун баласына таандык экенин укканда, Атамбаев ачууланып, кыйкырганын уккам”

-- Рыскелди мырза, күндүн темасы Батукевдин маселесине байланыштуу иш болуп жатат. Аны камактан чыгарып, качырып жиберген ишке шектүүлөр 20дан ашаары айтылууда. Азыркы тапта кармалгандардын саны 9 кишиге жетти. Мунун аягы кандай бүтөт? -- Бул боюнча шектүүлөр дагы чыгат, кармоолор, камоолор дагы болот. Анткени, азыр аны бошоткон соттордун, ошол кездеги прокурор, ички иштер министрлиги, паспорт жасап бергендердин кыймыл-аракетинде кылмыш курамы ...

0 166

Бакыт Төрөбаев “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери: “ЕАЭБке киргенден кийин базарларды карасаңар импорт басып кетти. Мындай көрүнүшкө жол бербейли!”

-- Бакыт Эргешович,Өкмөттүн айланасындагы чуулгандуу иштерге кандай баа бересиз? -- “КТ Мобайл” чыры чыга электе мен чын эле Премьер-министрдин бажасы “Ачык өкмөт” долбоорун жетектеп иштейт экенин, анын баласы олчойгон маяна алып, операторлук компанияда иштээрин деле уккан эмесмин.Бул окуя уят иш болду. Азыр бул иштерди иликтеген депутаттык комиссия иш баштады. Комиссиянын жыйынтыгын күтсөк, көп нерсе дагы ачылат. Мен коммисия мүчөлөрү ...

0 1499

Гүлмира Сатарова, Кара-Көл шаарынын вице-мэри: «Бул турмушта күтүлбөгөн кырдаал да жаралышы ыктымал, аны жеңүүгө бекем эрк талап кылынат экен»

Арийне, тирүүлүктүн оомал-төкмөлүү жагдайлары болору белгилүү. Кээде болуп өткөн окуяларды ылайым өңүм эмес түшүм болуп калса гана атаганат, дешиң мүмкүн. Кызмат дегендин кубанычынан сырткары азабы да болорун эстен чыгарбоо ылайык. Мамлекеттик кызматтын өйдө-ылдыйы, учурдагы турмуштук акыбал, өткөн-кеткенди сыдыргыга салуу тууралуу каарманыбыз менен маектештик. Анын чоо-жайына анда эмесе өзүңүз саресеп салыңыз, окурман. — Сиздин таржымалыңызга үңүлсөк кыйла тажрыйба топтоого жетишиптирсиз. Бүгүнкү ...

0 180

Чыныбай Турсунбеков, ЖК депутаты: "Азыр мыйзамдуу иштегендер атаандаштыкка туруштук бере албай калышты"

-- Чыныбай Акунович, бүгүнкү жыйында контрабанда аябай күчөп кеткени айтылды. Мурунку ишкер катары аны жоюунун жолдорун эмнеден көрөсүз? -- Биз 180 миллиондук рынокко чыга алган жокпуз. Чыккан менен тилекке каршы, мүмкүнчүлүктөрдү жоготуп атабыз. Анын бир эле себеби бар. Чет жактан товарлар Кыргызстанга ээн-эркин кирип жатат (биздин мамлекет ушунчалык ачык эшик болууда), ал эми биз чыгарган товарларды көрүп атасыңар. Казакстандын ...

0 163

Бегалы Наргозуев, экс-депутат: “Партиялар тизме түзүүнү бизнеске айлантып алышты”

-- Бегалы мырза, Владимир Зеленский президенттик кызматка киришер замат парламентти таратып ийди. Кандай деп ойлойсуз, бизге да ошондой кадам керекпи? -– Парламентти таратып, жаңы шайлоо өткөрсөк деле баягы эле боккурсак олигархтар менен алардын аткошчулары келет да. Анткени, Текебаевдик-Атамбаевдик Конституция түзгөн шайлоо системасы мыйзам чыгаруу бийлигине кокустан келген адамдардын санын көбөйтүүдө. Партиялык тизмени аукциондук тизмеге айлантты. Ар бир партия шайлоо ...

0 164

Алмазбек Эргешов, ЖК депутаты: "Жолду бөлүп-бөлүп салуунун өзү туура эмес"

-- Алмазбек Манасбекович, Аксы жолуна байланыштуу күйүп-бышып маселе көтөрүп жаттыңыз эле. Андан бир жыйынтык чыкчудайбы? -- Ал жалгыз эле Аксыны эмес, 350 миңдей адам жашаган үч районду, Таш-Көмүр шаарын, Шамалды-Сайды байланыштырып турган жол. Стратегиялык маанидеги жол болуп эсептелет. Ошону карал, планга киргизип бергиле десек, транспорт министрлиги «акчабыз жок» деген шылтоону айтууда. -- Транспорт министрлигиндегилердин айтымында, алар жолду этап-этабы менен ...

0 173

Садык Шер-Нияз, ЖК депутаты: “Кыргыз тилин өнүктүрүүгө бөлүнгөн акчалар дайынсыз жоголууда”

– Садык мырза, өкмөттүн отчетун угуп жатканда маданияттын азыркы абалына каңырыгыңыз катуу түтөдү эле. Андан кийин бул багытта кандайдыр бир жылыштар байкалдыбы? – Бир сөздөн кийин эле өзгөрүп кетсе жакшы го… Жасала турган, комплекстүү чече турган аябай эле көп иштер бар маданият тармагында. Көп иштер бар… – Биринчи кезекте эмнени жасаш керек дейсиз? – Чынында баары эле биринчи кезекте ...

0 223

Аскер Алиев, Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы аза кызматтарын көрсөтүү агенттигинин директору: “Мекемеде тартип орноп көмүү үчүн көр ээлеп коюуга тыюу салынды”

-Аскер Тукешович, биз билгенден сиз мамлекеттик кызматтын эң төмөнкү баскычтарынан баштап30 жылдан бери эмгектенип келесиз. Бул эмгектериңиз бааландыбы? - Туура. Мен 1989-жылдан бери мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда, Фрунзе шаарынын Ленин райондук аткаруу комитетинин катардагы кызматкеринен баштап ар кандай жетекчилик кызматтарда иштедим. Мамлекет жетекчилиги ишеним көрсөтүп1995-жылдан 2001-жылга чейин Токтогул районунун башчылыгына, андан кийин Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясына, 2007-2009-жылдары Аксы райондук ...

0 322

Исрадин Аманбаев: “Мени музыка дүйнөсүнө атактуу үч дөө-шаа жетелеп келген...”

КР эмгек сиңирген артисти, композитор, обончу, М.Абдраев атындагы атайын музыкалык мектептин директору Исрадин Аманбаев экөөбүз көптөн бери жолугуп, чыгармачылык жаатында баарлаша элек болчубуз. Туз-насип буюруп, аты аталган мектепке барсам, өзүндө экен. Өткөн-кеткенди бирге эстедик. -- Исрадин, сени көпчүлүк эл обончу гана катары билип баалашат. Биз сөздү бала чактан бир эскерип, айтылуу Рыспай Абдыкадыровго жолуккан күндөн баштасак... -- Музыка дүйнөсүнө ...

0 1323

Кубатбек Байболов коомдук ишмер: “Мени 10 жылдан бери кайырмакка илип коюшкан...”

Шайлоо жакындаган сайын парламент жанданып, депутаттар жаңы мыйзамдарды сунуштай башташты.Ушу тапта Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленүүдө. Мисалы, депутат Исхак Масалиев шайлоонун эрежелери өзгөртүлүшү керектигин айтып, добуш берүүдө бүтүндөй партияга эмес, “ар бир талапкерге добуш берүү керек” деген сунушун айтса, ал эми депутат Бакыт Төрөбаев шайлоого катышкан партиялар үчүн 9 пайыздык ченди 5 ке чейин түшүрүү ...

0 222

Эрнис АСЕК уулу: «Эртең менен Акыйкатты аңдап, кечинде ажалыңа тике карасаң болот»

“Жалгыздыктын эмгек сиңирген ишмери” менен маек Белгилүү журналист, акын, котормочу Эрнис Асек уулу оңой менен чакырган жерге барбайт, эч жерге интервью бербейт. Эки күн артынан ээрчип жүрүп, эптеп көндүрүп, кызыктуу маек курдум. Маектешим белгилүү саясатчы, ыраматылык Мелис Эшимкановдун бир тууган иниси. Маекте ал кишинин акыркы 24 сааты, үй-бүлөсү жөнүндө, агасы жана өзү тууралуу ушак-айыңдарга жооп берди. — Эрнис мырза, маегибизди ...

0 200

Бакыт Төрөбаев: “Биз добуштарды сатып алуу оорусун адамдардын аң-сезимин өзгөртүү менен гана жоё алабыз”

– Бакыт Эргешович, сиз дагы шайлоо боюнча мыйзам долбоорун сунуштап жаткан экенсиз. Анын башкалардан өзгөчөлүгү эмнеде? – «Азыр парламентке жалаң акчалуу бай адамдар, олигархтар келип атат» деп айтып атышпайбы. Мен акчалуулар гана эмес, идеясы бар жөнөкөй партиялар да келишине мүмкүнчүлүк түзүп атам. Негизги максат – парламенттин натыйжалуулугун жогорулатуу. Кээ бир депутаттар өзүнүн сөзүн, оюн айта албай, бийлик жакка көз ...

0 176

Азамат Арапбаев, ЖК депутаты: "Салыктан бошотуу да дотациянын бир түрүнө кирет..."

- Азамат Абдулажанович, айыл чарбасын салыктан бошотууну сунуштап жаткан экенсиздер. Бул сунуш жалпы айыл чарбасына тиешелүү болобу? - Кечээ биз бодо малга сырттан кирген жемди өзүбүздүн өндүрүшчүлөр өндүргөндө, аларды салыктан бошотуу маселесин талкууладык. Аны депутаттар колдошту, эми палатага чыгат. Өзүңөргө белгилүү, бир топ өнүккөн мамлекеттерде айыл чарбасы бюджеттен дотацияланат. Өзгөчө мал чарба багыты. Бизде азырынча андай мүмкүнчүлүк жок, бирок, ...

0 434

Мирлан Жээнчороев, ЖК депутаты: "Саясый элита криминалдашып кетти"

-- Мирлан мырза, эмне үчүн актуалдуу маселелерде, кээде кырдыбычак болуп жаткан учурларда да парламенттен жакшы реакция күтпөй жатабыз? Себебин кандай түшүндүрөсүз? -- Мен баардык депутаттар жөнүндө айта албайм. Негизи, шайлоочуларда ар бир беш жылда мүмкүнчүлүк болот. Ошону талдап, кимде-ким, же кайсы бир партия өзүнүн алсыздыгын көргөзсө, коомдо болуп жаткан талууларга катышпай, кайдыгерлигин көргөзсө, шайлоодо алардан тазаланганга толук мүмкүнчүлүк бар. Андай ...

0 211

Кожобек Рыспаев, ЖК депутаты: "Жерүйдү мамлекет өзү иштетсе болмок"

- ЖМКлар сиз жетектеген отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин жыйыны эки-үч жолу өтпөй калганын жазышты. Анын себеби эмнеде? - Бир эле материал болсо өтпөй калат. Кээде материал топтоп калабыз. Ар кандай да. Биз жакшы иштеп атабыз, жоготуп коюп атабыз жумуштун баарын. Кээ бир комитеттер чогулта беришет. - Анда карай турган материал жогунанбы? - Материалды топтойсуң да. ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 350

Бекболот Талгарбеков, коомдук ишмер: “Президент сөзүндө туруп, уран казууну түбөлүк токтотсо, чоң кадыр-баркка ээ болот...”

Б.Талгарбеков: Мамлекеттин бүгүнкү жоопкерчилиги толугу менен бийликтин мойнунда болгону үчүн  убакытты созбой, тез аранын ичинде чечиши керек. - Бекболот агай, эл уран кенин каздырбоо үчүн болгон каршылыкты көрсөтүп, митингге, жөө жүрүшкө чыга баштады. Бул жагдай эл менен бийликти тирештирип, Кыргызстандагы саясий абалдын курчушуна, бийликке каршы күчтөрдүн күчөшүнө жол ачабы? - Абалдын курчушу же эпке келиши албетте, бийликке көз каранды. Айтайын ...

0 501

Дамира Ниязалиева, ЖКнын экс-депутаты: “Менин кайрымдуулук иштеримдин шайлоого эч кандай байланышы жок”

—Дамира эже,  КСДП экиге бөлүнүп,  ушундай ахыбалга түшүп калганы боюнча эмне айтасыз? —Албетте, өкүнүчтүү маселе болуп калды. Мындай деӊгээлге жетип, бөлүнүп-жарылбай эле койсо жакшы болмок. Бирок ушул маселенин келип чыгышына Атамбаевдин да өзүнүн чоӊ жоопкерчилиги бар. Эмнеге дегенде, Атамбаев убагында премьер, андан кийин президент болуп турганда партияны өзү карабай, жетекчиликти тажрыйбасы,жөндөмү жок адамдарга берип койгон. Ошол мезгилде КСДПнын кыйроо ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83