www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маек
0 891

Равшан Жээнбеков: “Бекназаровдун шайлоого катышуусуна козголгон кылмыш иши тоскоолдук жаратпашы керек”

06-сентябрь 2017, 19:10 Перизат Кутманалиева

– Равшан мырза, Юстиция министрлиги даярдаган жарандык мыйзам коомчулукта түрдүү пикирлердин жаралышына шарт түздү. Эгер аталган мыйзам колдоого алынып кетсе, укук коргоочуларды жана бийликке ачуу сын айткан оппозициялык маанайдагы саясатчылар УКМК менен ИИМдин чогулткан документинин негизинде “чыккынчы” деген айып тагылып, Кыргызстандын жарандыгынан ажыратып жиберет дегендер да пайда болду. Эгер бул мыйзам колдоого алынып кетсе, коомчулукту ойго салган чочулоолор турмуш чындыгына ...

0 656

Рита Карасартова: "Бул жерде күнөө Келдибековдо эмес, БШКда"

06-сентябрь 2017, 19:05 Перизат Кутманалиева

-Рита эже, президенттик шайлоодон эмне үчүн четтетилип калдыңыз? Эмне үчүн чогулткан кол тамгалар жараксыз деп табылып калды? – Борбордук шайлоо комиссиясы 30 миң колдун бештен бир бөлүгүн текшерип, андан талапка жооп бербеген колдорду таап чыгып, аны төрткө көбөйтүп, анан жараксыз кол тамгалар деген жыйынтык чыгарышат экен. Өзүм чуркап, кол тамгаларды топтогондуктан, ызаландым. Кол жазмалар бир кылка эмес, ар башка болуп жатат ...

0 682

Жаңылкан Умай Эне: Мен өлкөбүзгө Атамбаевдей президент келсе экен деп тиленем

04-сентябрь 2017, 11:55 Перизат Кутманалиева

— Кыргызстаныбыз өнүгүүгө карай чындап бет алып, 20 жылдап топтолгон маселелер чечилүүдө. Мындай тыянакты эксперттер чыгарышты. Президент Алмазбек Атамбаев да эл алдындагы сөзүндө муну баса белгиледи. Жасалган иштердин кайсынысы сиздин купулуңузга толду? — Калыстык үчүн айтайын, Алмазбек Атамбаев президенттикке келгени аялзатынын, өзгөчө энелердин ою, тилеги, ички ниеттери ага карата аябай жакшы  болду. Анткени, буга чейинки коомчулук, бийлик жетекчилери энелерди ооз жүзүндө ...

0 2474

Түгөлбай Казаков: "Наамды берсе жаш кезинен берсе жакшы болот деп мурунтан ойлоп келгем"

03-сентябрь 2017, 04:38 Камчыбек Бостон

КРнын Эл артисти, обончу, композитор Түгөлбай Казаков бир жылдан бери маданият жана маалымат министри болуп иштеп келе жатат. Чыгармачылыктын ийне-жибине чейин мыкты билген бул инсан министрликке келгенде көпчүлүк чыгармачыл инсандар үмүт артышты эле. Ошол үмүттөр канчалык деңгээлде ишке ашып атканын, делеге маданияттагы оош-кыйыштар тууралуу агай менен маектештик. – Агай, сиз маданият министрлигине келгениңизде “маданиятты түшүнгөн адам келди”дешип, чыгармачыл адамдарда кубаныч болгон. ...

0 2101

Сүрөт - Эгемберди Чалабаевдин жубайы Салтанат: «Менин туугандарым атайын Казакстандан Эгендин палоосун жегени келишет»

03-сентябрь 2017, 03:29 Айдар Нуралиев

Жаштар театрынын жетекчиси, кыргыз элине белгилүү актёр, өзгөчө «Издейм сени» сериалындагы ролун мыкты ачып бергени менен элдин эсинде калган каарман Эгемберди Чалабаевди баарыбыз актёр, режиссёр катары билебиз. Ал эми ата, жолдош, кожоюн катары кандай адам экени баарыбызга кызык. Агай менен 35 жыл бирге жашаган жубайы казак кызы Салтанат айым жолдошунун бейнесин ачып берди. – Салтанат айым, жолдошуңуз Эгемберди Чалабаевди кыргыз эли ...

1 557

Бекбосун Бөрүбашев, юридика илимдеринин доктору: “Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаевдин мандаттарын тапшыры жеке абийиринде”

02-сентябрь 2017, 18:40 Перизат Кутманалиева

— Коомчулукта президенттикке талапкерлер Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаев экс-премьер-министр Сооронбай Жээнбеков сыяктуу президенттик шайлоого мандаттарын тапшырып туруп барышса болмок деген кеп күч алууда. Сиз кандай ойлойсуз? Бул экөө мандаттарын тапшырышса болот беле? — Мен билгенден мыйзам боюнча президент менен Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоого баратканда өздөрүнүн мандаттарын тапшырбайт. Бул мыйзамдын өзү туура эмес кабыл алынган. Башмыйзамда жобосун бузуп коюшкан. Мурун кабыл ...

0 844

Марьям Иманкулова: «Кеч болуп кала электе жашылчаларды консервалоону токтотуңуздар!»

01-сентябрь 2017, 19:15 Перизат Кутманалиева

Марьям Иманкулова, Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун тамак-аш бөлүмүнүн санитардык врачы:«Кеч болуп кала электе жашылчаларды консервалоону токтотуңуздар!» – Марьям Жетимишовна, сиздер консервалоо иштерине тыюу салып келесиздер. Эмнеге? Кандай коркунучтардын негизинде? – Ооба, биз дайыма консервалоо иштерине тыюу салып келебиз. Мунун коркунучу эмнеде? Жерде уулануу таякчалары бар, өсүмдүк дагы жерде өсөт. Биз өсүмдүктөрдү кышка даярдоодо ар бирин жышып жууп отурбай, чарага салып эле ...

0 2285

Түгөлбай Казаков, Маданият жана маалымат министри: «Мен мурунтан эле «наамды берсе, жаш кезинде берсин» деп келем»

01-сентябрь 2017, 03:08 Айдар Нуралиев

КРнын Эл артисти, обончу, композитор Түгөлбай Казаков бир жылдан бери маданият жана маалымат министри болуп иштеп келе жатат. Чыгармачылыктын ийне-жибине чейин мыкты билген бул инсан министрликке келгенде көпчүлүк чыгармачыл инсандар үмүт артышты эле. Ошол үмүттөр канчалык деңгээлде ишке ашып атканын, делеге маданияттагы оош-кыйыштар тууралуу агай менен маектештик. – Агай, сиз маданият министрлигине келгениңизде “маданиятты түшүнгөн адам келди”дешип, чыгармачыл адамдарда кубаныч болгон. ...

0 677

Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу: “Шайлоонун таза өтөрүнө ишеним азайды…”

30-август 2017, 17:18 Перизат Кутманалиева

-Токтайым эже, кандай максат менен төртүнчү жолу президенттик шайлоого аттандыңыз? – Шайлоо деген эл менен пикир алмашып, алардын тандоосуна ээ болуу. Шайлоонун шарапаты менен элдин бир топ көйгөйлүү маселелерин көтөрүп, аларды мамлекеттин туруктуу өнүгүү программасына киргизип, анын чечилишине болгон аракетимди жумшайм. Кудайга шүгүр, бүгүнкү күндө өткөн шайлоолордо мен сунуштаган бир топ идеялар акырындык менен ишке аша баштады. – Алар кайсылар? – 2005-жылдан баштап ...

0 1201

Залина Касымова: "Биз Аскат экөөбүз жакшы жашадык, өкүнбөйм"

29-август 2017, 20:49 Айдар Нуралиев

Кыргызстанда саналуу гана кыл кыякчы болсо, анын бири - Залина Касымова. Кыл кыяк ойногону да, жүргөн жүрүшү да олуттуу кыякчы эки баласынын да үлгүлүү энеси. Ырчы Аскат Мусабеков экөө чыгармачылыктагы кош жылдыздардын катарын толуктап жүрүшүп, акыркы учурларда эки башка жолго түшкөндөрү белгилүү болгон. Бул убакка чейин ал тууралуу ооз ачпаган Залина биз менен сырын бөлүштү. – Залина, интернеттеги сүрөттөрүңдү карап олтуруп ...

0 502

Айдарбек Сарменбетов, жазуучу, журналист, “Түрк дүйнөсүнүн адабияты” журналынын башкы редактору: “Жаштар Алмазбек Атамбаевдин ишенимин актаса тарыхта калат”

29-август 2017, 03:06 Айдар Нуралиев

— Алмазбек Атамбаев президенттик доорунда бийлик бутактарына жаш кадрларды тартып, алардын иштөөсүнө жол ачып, жаштардын келечегине кам көрүү менен анын мындай саясаты көптөгөн билимдүү-илимдүү жаштардын эртеңине стимул жаратты десек болот. Сиздин мындай кадамдарга карата оюңуз кандай? — Албетте, жаштарды мамлекеттик деңгээлдеги иштерге тартуу өлкөбүздөгү жакшы жаңылык, жышаан. Эгемендик алгандан бери мындай келечектүү иш боло элек эле. “Келечек – жаштардыкы” деп ...

0 1105

Экс-депутат Мамырова Чубак ажыдан башкача жооп күткөнүн айтат

28-август 2017, 23:52 Айдар Нуралиев

Саясатта орду бар, беттегенин бербеген өжөр, салмагын сактай алган, айтканынан кайтпаган Бөдөш Мамырованы баарыбыз эле билсек керек. Эженин баардык маектери саясий багытта кетет. Бирок үйүндө кандай жубай, кимдин өмүрлүк жары, ой максаттары таптакыр айтылбай келет. Бүгүн биз ошол багытта маектешебиз. -Бөдөш Аманбаевна, саясый чөйрөдө салмагыңыз бар инсансыз. Саясаттабы башка жактабы коомдун көзүнө көрүнүп жүргөн аялдар аялдык бакыттан көбүнчө жабыркап келет. Аял ...

0 5552

Сүрөт - Гүлнур Асанова, ырчы: “Аллахтын сыноосун кабыл алып, сыздадым, кыйналдым...”

28-август 2017, 22:50 Айдар Нуралиев

Таланттуу ырчы айым жеке жашоосундагы чоң өзгөрүүлөрдөн соң, чыгармачылыгына кызуу киришип, “Мекеним Кыргызстан” аттуу ырына клип тартып, “Дарак ыры” тарыхый мюзиклде роль жараттты. Социалдык тармактан көбүрөөк келчү төмөндөгү: “Арыктап кеттиңизби? Маанайыңыз жакшыбы? Өткөн-кеткенди унуттуңузбу? Бардык нерсени кечирдиңизби? Жашоо улана береби? Артка жол жокпу? Алдамчыларды жек көрөсүзбү? Жаңы кыялыңыз барбы? Достордон адаштыңызбы? Сынбадыңызбы? Сыздадыңызбы? Сыйладыңызбы? Кыйналдыңызбы? Кыйбадыңызбы? Аллахтын сыноосун кабыл алдыңызбы?”- ...

0 674

Сабыр Муканбетов, саясый баяндамачы: “Сагызган сактыгынан өлбөйт, суктугунан өлөт”

28-август 2017, 04:48 Айдар Нуралиев

Сабыр байке, баягы узун кептин учугун улайлы... Бүгүнкү күндүн жаңылыгы Сооронбай Жээнбековдун отставкасы болууда. “Бийлик башындагылар эмне себептен мындай кадамга барды?” деген суроого ар түркүн пикирлер айтылууда. Сиз кандай дейсиз? ­ Эми, Сооронбай Жээнбековдун (Соке) өкмөт башчылыктан кетпей эле, президенттикке талапкер болгонуна байланыштуу ыйгарым укуктарын биринчи орун басарына табыштап, шайлоого катышып, өтпөсө кайрадан ишин улантууга акысы бар болчу. Кийинки отчеттук периодго ...

0 1911

Динара Акулова: «Айгүн үчүн баарынан баш тартып, эки жыл үйдө отурдум»

27-август 2017, 22:20 Айдар Нуралиев

Динара Акулова: "Фунтигим чоңоюп келе жатат, буйруса" – Динара айым, интернеттеги постторуңузга караганда небере жытына балкып турган учуруңуз окшойт? – Ооба, чынында небере бакыт экен. Ишенсең аны жыттап эле үйдө жатып жумушка чыккым келбейт. Бирок тиричиликти ойлосом, кайра туруп жумушка жөнөйм. Азыр абдан ширин убагы, ар бир кылыгын карап эле олтургум келет. Качан күлөт, качан отурат, качан сүйлөйт, эми качан басат деп ...

0 612

Курманбек Османалиев: Диний көсөмдөр "куранга"шек келтирген президентке неге үн катпады?!

26-август 2017, 13:02 Перизат Кутманалиева

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Каныбек Осмоналиев менен учурдагы кырдаал тууралуу баарлашуу… – Каныбек байке, биз бүгүн мыйзамдуу өлкөдө жашап жатабыз деп ойлойсузбу?.. Менимче, мыйзамдык да, моралдык да жагынан алганда азыркы бийлик ушул эки баалуулукту тең тебелеп-тепсеп салгандай, кандай дейсиз? Дегеним, Башмыйзамдагы президенттин, парламент менен өкмөттүн милдеттери акүйдүн 7-кабатындагы бир ууч топтун эле өзүм билемдиги аркылуу аткарылып калды. Мындай көз көрүнөө жасалган ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 722

Павел Зарифулин, Лев Гумилев Борборунун директору: “Жээнбековдордун кланы Кыргызстанды толук ээлеп алды”

26-август 2017, 10:53 Перизат Кутманалиева

Кыргызстанда шайлоо алдында түзүлгөн кырдаал тууралуу жана бул шайлоого чет мамлекеттердин таасири жөнүндө “Yenicag.Ruга” Лев Гумилев Борборунун директору, саясат таануучу Павел Зарифуллин айтып берет. – Сиз Кыргызстандагы шайлоо алдындагы кырдаалды кандай баалайсыз? – Азыркы учурда Кыргызстанда шайлоо алдында татаал кырдаал түзүлдү. Болгону 59 талапкер катталды. Булар партиялардын өкүлдөрү жана өзүн-өзү көрсөткөндөр. Бирок кыйынчылык талапкерлердин саны көп болгондугунда эмес, бул учурдагы президент А.Атамбаевдин мураскери үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Шайлоодо ...

0 4454

Динара Акулова: Биз Абдумалик экөөбүз...

25-август 2017, 15:57 Перизат Кутманалиева

– Динара айым, интернеттеги постторуңузга караганда небере жытына балкып турган учуруңуз окшойт? – Ооба, чынында небере бакыт экен. Ишенсең аны жыттап эле үйдө жатып жумушка чыккым келбейт. Бирок тиричиликти ойлосом, кайра туруп жумушка жөнөйм. Азыр абдан ширин убагы, ар бир кылыгын карап эле олтургум келет. Качан күлөт, качан отурат, качан сүйлөйт, эми качан басат деп олтуруп, билинбей убакыт өтө ...

0 656

Топчубек Тургуналиев: Мага бирөө телефон чалып: «Сиз келечектин президенти менен сүйлөшүп жатасыз…» – дейт

24-август 2017, 12:06 Перизат Кутманалиева

– Топчуке, акыркы жылдарда Кыргызстанда президенттикке 60-70тен адамдынөз талапкерлигин коюусу адат болуп калды. Алардын арасында ысымдарын эч ким билбеген бош жүргөндөрдөн тартып, пенсионерлерге чейинкилер бар. Мамлекет башчысын шайлоону мындай клоунадага айландырбастан президенттикке талапкерлерге жок дегенде мамлекеттик органдардагы бөлүм башчыларды, статс-катчыларды тандагандай квалификациялык талаптарды, сынченемдерди киргизсе болбойбу? – Баш мыйзамга ылайык соттолбогон, аракетке жөндөмдүү делген 35 жаштан 70 жашка чейинки Кыргызстандын тургундары президенттикке ...

0 606

Орус саясатчы: «Жээнбековдун кланы Кыргызстандын баарын ээлеп алды"

19-август 2017, 15:33 Жазгүл Урманбетова

Орус саясатчы: «Жээнбековдун "кланы" Кыргызстандын баарын ээлеп алды» Шайлоо алдындагы Кыргызстандагы кырдаал жана анын башка өлкөлөргө өлкөлөргө тийгизе турчу таасири тууралу Yenicag.Ru сайтынын жана Лев Гумилев атындагы борбордун мүдүрү Павел Зарифуллин төмөнкүлөрдү айтып берди. - Сиз  Кыргызстандагы шайлоо алдындагы кырдаалга ой-пикириңиз кандай?  — Учурда Кыргызстанда шайлоо алдында өтө оор учур болуп жатат. Бардыгы болуп 59 кандидат катталган. Бул ...

0 4161

Кызсайкал Бөрүбаева: "Эрнисттин колдоосу менен хиджаб кийдим"

18-август 2017, 18:58 Перизат Кутманалиева

Куудул Кабыл Бөрүбаевдин кызы, ырчы Мажиттин карындашы Кызсайкал эсиңизде болсо керек. Бир кездеги ырчыларды туурап пародия ырдаган секелек кыз бүгүн турмушка чыгып келиндик доорду сүрүп жаткан кези. Жаш түгөйлөрдүн таттуу жашоосунан бөлүшө кетүүнү туура көрдүк. – Эрнист, Сайкал, куш бооңор бек болсун, кантип таанышып калдыңар эле? Экөөңдүн минтип шашылыш баш кошконуңарга эмне түрткү болду? Эрнист: – Мен Сайкалды эжеси аркылуу тааныгам. Мурун ырдачу экенин ...

0 12249

Гүлнур Асанова: "Жалгыздыкка көнүп калдым"

18-август 2017, 00:41 Камчыбек Бостон

“Ашыкча даңктуулук адамзатын бузат, айга да барып кондурат” деген кеп бар эмеспи. Бирок бул сөз каарманыма байланышы жок. Гүлнур башында кандай болсо, ошол жөнөкөйлүгүнөн тайбай келет. -Гүлнур, маектешели десек эле тойдон колуң бошобойт.  Жакында  жакын курбуңа курбу болуп  турмуш жолуна узаттың. Сөздү ушундан баштасак… -Тиш доктур болуп иштеген Миргүл аттуу жакын курбумду  турмуш жолуна узаттык. Эң жакын курбум болгондуктан аябай толкундандым. Той ...

0 3796

Адахан Мадумаров адамгерчилиги жок, ал жөнүндө уккум дагы, сүйлөгүм дагы келбейт

16-август 2017, 14:25 Перизат Кутманалиева

Адахан мырза сүйлөп жатканда, сайрап жаткан булбул жаӊылып кетиши мүмкүн. Сөзгө чечендиги тубаса таланты же турмуш тажрыйбасынын жыйынтыгынандыр.  "Каным, жаным, жериме азык болсун, каруум элге казык болсун"- деген сөзү эли-жери үчүн башын сайып коюуга даяр экенин тастыктап турат. Кыргыздын кыраан уулу жайдын ысык аптабында   ары кызыктуу, ары маанилүү  маек куруп берди. "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров: “Жетекчинин көзүндө каары, ...

0 3155

Өлүктүн курттап кетиши кээде жардам берет... Сотмедэксперттин маеги

14-август 2017, 17:42 Перизат Кутманалиева

Борбордук көчөнүн биринде айтылган даректи көздөй бара жаттым. Сыртынан бийик, кооз эле көрүнгөн имарат. Айланасына бак-дарак, гүлдөр тигилип, отургучтар да орнотулган. Бирок... эшигине жакындаган сайын каңылжаарды жарган жагымсыз жыт күчөй берди. Бул — өлүккананын жыты эле. Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун Өлүктөрдү изилдөө бөлүмүнүн башчысы Эрмек Максутов буга чейин медициналык-криминалисттик бөлүмдү 7 жыл жетектеген. Андыктан, ал кишини сыртынан карап эле "окуп" коет. Соттук-медициналык ...

0 1974

Айнура Салахидинова: Жолдошум президент болууну бала кезинен кыялданат

14-август 2017, 14:01 Перизат Кутманалиева

Ырчы Айнура Салахидинованын жолдошу Санжар Энназаров алдыда боло турчу президенттик шайлоого аттанып, учурда коомдо талкуу жаратып жаткан учуру. Бул учурга чейин биз ырчынын жолдошу катары гана таанып келе жаткан кандидат тууралуу жакындан маалымат алуу максатында Айнураны маекке чакырып «Балдарымдын атасы» рубрикабыздын алкагында Санжар Энназаровдун бейнесин ачып берүүгө аракет кылдык. – Айнура, жолдошуң президенттик шайлоого аттанып, сен ага жардам берип жүргөн экенсиң? – ...

0 7452

Нурлан Насип ырчы: “Өзбек усталар алдап кетишти”

13-август 2017, 01:38 Айдар Нуралиев

Нурлан Насип:  Марат досумдун ата-энеси, бир туугандары келип жаңы салынган ак өргөөмдүн биринчи коноктору болуп кетишти. Жакын адамдарыбыз аман болсун. - Нурлан, үйүң бүтүп калдыбы, үй салуу түйшүгү менен алышып келе жатканыңа канча болду? - Кудайга шүгүр, көбү бүтүп, азы калды. Негизинен ичи бүттү, эми үйдүн сырты менен эшиктин алдын оюмдагыдай жасатып алсам деп турам. Анан эмерек, парда сыяктуу үй оокаттарын алып ичин толтуруш ...

0 1427

Камчыбек Ташиев: “Кыргызстандын келечеги, эл­жерибиздин бүтүндүгү, тынчтыгы үчүн бириктик!”

12-август 2017, 05:02 Айдар Нуралиев

“Ата ­Журт”, “Өнүгүү­ Прогресс”, “Бүтүн Кыргызстан” партияларынын лидерлери Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков, Бакыт Төрөбаев жана Адахан Мадумаровдор биригүү келишимине кол коюшканын апта башында жар салышты. Алар жаңы саясий партия түптөп, Кыргызстандын президенттигине бирдиктүү талапкер чыгаруу ниетин ачык айтышууда. “элдин биримдиги жана таза шайлоо үчүн аракеттерин бириктирүүнү” максат кылган жаңы күч башка да коомдук­саясий күчтөрдү жана кайдыгер карабаган жарандарды катарына кошулууга ...

0 1298

Равшан Жээнбеков, экс-депутат: “Эгерде “квартет” жашыруун бийлик менен кызматташса, саясый карьераларына чекит коюлат”

10-август 2017, 04:13 Айдар Нуралиев

– Равшан мырза, президенттикке аттанган төрт саясатчынын биригүүсү эмнеден кабар берет? – Шайлоонун алдында мамлекетте таза шайлоо болооруна саясатчылардын көзү жетпесе, мамлекетте системалуу түрдө административдик ресурсту колдонуп, саясатчыларга саясый куугунтукту колдонуп, дайыма өздөрү каалагандай гана шайлоо өткөрсө, эртеби-кечпи саясатчыларда иммунитет пайда болуп, ошол процесске каршы чыгуунун жолун издей башташат. Жыйынтыгында биригүүгө аргасыз болушат. Бул маселе айланып келип эле аргасыздыктан жаралды. Демократиялык ...

0 1618

Табылды Акеров: “Ахматбек Келдибековду талапкерликке алып чыгаары толугу менен мүмкүн”

09-август 2017, 21:39 Гүлжан Шерипбаева

-Түштүккө аты таанымал саясатчылар Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров, Бакыт Төрөбаев жана башка, бир нече саясатчылар биригишти. Саясый серепчи катары көз карашыңыз кандай?   -Бүгүн бул саясатчылардын катарына Элмурза Сатыбалдиевдин кошулганы айтылып жатат. Менимче биримдикке келген саясатчылар өздөрүнүн ичинен бирөөнү алып чыгат деп ойлобойм. Себеби, булардын биринин да шайлоо фондуна жарытылуудай акча которулган жок. Башкача айтканда ...

0 2326

ЭКСКЛЮЗИВ - Турция-Таркан, ырчы: “Жубайымды сүйөм жана анын мага наристе белек кылышын каалайм”

08-август 2017, 21:33 Айдар Нуралиев

Өзүнүн сексуалдуу кыймыл- аракети, уккулуктуу үнү, мелодиялуу ырлары менен Орто Азияны багынткан ырчы Таркан экени баарыбызга маалым. Сүйүктүүсү Пинерге баш кошкон соң, жеке жашоосунда көп өзгөрүүлөр болгонун, ата статусуна ээ болууну каалап жаткан кеңири айтып берген Таркан бүгүн бизде мейманда. - Таркан, биздин өлкө тууралуу буга чейин уккансыңбы? - Ооба, Орто Азия мамлекеттерин жакындан таанышпасам да, жакшы билем. Себеби, биз ...

0 1903

ВИДЕО - ЭКСКЛЮЗИВ: Турция - Таркан, ырчы: “Жубайымды сүйөм жана анын мага наристе белек кылышын каалайм”

07-август 2017, 17:12 Гүлжан Шерипбаева

Өзүнүн сексуалдуу кыймыл- аракети, уккулуктуу үнү, мелодиялуу ырлары менен Орто Азияны багынткан ырчы Таркан экени баарыбызга маалым. Сүйүктүүсү Пинерге баш кошкон соң, жеке жашоосунда көп өзгөрүүлөр болгонун, ата статусуна ээ болууну каалап жаткан кеңири айтып берген Таркан бүгүн бизде мейманда. - Таркан, биздин өлкө тууралуу буга чейин уккансыңбы? - Ооба, Орто Азия мамлекеттерин жакындан таанышпасам да, жакшы билем. Себеби, биз бири-бирибизге ...

0 587

Азимбек Бекназаров: “Бабановду Атамбаев камагысы келгенде, Отунбаева экөөбүз сактап калганбыз...”

07-август 2017, 10:10 Перизат Кутманалиева

Коомдук жана мамлекеттик ишмер президенттикке талапкер болуп каттоодон өткөн Азимбек Бекназаров менен баарлашып, “улутчул” деп коюлуп жаткан дооматтардын чоо-жайын билүүгө аракет кылдык. - Азимбек мырза, президенттик шайлоого катышууга бел байлап, Борбордук шайлоо комиссиясынан каттоосунан өттүңүз. Айрым талапкерлердей болуп, шайлоого кайсы бир кызматты соодалашып алайын деген максатта аттанган жоксузбу? - Кызмат соодалашыш үчүн же кайсы бир арзыбаган максатымды орундатыш үчүн шайлоого аттанып ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1623

Камила Талиева, Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышын депутаты: “Айтмаматты токтоосуз кызматтан кетишин талап кылам!”

05-август 2017, 16:02 Перизат Кутманалиева

-Барсбек Кагандын айкелине “кол салуу” кыргыз элине гана эмес, бүтүндөй мамлекетке жасалган чыккынчылык болуп саналабы? Оштун ушу таптагы мэри Айтмамат акенин дагы кандай “демилгелери” элди жийиркентип жатат? Камила Талиева: Барсбек Кагандын айкелин башка жакка жылдыруу идеясын көтөргөндөргө токтоосуз чара көрүлүшү кажет. Ал гана эмес бул идеяны көтөргөн авторлорду сотко берүү керек. “Кыргыздын тарыхына кол салуу” деп, тыянак чыгаруу менен, керек ...

0 3568

Сүрөт - Каныкей, ырчы: “Үйдө аябай мыкты кожейке эмесмин, бирок тамак үчүн уруш эч качан болбойт”

04-август 2017, 14:53 Айдар Нуралиев

Каныкей- бул ысым шоу-бизнесте өзүнүн ордун тапкан, өзгөчө стилдүү, сырдуу ырчы айым тууралуу айтат. Турмуш жолуна аттанып, эне статусуна ээ болгон Каныкей сырдашып кайттык. - Каныкей, эң алгач чакан мамлекетиң тууралуу кеп салсаң... - Жаратканга шүгүр кылам. Себеби, бүгүнкү күндө мен эң бактылуу аялзатынын катарын толуктайм. Биздин чакан мамлекет сүйүктүү жолдошумдан жана кичинекей Алим деген балабыздан турат. - “Эне” статасуна ээ болгон жактыбы? ...

0 1110

Шаирбек Маматокторов: КСДПнын съездинде күпүлдөгөн ЧАТ, ошол замат "саясий изгойго " айланды

04-август 2017, 11:19 Перизат Кутманалиева

-Саламатсызбы? Чыныбай Турсунбеков спикерлик кызматтан кол жууп калбайын деп тизгинин тарттыбы же КСДПга каршы чыга алган жокпу? -Чыныбай Турсунбеков кайсы бир саясатчылардын кеңештерине "эрденип", айрыкча, орусиялык Матвиенко айымды Кыргызстанда тоскон кезде, өзүн "чоң саясатка " аралаша түшкөндөй сезип, бир аз "саясий эйфорияга " берилип кетти окшойт. Анын үстүнө, мөөнөтү бүтүп бара жаткан Атамбаевдин ордуна көз арткан 3-4 саясатчынын катарында экени сыр деле эмес ...

0 601

Кубанычбек Апас, президенттикке түбөлүк талапкер: “Мен кадимки Трамптан, Путинден беш эсе жогору турам, кыргыз эли муну баалабайт, анткени аң-сезими төмөн”

04-август 2017, 10:39 Перизат Кутманалиева

– Кубанычбек мырза, Москвадан качан келип калдыңыз? – 30-июль күнү кечки саат 17лер чамасында Бишкекке кондук. Келерим менен туугандарга жолуккан соң, эртеси 31-июлда адаттагыдай президенттикке талапкерлигимди коюу үчүн БШКга барып, тиешелүү документгеримди тапшырдым. А жердеги Асаналиев атгуу бөлүм башчы мени жаман көзү менен карап, арызымды окуган соң «Башмыйзам боюнча сизге президенттикке талапкерлигиңизди койгонго болбойт, анткени сиз Орусиянын жараны болосуз. Мыйзамдын негизинде ...

0 4794

ЭКСКЛЮЗИВ - СҮРӨТ - Нуртас Айдарбеков, Кайрат Нуртастын атасы: “Кайратка бала кезинен жана азыр да кол көтөрүп турам”

03-август 2017, 08:20 Айдар Нуралиев

Казакстандын атактуу ырчы мырзасы Кайрат Нуртас мекенинен алыска сапар алганда дайыма аны жандап, көз салып, тарбия берип, насаатын айткан атасы Нуртас Айдарбеков жүрөт. Нуртас мырза Кайратты беш колундай билет. Ал эле эмес бүгүнкү күнгө чейин Кайратка кол көтөрүп тураарын жашырбайт. Муну менен катар өзү берген катаал тарбиянын аркасында уулу калктын алдында ысык мээримге курчалып жатканына абдан кубанычта! - Нуртас мырза, атактуу ...

0 1117

Туйгуналы Абдраимов, мамлекеттик ишмер: “Кыргызстанды фюрерлер башкарып жатат”

01-август 2017, 03:08 Айдар Нуралиев

Мамлекеттик ишмер Туйгуналы Абдраимов менен президенттик шайлоого кандай максатта аттанып жатканын билүү үчүн баарлашып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык. ­ Туйгуналы мырза, кептин ток этер жерин айтсак, президенттик шайлоого кандай максат менен аттанып жатасыз? ­ Негизи мен амбициясы чоң деле адам эмесмин. Кандай кызмат болбосун иштеп келдим. Слесарлыктан баштап врач, бөлүм башчы, министр, министрдин орун басары, депутат, элчи, Борбордук шайлоо комиссиясынын ...

0 1113

Ахматбек Келдибеков, коомдук-саясий ишмер: “Кек сактоо, өч алуу мага таандык сапат эмес”

Ахматбек Келдибековдой тээ биринчи тепкичтен баштап жогорку кызматта иштеген саясатчылар саналуу эле болсо керек. Мамлекеттик кызматты жөнөкөй эле жерден баштап парламенттин Төрагасы болуу бактысына чейин ээ болгон инсан. Ахматбек Келдибекович саясатта канчалык көп жүрсө ошончолук азабын, жыргалын кошо тартты. Кыйналды, кызматтын балын татты, уусун жутту дегендей. Бүгүн ал президент болом деп жарышка аттангандардын катарын толуктап жаткан кези. Деги эле алдыдагы ...

0 5755

Жамбыл Камчиев, куудул: "Байбичем сыркоолоп 1 жылдан бери төшөктө"

30-июль 2017, 16:10 Камчыбек Бостон

Маданий тармактагы ар бир кызматкер колунан келген салымды кошуп келет. Анын ичинде куудулдар да бар. Кыргызга аттын кашкасындай таанымал куудул Жамбыл ага болгон менен кыска маекти сунуштайбыз. Жамбыл ага арыбаңыз? Абалыңыз кандай? Кудайга шүгүр. Күн өтө ысык. Иштер чачтан көп. Майда-чүйдө курулуш иштерим бар. Байбичем сыркоолоп 1 жылдан бери төшөктө. Баса албайт, бирок акыл-эси жайында.   Президент болом деп жатасыз. Болсоңуз маданияттын ...

0 555

Аида Касымалиева, ЖК депутаты: «Жогорку Кеңеште аялдарга байланыштуу чоң көйгөйдү тамашага айландырышат»

— ЖКда аялдар маселеси кандай каралат? — Жогорку Кеңеште жакшы жери айым депутаттардын форуму бар. Аялдар, балдар укуктарына байланыштуу мыйзамдар ошол форум аркылуу өтөт. Бизде алты фракция бар. Алты фракциянын позициясы ар кандай. Жалпы жыйырма аял бар. Бирок оппозиция болобузбу, позиция болобузбу, аялдар маселесине келгенде форумдун мааниси жогору, Биз бир фракция менен пикирибиз келишпеси мүмкүн. Нике, зордук-зомбулукка каршы күрөшүү мыйзамдары каралганда ...

1 7930

Нуриза Бурханова актриса: «Балдарыма жакшы мамиле кылса, ага турмушка чыгууга макулмун»

Жашоо бирде балдай таттуу болсо, бирде ачуу болуп пенделерин чымындай чыркыратып каалашынча калчайт. Жаш туруп тагдырдын бороонунда чабак уруп канчалаган ушак-айыңдарга туруштук берип, эки наристесин тарбиялап чыгармачылыгын да унутта калтырбай тасмаларга тартылып, клиптерде роль жаратып келе жаткан жаш актриса Нуриза Бурханова бугүн биздин маек төрдө Туулган жери, жылы: Баткен облусу Сүлүктү  шаары, 1995-жыл. Билими:Ж.Сейдакматованын 2 жылдык студиясын бүтүргөн, учурда Улуттук университетте финансы-кредит бөлүмүнүн ...

0 715

Өкмөт тарабынан майыптарга берилчү батирлерди акчалуулар алышат…

Биздин редакцияга арыз-муңу менен кайрылган адамдар абдан көп. Тилекке каршы алар өкмөттөн, тиешелүү жергиликтүү бийликтегилерден маселесин чече албай, айласы кетип коомчулуктан жардам сурап жаткандар. Алардын бири Нурбаева Рахат эже. Кезекте туруп алчу тиешелүү батирине жетпей он беш жылдан бери убара тартып жүрүптүр. -Редакцияга келгенициздин башкы себеби эмне? -Кайрылуумдун себеби, 1991-жылы студенттик бейтапканада иштеп жатканда Ленин райондук администрациясына барып, батирге кезекке тургам, ...

0 4151

Санжар Бердибеков: "Учурда бойдокмун, мындан аркы жашоомду тагдыр буйруганына жараша көрөбүз"

24-июль 2017, 09:14 Камчыбек Бостон

Куудул Манас Бердибековдун уулу Санжар Бердибеков да калың элге таланты менен таанылып калган. Акыркы учурда куудул тууралуу ар кандай сөздөр айтылып эле, өзү көрүнбөйт. Түштүк жергесинде гастролдоп жүргөн Санжар мырзаны кепке тартып, ал тууралуу маалыматтардын чын-бышыгын сурадык. – Санжар мырза, көрүнбөй кеттиңиз, кайда, эмне менен алек болуп жүрөсүз? – Мурдагыдай эле чыгармачылык менен алектенип гастролдо, тойлордо жүрөм. Гүлжигит Сатыбеков досум жыл сайын ...

0 634

Султан РАЕВ, Кыргыз Эл жазуучусу: “Президент Алтай форумун уюштуруп тарых алдындагы чоң миссиясын аткарды”

Кыргызстанда “Алтай цивилизациясы жана алтай тектүү элдер форуму” өтүп жатат. Ага 100дөн ашуун чет элдик жана кыргызстандык алтайчы-окумуштуулар, тарыхчылар, археологдор, этнографтар, антропологдор, лингвисттер, фольклорду, искусствону жана маданий дөөлөттөрдү изилдөөчүлөр катышууда. 12 мамлекеттен 20га чукул элдердин өкүлдөрү катышкан форум Ысык-Көлдүн жээгинде уланууда. Дал ушул иш-чара боюнча Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Султан Раев “Марал” радиосуна маек бериптир. Аны окурман журчулугуна сунуш кылабыз. — Бүгүн ...

0 1392

Азимбек Бекназаров, революционер: «Президенттикке аттангандардын жети атасы, энеси, кайын журту, тага журту боюнча айтсам, мага ошолор теригет го»

– Азике, «Ата Журт» партиясынын курултайында «Президенттикке эки талапкер тең таза кандуу кыргыздар. Кыргызстан кыргыздарга керек. Кыргызстан кыргыздардын мамлекети» деген сымал сөздөрдү айттыңыз. Бул айткан сөздөрүңүздү кээ бир бийликчил сайттар, анын ичинде саясый серепчи Марс Сариев «Азимбек Бекназаровдун сүйлөгөн сөзү улуттар аралык жаңжалды тутантуу боюнча кылмыш беренесине туура келет» деди. Бул боюнча эмне деп айта аласыз? – Эми мен ...

0 2759

Назира Айтбекова менен Искендер Шаршеев: ажырашууга аргасыз болдук

Назира Айтбекова Кыргызстанда гана эмес эл аралык фестивалдарды алып барып, теле тармагында мыкты долбоорлорду жаратып келет. Ошондой эле ал социалдык тармактын да активдүү колдонуучусу. Теле жылдыз жана анын үй-бүлөсү тууралуу эл арасында ар түрдүү кайчы пикирлер айтылып келгендиктен Sputnik Кыргызстан агенттиги жубайларды студияга маекке чакырды. Дайыма жайдары, шартылдап ачык-айрым жүргөн алып баруучу негедир кеңсебизге чөгүнкү маанайда келди. — Маанайыңыздар жок окшойт. ...

0 632

Базарбай Мамбетов: “Биз «Русгидрону» чанып, чехтерге алданганыбыз чекилик”

Экс-вице-премьер-министр, коомдук ишмер, тажрыйбалуу саясатчы Базарбай Мамбетов менен Чехиянын ГЭС курууга белсенген компаниясы, бүгүнкү талапкерлер тууралуу азыноолак маек курдук. – Базарбай ага, мурда вице-премьер-министр ж.б жогорку кызматтарды аркалап келдиңиз. Азыр кандай иш менен алексиз? – Мен азыр пенсиядамын. Көбүнчө эле чет элдик компанияларга, электр энергия, ГЭС, гидростанцияларды курууга белсенген эл аралык уюмдар менен эксперт катары иштеп келем, тажрыйбамды колдонуп жатышат. ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1346

Шаятбек Абдурахманов, Ош шаардык клиникалык ооруканасынын директору: “Дарыгерлердин билимин өркүндөтүүгө, тажрыйбасын арттырууга бекем ыктадык”

17-июль 2017, 20:28 Айдар Нуралиев

Шаятбек Абдурахманов буга дейре Ош медициналык колледжин жетектечү. Кыргыз Өкмөтү аталган жаш адиске абдан чоң ишеним артып, өлкөбүздүн түштүк башкалаасындагы жападан жалгыз клиникалык оорукананын директорлугуна бекитти. Медицина илимдеринин кандидаты, доцент, жогорку даражадагы хирург менен аймактык кабарчыбыз адегенде операция маалында, анан иш үстүндө баарлашканда, ал Ош шаардык клиникалык ооруканасында жемкорлукка катуу бөгөт коерун бекем убадалады. - Шаятбек мырза, сиздер Ош медициналык колледжин ...

0 756

Чолпонкул Арабаев: “Негизги таймаш Бабанов, Сариев, Жээнбеков ортосунда болот”

– Жаңыдан шайлана турган президенттин ыйгарым укуктары боюнча коомчулукта эки ача пикир бар. Кээ бирөөлөр «президенттин ыйгарым укуктары аябай эле кыскарып, негизги бийлик премьер-министрге өтөт» дешсе, дагы бирөөлөрү «жок, президент өлкө башчысы катары күчтүү бойдон кала берет» дешет. Тажрыйбалуу юрист катары сиз бул суроого ачыктык киргизе аласызбы? – Акыркы референдумдан кийин премьер-министрге өкмөт башчысы катары бир топ ыйгарым укуктар берилбедиби. Бирок, ошондой ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83