www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маданият
0 1632

Орусия компаниясы Жеки Чан менен Шварценеггерди сотко берди

23-август 2019, 16:46 Кызгалдак Жакыпова

«Тайпанын орус фильми» (Русская фильм группы) компаниясы Москванын Арбитраждык сотуна доо арыз менен кайрылгандыгын, бүгүн 23-августа «Ведомости» гезити жазып чыкты. Анда China Film Group кытай кинокомпаниясынын жана Жеки Чан менен Шварценегрдин үстүнөн сотко кайрылып, алардан 216,6 млн рубль өндүрүү боюнча арыз берген. Алардын жүйөөлөрүнө караганда, “Ажыдаардын жашыруун мөөрү” (Тайна печати дракона) аттуу тасманы тартууга жалпысынан 50 млн доллар коротулган. ...

0 112

Эгемендүүлүк күнүнө карата эл аралык айтыш өтөт

21-август 2019, 12:10 Кызгалдак Жакыпова

XIII эл аралык кыргыз-казак айтышы өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 28, мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жана залкар төкмө Алымкул Үсөнбаевдин 125 жылдыгына карата уюштурулуп жаткандыктан, кечээ аталган айтышка калыстардын чечими менен кыргыз тараптан мыкты делген 8 төкмө акын тандалып алынды. "Айтыш коомдук фондусунун" төрагасы, төкмө акын Асылбек Маратовдун айтуусуна караганда 30-31-августта алар казакстандык 8 төкмө акын менен күч сынашат. Жалпы байге фонду 2 миллион ...

0 160

Өмүр бизден өтсө эл эмгектен эскерсин...

21-август 2019, 08:37 Кызгалдак Жакыпова

“Өмүр бизден өтсө эл эмгектен эскерсин”, - демекчи өзүнүн артына өлбөс-өчпөс из калтырып кетишкен бул инсандардын эмгеги эч качан унутулбайт...  Атагы таш жарган актриса  Таттыбүбү Турсунбаеванын чыгармачылыктагы башаты тээ 17 жашында эле башталыптыр. Ал жалпы республиканы камтыган өздүк-көркөм чыгармачылык топторунун ортосунда өткөрүлгөн кароо-сынакта элдик ырлардын бирин аткарып көпчүлүктүн назарына илинген экен. 1966-жылы Ташкенттеги театралдык институтту аяктагандан кийин актрисанын алгачкы ...

0 1564

Самара Каримова Кремлде In-Grid менен ырдайбы?

20-август 2019, 20:15 Кызгалдак Жакыпова

КРнын Эмгек сиңирген артисти, ырчы Самара Каримова 23-октябрда Москвадагы Кремль сарайында жеке концертин берет. Бул тууралуу ырчы айым "Бегайым Лайф" маданий борборунун жетекчилигине билдирди. Ырчы Каримованын “От сердца Азии к миру” деп аталган концертти Орус филармониялык оркестри коштомой болгонун кошумчалап, Каримова In-Grid менен дуэт аткараарын билдирген. “Өлкө тарыхында биринчи жолу кыргызстандык ырчы Кремлде концерт коюп жатат”- андыктан Азия ырчысы ...

0 154

Венгрия: Эл аралык “Бабалар күнү” маданий иш-чарасы болуп өттү

20-август 2019, 15:55 Кызгалдак Жакыпова

2019-жылдын 17-августунда Венгриянын Бугац шаарынын жанында жайгашкан Кишкуншаг Улуттук коругунун аймагында каада-салтты сактоо максатында ѳткѳрүлгѳн “Бабалар күнү” аттуу эл аралык маданий иш-чарага Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бакыт Жусупов катышты. Иш-чарада Азербайжандын, Болгариянын, Казакстандын, Кытайдын (Уйгур), Монголиянын, Молдавиянын (Гагаузия), Ѳзбекстандын, Оруссиянын (Башкирия жана Татарстан), Турциянын жана Түркмѳнстандын делегаттары да болду. Бул маалымат тууралуу Кыргыз Республикасынын тышкы ...

0 278

Бектемир Мамаюсупов, актёр: "Мен аталган үч өлкөнү тең кыдырып келдим"

16-август 2019, 18:35 Кызгалдак Жакыпова

--Бектемир, сен продюссерлик кылган “Шайлоо” деген кино Америкада өткөн фестивалда жогорку сыйлыкка ээ болуптур, куттуктайбыз!! --Рахмат, чынында өзүбүз да аябай кубандык. Сыйлыкты продюссерим экөөбүз барып алалы деп кыялданганбыз. Бирок Америка элчилиги мыйзамды сактап “биз оорулууларга жана окууга бараткандарга гана тез арада виза ача алабыз”-деп бар тартып коюшту. Айла жок ошол жакта жашаган бир кызды таап, сыйлыгыбызды тастыктаган документти алып ...

0 225

Элчи Женгиз Камиль Фырат мырза кыргыз туугандар менен Ванда жолугушат

06-август 2019, 12:27 Кызгалдак Жакыпова

Түркиянын Ван аймагындагы Улуу Памир айылына 1980-жылдары көчүп барган 4 миңге жакын кыргыз жашайт. Аталган аймакта үстүбүздөгү жылдын 12-24 – август күндөрү эки өлкө арасындагы маданий көпүрөнү чыңдоо максатында Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин демилгеси менен Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин жана Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен иш-чара өткөрүлөт. “Ата Журттан туулган жерге карай: кыргыз туугандар Ванда жолугушат...” ...

0 81

“Манас” эпосу Кытай жергесинде даңазаланды!

06-август 2019, 09:34 Кызгалдак Жакыпова

Кошуна Кытай бийлиги кыргыздын улуу “Манас” эпосунун өнүгүп-өсүүсүнө ар кандай шарттарды түзүп, колдоо көрсөтүп келет. Буга дейре Үрүмчү шаарында “Манас” эпосуна арналган өзгөчө эстелик-комплекс ачылса, аз күн мурда Кытайдын КызылСуу автономдуу облусунун Ак-Тоо уездинде VIII-Эл аралык “Манас” маданий-туристтик фестивалы өткөрүлдү. КР Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, фестивалдын театрлашкан ачылыш салтанатына 2 миңдей адам катышса, ага 10 миңден ашык адам күбө ...

0 566

Дана Абдыбекова: “Сулуулуктун символу – Акмөөр"

29-июль 2019, 16:38 Кызгалдак Жакыпова

Продюсер, Дана Абдыбекова, “Сулуулуктун символу – Акмөөр”, деп Майдан.kg гезитине маек курган. Гран-прини утуп алган Айбийке деген сулуу кыз Жогорку Кеңештин депутаты Автандил Кулбараков белек кылган авто унаа менен сыйланды. -Дана эже, “Ак мөөр” фестивалын кандай максатта уюштурдуңар жана эмне үчүн Соң-Көл жайлоосун тандап алдыңар? -18-19-20-июль күндөрү Соң -Көл өрөөнүндө сулуулуктун символу болгон “Акмөөр” фестивалын өткөрдүк. Акмөөр эжебиз Ак-Талаа районунан ...

0 238

Шейшекан Жаналиева: “Каада-салтты тебелеп-тепсөө”

25-июль 2019, 18:13 Кызгалдак Жакыпова

Азыр Орусиялык телевидениеде алып баруучу, ырчы болуп, “Инстаграммда” 16 миллион подписчиги менен жылдыз болуп жаткан Ольга Бузовага ага чейин ким эле? "Дом 2” реалити-шоуда жүргөн "бузулган" кыз болчу. Дал ушул кыз 19-июлда Бишкектеги лаунж бардын ачылышына карата уюштурулган концертке конок катары чакырылып, келип кетти. Уюштуруучулар концерттен кийин ага саймалуу чепкен, калпак жана камчы тартуулашкан. Бузова баалуу белектин баркын билмек ...

0 720

Маматкадыр Тиллебаев: "Касиетүү кыргызыма кут жанаар, кыйчалышкан кыйын күндөр бүт калаар"

20-июль 2019, 17:30 Кызгалдак Жакыпова

Жакын калды жаңылануу болору,  Кудай колдоп кут береке конору.  Жаңы дооруң тан калтыраар дүйнөнү,  Мүңкүрөбө,башты көтөр жогору. Ырыскыңды ар ким талап жеп келди, Ар ким сени жыргатамын деп келди.  Сен кыргызсың сенин каның башкача, Жаркыраган коомду кураар кез келди. Касиетүү кыргызыма кут жанаар, Кыйчалышкан кыйын күндөр бүт калаар.  Биз биригип таза коомду курганда, Дүйнө жүзү бизди көрүп суктанаар. Улуу элсиң жанат чолпон жылдызың,  Дагы чыгат Бакай, ...

0 270

ЭЛ СҮЙГӨН ОБОН:   "Кайрыктары кайталангыс таланттар"

18-июль 2019, 15:08 Айдар Нуралиев

               "Кайрыктары кайталангыс таланттар"  Арадан канча мезгил өтсө да обондору элдин жүрөгүнөн түнөк таап, бүгүнкү күндө да популярдуулугун жоготпогон ырлардын авторлору тууралуу кыскача маалымат бермекчибиз.                 Рыспай Абдыкадыров  "Ырчылардын пири-Рыспай" деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Көзү тирүүсүндө маданият тармагына кошкон салымы мамлекет тарабынан анча бааланбаса да, ...

0 6303

ВИДЕО: Лүтфилла “шүмшүк” эмне деп ырдаган ыя?

18-июль 2019, 09:29 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстанда анча-мынча ырлары менен катарга кошула калып, айрым учурда алып баруучу болуп, кээде муштумун кезеп элге таанылган Лүтфилла Бусурманкул уулу сүйгөн кызына “Шүмшүк” деген ырын арнап чыкты. Лүтфилла “лүпүлдөгөн” мааниси жок ырын ютуб каналына ушул жылдын 5-июлунда жүктөгөн. "Айласыз" ырчыга окшош ырчы мырзанын жаңы ырын сындай кете турган болсок, музыканын стили кошуна мамлекет өзбектердики. Музыкасы өзбек ырчысы Бахриддин Зухриддиновдун “Адашдим” деген ...

0 6677

ВИДЕО - Съездбек Искеналиев элде жок ыр жаратты...Атамбаев аны концертине чакырдыбы?

15-июль 2019, 13:54 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстандагы ортоңку муундагы кадыр-баркуу ырчылардын катарын толуктаган Съездбек Искеналиев эл катарында өзүнүн мыкты алып жүрүүсү, сабырдуулугу менен айрымаланат. Анын жеке репертуарында 60га жакын ырлары бар. Аталган ырчы өзүнүн күйөрмандарына “Кыргыз ааламы” деген ырын тартуу кылгандыгын  NazarNews маалымат агенттигине кабарлады. --Бул ырымдын сапатын өзгөртөйүн дедим. Анткени азыр ырлардын аранжировкасы окшош болуп, бири-бирин туурагандай. Эмне көп, ырчы көп? Жеңил желпи ырларга ...

0 5401

Назира Айтбекованын кандай экенин кайын энеси ачыктады

15-июль 2019, 12:12 Кызгалдак Жакыпова

Алып баруучу Назира Айтбекованын кайын энеси Роза Кенжешова мурдакы келини менен коом алдында ачык сүйлөшүп алууга даярдыгын билдирди. Бул тууралуу Facebook баракчасына жазды. «Атын чыкпаса жер өрттө дегенсип, бул айбан Назира Айтбекова кайра-кайра биздин үй-бүлөнү массалык маалымат каражаттарында тынчтык бербей кууратмай болду. Үч жылдан бери унчукпай койсок, башка чыгып кетмей адатын койбоду. Уулум менен ажырашканда бири-бирин сый менен, доо тийгизбей жүрөлү деген ...

0 1057

Эми Индия кинолору Алай менен Кара-Кулжанын тоолорунда тартылат

11-июль 2019, 17:02 Кызгалдак Жакыпова

Эми Индия кинолору Алай менен Кара-Кулжанын тоолорунда тартылат. Мындай ниетин Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Алок Амитабх Димри мырза Ош облус жетекчиси Узарбек Жылкыбаев менен жолугушуу учурунда билдирди. Индия мелодраммаларындагы кооз табият, тоолор, көлдөр, кышкы табийгат Улуу Британия жана Шотландиядан тартылат. Бул өтө кымбат. Дал ошондой кооз табийгат жылдын 4 мезгилинин керемети Кыргызстанда да бар. Кыргызстандан тартылса, туризмди жайылтууга ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 190

Мира Жангарачева музейге директор болуп шайланды

19-июнь 2019, 13:47 Айдар Нуралиев

Гапар Айтиев атындагы көркөм искусство музейине  Мира Жангарачева директор болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, дайындоо боюнча буйрукка министр Азамат Жамангулов кол койгон. Мира Жангарачева 1998-1999-жылдары Эмгек жана социалдык коргоо министри болуп иштеген.   Булак:NazarNews.kg

0 384

УКМКнын төрагасы дайындалды

Орозбек Опумбаев Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка 18-июнда мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков кол койду. Буга чейин Опумбаев төраганын биринчи орун басары, УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгын жетекчиси болуп иштеген, өкмөттүн аппаратында да эмгектенген. УКМКнын мурдагы жетекчиси Идрис Кадыркулов 15-майда паспорт, тендер чырына байланыштуу кызматтан кеткен.  Булак:NazarNews.kg

0 2065

СҮРӨТ - Ырчы Кайрат Кыргыз сары чачы тууралуу айтып берди

18-июнь 2019, 14:29 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстанда кыргызча улуттук ырларды ырдап элге анча-мынча таанылган, анан эле өз сахнасында “суу чачышып ойночу элек кечинде, кечинде” деп ырдап чыгып, имиджине чоң бурулуш жасаган Кайрат Кыргыз кайрадан имиджин өзгөрттү. Ырчы Кайрат, өзүнүн социалдык баракчасына жаңы сүрөтүн жүктөдү. Кайрат Кыргыздын мындай жаңы имиджине ар кандай пикирлер айтылып талкууга алынды. Белгилей кетсек аты аталган ...

0 191

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Жусуп Мамайдын бюстунун ачылыш салтанатына катышты

12-июнь 2019, 08:53 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Баатыры, белгилүү манасчы Жусуп Мамайдын бюстунун ачылыш салтанатына катышты. Жусуп Мамайдын эстелиги Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын жанындагы «Манас» скульптордук-архитектуралык комплексинин аймагына орнотулду. Бюсттун автору – скульптор, эл сүрөтчүсү Тургунбай Садыков. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Жусуп Мамай тууралуу айтып жатып, «Манас» эпосун сактоодогу анын чыгармачылыгынын маанилүүлүгүн белгиледи. «Бүгүн кыргыз эли үчүн тарыхый маанилүү күндөрдүн бири. Жусуп Мамайдын ...

0 166

Кытай актерлору Бишкекте «Манас» операсын коюшту

11-июнь 2019, 19:00 Айдар Нуралиев

Бишкекте Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында «Манас» операсы өтүүдө. Опера Кытайда жалпысынан тогуз жолу коюлган. Буга чейин 2018-жылы 4-5-январда Кытай Эл Республикасынын Цзянсу провинциясында «Манас» эпосунун кытай тилиндеги операсы коюлган. Опера Жусуп Мамайдын вариантынын негизинде жазылып, Кытайдын Маданият министрлигинин жана Улуттук опера институтунун көмөгү менен коюлган. «Манас» операсынын бет ачары 2017-жылдын 30-сентябрында Бээжин шаарында болгон. Аталган опера ...

0 153

Өкмөт башчы көчмөндөр оюндары өтүүчү объектилерди оңдоого буйрук берди

11-июнь 2019, 16:09 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев Улуттук көчмөндөр оюндарын өткөрө турган уюштуруу комитетинин даярдыгы менен таанышты. - Көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөрүлүүчү спорттук мелдештер, маданий иш-чаралар улуттук маданияттын сакталышына жана өнүгүшүнө багытталган. Биз дагы бир жолу дүйнөгө өзүбүздүн маданиятыбыздын байлыгын, жаратылышыбыздын кооздугун көрсөтүшүбүз керек. Бул жолку Улуттук көчмөндөр оюндарын Талас облусунда өткөрүү чечилген, - деди өкмөт башчы. Оюндар Талас шаарынын ипподромунда жана улуттук ...

0 1297

Жеңишбек Жумакадыр: «Тойдун сценарийин баштан-аяк өзүм жаздым…»

Ак таңдай акындардын алпы, сөз багып, кыргыздын каадасын, наркын даңазалып жүргөн инсан, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Жеңишбек Жумакадыр тун кызы Кереметти турмуш жолуна узатып, күйөө балалуу болду. Сезилип дүйнө башкача, Сезимдер толкуйт таптаза. Сүйүнтсүн эки баламды, Сиздердин берген ак бата. Күмөнү жок сүйүнүп, Күйөө балам ийилип. Кан кудаң турса жылмайып, Кандай сонун, тирүүлүк! Эки кудагый жанашып, Элечек башта жарашып. Кубаныч ...

0 192

АУДИО - Бишкекте билимге ынтызар кыздардын көргөзмөсү өтүүдө

Аудиофайл 29-май 2019, 09:34 Нурайым Рысмамбетова

Кыргызстандын аймактарындагы, билимге ынтызар кыздардын сүрөттөрү илинген көргөзмө ачылды. Көргөзмөдө Кыргызстандын жети облусунан 11 жаштан 19 жашка чейинки билимге ынтызар тандалып алынган 46 кыздын сүрөттөрү коюлган. Анда кыздар негизинен программист, дизайнер, мугалим, журналист, дарыгер, адвокат, жазуучу, архитектор кесибине ээ болгусу келгенин айтышкан. АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин жардамы менен уюштурулган иш-чаранын максаты айыл жериндеги максаттарын ...

0 181

Аскат Сулайманов, актёр: “Кудайдын көзү түз болсо биз деле сыйлыкка жетээрбиз…”

Т.Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актеру , кино жана театр жылдызы Аскат Сулайманов бизде мейманда. — Аскат байке, орозоңуз кабыл болсун, роль жаратканда кыйналган жоксузбу? — Быйыл биринчи жолу орозо кармадым. Кадимкидей эле иштеп журөм , кыйналган деле жокмун. Мурда карма деп көп тааныштарым айтышчу, эмнегедир кармачу эмесмин . Быйыл эч кимди кыйнатпай, өзум эле кармайын деп ...

0 2413

АУДИО - Гүлжигит Сатыбеков сүйгөн кызына жүрөктөн чыккан ырын арнады

Аудиофайл 27-май 2019, 11:19 Кызгалдак Жакыпова

Ырчы жана обончу, КР Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Сатыбеков кайрадан жаңы “Сүйүү” деген аталыштагы ырын күйөрмандарына тартуу кылды. Аталган ыры эки күндүн ичинде Youtube каналында 143 060 көрүүчүнү топтогон. Ырчы, Гүлжигит Сатыбеков айрым жасалма ырчылардан  өзгөчөлөнүп, ырларын жана обондорун өзү чыгарып, коомчулук арасында уккулуктуу ырлардын алдыңкы сабында турат. Белгилей кетсек, бирде кайгырып, ...

0 272

АУДИО - Шыгаевдин шык жөндөмү укмуш турбайбы!

Аудиофайл 25-май 2019, 12:58 Кызгалдак Жакыпова

Ушул жуманын башында Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин директору Юристанбек Шыгаев мамлекеттик мүлк катары саналган эки картинаны алып, кийин начар абалда музейге кайтарып бергени боюнча чоң жаңжал чыккан. Министрликтен түзүлгөн комиссия текшере келгенде Шыгаев музейден Николай Сверчковдун кыл калеминен жаралган «Ит менен ат» жана «Бакуниндин портрети» аттуу сүрөттөрдүн түп нускасын алганы, аларды бузулган абалда кайтарганы аныкталды. Былык ...

0 290

 Non Stop дуетинин мурунку ырчысы Максат Садырбеков үйлөнөт

Мурунку Non Stop тобунун ырчы жигити Максат Садырбеков визажист Айсулуу Молдоева экөөнүн үйлөнүү той күнүн кабарлады. Үлпөт той ушул жылдын 6-июнунда  баш калаадагы тойканалардын биринде өтөт. Эки жаш бир канча жылдан бери сүйүү мамилесинде болгон, ушул кышта Максат сүйүктүүсүнүн колун сурап, эми тойго даярдык башталды. “Жакында биздин жашообуздун жаңы барагы ачылат. Бизди курчаган жакындарыбызга, досторубузга, профессионалдарга бардыгына колдоосу үчүн ыраазычылык билдиребиз”, - деп ырчы ...

0 173

Садык Шер-Нияз, ЖК депутаты: “Кыргыз тилин өнүктүрүүгө бөлүнгөн акчалар дайынсыз жоголууда”

– Садык мырза, өкмөттүн отчетун угуп жатканда маданияттын азыркы абалына каңырыгыңыз катуу түтөдү эле. Андан кийин бул багытта кандайдыр бир жылыштар байкалдыбы? – Бир сөздөн кийин эле өзгөрүп кетсе жакшы го… Жасала турган, комплекстүү чече турган аябай эле көп иштер бар маданият тармагында. Көп иштер бар… – Биринчи кезекте эмнени жасаш керек дейсиз? – Чынында баары эле биринчи кезекте ...

0 274

Музейден эки сүрөттү уруксатсыз алып кеткен Юристанбек  Шыгаевге иш козголобу?

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин директору Юристанбек Шыгаев музейден Николай Сверчковдун кыл калеминен жаралган «Ит менен ат» жана «Бакуниндин портрети» аттуу сүрөттөрдүн түп нускасын алганы аныкталды. Бул факты боюнча атайын комиссия түзүлүп иликтеп жаткан. Комиссияда кызматтан алуу боюнча да сунуш бар болчу. Маалыматка ылайык, ал эмгек өргүүсүндө жүрүп, кызматтан кетүү ...

0 644

Султан Раев: "Шыгаевдин музейден эки сүрөт  алып кеткени акылга сыйгыс"

Маданияттын экс-министри, белгилүү драматург Султан Раев, Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук кол-өнөрчүлүк искусство музейинин директору, эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаевдын Николай Сверчковдун “Ат ити менен”, экинчиси - Бакуниндин портретин  үйүнө алып кетип, бузулган абалда алып келген кылыгын түшүнө албай турганын билдирди. Раевдин айтканына караганда, ал бул тууралуу бир канча күн мурда эле билген. “Бул тууралуу кесипкөйлөр гана иликтебесе, ...

0 322

Исрадин Аманбаев: “Мени музыка дүйнөсүнө атактуу үч дөө-шаа жетелеп келген...”

КР эмгек сиңирген артисти, композитор, обончу, М.Абдраев атындагы атайын музыкалык мектептин директору Исрадин Аманбаев экөөбүз көптөн бери жолугуп, чыгармачылык жаатында баарлаша элек болчубуз. Туз-насип буюруп, аты аталган мектепке барсам, өзүндө экен. Өткөн-кеткенди бирге эстедик. -- Исрадин, сени көпчүлүк эл обончу гана катары билип баалашат. Биз сөздү бала чактан бир эскерип, айтылуу Рыспай Абдыкадыровго жолуккан күндөн баштасак... -- Музыка дүйнөсүнө ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 235

Президент Сооронбай Жээнбеков Опера жана балет театрынын солисти Фарух Садыркуловду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-майда А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисти Фарух Садыркуловду кабыл алды. Мамлекет башчысы Фарух Садыркуловду быйыл февраль айында Россия Федерациясынын Москва шаарында жаш аткаруучулардын классикалык, элдик-сахналык жана заманбап хореография боюнча IV эл аралык сынагында биринчи орун алышы менен куттуктады. Ошондой эле Фарух Садыркулов Венгриянын Будапешт шаарында балет артисттеринин эл аралык конкурсуна  ...

0 1969

Талашып тартылган Уркуянын ролу

1971-жылы «Кыргызфильмде» Төлөмүш Океевдин «Отко таазим» картинасына актерлорду тандоо башталган. Биринчи колхоз жетекчиси болгон кыргыз аялы Уркуянын ролуна сулуу десе сулуу, таланттуу десе таланттуу талапкерлер көп келген. Океев өзү бул ролго Жамал Сейдакматованы баамдап койгон. Кинонун сүрөтчүсү Сагынбек Ишенов режиссердун бул оюн жаңылыштык деп эсептеп, ийменген, ыйбаа мүнөзү бар Таттыбүбү Турсунбаеваны сунуштаган. Ишенов өзүнүн оюн сунуштап жатып актрисаны Баткенде ...

0 887

Курагынан жаш көрүнгөн белгилүү япон айымдары

Риса Хирако дүйнөгө өзүнүн жаш көрүнгөн келбети менен белгилүү. Анткени ал 48 жашка чыкканына карабай 20 жаштагы кыздай жаш көрүнөт. Ал өзүнүн фотосүрөттөрүн Instagram баракчасына салып турат. 2014-жылдан бери ал абдан таанымал. Модель аял өзүнүн колдонуучуларына жаш көрүнүүнүн сырлары тууралуу да бөлүшүп турат. Төмөндө анын баракчасындагы бир нече сүрөттөргө көз жүгүртсөңүз болот. Анын келбетинин феномени жөнүндө дүйнөлүк ЖМКлар да ...

0 501

40 жаштагы актриса Юри Эбихаранын сулуулук сырлары...

40 жаштагы актриса «адамдын сулуулугу өз колунда. Аны сактоо да, бузуу да адамдан көз каранды. Беттин бир жагы экинчи жагына караганда бат карыйт. Аны билүү үчүн оозду жаап, эриндин бурчтарын өйдө каратып жылмайып көрүңүз. Беттин кайсы тарабында бырыш көп болсо, ошол тарабы бат карыйт. Ошондуктан уктарда бырыш көп жагы менен жатып, ошол жактагы тиштер менен тамакты чайноо керек» деп ...

0 536

Элүүгө чыккан береним...

(Каныбек Иманалиевге!) Сен мен үчүн майда эмессиң үлкөнсүң, “Асабанын” уясында туулуп, Акаевдин уясынан “чыйп!”, “чыйп!” этип көзүн жарган чүрпөмсүң. Чуу түшкөндө Акүй аттуу жайлуу жайга, “топ!”, “топ!” этип жерге кулап куштар майда, кокус келип саясатка буйругу жок, учат десе канаты жок, конот десе куйругу жок, оо Каныбек, ошондогу кулап түшкөн куштар кайда?! Сен гана “пы-ы-ыр!” деп учуп саясаттын айдыңына, түкүрүп салдың бардык жардыгына,

18-май 2019, 11:35 | 536
0 245

Вычеслав Зайцев: Кыргызстандын тоолору кооз жана айымдары сулуу

16-май 2019, 12:40 Айдар Нуралиев

Советтик жана Оруссиялык сүрөтчү-модельер Вычеслав Зайцевди  Кыргызстандын ала- тоолору жана жаратылышы суктандырган. Ысык аба-ырайында тоолордун чокуларындагы ак карлар таңкылтырган. Бишкектега басма сөз жыйына келген дизайнер, алып баруучу  Ассоль Молдокматованын айтымында, Зайцевдин Ыссык-Көлдү көрүү кыялы бар. Мындан тышкары, дүйнөлүк мода өкүлү Кыргызстанда сулуу айымдар жашайт. Француз кутюрьеси  Кристин Диордун сүйүктүү модели – казак кызы ...

0 257

Зарыл эмес академия

Мамлекетти билгендер кээси менен жөн турмуштун чалмакейин чалып жиберет да. Бу жолу да ушундай болуп жатат. Жөн жүрбөгөн Топчубек Тургуналиев Манас менен Чыңгыз Айтматов академиясын ачам десе, президент Сооронбай Жээнбеков ачууга буйрук чыгарып жатпайбы. Анысы азырынча кагаз жүзүндө болуп жатат экен. Ошого карата Тургуналиев чуу чыгарып жатыптыр. Тургуналиев сунуштаган 75 миллион сом бөлүүнүн ордуна, Өкмөт 50 миллионго кыскартып таштаптыр, ...

16-май 2019, 09:57 | 257
0 3469

Акын Бактыгүл Чотурова Генаралга баш кошту

14-май 2019, 14:31 Айдар Нуралиев

Белгилүү акын эжекелерибиздин бири Жыпара Исабаева интернеттеги баракчасына  Эл акыны Бактыгүл Чотурова менен Генерал Калмурат Садиев баш кошконун жарыялады! Бактылуу болуңуздар! "Куттуктайбыз!!! Кандай жакшы, кандай жакшы-ы!!! Досторум, кымбаттуу поэзия күйөрмандары, кымбаттуу кыргыз элим, жакшы жаңылыгым бар! Сүйүнчү! Дүйнөдө дагы бир эки асыл, эки бийик, эки улуу адамды тагдыр кошуп, эки аалам — бир аалам болуп, эки дүйнө ...

0 2080

Айчүрөк Иманалиева орозо бүткөндө Жаниндин “жанын" чыгарат

14-май 2019, 09:55 Айдар Нуралиев

Жанин Ахунжанова аттуу ырчынын Айчүрөк Иманалиева тууралуу берген маеги  чыккан. Аталган маалыматта Жанин Айчүрөк Иманалиева ага кордук көрсөткөнүн жана өзүнөн мыкты болуп кетпеши үчүн ырдатпай койгонун айтып берген. Бул боюнча Айчүрөк Иманалиева инстаграмдагы баракчасына: “Кыз бурактын солисткасы деп сайттарда жүрөт. Жамиля (Жамин) мен жөнүндө интервью бериптир. Улуу орозо бүткөндө баарына жооп берем”, - деп жазган.

0 1594

АУДИО - Токтосун Намазов, "Мt beauty models" эл аралык форумунун директору: “Моделдерди байларга сатат” деп Сакенова мени каралоодо”

14-май 2019, 10:00 Айдар Нуралиев

Чолпон Сакенованын студиясын ижарага алып, моделдеримди “Моделдер таймашы” долбооруна даярдачумун. Анан ар күнү эле менин кыздарымды сүрөткө, тасмага тартып студиясынын атына пайдаланып өз инстаграмм баракчасына киргизчи. Мен акыры буга каршы болдум. Ушундан улам пикир келишпестиктер чыккан. Мындан кийин ал мен жөнүндө “интригаларды” жасап баштады. Мындай пикирин Токтосун Намазов биздин редакцияга билдирди. 7-майда менин моделим Ажара Кубанычбек кызы, мен, жарнамалык ...

0 516

Асранкул Жээнкулов, Өзбекстандын маданият министринин биринчи орун басары Озодбек Назарбеков менен жолугуп кайтты

Ош шаарында мындан бир жыл мурда түзүлгөн "Бегайым Лайф" маданий борборунун жетекчиси Асранкул Жээнкулов "ЭлТР" МТРКнын баш режиссеру Уланбек Абдираимов менен биргеликте Өзбекстан Маданият министринин биринчи орун басары Озодбек Назарбеков менен жолугушуп кайтышты. Жолугушууда эки мамлекеттин ортосундагы 2019 - 2020 жылдагы маданий иш-чаралардын иш пландары каралган жана эки элдин ортосундагы маданий кызматташтыкты жайылтуу боюнча пикир алышкан. Ошондой эле жакынкы ...

0 3963

Мирбек Атабеков:  “Апам тууралуу туура эмес маалымат кетип калыптыр”

13-май 2019, 10:45 Айдар Нуралиев

Бишкекте ырчы Мирбек Атабековдун апасын уруп, 70 миң долларын алып кеткен. Бул тууралуу М.Атабеков менен байланышканыбызда окуя жеке маселе экенин айтып, жергиликтүү ММКлар менен сүйлөшүп жаткандыгын, анда бир топ туура эмес маалыматтар кетип калгандыгын айтты. Маалыматка ылайык, өткөн жумада үч белгисиз адам маска менен Октябрь районундагы үйүнө кирип, тоноп кетишкен. Үйүндө ырчынын апасы менен карындашы болгон. Белгилей ...

0 1958

СҮРӨТ - Ырчы Дайыр Исмадияровдун унаасын уурдап, талкалап салган...

Кыргызстандагы алдыңкы ырчылардын катарын толуктаган Дайыр Исмадияровдун баасы 10 000 (он миң) АКШ долларын чапчыган Toyota Camry (XV40) үлгүсүндөгү автоунаасын 28-апрель күнү, түнкү саат 11:30 дар чамасында Бишкек шаарындагы кафелердин алдында белгисиз жаран уурдап кеткен. Ал өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасына: --“Жакшына турган жерден машинемди уурдап ушундай абалга келтирген адамдын тирүү калганына сүйүндүм. Темир табылат, болгону качпай алдыма кел. ...

0 223

СҮРӨТ - Тарыхый кинодогу күлкүлүү кадрлар: кагаздан жасалган кофе идиши...

HBO телеканалы 2019-жылы “Тактынын оюндары” сериалынын жаңы промо-ролиги чыккандыгын  жазып чыккан эле. Сериал 2019-жылдын апрель айынан башталса, 2020-жылдын 31-майында аяктай тургандыгын кабарлаган. Башкы ролду ойногон Эмилия Кларк аталган тасма көрүүчүлөрдүн купулуна толот деп айткан. Учурда көрүүчүлөрдүн кызуу талкуусундагы аталган тасма өзбек тилине которулуп, көгүлтүр экрандан коюла баштаган. Эң кызыгы аталган тарыхый кино сериалда күлкү келтире турган заттар түшуп калган. Алсак, тасмада заманбап кагаздан ...

0 250

Президент театрлардын абалын көрүп чыкты

07-май 2019, 16:57 Айдар Нуралиев

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн 7-майда Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына жана Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрына барды.Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан билдирди. Кыргыз драма театры акыркы жолу тогуз жыл мурда оңдолгону, азыр оңдоп-түзөөгө жана материалдык-техникалык базаны жаңылоого 76 млн. сомдон ашуун каражат керек экени, жылына театр өзү тапкан каражатка алты спектакль тартуулап жатканы айтылды. Орус ...

0 262

Кыяс Молдокасымов: Кытай жазма булактарында кыргыздар тууралуу жаңы маалыматтар табылды

02-май 2019, 08:06 Айдар Нуралиев

"Кытай Эл Республикасынын Коомдук илимдер академиясынын Тарых изилдөө институтунун окумуштууларынын кытай жазма булактарын жана архивдик документтерди иликтөөсүнүн жыйынтыгында биздин заманга чейинки 1050-жылдан 980-жылга чейинки мезгилде жашаган кытай падышасы өз хроникасында кыргыздар тууралуу жазып калтырган материалдар табылды», — деп билдирди КР Президентинин  Аппаратына караштуу «Мурас» коомдук фондунун төрагасы Кыяс Молдокасымов.  Ал белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Кытайга болгон жумушчу визитинин алкагында Пекинде КЭР Коомдук илимдер академиясынын ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 651

ВИДЕО - Шаңдуу кыргыз  бийи Кытайдагы шоуну жарды

01-май 2019, 10:04 Айдар Нуралиев

Уйгур бий тобунун артисттери кыргыз бийин бийлеп чыгышты. Аталган бий, Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районундагы Хотан шаарында өткөн шоудо көрүүчүлөргө тартууланган. Кыргыз бийинин ыргактарын көрөрмандар абдан жакшы кабыл алышты. Булак:NazarNews.kg

0 312

ВИДЕО - Куудулдар президент Жээнбеков менен Атамбаевге тийишти

30-апрель 2019, 11:03 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстанда акыркы жылдары мыйзамдын түрү көбөйгөнү менен көр дүйнөдөгү көр пендечилик алдыга умтулуп, мыйзам өткөн бийликтин учурунда каалагандай калчанды. Ал тургай Баш мыйзам жоголуп, өткөн бийликтин шалаакылыгы дүйнө жүзүнө жар салынып маскарасы чыккан. Андан кийин куудулдар сахнада саясый чөйрөнү койго теңеп чыгышкан. Куудулдар мындан ары соттор “айыпталуучулар” менен ырдап сүйлөшү керек деген тамашаны ойлоп чыкты. Аткаруучулар, Болсунбек Стакеев, Ильяз Иманалиев, Талас Кашкариев жана башкалар... Булак: ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83