www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маданият
0 459

Эрнест Абдыжапаров: Кыргызстандын кинематографиясы мамлекеттин колдоосу жок эле өнүгүп жатат

25-ноябрь 2018, 12:34 Айдар Нуралиев

“Республика – Ата Журт” фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов кечээ, 24-ноябрда Кыргызстандын белгилүү режиссерлору менен жолугушту. Иш-чарага Эрнест Абдыжапаров, Актан Арым Кубат, Темир Бирназаров, Далмира Тилепбергенова, Ырыс Окенова, Азамат Шаршенов, Нурлан Абдыкадыров сыяктуу белдүү режиссерлор катышты деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы. Жыргалбек Турускулов атамекендик киноиндустриянын өнүгүшүнө кошкон зор салыиы үчүн режиссерлорго ыраазычылыгын билдирди. “Кино тармагынын Кыргызстандын искусствосун өнүктүрүүдөгү орду чоң. Акыркы ...

0 338

Кыргызстан Катардагы эл аралык китеп көргөзмөсүнө катышат

20-ноябрь 2018, 09:21 Кызгалдак Жакыпова

Жолугушуунун алкагында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган биргелешкен тематикалык көргөзмө уюштуруу сунушу да талкууланган. Кыргызстан 29-ноябрдан 8-декабрга чейин Доха шаарында өтө турган эл аралык китеп көргөзмөсүнө катышат. Бул тууралуу КРдин Катардагы элчиси Нуран Ниязалиевдин көргөзмөнүн директору Жассим Ахмад Аль-Буайнайн менен жолугушуусу учурунда белгилүү болгонун Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын көргөзмөгө катышуу маселелери каралып, андан тышкары, иш-чаранын алкагында улуу жазуучу ...

0 883

Кыргыз-өзбек киночулары тарткан "Делбирим" тасмасынын премьерасы Бишкекте

19-ноябрь 2018, 12:54 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз-өзбек киночулары биргелешип тарткан "Делбирим" тасмасынын премьерасы ушул жылдын 5-декабрында Бишкекте болот. Бул туурасында кинонун Кыргызстандагы продюсери Паризат Жакыпбекова билдирген. Бул тууралуу Спутник кж жазып чыккан. Ал эми тасманын Өзбекстандагы бет ачары 16-ноябрь күнү болуп өттү. "Ташкенттеги премьерага Өзбекстандын интеллигенция өкүлдөрү жана бир топ кино жаратмандары келишти. Кино үч-төрт залда коюлуп, жалпы жонунан 4500 адам катышты. Кыргызстандан Кинематография департаментинин директорунун орун басары ...

0 2803

Футбол жылдызы Азамат Байматов "төшөк жаңыртты"

19-ноябрь 2018, 10:40 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз футбол курама командасынын капитаны Азамат Байматов Жибек аттуу кызга баш кошту. Эки жаштын заманбап "кыз узатуу" тою шаарыбыздын тойканаларынын биринде кечээ, 18-ноябрда болуп өттү. Футболчунун жакындары инстаграм баракчаларында куттуктоолорун билдиришип, кыз узатуу аземиндеги сүрөттөр менен бөлүшүүдө. Азамат мырзанын жакын досторунан болгон ырчы Омар: "Досум барган жериңден бак айтсын! Сөз ташыбай, төш ташыган күйөө бала бол!" -деген тариздеги тамашалуу пост калтырган. Эске сала кетсек, Азамат ...

0 1864

Адахан Мадумаров:“Бүгүнкү күндө адамдын акыл-эси эмес чөнтөгү таразага түшүп калды...”

16-ноябрь 2018, 20:20 Кызгалдак Жакыпова

Пайдалуу достон үчөө болот. Алар: чындыкты бетке айткан, сөздү түз сүйлөп, көптү-көрүп-көп билген адамдар. Бүгүнкү каарманымда дал ушул сапаттар бар. Журналистика жолумда чындык издеп, тактык үчүн күйгөндөрдөн, мүмкүн болушунча өз кесибинин профилеринен маек алып калуунун аракетиндемин. Анда эмесе, сөз башынан болсун/ --Чыңгыз Айтматов "Тоолор бөксөрбөйт" деген экен. Сиздин оюңузча, бул сөзүндө эмне деген сырларды каткан?- --Тоолор бөксөрбөйт дегенди кыргыз кандай кабыл алат?! ...

0 751

Данияр Эрматовдун апасы: "Даниярдын кайда жүргөнүн инстаграмдан көрүп турам"

13-ноябрь 2018, 20:07 Кызгалдак Жакыпова

Учурда жаш ырчы жигиттердин кыздардын жүрөгүн жаралап турган бойдогу, чыгармачылыкта да жакшы иштеп, эл оозуна алынып турганы Данияр Эрматов. Анын эң жакын адамы, тогуз ай бою көтөрүп, жарык дүйнөгө алып келген, жакындан билген апасы ырчы жигит тууралуу айтып берет. - Эже, Данияр бой жетип, элге таанымал адам болду, бирок сизге дале бала көрүнсө керек? Уулуңуздун кичине кези эсиңиздеби? - Албетте. Даниярды ...

0 1653

Азамат Жаманкулов: Сыйлык сурап келбеңиздер

13-ноябрь 2018, 14:41 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун жалпы жарандык коомчулукка  кайрылуусу: Бүгүнкү күндө жалпы маданият тармагында  жасала турган иштер арбын. Алсак,   кыргыз  элинин тарыхый-маданий жана рухий мурастарын сактоо менен маданият жана искусство, кесиптик  классикалык музыкадан баштап, элдик чыгармачылык чөйрөсүн өнүктүрүү, калктын ата мекендик жана дүйнөлүк маданияттын байлыктарына аралашуусу үчүн шарттарды түзүү, туристтик сектордо көрсөтүлүүчү   кызматтардын сапатын жогорулатуу, Кыргызстандын  туристик ...

0 483

Кыргызстанда “Супер кайната” мелдеши өткөрүлөт

13-ноябрь 2018, 08:42 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстандын Талас, Ысык-Көл, Баткен жана Ош облустарынын 16 айылында “Супер кайната” мелдеши болуп өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” иш-чараны уюштура турган Бириккен Улуттар Уюмунун Аялдар түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди. Айылдардан белгиленген талаптарга ылайык, 45 жаштан жогору, коомчулукка оң таасир тийгизүүнү каалаган, чыгармачыл, аткаруучулук жөндөмү жана тапкычтык шыгы бар төрттөн кайната тандалып алынат. Алар мелдештин бир нече турларында күч сынашат. Таймаштын жыйынтыгында бардык катышуучуларга ...

0 317

Бишкекте «Айтматов жана театр» эл аралык театралдык фестиваль башталды

13-ноябрь 2018, 08:10 Кызгалдак Жакыпова

Бишкекте кече, 12-ноябрда «Айтматов жана театр» эл аралык театралдык  фестиваль  өз ишин баштады деп билдирет президенттин басма сөз катчысы. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков фестивалдын катышуучуларына куттуктоо жолдоду. «Бүгүн бизди гениалдуу жазуучу, философ жана гуманист Чыңгыз Айтматовдун залкар чыгармачылыгы баш коштуруп турат. Айтматов жана театр — бул чыгармачыл айкалышуунун символу», — деп белгиленет куттуктоодо. Мамлекет башчысы куттуктоосунда  Айтматовдун чыгармачылыгы  искусствонун бардык түрлөрүн өнүктүрүүгө негиз болоору белгиленет. ...

0 426

Назира Айтбекова: Үзүлбөй, жашай берген үмүт менде да жашайт...

12-ноябрь 2018, 11:02 Кызгалдак Жакыпова

Үмүт...соолуп баратсаң, ийненин көзүндөй ичке жарыгы менен жарпыңа кирип, жадымыңдын тереңинен жакшылыктын изин сууруп чыккан үмүт. Үмүт..жүрөгүңө жакшы жышаан бүтүрүп, балача кубандырып, эртеңиңди сабырсыздык менен күттүргөн үмүт. Үмүт...ал деген чымчыктай жаның чырылдап учуп кетмейин ыроолоп жүрүп, жыргалдын ыргагын черткен үмүт. Үмүтпү? Сууга салсаң чөкпөй, отко салсаң күйбөй, сиркең суу көтөрбөй турганда, биротоло түп тамыры менен үзүп салгың келгенде да үзүлбөй, жашай берген үмүт ...

0 4540

Чолпон төрөсөң кантип бала эмизесиң?

08-ноябрь 2018, 14:52 Кызгалдак Жакыпова

«Менде эки жаңылык бар, экөө тең жакшы жаңылык» — деп жазган Чолпон Талипбектин күйөрмандары жана хейтерлери кызуу талкууга алды. Операциялык жол менен төшүн чоңойтуп алган ырчы көпчүлүктү суктандырып төшү ачык майкасын кийип сүрөткө түшүп жүктөп койгон. Көпчүлүк ырчынын бул жооругуна нааразы болуп, аны төшүн жаап, жабык кийинүүсүн өтүнүштү. Чолпондун хейтерлери ырчыга жагымсыз пикирлерди жаадырып салды окшойт. Бири "төрөгөндөн кийин бул эмчектен сүт чыгабы ...

0 430

Дилкумар Жолдошева: “Түгөлбай Казаковдун “Насыйкат” деген ыры элге көбүрөөк таанытты”

08-ноябрь 2018, 10:26 Кызгалдак Жакыпова

Маектеш жөнүндө: Дилкумар Жолдошева Сузак районундагы Багыш айылында 1979-жылы 6- майда төрөлгөн. Абдукаимов атындагы орто мектепти аяктаган. Окуучулук мезгилинде  Октябрь айылындагы музыкалык мектептен белгилүү комузчу Токтомат Осмоналивдин  колунда 5 жыл комуздан билим алган.  ЖАГУнун чет тилдер факультетин аяктап, англис тилинен мугалимдик кесипке ээ болгон. Эмгек жолун Кыргызстан эл аралык университетине мугалим болуу менен баштаган. Эки кыз, 2 уулдун апасы.   “Кесип тандоо ...

0 305

Таласта төкмө акындардын айтышы өтөт

08-ноябрь 2018, 09:44 Кызгалдак Жакыпова

Таласта бүгүн, 8-ноябрда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган айтыш болот. Республикалык «Айтыш» коомдук фонду билдиргендей, облустук драма театрда белгиленген айтышка он алты акын катышат. Алар 5-ноябрда Бишкекте өткөн тандоо турунда тандалып алынган. Айтыштын байге фонду бир миллион сом. Булак: NazarNews.kg

0 3334

ВИДЕО: Асел Кадырбекова: Мен үлгү алчу, карап түздөнчү айымдар Бактыгүл Бадыева, Неля, Анжелика

06-ноябрь 2018, 09:58 Кызгалдак Жакыпова

Марал радиосунда конокто болгон эстрада жылдызы Асел Кадырбекова өзүнүн көп сырлары менен бөлүшүп өзү жөнүндө даг кененирээк айтып берип кызыктуу эфир куруп берди. Үлгү алчу адамдарым көп деген ырчы Бактыгүл Бадыеваны чыгармачыл чөйрөгө жетелеген дем берүүчү адам катары атаса, Анжеликаны энергиялуу чыгармачыл чөйрөдө баарына жетишкен адам катары сыпаттады. Өкүл апам Нелядан үй-бүлөгө кам көрүп баарын бир алып кете алган жагын үйрөнсөм ...

0 786

Темирлан Сманбеков: "Чалып алып “мен Бегимай, сиз Раймаалы болуңуз” -дегендер..."

05-ноябрь 2018, 12:19 Кызгалдак Жакыпова

Актёр, алып баруучу, тамада, жетекчи, педагог…дегеле көп кырдуу талант ээси Темирлан Сманбековдун актёрлук кесипти аркалап келе жатканына 40 жыл болсо, жетекчилик кызматта келе жатканына 15 жыл толуптур. Бул кесипкөй инсандын чыгармачылыктагы басып өткөн жолуна кызыктык.    — Темирлан агай, Нарында жашап иштөө ыңгайсыздык жараткан жокпу? — Өзүңүздөр билгендей, мындан мурда Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрында жакшынакай эле иштеп жаткам. ...

0 995

Нурлан Насип: "Аселдин колунан чай ичип кетиңиздер"

03-ноябрь 2018, 18:13 Кызгалдак Жакыпова

Нурлан Насип кыргыз эстрадасындагы инстаграмда катталуучулары миллионго жеткен үчүнчү жылдыз болду. Бул жаңылыгы менен ырчы өз баракчасынан кабарлаган.  “Рахмат менин сүйүктүү окурмандарым мени менен бирге болгонуңуздарга. 1 млн. Бирок мен той бере албайм кечиресиздер. Суранып жаткандар үйгө келип чай ичип кетсеңиздер болот (тамаша)”- деди ырчы.  Нурландын жаңылыгына кубанган көпчүлүк жылуу пикирлерин жаадырып ырчыны куттукташты. Белгилей кетсек, Нурлан кыргыз эстрадасындагы мырзалардын арасынан алгачкылардан болуп миллион деген ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 4924

Бек Борбиев: "Атамбаев мага бут тосуу кылгандарын эске албай ырдап бермекмин. Бирок ал чакырбайт да.."

02-ноябрь 2018, 11:03 Кызгалдак Жакыпова

Өнөр адамдарынын арасынан бул инсан саясатка жакындыгы менен айырмаланат. Ошол себептен мезгил-мезгили менен каарманым экөөбүз ара-чолодо саясат, андагы интригалардан кеп козгомоюбуз бар. Парламенттик жарышка катышууну максат кылган кең көкүрөк өнөр жылдызы депутат болуу дымагынан дагы да кайта элек. — Бек мырза, Атамбаевдин доорунда бийликке айбат көрсөтүп, сын-пикир айтканга да үлгүрчү элеңиз. Жээнбеков бийлигинин ишке киришкенине бир жыл болду, негедир бүгүнкү бийликтин ...

0 5972

Самара Каримова: "Мен окуу жайды 2 жылда гүлдөтмөкмүн"

02-ноябрь 2018, 09:49 Кызгалдак Жакыпова

Самара Каримова социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу кызматтан алынгандыгына пикирин билдирип төмөнкү постту жарыя кылган.  Анда (өзгөртүүсүз жарыяланат): «Менде баары жакшы. Ар бир нерсе кудайдан. Жараткан мага дагы бир сыноо бериптир. Чын жүрөгүмдөн кабыл алдым. Мен сынбайм. 3 балам турганда кайратым ташка чапса сынбайт. Эне жүрөгү тоодой бийик болот. Өнөр адамы катары, музыкалык окуу жайдын абалына жүрөгүм ооручу. Зээриккенимден же ...

0 4542

Самара Каримова мыйзамсыз кызматка дайындалганы аныкталды

01-ноябрь 2018, 20:16 Кызгалдак Жакыпова

Ырчы Самара Каримованы Оштогу Ныязалы атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайга дайындоо боюнча буйрукту Маданият министрлиги жокко чыгарды. Министр Азамат Жаманкулов дайындоо мыйзамсыз болгонун билдирди. «Самара Каримова мен кызматка келгенге чейин 24-октябрда дайындалган. Эки күндөн бери документтерди териштип, дайындоо мыйзамсыз болгонун аныктадык. Буйрукка стат-катчы Өзбекстанда жүрүп кол койгон, бул мыйзамсыз. Мен өз буйругум менен Самара Каримованын дайындалышын бүгүн жокко чыгардым», — деди ...

0 2486

Асел Турдалиева: "Султан Садыралиев 14 жылдан бери окуп жатат" 

01-ноябрь 2018, 15:46 Кызгалдак Жакыпова

"Мугалимдик кесипти аркалап жүргөнүмө 17 жыл болду. Азыркы маданиятка салымын кошкон Эл артисти, Эмгек сиңирген артисттердин көпчүлүгү Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство жана маданият университетин бүтүрүшкөн. Мен 2008-жылдан баштап аталган окуу жайдын "Социалдык маданий ишмер" факультетинин сырттан окуу бөлүмүнүн деканымын. Андан сырткары улуу ага окутуучу болуп "Сахнада туура сүйлөө", "Сахнадагы туура кыймыл-аракет", "рекреалогия", "эстрада жанрында ырдоо" сабактарынан бердим. Чыңгыз Мырзаев, Нурзат Токтосунова, ...

0 1623

Кенже Дүйшеева: "Интернеттеги жашоосу идеалдуу, а чыныгы жашоосуна аралаша калсаң «оо кокуй» дейсиң.."

31-октябрь 2018, 11:08 Кызгалдак Жакыпова

Чыгармачылыгы менен үй-бүлөсүн бирдей деңгээлде алып жүргөн, артынан ушак-айың, жаман сөз ээрчитпеген ырчы Кенже Дүйшееваны жаштарга үлгү болчу айым катары айтсак болот. Бүгүнкү күндө аны тойлорго да дал ушул сапаттары менен ырым  кылып чакыргандар арбын экен. Бир топ  убакыттан бери ММКларга чыкпай калган ырчыны маекке чакырып, акыркы жаңылыктары тууралуу билгенге аракет кылдык. — Кенже айым, көп убакыттан бери ММКларга чыкпай калдыңыз, ...

0 454

Айпери Кубик кызы: "Төшөктө жатып калып бир ай дегенде араң өзүмө келдим"

31-октябрь 2018, 10:05 Кызгалдак Жакыпова

Негизи бардык эле клиптеримде бирде суунун ичинде суу жутуп, бирде жардын үстүнө чыгып тартылып көп эле тобокелдикке барам. Акыркы тартылган клибимде эшикте аба ырайы минус белгисин көрсөтүп турганына карабай жеңил көйнөктөрдү кийгем. Тоодо, көл жээгинде тартылып жүрүп сөөктөрүмө чейин суук тийгизип алыптырмын. Ошондон кийин ооруп төшөктө жатып калып бир ай дегенде араң өзүмө келгем. Булак: "Леди"

0 2112

ВИДЕО: Камчыбек Ташиев чындап кайната болду

31-октябрь 2018, 09:46 Кызгалдак Жакыпова

Кечээ, 30-октябрь күнү Бишкек шаарындагы тойканалардын биринде актриса, модель Эркайым Абдуллаеванын кыз узатуу тою болуп өттү. Анын тандоосу Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас болду. Эстрада жылдыздары кечээ эки тойдун ортосунда чарк айланып экиге бөлүндү окшойт. Себеби Курал Чокоевдин үлпөт тою да Эркайым Абдуллаеванын кыз узаттуу тоюна удаа келип калган. Эркайымдын кыз узатуу тоюнда Камчыбек Ташиев баш болгон саясатчылар жана эстрада жылдыздары эки жашты куттуктап келди. .

0 2504

Актан Рыскелдиевке жубайы экинчи аял алуусуна уруксат берди

31-октябрь 2018, 09:17 Кызгалдак Жакыпова

Өзүнүн куйкум сөздөрү менен соц тармакта таанымал актер, тамашоучу Актан Рыскелдиев аялына болгон мактоосун да, таарынычын да бир айтып алайын деген өндөнөт. Себеби ал акыркы постторунун биринде жубайы Ферузага арналган сөздөрүн жазган. "Үйлөнгөндөн бери мен кандай гана тамак жеген жокмун. Ферузанын жоктон бар кылып койгон адаты бар. Тамакты аябай соонун жасайт. Аштан башкасын. Бирок, ушу күнгө чейин башкача дагы тамактарды жеп ...

0 1987

Кыргыздын эркеси атыккан Самара Каримова жетекчи болду

30-октябрь 2018, 16:31 Кызгалдак Жакыпова

Чыр коштогон миллион атыккан Самара Каримова Ош шаарындагы Ныязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.  Буга чейин дагы Самара Каримовага Сулайман-Тоо музейине директор кылып дайындашкан. Бирок ага карата бир топ сын пикирлерден кийин ал Сулайман-Тоо музейине директор болуудан баш тарткан. КРнын эмгек сиңирген артисти наамын алуусу да бир топ чырлар менен коштолгон. Канчалаган ...

0 1845

ВИДЕО - Казакстандын белгилүү ырчысы Ерке Есмехан "өкүрүп" ыйлады

29-октябрь 2018, 14:20 Кызгалдак Жакыпова

Казакстандын атактуу ырчысы Ерке Есмехан экинчи ирет эне болушу мүмкүн. Бул тууралуу казак элине таанымал нумеролог Куралай Бакыт кызынын айтканына таянып NUR.KZ. сайты жазып чыкты. Нумеролог Ерке Есмаханга өзүнө ишенимдүү экенин айткан. “Бул кишинин энергетикасы өтө күчтүү. Ерке ушул жылы сүйүүдөн жолу болот. Ал үй-бүлөө куруп, балалуу болууга ыңгайлуу”, - деп айткан Казакстандын белгилүү нумерологу. Белгилей кетсек, Казакстандын белгилүү ырчысы жакында эле, жергиликтүү ...

0 3485

Ташиевдин келини Эркайым: "Үй-бүлөнү жогору койгон жанмын"

29-октябрь 2018, 13:56 Кызгалдак Жакыпова

Эркайым Абдуллаева, модель: Таанышкандан тартып эле Таймурастын жөнөкөйлүгүн жактырдым «Миллиондук мелдеш-2» тасмасында башкы каармандын образын жараткан, кыргыз эстрада ырчыларынын бир нече клиптерине тартылган модель, актриса, таланттуу, чырайлуу кызыбыз Эркайым Абдуллаева 30-октябрда турмуш босогосун аттап, белгилүү саясатчыбыз Камчыбек Ташиевдин уулу Таймураска турмушка узаганы турат. Эки жашка бакыт каалап Эркайымга айрым суроолорубузду узаттык. -Эркайым, 30-октябрда турмуш босогосун аттаганы турган экенсиң… – Үйлөнүү үлпөт тою адамдын ...

0 3275

Нурлан Насиптин орусча постторун Асел жазып береби?

29-октябрь 2018, 11:41 Кызгалдак Жакыпова

Оо, бул экөөнүн махабаты абдан таттуу. Кээде эле көрө албастар туз-мурчунан сээп, даамын бузуп эле койбосо. Сүйүү ушундай болобу же экөөнүн жылдызы төп келишпейби, айтор, урушканы да бат, жарашканы да бат. Урушуп кеткенде, бири-бирин сен көр, мен көргө чейин барып, бир нече күндөн кийин эле жетелешип калганына таң бересиң. Бир кезде “Мен Нурланды байлыгы үчүн сүйгөн эмесмин. Аны менен сүйлөшүп жүргөндө, ...

0 2157

"Аскат Мусабеков балдарынан кабар алып тураарын айгинеледи"

26-октябрь 2018, 17:05 Кызгалдак Жакыпова

Маданияттын мыкты кызматкери, Улуттук филармониянын солисти, мукам үндүү, токтоо мүнөз Аскат Мусабековдун жеке жашоосу социалдык колдонуучулардын көңүл чордонунда. Кыл кыякта ойногон Зарина Касымова менен эки ажырым жолго түшкөн Аскат мырза балдарынан кабар алып тураарын айгинеледи. Дегеним, Инстаграм социалдык баракчасына «Бул жерге барган сайын үчөөлөп үй салабыз. Главный устакебиз Аскем. Биз Аку экөөбүз кирпич ташыйбыз. Мен дагы берилип ойнойм» деп билдирүү ...

0 450

Бүгүн Бишкекте ак илбирс күнүнө карата спектакль коюлат

26-октябрь 2018, 09:05 Кызгалдак Жакыпова

Жума күнү Бишкек шаарында Эл аралык ак илбирс күнү жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата "Кылым карытар бир күн" жана "Аскада калган аңчынын ыры" чыгармаларынын негизинде коюлган "Сур эчкинин осуяты" спектакли болот. Бул тууралуу Спутник маалымат агенттиги кабарлаган. Спектакль саат 16.30да Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын кичи залында көрсөтүлөт. Белгилей кетсек, Эл аралык ак илбирс күнү жыл сайын 23-октябрь күнү белгиленип, ...

0 4666

Кайрат Салмакеев: "Эркин Мээрканов менин продюсерим эмес, болгону чогуу иштешип жүргөн аранжировщик"

22-октябрь 2018, 14:43 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз эстрадасында пайда болгон өзгөчө стилдүү Кайрат Кыргыз деген ысым былтыр «Жаштык кез» деген ыры менен популярдуу болгон. Жакында эле Кайрат Кыргыздын продюсери Эркин Мээрканов маалымат каражаттарына ырчынын популярдуулукту көтөрө албай көөп кеткени үчүн айып тагып, мындан кийин аны менен иштешпей турганын, ага кетирген чыгымдарды сот аркылуу өндүрөрүн айткан эле. Бүгүн ырчы Эркин Мээркановдун таккан айыптарына жообун берди. - Кайрат мырза, ...

0 747

Азамат Аспеков: “Мен Кыргызстанда № 1-тамадамын”

22-октябрь 2018, 13:04 Кызгалдак Жакыпова

-Азамат, өз кесибиң боюнча юрист экенсиң, кантип тамада болуп калдың? Дегеним, тамада болуу үчүн да чыгармачылык шык, талант, эл алдында сүйлөө, элди өзүңө тарта билүү, ынандыруу сапаттары болушу керек – Тамада болуу ар бир баланын кыялы болбосо керек. Дегеним, эч ким бала кезинен тамада болом деп кыялданып чоңойбойт. Ар бирибиз эле көнүмүш болгон, бизде абдан көп юрист, экономист деген кесиптердин ээси ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1465

ВИДЕО: Индиянын премьер-министрин суктандырган кыргыз ырчылары

21-октябрь 2018, 17:37 Кызгалдак Жакыпова

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди кыргызстандык ырчылардын аткаруусундагы чыгарманы өзүнүн Twitter баракчасына бөлүшүп, аткаруучуларга ыраазычылык билдирген сөзүн калтырган. "Ырчы Жылдыз Өмүралиева, Гүлжан Бекбатырова жана музыкант Нурлан Жунушев Бхаджандын чыныгы рухун көргөздү", — деп жазган ал. Клип Ысык-Көлдө жана Ала-Арча жаратылыш паркында жана борбордук "Ала-Тоо" аянтында тартылган. Ырчылар аткарган "Vaishnava Jana To" ыры XV кылымда акын Нарси Мехто тарабынан жазылган. Ал белгилүү саясатчы Махатма Гандинин жакшы көрүп ...

0 11352

Айзуура Иманалиева: “Энесин жоготкон жалгыз эле биз эмес деп өзүбүздү сооротуп жашайбыз...”

19-октябрь 2018, 19:17 Кызгалдак Жакыпова

Былтыр 6-октябрь күнү күлсө күлкүсү күндөй жылуулук берген, жанда жок шайыр ырчы Гүлбү Ороскул кызы 40 жашында дүйнө салган. Убакыт зымыраган куш экен, Гүлбү Ороскул кызы жок кыргыз маданияты бир жыл жашап койду. Шайыр жеңе тууралуу бүгүн кызы Айзуура Иманалиева эскерип отурду. - Айзуура, билинбей эле Гүлбү эже биздин арабыздан кеткенине бир жыл болуп калыптыр, апаңсыз өткөн бир жыл сен үчүн ...

0 4224

Чынар Капарова: "Үч окуу жайда сабак берем"

18-октябрь 2018, 15:00 Кызгалдак Жакыпова

- Менин окуу жайларда сабак берип иштегениме 5 жыл болду. Мен КТРКда иштеп жүргөндө эле атайын саат алып университеттерде сабак берип иштечүмүн. Кийин негизги ишимден кеткенден кийин убактым көбүрөөк болуп учурда Кыргыз улуттук университетинде штаттык негизде, ал эми Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство жана маданият университети менен Кыргыз-Түрк "Манас" Эл аралык университетинде штаттан тышкары иштеп жатам. "Сүйлөө техникасы" сабагынан бергендиктен алгач сабакты ...

0 4510

Асел Кадырбекованын "арыктыгы" боёнгону көпчүлүккө көп жага бербей...

17-октябрь 2018, 12:12 Кызгалдак Жакыпова

Эстрада ырчысы Асел Кадырбекованын "арыктыгы" боёнгону көпчүлүккө көп жага бербей калган өңдүү. Анткени ага дайым хейтерлери арыктыгына сын айтып келишет. Мисалы жакында эле "Ассоль Молдакматова эле болуп калыпсың, көп боёнуп эмне кыласың? Назиктик нур жок, жүзүңдө нур жок. Бир "скелет" сүрөт турат"-деп билдирүү калтырышкан. Ал сөзгө териккен Асел жооп кылып төмөнкүдөй пикирин билдирди: "Сизге жагып же жакпашы маанилүү эмес. Өмүрүмдү сиз үчүн эмес, өзүм үчүн ...

0 12906

Белгилүү эстрада ырчысы Урмат Усенов маданият, маалымат жана туризм министрлигине даярдалып, машыгып жатабы?

17-октябрь 2018, 10:10 Кызгалдак Жакыпова

Бул ырчынын амбициясы дагы Кудайга шүгүр экенин билебиз. Убагында дал ушул “креслого” ат салышып дагы көргөн. Бирок, тилеги таш кабып анда Алтынбек Максүтовго “прогибге” жыгылып калган жайы бар. Эми жакында эле аны Жогорку Кеңеш менен Кыргыз Өкмөтүнүн ортосундагы футболдук мелдеште парламент төрагасы Дастан Жумабеков менен жанаша жүрүп, артынан калбай, эл алдына активдүү чыга баштаганына күбө болуп отурабыз. Мында бир мандем бар сыяктуу. ...

0 552

Мирлан Баеков, ырчы: «Көп жылдык чыгармачылык тыныгуу элдин унутуусуна алып келет…»

15-октябрь 2018, 12:00 Кызгалдак Жакыпова

3-4 жылдан бери чыгармачылык тыныгууда жүрүп эми чыгармачылыкка билек түрө киришип, күз айында жеке концерттин берүүгө ниет кылып, учурда жаңы ырлардын үстүндө кызуу иштеп жаткан ырчы Мирлан Баеков менен чыгармачылыгы туурасында баарлаштык.  -Көптөн бери чыгармачылыктан көрүнбөй калдың эле, эми чыгармачылыкка билек түрө киришип жатыпсың, учурда кандай ырларды жаздырып жатасың? — 3-4 жылдан бери жеке жумуштарыма байланыштуу жаңы ырларды жаратпай, сахнага да чыкпай ...

0 879

ВИДЕО: Султан Жумагуловдун ишке ашпай калган пландары

13-октябрь 2018, 11:46 Кызгалдак Жакыпова

Төртүнчү жолу узак убакытка созулган дарылануусунан кайтып келгенден кийин, жума күнү учуп келип көп өтпөй кайрадан жумушка чыгып кетти. Эртең мененки жыйынга кирбей эле коюуну туура көрүп кабинетине кирген жокмун. Себеби суроолорду берип кыйнагым келген жок. “Жийде кана?” –деп издеткен экен, чакырып алды. Кирип келсем “Жийде, автоматтык түрдө кабинетке киришиң керек да, эмнеге кирген жоксун?” –деп айтты.  Ошентип эки күн катары ...

0 4931

Аваз Акимов: "Айдананы мага туура келбейт дегендерге өзүңөргө туура келген жар таба бергиле"

12-октябрь 2018, 19:42 Кызгалдак Жакыпова

Жаш ырчылар Аваз Акимов менен Айдана Дека «Аппагым» аттуу ырдап чыккандан бери, экөөнүн ортосунда кыз жигиттик мамиле бар экени айтылып келген. Бирок, ырчылар буга чейин ага карындаш катары гана мамилелери бар экенин айтып, моюндабай келишкен. Алардын каткан сүйүүсү 5-октябрь күнү элге Аваздын инстаграм баракчасындагы Айданага болгон куттуктоосу аркылуу тарап, учурда интернет айдыңы дуу болуп жаткан кези. Ошентип кыргыз шоу бизнеси ...

1 25138

ВИДЕО: Анжелика кыздарын “дүүлүктүрүүчү” ыкмаларды колдонуп бийлетип жатканы кандай?!

11-октябрь 2018, 16:19 Кызгалдак Жакыпова

Атаңгөрүү деп кетесин азыркы “заманбап муундун” өсүп келе жатканын көрүп. Азыр бул макалага кээ бириң көрө албастык деп чыгаарсың, кээ бириң калыс карап оюңарды ортого салаарсыңар. Кепти бир мисал менен бергим келди. “Айтылуу Анжелика эжебиз тарбиялап жаткан” “Кидс-стар” өспүрүм кыздардын тобу тууралуу болмокчу. Жакында соц тармактарда тараган бийлерин көрүп таң калдым. Абийирсиздик дедим. “Уядан эмнени көрсөң, учканда ошону аласың” деген кеп ...

0 3095

Чолпон Талипбек: "Мени ар кандай жаман сөздөр менен жазууга силерге ким укук берди"

10-октябрь 2018, 13:14 Кызгалдак Жакыпова

"Нон стоп" тобунун экс солисткасы Чолпон Талипбекке дагы да болсо сындар токтобостон жамгырдай жаап жаткан убак. Ырчы кыз кыжырын келтирген дагы бир жагдай менен төмөндө бөлүшүп өттү. Чолпондун өзүнүн сөзү менен беребиз: - Зачем?! Фотошопить фотографии и прикреплять мою голову к непонятным девушкам с 5-м размером груди. И потом выливать на меня кучу грязи, мол вся такая неправильная. Кто этим людям дал право меня ...

0 15860

ВИДЕО- Мирбек менен Камшаттын чуусу: Өзүңдү өзүң алдап жатасыңбы? Ушинтип күйөөңдөн айрылып калба!

10-октябрь 2018, 09:23 Кызгалдак Жакыпова

Казак эстрада жылдызы Камшат Жолдыбаева менен Мирбек Атабековдун бирге аткарган "Мени тыңда" деген ырдын клиппи талкууга түшүп турган чагы. Клиптеги айрым кыймыл аракеттери менен элдин эсин оодарган Мирбек Атабековго көптөр түшүнбөй турган чагы. Мирбек өз сөзүндө: "Эч ким жаракат алган жок, баары аман-эсен. Клип тартылып жаткан убакта жубайым карыш жылбай жанымда болду"- деген эле. Ага колдоо көрсөткөн жылдыздын жубайы Мээрим Төлөпберген: - Биз долбоорду ...

0 609

Кыргызстанда расмий  “Мисс Кыргызстан 2018” сынагы өтөт

09-октябрь 2018, 19:53 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстанда расмий “Мисс Кыргызстан 2018” сулуулар сынагы өтөт, жеңүүчү  Кыргызстандын атынан “Аалам периси” сынагына жолдомо алат. Сынакка  катышуу үчүн кастинг 14-октябрда 14:00дө  “Азия Молл” соода борборунда болмокчу.  Бул тууралуу “Мисс Кыргызстан 2017”  наамынын ээси Бегимай Карыбекова билдирди.  “Сынактын жеңүүчүсү бир гана таажы тагынып, “Кыргызстан сулуусу” наамын гана албастан, Кыргызстанды дүйнөлүк аренадагы  “Аалам периси” сынагында катышууга мүмкүнчүлүк алат”,- дейт Карыбекова.  Кыргызстандын сулуусу болуш ...

0 4248

Асел Кадырбекова: Кээ бир учурларда бири-бириңден эс алып туруу керек

06-октябрь 2018, 18:18 Кызгалдак Жакыпова

Аселге күйөрмандарынын бири "сиздер эмнеге Нурлан Насип экөөңөр бирге жетелешип эл алдына аз чыгасыңар?"- деп суроо берген. Асел ал суроого төмөнкүдөй жооп берди: - Мен эмнегедир күйөөлөрүнүн артынан калбай ээрчип алчу айымдарды көп жактыра бербейм. Биз ар дайым биргебиз, жумушта дагы үйдө дагы дайым чогуу жүрөбүз. Кээ бир учурларда бири-бириңден эс алып туруу керек. Сүйгөн адамыңды колдоп, ишенип турсаң ошол бакыт. Баардыгы акырындап ...

0 3832

Турсен менен Баяндын ортосундагы жалын өчтүбү?

05-октябрь 2018, 14:37 Кызгалдак Жакыпова

Казакстандын шоу вумени Баян Алагузованын айланасындагы ушак айың кептер токтобостон айтылганы айтылган. Дагы бир ушак айыңдарга себепчи болгон дагы бир нерсе Баяндын жакында жарыя кылган постту элдин оюн эки анжы кылды. Баяндын жазганын өзгөртүүсүз төмөндө коёбуз: "Говорят, чем красивее женщина, тем сложнее у нее личная жизнь. Судя по моей жизни - я очень красивая женщина!"- деген продюсер. Баян Турсенге болгон сүйүүсү үчүн баарына каршы туруп ...

0 2242

ВИДЕО: Аваз Акимов жакында Айдана Декага баш кошобу?

05-октябрь 2018, 10:35 Кызгалдак Жакыпова

Талантуу ырчы мырза Аваз Акимов ушул жылы бойдокчулук менен коштошо тургандыгы тууралуу жакында сахналаш досторунун бири айткан эле. Аваздын болочок жубайы ким болоору ачык айтылган эмес. Көрсө, ырчы мырзанын болочок жубайы жаш ырчы кыз Айдана Дека экенин бизге ишенимдүү булактар кабарлашты. Ал эле эмес өткөн дем алуу күндөрү Аваз менен Айдананы кыналышы жетелешип, бири-бирин эркелете кино театрда жүргөндөрүнө күбө болуп калдык. Демек, ...

0 6307

"Арык короз экенсиң"- деп жигиттердин намысына тийген Изат Айдаркулова турмушка чыкты

05-октябрь 2018, 12:54 Кызгалдак Жакыпова

Токтогулду сыздаткан Алымкандын сиңдиси, Жеңижок акындын балдызы. Айтыштагы төкмө кыздардан түзүлгөн «мафиянын» мүчөсү. Майра Керим кызындай чоң сахнада эркектерден кем калышпай, айтышып келген талантуу акын кызыбыз Изат Айдаркулова турмуш жолуна аттанды. Акын кыз кайсы бир маегинде "Быйыл жакшы жаңылыктар менен жакындарымды кубантсам экен деп тилек кылып жатам"- деди эле тилеги аткарылып турмуш жолуна аттанып көпчүлүк ага бакыт каалап турган мезгил.  Булак: NazarNews.kg

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 2389

Кайрат Примбердиев менен сүрөткө түшүү үчүн 1000 сом төлөйсүңбү?

04-октябрь 2018, 18:35 Кызгалдак Жакыпова

Маданияттын мыкты кызматкери, Кыргызстандын Эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиевди каралаган постко эстрада ырчысы төмөнкүдөй жооп берди.  @ai_koum кичине кудайды карап сүйлөсөң боло? Кантип уялбай калп айтып атасың?- деп ачууланган ырчыны экс-президент Алмазбек Атамбаев баш болгон сахналаш досторуна чейин жана ырчынын күйөрмандары да колдоп Кайраттын жакшы сапаттарын айтууда. Өзүн кандайдыр бир жол менен элге тааныткысы келген жаштар көбөйдү окшобойбу. "Атың чыкпаса жер өрттө" - деген ...

0 4801

Тойдо мушташкан ырчыларга мода болуп кетти

03-октябрь 2018, 18:04 Кызгалдак Жакыпова

Эстрада ырчысы Дайыр Исмадияров интернет баракчасына тойлордо уруш көп болоорун айткан. - Чынын айтканда, тойдон урушкан жокмун, эч кимди күттүргөн эмесмин деп "күнөөсүз чымчык" болгум келбейт. Андайлар көп эле болот. Тойдо тамадалар ырдаганга күттүрүп чыгарбай коюшат. Ошондуктан тамадалар менен көп эле урушуп кеткен учурлар көп эле болот",- дейт Дайыр. Демек, ырчылардын баары эле мушташат экен тамадалар менен. Бирок көпчүлүгү айрымдарга окшоп "инстаграмга" жарыя ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83