www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маданият
0 46652

Мараттын жубайы Айжан, аткаруучу Анжеликанын сүрөттөрүн жарыя кылды

Ишкер, Назарбеков Мараттын жубайы, Айжан өзүнүн Инстаграм баракчасына, аткаруучу жана КТРКдагы “Бактылуу айым” көрсөтүүсүнүн алып баруучусу Анжелика Бекболиева тууралуу жазып, сүрөттөрдү жүктөгөн. Айжандын Инстаграм баракчасына жазган постун жана сүрөттөрүн өзгөртүүсүз окурмандарга сунуш кылабыз. aijana_i Держите розочки те люди которые говорят о давности развода, считаю что это не имеет никакого отношение к выплате алиментов. А развод произошёл прошлым летом, когда двое влюблённых ...

0 1617

Ырчылык менен аткаруучулуктун айырмасын билбеген "жылдыздар"

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда  "ырчылыктын туу чокусуна" чыккан жылдыздар көп. Бирок алар ырчыбы же аткаруучубу эч маалыматы жок, ал тургай өздөрү деле билишпейт. Тээ илгери ырчы деп жандуу үндө аспаптардын коштоосунда талантын тартуулаган инсандарды айтышкан. Учурда ырчылыкка кыпындай тиешеси жоктор өздөрүн ырчы катары таанытып алышкан. Тагыраак айтканда үнү жоктор, ырчылыктын терең маанисин билбегендер. Чынында булар аткаруучулар деп аталат.

0 2967

ВИДЕО - Мирбек Атабеков: айрым ырчылардын жүрүм-турумуна зээним кейийт

Мирбек Атабеков деген ысым узун элдин учу менен калың элдин кыйырына жетти деп айтсам ашыкча болбос. Себеби он жылдан ашык убакыттан бери кыргыз эстрадасында ордун жоготпой келет. Ооба, мага чейин деле нечендеген журналситтер маек алган. Бирок Атабеков баарлашуунун соңунда "сизге ачык жооп бердим" деди. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Мирбек Атабеков менен маек куруп, белгилүү болуп жаткан "Мурас" ырынын тарыхы, чыгармачылыгы, үй-бүлөсү ...

0 4405

СҮРӨТ- Ырчы Кундуз Канатбек кызы болочок жолдошу менен Турцияда дем алууда

21-май 2018, 13:07 Айдар Нуралиев

Ай чырайлуу, келишимдүү жана назик үнү көпчүлүк мырзаларды арбап, жагымдуу ырлары менен көптөгөн күйөрмандарды топтой алган ырчы Кундуз Канатбек кызы болочок жолдошу менен Турцияда дем алууда. Он күндөн ашык убакыттан бери чет жерде эс алып жүргөн түгөйлөрдүн был жылга койгон пландары абдан көп экен.  Жашы отуздан ашып калган ырчы айымдын турмушка чыгуусун чыдамсыздык менен күткөндөргө жакшы жаңылык. Быйыл күздө Кундуз ак жоолук салынат ...

0 4781

СҮРӨТ- Ырчы Бактыгүл Бадыева үчүнчү наристесин күтүүдө

21-май 2018, 12:39 Айдар Нуралиев

Белгилүү ырчы айым Бактыгүл Бадыева азыркы тапта сулуу тартып, ажарына чыгып калган маалы. Себеби, кош бойлуу.  Ырчы айым үчүнчү наристесин күз мезгилинде жарыкка алып келүүгө кызуу камданууда.  Чыгармачылыктан алыстап, жеке бизнестери менен алек болуп жүргөн Бактыгүл кош бойлуулугуна карабай кызуу иштөөдө.  Эскерте кетсек, ырчы айым сүйүктүүсү Алмаз менен бүгүнкү күндө эки кызды тарбиялашууда.  Маржан Назарбаева, NazarNews.kg

0 1129

СҮРӨТ- Дүйнөлүк көчмөндөрдүн оюндарына "дүжүр" ырчылар катышууга камданууда

21-май 2018, 12:08 Айдар Нуралиев

Күз мезгилинин сентябрь айында кыргыз элинде чоң майрам орун алганы турат. Мындан төрт жыл мурун старт алып, салтка айланган Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна даярдыктар башталганы менен ырчылардын ортосунда чоң саясат орун алууда.  Көчмөндөр оюндарында өз өнөрүн тартуулоону каалаган ырчылардын саны көптүгүнөн улам уюштуруучулар тарабынан тандоо туру жарыяланып адилетсиздик орун алып жатканы эл оозунда айтылууда.  Айрым ырчылар саясаттын айынан бул оюндарда өнөр көрсөтө албай калышынан кооптонушуп, ...

0 15456

СҮРӨТ- Ырчы Анжелика Грузияда кайсы мырза менен эс алууда?

21-май 2018, 11:46 Айдар Нуралиев

Коомчулукта көп кызуу талкууга алынган ырчы айым Анжелика азыркы тапта Грузиянын Тбилиси шаарында көңүлдүү эс алууда.  Грузияга сапар алганга чейин Азербайжанда болуп кайткан ырчы айым эки өлкөнүн туристтерди тарта турган жерлеринде болуп, эс алуу менен бирге өз ишин да улантууда.  Үч кызын апасына таштап чет элге сапар алган Анжелика ким менен кеткени көпчүлүктүн бүйүрүн кызытууда. Ырчы айым өзү менен кошо жакындарын, кыздарын жана жардамчыларын ...

0 1584

СҮРӨТ- Продюсер Канат Кадыржан кайрадан алдамчылыкка шектелүүдө

21-май 2018, 11:18 Айдар Нуралиев

Ди-джейлик кесипти аркалап, жаш таланттарга колдоо көрсөтүп "продюсер" аталып жүргөн Канат Кадыржан кайрадан алдамчылыкка шектелүүдө. Былтыркы жылдын февраль айында бир нече ырчы мырзалардан продюсердин үстүнө арыз түшүп, тергөө иштери бүгүнкү күнгө чейин улантылып келүүдө.  Ал эми бүгүнкү күндө да Ош шаарындагы бир катар ырчылар Канат мырзага нааразы экенин билдиришүүдө. Себеби, продюсер Ош шаарында ырчыларга иштешүү тууралуу сунушун киргизип, "Ырларыңды радиолордо жаңыртып, клиптериңди ...

0 2350

СҮРӨТ- Рэпер Баястан менен сүйүктүүсү Зульфиянын үйлөнүү той күнү белгиленди

21-май 2018, 10:59 Айдар Нуралиев

Шоу бизнестеги көз суктандырган түгөйлөрдүн катарын толуктаган рэп ырчысы Баястан жана анын сүйүктүүсү Зульфия экени талашсыз.  Түгөйлөр мындан бир жарым жыл мурун достору аркылуу таанышып, бир жыл кыз-жигит мамиледе болгон соң үйлөнүүнү чечишкен.  Ал эми Баястан менен Зулфиянын кыз узатуу жана заманбап үлпөт тою август айына белгиленди.  Маржан Назарбаева, NazarNews.kg

0 5364

Бек Борбиев, КРнын Эмгек сиңирген артисти: "Кримчөйрөдөгүлөр менен ысык мамиледе боло албайм"

21-май 2018, 10:42 Айдар Нуралиев

- Бек мырза, жашооңузду бильярдсыз элестете аласызбы? – Бильярд ойноп жүргөнүмө 10 жылдан ашты. Бул оюн менен убакытты көңүлдүү өткөрөм, эс алам дегендей. Бильярд таптакыр ойнобой коюп деле жашай алам. Мындайча айтканда, бекерчинин иши да. -Мурутуңузду кырып салууга даярсызбы? – Ушул мурутумду көбү ойлошсо керек, Бектин «фирменный» стили деп. Чынында, андай эмес. Мурутумду идеалдаштырбайм. Бир нече айлап мурутум жок деле жүрө берем. -Сизди сахнага ...

0 2158

СҮРӨТ- Ырчы Юлия Руцкая кимге турмушка чыгууга камданууда?

Улуту башка болсо да кыргыз тилинде керемет обондорду созгон ырчы айым Юлия Руцкая кечээ күнү туулган күнүн жакын санаалаштарынын курчоосунда белгиледи.  Жашы отуздан ашып калса да үлпөт көйнөктү кие элек ырчы айымга туулган күнүндө көпчүлүк коноктор бакыт каалашты. Анан да ошол кечтин эң башкы жаңылыгы болуп Юлиянын жүрөгүнүн ээсин тапкандыгы, турмушка чыгууга ойлору бар экени ачыкталды.  Кыязы, ырчы айымдын бойдокчулук менен кош айтышышына саналуу ...

0 7566

СҮРӨТ- Ырчы Малика Дина казак актёру Еркебулан Токтарга турмушка чыкты

Таланттуу ырчы айым жыл башында чыгармачылыгына кызуу киришип иштеп казак актёру Еркебулан Токтарды клибине тарткан эле. "Айтчы себебин" аттуу клип жарыкка чыккан соң ырчы айым менен актёрдун ортосунда сүйүү пайда болгонун жарыялаган элек. Ал макала жарыкка чыккан соң ырчы айым "Мунун баары калп" деп чуу салган эле.  Бирок, "Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт" болуп түгөйлөр жакында эле баш кошуп, нике шакектерин тагынып учурда ...

0 2837

СҮРӨТ- Ырчы Айгерим Расул кызы кайрадан кош бойлуу

Кыргыз эстрадасынын ажарлуу ырчы айымы, үйдө бактылуу жана идеалдуу эне ырчы Айгерим Расул кызы учурда кош бойлуу. Күз мезгилинде көз жарууну пландап жаткан ырчы айым экинчи наристесин күтүүдө экен. Учурда кош бойлуулугуна карабай тынымсыз чыгармачылык менен алек болуп өзүн эмгекти сүйгөн айым катары көрсөтүүдө. Ал эми биз эмне дейбиз? Айгеримдин аман-эсен көз жарып алышын каалайбыз!  Маржан Назарбаева, NazarNews.kg

0 4101

СҮРӨТ- Теле алып баруучу Элиза Жайлообаева кимге турмушка чыкты?

"КТРКнын" жүзү жана бир нече долбоорлордун алып баруучусу болуп жүргөн Элиза Жайлообаева май айынын башында турмушка чыкты.  Нарындын кызы өз кесиби менен кош айтышып, жумуштан кеткен соң, сүйүктүүсүнүн колун түбөлүккө кармап борборубуздагы ресторандардын бирине той беришти. Ал эми эки жаштын бактылуу мүнөттөрү төмөндөгү сүрөт баянда.  Маржан Назарбаева, NazarNews.kg

2 2115

“Ынсапсызга кашык салсаң беш уурдайт”

Акыйкатчы Кубат Оторбаев камактагы Өмүрбек Текебаевге ырайым кылуу боюнча президентке жасаган кайрылуусуна саясатчы макул эмес экенин, ал өзүнө козголгон кылмыш  ишин жаңы жагдайлар менен кайра башынан кароону талап кылаарын маалым кылды. Бул жоругу менен «ынсапсызга кашык сунсаң беш ууртайт» дегенди далилдеп, Оторбаевдин арына акмын деп актанат? Соо­ронбай Жээнбековго жалдырап өтунгөндөн уялбайбы? Кечээ эле парламентте отурганда өкмөт башчысы болуп турган Жээн­бековго сөөмөй ...

0 1040

КР маданият министрлиги Роза Рымбаевага жардам берүүгө даяр

Бишкек шаарында 3-майда өткөн жеке концертинин маалында Казакстан эл артисти, Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Роза Рымбаева сахнада сүйлөп жатып, оркестрдин коштоосунда ырдоону каалаганын билдирди. "Бишкек – бул борбор шаар, ошондуктан өз оркестри болгону туура" дегендей пикирин айтты. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги төмөнкүнү маалымдайт. Кыргызстанда бир нече: опера жана балет театрынын симфониялык оркестри, президентке караштуу “Манас” камердик оркестри жана Мамлекеттик ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 916

Сүрөт - “Президент жана бомж – 3: Ханзаада сүйгөн айылдык кыз” уу-дуу түшүрүүдө

04-май 2018, 16:19 Айдар Нуралиев

Кыргыз коомчулугуна кеңири таанымал, ал түгүл жамаатташ башка мамлекеттерде да белгилүү “Президент жана бомж” тасмасынын 3-бөлүгү “Ханзаада сүйгөн айылдык кыз” тартылып бүтүп, 3-майдан тарта Бишкек шаарынын “Манас”, “Россия”, “Октябрь”, Ошто “Ак буура” кинотеатрларында көрсөтүлө баштады. Тасманын сценаристи жана продюсери Өмүрзак Төлөбековду кепке тарттык. - Өмүке, элдин калың катмары кызыгуу менен күтүп жаткан “Президент жана бомж-3” кинону тартып бүтүп, эл сынына койгону ...

0 889

Сүрөт - Жылдыздардын алгачкы сахнасы, алгачкы ыры, анда кийип чыккан формасы

01-май 2018, 16:00 Айдар Нуралиев

Алгачкы жолу мектеп босогосун аттаган күн, алгачкы мугалим, алгачкы сүйүү, алгачкы өбүшүү жана башка алгачкылар толтура бул жашоодо. Бирок ошол алгачкылардын баары биздин эсибизде калат. Ал эми жылдыздар үчүн алгачкы сахнасын, алгачкы ырын, анда кийип чыккан формасын, дегеле ал күндөрүн эстөө – ностальгия. Алина Жетигенова Сахна: – Борборго келип эле филармониянын алдындагы эки жылдык студияга тапшыргам, ошол жакта ...

0 593

Сүрөт - Амир Аскаров, ырчы: “Шоу-бизнесте достук жок. Шоудон дос күтпөй эле койгон оң”

28-апрель 2018, 14:53 Айдар Нуралиев

“Алдадың” , “Сени эстеп”, “Периштем” деген ырлары менен эл оозуна алынып популярдуу болгон, жаш кыздардын жүрөгүнөн түнөк тапкан, өзүн ар дайым стилдүү алып жүргөн ырчы мырза Амир Аскаровду таанысаңыз керек. Амир Аскаров шоу бизнеске кайтып “Сени сүйөм дайым”, “Девочка моя”, “Замираю”, “Кызганам” деген ырларын угармандарына тартуулап турган чагы. Амир чыгармачылык кризистен чыгып, угармандарына жага турган ырлардын үстүндө иштеп жаткандыгы тууралуу, ...

0 1675

Эрнис Бөрүбаев, тамада: "Кээ бир акчалуулар тойлоруна ырчыларды 8000- 9000 долларга чакырат"

25-апрель 2018, 14:52 Айдар Нуралиев

– Маегибиздин башында чыгармачылыкка аралашып калганыңыз туурасында айтып кетсеңиз? – Атам Кабыл Бөрүбаев белгилүү ырчы Бек Борбиев жаңы ырдап чыккандан тартып эле 2000-жылдарга чейин менеджери болуп иштеген. Атамды ээрчип жүрүп, кичине кезимден эле чыгармачыл чөйрөгө аралашып чоңойдум. Ошонун таасиринен уламбы ырдап, ырчы болгум келип жүрүп, биринчи жолу сахнага Манас Бердибеков менен чыктым. Кийин «Бешилик» тобу түзүлүп, Рахман Разыков агайдын тобунда ...

0 935

ЭКСКЛЮЗИВ: Музарт” тобу: “Кыргыздын сулуу кыздарын көрүп көзүбүз тойбоду. Карай эле бергиң келет”

23-апрель 2018, 13:13 Кызгалдак Жакыпова

Казак эстрадасынын ырчылары борборубузга келип тойлорго кызмат кылып жүргөндөрүн көп эле кезиктиребиз. Жакында дагы борборубуздагы тойканаларында болуп өткөн үлпөт тойго конок болуп келген “МузАрт” тобунун солисттери менен чакан маек курдук. Сакен Майгазиев Туулган жылы- 1-январь, 1975-жыл Үй-бҮлөлҮк абалы- Үй-бҮлөлҮҮ, бир уул, эки кыздын атасы Мейрамбек Бесбаев Туулган жылы- 7-ноябрь, 1976-жыл Үй-бҮлөлҮк абалы- Үй-бҮлөлҮҮ, бир уул, бир кыздын атасы

0 1935

Эмиль Балтагулов, ырчы: “Көп адамдардан “Дин жолунда жүргөн инсандарга ырдаганга тап такыр болбойт” деген сөздөрду уктум”

23-апрель 2018, 10:11 Гүлжан Шерипбаева

- Эмиль мырза, акыркы учурда чыгармачылыктан алыстап кеткендейсиз. Тыныгуудасызбы? - Учурда Жалал-Абад облусунда шаардык филармонияда директордун орун басары болуп эмгектендим. Ошондуктан, көбүнчө чыгармачылыкка көп убакыт бөлүнбөй кетти. Аракеттенип ырларды чыгарып жатам. Ал эми телеге чыкпай жатканымдын себеби Жалал-Абад шаарында иштеп жатканымда. Жаздын келиши менен клиптерди тарттырганга киришип жатам. Ырларым болсо даяр радио толкундардан кетип жатат. - Чоң сахнада жүргөнүңүзгө он жылдан ...

0 1112

Бектемир Мамаюсупов, актёр: “Атам көргөндү мен да көрүп саясатка, бийликке кызыккым келбей калды”

20-апрель 2018, 12:22 Гүлжан Шерипбаева

- Бектемир мырза, камеранын, шоунун сыртындагы жашооң кандай? - Эл катары эле. Баардыгы мурункудай... Киного келгенге чейин кандай болсо, азыр деле ошондой. Себеби, мен киного кокустан эле келип калгам да. Азыр өзүмдүн эле жашоом менен жашап жүрөм. Бир аз максаттарым, көз караштарым өзгөрдү. Аларды ишке ашыруу менин колумдан келет. Америкадан келгенден бери туруктуу иш таап, иштей элекмин. Кесибим боюнча өзгөчө ...

0 919

СҮРӨТ - ВИДЕО - Айбек Бакытбеков, ырчы: “Азыркы заманда бирөөдөн колдоо, жардам сурамай деген нерсе жок”

16-апрель 2018, 18:45 Гүлжан Шерипбаева

“Жаңы толкун” сынагына катышып, социалдык тармактарда көптөгөн кызуу талкууларды жараткан ырчы Айбек Бакытбековдун сынактан соң дымы чыкпай калган. “Бул мырза сахнаны таштадыбы?” деген ойлор жаралып баштаганда былтыркы жылдан тарта кайра кызуу ишке кирди. Айбекке биз кызыккан суроолорубузду узатып, төмөндөгүдөй жоопторду ала алдык.    Туулган жылы- 11-сентябрь, 1992-жыл Туулган жери- Бишкек шаары Билими- М.Күрөңкеев атындагы искусство окуу жайынын вокал бөлүмү Бою- 182 см Салмагы- 85 кг Бут ...

0 4271

СҮРӨТ- Жумагүл Райымжан кызы, ырчы: “Былтыркы шайлоодо тапкан акчама эки бөлмөлүү батир алдым”

16-апрель 2018, 12:12 Гүлжан Шерипбаева

- Жумагүл, сахнада жүргөнүңө канча убакыт болду? - Чоң сахнага 2013-жылы алгачкы жолу чыккам. Мына ошол жылдан бери сахнадан түшпөй элиме кызмат кылып келе жатам. Убакыт билинбей өтө бергендиктен, азыр эсептесем сахнада жүргөнүмө 15 жыл болуп кетиптир. - Ашканада кандай кожейкесиз? - Ашканада өзүмдү мыктымын дебесем да, жакшы эле кожейкемин деп айта алам. Себеби, үй оокаттарын өзүм жасап, тамак жасоо менин милдетим деп ...

2 1313

СҮРӨТ - ВИДЕО - Каныкей Раймалиева, ырчы: “Артыман жалган айтылганга кептерге терикпейм жана алар менин турмушума таасирин эч тийгизбейт”

14-апрель 2018, 18:47 Кызгалдак Жакыпова

– Каныкей айым, былтыркы жыл сиз үчүн кандай жылдардан болду? – Былтыркы жыл мен үчүн ийгиликтүү, жемиштүү жылдардан болду. Өнөрүмдүн арты менен чет жана коңшу өлкөлөргө көп чыктым. Чет өлкөгө чыккандай ар дайым элдик, лирикалуу чыгармаларды аткарам.  Ырым менен чет элдин көрүүчүлөрдүн кол чабуусуна арзыйм. Ал эми жай турмуш тууралуу кеп кылсам, жашоо өз нугу уланууда. Ана-мына ...

0 595

ВИДЕО - Атактуу чех-америкалык кинорежиссер Милош Форман каза болду

14-апрель 2018, 16:48 Айдар Нуралиев

Милош Форман 2009-жылы Карловы Вары кинофестивалына катышкан. Чехияда төрөлүп өскөн чех-америкалык кинорежиссер Милош Форман 86 жашында АКШда көз жумганын Рейтер агенттиги кабарлады. Бул тууралуу Азаттык билдирди. Формандын "Күкүктүн уясы үстүнөн учканда", "Амадей", "Эл Ларри Флинтке каршы" аттуу жана башка тасмалары "Оскар", "Алтын Глобус", "Бафта" жана башка абройлуу киносыйлыктарды жеңген. Режиссер эки жолу мыкты режиссерлук иш үчүн "Оскар" сыйлыгына, үч ирет "Алтын глобуска" ...

0 2812

СҮРӨТ - ВИДЕО - Малика Дина, ырчы: “Абдан ишенчээк болгонум үчүн мени алдап кетиш беш секунд”

14-апрель 2018, 13:07 Гүлжан Шерипбаева

- Малика, имиджиңдин өзгөрүшүнө ким себепкер? - Чачым узун кезде кырккандан, боёгондон коркчумун. Бирок, жаңы жашоо баштоо үчүн сөзсуз өзгөрүү болуу керек. Мына ошондуктан, мен имиджимди өзгөртүүнү чечтим. - Ырчылыктан кете албай жүргөнүңө 3 мүнөт ырдап, 300 доллар алуу кызыктырбай элеби? - Мен кичинемден сахнага чыгып, элге кызмат кылып калуум жөн жерден эмес. Көп эмгектенип, талантым менен элиме кызмат кылгым келет. - Ушул күнгө ...

0 5792

Куудулдар коалициясы тарады: Рахман Раззыков менен Тынар Курбаналиев ажырашты

14-апрель 2018, 14:09 Гүлжан Шерипбаева

“Куудулдар” коалициясы тарады. Бул маалымат тууралуу, “Куудалдар” коалициясынын лидери Рахман Раззыков билдирди. --Рахман мырза, “куудулдар тарады”, деп уктук чынбы? --Туура, Тынар Курбаналиев топтон чыгып кетти. Куудулдар коалициясы тарадык... --Эмне үчүн тарап кеттиңиздер? --Биз ар дайым эл алдында жүрөбүз. “Жогорку Кеңеш мына тарайт, эртең тарайт”, деп айтышып жатпайбы? Биз депутаттарга үлгү болсун деп, бир күндө шар эле таркап кеттик. Кыскасын айтканда тарадык. --Учурда концертке даярдык көрүп жатасызбы? --Ооба уулум ...

0 1164

СҮРӨТ- Толгонай Арзыкеева, ырчы: “Мага негатив жазгандарды кара тизмеге салам”

13-апрель 2018, 13:35 Айдар Нуралиев

- Толгонай, скрипка жана пианодо канча жылдан бери ойнойсуз? - 7 жашымдан тарта Мукаш Абдыраев атындагы музыкалык окуу жайдын скрипка жана фортепиано бөлүмүндө билим алдым. Быйыл бул аспаптарда кол ойнотконума он жылдан ашты. - Буга чейин топто ырдап жүрдүң эле. Өз алдынча ырдап чыгууңа эмне түрткү болду? - Үч жыл мурда шоу-бизнеске аралаша баштаганда топто өзүмдү сынап көрүүнү чечтим. Алар менен бирге ...

0 4561

СҮРӨТ- Ырчы Дайыр Исмадияровдун экс-жубайы Жанара турмушка чыгууга камдануудабы?

13-апрель 2018, 12:09 Айдар Нуралиев

Белгилүү ырчы Дайыр Исмадияров 2016-жылы бойдокчулук менен коштошуп, Жанара аттуу сулуу менен никеге турган.  Түгөйлөр бир нече ай жашаган соң эки ажырым жолго түшүп, жубайы Жанара кош бойлуу болуп өз үйүнө кеткен. Ырчы мырзанын жубайы былтыркы жылы көз жарып, уулдуу болгон эле. Учурда уулуна татыктуу тарбия берип, жеке иштери менен алек болуп жаткан Жанаранын колун сурап, ага татыктуу жолдош болууну каалаган мырзалар четтен ...

0 1791

СҮРӨТ- Бетке беш тонна чаптап, Рыскүлдүн колун ысытып акча берсе эле Бишкектин сулуусу болуп калабы?

13-апрель 2018, 11:42 Айдар Нуралиев

Жакында эле "Мисс Бишкек 2018" сулуулар сынагы болуп, аны жеңген кыз кызуу талкуудан түшпөй жатат. Интернет колдонуучулардын бири Баяна Кулова: "Ушул кыз Бишкектин эң сулуу кызы деп табылыптыр. Рыскүл Намазбек кызы деген сулуу кыздардын артынан бизнес жасаганын токтотподу же кыздар катышканын койбоду.  Бул кыз конкурста кандай катышты билбейм, но менден бир аз эле сулуураак экен. Бетин жуудуруп, кирпигин алдырып салса мага эле ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 8073

ВИДЕО: Ырчы, Гүлнара Калдарова атактуу атка минердин келини...

10-апрель 2018, 15:52 Гүлжан Шерипбаева

Бир кезде “Кыз Бурак” тобунун ажарлуу ырчысы Гүлнара Калдарова азыр жеке ырчы. Топтон чыккандан кийин жеке жашоосуна да, ырчылык кесибине да үлгүрүп, эки тизгин бир чылбырды колуна алган ырчы айым менен кенен баарлаштык. Жеке жашоосун дасторкон кылып элге жайып алып кайра сынды көтөрө албаган ырчы кыздар, үй-бүлөсү, чыгармачылыгы жөнүндө кенен маек курду. --Гүлнара айым, жаз келгенден бери эле иш сапарда ...

0 7228

СҮРӨТ - Гүлнур Сатылганова, ырчы: “Сооронбай Жээнбековду куттуктап коюш менин жарандык милдетим деп эсептегем”

13-апрель 2018, 13:25 Гүлжан Шерипбаева

- Гүлнур айым, уулуңуздун “Арнас” деген ысымы эмнени түшүндүрөт? - Казактарда “Арноо” деген ысым бар экен. Бул жөнүндө кийин билдим. Ал эми уулум төрөлгөндө ар намыстуу жигит болсун деген тилек менен кыскартылып коюлган ат болчу. - Уулуңуз Кытайдагы окуусун качан бүтүп келип, сизди келиндүү кылам деп жатат? - Быйыл гана окуусун бүтүп мекенине келди. Жакында өзү тандаган кесиби боюнча жумушка орношуп, иштейм деп ...

0 11920

Бүгүн Нурлан Насип ырчы Асел Кадырбековага сөйкө салды

09-апрель 2018, 09:34 Камчыбек Бостон

Бүгүн, 8-апрелде ырчы Нурлан Насип сүйүктүүсү Асел Кадырбековага кыргыздын салтын улап, унаага басып ала качып кетпей, кулагына сөйкө, башына ак жоолук салды. Кудаалашкан эки тарап, кучакташып көрүшүп, эки жашка бак тилеп, даңгыраган тойду ушул жылдын күз айына калтырды. Бул тууралуу маалыматты Нурлан Насиптин менеджери Назира Бактыбекова билдирди. Эске сала кетсек, Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова кыз-жигит болуп жетелешип жүргөнүнө  4-5 жылдын жүзү ...

0 1470

ВИДЕО - СҮРӨТ: Айпери Сыдыкова, ырчы: “Каалагандай басам, турам, өзүмдүн оюмдагыдай кийим-кечектерди кием”

13-апрель 2018, 13:13 Гүлжан Шерипбаева

Бир мезгилде “Эркем менин”, “Чын эле мен сени таптымбы?” аттуу ырларды аткарып, кыргыз элине таанылган “Кыз бурак” тобунун экс-солисткасы Айпери Сыдыкова менен чакан маек. - Салам, Айпери! Борборго келгениңе көп убакыт болдубу? - Бишкекке келгенибизге жарым жылдай болуп калды. Жолдошум Москвадагы академиялардын бирине бир жылдык окууга кеткендиктен, мен ал убакыт аралыгында кайын журтум менен Ошто жашап турдум. Окуусун бүтүп келген ...

0 5075

СҮРӨТ- Теле алып баруучу Назира Айтбекованы төшөккө чакыргандар ачыкка чыкты

30-март 2018, 14:24 Айдар Нуралиев

Белгилүү теле алып баруучу Назира Айтбекова социалдык баракчасына бир нече каттарды жазып, өзүн төшөккө чакыргандарды ачыкка чыгарып, жарыялады. Мырзалардын жазгандарын жарыялаган теле алып баруучу өз оюн жеткиликтүү түзүп өзүнүн жеке баракчасына бөлүшкөн. Андай каттарга мисал: "Кандайсыз эже? Сизди сүйөм го... Сиз менен бир түндү өткөрсөм арманым жок өтөт белем? Ойлонуп көрүп жазып коюңузбу?"- деген жазмалардын авторлорун жар салды. Аталган баракчалардын ээлери инстаграм желесинде "baktyluubala", ...

0 860

СҮРӨТ- Ырчы Мирбек Атабеков көпчүлүккө "шоу көрсөтөм"- деп убара...

30-март 2018, 13:19 Айдар Нуралиев

КРнын Эмгек сиңирген артисти наамын эртелеп алган ырчы Мирбек Атабеков учурда буту-бутуна тийбей чыгармачылыгынын үстүнөн кызуу иштеп жаткан маалы.  Май айынын башында көпчүлүккө "шоу көрсөтөм"- деген ырчы мырза кезектеги жеке концертин берүүгө кызуу камданууда.  Мурдагы концерттеринен өзгөчө берүүнү пландаган ырчы мырза өзүнүн кечине казак ырчыларын да катыштырууну кыялданып, бир нече ырчыга өз сунушун жасаптыр. Кыязы, бул жагы кызык болот окшойт...  Маржан Назарбаева, Булак: NazarNews.kg

0 1520

СҮРӨТ- Кыргызстандык Барби өзүнө Киан Ривзага окшош мырзаны издейт

30-март 2018, 11:28 Айдар Нуралиев

Акыркы жылдары маалыматтык технология өнүгүп, бир нече социалдык тармактар жарыкка чыккан соң ага катталгандардын саны күндөн-күнгө өсүүдө. Инстаграм желесине баш баксаң, көз суктанткан сулуулардын саны арбын. Бизди дароо өзүнө көңүлдү бурдурган Барби сулуу болду. Ал чыныгы жашоодо да Барби куурчагына куюп койгондой окшош экен. 24 жаштагы Таластын сулуусу Нурзада Аманова КГТУнун студенти.  Келечекте мыкты модельер-конструктор болууну кыялданган Нурзада өзүнө жарашыктуу кийим-кечектерди өзү эле тигип алат ...

0 3676

СҮРӨТ- Бакыт Байсариев, шоумэн: "Экинчи жубайым Алия менен ажыраштым"

30-март 2018, 11:04 Айдар Нуралиев

Шоумэн жана тамада Бакыт Байсариевдин жеке жашоосу тууралуу акыркы күндөрү чуулу кептер айтылып келген. Алардын бирине Бакыт комментарий берсе, бирде бербей жашырып келген. Бул кептердин баардыгына чекит коюу үчүн шоумэн экинчи жубайы Алия Асаналиева менен мыйзамдуу түрдө ажырашканын жар салды. Түгөйлөр 2015-жылы таанышып, дал ошол убакыттан тарта мамиле түзүп, 2016-жылы баш кошушкан.  Былтыркы жылы эле Айчолпон аттуу кыздуу болгон соң, борборубуздагы ресторандардын биринде дүркүрөтө ...

0 2518

СҮРӨТ- "Мисс Бишкек 2018" аталган Сезим Асранкул кызынын сулуулугун шылдыңдагандар пайда болду

30-март 2018, 10:34 Айдар Нуралиев

28-күнү борборубуздагы ресторандардын биринде "Мисс Бишкек 2018" сулуулар сынагы болуп өткөн. Beaty Company Kyrgyzstan уюштурган бул сынакта КУУнун экономикалык факультетинин 20 жаштагы студенти Сезим Асранкул кызы жеңүүчү аталган.  21 сулуунун ичинен суурулуп чыгып жеңишке жетишкен Сезим бишкектин эң сулуу айымы аталып, башына таажы кийген.  Бишкектин сулуусу аныкталган соң, жеңүүчүнүн сулуугун көргөн интернет колдонуучулар түрдүү пикирлерди жазып, алардын арасында шылдыңдагандар да пайда болду.  Маржан Назарбаева, Булак: ...

0 1531

Кезектеги жыйын Минскде өтөт

30-март 2018, 17:24 Айдар Нуралиев

 Жакында КМШнын аткаруу комитетинин басма сөз кызматы бирикменини тышкы иштер министрлеринин кезектеги отуруму Беларусиянын борбору Минск шаарында өтөт деп билдирди. Fars агенттигинин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 6-апрелинде Беларусиянын борбор шаарында КМШ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтөт. Жыйындын алкагында саясий жана гуманитардык кызматташуулар, ошондой эле  коопсуздукту камсыз кылуу тармагында өз ара кызматташуулар боюнча маселелер талкууланат. Жолугушуунун жүрүшүндө 2019-2023-жылдары эл ...

0 1179

СҮРӨТ- КРнын Эл артисти Гүлнур Сатылганованын келишимдүү денесине суктангандар көбөйдү

30-март 2018, 09:21 Айдар Нуралиев

Жаздын келиши менен ар бир аялзат өзүнө кам көрүп, келишимдүү дене түзүлүшкө ээ болуу үчүн спорттун бир нече түрү менен машыгышат. Алардын катарын жакынкы күндөн тарта КРнын Эл артисти Гүлнур Сатылганова да толуктап, фитнес залга баш бага баштады.  Спортту сүйгөн ырчы айым өзүнүн келбетине, дене түзүлүшүнө пайдалуу көнүгүүлөрдү жасоо менен көпчүлүк мырзалар эле эмес, айымдар да суктана турган сулуулукка ээ болду. Гүлнур айым ...

0 1550

ВИДЕО - Казакстан - Айгерим Калаубаева, ырчы: “Казакстандагы хит ырлардын автору Нурлан Насип экенин билип таң бердим”

29-март 2018, 20:12 Гүлжан Шерипбаева

Казак шоу-бизнесинин ажарлуу ырчы айымы, балерина жана эл сүйгөн ырчы Айгерим Калаубаева бүгүн бизде мейманда. - Салам, Айгерим! Чыгармачылыгыңызда эмне жаңылыктар болууда? - Мен абдан кубанычтамын сиздер менен амандашып жатканыма. Кыргызстанга менден жалындуу салам. Сиздерди өлкөдө болгон эмесмин бирок, сиздерге барып талантымды көрсөтүү кыялымда бар. Ал эми чыгармачылыгымда көптөгөн жаңылыктар бар. Былтыркы жылдан тарта тынымсыз иштеп, бир нече эмгектеримди элиме тартууладым. - ...

0 713

ВИДЕО - Кайрат Примбердиев, ырчы: “Көпчүлүк адамдар ырчыларды көз менен көбүрөөк жактырышат экен”

30-март 2018, 09:27 Гүлжан Шерипбаева

Күтүүсүз суроо-жооп: - Кайрат, сен тууралуу чыгармачыл инсандар “Кайраттын бою узун болуп, келбети келишимдүү болгондо көпчүлүккө жакмак” деп айтып калышат. Буга кандай дейсиң? - Чын эле го... Азыркы замандын талабына жараша тенденция ошондой болуп калды окшойт. Өзүмдү буга чейин “красавчик” сезген эмесмин жана мындан ары да сезбейм. Мен үчүн баарынан маанилүүсү адамдын ички дүйнөсүнүн сулуулугу. Адамдардын сулуулугуна маани берген жан эмесмин. - ...

0 875

ВИДЕО - ЭКСКЛЮЗИВ - Казакстан-Лидо, ырчы: “Стерва болууну билүү керек, ал жакшы сапат”

30-март 2018, 09:28 Гүлжан Шерипбаева

Биздин сайт өзүнүн сулуулугу, өзгөчө өң-келбети, стилдүүлүгү менен атактуулукка жетишип, көпчүлүк айымдарга үлгү боло алган чыгармачыл айымдар тууралуу “Аялзат” аттуу жаңы рубрикасын баштоодо. Бул рубрикабыздын эң алгачкы коногу Казакстандын төрт тарабы төп келишкен, үч наристенин мээримдүү энеси, ырчы айым, модельер, актриса Лидо болмокчу.  - Лидо, сулуу болуш оңойбу? - Оңой жана оор. Жөн гана ар бир адам өзүн сулуу экенин сезүү ...

0 2329

СҮРӨТ - ВИДЕО: Лира Севен, ырчы: “Жайнаган ырчылар менен эгиз козудай окшош болбой, алардан айырмалануу үчүн мындай кийинүү стилди өзүм тандагам”

30-март 2018, 09:28 Гүлжан Шерипбаева

Кыргыз шоу бизнесинде өзгөчө бир активдүү жашоону тандап, коомчулукта дайыма “бум” жаратып жүргөн шайыр мүнөз ырчы айым Лира Севен бүгүн бизде мейманда.  - Лира, спорттун кайсы түрү менен машыгасыз? - Теннис менен машыкчумун. Бирок, тилекке каршы убакыттын тардыгына байланыштуу азыр машыкпай калдым. - Диета кармайсызбы? - “Ой жоок мен тап такыр кармабайм. Фигурам идеалдуу” деп айтуудан алысмын. Чынын айтайын кез-кезде диета кармамыш болуп калам. ...

0 924

Гүлнара Кахарова, ырчы: “Мен үчүн эң башкы максат “Эл артисти, Эмгек сиңирген артист” наамын алыш эмес”

28-март 2018, 16:04 Гүлжан Шерипбаева

- Гүлнара айым, кыргыз сахнасында эмгектенип, элге кандай кызмат кылдыңыз? - Узак убакыттан бери башка кесиптештерим сыяктуу эле кызмат кылып келе жатам. Мындан ары да тыным албай эмгектене берем. Кыргыз сахнасында жүргөнүмө быйыл Кудай буюрса жыйырма жети болду. Бул жылдар аралыгында мен көп нерсени көрдүм. Элимден айлансам болот эл менен өнүгүп өстүм. Азыр мен эч нерсеге нааразы эмесмин. Жыйырма жети жыл ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 3104

СҮРӨТ- Коомдук жайда кир бут кийимдери менен стулга минип олтуруп, сөгүнгөн кыздар пайда болду

26-март 2018, 15:43 Айдар Нуралиев

Кечээ, борборубуздун чок ортосунда орун алган Панфилов паркында жайгашкан эс алып олтура турган стулдарга кир бут кийимдери чыгып, стулду минип олтуруп алган кыздар пайда болду.  Ал жай коомдук экенин эскертип, "башка адамдар да олтурат" деп тазалоолорун суранганыбызда ышкырылта сөгүп, каяшаны какшатышты.  Мындай маданиятсыз, уятсыз кыздар өсүп келе жатканда келечекте кандай "эне" болушаарына көз жетпейт экен. "Бул кыздарга биз эскертүү бербегенде ким берет? деген ...

0 1020

СҮРӨТ- Ырчы Назгүл Токтакунова бир жылдан бери ким менен сүйүү мамиледе?

30-март 2018, 09:29 Айдар Нуралиев

Өзгөчө назик үндүү ырчы айым Назгүл Токтакунова сүйүктүүсүн таап, аны менен кыз-жигит мамиледе болуп жүргөнүнө бир жыл толуптур. Бул жаңылыкты өзү жар салган ырчы айым "Бири-бирибизге чыдап жүргөнүбүзгө бир жыл" деп күйөрмандарына бөлүштү. Бирок, сүйүктүүсү ким экенин азырынча жар салууну туура көрбөйт.  Жашы отуздан ашып калган бул ырчы айымдын тоюн күткөндөр да жок эмес. Кыязы, сүйүктүүсүн жар салган Назгүл айым бул жылы башына ак жоолук салынат ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83