www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коом
0 309

Берат түнү бүгүн белгиленет

20-апрель 2019, 13:18 Кызгалдак Жакыпова

Рамазан айын кабарлаган касиеттүү Берат түнү бүгүн  белгиленет. Берат түнү, 8-мартта башталган ыйык үч айдын экинчи, Шабан айынын 15-чи түнүнө туура келет. Берат Ислам ишеничине караганда күнөөлөрдөн тазалануу, тообо кылуу жана акталуу дегенди билдирет. Бул касиеттүү түндө мусулмандар тообо кылып, Алладан кечирим сурашат. Жыйынтыктап айтканда, Берат – акталуу, кутулуу дегенди билдирет.  Булак: NazarNews.kg

20-апрель 2019, 13:18 | 309
0 1518

Кыргыздын эркеги элирип боорсок талашып, “катыны” казандын ичине олтурду

20-апрель 2019, 12:55 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстанда акыркы 10 жылдан бери кыргыздын улуттук каада-салттарын даңазалоо деген жоголуп, улуттук идеология деген унутта калып бара жатат. Дегеле алакандай өлкөдө канчалаган радиотелекомпаниялар болгону менен программада 90% эки саясатчыны олтургузуп сүйлөтүп, алар кыргыз элинин мээсин чаккандан башка эч нерсе кыла алышкан жок. Саясатчылары бизнестен мамлекеттик кызматка секирсе, айрым ырчылары каралар менен карым-катнаш кылып, ...

0 68

Кыргызстан менен Түркия айыл чарба багытында кызматташууну өнүктүрөт

19-апрель 2019, 17:36 Майрамбек Каримов

Бүгүн 19-апрелдеКыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Ураимович жана министрликтин адистери, Кызматташуу жана координация боюнча Түрк агенттигинин (ТИКА) вице-президентти Рахман Нуруддуна  жетектеген делегация менен жолукту. Жолугушууда эки тарап айыл чарба багытында мал чарбачылык, өсүмдүк өстүрүү,  кооперацияларды ирилештирүү, тамак-аш коопсуздугу жана заманбап айыл чарба технологияларды колдонуу,  тажырыйба алмашууошондой эле айыл чарба азык-түлүктөрүн экспорттоо-импорттоожөнүндө талкуулашты. Талкуунун жүрүшүндө ...

0 151

“Кастыкты козутту” деп шектелген окутуучунун соту уланат

19-апрель 2019, 09:18 Майрамбек Каримов

Бүгүн 19-апрелде Бишкекте “улут аралык кастыкты козутту” деп шектелип жаткан тургундун соту уланат. Ишти Биринчи Май райондук соту карап жатат. Бул тууралуу Азаттык билдирди. Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин окутуучусу Темир Болотбектин иши боюнча буга чейинки соттук отурумда адвокаттар сунуш кылган эки филолог адис көрсөтмө берип, ал айыпталып жаткан «совок» деген сөз улут аралык кастыкты козутпай турганын айтышкан. Сотко байкоо ...

0 130

Бишкекте жол боюна улуттук стилдеги тосмолор орнотула баштады

19-апрель 2019, 08:48 Майрамбек Каримов

Бишкекте жол боюна кыргыздын улуттук оймо-чиймеси түрүндөгү тосмолор орнотула баштады. Бул демилге муниципалдык "Тазалык" ишканасына таандык. Улуттук стилдеги темир тосмолордун алгачкысы Чүй жана Манас көчөлөрүнүн кесилишине коюлду. Кечкисин аларга атайын жарык берилип, кооздугун арттыруучу эффекттер орнотулат.  Булак: "Азаттык"

0 81

Уланбек Эгизбаевдин эмгектеринин топтому орус тилинде жарык көрдү

18-апрель 2019, 19:33 Майрамбек Каримов

«Азаттыктын» иликтөөчү журналисти, бир катар эл аралык сынактардын жеңүүчүсү, маркум Уланбек Эгизбаевдин иликтөөлөрү жана башка эмгектеринин топтому орус тилине которулуп, китеп түрүндө басылып чыкты. Бул китепке маркумдун кыска өмүрүндө калтырып кеткен эмгектери – жемкордукту, мыйзамсыздыкты ашкерелеген видео иликтөөлөрү, даректүү тасмалары жазуу түрүндө киргизилген. Ошондой эле журналисттин кызыктуу блогдору, макалалары, өзү тарткан сүрөттөрү да бар. Мындан сырткары китептен ал жөнүндө дилбаяндарды, эскерүүлөрдү, ...

0 144

Курултай - элди алаксытуунун ролун аткарабы?

18-апрель 2019, 10:30 Майрамбек Каримов

Эми элдин оозун эч ким төөнөгүч менен төөнөй албайт. Анткени биздеги демократияга чек жок, ар ким каалагандай пикирин токуй берет. Ошондон уламбы, урултайчылардын жасаган аракетине анчалык алымсынбагандар басымдуулук кыларын деле баамдап жатабыз. Анын үстүнө Эмилбек Каптагаев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Азимбек Бекназаров дегендердин артынан кумурскадай болуп эл ээрчип кетет дегендин өзү нонсенс.  Негизи бул каармандар өздөрүнүн ким экендигин, коомчулукта абройу канчалык деңгээлде көтөрүлгөнүн ...

0 183

ИИМ: Ысык-Көл облусунда 200 килограммдан ашык баңгизаты табылып алынды

17-апрель 2019, 16:41 Майрамбек Каримов

2019-жылдын 16-март күнү Ысык-Көл облусунун аймагында ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан кылмыштардын бетин ачууга, анын ичинде баңгизаттарды мыйзамсыз даярдоо, сактоо, сатуу менен алектенген жарандарды аныктоо жана кармоого багытталган комплекстүү ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ысык-көл жана Нарын облустары боюнча башкармалыгынын  кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн рейддик жана ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 200 килограммдан ашык баңгизаты ...

0 65

Гемофилия боюнча координациялык комитет түзүү маселеси талкууланат

17-апрель 2019, 10:12 Майрамбек Каримов

Бүгүн 17-апрелде Бишкекте Гемофилия күнүнө карата талкуу уюштурулат. Анда бул дарт боюнча координациялык комитет түзүү маселеси каралат. Бул тууралуу Азаттык билдирди. Талкууга Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин өкүлдөрү, гемофилияны дарылаган доктурлар катышат. Бейтаптарды дары-дармек менен камсыз кылуу, дартты аныктоо жана дарылоо, алдын алуу чаралары тууралуу кеңири сөз болот. Гемофилия - кандын уюу процесси бузулушуна байланышкан оору. Ага чалдыккандардын саны Кыргызстанда ...

0 172

Буттуу кит

16-апрель 2019, 15:39 Кызгалдак Жакыпова

Калыбы, Перу өлкөсү изилдөөчүлордү таң калтырганын токтотпойт окшойт. Дегеним жакында палеонтологдор таң калычтуу байыркы жаныбардын калдыгын казып чыгышкан. Окумуштуулар киттин "ата-бабалары" качандыр бир убакта кургакта жашагандыгын эчак эле аныкташкан. Эми чындап анын далили табылып отурат. Бул белгисиз байыркы кит 42, 6 миллион жыл мурда жашагандыгын изилдөөчүлөр билдиришет. "Баскан кит" деген илимий аталышты алган белгисиз жандыктын сөөк калдыгы 2011-жылы эле табылганына карабастан, ...

16-апрель 2019, 15:39 | 172
0 473

Дүйнөдөгү эң семиз бала арыктады!

16-апрель 2019, 15:21 Кызгалдак Жакыпова

Мындан үч жыл мурда индонезиялык Арья Пермандын салмагы 200 кг дан ашык болчу. Анда бала 10 жашта эле. Арьянын сүрөтү басма сөз беттерине чыгар замат аны "дүйнөдөгү эң семиз бала" деп аташкан. Тестиер бала күн сайын куурулган тоок, кесме жеп, газдалган суу иччү. Арьянын аябай семиргенин ушундан билиңиз, ордунан жарым кадам жылмак түгүл, баса албай калган. Ошон үчүн мектепке да баруусун ...

0 294

Кыргыз Республикасынын ИИМдин МАККББнын Биринчимай райондук күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери уурдоого аракет жасаган жаранды кармашты

16-апрель 2019, 14:09 Майрамбек Каримов

Кыргыз Республикасынын ИИМдин МАККББнын Бишкек шаарынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн милициянын кызматкерлери тарабынан кайтарууда турган Бишкек шаарынын Ч.Айтматов көчөсүндө жайгашкан Жогорку окуу жайдын биринин имаратынакирип, мүлкүн уурдоого аракет жасаган жаранды кармашты. 2019-жылдын апрель айынын 14нөн 15не караган күнү кызматка милиция батальонунун милиционери кызмат өтөөгө чыгышкан. 2019-жылдын апрель айынын 14-күнү болжол менен саат 20:15 чамасында милициянын кызматкери тарабынан жогорку окуу жайдын ...

0 187

Сүрөт - «Самбо» боюнча Жалал-Абад ОИИБдин биринчилиги ѳткѳрүлдү

16-апрель 2019, 11:35 Майрамбек Каримов

2019-жылдын 13-апрель күнү 2010-жылы апрель-июнь окуяларында кызматтык милдеттерин аткарып жаташып курман болгон милиция кызматкерлердин жана милициянын полковниги Ниязалиев Байгазы Мамытовичтин жаркын элесине арналган спорттун «Самбо» түрү боюнча Жалал-Абад ОИИБдин биринчилиги болуп ѳттү. Чемпионатты Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилиги ачып берип, андан соң курман болгон кызматкерлерди эскерүү үчүн куран окулду.  Иш-чаранын негизги максаты: милиция кызматкерлердин күнүмдүк жумушунда жана ыкчам-ишмердүүлүгүндѳ эң керектүү болгон спорттун «Самбо» түрүн ...

0 558

Дарыгерлер: башты жумасына эки ирет гана жууш керек

16-апрель 2019, 10:46 Майрамбек Каримов

Москвалык дарыгерлер ысык суу куюлган ваннада беш мүнөттөн ашык жатпоо керектигин сунушташат. Бул тууралуу "Исвестия" басылмасы жазды. Шаардык ден соолук департаментинин бөлүм башчысы Василий Фроловдун айтымында, 40 градус ысык болгон сууда 5 мүнөттөн ашык жатпаш керек. Ал эми 35 градустагы ысык сууда 15 мүнөткө чейин жатса болот. Адистердин ырасташынча, ысык сууда жатуу терини тез карытат. Андан сырткары, мочалканы тез-тезден колдонуу териге ...

0 95

Сүрөт - Бишкек шаарында жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө тескөөчүлөрү менен милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө окуу семинары өттү

16-апрель 2019, 10:12 Майрамбек Каримов

2019-жылдын 15-апрель күнү И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын Жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө боюнча инспекциясынын тескөөчүлөрү, милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү жана Жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы укук бузууларды алдын алуу борборунун кызматкерлери үчүн окуу семинары өттү. “Коопсуздук жана укуктук тартип тармагын реформалоодогу гендердик кадамдарды эсепке алуу” аталышындагы семинар ЕККУнун жана Кыргыз Республикасынын КККнын колдоолору ...

0 72

Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери биздин жарандарга “миграциялык мунапыс” жөнүндө маалымдоо үчүн Россиянын Тверь шаарына барып келишти

16-апрель 2019, 09:58 Майрамбек Каримов

Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү тарабынан Россиянын ИИМдин Миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгы тараптан жарыяланган “Миграциялык мунапыс” боюнча маалымдоо иштери уланып жатат. Россия тараптан Россиянын аймагында РФдин миграциялык мыйзамдарын бузган Кыргыз Республикасынын жарандарын мыйзамдаштыруу боюнча иш-чараларды жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алынган. Жакында, 2019-жылдын 13-апрель күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Өкүлчүлүгү жүргүзүлүп жаткан “миграциялык мунапыстын” шарттары боюнча эмгек мигранттарына маалымдоо жана түшүндүрүү максатында Россия ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1666

Президентке жолугуу үчүн Оштон эки аял жөө келатат

14-апрель 2019, 13:45 Майрамбек Каримов

Өлкө башчысына жолугуу үчүн Ак үй тарапты көздөй Ош шаарынан жөө жөнөгөн 2 аял Жалал-Абаддын Ноокен районуна жетишти. Аларга жергиликтүү бийлик тарабынан тоскоолдуктар болуп жатканын билдирген. “Биз көп баскандыктан буттарыбыз ооруп калды. Түнөө маселеси да ар кандай болуп жатат. Биринчи күнү Өзгөндөгү мечитте түнөдүк. Эми жергиликтүү бийлик маселеңерди чечип беребиз, артка кайткыла деп тоскоол болуп жатат,” - дешкен алардын бири Гүлнара Мырзакаримова ...

0 138

"Microsoft" хакерлер Outlook почтасын бузушканын билдирди

14-апрель 2019, 13:24 Кызгалдак Жакыпова

"Теккранч" порталынын ишембиде жазганы боюнча, хакерлер жылдын башынан март айына чейин оутлук почтасындагы бир катар аккаунттардын каттарын окуп турушкан. Бул тууралуу Азаттык билдирди. Бирок "Майкрософт" каттар менен тиркемелер хакерлердин колуна тийген эмес деп билдирүүдө. Компания почтанын бузулуусуна спам каттардын көбөйүшү себеп болушу ыктымалдыгын маалымдады. "Теккранч" хакерлер АКШнын коопсуздук жана укук коргоо органдарынын миңдеген кызматкерлери жөнүндө маалыматтарды уурдап, аны сатууну көздөп жатышканын билдирген. Өткөн ...

0 227

Ак-Ордо жаңы конушунда "Улан Эгизбаев көчөсү"пайда болду

12-апрель 2019, 19:04 Майрамбек Каримов

Бишкекте Уланбек Эгизбаев атындагы көчө пайда болду. Бул тууралуу маркумдун досу Каниет Жыргалбеков «Фейсбуктагы» жеке баракчасына жазды. Ак-Ордо жаңы конушундагы эң чоң көчөлөрдүн бирине журналисттин ысымын ыйгаруу жөнүндө чечимди жергиликтүү тургундар өзүлөрү кабыл алып, үйлөрдүн дубалдарына «Улан Эгизбаев көчөсү» деген такталарды тага башташты. Уланбек Эгизбаев көчөсүнүн узундугу эки чакырым. Белгилей кетсек, белгилүү журналист Улан Эгизбаев 1990-жылы 12-февралда Нарын облусуна караштуу Кочкор ...

0 109

Сүрөт - ИИМ: ИИМдин Борбордук аппаратынын бөлүмдөрүнүн жана Бишкек ШИИББдин Ардагерлер кеңештеринин төрагалары менен Криминалдык милиция кызматынын өздүк курамынын жолугушуулары өттү

12-апрель 2019, 17:31 Майрамбек Каримов

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын конференц залында ИИМдин Борбордук аппаратынын бөлүмдөрүнүн жана Бишкек ШИИББдин Ардагерлер кеңештеринин төрагаларынын Криминалдык милиция кызматынын башчысы милициянын полковниги Нурбек Абдиевдин жетекчилиги алдында өздүк курамы менен жолугушуулары өттү.  Бул жолугушууда Нурбек Абдиев ардагерлерди түзүмдүн ушул жылдын биринчи чейрегиндеги аткарган иштери менен тааныштырды. Ошондой эле, милициянын отставкадагы полковниги Кадыр Ниязалиевдин өзүнүн атасынын жаркын элесине арналган-белгилүү ыкчам кызматкер, согуш ...

0 162

Бишкек ШИИББде ИИМдин Коомдук кеңештин жыйыны өттү

12-апрель 2019, 14:40 Майрамбек Каримов

2019-жылдын 11-апрель күнү Бишкек ШИИББде ИИМдин Коомдук кеңешинин жыйыны өттү. Аларды Бишкек ШИИББдин башчысы Канат Джумагазиев тосуп алып,  бөлүмдүн жетекчилик курамы чогулган жыйындар залына коштоп барды. Коомдук кеңештин төрагасы Ялкун Даутов катышуучуларды Кеңештин мүчөлөрү менен тааныштырып, жыйындын максаты менен тапшырмалары жөнүндө маалымат берди. Анын айтуусунда, алар милиция бөлүмдөрүнө көзөмөлдөө үчүн гана барбастан, алардын көйгөйлөрү тууралуу билип, аларды чечүүнү көздөшөт. Ошондой эле, бул ...

0 585

Айдоочулардын айып пулу нараазычылыктын жаңы толкунун жаратабы?

12-апрель 2019, 13:17 Кызгалдак Жакыпова

Өлкөбүз Акылдуу шаар долбоорунун Коопсуз шаар компонентинин 1 этабын басып өтүүдө. Ага ылайык эреже бузган айдоочуларга карата жаңы мыйзам жыл башында кабыл алынып, айып пулдардын суммасы чектелген. Бирок, айдоочулардын айып пулу боюнча так ушу маалда бир топ нааразычылыктар бар. 8-10 миң сом менен иштеген карапайым үй-бүлө капыстан 2 ирет жол эрежесин бузуп алса бир ай тишинин кирин соруп жашайбы? Шаар жеринде ...

0 287

ИИМ: Кантта уурдалган баланы мыкты адистерден турган топ издөөдө

11-апрель 2019, 15:46 Кызгалдак Жакыпова

Кантта уурдалган 12 жаштагы баланы милициянын эң тажрыйбалуу адистеринен турган ыкчам топ издеп жатат. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Карима Аманкулова билдирди: Бул тууралуу Азаттык жарыялады. - Чүй облустук жана Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыктарынын тажрыйбалуу кызматкерлеринен турган топ иштеп, маалыматтар чогултулуп жатат. Окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин "Адам уурдоо" беренесинин негизинде сотко чейинки териштирүү башталды. Милициянын айтымында, ...

0 206

Жалал-Абад ОИИБси ири көлөмдөгү баңгизатты сатуу учурунда кармашты

12-апрель 2019, 16:59 Кызгалдак Жакыпова

Жакында, 8-апрель күнү кээ бир  маалыматтык агенттиктерде жана социалдык тармактарда Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборуна шилтеме берүү менен милициялар сабаган баланын денесиндеги калган тактарды врачтар катташпагандыгы тууралуу маалымат тараган. Анда,  Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы баңгизатын сактоо үчүн кармалган Токтогул районунун жашоочусу жолдон сабалгандыгы, врачтар анын денесиндеги жаракаттар жоктугун айтышкандыгы маалымдалган. Ушуга байланыштуу, Жалал-Абад ОИИБси тактоо киргизүү максатында жогорудагы факты боюнча ...

0 104

Таш–Көмүр ШИИБде окуучуларга “Милиция кесиби ардактуу” аталышындагы ачык эшик күнү өткөрүлдү

10-апрель 2019, 13:09 Майрамбек Каримов

2019-жылдын 9-апрель күнү Таш-Көмүр ШИИБдин жетекчилигинин демилгеси  менен жалпы билим берүү окуу жайларынын бүтүрүүчү класстарынын  окучууларына “Милиция кесиби ардактуу” аталышындагы ачык эшик күнү уюштурулду. Анда ИИМдин Э. Алиев атындагы Академиясы тууралуу толук маалымат берилип, окучууларды мекенчилдикке тарбиялоо боюнча түшүндүрүү  иштери  жүргүзүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө Таш-Көмүр ШИИБдин башчысы А.Р. Козукеев соттук - укуктук реформанын алкагында 2019 - жылдын 1 - январынан баштап күчүнө кирген ...

0 633

Питон жылан кармалды

09-апрель 2019, 16:35 Майрамбек Каримов

АКШнын Флорида штатында узундугу 5,2 метрге жеткен жана 73 жумуртканы ташыган питон жылан кармалды. CNNдеги кабарга караганда изилдөөчүлөр салмагы орто эсеп менен 64 килограмм жана бою 5,2 метрге жеткен питон жыландын Флориданын түштүгүндөгү Эверглейдс аймагында табылганын белгилешти. Денесинде 73 жумуртка болгон питон жыландын негизи Түштүк Азияга таандык экенин айтышкан илимпоздор, Эверглейдс аймагындагы тропикалык климаттын питон жыландар үчүн абдан ыңгайлуу экенин билдиришти. Ошондой эле ...

09-апрель 2019, 16:35 | 633
0 1321

Тооктун айынан кызы менен энесин бычактаган кошуна

09-апрель 2019, 16:09 Майрамбек Каримов

Sputnik Кыргызстан агенттиги 25 жыл мурда апрель айында чыккан гезиттерди барактап, ошол кездеги чуулуу кылмыштарды жарыялайт. Бул ирет адам өмүрүн алган, ири чыгымга учураткан эргулдардын былыктары тизмектелди. Күрөөгө коюлган киши Ноокен районунун акиминин көрсөтмөсү менен жеке ишкер кытайлык соодагерлерге 60 тонна паxта жүктөп берген. Ал эми продукцияны алгандар акчасын тез арада алып келебиз деп убадалап, күрөөгө бир адамды таштап кеткен. Жеке ишкер чет ...

0 77

«Северэлектро» ААКы Бишкек шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн ортосундагы эскилиги жеткен чыңалуусу аз электр өткөрүүчү кабелдерди алмаштыруу иштерин жүргүзүүдө...

09-апрель 2019, 14:15 Майрамбек Каримов

«Северэлектро» ААКы Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөргө 0,4 кВ жаңы кабелдерди орнотуу иштерин улантууда. Жалпысынан бул жылы борбор шаарыбызда 27 чакырым эски кабелдер жаңысына алмашылат, анын ичинде: Батыш райондук электр тармактарында -9 чакырым, Чыгыш райондук электр тармактарында -18 чакырым.   Чыгыш райондук электр тармактарында 26 турак-жай курулуштарына жаңы кабелдер салынат.  Алар: Тыныстанов, Суеркулов, Малдыбаев, Ахунбаев көчөлөрү менен чектелген чарчысында; Ибраимов/Гоголь, Москва/ Чуйков көчөлөрүнүн участокторунда. Батыш ...

0 441

Кадыр Кошалиев: “Кыргыз жолу-Айкөлдүк”..."Кыргызмын десең окуп кой"

08-апрель 2019, 19:55 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүнкү дүйнөлөшүүнүн  капшабы күчөп, анан калса өлкө ичинде туташ кризис уланып,  эл тагдыры устаранын мизинде турганда абалдан чыгуунун кандай жолу бар- деген суроо ар бир Кыргызстандыктын чыкыйында турган, жүрөк өйүгөн орчундуу маселеге айланды.  Азыр эл ичинде тынымсыз изденүү жүрүүдө. Жакында “Элдик Курултай”, “Кыргыз жолу”, “Даанышман кеңеши”, “Кыргыз Чоролору” коомдук  уюмдары тарабынан “Кыргыз жолу-Айкөлдүк” аталышындагы улуттук программанын Концепциясынын коомчулукка сунушталышын ...

0 197

Семетей Султановдун талаштуу талапкерлиги

08-апрель 2019, 17:44 Кызгалдак Жакыпова

Семетей Султанов Футбол федерациясынын президенттигинен кеткен соң анын АФКнын вице-президенттигине көрсөтүлгөн талапкерлиги кайра чакыртылды. Бул тууралуу Азаттык билдирди. Анын талапкерлиги чакыртылып алынганы коомчулукта талкууга түшүп, айрымдар муну акыркы саясий жагдайга да байланыштырып жатышат. «Өзүм билемдик болгон...» Кыргызстандын Футбол федерациясынын жетекчилигинен быйыл январда кеткен Семетей Султанов Азия футбол конфедерациясынын (АФК) вице-президенттигине талапкерлигин 2018-жылдын соңунда, Кыргызстандын Футбол федерациясынын президенти болуп турганда көрсөткөн. Талапкер тууралуу сунуш АФКга 2018-жылдын ...

0 458

Cүрөт - Кадамжайда үч күн изделген баланын сөөгү табылды

06-апрель 2019, 16:41 Майрамбек Каримов

8 жаштагы жеткинчекти үч күн бою 48 куткаруучу менен жергиликтүү тургундар издеген. Кадамжайдын Кара-Жыгач айылында сууга түшүп кеткен 8 жашар баланын сөөгү табылганын ӨКМ билдирди. Эске салсак, бала Исфайрам суусуна 3-апрель күнү түшүп кеткен. Сөөк 5-апрель күнү болжол менен саат кечки сегиздерде табылган. Сөөк 5-апрель күнү болжол менен саат кечки сегиздерде табылган. Баланын эки чоң таштын ортосуна кептелип калганы айтылууда. Жеткинчектин сөөгү ата-энесине берилди. ӨКМдин ...

0 219

Кодуранова: жаңы саясий кеңеште парламенттин 8 депутаты бар

06-апрель 2019, 14:19 Майрамбек Каримов

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) өкүлү Асел Кодуранова партиянын курултайынан кийин журналисттерге чыгып сөз сүйлөп жатып, мурунку саясий кеңеш жоюлганын жана жаңысы түзүлгөнүн айтты: Бул тууралуу Азаттык билдирди. - Мурунку саясий кеңешти жокко чыгарып, жаңысын шайладык. Анын курамына 55 киши кирди. Анда Жогорку Кеңештен 8 депутат бар. Бүгүн экс-президент Алмазбек Атамбаев баштаган КСДП курултай өткөрдү. Ага «Апрель» телеканалынын кабарчыларынан башка журналисттер киргизилген жок. Булак: ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 977

Төрөрүнө 45 мүнөт калганда кош бойлуу экенин билип...

06-апрель 2019, 11:59 Майрамбек Каримов

Кечинде жакшынакай эле жаткан келин түн ортосунда ич оорудан ойгонуп, бир нерсе кыймылдап жатканын сезген. Глазгонун (Улуу Британия) тургуну 18 жаштагы Эммалуиз Легтейт кош бойлуу экенин көз жарарына 45 мүнөт калганда билген. Бул тууралуу The Mirror жазды. Маалыматта Легтейт бир нече ай мурда тун баласын жарыкка алып келип, бойго бүтүрбөөчү дары-дармек ичип келгени айтылат. "Эммалуиз толуп кеткенин, бирок ичи мурункудай эле болгонун ...

0 294

ИИМ: Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда өзгөчө оор кылмыш ишинин бети ачылды

06-апрель 2019, 11:36 Майрамбек Каримов

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун РИИБи өзгөчө оор кылмыш ишинин бетин ачышты. 2019-жылдын 5-апрель күнү болжол менен саат 00:25 чамасында Ноокен РИИБге Мады айылынын 1983-жылы туулган С.З. аттуу жашоочусу кайрылып, 4-апрель күнү анын биринчи класстын окучуусу болгон 2012-жылы туулган Т.А. аттуу уулу дайынсыз жоголуп кеткендиги тууралуу арыз менен кайрылган. Арызда болжол менен түшкү маалда белгисиз адамдар уулун айылдын аймагынан алып кетишип, ...

0 433

Сүрөт - Бишкекте бак кулап, үч автоунааны басып калды

06-апрель 2019, 11:22 Майрамбек Каримов

Бишкектеги Исанов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан үйлөрдүн короосунда бак кулап, үч автоунааны басып калды. Бул тууралуу Азаттык билдирди. Түндө жааган катуу жаандан улам тамыры чирип калган бак өз салмагын көтөрө албай кулап түшкөн. Окуя таңга жуук болгондуктан эч ким жабыркаган жок. Учурда окуя болгон жерде "Бишкек жашылдандыруунун" кызматкерлери иштеп жатат. Автоунаа ээлери келтирилген чыгымын төлөп берүүнү шаардык мэриядан талап ...

0 604

Азизбек Келдибеков: "Аянтта ант ичип бийликке келген Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүнүн пенсиясы канча?"

05-апрель 2019, 17:41 Кызгалдак Жакыпова

Пенсиядан баш тарткандар Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн арасында кездешиши мүмкүнбү?  Мыйзам боюнча Кыргызстанда аялдар 58 (көп балалуу болсо 53), эркектер 63 жаштан пенсияга чыгат. Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүнөн: Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Азимбек Бекназаров, Топчубек Тургуналиев, Исмаил Исаков, Абдыганы Эркебаев, Эмилбек Каптагаев, Иса Өмүркулов, Кеңеш Дүйшөбаев пенсия жашында, калгандары Өмүрбек Текебаев, Болот Шер, Темир Сариев, Элмира Ибраимова, Дүйшөн Чотоновдор пенсия жашына келип калышты. ...

0 106

«Коопсуз шаар»: жол кырсыктарынан жабыркагандар 44,4% азайды

05-апрель 2019, 14:35 Майрамбек Каримов

«Коопсуз шаар» долбоору ишке киргизилгенден бери жол кырсыктарынан жабыркагандар өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу 44,4% азайды. Бул тууралуу ички иштер министри Кашкар Жунушалиев өкмөттүн жыйынында билдирди. Анын маалыматы боюнча, жол кыймыл эрежелерин бузуу 37,5% азайып, ушуга чейин 38 385 протокол толтурулду. 40 586 эреже бузуу катталып, эреже бузган 15 411 айдоочу 20 млн. 202 миң сом айып төлөдү. Жыйында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «2019-жылдын 20-апрелине ...

0 509

КРнын эмгек сиңирген энергетиги Болот Иманалиев: Мен сот акыйкат чечим кабыл алып жана Артыкбаевди актайт деген ойдомун

05-апрель 2019, 12:17 Майрамбек Каримов

Парламенттин депутаты Осмонбек Артыкбаевдин адвокаттары журналисттерге айтканында, тергөөгө, ошондой эле сотко Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча депутаттын күнөөсүз экенин далилдеген документтерди беришкен. Эскерте кетсек 3-апрелде Свердлов райондук сотунун судьясы иштин башка фигуранттарынын келбегенине байланыштуу процессти жылдырган. Адвокат Замирбек Базарбековдун, айтымында, Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо Артыкбаевдин күнөөсү жок, бул тууралуу тергөө маалында коргоо сотко берген көп сандаган документтер тастыктап турат. “Биз ишин жактап жаткан адамдын ...

0 158

Кыргыз тилин маңкурттарга кордото беребизби?

05-апрель 2019, 12:12 Кызгалдак Жакыпова

Өз түндүгүбүздү көтөргөндөн бери чейрек кылым өтсө да кыргыз тилин келекелеген маңкурттардан арылбай койдук го. Ката жазуу жагынан жогорку эшелондогу бийлик «үлгү» болгону аз келгенсип, элдин жонунан кайыш тилип жаткан жеке менчик «Финанс Кредит Банк» тармагы кезектеги ката жарнамасын жол боюна чаптады. Ал жарнамада: «Тегеректе жарнама ушунчалык көп, келгилечи андан көрүү бул сүрөттөн ырыхыт алалы» деп жазыптыр. Бир сүйлөмдөн үч ...

0 2230

Журналист Баян Кулова, Назира Айтбекованы тилин тишине каттырабы?

04-апрель 2019, 17:54 Кызгалдак Жакыпова

Журналист Баян Кулова, теле алып баруучу Назира Айтбекованын кемчилдиктерин көзгө сая жазып чыкты. “Айланайын Назира (Айтбекованы айтам)... Деги кечээ Сармерденди бөлүнүп араң турган түндүк-түштүк элине карата кандай сөз айтканыңды түшүндүң бекен өзүң...? Өзгөндүн күрүчүнө басылган аш качантан бери өзбектердики эле? Өзгөндүн эли "сен өзбектердин тамагы" деп мурдуңду чүйрүп аткан күрүчтү канча түйшүк менен өстүрөөрүн билесиңби? Албетте билбейсиң, ...

1 1814

Адам тагдыры – тамаша эмес. Жүрөк сыздаткан, санаага батырган он бир ай

04-апрель 2019, 14:35 Майрамбек Каримов

Турмуштун оомал-төкмөлүнө чыдагандар гана көздөгөн максатына жетет. Жогорку билими бар, тарыхчы Рита Сулайманованын кулк-мүнөзү эптеп эле күн өткөрүүгө дал келмек эмес. Ошондуктан өзүнүн пайдасын кыйналган карапайым элге тийгизүү үчүн “Жаңы Мезгил” партиясынын катарына кирип, жигердүү аракетин арнаган. Тилекке каршы партиянын лидери Базаркулов катуу оорудан соң жарык дүйнө менен коштошот. Дендароо болуп калгандар не кыларын билбей көпкө чейин кыймылсыз отуруп калышат. ...

0 373

КАЙРЫЛУУ: Президент Сооронбай Шариповичке

04-апрель 2019, 12:11 Майрамбек Каримов

Нарын областынын Жумгал районуна караштуу Көк-Ой айылдык Кеңешиин депутаты А. Жапаровдон Дареги: Көк-Ой айылы, А. Касымбаев көчөсү №15 Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбековго Кайрылуу 2018-жылдын 25-октябрында Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун (АРИС) мурдагы директору Бекполот Айтиевдин наамына мен, Жумгал районунун Көк-Ой айылдык Кеңешинин депутаты катары арыз менен кайрылгам. Арыз менен кайрылуумдун себеби 2008-жылы Көк-Ой айылына АРИС ...

0 97

Сүрөт - КДК мүчөлөрү эми электрондук почта менен иштешет

04-апрель 2019, 10:18 Майрамбек Каримов

Бишкек шаарынын он жаңы конушунун Коомдук ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү кан басым боюнча маалыматты Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна электрондук почта аркылуу жөнөтүп турушат. Атайын КДК мүчөлөрүнө ылайыкталган документ аркылуу, кан басымды өлчөгөндөн кийин аны дароо смартфон же компьютер аркылуу жөнөткөнгө үйрөтүүчү окутуулар 15, 26, 27, 28, 29 марттарда өттү.  Окутууга “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен ЮНФПАнын “Социалдык жана гендердик ...

0 453

ВИДЕО - КАЙРЫЛУУ: КР Президенти Сооронбай Жээнбековго

03-апрель 2019, 21:34 Майрамбек Каримов

Кыргыз Республикасынын Президенти Жээнбеков Сооронбай Шариповичке Эмгек социалдык өнүктүрүү министри У.Т. Кочкоровго К. Р. Башкы Прокурору Ө. Жамшитовго К.Р. ИИМ башчысы К.А. Жунушалиевке К.Р.Жогорку Сотунун Төрайымы Г.Ү. Калиевага Бишкек шаардык соту Кудайбергеновго жана сот коллегиясына К. Р.  Билим берүү министри Г. К. Кудайбердиевага К. Р. Маданият, маалымат жана туризм министри А.К. Жаманкуловго К. Р. Жазуучулар союзунун Төрагасы Н. Калыбековго ЖАЛПЫ КЫРГЫЗ ЭЛИНЕ Акын Барчынбек Бугубаевдин ...

0 1032

АЧЫК КАТ:Кызыл-Байрак айылынын тургундарынан - Кадыркулов менен Исмаиловго

03-апрель 2019, 15:19 Майрамбек Каримов

КР МУКК төрагасы И.А. Кадыркуловго КР МУКК ККК директору С.С. Исмаиловго 723317, Ош облусу, Кара-Суу району, Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Кызыл-Байрак айылынын тургуну Токторалиева Орозкандан (тел. 0778 493908) АЧЫК КАТ Урматтуу Идрис Анарбекович! Урматтуу Сагынбек Сардарбекович! Сизге кайрылуубуздун себеби төмөндөгүчө, Ош облусу Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Капаров КР ...

0 113

УКМК: Паспортко бланк даярдоо боюнча тендерде Мамкаттоо өкүлдөрү мыйзам бузган

03-апрель 2019, 14:42 Кызгалдак Жакыпова

Биометриялык паспортторго бланк даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендерде Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) кызматкерлери өз пайдасы үчүн мыйзамдарды бузуп, өздөрүнө тыгыз байланышы бар компаниянын кызыкчылыгы үчүн иштешкен. Бул тууралуу «Азаттыкка» Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди: - Натыйжада сынакка катышкан компаниялардын бири тендерди утуп алган ишкана сунуш кылган суммадан 253 млн. сомго арзан бааны сунуш кылганына карабай, «тендердик ...

0 655

Көзгө көрүнгөн ак боз үй

02-апрель 2019, 18:43 Кызгалдак Жакыпова

Бул окуя жакында эле Кочкор районуна караштуу бир айылда болгонун Бекмурат байке айтып баштады. Ошол күнү Бекмурат кеч кирип калган кезде басыгы жакшы, өйдө-ылдыйга бирдей жүргөн аты менен келе жатып, жол жээгинде турган боз үйгө туш болот. Салт боюнча боз үйгө кирбей кеткен болбойт. Эки бала атты алат.Бекмурат салам айтып ичкери кирсе, үй ичи толо кишилер экен. Алар кыз узатуу тоюн ...

02-апрель 2019, 18:43 | 655
0 238

1 миллион доллардын изи изилдениши керек

02-апрель 2019, 16:23 Кызгалдак Жакыпова

Жакшы максаттарда түзүлгөн Агропродкорпорациясынын тагдыры талкаланган абалга келгенине көп деле убакыт болгон жок. Айыл турмушун оңдоп, дыйкандарга жардам көрсөтүү максатында уюшулган бул тармакты “таламай” менен эле тындым кылышты. Баштагы буудай уругун Россиядан алып келип, дыйкандарга бермекчи болгон максаттардын тилегине суу себилип, же акчадан же буудайдан жок калгандан кийин деле анын сары изине түшүп, мамлекеттик тийиштүү жетекчилер текшерүүгө алса болоор эле, ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 165

Укук коргоочулар президентке кайрылышты

02-апрель 2019, 16:19 Кызгалдак Жакыпова

Рита Карасартова, Динара Ошурахунова, Гүлнара Журабаева баштаган укук коргоочулар президентке кайрылып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) иш-аракеттерин сынга алды. «Кечээ КЛООПтун журналисти Анна Капушенконун үйүндө тинтүү жүрдү. Ал бир күн кечке УКМКда сурак берип отурду. Анын эмне күнөөсү бар? Бул чырга байланыштуу ушундай эле тинтүү дагы 50-60 жарандын үйлөрүндө жүрүп жатат. Мындай террор улана берсе, мамлекеттик кызматка ким барып иштейт? ...

0 176

ФОТОРЕПОРТАЖ - Президент Сооронбай Жээнбеков Апрель революциясынын катышуучулары, жабыр тарткандардын жана курман болгондордун туугандары менен жолугушту

02-апрель 2019, 15:39 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-апрелде, коомдук уюмдардын 2010-жылдагы Элдик Апрель революциясына катышкан өкүлдөрү, жабыр тарткандардын жана курман болгондордун туугандары менен жолугушту. Мамлекет башчысы 2010-жылдагы Элдик Апрель революциясы элдин эркиндикке умтулуусун жана үй-бүлөлүк башкарууга каршы күрөшүүдөгү майтарылбас эркин, өлкөнүн жаркын келечеги үчүн өмүрүн курмандыкка чалууга даяр экенин көрсөткөн тарыхый окуя экенин белгиледи. «Кайгылуу окуялардын учурунда курман болгондордун ысымдарын жана ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83