www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коом
0 98

Самаркан менен Бухарага тең  байыркы кыргыз шаарынын издери табылды

25-август 2019, 08:57 Перизат Кутманалиева

 Орусиянын Илимдер академисынын Сибирдеги бөлүмүнүн, Новосибирск шаарындагы А.А. Трофимук атындагы нефти-газ геология, геодезиясы жана минералогиясы институтунун геофизиктери менен сүйлөшүп, Кочкор өрөөнүнүн Кум-Дөбө менен Ак Жар айылынын ортосундагы, Баласагын шаарын Х кылымдын башында каптаган топон суу-селден, топурак кум басып калган жана андан кийинки кургакчылыктан чөлгө айланган, Кочкор өрөөнүн каптаган кумунун астында калган, бышкан кызыл кирпичтен салынган “кызыл шаарды” атайын приборлордун аркасы ...

0 93

Кытайдан канча карыз алынган?

25-август 2019, 07:39 Перизат Кутманалиева

Азыркы дүйнөдө Кытай эл республикасы дүйнөлүк экономикада көрүнүктүү ролду ойногон мамлекет. Көптөгөн мамлекеттерге инвестиция берип, анын ичинде Кыргызстанга да карыз берип келатат. Кытайга 2005-жылы мартка чейин Акаевдин учурунда 45 миллион доллар карыз экенбиз. Бакиев президент болуп турган 2010-жылдын апрелине чейин 145 миллион болуптур. Атамбаев президент болгондо 2 миллиард 450 миллионго жетиптир. “Алмактын бермеги бар”, 2029-жылдан баштап карыздарды төлөй ...

0 117

“Коопсуз шаар” кытайлардын колуна түшөбү?

23-август 2019, 18:49 Кызгалдак Жакыпова

“Коопсуз шаар II” этабын кытайлык “Shenzhen Sunwin” компаниясы жеңип алды. Мындай билдирүүнү бүгүн 23-августта журналист Тынчы Атбашингтони өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты. Мында Тынчы мырза, учурдагы бийликтин жакындарына байланыштуу такталбаган маалыматтары бар экенин кыйытат;   -Мендеги маалыматтар боюнча, бул компанияда мурдагы маалыматтык технологиялар агенттигинин башчысы Бакыт Шаршембиев иштеп жатат. Ал болсо бийликтеги БАЖАЛАР КЛАНЫнын бакыйган өкүлү. Коопсуздугубузду орустардан эми кытайлар колго ...

0 391

Туура эмес тартылган карта үчүн казактар кечирим сурашты

23-август 2019, 15:04 Кызгалдак Жакыпова

Ушул жылдын май айынын аягында Казакстандын Нур-Султан шаарында Кытайды изилдөө боюнча борборунда Казакстан менен Кытайдын расмий өкүлдөрүнүн жана эксперттеринин жолугушуусу болгон. Бул жолугушууда Кыргызстан менен Тажикстан Кытайдын карамагына кирип калган карта колдонулган. Бул социалдык тармактардын колдонуучуларынын кыжырын келтирген. Алардын бири, Тилек Токтогазиев аттуу колдонуучу “Кытай эмитен эле Кыргызстан менен Тажикстанды өз аймагы катары эсептейт экен. Эң кыжырды келтиргени – ...

0 103

Жалал-Абаддагы өрт соодагерлерге 45 миллион сомдук зыян келтирди

23-август 2019, 13:17 Кызгалдак Жакыпова

2019-жылдын 20-августунан 21-августуна караган түнү Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында өрт кырсыгы чыккандыгы турасында кабар түшүп, 21-август күнү саат 04:15де толук өчүрүлгөн. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, алдын ала өлчөм боюнча өрттөнгөн жердин аянты 3600 чарчы метрди түзүп, беш катар жайгашкан, жалпысынан 174 соода орундары өрттөнгөнү такталган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматы билдирди. Аталган факт Жалал-Абад ШИИБне “Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу” ...

0 315

Лейлектин Көк-Таш айылынын тургундары көпүрө жоктугунан куурадык дешүүдө. Көпүрө курулары же курулбашы белгисиз

23-август 2019, 11:58 Кызгалдак Жакыпова

Бул айылдын көпчүлүк тургундарынын үлүшкө берилген жери дарыянын аркы өйүзүндө. Үлүштүк жерине эгилген эгиндерине, чөбүн чаап алуу барып келүүдө айыл тургундары Ак-Суу дарыясынан өтүшү керек. Тилекке каршы, 28 жылдан бери бул дарыяда көпүрө жок. Бизге Лейлек районунун Самбула айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Таш айылынын Үч-Дөбө участкасынын Сабыржан Усаров аттуу тургуну кайрылып, эгер көпүрө маселеси чечилбесе бул жерлер Тажикстанга өтүп кетүү ...

0 144

Бишкек - Москва поезд каттамынын билеттери арзандайт

23-август 2019, 10:18 Кызгалдак Жакыпова

Жүргүнчүлөр үчүн Бишкек — Москва поезд каттамынын баасы арзандайт. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасы менен россиялык «Российские железные дороги» ААКсы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жол кирени арзандатуу чечимине келишкен. Анын негизинде 2020-жылдын башынан тарта билеттердин баасы вагондордун категориясына жараша 18,1 жана 19,9 пайызга чейин төмөндөйт. Ошондой эле ушул жылдын сентябрь ...

0 1153

Каза болгон солдаттын башын кесип, денесин темир жолго ташташкан

23-август 2019, 09:34 Кызгалдак Жакыпова

Украиналык аскерлер, чогу кызмат өтөгөн аскердин башын кесишкен үрөй учурган бул окуя августтун18 нен 19на караган түнү болгон. Украина элдик милициясынын басма сөз кызматынын башчысы Даниил Безсоновдун журналисттерге берген маалыматына караганда, Македоновкадагы 501 батальондун аскерлери, мастыктан улам өз ара уруша кетишкен. Натыйжада кежигесине сайылган бычактан улам бир аскер каза болгон. Кылмыштын изин жашыруу максатында, талаштын катышуучулары ал каза болгон ...

0 192

Жактоочу Икрамидин Айткулов камалды

23-август 2019, 09:17 Кызгалдак Жакыпова

ИИМдин мурунку орун басары Курсан Асановдун жактоочусу Икрамидин Айткулов 22-августта милиция тарабынан кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынын билдиришинче, жактоочунун үстүнөн 1 жыл мурун арыз жазылган. Айткулов алдоо жолу менен 5500 АКШ долларын алып алган деп айыпталууда.   Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Учурда, сотко чейинки ...

0 79

Карамушкина үй камагына алынды

23-август 2019, 08:54 Кызгалдак Жакыпова

Бишкектин Биринчи Май соту 22-августта Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинанын баш коргоо чарасын карап, аны 8-октябрга чейин үй камагында калтырды. Эске салсак, депутат Ирина Карамушкина 7-8-августта Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу Кылмыш-Жаза кодексинин 244-беренеси “Барымтага алуу” жана 43-беренеси “Кылмышка катышуу” боюнча айыпталып жаткан. Булак: "NazarNews.kg"

0 175

Ирина Карамушкина барымтага алуу боюнча айыпталууда

22-август 2019, 18:13 Кызгалдак Жакыпова

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Кылмыш-Жаза кодексинин 244-беренеси “Барымтага алуу” жана 43-беренеси “Кылмышка катышуу” боюнча айыпталып жатат. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Карамушкинага кылмышка шектүү катары маалымдама берилген. Эске салсак, мурдагы президенттин эң жакын адамдарынын бири, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина буга чейин 7-8-августта Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу күбө катары өтүп келген эле. Булак: "NazarNews.kg"

0 437

Атамбаевдин балдары бири-бирин “скорпиончо” жей баштады

22-август 2019, 16:19 Кызгалдак Жакыпова

Адил  деген баканооз бар. Атамбаев президент кезинде аны жамандаса, анын оозунан жел чыгып турчу. Атамбаевди колдомуш болду, кыргызды тополоң ким баштаганын орус коопсуздук кызматы да байкоо сала баштаган. Көрсө, америкадан  акча саап алып жаткан Адил Турдукулов ЦРУнун акчасы менен тополоң уюштургандардын башында экен. Эми анын колун толгоор мезгил келгенде ал Сегизбаевди сатты.  Жарандык активист Адил Турдукулов УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге ...

0 197

“Чимкирик” парламент күзүндө мурдун аарчып келеби же кайрадан “чимкиригин” чубатабы?

22-август 2019, 15:48 Кызгалдак Жакыпова

“Солто элдин тогу, саяк элдин шогу, сарбыгыш менен бугунун барынан жогу” -деген сөз бар. Бул сөздү тарыхты билбеген Кыяз Молдокасымов сыяктуу ким президент болсо ошону даңазалаган бирөө чыгарган. Солто ток азыр да ток, саяк шок азыр да шок, бирок тарыхты жакшы аңдаган киши болсо  бугу менен сарбагыш бир эле атадан Сарбагыштан тараганын биле жүрүүсү керек. Тагай бийдин тону жок ...

0 469

Атамбаевдин “балашкасы” Абылгазиевдин өкмөтү жаңы бийликке жакшылык алып келеби?

22-август 2019, 12:57 Кызгалдак Жакыпова

Атамбаев бийликке келер менен жаракадан чыккансып Мухаммедкалый Абылгазиев деген саясий фигура айдыңга чыкты. 2019 - жылдын апрелинде Атамбаевге окшоп былтыйып отуруп албай, Жээнбеков парламентте эл алдында чыккан. Көп айткандарынын ичинен буюрса быйыл мугалимдердин айлыгын көтөрөбүз дегени бар. Мугалимдер айлыгы көтөрүлгөнгө татыктуу, анын үстүндө эмгек жолун орус тил мугалими катары баштаган Сооронбай Шарипович да совет убагында мугалим ардактуу кесип экенин ...

0 285

Кезек Индира Жолдубаевага жетти

22-август 2019, 12:36 Кызгалдак Жакыпова

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча 2019-жылдын 20-августунда мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаевага кылмышка шектүү катары айып тагылды. ИИМдин маалымат кызматынын билдиришинче, экс-башкы прокурорго коррупция беренеси менен айыпталууда. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту экс-башкы прокурор Индира Жолдубаеванын баш коргоо чарасын карап, аны үй камагында калтырды. Булак: "NazarNews.kg"

0 61

Мектепке электрондук каттоо дагы 4 шаарда ишке киргизилет

22-август 2019, 11:56 Кызгалдак Жакыпова

Эмки жылдан тарта баланы мектепке кабыл алуу боюнча электрондук каттоо дагы 4 шаарда ишке киргизилмекчи. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, 2020-жылдын 15-февралынан баштап Ош, Жалал-Абад, Токмок жана Кара-Балта шаарларынын тургундары балдарын мектепке кабыл алуу боюнча электрондук каттоого тура алышат. Белгилей кетсек, баланы мектепке электрондук каттоо учурда Бишкек шаарында гана иштейт. Долбоор башталгандан бери жалпы 15 ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 265

Эми алимент төлөбөгөндөрдүн аты-жөндөрү интернетке жарыяланат

22-август 2019, 10:26 Кызгалдак Жакыпова

Эми Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Соттук департаменттин сайтында алимент төлөбөй жүргөн жарандардын маалымат базасы ачылмакчы. Департаменттин маалымат кызматынын билдиришинче, 2019-жылдын 26-июнунда Жогорку Кеңеш “Соттук аткаруучулардын статусу жана аткаруучу өндүрүштөр жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү колдоп берип, ал Мыйзам күчүнө кирген. Ага ылайык, Соттук департамент алимент төлөбөй жүргөндөр тууралуу электрондук база түзөт. Эгерде, карызкор качып жүргөн болуп, өндүрүүчү кагаз жүзүндө кайрылса, Соттук ...

0 240

Абылгазиевдин министрлери акча менен элди алдай баштады

21-август 2019, 12:51 Кызгалдак Жакыпова

ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Баткен” бажысынын кызматкерлери тарабынан Исфана-Баткен авто жолунда Кыргыз Республикасынын жараны Н.А.Рнын башкаруусундагы “Мерседес - Бенц Актрос” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты “HESW- HWTRAS2494” үлгүсүндөгү чиркегичи менен токтотулуп текшерилген. Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып ...

0 374

Балапан Бабанов тоокко айланып козголоң уюштургусу келип Акаеваны ала келди, тоокпу, балапанбы коопсуздук органдары териштирер

21-август 2019, 11:32 Кызгалдак Жакыпова

2017-жылы президенттик шайлоодо “балапан” Бабанян өз тагдырын сынап көргүсү келген. Аны колдогон адамдар да болгон. Арийне, бары бир энеси кыргыз эмес да Бабанов  шайлоодо  эң биринчи Кыргызстандын кызыкчылыгын сатып Казакстан,Орусиянын миллиардерлерине эгер президент болуп калса кыргыздын жеринен кертип берерин убада кылып кыргыздарды иренжиткен. Кыргыздын жери кыргыздардыкы экенин түшүнгөн кыргыздар Бабанянга каршы чыгышкан. Эгер ал казактарга же орустарга чөгөлөп ...

0 595

Канышай Мамыркулова иликтейт: Үй-жайынан ажыраган 2100 үй-бүлөнүн убалы кимге?

21-август 2019, 10:46 Кызгалдак Жакыпова

Белгилүү журналист Канышай Мамыркулованын МКА-TV каналына кредитке үй-жайын коюп, алдырып жиберген 2100 адамдан арыз түшкөн. Аталган адамдар Президентти баш кылып, кайрыла берип чарчашкан. Бул көрүнүштөн кийин Канышай Мамыркулова аталган жарандардын маселесин иликтеп, Коопсуздук Кеңешке кат жөнөткөн. "Ошондой эле ар биринин маселесине өзүнчө токтолууну туура таптык. Коррупция менен кайдыгерлик аралашкан бул иштер социалдык чыңалууга алып келбейт деген кепилдик жок", - деп кошумчалады Канышай ...

0 121

Социалдык тармактарга провакациялык аудиолорду жайылткан жаран аныкталды

21-август 2019, 10:26 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын УКМК ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2019-жылдын 25-августунан 13-сентябрь айларында  массалык башаламандык боло тургандыгы жөнүндө социалдык тармактарга билдирүү тараткан Ю.П. аттуу КР жараны аныкталды. Бул тууралуу маалыматты УКМК басма сөз кызматы билдирди.  Такталган боюнча, ал ар кандай ушактарга ишенип аудио кайрылуу жаздырып өзүнүн жакын туугандарына эскертүү иретинде жиберген билдирүүсү тез социалдык тармактарга тарап кеткен. Профилактикалык маектин жүрүшүндө ал өзүнүн ...

0 894

УКМК: Ф.Баабиев "баатыр" болом деп, эркиндик менен коштошту

21-август 2019, 10:05 Кызгалдак Жакыпова

2019-жылдын 15-августунда «YouTube» видеохостинг сайты аркылуу («Фархат Бабиев» менен «Амандын» ортосундагы телефон сүйлөшүүсү) «Атамбаев тарапкерлери эмнени энсеген?» делген темада аймактар аралык кастыкты жана улуттар аралык козутууга багытталган  видео-жарыя таратылган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.  Ф.Баабиев менен «Аман» аттуу жарандын сүйлөшүүсүндө Чүй облустунда Ош облусунун ишкерлерининин бизнестерин талап, үйлөрүн өрттөп аймактар аралык  кастыкты козутууга багытталаган чакырыкты байкоого болот.

0 574

Атамбаев балдарына таянып эми элди коркуткусу келип жатат

20-август 2019, 16:18 Кызгалдак Жакыпова

Алмазбек Атамбаев көп балалуу үй-бүлө азыркы заманда¸совет маалында мындай адамдарды көп балалуу деп эсептешкен эмес. Атамбаевдин алты баласы бар. Теңизбаевадан – Сейитбек жана Сейтек жана эгиздер  Диана менен Динара. Татар кызы Раисадан Кадыр менен Алия. Алмазбека Шаршеновичти  СИЗОго кармаар менен анын балдары уйкудан ойгонушту. Бул барыбызга түшүнүктүү. Алар атасын коргой баштады. “Алма өз багынан алыс ...

0 163

Бишкек-Кара-Балта жолун оңдоо иштери эки айга кечигүүдө

20-август 2019, 15:41 Кызгалдак Жакыпова

Бишкек-Кара-Балта автожолунун бүткөрүлүшү кечеңдеп жатканы көптөн бери эле айтылып келүүдө. Ушул тапта жол куруучулар күнү-түнү иштеп жатканы менен жылыштар дале байкалбаган сыяктуу. Ош-Жалалбад-Баткен-Талас тарапка каттаган жүргүнчүлөр жол жасоодогу аракеттерге нааразы болул жатышканы айтылууда. Жолдордо тыгындар көбөйүп, чаң баскан жолдо жүрүүгө мүмкүн эмес. Убакыт узарып, жолдун курулуп баштаганына 3 жылга чамалап баратат. Транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов Жогорку Кеңештин ...

0 139

Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду насыяларынын чыныгы кардарын табабы?

20-август 2019, 14:25 Кызгалдак Жакыпова

Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду улуттук валюта менен берилген кредиттин пайыздык ченин төмөндөттү. Бул тууралуу аталган фонддун өкүлдөрү билдирүү таратышты. Ал маалыматта пайыздык ченди төмөндөтүү кичи жана чоң бизнес менен алектенген атамекендик ишкерлерди колдоо программасынын алкагында жасалат. "Улуттук валютада берилген насыялардын жылдык пайыздык чени 10 пайыздан 9 пайызга төмөндөйт. Мындай жеңилдиктер айыл чарба, жеңил өнөр жай, машина куруу сыяктуу тармактарга берилет. Ошондой эле Бишкектеги ...

0 1349

Атамбаев таянган кишилери ал камалаар менен үйүнө мародерлук кылышты

20-август 2019, 13:05 Кызгалдак Жакыпова

Атамбаевдин тарапташтары шефинин үйүн тоноп кетишти. Атамбаев камалган күнү анын тарапташтары Кой-таштагы хансарайына киришип баалуу буюмдар, акча жана Раиса Атамбаеванын алтын сөйкөлөрүн тоноп кетишиптир. Бул тууралуу Атамбаевдин өз туугандары айтып жатышат. Уурунун тарапташтары да ууру турбайбы деп көргөндөр баш чайкап отурушат дейт. Азыркы тапта жергиликтүү милиция кызматкерлери жана Атамбаевдин туугандары Хансарайды мародерлордон коргоп отурушат. Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»  

0 222

Убактылуу Өкмөт убаланды, азыркы өкмөт да убаланууга даяр

20-август 2019, 11:59 Кызгалдак Жакыпова

Убактылуу өкмөт 2010-жылы бийликти колго алган соң, кыргыз элине олчойгон убадаларды берген. Арийне, убадалардын бирин аткарган жок.Тогуз жыл бири-бири менен кырылышып бири –биринин көчүгүн чукуп жатып, элге жек көрүнду болуп алды. Атамбаевди президент кылышты эле эң биринчи УӨну талкалап Текебаевади, Чотоновду камап, Отунбаева, Каптагаев, Сариев, Шерниязов, Дүйшөбаев, Өмүркулов, Бекназаровду,Исмаил Исаков, Султан аксакалдлын кызы Элмираны куугунтуктап УӨнун түб үнө жетти. ...

0 482

Акаевдер Кыргызстанга каттай баштады,балким бул мурунку губернатору Жусупбек Шариповдун эмгеги болуп жүрбөсүн

19-август 2019, 16:02 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев кызы Бермет Акаева Кыргызстанга келгенин ырастады. Ал "Эч кандай башка максаты жок. Ал туугандар менен көрүшкөнү гана барды" деп айтты. Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылы башкарган. Ал президент болуп турган жылдары Жусупбек Шарипов Ысык-Көлдө жана Жалал-Абадда губернатор болуп турган. Ал элдик толкундоолордн кийин үй-бүлөсү менен өлкөдөн кетүүгө мажбур болуп, Москвада жашап калган.Бермет ...

0 514

Садыр Жапаровдун 10 жылга кесилгенин Чүй облустук соту өзгөртүүгө даай алган жок

19-август 2019, 15:34 Кызгалдак Жакыпова

Чүй облустук соту камактагы саясатчы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров боюнча райондук соттун чечимин өзгөрүүсүз калтырды. Быйыл 16-июлда Аламүдүн райондук соту Мелис Турганбаев жетектеген Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) Жапаровдун жаза мөөнөтүн мунапыска байланыштуу кыскартуу тууралуу сунушун «алты айлык мөөнөт өтүп кетти» деген негизде кабыл алган эмес. Адвокат биринчи инстанциянын чечимине каршы облустук сотко арыз жазган. ЖАМК Жапаровдун ...

0 560

Абылгазиевдин жээни Соцфонд төрагасы Ирсалиев: Пенсионерлер 6 айда бир жолу "Мен өлө элекмин" деп каттоодон өтүп турушу керек

19-август 2019, 13:33 Кызгалдак Жакыпова

М. Ирсалиев Г.Жуматаева сыяктууларды Абылгазиевдин көрсөтмөсү менен орун басар кылып алып жатса түшүндүрмө туура эмес берилген. Пенсионерлер 6 айда бир жолу "Мен өлө элекмин" деп каттоодон өтүп турушу керек экен, калпты кошуп айтканда өлүп калса, табыты менен келип “мен өлгөм” деп айтышы керек экен. Кимдир –бирөөлөр бир топтон  бери пенсиясы келбегенин барса, ушинтип түшүндүрүшүптүр. Жакшылап түшүндүрүш керек эле. Бул ...

0 430

“Жөжөнү күздө сана” дейт, күзүндө премьер Абылгазиевдин “Жөжөсүн санайбызбы?”

19-август 2019, 12:37 Кызгалдак Жакыпова

Алкы бузук жакындарын, аракеч айылдаштарын, ач көз, сабатсыз туугандарын чоң кызматка коюу боюнча Абылгазиев дүйнөдо рекорд коюп баратат. Ортодо болуп кеткен ызы-чуудан пайдаланып фракция жетекчилери менен бирге каалагандай тойпоңдоп алды. Иса Өмүркулов деген балакет көпкөнүнөн кайнисиинн туулган күнүндө Ысык-Ата районуну акимин “падарить” кылды. Абылгазиевдин мурду да кызарбай, буйрук чыгарып берди. “Жөжөнү күздө сана” дейт, күзүндө премьер Абылгазиевдин “Жөжөсүн санайбызбы?”

0 206

СССРде жашап жаткандай сезим бар, бирок СССР жоюлганына 28 жыл болду

19-август 2019, 09:47 Кызгалдак Жакыпова

1991-жылдын 19-августунда КПСС БКнын Генеральный секретары Михаил Горбачев Форосто камакка алынып, ГКЧП бийликке келет. Себеби, ошол эле жылдын 17-мартында СССРде жашагандар референдумда добуш беришип, көпчүлүк добуш менен СССРди жашоону каалгандар жеңип чыгат. Бирок кырдаал татаалданышып, Горбачев 20-августта союздук келишимге кол коюуга мажбур болот.  Бул келишимдин негизинде союздук республикалар Москвага көз карандысыз болуу үчүн көптөгөн укуктарга жетишмек. Дал ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 134

Аба ырайы: бийик тоолуу райондордо кар жаайт

18-август 2019, 17:07 Кызгалдак Жакыпова

19-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30; Таласта түнкүсүн 6…11, күндүз 23…28; Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32; Ысык-Көлдө түнкүсүн 6…11, күндүз 12…17; Нарында түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21; Бийик тоолуу райондордо ...

0 2400

АУДИО - Алмазбек Атамбаев, Гүлжигит Сатыбековдун калемине таандык “Насаат” ырына породия жазды

Аудиофайл 17-август 2019, 12:50 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстанда куудулдардын арасында алдыңкы катмарда эл арасында сүңгүп кирип келе жаткан “Беш тапан” куудулдар тобу бар. Бул топтун негиздөөчүсү КР маданиятына Эмгек сиңирген ишмер Рахман Раззыков түптөгөн. Аталган топтун курамында 8 ден ашуун мыкты куудулдар бар. Сахнада алар көбүн эсе саясатка басым жасайт. NazarNews.kg маалымат агенттигине конокто “Беш тапандын” бири Баатыр Кыдырмышов болду. --Саламатсызбы Баатыр мырза, күндүн саратан аптабында ...

0 329

Тажик жана өзбек мигранттары полициянын кысымына кабылууда...

16-август 2019, 17:20 Кызгалдак Жакыпова

Бул тууралуу "Азаттыктын" тажик кызматы билдирүүдө. Алардын билдирүүсүнө караганда, Орусия борборунун Москворецк базарында иштеген мигранттар он күндөн бери полициянын кысымына кабылышууда. Негизинен тажик жана өзбек жарандары кармалууда. Мигранттар полиция күч колдонгонун, полиция автобустарына тыгып, базарда көпчүлүктүн көзүнчө уруп жатканын билдиришүүдө. Мигранттарды кармоо кезинде бир нече адам катуу жараланган. Кармалган мигранттардын көбүнүн тагдыры белгисиз. Бир нече жаран Сахароводогу миграция борборуна ...

0 326

Зилалиевдин балдарынын колунда бир кичинекей облустун элине бюджеттен төлөнө турган акча топтолгон

16-август 2019, 15:51 Кызгалдак Жакыпова

Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча Д.Зилалиевге карата козголгон кылмыш-иштин алкагында Латвия укук коргоо органдары тарабынан Д.Зилалиевдин жубайына жана балдарына карата Латвия Кылмыш-жаза кодексинин 195-беренеси, акчанын изин жашыруу боюнча кылмыш-иши козголгондугу тууралуу маалым болду. Бул кылмыш-иши Латвия Каржылык чалгандоо кызматынан алынган маалыматтардын негизинде козголгон. Рига шаарынын Интерпол Улуттук борбордук бюросунун маалыматына ылайык, Д.Зилалиевдин жубайы Латвиянын ири банктарынын ...

0 611

Өлгөндөр эч качан кайрылып келбейт, бирок алардын артында жакшы сөз калат

16-август 2019, 15:50 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз элинде “Бычакка саптуу адамдар жокпу?” –дешет. Бар деп санай баштайсың: Султан Ибраимов, Апсамат Масалиев, Насирдин Исанов, Жумабек Ибраимов, Эркинбек Матыев... Аттиң, булардын барынын көзү өтүп кетиптир. Кылымдарда бир келчү Эркинбек Матыев кыска өмүрүндө ашыгып, шашылып кыргыз калкы үчү өлбөс иштерди жасап кетти. Анын ашыкканы жыйырмадан өтүп илимдин кандидаты, отузунда илимдин доктору, отуздан ашып академик наамын алып, элинин ден ...

0 183

УКМК: КР жарандарын Сирия жана Ирактагы качкындар лагерлеринен кайтарып келүү боюнча иш-чаралар жүрүүдө

16-август 2019, 09:24 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык, КР улуттук коопсуздук органдары тиешелүү тараптар жана ошондой эле өнөктөш кызматтар менен биргеликте Сирия жана Ирак согуш аймактарындагы, ошондой эле ар кандай качкындар лагеринде жүргөн жарандарды кайра кайтаруу боюнча иштердин экинчи этабын улантууда. Бул тууралуу маалыматты УКМКнын басма-сөз кызматы билдирди. Азыркы убакта террористтик иш-аракеттерге катышкандардын жарандыгын аныктоо иштери жүрүп жатат. Ал жерде көбүнүн балдары ...

0 4882

Абайлаңыз сүрөт! Чоң Чүй каналынан кыздын сөөгү табылды

15-август 2019, 19:32 Кызгалдак Жакыпова

7-августта саат 18.00дөр чамасында Чоң Чүй каналынын Орозбеков көчөсү менен кесилишкен жеринен азиат түспөлүндөгү кыздын сөөгү табылды. Бул туурасында Бишкек шаардык милициясы кабарлады. Маалыматка ылайык, азырынча кыздын ким экени аныкталып, туугандары табыла элек. Кыз болжол менен 20-25 жашта. Өзгөчө белгилери: бою 155-160 сантиметр, арык чырай, чачы сары, бети тоголок. Бозомтук түстөгү футболка, кара джинсы, ак спорттук бут кийим кийип ...

0 1209

Токаев иши кандуу башталган, эми Казакстанды өрт чалды

15-август 2019, 15:50 Кызгалдак Жакыпова

Токаев келер менен Астана, Алматыда митинг болуп,митингге чыккандарга ыдык көрсөтүп иши жаман башталган.Караганды облусунун Каркаралы районундагы өрттүн аянты беш эсеге кеңейип, бир суткада 2700 гектарга жетти. Өрттөнгөн аймактын бир жарым миң гектары мамлекеттик токой коругуна кирет. Бул тууралуу Казакстан Ички иштер министрлиги кабарлады. Бул тууралууц маалыматты Борбордук Азия жаңылыктары билдирди. Ички иштер министринин орун басары ...

0 583

Бүтүндөй мамлекетке зыян келтирүүгө даяр турган Атамбаев  менен кармашуу өтө опурталдуу болчу

15-август 2019, 15:28 Кызгалдак Жакыпова

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кармалышынын айланасындагы соңку окуялар тууралуу Кыргызстандагы коррупциянын табиятын иликтеп жүргөн швециялык окумуштуу, Стокгольмдогу Эл аралык мамилелер институтунун илимий кызматкери Йохан Энгвалл кыргыз ММКсында ой бөлүштү. Суроо: - Йохан мырза, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өткөн аптадагы атайын операциянын экинчи күнүндө кармалганы белгилүү. Ага эми «Киши өлтүрүү», «Куралды мыйзамсыз жүгүртүү», «Массалык башаламандык уюштуруу» деген сыяктуу оор ...

0 428

 Атамбаевди президент кылгандар кимдер: Убактылуу өкмөт, апрель баатырлары...

15-август 2019, 15:18 Кызгалдак Жакыпова

Атамбаев президент болсо оңдурбасын көбү түшүнгөн. Бирок, аны  Убактылуу өкмөт колдоп беришкен. 1. Роза Отунбаева - 1950, Убактылуу Өкмөттүн төрайымы, 2010-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын Президенти катары Атамбаевдин келишине шарт түзгөн. 2. Алмазбек Атамбаев - 1956, Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары, Убактылуу Өкмөткө жана апрелдин жалган баатырларына таянып 2011-2017-жылдары Кыргыз Республикасынын Президенти болгон. 3. Азимбек Бекназаров - 1956, Убактылуу Өкмөттүн ...

0 680

Жапаров Акылбек акылын айбандардан чыгара баштады

15-август 2019, 12:45 Кызгалдак Жакыпова

Өзүн өтө акылдуу сезген Акылбек Жапаров деген депутат бар. Эки-үч жолу Финансы министри болду, эл жакырчылыктан оңолуп деле кеткен жок, Акылбек Жапаров оңолду, анын мүлкүн санасак миллиардер болуп кетиптир.Балким эл үчүн иштебей, өзү үчүн иштегендир? Жапаровдун мүлкүн санап жатып санак жетпей жаңылып калдык, буюрса дагы бир убакта санап берербиз. Акылбек мырза азыркы тапта эч ким менен кеңешпей калган, ...

0 583

Эл караган бети,  жер караган “Апрель Баатырларын” шыктандырып, бириктирген адамдар пайда болду

15-август 2019, 11:50 Кызгалдак Жакыпова

Эмне үчүн “Апрель Баатырларынын” кадыр-баркы түшүп калды. Анткени, ал мезгилдеги чыныгы бийлик алмаштыргандар көмүскөдөкалышып, Атамбаев каякка айдаса,ошол жакка барып чаңын чыгарган бир ууч кошоматчылардан турган жалган апрель баатырчылар Атамбаев Фарид Ниязов аркылуу түзгөн фонддун акырын жалмалап туруш үчүн, берилип кызмат кылып келишти. Атамбаев “даңк” же “дүңк” деп айдап койсо, жабалактаган дөбөттөрдөй ар кимге үрүп талашты. Убакыт келди мындай ...

0 197

Кыргызстан, шайлоого карата түзөл!

14-август 2019, 16:02 Кызгалдак Жакыпова

Шайлоо мыйзамдарына БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бир топ өзгөртүүлөрдү кийирген. Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган Кыргыз Республикасынын мыйзамдар топтомуна кол койду. Кабыл алынган мыйзамдар Кыргызстандын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүгө багытталган жана бир нече мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт. Алардын ичинде президентти, парламентти шайлоо, референдум жөнүндө, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо, жергиликтүү өз ...

0 1225

Кыргыздын кулуну деп  жүргөн ЖК депутаты Абтандил Илдузович Кулбараков татар эмеспи?

14-август 2019, 15:05 Кызгалдак Жакыпова

Совет мамлекети жаңы орноп жатканда ата-энесинен алыска чыкпаган кыргыз кыздарына салыштырмалуу татар кыздары илим-билимдүу келип, кыргыздын интеллигент, алдыңкы жаштары татар кыздарына көп үйлөнүшө турган. Атасы кыргыз, энеси татар Чынгыз Айтматов буга мисал боло алат. Кийин кыргыз кыздары да билимге жетишсе да кээ бир кыргыз жигиттери татарга үйлөнүшкөн буга Фарид Ниязовдун энеси, Раиса Атамбаевалар мисал боло алат. Саяктын кулуну деп  ...

0 475

Сегизбаев тууралуу сегиз ооз сөз

14-август 2019, 14:14 Кызгалдак Жакыпова

Сегизбаев тууралуу сегиз ооз сөздү окурмандарга тартуу кылабыз... Сегизбаев сепеңдеп жүрүп Акаевдин пресс-катчысына жетет; Сегизбаев Кыргызстанда бары тынч деп Акаевди алдап жүрүп түбүнө жеткен. Болгонун болгондой айтса мүмкүн тарых тескери айланмак; Акаев 2005-жылы 24-мартта элди атууга курал камдаган. Муну билгендердин катарында Сегизбаев да болгон. Ал бийлик алмаштырып жаткан жигиттердин колуна түшүп калып төпөш жеп, куралдар каякта катылып жатканын айтып ...

0 1065

Ымыркай баласы менен келин мас болуп, көчөдө уктап калган

15-август 2019, 19:22 Кызгалдак Жакыпова

Бул тууралуу Ош ШИИБнин басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, Ош шаарында убактылуу жашап, базарда иштеп жаткан келиндин туулган күнү болуп, ага жолдошу келип куттуктап, экөө түн бир оокумга чейин ичимдик ичишкен. Жолдошу мас болуп калган жубайын эмчектеги (бир жаш, эки айлык) баласы менен үйүнө жеткирип койбой, көчөгө таштап кетип калган. Өтө мас болуп калгандыктан, үйүнө жете албай, көчөдө ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 240

Эмил Каптагаевди Садыр Жапаров барымтага алган эмес, анда эмнеге камалып жатат?

14-август 2019, 12:59 Кызгалдак Жакыпова

Чүй облустук соту камактагы саясатчы, парламенттин мурдагы депутаты Садыр Жапаровдун апелляциялык арызын кабыл алып, даттанууну кароону 19-августка белгиледи. Ал иш мыйзам чегинде каралса Жапаров жакын арада эркиндикке чыгышы мүмкүндүгүн белгилейт. Адвокат буга чейин ушул эле арызды биринчи инстанция канааттандырбай койгонун, анда алты айлык мөөнөт өтүп кеткени шылтоо болгонун белгилейт. Ал ошол себептүү жогорку инстанцияга арыз жазганын билдирет. - Садыр ...

0 422

“Август Баатырлары” “Апрель баатырлары” Мискенбаевдей май-каймакка малынбай, Алымкуловдой өзүнө бюст орнотпой кызматынан четтей баштады

14-август 2019, 11:57 Кызгалдак Жакыпова

Мискенбаев, Алымкуловдор Атамбаевдин жасалма “Апрель баатырлары” болгон. Чыныгы ошол кездеги бийлик менен тартынышпай күрөшүп келгендер ким экенин эл билет. Булар Атамбаевдин бийлигинин учурунда каалагандай тайраңдашты, байлыкты, депутаттакты, министрликти, Кыргыз Баатырын алышып, өздөрүнө жашабай жатышып бюст орнотушту. Булар өздөрүнүн мурдуларын өздөрү канатып алышып, Атамбаев менен элге догурунуп баатыр болушкандар.   Август баатырларынын алды Атамбаевден “кызыл баштык” менен кыялындагы акчаларды алып, ээрдин ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83