www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коом
0 403

Миллион сомго афера кылганы үчүн кылмыш иши козголгон Чодуев Эркинбекти Абылгазиев айыл чарба министри кылды

14-август 2019, 10:51 Кызгалдак Жакыпова

Жалал-Абаддагы “Коттон Оушен» компаниясынын өкүлү айыл чарба министри Чодуев Эркинбекти 1 000 000 долларга алдамчылык кылып кеткени үчүн күнөөлөйт. Ибрагимова Замира айыл чарба министри Чодуев Эркинбек миллион долларды өзүнө ыйгарып алганын күнөөлөп жазып чыкты. Анын айтуусунда бул атка минер пахта даярдайбыз деген компаниянын акчасына ээлик кылып капчыгына салып алган. Министр Чодуев кылмыш иштери боюнча күнөөлөнүп Ош шаарынын ШИИБинин тергөөчүлөр ...

0 166

Узакка созулган аптаптардан соң, жамгырлуу күндөр келатат

13-август 2019, 16:05 Кызгалдак Жакыпова

Быйылкы жыл өзгөчө аптаптуу болду. Чет  мамлекеттерде өзгөчө Орусияда бирде суу каптап, бирде өрт чалып миллиондогон гектар жерин  өрт алып кетти. Узакка созулган кургак жана ысык аба ырайынан кийин Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. 14-15-августтарда жана 16-августта Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. 15-августта күндүз жана 16-августта түнкүсүн бийик тоолуу ...

0 297

Президенттин ооруп, саламаттыгын оңдош үчүн элге чыкпай жүргөнү чынбы?

13-август 2019, 15:15 Кызгалдак Жакыпова

Президент өткөн айдын башынан бери коомчулукка чыкпай калган. Ошондон улам 62 жаштагы Гурбангулы Бердымухамедовду өлдү деген маалыматтар тараган эле. Анын «өлүмү» тууралуу алгачкылардан болуп, орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышкан.  Евразия маселелерине мониторинг жүргүзүү борборунун директору, политолог Аслан Рубаев Бердымухаммедов «бөйрөк оорусунан көз жумганын» Түркмөнстандагы булактарына таянып, «Говорит Москва» радиосуна билдирген эле: «Бул тууралуу мага билдиргендер ...

0 297

Министр Гүлмира Кудайбердиева каникул учурунда сабатсыздыгын жоюп жүрөбү?

13-август 2019, 12:26 Кызгалдак Жакыпова

Билим берүү министрлиги башкаларга маяк болуп, сабаттуулугу жагынан академиктерден өйдө туруш керек. Гүлмира Кудайбердиева деген катта катаны жакшы көргөн министр бар. Орусиянын окумуштууларын форумга чакырып алып трибунага ката жазып коюптур, окуу китептерин чет мамлекеттен ката чыгарып келет. Мурдун балта кеспей “ката болсо эмне экен?” деп мурдун чүйрүп койот. Көрсө, ал “крышаны” жакшы табат экен. Мурун “крышасы” шопур Илмиянов болсо, ...

0 145

Жыгылып поезд баратса, кылгырып көздөн жаш тамат

13-август 2019, 11:17 Кызгалдак Жакыпова

Токмок шаарында поезд (тепловоз) кырсыкка учурап, эки вагон рельстен чыгып кетти. Окуя болжол менен саат 22:00дө катталган. Поезд катуу ылдамдыкта баратып бурулган учурда ооп кеткен. Курмандыктар жана жабыр тарткандар жок. Вагондор «Кыргыз темир жолу» ишканасы менен иштешкен Токмоктогу айнек чыгаруучу заводдун мүлкү болгону кабарланууда. Кыргызстандын темир жолунда жылына ондогон кырсыктар катталат. Анын көбү адам өмүрүн алуу менен аяктайт. Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, ...

0 280

Владимир Путин: "Россия эркин, бай, күчтүү, цивилизациялуу өлкө болушун каалайбыз!"

13-август 2019, 08:52 Кызгалдак Жакыпова

Буга чейин дүйнөлүк коомчулукта Россиянын президенти  Владимир Путин тууралуу ар кандай сөздөр айтылып келген эле. Айрыкча Украинадагы саясий кырдаалдардан кийин анын аброю тууралуу аӊыз кептер көбөйгөн болчу. Биз бүгүн анын балалык чагы, окуучулук күндөрү, жеке турмушу, мамлекеттик эӊ жогорку кызматка келген учуру тууралуу кеп козгомокчубуз.  Спортко кызыккан тентек окуучу  -Мен капарпайым эле үй-бүлөдө чоӊойгом. Турмушубуз деле эл катары болчу. ...

0 362

Өлгөндөр көргө, Жекшеевдер төргө

12-август 2019, 15:36 Кызгалдак Жакыпова

Атамбаевдин кадрларынын сүлкүлдөп, түлкү кайрык менен күлтүлдөп жүргөнү Жыпар Жекшеев. Саясий тажырыйбасына карап Жекшеев Атамбаевдин кадры эмес, Атамбаев Жекшеевдин кадры болсо болмок. Жекшеев деген жер каймактагандагы Жекшеев эмеспи. Масалиевди оңкочаттырып Түгөлбай Сыдыкбеков менен Акаевге калпак кийгизген. Депутат болом деп жүрүп жаш баланын убалына калды деп жүрүшөт. Ага атаандаш чыккан жаш бала мерт болгон, мүрзөсү томсоруп ...

0 329

Акыркы окуялар “социалдык таштандыга” айланып бараткан Кыргызстанды гана эмес, дүйнөнү түйшөлдүрө баштады

12-август 2019, 14:10 Кызгалдак Жакыпова

Сомали –каракчылардын өлкөсү Кыргызстанды Сомали менен салыштырууга болбойт. Саясат таануучу, Орусиянын Улуттук стратегия институтунун директору Юрий Солозобов «Кыргызстан: «сомалилешкен» өлкө, алсыз бийлик» аттуу макала жарыялады. Анда: «Кыргызстанды дүйнө эли азыр «жолу болбогондордун аралы» деп атап жатат. Эмнеге бул өлкөнүн бийлиги улам жаңырган сайын алсырай берет? Борбор Азиядагы чакан өлкөнүн саясаты, экономикасы, социалдык абалы барган сайын начарлоодо. Маселен, математик Аскар ...

0 1216

Атамбаевдин камалышы Путиндин жүрөгүн түшүрүп салды, унчукпас мүрзөгө айланып бараткан ака-Киев

12-август 2019, 13:04 Кызгалдак Жакыпова

Орусиянын президенти Владимир Путин 2024-жылы бийликти өткөрүп бергенден кийинки тагдырын Алмазбек Атамбаевдин азыркы акыбалына карай божомолдоп, кайсы бир чечимди кабыл алып, келечегине камынышы керек. Анткени убакыт өтөт 2024-жыл да кирип келет. Атамбаевдин камалышынан Украинанын мурунку президенти Петро Порошенко сестениши керек. Себеби ага карата коррупцияга байланышкан 11 кылмыш иши козголгон, азыркы президент Владимир Зеленский оор экономикалык акыбал үчүн Порошенкону айыптап ...

0 340

Токтогул сүргүндө деле кыйналбаса керек,Токтогул көчөсүн Балбак Түлөбаев кыйнап бүттү

12-август 2019, 12:10 Кызгалдак Жакыпова

Мындан бир нече жыл мурун Атамбаев президент Жамшит Калилов унаа, жол министри кезинде Бишкек шаарынын Токтогул көчөсүн зыңгыратып капиталдык ремонттон өткөзүшкөн. Элдин бары шапкелерин асманга ыргытып кубанып калышкан. Балбак Түлөбаев деген Бишкектин билерманы чыгыптыр мунун Атамбаевге өчөшкөнүбү же эмне экенин ким билет, Бишкектин Токтогул көчөсүн талкалап кайра ремонт жасата баштаганына 2 ай болду. Эмне биздин бюджетибизде акчабыз ашып-ташып зыңгырап ...

0 234

Нарын облусунда коомдук-саясий абал туруктуу

10-август 2019, 14:29 Айдар Нуралиев

Учурда Нарын облусунда коомдук-саясий абал туруктуу. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди. Бул тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. Маалыматка ылайык, 9-август күнү кечке маал Нарын облусунун Нарын районунун Бишкек-Нарын-Торугарт автожолундагы Кара-Чий айылынын жанында чогулган эл жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен эки тараптуу бир нече сүйлөшүүлөрдөн соң боз үйлөрүн чечип, тарап кетишкен. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ...

0 3979

Меккеде үч кыргызстандык каза болуп, сөөгү ошол жакка коюлду

10-август 2019, 10:50 Кызгалдак Жакыпова

Сауд Арабиясы быйыл кыргызстандыктар үчүн 5510 орун бөлгөн, зыяратчылардын алгачкы 16-июлда жөнөп кетишкен эле. Кеткендердин үчөө кечээ каза болуп, алардын сөөгү туугандарынын уруксаты менен Мекке шаарында жерге берилгени тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди. Бирок, маркумдардын аты-жөнү, өлүмүнүн себептери айтылган жок. Булак: NazarNews.kg

0 201

Соолуктап кете турган Соң- Көлдү Өзбекстандын пахтасынан сактап калган Усубалиев

09-август 2019, 15:41 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Баатыры, мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев тууралуу толук метраждуу даректүү тасма тартылууда. Ишмер бул же тигил объектти эмес, бүтүндөй Кыргызстанды курган улуу инсандардын бири. Соолуктап кете турган Соң- Көлдү Өзбекстандын пахтасынан сактап калган. Даректүү тасманын режиссеру Кыргыз Республикасынын Эл артисти Молдосейит Мамбетакунов тартуу иштери эми аймактарда уланарын айтты. Алгач чыгармачыл топ аксакалдын балалык чагы өткөн Нарын облусунун Кочкор районуна сапар ...

0 369

Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү пенсия жашына келиштиби?

09-август 2019, 15:12 Кызгалдак Жакыпова

Мыйзам боюнча Кыргызстанда аялдар 58 (көп балалуу болсо 53), эркектер 63 жаштан пенсияга чыгат. Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүнөн: Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Азимбек Бекназаров, Топчубек Тургуналиев, Исмаил Исаков, Абдыганы Эркебаев, Эмилбек Каптагаев, Иса Өмүркулов, Кеңеш Дүйшөбаев пенсия жашында, калгандары Өмүрбек Текебаев, Болот Шер, Темир Сариев, Элмира Ибраимова, Дүйшөн Чотоновдор пенсия жашына келип калышты. Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүнүн ортосунда ынтымак жок болгондуктан, чаян ...

0 228

Башкы прокуратура Айыл чарба министрлигинде мыйзам бузуулар болгонун тастыктады

09-август 2019, 14:31 Кызгалдак Жакыпова

Башкы прокуратура Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин бөлүм башчысына «министрдин орун басары рангында» деп маалымкат берилишинде мыйзам бузуу болгон деп тапты. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы кабарлады. Аталган министрлик бөлүм башчы Анаркүл Беккулиеваны «XXI кылымдагы Деңиз Жибек Жолу» эл аралык жармаңкесине жөнөтүш үчүн анын кызматын жогорулаткан маалыматты Кытайга жөнөткөнү тууралуу маалымат Интернетке жаряланган. Ал кагазга ...

0 264

Эл арасында “кара мышык” атка конгон ЖКга Атамбаев колдоп алып жүргөн депутат Карамушкина тергөөгө чакырылды

09-август 2019, 13:51 Кызгалдак Жакыпова

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкинаны Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка алып келишти. Карамушкинаны «Форум» имаратынан өздөрүн аталган кызматтын өкүлү деп тааныштырган эки адам жеңил машине менен алып кетти. Карамушкина - 8-августта кармалган экс -президент Атамбаевдин жакын тарапкерлеринин бири. Ички иштер министрлиги Карамушкина боюнча азырынча расмий маалымат тарата элек. Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 318

Фарид Ниязов 48 саатка СИЗОго кармалды

09-август 2019, 13:04 Кызгалдак Жакыпова

Экс президент Алмазбек Атамбаевди колдогон КСДПнын төрагасынын орун басары Фарид Ниязов 48 саатка Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Ниязовдун бөгөт чарасы 10-августта каралат. Бул маалыматты Ички иштер министрлиги тастыктады. 8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалгандан кийин Кундуз Жолдубаева, Фарид Ниязов жана Атамбаевдин жансакчылары Ички иштер министрлигинин имаратында сурак беришкени кабарланган. Жолдубаева мурдагы мамлекет башчынын айрым тарапташтары бүгүн кайра ...

0 376

Кыргыздар 60-70 жылдары эки эсе көбөйүшкөн, ага жетпесек да “сүйүнчү” акчасы менен кичинеден көбөйүп туралы

09-август 2019, 12:12 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыздар өткөн кылымдын 50 жылдары 1 миллиондун тегерегинде экен 1980-жылдары Аскар Осмонкулов деген кыргыз тилинен берген профессор болгон. 20- жылда 1 миллион элге көбөйүп 2 миллиондон аштык деп деп кубанычы терисине батпай айта бере турган. Чындыгы ошол убакта бир үйдө 10-15тен бала төрөлүп кыргыздар кыргыздар демографиялык секирик жасашкан. Эми Улукбек Кочкоров “сүйунчү” берип демографиялык секирикти жандандарган жатса керек.Эмгек жана социалдык өнүгүү ...

0 197

Кой-Ташта ок тийип каза болгон Үсөнбек Ниязбековду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө

09-август 2019, 11:19 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн, 9-августта Бишкек шаарындагы 5-кичирайондо Кой - Ташта ок тийип каза болгон, маркум спецназ Үсөнбек Ниязбековду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө. Аза күтүү зыйнатына президенттин аппарат башчысы Досалы Эсеналиев, УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова,  УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбековдор келди. Мындан тышкары аскердин туугандары, кесиптештери катышууда. Эске сала кетсек, 8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев атайын операциянын жүрүшүндө кармалган. Аны саат 19:00дөр чамасында ...

0 183

Атамбаев 26-августка чейин камакта калды

09-август 2019, 11:15 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын экс президенти Алмазбек Атамбаев 2019-жылдын 26-августуна чейин УКМКнын убактылуу абагында камалат. Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

0 261

Армениянын мамлекет башчысы жана өкмөт башчысы Никол Пашинян Евразия экономикалык биримдигинин жыйынына катышууга келди

09-август 2019, 09:12 Кызгалдак Жакыпова

Армения парламенттик мамлекет ошол үчүн өкмөт башчысы мамлекетти жетектейт. Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Аны Тамчы айылындагы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан вице-премьер-министр Замирбек Аскаров тосуп алды. ЕАЭБдин өкмөт аралык кеңешинин жыйыны 9-августта Чолпон-Ата шаарында өтөт. Ага биримдиктин курамындагы өлкөлөрдүн премьер-министрлери катышат. Пашиняндан мурун ...

0 155

Тамчыга өкмөт башчылары “тама баштады”

09-август 2019, 08:30 Кызгалдак Жакыпова

Орусиянын премьер-министри, 2008-жылдан 2012-жылга чейинки президенти Дмитрий Медведев Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) өкмөт аралык кеңешине катышуу үчүн Чолпон-Ата шаарына келди. Медведев 9-августта Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугаарын билдирди. ЕАЭБдин өкмөт аралык кеңешинин жыйыны 9-августта Чолпон-Ата шаарында өтөт. Ага биримдиктин курамындагы өлкөлөрдүн премьер-министрлери катышат. Медведевден мурун Казакстандын жана Беларустун өкмөт башчылары Аскар Мамин менен ...

0 431

Президент Жээнбеков  Жогорку Кеңештин жыйынына чыгып сүйлөдү

08-август 2019, 15:50 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 8-августта парламенттин жыйынына катышты. Мамлекет башчысы белгилегендей, Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарынын талаптарын одоно түрдө четке кагып, тергөө иштерин мыйзам алкагында аткарууга катуу куралчан каршылык көрсөткөн. Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, Кыргыз Республикасы укуктук мамлекет. Мамлекеттин милдети — бардык жарандар мыйзамдын талаптарын кынтыксыз сактоосун камсыз кылуу. Мамлекет башчысы Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө кайрылып, тез арада чараларды ...

0 223

АКШ туристтерин сак болууга чакырды

08-август 2019, 15:18 Кызгалдак Жакыпова

 АКШ элчилиги жана эл аралык укук коргоо уюмдары АКШдан жол тарткан жарандарды бул өлкөдө «курал колдонулган окуя болгондуктан» сак болууга чакырды. Булар тараткан билдирүүдө окуянын курмандыгы болуп калуу мүмкүнчүлүгү жогору экенин эскертти. Ошондой эле туристтерге «адамдар көп чогулган жерлерден оолак, түнкү клуб, казино жана бар өңдүү эс алуучу жайларда өтө кыраакы болууну» сунуш кылды.   Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

0 1059

“Эчки тууй албай жатып койго арачы болуптур” качкындагы  саясатчы Өмүрбек Бабанов бийликке сөз ыргыттыбы?

08-август 2019, 14:28 Кызгалдак Жакыпова

Жеке конфликт жарандык тирешүүгө алып баратканын эскертти: “Учурдагы окуяга жоопкерчилик баары бир бийликке тийиштүү болуп калат. Тилекке каршы, курмандык болду. Азыр бул жарандык тирешүүгө алып келип бараткан жеке конфликттин улантылышына эч жол бербей, токтотуш керек", - деп жазат Бабанов. анын кайрылуусунда.  Бабанов "2002-жылдагы Аксыдагы кан төгүүгө жол бергендиги үчүн элибиз Акаевди эч качан кечирбейт, 2010-жылдагы Таластагы жана ...

0 564

Полковник Апийимбаевби же Опумбаевби опурулду, бирок эч натыйжа чыга элек

08-август 2019, 13:53 Кызгалдак Жакыпова

“Баланы башынан, келинди жашынан”-дейт, УКМКнын төрагасын деле башынан болсо керек. УКМКнын төрагалыгына жаңы эле келген Опумбаев биринчи жолу опурулду эле жоокерлери жараат алып, алды аркы дүйнөгө узады. Негизи жолу кандуу башталды. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков, 8-августта Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү. Мамлекет башчысы «Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарынын талаптарын одоно түрдө четке кагып, тергөө иштерин мыйзам алкагында ...

0 533

Самат комада болсо, Саматбек Ибраимов сыяктуу атка минерлер алактап калышты

08-август 2019, 13:02 Кызгалдак Жакыпова

Манаска жабышып ошол фонддун эсебинен жулуп, жеп трамплин кылып Атамбаевдин СДПКсына түз жол чапкан Саматбек Ибраимов деген бар.СДПКдан гүлдөп өсүп келаткан Саматбек Ибраимовду СДПК сүйөп  Жогорку Кеңештин аппаратына жетекчи кылган. Манас фондун жеп көнгөн бул кургур парламентке суук колун матырды, терисин тескери жамынып “хамалеонго” айланды, аны эрезеге жеткизген Атамбаевдин кадырын тебелеп-тепседи. Байыганы менен көзү тойбогон Саматбек Ибраимов парламент аз келгенсип, ...

0 257

Эл аралык “ызы-чуу” чыгарып жаткан Абылгазиев элди алга жетелейби же арткабы?

08-август 2019, 12:20 Кызгалдак Жакыпова

Абылгазиевдин дагы бир группалашы жана досунун иши ашкереленди. Айыл чарба институтутун, эркелетип “сельхозду” бүтүргөн Абылгазиев деген премьер бар. Бүгүн парламенттик мамлекетти титиретип өкмөт башында турат. Абылгазиев башкага тили өтпөсө да Айыл чарба министрлигине тили өтөөр. Анда эмесе жакында эле ушул министрликте болгон эл аралык эки чырды айта кетели: Евразиялык биримдикке кирген мамлекеттер Орусия,Беларус,Казакстан,Армения жана Кыргызстан бир топ ...

0 853

“Ы” операциясы же  ышпалдасы чыккан Абылгазиевдин Жээнбеков жокто иштеген ишинен ийгилик чыккан жок

08-август 2019, 11:04 Кызгалдак Жакыпова

“Ы” операциясын ким уюштурса да, ийгилик чыккан жок. Бирок курмандык болуп тарыхтын актай бетине жазылып калды. Атамбаев учурунда курал менен болсо да өзүмдү коргоп калам деп ызырынганы бар. Ал айтканын далилдеди, анткени Атамбаев тараптан атылган ок коопсуздук кызматкеринин өмүрүн алып кетти. Бүгүнкү күнү жөнөкөй эл эмес атка минерлер да алдастап калышты. Кой-Ташта жатып алып Атамбаев ...

0 339

Бизде атышуу Москва, Нур-Султан, Минск, Еревандан коноктор келатат, кокус коркуп келбей коюп жүрбөсүн?

08-август 2019, 10:21 Кызгалдак Жакыпова

Ары кеткен Абылгазиев Ташкенден 100 миллион доллар насыя алды. Ташкен, арийне евразиялык биримдикте жок. 9-августта евразиялык биримдиктеги мамлекеттердин өкмөт аралык жыйыны болот. Бул жыйынга Москва, Нур-Султан, Минск, Еревандан өкмөт башчылары Чолпон-Атага келишет. Ошол жакта эс алууда жүргөн президент Жээнбеков алар менен көл жээктеп жолукмак.Бирок кырдаал башкача болду. Кой-Таштагы саясий кырдаалдардын курчушунун айынан Жээнбеков кечээ Бишкекке келди.  7-августта ...

0 206

Кой-Ташта киши өлүп жатат, парламент болсо “тарк” эткизип коюп эс алып жатышат

08-август 2019, 09:17 Кызгалдак Жакыпова

Эл үчүн күйө турган парламент дегенибиз бар эле, буларга Кой-Таш кан жыттанып турса да эс алуу артык экен.Ресторанда тамакка чакырып жатат же “Азиямолль” бекер бургер берет экен десе кайдан-жайдан пайда боло турган парламент депутаттарынын жыты да жок. Атамбаевден кол тийбестикти алып ушул “чимкириктер” ишти баштабадыбы беле? Чүйдүн Кой-Таш айылында экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция 7-августта ...

0 439

Чүйдүн Кой-Ташында болгон окуя Чүй милициясынын башчысын комага түшүрдү

08-август 2019, 08:34 Кызгалдак Жакыпова

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Самат Курманкулов комага түшүп, жасалма дем алдыруучу аппаратта жатат. Буга чейин Самат Курманкулов башынан жаракат алып ооруканада операция жасалган. Курманкулов мээсинен оор жаракат алган. Ал Кой-Ташта милиция менен Атамбаевдин тарапташтары бири-бирин таш менен урганда башына таш тийип, жаракат алганы кабарланган. Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова: “Операция жасалды. ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 235

“Эрегиштен эр өлөт”, Коопсуздук кызматкеринин дал жүрөгүнө ок тийип, каза болду

08-август 2019, 09:26 Кызгалдак Жакыпова

Саламаттыкты сактоо министрлиги Атамбаев тараптан атылган аскердик ок чопкуттан өтүп, анын көкүрөгүн жаралаганын кабарлады. Ок жүрөгүн тешип кетиптир. Каза болуп калды, мсындай үрөй учурган окуя жайдын күнү да цунами чакырып турат. Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында жарадар болгон атайын бөлүктүн кызматкери каза болду. Бул маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги ырастады. Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун директору ...

0 169

Уланбек Эгизбаевдин өлүмү боюнча сотто бир айлык тыныгуу жарыяланды

07-август 2019, 18:42 Кызгалдак Жакыпова

“Азаттык” радиосунун кабарчысы Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнө байланыштуу сот ишинде бир айлык тыныгуу жарыяланды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз кызматы кабарлады. 7-августка белгиленген сот отуруму соттолуучулардын бири келбегенине байланыштуу болгон жок. Кийинкиси сентябрдын ортосунда өтөрү айтылды. Отурумга катышпаган соттолуучу 16-июлда көз жарган. Анын адвокаты ымыркайы торолгончо териштирүүнү убактылуу токтото турууну өтүнгөн. Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнө байланыштуу козголгон кылмыш иши ...

0 131

Юта штатынын студенттери Жогорку сотто болушту

07-август 2019, 16:57 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн, 2019-жылдын 7-августунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын орун басары Нургуль Асанова Юта Өрөөнүнүн университетинин студенттери менен жолугушту. Жолугушууга аталган окуу жайдын Психология жана Социология Департаментинин профессору Линн Ингланд, университеттин Тарых жана Саясий илимдер Департаментинин окутуучусу Бактыбек Абдрисаев жана окуу жайдын студенттери катышышты. Н. Асанова Кыргызстандын сот системасы жана анын Борбор Азия өлкөлөрүнөн айырмасын айтып берди. Сот тутумунда жүргүзүлүп ...

0 259

Орусия үчүн Абылгазиев “чимкириги чубалган” “слабое звено” болду, бирок Медведев бары бир келер

07-август 2019, 16:14 Кызгалдак Жакыпова

Медведев Бишкекке келгенден заарканып турат, Абылгазиевдин “чимкириги чубалып” калды. Бир жагынан “түкүрүк”, бир жагынан уран масмелеси, Кой-Таш , Солтон-Сары болуп отуруп бул өкмөт ким экенин билдирип койду. Эгер Боронов бороонго төшүн тоспосо боорго тээп кетишмек. Янкилердин чектен ашып, дүйнөнү жалгыз башкарабыз деген тилегин Путин таш ...

0 156

Боронов өкмөттүн “өрт өчүргүчү” болду

07-август 2019, 14:37 Кызгалдак Жакыпова

Боронов кийлигишмейин өкмөт былжырап калчу болду. Уран боюнча иштерге да Боронов чекит койгон, Кумтөр боюнча да Бороновдун кийлигишүүсу менен жакшы келишимдер иштелип жатат. Солтон-Сары алтын кениндеги кытай-кыргыз «Zhong Ji Mining Company» тоо-кен компаниясынын иши токтотулду. Бул тууралуу вице-премьер-министр Кубатбек Бороновго таянып өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Чечим Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын корутундусунун негизинде ...

0 174

«Балага сүйүнчү» төлөмүн эки күндөн кийин алса болот

07-август 2019, 14:31 Кызгалдак Жакыпова

КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги бала төрөлгөндө бир жолу  берилчү «балага сүйүнчү» төлөмү 2019-жылдын январынан 2019-жылдын 31-июлуна чейин 88 322 баланын ар бирине  4000 сом өлчөмүндө берип, буга 353 288 000 сом сарпталды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз катчысы билдирди. Эске салсак, 2019-жылдын 1-июлунан тарта «балага сүйүнчү» төлөмүн банктан жеке өздүк эсеп ачпастан, кайрылгандан  эки күн өткөндөн кийин ...

0 164

Солтон-Сарыдагы эл жол тоскону калышты...

07-август 2019, 13:10 Кызгалдак Жакыпова

Бул тууралуу “Азаттык” жазып чыкты. Алардын кабарчысынын айтымында, Солтон-Сарыда чогулган эл жол тосуу үчүн ылдый түшө баштаган. Бишкек-Торугарт унаа жолунун боюна, Кара-Чий айылынын тушуна сегиз боз үй тигилген. Эскерте кетсек, Нарындын Солтон-Сары алтын кенин жабуу чыры 3-августта башталган. 5-августта, кытайлык «Jhong ji Mining» компаниясына нааразы болгон 700гө жакын адам ишти токтотууну талап кылып чыккан. Дал ошол күнү чыр чыгып, ...

0 261

Өкмөт башчылары (1924-2019), кыргыз макал-лакаптарында

07-август 2019, 11:45 Кызгалдак Жакыпова

Айдарбеков Иманалы (1924-25) «Өзгөгө капкан койгон өзү түшөт»;  Орозбеков Абдыкадыр  (1925-27) «Бөрү карыса бир койлук алы бар»; Абдрахманов Жусуп (1927-33) «Отун албай, орус ал»; Исакеев Баялы (1933-37); «Бирде жигит асманда, бирде жигит зынданда»; Салихов Мурат (1937-38); «Адалсынган молдонун үйүнөн, алты камандын башы чыгыптыр»; Кулатов Төрөбай (1938-45) «Сен билесиңби, же Генеральный секретарь Сталин билеби?»; Раззаков Исхак (1945-50) «Жаңылбаган ...

0 496

ВИДЕО - Белорус мамлекет башчысы Лукашенко Курманбек Бакиев менен жолугушуп, 70 –жылдыгы менен куттуктады

07-август 2019, 09:48 Кызгалдак Жакыпова

Беларустун мамлекет башчысы Александр Лукашенко Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев менен жолугушканын Беларус президентинин сайты кабарлады. Расмий маалыматта: “Беларус президенти Александр Лукашенко өзүнүн досу, кесиптеши, Кыргызстандын экс-президенти Курманбек Бакиев менен жолугушту” - деп жазылган. Анда Лукашенко Бакиевди 70 жашка чыгышы менен куттуктап, белек берген. Куттуктоодон кийин Лукашенко менен Бакиев актуалдуу суроолорду талкуулашканы кабарланды.

0 535

Солтон-Сарыдагы чырды элге түртө салууга болбойт, бул жерде бир топ атка минерлердин жүзү бар ошолор жазалансын

06-август 2019, 15:47 Кызгалдак Жакыпова

Солтон-Сарыдагы чырды элге түртө салууга болбойт. Бул жерде Жогорку Кеңештин кен байлыктары боюнча комитетинин жетекчиси Кожобек Рыспаевдин, Нарын облусунун губернатору Аманбай Кайыповдун чоң эмгектери бар. Алар суук колдорун матырышып кытайлык "Zhong Ji Mining Company"  компаниясына 10 пайыздык үлүшкө отурушкан. Эмне үчүн алардын бул былыктары айтылбай карапайым-калкты коркутуп жатабыз? Эске сала кетсек, аталган кен-байлыкка ээлик кылган “Юр-Азия в Кыргызстане” компаниясы ...

0 333

Шабдан берген Чүй дарыянын бир жээги казакка жарашпай турат

06-август 2019, 13:36 Кызгалдак Жакыпова

Нурсултан Назарбаев Улуу жүздөгү чапрашты бийдин небереси Нураке төрөлөрдүн тукумунан. Брежнев, Колбиндерди эсептебегенде казактарды 25 жылдан ашуун Динмухаммед Кунаев жетектесе, 29 жылдан ашуун Нураке бийледи. Казакстанды башкарган Кунаев 1962-жылы 16-декабрда кызматынан алынып, 1964-жылы Брежнев келгенде кайра ордуна келет. 1986-жылы 16- декабрда Кунаев экинчи ирет кызматынан алынат,  Геннадий Колбинди коюшуп, казак жигиттери  бийликке каршы «Желтоксанды» ...

0 1089

Солтон-Сары үчүн Жээнбековдун абийирин төгөм деп жатып, Атамбаев өз абийирин ачып алды

06-август 2019, 12:23 Кызгалдак Жакыпова

Атамбаевчилдерге жага бербей калды, “Шылтоого шыноо таап”  Солтон-Сары кенинде жергиликтүү жашоочулар менен  кен комбинатын куруп жаткан кытайлык "Zhong Ji Mining Company"  компаниясынын ортосунда болуп өткөн чырды атамбаевчил фейктер күнөөнүн барын Жээнбеков баш болгон азыркы бийликке шыбашты.  Бирок эмнегедир эстерине жара чыгышып жаткан кытайлык "Zhong Ji Mining Company" компаниясына Атамбаевдин заманында Дүйшөнбек Зилалиев деген азыр мыйзамсыз байыган деген иш боюнча  ...

0 293

ОшТУда калыстык бар, коррупция жок!

06-август 2019, 11:50 Кызгалдак Жакыпова

Орто жана жогорку окуу жайларына талапкерлерди кабыл алуу өнөктүгү өлкөбүздүн бардык булуң-бурчунда абдан кызыды. ОшТУга кирип баратып, кубанычы койнуна батпаган майып кызга жолугуп, капыл-тапыл кепке тарттым. -Аты-жөнүң ким? -Меңдиайым Сүйүнбай кызы. -Кечирип коесуз, сылтып басканыңызга караганда майып өңдөнөсүз? -Ооба. Экинчи топтогу майыпмын. -Сүйүнгөнүңүздөн улам окууга өткөн окшойсуз, ээ? -Туура эле баамдапсыз. ОшТУга документтеримди тапшырган элем. ЖРТнын жыйынтыгында 117 балл ...

0 505

Атамбаев Түркия, Кытай, Индия сыяктуу жерлерде эс алууну жакшы көрчү, Жээнбеков патриот экен

06-август 2019, 10:12 Кызгалдак Жакыпова

Борбор Азиянын президенттери өз мекенинин даңкын чыгаруу үчүн Бердымухаммедов май жыттанган Каспийде эс алса, Назарбаев,Каримов, Мирзияевдер чөл жыттанган өз мекендеринде эс алышчу. Бир гана кереметтүү Ысык-Көлү турса да аны теңине албай самсалаап Атамбаев Түркия, Кытай, Индия сыяктуу жерлерде эс алууну жакшы көрчү. Жөнөкөй жарандар эс алса эс ала берсин, бирок президенттин элдин колу жетпеген Ысык-Көлдү ...

0 171

Солтон –Сары солкулдап турат, жаңы бийликтин жүрөгү болкулдап турат

06-август 2019, 08:58 Кызгалдак Жакыпова

Нарындын Солтон-Сары кенинде  500дөй адам чогулуп, кен комбинатын куруп жаткан кытайлык «Жоржи Майнинг» компаниясына барган. Чогулгандар кытайлык компаниянын кызматкерлеринин чыгып кетишин талап кылышкан.  Ортодо пикир келишпестик чыгып, кытай компаниясынын кызматкерлери токмоктолду. Отуздан ашык киши жаракат алды. Айыл тургундарынын арасынан да бир нече кишиге таш тийгени айтылып жатат. Жергиликтүү эл компаниянын айрым жүк ташуучу автоунааларынын терезесин сындырып, тоодон ылдый ...

0 259

Сауд Арабиясында аялдар эми гана паспортко жетишип, эл сыяктуу укуктарга ээ боло баштады

05-август 2019, 16:38 Кызгалдак Жакыпова

Сауд Арабияда жаңы кабыл алынган мыйзамга ыл айык, аялдар чет өлкөгө эркектин уруксаты жок эле чыга алышат. Эми 21 жашка чыккан кыз-келиндер өз алдынча паспорт алууга укуктуу болушту. Талдоочулар жаңы мыйзам мамлекет үчүн чоң кадам экенин белгилешүүдө. Анткени бойго жеткен кыз-келиндер эркектер сыяктуу эле тоскоолдуксуз паспорт алууга мүмкүнчүлүк алды. Падышалык жарлыкка ылайык, паспорт алуудан тышкары ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 453

Атамбаевдин Путинди ойлоп жатып чачы агарды, Путиндин Атамбаевди ойлоого убакыты жок

05-август 2019, 15:43 Кызгалдак Жакыпова

Учурда үч миллионго чукул гектар жерди өрт каптады. Орусиянын президенти Владимир Путин Сибирдеги өрттү өчүрүүгө армия тартылып жатат деп билдирди. Экологияны коргогон Greenpeace уюму муну "айлана-чөйрөдөгү катастрофа" деп мүнөздөдү. Жергиликтүү тургундар болсо өрт өчүрүү үчүн жетиштүү чараларды көргөн жок деп, бийликке нааразылык билдирүүдө. Сhange.org сайтында Сибирдеги өрттү өчүрүү талабы менен петицияга кол коюп жатышат. Ушул учурга чейин 800 ...

0 409

Министр сүйлөсө асманды сүйлөйт, базарда картошканын баасы  6 сомго түшүп калды

05-август 2019, 14:53 Кызгалдак Жакыпова

Жаздын аягы дыйкандарды  картошка айдагыла деп үгүттөгөн министр Мурашев кызматынан кол жууп, анын ордуна орун басары Эркинбек Чодуев келген. Бул министрликте коррупция да гүлдөп  ЕврАзЭСте жок Өзбекстан, Тажикстандан арзан айыл чарба азык- түлүктөрүн алып Орусия, Казакстанга салыгы жок кымбат сатып жүрүшкөн коррупционерлердин бети ачылган. Министр Чодуев сүйлөсө дыйкандар жыргап калды деп асманды сүйлөйт. Башкасын койолу картошканы Ош базарынан 6 сомго алса ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83