www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коом
0 744

Тажикстанга канча жер бекер кеткенин “тажик тыңчысы” вице-премьер Жеңиш Разаков билеби?

Кыргыз-тажик чыры кайра чыкты, “тажик тыңчысы” атка конгон өкмөттүн вице-премьери Жеңиш Разаков Атамбаев колдоп Баткенде губернатор болуп жүргөндө эле Тажикстандан кайрый турган жерлер бар эле. Бул эмне болгон жерлер? Кыргыз өкмөтүнүн камырабастыгынан улам, соңку отуз жылда Баткендин Лейлек район анклав абалына кептелип баратат.2004-жылы азыркы “Бир болчу” Шадиев Тажикстанга «белекке» 104 гектар жерди берип жиберген. Лейлек районундагы Максат айылынын алдынан ...

0 384

Атанын  кадырын канча жашыбызда түшүнөбүз ?

5-жашта –Атам чыныгы билерман болгон; 10- жашта –Атам барын билбейт, бирок көп нерсе билет; 15-жашта – Атам көп нерсени деле билбейт, көз карашы эскирген; 20-жашта – Атам эч нерсе билбейт, чалдыбары чыккан кайсы бир нерсени айта берет; 30- жашта – Атам бир нерсени чала-була билет окшойт; 40-жашта -  Атам бары бир бир нерселерди көп билет окшойт; 50-жашта – Аттиң, атам барын билген гений болуптур, кандай өкүнүчтүү аны ...

0 715

Бүгүнкү заманда Адахам Мадумаров, Канат Исаев сыяктуу “Шабдандары” көбөйүп баратат, мурун жалгыз эле Шабдан болгон

Тарыхий таржымалдарга таянсак Шабдан баатырдын кыргыз үчүн сиңирген эмгектери мол, бирок Чүйдүн аркы жээгине казактарды көчүрүп келип өзүнө каратып алганы,анын көзү өткөн соң терс сапатка ооп кетти. Анткени Совет мамлекети жаралган соң бул жакта казактар жашайт экен дешип Чүйдүн аркы жээгин, Кыргыз АССРине ( азыркы Казакстанга) кошуп, ошол бойдон кыргыздын жерлери чыркырап Казакстандын колунда калды. Ошол казактар кошомат кылганбы же ...

0 716

Мыйзамды өзү бузган спикер Жумабеков аялы Кушубекованын бизнесин эмнеге декларациядан ачык айтпай жүрөт?

Кыргызстандагы мамлекеттик кызматкерлердин кирешелери жана мүлкү боюнча декларациялык маалыматтардын базасы болгон Рolitmer.kg порталы жазганына караганда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков үй-бүлөсүнүн, туугандарынын бизнесин, мүлкүн декларация толтурган кезде жашырган. Декларацияда көрсөтүлгөн маалымат боюнча спикердин бир жылдык кирешеси 715-770 миң сомду түзөт. Бул айына 60-64 миң сом табат дегенди билдирет. Декларацияда 59 чарчы метрлик ...

0 402

Батукаев тууралуу Атамбаев жооп берүүгө даяр

“Алмазбек Атамбаев Батукаев боюнча тергөөнүн жазуу түрүндө берген суроолоруна маалымат каражаттары аркылуу ачык жооп берүүгө даяр”. Бул тууралуу Атамбаевдин өкүлү, адвокат Сергей Слесарев тараткан билдирүүдө айтылат. 22-июлда Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов баштаган тергөө тобунун мүчөлөрү барган. Адвокат ИИМ жетекчилеринин Атамбаевге барышын “мыйзамсыз аракеттер” деп атаган. Буга чейин ИИМ үч жолу Атамбаевди суракка чакырып, ...

0 237

Балмуздак сатып байыйбызбы?

23-июль 2019, 14:45 Кызгалдак Жакыпова

Кыртызстандын сырткы экспорту чабал. Көптөгөн жер - жемиш жана башка товарларда бир топ тоскоолдуктар, лабораториялык карантин чектөөлөрү да бир топ кыйынчылыктарды жаратты. Мына ушундай шартта биздин ишкерлер үчүн балмуздакты сыртка чыгаруу маселеси орундуу болуп турганы айтылууда. Кытай бажычыларынын айтуусунда балмуздак КЭР классификацияга ылайык тондурулган суусундук катары саналат. Экспортто маалында ага башка ветеринардык талаптар коюлбайт. Кыргызстандын ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук ...

0 330

Прокурорлор деле өлөт, ошол үчүн Бакыт Халмурзаев адилеттүүлүктү кармап калыс болуш керек

Ош шаардык соту Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө байланыштуу ишти кароону улантууда. Анда эксперт Мая Марифбаева соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча көрсөтмө берип жатат. Анын айтымында, прокурор отурганы айтылганы “Лексус 470” үлгүсүндөгү автоунаадан алынган далил буюмдардагы кандын тактары Мамажакыповго таандык экени аныкталды. Ал эми баллистикалык экспертизанын жыйынтыгы боюнча, ок кайсы куралдан атылганы аныкталган эмес. Буга чейинки отурумда соттук-медициналык ...

0 285

Кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкты, “Тажик ышпийону” атын менчиктеп алган вице-премьер Жеңиш Разаков  текей оттоп жүрөбү?

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырда Кыргызстан тараптан 15 киши жабыркап, ооруканага түштү. Алардын 12си октон жараат алган, үчөөнө таш тийген. Бул тууралуу  өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, жабыркагандар арасында милиция, чек ара кызматкерлери, жергиликтүү тургундар бар. 22-июлда кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, ок атылган. Расмий маалымат боюнча кечки 17:20 чамасында Ворух айылынын кире ...

0 1327

Баланын этин деликатес деп жешкен кытайлыктарга ЖК депутаттары эмне үчүн виза бергиси келишет?

Кытайга виза берүү бул дүйнөдө чоң маселе. АКШтагы Сан-Франциского 700 кытайга виза бергенден кийин миллиондоп кетип АКШ кытайлыктар киргенге чек койгон. Орусия канча дос болсо да Ыраакы Чыгыш жагын басып кеткен. Азыр дүйнөдө «Чайн-таундар» көбөйгөн. Кытай маселеси оор маселе ошондуктан аларга виза беребиз деген эл өкүлү 4 бөлүмдөн алчу акчага кызыкпай элди ойлош керек. Туристтер болсо ЮНЕСКОдогу тарыхий баалуулуктар тизмеси ...

0 496

Атамбаевди “жеп” чыгышкан “Кыргызстан” бул шайлоодо чыгабы же тарап жок болобу?

“Скорпион” жандыктарынын ичинде эң жырткычы болот. Алар энесинин курсагында жатканда эле, анын ашказанын тешип, өзүн мүлжүп  чыгышат. “Кыргызстан” деле “скорпион” сыяктуу өзүн кол бала кылып чоңойткон Атамбаевди “жеп”, анан бири-бирин чайнап жеп жатышат. Эң башында деликатес кылып Каныбек Иманалиевди жешкен, андан соң Эсенамановаларды жешти, кийинки курмандык Канат Исаев болду. Ага тоюшпай Атамбаевди жешти, эми кимди жесек деп, алактап сукулдап турушат. ...

0 411

Атамбаев акыл-эсине эми кире баштады “Коопсуз шаар” долбоору кооптуу экен деп, эмнеге ал президент кезинде мындайларга көңүл бурган жок?

Эсибизге жара чыкпаса Атамбаевдин учурунда элге кыянаттык кылган көп эле мыйзамдар кабыл алынды. Эми болсо Кой-Ташта түзүлгөн “элдик штаб” жол эрежесин бузгандар үчүн салынган айып пул маселесин талкуулады. Алмазбек Атамбаевди колдогон Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаеванын айтуусунда. Анын айтымында, штабга келген адамдар айып пулдун жогору экенине жана “Коопсуз шаар” долбоорунун иштешине нааразылыгын билдирип жатышат.

0 11129

Сөзүң өлгүчө өзүң өл дейт эмне Кубанычбек Жумалиев “өлдүбү” же Түштүк-Түндүк жолуна Атамбаевдин аты берилдиби?

Түштүк-Түндүк жолуна Атамбаевдин аты берилди беле? Акаев десе ичкен ашын таштап премьер-министрге жеткен аспиранты Кубанычбек Жумалиев Атамбаевдин убагында ЖКга депутат болуп алып өлсөк да Түштүк-Түндүк альтернативдүү жолуна Атамбаевдин атын беришибиз керек деп чыккан, Жумалиев өлдүбү же Түштүк-Түндүк альтернативдүү жолу Атамбаевдин атын алдыбы?   Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

0 677

Президент Ошко Жылкыбаевдин жылкыларын санаганы барып келдиби?

Жылкыбаев деген мансапкор, элдин энчисин жеп байыган жигит бар. Жылкысы түмөн дешет, кызматка турарда эле үйүрлөп жылкы айдай баштайт дешет. Ысык-Көлгө губернатор болордо Эмилбек Каптагаев деген таз акесин мүлжүп анан болгон. Канча жылкы бергенин бир “атакеси” билбесе ким билет? Эми болсо Ошту Султан Ибраимов, Амангелди Муралиев, Бекболот Талгарбеков, Жаныш Рустенбеков сыяктуу байкелерим тейлеп келген, мен алардан кем бекем деп губернатор ...

0 3494

Бишкектин мэри Азиз Суракматов тарифтерди көтөрүүнү баштады

Азиз Суракматов жетектеген Бишкек мэриясы муздак сууга болгон тарифти көтөрүүнү пландап, бааны жогорулатуу боюнча токтомунун долбоорун токуп Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна жиберишти. Бишкек деген борбор, 2010-жылы Данияр Үсөновдун өкмөтү тарифтерди көтөрөм деп, азыр Даниил Урицкий болуп дайнын таппай жүрөт. Азиз Сураматов президенттин акеси Жусупбек Шариповдун кайын-журту Асылбаштан болсо эле тарифтерди көтөрө берсинби? Суракматов тургундар үчүн суунун тарифин -8,10 ...

0 6319

Каниет Жыргалбеков: “Уландын өзү өлгөнүнө ишенбеймин...Мен жек көргөн 22-июль...”

22-июль 2019, 10:47 Кызгалдак Жакыпова

“Азаттыктын” чыгаан журналисти Улан Эгизбаевдин кайтыш болгонуна 1 жыл толду. Артында Улан көрбөй калган уулу Белек калды. Сыздаган ата-энеси, жалгызсыраган жубайы Улансыз бир жылын өткөрдү. Бүгүн, Уландын досу, теле алып баруучу Каниет Жыргалбеков так ушул таптарда Уландын мүрзөсүндө турганын айтып, досун эскерди. --Эртеден бери жанында олтуруп, бир жыл ичиме толгон бугумду айтып чыгарып алдым. Сенсиз ...

0 434

СҮРӨТ - Ош облусу өнүгүүнүн жолуна карай бет алды

22-июль 2019, 10:34 Кызгалдак Жакыпова

Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында үрөнчүлүк чарбалардын жетекчилери, ири дыйкан фермерлер, жайыт комитеттеринин төрагалары менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу маалыматты жеринен Нуркыз Кадырбекова билдирди. Аталган семинарга Айыл чарба министринин орун басары Амангелди Исаев катышты. Жыйында теориялык маселелер жана сунуштар айтылып, андан соң обьктилердин жана дыйкандардын иштери менен жеринен таанышуу, тажрыйба алмашуу, кеңеш берүү иштери менен катар көрсөтмөлүү ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 602

Мамлекетти шыйрагындай көрбөй көпкөн конокторду ордуна койчу орган барбы?

20-июль 2019, 14:55 Кызгалдак Жакыпова

«Жамандын үйүн коногу бийлейт» деген ата - бабанын нарктуу сөзү бүгүн бизге куп гана жарашып турат. Кайсы тармакты карабагын кечээ босогодон эптеп киргендер бүгүн кутуруп, өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илишүүдө. Буга чейин итке калпак кийгизип кыргызды шылдыңдаган «Бишкек Парктын» төшү түктүү кожоюндары кечээ күнү кыргыз тилинде сүйлөөгө тыюу салгандыгы ачыкка чыгып, элдин кыжырын кайнатты. Тактап айтсак, Абдулбасит Давлат аттуу жаран ...

0 597

Аз камсыз болгон үй - бүлөлөрдүн социалдык паспорттору электрондоштурулду

20-июль 2019, 11:07 Кызгалдак Жакыпова

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык паспорттору электрондоштурулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге ылайык, социалдык паспорт — аз камсыз болгон үй - бүлөлөрдүн жашоо - шартын көрсөтүп турган база. Ал жактан арыз ээлеринин канча баласы бар экени, кирешеси, мамлекеттен канча акча алары, майыптыгы бар - жогун толугу менен көрсө болот. «Бул документти электрондоштуруу менен эми арыз ээлери ар ...

0 338

Бакыт мырза Баткенди сатып жибербейби?

Акыркы мезгилде Баткенде жерди мыйзамсыз Тажикстанга берип жибергендер тууралуу кептер чыгып жатат. Ал эмес парламенттик жыйында жер сатам деп желпилдеп турган Жеңиш Разаковду “Тажикстандын ышпыйонусуң” –деп чыгышты эле, оозуна талкан куюп алгансып, унчукпай отуруп берди. Кичине “Жок, мен ышпыйон эмесмин” дегенге да жараган жок. Абдыбакыт Халмурзаев иш билги прокурор, ал Бакиевдин заманында Башкы прокурордун орун басарына чейин эмгек жолу менен ...

0 218

Гезиттен 5 миллион өндүргүсү келген милициянын министри Кашкар.Ж.нын иши соолгундап калганбы?

Ички иштер министринин орунбасары Абдыкаров “Азияньюсту” сотко берип кайра достошуп тынган. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев “ар-намысыма шек келтирди” деген негизде “Азия-Ньюс” гезитин сотко берди. Кызык эл милицияга таянчу эле, эмки министрлер өз арбайын согуп калыптыр, мүмкүн  иши соолгундап бараткандыр. Фотоколлаж жана Кашкар Жунушалиевдин оюнча чындыкка жатпаган маалыматты камтыган макалалар боюнча. 5 млн. сомдук доо коюлуп жатат. Жунушалиевдин ...

0 165

Көркөм тасмалардын көркүн чыгарган инсандар

18-июль 2019, 14:59 Айдар Нуралиев

Көркөм тасмаларда терс каармандын образын жараткан актёрлор элдин баарына эле анча жага бербесе керек. Айрым көрүүчүлөр аларды чыныгы жашоодо да жек көрүп калышары тууралуу да эл арасында ар түрдүү маалыматтар айтылып келет. Анда кыргыз киносунда өздөрүнүн ээлешкен салмактуу орду бар, көп учурда тасмада терс каармандардын ролдорун аткарышкан кыргызга таанымал бул инсандар тууралуу кеп кылып көрсөк.  Кыргызды кыйырга тааныткан актёрлор 

0 186

КЫЗЫКТУУ КЕСИП: "Жөжө адиси"

18-июль 2019, 09:35 Кызгалдак Жакыпова

Чындыгында күлкүлүү угулушу мумкүн, бирок бул - айылдагы эң көп маяна алуучу кесиптердин бири катары эсептелет.  Себеби, жарык дүйнөгө келген жөжөнүн эркек же ургаачы экенин билүү - баарынын эле колунан келе бербейт. Бул нерсени так жана туура аныктоо үчүн жөжө боюнча атайын адис таамай көрүүгө ээ болушу керек. Анан ушундай саргайган, жумшак, жагымдуу жандыкты титиреген колдор менен кармап алып, эркелет ...

0 452

Келдибаевдер Атамбаевге таянып алышып Кадыралиевага чабуул жасашкан

Санжар Кадыралиевдин баркын билбеген Келдибаевдер депутаттык орун үчүн Жогорку Кеңештин экс- депутаты Ыргал Кадыралиевага асылышкан.Ошого жооп кылып Бишкектин Ленин райондук сотунун чечимине каршы жогорку инстанцияга кайрылат. Сот 5-июлда Кадыралиеваны парламент депутаты Сагындык Келдибаевге 50 миң сом моралдык чыгым төлөөгө милдеттендирген болчу. Бирок Кадыралиева соттун чечимин дагы эле колуна ала элек экенин айтып, муну жоопкерчиликсиз мамиле катары белгиледи. 2018-жылы Кадыралиева Бишкектеги басма ...

0 277

Мурунку президент 20 миллион доллар пара алганы үчүн  камакка алынды

Экс президент бразилиялык «Odebrecht» компаниясынан 20 миллион доллар пара алып, мамлекеттик курулуштарга катышуусуна жол ачкан деп айыпталып жатат.Перунун бийлиги мурдагы президентти өткөрүп берүүнү Кошмо Штаттардан бир жылдан бери өтүнүп келген. АКШда 16-июлда Перунун мурдагы президенти Алехандро Толедо камакка алынды. Эми аны мекенине өткөрүп берүү маселеси чечилиши керек.Алехандро Толедо Перуну 2001-2006-жылдары башкарган. Ага коррупцияга байланыштуу айып коюлуп, издөө жарыяланган. 73 жаштагы Толедо бардык ...

0 461

Атамбаев Текебаевди мактап калыптыр, анда эмнеге сары улактай садага чаап, каматты эле?

Экс-президент Алмазбек Атамбаев  Кой-Ташта тарапкерлери менен жолугушкан учурда «Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаевдин ишинин кайра каралышына комментарий берди. Ал «Текебаевдин иши боюнча катаал маселеге туруштук бериши керек» болгонун журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айткан. Анын айтуусунда: - Факт сотто далилденген. Бирок ал жазасын эбак эле өтөп койгон. Мен Текебаевдин кылмыш иши ...

0 232

Эски элиталар элди соруп жегенди билишет, эзели өлкөнү өнүктүрүүнү ойлошпойт

Атамбаев жетелеп чоңойткон Өмүрбек Бабанов менен Канат Исаев байлык жөнүндө Москвада сүйлөштүбү же бийлик жөнүндөбү? Атамбаев бир жагынан туура айткан, элди эзип жеген карышкыр элитаны өзүм менен ала кетем деп. 2012- жылы “Республика” партиясынан Бабанов өкмөт башчысы болгон. Ошол кездеги “Республика” фракциясынын жетекчиси Канат Исаев Бабановго каршы чыгып, аргымакты бюджеттин эсебинен миллиондогон сомго сатып алган деген сөз чыгарып, Бабановду кызматынан ...

0 4507

Токаев Мадумаровду Саакашвилидей кылып Казакстанга губернаторлукка алып кеткени калганбы?

Адахам Мадумаровду Казакстанга кызматка алып кетсе болот. Ал Касым-Жомарт Токаевдин күйөө баласы, “күйөө баланы пайгамбар да сыйлаптыр”. Касым-Жомарт Токаев спикерликтен президенттикке келген. Адахам Мадумаров да бир учурда президент болуп туруп, кол алдындагы парламентти нөлөбөй класстын окуучуларындай шөлбүрөтүп, Каркыраны кайын-журтуна кармата берген. Ал жакшылыгын Токаев унутпайт. Касым-Жомарт Токаев Порошенко Саакашвилиге Одеессанын губернаторлугун бергендей, Адахам Мадумаровго Шымкенттин губернаторлугун берип койсо,ага жарашып эле ...

0 233

Президент келерде бала - бакчага карызга эмерек алынган

17-июль 2019, 13:06 Кызгалдак Жакыпова

Ташкент облустук мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы президенттин сапары алдында «Калдиргоч» бала - бакчасы үчүн жеке дүкөндөрдөн карызга эмерек алып, акчасын кайтарып бере элек. Дүкөн ээлеринин айтымында, кеп жалпы баасы 76 миллион сумдук (9 миң АКШ долларына жакын) эмерек жана тиричилик техникасы жөнүндө болууда. «Президенттин аталган бала - бакчага келээрине бир күн калганда биз жалпы баасы 76 миллион сумду ...

0 273

Азамат Жаманкулов: "Кыргызстанда маалымат каражаттары үчүн жабык темалар жок”

17-июль 2019, 12:39 Кызгалдак Жакыпова

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов соңку кезде “фейк маалыматтар” маселеге айланганын билдирди. Ал бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан медиа конференциянын жүрүшүндө айтты. Жаманкулов Кыргызстанда сөз эркиндиги барын жана бийлик органдары шартты түзүүгө аракет кылып жатканын белгиледи. “Кыргызстанда маалымат каражаттары үчүн жабык темалар жок”, - деди Жамангулов. Министр азыркы учурда жалпы дүйнө үчүн Интернеттеги “фейк маалымат” маселеге айланганын ...

0 739

Текебаевдин иши бийликтин эсин оодарды, аны бошотсо да болбойт, камап жатса да болбойт, эмне кылыш керек?

Жыл башында президенттин аппаратындагы ырайым берүү маселесин караган тиешелүү комиссия Текебаевди бошотуу талабы менен чыккан экс-президент Роза Отунбаеванын талабын  канааттандыруудан баш тарткан. 16-июлда чыгарбаса оппозицияга өтөм деген Өмүрбек Текебаевдин иши 21-августка жылдырылды. Текебаевди эмне кылыш керек деген пикир бийликтин башын катырмай болду. Анткени, аны дагы камаса оппозицияга өтөт.  Бошотуп жиберсе ага өкүм чыгарган сотторду да «тазалаш» керек болуп калат. «Текебаев таза ...

0 253

Тилек Токтогазиев: "Нестле"менен сүйлөшүүнүн өзү эле ийгилик"

17-июль 2019, 11:41 Кызгалдак Жакыпова

Nestle кыргыз фермерлеринен чийки зат сатып алуу мүмкүнчүлүгүн кароодо. Анын айтымында, компания Кыргызстандан чийки зат сатып алууга кызыктар. Токтогазиев компания менен байланышуу кыйынга турганын, бирок биринчи сүйлөшүүлөр ийгиликтүү өткөнүн, алардан сунуш күтүп жатканын билдирди. «Негизи «Нестле» менен сүйлөшүүнүн өзү эле ийгилик. Компания өтө чоң, анын капиталы 290 миллиард доллар, жылдык кирешеси – 14 миллиард доллар. Бул Кыргызстандын ИДПсынан да ...

0 176

Усубалиевдин атын аянтка ыйгаруу сунушу колдо табабы?

17-июль 2019, 10:50 Кызгалдак Жакыпова

Бишкек шаардык кеңеши мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин атын эски аянтка ыйгаруу боюнча токтомунун долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Ал токтомдо Бишкек шаарында Орозбеков - Раззаков көчөлөрүнүн чегинде жайгашкан аянтка (Эски аянтка) анын атын ыйгаруу сунушталган. Буга чейин Тарых музейге, Свердлов районуна, Кочкор районуна жана Бишкектин Киев, Нарындын Ленин көчөсүнө Турдакун Усубалиевдин ысымын берүү тууралуу сунуштар айтылган, - дейт "Багыт.kg" гезити.

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 220

Жети миң адамдын үнү президентке жетеби?

17-июль 2019, 10:44 Кызгалдак Жакыпова

Учурда абакта жаткан Аида Салянованын тарапташтары анын бөгөт чарасын өзгөртүүгө чакырган жана ишти президент Сооронбай Жээнбеков өз көзөмөлүнө алышын өтүнгөн кайрылуу жөнөтүштү. Кайрылууга 7 миңдей адам кол койгон. Кайрылууда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча Аида Салянованы негизги күнөөкөр кылуу аракети жүрүп жатканы айтылган. Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбор Салянованын саламаттыгына байланыштуу жагдайга көңүл бурууну өтүнүп Жаза ...

0 177

Кыздардын жамалы жүзүндө дирилдейт, Жамалдын жамалы сейилбагында дирилдейт

“Жаңы доор” партиясын зыркыратып, омоктуу оюн айтып, элдин көңүлүн бурган Жамалбек Рысалиев деген жигитибиз бар. Булар азыркы капчыгын гана ойлогон парламент депутаттарынан айырмалынып Кыргызстанды кантип өнүктүрсө болот  дешип түнкүсүн кирпик ирмебей чыгышат. Азыр өлкөнүн өнүгүшүнө жеке ишкерлердин элге салымы чоң болууда. Бардык жердеги жаңы курулган жакшы саамалык иштерди ишкерлер ишке ашырып, шаардабы, айылдабы элге кубаныч тартуулап жатканын ...

0 169

Меккеге аттангандардын алгачкы тобу зыяратка кетти

17-июль 2019, 08:42 Кызгалдак Жакыпова

  Кыргызстандан ажылык сапарга аттанган мусулмандардын алгачкы тобу 17-июлда эртең менен Бишкектеги «Манас» эл аралык аэропортунан Сауд Арабиясына учуп кетти. Жалпысынан Бишкек менен Оштон 18 каттам уюштурулган. Эскерте кетсек, Сауд Аравия Падышачылыгы 6010 квота бөлгөн. Булак: NazarNews.kg

0 532

Путин менен жолугушуудан соң Олег Панкратов Жээнбековго кеңешчи болду, бул Кремлдин буюртмасыбы?

Панкратов 2018-жылдын жазында экономика министри болуп дайындалган. 2019-жылдын февралында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев милдетин аткаруудагы кемчиликтери үчүн ага сөгүш берген. 24-майда Панкратов арыз жазып, отставкага кеткен.  Ал өзү: "Көп сын-пикирлер болгондуктан, ушундай чечим кабыл алдым",- деген. Путин менен жолугушуудан соң президентке кеңешчи болуп дайындалды. Президент Сооронбай Жээнбеков экс- экономика министри Олег Панкратовду өзүнө кеңешчи кылып дайындады. Жарлыкка 16-июлда ...

0 528

Жан сакчысы жок президент орун жок тепкичте отурат, биздин көпөс атка минерлер менен салыштырып көрөлү

2019-жылдын биринчи жарымында  Финляндия “дүйнөдөгү эң бактылуу өлкө” рейтинги боюнча биринчи орунду алды. Финляндиянын президентин биздин көпөс атка минерлер менен салыштырып көрөлү: 1. Финляндиянын президентине орун жок, аудиториянын  тепкичинде отурат. 2. Мына президент деген ушундай болсо. Финляндиянын президентине китеп жармаңкесинде орун калбай калыптыр. Бир нече адам Финляндиянын президентине орун бошоотуп берели дешти эле ал сылык баш тартыптыр 3. Финляндиянын президенти авто менен гана эмес,кээде ...

0 436

Унаа жана жол министри Жанат Бейшенов жоктон тапкансып жолдун ар бир километрине акы төлөө тууралуу мыйзамды алып чыккан жатат

Түндүк-Түштүк жолуна Атамбаевдин атын койобуз деп жулунган Акаевдин премьери Кубанычбек Жумалиевдер парламентте отурганда,  Кыргызстандын аймагындагы чоң жолдордо жүрүүгө акы алуу максатында төлөмдөрдүн эсебин чыгарып, долбоорду Жанат Бейшенов парламентке сунуштаганы жатат. Долбоорго ылайык акы алуу пилоттук аймак катары Кочкор-Кубакы жолунан башталат. Өлкөдө Унаа министрлиги тейлеген шаар жана айыл аралык 18 800 чакырым автожол бар. Анын 6 миң чакырымы асфальттанган. Бул жолдорду жыл ...

0 497

СССР убагында туулгандар, чоң үлүш алышы мүмкүн

Акыркы убакытта СССРдин алтын фонду табылды деген маалыматтар интернет талаасына байма - бай чыгууда! Эгер ошол мурас батыш өлкөлөрүндөгү банк эсептерден кайтарыла турган болсо  СССРде туулгандар, чоң үлүш алат. Биринчиси, Сталин Германияны жеңгенде Гитлердин бүткүл Европадан жыйнаган байлыгына ээ болуп 1947-жылдары бирөөгө мурас катары калтырган. Кээ бир маалыматтар боюнча Сталин өзүнүн тегерегиндеги Берия, Молотов, Маленков жана башка орус саясатчыларына ...

0 547

ВИДЕО - Жээнбековдун портрети менен ойногон мэриянын кызматкерлери кечирим сурашты

16-июль 2019, 12:09 Кызгалдак Жакыпова

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун портрети менен ойногон Бишкек мэриянын кызматкерлери жумуштан алынат. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти. Айта кетсек, социалдык түйүндөрдө Сооронбай Жээнбековдун портрети менен кесиптешин ургулап жаткан кыска видео жарык көргөн. Анда кызматкерлер Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы премьер-министр болуп турган кезинде өкмөттүн жыйынынан аткаминерлердин бирин “Чык эшикке” деп сыртка кууп чыккан сөзүн кайталап айтышкан. Ал эми бул видеодон ...

0 285

Курман айтка карата миң кой сатып алууга тендер жарыяланды

16-июль 2019, 11:08 Кызгалдак Жакыпова

Катар мамлекетинин кайрымдуулук уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү алдыда боло турган курман айтка карата миң кой сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу аталган уюм тараткан маалыматта айтылат. Ага ылайык, курман айт күнү муктаждарга, ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга эт таратылып берилет. Тендерди жеңген тарап эки жашка чейинки, 20 килодо ашык эт берген койду жеткирүүгө милдеттүү. Ошондой эле ...

0 1292

Солтон-Сарынын жыргалын Кожобек Рыспаев, Аманбай Кайыпов көрүп, элдин малы кырылсынбы?

«Jhong ji Mining» компаниясы Солтон-Сарыда кен казуу жана чалгындоо иштерин жүргүзүш үчүн Мамлекеттик геология агенттигинен лицензияны 2012-жылы Атамбаевдик бийликтен алган. Анын негизинде быйыл кен иштетүүчү комбинат курууну пландап жатат. Бул кенди колдогондордун бири кен боюнча парламент комитет төрагасы Кожобек Рыспаев болсо, бири Нарындын губернатору Аманбай Кайыпов. Чогулгандар «кен иштеткен компания агын сууну булгап атат, жайыттагы мал ...

0 269

Орусия “Газпромго” 1 долларга “Кыргызгазды” алып берген, эми “Кыргызнефтегазды” канча долларга алат?

 Орус тарап иш сапарга келгенде Жерүй алтын кени, Газпромдун иши, билим берүү тармактарында кызматташууларга өзгөчө басым жасаган. Ошондой эле Газпромдун Кыргызнефтегазды алуу максаты, Кыргызстан темир жолунун долбоорлоруна (өзгөчө Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу боюнча) Орусия темир жолунун кызыгуусу байкалып, бирок ал кыргыз коомчулугунда бир жактуу кабылданган эмес... Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

0 239

 Орусиянын кымбат мунайзатынан Казакстандын арзан мунайзаты керекпи?

Орусия Кыргызстанга жылына кошумча төлөмсүз 1.1 млн. тонна мунай заттарын сатып жатканын, андан Кыргызстан 2 млрд. доллардай пайда көрүп жаткандай элес калат. Бирок Кыргызстанда Орусия компаниялары сатып жаткан мунай заттарынын баасы өтө жогору, ага караганда Казакстанда бензин арзан деген маселе парламентте, андан кийин өкмөттө көтөрүлгөн. Мына ошондон кийин кыргыз өкмөтү Казакстандан мунайзаттарын сатып алуу боюнча сүйлөшүү жүргүзө баштаган. Июнь ...

0 361

Кыргызстанга акча которуу көлөмүн чектеп койгон Орусия тоскоолдуктарды качан алат?

Кыргызстандын Орусияда миллиондогон эмгек мигранттары бар. Эмгек мигранттары Кыргызстанга миллиарддаган акчаларды которуп, ушул акчалардын эсебинен нечендеген үй-бүлөө оокат кылып келатат. Сооронбай Жээнбеков Владимир Путиндин мурунку сапарында кыргыз эмгек мигранттарына киргизилген “кара тизме” боюнча мунапысты улантууну өтүнгөн. Ал канааттандырылган. Бирок андан кийин Орусия тарап акча которуу көлөмүн 100 миңден ашпасын деген чечим кабыл алып, бизди Вьетнам сыяктуу мамлекеттерге теңеп койгон, ...

0 643

Өзбекстан Орусиядан эмнеге курал-жабдыктарды сатып алып жатат?

Ислам Каримовдун тушунда халифатчылыктан сактануу максатында Өзбекстан Орусиядан көп курал-жабдыктарды сатып алган болчу. 30 миллион калктан ашкан Өзбекстан Мирзияев президент болуп келгени тынчып калган. Эми Өзбекстан премьер-министри Абдулла Арипов Москвада Дмитрий Медведев менен сүйлөшүү жүргүзүп курал-жабдыктарды сатып алды. Ташкент менен Москва соода-экономикалык, инвестициялык кызматташууларды абдан өнүктүрүп жатканы белгилүү. Ал эмес өзбек тарап Москвадан Су-30 СМ аскерий учактарын, Ми-35М тик ...

0 177

Аида Салянованы эркиндикке чыгаруу боюнча кол топтоо башталды

15-июль 2019, 11:05 Кызгалдак Жакыпова

Мурдагы башпрокурор Аида Салянованын тарапташтары анын баш коргоо чарасын өзгөртүү суранычы менен кол топтоону башташты. Эске салсак, экс- башпрокурор мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушу боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында кармалган. Салянованын сиңдиси Чинара Турдалиеванын айтымында, тарапташтары жана туугандары президен Жээнбековго петиция даярдашты. Ага азыр жети миңдей кол коюлду. "Биз мамлекет башчысынын сот чечимине аралашуусун суранган жокпуз, ...

0 183

Баңгибарондордун бутуна  тушамыш салынды

Мурунку замандарда түрмөгө баңгазаттарды алып кирүү кадыресе көрүнүшкө айланып бараткан. Эми буга катуу тыюу салынган. Чүй облусунун Петровка айылындагы түрмөгө 3 киллограммдан ашык нашаа алып кирүүгө аракет кылган адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы кабарлады. Милиция сөз болуп жаткан кишини түрмөнүн жанынан кармаган. Текшерүү маалында анын жанынан жети ором нашаа табылган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 359

“АЮ” деп чыгып келген жасалма арактар кармалды

Акыркы мезгилде Финпол абдан катуу иштеп жатканы белгилүү. Ал 700 миллион доллар сыртка чыгарып кетти деген материалды иликтеп, чын бышыгына жетип, чет мамлекетке которулган ар бир акчанын эсебин чыгарышты. Эми Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызмат (Финпол) Бишкекте жасалма арак өндүрүп, сатып жүргөн топ аныкталганын кабарлады. Маалыматка караганда, бул спирт ичимдигин “АЮ” аталышы менен чыгарып келишкен. Ыкчам иликтөө учурунда алкоголдук ичимдиктерди Ош ...

0 188

Нарын облусунда жер титирөө катталды

14-июль 2019, 16:36 Кызгалдак Жакыпова

Нарын облусунда очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 14-июлда саат 08:36да Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Кочкор районунун Эпкин, Туз, Ак- Чий, Чолпон айылдарында - 3 балл, Кум-Дөбө, Комсомол, Көк-Жар айылдарында - 2,5 балл жана Кочкор айылында - 2 баллга чейин ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83