www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коом
0 180

Чуулгандуу тарых музейи качан ачылат?

Бул суроого маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов да кесе так жооп бере албай турат. Анын болжолунда күзүндө ачылышы күтүлүп жатат. Тарых музейи 2016-жылдын 25 - мартында  реконструкциялоого бекитилген. Андан соң бул жерде өрт да болуп кетип, көптөгөн экспонаттар өрттөнүп кеттиби же кимдир бирөөнүн тамагына чуркап кеттиби ким билет.   Ремонтко15 млн доллар кетет деп пландалган. ...

0 288

Атамбаевдин эл арасында колдоосу барбы же акчасына таянып элди чогултуп жатабы?

Атамбаевдин колдоочулары аз, азыр аны этектеп жүргөндөр кызматынан кыянаттык кылган алдым-жуттумдар, же Равшан Жээнбеков сыяктуу “Күн тийген жердин күкүктөрү”,  эртеңкисинин камын ойлогон эл тоногучтар, көпчүлүгү эптеп кара курсагын тойгузуп алууну көздөгөн аял жана эркек ОБОНчулар.  Албетте, Атамбаевдин колдоочуларын апыртып-көбүртпөш керек. Кыргызстанда митингдерге элди чогулта калуу «салты» орноп калган. Атамбаев болсо колунда бар адам. Эл арасында колдоосу бар деп ...

0 293

Кытайга барып келген соң эксперт Н.Кравцов ТВЕА “ТЭЦти” курууга жарабасына ишенген

2013-жылы ТВЕА менен таанышуу максатында комиссия Кытайга барып келишкен. Ошондо эле комиссия мүчөсү Н.Кравцов ТВЕА “ТЭЦти” курууга жарабасын айткан. Бирок, анын сөзүн эч ким укпай, Кытайдын нотасынын негизинде ТВЕА тандалган.  Бул тууралуу бүгүн болуп жаткан сот отурумунда белгилүү болду. Бирок Кытай нота жибергени тууралуу эч кандай документ жок. Ошондуктан, Кытай жиберген нотадан улам ТВЕАны тандагыла деген жашыруун көрсөтмөлөр ...

0 1577

Карапайым элдин “рыцары” Руслан Бекназаровдун кызматы ачыкталды

Нечендеген түйшүктөрдү башынан өткөзсө да каржалбай кайра чыңалган Руслан Бекназаров эл менен тыгыз иштөөсүн эми чындап уланта турган болду. Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, Руслан Бекназаров КР Президенттинин Аппаратынын Жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнүн эксперти болуп дайындалды. Бул орунга мурун эл менен бет келип сүйлөшпөгөн, Ак үй аппарат жетекчисинин алдында тоңкоюп кошомат кылгандар келе турган, эми жаш болсо ...

0 998

Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн жанындагы жолдорду тороп-тосмолоо – мыйзамсыз аракет

Алекс Меликишвили:  Көп нерсе кыргыз бийлигинин азыркы кырдаалды кантип жөнгө салаарына көз каранды болмокчу. Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн жанындагы жолдорду тороп-тосмолоо – мыйзамсыз аракет. Чагым да болушу мүмкүн деп ойлойм. Себеби өкмөт коомдук тартипти, мыйзамдарды коргоого жооп берет. Ички мекеме жолдорду тосмолоо мыйзамга каршы келерин расмий билдириши керек. Ошол эле маалда тартип коргоо органдары жолду тазалоого киришсе, милиция ...

0 1897

 “Бучукка маңка үйүр”, ката жазган спикер ката жазган министрге болушту

Спикер Дастан Жумабеков басма жыйынын өткөзүп жатып Гүлмира Кудайбердиеваны коргоп, мактап өттү. “Бучукка маңка үйүр” дегендей окуу китептеринде катасы көп, орус-кыргыз илимпоздору форум өтсө ал жердеги жазуулардан ката кетирген, аттестатты катага толтурган Гүлмира Кудайбердиеваны ката жазган спикер колдобогондо ким колдойт. Ошол үчүн ага таянып алып көпкүлөң тартып жүрөт да. Ушул жылдын 12-февралында спикер Жумабеков өкмөт башчысына кат жолдогон. ...

0 342

Атамбаевге жоолук салгысы келгендер кимдер болгон?

2009-жылы 23- июлда Атамбаев президенттикке талапкер катары шайлоого катышат. Бирок шайлоо учурунда көптөгөн шайлоочуларынын кыжырын келтирип талапкердигин алып салат. Ошол үчүн “Ата-Мекен” партиясы ага башыңа салынып ал деп жоолук беришкен. Ошол шайлоодо Алмамбет Шыкмаматов Атамбаевдин Нарын облусу боюнча координатору болгон. Эми Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматов Атамбаев бийликти бир тараптуу сындаган ультрарадикал оппозиция болуп жатканын айтты. ...

0 343

Экс- башпрокурор өзүнүн уулуна кандай кызмат бергенин билбейт

 Экс- башпрокурор Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров президенттин аппаратына кызматка орношту. Ал мурун Аксы районундагы Кара-Суу айыл өкмөт башчысы болуп иштеген. Бул тууралуу Азимбек Бекназаров туура экенин бекемдегени менен, өзүнүн уулуна кандай кызмат бергенин билбейт: -Мен азыр Аксыдамын. Уулум Бишкекке кеткен. Ал мени президенттин аппаратына которуп жатышат деген. Аны дайындадыбы же жокпу ал мага белгисиз. Мен аны ...

0 381

Апчеси Майрам Акаевага таянып алып Равшан Жээнбеков Кыргызстанды бүлүнткөн, эми эмне дейт?

Кыргызстанды “кедейлештирүү” боюнча Майрам Акаевадан кийинки башкы ролду аткарган Равшан Жээнбеков митингде сүйлөптүр. Туалеттен өйдө менчиктештирип, апчеси экөө Кыргызстандын эң даамдуу жерлерин бөлүп алган. Аны Бакиев да, Отунбаева да, Атамбаев да бийликте турганда, кекиртегинин кенендигинен жакын жолотушкан эмес. “Эшегине жараша тушагы” –дейт, эми Атамбаевди шынаарлап калыптыр. Атамбаевдин тарапташтары уюштурган тынч митингде сөз сүйлөгөн алкы бузук саясатчы Равшан Жээнбеков ...

0 533

Сарт менен “карамышыктарды” чогултуп Атамбаев митинг өттү, бир кезде митинг өткөргөндөрдү жанччу эле

“Башка түшсө байтал жорго” Атамбаев митингге чыккандарды камоочу эле эми өзү митинг өткөрүп жатат. ОБОНчулар митинг жок арыктап кеткенде митингдер башталды. Бишкектеги «Форум» имаратынын алдында Атамбаев жана анын тарапташтары өткөргөн тынч митинг болду. Атамбаевчилер ага үч миңдей киши катышканын белгилеп жатышат. Эркин байкоочулар жана журналисттер миңдин тегерегинде киши катышканын айтышты. Митингчилер тарабынан бийликке бир нече талап коюлуп, резолюция кабыл алынды. ...

0 297

Кыргыз газын толтуруп жатканда тажик башка чаап качып кеткен, бул үчүн Ак –Сай айылы жолду бууп салды

 Ворух-Исфара жолун кыргыздар бууп салышты. Жабыркаган ишкер өзүнүн май куйган бекетинде тажикстандыктын автоунаасына газ толтуруп жаткан учурда Тажикстандын башка бир жараны келип, таяк менен башка чаап, андан кийин машинесине отуруп качып кеткен. Жергиликтүү ишкер жаракат менен ооруканага жаткан.Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Ак-Сай айылынын жашоочулары коңшу өлкөнүн Исфара аймагын Ворух анклавы менен байланыштырган жолду бууп коюшту. Азыр бул окуяны жөнгө ...

0 207

Текебаев Атамбаевге каршы, Текебаевдин адамдары аны колдойбу?

Мурдагы “Кыргыз Руху” гезитинин дизайнери, Кыргызстандын Малайзиядагы, Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан УКМКга чакырылды. Кылычбек Султан 2018-жылдын декабрында Түштүк Кореяда элчи болуп турган кезинде элчиликтерде коррупциялык иштер бар экенин жарыялаган. Ал терс көрүнүштөр тууралуу Тышкы иштер министрлигине, УКМКга, президенттик аппаратка жазган каттарына жооп болбогондуктан, президентке ачык кайрылганын айткан. Ошондон кийин Султановду мурдагы тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев кызматтан алынган. ...

0 255

УКМК Атамбаевге торпок ташып калганбы?

УКМКнын бүгүнкү күндөгү кызматкери Кой-Таштагы Атамбаевге торпок алып барганы тууралуу тасма жарыкка чыкты. Атамбаевдин тарапкерлеринин айтуусунда Атамбаевди колдоо үчүн УКМК менен Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн отставкадагы генералдары менен полковниктери келген. Бирок тасмада анын бири көрүнбөйт. Булак: «NazarNews.kg»

0 207

«Карга баласын аппагым»-дейт спикер депутаттардын санын азайтууга каршы

Спикер Жумабеков басма жыйынында депутаттардын санын 35ке чейин азайтуу боюнча айрым сунуштарга жооп берип, «бул туура эмес, анда 35 президент болуп алат. 120 болгону эле туура», - деди. Спикердин көз карашы боюнча  депутаттарга сын-пикирлер көп айтылып жатканы алардын жакшы иштегени деп эсептейт. Жогорку Кеңеш бир жыл ичинде 102 мыйзам долбоорун, 600дөй токтом долбоорун, ...

0 206

Атамбаевдин кол тийбестигин алуу мыйзамдуу болдубу?

Жогорку Кеңеш өз ишин аяктаганына байланыштуу төрага Дастанбек Жумабеков басма сөз жыйынын өткөрүп жатып Атамбаев жөнүндө билдирди. Жогорку Кеңеш 27-июндагы жалпы жыйынында Алмазбек Атамбаевди экс-президент укугунан ажыраткан. Ага депутаттардын 103ү макул болуп, алтоо каршы добуш берген. Дастан Жумабеков  мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча парламент өз ишин аткарганын, мында мыйзам бузуу болбогонун айтты. Булак: «NazarNews.kg»

0 4764

Мугалимдердин айлыгы кырк пайызга көтөрүлөт

Мугалимдердин айлыгы кырк пайызга көтөрүлөт бул тууралуу пресс-конференцияда Жогорку Кеңештин төрагасы  Дастан Жумабеков билдирди.  Бул тууралуу 2019-жылдын 11-апрелинде Жогорку Кеңештин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков айтып өткөн. Эми парламент бул ишке белсенип кире баштаптыр.Буюрса мугалимдер айлыгын кырк пайызга көтөрүп бапырап эле жатып калчудай. Булак: «NazarNews.kg»  

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 305

Унаа каттоо арзандайт

02-июль 2019, 13:58 Кызгалдак Жакыпова

Үстүбүздөгү жылдын 1-августунан тарта унааны каттоо жана кайра катгоо арзандайт. Башкача айтканда мурдагыга салыштырмалуу 589 сомго акчаңызды үнөмдөй аласыз. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты. Эске сала кетсек «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүүлөр киргендигине байланыштуу мамлекеттик маанидеги документтерди мамлекеттик басмаканалар 4 эсе арзан. Башкача айтканда унааларды каттоо жана кайра каттоо мурдагыдай эле 920 сомду түзөт, бирок бланк 192 ...

02-июль 2019, 13:58 | 305
0 158

Адам сөөктөрү асманга учурулат

27-июнь 2019, 13:27 Кызгалдак Жакыпова

Кийинки аптада 152 адамдын калдыгы Илон Масктын SрасеХ Раlсоп Неаvу борту менен орбитага чыгарылат. Бул тууралуу чет элдик маалыматгар жазып чыкты. Ракетан учуруу келе жаткан дүйшөмбүдө кечке Флоридада ишке ашмакчы.  Бул сүйүктүү жакын адамдарынын өрттөлгөн калдыгын 5000 доллар төлөп, космоско учуруп жаткандар үчүн эмоционалдуу убакыттардын бири болмокчу. 152 адамдын үй-бүлөсү 2018-жылы 5000 доллардан ашык каражат төлөшүп, космостук кемеге жакындарынын 7 граммга чейинки күлүн ...

0 114

Чет элдик студенттер митингге чыгышабы?

27-июнь 2019, 13:18 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз өлкөсүндө бүтүрүүчүлөргө диплом берүү үзгүлтүккө учуроодо. Маалыматка ылайык, билим берүү министрлиги атайын кат менен мамлекеттик каттоо кызматына жана «Учкун» ачык акционердик коомуна кайрылышкан, «Учкун» басмаканасы жогорку жана атайын орто билим жөнүндөгү дипломдорду даярдап бериши керек болчу. Билим берүү мекемелери 6-июнга тиешелүү документтерди бүтүрүп басмаканага жиберишкен.  Бирок азыркыга чейин дипломдорду ала элек. Ал эми колуна алгандар болсо документтерде ар ...

0 477

УКМК: “Оштон атайын даярдыктагы куралчандар келди” деген маалыматты тараткандар изделүүдө

26-июнь 2019, 16:34 Кызгалдак Жакыпова

Интернет желесинде Бишкекке “спецназ” келгендиги боюнча маалымат тараган. КРнын УКМКсы расмий түрдө, Бишкекке Ош УКМКсынын атайын даярдыктагы кызматкерлери келгендиги боюнча тараган маалымат жалган экендигин билдирди. Билдирүүдө, УКМК эч кандай атайын бөлүмдөрдүн катышуусунда атайын даярдыктарды өткөрбөгөнү айтылат. Алар бул маалыматты саясый –коомдук абалды курчутуу деп баалашты. Ушуга байланыштуу УКМК аталган маалыматты тараткандардын өздүгүн тактоодо. Андан тышкары, жалган маалымат таратууга кылмыш жоопкерчилиги каралган. Булак:NazarNews.kg

0 272

Мигранттар "Жүк-200" маселесин чечүү үчүн 40 миң кол топтогон

Бүгүн Бишкекте өткөн «Мигранттар үнү» деп аталган акцияда «Замандаш» партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов Орусияда жана башка чет мамлекеттерде жашап-иштеп жаткан кыргызстандык мигранттар «Жүк-200» маселесин чечүү боюнча кол топтоп жатканын билдирди. Анын айтымында, ушул кезге чейин 40 миң кишинин колу чогулган. Ал эми кол топтоонун жыйынтыгын күз айларында жыйынтыктап Жогорку Кеңешке кайрылуу менен жиберишет. «Мигрант үнү» деп аталган тынчтык акциясына Орусияда жана башка ...

0 285

Кыргызстанга алынып келинген дарбыз, коондордон кооптуу нитраттар табылды

25-июнь 2019, 11:57 Айдар Нуралиев

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясы Өзбекстандан жана Тажикстандан алынып келип жаткан дарбыз, коондорго көзөмөлдү күчөтүүнү суранууда. Бул тууралуу инспекциянын башчысы Калыс Жумакановдун Айыл-чарба министрлигине жазган расмий катында айтылат. Маалыматка ылайык, базарларды кыдырганда алынып келинген дарбыз менен коондордо нитрат нормасынан алда канча жогору экени ырасталган. Бул ден соолукка өтө кооптуу. Мурда билдиргендей, Ош облусунун базарларында коңшу өлкөдөн келген дарбыз, коондорду ...

0 246

Суюлтулган көмүр суутек газдарын пайдалануучу объекттер үчүн коопсуздук эрежелери бекитилди

24-июнь 2019, 08:26 Айдар Нуралиев

Суюлтулган көмүр суутек газдарын пайдалануучу объекттер үчүн коопсуздук эрежелери бекитилди. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Аталган Коопсуздук эрежелери Кыргыз Республикасында суюлтулган көмүр суутек газдарын пайдалануучу объекттерди эксплуатациялоодо коопсуздукту күчөтүү жана авариялык кырдаалдардын келип чыгуу тобокелдигин төмөндөтүү максатында кабыл алынган. Коопсуздук эрежелеринде авариялык кырдаалдарда материалдык зыянды азайтуу максатында жана Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусун эске алуу менен суюлтулган ...

0 428

Матраимовдор Кара-Сууга заңгыраган мечит салышууда

21-июнь 2019, 17:05 Айдар Нуралиев

Кара-Суу районунда бир тууган Матраимовдор 4 миң орундуу мечит салууда. Бул тууралуу Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов билдирди. Анын айтымында, Матраимовдордун атасынын атынан “Исмаил Ата” коомдук фонду ачылган. Бирок, акчаны демөөрчүлөр которуп турат. “Мен азырынча айталбайм, кимдер жана канча акча бергенин. Ал адамдар атын атоону каалашпайт. Алар пиар үчүн жардам бербейт”, - деп айтты Тилек Матраимов. Ал белгилегендей, аталган ...

0 363

Жашы жете элек өспүрүм кыздар түндө эжесинен качып Ошко кеткенге аракет кылышты

21-июнь 2019, 11:14 Айдар Нуралиев

Кечээ, 21-июнда, саат 21:05 Акыйкатчы аппаратынын алдындагы “115 шыр байланыш” кызматына Батыш автобекетинен Бишкек-Ош-Бишкек жолунда жүргүнчү ташыган айдоочулар телефон чалып, аларга 7 жана 11 жаштагы жашы жете элек эки өспүрүм кыздар келип, Ошто жашаган атасына жеткирип коюсун суранып жатышканын айтып чалышкан. Бул тууралуу Акыйкатчы аппаратынын басма сөз катчысы Эльмира Мадиева билдирди. Малыматка ылайык, Телефон чалуу болор замат, саат 21:15 Акыйкатчынын орун ...

0 924

ВИДЕО - Пенсионерден пара алган Соцфонддогу орун басар кармалды

21-июнь 2019, 10:44 Айдар Нуралиев

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Соцфондунун башчысынын орун басары жашы өтүп калган аялдан акча алып жаткан жеринен кармалган. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекет кызматынан билдирет. Маалыматка ылайык, Р.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал, Сузак райондук Социалдык фонддун үлкөн кызматкери пенсияга чыгаруу үчүн акча талап кылып жатканын айткан. Жарандын арызын КРнын ККнин кылмыштарды каттоо бирдиктүү реестерине 326 – берене ...

0 231

АКС мыйзамсыз орган экени такталууда

20-июнь 2019, 17:33 Кызгалдак Жакыпова

АКСтин түзүлгөнү мыйзамсыз экени айтылып, узурпациянын үлгүсүндө бааланууда. Атамбаевдин президент кезинде мындай кызматты түзүүгө укугу болбогонун такташууда. Анда эмне АКСти азыр жоюп жибербейт? Бул кызмат бир топ жылдан бери жүздөгөн адамдарды камакка алып, коррупция менен күрөшүмүш болуп келген. Анда ошонун баары кайрадан талданышы керекпи? Саясый жана укуктук баа берилбейби? Булак: «АЗИЯnews»

0 969

Генералга алмашкыс үлгүлүү полковник!

20-июнь 2019, 16:52 Кызгалдак Жакыпова

ИИМ орун басарлыгын Алмаз Орозалиев төрт жылдан бери жетектеп келатат. Ага чейин бир топ оперативдик кызматтарды аркалап, ишине болгон тактыгын, профессионалдуулугун көрсөтүп, өздүк курам ичинде урмат-сыйга татыган. Билими, тажрыйбасы жагынан учурда бышып-жетилип турган кадрлардын сап башында турат. Алмаз Орозалиевдин башка ийгиликтерин санап отурбай, соңку эле ШКУнун өтүшүн көзөмөлдөгөнү, жогорку деңгээлдеги башкаруучу катары милиция кызматкерлерин жетектегени алкоого арзып атат. Коопсуздук, ...

0 256

Кашкар Жунушалиев курсанттарды узатты!

20-июнь 2019, 14:38 Айдар Нуралиев

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин катышуусунда ИИМдин академиясында курсанттардын бүтүрүү аземи болуп өттү. Быйыл ИИМдин академиясын 118 курсант аяктап, жогорку билимдүү дипломдорун жана лейтенант наамын алышты. Министр Кашкар Жунушалиев куттуктоо сөзү менен чыгып, бүтүрүүчүлөргө каалоо-тилегин арнады: « ИИМдин академиясынын дубалдарында алынган терең теоретикалык билимдер, негиздүү кесиптик даярдык жана моралдык-психологиялык бышыруу бүтүрүүчүлөрдүн андан ары өнүгүүсүнө жана өзүнүн ордун табууга бекем негиз болгондугун белгилейм. ...

0 458

Депутат КТРКда Екатерина Андреевадай диктор жок экенине даттанды

20-июнь 2019, 10:52 Айдар Нуралиев

Бүгүн, Жогорку Кеңештин отурумунда, КТРКнын Байкоочу кеңешинин отчётун угууда депутат Бакирдин Субанбеков: “дикторлор атайын даярдыктан өтөбү?” - деп сурады. “Неге бизде алып баруучулар алмаша беришет? ОРТнын диктору Андреева (Екатерина Андреева) 15-20 жылдан бери эле алып барып келе жатат. Бизде эмнеге дикторлор бат-бат эле алмаша беришет?”, - деп айтты Субанбеков. КТРКнын башкы директору Жайнак Үсөн уулу, алып баруучулардын иш графиги ошондой экенин ...

0 317

“Азаттыктын” Матраимовдор жөнүндөгү иликтөөсүндөгү документтер жасалмабы?

19-июнь 2019, 14:46 Кызгалдак Жакыпова

Айтылуу “Раим миллиондун” миллиондору тууралуу “Азаттыктын” журналисти Али Токтакунов иликтөөсүн жарыялаган соң коомчулук бир селт эте түшкөн эле. Бирок, “5-канал” телеканалынын журналисти Элнура Алканова “Азаттыктын” журналисттеринин Кыргызстандан 700 млн доллар чыгарылып кеткендиги жана ага Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн тиешеси бар болушу мүмкүндүгү тууралуу жүйөөлөрүн изилдеп чыккан репортажы андагы документтердин жасалма деп көрсөтүүдө. “Азаттыктын” иликтөөсүндө Матраимовдордун башкармалыгындагы кайрымдуулук фондго 2015-2017-жылдар аралыгында 2,3 ...

0 621

Алкымы араандай ачылган, жамаатты бөлүп-жарган декан Эркин Кулованы ким ооздуктайт?

19-июнь 2019, 13:33 Кызгалдак Жакыпова

Же Ж. Баласагын атындагы КУУнун экономика факультетиндеги коррупциялык иштер жөнүндө Мурдагы убактарда азыркы Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университет жогорку кесиптик билим берүүнүн, илимдин флагманы болсо, акыркы жылдарда ЖОЖдордун арасындагы чыр-чатактардын, жаңжалдардын жана мыйзамсыз иштердин флагманына айланып кеткендигин, тилекке каршы, терең өкүнүү менен констатациялаганга аргасыз болуудабыз. Улуттук Университетти ушундай акыбалга жеткирген аталган Университеттин декандарынын бири – экономика факультетинин деканы Эркин ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 565

Чек арада кайрадан чыр чыкты

19-июнь 2019, 10:36 Кызгалдак Жакыпова

Баткен районунун кыргыз-тажик чек арасындагы  Там-Тумшук айылынын жашоочулары Ходжа-Альо тажик айылынын жашоочуларынын ортосунда чуу чыккан. Белгилей кетсек, кагылышка 100 адам катышканкан. “Тажикстандын жарандары тактала элек тилкесиндеги Исфара-Ворух жолуна асфальт төшөп баштаган. Кыргызтандык жашоочулар аларгдын кылыгына нааразы болгон. Окуя болгон жерге милициянын кызматкерлери, “Орто Боз” чек ара кызматынын командири да барышканы менен аларды конфликтегилер угушкан жок. Бүгүн сүйлөшүүлөр ...

0 506

Индияда 50 градус ысыкта 70тен ашуун адам көз жумду

18-июнь 2019, 16:40 Кызгалдак Жакыпова

Индиянын түндүк-чыгышындагы Бихар штатында бир айдан бери болуп жаткан ысык аптап 70тен ашык адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу Синьхуа маалымат агенттиги жазды. Маалыматка ылайык, айрым аймактарда абанын температурасы 50,8 градуска жетип, Индиянын тарыхында рекорддук көрсөткүчкө жакындаган. Буга чейин Индиядагы аптаптан 36 киши каза тапканы айтылган болчу. Ошондой эле бүгүн, Индиянын медициналык уюму дарыгерлердин коопсуздугун талап кылып, 24 сааттык нааразычылык ...

0 360

БОЛГОН ОКУЯ - Мышыкка кол салышкан келемиштер

18-июнь 2019, 15:54 Кызгалдак Жакыпова

Ушунча болуп өмүрүмдө башыма жүн чыкканы мышыктар менен келемиштердин тытышып кармашканын өз көзүм менен көргөн эмесмин. Аларды алыстан кызыга карап отуруп тим эле мультфильм көргөндөй болдум. Дал эле калаанын ортосундагы мекемеде кароолчулук кызматта иштечүмүн. Төрт кабаттуу чоң, бийик мекеме. Ал жакта өкмөт кызматкерлери иштешет. Узун коридору бар дагы, ошол коридордогу тепкичтери менен түптүз жогору карай көтөрүлүп жүрүп отуруп төртүнчү ...

0 324

Көлдүн сырт аймагынан ок жеген аялдын сөөгү табылды

18-июнь 2019, 13:53 Кызгалдак Жакыпова

Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Сырт аймагында ок жеген аялдын сөөгү табылганын Ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов кабарлады. Укук коргоо органдарына билдирүү 17-июнь күнү болжол менен саат 04.00дөрдө түшкөн. Сөөк табылган жерге ыкчам топ жөнөп кетти. Азырынча алар менен байланыш жок. Тартип сакчылары окуянын чоо-жайын тактап жатышат. Булак: "Мантыш"   

0 212

Ата мекендик өндүрүшчүлөргө бут тоскон Экмат Байпакбаев

18-июнь 2019, 13:17 Кызгалдак Жакыпова

Жогорку Кеңештин депутаты Экмат Байпакбаев тууралуу ММКларда уу-дуу кептер айтыла баштады. Айтмакчы, Жогорку Кеңеште ушундай депутат бар экенин кечээ билдик. Ал тууралуу жазылган макаланы окуган соң. 2015-жылы депутат болуп келген болсо дээрлик 4 жыл чээнде жаткан «алтын балык» Экмат мырза чочугансып бир мыйзам долбоорун сунуштап атыптыр. Ал мыйзамы учурда коомдук угууда экен. ЖКда бар жогу билинбеген Экмат Жүрүкбаевичтин чочугансып ...

0 847

"Сейф" бизнес элди сызга отургузууда

18-июнь 2019, 12:14 Кызгалдак Жакыпова

Тармактык маркетинг аталган тармактык бизнестин битин сыккан шылуундар баео элди азгырып, бир чекеден сызга отургузууда. Так ушул маалда «сетчилердин» бир сектасы болгон «Сейф бизнес» дегени өлкөбүздө кулачын кеңири жайып, мите курттай соруп жаткан маалы. Социалдык тармактарда жумасына он миңдеген айлык тапканы боюнча тасмаларды жайнатып, эч кимден ийменип койбостон иш жүргүзүп жатыр. Системасына үңүлсөк, кирген киши адегенде 15 миң сом ...

0 132

Тил көйгөйү талкууланат

18-июнь 2019, 11:32 Кызгалдак Жакыпова

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы бүгүн саат бирде «тил мыйзамынын 30 жылдыгына» карата КТРКнын концерттик студиясында кереге-кеңеш өткөргөнү турат. Иш-чара жалпы журналисттердин сабатын арттыруу, жазуу жана оозеки маданиятын өркүндөтүү менен катар учурдагы журналистиканын тилиндеги отоо (мите) сөздөрдөн арылууну көздөмөкчү. Албетте, бул колдоого арзый турган демилге экенин белгилеп коюшубуз керек, анткени кыргыз тили талкаланып жатканы талашсыз. Демек, сизде күдүк жараткан ...

18-июнь 2019, 11:32 | 132
0 160

Топчубек Тургуналиев «Манас» жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы» мамлекеттик мекемесинин президенти болуп дайындалды

17-июнь 2019, 18:23 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Топчубек Тургуналиев «Манас» жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы» мамлекеттик мекемесинин президенти болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. 

0 126

Эльдар Айтматов «Манас» жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы» мамлекеттик мекемесинин вице-президенти болуп дайындалды

17-июнь 2019, 18:21 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Айтматов Эльдар Чыңгызович «Манас» жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы» мамлекеттик мекемесинин вице-президенти болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. 

0 400

Уул төрөй алган жокмун, демек кыздарым эсепке кирбейби?

17-июнь 2019, 15:54 Кызгалдак Жакыпова

“Тагдыр” рубрикабыздын каарманы менен жолукканымда анын алгачкы сөзү “Сиз менин жолдошумду билбейсиз…” – деген ыза коштолгон сөз менен башталып, атын атабай, тек гана  анын ичиндеги бушайман кылган ойлорун угушумду дароо өтүндү. Анда кеп башынан болсун. “Турмуш-шартыбыз Кудайга шүгүр, бирок…” – Өзүм косметологмун. Борбордогу жакшы соода борборлорунун биринде өзүмдүн салонум бар. Айымдардын сулуулугуна кам көрүп келе жатканыма көп болду. Жолдошум ...

0 148

Душанбеде адамды жүзүнөн тааный ала турган видеокамералар орнотулат

17-июнь 2019, 15:39 Кызгалдак Жакыпова

Душанбеде адамдарды жүзүнөн тааный ала турган видеокөзөмөл камералары орнотулат. Бул тууралуу өлкөдөгү «Шахри бехатар» («Коопсуз шаар») борборунун жетекчи орун басары Фуркат Шоимардонов билдирди. Анын айтымында, жаңы видеокөзөмөл камералары Душанбедеги эл аралык аэропортко, темир жол бекетине, ири соода борборлоруна, базарларга, сейил бактарына жана адамдар көп топтолгон башка жерлерге орнотулат. «Жаңы камералар санаалуу секунддарда эле ири көлөмдөгү маалыматтарды топтоп, анализдей алат. ...

0 565

Тажик чек арасындагы айылга 220 миллион сом бөлүндү

17-июнь 2019, 13:43 Кызгалдак Жакыпова

13-март күнү Баткенде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып абал курчуган учурда Камчыбек Ташиев менен Бактыяр Калпаев чек арага барып элден кабар алып маселе менен ордунан таанышканы баарыбызга маалым. Андан соң алар Акипресс маалымат агентинттигинде жыйын куруп бийликке бир топ кайрылууларды жасап Аксай - Тамдык жолун тез арада бүтүрүүнү талап кылышкан. Бактыяр Калпаев ал жол Кыргызстандын аймагында жайгашкандыгын жана Аксай-Тамдык жолун ...

0 170

Чүйдө 15 күндөн бери үч жаштагы бала изделүүдө

17-июнь 2019, 11:25 Айдар Нуралиев

Чүй облусунда 15 күндөн бери 3 жаштагы баланы изделүүдө. Ал сууга чөгүп кетиши мүмкүн деген божомол бар. Бул тууралуу Кыргызстандын ӨКМ билдирди. Белгилүү болгондой, 2-июнда 11:00до куткаруучуларга балдардын ата-энеси, 2016-жылы туулган уулу табылбай жаткандыгын билдиришкен. Жайыл райондук Суусамыр айыл аймагынын “Биринчи май” айылындагы дарыяга түшүп кетиши мүмкүн. 16-июнда 35 куткаруучу иштеп жатат. Издөө иштери уланууда. Булак: NazarNews.kg

0 226

ВИДЕО - “Лучше всех” долбоорунда 6 жашар кыргызстандык Султай шахматты катырды

17-июнь 2019, 09:35 Айдар Нуралиев

Кыргызстандык Чыгыз Султай  «Биринчи каналдын» «Баарынан мыкты!» («Лучше всех!»)  долбоорунун 16-июндагы катышуучусу болду. 74 мүнөткө созулган берүүнүн 13 мүнөтүн Султайга арнашты. Максим Галкин көрүүчүлөргө Султайды: “Ак-кара чатыраштын ханзаадасы, пешка менен ферздерди жок кылуучу, жаш гроссмейтер”, -деп тааныштырды. “Сен акчага ойнойсуңбу?” – деген алып аруучунун суросуна бала: “Бир жолу 3 миң сом утууп алгам, анын 2 миң сомун атам коротту, миң сомун чоң ...

0 226

«Жакыр жашаган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык келишимдин негизинде бир жолку социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө» долбоор коомдук талкууга чыгарылды

15-июнь 2019, 16:24 Айдар Нуралиев

Бул маалымат тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жакыр жашаган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык келишимдин негизинде бир жолку социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Аталган документ жакыр жашаган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү оор турмуштук кырдаалды жеңүү боюнча активдүү аракеттерге өбөлгөлөө жана ...

0 505

Кадырбеков бир мечитке молдо болсо, элге пайдасы тиймек

13-июнь 2019, 12:46 Кызгалдак Жакыпова

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин орун басарлыгына барган Нуржигит Кадырбековдун ишинин дайыны жок. Ал тек гана соцтармактарда уйкаштырып ыр жазып, эл-жерге суктанымыш болуп, анан да чугандай акылдуу сүйлөмдөрдү чүргөй салганы, айтор, жеңил пиар менен алектенип, урдум-соктумда жургөн кези. Кана, эл үчүн реалдуу жасаган иши барбы? Же тапанданып эле «алдаркөсөлүк» амалдарга өтүп алып, жан багып жүрөбү? Маданиятыбыздын «итке мингени», туризмдин өнүкпөй атканы, деги ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 384

Экөөбүз жолугушубуз керек...

13-июнь 2019, 12:19 Кызгалдак Жакыпова

-  Саламатсыңбы! Кош майрамдар менен! - Күтүлбөгөн жерден баракчама кат келди. - Жакшы, рахмат, өзүңүз? Ошол боюнча башка күнү сүйлөштүк. Ал учурда мен үчүн маанилүү эмес элеңиз. Мен үчүн баары бир эле. Жооп бергим келбей жатып жазчумун. Ага карабай тез-тез жазып турдуңуз. Жактырып калганыңызды айттыңыз. Анда деле маани берчү эмесмин. Азыр ошол күндөр кайрылып келсе кана! Күндөн-күнгө жакындап, менин ...

0 216

Москвада спортчунун өлүмүнө шектелип алты тажик жараны кармалды

12-июнь 2019, 09:49 Кызгалдак Жакыпова

Москвада грек-рим күрөшү боюнча спорттун чебери Сергей Чуевдин өлүмүнө шектелип Тажикстандын алты жараны кармалды. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги Москва шаардык тергөө башкармалыгындагы өз булактарына таянып билдирди. Алгач орусиялык ЖМКлар 34 жаштагы Сергей Чуев ишембиге оогон түнү Москвада кош бойлуу келинди бейбаштардан коргоо маалында өлтүрүлгөнүн кабарлашкан. Бирок Орусиянын Тергөө комитети бул маалыматты четке кагып, спортчу топтошкон адамдар жолдон өткөрбөй ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83