www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнө жүзүндө
0 636

Экс-президент кен казууга уруксат берүү үчүн 3 миллион доллар пара алган

Армениянын Башкы прокуратурасы экс- президент Роберт Кочарянга кен казууга уруксат берүү үчүн ишкер Сильва Амбарцумяндан 3 миллион доллар пара алган деген айып такты. Бул боюнча иш сотко өткөн. Белгилүү болгондой Кочарян Арменияны 1998-2008-жылдары башкарган. Ал башка айып менен өткөн жылдын акыркы айынан бери абакта жатат. Булак: Багыт.кж

0 313

Венесуэла: Оруссия,Туркия, Кытай Мадуро тарап, АКШ Гуайдо тарап болуп “согушабы”?

01-май 2019, 09:29 Айдар Нуралиев

Венесуэланын президенти Николас Мадуро анын бийлигин таанып, колдоп аянтка чыккан венесуэлалыктарга ырахматын айтты. Эске салсак, Венесуэлада, 21-январда жаңы шайланган  президент Мадурого каршы массалык көтөрүлүштөр болгон.  Аталган өлкөнүн оппозициялык лидери Хуан Гуайдо мыйзамсыз түрдө өзүн  утурумдук мамлекет башчысы жарыялап алган. АКШ баш болгон батыштын бир катар мамлекеттери анын бийлигин кабылдап, бул үчүн Мадуро Гуайдону Американын “марионеткасы” деп атаган. Өз кезегинде, Орусия, Кытай, Түркия баштаган бир катар өлкөлөр Мадурону ...

0 184

 Эрдоган, Венесуэладагы төңкөрүш аракетин айыптады

01-май 2019, 12:46 Айдар Нуралиев

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Социалдык бөлүшүү барагы Твиттер аркылуу Венесуэладагы төңкөрүш аракетине көз салып, бул өлкөдө элдин эгемен экенин белгилеп, «Венесуэлада постмодерн колониалдык губернатор дайындоо аракетинде»,-деп билдирди. Демократияда негизги таяныч шайлоо экендиги даана байкалышы керектигин белгилеген Эрдоган, бул өлкөнүн кантип башкарыла турганынын шайлоонун жыйынтыгында белгилене турганын айтты. Президент Эрдоган: «Төңкөрүштөр менен күрөшкөн өлкө катары Венесуэладагы төңкөрүш аракетин айыптайбыз»,-деп айтты. Булак:NazarNews.kg

0 489

Президентке 3 миллион доллар пара алган деп айып тагылды

30-апрель 2019, 16:02 Айдар Нуралиев

Армениянын экс-президенти Роберт Кочарянга ири суммадагы пара алуу боюнча айып тагылды. Бул тууралуу Армениянын Башкы прокуратурасы билдирүү тараткан. Анда, Кочарян кен казууга уруксат берүү үчүн 3 миллион доллар ишкер Сильва Амбарцумяндан алгандыгы айтылат. Материал сотко жиберилген. Арменияны 1998-2008-жылдары башкарган экинчи президенти Р.Кочарян азыр түрмөдө отурат. Себеби, ал 2008-жылы  шайлоодон уткан Серж Саргсянды колдоп ...

0 343

Трамптын ички саясаты Орусияга сатыла баштады

30-апрель 2019, 13:06 Айдар Нуралиев

АКШ Президенти Дональд Трамп, анын үй-бүлөсү жана  Trump Organization компаниясы кечээ,  Deutsche Bank банкын жана Capital One компаниясын сотко бергендигин РИА Новости жазып чыкты. Маалымат боюнча, АКШнын каржылык чалгындоо кызматы бир нече банктарга Трамптын байлыгы жана анын Орусия банктары менен болгон бизнеси  тууралуу маалымат  талап  кылган кат жөнөтүшкөн. Чакырык каты Трамп менен 20 жылдан бери бизнес мамиле түзүп келе жаткан Citigroup, Bank ...

0 1281

ВИДЕО:“ИГИЛдин” лидеринин жардырууну талкуулаган видеосу чыкты

30-апрель 2019, 10:08 Айдар Нуралиев

Акыркы кезде, ММКларда “Ислам мамлекети” террористик уюмунун лидери  аль-Багдадинин өлгөндүгү тууралуу билдирүүлөр  жарыяланган. Бирок, аталган маалыматка расмий тактоо болгон эмес. Ушу тапта, Абу Бакр аль-Багдади сырткы келбетин өзгөртүп, Сириядан Иракка качууга бир нерсе жолу аракет кылгандыгын 29-апрелде, SITE Intelligence Group жазып чыкты. 2014-жылдын июлунда, интернетте Аль-Багдадинин Ирактын Мосул шаарындагы чоң мечитте тартылган видеосу жарыяланып, талкуу жараткан эле. Аталган видеодо аль-Багдади Сирияга ...

0 160

Трамп менен Эрдоган террорду талкуулады

30-апрель 2019, 13:40 Айдар Нуралиев

Президент Р.Т.Эрдоган АКШнын президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөштү. Эрдоган -Трамп сүйлөшүүсүндө эки тараптуу жана аймактык маселелер каралды, 75 миллиард долларлык соода максаты кайрадан такталды. Анда, Сириядагы абал менен катар эле террорго каршы бирге күрөшүү кызматташтыгын улантуу макулдашылды. Эрдоган сүйлөшүүдө Түркиянын Орусиядан С-400 коргонуу системасынын алынышы тууралуу иш алып баруу ...

0 197

АКШ Бээжиндеги мусулмандарды кыйноону жазып чыкты

30-апрель 2019, 08:50 Айдар Нуралиев

АКШнын Эл аралык диний эркиндик боюнча комиссиясы (USCIRF) 29-апрелде, Кытайдагы мусулмандардын абалына өзгөчө көңүл бурулган дүйнөдөгү дин тутуу эркиндиги тууралуу баяндамасын жарыялады. Кытайда бийлик мусулмандарга карата туруктуу катаал тартибин орнотконуна 2 жылдан ашты. Алар мусулмандарды такай аңдып, телефондорунан бери тинтип, атүгүл ДНКсына чейин текшерүүдө. Мамлекеттик департаменттин маалыматына караганда, 2017-жылдан бери Шиңжаңда 800 миңден ...

0 2755

Уран тууралуу ЧЫНДЫК: Кыргызстандагы уран кенин казууга биринчи Медведев кызыктар болгон... Убактылуу Өкмөт ишке ашырган...

29-апрель 2019, 16:37 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстанда урандын тарыхы Кызыл-Омпол уран кенинде кен издөө иштерин жүргүзүүгө лицензия берүүнүн тарыхына келсек, 2007-жылдан баштап Кызыл-Омпол уран кенине болгон кызыгуулар көбөйө баштайт. Ал кезде Дмитрий Медведев президент болуп турган Орусия Камбар-Ата-2 ГЭСинин аркасы менен 2 миллиард доллар насыя, 150 миллион доллар грант берүү тууралуу сүйлөшүүлөр башталат. №151 мыйзам Орусия тараптан 450 миллион доллар келип түшкөн соң, ...

0 1373

Эрдоган дүйнөлүк аренада өз күчүн дагы бир жолу көрсөттү

29-апрель 2019, 15:58 Айдар Нуралиев

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) жетекчиси Режеп Тайип Эрдоган, партиясынын Анкарадагы Кызылжахамам районунда ишке ашырган 28-Кеңешүү жана баа берүү жыйналышынын жабылыш отурумунда сөз сүйлөп экономикага токтолду. Президент Режеп Таййип Эрдоган, куралдуу жана дипломатиялык террорго багынбаган Түркиянын, экономикалык террорго да моюн сунбай турганын айтты. Кеңешмеде сөз сүйлөгөн Эрдоган: «Үстүбүздөгү жылдын биринчи чейрегинде экономикада тең салмактуулук уланды.Көрсөткүчтөрдү ...

0 306

Зеленский Бодрумда эс алып кетти

29-апрель 2019, 15:15 Айдар Нуралиев

Украинанын жаңы президенти Зеленский Бодрумда үч күн эс алды. Украинанын жаңы президенти Владимир Зеленский үй-бүлөсү менен чогуу келген Мугланын Бодрум районундагы эс алуусун аяктады. Бодрумдун Гүвержинлик аймагындагы беш жылдыздуу отелде үч күн эс алган Зеленский жана үй-бүлөсү эртең мененки убактарда отелден жөнөп кетишти. Зеленский кетип баратып аны узаткан жооптуу кызматкерлер менен өз-өзүнчө кол кармашып коштошту. Президент Зеленский андан соң ...

0 519

Гүлнара Каримованын 1 миллион долларлык жол тандабастарына сот чечим чыгарды

29-апрель 2019, 11:33 Айдар Нуралиев

Маркум Ислам Каримовдун улуу кызы Гулнара Каримованын конфискацияланган,баасы асман чапчыган жол тандабастары сатылбайт деген чечим чыгарды.Каримова учурда, Зангиотто жайгашкан аялдар түрмөсүндө жатат. Швецариялык басылма Le Tempsтин маалыматына караганда, анын Mercedes-Benz SLR2DR, Bentley Arnage жана  Range Rover Sport V8 – үлгүсүндөгү 1 миллион долларга бааланган. 2003-жылдан бери,аталган унааларга чечим чыкпай келген. Эми аларды, Г.Каримованын 2009-жылы 18 миллион франкка сатып алган ...

0 224

КЭР төрагасы Си Цзиньпинь Кыргызстанга мамлекеттик визити менен 2019-жылдын июнь айында келет

29-апрель 2019, 10:30 Кызгалдак Жакыпова

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинь Кыргызстанга мамлекеттик визит менен 2019-жылдын июнь айында келет. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин 28-апрелде Пекинде жолугушуусунда белгилүү болду. “Өткөн жылы Сиздин Кытайга болгон биринчи мамлекттик визитиңиз ийгиликтүү болду. Биз кызматташтыгыбызды стратегиялык өнөктөштүк денгээлине чыгарууну жарыялаганбыз. Биргелешкен аракет менен эки тараптуу кызматташтык туруктуу өнүгүп жатат, мен буга абдан ...

0 408

ВИДЕО - Түркиянын президенти кыргыз кызы менен чогу ырдады

29-апрель 2019, 10:13 Кызгалдак Жакыпова

Өткөн аптада Анкара шаарында балдар күнүн майрамдоого арналган XXXXI эл аралык балдар фестивалы болуп өттү. Ага Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын катышты. Фестивалдын жүрүшүндө Түркиянын президенти Ражеп Тайип Эрдоган фестивалдын катышуучусу кыргыз кызы Бермет Жумабекова ырдаганда кошулуп ырдаган. Болуп өткөн фестивалга40 мамлекеттен ашуун бийчи менен ырчылар катышкан.  Андан сыркары Эрдоган Кыргызстандан барган "ДЭА" бий ансамбли менен кыскача маек ...

0 484

Пекин-Фоторепортаж – «Бир алкак – бир жол» Форумунун экинчи күнү

27-апрель 2019, 15:13 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-апрелде, өзүнүн КЭРге болгон иш сапарынын экинчи күнүндө делегация башчылары менен бирге Кытайдын Пекин шаарында «Бир алкак – бир жол» эл аралык кызматташтык боюнча Экинчи форумунун сессияларына катышууда. Форумдун экинчи күнү Пекинге жакын шаарчада Яньци көлүндөгү Эл аралык жыйын борборунда өттү. Сооронбай Жээнбеков Форумдун 1-сессиясында «Өнүгүүнүн жаңы кыймылдаткыч күчтөрүн издөө үчүн өз ара ...

0 311

Принц Уильям Нур мечитине барды

26-апрель 2019, 18:49 Айдар Нуралиев

Британия тактысынын экинчи  принци принц Уилиям Жаңы Зеландияда террордук кол салууга бута болгон Нур мечитине барды. Англис коомдук басма сөз органы БиБиСинин кабарына караганда 2 күндүк Жаңы Зеландия сапарынын негизинде Крайстчерчтеги Нур мечитине барган Уильям мечиттерге карата террордук кол салууну «сүрөттөлүшү мүмкүн болбогон бир жек көрүү кыймылы» деп мүнөздөдү. Уильям ашыкча оңчул террористтин максатына жетүүдө ийгиликсиз болгондугун көрсөтүү үчүн мечитти зыярат ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 317

Украинада украин тили мажбур түрдө колдонулат

26-апрель 2019, 16:20 Айдар Нуралиев

Украина парламенти украин тилин мамлекеттик мекемелер мажбур түрдө колдонуу мыйзамын чыгарды. Парламенттин Жалпы Кеңешинде украин тилинин мамлекеттик тил катары колдонуу боюнча мыйзам долбоорун 331 депутаттан 278 депутат кабыл алды. Ушуга караганда мамлекеттик башкаруучулар, депутаттар, Борбордук банк кызматкерлери, сот жана прокурорлор менен бирге келишим менен аскердик кызматын өтөгөн аскерлер, мугалимдер жана саламаттык сактоо кызматкерлери украин тилинде сүйлөшөт. Бул мыйзам жеке турмуш менен диний ...

0 309

Украинанын жаңы президенти чарчаганын Түркияда жазат

26-апрель 2019, 15:59 Айдар Нуралиев

Зеленский Түркияда эс алат Украинада президенттик шайлоону жеңген Владимир Зеленский шайлоо үгүт иштериндеги чалыгуусун Түркияда эс алып жазат. Зеленский социалдык медиа баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө: «Ачык болуу темасында макулдаштык. Мына ушундай. Түркияга учабыз. Балдарды жылдык көңүл ачуу фестивалына алып барам»,-деди. Акыркы төрт айдан бери биринчи жолу эс ала турганын белгилеген Зеленский Украинага эки күндөн кийин кайта турганын билдирди. Украинада өткөрүлгөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында ...

0 232

АКШ - чечен премьер-министрине тыюу салды

26-апрель 2019, 16:04 Кызгалдак Жакыпова

АКШ Орусиянын курамындагы Чеченстандын өкмөт башчысы Муслим Хучиевге, анын аялы Сапият Шабазовага жана жакын туугандарына өлкөгө кирүүгө тыюу салды. Бул чечимге ЕККУнун Москвадагы өкүлчүлүгүнүн иликтөөсүн себеп катары айтылууда.АКШнын департаментинин айтымында, иликтөөдө Чеченстанда адам укуктары одоно бузулуп, куугунтуктар, атайлап жана мыйзамсыз камакка алуулар кыйноолор дайынсыз жоголуулар жана кишилерди өз алдынча жазалап өлтүргөн учурлар уланып жаткан. Премьер-министр Хучиев, ошол кыйноолорго катышы ...

0 240

Президент Сооронбай Жээнбеков ККП Борбордук Комитетинин саясий бюросунун Туруктуу комитетинин мүчөсү Ван Хунин менен жолугушту

26-апрель 2019, 14:13 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-апрелде КЭРге жумушчу визитинин алкагында Пекинде ККП Борбордук Комитетинин саясий бюросунун Туруктуу комитетинин мүчөсү Ван Хунин менен жолугушту. Кыргыз Республикасынын Президенти менен жылуу учурашып, Ван Хунин кыргыз-кытай мамилелерин бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Сооронбай Жээнбековго ыраазылык билдирди. “2018-жылдын июнь айында Сиз Кытай Эл Республикасына мамлекеттик визит менен келдиңиз жана Төрага Си Цзиньпин менен бирге ...

0 613

ВИДЕО-Бир кап кобраны  жолдун так ортосуна төгүп салды

26-апрель 2019, 20:31 Кызгалдак Жакыпова

Бангкоктун туристтик борборунда эркек адам бир мүшөк кобраны сыртка төгүп салган. Унаа өткөн жолдон Mercedes с үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу токтоп туруп, машинасынан бир кап кобраны борбордун так ортосуна төккөн.   Жыландардын арасында, жөнөкөй жана каролдук кобралар ар кай жакка сойлоп көчөдө бара жаткандарды ызы-чуу кылды. Бейтааныш ары-бери чуркап, ар кай жерде сойлогон кобралардын башын кесип ыргытып кирген. Бети-башы кан ...

0 719

Түркиянын президенти Эрдоган, президент Сооронбай Жээнбековго ысык саламын жолдоду

26-апрель 2019, 10:20 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган мырзага ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу маалыматты жергиликтүү кабарчыбыз билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Кубанычбек Өмүралиев, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун саламын Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоганга айтты. Ага кошумча, эки мамлекеттин ортосундандагы эл аралык карым-катнаштарын өнүктүрө тургандыгын ...

0 275

Бир күндө 37 киши өлүм жазасына тартылды

25-апрель 2019, 09:05 Кызгалдак Жакыпова

Сауд Арабиясында 23-апрель күнү терроризмге айыпталган 37 киши өлүм жазасына тартылды. Бул тууралуу CNN аталган өлкөнүн Ички иштер министрлигине шилтеме жасоо менен билдирди. Өлгөндөрдүн көбү – диний азчылык болгон шииттердин өкүлдөрү. Бийлик тараткан расмий билдирүүдө өлүм жазасына тартылгандар “экстремисттик жана террористтик идеологияларды” жайылтууга жана диний жаңжал жаратуу үчүн “террордук уячаларды” түзүүгө күнөөлөнүшкөн. Өлүм жазасына тартылгандарын ичинен кеминде эле 33ү – шиит. Алардын ...

0 2958

ВИДЕО - Ким Чен Ын Орусияга поезд менен келди...ат кошчулары тердегенче чуркап...

25-апрель 2019, 08:49 Кызгалдак Жакыпова

Түндүк Кореянын ырайымсыз лидери Ким Чен Ын чопкутталган поезд менен Орусияга келди. Орусия тарап Кимди нан туз менен тосуп алды. Ал жергиликтүү телеканалдардын бирине маек берип, өзүн расмий сапарын жемиштүү болот деп белгилеп кетти.   Жолугушуунун жүрүшүндө саясий жана дипломатиялык жол талкууга алынат жана Путин менен Ким эл аралык сүйлөшүү жүргүзөт. Андан сырткары Кореянын лидери РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров ...

0 277

Шри-Ланкада жардыруудан каза болгондордун саны -359га жетти

24-апрель 2019, 19:07 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн, 24-апрелде Шри-Ланкада жардыруудан улам каза болгондордун саны 359 га жетип 58 киши шектүү катары кармалды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыкты. Шри-Ланка бийлиги жардыруулардын себебин жакын арада болуп өткөн Жаңы Зеландиядагы мечиттерге кол салуу окуяларына байланыштуу экенин айтып, мындай көрүнүштөрдү сырткы күчтөрдүн аракети бар экендигин айтууда. Болуп өткөн каргашалуу окуяга Интерпол дагы изилдөө иштерин жүргүзгөнгө ...

0 208

Индонезияда шайлоодо чарчап-чаалыккан 100дөн ашык киши каза болду

24-апрель 2019, 09:52 Кызгалдак Жакыпова

Индонезияда жалпы улуттук добуш берүүдөн кийин шайлоо комиссиясынын кеминде 92 мүчөсү каза болуп, 374ү ооруканаларга жеткирилди. Бул тууралуу жергиликтүү Antara маалымат агенттиги кабарлады. Мындан тышкары өлкө полициясы 15 кызматкери мерт болгонун кабарлоодо. Индонезия Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрагасы Ариф Будимандын айтымында, комиссия мүчөлөрүнүн иш күнү бир суткадан ашык убакытка созулган. Буга байланыштуу алардын айрымдары чарчап-чаалыгуудан улам каза болгон. Полиция кызматкерлери болсо ...

0 271

Индонезияда шайлоодо 92 адам каза тапты

24-апрель 2019, 08:50 Кызгалдак Жакыпова

Президенттик, вице-президенттик, улуттук парламент, аймактык парламенттер, шаар жана райондук кеңештердин жалпы шайлоосу 17-апрелде өткөнүнө карабастан добуштар ушу кезге чейин саналууда. Шайлоого 193 миллион киши келип, бул рекорддук көрсөткүч экени айтылды. Расмий жыйынтык 22-апрель күнү жарыяланат. Шайлоо участкаларынын кызматкерлери шайлоо алдында эки күн катары менен эс албай иштөөгө мажбур болгон. Ал эми алдын ала божомол боюнча жарышта алдыда келе жаткан учурдагы президент Жоко ...

0 171

"Коммерсантъ": Путин менен Ким Чен Ын 25-апрелде Владивостокто жолугушат

23-апрель 2019, 14:45 Айдар Нуралиев

Орусия президенти Владимир Путин менен Түндүк Корея лидери Ким Чен Ындын жолугушуусу 25-апрелде Владивостоктун Русский аралындагы Ыраакы Чыгыш федералдык университетинде өтөт. Бул тууралуу "Коммерсантъ" өз булактарына таянуу менен билдирди. Жолугушуу өтө турган жерди коопсуздук талаптарына байланыштуу Түндүк Корея тандаган. Буга чейин Кремль Ким Чен Ын менен Путиндин Орусиядагы жолугушуусу апрелдин экинчи жарымына белгиленгенин маалымдаган. Бүгүн Владивостокко Ким Чен Ындын эжеси, Түндүк Кореянын Борбордук ...

0 950

Украин шайлоосу: мыйзам бузуулар тууралуу кайрылуу түштү

21-апрель 2019, 21:12 Айдар Нуралиев

Украинанын убактысы боюнча саат 15:00гө карата добуш берүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча 690 кайрылуу түштү. Анын арасында мыйзамсыз үгүт жүргүзүү, бюллетенди сүрөткө тартуу же сыртка алып чыгып кетүү, шайлоочуларды коркутуу, сатып алуу аракети сыяктуу мыйзам бузуулар бар. Кайрылуулардын бешөө боюнча гана сотко чейинки териштирүү иштери башталды. Украинанын борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, саат 15:00гө карата шайлоочулардын 45 пайызы добуш берди. Ички иштер министрлиги ...

0 214

Белгилүү сүрөтчү Монир Фарманфарманиан дүйнө салды

21-апрель 2019, 20:59 Айдар Нуралиев

Ирандын белгилүү сүрөтчүсү Монир Фарманфарманиан 97 жаш курагында, өзүнүн Тегерендагы үйүндө дүйнө салды. Бул тууралуу ISNA агенттиги жазды. 2015-жылы Нью-Йоркто Гуггенхайм музейинде анын алгачкы жеке көргөзмөсү өтүп, күзгү жана айнек мозаикадан жасалган сүрөттөрү коюлган. 2017-жылы Тегеренда Фарманфарманиандын жашоосуна жана чыгармачылыгына арналган музей ачылган. «Негарестан» тарыхый гүлбагында жайгашкан «Монир» музейинде сүрөтчүнүн 50дөн ашуун эмгеги коюлган. Монир Фарманфарманиан Ирандын түндүк-батышында, Казвин шаарында туулган. Тегерен университетинин ...

0 372

Шокалад чыгаруудагы алдыңкы өлкөлөрдүн бири...

21-апрель 2019, 20:57 Айдар Нуралиев

Шокалад чыгарууда Германия биринчи турат 2017-жылы жалпы 4 миллион тонна шокалад өндүрүлгөн Европа Биримдигинде эң көп өндүрүм кылган өлкө Германия болду. Европанын статистика кызматынын көрсөткүчтөрүнө караганда, 2017-жылы Германия 1,3 миллион тонна менен Европа Биримдигинде эң көп шокалад чыгарган өлкө катары биринчи орунду ээледи. Германиядан кийин 18 пайыз менен Италия (700 миң тонна), 9 пайыз менен Франция жана Нидерландия (400 миң тонна), 7 ...

0 357

Жаңылыш партияга жаңылыш добуш бергени үчүн бармагын кесип салды

21-апрель 2019, 18:38 Айдар Нуралиев

«Пилге добуш бермекмин бирок жаңылыштык менен гүлгө добуш бердим»,- деген Кумар бушаймандык менен чыкпай турган сыяга малынган сөөмөйүн кести. Индияда жаңылыш партияга добуш берген киши сөөмөйүн кести. БиБиСинин кабарына караганда Индиядагы парламенттик шайлоонун негизинде түндүктөгү Уттар Прадеш аймагында Паван Кумар аттуу шайлоочу добушун бергенден кийин жаңылыштык менен бийликтеги Бхаратия Жаната партиясына добуш бергендигин байкады. Кумар социалдык медиада жарыяланган видеодо жергиликтүү бир партияга ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 4252

Украин шайлоосу: Порошенко менен Зеленскийге добуш берүүлөрдүн саны

21-апрель 2019, 16:44 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 21-апрелде Укринада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүп жатат. Талапкер жана азыркы президент Петро Порошенко добуш берүүгө жубайы жана уулу менен келди. «Бизде элдин эркин тандоосу бар жана демократиялык салт корголгон – дал ушул нерсе Украинанын европалык мамлекет экенин мүнөздөйт. Беш жыл аралыгында биз өз өлкөбүздү европалык үй-бүлөгө кошуу багытында абдан чоң прогресс жасадык», - деди Порошенко. Ал эми экинчи талапкер Владимир Зеленский ...

0 232

Шанахан журналисттердин суроолоруна жооп берди

20-апрель 2019, 15:43 Кызгалдак Жакыпова

АКШнын коргоо министринин орун басары Патрик Шанахан Түркияга F-35 учактарын тапшыргандан кийин баш калаа Анкарага келгиси келгенин билдирди. Албаниянын коргоо министри Отла Хачка менен АКШнын Коргоо министрлигинде жолуккан Шанахан журналисттердин суроолоруна жооп берди. Америка-түрк кеңешинин 37-жылдык конференциясынын алкагында Вашингтонго барган улуттук коргоо министри Хулиси Акар менен өткөргөн жолугушуусуна баа берген Шанахан «Кайда туңгуюк бар, кантип чечебиз» деген суроого жооп издеп жаткандарын айтып: ...

0 627

Дональд Трамп кызына чоң бийликти сунуш кылды

20-апрель 2019, 12:48 Кызгалдак Жакыпова

АКШнын президенти Дональд Трамптын Ак үйдүн кеңешчиси болгон кызы Иванка Трамп атасынын өзүнө Дүйнө банкынын төрайымы болууну каалап же каалабай тургандыгын сурагандыгын бирок бул сунушка жылуу карабагандыгын айтты. Иванка Трамп Аялдардын глобалдык өнүгүү жана бейкуттук демилгесинин негизинде жасаган Африка сапарында Associated Press маалымат агенттигинин кабарчылары менен өткөргөн маектешүүдө атасынын өзүнө Дүйнө банкынын төрайымы болууну каалап же каалабагандыгын сурагандыгын айтты. Трамп атасынын бул ...

0 254

Орусияда биринчи робот диктор...

20-апрель 2019, 11:07 Кызгалдак Жакыпова

Алекс аттуу  робот маалыматтарды  окуду. Россия 24 теле көрсөтүүсүндө орус робот фирмасы чыгарган Алекс аттуу  робот маалыматтарды  окуду. Робот фирмасынын куруучусу Алексей Яковонун жүзүн алган Алекс диктордун орундугуна отуруп, дыйканчылык, атомдук технология форуму жана микро  - финансы сыяктуу тармактарда бир топ маалыматтарды көрүүчүлөргө жеткирди. Роботтун келечекте колдору менен буттарын да кыймылдата алары белгиленүүдө. 2017 -  жылы жасала баштаган жана жылдын ...

0 217

Макрон Рим папасы менен сүйлөшүү өткөрдү

20-апрель 2019, 10:48 Кызгалдак Жакыпова

Франциянын президенти Эммануэль Макрон, тарыхый Нотр-Дам чиркөөсүндө чыккан өрт тууралуу католик дүйнөсүнүн руханий лидери Папа Франциск менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрүп аны Францияга чакырды. Макрон, тарыхый Нотр-Дам чиркөөсүндө чыккан өрттү өчүрүүгө катышкан өрт өчүргүчтөрдү кабыл алды. Макрон сөзүндө Папа Франциск менен телефондогу сүйлөшүүсү тууралуу, «Аны Францияга чакырдым, ылайыктуу бир убакта келет»,-деди. Макрон өрт өчүргүчтөргө кайрылуусунда да, «Өрт өчүрүү темасында жан аябай күрөшкөнүңүз үчүн ...

0 279

Польшадагы мугалимдердин иш таштоосу

20-апрель 2019, 10:18 Кызгалдак Жакыпова

Польшада айлык акыларынын көтөрүлүшү үчүн иш таштоого барган мугалимдер менен өкмөттүн ортосунда болгон сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыккан жок. Мугалимдер профсоюздары менен өкмөттүн өкүлдөрүнүн арасында айлыктардын көтөрүлүшүнө байланыштуу өткөрүлгөн акыркы сүйлөшүүлөрдөн да жайынтык чыкпастан, тараптардын ортосунда азырынча жаңыдан сүйлөшүүнүн да пландалбагандыгы белгиленди. Премьер  - министрликтин кеңешчиси Михал Дворчик бул тууралуу берген маалыматында иш таштоонун 6 -  майда боло турган лицей сынактарынан мурда акырына чыгышы ...

0 210

ФОТОРЕПОРТАЖ: Түрк Кызматташтык жана өнүктүрүү башкармалыгы кыргызстандыктар жаштар үчүн Түркияга жол ачты

19-апрель 2019, 18:39 Кызгалдак Жакыпова

Үстүбүздөгү жылдын 18-апрелинде Түрк Кызматташтык жана өнүктүрүү башкармалыгы (ТИКА) "3D моделдөө жана анимация", "Графикалык дизайн", "Веб дизайн", "Аудио жана видео монтаж" жана "Тигүү-бычма" курстарынын 4-этабынын бүтүрүүчүлөрүнө сертификат тапшырды. Аталган азем Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасынын Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз-Түрк маданият борборунда өтүп, Туркия Республикасынын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фырат, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана Социалдык ...

0 968

"Титаник" кемеси тууралуу кызыктуу фактылар

19-апрель 2019, 17:46 Кызгалдак Жакыпова

Кеме жолго чыкканына 4 күн болгондо эле кырсыкка кабылган Бир кылымдан ашык, тагыраак айтканда мындан 107 жыл мурда 1912-жылдын 10-апрелинде «Титаник» кемеси Саутгемптон - Нью-Йорк багыты боюнча өзүнүн биринчи жана акыркы сапарын жасаган. Болгону 4 күндөн кийин эле 2000ден ашык адамды алып бара жаткан кеме Атлантика океанынан кокусунан чоң музду сүзүп кырсыктаган. Кеме ошол учурдун эң чоң, эң кооз жана эң ...

0 326

Перунун экс-президенти өзүн атып өлтүрдү

18-апрель 2019, 09:32 Айдар Нуралиев

Перунун мурунку президенти Алан Гарсия өз өмүрүнө кол салды. Окуя кечээ, 17-апрелде болгонун Telesur каналы жазды. Сот аны коррупция боюнча айыптап, 10 күнгө камоо чечимин кабыл алган. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери анын үйүнө барганда экс-президент жактоочусуна телефон чала турганын айтып, бөлмөлөрдүн бирине кирген. Ал өзүн атып, ок моюнунан өтүп, башын тешип кеткен. Өлкөнүн саламаттыкты сактоо министринин айтымында, жандандыруу бөлүмүнө түшкөн Гарсиянын 3 ...

0 341

Немистер Гүлен уюму жөнүндө эмне деп ойлошот?

17-апрель 2019, 13:33 Кызгалдак Жакыпова

“Гүлен кыймылынын чынында эле зыяны жокпу?” аттуу макала тууралуу 2019-жылдын 8-апрелинде Германиянын “Züddeutsche Zeitung” аттуу гезитинин интернет сайтында “Гүлен кыймылынын чынында эле зыяны жокпу?” аттуу макала жарык көргөн. Аталган макаланын түп нускасы шилтемеде орун алып, макаладагы урунтуу учурлар тууралуу төмөндөн орун берилди. www.sueddeutsche.de/…/islamunterrricht-ist-die-guelen-beweg… Макалада, билим алууну көздөп, ФЕТОнун билим берүү мекемелерине кирген балдардын кийин бул уюмдан кутулуунун канчалык ...

0 311

Фоторепортаж-Президент Сооронбай Жээнбековдун Германиядан 1 млрд. евро алып кайтат

17-апрель 2019, 12:28 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков эки күндүк расмий визити менен Германия Федеративдүү Республикасында жүрөт. 16-апрель, визиттин экинчи күнүндө, Берлинде Президент Сооронбай Жээнбеков менен ГФР Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен расмий жолугушуу салтанаты өттү. Андан ары мамлекет башчылары сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Мындан тышкары Сооронбай Жээнбеков Германиянын Федералдык канцлери Ангела Меркель менен ошондой эле Бундестагдын Президенти Вольфганг Шойбле менен жолугушту. Сооронбай Жээнбеков ...

0 277

Президент Сооронбай Жээнбеков менен ГФР Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин расмий жолугушуу аземи болду

16-апрель 2019, 16:07 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн, 16-апрелде, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Германияга расмий визитинин алкагында Президент Сооронбай Жээнбековдун жана ГФР Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Биргелешкен сүрөткө түшүүдөн соң Кыргызстандын Президенти Ардактуу коноктордун китебине Германия элине эң жакшы каалоо-тилектерин жазып калтырды. Расмий делегациялардын мүчөлөрүн тааныштыруудан кийин, Мамлекеттер башчылары аскердик салтанатты көрүштү, эки өлкөнүн гимндери жаңырды, Бундесвердин ардактуу кароолун кыдырып чыгышты. Салтанаттуу азем ...

0 683

Дүйнөдөгү эң семиз бала арыктады!

16-апрель 2019, 15:21 Кызгалдак Жакыпова

Мындан үч жыл мурда индонезиялык Арья Пермандын салмагы 200 кг дан ашык болчу. Анда бала 10 жашта эле. Арьянын сүрөтү басма сөз беттерине чыгар замат аны "дүйнөдөгү эң семиз бала" деп аташкан. Тестиер бала күн сайын куурулган тоок, кесме жеп, газдалган суу иччү. Арьянын аябай семиргенин ушундан билиңиз, ордунан жарым кадам жылмак түгүл, баса албай калган. Ошон үчүн мектепке да баруусун ...

0 360

Ясемин Адар 4-жолу Европа чемпиону болду

14-апрель 2019, 15:14 Айдар Нуралиев

Күрөш боюнча Европа чемпионатында кыздар арасында 76 килогарммда мелдешке чыккан улуттук спортчу Ясемин Адар, алтын медалга ээ болду. Румыниянын баш калаасы Бухарестте өткөрүлгөн Европа чемпионатында кыздар арасында 76 килограмм финалда австриялык Мартина Куентти 6-1 эсебинде жеңген улуттук спортчу Ясемин Адар алтын медалга жетишти. Ясемин Адар Европа чемпионатында удаама-удаа 4-жолу алтын медалга ээ болду. Булак: NazarNews.kg    

0 263

АКШдан 4 чет элдик фирмага "Венесуэла" санкциясы

14-апрель 2019, 12:02 Айдар Нуралиев

АКШ башкаруусу Венесуэла менен байланышы бар деген негиз менен 4 чет элдик кемечилик фирмасына санкция салуу чечимин чыгарды. АКШнын казына министрлигинин чет элдик фонддорду текшерүү офисинин интернет сайтында орун алган маалыматта Либерия тектүү Jennifer Navigation Ltd, Large Range Ltd жана Lima Shipping Corp менен Италиянын PB Tankers аттуу фирмаларынын санкция салынуучулар тизмесине алынгандыгы белгиленди. Фирмалардын «Венесуэла менен байланышы бар» деген негиз менен ...

0 811

Келечегибизди гүленчилерге алдырып жибердикпи?

13-апрель 2019, 18:45 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстан эгемендүү мамлекет аталып, байрагын көтөрүп, акчасын чыгарып, баш мыйзамын кабыл алып, дүйнө элдери менен байланыш-алака түзгөн өткөн кылымдын 1991-1995-жылдарында урунттуу бир ишке кабылган. 1992-жылы кыргыз элине билим берүү тармагында кол-кабыш кылабыз, жардамдашабыз, балдарыңарды дүйнө алдыңкыларына сүрөйбүз ж.б. көптөгөн перспективалуу сунуштары менен биричи жолу “Себат” Түркиялык жеке менчик билим берүү мекемеси ачылган. Бул мекеменин Кыргызстанга келишин ошол ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 357

Түрктөр кыргыздардан эмнени каалайт?

10-апрель 2019, 11:29 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз элинин каймагына кирем деп төшүн каккан, сапаттуу акыл калчайм деп көз айнек таккан саясатчы жана эксперттер эмнегедир Орусия менен АКШга карата айта албаган сынын, акаарат сөздөрүн түрктөргө карата кең кесири айтууда. Бул кыргыздын “өз агасын агалай албаган киши агасын сагалайт” деген накыл сөзүн айгинелейт. Эң эле жөнөкөй мисал, дүйнөлүк деңгээлде кызмат көрсөтө турган оорукана салып бергени ...

0 198

Дүйнөдө өлүм жазасын колдонуу 31% азайды

10-апрель 2019, 09:24 Айдар Нуралиев

Amnesty International ("Эл аралык мунапыс”) уюмунун жаңы жарыяланган докладында 2018-жылы дүйнө жүзү боюнча өлүм жазасын колдонгон учурлар аз катталганы айтылат. Бул тууралуу Азаттык билдирди. Жылдык иликтөөдө жазылгандай, 2017-жылы 993 өлүм жазасы колдонулса, 2018-жылы 690го кыскарган. “Соңку жылдагы көрсөткүчтөр катаал жана адамзатка туура келбеген жазанын түрүн токтотуу багытында дүйнөдө натыйжалуу кадамдар кабыл алынып жатканын көрсөтөт” деп жазылган докладда. Документте белгиленгендей, маңзатка каршы күрөшүү мыйзамына өзгөртүүлөр ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83