www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эл пикир
0 366

Устатына ашык болгон студент кыздын баяны

4- курстун студент кызы өзүнүн агайына ашык болуп, ага ушул күнгө чейин сезимин айтпастан жашырып келээрин  anonymos_forum сайтына шилтеме калтырган. -- “Мен окуу жайымдагы устатыма 2- курсатан бери ашык болуп келемин. Жашы 27-30 чамасындагы бойдок, шайыр мырза”,- деди сулуу. Бойжеткен кыз сүйгөнүнө сезимин билдирүүдөн тартынат. -- “Бир күнү студенттер менен компьютер бөлүмүндө чогулуп калдык. Агайым жаныбыздан өтмөкчү болуп белимен аяр сылап өттү. Мен бул ...

0 764

Табып Хашим Зайналиев Президентке Кайрылуу жасады

16-май 2019, 09:04 Айдар Нуралиев

Элдик табып катары таанылып, кийинчерээк ээлди алдоого шектелип, СИЗОдо 1 ай камалып,кайра бошотулган Хашим Зайналиев интернет аркылуу Президентке Кайрылуу жасады!Төмөндө Хашым табыптын интернеттеги кайрылуусун эч өзгөртүүсүз беребиз. Урматтуу Президент!!!  Мен 1 ай СИЗО до жатканым жөнүндө кабарыңыз бар. Ошол 1 ай ичинде камалып жаткандардын көбү менен сүйлөштүм, алардын көпчүлүгү ошол СИЗО до камалып жатууга ылайык келбейт. Алардын ичинде эне сүтү оозунан ...

0 499

Сүйүнчү! Мамашова кыргызча сүйлөй баштады!

04-февраль 2019, 10:43 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз тилинин кадыры өспөй, эгемендик алгандан бери өгөйлөнүп келе жатканы эч кимге деле жашыруун эмес. Маселен, көчөдөгү көрнөк-жарнактарды көргөндө жүрөгүң ооруп, жүлүнүн зыркырайт. Андан дагы кейиштүүсү, кыргыздын тыңчыкма кыз-жигиттери өз тилин жээрип, өзгөнүн тилин даңктаганда өлбөгөн гана төрт шыйрагың калат экен. Негизи, эне тилибизди өзүбүз кастарлабасак, бирөө келип көкөлөтүп бермек беле. Баса, буга чейин башка тилде божурап келген Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова жакындан ...

0 1741

Эльмира Мадиева: Кийинки кезек кимдики болду экен? Дагы ким "Кумтөр" үчүн жанын сабап, садага чабылаар экен...

20-сентябрь 2017, 13:15 Перизат Кутманалиева

Белгилүү журналист Эльмира Мадиева бүгүнкү болуп жаткан окуялар жөнүндө өз пикирин Фейсбук баракчасы аркылуу төмөнкүдөй билдирди. "Кумтөр" биздеги алтындар түгөнмөйүнчө бутпөгөн тема болот окшойт. Учурда анын айынан атасы кайтыш болуп, атама топурак салдырабы же салдыбайбы?-деп ой-санаа, бук менен Садыр Жапаров түрмөдө отурат. "Кумтөр" кенин кайрадан тендерге коюу боюнча 2007-жылы Малиев Арсланбек мыйзам иштеп чыккан экен. Анда Камеко нөлдөн баштап жаны макулдашууга кол коюп,толугу менен ...

0 988

Кайрат Нуртастын иниси Аян Айгеримге үйлөндү

31-август 2017, 11:34 Жазгүл Урманбетова

Казакстандын белгилүү ырчысы Кайрат Нуртастын кичүү иниси үйлөндү. Бул тууралуу Nur.kz  маалымат агенттиги кабар берет. Ырчынын Аян аттуу иниси Айгерим аттуу кызды турмушка чакырган, ал экөө көп жылдан бери кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүшкөн. Эки жупту куттуктайбыз деп Казакстандын төбөсү көрүнгөн жылдыздардын көпчүлүгү тойго келген. Ал эми той демекчи, ал Алматынын эң жакшы деп саналган ресторанында болуп өттү. Булак: NazarNews.kg

0 1189

Шайлообек Атазов, коомдук активист: “Жомок жана популизм”

31-август 2017, 01:23 Перизат Кутманалиева

Сапар Исаковдун “Жаңы доор- кырк кадам” программасы реалдуу турмушка ишке ашчудайбы же элди алагды кылыш үчүн жазылган программабы? -Сапар Исаковдун программасы депутат Каныбек Иманалиевдин берген суроолорундай эле окшойт. Чындыкты эске алсак, анда бул кадам эмес, көз боёмоочулук! Бул элди алдоо! Жомок жана популизм! Анда “Лиглас”, “Кумтөр”, тышкы карызыбыз, Дача-суу, таможныйдагы коррупциялык системалар, жумушсуздукту чечүү боюнча кадамдары жокко эсе. Булак: "Майдан кж"

0 1258

Суу, суу, суу керек: Чычкан аке, мышык аке, жолборс аке суу берчи! Бактуу-Долоноту айылынын тургундары 3 айдан бери таза суусу жок жашап жатышат!

16-август 2017, 20:21 Жазгүл Урманбетова

Урматтуу "NazarNews.kg" маалымат агенттиги! Сиздердин жамаатка кайрылганыбыздын себеби, биз Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылынын тургундары 3 айдан бери таза суу жок жашап жатабыз. Сиздерге кайрылганыбыздын себеби, таза суу жоктугуна байланыштуу экинчи ирет кайрылып жатабыз. Себеби, суу чыгарып куруу курууга  1млн. 700 миң. сом бөлүнүп берилген эмес. Биздин кайрылуубуз акимге, облустун губернаторго, УКМКга, КР премьер-министрге, телевидениеге кайрылганыбыз текке кетти. 17 млн.сом бөлүнүп берилгенден жыйынтык чыккан жок. Дагы башка тийиштүү органдарга кайрылуубуздан ...

0 596

Элдин ишеними кимге ооп турат?

16-август 2017, 15:06 Перизат Кутманалиева

Президенттик шайлоо жакындагандан баштап Кыргызстандын саясий лидерлери кыйсыпыр түшүп даярдык көрүп жатышат. “Той болот, тойдун эртеси да болот” дегендей, шайлоого чейин канчасы калып канчасы кетет белгисиз. Ал эми шайлоонун аягына чейин кимдердин бара тургандары коомдук сурамжылоо аркылуу эле билинип калды. Мисалы, сурамжылоо жүргүзүп жаткан akipress.org жана super.kg интернет маалымат булактарынын 2017-жылдын 15- августтундагы алдыңкы бешиликтин жыйынтыгына карасак элдин ишеними Өмүрбек Бабановго ...

0 638

Шаирбек Маматокторов: Трайбалист Турсунбек Акун, бийликке кошомат айткандан көрө, Текебаевдин сотуна барып колдоп койбойбу?

15-август 2017, 16:47 Перизат Кутманалиева

Качан таза шайлоо болот? Бүгүн, Мелис Аспеков иним чакырган "Таза шайлоо2017" аттуу тегерек столго катыштым. Жана, уюштуруучулар кайра кайра эле качан таза шайлоо болот деп сурап жаттыңар.  Жөнөкөй мисал, бет маңдайда олтурган Турсунбек Акун сыяктуу кубулма, сатылма, ашмалтай ыплас трайбалисттерди мындай иш чарага кошпогондо. Акыйкатчы болуп шайланган Акун, алгачкы күндөн тартып түштүктүк кызматкерлерди жумуштан кууганын апараттын кызматкерлери тастыктап берет. Аны тастыктатпай эле, мына ...

0 696

Адилет Айтикеев президент тууралу мындай дейт...

15-август 2017, 14:23 Жазгүл Урманбетова

Журналист Адилет Айтикеев Фейсбуктагы баракчасына Алмазбек Атамбаевдин кетээрине ишениш кыйын. 2 айдан кийин шайлоо болот. Бирок анын иш-аракеттери кете турган президенттик аракетине окшобойт. Кете турган президенттик тактикасы таптакыр башкача болот. Каршылаштарын азайтууга, кечирим берүүгө, өзүнө карата нааразылыкты төмөндөтүүгө аракет жасайт. А бул жерде таптакыр башкача аракет болуп жатат. Анан калса Адахан Мадумаровдун шайлоого бойкот жарыялоого карата чакырыгы да өтө ойлонто турган ...

0 1906

Өмүрбек Бабанов тил комиссиясын канчага сатып алды?

Кыргыз тилин өтө деле жакшы билбеген Өмүрбек Бабанов мамлекеттик тил боюнча экзаменде эң жогорку балл алып оозубузду ачырды эле. Көрсө, көп өтпөй эле иштин чоо жайын билдик. Өмүрбек Бабанов тууралуу “ал күрд экен” деген сөздөргө каршы аргумент кылып, өзүн таза кандуу кыргыз катары тааныткысы келип комиссия мүчөлөрүнө чоң суммадагы акча берип, жогорку балл алыптыр. Экзаменде берилүүчү суроолордун жоопторун алдын ала берип ...

0 1314

Руслан Маматов: Ташиевдин бейнесине...

Урматтуу достор. Мен сыйлап урматтаган кыргыздын чыгаан мекенчил уулу Камчыбек Кыдыршаевич Ташиев.Менин жеке оюмда мамлекет башына ушундай мекенин сүйгөн ар бир кыргыз үчүн күйүп, жанын берүүгө даяр адамдар келиши керек. Бийликтин ак жерден каралоосуна карабай, карапайым калк арасында урмат сыйга ээ жана кадыр-баркы жагынан азыркы кондидаттарга салыштырмалуу алда канча жогору. Бир да жолу казынага кол салган же элдин ырыскысын жеген деген сөз айтылган эмес. Кыялы ...

0 1232

Төрөбаев менен Бабанов биригеби?

Президенттик шайлоо жакындаган сайын саясий эксперттер, аналитиктер кайсы талапкер шайлоодо көпчүлүк добушка ээ болуп жеңип чыгат деген маселенин айланасында ой толгошууда. Көпчүлүк эксперттер Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаевдин калк арасында кадыры жогору экенин, эгер бул эки талапкер мунасага келип бир күч катары шайлоого барышса, биринчи турдан жеңип чыгышмак дешүүдө. Ошол эле учурда, мындай сүйлөшүү жакынкы күндөрү болушу мүмкүндүгүн, экөө тил табашып калышса, ...

0 1004

Ата-Журт” менен эсептешпей туруп, саясат жасоо бүгүн мүмкүн эмес!

- “Ата-Журт” саясий партиясынын басып өткөн жолуна кандай баа бересиз? Анын өлкөдөгү демократиянын өнүгүшүнө кошкон салымын кандай баалайсыз? Лидерлери жөнүндө кандай пикирдесиз? Кайып Шери, апрель баатыры: “Бул жигиттердин жүрөгү эл үчүн күйүп турат...” - “Ата-Журт” мекенчил партия, башка партияларга караганда карапайым элге жакын. Бул айрыкча, 2010-жылы болгон Ош окуясында маалым болду. Ошондо, эл башына түшкөн кыйынчылыкты “Ата-Журт” партиясынын башында турган эки азаматы ...

0 1530

Коррупционерлердин колдору кесилеби, урматтуу президент?

Бишкек шаардык патрулдук милиция башкармалыгынын башчысы Талантбек Барпиевдин Айбек Эшенкулов аттуу аты бар, бирок карааны жок бирөөнү штатка киргизип, мамлекеттин эсебинен айлык берип жүргөнүн жазган элек. ИИМдин Коопсуздук кызматынын Искандар аттуу башчысы бул ишти көз көрүнөө эле жаап койду. Колуңардан «пок» келбейт деди окшойт сыягы. Урматтуу Алмазбек Шаршенович, коррупционерлер жазаланабы же тайраңдап жүрө беришеби? Карабайсызбы буларды, Барпиев өздөрү ич ара «депутат» ...

0 1249

Ажону айланасы адаштыра баштадыбы?

Чоң саясый аренада бүйүр кызыткан, асыресе талаштуу жагдай жаралганы турат. Биз бул жаатта ой калчап, калыс сын пикир менен туура багытты берүүнү эп көрдүк. Алмазбек Атамбаевдин Казань шаарында журналисттерге интервью бергендеги сөзү аябай эле таң калычтуу угулду. Президент: «Сентябрдын башында жаңы өкмөт дайындалып, ал 2020-жылга чейин иштейт» деди. Анын бул сөздөрү саясатчылар менен депутаттардын, окурмандардын көбүн «шок» кылды. Көп кишилерде: «Атамбаев ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 2380

Сабатсыз, башка партиялардын жасалгасын «уурдаган» Бакыт Төрөбаев үй-бүлөлүк башкарууну орнотобу?

«Жыгылсаң төөдөн жыгыл, буйласын кармай жыгыл» деген макалды Бакыт Төрөбаев кыязы аб-ы-ыдан жакшы көрөт окшойт. Чоң саясатка аттанганына азыноолак жыл болбой жатып, амбициясы көкүрөгүн тепкилеп «Мен президент болот элем» деп чыкты. Акыркы 2-3 жылдан бери карай «Фермерлерге, дыйкандарга бекер трактор таратам» деген пиарын катуу жүргүзүп, анан дагы президент болуу дымагын шайлоо жылы боло электе эле эртелеп билдирген. Мына ошол «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын курултайы ...

0 2468

Турсунбеков президенттик креслону кыялданса, Ибраимов премьер болуунун амалына өттү

Эгер Алмазбек Атамбаев Конституцияны өзүнө ыңгайлаштырып, экинчи ирет шайлоого баруу менен ордунда калууга кам урса, бүгүнкүдөй КСДПнын ичиндеги бөлүнүп-жарылуу болбойт эле. Бирок, анда көпчүлүк катмардын нааразычылыгын жаратмак. Башта маани бербей жүргөнбүз. Көрсө, Чыныбай Турсунбековдун дымагы күчтүү тура. Ал президенттик шайлоого өз алдынча талапкер катары чыгуу үчүн позициясына катуу туруп, КСДПнын «мураскерине» каршты чыкканы түмөн түйшүктүү ойлорду жаратты. Кол бөлүнүп, карта бузулууда. ...

0 1858

Чыке тактыны эңсей баштады...

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков акыркы жылдары саясатта өз ордун таба алды. Эл колдоосуна ээ болуп жарк деп чыга албаса да, саясий салмагы артып, жогорку бийлик чөйрөсүндөгү саясатчылар эсептеше турган деңгээлге жетти. Өзгөчө Жогорку Кеңештин спикери болгону, ар тараптан бышты. Экинин юири болуп, өлкөнүн бир тизгинин чоюп отурат. Амбиция ойгонду. Учурда президент болсом деп дегдей баштады. КСДП Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун ...

0 1090

Улуттук лидериң барбы, улутум?

Кыргыз элинин эртеңки бактысы, бейкут турмушу үчүн күрөшүүчүлөр Жусуп Абдрахманов, Ишенаалы Арабаев, Абдыкерим Сыдыков, Белек Солтоноев, Керим Кененбаев, Касым Тыныстанов, Эркинбек Эсенаманов, Жайнак Садаева, Мукаш Далбаев, Төрөкул Айтматов, Асанкан Жээнбаев, Баялы Исакеев, Токчоро Жолдошев, Осмонкул Алиев сыяктуу мыкты инсандарыбыз болгон. Алар кыргыз элинин мамлекеттүүлүгү, бүтүндүгү жана кемибестиги үчүн канын-жанын аябай күрөшкөн. 20-кылымда жарк эткен чагылгандай жаралган кыргыздын мыкты асыл тобу болгон. ...

0 982

Эски достордун «эрөөлү»

Жакында Талас шаарындагы А.Огонбаев атындагы музыкалык мектепте “Республика – Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановго жыйында айрым адамдар тарабынан “Өмүрбек Токтогулович, сиздердин фракциядан сунушталып шайланган Талас шаарынын мэри өз деңгээлинде иштей албай жатат, неге татыктуу талапкерлерди тандап сунуштаган жоксуңар? ” деген доомат айтылган. Дооматка жооп берип жатып, Өмүрбек Бабанов Талас шаарынын мурдагы мэри Анарбек Кушубековдун кызматтан кетишине Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу ...

27-июнь 2017, 10:52 | 982
0 1175

Жолдубаева дагы суралабы?

Ленин райондук сотунда 23-июнь күнү Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын соту өттү. Соттун жүрүшүндө Салянованын адвокаты Чынара Жакупбекова:”Елисеев лицензиянын негизинде Латвияда фирма ачып иштөөгө мүмкүнчүлүк жаралды деп материалдарда жазылып турат. Иш козголгондон 2 күндөн кийин Латвияга маалым кат жиберилген. Бирок Латвиянын тиешелүү органы Башкы прокуратурага бул боюнча маалымат берүүдөн баш тарткан. Эч кандай далил жок “Елисеев Латвияда ошол узартылган лицензиянын жардамы менен ...

27-июнь 2017, 10:41 | 1175
0 1615

Ойлонбой сүйлөгөн онтобогон ооруга чалдыгат

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары Каныбек Иманалиев Кыргызстандын куралдуу топтору Сириядагы аскердик аракеттерден тажрыйба топтоп келсе жаманбы дегендей үн катты. Анын айтымында, аскердик доктринага ылайык, өлкө террорго каршы аракеттерге катышууга милдеттүү. Анын мындай көз карашы коомчулукта кескин сынга тушукту. Депутаттын айтканына куйкасы курушкандар «кыйын болсо Иманалиев Сирияга барып өзү үлгү көрсөтсүн, ал колунан келбесе былжырабасын» ...

0 707

Мамлекеттин мүлкүн мүлжүгөн качан токтойт?

Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси Болсунбек Казаков өзүнчө эле реформа кылып жаткан түр көрсөтүп, чалмакейди чалып жатканы байкалып турат. Ал парламенттен: “Кыргыз турак-жай комсоюздун” 25 ишканасын кыскарткандан кийин, 140 мамлекеттик ишкана калды. Анын ичинен 59 ишкана мекеме болуп өзгөрөт. Алар толугу менен мамлекеттен каржыланат, 14ү филиал болот, 19у акционердик коом, төртөө менчиктештирүүгө чыгат, 18 мамлекеттик ишкананы жоюуга сунуш бердик. Бул өкмөттө каралып жатат”, ...

0 1338

Темир Сариев менен Бакыт Төрөбаев шайлоо алдындагы үгүттөөнүн эрежесин бузуп жатышат

Бишкек жана Ош шаарларында президенттикке талапкерлер Темир Сариев менен Бакыт Төрөбаевдин үгүт плакаттары пайда болду. "Муну менен алар шайлоо мыйзамын бузуп жатышат",- деп социалдык түйүн колдонуучулары талкуулап жатышат.  Бул үгүт сүрөттөрү Бишкек жана Ош шаарларында бүгүн пайда болгону айтылууда. Эскерте кетсек, буга чейин жогорудагы эки талапкер жана "Республика-Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов жер-жерлерди кыдырып, эл менен жолугууларын башташкан. Мындан улам Борбордук ...

0 1283

Бектурсун Алибеков, жеке ишкер: “Жакшы күлүктү көралбастар көп болот”

Ахматбек мырза менин назарымда ал ЖКда төрагалык қызматта турганда мамлекеттик тилибиз – кыргыз тилинин ЖКда өз ордун татыктуу ээлөөгө өбөлгө түзгөнү менен калды. Анткени ал ЖКга төрагалык кылган учурдан баштап депутаттарыбыз мамлекеттик тилибизге мамлекеттик мааниде мамиле кыла башташты. Бул талашсыз факт. Ушундан улам менде Ахматбек мырзага қарай биздин мамлекеттик символикабызга урмат- сый менен мамиле жасаган саясатчынын бейнеси жаралды. Тиги сотторубуздун өкүмдөрүнө ...

0 1282

Ибрагим Балтабаев, жеке ишкер: “Ахматбек Келдибеков саясатчы катары такшалган инсан”

Акматбек акени көптөн бери тааныйм. Анын эс тутумуна баа берем. Жеке адамдык мамилеси аябай жакшы киши. Саясатчы катары такшалган инсан деп ойлойм. Кесипкөй ишмер. Акмат аке менен 15 жылдай мурда сүйлөштүк эле. Ошо боюнча көрүшпөй 2013- жылы көрүшүп калдык кокусунан. Тааныбаса керек деп ойлоп эле отурдум эле. Баары эсинде экен. Чоң киши болуп калыпсың иним деп бир топ жакшы сөздөрүн айтты. ...

0 2441

Дайырбек Орунбеков, журналист: ”Президенттик кызматка даяр, бирок...”

Ахматбек Келдибековдун кемтиги менен жөнтөгү эмнеде? -Дайырбек Орунбеков, журналист: ”Президенттик кызматка даяр, бирок...” Ахматбек Келдибеков мамлекеттик кызматтардын тепкичтерин басып өткөн, тажрыйбасы, башкаруу жөндөмү, лидерлик харизмасы бар саясатчы. Экономиканы жана кризистен алып чыгуу механизмдерин түшүнөт. Ал Салык кызматын башкарганда, Соцфондго жетекчи болуп келгенде көрүнүктүү реформа кылган. Мисалы, ун, шекер менен камсыздоо, пенсия маселелерин жөнгө салган. Салык кызматында салык саясатын өзгөрткөн. Салык төлөмдөрүн азайтып, ...

1 9733

Эки аял алууга кыргыз эркектери татыксыз!

Коомчулукта акыркы убакта эки аялдуулукту мыйзамдаштыруу темасы ооздон түшпөй калды. Ата-бабалардын эки эмес, төрттөн аял алган салтына таянып, шарияттагы эрежелерди көзгө сая көрсөткөндөрдүн күнү тууду. Бирок, ал учурдун эркектери такыр башка болгонун билгилери келбейт. Бир таанышым «Эки аял алуу мыйзамдашса эле, экинчи аялды алып, отургузуп коем», – деп алаканын ышкалайт. «Экөөнү бирдей бага аласыңбы?» – деген суроого, көзүн алайтып, таң калып ...

2 18272

Дариха Ишанова:Атамбаев кетээр алдында кыргыздын жигиттерин кырмай болдубу?

Президент иш сапары менен Москвага барып, Путин менен жолугушуп келди. Москва карызын кечмей болуптур. Канча карыз экенибизди билбейм чынында. Бирок, дагы бир маанилүү сүйлөшүү жыйынтыгы Кыргызстан аскер күчтөрүн Сириядагы согушка жөнөтүү сунушталды. Жакында эле Өзбекстандын президенти Кытайга барып сүйлөшүү жүргүзүп, миллиарддаган долларлык инвестиция алып келген, элине керектүү. Атамбаев Кытайга барып ажалдуу жүк алып келип 40 адамдын жанын алды. Эми, Москвага ...

0 14784

Равшан Жээнбеков: “Кремль Атамбаев сунуштаган адамды колдобой койсо, ал адам өтө албай калат”

Атамбаев Орусияга келе жаткан президенттик шайлоодо бийлик партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбековго бата алып келүү үчүн сапар жасадыбы? Анын бул аракети ишке ашабы?  – Менин көз карашым боюнча, Атамбаевдин Москвага болгон сапары өзүнөн кийинки бийликке келе турган адамды сүйлөшүп, анын талапкерлигин бекитип келүү деп ойлойм. Анткени, президенттер кетээр маалда мамлекеттик маселелер анча деле маанилүү болбой калат. Башкача айтканда жеке үй-бүлөсүнүн жана ушул кезге ...

0 5589

Эдил Байсалов: “Россиянын расмий жетекчилиги жана дипломаттары эч качан Атамбаевти жактырышкан эмес”

Атамбаев Орусияга келе жаткан президенттик шайлоодо бийлик партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбековго бата алып келүү үчүн сапар жасадыбы? Анын бул аракети ишке ашабы? – Жок, андай эмес. Биринчиден, эмки президентти орустун жетекчилиги эмес, кыргыз эли шайлайт. Путин канча кыйын болбосун, ал бирөөнү бизге таңуулай албайт. Сооронбай Путиндин сүйгөн бир тууганы болгон күндө дагы. Путин менен Назарбаев Кыргызстандын башына жалпы элдин колдоосуна ээ, ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1691

Сарпашев дагы былгыйбы?

Т.Сарпашов жетектеп кеткен Мамкаттоо кызматына караштуу Бишкек шаардык жерге орноштуруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынын, т.а. «Бишкекархитектура» мекемесинин кызмат адамдарына иш козголду. Алар Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянат пайдалануу), 315-беренеси (кызматынан аша чабуу), 350-беренеси (документтерди жасоо, мамлекеттик сыйлыктарды, мөөр, штамп, бланкаларды даярдоо, колдонуу) менен айыпталууда. Бышыктай кетсек, 2016-жылы бул адамдар саламаттык сактоо мекемелерине таандык жерди жергиликтүү жаранга мыйзамсыз бергени жана Киев көчөсүндө ...

19-июнь 2017, 16:16 | 1691
0 2549

Албарсты элди бастыбы же маданият өкүлдөрүнбү?

“Маданият улуттун жүзү” – деп ар бир маданий иш чара болгон сайын какшанып айтып келебиз. Мына ошол маданиятты алып жүргөндөр кимдер деген суроого азыр жооп табуу кыйынга туруп калгандай. Анткени мындан он, он беш, жыйырма жыл мурун эле маданият өкүлдөрү десе биринчи сап башында турган ырчылардын жүзү эске келсе, алардын ырлары, дегеле текстине сөзү дал келип, жалпы коомчулукту бир багытка үгүттөгөндөй ...

0 1301

“Кыргыз темир жолу” вагон алуудан акча жасайбы?

Мамлекеттик “Кыргыз темир жолу” ишканасы Кыргыз-орус енүктүрүү фондунун акчасына 150 вагон сатып алууда. Бул боюнча тендер өтүп, жеңүүчү компания менен келишим түзүлүү алдында турат. Тендерге 4 компания катышып, Казакстандын “ЗИКСТО” компаниясы жеңүүчү деп табылган. 435 миллион сомго жаңы алынчу 150 вагон Жалал-Абад темир жол станциясына берилет. Ошондо бир вагон дээрлик 3 миллион сомдун тегерегинде алынат. Бул ашыкча кымбат десек болот. Сыягы, ...

0 1586

Бакиевдин байлыгы – кимден-кимге?

“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү Курманбек Бакиевге жана анын жакындарына таандык мүлктөрдүн чоо-жайын иликтеди.  2010-жылы Убактылуу өкмөттүн декрети менен Бакиевдерге жана алардын жакындарына таандык делген 47 объект улутташтырылганы белгилүү. Ушул убакка чейин алардын айрымдары мамлекетке өтсө, кай бирлери жеке колдорго сатылган. Сатып алууга кардар чыкпай, саргайган мүлктөр да жок эмес. Бакиевдердин Ысык-Көл жээгиндеги эле мүлктөрүн тизмектеп көрөлү. Алар: “Аврора Грин”, “Аврора плюс”, “Каприз” ...

3 17012

Жарык дүйнө менен кош айтышып баратып кемпир "Ажобуз айныды. Бекер камады"деп каргады

Урматтуу мекендештер! Мен бир кызык окуяны угуп, төбө чачым тик турду. Ошол окуяны сиздер менен бөлүшүүнү туура таптым. Таанышым ооруп жаткан кудагыйынын ал-акыбалын сураганы барып калат. Жашы 93тө экен. Ден-соолугун сурап отуруп калдык. Анан бир маалда эле кудагый апа: “бекер кылышты, бекер кылышты, – деп күңгүрөнүп сүйлөп калды дейт. – Аны камаштын кереги жок болчу. Атаңа наалат, бекер камашты…” “Кудагый, ...

1 1132

Каныбек Османалиевди капа кылбагылачы?

Жан-дүйнөсү назик адамдар, чыгармачыл инсандар, окумуштуулар кээде боорду эзген кылык-жоруктарды жасап, ар нерсени «балп» эттирип салышат эмеспи. Дегеним, экс-депутат, экс-министр Каныбек Осмоналиев социалдык тармактардагы жеке баракчасына: «Жумушсуз калсам «агалагандар» айлана — чекемден жок болуп кетишти. Үй-бүлөм менен эле бир туугандарым калышыптыр! Ошол «агалагандар» менден кутулуштубу же мен алардан кутулдумбу? Бирок, эмнегедир жеңилдей түшкөндөй болуп жүрөм!!!» — деген билдирүүсүн жазып чыкты. Баягы, депутат ...

0 2426

Биринчи май райондук администрациясында практикадан өтүү үчүн палас жууш керек

16-июнда Facebook'тун колдонуучусу Айкөкүл Маматова Бишкектин Биринчи май райондук администрациясына нааразычылыгын билдирген. Анын жазган маалыматына ылайык КР Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын студенти катары муниципалдык мекемеде 12-июнда окуу практикасы башталган. Ал эми анын эртеси "иш кагаздардын жалпы" бөлүмүнүн башчысы практиканттарга палас жуудурткан. Мындан улам студенттер саат 9:00до келишип, кечки 20:00до үйлөрүнө кетишкен. Бул көрүнүш 4 күн бою кайталанып, алар практикага тиешеси жок иштерди ...

0 6783

“Бербестин ашы бышпас” болуп, эки жылдан бери казактар бербей келаткан 100 млн доллар жардам бериле турган болду

Казак мажилиси Кыргызстанга бериле турган 100 миллион доллар боюнча келишимди колдоду. Бул тууралуу «Уласть» порталы маалымдайт. Эскерте кетсек, бул акчаны Казакстан Кыргызстанга Евразия экономикалык биримдигине кошулгандыгы үчүн техникалык жардам катары берет. Казакстандын финансы министри Бахыт Султановдун айтымында, жардам акчалай, жабдуу, товар жана кызмат түрүндө болот. Акчанын ар бир бөлүгүн которууда, өзүнчө келишим түзүлөт. Каражат ЕАЭБдин жол картасын ишке ашыруу жаатындагы чараларга гана ...

0 1959

Акылдан айныткан акылдуу эсептегичтер

Акыркы жылдары коомчулукта «Акылдуу эсептегич» боюнча нааразычылыктар аябай көбөйдү. Айбек Калиев башында турган «Энерго холдингдин» жетекчилери бул жагдайды жөн гана техникалык түшүнбөстүк катары карашып, элдин үнүнө кулак төшөгүлөрү келген жок. Тиешелүү укук коргоо органдары, жогорку бийлик жетекчилиги бул коррупция жыттанган схеманын түп-тамырын аңдап, талдоо жүргүзүп чара көрөлү дегенге жарашпады. Натыйжада, «Улуттук энергетикалык холдингдин» жетекчилиги «Акылдуу эсептегичтерди» Туркия, Кытайдан кылып ар кайсы өлкөдөн ар ...

0 1262

Өкмөттөгүлөр адам өлгөндө иштейби?

Биринчи май районуна караштуу Ак Босого жаңы конушунун Чүй 39 көчөсүндөгү электр зымдары адамдардын коопсуздугуна коркунуч жаратууда. Электр зымдары карагайда эмес, чириген таяктарда илинип турганына он жылдын жүзү болуптур. Жергиликтүү тургундар арызданса эле өзүңөр акча чогултуп, карагай алгыла дешет экен. Бул эмне деген шумдук? Светке 50 сом карыз болсоң өпкөңдү үзүп туруп алышат. Эмне үчүн электр карагайларын орнотуп беришпейт? Сөзсүз эле кырсык басып ...

0 2251

Батыралиев космосто жашап жатабы?

Саламаттыкты сактоо министрлиги төрөт үйлөрүндө паракорлук жок дейт. Министрлик мыйзамга ылайык, боюнда бар, төрөй турган жана жаңы төрөгөн аялдарга бекер жардам берилээрин жар салып: «Медициналык кызматкерлер төрөтканага түшкөн аялдарга акчасына карата мамиле кыла албайт. Анткени дарыгердин башкы максаты — сапаттуу жардам көрсөтүү», – деп элдин оозун ачырды. Министр Талантбек Батыралиев Кыргызстанда жашабай эле космосто жүргөн го. Көчөгө чыгып келиндерден бир ооз төрөтканалар ...

0 893

“Коопсуз шаар” эмнеге иштебей жатат?

Акыркы беш ай ичинде катталган кырсыктардан 61 адам каза тапса, 1168 адам жабыр тарткан, анын ичинен жүргүнчү ташыган коомдук транспорттордон жабыркаганы 66 адамды түзгөн. Мындай ири жол кырсыктарынын катталышы эмнеден улам болууда? Буга ким күнөөлүү? “Коопсуз шаар” долбоору эмне себептен ишке ашпай жатат? Рита Карасартова, укук коргоочу: – Мен билгенден тендер боюнча чатак болуп, иш сотко кеткен. Тилекке каршы, атка минерлер, тендерди ...

0 9010

Жолдубаева кызматтан кетеби?

Башкы прокурор Индира Жолдубаева жакын арада кызматынан кетет деген божомолдор айтылууда. Анын ордуна Канат Керезбеков келиши мүмкүн экен. Индира Жолдубаева коомчулукка ашыкча эле чыга берген жок. Иш менен гана алек болуп жатканы болбосо, манчыркап мансап күткөнү байкалган жок. Жетекчи катары такшала электиги гана болбосо баралы келгенде мыкты юрист болчудай. Булак: “Ачык саясат

0 2043

СДПК партиясынын ички атмосферасы анчейин эмес, учурда Сокеңдин абалы начар

СДПК партиясы президенттик жарышка Сооронбай Жээнбековду көрсөткөндөн бери башкасын мындай эле коелу, сдпкчылар өздөрү көралбай жаман болуп жатышат. Бетине келип күлгөнү менен, көчүккө сууну куюшуп, айтор учурда Сокеңдин абалы начар. Чыкең да капталган чыгып, президенттикке чыгууну көздөп жатканын элдин баарысы билип турат. Өзүнүн командасы аркылуу Сокенин короосуна таш ыргыттырып жатканы маалым. Кыскасы СДПК партиясынын ички атмосферасы анчейин эмес. Атамбаевдин деле башы айланып бүттү ...

0 1323

Атамбаевдин душмандары баштан ашты. Күрөш курчуйт…

Эсиңерде болсо, 2011-жылы Алмазбек Атамбаев аламан жарышка аттанганда, анын президент болуп шайлануусу алдын ала эле белгилүү болчу. Себеби, революциянын деми, элдин колдоосу жана бийлик талапкери катары күчтүү эле. А учурдагы кырдаал таптакыр башка. Кайсы бир саясатчынын күздөгү шайлоодо утуп чыгуусуна кепилдик жок. Атамбаевдин каалоосуна жараша КСДПнын саясый кеңеши Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин жактырышты. Бирок, бул эл көзүңдөгү гана картина. Ал эми ичкериге ...

0 694

Пирматовдун кылмыш иши унутулса Чудиновдуку “чудого” айланабы?

Бизде коррупция менен күрөшуү түшүнүксүз жагдайларда уланып келет. Бийликке жакпаган кээ бир саясатчыларга илинчээк табылса дароо камалат да, айрымдары тергөө шылтоосу менен эркиндикте эле жүрө берет. Көпчүлүгү жең ичинен «жым- жым» болгондой… Мисалы, беш жыл мурун ЖКдепутаты (учурдагы «бирболчу») Исхак Пирматовго коррупция беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, мамлекеттин эсебинен 24 миллион долларды уурдоого шектелгенине не дейсиңер? Бул суроо азыр да жоопсуз ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 2495

Атамбаев – кедей Кыргызстандын бай президенти

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев “Мен мурда эле бай болчумун, байлыгымды маңдай терим менен топтогом” деген сөздөрдү көп айтат. Анын “мен мультимиллионер болгондо Салымбеков бизнесин эми баштап жаткан, Бабанов болсо студент болчу”, “Акаев “Вольводо” жүргөндө мен биринчилерден болуп “Мерседес” тээп жүрчүмүн” деген мактаныч сөздөрү эл аралап жүрөт. Бирок Атамбаевдин байлыгынын таза жолдор менен топтолгонуна шек санагандар Кыргызстанда өзүнчө бир массаны түзөт. Алсак, экс-президент ...

0 1037

Тыюу салууга карабай лотераялар ишмердүүгүн улантып жатат 

Жакында лотореяларга тыю салган мыйзам кабыл алынды. Ага карабай алар ачык эле ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат. Мындай пикирин  бүгүн, 15 июнда, депутат Төрөбай Зулпукаров Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди. “Мыйзам күчүнө кирди. Бирок көчөгө  чыгып карасаңар, ага карабай лотераялар ачык ишмердүүлүгүн улантып жатат.  Эми бул кылмыш болуп калды. Буга тыю салып иштеш керек да. Эгерде көрбөй жатсаңар мен көрсөтүп берем, кай жерде экенин. ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83