www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эл пикир
1 5760

Камила Талиева: «Келдибеков мыйзамды мыкты билген үчүн президенттикке аттанды да»

14-июнь 2017, 14:14 Кызгалдак Жакыпова

--Камила айым, кечээ Жогорку Соттон: «Бишкек шаардык сотунун чечими менен Келдибековго 10 млн сом өлчөмүндө айып салынган. Айып пул 2016-жылдын 8-ноябрында толугу менен төлөнүп бүттү. КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 76-берененин 3-бөлүмүндөгү 2-пункттун негизинде Келдибековдун соттуулугу 2017-жылдын 8-ноябрында жокко чыгарылат» деген чечим чыгып, билдирүү таркады. Мындай чечимди сиз кандай кабыл алып, кандай ойдо калдыңыз? --Ушундай чечимди ММКлардан окуп калдым. Албетте, Жогорку Соттун мындай ...

0 2081

Апаргүл Рыспекова: «Келдибековго бийлик бут тосту»

14-июнь 2017, 13:44 Кызгалдак Жакыпова

Ахматбек Келдибековдун соттуулугу 8-ноябрда алынары тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы кечээ маалымат тараткан. Ошондон бери тарапташтары нааразы болуп, редакцияга келишүүдө. Келдибековду колдоп, капалангандардын бири Апаргүл Рыспекова. --Мен Жогорку Соттун чечимине каршымын жана аябай капамын. Эмнеге ноябрга калат? Демек, бул дагы болсо бийликтин буйругу, коркоктугу, алсыздыгы. Ушундай болуп калганына мен эле эмес, көпчүлүк нааразы. Анткени ушул гана киши президенттикке татыктуу ...

0 882

Өлкөбүздө эми "Эмгек сиңирген ата" наамы ыйгарылып башташы мүмкүн

14-июнь 2017, 12:57 Камчыбек Бостон

КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина "Эмгек сиңирген ата" наамын ыйгарууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Депутат энелер үчүн наам бар, ал эми аталар үчүн жок экенин белгилеп, "ата макамын көтөрүү үчүн ушундай наам берүү керек" деген оюн айтты. Эмгек жана социалдык министринин орун басары Лунара Мамытова бул сунушту карап көрүү керек экенин билдирди. Айта ...

0 864

Белгисиз бөбөк: «Буй, буй, буй»

12-июнь 2017, 18:37 Кызгалдак Жакыпова

«Бечара ФБны күндө ар ким басып кетип жатат, өткөн күндөрү бир топко чейин албарсты басты, кечээ бөөрү баскан, бүгүн лентанын баарын эле биздин асылзат айымдарыбыз басып калыптыр го» деп Фейстеги баракчасына Кыялбек Жумабаев жазып, бөбөктүн сүрөтүн койду. Керемет сүрөт! Булак: NazarNews.kg

0 1139

Жыргалбек Касаболотов: «Өзүңөргө сын таккыла башында...»

12-июнь 2017, 18:08 Кызгалдак Жакыпова

Биздин белгилүү, мыкты акын, котормочубуз Жыргалбек Касаболотов Булат Окуджаванын “Осудите сначала себя самого...» аттуу ырын бүгүн орусчадан кыргызчага заматта оодарды. Эмнеге бүгүн? Анткени Булат Шалвович Окуджаванын (1997-жылы 12-июнда) бу дүйнө менен кош айтышкан күнү. Атактуу бард (өзү ыр жазып, ага обон чыгарып, гитара менен аткарып чыккан адам), прозаик, сценаристтин белгилүү ырын биздин котормочубуз мыкты которуптур! Бали!   «Өзүңөргө сын таккыла башында...» Адегенде өзүңөргө ...

0 622

Поезд коюп кеткен айдоочу аман калды

12-июнь 2017, 10:33 Кызгалдак Жакыпова

Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди. Билдирүүгө караганда, Чүй облусундагы Москва районунун Аксуу айыл аймагында 11-июнда саат 19:30да Кызыл-Дыйкан бурулушундагы темир жолдо жүк ташуучу поезд “Мерседес Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү мамлекеттик № 1215 ID унааны артынан сүзүп, 125 метр аралыкка чейин сүйрөп барган. Спринтердин айдоочусу 1960-жылы туулган К. Д. эч кандай жаракат алган эмес. Куткаруучулар Спринтерди поездден ажыратып беришкен. Булак: NazarNews.kg

1 4536

Талант Сагынбаев: Садыр Жапаровдон биз эмне үчүн акча алышыбыз керек?!...

Кээ бир адамдарга таң калам, чындыкты факт түрүндө айтып, далилдеп берсең да ишенбейт.  Кээ бир адамдар бар, Сен Жапаровду колдогонуң үчүн, интернетте аны мактаганың үчүн, видеолорун чыгарганың үчүн канча акча аласың Садыр Жапаровдон, дешет. Албетте, мен аларды туура түшүнөм. "Кой дагы аксагы менен жүз" деген сөз бар. Мен ошол инсандарга кайрылат элем; Мен 2013 жылдан баштап саясатка кызыгып, саясаттын ар түрдүү кызыктарын көрүп билип келем, быйыл 7 ...

5 12913

Жакут Сыдыков: «Нарындагы "Ага Ханды» жоготуш керек! Улуу тоону булгабай жоголсун!»

10-июнь 2017, 14:36 Кызгалдак Жакыпова

«Нарындагы "Ага Ханды» баары бир жоготуш керек! Алардын максаты биз үчүн зыян алып келет. Мекенибиздин босогосун аттатпаш керек! Улуу тоону булгабай жоголушсун! Жалгыз эле Нарынга эмес, бүтүндөй Кыргызстанга коюлган «бомба». Бул Шиалар жөнүндө срочно маалымат алгыла, мекендештер! Алар ким экенин сөзсүз билиш керек!» деп Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты куудул, ырчы, актер Жакут Сыдыков Булак: NazarNews.kg

0 1430

Соттор да ыйлашат тура....

Белгилүү журналист Шейшекан Жээналиева интернеттеги өзүнүн Фейсбук баракчасына мындай деп жазган экен: “Байлар да ыйлайт” дегендей, соттор да ыйлайт тура. Тобоо. Жогорку Соттун төрайымынын кеңешчиси Каныбек Акыевге “тиштери” өтпөгөн соттордун ыйына “боорум ооруду”. Азыр дээрлик бардык системада коррупциянын арааны жүрүп турган чакта адилеттүүлүктү, калыстыкты туу туткан соттордун ыйы шоона эшпейт. Соттор да калыссыздык, адилетсиздик деген эмне экенин жон терилери менен сезишсин!» ...

10-июнь 2017, 11:50 | 1430
0 4364

 2 жашар Ибрагимге зомбулук көрсөткөн агасынын иши бүгүн кайра каралат

09-июнь 2017, 10:32 Кызгалдак Жакыпова

Бул тууралуу “24 kg” жазып чыкты. Маалыматка таянсак, эки жашар Ибрагимге зомбулук көрсөткөндүгү үчүн өмүр бою эркинен ажыратылган агасынын иши кайра каралат. Ибрагимдин адвокаттын айтымында, Жаныбек Тулебеков менен Айзада Аккозованын иши адвокаттарынын арыздануусунан кийин кайра кароого жөнөтүлгөн. Бул ишти бүгүн 9-июнда Чүй облустук соту карайт. Эскерте кетсек, 2015-жылы Ибрагим оор жаракат менен Бишкек шаарындагы № 3 балдар оорууканасына түшүп, бир нече ...

0 874

Милиция журналист кызга кол көтөрдү

08-июнь 2017, 16:34 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн Биринчи май райондук сотунда Садыр Жапаровдун кезектеги сот отуруму ачык өтүп жаткан. Бирок, ага журналисттерди киргизбей коюшту. «24.kg» агентигинин журналисти Наргиза Токоева имаратка кирүүгө аракет кылган кезде милиция ага кол көтөрдү. Тагырагы, Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери аны көкүрөккө урганда Наргиза Токоева кулап түшкөн. Булак: NazarNews.kg

0 1400

Өз кыздарын зордуктаган ата өмүр бою эркинен ажыратылды

08-июнь 2017, 14:10 Кызгалдак Жакыпова

Өз кыздарын бир нече жыл зордуктап жүргөн ата өмүр бою эркинен ажыратылды. Мындай өкүм кечээ Кемин райондук сотунда чыгарылды. Эскерте кетсек, 2016-жылдын 30-декабрында Кемин райондук ички иштер бөлүмү 1978-жылы туулган жаранга “өз кыздарын зордуктаган” деп кылмыш ишин козгогон. ИИБнын билдирүүсүндө, окуя 2013–2016 жылдары болгон. Кыздарынын уулусу учурда 22, кичүүсү 18 жашта. Булак: NazarNews.kg

1 2627

Бактыгүл Үсөнбекова: Бей күнөө олтурган Садыр Жапаровду жана 12 баланы коргоп калалы

Илгери өткөн заманда чоң токойдун жанында кемпир-чал жашаптыр. Чал кышкыга отун даярдамакчы болуп токойдогу эң чоң даракты кыймакчы болот. Кыш келгенче кыйып бүтөйүн деп дарактын түбүнөн керте берет. Дарак болсо жыгылмак тургай кыйшайып да койбойт. Мында эмне себеп болушу мүмкүн деп айланасын караса эле, даракты кармап турган бутактарын көрөт. Бутак эле экенго деген ойдо чал буттактарын да кыя баштайт. Акыры ...

0 1178

Текебаевдин тарапташтары көздөрүн чүпүрөк менен таңып алды

08-июнь 2017, 11:06 Кызгалдак Жакыпова

Биринчи Май райондук сотунда Текебаев менен Чотоновдун соту болууда. Сыртта алардын тарапташтары “Текебаевге боштондук!”, “Чотоновго боштондук!” деп кыйкырып турушат. Кызыгы бу жолу алар көздөрүн чүпүрөк менен таңып алышкан. "Сот жабык эшик артында өтүүдө. Эч нерсе көрбөгөндөн кийин, укпагандан кийин ушундай кадамга бардык”,- дейт Текебаевдин жана Чотоновдун тарапташтары. Эскерте кетсек, бүгүн соттук териштирүүнүн башталышында Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу ...

2 4281

Жогорку сот да Акыевдердин үй-бүлөлүк башкаруусуна өткөнбү?

07-июнь 2017, 13:57 Кызгалдак Жакыпова

Эми сөздү ары бери буйтабай, кыргыздар айтмакчы, ток этер жеринен баштайлы. “Баштайлы” - дегенибиз бир киши эмес, бир топ кесиптештер ат башындай арманыбызды айтып албасак, аягы эмне менен бүтөөрү бүдөмүк. Сөзүбүздү эмнеден баштаарыбызды да билбей турабыз, мурун мындай кат жазып көргөн эмес элек. Бирок акыркы учурдагы үй-бүлөлүк башкаруудан тажап же колубуздан эч нерсе келбей, аргасыз сиздерге кайрылуудабыз. Эгер атыбызды ачык атасак, ...

0 1072

Фарид мырза күндүр-түндүр схема чийип иштеп баштадыбы

Президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси болуп келген Фарид Ниязов өткөн жумада кызматынан кетип, коомдук башталгычтагы кеңешчи болгону бегилүү болгон. Көрсө, Атамбаевдин ишенимдүү кишилеринин катарын толуктаган Ниязов президенттик шайлоого даярданыш үчүн кызматын тапшырган экен, Учурда КСДПнын штабын жетектеп баштады. Демек, КСДПдан ажолукка ат салышчу талапкерди шайлоодо жеңишке жеткирип, такка отургузуунун схемасын чийип чыгууга тийиш. Ошентип саясий технолог катары Фарид мырза ар бир аймак боюнча ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1217

Күнболот Момоконов: «Президенттикке аттанат» деп шок бала жазып жибериптир»

06-июнь 2017, 17:47 Кызгалдак Жакыпова

Журналист Кубаныч Зайнидинов «Күндүн жаңылыгы» аталышта Фейсбукка мындай деп жазды: «Журналист Күнболот Момоконов күздө өтүүчү президенттик шайлоого аттанды. Муну өзү расмий тастыктады. Таластык жигит бул кадамга мактаныч катары барып жаткан жок. Башмыйзамдагы укугу боюнча баратыр. Ушу тапта БШКга керектүү кол топтоо боюнча ишин баштаганы туру. Балким, бак айтып калаар..» “Таластык бай чиновниктер колдоп, жаштарды түртүп жатса керек” деп чын көргөнү да ...

0 1822

Айланайын айдоочулар, абайлагылачы!

Мамлекетибизде жол кырсыктары чоң көйгөйгө айланып, калдайган журтубузду мүңкүрөтүп турган чагы. Аз күн мурун эрежени так сактап, жол чийинден өтүп бараткан окуучуларды көпкөн айдоочулардын бири уруп, из жашырып кеткен эле. Кырсыкка кабылган эки баланын бири ушул күнгө чейин дурус эсине келе электиги айтылууда. Андан соң ошол эле жол тилкесинде дагы бир окуучу кызды сүзүп, изин жашырган окуя катталып, элдин кабыргасын кайыштырган. ...

2 8299

Жол акы 20 сомго көтөрүлсө даярсызбы?...

Кечээ 2-июнь күнү Бишкек шаардык кеңешинин жолугушуусунда жол транспорту боюнча маселе көтөрүлдү. Аталган жыйынга мер  Албек Ибраимов да катышкан. Маселенин жүрүшүндө жол транспорту боюнча да маселелер талкууланган. Жолугушууда сүйлөгөн сөзүндө  Албек Ибраимов, “маршруттук каттамдарда орундуктардан сырткары туруп кетүүгө тыюу салсак, жол акыны көтөрүүгө туура келет. Андай кылбасак, айдоочулар тарабынан нааразычылыктар болот. Маршруттук каттамдарды жоюп салууга биздин мамлекет даяр эмес. Учурда элдер тарабынан маршруттук каттамдарга нааразычылык ...

0 2697

Бир жаштагы баласын өлтүргөн келин медайым болуп иштечү экен

02-июнь 2017, 15:26 Кызгалдак Жакыпова

Мындан беш саат мурун “Баласын өлтүргөн аял кармалды» аталышта кайгылуу куш кабар жазган элек. Ошол аял жөнүндө толук маалыматты «Турмуш» басылмасы жазып чыкты. Маалыматка таянсак, Ысык-Ата районундагы Красная Речка айылынан кармалган аял психикалык жактан бир жылдан бери ооруп жүргөн. 23 жашта. Ысык-Ата райондук ооруканасында медайым болуп иштечү. Өткөн жылы Кеӊ-Булуӊ айылына турмушка чыккан. Үй-бүлөсүндө уруш көп болгон. Жолдошу сабачу экен. ...

0 4128

Улан Исраилов интригадан колу бошобой

Бирде көлдүк, бирде чүйлүк боло калып жүргөн ИИМ министри Улан Исраиловго учурда көлдүктөр нааразы болушууда. Анткени анын Эркин Мамбеталиевге карата жасап жаткан куугунтуктоосу жигиттикке, ал гана эмес адамкерчиликке да жатпаарын эскертишет. Эркин Мамбеталиевдин башынан кандай гана кыйынчылыктар өтпөдү, Бакиевдер аны өмүр бою түрмөгө кестирип, ошол жерден өлтүрүп коюуну көздөшкөн. Мына ушундай кыйынчылыктар менен актыкка жетип, өзүнүн ак экенин далилдеп чыккан мезгилде, ...

0 1069

Батыралиев ишти кайсыл жагынан баштаарын билбей башы маң

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев жетекчилик сапатын көрсөтө албай койду. Өз каалоосу менен кызматын тапшырып берип кетип калса, жалпы кыргыз элинин сообуна калаар эле. Медицина тармагында болуп жаткан үрөй учурган фактылар катталууда. Муну менен Батыралиевдин түнкү уйкусу кантип тынч болуп жатат белгисиз. Мына кечээ жакындан бери Балыкчы шаардык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө акушер-врач толготуп келген келинди төрөтөм деп ымыркайдын башын жулуп алгандыгы ...

0 651

Кыргызстан дагы очойгон карызга батабы

Мамлекеттик деңгээлдеги жүрөк өйүткөн орчундуу маселелер болсо калктын назарына салыңыз деген максатта «Бир собол» рубрикасын сунуштайбыз. Бул ирет Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов көтөргөн өтө олуттуу маселени таразага салып, өкмөттүн кенебестигинин аркасында олчойгон суммадагы карызга батканы турганыбыз боюнча коңгуроо кагабыз. Анда депутаттын айткан сөзүн төмөндө өзгөртүүсүз беребиз. 2016-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан CASA-1000 долбоору боюнча келишимди ратификация кылып бергенбиз. Аталган келишим боюнча ...

0 885

Жалал-Абад: Эл Улугбек Бабакуловду жазага тартылышын талап кылышууда

Жалал-Абаддын жарандары улуттар аралык мамилеге карата терс макала жазган  журналистке нааразы экендиктерин  билдиришүүдө.  Тагыраак айтканда, журналист Улугбек Бабакуловдун  “Люди как звери. В киргизском сегменте соцсетей звучат призывы к расправе над «сартами»”деген макаласына кыжырданышканын айткан улуу муундун өкүлдөрү атайын маалымат жыйынын өткөрүштү. “Интернет айдыңына жарыяланган Бабакуловдун макаласы эки элдин тең жинин келтирүүдө”,- дейт Жалал-Абад шаарынын тургуну Махамаджан Дыйканов. “Кыргыздар Өзбек улутун басмырлап, сарт ...

1 1098

Бектемир Төлөн: «Журтташтарым, кыргызча туура жана таза сүйлөйлү!»

01-июнь 2017, 14:29 Кызгалдак Жакыпова

"Алхамду лиллах" эмес - "Кудайга шугур". «Астафируллах» эмес – «кудай сакта». "Гыйбат" эмес - "ушак" «Дуа» эмес – «бата». «Ильхом» эмес – «эргүү». «Ибнь» эмес – «уулу, баласы». «Имсак» эмес –«ооз бекитуу». «Исраф кылба» эмес – «ысырап кылба». «Иншаллах» эмес – «кудай кааласа». «Ифтарлык» эмес – «ооз ачар». «Кафир» эмес – «капыр». «Мабда» эмес - мыйзам. «Макрүх» эмес – «макүрөө».

0 1003

Мандат тапшыруу «дарты» жакында токтобойбу

Ырас, биз 120 эле депутатты шайлаганбыз. Бирок мандат тапшыруулар, анан алардын ордуна келгендер болуп атып бул чакырылыштын депутаттарынын саны арбып баратат. Ооба, 120 эле депутат иштеп атат деӊизчи, бирок кеткендер деле «депутат болгонбуз» деген дымагын кошо ала кетишүүдө. Бул мандат тапшыруу «дарты» жакында токтобойт окшойт. Дегеним, Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынан дагы 3-4 депутат  мандатын тапшырат деген сөздү уктук. «Кимдер болду экен?» ...

0 2636

Соке кызматын тапшырып кадрдык өзгөрүүлөр күтүлүшү мүмкүн

Аз күн мурун КСДПнын саясый кеңеши Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин жактырышкан, эми партиянын съезди аркылуу толук кандуу бекисе, анан БШКдан президенттик шайлоого талапкер катары күбөлүк алат. Мына ушундан кийин ал премьер-министрлик кызматын өткөрүп береби? Же Конституцияда көрсөтүлгөн негизде иш-аракетин уланта береби? Айтмакчы, эмитен эле саясый чөйрөдө ар кандай сөздөр тарай баштады. «Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчылыктан кетпесе, ыйгарым укуктарын шайлоого чейин ашыкча пайдаланат, ...

1 2954

Элнура: Насыядан кутулмайынча төрөбөйсүң дейт

Атым Элнура, жашым 30да. Бир үйдүн жалгыз кызы, бир үйдүн жалгыз келинимин. Облустардын биринин борборунда кайын эне, кайнатамдар менен бирге турабыз. Бир кызым бар. Жолдошум - билимдүү, ишине так, түз жүрүп, түз сүйлөгөн, жоош момун адам. Ал 35те. Турмуш курганыбызга 3 жыл болду. Мен анын экинчи никесимин. Эрлан экөөбүз чыныгы сезимдер менен табышып баш кошкондуктан, мен анын өткөн чагына көз ...

0 3871

Көңүл буруңуздар: митинг, пикетке чыгууга тыюу салынды!

Мындай маалыматты Бишкек милициясынын маалымат катчысы Адыл Оморов “Азаттык” радиосуна билдирген. Анын маалыматына таянсак, Биринчи май райондук соту 27-июнга чейин Чүй проспектисинде, Жогорку Кеңештин имаратынын алдына митинг, пикеттерди өткөрүүгө тыюу салган. Ошондой чечим бар экенин Адыл Оморов мындай деп ырастаган: --Ошондой чечим бар экен. 27-майдан 27-июнга чейин Жогорку Кеңештин имаратынын алдында митинг, пикет өткөрүүгө тыюу салынат, башка жакка барып уюштурса болот ...

0 1456

Өндүрүш Токтонасыровду милиция кармап, эскертүү менен кое беришти

Бүгүн жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров плакаты менен кошо эки куурчак көтөрүп алып Жогорку Кеңештин имаратынын алдына пикетке чыккан. Ал шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүгө, анын ичинде байкоочулар боюнча жаңы сунуштарга нааразылыгын билдирип чыккан. Анан эле ал жерден милиция алып кеткенин угуп, байланышсак, буларды айтты: “Кое беришти, баары жакшы. Биринчи Май районуна караштуу милициялар суракка алышты, аябай текшеришти. 27-июнга чейин Горький эстелигинин жанынан ...

0 1177

Дин маселеси парламентте талкууланып, сынга алынды

  Акыркы жылдары республикада коомдо диний радикалдашуунун жанданышы жаштардын чет өлкөгө барып жана диний билим алууга умтулуусу менен байланышкан. Негизинен жаштар Сауд Арабиясына, Египет, Түркия, Пакистан, Афганистан, Индия жана Иран өлкөлөрүндөгү диний окуу жайларына билим алганы кетип жатышат. Өзгөчө диний билим алуу үчүн 9-14 жаштагы жашы жете элек өспүрүмдөрдүн диний билим алуу үчүн кетип жатканы тынчсызданууну жаратат. Ошону менен бирге эле, ...

0 468

Акмат Раманкулов: «Шайлоодо өзүн тизмеден таппай калгандар дагы эле болду»

Кечээ жергиликтүү кеңештерге шайлоо болуп өттү. Анда баягы эле тизмеден өзүн таппай калган көрүнүш болуптур. Ал боюнча Фейсбукка Акмат Раманкулов жазып чыкты. «Бүгүнкү шайлоодо өзүн тизмеден таппай калгандар дагы эле болду. БШКнын айтуусунда жарандар алдын ала өзүн тизмеден текшербегендиктен өздөрү күнөөлүү экен. Макул, бирок тизмелерди баш аламан кылып таштаган ГРС эмне үчүн жоопко тартылбайт? Эмне үчүн жарандар өзүнүн мыйзамдагы укугунан пайдалануу ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 815

Абдувахаб Мониев: «Камбагал элге - капчык бий, караңгы элге - тантык бий"

Белгилүү журналист Абдувахаб Мониев Фейсбуктагы баракчасына сонун сөз жазыптыр: «Кадырлуу достор! Ана бий (президент) болот, мына болот деп деп дүрбөп атканыңардан улам, өткөндө "Бузулган элге - бучук бий" деген макалды эске салдым эле. Бүгүн "мен болом", " ушул жарайт".... дегендерди карап отуруп, ой келди: «Камбагал элге - капчык бий, караңгы элге - тантык бий". Кандай дейсиңер, бу жаңы макал бүгүнкү кыргыз коомуна ...

0 1044

Эмне Өкмөттүн сайты кыргыз тилин «өкүрүп» туруп, көөмп салышканбы?

Кыргыз республикаснын өкмөтүнүн расмий сайты бар «www.gov. kg» деген аталыштагы сайттан өмөткө тиешелүү баардык маалыматты кыргыз жана орус тилинде алса болот. «Тоюс», болчу. Эми сайттын билермандарыбы же дагы бир кыйынчыкмаларбы теңирден тескери ушатып атышыптыр. Кечээ жакында аталган сайтка кирип кызыктай бир жагдайга туш болдук. Дегенибиз, аталган сайтка кирип өкмөттүн «мамлекеттик органдар, мекемелер, уюмдар» деген бөлүгүнөн маалымат алалы десек, кашайып алтармактагы маалыматтар ...

1 1297

СДПКчылар Сооронбай Жээнбековго ичи чыкпай жатабы

Бийлик президенттик шайлоого өз талапкерин атаары менен буга чейин Акүйгө оң көзү менен карагандардын көбү айнып, Өмүрбек Бабановдун тегерегине топтоло башташканы байкалат. Болгондо да КСДПнын көзүрлөрү дейт. Алар бири-бири менен ат тезегин кургатпай катташып, таң ашыра акылдашып, акыры «РАЖдын» лидерине токтолушканын себебин да чала-була угуп калдык. Көрсө, Сооронбай мырза иш десе ишке, аш десе ашка тойбой турган Бабановго атаандаш боло албайт ...

0 824

Узарбек Жылкыбаев КСДП фракциясынын «балапан ооз» депутатыбы

КСДП фракциясынын «балапан ооз» депутаты Узарбек Жылкыбаев (Акаев учурунда УКМКны башкарган Калык Иманкуловдун бөлөсү) ушул күндөрү парламент трибунасынан адалсына сүйлөп, тим эле апакай көрүнгөнгө далалат кылганын кантесиң? Ушул эрендин Ысык-Көлдөгү кадрдык иштерге баш салып, тажатканы басма сөз беттерине канчалык жарыяланса да, партия жетекчилиги үн катпаганы неси? Узарбек Жылкыбаевдин бир тууган агасы Камчы Көлбаевдин жакын досу катары УКТ катарында турганы жалганбы? Өзү ...

2 11467

Элмира: Күйөөмдүн ойношторунан төрөлгөн балдарды бага берип тажадым

Мен качандыр бир кезде эркектерди мынчалык жектеп, алардын ар бирин жек көрүү менен карап калам деп ойлогон эмесмин. Себеби кенедейимден атамдын коргоосунда эркеси болуп өсүп, агаларыма таянып, алардын ар бирин сыйлап чоңойгом. Алардын ар бири мени эркек аттууну сыйлоого, урматтоого үйрөтүшкөн. Мен муну эркектин баары ошого татыктуу деп да кабыл алып алыптырмын. Жогорку окуу жайын аяктаган соң кесибим менен иштеп кеттим. ...

0 1292

Олжобай Шакир уулу: "АША бийлиги компартия кейпин кийгизгени калды

Акын, журналист Олжобай Шакир уулу ушундай аталышта ачуу чындыкты жазып чыкты. Ал кандай чындык? Келгиле, чогуу угалы! Культ личностко шыдыр жол! Бир кездеги улуу урматтуу Курманбек Салиевичтин «Ак жол» партиясы азыркы парламенттин алдында шоона эшпей калды. Устаттан шакирт өтө турганы мына, улуу урматтуу Алмазбек Шаршеновичтин КСДП акалакчылары акүйдүн 7-кабатынын мукмасалын илгиртпей аткарган жагынан идиректүү чыгышты. Баарын ишке ашырып берип атышат. Моюн ...

0 4083

CҮРӨТ - Ахматбек Келдибековду Алай эли президенттик жарышка чыгуусун талап кылышты

Жогорку Кеңештин экс-спикери Ахматбек Келдибеков өзү туулуп өскөн Алай эли менен жолугушту. Аны менен Ата Журт саясий партиясынын лидерлеринин бири Камчыбек Ташиев, ЖКтин депутаты Улугбек Ормонов, ЖКтин 5-чакырылышынын вице-спикери Надира Нарматовалар барышты. Бул тууралуу маалыматты Каныбек Темиров билдирди.  Жолугушууда учурдун талаптары айтылып, Ахматбек Келдибековго калың эл батаасын беришип, Бакай калпак кийгизип, ак чепкен жаап, ак боз ат мингизип алдыдагы президенттик шайлоодо жолу ...

3 5258

Бакыт: Бала баркын билбеген жексурлар

Милицияда иштечүмүн. Оңой жумуш эмес. Күндүр-түндүр эле ызы-чуунун үстүндө жүрмөй. Бир ирет “коңшуларыбыз тынчтык бербей жатат” деген чакыруу келип, шаардын чок ортосундагы көп кабаттуу үйгө бардык. Мындай чакыруулар толтура эле болот. боорукер Кептин баары аракта да. Андайда масты алып келип, бир жумадай камап салабыз. Айткандай эле, мас экен. Күйөөсү-аялы экөө тең жапжаш кыргыздар, экөө тең мас. Ызы-чуу түшүп мушташышкан окшойт. Үй ...

2 15741

Салима: «Имам таш ыргытып, кызымды «шайтан» деп кыйкырды»

«Имам таш ыргытып, кызымды «шайтан» деп кыйкырды», деп Бишкек шаарынын тургуну Салима аттуу айым Фейсбукка жазып чыкты. Анын айтуусуна таянсак, кызы Аминада аутизмдин синдрому бар. Бир нерсе жакпай калса жинденет, кыйкырат, уулуйт. Бир эле нерсени бир канча жолу кайталайт. Айрым буюм-тайымдарга түшүнбөйт. Салима кызынын сүйлөбөгөнүнө аябай эле тынчсызданат, бирок, аны жеңерине терең ишенет. Анткени буга чейин далай кыйынчылыкты артка таштап келген. ...

4 22200

Асыл Аппасова: «Айчүрөк эже, Анжелика, прессаны жолотпой эле сүйлөшүп алгылачы!»

  Айчүрөк Иманалиева менен Анжеликанын чыры дагы эле көңүл борборунда. “Экөө эмне болуп кетээр экен?” деп эл кулак төшөөдө. Ал эми айрымдар ынтымакка чакырып, кеңеш берүүдө. Асыл Апасова мындай деп кеңеш берген: «Бириң эжем, бириң сиңдимсиң. Ынтымака келип, олтуруп, прессаны жолотпой эле сүйлөшүп алгылачы! Ушак жазып жүргөн гезитке кудай берип калды. Аларга эмне, тиражын көбөйтүү керек. А мындай жагымсыз сөздөр силерге пайда ...

0 3025

Элвира Сурабалдиева: "Экс -президенттин уулу Максим Бакиев Лондондогу Кыргызстандын бийлигине каршы сотту утуп алды"

Экс -президенттин уулу Максим Бакиев Лондондогу Кыргызстандын бийлигине каршы сотту утуп алды. Эми Кыргызстан Максимге компенсация төлөп бериши керек. Бул жөнүндө депутат Элвира Сурабалдиева Facebook баракчасына төмөнкүлөрдү жазды.  "Мен унчукпай коё албайм. Биз Максимдин экономикалык кылмыштарын Великобританиянын сотунда далилдей албаганыбыз аз келгенсип, эми биз ага карыздар да болуп калдык." Максим Бакиев 2016-жылдын күз айларында Кыргызстанды сотко берген. Кыргызстандын бийлиги аябай кымбат ...

0 3577

Малика Калбутаева: «Жердешимди черныйга тыгып салдым»

«Менин бир жердеш жаш айымым бар. Мен аны черныйга тыгып салдым ФБда. Кайра-кайра эле Атамбаевди мактап, анан калса бирөө  Атамбаевди жамандап жазса эле ага тескери жооп жазат. Көрсө, ал наам алыптыр, ага жакында наам берип жатканын интернеттен көрүп калдым. Атамбаев кимге наам берсе эле мактай бересиң да. Назира Айтбекова, эгер сага жакынкы күндөрдө наам берсе, анда мен эмес, башка эл да ...

2 12867

Салкын: “Атамдан кутулуу үчүн башка улуттан күйөө издейм”

Башында баары жакшы болчу, ата-энем бизди жакшы жашоодо чоңойтушту. Эки эжем турмушка чыгып куда-сөөк күтүштү. Ал кезде мен 5-класста окусам, иним мектеп босогосун жаңы аттаган. Үйүбүздөн киши үзүлбөй дайыма шатыра-шатман болуп турчу. Мен чоңойгон сайын атамдын ичкени көбөйө баштады. Анан апам экөө урушат, иним экөөбүз ыйлайбыз... Жакшысы чатак башталган кезде ортого түшкөн мени атам укчу. Аларды кантип ажыратыш керек, атамды ...

0 1423

Бүгүнүн эптей албай атып, эртеңки “куйрукту” сугунгусу келген Кыянбек мырза

Бүгүнүн эптей албай атып, эртеңки “куйрукту” сугунгусу келген айрым атканминерлер жалпыга көө жаап коюп, элдин көөнүн жетекчилерден айнытып атпайбы. Кечээ күнү самса сатып жүрүп эле бүгүн бакандай мамкызматкер болуп чыга келгендер кызматтык этика, аброй дегендерге көп деле баш оорутушпайт өңдөнөт. Дегеним, Өкмөттүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Cоцдемчи болгону менен эртеңки күндүн камын көрүү максатында учурда аламанга тизилген ...

0 1273

Темирлан Сарлыкбек уулу: «Эт жеген жагынан артта калыппыз»

Фейсбуктагы өзүнүн баракчасына эт жөнүндө мындай деп жазыптыр: «Эт жеш жагынан элден артта калыппыз. Кыргыздарда бир киши жылына орточо эсеп менен 36 кг эт жесе, окендер - 62кг, америкалыктар - 120 кг эт жейт экен». Темирлан эт жегиле десе, айрым окумуштуулар «эт көп жеген зыян” дешет. А сизчи окурман, кандай ойлойсуз? Булак: «NazarNews.kg»

0 2130

Сейил Маданбекова: «Жумуштан кеткенимдин себеби – жоолук, анан менин ордум таасирдүү кишинин баласына керек болгон»

Маектешибиз Сейил Маданбекова Бишкек шаарынын мэриясында эки жыл иштеген. Анан аны кандайдыр бир себептерден улам иштен кетиришкен. “Мыйзамсыз жумуштан кетирди” деген арыз менен Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна кайрылып, утуп алган. Сот жабырлануучуну угуп, токтоосуз ээлеген кызматына кайра орноштуруу чечимин чыгарып, дисциплинардык айыптарды да жокко чыгарган. Бирок, мэрия аппеляция арызы менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Ал эртең 24-майда болмокчу. Ошонун ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1082

Эки ит официалдуу түрдө үйлөндү

Кытайдын Куньмин шаарында өзгөчө үйлөнүү той болуп өттү. Бул жолу үйлөнгөн ашыктар  кыз менен жигит эмес, эки ит деп кабарлайт Баг.кз. Күйөө жигит беш жашаар ит болсо, жубайы андан бир эки жашка кичүү экен. Үйлөнүү үлпөт тойунда төрт бутту сүйүшкөндөр келген коноктор менен бирге чөптө эс алып жатышты. Тойду уюштуруучулар баарын жогрку деңгээлде жазашкан. Келген бардык конокторго эки сүйүшкөн иттин сүрөтү ...

0 1284

КСДП ичинде тымызын тиреш күч алууда

КСДПнын талапкери катары президенттик шайлоого катышканы турган Сооронбай Жээнбеков майдын этеги менен кызматтан кетээри күтүлүүдө. Учурда премьер-министр ким болот деген маселе баш ооруга айланып, КСДП ичинде тымызын тиреш күч. Айрымдар Сапар Исаков премьер болот экен дешсе, кээлери Иса Өмүркулов болот дешүүдө. Айтор баш бакан болууга жандалбастагандар ажонун көңүлүн табуунун, ынандыруунун айласын издеп убара. Чыныбай Турсунбеков болсо спикерлик ордун сактап, иш алып ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83