www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эл пикир
0 1216

1-сентябрдан тартып бир китеп үчүн 25 сом төлөнөбү

Өткөн жумада Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев чет мамлекеттерде билим алуу үчүн Кыргызстанга берилген квоталар ачык бөлүнбөй жатканын айткан. Буга Венгрияга окууга сынак тапшырган балдардын документтери жиберилбей, тизмеге чиновник, депутаттардын уул-кыздары кирип калганын мисал катары келтирген. Мындай жагдай коомчулукта чоң талкуу жаратты. Мындан улам Билим берүү министрлиги: «Грантка катышкандар кимдин балдары экенинин бизге кызыгы жок. Бизге баланын билим деңгээли, анын жарандык ...

0 811

Шайлоону биометрика же башка ыкмалар чечпей, эл чечет

Ар бир бийликтин тушунда мурдакы шайлоолорду таза эмес өткөн деген таризде наалыган сөздөр көп айтылат. Бирок эгемендүү мезгилдеги шайлоолордун тарыхы башкача фактыларды эске салат. Мисалы Абсамат Масалиев өлкөнүн тынчтыгын ойлоп өзүн колдогон элдин толкунун токтотсо, Акаев мезгилиндеги парламенттик шайлоодо дүйнөдө сейрек кездешкен көрүнүштөр болгон. 2000-жылы Кадамжай районунан ыраматылык Баяман Эркинбаев Жк депутаттыгына ат салышат. Бирок аны Кадамжай районунун соту шайлоодон четтетет. ...

1 3879

Сариевге сыйыртмак салынаар замат Сокулук солк этет

Президент шайлоого чыккандардын арасынан Темир Сариевге бийлик тараптан жакында сыйыртмак ыргытылат экен деген кабар тарады. Эгер Темикеге сыйыртмак ыргытылып, кылмыш ишин ачышып, темир тор артына алабыз деген план бийлик тараптан ишке аша турган болсо, анда эле бул бийлик чоң нерсенин үстүнөн чыкканы. Азыр Сариевдин салмагы оорлоп турган кезде кыйын абал накта ошондо жаралат. Сокулук солк этсе эле жалын дүрт этип кеткени ...

0 4203

Өмүрзаков тууралуу эч ким унчукпайт

2010-жылкы түштүктөгү өрттү өчүрүүдө далай кишилердин, эр азаматтардын ысымы аталбай келе жатат. Негедир Апрель окуясынын баатырларынын ысымы бийик трибунада көтөрүңкү добуш менен аталат да Ош окуясын ийне-жибине чейин иликтеп, эскерген эч ким болбойт. Маселен, кандуу окуя менен бийлик алмашкандан кийин түштүктө абал оорлошуп, май айында Убактылуу бийликтин өкүлдөрүнөн бийликти кайра тартып алган окуялар кайталанып турбады беле. Утурумчулар койгон облус жетекчилери көчүк ...

0 1980

Байсаловду тушай албай кимдер убара

Эдил Байсалов деген активист бар. Кээ бир адамдар анын сүйлөгөн сөзүн, көтөргөн маселесин угуп, бул бала кайдан чыккан деген ойго жетелениши мүмкүн. Бирок, президенттин “Эдичкасына” айланган жигит, айткандарын документ менен далилдеп, азыркылардын чекесине чыккан чыйкан болду. Ажонун тээ илгери Түркиядагы 35 млн долларга сатып жиберген деген фабрикасын иликтеп, андай эмес экенин далилдеп чыккан Байсаловго жетинчи кабат катуу кыжырланып калса керек. Анын ...

1 11850

Мелис Карыбеков, парапсихолог: «Келээрки президент сарыбагыш уруусунан…»

“Парапсихолог Мелис Карыбековдун айтканы туура келет” деп эле айтып жүрүшөт. Өзү да “Бакиев көпкө отурбайт, анын ордун Алмазбек Атамбаев ээлейт” десек, эч ишенген эмес” деп айтыптыр “Азия Ньюс” гезитинин редактору Аслан Сартбаев менен болгон маегинде. Бу жолку болочоктогу президентти сураса, атын атабай, мындай деп сүрөттөптүр: «Саясатта атын булгаган эмес, арты таза. Билимдүү. Жашы 40-50нүн ортосунда. Сарыбагыш уруусунан. Орто бойлуу. Энергиясы күчтүү, ...

0 915

Санарипке кошулууга көпчүлүктүн чама- чаркы келбей жатат

Азыр анологдук берүүлөр өчүрүлдү. Эл буга даяр эмес болчу. Учурда нааразычылык күч алды. Редакциянын телефонун тындырбай чалган жарандар, санарипке кошулуу мөөнөтүн узартып берүүнү бийликтен суранып жатышат. Анткени теледен жаңылыктарды көрө албай калышкан. Ошондой эле жазгы талаа иштерине болгон каражаттары кетип, санарипке кошулууга көпчүлүктүн чама- чаркы келбей жатыптыр. Бийлик карапайым эл менен да эсептешип койсо болот эле. Булак: “Ачык саясат”

0 894

Президенттикке талапкерлер “Кыргызтест” аркылуу сынактан өтөбү

Жогорку Кеңеш 17-майда “Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү талкуулап, экинчи окууда добуш берүүгө жиберген. Анда талапкерлерден сынакты “Кыргызтест” аркылуу алуу, босого чекти 9 пайызга көтөрүү, талапкерлердин күрөөсүн 100 миң сомдон 2 млн. сомго көтөрүү, шайлоо мөөнөтүн 15-октябрга белгилөө сыяктуу сунуштар бар. Белгилей кетсек, мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча ”Кыргызтест” системасы 2013-жылы ишке кирген. “Кыргызтест” лексика- грамматика, ...

0 1470

Дамира Ниязалиеваны сагынып издегендер көп

Социалдык тармакты тейлеген вице-премьер министр Чолпон Султанбекованын таскагы катуу чыкпай жатат. Мурдагы Дамира Ниязалиеваны сагынып издегендер көп өкмөттүн ичинде. «Иштин майын чыгарып, жасаган иштерибизден кадимкидей ырахат алчубуз» дешет. Мыктыны мыкты эле деш керек, Ниязалиева Дамирадай иштин көзүн билген кадр жокко эсе. Учурда социалдык тармакка дал ошол Дамирадай кадр керек болуп турат. Ал эми, Социалдык фонд менен Соцзащитанын айырмасын билбеген кадрга «позор» ...

0 851

Терезеден түкүрөм деп кулап кеткен карыя  

Мындай маалыматты «Турмуш» сайты таратты. Алардын маалыматына таянсак,  Ош облустук ооруканасынын урология бөлүмүндө дарыланып жаткан 77 жаштагы карыя 3-кабаттын терезесинен түкүрөм деп кулап кеткен. Ал Кудай жалгап, эшиктеги бастырманын чатырына кулаган. Аталган оорукананын жетекчиси Шайырбек Сулаймановдун айтымында, учурда аксакалдын абалы жакшы, урология бөлүмүндө эле дарыланууда. Булак: «NazarNews.kg»

0 1815

Темирлан Ормуков: «Бабанов анык шылуундардын Шыпшайдары көрүнөт»

"Айла жок" деген аталышта Темирлан Ормуков Фейсбукта өзүнүн баракчасына буларды жазды: «Учурда ким президент болот? Ким татыктуу?» деп сурамжылагандар көп. Башта, мен, Бабановду татыктуу деп ойлочу элем. Бирок, бул талапкер анык шылуундардын Шыпшайдары көрүнөт. Былтыр декабрда, 200го жакын адамдын көзүнчө мени кабыл алам деп убада кылып, кийин куйругун түйүп кетти. Кенедей иште сөзүнө турбаган адам чоң иште убадасына турмак беле?! «Мейли ...

0 4891

Атамбаев Кыргызстандын жарандыгын алуу боюнча 175 кишиге уруксат берди: тизмеден көрүңүз!.

Жакында президент Алмазбек Атамбаев 175 кишини Кыргызстандын жарандыгын алуу боюнча указга кол койду. Кызыгы, дээрлик бардыгы Өзбекстандын жарандары экен. Анын ичинен улуту боюнча өзбектер – 39, тажиктер – 13, орус – 2, уйгур – 2, түрк -3, кыргыз – 116, жынысы боюнча аялы -124, эркеги – 51 киши. Бардыгы буга чейин Кыргызстандын ар кайсыл жеринде жашап келишип ...

0 1775

Кудрет Тайчабаров: «Бабановду Айга-Күнгө теңеген кошоматчылар!

"Кыргызстандагы эң бюрократ, элден алыс саясатчы Бабанов экенин билесиңерби? Даже журналисттер Бабановго жолугуп интервью ала алышпайт. Эгер ал интервью Бабановго керектүү болсо өзү таптырат. Башка учурда чекесинен сылай турган суроо берилбешин билет да. Гансиге ГСМ ташып бюджетке бир тыйын төлөбөй жүз миллион долларды тапкан иш боюнча, же болбосо парага келген ат, же болбосо Россияга салынган завод, Казакстандын паспорту жөнүндө, 7 ...

0 14325

Шайыр Абдырахманов: «Бийлик  Өмүрбек Текебаевди президенттик шайлоого катыштырбастын далалатын көрүп атат»

Журналист Шайыр Абдырахманов «Өмүрбек Текебаевдин ишин эмне үчүн жарыктын ылдамдыгындай тездикте сотко өткөрүп жатышат?” деген аталышта Фейсбуктагы баракчасына жеке пикирин жазды. “УКМК тергөөчүсү КРдин Жазык- Процесстик кодексинин 231, 232, 233 беренелерин одоно бузуу менен, Өмүрбек Текебаев жана анын жактоочусун иштин материалдары менен толук тааныштырбай, шашылыш түрдө сотко өткөрүп жаткандыгы бул бийликтин Ө.Текебаевди президенттик шайлоого катыштырбай, эртерээк ...

0 881

Илмияновдун англис тил кабинети коомчулукта катуу талкууланууда...

Бул сүрөт Фейсбукта көңүл борборунда, элдин чордонунда. Катуу талкууланып жатат. Айрымдары жактырса, айрымдары жактырбайт дегендей... Акын, журналист Темирбек Алымбеков «өзү билет бекен?» десе, котормочу, акын, журналист Олжобай Шакир уулу мындай деген: “Атана куурагырлар айе, ушинтселе тарыхта калабыз дешкени го))))) Кыргыз эмне мынчалык мансапкорлукту сүйгөн калк - түшүнбөйм. Кээси чыкты ажыга барып келгендердин... Алар да шоопурга окшоп өз кабинеттеринин сыртына “баландай ажы” ...

2 43340

Семетей Талас уулу:  «Бабановго жолуктуруп койгулачы, анын банкынан жээним кредит алды эле…»

«Датым бар, угуп койгулачы» деген аталышта журналист Семетей Талас уулу Фейсбуктагы баракчасына жазган. «Өмүрбек Бабановдун ашкере жактоочулары менин эжемдин баласы АКБ Кыргызстандан үйүн коюп, 35% менен кредит алган. Жээним дөңгөлөк сатып,бизнес кылат. Бирок, былтыр эски дөңгөлөктөр мурдагыдай киргизилбей, доллар да өсүп, ал ортодо бирөөлөр да кидать кетип, азыр кредитин кечиктирип төлөп атат. Кечүүгүнүн айынан банк штраф салып, азыр пенясын эле төлөп атыптыр. ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 580

Эртең журналисттер чогулат

Эртең, 17-майда, саат 11.00до «Дасмияда» Улуттук кеңеш “Мамлекет менен коомдун ортосундагы ажырым: Эмне кылуу керек?» аталышта пресс-конференция өтөт. Аталган конференцияда учурдагы мамлекеттик абал, бийлик менен элдин ортосундагы мамиле талкуу болот. Жыйынга, саясый партиялар, коомдук жана жарандык уюмдар, саясый ишмерлер, ММК өкүлдөрү катышат. Булак: «NazarNews.kg»

0 2843

Президенттин жакын кишиси мэр Албек Ибраимов жер тилкелерин кантип, кимге саткан?

«Кош стандарттар. Наталья Никитенко Шыкмаматовдун иши жана мэр Албек Ибраимовдун жер тилкелери боюнча» аталышта «Zanoza.kg» сайтына жарыяланды. Кыргызчага которуп, берип жатабыз. «Ата Мекендин» депутаты Наталья Никитенко кызматтагы адамдар катышкан эки иш боюнча: Алманбет Шыкмаматовго козголгон кылмыш иши жана бир кезде “Дастанга” тиешелүү жер тилкесинин кайра-кайра сатылганы боюнча ызы-чуунун ортосунда параллель жүргүзүп көрдү. Агезде “Дастандын” башында азыркы Бишкек мэри Албек ...

1 13196

Мелис Мырзакматов менен Токтайым Үмөталиева бир тууганбы?

“Мелис Мырзакматовдун түбү Талас турбайбы, таластык экен» деп мурда эле укканбыз. Жакында эле “Токтайым Үмөталиева экөө бир тууган” деп угуп, Токтайым айымдан сурасак, танган жок. Кызыгып калдыңызбы? Кандайча бир тууган болуп калгандарын Токтайым Үмөталиеванын өз оозунан жакында угасыңар. Булак: «NazarNews.kg»

0 843

Кыргызстандын 95 пайызы санарипке өттүбү?..

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова Бишкектеги маалымат жыйынында билдиргендей, Кыргызстандын 95 пайызы санарипке өттү. Аналог көрсөтүүлөр 15-майга караган түнү өчүрүлдү. Маалыматка караганда, аймактарда штаб, мобилдик топтор түзүлгөн, алар элдин кайрылууларына жооп беришет. Өлкөнүн калган 5 пайызы, 326 калктуу пункт “радио байланыш жетпеген аймактарда” жайгашкан. Аларда тиешелүү жабдуулар орнотулуп бүткүчө аналогдук телеберүүлөр өчүрүлбөйт. Кыргызстандын башка аймактарында аналог 15-майдан тарта өчүрүлөрү ...

0 1706

Өндүрүш Токтонасыров: “Алыкул Осмоновдун мүрзөсүнө барып, кечирим сурадык»

Бүгүн, 15-майда, «Алыкул агай, кечирип коюнуз!» деген аталышта акция болууда. «200 сомдук акчадагы сүрөткө байланыштуу акын Алыкул Осмоновдун мүрзөсүнө барып, маркумдан кечирим сурадык.  Улуттук банкка кайрылып, акчадагы сүрөттү оңдоого чакырык жасайбыз! Бу акциянын аягына чыгабыз!”,-деди активист Өндүрүш Токтонасыров. Эскерте кетсек, 2016-жылдын аягында Улуттук банк дизайны бир аз өзгөргөн 200, 500, 1000 сомдук жаңы акча жүгүртүүгө чыгарын билдирип, алардын жаңы жасалгаланган сүрөтүн жарыялаган. ...

1 5679

Күнүнө аспириндин төрттөн бир бөлүгүн ичип туруунун пайдасын билесизби?...

Кан кою болуп кетпеш үчүн 40 жаштан кийин ар бир адам аспириндин төрттөн бир бөлүгүн ичип турушу керек. Кээ бирөөлөр "менин каным көп, донормун венамдан кан берип келдим. Жаман кандарым жок" деп келишет. Чынында венадан алган кан менен далынын үстүнөн алган кандын асман менен жердей айырмасы бар. Дегеним, венадан таза кан чыкса, далыдан, желкеден дээрлик жаман кандар чыгат деп билдирди элдик ...

0 1001

"Светчи Айболит" Осмонбек Артыкбаевби?.

Эл байкайт экен да. "Токтогулдук"деп койсо эле энергетиканын эсебин таап коем деп ээлигип, Энергетика жана өнөр жай министирлигинин эки тизгин бир чылбырын колго алып иштеген, Осмонбек Артыкбаев деген. Учурда Жогорку Кеңештин депутаты. Каа-аап, "бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун"деген кеп бар эмеспи? Кыргыздар аны унутуп, аптекага кирип алып насос сураган куудулдардай эле энергетика тармагына аптекарь Осмонбек Мамбетжановичти отургузуп коюптурбуз. Министирликте иштегенден тартып, ...

0 11702

Өмүрбек Текебаев СИЗОдон доклад жазды

Кечээ, 12-майда, Бишкекте  болгон “Таза шайлоо – стабилдүүлүктүн жана бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүүнүн кепилдиги” аттуу форумдун катышуучуларына Өмүрбек Текебаев СИЗОдон доклад жазып, жолдогон. Аны депутат Аида Салянова орусча окуп берген. Ошол докладды кыргызчага оодарып берип жатабыз. Өмүрбек Текебаев Кыргызстанда “суурдун күнү” келгенин белгилеп, бийликти узурпация кылуу жолуна парламентти бөгөт болууга чакырды. Ал Башмыйзамга жана КРнын мыйзамдарына ылайык парламенттик шайлоону ...

0 5562

Адилет Айтикеев: «Турсунбай акенин постун окуп, өтө капа болдум»

Журналист Адилет Айтикеев азыр Америкада. Ал жакта жүргөнү менен Кыргызстандан кабар алып турат. Фейсбукка активдүү катышат. Өзүнүн баракчасына мындай деп жазыптыр: --Турсунбай агамдын постун окуп алып өтө капа болдум.Турсунбай аке, бул пикириниз өтө ашыкча болуп кетиптир. "Эгерде биздин молдолор, муфтият теңирчилерге жаназа окубай койсо, же аларга мусулман көрүстөнүнөн орун бербей койсо, алар тыйылат эле" деген ойду ...

0 3402

Кытайдан Кыргызстанга эшектин эти кирип жатабы?

Чек ара кызматынын кызматкерлери 8-майда «Торугарт» өткөрүү пунктунан тиешелүү документтери жок Кытайдан алынып келген эттерди кармашты. Бирок эт кайсы малдын эти экени айтылган жок. Маалыматка ылайык, алынып келген эт документ боюнча алма деп жазылган. Эми бул тиешелүү иш-чаралар көрүлүп, кылмыш ишин тергөөнү Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы жүргүзөт. Бул биринчи жолу эмес экени айтылууда. Мындай көрүнүштөр буга дейре бир нече ...

0 1708

Ирина Карамушкинанын кличкасы "мекиянбы?"..

Көптөн бери колдонулбай калган "мекиян"деген сөз кечээ жакындан тарта парламенттин ичинде кеңири колдонула баштаптыр. Болоор болбос нерсени көтөрө койкоңдой берген депутат Ирина Карамушкинага ушул ылакап атты ыйгарып, парламенттин короосундагылар тымызын күлүп жүрүшөт дейт. Карамушкинага эмне себептен "мекиян" деп койгондугун ошол киши эле билбесе, биз анын парламентте улам  кыйкырып чыкканынан болсо керек деп болжодук. Анда, "корозу"ким болду экен?.. Булак: "Айгай"

0 5991

Камчыбек Жолдошбаевдин азансыз коюлган аты “Бош дарбыз”

«Өнүгүү Прогресс» партиясынан келген Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевке тээ 2011 жылы эле “Бош дарбыз”деген каймана ат жабышыптыр да калыптыр. Көрсө, Камчыбек Жолдошбаев ошол жылы өзүнүн “Беш Сары” соода кылуучу жайындагы, соода кылып жаткан боюнда бар келинди тээп жибергендиктен, ошол жердеги элдин ичинен бирөө аны дарбыз менен башка чапкан экен. Ошондон улам ал кишиге “Бош дарбыз”деген ат азансыз коюлганынан кулагыбыз чалды. Булак: ...

0 6555

Киттердин кличкалары: Аалы Карашев - "Алпкара"

“Алпкара” Убагында вице-премьер болуп жүргөн Аалы Карашевди тар чөйрөдө "Алпкара" деп тергеп коюшат экен. Мындай каймана аттын берилишин башкы себеби балдызы башкы прокурор болсо, бир учурдагы генералдык прокурор , Конституциялык соттун төрайымы болуп келген илибой саясатчынын башына чай кайната ала турган Чолпон Баекованын карачечекей күйөө баласы. Арийне "кайын журтун кыйынбы?" деген тамаша ыр дал ушул  Аалы Азимовичке жарашат. Ал эми экинчи жагдайы ...

0 1111

Ороковдун ою ордунан чыкпай калды

Жакында эле «Кыргызнефтегаздын» жетекчиси Жеңиш Жумашов Экномикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы тарабынан мамлекетке ири суммада зыян келтиргени аныкталып камалган. Анын ордуна «Кыргыз алтын», «Макмал алтын» сыяктуу май талкандуу кызматтарды жетектеген, капчыгы калың Азизбек Ороков «Кыргызнефтегаздын» жетекчилигинин милдетин аткаруучу болуп барган. Бул ишкананы 2002-жылдары да башкарган. Майлуу-сүттүү экенин жакшы билет. Мына ушул Ороков жетекчинин милдетин аткаруучу болуп бараары менен аталган ишкананын директорлор ...

0 816

Баягы эле бажы кызматы..

Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков Кыргызстанга алтын буюмдарын мыйзамсыз ташуу тыйылбай жатканын билдирди. Бул туурасында парламентте аталган маселеге тийиштүү мыйзам долбоору талкууланып жатканда айтты. Ырасында эле 2017-жылдын алгачкы 3 айында кыргыз мамлекетине буюмдарынын 88 пайызы аткезчилик жол менен киргизилген. Бул деген 10-20 пайыз эмес, дээрлик 90 пайыз дегенди түшүндүрөт. Демек, бюджетке түшчү миллиондор жеке бирөөлөрдүн чөнтөгүнө түшүп жатат дегендик. Мыйзамды сыйлаган ...

13-май 2017, 09:42 | 816
4 3791

Ипотека элди сыздатууда

Бактыбек Шамкеев деген кыйын чыкмабыз жетектеген Кыргыз өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) деген тармагыбыз бар. Негизги максаты үйү жок жүргөн жарандарыбызды турак жай менен камсыз кылуу. Бирок, кантип, кандай негизде, кандай план менен иштеп жатканы эч кимге белгисиз. Ал эми үй алуу максаты менен барган жаштарыбыз нааразычылыгын билдиришүүдө. Кененирээк айта турган болсок, үй алуу үчүн МИКге барган жарандарыбыздан дароо эле, ...

13-май 2017, 09:13 | 3791
Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1009

Аскер Сакыбаева: «Эми "а" деген соң "б" дегенди айтыш керек»

«Бүгүнкү күндүн жакшы жаңылыгы президент Атамбаевдин "Азаттыкка" миллиондорду койгон доо арызын артка кайрып алганы болду. Бул чыныгы лидердин кадамы. Эми "а" деген соң "б" дегенди айтыш керек. "Заноза" сайты менен Нарын Айыптан да миллиондорду алып салса, чын эле айкөлдүктү көрмөкпүз. Мөөнөтү аяктап кетип бара жаткан адамдын эсте каларлык мамилеси болмок. Сиздер кандай дейсиздер?»,-деп жазган Фейсбуктагы баракчасына белгилүү журналист ...

0 891

Роза Отунбаева: “Президенттикке талапкерлер мурдагыдай эле саясий куугунтукта”

"Жарандык көзөмөл комитети" уюму "Таза шайлоо - туруктуулуктун жана тынч бийлик алмашуунун негизи" аттуу форум өткөрдү. Ага экс-президент Роза Отунбаева, экс-премьер-министр Темир Сариев, Феликс Кулов, Амангелди Муралиев, Равшан Жээнбеков,  Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлер, укук коргоочулар катышышты. Анда Роза Отунбаева бүгүнкү бийлик мурдагыдай эле экенин айтты: --Бүгүнкү кырдаал мурдагыдай эле болуп турат. Президенттикке талапкерлер мурдагыдай эле ...

0 852

“Зордуктадың” деп таксистти коркутуп акча өндүргөн аялдар тобу кармалды.

Аялдан амал качып кутулбайт экен да. Дегеним, Жалал-Абад шаарында таксистке “зордуктадың” деген жалаа жаап акча талап кылган үч аял кармалды. Бул тууралуу “Спутник” сайты жазып чыкты. Маалыматка ылайык, 24-апрель күнү жергиликтүү жаран зордуктоо боюнча жалаа жабуу менен эки аял акча алганын айтып милицияга кайрылган. Анда окуянын курмандыгы болгон жаран: “Шаарда Токтогул көчөсү менен баратсам бир аял унаама отуруп, баласын шаардан алып, ...

0 999

Мыйзам чыгарып, аны көзөмөлдөйт деген депутат өзү пара берип жатса…

Мына сага, шумдук! Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков баласын Бишкек шаарындагы №5-мектеп-гимназияга киргизүү үчүн пара бергенин айтып чыкты. Бул тууралуу, фракция жыйынында республикадагы орто билим берүүчү окуу жайларын 5 күндүк системине өткөрүү боюнча мыйзам долбоору каралып жаткан учурда билдирген ал: “Класстардагы окуучулардын саны 40-42ден ашат. Мектепке кирүү өтө кыйын. Мен пара бергем. Мен! Ал эми карапайым адамдар жөнүндө эмнени айтууга болот?”,-деди. Эгер ...

0 667

Концерттик залда эмес…

Өткөн аптада Жогорку Кеңештин депутаттарына жер көчкү болгон Өзгөн районунун Аюу айыл аймагы тууралуу өкмөттүн тийиштүү мүчөлөрү маалымат берди го. Түштөн кийин залда 12 эле депутат калып. Ошондо депутат Камчыбек Жолдошбаев өкмөт өкүлдөрүнө айтып атат, адатынча алпа-далп сөзүн айтып, «Силер депутаттарды жаман көрөсүңөр, алар суроо берип атат, бүт элдин баары карап атат, анан элдин баарын жанагындай ситуацияга алып келип саласыңар, мына ...

12-май 2017, 16:04 | 667
0 903

СДПКчылар Болсунбек Казаковду катуу сынга алышты…

Бүгүн, 12-майда, КСДП фракциясы «Улуттук холдинг» ачык акционердик коомун түзүү боюнча Жогорку Кеӊештин токтомунун долбоорун карап, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Болсунбек Казаковдун отчетун угуп, сынга алышты. Депутат Анвар Артыков Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Болсунбек Казаковдун «Мамлекеттик ишканалардын жетекчилеринин адистиги төмөн, ошондон улам натыйжалуу иштей албай жатат» деген сөзүн эске салып, ошондой начар жетекчилерди Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун өзү дайындап ...

0 837

Мисирейген министр Исакунова

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигин Кудайберген Базарбаев башкарган кезде алгылыктуу иштер жүргөнүн жалгыз гана жамааты эмес, бүткүл эл билет. Чет өлкөлүк жарандарга  кароосуз калган балдарды саткан жагынан таанылган министрликтин ишин жөнгөрүп, алкоого арзый турган нерселерди жасап кетти. Албетте, партиялык система же коалициялык башкаруу деген балекеттер жок болгондо Кудайберегн мырза азыр деле башкара бермек, себеби, ишин кынтыксыз аткарып келген эле. Андан кийин ...

0 998

«Алтын Балык» аттыккан Динара Исаева үн катты...

Жогорку Кеңештин депутаттары бир канча типке бөлүнөт эмеспи. Алардын ичинен эң эле популярдуусу «алтын балыктар» тиби. Бул типке кирген депутаттар үн катпаса дагы, капчыгы кагылып турат. Мындай депутаттардын катарын толуктаган Динара Исаева. Кечээ ушундай «үн катыптыр», 7 жылдан бери биринчи жолу. Болгондо дагы Замира Сыдыкованын «Республика» гезитине. Эсиңер ооп калдыбы… Ал эми аталган басылмада «Алтын балыкты» бал тилге салып сүйлөткөн журналист ...

0 826

Мародерлук иш эмне болду?

Жакында коомчулукка чуулгандуу иштин бетин ачкан кылмыштуу факты ачыкка чыгат экен. Угушубузга караганда, ИИМдин кайсыл бир тергөөчүсү 2010-жылдагы мародерлукка тиешелүү материалдарды жок кылгандыгы боюнча фактылар ачыкка чыгат. Ал тергөөчүгө ошол кездеги министр тарабынан буйрук болуп, кылмыш ишине тиешелүү дело жок кылынган. Учурда бул иш такталып жатыптыр. Демек, тергөөчүнүн көрсөтмөсү менен жакын арада мародерлор камакка алынышы мүмкүн. Булак: "Ачык саясат"

0 2328

Акун айтты… Туке эми жетинчи кабаттан секиреби?

Кыргыз саясатында Т. Акун деген бар. Кайсыл жерде митинг, пикет болсо Акун ошол жерде. Тукенин башынан эмнелер гана өтпөдү? Чыкыйына таш тийгенден тартып, ала качууга чейин дуушар болду. Ачкачылык жарыялап, кабинетинен чыкпай койгон күндөрү да өттү. Кечээ жакында ЖМКлардын бирине ошол Т. Акун: «Бабанов же Төрөбаев президент болсо жетинчи кабаттан секирип өлүш керек» деди. Эмнеге экенин эмкиде бизге чечмелеп бермек болду. Булак: ...

1 1099

Элден чогулган каражат кайда жумшалат?

Кыргызстандагы уюлдук компаниялары 9-майдагы Жеңиш майрамын утурлай ар бир абоненттин тынчын алып: «Баланча номур менен баланча дарекке СМС жиберсең согуш ардагерлерине 20 сом которсоңуз болот» – деген билдирүүлөрдүн улам кайталап, бир күндү текке кетирбей жазышты. Бул быйылкы эле көрүнүш эмес, жыл сайын ушундай мазмундагы катты жиберип келишүүдө. Анан боорукер элбиз: «Ардагерлерден 20 сомду аямак белек» деп СМС келээри менен акчасын ...

0 1855

Кыргызбай тамада болуп жүрө берсе жарашмак...

«Таанышың болсо таңкасың, болбой калса маңкасың» дегендей, Кыргызбай Осмонов деген тамада жогору жактагы тааныштарынын күчү менен Кырдрамды бир нече жыл башкарды. Эл сыйлаган актрисалар кан какшап, тыным  албай күрөшүп, акыры Ак үй алдына пикетке чыгып, анан кетирип тынышкан. Бирок, көпчүлүк айткандай колдогон күчтүү окшойт, көп өтпөй Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын директорлугуна жетти. Албетте, ал жердеги маданияттын корифейлерине жакпай келет. ...

0 899

Акибаевдин «Чемоданына» кызмат тийип калса таң калбагыла...

Ысык-Көл областына башчы болуп Токтобек аттуу адам эле барбаса, башкалары токтобос болду. Өкмөт акенин койгон ар бир өкүлдөрүнүн артына, түлкүнүкүндөй булактаган куйрук пайда болуп жаткандыгы жалган эмес. Баарыныкы эле оп-окшош. Өнүктүрүү фондуна түшкөндөрдү оп тартуу. Ошолордун ичинен учурдагы бийликтин өз балдарына сөз да, ок дагы жетпес тура. Мына акыркысы эле  Мирбек Асанакунов менен Аскат Акибаевдер дал ушундай күбүр-шыбырдан улам эле кызматтарынан ...

0 1972

Президент болчу кишибиз ыйлаак болсо…

«Өнүгүү-Прогресс» партиясы ыйлактап бүтпөй койду. «Бийлик минтип жатат, тигинтип жатат, Жалал-Абадда жаныбызды койбой жатат» – деп эле арызданып бүтпөй коюшту. Бакыт Төрөбаев эмитен эле ыйлактап жатса эртең элди кантип башкарат? Президент болчу жигиттин кебетеси бул болсо, анда шорубуз шорподой эле кайнайт го. «Ыйлаар бала атасынын сакалы менен ойнойт» болбой, Төрөбаев эртерээк эсине келсе жакшы болот эле. Булак: "Ачык саясат"

0 2523

Токмоктон канатыңды кайрып алдың…

Кечээ 11-майда, УКМКнын тергөө башкармалыгы Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынан депутат Канат Исаевге козголгон кылмыш ишине байланыштуу айыбын угузду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат бөлүмү кабарлайт. Анда айтылгандай, Канат Исаев Токмок шаарынын мэри болуп иштеп турган кезинде муниципалдык жер тилкесин соода комплексин курам деген жеке тарапка арзан баада сатып жиберген. Ошондой эле мэриянын башка кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, шаардык бюджеттен каржыланган автобекеттин ...

0 718

Батыралиев тартип орното албай жатат

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев медицина тармагына тартип орното албай жатат. Буга чейин Ош наркологиялык борборунун башчысы Айгүл Садиева «Батыралиевден коркконум жок» десе, эми минтип Таластагы дарыгер «Атамбаевди уруп ойнобойм» деди. Ошентип медиктер өз билгендерин жасап, чектен ашкан деңгээлге жетти. Буга ким күнөөлүү? Албетте Батыралиев. Анткени, Талантбек мырза тартип орното албай жатат. Колунан келбегенден кийин тырмышпай кетип калыш керек да. Булак: "Ачык ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 3664

Даниярдын Динарасы азамат экен

Жогорку Кеңештин депутаты, Данияр Үсөновдун аялы Динара Исаева мыкты аял экен деп калдык. Жакшысын да, жаманын да бары-жогун да билдирбейт. Депутаттыгына таянып алып, бизнесинин битин сыгып коюп отурат. Мына сага депутат. Мамлекеттин маселесинин ага кенедей да кызыкчылыгы жок. Данияр менен калп эле ажырашып кеткен киши болуп, бул жактагы бизнестерин коргоп калды. Болбосо Данияры эбак эле башка катынга үйлөнөт эле го… Булак:"Ачык саясат"

0 2146

Кадырбек Керимбаев (Саяковский): «Бабанов күлүк эмес жулик»

Депутат ­Өмүрбек Бабанов президенттик тактыга ат салышам дегенден бери Фейсбукта жакшы эле талкууланып жатат. Каймана ат менен белгилүү болгон Саяковскийдин айткан жана жазганынан бердик. «Кадырбек Саяковский аке минтет: - Бабанов сөзсүз президент болот. Андай жулик азыр төрөлө элек. Аны ордуна койгон АША премьер болот. Анан чоң тамаша башталат- дейт. Кудай сакта!» деп жазган Бурулкан Карагулова Фейсбуктагы өздүк баракчасына.

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83