www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыска-нуска
0 333

Калк инфляциядан запкы жесе, Атамбаевдин сүйүктүү «Балашкасы» Толкунбек Абдыгулов инфлляциядан жума сайын акча жасап көнгөн

16-август 2019, 08:44 Кызгалдак Жакыпова

Күйөөсүн сыйлап сиз демек, Банк жакта эле иштемек. Бакс, сомго карабай, Балчайта эле тиштемек. Татына өңү жарашмак, Артынан ээрчип карашмак. Көңүл буруп койчу деп, Көпчүлүк аны талашмак. Модалуу кийим кийем деп, Моментин өзүм билем деп. «Шишканын» көрсө баласын, Жабышмак өзүм тийем деп. Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg

0 618

Бабанов кыргыздын акчасын Орусияга ташып жүрүп, цемент заводун куруп алды,андан көрө Таласка фасоль цехин курса эл бата бермек

15-август 2019, 09:17 Кызгалдак Жакыпова

Күзгүгө улам каранып, Күмүштөй чачын таранып. Жибектей сулуу кыз болмок , Жигиттер келсе бааланып. Тусовка кылып кечинде, Түз эле Маскөө, Пекинде. Күрддөрдөн тыйын сурамак, Таганы кармап бетине. Модалуу кийим тандамак, Моника сүйүү арнамак. Шимшилеп издеп ааламды, Миллиардер жигит кармамак.   Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg

0 514

“Өнүгүү” деп элди өнүктүрбөй, өз капчыгын өнүктүргөн Бакыт Төрөбаев шайлоодо эле элди ойлойт

14-август 2019, 08:41 Кызгалдак Жакыпова

Күйөөсүн «сиз» деп сыйламак, Жакындарын жыйнамак. Билгендердин барысын, Доллар тап деп кыйнамак Кечигип келсе күйөөсү, Бензинин ченеп сурамак. Күнүгө эле таяк жеп, Күйөөсүнөн куурамак Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg

0 260

Акча десе Акылбек Жапаровду, Акылбек Жапаров десе акчаны ойлоп калышты, акчаны МИССи болгону менен сулуулардын мисси боло элек

13-август 2019, 07:52 Кызгалдак Жакыпова

Көшөгөсүн жаап алмак, Көчөдөн акча саап алмак, Кытайдан алып карызга, Кызганчаак күйөө таап алмак. Тили буудай куурумак, Миллионду көздөй жулунмак. Көгала болуп дайыма, Көздөрү күндө курумак. Долларды дайым сыйламак, Кызматтан түшсө ыйламак. Төркүнүнө кетем деп, Төшөгүн кошо жыйнамак   Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg

0 570

Вице-премьер Замирбек АСКАРОВ жаш туруп жагынганды үйрөнүп алыптыр, жаш кезде мамлекетти өнүктүрүүнү ойлош керек эле

12-август 2019, 07:58 Кызгалдак Жакыпова

Замир мырза кыз болсо, Ийкемдүү өңдүү кыз болмок. Туура эмес эри сүйлөсө, Тумшукту көздөй муш коймок. Сөөмөйдү кесеп асылмак, Сөз бербей эч бир кажылдап. Мас болуп келсе күйөөсү, Сабамак аны тарсылдап. Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

0 565

Кой-Ташта чыр чыкса койкоюп тешиктен карап турган Дүйшөн Ирсалиев мулжуңдап турат     

09-август 2019, 07:53 Кызгалдак Жакыпова

   Дүйшөн мырза кыз болсо, Дүкүйгөн куник кыз болмок. Эпчил болуп колдору, Элине жаккан уз болмок. Акчаны жасап тыйындан, Долларга күндө сыйынган. Соодагер болмок, ичиңде, Акча бар десе ыйынган.   Бизнестин билип оң-солун, Ээлемек базар борборун. Күйөөсүн анча жактырбай, Сомдорун сүймөк, сомдорун. Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

0 504

Кой-Таштагылар жана аларды курчап тургандар кайсы туалетке киришет?

08-август 2019, 15:55 Кызгалдак Жакыпова

Кой-Таштын туалетине «М», «Ж» деп ташка тамга баскандай жазып коюшуптур. Таң калышып сурашат: «М»га ким кирет дешип, «М» мужиктер кирет, эркекпи, аялбы,ОБОНчубу мужиктер киришет деп. «Ж»гачы деп сурашат, «Ж»га Жээнбековчулар киришет дешет. Атамбаевди курчап турган коопсуздук органдары да туалетине «А», «Э» деп жазып коюшуптур. «Э»ге ким кирет деп сурашат, «Эркектер» дешет, аялдар жок болсо «А»га ким кирет деп сурашат. «А»га  ...

0 785

Кой-Таш деп эл ызы-чуу түшүп жатса, капчыгым деп кан ыйлап жаткан Мухаммедкалый АБУЛГАЗИЕВ кыз болсо кандай болмок?

08-август 2019, 07:50 Кызгалдак Жакыпова

Мукан мырза кыз болсо, Мукамдуу сулуу кыз болмок, Бийликте жигит көрүнсө, Артынан калбай тыз коймок. Буркурап  атыр жыттанмак, Француз вино ууртамак. «Долларды» көрсө алыстан, Долонду ашып чуркамак. Пикетке чыкмак сүйлөнүп, Саясат жагын үйрөнүп. Күйөөгө тийүү жагынан, Рекордду коймок дүйнөлүк. Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

0 604

Айран ичкенин кармабай, челек жалаганын кармап көнгөн Кашкар ЖУНУШАЛИЕВ кыз болсо кандай болмок?

07-август 2019, 08:39 Кызгалдак Жакыпова

Коңторуп казып билимдин, Сержанты болмок ИИМдин. Сын такпай эле эч кимге, Сыланып киймек кийимин. Акырын сүйлөп жубайга, Ар күнү батмак убайга. Айлыгы жетпей отурмак, Арманын айтып кудайга, Интернетти чокумак, Диссертация толтурмак. Авансты алып ай сайын, Автобус күтүп отурмак. Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

0 210

Солтон-Сарыда чыр чыкты десе, тажик чек арасында чыр чыкпаса болду деп кайдыгер отурган вице-премьер Разаков кыз болсо кандай болмок?

06-август 2019, 15:54 Кызгалдак Жакыпова

Жеңиш мырза кыз болсо, «Закүнчүл» сулуу кыз болмок. Күйөөсү колун көтөрсө, СИЗОго түшүп мыш болмок. Колунан кетпей иш текке, Колтугу дайым китепте. Будуң-чаң кылып көчөнү, Буттары жүрмөк пикетте.   Булак: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

0 273

Батукаевди кетирүүнүн “көзүрү” ошол кездеги президенттик  аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаевдин кошогунан

06-август 2019, 08:00 Кызгалдак Жакыпова

Жаш элем шайыр шаттанган, Бийликти көздөй аттангам. Тушоомду кесип ал жерден, Акаев байкем мактаган. Кайырма: Кыялга батып алам шак, Мыйзамды жазып салам бат. Батукаевди чыгарып, ай, Нарындан жазган салам кат.   Атамбаев кезде тейледим, Аппарат деген жердемин. Элүү миң доллар бир чалсам, Бүтүрүп өзүм келемин.   Кайырма: Кыялга батып алам шак, Мыйзамды жазып салам бат. Батукаевди чыгарып, ай, Нарындан жазган салам кат.   Батукаев бизди жактырып, Чемодан доллар калтырып  Бөлүшө албас кыргызды,кетти, Бири-бирине чактырып.   Кайырма: Кыялга батып алам шак, Мыйзамды жазып салам бат. Батукаевди чыгарып, ай, Нарындан жазган салам кат. Булак: ...

0 423

Кен байлык менен алтынды чимирилткен Кожобек  Рысбаев ким бийликке келсе «шуттугу» менен миллионерге айланды

05-август 2019, 07:56 Кызгалдак Жакыпова

Алтындын шуту Кожобек, Калпыңын шуту Кожобек. Атамбаев шуту Кожобек, Жээнбеков шуту Кожобек.     Кайырма: Кожобек, менин шутум, Кожобек, сенин шутуң. Күндө өсүп баратат, Кожобек, мына бүгүн, мына бүгүн.   «Ар-Намыс» шуту Кожобек, СДПК  шуту Кожобек. Өкмөттүн шуту Кожобек, Өлкөнүн шуту Кожобек.   Булак: Жалал-Абад менин шаарым, Обону, сөзү : Ибрагим Жунусовдуку; Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»  

0 757

Акаевдин төбө чачы качан тике турат?

02-август 2019, 10:56 Кызгалдак Жакыпова

Жусупбек Шарипович Москвага барып калса ал губернатор кезинде президенти зериккенде сүйлөшкөнгө киши таппай Аскар Акаев жүрөт дейт. Колу ачык Жусупбек Шарипович Акаевге кошуп бир сокур, бир дүлөйдү ресторанга киргизет. -Ой, тобо, -дейт жүз граммдан согуп алып жан-дүйнөсү козголуп кеткен сокур.- Көзүмө ымыр-чымыр бир нерсе көрүнгөнсүп кетти. -Эй, кызык, -дейт жүз граммды тартып ийген дүлөй.- Кулагыма каңырыш дабыштар угула баштады.

0 622

Террористтерди уштап, бетин жара муштай турган ИИМ министри Кашкар Жунушалиев канчага чейин Ак үй жакты этектеп жүрө берет?

01-август 2019, 11:00 Кызгалдак Жакыпова

Ийнемдин учун майтардым, Бүгүн да Ак үй кайтардым. Ийнемдин учун түзөттүм Митингди бүгүн күзөттүм. Балтамдын  учу долоно, Бандиттер мында жолобо. Бандиттер келсе уштайбыз. Башын жара муштайбыз.   Ак үйдүн учу таман жол, Кайтарган бийлик аман бол. Террорист  келсе уштайбыз, Бетин жара муштайбыз. Төөгө чиркеп байлабыз, Төбөгө чаап айдайбыз.   Ак үй жакты этектеп э-эээ-ээ-эй, Мен коноюн Бекбекей. Президент тонуна ...

0 835

Атамбаевдин Орусиянын жыттатып келген татар Андрей Бельяниновго кайрылып тургандагы кези

Дайыма жарык чачкан күнүм белең Сен барда Кант Авиабазасынан учуп кетем. Жашаймын сени менен Андрей -сот, Түбөлүккө картайбаган сүйүүм менен.   Кайырма: Кыялдарга батам түркүн Андрей-дос  мага сүйкүм. Бүт  өмүргө шерик болуп, Кремлдеги ошол бир күн. Оо, Бельяминов өмүрлөшүм, Мени алып кеткен көңүлдөшүм, Сен бар үчүн бактылуумун.   Бийликтин эч нерсе эмес камаганы, Бифштекс кылып мени жамандады. Бир доллар баага кеткен «Кыргызгазы», Бирөөгө оозду ачсаң камал дагы.   Кайырма: Кыялдарга батам түркүн Андрей-дос  мага сүйкүм. Бүт  өмүргө шерик болуп, Биз ашаган ошол бир ...

0 2376

Мыйзамды сактай турган спикер Дастан Жумабеков өз аялын неге мыйзамсыз ишке түртөт

Чунга-Чанга- биздин парламент Чунга-Чанга- ага айла «нет». Чунга-Чанга- сессияда отурбайт, Чунга-Чанга- декларация толтурбайт. Кайырма: Мыйзам менен, мыйзам менен, Кадыр топтоп мында келген , Акча топтоп мында келген. Чунга-Чанга! Декларацияны  жаман дейбиз, Кокос жейбиз, банан жейбиз, Топоз жейбиз, каман жейбиз, Чунга-Чанга!   Чунга-Чанга-добуш топтойбуз Чунга-Чанга- барын тоотпойбуз. Чунга-Чанга- мында бир келген, Чунга-Чанга- кетпейт бийликтен.   Булак: ЧУНГА-ЧАНГА, Обону: В.Шаинскийдики Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»  

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 619

Бабанов атасы президенттен  куулуп кеткен Айдар Акаевди 2005-жылы “кидать” эткенде соткадан айткандарынан

Кош жан досум, кош дейсиң деп таарынба, Мени күтпө, мени эстебе сагынба. Жаш кездердей ай, ынак достук жок экен, Отуз жаштын улам аркы жагында.   Сен бир рэкет атакеңди жүдөткөн, Унутулган учар замат түнөктөн. Бийлик  деген ай, бийлик эмес мыйзамдуу, Достун барын кармап алган жүрөктөн.   Кош жан досум, коштошоордо жалынба, Сен жакшы элең  атаң ажо маалында. Бийлик жактан ай, кубаланды атакең, Үздүм эми достугумду таарынба. Булак: Сулууга, Сөзү: Алыкулдуку, Обону:  Асанкалыйдыкы Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»  

0 484

Бишкек мэри Азиз Суракматов көрүстөндө орун жок, шаардыктарга  өлгөнгө тыюу салабы?

Бишкек частушкалары Азиз Суракматов Буйрук Урматтуу  шаарда «прапискеси» бар жана «прапискеси» жок шаар тургундары?!  Шаардын  айлана-тегерегинде көрүстөнгө орун табылбай жаткандыктан, көрүстөнгө орун табылгыча, көп болсо бир жылга чейин, шаардын жашоочуларына өлгөнгө тыюу салам.  Бишкек  мэри  Азиз Суракматов   Албек Ибраимов Албек акең салмактап, Таразаны  бишкектейт. Бирок, улам начарлап, Бара жатты Бишкек дейт   Кубаныч Кулматов Кулкуну чоң Кулматов, Бажыны бүт жеп кетти. Бишкек жакка мэр болуп, Жөн койбоду мектепти.   Иса Өмүркулов Темир жолду бүт жалмап, Бишкек мэрге ...

0 338

Булганыч иштерди да таптаза жасаса болот; Пародия: Сагынуу, Обону : Рыспайдыкы

Бүркөк асман жарк дегенде чагылган, Жаш кезимден Москвага кабылгам. Бүт эркимди ээлеп алып Кремль, Саясаттын этегине жамынгам. Азыр мен да дале ойлоп жатамын, Ошол кызмат бүткөн өңдүү канымдан.   Жымыңдашып жанып өчүп чырактар, Жазуучулар Союзунда  убактар. Стакандын кагышканын тыңшачу, Алыс  калды Арашанда  курактар. Чертчү эле Путин досум кез-кезде, Миң кайталап акча берип суратпай.   Таптым далай кызматымдын айласын, Путин достун көрүп калдым пайдасын. Черткендерин эстегенде «черт возьми» Ооруп кетет эми болсо, ай башым. Ар  убакта жолукчу элек Ак ...

0 2173

Кокус Жээнбековдор кызматынан түшүп калса, Өткүрбек Асылбек (ович) каякка барат?

Пародия: Аттиң, аттиң... аттиң, аттиң .... Прокурордук сабатым жок, Кушка окшоп уча турган канатым жок. А кокус Жээнбековдор түшүп калса, “Ака” деп колдой турган жамаатым жок... Аттиң, аттиң... аттиң, аттиң, Прокурордук сабатым жок... Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

0 3593

УКМК жетекчиси Райымбек Матраимов болот...

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен Фарид Ниязов УКМКнын  жетекчиси кызматынан кеткенин угуп: --Фарид, УКМКга ким келиши мүмкүн? – деген суроо берет. Шашып кеткен “шашкалак” Фарид Ниязов, --“КР Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов болот го”, десе Атамбаев 10 граммдык стаканы менен аны башка чабат. Фарид Ниязов арчанын түбүнө жармаша калып:

0 1626

Актилек Гүлжигит кызы: Жолдошум менен сегиз жыл жашасам, жарымынан көбү көзүм көгөрүп жүрдүм

03-май 2019, 16:57 Айдар Нуралиев

Фейсбуктагы интернет баракчасына КТРКнын диктору, журналист Актилек Гүлжигит мын булуарды жазып калтырды. Актилек Гүлжигит кызы: Раматылык жолдошум (жер кабар айтпасын) менен кыйсыпыр урушуп жашап жүргөндө, балдарым эс тартып калган экен. Арактын кесепетинен турмушта көп кыйынчылыктар болду. Сегиз жыл жашаган болсом, жарымынан көбү көзүм көгөрүп жүрдүм. Үйдө баары талкаланган. Менин көйгөйүм идиш-аяк, буюм-тайым эмес эле, мен балдарыма эмне тамак берем деп тыбырчылачумун. ...

0 961

ВИДЕО - Айдоочулардын эсине, күйүүчү майды кантип “экономдоо” керек

30-апрель 2019, 12:19 Айдар Нуралиев

Күйүүчү майга болгон баа күндөн-күнгө өсүп жатканы көптөгөн айдоочуларды тынчсыздандырат. Баалар болсо өсүүнүн үстүндө.Ушул өңүттөн алып караганда, интернет желесинде күйүүчү майды экономдой турган– Фри Фул каражаты тууралуу видео пайда болду. Фри Фул унаанын кыймылдаткычтарынын иштешин  жумшартып, үнүн басаңдатат. Фри Фулду колдонгондор, мурда 100км ге 11литр ичсе - азыр ошол чыгым 30%га азайганын жазышкан. Фри Фулдун негизги элементи катары, неодимдин (NdFeB) негизинде ...

0 1049

Шым так санга киреби же жуп санга

Кыска жана күлкүлүү Таарынчак кемпир Абхаз жомогу Бир кемпир түш көрүптүр. Түшүндө бийлеп аткан болот. Ойгонуп кетип, кол чаап коштобогону үчүн жанында жаткан чалына жини кайнап баштаптыр. Табарман Пурдел Ооган жомогу – Пурдел, сен так сан менен жуп санды үйрөнүп келдиңби? – Ооба, агай. – Кана, айтчы: шым так санга ...

0 1884

Сооронбай Жээнбековго КАЙРЫЛУУ: Бизди кордогон аткаминерлер...

24-апрель 2018, 10:11 Гүлжан Шерипбаева

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбековго Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Д. Абулгазиевге КАЙРЫЛУУ Биз, Макмалалтын комбинатынын жумушчулары, айлабыз кетип, болуп жаткан терс иштерге көзүбүздү жумгандан тажап, сизге кайрылып жатабыз. Макмалалтын комбинаты иштегенге 30 жыл болуп калды, бирок биздин Тогуз-Торонун эли бул комбинатта болгону акыркы 15 жыл толук кандуу иштеп, бул комбинаттын түзүлүшү жана кылган жумушуна түшүнүк пайда болду. Буга чейин бардык адистер Бишкектен жана башка аймактардан ...

0 13068

ЭКСКЛЮЗИВ: Сайкал Садыбакасованын көз карашы эмнеге өзгөрдү?

10-ноябрь 2017, 17:36 Гүлжан Шерипбаева

Атактуу айым Гүлшайыр Садыбакасованын кызы, ырчы Сайкал Садыбакасова жакын арада турмушка чыгат. Эл арасындагы айтылган сөздөр артта калып, Сайкал Садыбакасова жакында үй-бүлөлүү болуп, тележурналист Максат Довранов менен турмуштун даңгыр жолуна кадам таштагыны турат. Келечектеги пландары тууралуу ырчы Сайкал Садыбакасованы “Кыска-нуска” рубрикабыздын негизинде сөзгө тарттык. -Сайкал, жакында эле турмушка чыгып атасың, деги эле турмушка чыкканга даярсыңбы? Жүрөгүңдө кандай сезимдер болуп жатат? -Сезимдер албетте башкача, ...

0 1659

Турсунбек Акун “президент боломун”,  деп тыртаңдады

Акыйкатчылык орунду астейдил талашкан Турсунбек Акун президенттик шайлоого аттанды. Бизге берген маалыматына караганда аялы менен урушуп атып, үйүн күрөөгө койгон. Турсунбек  Акун менен болгон “Кыска нуска” маекти Сиздерге сунуштайбыз. -Саламатсызбы үйүңүздү күрөөгө коюп президенттикке аттандыңызбы? -Ооба, акчам жок болсо эмне кылайын, жеңеңер урушуп жатат... -Эгерде президент болбой калсаңызчы? -Ким айтты сага? Болом эмнеге болбоймун. Сага Сариев же Бабанов болуш керекпи? Келдибеков барбай калса эле ...

0 7122

Токтоайым Уметалиева, «чык эшикке» деп урушуп…

03-июль 2017, 02:30 Гүлжан Шерипбаева

Мындан ары NazarNews маалымат агенттиги “Кыска-нуска” рубрикасын жүзөгө ашырабыз. Биздин аталган рубрикабыздын биринчи коногу Токтайым Уметалиева болду. -Саламатсызбы -Саламатчылык. -Редакциябызга кош келипсиз. -Рахмат. -Жашыңызда кандай адам болгонсуз? -Өтө эрке... -Келин болгондочу... -Анданда эрке… -Кайынэнеңизден уруш жегенсизби? -Керек болсо таяк жегенмин... -Үйүңүздө ким кожоюн? -Байкеңда... -Президенттикке кимди колдойсуз? -Өзүмдү. -Кандайча? -Президенттикке ат салышам. -Капчыкта акча барбы? -Карыз сураштырып жүрөм. -Акча таба аласызбы? -Андай суроо бергенге акың жок, “чык эшикке”... -деп Токтайым Уметалиева тамашага салды. Мындан кийинки каарманыбыз Кыргызстанга белгилүү аткаминер конокто болот. Булак: ...

0 5389

Семетей Талас уулунун “каражаны”, Бабановдун банкы 35562 жолу окулду

Ажо Алмазбек Атамбаев “айланайын, кыргыз элим!” десе эле эл ээрип кетет эмеспи. Ошол сыңары, белгилүү журналист Семетей Талас уулу «каражандарым» деп окурмандарды ээриткенби, айтор, Семетейдин «Бабановго жолуктуруп койгулачы, анын банкынан жээним кредит алды эле” деп Фейсбукка жазганын сайтка чыгарып койсок, аны 35562 киши окуптур. Эки күндө эле кымындай пикирин ушунча окуса, макала жазса 70 миң киши окуйт ...

0 1701

Өндүрүш Токтонасыров: “Алыкул Осмоновдун мүрзөсүнө барып, кечирим сурадык»

Бүгүн, 15-майда, «Алыкул агай, кечирип коюнуз!» деген аталышта акция болууда. «200 сомдук акчадагы сүрөткө байланыштуу акын Алыкул Осмоновдун мүрзөсүнө барып, маркумдан кечирим сурадык.  Улуттук банкка кайрылып, акчадагы сүрөттү оңдоого чакырык жасайбыз! Бу акциянын аягына чыгабыз!”,-деди активист Өндүрүш Токтонасыров. Эскерте кетсек, 2016-жылдын аягында Улуттук банк дизайны бир аз өзгөргөн 200, 500, 1000 сомдук жаңы акча жүгүртүүгө чыгарын билдирип, алардын жаңы жасалгаланган сүрөтүн жарыялаган. ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83