www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Адабият
0 599

Чоңду көрдүм намыстанган эл менен, автобуска чогуу түшүп, баскандан.

29-сентябрь 2018, 10:28 Кызгалдак Жакыпова

Баарын көрдүм Досту көрдүм кабат-кабат там салган, Бомжду көрдүм кышта тонуп ач калган.  Чоңду көрдүм намыстанган эл менен, Автобуска чогуу түшүп, баскандан.  Пенде көрдүм беш маал намаз окуган, Байды  көрдүм зекет десе чочуган.  Кытай  көрдүм казып жаткан тоолорду, Мөңгү көрдүм ээрип жаткан чокудан.  Турист көрдүм биздин жерге сыйынган, Арча,көрдүм, кайын көрдүм кыйылган.  Ыйык жерди гүлдөтүүнүн ордуна, Элди көрдүм митинг десе жыйылган.  Дуба кылып,сабыр кылып турайын. 

0 476

ББИМ: "Aйтматовду дүйнө окуйт" аттуу онлайн флешмобу уланууда

20-сентябрь 2018, 14:36 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө өтүп жаткан "Дүйнө Aйтматовду окуйт" аттуу онлайн флешмобу уланууда. Бүгүнкү күнгө чейин акцияга Кыргызстан, Жапония, Кытай, Орусия, Тажикстан, Израил жана башка өлкөлөрдөн Ч.Айтматовдун чыгармаларынын күйөрмандары катышты. Ошондой эле акцияга сентябрь айында Грузия да кошулду.Тбилисидеги А. Грибоедов атындагы орус драм театрынын артисттери “Кылым карытар бир күн”, “Делбирим” аттуу Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү окушту. “Кыямат” романынан үзүндүсү грузин ...

0 355

Айтматовдун чыгармаларынын он томдук жыйнагы чыгат

19-сентябрь 2018, 09:21 Кызгалдак Жакыпова

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесин утурлай анын чыгармаларынын он томдук толук жыйнагы чыгат. Бул тууралуу “Улуу тоолор” басмаканасынын жетекчиси Жумадин Кадыров “Азаттык” радиосуна кабарлады. Маалыматка караганда, жыйнакка Айтматовдун бардык чыгармалары, маек, макалалары, биргелешип иштеген эмгектери, сүйлөгөн сөздөрү кыргыз жана орус тилдеринде чыкканы жатат. Китеп эки жуманын ичинде даяр болору айтылды. Китеп эки тилде өкмөттүн тапшырмасы менен миң комлекттен чыкканы жатат. ...

0 1177

Астанада Чыңгыз Айтматов атындагы көчө ачылды

16-август 2018, 19:17 Кызгалдак Жакыпова

Казакстандын Астана шаарындагы бир көчөгө жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды. Бул аземге Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана казак премьери Бакытжан Сагинтаев катышты. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди. Астанадагы көчөгө Айтматовдун ысымы жазуучунун 90 жылдыгын белгилөө алкагында берилди. Ушул күндөрү Астанада кыргыз-казак өкмөт аралык кеңешинин жыйыны өтүп жатат. Анда эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери каралууда.  Булак: NazarNews.kg

0 1944

Адамдар өлүмдү унутушту...

Колуңдан көөрү төгүлгөн устасыңбы, атагың аласка кеткен ырчысыңбы, чечендигиң ашынган сөзмөрсүңбү, төгүлүп чачылган көпөссүңбү, эл башкарган бакансыңбы баарыбир бир күнү, кара жер кучактап, келбес жакка кетесиң... Анан эмнеге, өлбөчүдөй, бул жашоо жараткандын энчисиндей, ээлирип жашайбыз...Акчанын артынан түшүп, көмөлөнүп, көңтөрүлүп күн өткөрөбүз...Бири бирибизге акаарат айтабыз, таарынабыз, көңүл жубаткандын ордуна көөдөй шыбайбыз, сынтагабыз. Чоң үйүбүз, унаабыз, кызматыбыз менен таанышыбызды айтып мактанабыз. 40 жашка келип, мен ...

21-июль 2018, 13:30 | 1944
0 1486

Алия Шагиева: Бардыгын ааламдын эркине койдум...

17-июль 2018, 18:01 Айдар Нуралиев

Болгону 20 жаштагы Алия Шагиева өлкөдөгү белгилүү сүрөтчүлөрдүн бири. Анын “Агым” деген аталыштагы акыркы көргөзмөсү чоң кызыгууну жаратты. Графикалык жана живопистик сүрөттөрүн көрүүгө көп адам келди. Көргөзмөгө келгендердин басымдуу бөлүгүн жаштар түздү. – Эмне үчүн көргөзмөңүздү “Агым” деп атадыңыз? – Бул аталыш мага күтүлбөгөн жерден келди. Көрүүчүлөргө бул көргөзмө менен эмнени айткым келет? – деп ойлонуп отургам. Анын максаты эмнеде? Деги, максаты ...

0 2078

Назира Айтбекова: Сүйүүнүн уяты, намысы жок..

Аялдын жан дүйнөсү өтө назик. Үлбүрөк. Үйлөп койсоң, ооруп калган. Астейдил, кастарлап сүйүү кажет. Алаканга салып, алдабай, ааламыңарды ачсаңар, гүлдөтүп беребиз. Жүрөгүбүз - аманатыбыз. Катуурак кысып койсоңор, өйүйт. Байланып алып, багыбызды жайнатып, багынып, табынып, элжиреп сүйүп, жалынып жаныңарда жайдары жүргөндө барбыз, бактылуубуз. Күчүңөргө сүйөнүп, өзүңөргө таянып, эркелеп, назик болуп, жел үйлөсө учуп кетчү какым сыңары жашообузду алдыңарга жая салабыз. Тебелебегилечи? Чокоюңарды ...

0 1212

Сотторубуз "соолуп" жатат, иш козголгон чиновник ооруп жатат...

Алыста жүрүп Кыргызстанды сүйгөн мигрант жигитибиздин патриоттук сезимдерди ойготкон төмөндөгү ыр саптарын тартуулайбыз. Улуу элек бир убакта, Уулдары намыска бек, Урпактарын нарк-насилин, Улантып алышса деп, Аталар жанын үрөп, Жакшылыкка чакырышып, Жексурлук,жемкорлукка, Жебедей атылышып, Жат жандарга билгизбей келди эле го, Жаманын жакшысын да, Жан дүйнөгө батырышып. А бүгүн Мекенимдин, Соттору "соолуп" жатат, Иш козголгон чиновник ооруп жатат, Сатылма адвокаты, Сайрап-какшап коруп жатат. Кыргыздар ойгонгула, Кыйын күндүн "шамалы"согуп жатат. Жалаа менен такталбаган, Укуктары сакталбаган, Абакта канча жандар, Олтурат акталбаган. Качканы качып кетти, Кара жемсөө айынан, Карайлатып ...

0 898

Хадистер жөнүндө кыргыз тилинде 7 томдук китеп жарык көрдү

22-июнь 2018, 13:58 Айдар Нуралиев

Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинде “Хадистердин негизинде ислам” аттуу жети томдон турган китеп басылып чыкты. Бул тууралуу ушул факультеттин деканы Самаган Мырзаибраимов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бул китеп Курандан кийинки ислам дининин негизи болгон хадистерди камтыган кыргыз тилиндеги биринчи көлөмдүү жыйнак. Басылмада жашоонун бардык чөйрөсүн камтыган хадистер жөнүндө 400дөн ашуун теманын ар бири кеңири баяндалган. 5000 нускадагы китептин жарымынан көбү Кыргызстандагы имамдарга ...

0 1049

Шым так санга киреби же жуп санга

Кыска жана күлкүлүү Таарынчак кемпир Абхаз жомогу Бир кемпир түш көрүптүр. Түшүндө бийлеп аткан болот. Ойгонуп кетип, кол чаап коштобогону үчүн жанында жаткан чалына жини кайнап баштаптыр. Табарман Пурдел Ооган жомогу – Пурдел, сен так сан менен жуп санды үйрөнүп келдиңби? – Ооба, агай. – Кана, айтчы: шым так санга ...

0 1646

Ит менен кошо каза болгон кыз

08-июнь 2018, 19:09 Гүлжан Шерипбаева

Быйыл Ит жылы болгондуктан, иттер тууралуу көп окуялар эске түшөт. Анткени силердин гезитиңер дагы иттер тууралуу укмуштуу, табышмактуу окуяларды баяндап жазып жатпайсыңарбы. Менин дагы башымдан өткөн ушул ит тууралуу бир окуяны баяндап бергим келет. Ал мындайча болгон. Дегеле үй жаныбарларынын баарынан ит адамга жакын болот эмеспи. Ити бар үйгө уурулар да оңой менен кире алышпайт. Алар жакшы коргоочу келип, кожоюнун ...

0 761

Акыйкат издеп жүрөм, Ай элдер, көрдүңөрбү? Тим коюп унчукпастан, Тирүүлөй өлдүңөрбү?

14-апрель 2018, 17:07 Кызгалдак Жакыпова

Акыйкат издеп жүрөм, Ай элдер, көрдүңөрбү? Көрүнбөй кетти эле, Көңүлдү бөлдүңөрбү? Же ансыз жашаганга, Жеңилип, көндүңөрбү? Тим коюп унчукпастан, Тирүүлөй өлдүңөрбү? Көрүнбөй көчөлөрдөн, Чын эле кайда кеткен? Алыста жүрөйүн деп, А балким айга кеткен. Чырмалып кол-бутунан, Чириген байга кеткен. Көз көргүс, кулак уккус, Көрүнбөс жайга кеткен. Сүйлөнбөй чогулушта, Сүрүнөн кайтса керек. Кан агып көздөрүнөн, Кайгыга батса керек. Жүдөгөн дербиш сымал, Жүзүнөн нуру ...

0 565

Жумурткалардын кошогу

03-апрель 2018, 16:36 Гүлжан Шерипбаева

Толкуну күчтүү көлдөйдү, Токтобой аккан селдейди. Токтогул менен Торкендин, Эми тооктору туубайт сендейди.   Ирими күчтүү көлдөйдү, Иргелбей аккан селдейди. Индус менен Кытайдын, Эми индюгу туубайт сендейди.   Өзөндөн соккон желдейди, Өзөгү күчтүү селдейди. Өзгөн менен өзбектин, Эми өрдөгү туубайт сендейди. Фейсбук баракчадан алынды: Булак: NazarNews.kg

03-апрель 2018, 16:36 | 565
0 2465

Ыргыткан канжарым жүрөгүнө барып сайылды...

Көп убакыттан бери сандыктын тубүндө жатып, анан өзүнөн-өзү эле жөнөкөй аш бычакка айланып калганына Сагын өз көзүнө өзү ишенбей, таң кала жакасын карманды. -Ой тобо-оо, бул эмнеси ай.., анан аялына кыйкырды, - ыя, Кал-бүбү бери келчи, бол ылдам! -Эмне болуп кетти, тынччылыкпы деги? -Ошо тынччылык болбогонунан сени чакырып атпаймынбы. Айтчы, бул сандыктагы канжарды сен алмаштырып койгон жок белең? -Жок, эмне болуп кетти? -Карачы бул жакты, ...

0 954

“Акжарыктын айыкпаган сыныгы” китеби жөнүндө

29-март 2018, 12:23 Айдар Нуралиев

2018-жылдын 30-мартында КР УИАнын чакан залында саат 14.00до Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан уюштурулган Самсак Станалиевдин “Акжарыктын айыкпаган сыныгы” аттуу тарыхый-биографиялык роман трилогиясынын бет ачары өтөт.  Жазуучу Самсак Станалиев  “Акжарыктын айыкпаган сыныгы” роман трилогиясынын үстүндө 3 жыл бою иштеген. КР Жогорку Кеңешинин депутаты Рыскелди Момбеков китепке жазган “Чыңгыз ...

0 498

Каныбек Осмоналиевге карата кылмыш иши жанданды

УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы профессор Каныбек Осмоналиевди 16-мартта суракка чакырды. Бул тууралуу Каныбек Осмоналиевдин адвокаты Жыргалбек Бабаев билдирди. Көрсө, мындан 3 жыл мурун Каныбек Осмоналиевге 304-кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деген берене менен иш козголуп, бирок Башкы прокуратура кыскартып салган кылмыш иши жанданыптыр. Сыягы, президент Сооронбай Жээнбековдун кыскарган жана токтотулган кылмыш иштерин кайрадан карап чыгуу тапшырмасынан кийин унтта калып бараткан иштер ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 615

Кундузбү Маматова: "Керек окшойт тирүүлүктө сүйүлүш"

23-март 2018, 11:42 Камчыбек Бостон

Күндөн -  күнгө көз карашың башкача, Мени тартып бара жатат капырай. Кемселиме батпай  улам толкундайм, Сүрдөгөндөн жайнап турса  ай чырай. Суук көзгө урундурбай, үшүтпөй, Алаар бекем махабатың асырай. Салам айтсаң доошум чыгат калтырай, Көз карашың тушап турса бастырбай. Колдон алсаң алаканым өрттөнөт, Демиң ысык жалын бүркүп чачырай. Бүт дүйнөмдү жалгыз өзүң ээледиң, Сезимиңди алаар бекем асырай. Сүрөтүңө адат болуп тигилиш, Жан дүйнөмдө ...

0 552

Нурлан Атамырзаев: "Уулуңдун сөзүн укчу, кейиген бир"

11-март 2018, 20:19 Камчыбек Бостон

Турмуштун чыга албай көйүнөн бир, Мээмди ой жеп келет өйүгөн бир. Ата-Журт! Азып жүргөн араңдагы, Уулуңдун сөзүн укчу, кейиген бир. Бирөөмүн, катарыңда басып жүргөн, Күү чалган күйүтүмдү жазып жүргөн. Тирилик ташкынында азап чегип, Суурулуп Мекенинен, азып жүргөн. "Неге жүрөм бөтөн жерде, көрбөгөн күндү көрүп?" "Мен сатсам болбойбу не, энчимди бөлүп-бөлүп?" "Эртеңим не болот?" деп санааркабай, Ой басып жүргөнүмчө жүрөк өйүп. Ансыз да, жан ...

0 3691

Мен бирөөгө жубай болгом укпадыңбы...

Укпадыңбы?! Аллоо... Мырзайым, сенсиңби? өзүңсүңбү? Бүгүн сага бир жигит төгүлсүнбү... Мен өзгөрдүм, баары үчүн кечирип кой, Дарегиңде кайра Б..... көрүнсүнбү?..   -Деди дагы сөздөрүн улай берди, Угуп жаттым, кечирим сурай берди. Нелерди тиленчү элек деген сайын, Негедир жашым уюп кулай берди.   Өкүндүм өзүңсүз айларыма, Өзүмдү тапшырайын кайра мына. Эреркип кыялданып олтурамын, Эмне белек кылсам деп майрамыңа.   Кечирим бер экинчи ката кылбайм, Кейитпейм, ашыкча маза кылбайм. Жибип койчу суранам акын кызым, Жигиттик сөзүм эми капа кылбайм.   Аллоо... Мырзайым, сүйлөйсүңбү?.. Же ...

0 680

Кундузбү Маматова: "Сурадыңбы жок дегенде бир жолу"

04-март 2018, 16:10 Гүлжан Шерипбаева

Үйгө кайтсаң, жубайыңа чаласың, Алын сурап, эркелетип баласын. Чалбай калса кайра сурап өзүнөн, "Айтчы жаным, эмне жейсиң, аласың", Айткандарын түгөл таап чарчабай, Каалаганын издесең да табасың. Күндө ошол, көңүлүн таап аласын, Көксөгөнүн тандап, талдап  тазасын. "Өңүң эмне купкуу болот, жаным" деп, Кээ бир күнү күйпөлөктөп каласың. Үнүн укпай калганыңда тынч албай, Саат сайын, чарчабастан чаласың. Азаматсың, алганыңды  сыйлагын,

0 1693

Баяна Кулова: Сиз өөп жаткан аялдын чачын жулуп, бетин тытып, тытмалап, экөөңдү кошуп туруп өрттөп салгым келди...

Тыбырчылап кызганып жатканымды билип туруп жасадыңызбы.... Так маңдайымда кесиптешиңизди бетинен өөп жатканыңызды көрүп жаным чыгып кетти. "Өппө эй"-деп үнүм бийик чыгып кетиптир. Жанымда турган эже да чоочуп "кимди кызганып атасың ай"-деп күлүп калды... Кызганычым көкүрөгүмдү өрттөп, көөдөнүмө батпай, ошол сиз бетинен өөп жаткан аялдын чачын жулуп, бетин тытып, тытмалап, экөөңдү кошуп туруп өрттөп салып басып кетким келди... Билем, сиз башка адамдыксыз, меники болбойсуз, болгону ...

0 721

"Кызы жок жазды көрө албайм, Жазы жок кызга көнө албайм"- дейт Бердибек Жамгырчиев

Бүгүн жаз айынын 1-күнүндө,асылзаада айымдарга ыр десте сунган Бердибек Жамгырчиев. Жаз менен кызды бөлө албайм Башыңа гүлдү жаздатып, Ааламды бүтүн жаз басып. Жан-дүйнөң канат байланып, Баарына жаккан жаз бакыт.   Көз моокум канбай көркүнөн, Көңүлдөр эргип көлкүгөн. Кулпурган жашоо көз жарып, Кулундар туйлап мөңкүгөн.   Мээримин төгүп күн ачык, Жүрөктүн баары гүл ачып. Жаз айын бизге жашар деп, Жараткан берген гүлазык.   Кейиген күндөр кайра шат, Керилип кыздар жай басат. Жандарын безеп чымчыктар, Жашоо бар дешип сайрашат.   Бийкечтер бизге карыздар, Дегендей издеп нагыз ...

0 727

Аркайган тоо алыстан көрүнөт!...

26-февраль 2018, 10:37 Перизат Кутманалиева

Кечээ эле арабыздан түбөлүккө кош айтышып кеткен улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун да 90 жылдыгы да жакындап калды. Айтматовдун карааны улам бизден алыстап кетип бара жатат. Дагы бир аздан кийин эле 100 жылдыгы белгиленет. Анан дагы бир аз убакыттан соң (жарым кылым — ​тарых үчүн — ​бир көз ирмем!) 150 жылдыгы… Ошентип, кийинки муундардын ажырагыс руханий дүйнөсүнө, тирек-демөөрүнө айланып кала берет… Бери эле болгондо, — ​биздин өзүбүздүн кыргыз ...

26-февраль 2018, 10:37 | 727
0 1413

Актилек Гүлжигит кызы: Басмайылды тартам деп канча жолу жерге “бүк” түштүм...

26-февраль 2018, 10:26 Перизат Кутманалиева

7-класста окуган кез. Ноокат. Чоң атамдын үйү.  Таң заарда чоң атам мени “ойгон” дегенсип, бөлмөм жакка келип күрс-күрс жөтөлүп коёт. Тура калып эле аткана жакка бет алам. Көк ат меники эле. Жоош болчу. Чоң атам жасап берген кичинекей үстөлдү коюп алып, ээр токуйм. Басмайылды тартам деп канча жолу белим менен жерге “бүк” түштүм. Эптеп иймеңдеп жүрүп, жерге жарык кирээрде атты токуп ...

0 2174

Тун сүйүүм ай, сени кайра көрбөй эле койсом болмок...

22-февраль 2018, 16:39 Перизат Кутманалиева

1-сентябрь күнү жаңы алган кийимдерибизди кийип мектепке бардык, үч ай көрбөгөн классташтарың менен баарлашып ара чолодо кандай кийим алды экен деп баштан-аяк карап чыгасың. Бул жылы башталгыч классты бүтүп чоң класстардын катарына кошулдук. Бизди жаңы мугалим тосуп алды. Ал да быйыл эле жумушка орношуптур. Мектептин астында өткөн салтанаттуу иш-чарадан кийин класстык бөлмөгө кирдик. Арабызда эмнегедир бейтааныш бир кыз жүрөт. Бир маалда мугалим ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83