www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Турмуш
0 1151

БОЛГОН ОКУЯ: "Бир секундун ичинде көздөн кайым болгон"

03-август 2019, 18:49 Кызгалдак Жакыпова

Лондондогу кафелердин бирине 8 жылдын аралыгында ар бир кечте жана бир эле мезгилде бир сүйкүмдүү карыя келе берген жана бурчтагы эн акыркы столго отура турган. Ал эч качан эч нерсе сураган эмес, эч ким менен да сүйлөшпөгөн, жөн гана маңдайын карап отура берчү. Дайыма келген кардарлар бул 1962-жылы өлгөн Чарлз Кремптон экендигин таанышкан. Мистер Кремптон ар күн сайын бир ...

0 623

БОЛГОН ОКУЯ: "Атам менен аялымдын азабын тарттым"

03-август 2019, 16:55 Кызгалдак Жакыпова

-Былтыр шаардын четиндеги жаңы конуштардын биринен жер тилкесин алып 4 бөлмөлүү үй курган элек. Ачыгын айтканда үйлүү болушубузга атам жардам берген. Бирок ал киши менен бала кезден эле мамилем начар болчу. Анткени ал мага мен чоң атамдын колунда өсүп калгандыктан өгөй кишидей мамиле жасачу. Бул адатын бүгүнкү күндө жашы 70ке келип калса да таштаган жок. А менин жашым болсо ...

0 1040

БОЛГОН ОКУЯ: ""Кетсең топурагыңды түйүп берем..."

02-август 2019, 15:09 Кызгалдак Жакыпова

"Үй-бүлөнүн жалгыз эле уулумун..." 2 карындашым бар. Үй-бүлөнүн жалгыз уулу менмин. Жашымдан жалгыз эркек болгондуктанбы түйшүктү көп тартууга туура келди. Орто мектепти аяктаарым менен борборго келип иштей баштадым. Дароо жогорку окуу жайга тапшырууга шартым болбогондугуна байланыштуу, алгач унаа жуучу жайда иштеп жүрдүм. Бара-бара тигүүчү жайга ишке кирдим. Айылдагы бир туугандарыма, ата-энеме көбүрөөк тыйын сала баштадым. Билинбей убакыт тез эле ...

0 2538

БОЛГОН ОКУЯ: "Жеңил ойлуу аялдын “жеми” өкүнүч жана кайгы болот"

02-август 2019, 09:51 Кызгалдак Жакыпова

Бишкекте жаш кезинен бери күн кечирип келген  мурдагы күйөөсү Даниярга  атайын эрегишип, маршруткадан күтүүсүздөн таанышкан бирөө менен жарандык никеде жашап алганына аябай өкүнүп жүргөн эле. Анткени кийинки эр сөрөйү өзүнө кол көтөргөнү аз келгенсип, эки баласын да жанга баткан жагымсыз сөздөр менен тилдечү. Башында жакшы адамдай көрүнүп, анан арадан бир ай өткөндөн кийин баарын башкарып, өз билгенин жасай баштаган. ...

0 1200

БОЛГОН ОКУЯ: "Сендей төрөбөгөн аялдын мага кереги жок"

01-август 2019, 16:59 Кызгалдак Жакыпова

Жазира телефон чалганда нааразы болгон Данияр маалкатып жатып трубканы араңдан зорго алды: -Бул ким?! -Мен Жазирамын. Эмне аялыңды тааныбай калдыңбы? -Таанысам да эч тааныгым келбей турат. Сен азыр бирөөнүн жарандык никеде жашаган аялысың. Эмесе ошол эриң менен бактылуу бол. Эми мындан кийин менин жеке турмушума кийлигишпе -, деди Данияр биротоло менден үмүтүн үзсүн дегенсип. Көңүлдү калтыра турган мындай сөздөрдү ...

0 587

БОЛГОН ОКУЯ: "Күйөөм уулунан кечип кетти"

01-август 2019, 14:57 Кызгалдак Жакыпова

Мен жети жыл мурда биринчи турмушуман ажырашкам. Ошондогу жүрөгүмдүн сыздаганы, зыркыраганы ай, боздоп ыйлаганым ай... Кайненем бай адамдар менен куда болууну самачу, аны бетиме дагы көп айтчу. Акыры көксөгөнүнө жетти. Улам бир чыр-чатак чыгып отуруп, көп өтпөй ажыраштырып тынды. Колумдагы уулум үч айга толо электе эле анын бай кызга үйлөнгөнүн уктум. Бул мага катуу сокку болду. Ооруп калдым. Ал ...

0 2400

БОЛГОН ОКУЯ: "Эгиздеримдин жүрөгү сокпой калды"

01-август 2019, 13:10 Кызгалдак Жакыпова

- Күйөөм Бакытты аябай жакшы көрөм. Ушунчалык жакшы көргөндүктөн айрылып калуудан, бир күнү жолунан бир азгырык жолукчудай коркуп жашайм. Биз баш кошкондон кийин көпкө балалуу боло албай жүрдүк. Бир күнү кош бойлуулуктун белгилери билинди. Кубанычымда чек жок болду. Дарыгер да аныктамасын берди. Эгиз балалуу болорумду билдим. Бул мезгилдердеги, бул күндөрдөгү бактылуу ирмемдер ай! Бакыт мага болушунча башкача камкор болуп ...

0 2250

БОЛГОН ОКУЯ: "Бир ооз сөздүн кесепети"

01-август 2019, 10:16 Кызгалдак Жакыпова

Бир келин төрөтканадан чыгат. Аны көргөнү келген досу сөз ортосунда күйөөсү ага эмне белек кылгандыгын сурап калат.     Келин: - Эчтеке белек кылган жок .     Досу: - Ой-ий, кандайча...Ушулбу сенин кадыр - баркың? - деп, келиндин жашоосуна бомбаны таштайт да кетет.     Ошондон тарта жумуштан чарчап келген күйөө менен жубайынын ортосунда жаңжал көбөйөт. Болбогон нерседен ...

0 3793

БОЛГОН ОКУЯ: "Кыздарын тирүүлөй көмчү экен"

30-июль 2019, 18:20 Кызгалдак Жакыпова

Үч кызы бар аял УЗИ аркылуу тѳртүнчү перзентинин жынысын аныктоо үчүн ооруканага жөнөйт. УЗИ кызматкери тѳртүнчүсү дагы кыз экенин сүйүнчүлѳгѳндѳ боздоп ыйлап үйүнѳ кайтат. Перзенттери улам кыз болуп тѳрѳлүп жаткан күйѳѳсү аялынын жүзүнөн эле анын арам оюн дароо эле аңдап түшүнѳт. Аял ушул тѳрѳлѳ элек перзентти аборт кылып таштамак ниетинде эле. Жолдошу менен келишип алган соң, акырын жолго аттанат.

0 9185

БОЛГОН ОКУЯ: "Аялдар медресесиндеги узтаз"

30-июль 2019, 16:38 Кызгалдак Жакыпова

Күндөрдүн биринде аялдарга сабак өтүп жаткан учурда устазы аялдарга суроо берет. Устазы: Оо, менин окуучуларым  бүгүн силер менен бир оюн ойномокчумун. Эгер  ойной тургандар болсо доскага чыксын? Ошондо бир аял туруп мен ойноймун, устаз деп доскага чыгат. Устазы : Ойундун шарты мындай. Сен эң жакын адамдарыңдан 20 адамдын атын жазасың.  Ошондо окуучу, 20 адам атын жазат. Атам, апам, балам , ...

0 1911

БОЛГОН ОКУЯ: “Сүйлөшкөн кызым бир тууганым болуп чыкты”

29-июль 2019, 12:46 Кызгалдак Жакыпова

Бул каарманыбыздын  тагдыры абдан аянычтуу экен. “Үпөлсүз эми кантип жашайм?”-деп кайгырган Нурбек мырза өз башынан өткөн армандуу махабаты тууралуу бизге төгүлүп-чачылып буларды айтып берди. Чындыгында тагдырына балта чабылыптыр, кайран жигиттин...  -Жакшынакай маанай менен үйлөнө турган учурда минтип  тагдырдын оор соккусуна кабылдым. Учурда эмне кылаар айламды таппай кыйналып турган кезим. Эмесе кеп башынан болсун. Студент болгон күндөн тарта өзүмдүн ...

0 2086

БОЛГОН ОКУЯ: "Тун уулум он жашка чыкканчакты сүйлөгөн жок"

29-июль 2019, 11:43 Кызгалдак Жакыпова

Жаратканыбыз ар кимге ар кандай тагдыр берет. Менин тун уулум Мирбек он жашка чыкканчакты сүйлөгөн жок. Арийне баладан ким, бар оокатын аянат дейсиздер. Күйөөм экөөбүз тең тапкан-тутканыбызды, жыйнаган-тергенибиздин барын саттык кыскасы, барбаган оорукана менен молдо-кожо бул Кыргызстанда эле эмес, коңшулаш республикада Казакстанда да, Өзбекстанда да калган эмес. Бирок уулумда эч бир жылыш болбогондон кийин маңдайына жазылганы ушул экен, эми ...

0 253

БОЛГОН ОКУЯ: "16 жылдык сүйүү каты"

28-июль 2019, 19:44 Кызгалдак Жакыпова

16 жыл бою калем менен баракта сүйүү жашаганына ишенесизби? Француз жазуучусу, акын Оноре де Бальзакка сүйүү каттары жаап турганы мыйзам ченемдүү көрүнүш болчу. Ошончо каттын ичинен акындын жүрөгүн козгогон каттын ээси Эвелина Ганская эле. “Бай, сулуу, жаш аял. Картаң жана каардуу күйөөсү бар”. Сураштырган адамдар Бальзакка ушундай жооп беришти. Экөөнүн тагдыр жолу бирикпеши бештен белгилүү эле. Андыктан алардын сүйүүсү ...

0 804

БОЛГОН ОКУЯ: "Чынчыл арбак"

27-июль 2019, 15:37 Кызгалдак Жакыпова

Беш жылдын аралыгында доктор жана анын кызматкерлери 5000 маалыматты изилдеп чыгышкан. Катталган кырдаалдарга ылайык, арбактарды Улуу Британиянын жашоочулары көп көрө тургандыгы маалым болгон. Алардын саны 147ни түзгөн. Андан азыраак испаниялыктар - 99, андан кийин франциялыктар - 48, анан белгиялыктар -32ни түзгөн. Мындан сырткары доктор Прайсон "ал жактан" кимдер гана келгендигин аныктаган. Алар өспүрүмдөр, балдар, картайган адамдар, медиктер, окумуштуулар, жада ...

27-июль 2019, 15:37 | 804
0 340

БОЛГОН ОКУЯ: "Тоту куш менен келмиштердин эрегишүүсү"

27-июль 2019, 13:20 Кызгалдак Жакыпова

Союз чачыраганда ошол союзга кирген бардык эле өлкөлөргө кыйынчылык болбодубу. Ошолор менен бирге өзүнчө мамлекет болуп бөлүнүп кеткен жаш өлкө Кыргызстан да бир топ кыйынчылыкка батып турган мезгил эле. Бардык жерде кризис, тамак-аш тартыш, жумушсуздук, өзүбүздүн валюта жаңы чыгып, айлык да аз. Өмүрү соода кылбаган элдин бардыгы эптеп оокат кылып жашаш үчүн баары базарда. Жаңы өкмөтүбүз элди бакмак түгүл ...

0 2500

БОЛГОН ОКУЯ: "Төрөгөн апам башка экенин билип калдым, бирок эч качан апама айта албайм..."

27-июль 2019, 09:52 Кызгалдак Жакыпова

-  Мен апамдын таянаар жалгыз эле тирегимин. Бир туугандарым жок. Апам мени өзү жалгыз асырап өстүрдү. Мен союз тараган маалда төрөлгөндүгүмдөн апам көп кыйынчылыкты башынан өткөргөнүн айтып калат. Апам менин көз алдымда иштеген, эч качан бош убактысы жок, дайыма кайдадыр чуркап шашып жүргөн адам боюнча сакталып калат. Жаштайынан эле көп түйшүктү жонуна артып алган. Айылдагы бир туугандары, ата-энеси апамды абдан ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 985

БОЛГОН ОКУЯ: "Периштелер"

27-июль 2019, 08:34 Кызгалдак Жакыпова

Ымыркайлар жаткан палатада жымжырттык эч качан өкүм сүрбөйт, бирок кээде мемиреп, баары тегиз уктап калышат. Аларга күнбү, түнбү, айырмасы жок да, кааласа уктайт, каалабаса уктабайт, бири курсагы ачып, эмчек эмгиси келсе, бири чычып коюп, өз памперсинен өзү жийиркенип, баркырап ыйлап калат, кыйратып салгансып. Эми жаңы төрөлгөн ымыркайлардын жумушу ошол да, эмчек эммей, уктамай, анан памперстерин булгамай. Ошол кымындай көз ...

27-июль 2019, 08:34 | 985
0 745

БОЛГОН ОКУЯ: "Акыркы үмүт"

26-июль 2019, 19:08 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн дагы көнүп бүткөндөй, жин тийген күндүн бири өттү. Жашоого жетелеген үмүттүн дагы бир шооласы өчтү. Күндө кеч киргенде, ушундай сезим кайталанат. “Эртең да дал ушундай болот” дей берет бул жашоодон тажап. Бала желеге чалынып чыга албаган чиркейдей жанын кайда коёрун билбей буйдалана берди. Таң атса эле бул күн да өтүп кетмек. Күн шооласы анын төшөктөн чыгып калган арык ...

26-июль 2019, 19:08 | 745
0 1073

БОЛГОН ОКУЯ: "Жылан менен арбашканда"

26-июль 2019, 19:01 Кызгалдак Жакыпова

Жыландын көптөгөн жан - жаныбарлар менен арбашканын угуп  жүрчүмүн. Ал эми адам баласы менен арбашканына биринчи болушум. Бир күнү жайында эртең менен эшиктен абалаган ит үрүп, боз үйдүн туурдугунан шыкаалаган атам ордунан козголо дүрбөй түштү: - Улук келе жаткан тура. Тур, кемпир камдан. Атам өзү ыкшоо, ордунан оңой менен козголбогон, кыбыр киши эле. "Эмне мынча карбаластады, атамды шаштырган ким ...

0 2073

БОЛГОН ОКУЯ: "Күнөөсү жок эле аялымды өз колум менен барчалап,  кескилеп,  устукандап..."

26-июль 2019, 16:23 Кызгалдак Жакыпова

Өзүнүн   жашап   өткен   жашоосунда аялы менен отуз беш жыл чогуу ынтымактуу өмүр сүрүп, анан күтүлбөгөн жерден соңу кандай болуп кеткенине  ал өзү дагы түшүнбөй калды. "Ой тобо, күнөөсү жок эле аялымды өз колум менен барчалап,  кескилеп,  устукандап   өлтүрүп  койдумбу.   Деги эмне болуп кетти, мен койнумда  жаткан аялымды  өлтүрөйүн деген дегеле оюм да, ниетим да жок эмес беле, кандайча болуп ...

0 1029

БОЛГОН ОКУЯ: "Дин элдин башын айланткан апийим"

26-июль 2019, 15:32 Кызгалдак Жакыпова

Азыр телевизордо, гезиттерде "Жин ооруган менен ооругандарды дарылайм, жин чыгарам" деген жарлыкламалар көп чыга баштабадыбы. Алардын канчалык деңгээлде жин чыгараарын бир жараткан Аллах өзү билет. Ошолорду көрүп отуруп мен тээ илгери, качандыр бир мезгилде же тагыраак айтканда, бала кездеги бир окуя эсиме түшүп кетет. Анда союз аябай күчүнө кирип, динди, молдо, табыптарды катуу куугунтукка алып өзүнун өкүмүн жүргүзүп турган ...

0 4776

Атамбаев кайра келбейт, Казанга кетти...

25-июль 2019, 09:44 Кызгалдак Жакыпова

Кечээ, 25-июлда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кант авиабазасы аркылуу учуп кетти. Ага кошумча бүгүн, 25-июлда кайтып келе тургандыгын кабарлады. Бирок ринг.кж сайты Атамбаевди Орусияга эмес Казанга кеткенин кабарлады. Негизи Атамбаевдин өлкөдөн чыгып кетүүсү тууралуу сүйлөшүүлөр жаз мезгилинин аягында башталган. ШОС саммитине Россиянын Президенти В.В. Путин келгенде Бельянинов Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө барып, телефон аркылуу ...

0 2086

БОЛГОН ОКУЯ: “Балдызыма азгырылып аялым менен ажыраштым”

24-июль 2019, 09:02 Кызгалдак Жакыпова

Бул каарманыбыз жеӊил ойлуулуктун айынан балдызына азгырылып турмушу бузулганын төмөндөгүдөй баяндап берди. Майрамбектин  башынан өткөн жагымсыз бул окуя  балким башкаларга сабак болуп калгысы бардыр. Андыктан а аялы менен ажырашканы үчүн өмүр бою өкүнө турганын баса белгилегендиктен, анын баянын атайын гезит бетине жарыялоону туура көрдүк.    —Буга чейинки турмушумду эстегенде көзүмдөн жаш кылгырат. Анда бактылуу кезим эле... Аялым Алмаш экөөбүздүн ...

0 1861

БОЛГОН ОКУЯ: "Каргыш"

23-июль 2019, 13:45 Кызгалдак Жакыпова

Ар бир адам өзүнүн жашоосунда сырдуу окуяга жок дегенде бир ирет кабылат окшойт. Мен өзүмдүн басып өткөн жолума сереп салып, жакшы менен жаманды жышаналаган моюнумдагы калымды эстедим. Ал калдын чыгышы мындайча башталган. Мектепти аяктаарыма саналуу күндөр калган. Жогорку окуу жайдан окутууга ата - энемдин чөнтөгү жука эле. Ага карабай, борбор калаага келип, ЖОЖдун бирине тапшырып көрүүнү чечтим. Жараткан колдоп, ...

23-июль 2019, 13:45 | 1861
0 1157

БОЛГОН ОКУЯ: "Айтып берчү периштеси бар"

23-июль 2019, 09:20 Кызгалдак Жакыпова

Ууру пайда болуптур, жиги билинбейт деп кайрадан айыл ичи уу - дуу, аңыз кепке толду. Иш козголсо, ууру болуп ким чыгар экен. Киши бири - бирине тоскоолдук жаратпай өмүр кечире албайбы деп ойлонуп отуруп, бир учурдагы атамдын иш - тажрыйбасын эстедим. Совет мезгили эле. Анда бүбү - бакшыларга ишенмек түгүл, ишенген кишилерге катуу тыюу салынган учур. Атам милиция кызматкери ...

0 1304

БОЛГОН ОКУЯ: "Жараткандын мээрими"

23-июль 2019, 08:59 Кызгалдак Жакыпова

Жакында эле менин курбу кызым Гүлкандын башынан өткөн окуясын сиздердин гезитке жазууну туура көрүп отурам. Аны өзү айтып берди. Гүлкан жаңы терөп, үйүнө чыгып келгенден кийин баласын көргөнү бардым. Барып эле курбундун башкача болуп өзгөрүп кеткенин баамдадым. Баштагы керсейген кулк - мүнөзүнөн эч нерсе жок, ушунчалык мамилеси жылуу-жумшак болуп өзгөрүлүп, мээримдүү аялга айланып калыптыр. «Ии, бала төреп, эне болгондо ушинтип ...

0 358

Маматкадыр Тиллебаев: "Улан, сен өлгөн жоксуң"

22-июль 2019, 18:44 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз үчүн жалындап күйүп турдуң, Жарык чачып күн болуп тийип турдуң. Чындык үчүн чыркырап жалгыз өзүң, Парламенттен, соттордон бийик турдуң! Чындык үчүн күрөштү баштап кеттиң, Чымын жаның чыркырап какшап кеттиң.  Чындык жанып от болуп тутансын деп, Дүрт эттирчү учкунду таштап кеттиң.  Акыйкатсыз жашоого көнгөн жоксуң, Чындыгы жок келечек көргөн жоксуң. Акыйкаттын символу болуп калдың, Сен өлбөдүң..,Уланбек...өлгөн жоксуң! Маматкадыр Тиллебаев, акын Булак: NazarNews.kg

0 1808

БОЛГОН ОКУЯ: "Кайындарым мен үчүн эмне кылып коюптур?"

22-июль 2019, 14:31 Айдар Нуралиев

—«Пенденин оозунда, Кудайдын кулагында» - деген сөз бекеринен айтылбаптыр. Силерден эмнесин жашырайын. Сөздүн ачыгын айтканда студент кезде эле түштүктүк кыздарды жакшы көрчүмүн. Чогуу окуган группалаштарым «кийин каяктан үйлөнөсүң?» деп сурашса  ошол замат «Өзгөндөн»   деп  дароо жооп берчү элем.  Ушул сөздү көп кайталагандыктан тагдырдын буйругубу, же чын эле  Кудайга үнүм жеттиби, айтор Өзгөндүн бир сулуусу менен кол кармаштым. Башында экөөбүз ...

0 25426

Маркум Уландын жубайы: “Көл сен мага өгөйсүң, кечире алсаң кечир мени, мен да сени кечирген күнү сага барам”

22-июль 2019, 11:13 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыздын чыгаан уулу, калеми гана эмес өзү дагы курч Улан Эгизбаевдин жашоо менен кош айтышканына бир жыл толду. Уландын жубайы Сапаргүлдүн эскерүүсүн окурмандарга сунуштайбыз. -Ысык-Көлгө барып эс алып келели,- деди курбу кызым. -Жок,- деп шашыла жооп узаттым... Бир кезде сагына, кусалана барган Көлүм бүгүн мага өгөй да, чоочун да сыяктуусуң. Кечире алсаң кечир ...

0 6385

Каниет Жыргалбеков: “Уландын өзү өлгөнүнө ишенбеймин...Мен жек көргөн 22-июль...”

22-июль 2019, 10:47 Кызгалдак Жакыпова

“Азаттыктын” чыгаан журналисти Улан Эгизбаевдин кайтыш болгонуна 1 жыл толду. Артында Улан көрбөй калган уулу Белек калды. Сыздаган ата-энеси, жалгызсыраган жубайы Улансыз бир жылын өткөрдү. Бүгүн, Уландын досу, теле алып баруучу Каниет Жыргалбеков так ушул таптарда Уландын мүрзөсүндө турганын айтып, досун эскерди. --Эртеден бери жанында олтуруп, бир жыл ичиме толгон бугумду айтып чыгарып алдым. Сенсиз ...

0 472

СҮРӨТ - Ош облусу өнүгүүнүн жолуна карай бет алды

22-июль 2019, 10:34 Кызгалдак Жакыпова

Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында үрөнчүлүк чарбалардын жетекчилери, ири дыйкан фермерлер, жайыт комитеттеринин төрагалары менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу маалыматты жеринен Нуркыз Кадырбекова билдирди. Аталган семинарга Айыл чарба министринин орун басары Амангелди Исаев катышты. Жыйында теориялык маселелер жана сунуштар айтылып, андан соң обьктилердин жана дыйкандардын иштери менен жеринен таанышуу, тажрыйба алмашуу, кеңеш берүү иштери менен катар көрсөтмөлүү ...

0 804

БОЛГОН ОКУЯ: "Сыздаткан сырдуу кат"

21-июль 2019, 11:46 Кызгалдак Жакыпова

Бир күнү мага өзгөчө кат келди. Окуп ойго баттым, жашымды тыялбадым. Кат ээсинин өтүнүчү менен иштеп чыгып жарыялоону туура көрдүм. "Саламатсызбы эжеке, сиз менен сырдашып өзүмдү жеңилдетпесем, батпай турам. Макул десеңиз, айтайын да жеңилдейин". - Саламатчылык кызым. Макул сырдашалы. -Сизге түшүнүктүү болуш үчүн башынан жазайын ээ. -Макул, кызым. "Биздин үй алыскы райондордун биринде, чоң айылда жайгашкан. Чоң айыл, чоң ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 5209

Илим Карыпбеков: “Бул мени миң ирет ыйлатты, миң ирет кичинекей жан дүйнөмдү сыздатты”

20-июль 2019, 13:42 Кызгалдак Жакыпова

КТРКнын мурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков өзүнүн социалдык баракчасына каалаган адамына “чымчып” тийишип жазып калат. Ал тургай тайэнесин тамшанта сүйлөттүрүп саясатка аралаштырып жиберет. Илим Карыпбеков кезектеги ички сырын арак тууралуу ачыкка чыгарды. Башыңды, жаныңды, жакшылыгыңды, мээнетиңди жеген арак. *** Мен аракты биринчи жолу 9 класста ууртап көрдүм. Бир классташымдын туулган күнү экен. Ал авторитет сөрөйүбүз эле, атаман. Анын туулган күнү ...

0 814

БОЛГОН ОКУЯ: "Ээсин издеген кол"

20-июль 2019, 12:19 Кызгалдак Жакыпова

Мадали колунан көөрү төгүлгөн жыгач уста эле. Айылда ал кишинин алдынан кыя өткөн жан болчу эмес, улуу - кичүү дебей "Мадакелеп" урматтап турушчу. Ал да өз баркын билгендиктен, анча - мынча кишини басынтып да койчу.  Бир күнү эшик жасап жатканда аскерде чогуу кызмат өтөгөн теңтушу келип калып, ишин токтотуп, ага дасторкон жайып, арак - шарабын жайнатып сыйлайт. Досу шашылыш ...

0 14603

БОЛГОН ОКУЯ: "Токойдогу бейтааныш адамдар"

20-июль 2019, 10:17 Айдар Нуралиев

Табият табышмакка бай болгондуктан адамдын оюна келбеген көп эле окуялар кездешет эмеспи. Андыктан төмөндөгү замандаштарыбыз өздөрү күбө болгон коркунучтуу  окуялар тууралуу баяндарга да кезек бермекчибиз. -Мындан үч  мурда ойго келгис окуяга күбө болгон элем. Эмесе кеп башынан болсун. Мен негизи эле адамдын оюна келбеген окуялар тууралуу маалыматтарга анча ишенчү эмесмин. Ал күнү досторум менен чер жазганы шаардын четинде жайгашкан ...

0 3933

БОЛГОН ОКУЯ: "Студент кезде төрөлгөн кызым менен 25 жылдан кийин көрүштүм"

20-июль 2019, 10:07 Айдар Нуралиев

Жалындаган жаштыктын деми менен учурунда арзыган адамы тагдырдын белегин тартуулаганын 25 жылдан кийин билген  Асылбек аксакалдын бул баяны абдан кызыктуу экен.  Андыктан анын өтүнүчүн эске алып каармандардын аттарын толугу менен өзгөртүп  коюуну туура көрдүк.    —Анда союздун учуру эле… Бизди  мугалимдерибиз Кеминге айыл-чарба жумушуна алып барышты. Биз жайгашкан жерде башка жогорку окуу жайлардын да студенттери бар болчу.   Күндүзү талаада ...

0 1417

Жакып Тынаев: “Кош Ата, эми мен кайра келемби, келбеймби...”

18-июль 2019, 20:12 Кызгалдак Жакыпова

Менин атам Чыдыев Тынай 1943 - жылы Улуу Ата Мекендик согушка аттанганда мен 4 жашта экем. Атам мени жерден көтөрүп алып, бетимен өөп,  жерге түшүрүп атын чаап кеткени өмүр бою көз алдымда, деген катын Талас шаарынын тургуну Жакып ата NazarNews.kg маалымат агенттигине жолдоду.  Төмөндө Жакып атанын атасына болгон кусалык каты толугу менен:  Атам согуштан кайткан жок. Апам Бүбүкан 29 ...

0 4003

БОЛГОН ОКУЯ: “Кыӊыр иш кырк жылда билинет”

17-июль 2019, 15:08 Кызгалдак Жакыпова

“Дуба дубана кылат”-деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Биздин бүгүнкү каарманыбыз мурунку күйөөсү менен ажырашкандан кийин, андан өч алыш үчүн экинчи күйөөсүнүн “башын айлантып” тийген экен. Жыйынтыгында кийинки жолдошу таштап кетип, акырында өзү оорукчал болуп калыптыр. Сейденин бул баяны башкаларга сөзсүз сабак болсо керек…   —Бирөөлөргө жамандык кылганымдын азабын эми тартып жатам. Мунун баарына бир гана өзүм күнөөлүүмүн. Өзүм базарда соода ...

0 664

Молдакун Абдылдаевдин жубайы менен уулу бүгүн акыркы сапарга узатылат

15-июль 2019, 09:38 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн 15-июлда, маркум Молдакун Абдылдаевдин жубайы менен уулу акыркы сапарга саат 10:00дө Кара-Жыгач конушунда узатылат. Бул тууралуу маркум жубайлардын кызы Индира билдирди. Жайыл районунун аймагынан Көкөмеренге кулаган унаадагы 5 адамдын акыркысы — Илимбек Абдылдаевдин денеси 14-июлда саат 11:10 чамасында Жумгалдагы Арал айылынан 7-8 чакырым төмөн тараптан табылды. Буга чейин Молдакун Абдылдаевдин, анын жээн небересинин, жубайынын жана айдоочунун денеси табылган.  30-июнда Ат-Башыдан Суусамырга ...

0 398

Молдакун Абдылдаевдин уулунун сөөгү табылды

14-июль 2019, 12:48 Кызгалдак Жакыпова

Жайыл районунун аймагынан үй-бүлөсү менен бирге Көкөмерен суусуна кулаган Молдакун Абдылдаевдин уулунун денеси табылды. Денени бүгүн, 14-июлда саат 11:10 чамасында Жумгалдагы Арал айылынан 7-8 км төмөн тараптан табышканы маалым болду. Буга чейин Молдакун Абдылдаевдин, анын жээн небересинин, жубайынын жана айдоочунун денеси табылган. Буга чейин маркумдун кызы Индира апасы 15-июлда Бишкекте акыркы сапарга узатыла турганын билдирген болчу. 30-июнда Ат-Башыдан Суусамырга ...

0 914

Ысык-Көлдүн Тосор айылынын көл жээгинде «Алтын кум-2019» аталышындагы фестивалы өтөт.

13-июль 2019, 11:25 Кызгалдак Жакыпова

Ушул жылдын 28-июлунда кереметүү Ысык-Көлдүн Тосор айылынын көл жээгинде «Алтын кум-2019» аталышындагы фестивалы өтөт. Салтка айланган бул фестивал быйыл «Тосор коому» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулуп, үчүнчү ирет өтүп жатат. Бул иш-чара экотуризмди өркүндөтүү менен бирге республикабыздын баардык дубандарынын жаштарын спортко, ыр-күүгө, маданиятка тартуу максатын көздөйт. Фестивалдын алкагында ар кандай оюн зооктор менен бирге спорттун кыргыз күрөш, кум үстүндөгү волейбол, ...

0 579

Укмуштуу окуялар: "Жан алгыч көпөлөк"

12-июль 2019, 13:09 Айдар Нуралиев

Адам акылына сыйбаган укмуштуу окуялар бир гана бизде эмес, дүйнөнүн булуң-бурчунда кездешет эмеспи. Эмесе, өз башынан өткөргөн окуяларды баяндаган замандаштарыбыздын айткандарына ортоктош болсок... —Бул окуя мен үчүн ушул кезге түшүнүксүз бойдон калды. Январь айы. Сыртта 20 градус суук. Ашканада апам, сүйлөшкөн кызым жана мен болуп чай ичип олтурганбыз. Аңгыча эле кайдан-жайдан бөлмөнүн ичинде бир шайтан көпөлөк пайда болду. ...

0 1097

Эми Индия кинолору Алай менен Кара-Кулжанын тоолорунда тартылат

11-июль 2019, 17:02 Кызгалдак Жакыпова

Эми Индия кинолору Алай менен Кара-Кулжанын тоолорунда тартылат. Мындай ниетин Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Алок Амитабх Димри мырза Ош облус жетекчиси Узарбек Жылкыбаев менен жолугушуу учурунда билдирди. Индия мелодраммаларындагы кооз табият, тоолор, көлдөр, кышкы табийгат Улуу Британия жана Шотландиядан тартылат. Бул өтө кымбат. Дал ошондой кооз табийгат жылдын 4 мезгилинин керемети Кыргызстанда да бар. Кыргызстандан тартылса, туризмди жайылтууга ...

0 420

Табылды Акеров:“Атамбаев өзүн Кудайдан кийинки адам, акыркы чындык деп билип алган”

11-июль 2019, 16:23 Кызгалдак Жакыпова

– Атамбаев суракка чакырууга келбей, өзүн мыйзамдан жогору коюп, башкаларды дагы мыйзамга баш ийбөөгө чакырып жаткан жокпу? – Ооба. Атамбаев Кыргызстанды 6 жыл башкарган мезгилде авторитардык  режим орноткон. Бийлигине таянып, ал өзүн Кудайдан кийинки адам, акыркы чындык деп билип алган. Тегереги да аны Кудайдан кийинки чындык катары сезчү. Ошого бүгүн кырдаал өзгөрүп кеткенине карабастан, ал дагы эле ошол образдан ...

0 841

ВИДЕО - ФОТО - Нарын шаарында сел үйдүн ичине чейин кирип кетти

Аудиофайл 11-июль 2019, 12:04 Кызгалдак Жакыпова

Кечээ, 10-июлда Нарын шаарында турак жайлардын короолорун сел каптады. Бул тууралуу жеринен Бактыгүл Жумабаева билдирди. Кечээ 10-июль күнү саат 15:00 чамасында кыска мөөнөттө мөндүр аралаш жааган жаандын кесепетинен үйлөрүбүздү суу каптап кетти. Анткени көчөлөрдө арык жок. Биздин гана эме5с ондон ашуун үйлөрдүн ичине чейин суу кирип кетти. Жергиликтүү бийлик келип кабар алды. Бул чыгымдарды эми ...

0 252

АҢГЕМЕ: "Биздин айылдагы Петр биринчи"

13-июль 2019, 11:47 Кызгалдак Жакыпова

"Капитан" бүгүн жумушуна күндөгүдөй шашкан жок. Болбосо демейде талаа жалгыз гана аны күтүп тургандай, таң эртелеп тракторунун көк түтүнүн булата айдоо аянтында жүрчү эле. Азыр болсо апасы койгон чайды шоркурата ичип, анын маңдайында ар нерселерди айтып олтурат. Анан гана көчөгө "көк тулпарын" айдап чыкты. Кечээ колхоз башкармасы: -Бүгүн түнгө чейин иштеп, жумушту жакшы арбыттың. Эртең шашпай эле чыксаң болот, - деген.

0 2707

Cвета Тойгонбаева, айтымчы: “Тез арада 7 облуска кан чыгарып түлөө өткөрүү керек”

10-июль 2019, 15:12 Кызгалдак Жакыпова

Төлгөсү төп келген Светай Тойгонбаева, учурда Кыргызстандагы кан төгүлүүнүн кесепеттери тууралуу NazarNews.kg маалымат агенттигине айтып берди. --Кыргызстандын саясый кырдаалы кошуна мамлекеттерге өтө кызык болуп турат. Өлкөдө акыйкаттык орун албайынча саясый стабилдүүлүк орношу кыйын. Кыргыз эли чачылып бара жатат, кыргыздар Кудайга жакпаган кадамдарга барып, бири-бирине болгон нараазчылыгы күчөдү. Жалпы кыргыз эли башын бириктирип, 7 облуска кан ...

0 2159

БОЛГОН ОКУЯ: " Агайымдан боюма бүткөндө ага турмушка чыктым"

10-июль 2019, 10:54 Кызгалдак Жакыпова

Студент кезде ашык болгон агайына арзуусун арнап, андан боюна бүтүп калганда ага турмушка чыккан Айгеримдин бул баяны кызыктуу экен. Учурунда бири үй - бүлөлүү мугалим, экинчиси жогорку окуу жайын аяктаган жаш селки болгонуна карабай экөө тең жеңил ойлуулукка алдырышкандан кийин, акырында кол кармашып, учурда тагдырдын сыноосун баштарынан өткөрүп жатышкан. Бул каармандын окуясы тууралуу "Багыт.kg" гезити окурмандарга сунуштоону туура көргөн.   

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 336

БОЛГОН ОКУЯ: "Акжолтой ит"

09-июль 2019, 19:44 Кызгалдак Жакыпова

Бул окуя мындан көп жыл мурун союз али чачырай элек мезгилде болгон. Анда менин жигиттик курагым эле. Аскердик милдеттен кутулуп, айылга келгениме бир аз гана убакыт болгон. Ошентсе да айылга атагым чыгып өтө тентек элем. Бир туугандарымдын баары жогорку окуу жайын бүтүрүп, бир кесипти аркалап жүрүшкөн. А мен аскерден келген күндөн тартып малга аралашып кеттим. -Кой, балам мал артынан ...

09-июль 2019, 19:44 | 336
0 1471

Кырсыкка учураган унаа Абжалиевдин уулуна тийешеси жок

09-июль 2019, 15:30 Кызгалдак Жакыпова

Алиярбек Абжалиевдин уулунун катышы бар жол кырсыгы 7-июлда таңга жуук Бактуу-Долоноту айылында «Lexus» жана «BMW Х7» унаалары кагылышып, "Lexsus" автоунаасындагы үч киши каза тапса, бир нече саат мурун кырсыктан жабыркагандардын дагы бири кайтыш болду. Маалыматтарга таяна турган болсок Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу бара жаткан «BMW X7» маркадагы унааны айдоочу Эльдияр ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83