www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Турмуш
0 1396

Табып Хашим Зайналиев чет өлкөдөн кыргыз элине Кайрылуу жасады

26-апрель 2019, 19:30 Кызгалдак Жакыпова

Хашим Зайналиев үй-бүлөсү Оман республикасынын бийлигинин чакыруусу менен көчүп кеткени маалым. Оманга барган табып өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу кыргыз элине Кайрылуу жасады. Төмөндө Кайрылуусу толугу менен:  “Айланайын эл-журт акылым жеткен нерсени айтайын!!! Силер уккула!!! Кыргызстанда медицина Тынчтык айткандай тартипте түзүлгөн. Аны ар бир инсандын акчасын эмес, өмүрүн сактап кала тургандай багытта түзүүгө боло ...

0 945

Үйдөгү беш баласын эмес, Түркияны ойлогон келин

25-апрель 2019, 12:03 Кызгалдак Жакыпова

Миграция күч алган заманда баласын таштап сыртка иш издеп кеткен энелер өөн учурабай калды. Азыр бүлөөсү бүтүн, миграцияга кабылбаган Кыргызстанда үй-бүлө жок болсо керек... Айтор, энеси менен атасынан «тирүүлөй ажыраган» балдарды чоң эне менен чоң ата, тай журту алдуу-күчтүү болсо карап, бапестеп жаткаңдыр... Бирок, көпчүлүк учурда 70ти ашкан, бели бекчейип, көзү чекчейген кемпир-чалдар өз жанын кароонун ордуна, бала багуу ...

0 2755

БОЛГОН ОКУЯ: Дубаланган жууркан

24-апрель 2019, 18:28 Кызгалдак Жакыпова

Бул окуя мындан бир топ жыл мурун болуп кеткен. Аны эстегим да келчү эмес, эми газетага жарыялоону ылайык көрдүм. Мен жогорку окуу жайын бүткөм, кесибим мугалим болчу. Бирок иштебедим. Анткени жолдошум менин иштешиме башында эле каршы болгон, ошондон улам баламды карап үйдө олтурганыма мына быйыл он беш жылдын жүзү болду. Иштебедим деп өкүнбөйм деле, анткени жашообуз ойдогудай, күйөөмдүн акчасы ...

0 480

Роза Айтматова: Кейигеним бар...

24-апрель 2019, 16:48 Кызгалдак Жакыпова

6-апрель күнү "Насаатчы" эл аралык коомдук фондунун жана Жазуучулар Союзунун аялдар кеңешинин төрайымы Бүбүйра Бектенова жана "Асылзат Нуру" коомдук фондунун төрайымы Керимова Акылай Абакировна менен "Кыргыз Кербени" журналы, "Кыз Жигит", "Шамбала", "Кербен" гезит -журналынын башкы редактору Гүлбайра Турумова уюштурган "Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү" жылына карата жана "7-апрель революциясына" арналган "Кыргызымдын чыгаан кыздары, кыраан мырзалары" аттуу сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү.

0 1310

Айтканы туура келген молдо

16-апрель 2019, 15:14 Кызгалдак Жакыпова

Мындан бир топ жыл мурда Сары молдо деген киши болгон дешет. Өзүнүн чыныгы ысымы башкача экен. Өзү молдолугу, алдын ала көп нерсени билгендиги менен өзгөчөлөнгөн бул киши өңү сары болгон үчүн "Сары молдо" деп аталып калыптыр. Сары молдо тээ алыскы бир айылда жашайт экен. Таң ата берки айылга жете келиптир шашып. Ал дайыма жөө жүрчү экен. Машина менен жарым күн жүрө ...

16-апрель 2019, 15:14 | 1310
0 347

Жатакананын чатыры

16-апрель 2019, 14:57 Кызгалдак Жакыпова

Бири-бирине окшош типте салынган жатаканалар борбор калаабызда оголе көп. Тээ союз мезгалинде ар бир ишкана өзүнүн жумушчуларын убактылуу жашаганга үй менен камсыздырганы ушундай окшош үйлөрдү сала беришкен. Болгону бир эле бөлмө, ашкана, душ, ажаатканалары жалпы. Төрт кабат же беш кабаттан ашпайт. Лифтиси жок. Мурун ар бир жатакананы пенсиядагы орус кемпирлер кайтарышчу, аны биз "вахтёрша" деп койчубуз. Жада калса училищелерден баштап жогорку ...

16-апрель 2019, 14:57 | 347
0 312

Сүрөттөрдү көргөндө коркунучтуу кинолорду көрүү шарт эмес

07-апрель 2019, 18:52 Кызгалдак Жакыпова

Кыйын кырдаалдарды көрүү үчүн коркунучтуу кинолорду көрүү  шарт эмес. Бул тууралуу Bigpicture.ru сайты жазып чыкты. Төмөндөгү сүрөттөргө көз чаптырыңыз. Маалыматтарга караганда коркунучтуу аймактарда сүрөткө түшкөндөрдүн баары аман-эсен жерге түшүп алышкан. Булак: NazarNews.kg

0 456

Турмуштун жыргалын кайсы учурда көргөнүмдү элестете албай калдым

07-апрель 2019, 13:25 Айдар Нуралиев

«Ата-энемден ажырап, интернатта өстүм...» Окууну аяктап, тери заводунда иштеп калдым. Советтер союзунда бардыгыбыз иш менен камсыз болчубуз. Ата-энемден эрте ажырап интернатта өстүм. Иш менен катар эле институтта билим алчумун. Бир күну биз иштеген заводго узун бойлуу, өндуү-түстүү жигит келип иштеп калды. Бир жерде иштегенден кийин таанышып, сүйлөшөт экенсиң. Аз убакытта эле жакын адамдарга айланып кеттик. Ал Чүй боорунда жашаган шаардык жигит ...

0 302

Улукбек Кочкоров иске ууланган үй-бүлөдөн кабар алды

05-апрель 2019, 19:26 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 5-апрелде, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров Таштанбек уулу Рустамдын үй-бүлөсүнөн кабар алып, аларга “Инсандык жардам” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан материалдык жардам көрсөтүлө турганын белгиледи. Эске салсак, Бишкектин четинде жайгашкан “Келечек” конушунда Рустам үй-бүлөсү менен батирде жашаган үйү 2019-жылдын 11-февралында өрттөнүп, анын кесепетинен 2015, 2016, 2017-жылы туулган үч баласы иске ууланган. --“Балдарымдын экөөсү өрттүн айынан көбүрөөк жабыркаган. Биз өз убагында ...

0 819

Көзгө көрүнгөн ак боз үй

02-апрель 2019, 18:43 Кызгалдак Жакыпова

Бул окуя жакында эле Кочкор районуна караштуу бир айылда болгонун Бекмурат байке айтып баштады. Ошол күнү Бекмурат кеч кирип калган кезде басыгы жакшы, өйдө-ылдыйга бирдей жүргөн аты менен келе жатып, жол жээгинде турган боз үйгө туш болот. Салт боюнча боз үйгө кирбей кеткен болбойт. Эки бала атты алат.Бекмурат салам айтып ичкери кирсе, үй ичи толо кишилер экен. Алар кыз узатуу тоюн ...

02-апрель 2019, 18:43 | 819
0 406

Кененсары менен Норузбайдын башы эмнеге алынган?

02-апрель 2019, 18:19 Кызгалдак Жакыпова

Тээ илгертен бери эле коңшу казак эли менен биздин эл бири-бири менен урушуп-чабышып келгенине карт тарых өзү күбө.Бирок көбүнчө казактар өздөрү кол салып кыргыз жерине келип, кайра жеңилүү ызасын тартып кеткен учурлар көп болгон. Айткандай элек казактар пир туткан Кененсары, Норузбай деген эки бир тууган, “кыргызды тукум курут кылып, жерин басып алабыз” деп кол топтоп, тынч жаткан элге кол салууну жакшылап ...

0 797

БОЛГОН ОКУЯ: Тоо текелердин сүйүүсү

02-апрель 2019, 16:50 Кызгалдак Жакыпова

Асанкан мергенчи тоо этектеп чыгып, адатынча мергенчиликке сапар алды. Ооба, бир айда эки жолу мергенчиликке чыкпаса башы ооруйт. Бул дагы өнөрдүн кулу жана азартка берилгендик экенин танып болбойт. Күн жылуу. Тоонун бети жашыл түскө боёлуп, кудум килем салып койгондой көзгө бир укмуш кооз көрүнөт. “Жайлоонун көркү мал менен” дегендей, тоо беттеп оттоп жүргөн субай уйлар, жылкылар тим эле жай мезгилинин жакшы ...

0 2082

БОЛГОН ОКУЯ: Жыландын башын чайнап салган баатыр

02-апрель 2019, 14:50 Кызгалдак Жакыпова

Ооба, тээ илгери аты элге таанылган жана таанылбаган көптөгөн баатырлар болгон. Алардын жасаган баатырлыктары ар башкача болуп элге айтылып калганы да бар. Кээ бир баатырлар найзага түшүп же эр эңишке чыгып жеңип алганын баатырлык деп эсептеген эмес. Айтылуу Сарбагыш уруусунан чыккан Төрөгелди баатыр дагы “өзүнүн үч гана жолку эрдигин баатырлык кылдым” деп ойлогон экен. Ал эми душманга каршы чыгып, канча баатырды ...

0 677

БОЛГОН ОКУЯ: Карышкырдын каргышы

01-апрель 2019, 18:58 Кызгалдак Жакыпова

Бул окуя Жети-Өгүз районуна караштуу, айтылуу Ак-Шыйрак деген жерде болгону айтылат. Түнкатар деген жашы отуздан оогон, бул  аймакта жылгыз жашаган чабандын короосуна карышкыр тийип, эки коюн жара тартып кетет. Бул эми кыштын кыраан чилдесинде болуптур. Кышында өзгөчө бөрү баласы үчүн тамак таап жеш азаптын азабы экенин ким билет. Эки коюна ичи ачышкан Түнкатар карышкырдын изин аңдып, беш-алты жерге капкан ...

0 325

Тажикстанда жашы жете элек 2,5 миң кыз никеге турган

01-апрель 2019, 10:39 Кызгалдак Жакыпова

Былтыр Тажикстан соттору 2,5 миң жашы жете элек кыздын никеге турушуна уруксат берген. Ага ылайык, күн сайын орто эсеп менен жашы 18ге толо элек 6-7 кыз күйөөгө чыгат. Бул тууралуу Омбудсмен кеңсеси Тажикстандын Жогорку сотунун статистикасына таянуу менен билдирди. Тажикстан мыйзамдары боюнча жарандарга 18 жаштан кийин үй-бүлө курууга уруксат берилет. Бирок айрым учурларда, маселен, кыз эрте кош бойлуу болуп калса, ата-энеси катуу ...

0 575

Айдоочуга аян берген түш

30-март 2019, 16:37 Айдар Нуралиев

Бул окуя союздун учурунда болгону айтылат. Көп жылдан бери колхоздун жүк ташыган машинасын айдаган Апыш, Балыкчы шаарына жүк алып келгени бара жатып, караңгыда көзү ирмелгенден машинасын жолдун четине чыгарып токтуп уктап, эс алып алууну ойлойт. Анткени бара турган жерине эрте барган күндө деле эки сааттан ашык күтүп калышы бул турган иш эле. Ооба, ал кезде азыркыдай машинанын саны көп болгон эмес ...

30-март 2019, 16:37 | 575
Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 3667

БОЛГОН ОКУЯ: “Кайнисине тийген келин”

30-март 2019, 16:28 Кызгалдак Жакыпова

Жашоодо эмне деген гана окуялар болбойт. Бирок баары бир гана буйруктан жана тагдыр экенине баам салганыбыз туура. Тээ илгери он төрт жаш курагында, Асылжан деген кыз, бир хандын жалгыз баласына өз көңүлү менен турмушка чыгат. Бирок, бир апта жашаган соң, экөөнүн жаңы гана жашоонуну кызыгына батып келе жатканда, алыстан душман келип, курган бала апаатка кетип, душмандын колунан каза болуп калат. Ошондо Асылжан ...

0 9550

БОЛГОН ОКУЯ - Ата: “Уулун көрдөн казып алууну чечкен”

30-март 2019, 14:45 Кызгалдак Жакыпова

Ооба, бир кезде динге берилгендердин саны арбып, керек болсо мектеп окуучулары дагы сабакты таштап, даабатка кетип калган күндөрү болгон. Ошол кезде кары-жаш дебей динге берилгендер  3, 7, 10, 40 күндүк даабатка чыгып, мечиттерге түнөп, айыл кыдырып калган эле. Бир күнү биздин эле мекендешибиз, кавказ улутундагы  жигит 40 күнгө даабатка чыгып, он бала менен Ош облусун кыдырып, мечиттерге барып даабат айтып  жүргөн ...

0 3871

БОЛГОН ОКУЯ: Казыбек: “Кемпир акырын келип жарыкты өчүрүп, жаныма келди”

29-март 2019, 18:00 Кызгалдак Жакыпова

Ооба, азыр мигранттардын көбү Россия менен Түркияга каттап, акча табуу үчүн болгон иште иштеп жатышканы да чын. Мен дагы көптүн бири болуп Түркияга сапар алып, барганда эле бир чоң үйдүн тегерек чекесин карап, жыйнамай ишке орноштум. Ал жерде эми эми баары бар, бирок башка эл деген башка эл да. Андан дагы тилин билбей башында катуу кыйналып, акырындык менен көнүп да кеттим. Анткен ...

0 4670

Анжелика “күйөөсүнөн же көңүлдөшүнөн жок” дейби?

28-март 2019, 10:07 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн, “АЗИЯnews” гезитинин  СМС үкөк бетиндеги айрым пикирлерди окурмандарга жарыя кылабыз. 33270. “Элдин оозу бир болсо, хандын оозу тим болот” дешет акылмандар. А бирок, бийликтен кетсе да экс-ажонун оозу тыйылбады го чиркин! Жедигертегин 33296. Анжелика кызыбыз “уйдан жок же уй байлаган жиптен жок” дегендей же күйөөсүнөн же жанагы атын таппай атам, көңүлдөшүнөн жок ...

0 1417

Ыргалай Бекмуратова: “Жээнбеков элге кызмат кылам десе, Атамбаевдин “шакалдарын” жок кылышы керек”

27-март 2019, 13:41 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн, 27-мартта NazarNews.kg маалымат агенттигине соттордон жабыркаган элдердин үнүн жеткирип келген Ыргалай Бекмуратова арманын айтты. --Акыркы күндөрү “Мээр жазы” коомдук уюмуна соттордон жабыркап жардам сураган 2 000 ден(эки миң) ашуун жаран кат менен кайрылды. Ошолордун эң орчундуусу 19-мартта Тамара Мокиева деген айымдын үйүн Асылбүбү Дүйшөнбекова бир тыйын төлөбөй 10 жылдан бери соттон сотко берип жабыркап ...

0 384

ИИМ ИИК: Аламүдүн РИИБдин ЭММКАКтын жооптуу кызматкерлери менен каржы мекемесинин жумушчулары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелишүүдө

26-март 2019, 20:56 Кызгалдак Жакыпова

Административдик айып пул катары төлөнгөн акча каражаты бюджетке чегерилбегендиги аныкталды. Жакында ИИМдин Ички иликтөө кызматы Бишкек шаарынын прокуратурасы менен биргеликте чет өлкөлүк жарандардын паспорттук-визалык режимди административдик бузуулары үчүн айып пулду төлөөгө арналган акча каражатын ээлеп алуу боюнча коррупциялык схемасын аныктады. Айып пул түрүндө төлөнгөн 1 миллион 40 миң сом акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алышкан. Жакында ушул сыяктуу коррупциялык мүнөздөгү ...

0 1707

БОЛГОН ОКУЯ: “Көздөрүнө чокту басып ал” деп, эмчектери салаңдаган аял буйрук берди

25-март 2019, 17:32 Кызгалдак Жакыпова

Бул окуя таптакыр эле эсимден чыгып кеткен. Оо андан бери канча мезгил өттү. Бир жолу айылга барып ошол сарайдын жанынан жеңил машине менен өтүп баратканда, кокусунан оюма кылт этип түшүп кетип атпайбы. Ооба, бир күндө эле эки окуя болгон, баары эсимде, өткөн кылымдын жетимиш сегизинчи жылдары эле. Армияга мына-ана чакырылам деп, Мекенге кызмат өтөгөнгө даярданып аткам. Кыш соңуна чыгып, Кочкор району ...

0 3024

БОЛГОН ОКУЯ: Каргышка кабылып каза болгондор

25-март 2019, 16:49 Кызгалдак Жакыпова

Кечээ жакында эле бир классташ балам Нарын тараптан келатып Долон ашуусунан аварияга учурап каза болду. Машиненин ичиндегилер кээ бири оор жаракат алышканы менен бардыгы аман калышты. Ошолордун ичинен классташ баламдын гана көзү өтүп кетти. Ошону укканда жүрөгүм оозума кептелип, Кудайга тобо келтирип жакамды кармандым. Ооба, алар үчөө болчу, бир жылдын ичинде эле алардын бардыгынын көздөрү өтүп кетти. Экинчиси Бишкекке барып жайдын ...

0 1004

БОЛГОН ОКУЯ: Өлүк менен сырдашуу

25-март 2019, 15:24 Кызгалдак Жакыпова

Бул дүйнөдө түбөлүктүү жашоо жок да, адам баласы тургай тирүү жүргөн бардык жандыктар өлүп, топуракка айланышат. Азыркы секундда канчалаган гана адам төрөлүп, канчалаган гана адам оо дүйнөгө жөнөп кетип жатат. Бул жашоого биз мейман катары убактылуу эле келет экенбиз да, анан түбөлүктүү жашоого кетебиз. Мындайча айтканда бардыгыбыз өлүмдүн даамын татабыз. Менин көзүмчө эле канчалаган адамдын көзү өтүп кетип жатышат. ...

0 5371

Жумакадыров: “Бир жолу таңкы саат беш чендерде түнкү намазды окуп атсам”

25-март 2019, 16:51 Кызгалдак Жакыпова

Борборубуз Бишкек калаасынын дал эле борборунда бүгүнкү заманга төп келген жаңы көп кабаттуу үйлөр салынып жатат. Ошолордун биринде мен түнкүсүн кароолчулук кызматын аткарам. Кеч кирип келатканда курулушта иштеген жумушчулардын бардыгы кетишет дагы, жаңы курулуп келаткан бийик кабаттуу үйдүн ичинде жалгыз өзүм калам. Үйдүн айлана-чөйрөсү бийик короо менен убактылуу курчалган. Ичине эч ким кире албайт. Ичинде жападан жалгыз өзүм болом. Көп ...

1 2509

Нурбек Садырбеков: “Бактыгүл деген кызга операция жасап, эркек кылганбыз”

21-март 2019, 15:21 Кызгалдак Жакыпова

27 жылдан бери медицина тармагында эмгектенип, 18 жылдан бери КР саламаттык сактоо министрлигине караштуу улуттук оорукананын №1 урология бөлүмүн жетектеген медицина илимдеринин доктору, жогорку категориядагы врач-уролог Нурбек САДЫРБЕКОВ менен маектештик. - Нурбек мырза, учурда урологиялык оорулардын кайсы түрү менен көп кайрылышат? - Бүгүнкү күндө эң эле актуалдуу болуп жаштарды түйшөлткөн маселе - бул тукумсуздук. Негизи эркек баланы кичинекей кезинен ...

0 1323

Төлөгөн Наралиев, Апрель Баатыры: “Чолпон Төрөкулов унааны айдап бара жатып, Талас шаарында авария кылган”

19-март 2019, 21:13 Кызгалдак Жакыпова

Бул төмөндөгү сүрөттөгү автомобиль 00-02 ТА номериндеги автоунаа. Аварияга чейин КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратына мыйзамдуу катталган. Азыр Талас областынын административдик балансынан Бакай-Ата районунун айыл-чарба департаментинин балансына өткөн. Тилекке каршы чыры бүтө элек экендигин Талас обулусунун тургуну Төлөгөн Наралиев NazarNews маалымат агенттигине билдирди. Ал, “бул транспортту 2016-жылдын 28-декабрь күнү, түнкү саат 23-00дөн кийин ошол убактагы Талас ...

0 413

Адылбек Акматов: "Баткенде чек арада оор жүк ташуучу тыгындар көбөйдү "

18-март 2019, 13:26 Кызгалдак Жакыпова

Баткендеги учурдагы кырдаал тууралуу жеринен NazarNews.kg маалымат агенттигине Адылбек Акматов кабарлады.  --Учурда Баткен облусунда кырдаал туруктуу, чек ара жабык боюнча турат. Ондогон азык-түлүк, күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу автоунаалар Лейлек, Сүлүктүгө өтө алышпай турат. Мындай кырдаалдан улам, аталган аймакта азык-түлүк жана күйүүчү май, курулуш материалдарынын каатчылыгын пайда кылары талашсыз. Оор жүк тарткан мындай чоң унаалар Тажикстандын чек арасын айланып өтүүчү Аксай - ...

0 896

Кара булут каптап турган чек арада жайгашкан Ак-Сай Баткен үчүн эле эмес өлкө үчүн да өзгөчө стратегиялык аймак

16-март 2019, 18:15 Кызгалдак Жакыпова

Ак-Сай айылы Баткен облусу үчүн эле эмес, өлкө үчүн да өзгөчө стратегиялык аймак. Ар тарабы Тажикстан менен чектешен Ак-Сай  аркылуу Лейлек району менен Сүлүктү шаарына жана Самаркандек, Ак-Татыр, Ак-Сай айылдарына жол өтсө, Баткен районуна Төрт Гүл каналы аркылуу суу өтөт. Жол экономиканын артериясы болсо, суу өмүрдүн булагы. Мына ушул өңүттөн алып караганда алакандай болгон Ак-Cай айылынын баасы өлкө үчүн канчалык экендигин ...

0 513

Өмүркулов «жетим жүгүрүккө» айландыбы?

15-март 2019, 11:16 Кызгалдак Жакыпова

КСДП фракциясынын жетекчиси Иса Өмүркулов өзүнүн кадырын такыр кетирип бүттү. Премъер-министр же спикерлик кызматты алуу үчүн КСДПны ичтен иритип, Атамбаевди жек көрсөтүүгө болгон аракетинен майнап чыгара албай убара. Бийликтин жогорку сересиндеги үлкөндөр «качан бул иштин аягына чыкканда сураган кызматыңды беребиз» дешип, «жетим жүгүрүккө» айлантып алышканы Ак үйдө жомок болуп айтылып жатат. Ошондон улам күзгө дейре убакыт берилип, Абылгазиев да, Жумабеков да ордунда ...

0 246

Каныбек Осмоналиев, экс-депутат, профессор:“Жалпы журтту өзүлөрүнүн ансыз деле купуя болгон проблемаларына көңүл бурдуруп, ыңгайсыздыкты жаратып алышты”

15-март 2019, 10:23 Кызгалдак Жакыпова

-Гейпараддын уюшулушу транссексуалдар Кыргызстанда жетиштүү экенинен кабар береби же алардын маселеси орчундуу экенинен маалымдадыбы? -Бул өтө оор маселе! Кечээгидей ачык жана ач кыйкырыктар менен демонстрация кылуунун эмне зарылчылыгы бар эле? Биздин коомдун менталиттети жана каада-салттык, негизги диний өзгөчөлүктөрү деген маселе эмне болду? Эл аралык уюмдарга мүчө болуп алышып эле ошол кабыл алууга ыктыяр болгон өлкөлөргө делегация менен барышып, катыша беришсе болмок! ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 274

Самсаалы Четинбаев, Улуттук опрпозициялык кыймылдын мүчөсү: Улутубуздун салтына каршы, эпсиз чакырыктарды көтөрүп чыкканы туура эмес”

15-март 2019, 10:07 Кызгалдак Жакыпова

-Мен бул маселе боюнча адис эмесмин. Бирок айта кетчү бир нерсе бар. Эгер адам ошондой болуп Кудайдан, жаратылыштан төрөлүп калса, андайларды жектеп, жаман көрүп, коомдон сүрүп салуу аракеттери болбошу керек. Андай болуп жаралып калышына алардын күнөөлөрү жок. Ал пешенесинен, Кудайдан. Алардын маңдайына жазганы. Мен Кудайдан ошондой төрөлүп калганын трансгендерлерди гана айттым. Ал эми аларга кошулуп алып (гей, лесби, бисексулдардын) улутубуздун ...

0 610

Жумуртка сырткы күчтөрдөн улам жарылса - өмүр токтойт

15-март 2019, 09:47 Кызгалдак Жакыпова

Жумуртка сырткы күчтөрдүн таасиринен улам жарылса-ӨМҮР токтойт экен,бирок ошол эле жумуртка ички күчтөрдүн таасиринен улам жарылса-анда жаңы ӨМҮР жаралат. Дал ошондой эле,бул жашоодо кээде биз артык кылабыз деп тыртык кылып алган учурлар көп кездешет.Нечен деген залкарлар кыйынчылыкты көргөндүгү үчүн,чыңалып,бийик даражага жетишкен.Эгер биз жардам бере берсек,кээ бир адамдардын ички потенциалын бууп койгонго барабар болуп калат.Балдарыбыз өз турмуш жолунда бир топ жолу ...

1 11624

СҮРӨТ - Максат Эра, гей: “Мен эркекмин, бирок эркекке гана үйлөнөмүн”

14-март 2019, 17:45 Кызгалдак Жакыпова

--Саламатсызбы Максат, социалдык тармактагы баракчаңызда 8-марттагы ЛГБТ жүрүшүнө өтө кубанычта экенсиз, эмне үчүн? --Менин 8-марттагы жүрүштү абдан колдоймун. Ал жүрүш жылдын мыкты жүрүшү болду. Андай жүрүш ар дайым болуп турса жакшы болот эле. Өкүнүчтүүсү андай жүрүшкө көпчүлүк каршы. Албетте ал жүрүштүн катарында ар тармактагылар катышты. Алардын көтөрүп чыккан ураан-чакырыктардын баары туура жана актуалдуу.  40 чоронун өткөн жүрүшкө каршы жүрүп ...

0 528

Баткендеги чегара чырында ок тийген кыргызстандыкка операция жасалды

14-март 2019, 13:22 Кызгалдак Жакыпова

13-мартта кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал маалында Кыргызстандын Ак-Сай айылынын тургуну октон жарат алып, ооруканага жеткирилген. Азыркы тапта ага операция жасалды. Ал жарат алгандан кийин эле Баткендеги Самаркандек айылындагы ооруканага жеткирилген. Соцтармактарда жарат алган жаран Ак-Татыр айылынын 1986-жылкы тургуну Нурбек аттуу бала болгону жазылууда. Журналист Бозулан Ысаков өзүнүн фейсбуктагы баракчасына мындай маалыматтарды жазды: “Менин Болот деген иним жогорудагы балага ок ...

0 3601

Өзгөндө өз кызын зордуктаган атанын акыл-эси жайында болгон. Өспүрүм 7 айлык кош бойлуу

13-март 2019, 20:30 Кызгалдак Жакыпова

Өзгөн районунда өз кызын зордуктаган атанын акыл-эси жайында экендиги аныкталды. Бул маалыматты Ош облустук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты. Буга чейин Өзгөндө 15 жаштагы кызын зордуктоого шектелип кыздын атасы кармалган. Атасы күнөөсүн мойнуна алып, авто кырсыктан кийин акыл-эси жайында эместигин билдирген. Бирок экспертизанын жыйынтыгында анын акыл-эси жайында болгон деген бүтүм чыккан. Кармалган жаранга КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси (зордуктоо) менен кылмыш иши ...

0 1662

Эркек эркекти сүйсө болобу? "Гейлерге" кандай мамиле кылуу керек?

11-март 2019, 18:56 Кызгалдак Жакыпова

Гомосексуализмди айыктыргыз оору катары түшүнүп аларга сабырдуу мамиле кылууга мүмкүнбү? Эшикте жыйырма биринчи кылым, аалам тануу, көрбөгөндү көрүп, укпаганды угуп жатабыз. Өлкөбүзгө гомосексуализмда келип жеткенине он жылдан ашты. Эми алар биздин арабызда, аларга кандай мамиле кылуу керек? Албетте, бизге түшүнүү оор, эки кочкор короодо бири бирине секирип жатканын ким көрүптүр. Бирок биз түшүнбөгөн нерсени, дүйнөнүн көпчүлүгү татынакай кабыл ...

0 257

Алайда дарыгерлер элди акысыз текшерүүдө

11-март 2019, 10:47 Кызгалдак Жакыпова

Алай райондук Үй- бүлөлүк медициналык борборунун дарыгерлери Кызыл Алай айылынын тургундарын акысыз текшерүүдөн өткөрүштү. Мындай жакшы жышаан 8-Март Эл аралык айымдардын күнүнө карата арналды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Аталган айылда калктын саны 816 болгону менен, адистер кош бойлуу айымдарды жана мектеп окуучуларына медициналык кызмат көрсөтүштү. Калкка кызмат кылууга гинеколог, эндокринолог, ультра-үндүү изилдөө (УЗИ) аппараты менен ...

0 368

Майрамкан Тешебаева сотторго нараазы болуп Президентке кайрылды

11-март 2019, 09:40 Кызгалдак Жакыпова

Жалал-Абад облусунан баштап соттордун үстүнөн арызданып жоо жүрүш жасаган Майрамкан Тешебаева Бишкек шаарына жетип Ак үйдүн алдына келди. Айтымында, Сузак районуна караштуу Таш-Булак айыл аймагынын Жаңы-Арал айылында жайгашкан Апсаматов көчөсүнүн 32-үйү базар баасында 3 миллион 619 миң сомго бааланган. Жогорку соттун судьялары 1020 сомдук тиешеси жок тил каттын негизинде аталган үй 120 000 сомго сатылган ...

0 2461

Турсунбай Бакир уулу: "Уят, уят, уят! Позор, позор, позор!"

09-март 2019, 22:43 Кызгалдак Жакыпова

Кечээ, 8-мартта Бишкек шаарында аялдардын укугун коргогон жөө жүрүш болуп өтүп, ага гей-лесбиянкаларды жана трансексуалдарды колдогондор чыгышты. Ага карата мурдагы депутат Турсунбай Бакир уулу өзүнүн пикирин социалдык тармакка төмонкүчө билдирди. --Шермендечилик, намыссыздык, уятсыздык! Кускуң келе турган ушул сасык нерсеге алып келгендерге наалат, Аллахтын каргышысы болсун! Ушундай болоорун билип 2012-жылы чет өлкөлүк агенттер жөнүндө мыйзам долбоорун жазган болчумун. Мага кошулуп дагы эки депутат демилгечи ...

0 1200

Кундузбү Маматова: “Мырзабектер мырзагүлгө айланган, шор күндөргө туш келдикпи капырай”

09-март 2019, 21:43 Кызгалдак Жакыпова

Шордуу кыргыз кабак ачып жайнабай, Дагы калды кайсыл шоруң кайнабай Жолдо калсын эссиз кыздын жоругу, "Чай" сунууну оор көрсө капырай, "Ондон артык төрөбөйм" деп эркеги, Мырзалыкка шек келтирет жалжаңдай. Кайда калды, ата- баба салтыбыз, Наркын сактап баалуу эле баркыбыз. Элиришкен эси жоктун айынан, Чыктыбы же акмагыбыз, тарпыбыз. Кыргыз каны чуркап турат тамырда, Жоголбосун, адам сапат антыбыз.

0 1320

ФОТОРЕПОРТАЖ: Атамбаевдин саясый өнөктөштөрү гей парад өткөрүп “жыргады”

09-март 2019, 22:38 Кызгалдак Жакыпова

Кечээ, 8-мартта Бишкек шаарында аялдардын укугун коргогон жөө жүрүш болуп өтүп, ага гей-лесбиянкаларды жана трансексуалдарды колдогондор чыгышты. Баарынан кызыгы Курманжан Датка апабыздын сүрөтүн лозунг кылып кармап, "келин кылып ала качуу - кулчулук!", "тамак жасабайбыз, өзүбүз билебиз!", деген жана башка ураан чакырыктар менен старт алган. Баарынан кызыгы бул көрүнүш алакандай Кыргызстанда тоодой жаңылык болуп, көпчүлүктүн көзүн алайтты.

0 1394

ФОТОРЕПОРТАЖ - ВИДЕО: Садыр Жапаровдун апасы жерге берилди

09-март 2019, 13:28 Кызгалдак Жакыпова

Мурдагы депутат, саясый куугунтукка алынып камакта жаткан Садыр Жапаровдун апасы Хадижан Максутова бүгүн, 9-мартта Ысык-Көл областынын Түп районуна караштуу Кең-Суу айылына жерге берилди. Эске сала кетсек,  Хадижан апа 7-март күнү 77 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан эле.  Булак: NazarNews.kg

0 3520

ФОТОРЕПОРТАЖ: Урмат Акунов: “Садыр Жапаров эми белди бекем байлаш керек”

09-март 2019, 11:02 Кызгалдак Жакыпова

Садыр Жапаровдун тарапташтары соцтармактардан көңүл айта баштады. Жанарбек Өмүракунов: - Садыр мырза апаңыздын жаткан жери жайлуу болсун, топурагы торко болсун, кайрат кылыңыз. Кыргыз эли, жери үчүн күйүп, бышып, тагдырдын оор сыноолоруна чыдап,баарын көтөрүп турганыңызга таазим кылабыз. Кудай бар буюрса Кыргыз эли, жери үчүн көп жакшы иштерди кыласыз, ишенебиз! Жеринен Садыр Жапаровдун апасын акыркы ...

2 9692

Анжелика үчүн Марат Назарбековду "каралар" издей баштадыбы?

07-март 2019, 11:01 Кызгалдак Жакыпова

-Буга чейин Анжелика менен Марат Назарбековдун мамилеси интернет сайттарда талкууланып келгени, атургай чогу кечелерде сүрөттөрү жарыяланганы, бийлегендери коомчулукутун бүйүрүн кызытышты го? Элди көндүрүү үчүн максаттары беле? Соңку убакта Анжелика үчүн Марат Назарбековду “каралар” издей баштаганы ыраспы? Билеги жоон буура сандар жылдыздуу жигитти мертинтип коюшпайбы? Той-кечелерде шаңдуу жүрүшкөн “кош жылдыздар” мындан ары кантишет ыя? “Суунуку сууга” дечү беле? Марат мырза, ...

0 609

Тур-муш: Ажаан аялдын жолдошу "башканы" карап кетеби?

07-март 2019, 09:15 Кызгалдак Жакыпова

Бишкектин айланасындагы жаңы конуштардын биринде жашаган Эрмек өздөрүнүн көчөсүндөгү менчик мончого үй- бүлөсүн машинасы менен алпарган эле. Босогону аттап, мончонун ээсине акчасын жаңы эле бергени жаткан кезде, аялы наалымай адатын дагы карматып калбаспы: — Ботом, баняңарды нормальный иштеткен күнүңөр болобу? — Эмне болду, эже? — Бирде пары өтө ысык болуп кетет. Бирде мелүүн. Акча албаткандан кийин жакшылап тейлегиле да. Эмне, акча асмандан жаап жатыптырбы? Жааса, айтчы… ...

0 573

Иса Өмүракунов: “Отуз баланын атасы болдум”

Үйдөгү эки-үч баланы эле багуу, алардын түйшүгү, жоопкерчилиги канчалык экенин ата-энелер жакшы билет эмеспи. Ал эми “Эне-бала мээрими” коомдук фондунун жетекчиси Иса Өмүракунов 30 балага тарбия берип, өз балдарындай эле камкордук кылып, кем-карчын бүтөп, курсагын тойгузуп, кадимки ата милдетин аткарат. Сокулук районунун Маловодное айылында жайгашкан аталган балдар үйүнө барып, ал-акыбалын билип кайттык. -- Иса байке, жеке балдар үйүн ачып, иштеп жатканыңыздын ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
1 1902

Сыргайым: "Жыйырмадан көп жолу операция столуна жаттым..."

Маңдайыбызга кандай тагдыр жазылбасын, жашообузду түркүн түскө боёп кооздоп алуу да, башка нукка салып кунарсыз кылып алуу да өзүбүздөн көз каранды. Каарманым Сыргайым бул дүйнөгө мүмкүнчүлүгү чектелип келсе дагы бийик максат, ой-тилектери менен алга гана умтулат. Жаш экенине карабай чакан бизнес ачып, азыр аны өнүктүрүүнүн үстүндө иштеп жаткан кези экен. “Башымдан жыйырмадан ашык операция өттү” Менин ата-энем Талас жергесинен болгону менен борбор ...

0 1436

Башкы МАИчинин ставкасы канчага чыкты?

01-март 2019, 19:57 Кызгалдак Жакыпова

Республикалык Жол коопсуздугун камсыздоо кызматынын башчысынын орду бош турат. Ыманалы Саркулов убактылуу башчынын милдетин аткарууда. Башчылыкка ушул кишини бекитет дешти эле, бирок Саркуловдун МАИ башчылыгына кой, МАИ болууга тиешелүү билими жок экенин УКМКнын тыңчылары иликтеп чыккандыгын кулагыбыз чалды. Анда ал киши кайсыл негиздерге таянып, МАИ кызматынын жетекчиликтеринде иштеп келген деген суроо туулат? Бул жагы да жоопсуз калууда. Аталган кызмат өлкөдөгү эң майталкандуу ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83