www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Турмуш
0 349

Зумураткан Манапбаева,Чыңгыз Анарбек уулунун апасы: «Уулум абакта өлүп калабы деп корктум»

28-февраль 2019, 16:44 Кызгалдак Жакыпова

2018-жылдын 17-июнунда Москва шаарында таксист болуп иштеген мекендешибиз Чыңгыз Анарбек уулу кырсыкка кабылган.Тактап айтканда, футбол чемпионаты учурунда жол четинде кетип бараткан америкалык футбол күйөрмандарын койдуруп алган эле.Ошол учурда уулу үчүн жардам сураган эненин ыйы азыр да көпчүлүктүн эсинде. Эми ал күндөр артта калып, мекендешибиз боштондукка чыкты.Сегиз айдан бери күйүттөн арылбай, бүгүн кубанычтан ыйлап отурган эне менен маектештик.  - Эже, уулуңуз эркиндикке ...

0 5283

Айжан: "Кызымдын башкадан экени 13 жылдан кийин билинип калды.."

28-февраль 2019, 12:44 Кызгалдак Жакыпова

Кыз сыры-сезимтал кыздын жүрөк үнү.Кыз сыры-махабаттын таттуу ирмеми.Кыз сыры-кызганычтын жүрөк муунтуп, жүлүн сыздаткан кыйноосу.Рубрикабыздын кезектеги каарманы жан адамга ооз ачып айта элек сырын ортого салат. Айжандын абалына карата ой-пикириңиз болсо, редакциябыздын 0772 16 89 64 номерине байланышка чыгыңыз. Эскертүү: каарманыбыздын өтүнүчү менен өзүнүн номери берилген жок. “Жолдошум мени таштап кетти" ...Жолдошум Мелис менен таанышканда 21 жаштагы турмуштун ачуу-таттуусун тата элек ишенчээк кыз ...

0 1368

Кайын журтума эки күйөөдөн чыкканымды кантип айтам?

26-февраль 2019, 00:09 Кызгалдак Жакыпова

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышына эки турмуштан жолу болбой үчүнчүсүн баштаган келиндин каты жарыяланмакчы. Башыман өткөн окуяларды башынан баяндап берейин. Окуучу кезде турмушка кеч чыгам, жакшы жумушка иштеп анан күйөөгө тием деп кыялданчумун. Мектепти кызыл аттестат менен бүтүп, жогорку окуу жайга өз күчүм менен өттүм. Жигит менен деле көп сүйлөшчү эмесмин. Ал учурда ала качып үйлөнгөндөр көп эле болчу. 2-курста ...

0 12150

Жыландын каргышы

25-февраль 2019, 18:25 Кызгалдак Жакыпова

Бул окуя Аксы районунда болгон экен. Эмесе сөз башынан болсун. Союздун гүлдөп турган кезинде Акымбек колхоздун мал чарбасы боюнча бригадири болуп иштеп калат. Жаз мезгилинин аяк чени. Койлор төлдөп болуп жайлоого көчүп жатканда Акымбек атына минип малчыларды текшергени жайлоону көздөй ат бастырып чыгат. Убакыт түштөн ооп калган кезде, жайлоодон келе жатып катуу туман басып, адашып кетип, жолдон чыгып, аты менен жардан кулап кетет. ...

25-февраль 2019, 18:25 | 12150
0 9431

Алиман: "Күйөөмө башка менен төшөктө кармалып өлбөгөн төрт шыйрагым калды..."

25-февраль 2019, 12:24 Кызгалдак Жакыпова

Бул жашоодо бардык нерсе убактылуу экенин ушундан улам билсек болот, жашоонун өзү алдамчы жана убактылуу. Эмесе сөз башынан болсун. Асанкан молдо жашы өйдөлөп калган кезде сулуусуна карап, калыңды жакшы берип жаш аял алды. Ооба, ар бир эркек жан сулуу аял алып, күлүк ат мингиси келет. Ошол себептен “аял азгырык” деп бекер айтылып калган эмес. Сулуу аял көздүн көркү, жашоонун шаңы экенин эч ...

0 2397

Каргап-шилеп күйөөсүн жамандаган аялдын тилинен кан тамып...

23-февраль 2019, 15:53 Айдар Нуралиев

Бул окуя жакында эле болгону тууралуу Айжан эже айтып берди. Кайын энем 78 жашка чыкканда катуу ооруп, врачтар “киши болбойт” деп ооруканадан чыгарып берип коюшту. Анан үйгө алып-келип, алыс жакынга кабар берип, акырындан даярдана баштадык. Айткандай апабызды үйгө алып келгенибизде, бир кыймылдап койбой төрт күн жатты тилден калып. Же бир тамак ичпейт, созулуп эле жатып калды. Анан үйдөгүлөр боз үйдөн бери ...

0 5758

Аскер: "Тузакка салган кумар"

22-февраль 2019, 20:19 Айдар Нуралиев

Токтобек уулунан кабар алганы борборго келген.Уулунун кем-карчтарын алып бере кетейин деп бүгүн базарга чыккан эле.«Дордой»базарын кыдырганды ѳзү да жаштыгынан жакшы кѳрѳт.Азыр да базарда кандай ѳзгѳрүүлѳр болгонун кылдат карап бараткан.Аңгыча кийими дал-далынан айрылып, колдору кара шири болуп бүткѳн селсаяктын түптүз эле ѳзүн карай келатканын кѳрүп чочуп кетти.Селсаяк жинди болгон немедей ыржайып, сары тиштерин кѳрсѳтѳ күлүп алган. Жакындай берип: - Токо, Токо, - деди ...

22-февраль 2019, 20:19 | 5758
0 473

Операция учурунда тиги дүйнөнү көрүп келген бала

22-февраль 2019, 11:55 Айдар Нуралиев

Жашоодон бардык нерсени күтсө болот. Бирок, адам баласы эмне болгон күндө дагы, угуп бирок көрө элек нерсеге көбүрөөк кызыгары турган иш. Минтип айтып жатканымдын бир себеби, жакында бир жаш жигит опреция учурунда күбө болгон окуяны айтып берип, “эч ким барып көрүп келбеген тиги дүйнөнү көрүп келдим” деп айткан кеби кызыгууну жаратты. Эмесе сөз башынан болсун: -Менин ысмым Алмаз. Өзүмдүн жергилим, түштүк тараптагы Ноокен ...

0 350

Мен сизди “ата” дешке оозум барбайт

22-февраль 2019, 11:31 Айдар Нуралиев

Акыркы күндөрү интернет аркылуу биздин сайтка өзүнүн башынан өтүп жаткан турмушун айтып, элге сабак болоор деген ниетте кайрылгандар көп болууда. Бул жолку карманыбыз да башынан өткөн жашоосун айтып берди. Мен учурда өз алдымча иш алып барып, бир канча тигүүчү цехтерди иштетем.  Жогорку окуу жайын кызыл диплом менен аяктагам.  Келечекте мамлекеттик кызматка орношуп, өлкөмө салымымды кошсом дейм. Апам мага дайыма “өз өлкөндө ...

0 12756

Сапаргүл Абдинабиева: "Ыйлабайсыз, айтпайсыз.... Мен ушундан корком, ата!"

21-февраль 2019, 17:34 Айдар Нуралиев

Сапаргүл Абдинабиева кайын атасына арналган жүрөктү элжиреткен пост жазып, уулу Уландын жоктогонунан тарта, атанын орду, күйүтү тууралуу кенен чагылдырып берген. "Билем ата, азыр сизге ушул менин чакан, эч нерсеге арзыбаган белегимдин ордуна, алыста болсо да бир чалып, «Ата, туулган күнүң менен!» деген уулуңуздун 3 секунддук сөзү, телефон артындагы дем алуусу алда канча баалуу болчу. Мейли куттуктабай да койсун, мейли унутуп да калсын, мейли ...

0 1193

Экинчи аялдын азабы же жасалма кудага баруу

20-февраль 2019, 16:19 Кызгалдак Жакыпова

Тээ илгертен бери айтылган кеп бар “эшек мингендин эки буту тынбайт, эки аял алгандын кулагы тынбайт” деген. Ансыңары аялдын азгырыгына ээ боло албай, токол аял алган жарандарыбыздын саны арбын. Чоң кызматта иштеген Калыбектин көзү айдай сулуу Айымкүлгө түшүп калып, акыры акчасын чачып, ар кандай белек берип жатып кыздын жүрөгүн багындырып тынды. “Аял көз менен сүйөт” деп айтылгандай, курган Айымкүл алданганын кеч билди. Бир ...

0 5198

Даабатка барып, башка дагы аял алгандар

19-февраль 2019, 18:14 Айдар Нуралиев

Тээ илгертен бери эле айтылып келе жаткан таасын кеп бар “молдонун айтканын кыл, кылганын кылба” деген. Анткени акыл айткандар дайыма акыл айтып коюшуп, ал айткандарын өздөрү аткара албай келет. Айтмакчы союз тараганы динчилдердин күнү тууп,  динге катуу берилип кетип, атам тааныбаган Сирияга чейин барып, ким менен согушканын билбей  согушка катышып келгендер да бар. Ал эми айлап-жылдап атасы көрбөгөн Индия, Пакистанга чейин ...

0 389

Аскерде калган арзуум

19-февраль 2019, 14:53 Кызгалдак Жакыпова

Союз мезгилинин акыркы жылдары. Горбачев жаңыдан кайра куруу системасын киргизип, ызы-чуу башталып калган кезде мен аскерге чакырылып, сибирде кызмат өтөп калдым. Ал кезде аскерге барган балдар үчүн чоң бакыт болучу. Челябинск шаарына караштуу бир айылдын четине барып, темир жол куруу жагында кызмат өтөп баштадым. Албетте башында стариктерден токмок жеп, кордук көргөнсүдүк. Бирок көнгөндөн кийин баары унутулуп калат экен. Анткен менен биздин ...

19-февраль 2019, 14:53 | 389
0 438

Лира: "Өгөй атама өмүр бою ыраазымын"

18-февраль 2019, 09:40 Кызгалдак Жакыпова

Таяктын эки учу, тыйындын эки бети бар экенин эч ким танбайт.Караңгыны жеңчү жарык, жаманды жойчу жакшылык да арбын бул жашоодо.Бирок биздин коомдо жагымсыз окуялар барган сайын кѳбѳйүп, элдин ишеними ѳчүп барат.Аялдар күйѳѳлѳрүнѳн кордук кѳрүп, жаш балдар ѳз ата-энелеринен запкы жеп жаткан маалда жашоодо мээримге бай инсандар бардыгын айткысы келген окурман табылды.Болгондо да ѳгѳй атасына карата балалык сүйүүсү менен терең ыраазычылыгын ...

0 2807

Өлүп калган байкесине жолуккан кыз

16-февраль 2019, 16:03 Кызгалдак Жакыпова

Бул окуя мындан он беш жыл илгери Ош облусуна караштуу Ноокат районунда болгон экен эмесе сөз башынан болсун. Азима отуздарга жашы чыгып, жашоонун өйдө төмөнүн көрүп калган, бир кыздын энеси. Азима бир күнү түштө күн ысыкта ички үйгө кирип жата турайын деп уктап кетет. Бир кезде эки киши жетелеп чыгып кетет. Бирок денеси үйдө эле калган болот. Аз убакыт өтпөй эле ...

0 2159

Сулуу аялдар баатыр уул төрөбөйбү?

16-февраль 2019, 14:31 Кызгалдак Жакыпова

Тээ илгери кадимки Ормон хан каза болгондо, солто уруусунан  бир көзү көрбөй калган карыя катуу кейип, болгон арманын ыйлап олтуруп айткан экен. -Кап, оокат, иш-деп жүрүп, эмне таптым. Эгер мен убакыт таап хан Ормонго барып жолугуп, ал билбеген нерсени билгизип, ачыгын айтып тандап аял алып берип койгонумда, белиндеги бала төрөлүп калмак эле. Манаптын тукуму эле эмес колунда бар байлар аялды өңүнө ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1441

Асылбек: "Таякемдин албарстысы мени кыйнап..."

16-февраль 2019, 10:32 Кызгалдак Жакыпова

Менин жашым он жетиде, атым Асылбек. Учурда шаарда турам. Бирок сиздер менен башымдан өткөн окуяны бөлүшкүм келди.  Ушул кезге чейин албарсты эмне экенин деле билген эмес элем. Бир күнү үйгө алыстан жакын туугандар келип калды. Тактап айтканда апамдын аталаш иниси, таякем Бекмамбет. Ал биздин үйдө эки күн жүрүп кетти. Андан дагы таякеме мен жаткан диванга төшөк салып берип, мен башка бөлмөгө ...

0 4214

Мирбек: "Үйдөгүлөр сүйгөнүңдөн баш тартып, жеңеңе үйлөн дейт..."

15-февраль 2019, 16:43 Перизат Кутманалиева

Жашоодо ар кандай окуялар боло берет эмеспи. Ар бир адамга жараткан ар түрдүү сыноолорду берет тура. Эгерде ошол сыноолорду жеңип чыксак гана келечегибиз жакшы болот. Бүгүнкү каарманыбыз башынан өтүп жаткан оор сыноолорду эл менен бөлүшкүсү келип, ват сап аркылуу төмөндөгүлөрдү айтып берди. Анда, кеп башынан болсун. Атым Мирбек. Үй бүлөөдө үч бир тууганмын. Байкем, иним жана мен. Нарын областында төрөлүп өсүп, шаарга ...

0 3024

Аруузат: "Мурунку күйөөмдүн көзүнө көрүнүп жашайм деп..."

15-февраль 2019, 16:29 Перизат Кутманалиева

Учурда жашоосуна жетиштүү материалдык байлык топтогондордун саны арбын. Базар экеномикасына өткөнү байлыкка жетип, оюндагы нерселерди аткарган жарандардын саны да көп. Ачыгын айтканда курсагы токтордун саны арбын, бирок бактылуу адамдардын саны аз. Анын себеби, адам баласы байыган сайын өзүмчүл болуп туугандардан, достордон, жакын адамдардан алыстап, жалгыздыкка ыктап калары да анык. Дүйнөсү түгөл болсо дагы, жашоосуна бир нерсе жетишпеген, жан дүйнөсү жарды, ...

0 632

Азандын үнүн туураган ит

15-февраль 2019, 11:48 Айдар Нуралиев

Бул окуяга чындап айтканда бүгүн күбө болдум. Түшкү эс алуу убагында карындашым Кенже үйүнө чакырып калды, келип кетиңиз –деп. Мен макул болуп барып, баарыбыз жакшынакай эле түшкү тамакты ичип жатканда, жакын жердеги мечиттен молдокенин айткан азан үнү угулуп калды. Ага удаа эле катарындагы кошунасынын ити дагы  кудум азан үнүн туурап уулуп кирсе болобу. Мен таң калып калыптырмын.Күйөө балам Бакыт айтат: -Байке, ...

15-февраль 2019, 11:48 | 632
0 10988

Салтанат Саматованын апасы, Жумабүбү апа: "Биопсияда өпкөсүнөн бир аз эт чымчып алыш керек болчу экен. Биздин дарыгерлер чоңураак кесип алышыптыр. Ошондо катуу кыйналып.."

15-февраль 2019, 11:06 Айдар Нуралиев

Баладан айрылган эненин күйүтүн эч нерсеге салыштырып болбос.Бир эле эне-атасына эмес, бүтүндөй кыргыз элине кызмат кылган булбул кыздан айрылганыбызда көпчүлүктүн кабыргасы кайышкан.“Бөлмөдө Сакендин сүрөтү илинүү.Күндө бетинен сылап турам” деген Жумабүбү апа кызынын баскан жолун ыйлап эскерип отурду. - Жумабүбү апа, Салтанат эженин шартылдаган ачык-айрым мүнөзү, тыңдыгы кимди тарткан? - Атасы экөөбүз тең математика мугалимибиз. Бирок атасы көп нерсени билген жана билүүдөн тажабаган ...

0 1073

Сатар: "Сержант жоокердин кулагын кесип салып, өзүнүн да кулагынан айрылган"

14-февраль 2019, 12:26 Айдар Нуралиев

Мен илгери союз кезинде кадимки эле балдардай өз милдетимди өтөш үчүн, он сегизге чыкканымда кызыл армиянын катарына чакырылып калдым. Ооба, ал кезде жаз мезгили болучу. Мен жазгы чакырык менен май айынын жыйырма төртүнө чакыруу барагын алып, алгач Өзбекстандын Чирчик деген шаарына барып үч ай даярдыктан өтүп калганбыз. Негизи алты ай болосуңар деп айтышкан. Бирок бизди шашылыш Ташкенттен самолётко салып ...

0 3135

Назым Осака: "Тирүүлөй көмүлдүм..."

14-февраль 2019, 11:45 Перизат Кутманалиева

Казакстандагы белгилүү блогер жана жапон маданиятынын сүйгөн Назым Осака айымдын окуясы көпчүлүк адамдарда пайдалуу болот деген ишеничтебиз: “Бир мезгилде Жапонияда жашап калдым. Себебин билбейм,бирок депрессияга кабылдым. Өзүмдү таштап салып,салмагым 75 кг ашты, үйдө пижамачан эле жүргөнгө көнүп,2-3 күндөп жуунбай да калдым. Жадагалса тишимди да жуубай калганмын. Акыр аягы жашоо учунчалык кызыксыз болуп, мындан ары жашагым да келбей калды. Абалымды байкаган жапон улутундагы курбум ...

0 2494

Леcбиянкалар күйөөгө тийбейби?

13-февраль 2019, 21:49 Кызгалдак Жакыпова

Мен өзүм тартип сакчысы болуп ишке кирип, “элге керегим тийсе экен” деп болгон аракетимди жумшадым. Бир күнү иштен чыгып кечинде пиво ичип бир кафеде олтурсам, бери жакта тамак ичип олтурушкан эки жакшынакай кызга олбурлуу жашы кыркка жакындап калган киши келип тийишип калды. Мен анда гражданский эле кийим менен болчумун. Тиги киши эки кызга жакын келип эле тийише баштаганда, көз жоосн ...

13-февраль 2019, 21:49 | 2494
0 6938

Айша: "Молдо күйөөнүн азабын тарттым.."

13-февраль 2019, 15:50 Айдар Нуралиев

Бул жашоодо ар бир ашыкча нерсе жашоого кедерин тийгизбей койбойт экен. Буга чейин сүйүп-күйүп тийген күйөө сөрөйүм ичкиликтин фанаты болуп, бир жылга жетпеген убакта андан кетип калууга туура келди. Болбосо колу тийгенден дагы ачуу тилинин азабы жанга батты. Андан соң ичкиликти ичкен кишиден катуу көңүлүм калган жаным, “намаз окуйт экен” деп, молдокеге турмушка чыгууга туура келди. Бирок, молдоке менен ичкен кишинин ...

0 915

Назира Айтбекова: "Мурунку жашоомдо эркек болсом керек. Сулуу кыздарды караган жагат.."

13-февраль 2019, 12:40 Айдар Нуралиев

Реинкарнация чын эле бар болгон болсо, мурунку жашоомдо эркек болсом керек. Сулуу кыздарды караган жагат. Суктанам сулуулукка. Астма өнөкөтүм балким мурунку жашоомдо чылым көп чеккендиктен келсе керек. Манжаларыма кагаз кыпчып алып, ийлеп, чеккендей түр көргөзгөн адатым бар. Бирок чекпейм сөйкө, шакек, шиш така, көйнөккө көп жакын эмесмин. Күнүмдүк жашоодо шымаланып, ыңгайлуу жүргөн жагат. Ачык - чачык, сексуалдуу образ сүрөттө , эфирде ...

0 10830

Айнура: "Отузга чыга элек күйөөмдөн жийиркенем..."

13-февраль 2019, 08:36 Кызгалдак Жакыпова

Айнура эмнегедир акыркы кездерде күйөөсүн такыр эле көргүсү келбей калды. Анткени ал диндин фанаты болуп, сербейтип сакал коюп алган. Анысы ээгине жарашса дагы жакшы эмеспи. Илгерки басмачылардай болуп кейпи дагы келишип калганы чын. Ал эми кийген кийим кудум Афганистандагы эле апийим менен дүйнө элин ууландырган этек - жеңи балбаалаган, көзгө серт көрүнгөн кийим кийген афганистандык эле кишинин көрүнүшү. Ооба, экөө жаңы ...

0 458

БОЛГОН ОКУЯ: Агасынын жанын алган ажалды жанынан көргөн абышка

12-февраль 2019, 17:49 Айдар Нуралиев

Бул окуя союздун убагында Жумгал районуна караштуу бир айылда болгону айтылат. Сапар карыя тоодо мал менен  болуп, көптөн бери айылга түшө элек болучу. Эртең менен айылдан кабар келди “аталаш тууганыңдын оорусу катуу” деп. Беш жашка улуу агасына барып учурашып келбесе да болбойт. Анткен менен агасы көптөн бери ооруп төшөк тартып жатып калганы да чын. Сапар кашка атты токуп минип, жалган шашкеде ...

0 2096

Сулуу аял кызганычтын башаты

11-февраль 2019, 19:28 Кызгалдак Жакыпова

Экөөнүн үйлөнгөндөрүнө болгону бир апта болду, бирок үйдүн тардыгы бири-бирине берилүүсүнө такыр эле тоскоолун тийгизип, тартынып- корунуп жашап жаткандары чын. Айткандай атасы Асан менен апасы Калипа эки күнгө башка айылга конокко кетишкен. Ошол себептен эки жаш өздөрүн эркин сезип, минтип берилүү менен сүйлөшүп олтурган кездери. Айике, Бекмураттын чечилип айткан сөздөрүн укканда аны чындап аяп кетти. Айткандай Бекмурат апасы менен атасы үйдө ...

11-февраль 2019, 19:28 | 2096
0 6888

БОЛГОН ОКУЯ: Аялдардын тозогун көрүп келген кемпир

11-февраль 2019, 19:27 Кызгалдак Жакыпова

Бул окуя мындан он-он беш жыл илгери Ат-башы районуна караштуу бир айылда болгону айтылат. Жашы жетимиштин жетисине келип калган Сайра эне эч оорубай туруп эле уктап жаткан калыбында бул жашоо менен кош айтышып кете берет. Албетте кары кишинин балдар-кыздары көп болгон үчүн сөөк кою зыйнатына көп киши келип үчүнчү күнү жайы даяр болуп, сөөктү алып чыгарганы акыркы жолу жууганы даярданып жатышканда ...

0 1060

“Ата менен эненин биринчи милдети - балага жакшы ат коюу”

11-февраль 2019, 16:44 Перизат Кутманалиева

Ооба, жашоо сапарында эмне деген гана бизге билинбеген нерселер, али уга элек жана сырдуу окуялар эл ичинде  катылып жатат. Акыркы кезде өзгөчө жаштар такыр эле башка улуттун салтына ооп, тилин сүйлөп, өз улутубуздун касиеттерине көңүл бурбай бара жатканы көңүл оорутат. Анткени көп кылымды карыткан элибиздин салт-санаасы кимдин колунда албетте жаштардын. Алар дагы бир кезде карып кыргызчылыкты, салт-санааны балдарына калтырышы ...

0 1934

Аялзаты эркекке эмнеси менен барктуу?

11-февраль 2019, 14:12 Перизат Кутманалиева

Биз аял затын бул ааламдын көркүн ачкан, ырысын чачкан, жер бетинин жандуу гүлдөрү катары жана көзгө сүйкүмдүү калк деп билебиз. Аялдардын назиктиги, көз жоосун алган сулуу турпаты, кылыктары, жылмайганы, каткырып аба жарып күлгөнү, кызыл-тазыл болуп көйнөк кийгендери, бийик така менен жерди оюп тыкылдатып баскан изи  деги койчу мырзалардын жашоосуна көрк кошуп, ар бир күнүбүздүн эле эмес, керек болсо өтүп жаткан ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1169

Өгөй балам атасына эле эмес мага да тынчтык бербей айламды кетирди..

11-февраль 2019, 13:14 Перизат Кутманалиева

Жашым 50дөн ашып калды. 35 жашымда бир баласы бар, жубайы каза болуп калган кишиге турмушка чыккам. Уулун өз баламдай кабыл алып, тарбиялап чоңойтууга аракет кылдым. Окуттук, башка балдардан кем кылбай кийинтип жакшы тарбия берүүгө аракет кылдык. Үйлөнгөндөн көп өтпөй кыздуу болгонбуз. Аныбыз азыр мектеп окуучусу, уулубуз болсо 30га чыгып калды. Жолдошум менен талашып тартышкан деле маселебиз жок, жакшы жашадык. Жумуш ...

0 5696

Нурмат: "Аялымды туугандарым жактырбайт.. "

11-февраль 2019, 09:06 Перизат Кутманалиева

Атым Нурмат, Көлдүн тургуну болом.Үйдө алты бир туугандын ортончусумун. Айылда жумуштун жоктугунан ары-бери урунуп жүрүп акыры Орусияга барып иштемей болдум.Алгач жарытылуу жумуш таппай жүдөп жүрүп эмерек жасаган цехке кирдим.Балдар менен баш көтөрбөй беш күн иштеп, эки күн эс алабыз.Акырындан акчанын даамын татып, үйдөгүлөргө тыйын салып, үстү-башымды оңдоп тыңый баштадым.Эс алуу күндөрү дүкөн кыдырып, шаар аралап мээ сергитебиз. Ушундай күндөрдүн биринде ...

0 2190

БОЛГОН ОКУЯ: Укмуш күчгө ээ болгон Шадыкан олуя

09-февраль 2019, 17:02 Перизат Кутманалиева

Бир курдай төрт-беш жигит Андижанга мал айдамай болуп даярданып калышат. Бирок алардын минген аттары анчалык алыс жолго басып бара албасына көзү жеткен Шадыкан мырза азыркы жылан арык айылы турган жерде калың токой болгон экен. Ошол токойдон төрт-беш тал чыбык кыйып келгиле деп баягы балдарды жиберет. Бешөө барып тандап туруп тал чыбык кыйып келишкенде Шадыкан балдарды кетирип жиберет да, анан өзү ...

0 4863

Сапаргүл Абдинабиева: "Сени өсүп турган гүл да жоктойт, Улан!"

08-февраль 2019, 18:10 Перизат Кутманалиева

Чыгаан журналист Уланбек Эгизбаевдин жубайы Сапаргүл Абдинабиева жолдошун жоктоп эскерүү жазды. "Кайсы бир терезелерде миңдеген гүлдөр өсүп жаткандыр. Ар түрдүү... Ак, сары, кызыл... Ким билсин алардын кайсынысы бакытка балкып турат? Кайсынысы үйдөгү ызы-чуудан чарчап турат? Билгеним, алардын баары үмүт менен ачат, жашоого умтулат. Гүл да болсо бактылуу болууга акылуу эмеспи. Гүлдүн табияты тынчтык, кубаныч, тазалык, ынтымак бар жерди ыроолойт, көркүнө чыгат. Ошон ...

0 1849

Ашырбүбү апа: “Отуз уулум болгуча, осурак чалым болсочу?..”

08-февраль 2019, 15:49 Перизат Кутманалиева

Тагдыр – адам баласынын акылы жетпеген Жараткандын сыры. “Карысы бардын ырысы бар” дегендей, карыган ата-апаларыбыздын баркын убагында билип, бапестеп карап алууга умтулалы. Карылар үйүндө бери карап күлгөн менен ары карап ыйлап, үмүттүү көздөрү терезе теше тиктеген ата-апалар аз эмес. Эртең биз да карыйбыз, бизди кандай тагдыр күтөрү белгисиз. Ата-эненин батасын алмайын бейиш эшиги ачылбайт!   -- Ашырбүбү апа, бүгүнкү маанайыңыз жакшыбы? -- ...

0 3448

БОЛГОН ОКУЯ: Жакшы аялдын жардамы

06-февраль 2019, 17:45 Кызгалдак Жакыпова

Кубат көчө бойлоп келе жатып, эмнегедир башы айланып кетти. Жерге олтура калып, араң боюн кармап калды, болбосо жыгылып кетет беле ким билет. Бир кезде олтурган ордунан туруп, кайра сапарын улады. Күн ысык. Төбөдөн тийген күндүн нурунан качып, көлөккө издеген эле жан. Андан дагы суусап суу ичкендердин да саны арбын. Шаардын чоң көчөлөрү менен келе жаткан Кубаттын дагы башы айлланып кетип, бул жолу ...

0 2069

Светлана Жумадылова: “Урматтуу президент, мени Рустам Ибраимовдун кордугунан куткарып калыңызчы?”

05-февраль 2019, 13:53 Кызгалдак Жакыпова

Редакция астанасын күч түзүмдөрүбүз менен айрыкча сот, прокуратура органдарынан көңүлү “үч көчкөн журттай” калган жарандарыбыз көп атташат. Себеби жөнөкөй эле: алар акыры айласы кеткенинен адилеттик издеп, журналисттерди тирек кылышат. “Төртүнчү бийлик өкүлдөрү аркылуу үнүбүз ажобузга жетсе” деген үмүттөгү көп мекендештерибиздин бири Светлана Калиевна биздин гезит аркылуу көкүрөктөгү датын өлкө башчысына жолдоду. -- Светлана айым, эмесе сөздү көкүрөгүңүзгө көк таштай тийген ...

0 2727

Якут кызынын кылыгы менин болгон дитимди, жүрөгүмдүн теңин алып калды

04-февраль 2019, 20:58 Кызгалдак Жакыпова

Элдин агымынан калбай мактаганынан мен да үй-бүлөөнү таштап, тааныш балдар менен Якутияга жөнөдүм. Жөнөгөнүм курусун, барарын барып алып, эки ай иш жок жаттык. Бул жактан тим эле тоодой акча тапчудай болуп барып, үйгө акча сала албай катуу кыжалат болуп жүрүп, эптеп иш да таптык. Негизи эле кыргыздар кайда болбосун чыдамкай келет экенбиз. Биздин кылган ишибиз, орус тилде сүйлөй алганыбыз жакшы ...

0 3598

Өз аялымды ур-тепкиге алып, кызымды коркутуп..

04-февраль 2019, 14:49 Кызгалдак Жакыпова

…Биздин мамилебиз сонун башталган. Алгач ирет досумдун туулган күнүндө көргөм. Ал жолдош баламдын сүйлөшкөн кызынын курбусу экен. Абдан жакшы отурдук. Андан кийин мен ага телефон чала баштадым. Жолугушууга чакырдым. Кыз-жигит болдук. Аябай ашык болуп калганымды аңдадым. Колун сурасам, макулдугун берди. Ааламдагы эң бактылуу адамга айландым. Жарым жыл өтпөй баш коштук. Кыжырымды кайнаткан бир учурга чейин баары жакшы болчу… Жумушта элем, телефон ...

0 918

Айнура Чанчарбаева: “Түркиянын бир нече шаарларына чыгыш бийин тартууладым, эми Таиландга кетип жатам”

04-февраль 2019, 14:04 Кызгалдак Жакыпова

“Такси жана телефон”, “Жашынмак”, “Кекеч” тасмаларында роль жаратып, тал чыбыктай ийилип, чыгыш бийин чимириле бийлеген ажарлуу айым Айнура Чанчарбаева бүгүн бизде мейманда. -- Айнура айым, алгач акыркы жаңылыктарыңыз менен бөлүшсөңүз? -- Акыркы убакта чыгармачылыкка басым жасап, ар кандай келишимдердин негизинде чет мамлекеттерге көп чыга баштадым. Ошондой эле тасмага тартылууга дагы сунуштар түшүп жатат. Азырынча убакытым тар болгону менен алдыда актёрдук чеберчилигимди өстүрүүгө ...

0 1320

“Шоро” компаниясынын негиздөөчүсү, коомдук ишмер Табылды Эгембердиевдин досу Шайлообек Дүйшеев: “Табыкем мени башка достордон кызганчу”

31-январь 2019, 17:26 Кызгалдак Жакыпова

Дос деген ыйык нерсе, эгер аны баалай билсе...Жакшы достон жан дүйнөгө гүлазык алып, аны жүрөгүңө эш тутасың.Арабыздан өтүп кеткен белгилүүлөрдүн достук мамилесин, адамдык асыл сапаттарын досторунун оозунан уктук. -Ал кезде 8-кичирайондо турчумун.Мени да эл таанып, Табылдынын да максымы жакшы өтүп дүркүрөп турган кез.Кечке маал жумуштан жөө үйгө кетип баратсам беш-алты кадам алдыда Табылды чылым чегип ойлуу баратыптыр.Бат-бат басып жанына ...

0 4715

Молдого кор болгон наристелер..

31-январь 2019, 17:18 Кызгалдак Жакыпова

Бул окуя 2000 -жылдары кадимки эле Бишкек шаарынын чок ортосу аталган Ош базарынын жанындагы азыркы Бейшеналиева көчөсүндөгү Мечитте болгон болучу. Ал кезде азыркы чоң мечиттин ордунда кичине эле мечит болгон. Ал кез эмне Акаевдин учуру. Нак бардак заман болуп, эл Россияга бакыт издеп жаңыдан кетип жатышкан кез эле. Курган ата-энелер беш-алты жаштагы балдарын жана кыздарын ириде айтылган мечиттеги имамга акчасын төлөп таштап ...

0 1034

Өлүмдөн сактаган кайырчынын батасы

31-январь 2019, 13:04 Кызгалдак Жакыпова

Ооба, бул жалганда сом негизги ролду ойносо, тиги чын дүйнөдө сооп иш чоң роль ойноору көп айтылат. Андыктан бул жалган жашоодо сооп таап калганга аракет кылган, адам баласы үчүн негизги максат болгону жөндүү. Бир күнү периште Аман молдого айтат: -Тетиге дүкөнгө кирип бара жаткан баланын жашоосу эки күндөн кийин бүтөт. Ичээр суусу аз калды-деп. Аман молдо дүкөнгө кирип бара жаткан баланы аянычтуу ...

0 1681

Эркектерге табигый "виа гра" болгон мээр чөп

30-январь 2019, 19:05 Кызгалдак Жакыпова

Бул окуяны мен тээ илгери Капаш мергенчиден уктум эле. Бирок, анын айткандарына убагында анча деле көңүл бурган эмес болчумун. Анда эмесе сөз башынан болсун –деп Жараш досум кийинки маегин баштады. -Капаш мергенчи түнт анан сөзгө сараң киши болучу. Негизи эле мергенчилер ууга чыгып келгенде абдан мактанып айтышат эмеспи, калпты-чынды аралаштырып. Капаш мергенчи калп да айтчу эмес, анан кээде кулакта кала турган сөздөрдү ...

0 1741

Түш көрүп байыган бала

30-январь 2019, 15:04 Кызгалдак Жакыпова

Билинбегени менен түш дагы жөн жерден аян бербейт. Кээде көргөн түш кадимкидей кайталанып да калган учур кездешет. Эмесе окуянын өңүтүнө көңүлбурсак -Тээ илгери бир жаш бала түш көрөт. Көргөн түшүн эртең менен апасына айтып берет да, анан сөз күтүп туруп калганда апасы баласынын көргөн түшүн угуп болуп: -Балам, бизге Кудай берген экен. Эми сен мындай кыл. Бүрсүгүнү Суук-Капчыгайдын оозуна барып  болушту күт. Ал ...

30-январь 2019, 15:04 | 1741
0 6117

Венера: "Атасы оштук, апасы нарындык болгону үчүн балдарыма эч кимиси карабай жатат"

30-январь 2019, 11:01 Кызгалдак Жакыпова

“Каяктыксың?” деп адамдын жердигин тактап,сүрүштүргѳндѳрдү жек кѳрѳм. Дал ушундай адамдардын айынан жолдошум экѳѳбүздүн бактылуу жашообузга кара кѳлѳкѳ түшүп, сезимдерибиз соолубаса да үшүп жашадык.Эми болсо эки балам менен же Ошко батпай, же Нарынга батпай орто жолдо калдым... Мен Нарындын Кочкор районунан болом.Атам балдарынын жакшылыгын кѳрѳр маалда кайтыш болуп кетти.Үч уул менен эки кыздын жоопкерчилиги апама жүктѳлүп, баарыбыз “апабызды кыйнабайлы” деген түшүнүк менен ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 2022

Бөлөсүнө тийип, кусалыкка баткан жеңекемдин ошондогу көздөрү ай..

30-январь 2019, 09:30 Кызгалдак Жакыпова

Мен аскерден жаңы келип, көчө таптап жүргөн кезимде, айылдын башкармасы өзү атайын жолугуп мени сакмалга барып берүүмдү суранды. Эки жыл чет элде жүрүп, айылга жаңы көнүп келе жатканымда кайдагы сакмал деп ойлогонума карабай мени тоо арасындагы сарайдагы бир койчуга мени сакмалга айдап жиберди. Сакмалга барган күндөн баштап, менин көзүм койчунун жаш келинине кабылда да калды. Эх, ушунчалык дагы сулуу жан бар экенин ...

0 2478

60ка таяп калган агайымдын акчасына карап тандап жаңылыпмын..

30-январь 2019, 09:03 Кызгалдак Жакыпова

Редакцияга келген бул атын атагысы келбеген айымдын катын окурмандар менен бөлүшүүнү туура көрдүк. Бул окурманыбыздын окуясынан балким кимдир-бирөө сабак алар.. Мен борбордогу окуу жайлардын биринен экономика факультетин кызыл диплом менен аяктагам.Окуу жайда мугалим болуп калышымды жетекчилик өзү сунуштап калып калгам.Жумушумда баары жакшы эле, бирок жеке жашоом айланамдагылардын баарын тынчсыздандыра баштады.Анткени 35ке чыкканымда да жалгыз болчумун.Өзүмө билинбегени менен кандидаттык диссертациямды жазам деп ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83