www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кылмыш жана кырсык
0 156

Чек арада тажик чек арачылары ок атты

Бүгүн 22-майда да кыргыз-тажик чек арасындагы абал кайрадан чочулоо жараткандыгы кабарланууда. Баткен районунун Кара-Бак айылында кыргыз-тажик чек арасында ок атылды. Тажик чек арачылары асманга эки ирет ок аткан Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева бул маалыматты ырастады. “Бүгүн, 22-майда аталган мазарга 21-майда жакынын көмгөн жарандар келип, куран окуп жаткан учурда ...

0 413

Кармалган Шамиль Атаханов укук коргоочуларга милициянын үстүнөн арызданды

Кыйноолорду алдына-алуу Улуттук борборунун кызматкерлери экс-вице-премьер-министр Шамиль Атахановдун жактоочусунун келип жолугууларын суранган кайрылуусуна көңүл бурушту. Анын айтымында, борбордун кызматкерлери тезинен ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына келип Ш. Атахановго жолугушкан. “Атахановдун арызында  кармоо тууралуу токтомду 21-майда кечки 20:00 де алган. Андан кийин аны  эч кандай медициналык кароосуз, убактылуу кармоочу жайга алып келген. Себеби, Атаханов буга чейин эки инфаркт алган адам катары ...

0 260

Башка аялдын документи менен көз жарган эне кармалды

Бүгүн, 22 – майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин алдында түзүлгөн жумушчу топтун Баткен областындагы жыйыны улаантылды. Иш чаранын максаты Эмгек, миграция жаатындагы мыйзамдардын аткарылышын талдап, аларды ишке ашыруунун механизмдерин өркүндөтүү болуп саналат. Баткен ОИИБнин криминалдык милиция кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча өкүлү Улукбек Мамытовдун белгилешинче, төрөтканада дагы адам ...

0 153

Москвада Кыргызстандын жасалма документтери менен паспортторун  колдонуп жүргөндөр кармалышты

Кыргыз Республикасынын жарандарына келген өлкөлөрүнүн мыйзамдарын бузбоо сунушталат. Мамлекеттик мекемелердин ар кандай тактамаларын алуу,  каттоону жасатуу жана узартуу сыяктуу мыйзамсыз жана ортомчулук  кызматтарын сунуш кылган алдамчылардан алыс болууга чакырат.  Жогорудагыдай кызматтарга барып, жасалма документтерди колдонуу менен  жарандар өздөрү кылмышка барып жатышат. Мыйзамды билбегендик кылмыш  жоопкерчилигинен бошотпойт. Кыргызстандын Евразиялык экономикалык союзга киргенден кийин, Борбор Азиянын өлкөлөрнүн жарандары Россиядан жумушка орношуу үчүн жасалма кыргыз паспортторун ...

0 85

"Ачык өкмөттүн" улуттук форуму жыйын өткөрөт

«Ачык өкмөттүн» улуттук форуму кезектеги жыйынын өткөрөт. Анда катчылыктын башчысы Иманкадыр Рысалиевдин кеткенине байланыштуу жаңы жетекчини дайындоо жол-жобосу талкууланат. Бул тууралуу форумдун мүчөсү Эркинай Убышева билдирди. Мындан сырткары «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруудагы, мекемелердин ишмердүүлүгү жана аларды менчиктештирүүдөгү ачыктык маселелери көтөрүлөт. Мунун алдында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги өкүлү Пьер фон Аркс кыргыз өкмөтүнүн кайрылуусуна жооп кайтарып, ...

0 154

АУДИО - Пара… Пара… Пара… Дуемся!

Аудиофайл 21-май 2019, 15:32 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстандын ишенген кызматы эле УКМК болчу. Баардыгы жашыруун болгондуктан бул мамлекеттик мекемеде баардык сырлар катылып, ал тургай көп кылмыш иштердин баяны толук бар деген да түшүнүк бар. Бул туурасында "Факты.kg" гезити жазып чыкты.  Анан калса, өлкөдөгү болуп жаткан ар кандай теңирден тескери иштердин, аты жаман коррупциянын деле сазынан сууруп чыгат деген ишенген тармак дагы ушул мекеме болчу. Милициянын деле ...

21-май 2019, 15:32 | 154 | Аудиофайл
0 393

АУДИО - Ош базарына жакын жерден жигитти бычактап кетишти

Аудиофайл 21-май 2019, 15:30 Кызгалдак Жакыпова

20-майга караган түнү Бишкектеги "Ош" базарына жакын жерден бир жигит бычакталганын окурман билдирди. Бишкек шаарынын ички иштер бөлүмүнүн маалымат кызматынын өкүлү Улан Жумаков мындай факты болгонун ырастады. Бул тууралуу "Мантыш" гезити жазып чыкты. "Киев менен Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги супермаркеттин жанынан 22 жаштагы жигит бычакталган. Окуя 20-майда саат 3:00дөр чамасында болуп, кырсык болгон жерге милиция кызматкерлери дароо келген", - ...

0 1823

ВИДЕО - Токмоктогу киши өлтүрүүгө күбө болгон 13 жаштагы баланын өмүрү коркунучта

Жергиликтүү  ММКларга Токмоктогу 31 жаштагы жалгыз эне Марина Щербакова кайрылган, ал Токмокто Ички иштер бөлүмү анын суранычын, жазган арызын карабай жатканын айтып, милиция бандиттердин кызыкчылыгын көздөп жаткандай деген шегин да жашырган жок. Маалыматка караганда, М.Щербакованы жана анын төрт баласын өлтүрүп кетебиз деген коркутуу болуп жаткан. Себеби, аялдын 13 жаштагы уулу Максим, катуу соккудан каза тапкан ...

0 219

ВИДЕО - ИИМдин ыкчам кызматкерлери издөөдө жүргөн жаранды кармашты

ИИМдин КМКнын 2-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Өзгөн РИИБи менен биргеликте алдамчылык үчүн издөөдө жүргөн жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдирди. ИИМдин КМКнын 2-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Өзгөн РИИБи  алдамчылыкка шектелген жаранды кармоого багытталган бирдиктүү ыкчам  иш-чараларын жүргүзүштү. Мурда, ички иштер органдарына Өзгөн районунун жашоочусу алдамчылык  фактысы боюнча арыз менен кайрылып, мыйзамдын негизинде тиешелүү  чараларды көрүп берүүлөрүн суранган. 2017-жылдын күз ...

0 468

Улуттук госпиталдын бөлүм башчысынын акча менен кармалгандыгы аныкпы?

Улуттук госпиталдын Көздүн микрохирургия бөлүмүнүн башчысы пара алуу менен кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазып чыгышкан. “Болжолдуу маалыматтарга караганда, шектүү катары Салтанат Иманбаева кармалган. Ал жасаган операциясы үчүн, 30 миң сом алып жаткан жеринен кармалган. Бирок, үй камагына коё берилген”, - деп жазылган басылмада. Кийинчерээк жактоочу Чынара Жакупова, бул маалыматты төгүндөгөн билдирүү таратты. Буга ...

0 959

Бишкек-Ош жол кырсыгынан эки полковник каза таап, эки офицер катуу жараат алды

Бишкек-Ош жолундагы жол кырсыгынан эки полковник каза болуп, эки офицер катуу жабыркады. Бул маалымат Чүй облусунун Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан тастыкталды. Маалыматка ылайык, бүгүн, 20-майда эртең мененки саат 6:30 да 97-чакырымында "Мазда Демио" унаасы менен жүк унаасы кагылышты. Болжолдуу малыматтар боюнча, Оштон  Бишкекке бара жаткан аскер адамдары түшкөн “Мазда” унаасынын айдоочусу уктап кетип, жүк ташуучу унаага урунган.

0 218

УКМКнын 5 миң доллар талап кылган кызматкери кармалды

Бишкекте Аскер прокуратурасы УКМКнын кызматкерин 5 миң доллар пара менен кармады. Бул тууралу күч түзүмдөрүнөн кабарлайт. Маалыматка ылайык, пара алууга шектелген кызматкерди 2019-жылдын 18- майында кармашкан. Ал 5 миң доллар талап кылып, анын 50 миң сомун алып жаткан жеринен кармалган. Кармалган кызматкер УКМКнын СИЗОсуна киргизилди. Булак:NazarNews.kg

0 344

Батукаев боюнча камалган лобарант СИЗОдон бутун сындырып алды

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча камакка алынып СИЗО-1 абагында  жаткан лобарант, керебеттен түшөм деп жатып бутунун таманын сындырып алган. Маалыматка ылайык, керебеттен кулап кеткен Ирина Цоповага дароо медициналык жардам көрсөтүлгөн. Түрмөнүн хирургу анын бутун карап, гипс коюп берген. Андан тышкары, кечээ аны травмотолог көрүп, ооруканага жатууга эч кандай негиз жок деген тыянак чыгарган.

0 499

Токон Мамытов, Батукаевдин бошотулушуна анын кандай тиешеси бар экенин айтты

Мамлекеттик чек ара кызматынын мурунку башчысы, Кыргызстандын Акыйкатчысы Токон Мамытов кримтөбөл Азиз Батукаев өлкөдөн чыгып кеткенин  кандайча укканын, ага кандай катыштыгы бар экендигин ММКларга берген маегинде айтып берди. Анын айтымында, Батукаевдин өлкөдөн чыгып кеткендиги боюнча маалымат кесиптештери тарабынан жеткирилген. 9-апрелде кечинде “Манас” КППнын башчысы чалып, аэропортто УКМК менен ИИМ кызматкерлери жайнап жүргөнүн кабарлаган. Андан тышкары, ...

0 110

Милиция үч жаштагы баланы жолбун ит сүйрөп бараткан жеринен куткарды

17-май 2019, 13:05 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын ИИМдин МАККББнын Аламүдүн райондук күзөт  бөлүмүнүн кызматкери милициянын кенже сержанты Адилет Бекжанов табелдик  курал менен  үч жаштагы баланы жолбун иттен сактап калды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Милиция кызматкери жаш баланы куткаруу үчүн табелдик куралды колдонууга  туура келди. Бул окуя 2019-жылдын 16-май күнү болжол менен саат 15:00 чамасында  Кыргыз Республикасынын ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы  башкы башкармалыгынын ...

0 719

Бандиттер, кумарканалар былгып кетти

17-май 2019, 08:59 Айдар Нуралиев

Негедир беткап кийген бандиттер бир эле Бишкекте эмес бардык аймактарда былгып кетти. Түндө дүкөндөргө кирип, кассадагы акчаны оңой эле шыпырып кетсе, чак түштө үйлөргө баш багып тополоң салып, колуна тийгендерди олжолоп кетип жатышканы элди кооптондуруп койду. Ал эми милисалар болсо башын шылкыйтып, митингге чыккандарды кайтарып калышканы ого бетер кыжырды келтирет. Өткөндө эле белгилүү ырчы Мирбек Атабековдун үйүнө кирген бандиттер апасын, ырчынын ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 133

Дамир Мусакеев: “Ысык-Көлдөгү митингге эч тийешем жок”

Учурда Алмазбек Атамбаевдин мурунку жан сакчысы Дамир Мусакеев Свердлов райондук сотунда жүрөт. Ысык-Көл облусунун Бөкөнбаев айылынын тургундары УКМКнын 9-кызматынын башчысы Мусакеевге козголгон кылмыш ишин токтотууну талап кылып  митингге чыгышкан. Андан тышкары, митингге КСДПнын да мүчөлөрү бар. Мусакеев журналисттер менен байланышканда, митингге эч кандай тийешеси жок экендигин жана бул маалыматты интернеттен окугандыгын айткан. “Алар митингге өз каалоосу ...

0 71

Москвада Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү кылмыш жасагандыгы үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын кармашты

Ушул жылдын май айында Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү Россиянын аймактык укук коргоо органдары менен биргеликте Москва шаарынын аймагында  жүргүзүшкөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында өз өлкөсүндө жасаган кылмыш иши үчүнмамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын кармашты. Бул тууралуу маалыматты ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. Кармалган жарандардын бирөөсү Ош облусунун Өзгөн районунун туруну, 1988-жылы туулган С.Х. аттуу жаран. Ал  Кыргыз Республикасынын ...

0 527

Суракка чакырылган Рысалиев “приступ” болдубу?

16-май 2019, 14:19 Айдар Нуралиев

ЖАМКнын мурдагы жетекчиси Зарылбек Рысалиев өзүнүн мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев менен бетме-бет сүйлөшүүгө чакырылган. Убактылуу кармоочу жайдагы Качкыналиев менен беттешүүдө Рысалиев өзүнүн жаман сезип, приступ болгондугун жергиликтүү ММКлар ишенимдүү булактарына таянып жазып чыгышты. Эске салсак, кечээ А.Батукаевдин мыйзамсыз камактан бошотулушу боюнча ЖАМК нын  төрагасынын мурдагы кеңешчиси Качкыналиев камалган. Тактап айтканда, ал ЖАМКнын мурдагы төрагасы З.Рысалиевдин кеңешчиси болгон.

0 651

Алмазбек Атамбаев соттон утулду

16-май 2019, 12:08 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 16-майда Жогорку Сотто мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тосмо арызынын негизинде юристтер Таалайкүл Токтакунова жана Канат Азиздин иши карала баштады. Ал Токтакунова менен Азизден 10 млн. сом өндүрүүдөн баш тарткан чечимине каршы арызданган. Токтакунованын жактоочусу журналисттерди сотко киргизүүгө сураныч катын келтирди. Бирок, Башкы прокуратуранын өкүлү Алишер Рустамбаев жакточунун суранычын орундатып, бирок, Атамбаевдин жактоочуларына жана өзүнө сотту сүрөткө жана тасмага ...

0 88

Бишкек ЖЭБ боюнча сот уланууда

15-май 2019, 16:23 Айдар Нуралиев

Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча соттук териштирүү өтүп жатат. Сотто жабырлануучу тараптын, "Электр станциялары" ишканасынын күбөсү Руслан Байдинов көрсөтмө берди. Бирок ал айыпталуучулардын адвокаттары берген суроолордун көпчүлүгүнө жооп бере алган жок. Айыпталуучу Сапар Исаковдун "ЖЭБдин кайсы тарабында авария болду? Жаңысыбы, эскисиби?" деген суроосуна "билбейм" деп жооп берди. Айыпталуучу Жантөрө Сатыбалдиев: "Эмнеге бул жерге келип ...

0 181

Ташкентте жолдо бараткан аялды сүзүп кеткен милициянын подполковниги кызматынан четтетилген жок

6-апрелде Ташкент районунда жолдо бараткан аялды өлтүрө сүзүп кеткен милициянын подполковниги май айынын башында кайра жумушка кайтып келди. Бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек кызматынын ички иштер органдарындагы өз булактары билдириди. 38 жаштагы Умид Курбановдун катышуусундагы жол кырсыгынан бир аял катуу жаракат алып, ооруканада көз жумган. 8-апрелде Өзбекстандын Башкы прокуратурасы кылмыш иши козголгонун жарыялаган. Бирок Ташкенттин ички иштер башкы башкармалыгынын атын ...

0 1052

Батукаевдин иши боюнча Зарылбек Рысалиевдин кеңешчиси камалды

ИИМге Башкы прокуратура тарабынан кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча сотко чейинки өндүрүштү ишке ашыруу тапшырмасын берилген. Маалыматка ылайык, ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Алар коррупцияга аралашкан, ошондой эле документтерди жасоого жана кызматтык жасалмалоолорго катышы бар деп шектелүүдө. Калыбек Качкыналиев, Зарылбек Рысалиев УКМКнын төрагасы болуп турганда анын кеңешчиси ...

0 499

Дамир Мусакеев бүгүн камалабы?

Дамир Мусакеев, 15-майда саат 15:00до УКМКга суракка чакырылганы маалымдалды. Айрым ММКлардын маалыматы боюнча, А.Атамбаевдин жан сакчысы Дамир Мусакеевди бүгүн камалат деп жазышууда. Эскерте кетсек, Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Дамир Мусакеевге карата сотко чейинки өндүрүш башталганын кабарлап, ага өлкөдөн чыкпоо шарты коюлган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 9- башкармалыгынын мурдагы башчысы, экс-президенттин жан сакчысы ...

0 279

УКМКнын башчысы кызматтан кетти

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы Идрис Кадыркулов, Мамкаттонун биометрикалык паспорттор боюнча тендер иштерине байланышкан иш УКМК тарабынын обьективдүү каралуусу үчүн өз арызы менен кызматтан кетти. Кадыркуловду кызматтан кетирүү боюнча мыйзамга Президент кол койду. Кыргызстандагы паспорт тендери боюнча чыр бир топ адамдын башын «жутмай» болду. Буга чейин «Коррупция» беренеси менен Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басарлары Руслан Сарыбаев, Данияр Бакчиев ...

0 559

Акчасы жок, курткасын таштап балдарына дары алууну сураган жаран соттолду

Токмок шаардык соту жергиликтүү тургунду дарыкананы тоногон деген айып менен күнөөлүү деп тапты. Айыпталуучу К.З.К. өз күнөөсүн мойнуна алып, 2019-жылдын 12-мартында анын балдары ооруп, ал дарыга акча издеп чыккан. Акча табалбай, танышына жолугуп калып аны менен сыра ичишет. Айыпталуучунун айтымында, ал караңгы кирип калганда, “Айболит” дарыканасына кирип, акчасы жок экенин айтып,курткасын таштап карызга дары берип туруусун өтүнөт. Дарыканачы баш тартат. Анан сыртка ...

0 169

ИИМдин ички аскер кызматкеринин асынып алган денеси табылды

15-май 2019, 09:31 Айдар Нуралиев

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында ички аскер бөлүгүнүн кызматкери асынып алган. Бул окуянын чоо-жайы иликтенүүдө. Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, окуя 13-майда катталып, 38 жаштагы ИИМдин ички аскер бөлүгүнүн кызматкеринин асынган денеси анын убактылуу жашап жаткан үйүнөн табылган. Бул иш Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестерине “өз өмүрүнө кол салуу” фактысы катары катталып, соттук –медициналык экспертиза дайындалды. Булак:NazarNews.kg

0 215

Паспорт тендериндеги коррупциялык чырга УКМК төрагасынын кандай байланышы бар?

15-май 2019, 09:18 Айдар Нуралиев

Кыргызстандагы паспорт тендери боюнча чыр бир топ адамдын башын «жутмай» болду. Буга чейин «Коррупция» беренеси менен Мамлекеттик каттоо кызматынын  төрагасынын орун басарлары Руслан Сарыбаев, Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев камакка алынып, Мамкаттоонун жетекчиси Алина Шаикова иштен алынган. ММКга жарыяланган маалыматка ылайык, өткөн айда кызматтан кеткен Шаикованын айтымында, 2018-жылы 6-декабрда аны жана ...

0 136

Токмокто кармалгандар өздөрүн кескилешкен

14-май 2019, 16:56 Айдар Нуралиев

Токмоктогу Убактылуу кармоочу жайда кармалган эки шектүү өздөрүн желим кашык менен кескилеп салышкан. Бул иш боюнча текшерүү жүрүүдө. Белгилей кетсек, мушташканга катышкан  шектүү менен наркотикалык заттысактап жүргөндүгү боюнча кармалган жаран Токмоктогу Убактылуу кармоочу жайдан каршылык көрсөтүү максатында бул ишке барган. Аларга дароо медициналык жардам көрсөтүлдү. Соттук –медициналык экспертиза жүргүзүлүп,  окуянын чоо-жайы иликтенүүдө. Булак:NazarNews.kg

0 151

Мунай ишканасы 65 миллион сом чыгымга учурады

14-май 2019, 16:41 Айдар Нуралиев

10-майда Жалал-Абаддагы Көк-Арт кичи шаарчасында жайгашкан мунай базасында чыккан өрттүн кесепетинен ишкана болжол менен 65 млн. сомдук чыгымга учурады. Маалыматка караганда, өрттүн кесепетинен улам мунайды кайра иштетүүдөн алынган даяр өндүрүм, эки цистирнадагы дизел күйгөн. Андан сырткары МАН үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган автоунаа да өрттөнгөн. Азыр өрттүн кесепеттери дагы такталууда. Эске салсак, мунайды кайра иштечүү ишканадан ...

0 651

Журналист Ыдырыс Исаков Оштун үлкөндөрүн бир ойлонтту

14-май 2019, 15:54 Айдар Нуралиев

Бүгүн, Ош шаардык кеңешинин отурумунда, журналист Ыдырыс Исаковдун  кечээ 13-майдагы Ошто көмүскө кумарканын жанындагы жаңжалдан улам шаардагы жашыруун  кумарканалар тууралуу сөз болду. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, көмүскө кумарканалардын иштешине кызыкдар милициялар бар экендигин ачыктап, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Муратбек Бороновдун мында тийешеси жок жана ал эми буга катуу чара көрөөрүн билдирди. Шаардык кеңештин депутаты Р.Турдуев, журналист күбө ...

0 121

Токмокто 80 жаштагы карыяны тоногондор кармалды

14-май 2019, 11:39 Айдар Нуралиев

Токмок шаардык милициянын кызматкерлери тарабынан 80 жаштагы карыяны ур –тепкиге алабыз деп коркутуп, үйүнө кирип 12 сом акчасын алып кеткен кылмышкерлерди кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирет. 10-майда Токмок шаарынын 80 жаштагы тургуну белгисиз бирөөлөр түндө үйүнө кирип, токмоктойбуз деп коркутуп 12 миң сомун алып кеткенин айткан. Кармалгандар мурда соттолгон 28 жана 30 жаштагы эки жаран болуп чыкты. ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 137

Аида Салянованын инисинин өлүмү тууралуу сот ишин улантат

14-май 2019, 09:10 Айдар Нуралиев

Бүгүн, Биринчи май райондук сотунда Аида Салынованын киши колду болуп каза болгон бир тууганы Улан Саляновдун өлүмү боюнча соттук отурум уланат. Маалыматка ылайык, соттук отурумда негизги күбө катары Олег Тярт тергөөдө айткан көрсөтмөсү боюнча суроолорго жооп берет. Экс-депутат Аида Салянова  буга чейин, кылмыш ишин тергөөдө маанилүү учурлар камтылбай калганы жана Орусияда кармалган шектүүлөрдүн сотко алып келинбей жатканы ар кандай ...

0 758

Коррупция боюнча СИЗОго камалган чиновник бошотулду

13-май 2019, 16:33 Айдар Нуралиев

“Инфоком” Мамлекеттик ишканасынын директору Талант Абдуллаев камактан бошотулгандыгын Биринчи май райондук соту билдирди. Бүгүн, тергөө соту Абдуллаевдин баш коргоо чарасын үй камагына өзгөрттү. “Башкы прокуратура анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча даттанууну сотко жөнөткөн. Сот аны тастыктап берген. Эске салсак, соттун чечими менен “Инфокомдун” директору Талант Абдуллаев, статс-катчы Данияр Бакчиев жана Мамкаттонун төрагасынын орун ...

0 295

Сузак райондук милициясы сабалган 2 жашар кыз боюнча кылмыш ишин козгогон жок

13-май 2019, 13:42 Айдар Нуралиев

7-майда Жалал –Абад облустук ооруканансына тез жардам менен оор жаракат алган 2 жашар кыз жандандыруу бөлүмүнө келип түшкөн. Бул иш боюнча укук коргоо органдары кылмыш ишин козгогон эмес. Сузак районунун милициясы кокустук катары каттап койгон. «Балдардын укуктарын коргоочулар лигасы» Жалал-Абад облустук ооруканасына эс-учун жоготкон, оор абалда жеткирилген наристени сабагандарды жазалоону талап кылып жатышкандыгын интернетке жарыялады.

0 470

Ыдырыс Исаков: "Мага кол салуу болгону анык"

13-май 2019, 13:21 Айдар Нуралиев

Журналист Ыдырыс Исаковду кумаркана делинген жайдын күзөтчүлөрү колун кайрып, телефонун тартып алууга аракет кылгандыгын Ы.Исаков “Фейсбуктагы” баракчасына туз эфир аркылуу жүктөдү. “Назарньюс” сайты Ы.Исаков менен байланышканыбызда ал: “эми бошонуп, кийимдеримди тазалап атам, костюмум айрылыптыр. Колдорум ооруп калганы болбосо, денеме өтө чоң залал келген жок. Эми бул боюнча Ош шаардык милициясына кайрылам.Жогорудагы тасманы Милиция органдары реакция кылсын деп жүктөдүм”, - деп айтты. Белигилүү ...

0 536

Алмата –Бишкек жолундагы кырсыктан 9 адам мерт кетти

13-май 2019, 12:23 Айдар Нуралиев

Алмата – Бишкек жолундагы кырсыктан 9 адам каза болду. Бул тууралуу Алмата облусунун полициялык Департаментинин басма сөз кызматынан билдирди. Кырсык, 12-майда 109 - чакырым аралыгында катталган. Lada жана Toyota Camry унааларынын кагылышынан 9 адам каза болгон. Алардын ичинде 2 айдоочу жана үч аял бар. “Кырсыкка кабылгандар Казакстандын жарандары болгон. Болжолдуу маалыматтарга караганда, Лада унаасынын айдоочуу рулду ...

0 552

СҮРӨТ - Министр Нурболот Мирзахмедов өрт өчүрүүчүлөрдү сыйлоо боюнча тапшырма берди

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов министрликтин тиешелүү жетекчилерине нефтебазадагы өрттү өчүрүүгө катышкан өрт өчүрүүчүлөрдү сыйлоо боюнча тапшырма берди. Бул тууралуу маалыматты КР ӨКМдин Басма сөз кызматы билдирди.  "Жалал-Абад шаарындагы нефтебазадан чыккан өрттү өчүрүүдө өрт өчүрүүчүлөр чыныгы эрдик көрсөтүштү. Жанында күйүүчү-майлоочу каражаттар сакталган бир топ ишканалардын объектилерин, 2000ге жакын жергиликтүү тургундардын өмүрү, материалдык баалуулуктарынын сакталышы дал ушул ӨКМдин кызматкерлеринин ...

0 683

ӨКМ: Нефтебаза жарылуу коркунучу бар объект, тик учак колдонуу мүмкүн эмес

Социалдык тармактарда Жалал-Абад шаарында орун алган өрт кырсыгына байланыштуу түрдүү пикирлер жана талкуулар жүрүп жаткандыктан КР ӨКМ  өзүнүн билдирүүсүн таратты. Маалыматка таянсак, учурда Жалал-Абад шаарында күйүп жаткан нефтебаза жарылуу коркунучу бар объект. Адистер мындай учурда өрт өчүрүүгө тик учак колдонулбашын белгилешет. Тик учак өрт чыккан обьектиге өрт өчүрүүгө колдонулуучу көбүктү алып барууга ылайыкталган эмес. Көбүк өрт өчүрүүчү унаа менен ...

0 571

Жалал-Абад облусундагы күйүп жаткан Нефти база Камчыбек Ташиевдин туугандарына таандык

Алдын ала маалымат боюнча, Жалал-Абад шаарындагы Шерматов көчөсүндө жайгашкан Нефти базадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Алгач өрттү өчүрүүгө учурда жалпы 4 бөлүм тартылган. Мындан сырткары ИИМ кызматкерлери, тез жардам кызматынан 1 бригада тартылган. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов министрликтин Кризистик кырдаалдарды башкаруу борбору аркылуу онлайн режиминде Жалал-Абад шаарындагы нефтебазадан чыккан өрттү көзөмөлдөп жатат. Министрдин буйругунун негизинде ...

0 468

Жалал абаддагы өрттү өчүрүүгө Оштон күч тартылып, адамдар көчүрүлө баштады

10-май 2019, 16:10 Айдар Нуралиев

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, министр Нурболот Мирзахмедовдун буйругу менен Ош облусунан кошумча өрт өчүрүү бөлүмү жана көбүк алынып келинди. Ушул тапта мунайды кайра иштетүүчү ишканадагы өрттү өчүрүүгө жалпы он бөлүм, эки автошаты тартылды. Мындан тышкары ӨКМдин ыкчам тобу, шаардык суу чарба башкармалыгынан үч суу ташуучу автоунаасы, РЭТ кызматынан бир бригада, "Тез жардам" кызматынан бир бригада, ИИМ кызматкерлери жана Жалал-Абад шаарындагы ...

0 338

Түрмөдөгү шектүү асынып алды

10-май 2019, 15:16 Айдар Нуралиев

Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгына тургун атасынын үстүнөн арыз менен кайрылган. Аталган  ИИБдин убактылуу камоочу жайында үч күндөн бери кармалып турган 55 жаштагы шектүүнүн сөөгү 10-майда табылган. Асынып алган маркумдун жанынан туугандарынан кечирим сурап жазган каты алынган. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча маркум небересине сексуалдык зомбулук аракеттерди кылган деген шек менен 7-майда ...

0 339

Дамир Мусакеев: Мен СИЗОго камалгандан  коркпойм

10-май 2019, 15:04 Айдар Нуралиев

УКМКнын 9 - кызматынын  мурдагы  жетекчиси  Дамир  Мусакеевге кызматкерлер арасында  кызматтык  батирлерди туура  эмес  бөлүштүргөн деген айып  менен кылмыш иши козголгон. Мусакеевдин  айтымында,  ал камалуудан коркпойт жаңы козголгон кылмыш иши да “мыйзамсыз баюу”  деп коюлган мурунку  кине өңдүү  бул да саясый буйрук экендигин айткан. “Мен СИЗОго камалгандан коркпойм, ал батирлерди турак-жай комиссиясы бөлүштүргөн. ...

0 805

Жалал-Абаддагы Мунайбазасынан эки өрт өчүрүүчү күйүп кетти

10-май 2019, 13:44 Айдар Нуралиев

Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи районундагы мунайды кайра иштетүүчү ишкана өрттөнүп жатканы тууралуу кабар  эртең менен желдей тараган. Сузак районунун өрт өчүрүү кызматынын 24 жаштагы кызматкеринин денесинин 50% күйүп калып, облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшүп, абалы оор экени айтылууда. Экинчи өрт өчүрүүчүнүн бети күйүп калып, ал да ооруканага жеткирилди. Өрт чыккан жерде өрт өчүрүүчү ...

0 2183

520 миң долларлык пара алууга айыпталган министрдин орун басарынын иши 20-майда каралат

10-май 2019, 09:21 Айдар Нуралиев

Транспорт министринин мурдагы орун басары чет элдик компаниядан 50 миң доллар алып жаткан жеринен 2018-жылдын 5-декабрында кармалган.  Кармалган чиновник Азимкан Жусубалиевдин ишин кароону Биринчи май райондук соту 20-майда улантарын билдирди. Маалыматка ылайык, алгач 4-апрелге белгиленген соттук процесс ар кандай себептерден улам жылып отуруп, 29-апрелде Азимкан Жусубалиевдин, Бехруз Гулрузованын жана Болотбек Токтобаевдин айыбы угузулган. 2-майдагы соттук ...

0 238

Министрдин мурдагы орун басары “Азия Ньюс” гезитин 10 млн. сомго сотко берди

10-май 2019, 09:01 Айдар Нуралиев

«Манас» аэропортунун авиациялык коопсуздук жана тартип дирекциясынын директору, ИИМдин мурдагы орун басары Данияр Абдыкаров «Азия-Ньюс» гезитин сотко берди. Маалыматка ылайык, ал гезиттен 10 млн. сом өндүрүп берүүнү сотко коюуда. Анын доо арызынын негизги себеби, “Азия Ньюс” гезитиндеги  макалалардагы, Абдыкаровго коюлган  эң негизгиси: «Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнөн акча жасадыңыз беле?» деген суроо коюлуп Абдыкаров менен камиланын сүрөтүн ...

0 5175

Аида Салянова, экс-башкы прокурор: "Уланды өлтүрүүгө буйрук берген киши табыларына чоң күмөнүм бар"

Уланым… Бүгүн сенин туулган күнүң. Бул күндү дайыма чогуу өткөзчү элек. Бүгүн сен 44кө чыкмаксың. Мээнетчил, калп айтып, ушак сүйлөгөн кишини жактырбаган, кенедейиңен күйүмдүү, тууганчыл элең. Мени билген киши болуп ушак таратып аткандарга туталанып, көпкө чейин бушайман болуп алаар элең. «Элең…» деп жазып жатып азыр дагы ишене албайм… Инимди аткан Осмонкулов тоногонго үй издешпегенин, түз эле инимдин үйүнө барышканын ...

0 585

Сабалган 2 жашар кыз эсине келелек

09-май 2019, 13:58 Айдар Нуралиев

Сузак районунда «Тез жардам» кызматы менен ооруканага түшкөн 2 жашар кыздын абалы оор. Учурда кыз облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Маалыматка караганда, 7-май күнү 2017- жылы туулган кызды ооруканага “Тез жардам” менен алып келишкен. Кыздын демалуусу начарлап, көзүн ачалбай жатат.Дарыгерлер кыздын денесиндеги көгалаларды көрүп, ага кол көтөрүлгөн дешүүдө. Кыз таэнесинин колунда багылып жаткан. Кыздын ата-энеси ажырашып, апасы шаарда иштеп жүргөн.

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 695

Батукаевдин артында Шамиль Атаханов, Зарылбек Рысалиев сыяктуу лөктөр барбы?

09-май 2019, 13:13 Айдар Нуралиев

Алты жыл мурда камактан айыккыс оорусу бар деп учак менен Грозныйга учуп кеткен Азиз Батукаевди бошоткон тийиштүү тармактын кызматкерлеринин жүрөгү азыр катуулап сого баштады. Анткени кайрадан кылмыш иши козголуп, ал тургай кээ бир доктурлар караңгы жерге киргизилип, тергөөчүлөргө тердеп-бурдап сурак берип жатышкан кези. Бул эми жөн жерден чыкпаса керек? Чамасы бирөөлөргө Батукаевдин иши козголушу керек болуп жаткандай шекилди. Ошондо милтенин ...

0 311

Дамир Мусакеев: 20 млн. сомдук байлык эмес, менчик үйүм да жок кызматтык батирдемин

09-май 2019, 12:04 Айдар Нуралиев

Кечээ, 8-майда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Дамир Мусакеевге карата сотко чейинки өндүрүш башталганын кабарлаган. Ага өлкөдөн чыкпоо шарты коюлган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 9- башкармалыгынын мурдагы башчысы, экс-президенттин жан сакчысы Дамир Мусакеевдин 20 млн.сомдук байлыгы жок экенин Башкыпрокуратура ырастады. Маалыматка ылайык, ал ата-энеси айылда бай болбосо да жакшы чарбасы бар экенин, үй-бүлөдөгү төрт бала бардыгы иштерин ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83