www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кылмыш жана кырсык
0 173

“Апрель" кылмышка шектүү адамдын мүлкү катары камоого алынды

10-август 2019, 17:59 Кызгалдак Жакыпова

“Апрель” каналы оор кылмышка шектелген адамдын мүлкү катары камоого алынды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти тараткан түшүндүрмөдө айтылат. Анда “Апрель” телеканалын камоого алуу анын редакциялык саясатына, көрсөтүүлөрүнүн мазмунуна же бийликке карата позициясына байланышы болбогону белгиленген. "«Апрель» телеканалы мамлекеттик органдарга карата ачык сын көз карашы менен белгилүү болчу. Ал иштеген жылдары маалыматтык ...

0 6266

ВИДЕО - Атамбаевдин тарапташтары "шефинин" үйүн тоноп кетишти

10-август 2019, 13:28 Кызгалдак Жакыпова

Атамбаев камалган күнү анын тарапташтары хан сарайга кирип баалуу буюмдар, акча жана Раиса Атамбаеванын алтын сергелерин тоноп кетишкен. Бул тууралуу Атамбаевдин туугандары билдиришти. Азыркы тапта жергиликтүү милиция кызматкерлери жана Атамбаевдин туугандары Хан сарайды мародерлордон коргоп отурушат. Эске сала кетсек, 8-августта күч түзүмдөрүнүн атайын операциясынын экинчи күнүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалган. Кой-Таштагы Атамбаевдин тарапташтарынын колунан бир адам каза болуп, Самат ...

0 665

Атамбаевдин үйүнүн жанынан автомат, 26 ок табылды

10-август 2019, 13:19 Кызгалдак Жакыпова

Атамбаевдин үйүнүн жанынан Калашников автоматы ок-дарылары менен кошо табылганы тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди. Алардын билдирүүсүнө караганда, кечээ, 9-августта, С.С. аттуу жаран “АК-47” үлгүсүндөгү автомат, 26 ок, 2 каска, бир кур Кой-Таш айылынан таап алып, милицияга өткөрүп берген. С.С милицияларга жоголуп кеткен дронун издеп жүргөндө, Атамбаевдин үйүнөн 100-150 метр алыс тоонун боорундагы чоң таштын жанынан таап алганын айтып ...

0 20373

ВИДЕО - Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкуловду башка балка менен чапкан учурдагы тасма тарады

10-август 2019, 13:12 Кызгалдак Жакыпова

Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкулов жандандыруу бөлүмүндө жасалма дем алдырууда, эсине келбей жатат. Социалдык тармакка Самат Курманкуловду балка менен башка чапкан учурдагы тасманы блогер Шүкүрбек Эркебаев социалдык тармагына жүктөдү. Эске сала кетсек, 7-8-августта Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча операция жүрүп жыйынтыгында  90дон ашуун жаран жаракат алып, аталган операцияны жетектеп барган подполковник Үсөн Ниязбеков ок жеп каза болду. Ал эми Чүй милициясынын башчысы Самат ...

0 1507

ИИМ: "Атамбаевдин тарапташтары Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди"

10-август 2019, 12:52 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы УКМКнын кызматкерлерин  барымтага алуу жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы  массалык башаламандыкты уюштуруу фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш  жүргүзүп жатат. Бул маалымат тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. Азыркы учурда ИИМдин тергөө кызматы тергөө жана ыкчам иш-чараларды  жүргүзүүдө. Кече сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кыргыз  Республикасынын мыйзамына ылайык мындан аркы тергөө ...

0 184

ИИМ: "Ички иштер органыдары коомдук тартипти, жарандардын жана шаардын конокторунун коопсуздугун камсыздоодо"

09-август 2019, 18:34 Айдар Нуралиев

Ички иштер органдары өткөн күндөрү шаардын көчөлөрүндө жана шаардын четиндеги айылдарда бейбаштык иш-аракеттерге бөгөт коюу боюнча тиешелүү чараларды көрүштү. Бул маалымат тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. 2019-жылдын 8-августундагы кечки жана түнкү маалда Бишкек шаары менен Чүй облусунун көчөлөрүндө агрессивдүү маанайдагы жарандар абалды турукташсыздырууга аракеттенүү максатын көздөп, бейбаштык иш-аракеттерди уюштуруп, укук-коргоо органдарына каршылык көрсөтүшкөн. Милиция кызматкерлери түнкү маалда коомдук ...

0 693

Кой-Таштагы окуяда УКМКнын кызматкери каза болду

08-август 2019, 01:24 Айдар Нуралиев

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында жарадар болгон атайын бөлүктүн кызматкери каза болду. Бул маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги ырастады. Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабековдун айтымында, ага ок тийген. "Ок жүрөгүн тешип кетиптир. Каза болуп калды", - деген Жумабеков дагы бир аскерге операция жасалганын кошумчалады. Саламаттыкты сактоо министрлиги үй тараптан атылган аскердик ок чопкуттан өтүп, анын көкүрөгүн ...

0 1088

Кой-Ташта укук коргоо органынын башына таш тийип жарадар болду

08-август 2019, 00:48 Кызгалдак Жакыпова

Кой-Ташта кырдаал курчуду. Укук коргоо кызматкерлери аз санда. Элдин саны укук коргоо органдарынан басымдуулук кылат.  Түз эфирди алып бара жаткан Мелис Аспеков милиция кызматкеринин башына таш тийип жарадар болгону көрсөттү. Ага кошумча укук коргоо органдары элдер менен карама-каршылыкка барбоого аракет кылып жаткандыгын маалымдады. Тасмадан элдердин кызуу кандуулукка алдырып жаткандыгын көрүүгө болот.   Белгилей кетсек УКМК мурдагы президент Алмазбек ...

0 553

УКМК: "Атамбаевди кармоо операциясы уланууда"

07-август 2019, 23:22 Айдар Нуралиев

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы уланып жатканын билдирди. «Атайын бөлүктүн жоокерлери Атамбаевдин тарапташтарына багынганы тууралуу маалыматы чындыкка дал келбейт. Учурда атайын операция уланып жатат», - деп айтылат мекеменин басма сөз кызматы бир нече мүнөт мурда тараткан билдирүүдө. Булак: NazarNews.kg

0 366

УКМК “Солтон-Сары” алтын кенинде болгон окуяга байланыштуу эскертүү берди

06-август 2019, 13:37 Кызгалдак Жакыпова

Массалык маалымат каражаттарында, Интернет сайттарда жана социалдык тармактарда “Солтон-Сары” алтын кенинде болгон окуяга байланыштуу, коомдо улуттар аралык тирешүүгө алып келе турган видеоматериалдарды жайылтуу боюнча УКМК төмөндөгүлөрдү эскертет. Айтылган видеоматериалдар коомчулуктун терс, кызуу реакциясын жаратып, жана ошондой эле инвесторлор менен  «Zhong Ji Mining company» компаниясынын кызматкерлерине карата жергиликтүү калктын ортосунда улут аралык тирешүүсүнө себеп болушу мүмкүн.    Белгилей кетсек, мындай ...

0 136

УКМК: Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку башчысы А.Шаикова издөөдө

05-август 2019, 10:43 Кызгалдак Жакыпова

КР Өкмөтүнө караштуу МКК, “Инфоком” Мамлекеттик ишканасынын, КР Каржы министрлигинин Мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн кызматкерлерине жана башка адамдаргакарата жаңы үлгүдөгү паспортторду даярдоодо коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш-ишин тергөөдө. Айтылган кылмыш-иштин фигуранттарынын бири болгон КР Өкмөтүнө караштуу МКК мурунку башчысы А.Шаикова суракка жана башка тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн жиберилген чакырууга келген эмес. Буга байланыштуу КР Башы Прокуратурасы А.Шаиковага карата КР ...

0 266

82 жаштагы карыя 9 жаштагы кызды зордуктоого шектелүүдө...

03-август 2019, 13:19 Кызгалдак Жакыпова

Бул окуя Самарканд облусунун Кушрабад районунда болгон. Милициянын билдиргенине караганда, 9 жаштагы кыз аймактын тоолуу айылдарынын биринде зордукталып, ага медициналык жардам көрсөтүлгөн. Аны зордуктоого шектелген 82 жаштагы киши кармалып, кылмыш иши козголгон. Бирок, карыя үйүнө бошотулган. Буга кыздын таяжелери нааразы болуп, арызданышууда. Ал эми Кушрабад райондук ички иштер бөлүмү 9 жаштагы кызды зордуктоого шектелген киши эч жакка чыкпоо тил ...

0 304

Ишкер Каримовдун өлүмүнө шектүүлөрдүн бири кармалды

31-июль 2019, 14:41 Кызгалдак Жакыпова

Азыркы учурда Орусияга мигрант болуп барып, бутуна турган кыргызстандыктар деле аз эмес. Екатеринбургдагы кыргыз диаспорасынын башчысы, ишкер, 54 жаштагы Камчыбек Каримовду быйыл 2-июлда үйүнүн жанында белгисиз бирөөлөр атып кеткен. Бул кылмыш акчанын айынан болгондугу да белгилүү. Анткени кылмышкерлер маркумдун колундагы ири суммада акча салынган сумкасын көтөрүп кетишкен. Бирок ал аймакта видеокамера болгондуктан, окуя камерага түшүп калган. Ушул жумада "Комсомольская ...

0 369

Оңой оокат издегендер

30-июль 2019, 15:13 Кызгалдак Жакыпова

Ош облусунун Араван районунда ишкерди коркутуп акча талап кылган 2 жаран кармалды. Маалыматка ылайык, 22-июль күнү Араван РИИБине жеке ишкерди бейтааныш 2 жаран "16 миң сом бересиң, болбосо өзүңдү түрмөгө алып барабыз" деп коркутуп акча талап кылганы тууралуу кабар келип түшкөн. "Араван РИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде 22-июль күнү саат 18:00 чамасында жеке ишкерден 10 миң сом акча алып ...

30-июль 2019, 15:13 | 369
0 340

Аскар Айтматов түрк элчисин сотко берет

30-июль 2019, 10:08 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстан ТИМдин мурдагы башчысы Аскар Айтматов Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Жеңгиз Камил Фыраттан 35 млн 21 миң сом моралдык чыгым өндүрүүнү ниеттенип жатат. Журналист Нарын Айыптын билдирүүсүнө караганда, Аскар Айматов түрк элчисинен алчу каражатка Талас облусунун Шекер айылына «Чыңгыз Ордо» мемориалдык комплексин куруу долбооруна жумшайт. Түрк элчиси аталган сумманы мурдагы министрге бир айдын ичинде төлөп бериши керек, а кокус төлөөдөн ...

0 220

ЖЭБ сотунда күбөлөр суралып жатат

29-июль 2019, 12:17 Кызгалдак Жакыпова

Бишкектин Свердлов райондук сотунда борбор калаанын Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөгө байланыштуу соттук териштирүү уланып жатат. Бүгүн Мамлекеттик экотехинспекциянын өкүлү Шараф Ачилдиев күбө катары көрсөтмө берди. Ал өз сөзүндө оңдоп-түзөө иштери аяктагандан кийин сөзсүз акт түзүлөрүн, ансыз иш кабыл алынбасын билдирди. ЖЭБ боюнча иште жогорку кызматтагы эң көп адам камакка алынып, 386 миллион доллар ири насыянын айланасында сөз болуп жатат. Кармалгандар арасында мурдагы ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 274

Максат Кунакунов эркиндикке чыкты

27-июль 2019, 13:31 Кызгалдак Жакыпова

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Максат Кунакунов Бишкектин Ленин райондук сотунун чечими менен мөөнөтүнөн мурда шарттуу абактан бошотулду. Сот Кунакуновдун ишин быйыл январда күчүнө кирип, иштей баштаган жаңы мыйзамдардын негизинде 12-июлда караган. Бул маалыматты “Азаттык” радиосуна Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова ырастады. Экс-депутат 2015-жылы жай айында “террорчулукка кол кабыш кылган, курал-жарактарды мыйзамсыз сактаган, мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттенген ...

0 1851

8 жаштагы кызды жабыла зордуктаган зөөкүрлөр

27-июль 2019, 11:25 Кызгалдак Жакыпова

Мындай кейиштүү окуя былтыр Индияда болгон. Сегиз жаштагы кызды жабыла зордуктаган сегиз зөөкүрдүн соту араң быйыл болуп, анда да алтоосу гана түрмөгө кесилди. Соттун корутундусунда наристе кызды бир нече күн катары менен зордукташып, акыры өлтүрүп тынышканы айтылат. Мындай каргашалуу окуя былтыр, Жаңы жылдын алдында болгон. Кыз жоголуп кетип, үч жумадан кийин анын мыкаачылык менен өлтүрүлгөн сөөгү токойдон табылган. Тергөөчүлөр ...

0 568

Койнунда котур ташы бар топтор Шабдановго кайрадан тиш салдыбы?

26-июль 2019, 17:29 Кызгалдак Жакыпова

Кара-Балтадагы криминалдык топтор менен камыр-жумур болгон «лөктөр» канча жылдан бери шаар мэри Данияр Шабдановду кызматынан шыпырып түшө албай убара тартып келе жатышат. Президенттик шайлоодон кийин мэрликти баса жыгылууну каалаган ошол шумпайлар «Замандаш» партиясынын ичиндеги саясатка түшүнбөгөн айрым мадырабаш балдарды катарына тарта коюп, Икрам Илмияновдун кишиси деген ураан менен «атака» жасаган. Бирок максатына жетпей «тиштери» сынып, тилектери талкаланып, «нокдаун» алган. Эки ...

0 500

Сот депутат Момбековго акчалай айыппул салды

26-июль 2019, 17:12 Кызгалдак Жакыпова

Сокулук райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековго акчалай айыппул салды. Буга чейин Маалыматтык технологиялык жана байланыш комитетинин мурдагы жетекчиси Бакыт Шаршембиев «кадыр-баркыма шек келтирди» деп Момбековдон 1 миллион сом моралдык кенемте өндүрүүнү талап кылган. Сот 26-июлда Шаршембиевдин арызын негиздүү деп тапты. Чечимге ылайык, Рыскелди Момбековду Бакыт Шаршембиевдин пайдасына 25 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди. Депутат Момбеков соттун чечимине нааразы экенин айтып, ...

0 261

Полковник Жеңиш Жоробековду каралагандар жазага тартылышат

25-июль 2019, 11:12 Кызгалдак Жакыпова

ИИМдин ичи ирип атканы ушулбу? Ынтымак ыдырап, алгылыктуу иштеп аткандарга ор каза башташканы уят, эй! Аз күн мурда 10-башкармалыктын начальниги Жеңиш Жоробековду каралашып, ФЕТОго жабыштыруу менен соцтармакта шыбап жатып калыппы. «Себат-Сабаттан» балдарыбыз билим алып атышат го? Жеңиш мырза Түркияда милициянын жогорку мектебинде окуган, кайра кайтып, элибиз үчүн өмүрүн арнап, мамлекеттен коопсуздугу үчүн күрөшүп келатат. Мына ушундай карапайым калкка жакын, профессионал кадрды ...

0 206

Баткен облусунда милиция кызматкерлери калк арасында мыйзамдуулукту сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат

24-июль 2019, 16:36 Кызгалдак Жакыпова

2019-жылдын 24-июль күнү болжол менен саат 6:00 чамаларында Баткен облусунун Ак-Сай айылынын жашоочулары Исфара-Ворух жолун тосууга аракет кылышып, жолго шагыл төгүшкөндө, жергиликтүү жашоочуларды таратуу үчүн милиция кызматкерлери атайын каражаттарды колдонушкан. Бул маалымат тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди. Баткен облусунун жергиликтүү тургундары Исфара-Ворух жолун тосууну аракет кылышкан, өз кезегинде милиция кызматкерлери мыйзамды бузбоону жана жолду тоспоону талап кылышкан. ...

0 800

ИИМдин “Шумкар” АБПнын кызматкери көлгө чөгүп бара жаткан эки жаранды куткарып калды

23-июль 2019, 17:31 Кызгалдак Жакыпова

2019 - жылыдын 22 - июль күнү болжол менен кечки саат 21:00дор чамасында  Ысык - Көл районунун Чолпон - Ата шаарында жайгашкан санаторийлердин биринде  Ош облусунун тургундары А.Ш. жана З.Ш. аттуу бир туугандар эже - сиңдилер  көлдүн жээгинен сууга түшүп жатып чөгө баштаган. Сыртта карап турган  кызы жардамга чакырып кыйкырган. Бул маалымат тууралуу ИИМдин “Шумкар” АБПнын Басма сөз кызматы билдирди.

0 2359

Улан Эгизбаевдин өлүмү боюнча сот 7-августта уланат

22-июль 2019, 17:07 Айдар Нуралиев

"Азаттыктын" журналисти Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнөн кийин "Акун»" пансионатынын администрациясына козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум 7-августта уланат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз катчысы Гүлзада Ашырбаева билдирди. "Иш соттун демилгеси менен жылдырылган жок. Ага прокурорлордун өтүнүчү негиз болууда. Мамлекеттик айыптоочу сотко Уланбек Эгизбаевдин аялы келип көрсөтмө берүүсүн сурап жатат". Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнө байланыштуу козголгон кылмыш иши 2018-жылдын ноябрь ...

0 204

Автотранспорт каражаттарын мыйзамсыз эсепке коюу боюнча коррупциялык схема аныкталды

21-июль 2019, 15:54 Кызгалдак Жакыпова

Мурда белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын УКМК ККК Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) алдындагы транспорт каражаттарын каттоо департаментинин (ТККД) каттоо-экзамендик бөлүмүнүн (КЭБ) (азыркы учурда КР Өкмөтүнө караштуу МКК алдындагы «Унаа»  Мамлекеттик ишканасы) кызмат адамдарына карата  козголгон кылмыш иштери боюнча тергөөнүн жүрүшүндө, башка кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп алып, коррупциялык схеманы түзүү менен бажы биримдигине мүчө эмес ...

0 321

Кыргыз Республикасынын Ишки иштер министрлиги милициянын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат

19-июль 2019, 13:39 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары оор жоготууга учурады.  2019-жылдын 18-июлунда 52 жаш курагында Кыргыз Республикасынын ИИМдин  КККнын Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын башкы тескөөчүсү,  милициянын полковниги каза болду. Бул маалымат тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. Карабаев Рашид Абдурасулович 1967-жылы 22-февралында Ош облусунун  Кара-Суу районунун Мады айылында туулган. Билими жогорку. Ички иштер  органдарындагы кызматын 1993-жылы Ош ШИИБдин милиционер-кинологунан  ...

0 358

ИИМ: “Атамбаевди күч менен алып келүү боюнча сөз жок”

19-июль 2019, 11:02 Кызгалдак Жакыпова

Коомчулукта милиция мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди күч менен кармап келүүнү пландап жатканы тууралуу маалымат тарады. Аталган маалыматты тактоо иретинде ИИМдин маалымат катчылыгы маалымат булактарга  бул тууралуу толук маалымат жок экенин билдирген. Анда, “Кечээ мурдагы президентти суракка чакыруу каты берилген. Ал катта Атамбаев 19-июль саат 10:00 го суракка келиши керектиги жазылган. Ал эми күч менен кармап келүү боюнча андай маалымат жок , - ...

0 173

УКМКнын мурдагы башчысына издөө жарыяланды

15-июль 2019, 10:56 Кызгалдак Жакыпова

Коргоо кеңешинин мурдагы катчысы Бусурманкул Табалдиевге кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу ишинин алкагында издөө жарыяланды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады. ИИМдин Тергөө комитети Жазык кодексинин 319-беренесинин ("Коррупция") негизинде сотко чейинки тергөө иштерин жасап жатат. Ал Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча маселеге байланышкан. "Аталган иликтөө иштеринин алкагында учурда кайсы жерде жүргөнү белгисиз болгон ошол кездеги Коргоо кеңешинин экс-катчысы ...

0 320

Баткендеги үрөй учурган жол кырсык

14-июль 2019, 20:09 Кызгалдак Жакыпова

Окуя болгон жерге ӨКМден жети куткаруучу барып, каза болгон айдоочуну унаадан алып чыгышкан. Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагынын Чоң-Кара айылында эки унаа кагышып, 36 жаштагы айдоочу окуя болгон жерде каза болду. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү маалымат булактарга кабарлады. Маалыматты ӨКМ да тастыктап, кырсык бүгүн, 14-июлда, саат 08:30дар чамасында болгонун билдиришти. Маалыматка ылайык, Honda Odyssey менен оор жүк ташуучу Howo унааcы ...

0 194

Чүйдө түрмөгө нашаа алып кирүүгө аракет кылгандар кармалды

14-июль 2019, 17:36 Кызгалдак Жакыпова

Чүй облусунун Петровка айылындагы түрмөгө 3 киллограммдан ашык нашаа алып кирүүгө аракет кылган адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы кабарлады. Маалыматка ылайык, милиция сөз болуп жаткан кишини түрмөнүн жанынан кармаган. Текшерүү маалында анын жанынан жети ором нашаа табылган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Булак: NazarNews.kg

0 554

БОЛГОН ОКУЯ: "Кызганычтан каза болгон келин"

11-июль 2019, 18:16 Кызгалдак Жакыпова

Тоңдун Тогуз - Булак айылынын 27 жаштагы А.Н. аттуу тургуну зомбулуктун курмандыгы болду. Каза болгон келин 29 жаштагы күйөөсү менен элдин малын багып жайлоодо жашап журүшкөн. 16-июнь кунүк ызганычтын айынан үй ээси уруксатсыз сактап жургөн мылтыгы менен жубайын төшкө атып жиберген. Алган жаракатынан келин ошол эле жерден көз жумган. Кимдер коргойт, Кырылып бара жаткан келиндерди?! Ай, күнүм толук кезде, Аккан ...

0 368

Жалал-Абаддын мэри мончодо кимди сабаган?

10-июль 2019, 18:56 Кызгалдак Жакыпова

Буга чейин бир катар ЖМКлар 4-июлда Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаевдин үстүнөн жергиликтүү тургун арыз жазганын жазып чыгышкан. Журналисттердин маалыматына ылайык, “Тагай Бий” мончосунда 3-июлга караган түнү чыр чыгып, Тагаев бир тургунду сабаган. Окуя болгон күнү “Малина ТВ” ютуб каналы тасма жарыялап, анда шаардык оорукананын травматология бөлүмүнүн жетекчиси Кулмамат Капаров сабалды делген тургун жардам сурап кайрылганын тастыктап берген. “Бизге ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 180

Кызына дары сатып алуу үчүн дарыкананы карактаган адам 5 жылга кесилди

10-июль 2019, 16:18 Кызгалдак Жакыпова

Токмок шаарынын тургуну Замир Кожоканов дарыканадан 350 доллар карактап кеткен. Бирок ал күнөөсүн мойнуна алып, милицияга өзү барган. Ага карабай Замир беш жылга кесилди, мындан тышкары 1000 доллар айып пул төлөөгө милдеттендирилди. Замирдин айтымында, кызы үчүн дары сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, уурулукка барган. Замир Кожокановдун окуясы социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жаратууда. Көптөгөн интернет колдонуучулар сот ишти кайра карап, ...

0 265

АУДИО - Кадамжайда бир катар уурулук жасашкан урууларды кармалды

Аудиофайл 08-июль 2019, 11:44 Кызгалдак Жакыпова

2019-жылдын 23-24-июнь күндөрү болжол менен түнкү маалдан таңкы саат алтыларга чейин Баткен облусунун Кадайжай районунда “Honda Jazz”, “Honda Fit”, “Honda Accord”, “Daewoo Matiz” үлгүсүндөгү автоунаалардын ичинен буюмдарын уурдап кетишкен фактылар катталган. Жергиликтүү ички иштер органдарына арыз менен Кадамжай шаарынын жана Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылынын алты жашоочусу кайрылып, автоунаанын ичинен капчыктарын, акча каражаттарын, кийимдерин жана автоаксессуарларын, автомагнитолун, чехолдорун жана башка ...

0 5778

АУДИО - Екатеринбургда Кыргызстандын тургунун өлтүрүүгө шектелгендер кавказ түспөлүндөгү

Аудиофайл 05-июль 2019, 10:30 Кызгалдак Жакыпова

2019-жылдын 2-июль күнү россиялык жана кыргызстандык жалпыга маалымдоо каражаттары Екатеринбург шаарында Кыргызстандын жаранын өлтүрүү фактысы боюнча коомдук резонанс жараткан материалды жарыялашкан. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү 2019-жылдын 2-июль күнү саат 16:20 чамасында Свердлов облусунун Екатеринбург шаарынын Калинин көчөсүндөгү үйдүн жанынан эки белгисиз адам ири өлчөмдөгү акча каражатын ээлөө максатында 1965-жылы туулган ишкер К. Каримовго карата тапанчадан ок чыгарышкан.

0 2166

Бакыт Төрөбаев ИИМ Кашкар Жунушалиев менен Өкмөт башчы М.Абулгазиевге КАЙРЫЛУУ жасады

04-июль 2019, 19:30 Кызгалдак Жакыпова

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Б.Э. Төрөбаев, ИИМ Кашкар Жунушалиев менен өкмөт башчы Мухаммедкалый Абулгазиевге Кайрылуу жасады. Урматтуу Мухаммедкалый Дуйшекеевич! Урматтуу Кашкар Астаканович! 2-июль күнү Екатеринбург шаарында "Кыргызстан-Урал" коомдук уюмунун мурдагы жетекчиси Камчыбек Каримовдун чак  түштө  кылмышкерлерлердин колунан  каза  табышы, чет  жерде  эмгектенип жүрүшкөн 1 миллионго жакын мигранттарыбыздын  коопсуздук  маселесин кайрадан ортого чыгарды. Бул – мигранттарга жасалып  жаткан алгачкы же акыркы кол салуу  деп айтууга  азырынча эрте. Жыл сайын 2,5 млрд доллардан ашуун акча которуп, ...

0 168

ИИМ: Жайкы туристтик сезон маалында жарандардын коопсуздугун милиция кызматкерлери камсыздайт

27-июнь 2019, 18:16 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана анын аймактык  бөлүмдөрү тарабынан 2019-жылдын туристтик сезон маалында коомдук тартип  менен жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого багытталган бир катар уюштуруучулук жана практикалык чаралар жүргүзүлдү. Бул маалымат тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. Жайкы туристтик сезон маалында туристтердин коопсуздугу менен коомдук  тартипти камсыздоого 4000 ашуун милиция кызматкерлери менен 800 ашуун  ыктыярдуу элдик кошуундар тартылды. Бүгүнкү ...

0 226

ВИДЕО - ИИМ: Көк-Жар жаңы конушундагы адам өлтүрүү ишинде саясий өңүт бар болушу мүмкүн деген багыт божомолдоолор каралууда

26-июнь 2019, 18:40 Кызгалдак Жакыпова

Көк-Жар жаңы конушундагы адам өлтүрүү ишинде саясий өңүт бар болушу мүмкүн деген багыт божомолдоолор каралууда. Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын  ыкчам  кызматкерлеринин атайын кайтаруусунун негизинде Улан Саляновду өлтүрүү  боюнча кылмыш ишине негизги шектүү болгон жаранды алып келген видеону  көрсөтөт. Бул маалымат тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. Мурда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Улан  Саляновду өлтүрүү тууралуу кылмыш иши ...

0 359

Экономикалык кылмыштарга каршы кызматындагы жетекчи пара менен кармалды

26-июнь 2019, 14:55 Айдар Нуралиев

Бишкекте Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматынын методика-көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Арзымат Жакишев кармалды. Аталган маалыматты УКМК тастыктады. Маалыматка ылайык, колго түшүрүүнү АКСтин кызматкерлери ишке ашырган. Билдирүү болгондой, кармалган жетекчи жана экномомикалык кылмыштарга каршы кызматынын тергөөчүсү жеке ишкерден акча талап кылышкан. Болжолдуу маалыматтарга караганда, алардын жанынан 70 миң сом табылган. Белгилүү болгондой, көзөмөл-методика бөлүмүн ...

0 214

Жалал-Абадда депутат айыл тургунун сабоого шектелүүдө

26-июнь 2019, 14:07 Айдар Нуралиев

Кербен шаардык кеңешинин депутаты адам сабоого шектелүүдө. Бул тууралуу аймактык ИИБ билдирди. Белгилүү болгондой, 23-июнда аймактык ооруканага Аксы районунун Тажимамат Алымкулов келип түшкөн. Дарыгерлер бул тууралуу милицияга кабарлады. “Оруканага барган милиция жабырлануучудан арыз жаздырып алышкан. Эр адам аны 22-июнда Кербен шаардык депутаты урганын айтып көрсөтмө берди. Аталган факт “Бейбаштык” фактысы боюнча катталган. Учурда сотко чейинки өндүрүш башталып, экспертиза дайындалган”, ...

0 1164

Башкы прокурор: “Азиз Батукаев Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы менен бошотулган”

26-июнь 2019, 15:37 Айдар Нуралиев

Экс-президент 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотууга тапшырма бергендигин Башкыпрокурор Өткүрбек Жамшитов 25-июндагы Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди. Башкы прокурор мындай билдирүүнү мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атахановдун тергөөдөгү көрсөтмөсүнүн негизинде айткан. “Экс-президент Атамбаев Батукаев уюшкан кылмыштуу топтун жетекчиси, "мыйзамдагы ууру" деген каймана атка ээ экенине, коомчулукка жана мамлекетке өзгөчө коркунуч жаратарына карабастан аны камактан мыйзамсыз бошотууну чечкен. Бул багыттагы иш-чараларды уюштуруу ...

0 184

Телефон уурдады деген аял үй камагына чыкты

26-июнь 2019, 09:15 Айдар Нуралиев

Чөнтөк телефон уурдаганга шектелген аял үй камагын чыкты Свердлов райондук соту чөнтөк телефон уурдаганга шектүү делген кош бойлуу аялды  үй камагына чыгарды. Бул тууралуу анын жактоочусу жергиликтүү ММКларга билдирди. Маалыматка ылайык, сот күнөөлүүнүн бир жаштагы баласы бар экенин эске алды. Эске салсак,буга чейин ал келин тергөө абагында мурунку прокурор Аида Салянова менен бирге камерада ...

0 459

Мурунку башкы дарыгердин небереси сүннөткө отургузууда каза болду

25-июнь 2019, 17:30 Айдар Нуралиев

Ысык-Көл облусунда 3 жашар бала сүннөткө отургузууда чарчап калганын жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты. Каргашалуу окуя 9-июнда  райондук ооруканалардын биринде катталган. Оорукананын мурунку башкы дарыгери Бишкекте жашаган небересин сүннөткө отургузууга алып келген. Бирок, 3 жашар бала операция столунда каза болуп калган. “Каза болгон наристенин чоң атасы мурда ушу ооруканада башкы дарыгер эле. Ошондуктан, ал небересин Бишкектен так ушул жакка ...

0 324

Атамбаевдин иши боюнча Түлеев суракка чакырылды

25-июнь 2019, 10:40 Айдар Нуралиев

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ишине байланыштуу Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев сурак берди. Бул тууралуу анын кызы Назгүл Түлеева  24 –июнда “Твиттердеги” баракчасына жазды. “Атамбаевдин иши боюнча суракка чакыра башташты, бүгүн атам чакырылды”, - деп жазды ал. Башкы прокуратура экс-президенттин кол тийбестигин карай баштаганын жергиликтүү маалымат каражаттар жазышкан. Буга чейин Түйлеев кол тийбестикти алуу боюнча атайын  түзүлгөн  депутаттык комиссияга  “Атамбаев шайлоо компаниясына деп андан ...

0 419

Депутат көңүлдөшүнүн күйөөсүнөн таяк жеди

25-июнь 2019, 11:04 Айдар Нуралиев

Сокулук районунда эркек адам аялынын көңүлдөшүн уруп салган. Сабоо жеген жаран жергиликтүү кеңештин депутаты болгон.  Бул тууралуу Чүй облусунун ИИБ билдирди. Белгилүү болгондой, 2019-жылдын 24-июнунда Жаңы–Жер милициясынын нөөмөт бөлүмүнө Төмөнкү-Чүй айылында жергиликтүү тургундун сабалганы боюнча билдирүү түшөт. 22 жаштагы А.Т. милиционерлерге анын 48 жаштагы атасын урган кишиге карата чара көрүүсүн өтүнүп арыз жазган. Андан кийин, 38 жаштагы М.З. кармалган, ...

0 196

Сүрөткө түшүп жатып сууга аккан кыздын сөөгү табылды

24-июнь 2019, 18:07 Айдар Нуралиев

Милиция Бишкектин жака белинен сууга агып каза тапкан 15 жаштагы кыздын окуясы боюнча сотко чейинки тергөө иштерин баштады. Бул тууралуу Чүй облусунун ИИББи билдирди. Сууга агып кеткен кыздын сөөгү 24-июнь күнү түштө табылды. Бишкек шаардык милициясынын айтымында, кырсык "  Чүй облусунун "Теплые ключи" эс алуу аймагында катталган. Маалыматка ылайык, маркум Бишкекетеги мектептердин биринде 9-класстын окуучусу болгон. Ал 23-июнда классташтары жана мугалимдери, айрым ата-энелер менен бирге ...

0 283

Түрмөнүн мурунку эки бухгалтери 2 миллион сомду жеп алышкан

24-июнь 2019, 16:25 Айдар Нуралиев

Кыргызстандын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №27 түзөтүү колониясында мамлекеттин бюджетине ири көлөмдөгү зыян алып келген факи катталды. Бул тууралуу ЖАМКнын басма-сөз кызматы билдирди. Кылмыш-аткаруу системасынын ички аудит бөлүмү,  ЖАМКнын ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзгөн коррупциянын бетин ачуу иш-чарасында №27 мекеменин кызматтан четтетилген бхгалтериянын кызматкерлери О.А. менен Б. мамлекетке 2 млн. 42 миң 717 сом зыян келтиргени ...

0 376

Аида Салянова пневмонияга чалдыгып, аны СИЗО 1ге которууга болбойт

24-июнь 2019, 14:29 Айдар Нуралиев

Экс-Башкы прокурор Аида Салянова эки тараптуу пневмония менен жабыркаган. Дарыгерлер аны №1 СИЗОго которууга тыюу салышууда. А.Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча камакка алынган. Бул тууралуу анын эжеси Чынара Турдалиева билдирген. Медиктердин сөзүн келтирүү менен ал, Аида Салянова палатага жаткырылганын айткан. Аны маал-маалы менен өпкөсүн жасалма аппаратка туташтырышууда. “Дарыгерлер анын жүрөгү кармоо алдында турган абалын аныкташты жана клиникада ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 274

Азиз Батукаевди бошоткон судья эки айга камакка алынды

24-июнь 2019, 12:29 Айдар Нуралиев

Кримтөбөл Азиз Батукаевди түрмөдөн мыйзамсыз бошотуу жөнүндө чечим кабыл алган Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына эки айга, 22-августка чейин камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка караганда, чечим 22-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан чыгарылган. Жапар Эрматов үй камагына бошотулганы тууралуу маалыматты ИИМ тастыктаган ...

0 3060

3 жаштагы бала апасы ашканада жүргөндө каза болду

22-июнь 2019, 13:07 Айдар Нуралиев

Кара-Көл шаарында 3 жаштагы бала 4 – кабаттан кулап кетип каа болду. Маалыматка ылайык, окуя 20-июнда саат 19:00 менен 20:00дун  ортосунда болгон. Ошол убакта апасы ашканада тамак жасап жүргөн. Баланы ооруканага алып келгенде, эсине келбей жан берген. Алардын туугандары, соттук – медициналык экспертизадан баш тартып, арыз жазышкан эмес. Аталган факт кокустук катары катталды. Каза болгон бала үй-бүлөдө эң кичүүсү ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83