www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кылмыш жана кырсык
0 649

СҮРӨТ - Министр Нурболот Мирзахмедов өрт өчүрүүчүлөрдү сыйлоо боюнча тапшырма берди

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов министрликтин тиешелүү жетекчилерине нефтебазадагы өрттү өчүрүүгө катышкан өрт өчүрүүчүлөрдү сыйлоо боюнча тапшырма берди. Бул тууралуу маалыматты КР ӨКМдин Басма сөз кызматы билдирди.  "Жалал-Абад шаарындагы нефтебазадан чыккан өрттү өчүрүүдө өрт өчүрүүчүлөр чыныгы эрдик көрсөтүштү. Жанында күйүүчү-майлоочу каражаттар сакталган бир топ ишканалардын объектилерин, 2000ге жакын жергиликтүү тургундардын өмүрү, материалдык баалуулуктарынын сакталышы дал ушул ӨКМдин кызматкерлеринин ...

0 827

ӨКМ: Нефтебаза жарылуу коркунучу бар объект, тик учак колдонуу мүмкүн эмес

Социалдык тармактарда Жалал-Абад шаарында орун алган өрт кырсыгына байланыштуу түрдүү пикирлер жана талкуулар жүрүп жаткандыктан КР ӨКМ  өзүнүн билдирүүсүн таратты. Маалыматка таянсак, учурда Жалал-Абад шаарында күйүп жаткан нефтебаза жарылуу коркунучу бар объект. Адистер мындай учурда өрт өчүрүүгө тик учак колдонулбашын белгилешет. Тик учак өрт чыккан обьектиге өрт өчүрүүгө колдонулуучу көбүктү алып барууга ылайыкталган эмес. Көбүк өрт өчүрүүчү унаа менен ...

0 696

Жалал-Абад облусундагы күйүп жаткан Нефти база Камчыбек Ташиевдин туугандарына таандык

Алдын ала маалымат боюнча, Жалал-Абад шаарындагы Шерматов көчөсүндө жайгашкан Нефти базадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Алгач өрттү өчүрүүгө учурда жалпы 4 бөлүм тартылган. Мындан сырткары ИИМ кызматкерлери, тез жардам кызматынан 1 бригада тартылган. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов министрликтин Кризистик кырдаалдарды башкаруу борбору аркылуу онлайн режиминде Жалал-Абад шаарындагы нефтебазадан чыккан өрттү көзөмөлдөп жатат. Министрдин буйругунун негизинде ...

0 585

Жалал абаддагы өрттү өчүрүүгө Оштон күч тартылып, адамдар көчүрүлө баштады

10-май 2019, 16:10 Айдар Нуралиев

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, министр Нурболот Мирзахмедовдун буйругу менен Ош облусунан кошумча өрт өчүрүү бөлүмү жана көбүк алынып келинди. Ушул тапта мунайды кайра иштетүүчү ишканадагы өрттү өчүрүүгө жалпы он бөлүм, эки автошаты тартылды. Мындан тышкары ӨКМдин ыкчам тобу, шаардык суу чарба башкармалыгынан үч суу ташуучу автоунаасы, РЭТ кызматынан бир бригада, "Тез жардам" кызматынан бир бригада, ИИМ кызматкерлери жана Жалал-Абад шаарындагы ...

0 432

Түрмөдөгү шектүү асынып алды

10-май 2019, 15:16 Айдар Нуралиев

Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгына тургун атасынын үстүнөн арыз менен кайрылган. Аталган  ИИБдин убактылуу камоочу жайында үч күндөн бери кармалып турган 55 жаштагы шектүүнүн сөөгү 10-майда табылган. Асынып алган маркумдун жанынан туугандарынан кечирим сурап жазган каты алынган. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча маркум небересине сексуалдык зомбулук аракеттерди кылган деген шек менен 7-майда ...

0 432

Дамир Мусакеев: Мен СИЗОго камалгандан  коркпойм

10-май 2019, 15:04 Айдар Нуралиев

УКМКнын 9 - кызматынын  мурдагы  жетекчиси  Дамир  Мусакеевге кызматкерлер арасында  кызматтык  батирлерди туура  эмес  бөлүштүргөн деген айып  менен кылмыш иши козголгон. Мусакеевдин  айтымында,  ал камалуудан коркпойт жаңы козголгон кылмыш иши да “мыйзамсыз баюу”  деп коюлган мурунку  кине өңдүү  бул да саясый буйрук экендигин айткан. “Мен СИЗОго камалгандан коркпойм, ал батирлерди турак-жай комиссиясы бөлүштүргөн. ...

0 978

Жалал-Абаддагы Мунайбазасынан эки өрт өчүрүүчү күйүп кетти

10-май 2019, 13:44 Айдар Нуралиев

Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи районундагы мунайды кайра иштетүүчү ишкана өрттөнүп жатканы тууралуу кабар  эртең менен желдей тараган. Сузак районунун өрт өчүрүү кызматынын 24 жаштагы кызматкеринин денесинин 50% күйүп калып, облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшүп, абалы оор экени айтылууда. Экинчи өрт өчүрүүчүнүн бети күйүп калып, ал да ооруканага жеткирилди. Өрт чыккан жерде өрт өчүрүүчү ...

0 2327

520 миң долларлык пара алууга айыпталган министрдин орун басарынын иши 20-майда каралат

10-май 2019, 09:21 Айдар Нуралиев

Транспорт министринин мурдагы орун басары чет элдик компаниядан 50 миң доллар алып жаткан жеринен 2018-жылдын 5-декабрында кармалган.  Кармалган чиновник Азимкан Жусубалиевдин ишин кароону Биринчи май райондук соту 20-майда улантарын билдирди. Маалыматка ылайык, алгач 4-апрелге белгиленген соттук процесс ар кандай себептерден улам жылып отуруп, 29-апрелде Азимкан Жусубалиевдин, Бехруз Гулрузованын жана Болотбек Токтобаевдин айыбы угузулган. 2-майдагы соттук ...

0 327

Министрдин мурдагы орун басары “Азия Ньюс” гезитин 10 млн. сомго сотко берди

10-май 2019, 09:01 Айдар Нуралиев

«Манас» аэропортунун авиациялык коопсуздук жана тартип дирекциясынын директору, ИИМдин мурдагы орун басары Данияр Абдыкаров «Азия-Ньюс» гезитин сотко берди. Маалыматка ылайык, ал гезиттен 10 млн. сом өндүрүп берүүнү сотко коюуда. Анын доо арызынын негизги себеби, “Азия Ньюс” гезитиндеги  макалалардагы, Абдыкаровго коюлган  эң негизгиси: «Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнөн акча жасадыңыз беле?» деген суроо коюлуп Абдыкаров менен камиланын сүрөтүн ...

0 5338

Аида Салянова, экс-башкы прокурор: "Уланды өлтүрүүгө буйрук берген киши табыларына чоң күмөнүм бар"

Уланым… Бүгүн сенин туулган күнүң. Бул күндү дайыма чогуу өткөзчү элек. Бүгүн сен 44кө чыкмаксың. Мээнетчил, калп айтып, ушак сүйлөгөн кишини жактырбаган, кенедейиңен күйүмдүү, тууганчыл элең. Мени билген киши болуп ушак таратып аткандарга туталанып, көпкө чейин бушайман болуп алаар элең. «Элең…» деп жазып жатып азыр дагы ишене албайм… Инимди аткан Осмонкулов тоногонго үй издешпегенин, түз эле инимдин үйүнө барышканын ...

0 699

Сабалган 2 жашар кыз эсине келелек

09-май 2019, 13:58 Айдар Нуралиев

Сузак районунда «Тез жардам» кызматы менен ооруканага түшкөн 2 жашар кыздын абалы оор. Учурда кыз облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Маалыматка караганда, 7-май күнү 2017- жылы туулган кызды ооруканага “Тез жардам” менен алып келишкен. Кыздын демалуусу начарлап, көзүн ачалбай жатат.Дарыгерлер кыздын денесиндеги көгалаларды көрүп, ага кол көтөрүлгөн дешүүдө. Кыз таэнесинин колунда багылып жаткан. Кыздын ата-энеси ажырашып, апасы шаарда иштеп жүргөн.

0 841

Батукаевдин артында Шамиль Атаханов, Зарылбек Рысалиев сыяктуу лөктөр барбы?

09-май 2019, 13:13 Айдар Нуралиев

Алты жыл мурда камактан айыккыс оорусу бар деп учак менен Грозныйга учуп кеткен Азиз Батукаевди бошоткон тийиштүү тармактын кызматкерлеринин жүрөгү азыр катуулап сого баштады. Анткени кайрадан кылмыш иши козголуп, ал тургай кээ бир доктурлар караңгы жерге киргизилип, тергөөчүлөргө тердеп-бурдап сурак берип жатышкан кези. Бул эми жөн жерден чыкпаса керек? Чамасы бирөөлөргө Батукаевдин иши козголушу керек болуп жаткандай шекилди. Ошондо милтенин ...

0 394

Дамир Мусакеев: 20 млн. сомдук байлык эмес, менчик үйүм да жок кызматтык батирдемин

09-май 2019, 12:04 Айдар Нуралиев

Кечээ, 8-майда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Дамир Мусакеевге карата сотко чейинки өндүрүш башталганын кабарлаган. Ага өлкөдөн чыкпоо шарты коюлган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 9- башкармалыгынын мурдагы башчысы, экс-президенттин жан сакчысы Дамир Мусакеевдин 20 млн.сомдук байлыгы жок экенин Башкыпрокуратура ырастады. Маалыматка ылайык, ал ата-энеси айылда бай болбосо да жакшы чарбасы бар экенин, үй-бүлөдөгү төрт бала бардыгы иштерин ...

0 880

Азиз Батукаевдин иши боюнча ЖАМКнын үч кызматкери камакка алынды

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын үч дарыгери  ИИмдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Булар кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча камалганын ЖАМКдан билдиришкен. Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулаймановдун айтымында, алар менен Борбордун өкүлдөрү  сүйлөшүп чыгышкан. Алар ЖАМКтын азыркы жана мурда иштеген дарыгерлери. Бүгүн алардын бөгөт чарасы каралалат. ИИМ бул боюнча маалымат ...

0 462

Президенттин кеңешчиси УКМКда сурак берүүдөбү?

08-май 2019, 17:08 Айдар Нуралиев

“Президенттин кеңешчиси Дастан Догоев беш сааттан бери УКМКда суракта отурат, ал адвокат керек экенин айтууда”- деген билдирүү ММКларда тараган. УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов Дастан Догоевдин кармалганы тууралуу маалыматты четке какты. Эске салсак, Биометриялык паспортторго бланк даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендерде Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) өкүлдөрү өз пайдасы үчүн мыйзам бузуп, өздөрүнө тыгыз ...

0 287

Дамир Мусакеевдин байлыгынын орточо баасы 20 млн. сомду чапчыган

08-май 2019, 16:30 Айдар Нуралиев

УКМКнын 9-башкармалыгынын мурдагы башчысы Дамир Мусакеевге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди. Башкыпрокуратура Мамлекеттик Каттоо кызматынын маалыматына таянып, келтирилген мүлктөр 2010-2017-жылдар аралыгында атасына, апасына, эки ата өтүшкөн байкесине катталган мүлктөрдүн базар баасы көз карандысыз эксперттердин маалыматында 20 млн. сомдон ашкандыгын жазган. Д.Мусакеевге мыйзамсыз байлык топтоо беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Булак:NazarNews.kg

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1189

Атамбаевдин жан сакчысы Мусакеевге кылмыш иши козголду

08-май 2019, 16:05 Айдар Нуралиев

УКМКнын 9-башкармалыгынын мурдагы башчысы Дамир Мусакеевге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди. “ММКларда УКМКнын 9-кызматынын мурдагы башчысы Дамир Мусакеевдин мүлктөрү туурасындагы макалалар коомдук талкууну жаратты. Анда кыймылсыз мүлктөрдүн так дареги жана аталыштары келтирилген Макаланын авторлорунун айтымында аталган мүлктөр УКМКнын 9-башкармалыктын орун басары жана башчысы болгон маалда менчиктештирилген. Бирок, ал мүлктөр Мусакеевдин туугандарына катталган”, - деп билдирди Башкыпрокуратура.

0 482

Көзү ачыкпыз деп алдаган аялдар кемпирди тоноп кетти

08-май 2019, 15:43 Айдар Нуралиев

Кемин райондук Ички иштер бөлүмү тарабынан алдамчылык фактысы боюнча аялдар кармалды Бул тууралуу Чүй облустук ИИБнин басма сөз кызматы билдирет. 2019-жылы 20-мартта Кемин райондук ИИБна 79 жаштагы тургун М.А. арыз менен кайрылган. Анын айтымында, эки белгисиз аял ишенимге кирип, дубаны жандырып  төлгө салып беребиз деп үйүнө кирип тоноп кетишкен. Алар үйдөн 42 миң сом жана 150 евро урдап из ...

0 591

Батукаев үчүн АША жоопко тартылабы...

08-май 2019, 10:09 Айдар Нуралиев

Батукаевди «өлөт» деген врачтар Атамбаевдин дагы бир кыңыр ишин ачыкка чыгарабы?Бул тууралуу "Чалкан" сайты жазып чыкты. 2013-жылы апрель айында абакта жаткан жеринен кримтөбөл Азиз Батукаевдин бир эле күндө соттун чечими менен чыгарылып, ошол эле күнү Бишкекке коштоо менен келип, «Манас» аэропортунан кызыл килем менен басып барып жеке учак менен учуп кеткени убагында кызуу талкууланган. Тоок уурдагандар жылдап темир тор артынан чыга албай ...

0 170

Жалил Атамбаев "Азаттыктын" кабарчысына карата жазган арызын кайтарып алды

07-май 2019, 16:11 Айдар Нуралиев

Милициянын отставкадагы полковниги, ишкер Жалил Атамбаев "Азаттыктын" кабарчысы Ыдырыс Исаковко карата жазган арызын кайтарып алды. Бул тууралуу Slon.kg агенттигине Атамбаевдин жактоочусу Шумкар Абжапаров билдирди. Жактоочунун айтымында, арызды катарып алуу чечимин даттануучу тарап өздөрү чечкен. “Орозонун ыйык күнүндө урушуп-талашпайлы, элге үлгү бололу деп арызды кайтарып алуу чечимин кабыл алдык. Биз Ыдырыс Исаковду кечирдик”, - деди ал. Ал эми журналист Ыдырыс Исаков ишкер Жалил Атамбаевдин арызын кайтарып алганы ...

0 681

Зилалиев камакта жатып уран боюнча “бомбасын” жардырган жатат

07-май 2019, 15:11 Айдар Нуралиев

Камакта жаткан мурунку вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев, уран казуу иши боюнча Жогорку Кеңеш менен кызматташууга даяр экендигин билдирген катын жарыялады. Ал жарыялаган катында, абакта жатсам уран боюнча күнөөнүн баарын эле мага оодарып жатышат деген таризде жазган. “Мен Мамлекеттик энергетика жана өнөр-жай комитетинен (ГКПЭН) кеткениме 2 жыл болду. Кээ бир жетекчилер өз кылгандарын мага оодарып жатышат. Уран боюнча түзүлгөн ...

0 179

Өз жанын кыймакчы болгон кыз куткарылды

07-май 2019, 14:01 Айдар Нуралиев

7-май күнү 112 кызматына «Бишкектин Ибраимов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 4-кабатынан бир кыз секирүүгө аракет кылып жатат» деген маалымат келип түшкөн. Куткаруучулар үйдүн 5-кабатынан 4-кабатына түшүп, кыздын өмүрүн сактап калышты. Кыз «Тез жардам» кызматына өткөрүлүп берилди. Кыздын өмүрүн Бишкек шаардык куткаруу кызматынын 5 кызматкери сактап калды. Кыздын мындай кадамга барышынын ...

0 459

ВИДЕО - Суталиновдун атасы ыйлап кайрылды

07-май 2019, 13:16 Айдар Нуралиев

Мурат Суталинов - 2010-жылдын 7-апрелинде окко учкандардын соту боюнча айыпталып абакта 10 жылдык өмүрүн өткөрдү. Бүгүн, 7-майда, Бишкек шаардык сотунун сот залынан бошотулган Мурат Суталиновдун атасы Абдыбек Суталинов чогулгандарга кайрылып, кубанычтан  көзүнө жаш алып, колдоосу үчүн эли-журтка, соттун алдына келгендерге  ыраазычылык билдирди. "Баарыңарга рахмат. Колдогонуңарга рахмат. Баарыңарда жакшылык болсун, эч кандай кырсык болбосун. Силерди кудай сактасын", — деди ал.

0 222

УКМК: Издөөдө жүргөн ЭТУ согушкери кармалды

07-май 2019, 12:34 Айдар Нуралиев

2019-жылдын май айынын башында КР УКМК тарабынан эл аралык террористтик уюмдардын (ЭТУ) катарына рекурттарды жөнөтүү каналдарына бөгөт коюуу жана аныктоо максатында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында,чет элдик өнөктөш кызматтар менен биргеликте террористтик иштерге катыштыгы бар үчүңшектелип, издөөдө жүргөн КР жараны А.Н. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Такталгандай, А.Н. сирия-ирак куралдуу согуш аймагында диверсиялык-террористтик даярдыктан өтүп, эл аралык террористтик ...

0 556

Мурат Суталинов өкүнүчүн айтты

07-май 2019, 12:16 Айдар Нуралиев

Бүгүн сот залында эркиндикке чыккан Мурат Суталиновдун бошотулушу, анын жакындарынан тышкары жарандык коомду да кубандырууда. Суталинов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Кыргызстандан эч жакка чыкпаарын айтты. Ал дарылануусун Бишкекте эле улантат. “Эмнеге өкүнөсүз?” – деген суроого “дарыгерлик кесибин тандабаганына өкүнөм”- деп жооп берди Суталинов. Ал бүгүн соттон бошооруна ишенген эмес, күтүүсүз ...

0 348

ВИДЕО- Эркиндикке чыккан генерал Мурат Суталинов элден кечирим сурады

07-май 2019, 11:34 Айдар Нуралиев

Бүгүн  сот залында эркиндикке чыккан Мурат Суталиновдун бошотулушу, анын жакындарынан тышкары жарандык коомду да кубандырууда. Суталинов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, 2010-жылы апрель окуясында трагедияны токтото албаганы үчүн элден кечирим сурады. "Кыргыз элиме ыраазычылыгымды билдирем. Мени көп кишилер колдоду. Көп кишилер кечиришти. Рахмат. Эми канча калса, туура жашашым керек. Мен жабыркагандардын энелеринен соттон да кечирим ...

0 335

ВИДЕО - Суталинов эркиндикке чыкты

07-май 2019, 11:19 Айдар Нуралиев

Бүгүн 7-майда Бишкек шаардык соту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы башчысы, түрмөдө отурган Мурат Суталиновдун ден соолугуна байланыштуу аны абактан бошотту. Соттук отурумга алынып келинген М. Суталиновду залда отурган тарапташтары шатыраган кол чабуунун коштоосунда тосуп алып, боштондук деп жар салышты. Ал эми Суталиновдун жактоочусу: “Темир тор артында “мыйзамдагы ууру” эмес генерал отурат”,- деп сөзүн баштады. Ошондой эле жактоочу коргоо докладын ыйлап ...

0 358

Айдоочулук күбөлүк берүү мекемесинин мурдагы башчысы  соттолду

07-май 2019, 10:18 Айдар Нуралиев

Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин 2018-жылдын 2-ноябрында кармалган Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматов 12,5 жылга соттолду. Буга Алмаматовдун жактоочусу макул эмес. Шаардык сотко Октябрь райондук соту чыгарган өкүмдүн үстүнөн адвокат  апелляциялык арызынын негизинде шаардык сот 14-майда карайт. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ал автоунааларды каттоо жана кайра каттоо иштеринде, айдоочулук ...

0 187

Бүгүн Мурат Суталиновдун баш коргоо чарасы сотто каралат

07-май 2019, 09:21 Айдар Нуралиев

Бүгүн 7-майда Бишкек шаардык сотунда 2010-жылы апрель окуясына байланыштуу күнөөлөнүп 20 жылга соттолгон,  Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы башчысы  Мурат Суталиновдун ден соолугуна байланыштуу аны абактан бошотуу маселесин карайт. Бул тууралуу “Назарньюс” сайтына генералдын  жубайы Гулнара Суталинова билдирди. Анын айтымында, С.Суталинов азыр дарыланууда эмес, колонияда, эгер ЖАМКдан алып келишсе, ал сотко катышат. Мурат Суталионовдун ...

0 1088

А.Кыштобаева: Тергөөчүлөр Батукаевдин иши боюнча камактагы дарыгерге "сделка" кылышууда

06-май 2019, 16:44 Айдар Нуралиев

Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши саясый мүнөзгө ээ. Бул тууралуу камалган врач-онколог Эмиль Макимбетовдун жактоочусу Анара Кыштобаева билдирди. Анын айтымында, Батукаев боюнча жаңыртылган иш кеткен бийлик менен азыркы бийликтин ортосундагы пландалган акция. “Биздин врачтар бийликтин куралына айланып бара жатат. Чымындан төө жасаганда эч кандай далили жок чечим чыгарган депутаттар мындайда мүмкүнчүлүгүн пайдаланбай коймок эмес. Эл өкүлү Евгения Строкованын билдирүүсү, мурда ...

0 2239

ВИДЕО - Күйгөн учактын ичиндеги ызы-чуу тасмага түшүп калган

06-май 2019, 19:48 Айдар Нуралиев

Москвада Шереметьево аэропортунда «Аэрофлот» компаниянысынын Superjet учагы кырсыкка учурап 41 адам көз жумду. Орусиянын Саламаттык сактоо министри Вероника Скворцовага кырсыкта жыбыркагандарга ыкчам жардам көрсөтүү тапшырмасы берилгендигин РФнын Тергөө комитети билдирди. Sukhoi Superjet 100 учагы 5-майда кечинде аэропортко өрттөнгөн абалда конгон. Маалыматка ылайык, борттогу адамдардан 37 адам гана аман калган. Каза болгондордун арасында экипаж мүчөлөрү да бар. Аман калгандардын айтымында, көп адамдын курман болуп ...

0 423

“Кызыл китеби” жок үйлөр

06-май 2019, 14:29 Айдар Нуралиев

Мамлекеттик экотехинспекция “Элит Хаус” деген компания куруп жаткан тогуз кабаттуу 2 үй мыйзам бузуу менен салынып жаткандыгын аныктаган жана сот ал үйлөрдү түрттүрүп салуу тууралуу чечим чыгарган. Бишкектин Октябрь районундагы А.Токомбаев көчөсүндө салынып жаткан “София” комплекси “Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндөгү” мыйзамынын нормаларын, эрежелерин жана талаптарын бузуу менен салынып жаткандыгын экотехинспекциянын Бишкек шаары боюнча регион аралык башкармалыгынын инспекторлору ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 3377

Каннибализмге айыпталган кыз боюнча чуу чыкты

06-май 2019, 13:40 Айдар Нуралиев

Түндүк-Кавказда жайгашкан Кубан облусунда окуучуну каннибализмге күнөөлөгөн ызы-чуу чыкты.Бул тууралуу Life.ru. жазып чыкты. Маалыматка ылайык, 12 жаштагы окуучу кыз кишинин этин жеген деп айыпталганына карабай, мектепте окуп жатканына ата-энелер чуу чыгарышкан. Окуя мындайча болгон: 2018-жылы полиция 12 жаштагы окуучу кызды жана бир эркекти каннибализмге шектүү катары кармашкан. Окуучу кыз чоң киши менен бирдикте ...

0 878

Азиз Батукаевдин ишинде дарыгердин айыбы жок

06-май 2019, 13:12 Айдар Нуралиев

Азиз Батукаевдин иши боюнча айыпталган дарыгерлердин күнөөсү жок. Бул тууралуу кармалган дарыгер Эмиль Макимбетовдун жактоочусу Анара Кыштообаева билдирди. Анын айтымында, Э.Макимбетовго коррупция, документти мыйзамсыз жасоо жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелери боюнча айып тагышууда. “Менин коргоого алганым, санавиациага, тарнспорттоого, анализдерге да тийешеси жок. Ал Азиз Батукаевди жеке караган эмес, анын өзүн да, ...

0 1245

Кыргызстандын түрмөлөрүндө айыкпас дартка чалдыккандар менен 84 жашка жетип калган карылар да бар

06-май 2019, 12:41 Айдар Нуралиев

Учурда Кыргызстандын түрмөлөрүндө ден соолугу оор акыбалда же жедеп карылыгы жетип калган адамдар да отурат. Бул тууралуу укук  коргоочу Төлөйкан Исмаилова, азыр ушул маселенин үстүндө иштеп жатканын ММКларга билдирди. “Айыкпас ооруга чалдыккан Мурат Суталинов гана эмес, андай оор абалдагы отуздай киши учурда түрмөдө отурат. Жашы 84кө кирип, баса албай калган карыя бар. Адам укуктары корголгон өлкөлөрдө андай адамдар ...

0 305

Түрмөдөн куралдар жана 2 темир сейф табылды

06-май 2019, 12:04 Айдар Нуралиев

4-май күнү, УКМК  Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылында жайгашкан №3 түрмө катаал режимдеги жаза өтөөчү жайда  тинтүү иштерин жүргүзгөн. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК), тинтүү учурунда 30 чөнтөк телефону, аларды дүрмөттөчү жабдыктар, 15 сим-карта табылган. Мындан тышкары 1 литр брага, 1 литр бензин, колго жасалган жылытуучу мештер, элүүдөн ашуун бычак жана эки темир сейф алынган. Казылган жерлер ...

0 256

Ири өлчөмдөгү аткезчилик жол менен баңгизат жасоочу каражат табылды

06-май 2019, 12:10 Айдар Нуралиев

УКМК, аткезчилик жол менен алынып келе жаткан наркотикалык затты өндүрүүчү ири көлөмдөгү жүктү кармашты. Маалыматка ылайык, 25-апрелде  ыкчам-иликтөө ишинин жүрүшүндө Ош облусунда “Дэу-Нексия” унаасы жана аны башкарып бара жаткан 25 жаштагы Э.у.Р. кармалды. Ошол эле унаада 36 жаштагы коңшу өлкөнүн жараны болгон. Тинтүү  учурунда  багажниктен, коңшу мамлекеттен мыйзамсыз алып келе жаткан  10-13 литрлик  8  желим челек ангидр уксус ...

0 265

Санкт-Петербургда кыргызстандык жаранды өлтүрүп кетишти

06-май 2019, 10:44 Айдар Нуралиев

2019-жылдын 3-май күнү болжол менен саат экилер чамасында Россиянын ИИМдин Санкт-Петербург шаарынын Москва району боюнча башкармалыгынын 29 полициянын бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө Санкт-Петербург шаарынын Яковлевск ькөчөсүндөгү №6 үйдө 25 жаштардагы азият түспөлүндөгү эркек адамдын жансыз денеси жаткандыгын кабарлашкан. Каза болгон адам Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун тургуну, 1989-жылы туулган С.Б. аттуу жаран болуп чыккан. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз ...

0 706

ВИДЕО - Өрттөнгөн учак 41 адамдын өмүрүн алды

06-май 2019, 10:29 Айдар Нуралиев

Москвада Шереметьево аэропортунда «Аэрофлот» компаниянысынын Superjet учагы кырсыкка учурап 41 адам көз жумду. Орусиянын Саламаттык сактоо министри Вероника Скворцовага кырсыкта жыбыркагандарга ыкчам жардам көрсөтүү тапшырмасы берилгендигин РФнын Тергөө комитети билдирди. Sukhoi Superjet 100 учагы 5-майда кечинде аэропортко өрттөнгөн абалда конгон. Маалыматка ылайык, борттогу адамдардан 37-38 адам гана аман калган. Каза болгондордун арасында экипаж мүчөлөрү ...

0 594

№47 колониянын аймагына 200 миң сом ыргыткан таксист белгилүү болду

03-май 2019, 16:17 Айдар Нуралиев

Кыргызстандагы №47 түзөтүү колониясынын аймагына тыюу салынган “предметти” ыргыткан факт катталды. Бул тууралуу КРнын ЖАМКнан кабарлайт. 19-апрелде Гагарина жана Кривоносова көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан №47 мекеменин  алдына Namba Taxiнин «Дэу-Нексия» үлгүсүндөгү унаасы келген. Белгисиз адамдар унаадан чыгып, 200 миң сом өлчөмүндөгү акчаны колониянын ичине ыргыткан. Бирок, аталган мекеменин кызматкерлери жана аскер күзөтчүлөрү убагында байкап ...

0 5358

Батукаевдин иши боюнча онколог Эмил Макимбетов камалды

03-май 2019, 12:34 Айдар Нуралиев

Нарындагы СИЗОдон 2013-жылы апрелде «айыккыс ооруга чалдыкты» деген негизде бошотулуп, “ардак” менен Чеченстанга узатылган  кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча тергөө кайра жүрүп жаткан. Кримтөбөлгө «оорулуу деген аныктама (справка) берди» деген айып менен белгилүү онколог,  балдардын онкология жана гематология борборунда эмгектенген Эмил Макимбетов камакка алынып, ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы ...

0 286

Алмамбет Шыкмаматов: Соттордо эч кандай реформа жүрбөгөндүгү далилденди

03-май 2019, 12:19 Айдар Нуралиев

Саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнбек Чотоновдун Жогорку Сотто өткөн сотунан соң, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов,  бүгүн соттор эч кандай реформа жүрбөгөнүн, дагы деле адам укуктары сакталбаганын далилдегенин айтты. "Сот мыйзам, Конституция менен эмес, абийир менен эмес, саясий конъюнктура менен чечим чыгарды. Сот бүгүн дагы мыйзамдар иштебегенин, адам укугу сакталбаганын жана сот реформасы жүрбөгөнүн далилдеди. Текебаев, ...

0 2393

Кримдүйнөгө каршы күрөш: ким жеңди?

02-май 2019, 14:47 Айдар Нуралиев

Батукаев 2013-жылы түрмөдөн «айыккыс ооруга чалдыкты» деген жүйө менен сот чечимине ылайык мөөнөтүнөн мурда бошоп кеткен. Кыргыз бийлиги уюшкан кылмыштуу топторго байланыштуу сын-дооматтан арыла элек. Коомчулуктагы соңку нааразылыкка ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин «мындай топтор болгон жана мындан кийин да боло берет» деген мазмундагы пикири ого бетер кошул-ташыл болду. 2010-жылдын апрель окуяларынан кийинки өлкө жетекчилеринин баары эле «караларга» каршы аёосуз күрөш болорун убада берген. ...

0 579

ВИДЕО - Питерде кыргыз мигранттарды тоноп, сабап, акчасын алып жүргөн “ОПГ” мүчөлөрү кармалды

02-май 2019, 13:00 Айдар Нуралиев

Санкт-Петербургда жарандарды тоноп жүргөн, Кыргызстандык уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Алар кыргызстандык мигранттарды коркутуп, күч колдонуп тоноп жүрүшкөн. Бул тууралуу КРнын ИИМнен кабарлайт. КРнын жана Орусиянын укук коргоо органдарына буга чейин Санкт-Петербург жана Ленинград облустарынын аймагында азиат улутундагы кылмыштуу топтун балдары Кыргызстандын жарандарын тоноп, зомбулук көрсөтүп жүрүшкөндөрү туурасында бир топ даттануу түшкөн.   Кылмышкерлер, аталган аймакта ...

0 222

Экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун соту уланууда

02-май 2019, 10:56 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 2-майда Бишкектин Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов жана алар менен бирге айтыпталган 12 кишинин иши каралат. 30-апрелде судья Кубанычбек Касымбеков тергөө менен кызматташа турганын айтып, күнөөсүн мойнуна алган “Дастан” ишканасынын мурдагы директору  Юрий Васильевдин ишин өзүнчө кароо чечимин кабыл алган. Муну А.Ибраимовдун адвокаты Сергей Слесарев мыйзамсыз деп атады.

0 779

ВИДЕО - “Кырк чоро” ЛГБТ уюмуна кол салып, алар милицияга арыз жазууда

01-май 2019, 18:20 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 1-майда ЛГБТнын укугун коргогон «8/365» кыймылына эки жолу кол салуу болгондугун Клооп.кж сайты жазып чыкты. Маалыматка ылайык, алгачкы "кол салуу", феминисттер жана кызтекелерден турган уюм Бишкектин батыш тарабындагы эс алуу багына барганда болгон. ЛГБТнын таламын талашкан “Кыргыз индиго” уюмунун мүчөсү Надира Масюмованын сөзүнө караганда, Минивэн унаасы менен келген 10-12дей эркек кишилер, андан “гейлерди кайдан сабайлы?”,- деп сурашкан. Масюмова дароо жакын жердеги ...

0 394

Баткендеги прокурордун өлүмүнө шектелгендер сотторго нааразы

01-май 2019, 13:26 Айдар Нуралиев

Баткенде киши колдуу болгон прокурор Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү Мелис Калыковдун бир тууган эжеси Дарика Калыкова сотттордун адилетсиздигин билдирип чыкты. “Көп адамдардын фамилиялары, фактылар айтылып жатат, бирок аларды протоколго киргизбей, «Мелис көргөзмө бербей жатат» деп туура эмес маалымат таратып жатышат. Биз келтирген 147 өтүнүчтөн 137си канааттандырылган жок. Кыйноо боюнча иш козголгон жок. 20 саат мыйзамсыз ...

0 247

Садыр Жапаров 10 жылга эркинен ажырады

01-май 2019, 08:35 Айдар Нуралиев

Жапаровдун иши сотто жыл башында күчүнө кирген жаңы Жазык кодексине байланыштуу каралып, саясатчынын  1,5 жыл жаза мөөнөтү кыскартылды. Бул тууралуу “Азаттык” жазып чыкты. Жактоочулары соттун чечимине канааттанган жок. Алар  "сот анын ишин кайра башынан кароо чечимин кабыл алып же жазасын 7,5 жылга чейин кыскартышы керек болчу" деп жатышат. Сотко төрагалык кылуучу Шерали Камчыбеков сот отурумунун катышуучуларын чечим менен ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 391

Кыргыз паспортун эл аралык “шылуун” компания даярдаган

30-апрель 2019, 19:02 Айдар Нуралиев

Эл аралык маалымат каражаттарынын жазганына баам салсак, Литвалык “Гарсу Пасаулис” компаниясы Африка өлкөлөрүндөгү коррупциялык чууга катыштыгы бар экен. Алардын айтканына таянсак, Конго Демократиялык Республикасыдагы биометрикалык паспортко байланыштуу чуунун изи Президент Кабиланын кланына алып келди. Дүйнөдөгү эң кымбат паспорт – Конго паспорту. Кирешенин бөлүгү президенттин жакын адамына таандык болгон оффшордук компанияга кетет. Алсак, ар бир Конго жараны үчүн бир паспорттун ...

0 119

ИИМдин КМКнын ыкчам кызматкерлери эл аралык издөөдө жүргөн коңшу өлкөнүн жаранын кармашты

30-апрель 2019, 16:26 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Интерполдун линиясы боюнча эл аралык издөөдө жүргөн жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.  Жакында, ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан Кыргызстандын аймагында оор кылмыш иши үчүн коңшу республиканын укук коргоо органдары тарабынан издөөгө алынган жаран жашырынып жүрөт деген ыкчам маалымат алынган. 2019-жылдын март айынын аягында Бишкек шаарынын аймагында ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83