www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кылмыш жана кырсык
0 664

Бишкектин “Башкыархитектурасынын” бөлүм  башчысы 10 миң доллар пара талап кылып кармалды

30-апрель 2019, 15:38 Кызгалдак Жакыпова

2019-жылдын 29-апрелинде УКМК ККК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын алкагында, «Бишкекбашкыархитектура» бөлүм башчысы, 1973-ж.т. К.М. 1 миң. 500 АКШ доллар өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан учурунда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Такталган маалымат боюнча, кармалган адам Арча-Бешик жаңы конушунун жер участокторунун курулушуна уруксат берүү документтерин жоктугун билип, тургундарды коркутуу менен 10 миң. АКШ доллар өлчөмүндөгү акча каражатын ...

0 458

Колониянын подполковниги асынып өлдү

30-апрель 2019, 15:28 Айдар Нуралиев

27-апрелге караган түнү, Ташкент облусунун Зангиата районундагы жатак абактын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ага кызматкери, подполковник Асомхожа Аброров иш бөлмөсүндө асынган абалда табылды. Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин жана Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын өкүлдөрү подполковниктин өзүнө кол салуусуна депрессия себеп болгонун билдиришти. Башкы прокуратура учурда өзүн-өзү өлтүрүү фактысы боюнча териштирүү баштады. Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин ...

0 151

Мамкаттоонун төрагасынын орун басары үй камагына чыкты

30-апрель 2019, 13:37 Айдар Нуралиев

26-апрелинде Бишкек шаардык соту Сарыбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин Руслан Сарыбаевдин апасы 27-апрелде каза болгону маалым болгон. Сарыбаевдин өзү да кант диабети менен ооруп жүргөнү айтылып келет. Эске салсак, ал 17-апрелде эки ай тергөө абагына камалган. Тендер чырына байланыштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары ...

0 840

«Эжемди жылаңач видеого тартып...»: Жаш жигит айылдашынын атасын коркутуп, акча талап кылган

30-апрель 2019, 13:14 Айдар Нуралиев

24-апрель күнү Ноокат райондук соту опузалап талап кылуу фактысы боюнча Ядгорго (аты өзгөртүлдү, Т.Я.Р.) карата өз чечимин чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат. Айыпталуучу — Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айылынын 1992-жылы туулган тургуну Ядгор үй-бүлөлүү, 1 баланын атасы. Убактылуу иштебейт жана мурда соттолгон эмес. Маалыматка караганда, Ядгор ушул жылдын январь айынан баштап Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Жандама айылынын 1961-жылы туулган тургуну Хокимжонду ...

0 334

ФОТО-9 жаштагы баланы машинага  сүйрөтүп, сабаган.

30-апрель 2019, 11:11 Айдар Нуралиев

Бишкектин “Алтын Казык” конушунун тургуну 9 жаштагы жээнин машина менен 20 метрдей сүйрөтүп сабаган. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 27-апрелде Биринчи Май райондук милициясына жаш баланын кордолуп сабалганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге  барганда, баланын таекеси “таенесинин акчасын урдады” деген  айып менен, тарбиялоо максатында баланы  BMW маркасындагы унаа менен 20 метрдей сүйрөткөн.

0 306

Кыргызстанда 100 сом үчүн манжасын сындырды

29-апрель 2019, 17:17 Айдар Нуралиев

Чүйдүн Москва районунун соту Петровка мечитинин имамы К.А. боюнча чечимин чыгарды. Бул боюнча соттон кабарлайт. Ал, 2018-жылдын 13-сентябрында болжол менен 15:30төр чамасында Ратмир (аты өзгөртүлдү) иштеген Беловодск айылындагы рентген-кабинетке келген. Айыпталуучу, аны оозго алгыс сөздөр менен тилдеп, халатын, майкасын айрып жана денесине залал келтирген. Экспертизанын жыйынтыгы менен Ратмирдин  денесиндеги залал аныкталып, манжасы катуу жабыркаган. Имамдын айтымында, ал 11-сентябрда келип, рентгенге түшүп, 100 сом ...

0 627

47-түрмө Атамбаевдин концлагериби?

29-апрель 2019, 15:59 Кызгалдак Жакыпова

15-апрелдеги Бишкек шаардык сотунун коллегиясы (төрагалык кылуучу Адис Момуналиев) ден соолугуна байланыштуу УКМКанын экс-төрагасы Мурат Суталиновду мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн шарттуу бошотуу жөнүндөгү арызын караган соттук отурумду кезектеги жолу кийинкиге жылдыруу тууралуу чечим кабыл алды. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, 9-апрелдеги соттук отурумда күбө катары суралчу 10 врачтын 9у суралып, 10-су келбей калгандыгына байланыштуу чечим кабыл алынбай калган болчу. Ошондо адвокаттар жана ...

0 214

ВИДЕО:“Түндүкэлектронун” бөлүм башчысы пара менен кармалды

29-апрель 2019, 13:51 Айдар Нуралиев

“Түндүкэлектронун”бөлүм башчысы У.Н.35миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды.Бул тууралуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Финансы полициясына Ж.Ш. аттуу жаран кайрылган. Анын айтымында,“Түндүкэлектронун” бөлүм башчысы бир мыйзамсыз документ ишин оң жагына  бүтүрүп  берүүгө 50миң сом сураган. Бир ай ичинде аталган кызматкер,сураган 50 миң сомун алган.Акыркы 35 миңин алып, жаранга уруксат кагазын берип жаткан ...

0 289

Соттолгон чиновниктердин туугандары журналисттерге жулунду

29-апрель 2019, 13:03 Айдар Нуралиев

Бишкек шаардык сотунда, ЖЭБди модернизациялоо иши боюнча сотто айыпталгандардын баш коргоо чарасын  караган сот отуруму болууда. Сот, чечим  чыгарууга чыгып кеткенде соттолуучу чиновниктердин туугандары журналисттерге жулунган. Алар, айыпталуучуларды  тасмага, сүрөткө тартпоо талабын коюп, уруш чыгарышкан. Туугандардын бири:“Силер бизди тажаттыңар. Телефондоруңарды алгыла. Биздин ордубузда болуп калсаңар экен”–деп тилдеп кыйкырып, журналисттердин телефондорун тартып алууга аракет жасашкан. Эске салсак,  УКМКнын кармоо жайында  мурунку премьер-министр Сапар Исаков ...

0 390

Жалил Атамбаев журналистти сотко берди

29-апрель 2019, 11:46 Айдар Нуралиев

Милициянын отставкадагы полковниги,түштүктөгү эң бай адамдардын бири  Жалил Атамбаев журналист Ыдырыс Исаковду иликтөөсү үчүн сотко берип, соттон 50 млн.сом моралдык чыгым өндүрүп берүүнү суранган. Эске  салсак, ушул жылдын апрель айында Азаттыктын “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнүн алкагында журналист Ыдырыс Айтбаевдин «Ош: салыктан буйтаган "ишкерлер"» аталыштагы видеоиликтөөсү көрсөтүлгөн. Анда, Кыргызстандын казынасына көмүскө экономиканын айынан 40 млрд. сом түшпөй ...

0 490

Гүлнара Каримованын 1 миллион долларлык жол тандабастарына сот чечим чыгарды

29-апрель 2019, 11:33 Айдар Нуралиев

Маркум Ислам Каримовдун улуу кызы Гулнара Каримованын конфискацияланган,баасы асман чапчыган жол тандабастары сатылбайт деген чечим чыгарды.Каримова учурда, Зангиотто жайгашкан аялдар түрмөсүндө жатат. Швецариялык басылма Le Tempsтин маалыматына караганда, анын Mercedes-Benz SLR2DR, Bentley Arnage жана  Range Rover Sport V8 – үлгүсүндөгү 1 миллион долларга бааланган. 2003-жылдан бери,аталган унааларга чечим чыкпай келген. Эми аларды, Г.Каримованын 2009-жылы 18 миллион франкка сатып алган ...

0 269

ВИДЕО-Подиумда кулаган модель жан берди

29-апрель 2019, 10:20 Айдар Нуралиев

Бразилиянын Сан Паулу шаарында,Соарес Ocksa брендинин кийимдерин көрсөтүп жаткан учурда,подиумда басып бара жатып кулап кеткен модель жигит көз жумду. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. Талес Соарес аттуу модель болгону 26 гана жашта болчу. Алгач ал жыгылганда көрүүчүлөр аны шоунун бир бөлүгү деп ойлошкон. Бирок, калтырап оозунан ак көбүк чыга баштаганда гана дарыгер чакырылып,эл дүрбөгөн. Бирок,Соарести медиктер да сактап калалган эмес. Учурда,анын жыгылган себеби такталууда. Булак:NazarNews.kg  

0 193

«Ала-Арча» резиденциясында өрт чыкты

29-апрель 2019, 09:57 Айдар Нуралиев

Бишкекте «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында реконструкция болуп жаткан эски имараттардын биринин чатырындагы өрт өчүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирд. “Бүгүн резиденциянын аймагындагы имараттардын биринин чатыры күйдү, толук эмес, бир бөлүгү. Өрт өчүрүүгө беш автоунаа тартылган. Жабыр тарткандар жок. Өрт чектөөгө саат 16:37де алынып, андан ары өрчүшүнө жол берилген жок”, - деп кабарлайт ОКМдин басма сөз ...

0 249

“Зордук зомбулукка каршы  бирдиктебиз” аттуу кароо сынактын жыйынтыгы чыгарылды

26-апрель 2019, 20:10 Кызгалдак Жакыпова

2019-жылдын 26- апрелинде Бишкек шаарына караштуу Бакай-Ата жаңы  конушунун №85 орто мектебинин жыйындар залында “Зордук зомбулукка каршы  бирдиктебиз” аттуу кароо сынактын жыйынтыгы чыгарылды. Аталган иш-чарага ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздукту  камсыздоо кызматынын кызматкерлери, “Демократиялык процесстерди изилдөө  борбору” коомдук фондунун өкүлдөрү, Свердлов районунун социалдык  өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери, мектеп мугалимдери жана  ата-энелер комитетинин өкүлдөрүнүн катышуусунда болуп өттү. Бул иш-чарада ички иштер органдарынын кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн  ...

0 283

Наркы миллиондон ашкан аткезчилик жол менен товар кармалды

26-апрель 2019, 17:28 Кызгалдак Жакыпова

23-апрелде, Ош аэропортунан мыйзамсыз товар ташып келе жаткан Кыргызстандын жараны кармалып, анын сумкасынан 2200 даана (30 800 капсула) 300 мг. «REGAPEN» үлгүсүндөгү дары-дармек  табылган.Мамлекеттик Бажы кызматынын басма сөз кызматы, аталган товардын наркы миллион сомдон ашык экенин билдирди. Кармалган жарандын жанында алып келе жаткан товардын мыйзамдуу экендигин тастыктаган бир да документ болгон эмес.  Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 223-беренесинин ...

0 335

Издөө салабыз! Бурмахан Айтматова уулун издейт

26-апрель 2019, 17:18 Кызгалдак Жакыпова

Бишкек шаарынын Алтын-Казык конушунун «Ак Тилек» кесилишинин 5-үйүнүн жашоочусу Халатов Кылычбек Ташполотович изделүүдө. Бул тууралуу маалыматты апасы Бурмахан Айтматова билдирди.  Ал 1983-жылы, 20-апрелде Баткен облусунун Кадамжай районунда туулган. Жакындарынын айтымында, аны 2-март күнү 16:00дор чамасында Бишкектин “КАСИ” мечитинен жоготуп алышкан. Көргөн-билгендер болсо "0771) 53 47 96; (0772) 26 76 20 номурларына кабарлап койсоңуздар.   Булак:NazarNews.kg

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 797

Сырдуу жоголгон 3 балалуу келин табылды

26-апрель 2019, 16:11 Кызгалдак Жакыпова

24-апрелде Таласта жоголгон Нургүл Сыйдалиева бүгүн, 26-апрель күнү Бишкек шаарынан табылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына милициядан билдиришти. Алдын ала маалыматка караганда, ал кайын журту менен таарынышып, Бишкек шаарына кетип калган. Учурда эки тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп, аны үйгө алып келе жатышат. Окуя тууралуу: Буга чейин Бакай-Ата РИИБден Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылында 1993-жылы туулган Сыйдалиева Нургүл Асанбековна дайынсыз ...

0 265

Издөөдө жүргөн КСДПнын депутаты милицияга өзү барды

26-апрель 2019, 17:29 Кызгалдак Жакыпова

Токмок шаардык кеңешинин, КСДП фракциясынын депутаты, адам өмүрүнө кол салган деген кине менен издөөдө жүргөн Тынай Жансейитов, өз каалоосу менен Чүй облусунун ИИББнын бөлүмүнө келген. Маалыматка ылайык, ал Ысык-Ата районунун ИИБсынын тергөө абагына киргизилген. Эске салсак, 2018-жылдын августунда Токмок шаардык кеңешинин депутаты Тынай Жансейитов жердеши Талантбек Жамангуловго бычак менне кол салган. Ага КРнын ККнин “Адам өмүрүнө кол салуу” беренеси менен ...

0 264

Бала саткан гинекологдордун соту болду

26-апрель 2019, 13:01 Айдар Нуралиев

Бишкек шаардык №4 төрөт үйүнүн перинаталдык борборунун кызматкери 2800 долларга жаңы төрөлгөн ымыркайды саткан. Бул туурасында 24-апрелде, бала сатууга шектелип кармалган гинекологдордун сотунда күбө катары катышкан Б.С. аттуу жаран айтты. Эскерте кетсек, 2018-жылы 7-сентябрда Бишкекте бала сатты жана мыйзамсыз аборт жасады делген шек менен бир нече гинеколог кармалган. Сегиз дарыгер сот жоопкерчилигине тартылууда. Укук коргоо органдарындагы өздүк булактын маалыматы боюнча үчөө ...

0 254

Кыргыз Республикасынын ИИМде “Генералдар клубунун” төрагасы Садырбек Дубанаевди маарекеси менен куттукташты

25-апрель 2019, 12:13 Айдар Нуралиев

Бул мааалымат тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. 2019-жылдын 25-апрель күнү ИИМдин Борбордук аппаратында салтанаттуу  шартта “Генералдар клубунун” төрагасы, запастагы милициянын  генерал-майору Садырбек Дубанаевди маарекеси менен куттукташты. Салтка ылайык, туулган күн ээсин жетимиш жаш маарекеси менен куттуктоого ИИМдин жетекчилиги, ИИМдин генералдар клубу, кесиптештери,  башкармалыктардын жана кызматтардын башчылары чогулушту. Кыргыз  Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын  генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков милициянын ардагерин жетимиш ...

0 1129

ВИДЕО- Экс-депутат Дамир Асылбек уулунун сотунда мушташ чыкты

25-апрель 2019, 11:03 Кызгалдак Жакыпова

Казакстандын Алматы шаарынын район аралык соту Кыргызстандын мурдагы депутаты, аткезчиликке байланыштуу айыпталган Дамирбек Асылбек уулун эки берене боюнча күнөөлүү деп таап, жалпысынан 10 жылга кести. Алты айга созулган сот иши боюнча өкүмдү Алматы район аралык сотунун судьясы Бакытхан Бакирбаев окуду: «Жыйынтыктап алганда Дамирбек Асылбек уулу он жылга өкүм кылынсын жана өлкөгө кирүүгө беш жылга тыюу салынсын. Анын жазасы ал ...

0 720

Финполиция  Жалил Атамбаевдин сары изине түштү

25-апрель 2019, 09:03 Кызгалдак Жакыпова

«Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаков, «Ош: «салыктан буйтаган ишкерлер» аттуу видеоиликтөө даярдап, ал 17-апрелде эфирге  чыккан.   Аталган журналисттик иликтөөдөн соң, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) текшерүү иштерин баштады. Маалыматка ылайык, көрсөтүүдө айтылган фактылар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестерине катталды. «Иликтөө иштери Жазык кодексинин 232-беренеси («Салык төлөөдөн жана милдеттүү төлөмдөрдөн качуу») менен ...

0 287

Пакистанда шал оорусуна каршы эмдөөгө катышкандар өлтүрүлүүдө

25-апрель 2019, 08:29 Кызгалдак Жакыпова

Пакистанда Хайбер-Пахтунхва провинциясында шал оорусуна каршы эмдөө жүргүзүп жаткандарды  коштогон полиция кызматкерин өлтүрүп кетишти. Аны Бунер шаарында атып кетишкен. Дагы бир полиция кызматкери Банну шаарында, шал оорусуна каршы эмдөөнү колдоорун билдиргенден кийин өлтүрүлүп кетишкен. Бирок, буга негизги себеп не болуп жаткандыгы белгисиз. Саламаттык сактоо департаментинин билдиргенине караганда, аталган өлкөдө шал менен ооруган 2 жаңы учур катталган. ...

0 284

КР ИИМ менен РФ ИИМи кыргызстандык кылмышкердин изин тапты

24-апрель 2019, 13:55 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү Россиянын ИИМдин аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте Москвада  оор кылмыш ишинин бетин ачышты 2019-жылдын март айынын аягында Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнө Кыргыз Республикасынын жарандары кайрылып, дайынсыз жоголгон Баткен облусунун Баткен районунун жашоочусу, 1981-жылы туулган Р.Ж. аттуу тууганын издөөгө жардам көрсөтүүнү суранышкан. Ал 2019-жылдын 23-март күнү Москва шаарынын Верхние көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон ...

0 250

Журналисттин өлүмүнө айыпталган жаран 11 жылга соттолду

24-апрель 2019, 09:24 Кызгалдак Жакыпова

Нур-Султан соту былтыр күзүндө журналист Ирина Бекетованы өлтүрүүгө шектелип кармалган жергиликтүү тургун Анатолий Гусейновду 11 жылга эркинен ажыратты. Мындан тышкары ал компенсация катары журналисттин үй-бүлөсүнө алты миллион теңге (15,8 миң доллардан ашык) төлөп берүүгө милдеттендирилди. Ишти караган судья Вероника Семенова соттолуучунун күнөөсү соттук-медициналык экспертизанын корутундусу жана эки күбөнүн көрсөтмөсү менен ырасталганын билдирди. Анын айтымында, Гусейнов айыптоолорду толук мойнуна алган эмес. «Ал журналистти ...

0 632

Москвада  каралар дүйнөсүндөгү “Сакалдын” балдары кармалды

24-апрель 2019, 17:10 Кызгалдак Жакыпова

Москвада укук коргоо органдары тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун лидери “Сакал” деген каймана аты менен таанылган, Улан Токтосуновдун балдары колго түшкөн. Аталган кылмыштуу топту Токтосуновдун кол алдындагы балдарынын бири карачу. Алар талап-тоноо, мушташ-жаңжал, уруп-сабоодон  тышкары, Кыргызстандан Москвага иштегени келген аялдардын коркутуп, жашоосун тооруй баштаганда полиция тарабынан аңдууга алынган. Азыр аталган кылмыштуу топтун иши тергөөдө каралууда.

0 371

ИИМ: ИИМдин Басма сөз кызматы ички иштер органдарынын тутуманда түзүлгөнүнө 35 жыл толгондугун белгилөөдө

19-апрель 2019, 19:02 Айдар Нуралиев

Бул маалымат тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. Кыргыз Республикасынын ИИМдин тутумунда Басма сөз кызматтары 1984-жылдан баштап кесиптик майрамын белгилеп келүүдө. Ошол жылдары, 35 жыл мурда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Жусупбек Акматовдун буйругу менен 1984-жылы 18-апрель күнү Ички иштер министрлигинде өз алдынча бөлүм катары басма сөз кызматы бекитилген. Ошол убакта Пресс бюро бир кызматкерден туруп, ал басма топтун инструктору катары эсептелинген. Алгычкы кызматкер Виктор Ярцев болуп эсептелинет.  Өз ...

0 387

ИИМ: Ош шаарынын борбордук аянтында милиция кызматкерлери саптык кароодон өтүштү

18-апрель 2019, 20:06 Айдар Нуралиев

Бул маалымат тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. 2019-жылдын 18-апрель күнү Ош шаарынын борбордук аянтында коомдук коопсуздукту сактоого киришкен ички иштер органдарынын кызматкерлери менен милициянын кызматкерлери саптык кароодон өтүштү. Иш-чара Ош шаары 2019-жылы Түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрүнүн Маданий борбору  болуп жарыяланганына байланыштуу ачылышына карата маданий-массалык  иш-чараларды өткөрүүгө арналды. Ага Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы, милициянын полковниги Сапар Асаналиев, ИИМдин ЖКККББнын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Ыманалы Саркулов, ...

0 270

ИИМ: Кыргыз Республикасынын ИИМдин Басма сөз кызматынын 35 жылдык маарекесине карата ИИОнун басма сөз кызматтарынын бардык кызматкерлерине семинар-тренинг өтүлүп жатат

18-апрель 2019, 16:16 Айдар Нуралиев

Бул маалымат тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. 2019-жылдын 18-19-апрель күндөрү ИИМдин милициянын полковниги С. Нааматбаевдин атындагы музейинде Кыргыз Республикасынын ИИОнун Басма сөз кызматтарынын кызматкерлери үчүн “Басма сөз кызматтары менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын ортосундагы натыйжалуу  ыкмалардын байланышы” аталышындагы семинар-тренинг өтүлүүдө.  Иш-чаранын уюштуруучулары ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги болууда. Семинар-тренингге ИИМдин Борбордук аппаратынын, ЖКККББнын, БМЖКККнын, МАККББнын, ИИМдин Академиясынын, “Шумкар”АБПнын,“Динамо” КДДБнын, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун ...

0 327

Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын ыкчам кызматкерлери Жалал-Абад облусунун аймагынан 1 кг. 100 граммдан ашык салмагындагы баңгизатын ташыган жаранды кармашты

17-апрель 2019, 18:05 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы  күрөшүү кызматы тарабынан баңгикаражаттарын мыйзамсыз сактоо, ташуу, жайылтуу менен алектенген кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн аныктоо жана  ага бөгөт коюуга багытталган операциясы ийгиликтүү аяктады. 2019-жылдын 16-апрель күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды  мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Жалал-Абад  облусунун Токтогул районунун аймагындагы Бишкек-Ош унаажолунда ыкчам  издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда “Тайота” үлгүсүндөгү автоунаасы  токтотулган. Жеңил ...

0 597

Айрым судьялар мөөнөтүнөн мурда иштен бошотулду

14-апрель 2019, 14:08 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Ош облустук сотунун судьяларын жана Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясын мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Жарлыкка кол койду. Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши берген арыздарына ылайык Ош облустук сотунун судьялары Шамшиев Абдрасул Абдрахмановичтин жана Матраимов Назымбек Турдалиевичтин өз каалоолору менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго сунуш киргизген. Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин алдындагы ...

0 244

"Коопсуздук жана укуктук тартип тармагын реформалоодогу гендердик мамилелерди каттоо”

13-апрель 2019, 17:08 Айдар Нуралиев

2019-жылдын 15-апрель күнү саат 9:30да Бишкек шаарынын Раззаков көчөсү №51 дарегинде жайгашкан И. Арабаев атындагы КМУда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын Жаш өспүрүмдөрдүн арасындагы укук бузууларды алдын алуу борборунун кызматкерлери, ИИОнун жаш өспүрүмдөр менен иштөө боюнча тескөөчүлөрү, милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрүнүн катышуусунда “Коопсуздук жана укуктук тартип тармагын реформалоодогу гендердик мамилелерди каттоо” аталышындагы окуу семинары өтөт. Байланыш телефондору: Айдаркул Каана 0550211350; Иманакунов Медет  701150188 Бул маалымат тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 745

ИИМ: Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев Данил Браилкинди уурдашкан кылмышкерлерди жана эки адамдын өлүмүнө шектүү жарандарды кармоого катышкан ыкчам кызматкерлерди сыйлады

12-апрель 2019, 21:00 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 2019-жылдын 12-апрель күнү Кыргыз Республикасынын ички иштер  министри милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев Данил Браилкинди уурдашкан кылмышкерлерди жана эки адамдын өлүмүнө шектүү жарандарды кармашкан ыкчам кызматкерлерди сыйлады. Ички иштер министринин буйругу менен кызматтык милдеттерин абийирдүү  аткарышкандыгы жана профессионалдуулугу, коомдук коопсуздукту камсыздоо  жана кылмыштуулук менен күрөшүү үчүн зор салымдарын кошкондору үчүн,  андан сырткары коомдук резонанс жараткан өзгөчө оор кылмыш иштеринин  бетин ачышкан Криминалдык милиция кызматынын ...

0 439

ИИМдин кызматкерлери ишкер аялды карактаган жарандарды кармашты

12-апрель 2019, 19:14 Айдар Нуралиев

Милиция кызматкерлери тоноочулардын тобунун кылмыштуу оюна бөгөт коюшту. 2019-жылдын 31-мартында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда белгисиз адамдар тарабынан ишкер аялга карата карачылык жасалган.  Болжол менен саат 18:45 чамасында айылдардын бириндеги көчөдөн азият түспөлүндөгү медициналык бет капчан белгисиз адамдар 40 жаштагы аял кишиге кол салышкан. Кылмышкерлер өзүнүн курмандыгын аңдып жүргөндөй, ошол күнү ишкер аял үйүнө товарлар жана калган акча каражаты менен ...

0 205

ИИМдин КМКнын ыкчам кызматкерлери “Уурулардын” кылмыштуу тобунун мүчөсүн кармашты

10-апрель 2019, 15:52 Айдар Нуралиев

ИИМдин КМКнын УККБнын ыкчам кызматкерлери уруулукка шектүү жаранды  кармашты. Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча жогоруда  көрсөтүлгөн жаран  автоунаанын ичиндеги буюмдарды жана баалуу буюмдарды  уурдоо менен алектенген кылмыштуу топтун курамында болгон. 2019-жылдын мартында ички иштер органдарына Чүй облусунун жашоочусу мыйзамсыз иш-аракеттерди жасап, материалдык зыянга учураткан белгисиз  жарандарга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган.  Жабырлануучу жаран милицияга жарым жыл өткөндөн кийин гана кайрылууну  чечкен. 2018-жылдын ...

0 205

ИИМ-миграциялык мунапыс

09-апрель 2019, 11:55 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү Россиянын аймагында  мыйзамсыз жүргөн Кыргызстандын жарандарына “Миграциялык мунапыс” жөнүндө  мекендештерге эскертет “Миграциялык мунапыс” маалында Россиянын аймагында Россия Федерациясынын  миграциялык мыйзамдарын бузган мекендештер, 2019-жылдын 22-апрель күнүнө  чейин өз мекенине тоскоолдуксуз келип, андан соң каалаган убагында кайрадан административдик жоопкерчиликке тартылбастан кайтууга болот. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү келүү  убактысын бузган Кыргызстандын жарандарын “миграциялык мунапысты”  колдонууга чакырат. Толук маалымат алуу ...

09-апрель 2019, 11:55 | 205
0 296

ИИМ-Карактоого шектүүлөр кармалышты

08-апрель 2019, 16:51 Айдар Нуралиев

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында Криминалдык милиция кызматынын  кызматкерлери жолдо каракчылык менен алектенишкен жарандарды кармашты 2019 - жылдын 7-апрель күнү болжол менен саат 03:30 чамасында Жалал-Абад  облусунун Кара-Көл ШИИБдин нөөмөт бөлүгүнө Баткен облусунун Кадамжай  районунун 28 жаштагы жашоочусу белгисиз адамдар тарабынан мыйзамсыз иш-аракеттер жасалгандыгы жөнүндөгү арызы менен кайрылган. Арызда шаардын жээгиндеги жолдо кылмышкерлер “Субару” үлгүсүндөгү автоунаасы менен жабырлануучунун автоунаасын тосуп токтотушуп, андан соң тапанча менен коркутушуп, ...

0 1340

АЧЫК КАТ:Кызыл-Байрак айылынын тургундарынан - Кадыркулов менен Исмаиловго

03-апрель 2019, 15:19 Айдар Нуралиев

КР МУКК төрагасы И.А. Кадыркуловго КР МУКК ККК директору С.С. Исмаиловго 723317, Ош облусу, Кара-Суу району, Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Кызыл-Байрак айылынын тургуну Токторалиева Орозкандан (тел. 0778 493908) АЧЫК КАТ Урматтуу Идрис Анарбекович! Урматтуу Сагынбек Сардарбекович! Сизге кайрылуубуздун себеби төмөндөгүчө, Ош облусу Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Капаров КР ...

0 203

УКМК: Паспортко бланк даярдоо боюнча тендерде Мамкаттоо өкүлдөрү мыйзам бузган

03-апрель 2019, 14:42 Кызгалдак Жакыпова

Биометриялык паспортторго бланк даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендерде Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) кызматкерлери өз пайдасы үчүн мыйзамдарды бузуп, өздөрүнө тыгыз байланышы бар компаниянын кызыкчылыгы үчүн иштешкен. Бул тууралуу «Азаттыкка» Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди: - Натыйжада сынакка катышкан компаниялардын бири тендерди утуп алган ишкана сунуш кылган суммадан 253 млн. сомго арзан бааны сунуш кылганына карабай, «тендердик ...

0 1173

ИИМ: Марлис Асанов эч кандай жетекчилик кызматтык орунга дайындалбайт

02-апрель 2019, 18:20 Айдар Нуралиев

2019-жылдын 1-апрель күнү Назарньюс сайтына “Бурулайдын өлүмүнө жол берген, Данияр Абдыкадыровдун өкүл баласы Марлис Асанов ызы-чуу жаратабы?” деген макала жарыяланып, аны жогорудагы сайтка шилтеме берүү менен бүгүн бир катар кыргызча сайттар өздөрүнө чагылдырды. Анда Бурулайдын өлүмүнөн кийин кызматтан айдалгандардын арасында Марлис Асанов бар экендигин эми бүгүн болсо акчанын күчү менен кайрадан анын Чүй областтык ички иштер башкармалыгына жооптуу кызматка жетекчи ...

0 343

Ташкент абагында дагы бир базардын мурдагы жетекчиси каза болду

02-апрель 2019, 14:07 Кызгалдак Жакыпова

30-мартта Ташкенттеги №1 тергөө абагында «Бек Тупи» базарынын мурдагы жетекчиси Шукриллахон Эргашев каза болду. Өз булактар 57 жаштагы Шукриллахон Эргашевдин​ жүрөк оорусу кармап көз жумганын кабарлашты. Эргашевдин туугандарынын бири ишкердин саламаттыгы жайында болбогонун тастыктады. “Февралдын башында Шукур-аканы “Таштүрмөдөгү” медициналык бөлүмгө жаткырышкан. Ал кант диабети менен ооручу, жүргөгү да начар эле. “Ал инфаркат болуп өлдү” деп айтышты. Биз буга ишенүүгө аргасызбыз. Жанында жок ...

0 385

Динара Зарлыковна кызматкерлерин калкалоодобу?

02-апрель 2019, 13:58 Кызгалдак Жакыпова

Эсиңиздерде болсо, 26-мартта саат 17:00 чамасында Ала-Арча коругунда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын жолдошу Нурлан Тургунбаев жол кырсыгына кабылган. Ал Улуттук госпиталдын көз микрохирургия бөлүмүндө дарыгер болуп иштейт. Аны менен биргеликте Улуттук госпиталдын офтальмология бөлүмүнүн 3 кызматкери чогуу болушкан. Тойота Камри үлгүсүндөгү унааны 1992-жылы туулган кыз, Улуттук госпиталдын кызматкери башкарып бара жаткан жана рулга ээ боло албай авария болгон. Жабыр тарткандар Нурлан ...

0 227

ИИМ: 10 000 АКШ доллар талап кылган жаран КМКнын УККБнын ыкчам кызматкерлеринин кылтагына түштү

01-апрель 2019, 17:49 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери опузалап талап кылган топтун кылмыштуу ишмердүүлүгүнө бөгөт коюшту. Белгисиз адамдар, өздөрүн криминалдык авторитет катары аташып, Чүй облусунун жашоочусунан ири суммадагы акча каражатын талап кылышкан. Талап кылган акча каражатын төлөөдөн баш тарта  турган болсо, кылмышкерлер жабырлануучуга карата физикалык күч колдоно турушкандыгын айтып коркутушкан.  Алардын коркутууларынан эч кандай пайда чыкпаган соң, зомбулук көрсөтүүгө өтүшкөн. ...

0 810

Каракалпакстанда кудуктан үч наристе менен алардын энесинин сөөгү табылды

01-апрель 2019, 10:38 Кызгалдак Жакыпова

28-мартта Каракалпакстандын Хожели районунда кудуктан үч кичинекей бала менен алардын энесинин сөөгү табылды. Алар кырсыкка кабылганы же суицидге барганы белгисиз. Трагедияга кабылган үй-бүлөнүн кошуналарынын биринин айтымында, мерт болгон балдардын эң күчүүсү сегиз айлык, ортончусу эки, улуусу үч жашта болгон. "Үйүбүздүн жанында ачык кудук бар, тосулган эмес. Айылда суу түтүктөрү жок, буга байланыштуу жергиликтүү жашоочулар суунун кудуктан алышчу. Балдар кокустан түшүп кетишкенби же ...

0 415

ИИМ. “Фабула” гезитине жана бир катар сайттарга чыккан макалага жооп берди

2019-жылдын 29-март күнү “Фабула” гезитине жана бир катар кыргызча  сайттарга  “Жунушалиев чабалдык кылууда” деген макала  жарыяланды. Бул  боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги төмөнкүлөрдү  билдирет. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев ИИМдин Ички иликтөө кызматынын алдына мыйзамсыз иш-аракеттерди жасоо максатында ички иштер органдарына келген жактарды  алдын алууга, аларды милиция кызматкерлеринин катарынан тазалоого катуу талап койгон. Ошонун негизинде ИИМдин Ички ...

0 329

Ниязов: Мага козголгон кылмыш иши - саясий куугунтук

Мурдагы Президенттик аппараттын башчысы, Кыргызстан социал- демократиялык партиясынын (КСДП) саясий кеңешинин мүчөсү Фарид Ниязов ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге кайрылып, кызматкерлер аркылуу саясий куугунтук жүргүзбөөгө чакырды. «Бул «жогору» жактан берилген тапшырма экенине мен толук ишенем. Ошондуктан инцидентти саясий буюртма катары баалоого жана ИИМдин кызматкерлерине аны аткарууга мажбурлады деп эсептөөгө толук укугум бар», - дейт билдирүүсүндө Фарид Ниязов. Ал эми, ИИМ Низовдун үстүнөн Максат Чегирткеев ...

0 362

Фарид Ниязовдун үстүнөн кылмыш иши козголду

ИИМ: М.Чегирткеевдин арызы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү  реестрине катталып, сотко чейинки иликтөө иштери жүрүүдө 2019-жылдын 20-мартында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматына  жаран М.Чегирткеев кайрылып, 2010-жылдын 6-7–апрелинде каза  тапкандардын жана жабыркагандардын үй-бүлөсүн социалдык жактан коргоо  боюнча Мамлекеттик комиссиянын төрагасы Фарид Ниязов менен башка  комиссия мүчөлөрү 2017-жылы кызмат абалынан кыянаттык менен  пайдаланышып, врачтардын Сочиге Апрель окуяларында жабыркаган адамдардын  дарыланышы керектиги тууралуу көрсөтмөсүнө карабастан, ...

0 626

Сүрөт - "Манас" аэропортуна бараткан айдоочу жолдун боюнда бакты сүзүп, 29 жаштагы жигит каза болду

Эл аралык "Манас" аэропортуна бараткан жолдун боюнда жайгашкан Ак-Жол айылында автоунаа бакты сүзүп, ичиндеги айдоочу мүрт кетти. Автоунаа ичинде 18 жаштагы кыз жаракат алып, ооруканага жаткырылды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Чүй облустук милициясынан кабарлашты. Автокырсык 17-мартта болжол менен кечки саат 23:00дө болгон. Маалыматта Nissan Primera автокөлүгү Эл аралык "Манас" аэропортунан Бишкекти көздөй келе жатканда кырсыктаганы айтылат.  "Алдын ала маалыматтар боюнча ичиндеги ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 280

ИИМдин КМКнын УККБнын ыкчам кызматкерлери бейбаштыкка жана башка укук бузууларга шектелгендерди кармашты

04-март 2019, 20:17 Жазгүл Урманбетова

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери бейбаштыкка жана башка укук бузууларга шектелгендерди кармашты. Бул тууралуу маалыматты ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. 2018-жылдын сентябрь айынын аягында ички иштер органдарына Баткен облусунун Б.А. аттуу жараны кайрылып, мыйзамга каршы иш-аракеттер менен анын укугун тепселенгендер жөнүндө билдирген. Кечинде телефон аркылуу чалышып, Бишкек шаарындагы “Вефа Центр” соода борборунун жанында чогулууну белгилешип, ...

0 585

11 жаштагы окуучуну маршруттун айдоочусу сүзүп кетти

04-март 2019, 18:49 Жазгүл Урманбетова

Бишкекте маршруттук таксинин айдоочусу окуучуну сүзүп кетти. Бул тууралуу маалыматты ЖМКлар таратышты. Кырсык бүгүн Ахунбаев менен Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. «Айдоочу 11 жаштагы бала тыюу салынган жерден өтүп бара жатканда сүзүп алган. Учурда жабырлануучу ооруканада, унаа болсо айып төлөөчү жайга киргизилди», -деп билдиришти башкармалыктан. Булак: NazarNews.kg

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83