www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кылмыш жана кырсык
0 837

Cамара: Жол кырсыгынан биздин атуул каза болду

02-март 2019, 17:06 Жазгүл Урманбетова

Россиянын Самара облусунда жол кырсыгы катталып, анда 1986-жылы туулган кыргыз жараны каза болду. Бул туралуу Россиянын маалымат булактары жазды. Маалыматка ылайык, LADA Largus Cross үлгүсүндөгү унаасы карама-каршы тилкеге чыгып, Hyundai Solaris унаасы менен сүзүшүп кеткен. Жыйынтыгында 3 адам каза болүп,4 адам ооруканага жаткырылды. Булак: NazarNews.kg  

0 7347

Зордукчу жыныс мүчөсүнөн ажырап ... Балдарынын атасын бензин куюп, өрттөгөн ...

Бир үйдө чогуу жашаган жеңесинин көзүн кайын сиңдиси менен күйөө баласы түн ортосунда тазалап, денесин каналдагы сууга ыргытып жиберишкен. Адам өмүрүн алгандар маркумдун кыркы өткөнгө чейин кылганын жашырып жүргөнү менен укук коргоо кызматкерлери алардын изине түшкөн. Sputnik Кыргызстан агенттиги февраль айындагы өлкө аймагындагы соттук өкүмдөрдү барактап, адам көз жумган, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн окуяларды тизмектеди. Ага сөрөй... Үч баласы бар 28 жаштагы киши мас ...

0 386

Баштыгынын илгичи жүрүп бараткан поездге илинип калып, рельске сүйрөлүп каза болду

01-март 2019, 18:01 Жазгүл Урманбетова

АКШнын Нью-Йорк шаарындагы метродо 39 жаштагы жарандын баштыгынын илгичи жүрүп бараткан поездге илинип калып, рельске сүйрөлүп каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, кырсык 21-февраль күнү болжол менен саат 7:20 чамаларында Grand Central Terminal бекетинде орун алган. Алгач полиция жабыркаган жарандын киийими поездге илинип калып сүйрөп кеткен деп божомолдошкон, бирок видеокөзөмөл аркылуу караганда анын баштыгынын илгичи илинип ...

0 516

Кыргызстандык аял күйөө баласын бычактап салган

01-март 2019, 11:03 Кызгалдак Жакыпова

Чүй облустук соту асылган күйөө баласын өлтүрүп салган кыргызстандык аялдын аппеляциялык арызын карап, биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу Жогорку соттун сайтына жарыяланган актыда айтылат. Аламүдүн райондук сотунун өкүмүнө караганда, өткөн жылдын 22-июнунда аял өзүнүн кызы жана күйөө баласы менен ичимдик ичип отурган. Кызы уктап калган кезде соттолуучу күйөө баласын төшкө эки ирет бычак менен урган. Ал күйөө баласы ага ...

0 313

Ноокенде каза болгон окуучунун өлүмүнүн чоо-жайы

27-февраль 2019, 18:21 Перизат Кутманалиева

2019-жылдын 24-февраль күнү саат 20:20 чамасында, Ноокен районунун аймактык ооруканасынын тез жардам кызматынын тарабынан Ноокен РИИБнүн нөөмөт бөлүмүнө Ноокен районунун Масы айылында жайгашкан Сай-Мала участкасынын Тоскоол сайдын жардын болжол менен жыйырма метр төмөн тарабында бейтааныш азият улутундагы 15-20 жаштардагы эркек баланын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул маалымат түшөөр заматта Ноокен РИИБнүн тергөө-ыкчам тобу аталган жерге чыгышып, окуя болгон жерде ...

0 190

Сатуучуну мылтык менен коркутуп, 63 миң сомду алып кеткен

27-февраль 2019, 18:16 Жазгүл Урманбетова

Бишкекте кафенин кассасынан акча уурдаган жаран кармалганы маалым болду. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, кармалган жаран Бишкектеги кафелердин бирине кирип, кассирди тапанча менен коркутуп, 63 сомду алып кеткен. Кылмышка шектүү деп 35 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери жүрүүдө. Булак: NazarNews.kg

0 269

Каир: 10 адам көз жумду

27-февраль 2019, 15:14 Жазгүл Урманбетова

Каирде поезд рельстен чыгып кетип, күйүп кетти. Андан 10 адам каза таап, 20 адам жабыркады деп жазат Masrawy сайты. Бул кырсык бүгүн эртең менен Рамсис станциясында орун алган. Эске салсак, буга чейин АКШнын Нью-Йорк штатында ушундай эле кырсыктан улам 3 адам көз жумган. Булак: NazarNews.kg

27-февраль 2019, 15:14 | 269
0 306

ИИМдин КМКнын УККБнын кызматкерлери кафени тоногон каракчыны кармады

27-февраль 2019, 16:00 Кызгалдак Жакыпова

Курал менен коркутуп, коомдук тамактануу мекемесинин кассасын тоногон  кылмышкер кармалды. 2019-жылдын 20-февраль күнү болжол менен саат 22:50 чамасында  кара медицияналык бет капчан белгисиз адам Бишкек шаарында жайгашкан тез татым кафесине кирип келген. Кылмышкер тапанча менен мекеменин кассирин коркутуп, 63 миң сом акча каражатын алып, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Бишкек шаарынын Биринчимай РИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза ...

0 186

Нарын: Жол кырсыгынан 3 адам каза болду

27-февраль 2019, 14:05 Жазгүл Урманбетова

Нарын районуна караштуу Орто-Нура айылында жолдо «Ауди» жана «Мерседес-Бенц Спринтер» автоунаалары кагышып, үч киши набыт болду. Үчөө тең «Ауидинин» жүргүнчүлөрү болгон. Нарын облустук ИИБнин маалыматы боюнча маркумдардын баары Орто-Нура айылынын тургундары болгон. Мындан тышкары дагы үч киши түрдүү жаракат алып, ооруканага жеткирилгени маалым болду. Алардын бири «Ауди» автоунаасынын айдоочусу болуп чыкты. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Булак: NazarNews.kg

0 311

Эркиндик бульварында бычак жеп каза болгон баланын өлүмүнүн чоо-жайы айтылды

26-февраль 2019, 11:11 Кызгалдак Жакыпова

Милиция массалык мушташ учурунда бычак жеген балдардын окуясынын чоо-жайын айтып берди. Учурда массалык мушташка катышкандардын бирөөсү кармалды. 24-февраль күнү саат 1.57де Биринчи Май райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө "Ала-Тоо" аянтындагы массалык мушташ тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам топ чыгып кеткен, бирок жерине келгенде эч кимди тапкан эмес. Бир нече убакыттан кийин шаардык ооруканалардын биринен бычак жеген 19 жаштагы эки жигит ...

0 835

Үйлүү болгусу келип жеңесин мыкаачылык менен өлтүргөн

26-февраль 2019, 10:36 Кызгалдак Жакыпова

Соттук-медициналык экспертиза аялдын оң каракуш чыкыйына катуу нерсе тийгенин, көзү көгөрүп, мээсине кан уюп, муунтулуп өлтүрүлгөнүн аныктаган деп билдирет "sputnik.kg". Жеңесин мыкаачылык менен өлтүргөн кайын сиңдиси менен күйөө баласы 20 жылдан эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Баткен облустук сотунан билдиришти. Кандуу окуя 2018-жылдын 17-майынан 18-майга караган түнү болгон. Түгөйлөр алдын ала сүйлөшүп алып, түнкү саат 02.00дөр чамасында төшөктө уктап жаткан 39 жаштагы жеңесин ...

0 289

2,5 килограмм салмактагы гашишти ташып жүргөн жаран кармалды

26-февраль 2019, 09:22 Кызгалдак Жакыпова

Милиция кызматкерлери Жалал-Абад облусунун аймагынан 2,5 килограмм салмактагы гашишти ташып жүргөн шектүүнү кармашты. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын баңги каражаттарды мыйзамсыз сактоо, ташуу, жайылтуу менен алектенген  кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүн аныктоо жана ага бөгөт коюуга багытталган операциясы ийгиликтүү аяктады. 22-февраль күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Бишкек-Ош унаажолунда ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда ...

0 1886

Ошто аялын 500 сом үчүн өлтүрүп, 2 күн өлүгүн үйүнө катып койгон аңги. Окуянын чоо-жайы

25-февраль 2019, 23:52 Кызгалдак Жакыпова

Төбө чачты тик тургузган окуялар акыркы мезгилде көп катталып жатканы жан кейитет. Ушундай окуялардын бири Ош шаарында катталды. Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей 19-февраль күнү Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунун тургуну аялын 500 сом үчүн сабап өлтүргөн.  Сабап өлтүрүп гана тим болбой аялынын жансыз денесин 2 күн бою үйүндө кармаган. Шектүүдөн эмне себептен аялына тез жардам чакырган эместигин сурашканда "грипп болуп билдиргенге мүмкүнчүлүк ...

0 522

Талас: “Түндүк электр” ачык акционердик коомунун инспектору Зульфия Мусаева кызматынан алынды

25-февраль 2019, 13:11 Жазгүл Урманбетова

Эне-баланын өмүрү кыйылган кырсыкка байланыштуу “Түндүк электр” ачык акционердик коомунун Талас филиалындагы инспектору Зульфия Мусаева кызматтан кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка" аталган мекеменин жетекчиси Акылбек Рыспеков билдирди. Ал кошумчалагандай, инспектор 22-февралдан тартып өз арызынын негизинде иштен кетти. Таластын Кара-Суу айылында 20-февралда иске ууланып энеси менен кызы каза тапкан. Курман болгондон келиндин жездеси Марат Ыйманбеков бул каргаша үчүн электр энергиясын төлөнбөгөн карызы үчүн ...

0 296

ӨКМ: Көпүрөгө кыпчылып калган бала куткарылды

25-февраль 2019, 12:39 Жазгүл Урманбетова

Бишкектеги 12-кичи райондогу көпүрөгө кыпчылып калган бала куткарылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, көпүрөнүн арматурасына кыпчылып калган 2006-жылы туулган окучуну ӨКМнын кызматерлери чыгарышып, биринчи жардам көрсөтүлгөн. Булак: NazarNews.kg

0 2437

Депутаттын иске ууланган үй-бүлөсүнүн 5 жаштагы кызы оор абалда

25-февраль 2019, 12:19 Перизат Кутманалиева

Талас районунун Кара-Суу айылында түтүнгө ууланып адамдар каза болгон үй-бүлөдө жабыр тарткан кыз Бишкектеги ооруканага которулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга туугандары билдиришти. Маалыматка караганда, үй-бүлөнүн атасы Т.И.нин эжеси Г.И.нин айтымында, түтүнгө ууланган баланын абалы жакшы. Бирок 5 жаштагы кыздын абалы оор бойдон калууда. «Бизде чоң жоготуу болду. Өлүктү жашырдык, анан өзүбүздүн оюбузду айтууну чечтик. Бүгүнкү күндө балабыздын акыбалы жакшы. ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 556

Замирбек Сыдыков тергөөчүсү Нурдин Алыбаевди коррупциялык иштерге айыптоодо

25-февраль 2019, 11:34 Перизат Кутманалиева

Талас районунун Талды-Булак айылынын тургуну Замирбек Сыдыков аталган райондун ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Нурдин Алыбаевди коррупциялык иштерге айыптап жатат. Анын айтымында, 2018-жылдын ноябрь айында болгон жол кырсыгына күнөөлүү адам ошол тергөөчүнүн айынан жоопко тартылбай жүрөт: - Тергөөчү күнөөлүү тараптын кызыкчылыгына иштеген. Авария болгон күнү кагышкан эки айдоочунун унааларын ордунан алмаштырып койгон. Бул иштин болгонуна төрт айга жакындап калса да эч ким ...

0 465

Адамды коюп кеткен кылмышкер кармалды

25-февраль 2019, 11:26 Перизат Кутманалиева

12-февралда Москва районундагы Беловодск айылында, Бишкек-Ош жолунун боюнан 64 жаштагы адамдын өлүгү табылган. Маркумдун сөөктөрү бир нече жеринен сынганы аныкталды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБнын басма сөз кызматы маалымдады, - деп жазат "Азаттык". Бул иш Жоруктар кодексинин 297-беренеси ("Жол кыймылынын эрежелерин жана автоунаа айдоо эрежелерин бузуу") боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул кылмышка шектүү аныкталып, кармалды. Чүйдүн 32 ...

0 593

Электр жарыгын өчүрүп кеткендиктен энеси менен кызы иске ууланган

22-февраль 2019, 12:02 Перизат Кутманалиева

Талас облусунун Кара-Суу айылында түтүнгө ууланып 37 жаштагы келин жана анын 15 жаштагы кызы көз жумган. "2500 сом үчүн светти кесип кеткен соӊ: «балдарым үшүбөсүн»- деп үйгө от жаккан энеси кызы менен каза тапты", - деп алгачкылардан болуп акын Мая Осмонкулова когуроо кагып, бул тууралуу жазып чыкты. Төмөндө эч өзгөртпөй беребиз: - Бүгүн биздин айыл күйүткө батып олтурат. Эл эмес Жер эне ...

0 315

Судьяларга кылмыш иши козголду

22-февраль 2019, 11:36 Перизат Кутманалиева

УКМКнын мамлекеттик кызматынын Коррупцияга каршы кызматы (АКС) Бишкек шаарынын жана Жогорку соттун судьяларына кылмыш иши козголгонун билдирди. Алардын чет элдик инвесторлордун жерин жана кыймылсыз мүлк объектилерин рейдерлик жол менен басып алууга тиешеси бар айрым кылмыштуу топтордун кызыкчылыктарына карата сот адилеттигине жатпаган чечим чыгарганы аныкталган. 2019-жылдын 8-февралында Башкы прокуратура Бишкек шаардык сотунун иштеп жаткан үч сотуна карата жана Жогорку соттун мурунку бир сотуна ...

22-февраль 2019, 11:36 | 315
0 362

Үйлөнүү тойдо конокту сабап кетишкендер соттолду

20-февраль 2019, 13:55 Кызгалдак Жакыпова

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук соту үйлөнүү тойдо коноктун сабалышы боюнча козголгон кылмыш иштин материалын карап, чечим кабыл алды. Айыпталуучу — Бектур (Э.А., аты өзгөртүлдү) 1996-жылы Ноокен районунун Шайдан айылында туулган, орто билимдүү, эч жерде иштебейт, мурда соттолгон эмес. Ага КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренесинин 2-бөлүмүнүн 5-9-пункттары (адамдардын тобу тарабынан бейбаштык менен саламаттыкка атайылап зыян келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.

0 271

Балыкчы шаарындагы Каржы полициясында өрт чыкты

20-февраль 2019, 13:05 Кызгалдак Жакыпова

Балыкчы шаарында Каржы полициясынын имаратында өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка караганда, имараттын электр эсептегичи жана электр зымы күйгөн. Өрттүн чыгышына электр жабдууларында эреженин бузулушу себеп болгон. Булак: NazarNews.kg

0 945

36 жаштагы тургундун тиштерин аттиш менен жулгандар колго түштү

20-февраль 2019, 12:55 Кызгалдак Жакыпова

2015-жылдын декабрь айынын аягында болжол менен түнкү маалда Кочкор районунун айылдарынын биринен белгисиз адамдар бейбаштык кылышып, 36 жаштагы жергиликтүү тургундун денесине оор залал келтиришип, атайылап сабашкан.Кылмышкерлер жабырлануучуну үйүнөн сыртка чакырышып, автоунаага салышып, адамдар жок жайга алып кетишкен. Белгилүү болгондой, жабырлануучуну айылдын жээгиндеги мүрзө тарапка алып барышып, шектүүлөр катуу ур-токмокко алышкан. Алар ар кандай жол менен кордошуп, денесине оор залал келтирип, ...

0 778

8 жолу бычак менен сайган: Кыргыз жаранын өлүмүнө студент шектелүүдө

20-февраль 2019, 12:40 Кызгалдак Жакыпова

Россиянын Москва шаарында 17 жашар студент Николай Шакиров кыргыз жаранын өлтүрүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу “Интерфакс” жазып чыкты. Маалыматка ылайык, 2019-жылдын январь айында Москванын тургуну кыргыз жаранына 8 жолу бычак сайган. Кармалган жаран дагы эки кылмышка тиешеси бар экендигин билдирген. Булак: NazarNews.kg

0 722

Колу кишенделген 16 жаштагы кыз реабилитациялык борборго жаткырылды

20-февраль 2019, 11:34 Кызгалдак Жакыпова

Жалал-Абад шаарында кишенделген абалда жардам сураган окуучу кыз реабилитациялык борборго жаткырылды. Бул тууралуу 20-февралда “Азаттык” радиосуна шаардын социалдык өнүгүү башкармалыгынын өкүлү Назира Жакыпова билдирди. Адистин айтымында, окуя шейшемби күнү болгон. Колу кишенделген 16 жаштагы окуучу кыз жардам сурап үйдөн көчөгө качып чыккан. Милиция териштиргенде ал 9-класстын окуучусу экени, ата-энеси ажырашып жаткандыктан атасына баруусуна тыюу салган апасы кыздын колун тушап, үйдөгү жылуулук батареясына байлап ...

0 446

Элдик дарыгердин ишине бөгөт коюлду

19-февраль 2019, 18:50 Айдар Нуралиев

"Айыктырам" деп барышкан табыптын колунан айыгып кеткендер да бар, бирок саналуу эле. Көпчүлүгү анын ишмердүүлугүнө каршы. Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Ашым (Хашим) Зайналиевдин ишмердүүлүгүн мыйзамсыз деп таап, анын жеке медициналык дарылоо жүргүзүшүнө, лицензиясы жок дары-дармектерди колдонушуна тыюу салды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. Ал эми саламаттык сактоо боюнча тиешелүү орган Зайналиевге лицензия бербегенин жана ага карата буга ...

0 553

Келиндин өлүмүнө шектелип күйөөсү жана кайненеси кармалды

19-февраль 2019, 16:50 Кызгалдак Жакыпова

Орусияда 4 жаштагы кызын жалгыз тарбиялагысы келген 28 жаштагы адам апасы менен кеңешип, досуна акча убадалап, аялын буюртма менен өлтүртүүгө шектелип бир нече күн мурун кармалды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты. Маалыматка ылайык, өткөн жылы 14-ноябрь күнү үйүнө кирип келаткан 26 жаштагы Елена аттуу келинди подъездден белгисиз адам башына күрөктүн сабы менен чаап кеткен. Башынан оор жаракат алган келин бир нече ...

0 395

Москвада 8 адамды сүзүп кеткен айдоочу эркиндикке чыкты

19-февраль 2019, 16:09 Кызгалдак Жакыпова

Москвада жөө жүрүүчүлөрдү сүзүп кеткен Чыңгыз Анарбек уулу бүгүн, 19-февралда эркиндикке чыкты. Чыңгыз Анарбек уулу учурда экиндикке чыгып, жакын адамдары менен жолугушуп жатат. Эске салсак, 2018-жылы 16-июнь күнү Москванын борбордук көчөлөрүнүн биринде мексикалык футбол күйөрмандарын сүзүп кеткен. Кырсыктан 8 киши жаракат алган. Айдоочу полиция кызматкерлерине сурак берип жатканда күнү-түнү иштеп уктабагандыктан жолдо уктап кеткенин айтканы бар. Кийинчерээк анын апасы дагы уулуна ырайым болууларын өтүнүп, ...

0 305

"Колу туткактар" Өзбекстандын чек арасынан кармалды

18-февраль 2019, 16:10 Айдар Нуралиев

Чек арачылар уурулукка шектелгендерди колго түшүргөнүн аталган кызматтан кабарлашты. Жалал-Абад облусу боюнча чек ара башкармалыгына укук коргоочулар тарабынан белгисиз беш адам ЦУМдан алтындан жасалган зер буюмдарды уурдап кеткени тууралуу маалымат түшкөн. "Эки саат өткөндөн кийин эле "Маданият" көзөмөл өткөрүү бекетинин кызматкерлери Өзбекстанга кирүүгө аракет кылган шектүүлөрдү кармады. Алардын жанынан уурдалган алтын буюмдар табылган", — деп айтылат маалыматта. Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин шектүүлөр милиционерлерге ...

0 364

Кыргыз-Өзбек чек арасынан 500 миң сомду чапчыган контрабанда буюмдары табылды

18-февраль 2019, 12:44 Перизат Кутманалиева

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынан ичинде контрабандалык жол менен келаткан товарлары салынган он кап табылды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Каптарды Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылындагы түштүк-батыш бажы бөлүмүнүн кызматкерлери эки өлкөнү бөлүп турган "Достук" өткөрүү пунктуна жакын жерден табышкан.  Мүшөктөрдүн ичинде 500 миң сомго бааланган жеңил футболка жана фартуктар болгон. Аларды Өзбекстандан Кыргызстанга белгисиз адамдар алып киришкени маалым болду. Булак: NazarNews.kg  

0 1360

Cтилист жол кырсыгына учурап, комада жатат

18-февраль 2019, 11:33 Перизат Кутманалиева

Бишкекте белгилүү стилист Асел Мамбеткалиева жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу анын курбусу Facebook баракчасында билдирди. Асел Мамбеткалиева учурда комада жатат. Туугандары ага жардам топтоодо. Анын үч баласы бар. Булак: NazarNews.kg

0 293

ИИМдин КМКнын УККБнын ыкчам кызматкерлери автоунаасын сатып берем деп  жабырлануучуну алдап кеткен  жаранды кармашты

15-февраль 2019, 11:38 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Крминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын  кызматкерлери алдамчылыкка шектелген жаранды кармашты. 2014-жылдын жазында “Алмаз” аттуу жаран жабырлануучунун ишенимине алдоо жолу менен кирип транспорт каржатын сатып берем деп алдамчылык иш-аракетин кылган. Шектүү Чүй обулусунун жашоочусунун “Ниссан Максима” үлгүсүндөгү автоунаасын алдоо жолу менен ээлеп, андан соң изин жашырып качып кеткен. Жабырлануучу ири суммадагы чыгымга учураган.  Ал эми, автоунааны үчүнчү жакка саткандыгы маалым болгон. Жабырлануучу 2019-жылдын ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 458

Бишкекте үй-бүлөлүк маселелерден аял өзү менен бирге эки баласын өрттөп салган

13-февраль 2019, 11:16 Кызгалдак Жакыпова

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей кечээ Аламүдүндө өрт кырсыгы катталган. Андан белгисиз аял менен бирге эки бала каза болгону тууралуу маалымат тараган. Ошол кырсыктын чоо-жайын милиция кызматкерлери айтып берди. "Кактус" жазып чыккандай өрт кырсыгы кокустан болгон эмес. Аял ал кырсыкка атайын даярданып алып эки баласы менен кошо өзүнө бензин чачып өрттөп салган.  Дагы бир маалыматтар боюнча аял дүлөй болгон жана бул кадамга аны ...

0 1680

Бишкекте жол кырсыктын айынан 28 жаштагы журналист көз жумду

11-февраль 2019, 15:30 Айдар Нуралиев

11-февралга караган түнү Бишкек шаарында жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 28 жаштагы журналист Жайнагүл Тазабекова көз жумду. Ал акыркы жолу «Пирамида» телеканалында эмгектенип жүрүп, декреттик өргүүгө чыккан. Артында 1 жашка толо элек кызы жана үй-бүлөсү калды. Маркум буга чейин телевидение, радио тармагында эмгектенген. Акыркы сапарга узатуу иш-чарасы эртең, 12-февралда Чүйдүн Аламүдүн районунда өтөөрү айтылууда. Булак: NazarNews.kg

0 5766

Жыныстык мүчөсү кесилип өлтүрүлгөн маркумдун сөөгүн ит жеп кеткен

11-февраль 2019, 15:24 Перизат Кутманалиева

Ысык-Көл райондук соту Чолпон-Ата шаарынын аймактарынын биринде аялын зордуктаган кишини сабап, жыныстык мүчөсүн кесип салган жаранды 14 жыл алты айга эркинен ажыратты. Бул туурасында аталган соттон маалымдашты. Окуя 2018-жылы болгон. Соттук документте А.А. 16-август күнү болжол менен саат 23.30дар чамасында Чолпон-Ата шаарына жакын жайгашкан мал сарайга мас болуп келип Т.Б. аттуу жаранды "сен менин аялымды эмне зордуктадың" деп союл менен сабап, бычак ...

0 1122

Атамбаевдин экс-жан сакчысы кандай кылмыштарды кылган? Прокуратуранын түшүндүрмөсү

09-февраль 2019, 13:52 Айдар Нуралиев

Башкы прокуратура УКМКнын 9-бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Дамир Мусакеевге тагылган айып боюнча түшүндүрмө берди. Маалыматка ылайык, Мусакеев 2016-2017-жылдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 9-бөлүмдө иштеген өзүнүн жакын адамдарына мамлекеттик батирлерди ыйгарган. "Турак жай кодексинин талаптарын одоно бузуп, узак мөөнөттөн бери күтүп кезеги келгендерди эске албай, акыркы кезектеги кызматкерлерге батир берген. Мындай мыйзамсыз жол менен 15 кызматтык батир берилген, анын ичинде мурда алган үч кызматкерге ...

0 523

Кытай лидерин сындаган Сорос

28-январь 2019, 13:24 Жазгүл Урманбетова

«Financial Times» гезити белгилүү филантроп Жорж Сорос Кытайдын лидери Си Цзинпинди «ачык коомдун башкы душманы» деп атаганын жазды. 88 жаштагы Сорос Давосто өтүп жаткан дүйнөлүк экономикалык форумда Кытайдагы элге насыя берүү системасын сындап, ар бир кишинин жеке маалыматын топтоо менен бийлик кийин өз жарандарын толук көзөмөлгө алып, эркиндигин чектей турганын эскертти. Жорж Сорос Давосто Кытайды сындады. Ошондой эле Жорж Сорос Си Цзинпиндин бийлиги ...

28-январь 2019, 13:24 | 523
0 347

Ысык-Көл: Унааны айдап кеткендер кармалды

28-январь 2019, 12:55 Жазгүл Урманбетова

Караколдо 16 жаштагы өспүрүмдөр унааны айдап качышкан. Бул тууралуу ШИИБдан билдиришти. Маалыматка караганда, ШИИБга 39 жаштагы жаран кайрылып, 25-январда белгисиз бирөөлөр унаасын айдап качып кетишкенин айткан. «Унаа Кара-Ой айылынан табылган. Шектүү катары 16 жаштагы 2 бала кармалды. Алардын бири буга чейин каракчылык боюнча соттолгону маалым болду. Учурда иликтөө башталды», -деп билдиришти ШИИБдан. Булак: NazarNews.kg

0 415

4 жашар кыздын сөөгү табылды

28-январь 2019, 11:03 Жазгүл Урманбетова

Бишкектеги Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 4 жашар кыздын сөөгү табылды, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы . Эске салсак, буга чейин Бишкектин Свердлов районунда 27-январь күнү Чоң Чүй каналына түшүп кеткен төрт жашар кыз табылбай жаткандыгы айтылган болчу. Куткаруучулар кыздын денесин бүгүн, 28-январда таңкы саат 07:00дөр чамасында таап, туугандарына өткөрүп беришкен. Булак: NazarNews.kg

28-январь 2019, 11:03 | 415
0 391

Жаза аткаруу тутумунун мекемесине баңгизатын ташыган шектүү жаран кармалды

22-январь 2019, 17:57 Жазгүл Урманбетова

ИИМдин КМКнын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан жаза аткаруу тутумунун мекемесине баңгизатын ташыган шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын (Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгы) ыкчам кызматкерлери тарабынан жазык аткаруу тутумунун мекемесине баңгизатын ташыган шектүү жаран кармалды. 2017-жылдын 31-декабрь күнү болжол менен таңкы саат төрттөр чамасында белгисиз адамдар тарабынан Чүй ...

0 1173

Маркум Майкл Жексонго бир нече өспүрүмдү зордуктаган деп айыпталды

22-январь 2019, 17:42 Жазгүл Урманбетова

2009-жылы каза болгон дүйнөлүк атактуу ырчы Майкл Жексон бир нече өспүрүмдү зордуктаган деп айыпталганын The Sun басылмасы жазды. Ага ылайык, бийчи Уэйд Робсон "Покидая Неверленд" даректүү тасмасында айтып берген. Анын айтымында, жети жашында ырчынын курмандыгы болуп, бул кордук көрсөтүү жети жылга чейин созулганын кошумчалаган. Ал 14 жашка толгондо Жексондун ага болгон кызыгуусу тарап кеткени айтылат. "Покидая Неверленд" даректүү тасмасы "Сандэнс" кинофестивалында ушул айдын аягында көрсөтүлөт. ...

0 231

Милиционер катышкан жол кырсыгы боюнча кызматтык иликтөө башталды

22-январь 2019, 12:11 Жазгүл Урманбетова

21-январь түнү Бишкектин Анкара көчөсүндө “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү автомашина менен “Тойота Авенсиc” автоунаасы кагылышып, экинчи машинедеги жүргүнчү аял каза болгон. Ал эми эки машиненин айдоочулары оор акыбалда ооруканага жеткирилген. Алдын ала тергөөнүн маалыматында “Мерседес Бенцтин” айдоочусу милиция кызматкери экени айтылып жатат. Бирок милициянын аты-жөнү, кызматы ачык айтыла элек. Учурда Бишкек шаардык милициясы факт боюнча кызматтык териштирүү башталганын кабарлады. Социалдык тармактарда бул жол ...

0 433

Экотехинспекциянын облустук бөлүмүнүн жетекчиси авариядан каза тапты

21-январь 2019, 16:17 Жазгүл Урманбетова

Ысык-Көл облусунда жол кырсыктан улам Экотехинспекциянын облустук бөлүмүнүн жетекчиси Мирлан Абдрахманов каза болду. Бул тууралуу ОИИБдин ЖККК бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка караганда, жол кырсык 20-январда саат 20:15 чамасында Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда катталган. Бишкек шаарында 1974-жылы туулган Мирлан Абдрахманов «Тойота-Ленд Крузер 470» унаасы менен бара жатканда рулга ээ боло албай, унаа ала салып кеткен. Анын кесепетинен ал катуу ...

0 456

Тверь: 17 жаштагы кыздын өлүмүнө кыргыз жараны себеп болду

21-январь 2019, 16:02 Жазгүл Урманбетова

Россиянын Тверь шаарында 17 жаштагы кызды унаа сүзүп кетти. Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдирүүсү боюнча, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөн кызды сүзүп кеткен №208 маршруттук таксини Кыргызстандын жараны башкарып бара жаткан.  Жабырлануучу катуу жаракат алган эмес. Жол кырсыкка жол чырактын бузулуп калганы себеп болушу мүмкүн. Булак: NazarNews.kg

0 712

Жигити жылаңач түшкөн сүйүктүүсүнүн сүрөтүн социалдык тармакка жүктөп салгандыгы үчүн...

21-январь 2019, 15:01 Жазгүл Урманбетова

Чүй облусунда жигит сүйлөшкөн кызынын жылаңач түшкөн сүрөтүн социалдык тармакка жүктөп салгандыгы үчүн кыздын байкеси, жигитти металлдан жасалган курал менен ичине сайып салган. Аталган кылмыш иши боюнча сот өкүм чыгарды. Бул тууралуу Жогорку соттун сайтына жарыяланды. Тергөөнүн маалыматына ылайык, өткөн жылдын жай мезгилинде саат 18:00 чамасында дарыкананын жанынан металлдан жасалган курал менен соттолуучу, карындашынын жигиттин ичке сайып салган. Жигит алган жаракатынан улам ...

0 770

Жол кырсыгы 33 жаштагы аялдын өмүрүн алды

21-январь 2019, 13:11 Жазгүл Урманбетова

Бүгүн, 21-январда Бишкектеги 7-Апрель жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, 33 жаштагы жүргүнчү каза тапты. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Mercedes-Benz жана Toyota Avensis үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. 33 жаштагы жүргүнчү окуя болгон жерден каза тапты. Айдоочу жана дагы бир жүргүнчү ооруканага жеткирилди. Булак: NazarNews.kg

0 427

Ашым Зайналиевге карата иш токтотулду

21-январь 2019, 12:55 Жазгүл Урманбетова

Бишкектин Октябрь райондук соту жабыркоочу тарап доосу жок экенин айткандан кийин өзүн табып деп атаган Ашым (Хашим) Зайналиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси боюнча козголгон кылмыш ишин токтотту. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады. Соттук териштирүү учурунда жабыркоочу тарап Зайналиев материалдык чыгым төлөп бергенин билдирген. Зайналиев сот залынан бошотулуп, өлкөдөн чыкпоого милдеттендирилди. Булак: NazarNews.kg

0 879

Ооруканада жаткан аялы менен баласын күйөөсү күндө келип сабап кетет

21-январь 2019, 12:50 Жазгүл Урманбетова

Кечээ, 20-январда саат 22:00 чамасында Бишкектеги онкологиялык илдетке чалдыккан балдардын хосписинде баласы менен жаткан келинди күйөөсү сабап кеткен. Бул тууралуу аталган хосптстин негиздөөчүсү Динара Аляева билдирди. Анын айтымында, коомдук тартипти бузуп, аялын сабаган жаранды милиция кызматкерлери саат 24:00до келип кармап кетишкен. Бирок, аялы сабалган боюнча билдирүү келип түшсө дагы, укук коргоо органдары өздөрүнүн тилинде “Семейка” деп коюп, 1 сааттан кийин коё беришкен. “Аталган ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 217

Нарын: Жүк ташуучу унаа үйдүн ичине кирип токтогон

21-январь 2019, 11:21 Жазгүл Урманбетова

Нарын шаарындагы "64" аймагында жол кырсыгы катталды. Окуянын күбөсүнүн айтымында, кырсык 19-январдан 20-январга караган түнү орун алган. Анда жүк ташуучу чоң фура башкарып бараткан айдоочу шаардын кире беришиндеги үч кошкон жолдон бурулам деп жатып, жолдун чекесиндеги турак үйлөрдүн бирин сүзүп алган. Анын кесепетинен үй жараксыз абалга келген. Бактыга жараша, кырсыктан жабыркагандар жок. Белгилей кетсек, кырсык болгон жер Бишкек-Торугарт унаа жолунун бөлүгү болуп саналат.

0 999

Сот кызын чынжырга байлап койгон жаранга өкүм чыгарды

19-январь 2019, 11:53 Жазгүл Урманбетова

Ошто атасы кызын чынжырга байлап койгон маалымат тараган. Соттун жүрүшүндө, айыпталуучу кызы аларды укпай үйдөн качып кеткендиги үчүн ушундай кадамга барганын айткан. Ош шаардык соту кызын чынжырга байлап койгон жаранды 3 жылга коомдук иштерде иштөөгө өкүм чыгарды. Кыздын атасы күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, жасаган ишине өкүнө турганын кошумчалаган. Ал кызы үйдөн качып кетип көпкө табалбай, милиция парктан кармап келгенде, тарбиялоо ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83